Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын 14-августундагы  

№ 2019-П-12/42-1-(НПА) токтомуна карата 

1-тиркеме 

Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-1-(НПА), 2022-жылдын 14-декабрындагы N 2022-П-12/78-10-(НПА), 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА), 2023-жылдын 27-декабрындагы N 2023-П-12/82-7-(НПА), 2024-жылдын 17-январындагы № 2024-П-12/1-3-(НПА), 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Бул Жобо кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү, ошондой эле экстремисттик ишти каржылоого, уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү (мындан ары - ПФПД/ЛПД), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды жүргүзүүгө бөгөт коюу максатында, коммерциялык банктарда, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, "ислам терезесине" ээ банктарда, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларда, "Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ААКта, турак жай-сактык кредиттик компанияларда (мындан ары - банктар) ички контролдукту уюштуруу боюнча минималдуу талаптарды аныктоо максатында иштелип чыккан. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) банктардын ишине ПФПД/ЛПД максатында ички контролдукту уюштуруу маселеси боюнча инспектирлөөнү жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча маалыматтарды ПФПД/ЛПД жагында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - финансылык чалгындоо органы) жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2-глава. Түшүнүктөр жана аныктамалар 

3. Ушул жобонун максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:  

1) Бенефициардык ээси - түпкүлүгүндө келип (ээлик кылуу жана контролдоо аркылуу) тике же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээ болгон же кардарды контролдукка алган жеке адам же болбосо анын атынан же анын таламында операция жүргүзгөн (бүтүмгө келишкен) жеке адам.  

2) Жакын туугандары (ата-эне, асырап алуучулар, асыранды балдар, аталаш (энелеш) ага-инилер жана эже-сиңдилер, чоң ата, таята, чоң эне, таяне, неберелер, эгерде алардын жашап туруу, билим алуу, саламаттык сактоо жана башка зарыл болгон чыгымдарын жабуу боюнча финансылык чыгашаларына коомдук кызмат адамы жооп берсе).  

3) Верификация - кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу.  

4) Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр - акчаны адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук зоналар.  

5) Контролдукка алынып жана ал боюнча маалымдалууга тийиш болгон операцияларды аныктоо - бул, банкта ПФПД/ЛПД максатында ички контролдукту уюштуруу баскычы. Анда контролдукка алынып жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык ал тууралуу финансылык чалгындоо органына маалымдалууга тийиш болгон операцияларды аныктоо процесси камтылат.  

6) ПФПД/ЛПД боюнча кызмат адамы - банкта ПФПД/ЛПД боюнча ички контролдукту уюштуруу максатында дайындалган, идентификацияланууга, верификацияланууга, аныкталууга, катталууга тийиш болгон бардык маалыматтарды топтоп, аларды финансылык чалгындоо органына берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон кызмат адамы.  

Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы өз функцияларын дароо аткаруу максатында анын карамагында иштеген кызматкерлерге ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүгө укуктуу. Мындай учурда кызмат адамы өз функцияларын талапка ылайык аткаруу жоопкерчилигинен бошотулбайт.  

7) Идентификация - бул, кардар жана/же бенифициардык ээсине тиешелүү идентификациялык маалыматтарды аныктоо жол-жобосу.  

8) Акча каражаттарынын келип чыгуу булагы - бул кардар менен банктын ортосундагы ишкер мамилелердин предмети болуп саналган белгилүү бир акча каражаттарынын же активдердин келип чыгышы жөнүндө маалыматтар. Алынган маалыматта бул каражаттарды же активдерди алуунун же сатып алуунун булагы жана/же негиздери көрсөтүлүүгө жана мазмундуу болууга тийиш.  

9) Башка мүлктүн келип чыгуу булагы - бул коомдук кызмат адамынын жалпы мүлкүнүн келип чыгышы жөнүндө маалыматтар (кардарга таандык бардык активдерди түзүү булагы). Алынган маалыматтар кардардын финансылык абалы жана кардар аны кантип алгандыгы жөнүндө маалыматтарды чагылдырат.  

10) Кардар - банктын тейлөөсүнө алынган же тейлөөсүндө турган, же болбосо банк алар менен ишкердик мамиле түзүп жаткан же түзгөн жеке адам же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык түзүм.  

11) Финансылык чалгындоо органы - кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иш алып барган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы.  

12) Шектүү операция (бүтүм) - төмөнкү белгилерге туура келген операция (бүтүм);  

а) эгерде каражаттар кылмыштуу жол менен, анын ичинде предикаттык кылмыштардан алынган киреше экендиги же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышкандыгы тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо;  

б) эгер каражаттар төмөнкүлөрдү каржылоого байланышкандыгы тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо:  

- террористтерди жана экстремисттерди;  

- террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду);  

- террористтик жана экстремисттик ишти;  

- массалык кыргын салуучу куралды таратуу;  

- уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктардын.  

Операциянын (бүтүмдүн) шектүү экендиги, кардардын жана бенефициардык ээсинин акча каражаттары же башка мүлкү менен ишке ашырылган операциялар ПФПД/ЛПД боюнча мыйзамдардын алкагында ПФПД/ЛПД жагында иш алып барган кызмат адамы тарабынан аныкталат.  

13) Ички контролдук программасы - Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД боюнча мыйзам талаптарын аткаруу максатында банк тарабынан колдонулган ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системасы.  

14) Таанымал кызмат адамы - төмөндө келтирилген жеке адамдардын бири:  

а) чет өлкөлүк таанымал кызмат адамы - чет мамлекетте олуттуу мамлекеттик же саясий милдеттерди аткарган же аткарып жаткан адам (мамлекет же өкмөт башчысы, өкмөттө, соттордо, куралдуу күчтөр түзүмүндө, мамлекеттик органдарда, ишканаларда же мекемелерде жогорку кызматтарды ээлеген адам, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери);  

б) улуттук таанымал кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган, республикада саясий жана атайы мамлекеттик кызматтарды ээлеп келген же аркалап жаткан адамдар, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жетекчилери, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери  

в) эл аралык уюмдардын таанымал кызмат адамдары - эл аралык уюмдардын маанилүү милдеттерин аткаруу аларга ишенип берилген же ыйгарылган жогорку кызмат адамдары (эл аралык уюмдардын жетекчилери, жетекчилердин орун басарлары, уюмдардын башкармасынын мүчөлөрү же эл аралык уюмдарда ошондой эле кызматтарды ээлеген адамдар.  

15) Тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма - келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөөгө алуу жагында белгиленген жол-жоболорго (тобокелдикти аныктоо, аларга баа берүү, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана деңгээлин басаңдатуу) ылайык тобокелдик жогору деңгээлде орун алган болсо, аларга карата чараларды күчөтүү же тобокелдик деңгээли төмөн болсо, жөнөкөйлөтүлгөн чараларды колдонуу.  

16) Санкциялык тизмектер - Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги.  

Санкциялык тизмектерди түзүү жана жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 "Кылмыштуу ишке жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө" жободо каралган.  

17) Максаттуу финансылык санкциялар - Cанкциялык тизмектерге киргизилген жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын кайсы гана болбосун операцияларына (бүтүмдөрүнө) жана (же) каражаттарына бөгөт коюу жана (же) мындай жактарга, топторго жана уюмдарга кайсы гана болбосун каражаттарды же финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүүнү (түз же кыйыр) чектөө.  

"Экстремисттик иш-аракеттер" түшүнүгү Кыргыз Республикасынын "Экстремисттик иш-аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамында камтылган нормаларга ылайык келет.  

"Ислам банкы", "Ислам терезесине" ээ банк, "ислам банк иши жана каржылоо принциптери", "Шариат стандарттары", "Шариат кеңеши" - бул терминдер (атоолор) Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамындагы жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларындагы түшүнүктөргө ылайык келет.  

