Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын
Көзөмөл боюнча комитетинин
2025-жылдын 26 -сентябрындагы
№47/7 токтомуна тиркеме
Туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө маалыматты ачык көрсөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөр
1-глава. Жалпы жоболор
1. Туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө маалыматты ачык көрсөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөр (мындан ары – Сунуш-көрсөтмөлөр) Кыргыз Республикасынын банк секторуна туруктуу өнүктүрүү принциптерин колдонууга киргизүүгө көмөктөшүү жана коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Улуттук банктын көзөмөлүндөгү жана бардык кызыкдар адамдарга (инвесторлор жана кредиторлор) карата туруктуу каржылоо принциптерин колдонгон башка юридикалык жактардын (мындан кийин - банк) ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Бул сунуштарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 27-декабрындагы № 2024-П-12/71-4-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын корпоративдик башкаруу кодексине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун 113-пунктун аткаруунун, 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 37/1 Туруктуу каржылоо факторлоруна байланыштуу финансылык тобокелдиктерди (ESG тобокелдиктери) аныктоо, мониторинг жүргүзүү жана ачып көрсөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдүн 5-главасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 246 «Кыргыз Республикасынын жашыл таксономиясы – жалпы улуттук пилоттук классификаторун бекитүү жөнүндө» токтомун эске алуу менен туруктуу каржылоо принциптерин колдонгон банктар тарабынан колдонулушу мүмкүн.
2. Сунуш-көрсөтмөлөрдө туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу финансылык тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалыматты ачык көрсөтүү боюнча минималдуу ченемдер аныкталган. Банктар маалыматты маанилүүлүк, толуктугу, тең салмактуулугу, салыштырмалуулугу, тактыгы жана ишенимдүүлүгү, өз убагында берилиши, айкындуулугу жана жеткиликтүүлүгү принциптерине ылайык ачык көрсөтүүгө тийиш.
3. Бул Сунуш-көрсөтмөлөрдө төмөнкү терминдер колдонулат:
Туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу мүмкүнчүлүктөрдө кошумча киреше алуу, атаандаштык артыкчылыктарына ээ болуу жана банктын ишине ESG факторлорунун таасирине, ошондой эле банктын айлана-чөйрөгө (анын ичинде климаттын өзгөрүшүн алдын алуу), социалдык чөйрөгө жана экономикага тийгизген таасирине байланыштуу сунушталган продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча наркын түзүү мүмкүнчүлүгү камтылат.
Маанилүү маалымат – анын жоктугу же бурмаланышы экономикалык чечимдерди кабыл алуу максатында бул маалыматка таянган кызыкдар тараптын баасына же чечимине өзгөртүү киргизүүнү шарттаган же таасирин тийгизген маалымат маанилүү деп эсептелет. Маалыматтын маанилүүлүгү критерийлери банктын ички документтеринде аныкталууга тийиш. Банктар туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө маалыматтын маанилүүлүгүн 2019-жылдын 30-октябрындагы № 2019-П-12/54-4-(НПА) «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобонун талаптарын, ошондой эле эл аралык тажрыйбада туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө маанилүү темаларды аныктоодо колдонулуучу ыкмаларды эске алуу менен аныктоого тийиш.
1-камтуу (1-категориядагы парник газдарынын чыгындылары) – бул уюмдун/банктын менчигинде же контролдугунда турган булактардан келип чыккан парник газдарынын түз чыгындылары.
2-камтуу (2-категориядагы парник газдарынын чыгындылары) – бул уюм/банк тарабынан керектелген, сатылып алынган же алынган электр энергиясын, бууну, жылуулукту же муздатууну өндүрүүдөн келип чыккан парник газдарынын кыйыр чыгындылары.
3-камтуу (3-категориядагы парник газдарынын чыгындылары) – бул уюмдун/банктын ишмердүүлүгүндө нарк чынжырынын жогорулоо жана төмөндөө этаптарында пайда болгон парник газдарынын кыйыр чыгындылары (2-категорияга кирбеген).
Кызыкдар тараптар – банктын ишмердүүлүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон же анын ишмердүүлүгүнө олуттуу таасирин тийгизе алган юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде акционерлер, кардарлар, инвесторлор, кредиторлор, мамлекеттик органдар жана башка кызыкдар тараптар.
Нарк түзүү чынжыры – отчет берүүчү уюмдун бизнес-моделине жана ал иштеген тышкы чөйрөгө байланыштуу өз ара иш алып баруулардын, ресурстардын жана мамилелердин толук спектри. Нарк түзүү чынжырында уюм өзүнүн продукциясын же кызматтарын концепциядан баштап жеткирүүгө, керектөөгө жана кызмат мөөнөтү аяктаганга чейин түзүү үчүн колдонгон жана көз каранды болгон өз ара иш алып баруулар, ресурстар жана мамилелер, анын ичинде уюмдун операцияларындагы өз ара иш алып баруулар, мисалы, адам ресурстары; жеткирүү, маркетинг жана бөлүштүрүү каналдарында мисалы материалдар жана кызматтар булактары, ошондой эле продукцияларды жана кызматтарды сатуу жана жеткирүү; жана уюм иштеген финансылык, географиялык, геосаясий жана ченемдик чөйрө камтылат.
