|
|
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-6-(НФКУ) токтомуна тиркеме |
"Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө"
ЖОБО
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы N 2022-П-12/81-7-(НФКУ), 2023-жылдын 27-декабрындагы N 2023-П-12/82-7-(НПА), 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА), 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), ошондой эле экстремисттик ишти каржылоого, уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууну каржылоого каршы аракеттенүү (мындан ары - ПФПД/ЛПД) максатында, Кыргыз Республикасынын депозиттик каражаттарды тартпаган микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде (мындан ары - МФУ, КС, АФМ) ички контролду уюштуруу боюнча минималдуу талаптарды аныктоо ушул Жобонун максаты болуп саналат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү максатында ички контролду уюштуруу маселелери боюнча МФУ/КС/АФМ ишине инспекциялык текшерүү жүргүзүп, алынган натыйжалар боюнча маалыматтарды кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында иш алып барган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жөнөтөт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы N 2022-П-12/81-7-(НФКУ), 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) Бенефициардык ээси - түпкүлүгүндө келип (ээлик кылуу жана контролдоо аркылуу) тике же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укукка ээ болгон же кардарды контролдогон же болбосо анын атынан же анын кызыкчылыгында операция (бүтүм) ишке ашырылган жеке адам.
2) Жакын туугандары - коомдук кызмат адамы алардын жашоосу, билим алуусу, ден соолугун чыңдоосу жана башка зарыл чыгашаларынын ордун жабуу үчүн финансылык сарптоолорду жумшаган ата-энеси, асырап алуучулар, асырап алынган балдары, аталаш жана энелеш ага-инилери, эже-сиңдилери, чоң ата, чоң апасы, таята, таенеси, неберелери.
3) Верификация - кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу.
4) Ички контролдоо - контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) жана шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо, ошондой эле ПФПД/ЛПД түздөн-түз байланыштуу акча каражаттары же мүлк менен ишке ашырылган башка операцияларга (бүтүмдөргө) жол бербөө боюнча МФУ, КС, АФМ тарабынан кабыл алынган чаралардын жыйындысы.
5) Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөр - акчаны адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук зоналар.
6) Идентификация - бул, кардар жана/же бенифициардык менчик ээсине тиешелүү идентификациялык маалыматтарды аныктоо жол-жобосу.
7) Акча каражаттарынын келип чыгуу булагы - бул кардар менен МФУ, КС, АФМ ортосундагы ишкер мамилелердин предмети болуп саналган белгилүү бир акча каражаттарынын же активдердин келип чыгышы жөнүндө маалыматтар. Алынган маалыматтар бул каражаттарды же активдерди алуунун же сатып алуунун булагын жана/же негиздерин көрсөтүү менен мазмундуу болууга тийиш.
8) Башка мүлктүн келип чыгуу булагы - бул коомдук кызмат адамынын жалпы мүлкүнүн келип чыгышы жөнүндө маалыматтар (кардарга таандык бардык активдерди түзүү булагы). Алынган маалыматтар кардардын абалы жана кардар аны кантип алгандыгы жөнүндө маалыматтарды чагылдырат.
9) Финансылык чалгындоо органы - кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иш алып барган Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы.
10) Коомдук кызмат адамдары - төмөндө келтирилген жеке адамдардын бири:
а) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы - чет мамлекетте олуттуу мамлекеттик же саясий функцияларды аткарган же аткарып жаткан адам (мамлекет же өкмөт башчысы, өкмөттө, соттордо, куралдуу күчтөр түзүмүндө, мамлекеттик органдарда, ишканаларда же мекемелерде жогорку кызматтарды ээлеген адам, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери);
б) улуттук коомдук кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган, Кыргыз Республикасында саясий жана атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган же мурда ээлеген адам, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жогорку жетекчилиги, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери;
в) эл аралык уюмдардын коомдук кызмат адамы - эл аралык уюмдардын маанилүү функцияларын аткаруу ишенип берилген же буга чейин ишенип берилген жогорку кызмат адамдары (эл аралык уюмдардын жетекчилери, жетекчилердин орун басарлары, уюмдардын башкармасынын мүчөлөрү же эл аралык уюмдарда ошондой эле кызматтарды ээлеген адамдар).