Бул иш багытында колдонулган башка түшүнүктөр ушул главада чагылдырылган негизги түшүнүктөргө каршы келбөөгө тийиш.";  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3-глава. Банктын ПФПД/ЛПД жагындагы иши 

4. Туунду жана караштуу компанияларын кошо алганда, банктын ПФПД/ЛПД жагындагы иши төмөнкү компоненттерди камтууга тийиш: 

1) ПФПД/ЛПД боюнча ички контролдук программасын ишке ашырууну; 

2) банктын ички аудит кызматы тарабынан ПФПД/ЛПД боюнча ички контролдуктун ишине натыйжалуулугуна баа берилишин; 

3) ПФПД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамын жана иштен бошоп кеткен шартта аны алмаштырган кызмат адамын дайындоо (кадр резервин түзүү); 

4) банктын ПФПД/ЛПД боюнча саясатын жүзөгө ашырууга катышуучу кызматкерлерди окутуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Банктын Директорлор кеңеши банк башкармасы менен биргеликте кылмыштуу иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү, ошондой эле банктын шектенүүгө түрткү берген белгилер байкалган операцияларды жүргүзүүгө тартылышына бөгөт коюу жагындагы иш натыйжалуулугун жана жагдайга шайкештигин камсыз кылуу үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Директорлор кеңеши төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликтүү: 

- ПФПД/ЛПД жагында түптөлгөн жагдайга шайкеш, натыйжалуу саясатты бекитүү; 

- ПФПД/ЛПД жагында ички контролдук программасын бекитүү, ошондой эле анын ишке ашырылышына контролдукту жүргүзүү; 

- ПФПД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамынын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу жагында чараларды аныктоо; 

- ПФПД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамын дайындоо жана иштен бошотуу; 

- ички аудит кызматынын отчетун жана ПФПД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамынын отчетторун кароого алуу; 

- ички аудит кызматы тарабынан аныкталган жана ПФПД/ЛПД жагында иш алып барган кызмат адамынын отчетунда көрсөтүлгөн бул багытта жүргүзүлгөн иштердеги кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды аныктоо жана алардын аткарылышын контролдоо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Банк Башкармасы төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликтүү: 

- банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ПФПД/ЛПД боюнча ички контролдук саясатын жана программаларды ишке ашырууну камсыз кылуу; 

- Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД жагында мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу жана контролдоо; 

- ПФПД/ЛПД жагында иш алып барган кызматкерлерди окутууну камсыз кылуу; 

- ички контролдук чараларында, жол-жоболорунда жана системасында орун алган кемчиликтерди четтетүүгө багытталган чараларды ишке ашырууну, ошондой эле көз карандысыз аудиттин жүргүзүлүшүн камсыз кылуу; 

- Кыргыз Республикасынын банктык эсептерди ачууга тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын талаптарын (анын ичинде кардарларды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо жана верификациялоо) аткарууну камсыз кылуу, эсептер боюнча операцияларды жүргүзүү жана кардарлар (эсеп ээлери) жана аманатчылар менен келишимдерди жокко чыгаруу. 

Банк башкармасы банктын шектенүүнү жараткан белгилер камтылган операцияларды жүргүзүүгө тартылышына бөгөт коюп, ага жол бербөө жагында таасирдүү чараларды көрүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4-глава. ПФПД/ЛПД боюнча ички контролдук программасы 

8. ПФПД/ЛПД боюнча ички контролдоо программасы банктын ички контролдоо системасынын бир бөлүгү болуп саналат жана банкта төмөнкү иш-чараларды жүргүзүүнү камсыз кылууга тийиш:  

1) чечимдерди кабыл алуу боюнча кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин, ПФПД/ЛПД процессине тартылган жактар менен бөлүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана отчеттуулукту белгилөөгө багытталган ички контролдоону уюштуруу;  

2) террористтик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтуу, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча тобокелдиктерди аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү, тескөө, азайтуу жана документтештирүү боюнча чараларды көрүү (мындан ары - ФПД/ЛПД тобокелдиги);  

3) ФПД/ЛПД тобокелдиктерин баалоону актуалдуу абалда кармап туруу (жылына кеминде бир жолу) жана тобокелдиктерди баалоо жөнүндө маалыматты Улуттук банкка жана финансылык чалгындоо боюнча ыйгарым укуктуу органга берүү (зарыл болгон учурда);  

4) ФПД/ЛПД тобокелдиктерин баалоодо тобокелдиктердин бардык факторлорун кароо, андан кийин тобокелдиктин жалпы деңгээлин жана аны азайтуу боюнча чараларды аныктоо;  

5) Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, ФПД/ЛПД тобокелдиктерин азайтууну натыйжалуу башкарууну камсыз кылган, ошондой эле өлкө деңгээлинде жана/же тиешелүү сектордо аныкталган тобокелдиктер эске алынган ички ченемдик документтердин болушу;  

6) контролдоо каражаттарын колдонууга мониторинг жүргүзүү, зарыл болгон учурда аларды кеңейтүү жана аныкталган ФПД/ЛПД жогорку тобокелдиктерин тескөө жана азайтуу боюнча чараларды көрүү;  

7) кардарларды талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүү, анын ичинде:  

- кардарды идентификациялоо жана верификациялоо (бир жолку жана туруктуу);  

- кардар менен ишкердик мамилелердин максаты жана болжолдонгон мүнөзү жөнүндө маалымат алуу;  

- бенефициардык ээсин идентификациялоо жана анын ичинде юридикалык жактар (чет өлкөлүк трасттар жана башкалар) болуп саналган кардарлардын бенефициардык ээсин верификациялоо үчүн жеткиликтүү жана талапка ылайык чараларды көрүү;  

- кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), шектүү операциялардын белгилери бар операцияларды жүргүзүү максатында, пайдалануу тобокелдигине көбүрөөк дуушар болгон кардарлардын операцияларын идентификациялоо жана верификациялоо;  

- кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), шектүү операциялардын белгилери бар операцияларды жүргүзүү максатында, пайдалануу тобокелдигине көбүрөөк дуушар болгон бардык банктык продуктулар жана кызматтар боюнча банктын операцияларын идентификациялоо жана верификациялоо;  

- кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоонун жана верификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтарды документ түрүндө каттоого алуу;  

- кардардын иши жана анын финансылык абалы жөнүндө маалыматты жана документтерди, ошондой эле кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди сактоо жана жаңылоо;  

- кардар менен ишкердик мамилелердин бүткүл мезгили ичинде кардарды туруктуу негизде талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүү жана кардар тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) анын ишинин мазмуну, финансылык абалы жана каражаттардын булагы жөнүндө, ошондой эле кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктеринин мүнөзү жөнүндө маалыматка шайкештигин талдоо.  

Кардарды талаптагыдай талаптагыдай текшерүү боюнча жогоруда көрсөтүлгөн чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте, ошондой эле тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыгын эске алуу менен колдонулат.  

8) кардардын ишинде контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операцияларды аныктоо;  

9) финансылык чалгындоо органынын талаптарына ылайык, кардардын шектүү операцияларды жүзөгө ашыруусуна шектенүүнүн негиздүүлүгүн ырастоо же четке кагуу үчүн, кардардын ишинде шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды аныктоо;  

10) потенциалдуу кардарларга жана банк-корреспонденттерге эсеп ачуудан баш тартуу, ошондой эле кардарлардын эсептерин тейлөөнү жана банктар менен корреспонденттик мамилелерди токтотуу тартибин жана негизин белгилөө;  

11) Санкциялык тизмекке киргизилген адамдарга карата операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу.  

Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу банк тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген "Операцияны (бүтүмдү) токтото туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу, тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби жөнүндө" жобого ылайык жүзөгө ашырылат.  

12) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген "Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды колдонуу;  

13) финансылык чалгындоо органына контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматты жана документтерди, ошондой эле билдирүүлөрдү өз убагында берүү;  

14) операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле кардарларды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматты сактоону камсыз кылуу;  

15) маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу;  

16) банктын иши жөнүндө, анын ичинде кардарлардын операциялары жөнүндө ыкчам, анык жана толук маалымат берүүнү камсыз кылуучу маалымат системаларын банкка киргизүү;  

17) банк тарабынан Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД маселелери боюнча мыйзамдарынын сакталышын туруктуу камсыз кылууга контролдукту жана мониторингди белгилөө;  

18) иши жогорку тобокелдикке дуушар болгон банктын кызматкерлерине (кассирлер, кредиттик инспекторлор, банктын операциялык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ж.б.) контролдукту белгилөө, банктын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык нускоолорунда ПФПД/ЛПД боюнча саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларын жана милдеттерин чагылдыруу;  

19) ички контролдоо программасынын жана банктын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү ички документтеринин колдонулушуна мониторинг жүргүзүү жана зарыл болгон учурда аларды өркүндөтүү;  

20) Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

9. ПФПД/ЛПД максатында банктар ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык ички контролду уюштуруу саясатын иштеп чыгууга милдеттүү, аны банктын Директорлор кеңеши бекитүүгө тийиш. Бул саясат банктын ички контролдоо системасын уюштуруунун жалпы саясатынын бир бөлүгү болуп саналат.  

ПФПД/ЛПД максатында ички контролдоону уюштуруу саясатында банктын ПФПД/ЛПД боюнча ички системасын түзүү принциптери аныкталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

10. Банк өзүнүн филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин аймагында иш жүргүзгөн туунду жана көз каранды коомдору тарабынан ички контролдоо программаларын иштеп чыгып, ишке ашырылышын камсыз кылууга тийиш.  

Эгерде чет мамлекеттин мыйзамдары ички контролдоо программаларын жана Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын колдонууга мүмкүндүк бербесе, банктын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, ошондой эле туунду жана көз каранды коомдору тобокелдиктерди тескөө боюнча зарыл чараларды көрүшөт жана бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына билдиришет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5-глава. Банктын ички аудит кызматы тарабынан ПФПД/ЛПД боюнча ички контролдуктун натыйжалуулугуна баа берилиши 

11. Банктын ички аудит кызматы тарабынан ПФПД/ЛПД максатында ички контролдуктун натыйжалуулугуна жылына кеминде бир жолу же болбосо банк операцияларында тобокелдик деңгээлине жана иш көрсөткүчтөрүнүн динамикасына жараша баа берилип турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

12. Ички аудит кызматы ПФПД/ЛПДнын максатында ички контролдуктун таасирдүүлүгүнө баа берүүнү төмөнкүлөрдүн (эң аз дегенде) негизинде жүргүзөт: 

- ПФПД/ЛПД боюнча банктын саясаттарын, жол-жоболорун жана бул багытта ишти уюштурууну кошо алганда, ички контролдукту жөнгө салуунун натыйжалуулугуна баа берүүнүн; 

- банкта орун алган тобокелдик деңгээлин аныктоо ыкмаларына баа берүүнүн; 

- ФТД/ЛПД тобокелдиктерине дуушар болуу тобокелдиктерге баа берүү жагында колдонулган чараларга жана ал тобокелдиктерди тескөөгө баа берүүнүн; 

- ПФПД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамын, ошондой эле программалык камсыздоолорду банктын бул багытта кабыл алган саясаттарына жана жол-жоболоруна ылайык келиши көз карашынан тесттен өткөрүү; 

- банктын ички аудит кызматы, тышкы аудит, Улуттук банк же финансылык чалгындоо органы тарабынан мурда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча банк жетекчилиги, башкармасы жана Директорлор кеңеши тарабынан көрүлгөн чараларга баа берүүнүн; 

- контролдукка алынып, ал боюнча маалымдалууга тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо жана маалымдоодо колдонулган программалык камсыздоолорго баа берүүнү кошо алганда, ички контролдукка баа берүүнүн; 

- ПФПД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамы тарабынан даярдалып, Директорлор кеңешинин кароосуна сунушталуучу отчеттордун Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу талаптарга шайкештигин текшерүүнүн; 

- ПФПД/ЛПД боюнча саясатты ишке ашырууга тартылган банк кызматкерлерин окутуу программаларынын талапка ылайыктуулугун текшерүүнүн. 

Банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишине ПФПД/ЛПД боюнча ички контролдук системасынын сакталышы көз карашынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ички аудитор сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгат жана таанышып чыгуусу үчүн алар ПФПД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамына жөнөтүлөт. 

13. Банктын ички аудит кызматы аудитти сапаттуу жана ар тараптан жүргүзүү максатында ПФПД/ЛПД чөйрөсүндө көрүлүп жаткан ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системасынын ишине тиешелүү маалыматтарды, ошондой эле бул багытта орун алып жаткан көйгөйлүү маселелер боюнча маалымат алуу ниетинде ПФПД/ЛПД жагында иш алып барган кызмат адамы менен талкууларды өткөрөт. Ички аудитор банктын бардык материалдары жана отчеттору менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

14. Ички аудит кызматы жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча төмөнкү маалыматтарды кошо алганда, ПФПД/ЛПД максатында ички контролдуктун таасирдүүлүгүнө баа берүү жыйынтыгы боюнча тиешелүү отчетту даярдайт: 

1) кылмыштуу иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу тобокелдиктер; 

2) ПФПД/ЛПД чөйрөсүндө ички контролдук программаларынын жана башка ички документтердин талаптарын бузууга жол берүүлөр; 

3) Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүнө тиешелүү мыйзам талаптарын бузууга жол берүү; 

4) аныкталган кемчиликтерди четтетүү же аларга жол бербөө үчүн зарыл болгон чаралар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

15. Ички аудитордун ПФПД/ЛПД максатында ички контролдуктун таасирдүүлүгүнө баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча отчету, аныкталган кемчиликтер жана мындан ары аларга жол бербөө үчүн чара көрүү максатында отчетко кол койгондон кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде Директорлор кеңешинин кароосуна сунушталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6-глава. ПФПД/ЛПД боюнча ички контролдукту уюштуруу максатында кызмат адамынын дайындалышы 

16. ПФПД/ЛПД боюнча ички контролдук саясатын, тиешелүү жол-жоболорду, ошондой эле ички уюштуруу чараларын иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу максатында Директорлор кеңеши кызмат адамын (мындан ары - ПФПД/ЛПД боюнча кызмат адамы) дайындайт. Ал Директорлор кеңешине отчет берип турат. Директорлор кеңеши ПФПД/ЛПД кызмат адамынын үзгүлтүксүз иш алып баруусу, көз карандысыздыгы, калыстыгы, кесипкөй компетенттүүлүгү, натыйжалуу иштөөсү үчүн тиешелүү шарттарды камсыз кылуу чараларын кабыл алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

17. ПФПД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет: 

1) банктын жана анын кызматкерлеринин кылмыштуу иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу кылмыш (мыйзамсыз) ишке (жосундарга) тартылышы тобокелдигине бөгөт коюп, ага жол бербөө (минималдаштыруу) үчүн тиешелүү чараларды көрүү; 

2) Кыргыз Республикасында ПФПД/ЛПД боюнча кабыл алынган мыйзам талаптарынын натыйжалуу аткарылышын камсыз кылуу; 

3) финансылык чалгындоо органына жана Улуттук банкка Кыргыз Республикасында ПФПД/ЛПД боюнча кабыл алынган мыйзам талаптарында каралган милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруусуна өбөлгө түзүп, көмөктөшүү. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