2-глава. Туруктуу өнүктүрүү жана климат чөйрөсүндө маалыматтарды ачык көрсөтүү түзүмүнө жана курамына карата сунуш-көрсөтмөлөр
4. Туруктуу өнүктүрүү жана климат чөйрөсүндө отчеттордо төмөнкү негизги элементтер жөнүндө маалыматтар ачык көрсөтүлүүгө тийиш:
- башкаруу – банк туруктуу өнүктүрүүгө жана климатка байланыштуу тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү көзөмөлдөө жана жөнгө салуу үчүн колдонгон жөнгө салуу процесстери, контролдоо каражаттары жана жол-жоболор;
- стратегия – банк туруктуу өнүктүрүүгө жана климатка байланыштуу тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү жөнгө салуу үчүн колдонгон ыкма;
- тобокелдиктерди жөнгө салуу системасы – банк туруктуу өнүктүрүүгө жана климатка байланыштуу тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо, баалоо жана көзөмөлдөө үчүн колдонгон процесстер;
- иштин натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү жана алардын максаттуу маанилери – банктын туруктуу өнүктүрүүгө жана климатка байланыштуу тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча ишинин натыйжалары, анын ичинде банк тарабынан же мыйзамдарга ылайык белгиленген максаттарга жетүү прогресси.
5. Башкаруу
Маалыматты ачык көрсөтүү максаты – кызыкдар тараптарга банкты туруктуу өнүктүрүү, ESG-факторлор маселелерин эске алуу менен корпоративдик башкаруу системасы кандай уюштурулгандыгы, анын тиешелүү тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо жана жөнгө салуу жагынан канчалык натыйжалуу жана жемиштүү экендиги, башкаруу органдары ортосунда жоопкерчилик кандай бөлүштүрүлгөндүгү жөнүндө комплекстүү түшүнүк алууга мүмкүндүк берүү.
Банкка төмөнкү маалыматтарды ачык көрсөтүү сунушталат:
1) туруктуу өнүктүрүүгө жана климатка байланыштуу тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү контролдоо үчүн жооптуу банктын башкаруу органы жөнүндө маалыматты, анын ичинде:
а) туруктуу өнүктүрүүгө жана климатка байланыштуу тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр боюнча милдеттер банктын ички документтеринде, кызматтык нускоолорунда жана тиешелүү саясаттарында кандайча чагылдырылгандыгы жөнүндө маалыматты;
б) башкаруу органына туруктуу өнүктүрүүгө жана климатка байланыштуу тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө канчалык тез-тез маалымдала тургандыгы жөнүндө маалыматты;
в) банктын башкаруу органы банктын стратегиясын, ири бүтүмдөр боюнча чечимдерин жана тобокелдиктерди башкаруу процесстерин жана байланыштуу саясаттарын контролдоодо туруктуу өнүктүрүүгө жана климатка байланыштуу тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөр кандай эске ала тургандыгы жөнүндө маалыматты;
г) банктын башкаруу органы туруктуу өнүктүрүү жана климат чөйрөсүндө тобокелдиктерге жана мүмкүнчүлүктөргө байланыштуу максаттарды аныктоо, ошондой эле ошол максаттарга жетүү прогрессин, анын ичинде натыйжалуулук көрсөткүчтөрү сый акы саясатына камтылгандыгына көз салуу ишин кандай контролдой тургандыгы жөнүндө маалыматты;
2. банктын башкармасынын туруктуу өнүктүрүү жана климатка байланыштуу тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү жөнгө салуу, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү процесстериндеги ролу, анын ичинде бул роль башкарманын белгилүү бир мүчөсүнө же адистештирилген комитетине өткөрүлүп берилгенлдиги жана бул кызматка же комитетке кандай көзөмөл жүргүзүлөрү жөнүндө маалымат.
6. Стратегия
Маалыматты ачык көрсөтүү максаты – кызыкдар тараптарга банктын туруктуу өнүктүрүү жана климат, ESG факторлору менен байланыштуу тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү жөнгө салуу стратегиясы, банктын ишине узак мөөнөттүү таасирин тийгизген чечимдерди кабыл алуу процесси, ошондой эле туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу жана банктын бизнес-моделине, финансылык абалына, финансылык иш натыйжаларына, акча агымдарына жана финансылык туруктуулугуна, банктын наркына, анын иш мүнөзүнө жана үзгүлтүксүздүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө түшүнүк берүү, кызыкдар тараптардын кыска, орто жана узак мөөнөттүү келечекте зарыл болгон ишеним деңгээлин сактоо.
Атап айтканда, отчетту колдонуучулар төмөнкүлөрдү так түшүнүүсү үчүн банкка маалыматты ачык көрсөтүү сунушталат:
1) банктын ишине келечекте/иш үзгүлтүксүздүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр;
2) мындай тобокелдиктердин жана мүмкүнчүлүктөрдүн банктын бизнес-моделине жана нарк түзүү чынжырына учурдагы таасири жана келечекте тийгизиши мүмкүн болгон кесепеттер;
3) бул тобокелдиктердин жана мүмкүнчүлүктөрдүн банктын стратегиясына жана чечим кабыл алуусуна таасири;
4) бул тобокелдиктердин жана мүмкүнчүлүктөрдүн банктын финансылык абалына, финансылык натыйжаларына жана отчеттук мезгилдеги акча агымдарына тийгизген таасири, ошондой эле банктын финансылык планында бул тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр кандайча эске алынгандыгын эске алуу менен кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте бул көрсөткүчтөргө карата күтүлгөн таасири;
5) банктын стратегиясынын жана анын бизнес-моделинин көрсөтүлгөн туруктуу өнүктүрүү жана климаттык тобокелдиктерге туруктуулугу.
Туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр
Банкка отчетту колдонуучуларга банктын келечегине/үзгүлтүксүздүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон туруктуу өнүктүрүүгө жана климатка байланыштуу тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү түшүнүүсүнө мүмкүндүк берүүчү маалыматты ачык көрсөтүү сунушталат, атап айтканда:
1. мындай тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кеңири көрсөтүү;
2. мындай тобокелдиктердин жана мүмкүнчүлүктөрдүн кесепеттери качан – кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү же узак мөөнөттүү мезгилде аныктала тургандыгын көрсөтүүчү убакыт горизонтторун көрсөтүү; ошондой эле бул мезгилдер стратегиялык башкаруу үчүн колдонулган пландаштыруу горизонттору менен кандай байланышы бар экендигин түшүндүрүү.
Бизнес-модель жана нарк түзүү чынжыры
Банкка туруктуу өнүктүрүү жана климат менен байланыштуу тобокелдиктердин жана мүмкүнчүлүктөрдүн бизнес-моделге жана нарк түзүү чынжырына учурда тийгизген жана күтүлгөн таасирин түшүнүүгө мүмкүндүк берген маалыматты ачык көрсөтүү сунушталат, атап айтканда:
1. мындай тобокелдиктердин жана мүмкүнчүлүктөрдүн бизнес-моделге жана нарк түзүү чынжырына учурда тийгизген жана болжолдонгон таасирин чагылдыруу;
2. мындай тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр бизнес-моделдин жана нарк түзүү чынжырынын кайсы жеринде топтолгонун көрсөтүү (мисалы, географиялык аймактар, объектилер, активдердин түрлөрү).
Стратегия жана чечимдерди кабыл алуу
Банкка туруктуу өнүктүрүү тобокелдиктеринин жана мүмкүнчүлүктөрүнүн банктын стратегиясына жана чечим кабыл алуу процесстерине тийгизген таасирин колдонуучуларга түшүнүүгө мүмкүндүк берген маалыматты ачыкка чыгаруу сунушталат, атап айтканда:
1. уюм өз стратегиясында жана чечим кабыл алууда мындай тобокелдиктерге жана мүмкүнчүлүктөргө кандай чараларды көрдү жана кандай чараларды пландаштырууда;
2. мурда ачык көрсөтүлгөн пландарга салыштырмалуу прогресс, анын ичинде сандык жана сапаттык маалымат;
3. эске алынган тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр ортосунда компромисстер (мисалы, жаңы операциялар үчүн жер тандоодо айлана-чөйрөгө таасирин жана жумуш орундарын түзүүнү эске алуу).
Финансылык абалы, финансылык натыйжалары жана акча агымдары
Банкка колдонуучулар төмөнкүлөрдү түшүнүүсүнө мүмкүндүк берген маалыматты ачык көрсөтүү сунушталат:
1. туруктуу өнүктүрүү тобокелдиктеринин жана мүмкүнчүлүктөрүнүн отчеттук мезгил ичинде финансылык абалга, финансылык натыйжаларга жана акча агымдарына тийгизген таасирин (учурдагы финансылык кесепеттер);
2. аталган тобокелдиктер финансылык планга кандайча киргизилгендигин эске алуу менен мындай тобокелдиктердин жана мүмкүнчүлүктөрдүн финансылык абалга, финансылык натыйжаларга жана акча агымдарына кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечекте күтүлүүчү таасири.
Банкка сан түрүндө сыяктуу эле, сапаты жөнүндө да маалыматты ачык көрсөтүү сунушталат:
1) отчеттук мезгилде туруктуу өнүктүрүү жана климатка байланыштуу тобокелдиктер менен мүмкүнчүлүктөр финансылык абалга, финансылык натыйжаларга жана акча агымдарына кандай таасирин тийгизгендиги жөнүндө;
2) кийинки отчеттук мезгилде активдерди жана милдеттенмелерди баалоодо олуттуу өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн болгон тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө;
3) мындай тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү башкаруу стратегиясын эске алуу менен кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилде күтүлгөн финансылык абалдын өзгөрүүлөрү жөнүндө: а) учурдагы жана кабыл алынган инвестициялык пландардан келип чыккан күтүүлөр, алардын финансылык абалга күтүлгөн таасири (мисалы, капиталдык сарптоолор, ири сатып алуулар жана сатуулар, биргелешкен ишканалар, бизнести трансформациялоо, инновациялар, бизнестин жаңы багыттары жана активдерди чыгаруу); б) стратегияны ишке ашыруу үчүн пландаштырылган каржылоо булактарынан келип чыккан күтүүлөр;
4) мындай тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү башкаруу стратегиясын эске алуу менен кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилде финансылык натыйжалар жана акча агымдары боюнча күтүлгөн өзгөрүүлөр жөнүндө;
5) сандар жөнүндө маалыматты ачык көрсөтүүдө банк көрсөткүчтөрдүн так маанилерин же алардын диапазондорун ачык көрсөтүшү мүмкүн. Эгерде көрсөтүлгөн таасирди өзүнчө аныктоо мүмкүн болбосо, баалоонун белгисиздик деңгээли кыйла жогору болгондуктан маалыматтар пайдасыз болуп калса, ошондой эле банкта мындай сан түрүндө баа берүүлөрдү даярдоого ресурстар жетишсиз болсо, банк туруктуу өнүктүрүү жана климатка байланыштуу тобокелдиктердин жана мүмкүнчүлүктөрдүн учурдагы жана күтүлгөн финансылык таасири жөнүндө сан түрүндө маалыматты бербеши мүмкүн. Мындай учурларда эмне үчүн сан түрүндө маалымат ачык көрсөтүлбөгөндүгүн түшүндүрүү; каралышы мүмкүн болгон отчеттордун статьяларын көрсөтүү менен сапаты жөнүндө маалыматты сунуштоо зарыл.