11) шектүү операция (бүтүм) - төмөнкү белгилерге туура келген операция (бүтүм);
а) эгерде каражаттар кылмыш жолу менен, анын ичинде предикаттык кылмыштардан алынган киреше экендиги же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуулугу тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо;
б) эгер каражаттар төмөнкүлөрдү каржылоого байланыштуулугу тууралуу шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо:
- террористтерди жана экстремисттерди;
- террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду);
- террористтик жана экстремисттик ишти;
- массалык кыргын салуучу куралды таратууну;
- уюшкан топту же кылмыштуу коомдошдуктарды.
Операциянын (бүтүмдүн) шектүү экендиги, кардардын жана бенефициардык менчик ээсинин акча каражаттары же башка мүлкү менен ишке ашырылган операциялар үчүн ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдардын алкагында ПФПД/ЛПД боюнча иш алып барган кызмат адамы тарабынан аныкталат.
12) Ички контролдоо программасы - Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД боюнча мыйзам талаптарын аткаруу максатында, МФУ, КС, АФМ тарабынан колдонулган ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системасы.
13) Тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма - келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө жагында белгиленген жол-жоболорго (тобокелдикти аныктоо, аларга баа берүү, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана деңгээлин төмөндөтүү) ылайык тобокелдик жогору деңгээлде орун алган болсо, аларга карата чараларды күчөтүү же тобокелдик деңгээли төмөн болсо, жөнөкөйлөтүлгөн чараларды колдонуу.
14) Санкциялык тизмектер - Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги.
Санкциялык тизмектерди түзүү жана жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген "Кылмыштуу ишке жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө" жободо каралган.
15) Максаттуу финансылык санкциялар - Cанкциялык тизмектерге киргизилген жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын ар кандай операцияларына (бүтүмдөрүнө) жана (же) каражаттарына бөгөт коюу жана (же) мындай жактарга, топторго жана уюмдарга кайсы гана болбосун каражаттарды же финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгүн (түз же кыйыр) берүүнү чектөө.
"Экстремисттик иш" түшүнүгү Кыргыз Республикасынын "Экстремисттик ишке- каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамынын түшүндүрмө берүүчү ченемдерине ылайык келет.";
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программасы
4. МФУ, КС, АФМ кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, ички контролдоонун тиешелүү программасын иштеп чыгууга милдеттүү. Бул программа МФУ, КС, АФМ ички контролдоо системасынын бөлүгү болуп саналат жана МФУ, КС, АФМ тарабынан милдеттүү түрдө жана толук сакталууга тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
"5. ПФПД/ЛПД боюнча ички контролдоо программасы МФУ, КС, АФМ ички контролдоо системасынын бир бөлүгү болуп саналат жана кеминде төмөнкү иш-чараларды жүргүзүүнү камсыз кылууга тийиш:
1) чечимдерди кабыл алуу боюнча кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин, ПФПД/ЛПД процессине тартылган жактар менен бөлүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана отчеттуулукту белгилөөгө багытталган ички контролдоону уюштуруу;
2) террористтик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтуу боюнча тобокелдиктерди (мындан ары - ФПД/ЛПД тобокелдиги) аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү, тескөө, азайтуу жана документтештирүү боюнча чараларды көрүү;
3) ФПД/ЛПД тобокелдиктерин баалоону актуалдуу абалда кармап туруу жана тобокелдиктерди баалоо жөнүндө маалыматты Улуттук банкка жана финансылык чалгындоо боюнча ыйгарым укуктуу органга берүү (зарыл болгон учурда);
4) ФПД/ЛПД тобокелдиктерин баалоодо тобокелдиктердин бардык факторлорун кароо, андан кийин тобокелдиктин жалпы деңгээлин жана аны азайтуу боюнча чараларды аныктоо;
5) аткаруу органы/байкоо органы тарабынан бекитилген (эгерде бар болсо) ФПД/ЛПД тобокелдиктерин азайтууну натыйжалуу башкарууну камсыз кылган, ошондой эле өлкө деңгээлинде жана/же тиешелүү сектор боюнча аныкталган тобокелдиктер эске алынган ички ченемдик документтердин болушу;
6) контролдоо каражаттарынын колдонулушуна мониторинг жүргүзүү, зарыл болгон учурда аларды кеңейтүү жана аныкталган жогорку ФПД/ЛПД тобокелдиктерин тескөө жана азайтуу боюнча чараларды көрүү;
7) кардарларды талаптагыдай текшерүүнү жүзөгө ашыруу, анын ичинде:
- кардарды идентификациялоо жана верификациялоо (бир жолку жана туруктуу);