18. ПФПД/ЛПД талаптарын аткаруу максатында ПФПД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамы төмөнкү функцияларды аткарууга тийиш: 

- тиешелүү ички контролдук саясатын иштеп чыгып, аны банк башкармасына макулдашуудан кийин Директорлор кеңешинин бекитүүсүнө сунуштайт жана иштелип чыккан саясат менен ПФПД/ЛПД ишке ашырууга катышкан бардык кызматкерлерди тааныштырат; 

- ички контролдук саясатынын ишке ашырылышын камсыз кылып, банктын ПФПД/ЛПД боюнча ички ченемдик документтеринин иштелип чыккан саясатка ылайык аткарылышына мониторинг жүргүзөт; 

- маалыматтардын жана билдирүүлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талатарга ылайык контролдукка алынып, алар боюнча маалымдалууга тийиш болгон операцияларга (бүтүмдөргө) тиешелүү маалыматтардын финансылык чалгындоо органына берилишин камсыз кылат; 

- аныкталган белгилери боюнча операцияларды (бүтүмдөрдү) шектүү деп таануу жана алар боюнча маалыматтарды финансылык чалгындоо органына жөнөтүү чечимин кабыл алып, банк башкармасына ал тууралуу маалымдайт; 

- Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө банк ишине ушул Жобо жана банктын ички документтеринде алардын компетенциясына чегерилген маселелер боюнча инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүсүнө көмөк көрсөтөт; 

- ПФПД/ЛПД боюнча саясат талаптарын ишке ашырууга катышкан банк кызматкерлери үчүн окутууларды уюштуруп, аларга бул багытта кеп-кеңештерди берет; 

- ПФПД/ЛПД боюнча ички контролдук саясатынын талаптарынын ишке ашырылышы жыйынтыгы боюнча кат жүзүндө толтурулган отчет менен банктын ички документтеринде аныкталган тартипте банк башкармасын тааныштыруу менен зарылчылыкка жараша бирок, чейрек ичинде кеминде бир жолу аларды Директорлор кеңешинин кароосуна сунуштайт; 

- ФТД/ЛПД тобокелдигине, анын ичинде жаңы банктык продукттарды колдонууга киргизүүдө келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

19. ПФПД/ЛПД боюнча кызмат адамы өз милдеттерин аткаруу учурунда төмөнкүлөргө укуктуу: 

- банк жетекчилеринен жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлеринен зарыл болгон документтери, анын ичинде банктын жана анын бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан чыгарылган буйруктарды, башка тескөөчү документтерди, бухгалтердик жана акчалай эсептешүү документтерин алууга; 

- кардарлар жана бенефициардык менчик ээлери боюнча банк тарабынан түзүлгөн маалымат базасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алууга; 

- кардар кылмыштуу иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышы бардыгынын негиздүүлүгүн тастыктоо же мындай шектенүүнү четке кагуу үчүн кардар жана бенефициардык менчик ээлерине тиешелүү жана/же алар ишке ашырган операциялар (бүтүмдөр) боюнча кошумча маалыматтардын берилишин; 

- банктын бөлүмдөрү жайгашкан жайга, ошондой эле документтер (архив), нак акча каражаттары жана баалуулуктар сакталган жайга (акча сакталуучу жайга), маалымат базасына белгиленген тартипте кирүүгө; 

- алынган документтерден, анын ичинде электрондук документтерден көчүрмө чыгарып алууга; 

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген "Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, операцияларга (бүтүмдөргө) жана/же каражаттарга бөгөт коюу жана андан чыгаруу, бөгөт коюлган каражаттардан пайдалануу жана аларды тескөөгө алуу мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө" жобого ылайык операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүгө, анын ичинде операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу жана операцияларга (бүтүмдөргө) жана/же каражаттарга бөгөт коюуга убактылуу көрсөтмөлөрдү берүүгө; 

- зарылчылык келип чыккан шартта банктын Директорлор кеңешине кайрылууга; 

- Шариат кеңеши менен өз ара иш алып барууга (*) жана аларга кайрылууга. 

Эскертүү: (*) Бул, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш жүргүзгөн банктарга тиешелүү. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

20. ПФПД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамы өз милдеттерин аткарууда төмөнкүлөргө милдеттүү: 

- банктын тиешелүү бөлүмдөрүнөн алынган документтердин сакталышын жана аларга кайтарылып берилишин камсыз кылууга; 

- өз милдетин аткарууда алынган маалыматтардын купуялуулугун так сактап, маалыматтардын финансылык чалгындоо органына берилгендигин ачыкка чыгарбоого; 

- операциялардын (бүтүмдөрдүн) шектүү катары таанылгандыгы жана алар тууралуу билдирменин финансылык чалгындоо органына маалымдалгандыгы тууралуу банк башкармасына билдирүүгө. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

21. ПФПД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамы банктын ПФПД/ЛПД боюнча саясатын ишке ашырууда төмөнкүлөрдөн тышкары, ушул жободо белгиленген компетенциясынын чегинде башка милдеттерди да айкалышта аткара алат: 

- ички аудит кызматынын кызматкеринин; 

- операциялык ишти жүзөгө ашырган кызматкердин; 

- кызматкер үчүн аны аткарууда өз алдынчалык (көз карандысыздык) камсыз кылынбаган кызматкердин. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

22. ПФПД/ЛПД боюнча иш алып барган адам: 

- ПФПД/ЛПД боюнча мыйзамдарды билүүгө; 

- банктык продукттар, операциялар, кызмат көрсөтүүлөр, кардарлардын операциялары, ошондой эле банк ишинде ПФПД/ЛПД келип чыгышы ыктымал болгон потенциалдуу тобокелдиктер боюнча так түшүнүгү болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

23. ПФПД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамы, алдыңкы кеңсе кызматкерлери, ошондой эле банктын ушул багыт боюнча саясатты ишке ашырууга катышкан башка кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген "Ички контролдоо программасына карата жалпы талаптар жөнүндө" жободо белгиленген талаптарга ылайык, жылына кеминде бир жолу окутуудан (кайра даярдыктан) өткөрүлүп турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

24. ПФПД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамынын, банк башкармасынын жана Директорлор кеңешинин жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган негиздерден улам келип чыгат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

25. ПФПД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамынын банк башкармасына макулдашылган жана Директорлор кеңешинин кароосуна сунушталуучу кат жүзүндөгү отчетунда эң аз дегенде отчеттук мезгил ичинде алынган, ошондой эле зарылчылык келип чыккан шартта башка мезгил аралыгы үчүн алынган төмөнкү маалыматтар камтылышы зарыл: 

1) кардарларды идентификациялоо, верификациялоо жана иликтөөгө алып, анын абалы менен таанышуу, ошондой эле бенефициардык менчик ээсин аныктоо боюнча талаптардын аткарылышына контролдуктун жыйынтыгы; 

2) шектүү операциялар (бүтүмдөр) белгилери байкалган, төмөнкү маалыматтарды камтыган операцияларды аныктоо максатында банк кардарларынын операцияларына жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөрдүн жыйынтыгы: 

- кардарлар эсептери боюнча (кардарлардын колдонулуп жаткан эсептери, банк кызматкерлеринин эсептери) акча каражаттарынын жылышынын динамикасы; 

- өтө ири суммада ишке ашырылган операциялар; 

- кардарлардын чектүү белгиленген өлчөмдөн ашкан суммада чет өлкө валюталарын сатып алуу же сатуу; 

- кардарлардын суммасы анкетада көрсөтүлгөн жүгүртүүлөрдөн алда канча ашкан операциялары; 

- нак акча каражаттары менен операциялар (нак акчага айландыруу, активдерге алмашуу, банктын аралыкта орнотулган атайы жабдуулары аркылуу банк эсептерин толуктоо үчүн нак акча салуу (төлөө); 