Туруктуулук
Банкка кызыкдар тараптар туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу олуттуу тобокелдиктерден улам келип чыккан белгисиздик шартында банктын ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгүн түшүнүүгө мүмкүндүк берген маалыматты ачык көрсөтүү сунушталат. Банктын стратегиясынын жана акча агымынын туруктуулугун мүнөздөгөн сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрдү (эгер мүмкүн болсо), анын ичинде жүргүзүлгөн талдоонун методологиясы жана убакыт горизонту жөнүндө маалыматты ачык көрсөтүү сунушталат.
7. Тобокелдиктерди жөнгө салуу системасы
Маалыматты ачык көрсөтүүнүн максаты – кызыкдар тараптарга туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо, баалоо жана жөнгө салуу жол-жоболору жөнүндө комплекстүү түшүнүк берүү. Тобокелдиктерди жөнгө салуу системасы боюнча маалыматты ачык көрсөтүү кызыкдар тараптарга бул процесстердин банктын тобокелдиктерди жөнгө салуунун жалпы процесстерине интеграцияланганын баалоого, ошондой эле банктын тобокелдиктеринин жалпы профили жана тобокелдиктерди жөнгө салуу процесстери жөнүндө түшүнүк берүүгө багытталган. Туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү башкаруу үчүн колдонулган жалпы методологияны жана ыкмаларды мүнөздөгөн маалыматты ачык көрсөтүү сунушталат, атап айтканда:
1. туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү идентификациялоо үчүн колдонулган процесстердин чагылдырылышы:
а) туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу тобокелдиктер.
б) туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу мүмкүнчүлүктөр.
2. тобокелдиктерди жөнгө салуу максатында туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу тобокелдиктерди аныктоо үчүн колдонулган процесстердин чагылдырылышы, анын ичинде, эгер мүмкүн болсо, төмөнкү маалымат:
а) мындай тобокелдиктердин ишке ашуу ыктымалдыгы жана алардын мүмкүн болгон таасири кандай бааланат (сапаттык факторлор, сандык чектер, баалоодо колдонулган башка критерийлер);
б) туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу тобокелдиктердин башка тобокелдик түрлөрүнө салыштырмалуу артыкчылыгы кандай аныкталат, анын ичинде тобокелдиктерди баалоонун конкреттүү инструменттерин колдонуу;
в) идентификация процессинин алкагында кандай кириш параметрлери колдонулат (мисалы, маалымат булактары, операциялардын камтылышы жана деталдаштыруу, колдонулган божомолдор);
г) жогоруда көрсөтүлгөн процесстер мурунку отчёттук мезгилге салыштырмалуу өзгөрдүбү.
3. туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо, баалоо жана маанилүүлүгүнө жараша бөлүү үчүн колдонулган жол-жоболордун чагылдырылышы.
4. туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү көзөмөлдөө жана башкаруу үчүн колдонулган жол-жоболордун чагылдырылышы:
а) тобокелдиктер, анын ичинде тиешелүү саясаттар;
б) мүмкүнчүлүктөр, анын ичинде тиешелүү саясаттар.
5. Туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу тобокелдиктерди идентификациялоо, баалоо жана башкаруу процесстери банктын тобокелдиктерди жөнгө салуунун жалпы процессине канчалык деңгээлде жана кандайча интеграцияланганынын чагылдырылышы.
6. Туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу мүмкүнчүлүктөрдү идентификациялоо, баалоо жана башкаруу процесстери банктын жалпы башкаруу процесстерине канчалык деңгээлде жана кандайча интеграцияланганынын чагылдырылышы.
8. Иштин натыйжалуулук көрсөткүчтөрү жана алардын максаттуу маанилери
Маалыматты ачык көрсөтүү максаты – кызыкдар тараптарга банктын туруктуу өнүгүүгө байланыштуу олуттуу тобокелдиктерин жана мүмкүнчүлүктөрүн кантип аныктай турганы, мониторинг жүргүзө турганы жана башкара турганы жөнүндө комплекстүү түшүнүк берүү; банктын өз ишинин натыйжаларын жана максаттарга жетүү боюнча прогрессин кантип баалай турганын түшүнүү. Туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу иштин натыйжалуулугунун конкреттүү пландаштырылган жана айкын көрсөткүчтөрүн жана алар менен иштөөнү мүнөздөгөн маалыматты ачык көрсөтүү сунушталат:
1. Банк туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу тобокелдиктерге жана мүмкүнчүлүктөргө мониторинг жүргүзүү үчүн колдонгон сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр, ошондой эле туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү иштин натыйжалуулугун аныктоо үчүн колдонулган көрсөткүчтөр жана алардын мурда коюлган максаттарга жетүүдөгү прогрессти чагылдырган актуалдуу маанилери. Банктын иштин жалпысынан мүнөздөгөн жалпы көрсөткүчтөрдү да, иштин айрым түрлөрү үчүн мүнөздүү болгон өзгөчө көрсөткүчтөрдү да ачык көрсөтүү сунушталат. Банк жүргүзүлүп жаткан иштин түрлөрүнө, бизнес-моделине ылайык келген жана банктын туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу олуттуу тобокелдиктеринин жана мүмкүнчүлүктөрүнүн өзгөчөлүгүн эске алган көрсөткүчтөрдү аныктоо сунушталат. Эгерде банк иштин бир нече түрүн айкалыштырса, анда тиешелүү иштин түрлөрү үчүн колдонулуучу жана мүнөздүү болгон көрсөткүчтөрдү колдонуу сунушталат. Туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө маалыматты ачык көрсөтүү үчүн финансы уюмуна колдонуу сунушталган туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу жалпы жана өзгөчө көрсөткүчтөрдүн тизмеси ушул Сунуш-көрсөтмөлөрдүн тиркемесинде келтирилген.