- кардар менен ишкердик мамилелердин максаты жана болжолдонгон мүнөзү жөнүндө маалымат алуу;
- бенефициардык ээсин идентификациялоо жана анын ичинде юридикалык жак (чет өлкөлүк трасттар жана башкалар) болуп саналган кардарлардын бенефициардык менчик ээсин верификациялоо үчүн жеткиликтүү жана талапка ылайык чараларды көрүү;
- ПФПД/ЛПД, шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды жүргүзүү максатында пайдалануу тобокелдигине көбүрөөк дуушар болгон кардарлардын операцияларын идентификациялоо жана верификациялоо;
- ПФПД/ЛПД, шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды жүргүзүү максатында пайдалануу тобокелдигине көбүрөөк дуушар болгон бардык продуктулар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча операцияларды идентификациялоо жана верификациялоо;
- кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо жана верификациялоо натыйжасында алынган маалыматтарды документ түрүндө каттоого алуу;
- кардардын иши жана анын финансылык абалы жөнүндө маалыматты жана документтерди, ошондой эле кардарды талаптагыдай текшерүү натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди сактоо жана жаңылоо;
- кардар менен ишкердик мамилелердин бүткүл мезгили ичинде кардарды туруктуу негизде талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүү жана кардар тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) анын ишинин мазмуну, финансылык абалы жана каражаттардын булагы жөнүндө, ошондой эле ФПД/ЛПД тобокелдиктеринин мүнөзү жөнүндө маалыматка шайкештигин талдоо.
Жогоруда көрсөтүлгөн кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте, ошондой эле тобокелдиктерди баалоо жыйынтыгын эске алуу менен колдонулат.
8) кардардын ишинде контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операцияларды аныктоо;
9) кардардын ишинде финансылык чалгындоо органынын талаптарына ылайык, кардардын ушундай операцияларды жүзөгө ашыруусуна шектенүүнүн негиздүүлүгүн ырастоо же четке кагуу үчүн, шектүү операциялардын белгилери бар операцияларды аныктоо;
10) потенциалдуу кардарларга кызмат көрсөтүүдөн, операцияларды жүргүзүүдөн баш тартуу, кардарларды тейлөөнү токтотуу тартибин жана негиздерин белгилөө;
11) Санкциялык тизмектерге киргизилген адамдарга карата операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу.
Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу МФУ, КС, АФМ тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген "Операцияны (бүтүмдү) токтото туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу, тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби жөнүндө" жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
12) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген "Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды колдонуу;
13) финансылык чалгындоо органына контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматты жана документтерди, ошондой эле билдирүүлөрдү өз убагында берүү;
14) операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды жана документтерди, ошондой эле кардарларды талаптагыдай текшерүү натыйжасында алынган маалыматты сактоону камсыз кылуу;
15) маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу;
16) МФУ, КС, АФМ иши жөнүндө, анын ичинде кардарлардын операциялары жөнүндө ыкчам, ишенимдүү жана толук маалымат берүүнү камсыз кылуучу маалымат системаларын МФУ, КС, АФМ киргизүү;
17) МФУ, КС, АФМ тарабынан Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД маселелери боюнча мыйзамдарынын сакталышын туруктуу камсыз кылууга контролдукту жана мониторингди белгилөө;
18) иши жогорку тобокелдикке дуушар болгон МФУ, КС, АФМ кызматкерлерин (кассирлер, кредиттик инспекторлор, МФУ, КС, АФМ операциялык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ж.б.) контролдоону белгилөө, кызматкерлердин кызматтык нускоолорунда ПФПД/ЛПД боюнча саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларын жана милдеттерин чагылдыруу;
19) ички контролдоо программасын жана МФУ, КС, АФМ ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү ички документтеринин колдонулушуна мониторинг жүргүзүү жана зарыл болгон учурда аларды өркүндөтүү;
20) Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган башка милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу.";
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
5-1. Микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар жана адистештирилген финансылык мекемелер ички контролдук программаларын иштеп чыгууга жана филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин аймагында ишкердигин жүргүзгөн туунду жана караштуу коомдору аларды ишке ашыруусун камсыз кылууга милдеттүү.
