Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын 17 - октябрындагы 

№45/1 токтомуна карата  

1-тиркеме 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык 

операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобо 

 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2016-жылдын 15-июнундагы №25/2, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017- П-12/25-12-(НПА), 2017-жылдын 13-декабрындагы №2017-П-12/51-13-(НПА), 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12\20-2-(НФКУ), 2024-жылдын 21-августундагы №2024-П-12/37-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

1. Жалпы жоболор 

1. Жободо Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдары жөнүндө” мыйзамдарына жана Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 5-июлундагы №26/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө” жобого ылайык ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун (мындан ары - ПРО) бирдиктүү формасы аныкталган.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017- П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. ПРО бухгалтердик эсеп жана системадан тышкаркы эсепке алуу маалыматтарынын негизинде түзүлөт.  

3. (Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017- П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту). 

2. Максаттары жана милдеттери 

4. ПРО төмөнкүлөргө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү максатында түзүлөт: 

а) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары – Улуттук банк) тарабынан мыйзамдарда белгиленген милдеттердин аткарылышынын алкагында МФКлардын финансылык абалына;  

б) компаниялардын жетекчилери ликвиддүүлүктү, төлөөгө жөндөмдүүлүктү жана кирешелүүлүктү камсыз кылуу жагында чечимдерди кошо алганда, тиешелүү чечимдерди кабыл алуусу үчүн МФКлардын ишине.  

5. ПРОнун башкы милдети – ушул жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн максаттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн МФКлардын экономикалык жана чарбалык иши тууралуу так жана толук маалыматтарды чагылдыруу.  

3. ПРОнун мазмуну жана берүү мезгил аралыгы  

6. ПРО, аныкталган формада, белгиленген мөөнөттө берилүүгө тийиш болгон МФКнын белгилүү бир мезгил ичиндеги иши тууралуу отчетту түшүндүрөт.  

7. ПРО 13 бөлүктөн турат.  

Титулдук баракча; 

1-бөлүк. Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет; 

2-бөлүк. Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет; 

3-бөлүк. Капитал; 

4-бөлүк. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер, активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо жөнүндө маалымат; 

5-бөлүк. Депозиттер; 

6-бөлүк. Активдердин жана милдеттенмелердин кирешелүүлүк чендеринин өзгөрүүсүнө карата ийкемдүүлүгүн талдоо (ГЭП-анализ); 

7-бөлүк. РППУдагы өзгөрүүлөр; 

8-бөлүк. Тобокелдиктер жөнүндө маалымат; 

9-бөлүк. Кызматчылар менен түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө маалымат;  

10-бөлүк. Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалыматтар; 

11-бөлүк. Кардарларга берилген каржылоо жөнүндө маалымат; 

12-бөлүк. Чечмелеп көрсөтүү; 

13-бөлүк. Чет өлкө активдери жана милдеттенмелери боюнча отчет: 

«Жеке карыздык милдеттенмелер/кредитордук карыздар жөнүндө отчет» № 1 НД- форма; 

«Чет өлкө банкында ачылган эсеп (аманат) жөнүндө билдирүү»; 

«Карыздык милдеттенмелерди/кредитордук карыздарды тейлөө жөнүндө отчет»  

№ 2 -НД форма; 

«Резиденттердин чет өлкө банктарындагы эсептериндеги же аманаттарындагы каражаттардын калдыгы жөнүндө отчет. 

МФКнын директорлор кеңешинин, Башкармасынын мүчөлөрү, негизги уюштуруучулары (акционерлери) жана Шариат кеңешинин мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар; 

Компаниянын айрым кызмат адамдары жөнүндө маалымат; 

МФК жөнүндө негизги маалымат, филиалдар/өкүлчүлүктөр/түзүмдүк бөлүмдөр (офистер), туунду жана аффилирленген компаниялар, учурда иштеп жаткан комитеттер жөнүндө маалымат; 

ПРОнун курамы, кыскача мазмуну жана берүү мөөнөттөрү ушул жобого карата 1-тиркемеде чагылдырылган.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы №2024-П-12/37-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

8. МФКнын IV-чейрек үчүн ПРО жылдык отчет болуп саналат. Жылдык ПРО отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен Улуттук банкка берилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы №2024-П-12/37-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. ПРОну берүү тартиби  

9. Ар бир МФКда ПРОнун мазмунунун толуктугу, мөөнөтүндө берилиши жана туура толтурулушу үчүн жооп берген кызматкер дайындалууга тийиш. ПРОдо камтылган маалыматка тиешелүү бардык суроолор боюнча Улуттук банк менен иш алып баруу жоопкерчилиги да ошол кызматкерге жүктөлөт.  

10. ПРО ушул жобого карата 2-тиркемедеги формада, отчет үчүн белгиленген мөөнөттөрдө кагазга чыгарылган жана электрондук түрдө Улуттук банкка берилет. ПРОнун электрондук версиясы Улуттук банкта белгиленген талаптарга ылайык түзүлүүгө тийиш.  

