Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын 17 - октябрындагы 

№ 45/1 токтомуна карата  

3-тиркеме 

 

“Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык 

операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобо 

 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017- П-12/25-12-(НПА), 2017-жылдын 13-декабрындагы №2017-П-12/51-13-(НПА), 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12\20-2-(НФКУ), 2024-жылдын 21-августундагы №2024-П-12/37-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

1. Жалпы жоболор 

1. Жободо Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө " жана “Кредиттик союздар жөнүндө” мыйзамдарына (мындан ары - мыйзамдарга) ылайык ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздардын (мындан ары - кредиттик союздар) мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун (мындан ары - ПРО) бирдиктүү формасы аныкталган.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017- П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. ПРО кредиттик союздардын бухгалтердик эсеп жана системадан тышкаркы эсепке алуу маалыматтарынын негизинде түзүлөт.  

3. (Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017- П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту).  

2. Максаттары жана милдеттери 

4. ПРО төмөнкүлөргө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү максатында түзүлөт: 

а) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары – Улуттук банк) тарабынан мыйзамдарда белгиленген милдеттердин аткарылышынын алкагында кредиттик союздардын финансылык абалына;  

б) кредиттик союздун жетекчилери тарабынан ликвиддүүлүктү, төлөөгө жөндөмдүүлүктү жана кирешелүүлүктү камсыз кылуу жагында чечимдердин кабыл алынышы үчүн кредиттик союздардын ишине.  

5. ПРОнун башкы милдети – ушул жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн максаттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн кредиттик союздардын экономикалык жана чарбалык иши тууралуу так жана толук маалыматтарды чагылдыруу.  

3. ПРОнун мазмуну жана берүү мезгил аралыгы  

6. ПРО, аныкталган формада, белгиленген мөөнөттө берилүүгө тийиш болгон кредиттик союздардын белгилүү бир мезгил ичиндеги иши тууралуу отчетту түшүндүрөт.  

7. ПРО 9 бөлүктөн турат. ПРОнун курамы, кыскача мазмуну жана берүү мөөнөттөрү ушул жобого карата 1-тиркемеде чагылдырылган.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы №2024-П-12/37-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

8. IV чейрек үчүн ПРО жыл сайын берилүүчү болуп саналат жана Улуттук банкка отчеттук жылдан кийинки жылдын 20-күнүнөн кечиктирилбестен берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы №2024-П-12/37-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Ар бир кредиттик союзда ПРОнун мазмунунун толуктугу, мөөнөтүндө берилиши жана туура толтурулушу үчүн жооп берген кызматкер дайындалууга тийиш. ПРОдо камтылган маалыматка тиешелүү бардык суроолор боюнча Улуттук банк менен иш алып баруу жоопкерчилиги да ошол кызматкерге жүктөлөт.  

10. ПРО ушул жобого карата 2-тиркемедеги формада, отчет үчүн белгиленген мөөнөттөрдө кагазга чыгарылган жана электрондук түрдө Улуттук банкка берилет. ПРОнун электрондук версиясы Улуттук банкта белгиленген талаптарга ылайык түзүлүүгө тийиш.  

11. Чүй областында жана Бишкек шаарында жайгашкан кредиттик союздар ПРОну кагазга чыгарып, конвертке салып, чапталган түрүндө Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

12. ПРОнун электрондук версиясы Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын Статистикалык базаларды техникалык колдоо бөлүмүнө электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. кредиттик союздардын электрондук почтасы жок болсо, отчеттор жаздырып алуучу башка жабдуулар (USB – флэш маалымат сактоочу) аркылуу берилиши зарыл.  

13. Республиканын башка областтарында жайгашкан кредиттик союздар ПРОну кагазга чыгарылган же электрондук түрдө Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө берүүгө тийиш.  

Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү ПРОну Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгына агрегирленген түрдө сунушташат. 

14. ПРОдо кандайдыр бир дал келбестиктер, каталар, маалыматтардын толук чагылдырылбашы же анын формаларынын туура эмес толтурулушу аныкталган учурда, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү финансылык отчетто чагылдыруу менен отчетту оңдоо зарылчылыгы тууралуу кредиттик союздарга маалымдап, оңдолгон отчетту 10 жумуш күнү ичинде берилишин талап кылат.  

Оңдолгон отчеттор кредиттик союздардын коштомо каты менен бирге отчет талапка ылайык толтурулбагандыгы тууралуу билдирме жөнөтүлгөндөн кийинки беш жумуш күн ичинде Улуттук банкка кайрадан сунушталууга тийиш. 

15. Улуттук банктын ПРО боюнча сын-пикирлери жок болсо же отчет Улуттук банктын сын-пикирлерине ылайык кайрадан оңдолуп, анын оңдолгондугу жөнүндө Улуттук банк кат жүзүндө билдиргенден кийин гана ПРО Улуттук банк тарабынан кабыл алынган катары эсептелинет.  