- кредиттерди берүү жана депозиттерди (мөөнөттүү) кабыл алуу операциялары; 

- гарантиялар, аккредитивдер жана башка шарттуу милдеттенмелер менен операциялар; 

- эсеп ачуусуз эле акча которуу системалары, ошондой эле SWIFT системасы (же банктарда негизги система катары колдонулган башка системалары) аркылуу которуулар; 

- кардарлардын жана банктын баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу операциялары; 

- башка өлкөлөрдө турган банк кардарларынын акча каражаттарынын жылышы; 

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык финансылык чалгындоо органына маалыматтарды сунуштоо жөнүндө; 

4) операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, операцияларга (бүтүмдөргө) жана/же каражаттарга бөгөт коюу тууралуу ырааттуу негиздемелери менен маалыматтарды финансылык чалгындоо органына жөнөтүү жана андан ары мыйзамдарга ылайык иш алып баруу жөнүндө; 

5) ПФПД/ЛПДнын максатында ички контролдук программасын ишке ашыруу боюнча чаралардын, банктын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, ошондой эле чет өлкөдө орун алган туунду жана караштуу компаниялар тарабынан так аткарылышы жөнүндө; 

6) ПФПД/ЛПД боюнча мыйзам талаптарынан жана банктын ички ченемдик документтеринин иштелип чыккан саясатка ылайык аткарылышына, бузууга жол берилишине жана ал боюнча кабыл алынган чараларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө; 

7) ПФПД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамынын Директорлор кеңешине сунушталган мурдагы отчетторунда белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча иш натыйжасы жөнүндө; 

8) ПФПД/ЛПД боюнча саясаттын талаптарын ишке ашырууга катышкан кызматкерлердин иш натыйжалары, аларды окутуудан өткөрүү жана кеп-кеңештерди берүү, ишин уюштуруу жагында кабыл алынган иш-чаралар; 

9) төмөнкүлөр боюнча аналитикалык маалыматтар; 

- кардарлардын мүмкүн болуучу өз ара байланышы; 

- банк корреспонденттер; 

- кардарлар менен түзүлгөн келишим боюнча мүлктү ишеним боюнча тескөөгө алуу операциялары (траст); 

- жаңы банктык продукттарды жана технологияларды колдонууга киргизүү, аларга байланыштуу келип чыккан тобокелдиктер. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

26. ПФПД/ЛПД боюнча кызмат адамынын кат жүзүндөгү отчетунун негизинде Директорлор кеңеши отчетто белгиленген кемчиликтерди четтетүү жана аларга андан ары жол бербөө максатында банк башкармасынын ишине контролдукту жүргүзөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7-глава. Тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен кардарды талаптагыдай текшерүү 

(Главанын аталышы 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

27. Банктар төмөнкүлөргө милдеттүү: 

1) ресурстарды бөлүштүрүү жана тобокелдиктерди азайтуу үчүн, анын ичинде улуттук тобокелдиктерге баа берүүнүн натыйжаларын, ошондой эле жогору жана төмөн тобокелдиктин типтүү критерийлерин эске алуу менен кардарлар, өлкөлөр, өнүмдөр, кызматтар, операциялар (бүтүмдөр) жана жеткирүү каналдары боюнча өз тобокелдиктерин баалоого, аныктоого, документте каттоого жана туруктуу негизде жаңыртып турууга милдеттүү; 

2) аныкталган тобокелдиктер боюнча маалыматтарды Улуттук банкка жана финансылык чалгындоо органына белгиленген тартипте сунуштоо; 

3) таасири күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн саясатты, ошондой эле тобокелдиктерди контролдоо, аларды тескөөгө алуу жана басаңдатуу жол-жоболорун иштеп чыгып, колдонуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 27-декабрындагы N 2023-П-12/82-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

27-1. Банк кардарды жана бенефициардык ээсин Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте талаптагыдай текшерүүдөн өткөрөт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

27-2. Банк кардарды (туруктуу, ошондой эле бир жолку, жеке адамды да, юридикалык жакты да) Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык идентификациялоого милдеттүү.  

Эгерде кардардын атынан же тапшырмасы боюнча ишеним көрсөтүлгөн адам иш алып барса, банк бул адамды идентификациялоого жана верификациялоого, ошондой эле бул адамдын ыйгарым укуктарын тастыктаган тиешелүү документтерди текшерүүгө милдеттүү.  

Банк кардардын анкеталарында каралган маалыматтардын аныктыгын ишенимдүү булактардан алынган маалыматты жана документтерди колдонуу менен текшерүү аркылуу кардарды верификациялоого милдеттүү.  

Банк кардарды верификациялоону ишкердик мамилелерди түзүүгө/бир жолку операцияны жүргүзүүгө чейин жана анын жүрүшүндө жүргүзүүгө милдеттүү.  

Кардарды (жеке адамды жана юридикалык жакты) идентификациялоодо жана верификациялоодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген "Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жободо белгиленген талаптарга ылайык анкета толтурулат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

27-3. Банктар банктын юридикалык жак болгон кардарынын бенефициардык ээлерин идентификациялоого жана бенефициардык ээсинин (ээлеринин) ким экенин так биле тургандыгына ынануу максатында, аларды верификациялоо үчүн тиешелүү маалыматты же ишенимдүү булактан алынган маалыматтарды колдонуу менен бенефициардык менчик ээлеринин инсандыгын текшерүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Бул талапты аткаруу үчүн банктар юридикалык жактын үлүшүнүн (акцияларынын) 25%дан ашыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган бенефициардык ээлерин аныктоого милдеттүү.  

Эгерде үлүштүн (акциялардын) 25%дан ашыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган бенефициардык ээлери жок болсо, же бенефициардык менчик ээсинин үлүшүнүн (акцияларынын) өлчөмү боюнча күмөн саноолор болсо, же акциялардын контролдук пакетине ээ болгон жак (жактар) кардардын -юридикалык жактын чыныгы бенефициардык менчик ээси (ээлери) болуп саналабы деген күмөн саноолор болсо, банктар юридикалык жакты же түзүмдү башка ыкмалар аркылуу контролдоону ишке ашыруучу бенефициардык менчик ээсин (ээлерин) аныктоого милдеттүү.  

Чектелген учурларда, эгерде үлүштүн (акциялардын) 25%дан ашыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган бенефициардык менчик ээлери иш жүзүндө жок болсо жана башка каражаттар аркылуу контролдоону ишке ашыруучу бенефициардык менчик ээлери жок болгон учурда, банктар юридикалык жактын түзүмүндө ээлеген позицияларынын эсебинен кардардын - юридикалык жактын иш-аракеттерин контролдоого мүмкүнчүлүгү бар жеке адамды (жеке адамдарды) аныктоого милдеттүү (стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жооптуу, аткаруучулук контролду ишке ашырат, финансылык маселелер боюнча чечим кабыл алат). Бул учурда бенефициардык менчик ээсинин анкетасы бул жак үчүн толтурулат.  

Эгерде юридикалык жактын менчигинин түзүмүндө чет өлкөлүк трасттар же башка юридикалык түзүлүштөр болсо, банктар бул юридикалык түзүлүштөрдүн бенефициардык менчик ээлерин аныктоого милдеттүү. Банктар бенефициардык ээсин идентификациялоодо жана текшерүүдө/верификациялоодо (юридикалык түзүлүш болуп саналган кардарларга карата) төмөнкү маалыматты кошумча колдонушат:  

- трасттар боюнча: ишеним көрсөтүүчүнүн, ишеним көрсөтүлгөн адамдын, камкорчунун (эгерде бар болсо), бенефициарлардын же бенефициарлар тобунун жана трастты иш жүзүндө контролдогон башка жеке адамдын жеке маалыматтары;  

- юридикалык түзүлүштөрдүн башка түрлөрү боюнча: эквиваленттүү кызматтарды ээлеген адамдардын жеке маалыматтары.  

Бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо жана верификациялоо учурунда анкета Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген "Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жободо белгиленген талаптарга ылайык толтурулат.  

Эгерде кардардын бенефициардык менчик ээси бир нече жеке адам болуп, алардын ар биринин үлүшү (акциясы) 25%дан ашык болсо жана/же башка каражаттар аркылуу контролдоону жүзөгө ашырса, анда анкета ар бир ушундай адамга толтурулат.  

Бенефициардык менчик ээсинин анкетасына кардардын - юридикалык жактын менчигинин (башкаруу) түзүмүнүн схемасын тиркөө зарыл, анда аралык юридикалык жактарды, түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) үлүштөрдүн (акциялардын) 25%дан ашыгына ээлик кылган акыркы менчик ээлерине - жеке адамдарга чейин, ошондой эле уюштуруучулар - юридикалык жактар менен бенефициардык менчик ээсинин ортосундагы өз ара байланыш деңгээли каралат. Менчик түзүмүнүн схемасы башка каражаттар аркылуу контролдоону жүзөгө ашырган бенефициардык менчик ээлерине тиешелүү маалыматты да чагылдырууга тийиш жана мындай бенефициардык менчик ээлеринин бул контролдоону кандайча жүзөгө ашырарын түшүндүрүшү зарыл. Эгерде юридикалык жактын менчигинин түзүмүндө чет өлкөлүк трасттар же башка юридикалык түзүлүштөр болсо, алар да схемада чагылдырылышы зарыл.  

Банк кардардын ишинин мүнөзүн, ошондой эле анын менчигинин (башкаруу) түзүмүн түшүнүүгө милдеттүү. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

28. Банк кардар менен ишкердик мамилелердин бүткүл мезгилинде кардарды талаптагыдай текшерүү чараларын тобокелдикти аныктоого багытталган мамилени пайдалануу менен колдонууга милдеттүү.  

Талаптагыдай текшерүү чараларынын көлөмү кардардын тобокелдик профилин жана ишкердик мамилелердин масштабын, атап айтканда, тобокелдик деңгээлин, ишкердик мамилелердин максатын, жүргүзүлгөн операциялардын суммасын, ишкердик мамилелердин үзгүлтүксүздүгүн же узактыгын эске алуу менен аныкталууга тийиш.  

Банк жогорку тобокелдик аныкталган учурда кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонууга милдеттүү. Төмөн тобокелдик аныкталган учурда жөнөкөйлөтүлгөн чаралар колдонулушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

29. Банктар тобокелдик критерийлерин (жогорку жана төмөн) эске алуу менен өз кардарларын классификациялоого милдеттүү. Тобокелдик деңгээлин аныктоо үчүн эң оболу, кардардын иш багытынын түрүн, кардардын жана/же анын бизнесинин жайгашкан (башталган) жерин, ал жүргүзгөн операцияларды, сунуштаган кызмат көрсөтүүлөрдү жана кардардын төлөм багыттарын эске алышы зарыл. Жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлери белгиленип, финансылык чалгындоо органы тарабынан жарыяланууга тийиш. Банктар орточо тобокелдик критерийлерин иштеп чыгып, колдонушу мүмкүн. 

30. Кардарды идентификациялоого, верификациялоого жана ал боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген бардык маалыматтардын жана документтердин негизинде банк кардардын кылмыштуу иш аракеттер каржылоосу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруусу (изин жашыруусу) мүмкүндүгү тобокелдик деңгээлине баа берет жана ал кардар анкетасында чагылдырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

31. Банк кылмыштуу иш аракеттер каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу), ошондой эле шектенүүнү жараткан операциялар тобокелдигине дуушарланышы ыктымал болгон операцияларга өзгөчө көңүл буруп, аларга талаптагыдай контролдукту орнотууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

32. Олуттуу тобокелдиктин орун алгандыгы белгиленген шартта банк кардарларды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүнүн төмөнкүдөй күчөтүлгөн чараларын колдонууга тийиш: 

1) колдо болгон ишенимдүү маалымат булактарынан, ошондой эле кардарга байланыштуу тобокелдикке баа берүүдө алынган маалыматтар боюнча кардарга тиешелүү тастыкталган кошумча маалыматтарды жана документтерди топтоо; 

2) кардардын жана бенефициардык менчик ээсинин кылмыштуу ишке тартылып кетиши тобокелдигин тереңден иликтеп көрүү үчүн ал боюнча кошумча маалыматтарды топтоо; 

3) кардардын ишкердик мамилени жөнгө салуу максатына жана анын мүнөзүнө, ошондой эле акча каражаты булактарына тиешелүү кошумча маалыматтарды талап кылуу; 

4) кардардын акча каражаты кылмыштуу иштен алынган киреше эмес экендигине толук ынануу үчүн ишкердик мамилени жөнгө салуунун алкагында, кардар колдонгон акча каражаттарынын келип чыгуу булагын текшерүү; 

5) тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо маалыматтарын утурумдук негизде, бирок жыл ичинде кеминде бир жолу жаңылап туруу; 

6) пландаштырылган же ишке ашырылган операциялардын (бүтүмдөрдүн) себептерин же экономикалык маани-маңызын чечмелеген кошумча маалыматтарды кардардан талап кылуу; 

7) банк Башкармасынан/Башкарманын Төрагасынан же банктын операциялык ишин тескеген Башкарманын мүчөсүнөн (банк Башкармасынын төрагасы ага мындай ыйгарым укуктарды берген шартта) кардар менен ишкердик мамилени түптөөгө же аны улантууга уруксат алуу; 

8) шектүү операциялар (бүтүмдөр) жана айкын экономикалык маңызга же мыйзамдуу максаттарга ээ болбогон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо максатында автоматташтырылган маалымат системалары сыяктуу эле, кол эмгеги аркылуу операцияларга (бүтүмдөргө) күндөлүк мониторингди, маалыматтарга талдап иликтөөлөрдү жүргүзүү, акча каражаттарынын багытын кароого алып, аларды эсепке алуу аркылуу ишкердик мамилеге таасирдүү мониторинг жүргүзүү, ошондой эле мониторинг жыйынтыгы менен ПФПД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамын жана банк башкармасын тааныштыруу; 

9) операцияны (бүтүмдү) банктык эсеп ачуусуз эле, ишке ашыруу пландаштырылып жаткан болсо, операцияны (бүтүмдү) банк эсеби аркылуу жүргүзүүнү сунуштоо. 

Мында, банк тобокелдиктерди натыйжалуу тескөөгө алуу жана/же деңгээлин басаңдатуу үчүн кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүү боюнча күчөтүлгөн чараларды колдонуу зарылчылыгын документте каттоого тийиш. 

Кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүнүн күчөтүлгөн чаралары олуттуу тобокелдиктер орун алып турган өлкөлөрдүн кардарларына карата да колдонулушу зарыл. 

Банк жүргүзүлүп жаткан операциялардын экономикалык максатка ылайыктуулугун жана мыйзамдуулугун, ошондой эле кардардын жана бенефициар ээсинин акча каражаттарын алуу булагын аныктоо максатында, кардар кошумча документтерди, анын ичинде контрагент жөнүндө маалыматты сунуштоосу үчүн акыл ченемдүү, бирок 10 (он) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттөрдү белгилөөсү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-1-(НПА), 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА), 2023-жылдын 27-декабрындагы N 2023-П-12/82-7-(НПА), 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

33. Тобокелдик төмөнкү деңгээлде экендиги аныкталган шартта банк кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүнүн төмөнкүдөй жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонот:  

1) ишкердик мамилелердин максатына жана мүнөзүнө тиешелүү жалпы маалыматтарды алуу;  

2) кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоочу маалыматтарды жаңылап туруу аралыгын кыскартуу;  

3) банк тарабынан аныкталган лимиттин негизинде операцияларды (бүтүмдөрдү) текшерүүдөн өткөрүү автоматташтырылган системасын колдонуу менен кардарлардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) кыскартылган формада мониторинг жүргүзүү.  