11. Чүй областында жана Бишкек шаарында жайгашкан МФКлар ПРОну кагазга чыгарып, конвертке салып, чапталган түрүндө Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

12. ПРОнун электрондук версиясы Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын Статистикалык базаларды техникалык колдоо бөлүмүнө электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. МФКнын электрондук почтасы жок болсо, отчеттор жаздырып алуучу башка жабдуулар (USB – флэш маалымат сактоочу) аркылуу берилиши зарыл.  

13. Республиканын башка областтарында жайгашкан МФКлар ПРОну кагазга чыгарылган же электрондук түрдө Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө берүүгө тийиш.  

Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү ПРОну Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгына агрегирленген түрдө сунушташат. 

14. ПРОдо кандайдыр бир дал келбестиктер, каталар, маалыматтардын толук чагылдырылбашы же анын формаларынын туура эмес толтурулушу аныкталган учурда, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү финансылык отчетто чагылдыруу менен отчетту оңдоо зарылчылыгы тууралуу МФКга маалымдап, оңдолгон отчетту 10 жумуш күнү ичинде берилишин талап кылат.  

Оңдолгон отчеттор МФКнын коштомо каты менен бирге отчет талапка ылайык толтурулбагандыгы тууралуу билдирме жөнөтүлгөндөн кийинки беш жумуш күн ичинде Улуттук банкка кайрадан сунушталууга тийиш. 

15. Улуттук банктын ПРО боюнча сын-пикирлери болбогон же отчет Улуттук банктын сын-пикирлерине ылайык келтирилип жана МФКнын каты менен тастыкталгандан кийин ПРО Улуттук банк тарабынан кабыл алынган катары эсептелинет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы №2024-П-12/37-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

16. МФК ПРОну МФКнын башкы кеңсеси жана филиалдар боюнча консолидацияланган негизде беришет. 

17. ПРО белгиленген формада: көктөлгөн, ар бир бөлүктүн беттерине санын көрсөтүү менен номерленип, мөөр басылып, МФКнын ПРОнун түзүлүшү, анын берилиши үчүн жооп берген кызматкерлеринин кол тамгасы коюлуп, сунушталууга тийиш.  

18. ПРОдо отчеттук күнгө карата МФКнын абалы тууралуу так маалыматтар камтылууга тийиш. МФКнын абалынын ар айлык, чейректик жана жылдык ПРОлордо туура чагылдырылгандыгы МФКнын Директорлор кеңешинин Төрагасы же Директорлор кеңешинин Төрага жок учурда аны алмаштырган мүчөсү, МФК Башкармасынын Төрагасы, Башкы бухгалтери жана МФК Башкармасынын ПРОнун даярдалышын түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсү тарабынан тастыкталат.  

5. Корутунду жобо 

19. Маалыматты өз убагында бербегендиги жана/же так эмес маалымат бергендиги үчүн, маалыматты белгиленген мөөнөттө бербегендиги, ПРОну толук эмес жана/же туура эмес толтургандыгы үчүн МФК, ошондой эле МФК Башкармасынын төрагасы жана башкы бухгалтери, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы №2024-П-12/37-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Улуттук банкка берилген ПРОнун экинчи нускасы МФКда сакталууга тийиш.  

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы
№45/1 токтому менен бекитилген, «Операцияларды ислам
банк иши жана каржылоо принциптерине
ылайык ж
үзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын
мезгил-мезгили менен берил
үүчү регулятивдик отчету жөнүндө»
жобого карата 1-тиркеме 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун  

КУРАМЫ 

 

№ 

Бөлүк 

Аталышы 

Мезгилдүүлүгү 

Берүү мөөнөттөрү 

Эскертүү же ченемдик укуктук актыга шилтеме 

1 

 

Титулдук барак 

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

13 бөлүккө кошо тиркелет 

Чейрек сайын 

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

2 

1-бөлүк 

Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет 

A. Активдер 

Б. Милдеттенмелер 

B. Капитал 

Г. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

Д. Жана башка активдерди жана башка милдеттенмелерди чечмелөө  

Е.Милдеттенмелерди чечмелөө 

Ж. Каржылоо портфелин чечмелөө 

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

 

Чейрек сайын  

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

3 

2-бөлүк 

Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет 

A. Операциялар боюнча алынган кирешелер 

Б. Операциялар боюнча чыгашалар 

B. Операциялар боюнча жана башка кирешелер 

Г. Операциялар боюнча жана башка чыгашалар 

Д. Операциялык жана администрациялык чыгашалар жана зекетке жана кайрымдуулукка чыгашалар 

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин. 