Эгерде чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ПФПД/ЛПД чөйрөсүндө ички контролдук программасын жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын колдонууга жол берилбесе, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын жана адистештирилген финансылык мекемелердин филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, ошондой эле туунду жана караштуу коомдору тобокелдиктерди тескөө боюнча зарыл чараларды көрүшөт жана бул тууралуу Улуттук банкка билдиришет.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 27-декабрындагы N 2023-П-12/82-7-(НПА), 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3-глава. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо программасын жүзөгө ашырууга жооптуу кызматкердин ыйгарым укуктары жана милдеттери
6. МФУ/КС/АФМде кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарынын сакталышы үчүн ички контролдоо программасын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу кызматкер (мындан ары - жооптуу кызматкер) дайындалууга тийиш. Жооптуу кызматкер, бир эле адам иштеген МФУ/КС/АФМден тышкары, ички аудитордун/Ревизия комиссиясынын/кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүүгө жооптуу адамдын функциясын бир учурда кошо аткара албайт.
МФУ/КС/АФМдин бир эле жооптуу кызматкери эң аз дегенде үч жылда бир жолу окууга жөнөтүлүп турат. Мында жооптуу кызматкер кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча колдонуудагы мыйзамдарды билүүгө тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
7. Жооптуу кызматкер ПФПД/ЛПД чөйрөсүндө мыйзам талаптарын сактоо максатында төмөнкү милдеттерди аткарат:
1) ФПД/ЛПД байланыштуу кылмыштуу (мыйзамсыз) жосундарга МФУ, КС, АФМ тартылуусуна жана анын кызматкерлеринин катышуусуна жол бербөө;
2) Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын натыйжалуу ишке ашыруу;
3) Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган милдеттерин жана функцияларын аткарууда финансылык чалгындоо органына жана Улуттук банкка көмөк көрсөтүү.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
8. Жооптуу кызматкер кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төмөнкүлөрдү аткарат:
1) ички контролдоо программаларынын долбоорлорун жана кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү башка ички документтерди, анын ичинде тобокелдиктерди баалоо методологиясын жана тобокелдиктерди тескөө жол-жоболорун иштеп чыгуу жана МФУ, КС, АФМ башкаруунун байкоо же аткаруу органына берүү;
2) ички контролдоо программаларын ишке ашырууну уюштуруу;
3) кардарларды жана операциялардын (бүтүмдөрдүн) башка катышуучуларын талаптагыдай текшерүүгө мониторинг жүргүзүү;
4) кардардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) мониторинг жүргүзүү жана талдоо;
5) операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу тууралуу чечим кабыл алуу жана андан ары аткаруучу органга маалымдоо менен шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүү;
6) Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү финансылык чалгындоо органына берүү;
7) Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча МФУ, КС, АФМ ишине текшерүү жүргүзүүгө жардам берүү;
8) МФУ, КС, АФМ башкаруунун байкоо же аткаруу органына (болсо) ички контролдоо программасын ишке ашыруунун жыйынтыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчетту берүү (эгерде бар болсо). Жооптуу кызматкердин күндөлүк отчет берүү тартиби МФУ, КС, АФМ ички документтери менен аныкталат;
9) кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин, анын ичинде жаңы продуктуларды, кызматтарды жана технологияларды киргизүүдө баалайт;
10) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча программаны жүзөгө ашырууга катышкан кызматкерлерди окутууну уюштурат жана консультация берет, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүгө тиешелүү маалыматтар менен аларды тааныштырат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Маалыматтарды документке түшүрүү жана сактоо тартиби
"9. МФУ, КС, АФМ кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, кардарларды идентификациялоо, верификациялоо жана изилдөө, жана ошондой эле бенефициардык ээсин аныктоо боюнча, ошондой эле контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) боюнча маалыматтарды, топтолгон маалыматты кароодо жана иликтөөдө тиешелүү далилдерди берүү максатында айрым операциялардын (бүтүмдөрдүн) тиешелүү учурларын калыбына келтирүү үчүн жетиштүү боло тургандай өлчөмдө каттайт жана документтерди топтойт.
МФУ, КС, АФМ чектүү суммасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен ишке ашырылган операциялардан (бүтүм) тышкары, ишке ашырылган же ишке ашырылуучу операциялардын (бүтүм) суммасына көз карандысыз, ушул Жобонун 29-пунктунда көрсөтүлгөн, контролдонууга жана маалымдалууга тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү түзөт жана финансылык чалгындоо органына жөнөтөт.