Кардар кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) ишин жүзөгө ашыргандыгы боюнча шектенүүлөр бар болсо, тобокелдиктерди тескөө жана азайтуу боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн чараларды колдонууга жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

34. Чет өлкөлүк коомдук кызмат адамдарын тейлөөдө банк кардарларды талаптагыдай текшерүү боюнча белгиленген чараларды колдонуудан тышкары, төмөнкү кошумча чараларды колдонууга тийиш:  

1) кардар же бенефициардык менчик ээси коомдук кызмат адамы болуп саналабы же жокпу аныктоо үчүн инструменттерди колдонуу;  

2) коомдук кызмат адамы менен ишкердик мамилелерди түзүү же улантуу (учурдагы кардарлар үчүн), ошондой эле коомдук кызмат адамы тарабынан талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүүнү талап кылган суммага бир жолку операцияны ишке ашырууда банк Башкармасынын жазуу жүзүндөгү уруксатын алуу;  

3) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамынын акча каражаттарынын жана башка мүлкүнүн келип чыгуу булагын аныктоо;  

4) жогорку тобокелдиктеги кардарлар үчүн белгиленген тартипте чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы тарабынан ишке ашырылган операцияларды (бүтүмдөрдү) кошо алганда, ишкердик мамилелерге туруктуу жана терең мониторинг жүргүзүү;  

5) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамдары жөнүндө болгон маалыматты туруктуу негизде жаңылап туруу.  

Банк жогоруда көрсөтүлгөн чараларды чет өлкөлүк коомдук кызмат адамынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандарына, ишкер өнөктөштөрүнө жана расмий өкүлдөрүнө) карата колдонууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

34.1. 34-пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн чаралар улуттук коомдук кызмат адамдарына жана эл аралык уюмдардын коомдук кызмат адамдарына, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандарына, ишкер өнөктөштөрүнө жана расмий өкүлдөрүнө) карата колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

35. 34-пункттун 2-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн чаралар улуттук коомдук кызмат адамдарына жана эл аралык уюмдардын коомдук кызмат адамдарына, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандарына, ишкер өнөктөштөрүнө жана расмий өкүлдөрүнө) мындай адамдар менен ишкердик мамилелердин жогорку тобокелдиги аныкталган учурда колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

36. Кардардын улуттук коомдук кызмат адамы экендиги аныкталган шартта банк алынган маалыматтарды финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленген коомдук адамдардын анкетасынын формасына ылайык электрондук форматта каттайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

37. Банк таанымал кызмат адамдарына карата маалыматтарды аныктоо, аларга мониторинг жүргүзүү жана текшерүүдөн өткөрүү үчүн ачык маалымат булактарын колдонушу мүмкүн. 

38. Банк кардарды идентификациялоонун, верификациялоонун жана ал боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды, ошондой эле бенефициардык менчик ээси аныкталып, ошондой эле кардардын кылмыштуу иш-аракеттер каржылоосу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруусу (изин жашыруусу) мүмкүндүгү тобокелдигине жогору деп баа бере турган болсо, маалыматтарды мезгил-мезгили менен, жылына кеминде бир жолу, ал эми калган учурларда үч жылда кеминде бир жолу жаңылап турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

39. Банк кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашырууга) тобокелдигин талаптагыдай контролдоо максатында, жаңы технологияларды, продукттарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле жаңы механизмдерди же өнүгүп жаткан технологияларды колдонуу менен учурда колдонулуп жаткан же жаңы банктык продукттар, анын ичинде операцияларды (бүтүмдөрдү) кардар менен түздөн-түз байланышуусуз ишке ашыруу болжолдонгон жаңы ишкердик тажрыйбасын колдонууга жана ишке киргизүүгө байланыштуу иштелип чыккан бардык жол-жоболордун сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 27-декабрындагы N 2023-П-12/82-7-(НПА), 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

39-1. Банк кардарды талаптагыдай текшерүүнү үзгүлтүксүз негизде жүргүзүүгө милдеттүү, анда төмөнкүлөр камтылат:  

1) кардардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) кардар жөнүндө маалыматка, чарбалык ишинин мүнөзүнө жана түрүнө, кардардын финансылык абалына, каражаттардын, мүлктүн, активдердин келип чыгуу булагына, кардар жана анын операциялары менен байланышкан тобокелдиктердин деңгээлине жана мүнөзүнө тиешелүү маалыматка ылайык келүүсү боюнча кылдат талдоо жүргүзүү;  

2) кардар жөнүндө маалыматтын аныктыгын жана толуктугун үзгүлтүксүз текшерүү, ошондой эле, биринчи кезекте, тобокелдиги жогору кардарларга карата маалыматты өз убагында жаңыртуу аркылуу, кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматты жана документтерди актуалдуу абалда жана тиешелүү түрдө сактоо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

39-2. Эгерде банк кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, банк ишкердик мамилелерди түзбөшү керек, операцияны жүргүзбөшү, ишкердик мамилелерди токтотушу зарыл жана кардарды тейлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде финансылык чалгындоо органына белгиленген тартипте тиешелүү билдирүү жөнөтүүгө тийиш.  

Эгерде банк кардарды талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүү шектенүүлөр келип чыккандыгы жөнүндө маалыматтын ачыкка чыгышына алып келет деп ишенсе, банк тарабынан кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча чаралар көрүлбөйт, шектүү операцияны (бүтүмдү) токтото турат жана финансылык чалгындоо органына шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

39-3. Эгерде кардар менен ишкердүү мамилелерди түзүү убагында же ишкердик мамилелерди түзүүнүн жүрүшүндө, же бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө операциялар (бүтүмдөр) кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуулугуна шектенүүлөр пайда болсо, банк төмөнкү чараларды көрүүгө тийиш:  

1) кандай болбосун өзгөчө жагдайларга же белгиленген чектүү маанилерге карабастан, кардарга жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо;  

2) ишкердик мамилелерге же операцияга (бүтүмгө) ар тараптуу талдоо жүргүзүү жана ишкердик мамилелерди же операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алуу;  

3) шектүү операцияны (бүтүмдү) токтото туруу жана белгиленген тартипте операция (бүтүм) шектүү деп таанылган учурдан тартып беш сааттын ичинде шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүү;  

4) кардар менен ишкердик мамилелерди токтото туруу же токтотуу.  