 

Чейрек сайын  

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

 

4 

3-бөлүк  

Капитал 

A. Капиталдын түзүмүндөгү өзгөрүүлөр 

Б. МФКнын акциялары жана башка баалуу кагаздары тууралуу маалыматтар 

B. Бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы өзгөрүүлөр 

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин. 

 

Чейрек сайын  

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

 

5 

4-бөлүк  

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер, активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо жөнүндө маалымат 

A. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер тууралуу маалымат  

Б. Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо 

B. Берилген каржылоо боюнча маалымат 

Г. Областтар боюнча берилген каржылоо боюнча маалымат 

Д. Каржылоо ыкмалары 

Е. МФКнын кардарлары жөнүндө 

Ж. Кыргыз Республикасынын областтары боюнча берилген каржылоону тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо 

З. Кыргыз Республикасынын областтары боюнча башка маалыматтар 

И. Проблемалуу кардарлар жөнүндө маалымат 

К. Катар каржылоо тууралуу маалымат  

Л. Реструкту 

ризацияланган активдер 

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин. 

 

Чейрек сайын  

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

 

6 

5-бөлүк  

Депозиттер 

A. Суммаларга бөлүштүрүлгөн депозиттер 

Б. Отчеттук мезгил ичинде депозиттердин жылышы 

B. Төлөө мөөнөттөрү боюнча депозиттер 

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин. 

 

Чейрек сайын  

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

 

7  

6-бөлүк  

Активдердин жана милдеттенмелердин кирешелүүлүк чендеринин өзгөрүүсүнө карата ийкемдүүлүгүн талдоо (ГЭП-анализ) 

А. Активдердин жана милдеттенмелердин кирешелүүлүк чендеринин өзгөрүшүнө карата ийкемдүүлүгүн талдоо (ГЭП-анализ)  

Б.Активдерди жана милдеттенмелерди ордун жабуу мөөнөттөрү боюнча талдоо  

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин. 

 

Чейрек сайын  

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

 

8  

7-бөлүк   

РППУдагы өзгөрүүлөр 

А. РППУдагы өзгөрүүлөр 

Б. РППУнун эсебинен алынып салынган жана кайра кайтарылган (мурда эсептен алынып салынган) активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер тууралуу маалыматтар 

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин. 

 

Чейрек сайын  

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

 

9 

8-бөлүк  

Тобокелдиктер жөнүндө маалымат 

A. Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат 

Б. Аффилирленген жактар менен операциялар жөнүндө жалпы маалыматтар 

B. Уюштуруучу 

лардан/ акционерлерден/ катышуучулардан карызга алынган каражаттар 

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин. 

«Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниядардын, турак-жай-сактык кредиттик компаниялардын аффирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоо 

Чейрек сайын  

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

10 

9-бөлүк  

Кызматчылар менен түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө маалымат 

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин. 

 

Чейрек сайын  

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

 

11 

10-бөлүк  

Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат 

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокаржылоо компанияларынын ишин жөнгө салуу» эрежелери  

Чейрек сайын  

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

12  

11-бөлүк  

Кардарларга берилген каржылоо жөнүндө маалымат 

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

 

Чейрек сайын  

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

 

13 

12-бөлүк 

Чечмелеп көрсөтүү 

А. Банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызматтарды сунуштоо тууралуу маалымат 

  Б. ФКУнун операцияларын жана инвестицияларын чечмелөө 

В. Туунду финансылык инструменттер 

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

 

Чейрек сайын  

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

 

14 

13-бөлүк  

Чет өлкө активдери жана милдеттенмелери боюнча отчет 

Чейрек сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

 

15 

 

МФКнын директорлор кеңешинин, Башкармасынын, негизги уюштуруучулары (акционерлери) жана Шариат кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалыматтар 

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

13-бөлүккө тиркелет 

Чейрек сайын 

Чейрек ичинде өзгөрүүлөр болсо 

16 

 

Компаниянын айрым кызмат адамдары тууралуу маалыматтар 

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

13-бөлүккө тиркелет 

Чейрек сайын 

Чейрек ичинде өзгөрүүлөр болсо 

17 

 

 

МФК боюнча базалык маалымат, филиалдар/өкүлчүлүктөр/түзүмдүк бөлүмдөр (кеңселер), туунду жана аффилирленген компаниялар, учурда иштеп жаткан комитеттер жөнүндө маалыматтар 

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

13-бөлүккө тиркелет 

Чейрек сайын 

Чейрек ичинде өзгөрүүлөр болсо 

  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы №2024-П-12/37-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын
2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 токтому менен бекитилген
«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды
ж
үзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын
мезгил-мезгили менен берил
үүчү регулятивдик отчету
ж
өнүндө» жобого  № 2 тиркеме 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2016 жылдын 15-июнундагы №25/2, 2017-жылдын 13-декабрындагы №2017-П-12/51-13-(НПА), 2024-жылдын 21-августундагы №2024-П-12/37-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)