16. ПРО төмөнкү белгиленген формада: коштомо кат менен бирге, ар бир формага кредиттик союздун төрагасынын жана башкы бухгалтеринин коюлган колтамгасы менен берилүүгө тийиш. ПРО отчеттук датага карата кредиттик союздун абалы тууралуу анык маалыматты камтууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы №2024-П-12/37-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

17. ПРОдо отчеттук күнгө карата кредиттик союздардын абалы тууралуу так маалыматтар камтылууга тийиш. Кредиттик союздардын абалынын чейректик жана жылдык ПРОлордо туура чагылдырылгандыгы кредиттик союздун төрагасы жана башкы бухгалтери тарабынан тастыкталат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы №2024-П-12/37-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Корутунду жобо 

18. Маалыматты өз убагында эмес жана/же так эмес бергендиги үчүн, маалыматты белгиленген мөөнөттө бербегендиги үчүн, ПРОну КС толук эмес жана/же туура эмес толтурулгандыгы үчүн, ошондой эле КС Башкармасынын Төрагасы жана бухгалтери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчиликти тартат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы №2024-П-12/37-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Кредиттик союздар Улуттук банкка берилген ПРОнун экинчи нускасынын сакталышын камсыз кылууга тийиш.  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы №45/1 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобого  № 1 тиркеме 

 

 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын ПРОсунун 

КУРАМЫ 

 

№ 

Бөлүгү 

Форманын аталышы 

Мезгил аралыгы 

Берүү мөөнөтү 

1 

 

Титулдук баракча 

 

Чейрек сайын  

 

 

 

 

 

 

 

Жыл сайын 

Отчеттук чейрек аяктаган күндөн тартып 15 календардык күн ичинде I, II жана III-чейректин отчеттору.  

 

IV-чейректин отчету жылдык отчет болуп саналат жана Улуттук банкка отчеттук жылдан кийинки жылдын 20-күнүнөн кечиктирилбестен берилет 

2 

1- бөлүк 

Финансылык абалы жөнүндө регулятивдик отчет А. Активдер 

Б. Милдеттенмелер жана капитал 

В. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

Чейрек сайын  

Отчеттук чейрек аяктаган күндөн тартып 15 календардык күн ичинде I, II жана III чейректин отчеттору. IV чейректин отчету жылдык отчет болуп саналат жана Улуттук банкка отчеттук жылдан кийинки жылдын 20-күнүнөн кечиктирилбестен берилет 

3 

2- бөлүк 

Кирешелер жана чыгашалар жөнүндө отчет 

4 

3-бөлүк 

Каржылоо портфели боюнча маалымат  

А. Мөөнөтү өтүп кеткен активдер 

Б. Активдерди классификациялоо  

В. Иджара мунтахийя биттамлик операциясын классификациялоо 

Г. Каржылоо боюнча портфели  

Д. Иджара мунтахийя биттамлик операциясы 

Е. Алынган каржылоо боюнча маалымат 

5 

4 -бөлүк 

Кредиттик союздун ири кардарлары жөнүндө маалымат 

6 

5 -бөлүк 

Кредиттик союздун ири проблемалуу кардарлары жөнүндө маалымат. 

Кредиттик союздун катар каржылоосу тууралуу маалымат. 

Б. Реструктуризацияланган активдер 

7 

6- бөлүк 

А. Мөөнөттөргө бөлүү менен кабыл алынган депозиттердин көлөмү  

Б. Суммаларга бөлүү менен кабыл алынган депозиттердин көлөмү. 

В. Отчеттук ай ичинде депозиттердин жылышы. 

Г. Минималдуу жана максималдуу депозиттердин өлчөмү. 

Д. Тартылган депозиттер боюнча кирешелүүлүктүн чени 

8 

7-бөлүк 

А. Отчеттук мезгил үчүн каржылоо жөнүндө маалымат  

Б. Кредиттик союздун гендердик курамы 

В. Катышуучулар, каржылоо алган кардарлар жана аманатчылар. 

Г. Сактык пайдын жана каржылоонун өлчөмү боюнча маалымат  

Д. Кредиттик союздун жайгашкан орду жана иш алып барган аймагы тууралуу маалымат 

Е. Сактык пайды алып салуу шарттары 

Ж. Дивиденддер 

З. Кыска мөөнөттүү милдеттенмелер (алар боюнча төлөө мөөнөтү 30 күн ичинде башталат) 

И. Банк менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча маалымат. 

К. ФКУдагы операцияларды жана инвестицияларды чечмелөө 

9 

8 - бөлүк 

Кредиттик союздун экономикалык ченемдерди сактоо тууралуу маалыматы 

10 

9- бөлүк  

А. Кредиттик союздун Байкоо кеңешинин,Башкармасынын мүчөлөрү, катышуучулары (пай ээси) жана Шариат кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалымат.  

Б. Кредиттик союздун айрым кызмат адамдары тууралуу маалымат.  

В. Кредиттик союз боюнча негизги маалымат (филиалдар жөнүндө маалымат, учурда иштеп жаткан комитеттер, туунду жана аффилирленген компаниялар) 

Жыл сайын 

 

Чейрек сайын (чейрек ичинде өзгөртүүлөр болсо) 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 21-августундагы №2024-П-12/37-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

  

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы №45/1 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобого  № 2 тиркеме 

 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017- П-12/25-12-(НПА), 2017-жылдын 13-декабрындагы №2017-П-12/51-13-(НПА), 2024-жылдын 21-августундагы №2024-П-12/37-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)