Эгерде банк кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүдө пайда болгон шектенүүлөр жөнүндө маалыматтын ачыкка чыгышына алып келе тургандыгына ынанса, банк кардарды талаптагыдай текшерүү чараларын колдонбойт, шектүү операцияны (бүтүмдү) токтото турат жана шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

40. Банк корреспонденттик мамилелерди жөнгө салууда, ага тиешелүү талапты жөнөтүү аркылуу да кардарларды идентификациялоо, верификациялоо жана алынышын кошо алганда ПФПД/ЛПД боюнча чаралар көрүлүп жаткандыгын аныктап, ага ынанууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

8-глава. Контролдукка алынууга жана маалымдалууга тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо 

41. Банк тарабынан, кылмыштуу иш-аракеттерди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашырууну) ыктымалдыгын тастыктаган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген критерийлер жана белгилердин болушу көз карашынан кардарлардын ишин текшерүү тартиби аныкталууга тийиш. Банк ушул максатта кардарлар менен жөнгө салынган ишкердик мамилелерге туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүгө жана анда төмөнкүдөй иш-чаралар камтылууга тийиш: 

- кардардын иши банктын колунда болгон ал тууралуу, анын бизнеси жана ошол кардар боюнча тобокелдик деңгээлине тиешелүү маалыматтарга ылайык келишине толук ынануу үчүн кардардын эсептери боюнча операцияларга кылдат иликтөөлөрдү жүргүзүү; 

- зарылчылык келип чыккан шартта, кардар эсебине түшкөн акча каражаттарынын булагын териштирүү; 

- айкын экономикалык маңызга же мыйзамдуу максаттарга ээ болбогон бардык кыйла татаал же адаттагыдан башкача ири операцияларга талдап иликтөөлөрдү жүргүзүү; 

- банктан алынган бардык маалыматтарды каттоо менен алар боюнча документтерди түзүү жана зарылчылык келип чыккан шартта алынган маалыматтарды финансылык чалгындоо органына жөнөтүү. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

42. Акча каражаттары же башка мүлк менен операция (бүтүм) контролдонууга жана финансылык чалгындоо органына билдирилүүгө тийиш.  

Контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операцияларга (бүтүмдөргө) төмөнкү операциялар (бүтүмдөр) кирет:  

- шектүү операциялар (бүтүмдөр);  

- жогору тобокелдиктеги өлкөлөрдөн жеке адамдар же юридикалык жактар менен ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр). Жогору тобокелдиктеги өлкөлөрдөн жеке адамдар же юридикалык жактар менен ишке ашырылган, финансылык чалгындоо органына билдирилүүгө тийиш болгон операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат;  

- кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), кылмыштуу ишти жүзөгө ашыргандыгы, ошондой эле мындай ишти каржылагандыгы үчүн жазасын өтөгөн жеке адам тарабынан ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр);  

- накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен чектүү суммага барабар же андан ашкан суммага жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр).  

Накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги жана алардын чектүү суммасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

43. Кызмат көрсөтүүлөрдүн, операциялардын, технологиялардын жаңы түрлөрүн, ошондой эле учурда колдонулуп жаткан же жаңы продукттар үчүн ишкердик тажрыйбаны колдонууга киргизүү алдында банк кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында мындай кызмат көрсөтүүгө, операцияга, технологияга жана ишкердик тажрыйбага тиешелүү бардык тобокелдиктерди аныктоого жана баалоого милдеттүү. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 27-декабрындагы N 2023-П-12/82-7-(НПА), 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

44. Банк кардар, кардардын ыйгарым укуктуу өкүлү, бенефициардык ээси жана кардардын контрагенти боюнча террористтик ишти, экстремисттик ишти, массалык кыргын салуучу куралды жайылтууну, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), кылмыш жасоо үчүн уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзүүнү жана жетектөөнү же бул топко же коомдоштукка катышууну же бул топко же коомдоштукка башкача жардам көрсөтүүнү жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы) же жүзөгө ашырууга (жасоого) катышкандыгы тууралуу Санкциялык тизмектерге киргизилген маалыматтар бардыгын текшерүү максатында бардык зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

45. Банктын ПФПД/ЛПД боюнча саясатын ишке ашырууга катышкан, анын ичинде кардарларды идентификациялаган жана банктын саясаты жана жол-жоболору менен аныкталган тартипке ылайык шектүү операциялардын белгилери бар операцияларды аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери, ПФПД/ЛПД боюнча кызмат адамына шектүү операциялардын белгилерин камтыган бардык аныкталган операциялар жөнүндө маалымдоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

9-глава. Ички контролдукту жүзөгө ашырууда алынган маалыматтарды каттоо, сактоо жана финансылык чалгындоо органына жөнөтүү 

46. Кардардын ички контролдукту жүзөгө ашырууда алынган операциялары (бүтүмдөрү) тууралуу маалыматтар анын кылмыштуу иш-аракеттерди каржылоого, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катышы бардыгын тастыктоо же аны четке кагуу үчүн жетиштүү болгон көлөмдө, документ жүзүндө милдеттүү түрдө катталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

47. Кардардын операцияларын шектенүүнү жараткан белгилерге ээ операция катары аныктоого шектенүүлөрдү тастыктоо учурунда ПФПД/ЛПД боюнча кызмат адамы операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу чечимин кабыл алып, финансылык чалгындоо органы тарабынан бекитилген маалымат берүү тартибине ылайык тиешелүү маалыматты ага, андан соң банк башкармасына билдирүүгө тийиш. 

Банктын Башкармасы андан аркы иштин, анын ичинде операция (бүтүм) жана/же кардар менен ишкердик мамиле өз убагында токтотулушу үчүн жоопкерчилик тартат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 2021-П-12/51-1-(НПА), 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

48. Банк, алар боюнча чектүү сумма Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген нак жана накталай эмес акча каражаттары менен ишке ашырылган операцияларды (бүтүмдөрдү) эске албаганда, суммасына, ишке ашырылган же ашырылуучу операцияларга карабастан, ушул Жобонун 42-пунктунда көрсөтүлгөн, контролдукка алынуучу жана маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматтарды топтоп, финансылык чалгындоо органына жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 28-декабрындагы N 2022-П-12/83-7-(НПА), 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

49. Банк маалыматтардын төмөнкү мөөнөттөрдө жөнөтүлүшүн камсыз кылууга тийиш:  

1) шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү - операциялар (бүтүмдөр) белгиленген тартипте шектүү катары таанылгандан кийинки 5 (беш) саат ичинде;  

2) олуттуу тобокелдиктер орун алган өлкөнүн жеке адамдары же юридикалык жактары менен операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөр - мындай операциялар (бүтүмдөр) ишке ашырылган күндөн кийин 2 (эки) жумуш күнү ичинде;  

3) кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), кылмыштуу ишти жүзөгө ашыргандыгы, ошондой эле мындай иш-аракеттерди каржылагандыгы үчүн жазасын өтөгөн жеке адамдар менен ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөр - мындай операциялар (бүтүмдөр) ишке ашырылган күндөн кийин 2 (эки) жумуш күнү ичинде;  

4) накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен операцияларга (бүтүмдөргө) тиешелүү билдирүүлөр мындай операциялар (бүтүмдөр) ишке ашырылган күндөн кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде.  

Накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги жана алардын чектүү суммасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.  

Жогоруда белгиленген билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык финансылык чалгындоо органына жөнөтүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

50. ПФПД/ЛПД боюнча мыйзамдарда каралган учурлардан сырткары тиешелүү маалыматтар финансылык чалгындоо органына берилгендиги тууралуу банк кардарга маалымдоого укугу жок. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

51. Кардар, бенефициардык менчик ээси жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат жана документтер, анын ичинде иш боюнча кат алышуулар, ошондой эле кардардын операциялары (бүтүмдөрү) жөнүндө, ар кандай жүргүзүлгөн талдоонун натыйжалары жана ушул Жобого ылайык текшерүү учурунда алынган башка маалыматтар банк менен кардардын ортосундагы мамилелер токтотулгандан/кардар менен бир жолку операция (бүтүм) жүргүзүлгөндөн кийин кеминде 5 (беш) жыл сакталууга тийиш.  

Маалымат жетиштүү көлөмдө сакталууга тийиш, ал ишке ашырылган операциянын (бүтүмдүн) мүнөздөмөсүн калыбына келтирүүгө же операциянын (бүтүмдүн) толук түзүмүн калыбына келтирүү жолу менен каражаттарды байкоого жана зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык тергөө жана соттук териштирүү учурунда далил катары колдонууга мүмкүндүк берет.  

Банк маалыматты жана документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, ыйгарым укуктуу укук коргоо органдарына, улуттук коопсуздук органдарына, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)