2. Банкка төмөнкү маалыматтарды ачык көрсөтүү сунушталат.
а) ар бир көрсөткүчтү эсептөө тартиби жөнүндө маалымат, ошондой эле көрсөткүчтү иштеп чыгууда колдонулган бардык булактар.
б) көрсөткүчтөрдү эсептөөгө көз карандысыз тышкы баа берүү (үчүнчү жактар тарабынан тастыктоо же күбөлөндүрүү) жүргүзүлөбү жана баа берүүнү жүргүзгөн адамдар жөнүндө маалымат.
в) көрсөткүчтөрдүн максаттуу маанилерин эсептөө үчүн колдонулган ыкмалардын чагылдырылышы, ошондой эле божомолдордорду кошо алганда, эсептөө үчүн колдонулган кириш маалыматтар, ошондой эле эсептөө ыкмалары үчүн чектөөлөр.
3. Банкка туруктуу өнүктүрүү жагында стратегиялык максаттарына жетүүдөгү прогрессти баалоо үчүн белгиленген максаттуу маанилерди ачык көрсөтүү сунушталат, мында төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү керек.
а) колдонулган көрсөткүч жана анын максаттуу мааниси;
б) максаттуу маани колдонулган мезгил;
в) прогресс өлчөнө турган базалык мезгил;
г) этаптар же аралык максаттуу маанилер.
4. Банкка төмөнкү маалыматты да ачык көрсөтүү сунушталат.
а) көрсөткүчтөрдүн пландаштырылган максаттуу маанилерге салыштырмалуу айкын маанилери жана иштин натыйжаларындагы тенденцияларды же олуттуу өзгөрүүлөрдү талдоо.
б) мындай өзгөрүүлөрдүн себептерин түшүндүрүү менен көрсөткүчтөрдүн максаттуу маанилерин кайра карап чыгуу жөнүндө маалымат;
5. банктын туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ишинин натыйжалуулугун аныктоо жана эсептөө, анын ичинде банктын туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү иш натыйжалуулук көрсөткүчтөрүнүн максаттуу маанилерин белгилөө жана мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулган көрсөткүчтөр.
Иштин натыйжалуулук көрсөткүчтөрү ырааттуу болуп, финансы уюмунун иштөө мөөнөтүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылышы сунушталат. Эгерде көрсөткүч же максаттуу маани өзгөртүлсө же алмаштырылса, банк төмөнкү маалыматты ачык көрсөтүүсү сунушталат.
а) өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмө берүү.
б) бул өзгөртүүлөрдүн себептерин көрсөтүү.
в) кайра эсептелинген салыштыруучу маалыматтарды берүү (эгерде көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү мүмкүн болсо).
3-глава. Отчёттуулукту берүү тартиби жана мөөнөттөрү
9. Туруктуу ачык көрсөтүү боюнча отчётторду тышкы күбөлөндүрүү менен биргеликте жарыялоо отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-июнунан кечиктирилбестен жүргүзүлөт. Туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу финансылык маалымат финансылык отчёттор сыяктуу эле отчёттук мезгилди камтышы керек. Туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу финансылык маалымат финансылык отчёттордун курамында да, өзүнчө отчёт катары да жарыяланышы мүмкүн. Туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу финансылык маалымат тышкы күбөлөндүрүүдөн өтүшү мүмкүн.
Туруктуу өнүктүрүү боюнча отчёт жана тышкы күбөлөндүрүү жөнүндө отчёт банктын расмий интернет сайтында жарыяланууга тийиш.
Туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндө маалыматты ачык көрсөтүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөргө тиркеме
Финансылык уюмдарга ачык көрсөтүү сунушталган туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу жалпы жана өзгөчө көрсөткүчтөрдүн тизмеси
Финансы-кредит уюмдарына ишинин масштабына, мүнөзүнө жана корпоративдик башкаруу системаларынын өнүгүү деңгээлине жараша төмөндө келтирилген тизмеден кайсы көрсөткүчтөрдү ачык көрсөтүү өз алдынча чечүү сунушталат.
I. Туруктуу өнүктүрүүгө байланыштуу жалпы көрсөткүчтөр
Айлана-чөйрөгө (анын ичинде климатка) тийгизген таасири
1. Парник газдарынын чыгындыларынын учурдагы көлөмү, анын ичинде:
1.1. Парник газдарынын чыгындыларынын жалпы көлөмү (1-камтуу, 2-камтуу, 3-камтуу боюнча), СО2 эквивалентиндеги тонна түрүндө.
1.2. Иш түрлөрү боюнча парник газдарынын салыштырмалуу чыгындыларынын көлөмү СО2 эквивалентинин тоннасында (мүмкүн болсо финансылык продуктылар же кызмат көрсөтүүлөр боюнча, бизнес-бирдиктердин географиялык бөлүштүрүлүшү боюнча).
2. Парник газдарынын чыгындыларынын өзгөрүшү же көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү (1-камтуу, 2-камтуу, 3-камтуу боюнча) СО2 эквивалентинин тоннасында же базалык мезгилге карата пайыздарда.
3. Энергияны керектөөнүн учурдагы көлөмү, анын ичинде:
3.1. иштин түрлөрү боюнча энергияны керектөөнүн жалпы көлөмү жана салыштырмалуу көлөмү (мүмкүн болсо финансылык продуктылар же кызмат көрсөтүүлөр боюнча, бизнес-бирдиктердин географиялык бөлүштүрүлүшү боюнча).
3.2. дифференциациялоонун техникалык мүмкүнчүлүгү болгон учурда, иштин түрлөрү боюнча (улуттук таксономияга ылайык ушундай деп таанылган) жашыл энергетиканын эсебинен өндүрүлгөн энергияны керектөөнүн жалпы көлөмү жана салыштырмалуу көлөмү (мүмкүн болсо финансылык продуктылар же кызмат көрсөтүүлөр боюнча, бизнес-бирдиктердин географиялык бөлүштүрүлүшү боюнча).
4. Отчёттук мезгил ичинде энергияны керектөө көлөмүндөгү өзгөрүүлөр, анын ичинде:
4.1. отчёттук мезгил ичинде иштин түрлөрү боюнча энергияны керектөөнүн жалпы көлөмүндөгү жана салыштырмалуу көлөмүндөгү өзгөрүүлөр (мүмкүн болсо финансылык продуктылар же кызмат көрсөтүүлөр боюнча, бизнес-бирдиктердин географиялык бөлүштүрүлүшү боюнча).
4.2. дифференциациялоонун техникалык мүмкүнчүлүгү болгон учурда, иштин түрлөрү боюнча (улуттук таксономияга ылайык ушундай деп таанылган) жашыл энергетиканын эсебинен өндүрүлгөн энергияны керектөөнүн жалпы көлөмүндөгү жана салыштырмалуу көлөмүндөгү өзгөрүүлөр (мүмкүн болсо финансылык продуктылар же кызмат көрсөтүүлөр боюнча, бизнес-бирдиктердин географиялык бөлүштүрүлүшү боюнча).
5. Жашыл энергетиканын негизинде өндүрүлгөн энергияны пайдалануунун (улуттук таксономияга ылайык ушундай деп таанылган) энергияны керектөө балансындагы үлүшү.
6. Энергияны керектөө балансында жашыл энергетиканын негизинде алынган энергияны пайдалануунун үлүшүнүн өзгөрүшү (улуттук таксономияга ылайык ушундай деп таанылган).
(Парник газдарынын чыгындыларынын көлөмүн эсептөө максатында Парник газдары боюнча протоколдун эл аралык стандарттарын колдонуу сунушталат (Greenhouse Gas Protocol standards, GHG Protocol): www.ghgprotocol.org.)
Социалдык чөйрөгө тийгизген таасири жана кызматкерлер менен өз ара мамилелер
1. Аймактардын социалдык долбоорлорун ишке ашырууга, коомдук мейкиндикти (отчёттук мезгилдеги инвестициялардын көлөмүн кошо алганда) өнүктүрүүгө катышуу.
2. Кайрымдуулук же ыктыярдык иштерге катышуу (отчёттук мезгил ичиндеги инвестициялардын көлөмүн кошо алганда).
3. Жергиликтүү коомчулуктун керектөөлөрүнө негизделген өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга катышуу (бул максаттарга отчёттук мезгилдеги инвестициялардын көлөмүн кошо алганда).
4. Отчёттук мезгил ичинде финансы продукттарын сатууга же кардарларга кызмат көрсөтүүгө тиешелүү мыйзамдардын талаптарын бузуу учурларынын жалпы саны, анын ичинде:
4.1. Айыпка же зыяндын өндүрүлүшүнө алып келген мыйзам талаптарын бузуу учурларынын саны.
4.2. Эскертүүгө алып келген мыйзам талаптарын бузуу учурларынын саны, алар
5. Финансы продукттарын сатууда байланыштуу операциялык үзгүлтүктөрдүн фактыларынын болушу жана кардарлардын кызмат көрсөтүүдө кардарлардын чыгымдарынын өлчөмүнө алардын саны, алар менен байланышкан кардарлардын зыяндын көлөмү.
6. Тандоо үчүн колдонулган критерийлердин тизмесин көрсөтүү менен, жумушчулардын укуктарын сактоо, эмгек шарттары, жергиликтүү коомчулук менен өз ара мамилелер жана башкалар сыяктуу социалдык критерийлер боюнча тандалган жаңы сунуштоочулардын үлүшү (пайыз менен).
7. Социалдык таасир жагынан бааланган сунуштоочулардын саны.
8. Олуттуу иш жүзүндөгү жана потенциалдуу терс социалдык таасири бар деп аныкталган сунуштоочулардын саны.
9. Нарк чынжырында аныкталган олуттуу иш жүзүндөгү жана потенциалдуу терс социалдык таасирлер.
10. Эмгек мамилелерине олуттуу иш жүзүндөгү жана потенциалдуу терс таасирин тийгизген, баалоонун жыйынтыгы боюнча жакшыртуулар макулдашылган сунуштоочулардын үлүшү (пайыз менен).
11. Эмгек мамилелеринин жана баалоонун жыйынтыгы боюнча токтотулган, ошондой эле токтотуунун себеби көрсөтүлгөн мамилелердин практикасына олуттуу иш жүзүндөгү жана потенциалдуу терс таасирин тийгизген сунуштоочулардын үлүшү (пайыз менен).
12. Адам укуктарын сактоо чөйрөсүндө контрагенттерге коюлган талаптарды камтыган, уюмда кабыл алынган саясаттардын сапаттык мүнөздөмөсү (сүрөттөлүшү).
13. Кардарларга кызмат көрсөтүүнүн сапаттык стандарттарын жөнгө салуучу ички документтердин сапаттык мүнөздөмөсү (сүрөттөлүшү).
14. Кардарларга кызмат көрсөтүүнүн сапаттык стандарттарын киргизүү жана колдоо үчүн жооптуу, сапатты көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруучу бөлүмдүн көрсөтмөсү.
15. Төмөнкү категориялар боюнча бөлүштүрүүнү көрсөтүү менен финансылык уюмдун жетекчилик органдарынын сандык курамы (пайыз менен): жынысы; курактык тобу: 35 жашка чейин, 35-50 жаш, 50 жаштан жогору.
16. Төмөнкү категориялардын ар бири боюнча бөлүштүрүүнү көрсөтүү менен кызматкерлердин үлүшү (пайыз менен): жынысы; курактык тобу: 35 жашка чейин,
35-50 жаш, 50 жаштан жогору.
17. Финансылык уюмда иштеген, жалпысынан жана иштөө аймактары боюнча эркектердин жана аялдардын базалык маянасынын катышы.
18. Отчёттук мезгил ичинде кабыл алынган, жаш курактык топтору, жынысы жана региондор боюнча бөлүштүрүлүшү менен жаңы кызматкерлердин жалпы саны жана катышы.
19. Квалификацияга ээ болбогон талапкерлерди жалдоого жана аларды кийин окутууга арналган толтурулбаган кызмат орундарынын саны, ошондой эле окшош толтурулган кызмат орундары менен катышы.
20. Кадрлардын тез-тез алмашуусу.
21. Мөөнөттүү жана мөөнөтсүз эмгек келишимдери боюнча иштеген кызматкерлердин катышы.
22. Жынысы, жашаган региону, жарандыгы жана башка мүнөздөмөлөрү боюнча бөлүштүрүлүшү менен жылына бир кызматкерге окутуунун орточо сааты.
23. Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуунун ишке ашырылган жана кесиптик окутуу программаларынын түрү жана көлөмү.
24. Пенсияга чыгуу же жумуштан бошотуунун натыйжасында эмгек ишмердүүлүгүн аяктоодо колдоо көрсөтүүгө багытталган кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик окутуу программалары.
25. Отчёттук мезгил ичинде ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугуна үзгүлтүксүз баа берилген, жынысы жана жаш курактык категориялары боюнча бөлүштүрүлүшү менен кызматкерлердин үлүшү (пайыз менен).
26. Жамааттык келишимдердин тарабы болуп саналган кызматкерлердин үлүшү жана кызматкерлер менен иш берүүчүнүн ортосундагы жамааттык сүйлөшүүлөрдүн процессин мүнөздөгөн көрсөткүчтөр.
27. Кызматкерлерге эмгек мыйзамдары боюнча консультация берүү.
28. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жана майыптардын саны.
29. Гендердик, өлкөлүк ар түрдүүлүк.
30. Кызматкерлердин медиандык эмгек акысынын жана жогорку акы төлөнүүчү менеджменттин эмгек акысынын катышы.
31. Отчёттук мезгил ичинде эмгек чөйрөсүндөгү дискриминациянын жалпы саны (күчүнө кирген сот чечимдеринин саны боюнча).
32. Кошумча социалдык колдоонун сапаттык мүнөздөмөсү (сүрөттөлүшү).
33. Отчёттук мезгилде финансы уюму тарабынан басмырлоо учурларын жоюу үчүн көрүлгөн чаралар.
Адам укуктарын сактоо
1. Финансы уюмунун ишине байланыштуу адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу учурлар.
2. Адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу даттанууларды алуу жана кароо, адам укуктарына терс таасирди азайтуу жана аларды укуктук жактан коргоону камсыз кылуу жол-жоболору жана механизмдери.
3. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, майыптар үчүн объекттердин, документтердин жана веб-сайттардын жеткиликтүүлүгү.
4. Кызматкерлердин профсоюзга катышуу укугун сактоо.
5. Тиешелүү кызыкдар тараптар менен өз ара иш алып баруу.
Коррупцияга, коммерциялык паракорлукка жана чет өлкөлүк кызмат адамдарын сатып алууга каршы күрөшүү
1. Коррупцияга каршы саясат, жол-жоболор жана стандарттар.
2. Коррупцияга байланыштуу тобокелдиктерди баалоодо колдонулган критерийлер.
3. Ички көзөмөл жол-жоболору жана коррупциянын, коммерциялык паракорлуктун жана чет элдик кызмат адамдарын сатып алуунун алдын алууга бөлүнгөн ресурстар.
4. Коррупцияга, коммерциялык паракорлукка жана чет элдик кызмат адамдары менен ич ара келишүүгө каршы күрөшүү боюнча даярдыктан өткөн кызматкерлердин үлүшү.
5. Мүмкүн болгон мыйзам бузуулар жөнүндө анонимдүү билдирүү механизмдерин, ички саясаттарды жана жол-жоболорду бузуу маселелери боюнча ишеним телефондорун, мыйзам талаптарын колдонуу.
6. Коррупцияга жана паракорлукка байланышкан, учурда болуп жаткан же аяктаган сот процесстеринин саны.
II. Туруктуу өнүгүүгө байланыштуу өзгөчө көрсөткүчтөр.
ESG факторлорун кредиттик талдоого интеграциялоо
1. ESG факторлорун кредиттик талдоого интеграциялоо үчүн колдонулган ыкманын сапаттык мүнөздөмөсү (сүрөттөлүшү).
2. Отчёттук мезгилде берилген кредиттердин саны жана жалпы көлөмү, алар боюнча ESG факторлорун эске алуу менен кредиттик талдоо жүргүзүлгөн.
3. Отчёттук мезгилде берилген кредиттердин жалпы көлөмүндө ESG факторлорун эске алуу менен кредиттик талдоо жүргүзүлгөн кредиттердин үлүшү, пайыз менен.
Туруктуу өнүктүрүүнү каржылоого катышуу жана инвестициялык саясатка ESG факторлорун интеграциялоо
1. Отчёттук мезгилдин аягында кредиттик уюмдун балансындагы жалпы активдердин ичинде туруктуу активдердин үлүшү.
2. Отчёттук мезгилдин аягында кредиттик уюмдун кредиттик портфелиндеги туруктуу активдердин үлүшү.
3. Отчёттук мезгилдин аягында кредиттик уюмдун инвестициялык портфелиндеги туруктуу активдердин үлүшү.
4. Инвестициялык саясатта ESG факторлорун эске алуу ыкмасынын сапаттык мүнөздөмөсү (сүрөттөлүшү).
5. Отчёттук мезгилде тармактар жана активдердин түрлөрү боюнча бөлүштүрүү менен ESG факторлору эске алынып инвестицияланган долбоорлордун/активдердин саны жана инвестициялардын жалпы көлөмү.
ESG факторлорун финансы продукттарын жана кызматтарды иштеп чыгуу жана кардарларга сунуштоо процессине интеграциялоо
1. Финансы продукттарын жана кызматтарды иштеп чыгуу жана кардарларга сунуштоо процессинде ESG факторлорун эске алуу ыкмасынын сапаттык мүнөздөмөсү (баяндамасы).
2. Отчёттук мезгил ичинде тармактар боюнча бөлүштүрүлүшү менен ESG факторлору эске алынган андеррайтинг, инвестициялык консультация жана секьюритизация бүтүмдөрүнөн түшкөн кирешелер.
3. Отчёттук мезгилдин аягында кардарларга иштеп чыгууда жана сунуштоодо ESG факторлору эске алынган кредиттик уюмдун линиясындагы финансы продукттарынын жана кызматтардын саны жана үлүшү.
Туруктуу өнүктүрүүгө байланышкан финансы продукттарын жана кызматтарын сунуштоодо колдонулган тажрыйбалар
1. Эсептин орточо иштөө мөөнөтү.
2. Отчёттук мезгил ичинде финансылык уюмга же анын кызматкерлеринин аракеттерине карата борбордук банкка же финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укуктары боюнча ыйгарым укуктууга берилген даттануулардын саны.
3. Финансы уюмунун отчёттук мезгил ичинде финансылык продукттарды сатуу жана финансылык кызматтарды көрсөтүү менен байланышкан соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында келтирилген зыяндын жалпы көлөмү.
(Туруктуу (анын ичинде жашыл) активдерге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги №246 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук Жашыл таксономиясынын талаптарына жооп берген активдер кирет.)
Экологиялык тобокелдиктер
1. Кредиттик портфелди түзүүдө экологиялык тобокелдиктерди аныктоо, идентификациялоо, эсепке алуу жана тескөө ыкмасынын сапаттык мүнөздөмөсү (сүрөттөлүшү).
2. Отчёттук мезгилде экологиялык тобокелдиктер эске алынган берилген кредиттердин саны жана жалпы көлөмү.
Өткөөл климаттык тобокелдиктер
1. Көмүртектүү тармактардын активдеринин көлөмү (юридикалык жактардын кредиттик карызы жана баалуу кагаздарга салынган инвестициялар боюнча) жана алардын отчёттук мезгилдин аягына карата тармактарга жана активдердин түрлөрүнө бөлүштүрүү боюнча активдердин жалпы көлөмүндөгү үлүшү.
2. Кредиттик уюмдун активдери боюнча парник газдарынын тармактар, активдердин түрлөрү жана 1, 2 жана 3 камтуулары боюнча бөлүштүрүлүшү боюнча бөлүнүп чыгууларынын көлөмү жана интенсивдүүлүгү жана отчёттук мезгилдин аягына карата тиешелүү активдердин көлөмү.
3. Парник газдарынын бөлүнүп чыгышын эсептөө үчүн колдонулган кредиттик уюмдун методологиясынын сапаттык мүнөздөмөсү.
Физикалык климаттык тобокелдиктер
1. Кредиттик портфелди түзүүдө физикалык климаттык тобокелдиктерди аныктоо, идентификациялоо, эсепке алуу жана тескөө ыкмасына сапаттык мүнөздөмө (сүрөттөлүшү).
2. Физикалык климаттык тобокелдик эске алынган, отчёттук мезгилде берилген, кредиттердин саны жана жалпы көлөмү.
Социалдык тобокелдиктер
Кредиттик портфелди түзүүдө социалдык тобокелдиктерди аныктоо, идентификациялоо, эсепке алуу жана тескөө ыкмасына сапаттык мүнөздөмө (сүрөттөлүшү).
Ипотекалык кредиттик портфелдин алкагындагы кыймылсыз мүлк объекттерине тиешелүү экологиялык тобокелдиктер
Ипотекалык кредиттерди берүүдө жана андеррайтингде климаттын өзгөрүшү жана башка экологиялык тобокелдиктер кандайча эске алынарынын сапаттык мүнөздөмөсү (сүрөттөлүшү).
Финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу
1. Отчёттук мезгил ичинде берилген жана азырынча төлөнө элек, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик программаларга ылайык келген кредиттердин саны жана көлөмү.
2. Отчёттук мезгилдин аягында мөөнөтү өтүп кеткен жана кайтарылгыс болуп калган, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик программаларга ылайык келген кредиттердин саны жана суммасы.
3. Финансылык уюмдун калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программаларына катышуусу.
Бизнес-этика
1. Отчёттук мезгил ичинде финансылык уюмдун алдамчылык, инсайдердик соода, монополияга каршы мыйзамдарды бузуу, атаандаштыкка каршы иш-аракеттер, рынокту манипуляциялоо, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу же финансылык уюмдун ишмердүүлүгүнүн алкагында аныкталган мыйзамдарды башка бузуулар менен байланышкан соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында келтирилген жалпы чыгымдын суммасы.
2. Этикалык стандарттарды бузуунун аныкталган учурларынын саны.