МФУ, КС, АФМ билдирүүлөрдү төмөнкү мөөнөттөрдө берүүнү камсыз кылат:
1) шектүү операциялар (бүтүм) жөнүндө билдирүү - операция (бүтүм) белгиленген тартипте шектүү деп аныкталган учурдан тартып 5 (беш) саат ичинде;
2) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн жеке адамдары жана юридикалык жактары менен ишке ашырылган операциялар (бүтүм) жөнүндө билдирүү - мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып 2 (эки) жумуш күнү ичинде;
3) кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана кылмыштуу ишти жүзөгө ашыруу, ошондой эле мындай ишти каржылоо үчүн жазасын өтөгөн жеке адам тарабынан ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү - мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып 2 (эки) жумуш күнү ичинде;
4) чектүү суммага барабар же андан ашкан суммага накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен ишке ашырылган операциялар (бүтүм) жөнүндө билдирүү - мындай операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде;
Накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен жүргүзүлүүчү операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеси жана алардын чектүү суммасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
5) накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен ишке ашырылган операциялар (бүтүм) жөнүндө билдирүү - финансылык чалгындоо органынын суроо-талабы боюнча мындай суроо-талапты алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде;
Билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди берүү тартиби жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык финансылык чалгындоо органына жөнөтүлөт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
10. Кардар, бенефициардык менчик ээси жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат жана документтер, анын ичинде иш боюнча кат алышуулар, ошондой эле кардардын операциялары (бүтүмдөрү) жөнүндө, ушул Жобого ылайык жүргүзүлгөн кандай болбосун талдоонун натыйжалары жана текшерүү учурунда алынган башка маалыматтар, МФУ, КС, АФМ менен кардардын ортосундагы мамилелер токтотулгандан/кардар менен бир жолку операция (бүтүм) жүргүзүлгөндөн кийин кеминде 5 (беш) жыл сакталууга тийиш.
Маалымат жетиштүү көлөмдө сакталууга тийиш, ал ишке ашырылган операциянын (бүтүмдүн) мүнөздөмөсүн калыбына келтирүүгө же операциянын (бүтүмдүн) толук түзүмүн калыбына келтирүү жолу менен каражаттарды байкоого жана зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык тергөө жана соттук териштирүү учурунда далил катары колдонууга мүмкүндүк берет.
МФУ, КС, АФМ Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу коргоо органдарына, улуттук коопсуздук органдарына, прокуратура органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык маалыматты жана документтерди берет.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
11. Финансылык чалгындоо органына берилген шектүү операция (бүтүм) жөнүндө бардык билдирүүлөрдүн көчүрмөлөрү жооптуу кызматкер тарабынан билдирүүлөр жөнөтүлгөн күндөн тартып беш жылдан кем болбогон мөөнөткө сакталууга тийиш.
12. МФУ/КС/АФМ кардардын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) барышы ыктымалдыгы тобокелдигин жогору деп баалаган шартта, кардарды идентификациялоонун, верификациялоонун жана талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жаңылоону, ошондой эле бенефициар ээсин аныктоону жылына кеминде бир жолу, мезгил-мезгили менен ишке ашырып турууга тийиш, башка учурларда - 3 жылда кеминде 1 жолу.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүү
13. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында МФУ/КС/АФМда ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүү жол-жоболору болууга тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
14. Программанын жана жол-жоболордун кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам талаптарына ылайык келишине баа берүү, ошондой эле кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоо максатында ички контролдоо системасынын натыйжалуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө баа берүү МФУ, КС, АФМ ички аудитору/ревизиялык комиссиясы/ ички контролдоо системасына баа берүүгө жооптуу адамы тарабынан жүзөгө ашырылат.
МФУ, КС, АФМ ички аудитору/ревизиялык комиссиясы/ички контролдоо системасынын натыйжалуулугуна баа берүүгө жооптуу адам жок болгон учурда, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына программалардын жана жол-жоболордун шайкеш келүүсүнө МФУ, КС, АФМ тышкы аудитору тарабынан баа берилет.
Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоо максатында программанын жана жол-жоболордун шайкештигине жалпы баа берүү, ошондой эле ички контролдоо эрежелеринин натыйжалуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө баа берүү туруктуу негизде, операциялардын тобокелдик деңгээлине жараша, бирок кеминде жылына бир жолу жүргүзүлөт.";
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
15. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыктары аткаруу органына жана устав тарабынан ички контролдоо программасын бекитүүгө ыйгарым укуктуу болгон башкаруу органына берилет.
Ушул пунктта белгиленген нормалар, бир гана адам МФУнун жооптуу кызматкери, жетекчиси жана катышуучусу/акционери болгон шартта мындай МФУларга жайылтылбайт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен кардарды талаптагыдай текшерүү
(Главанын аталышы
КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
15-1. МФУ, КС, АФМ Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте кардарга жана бенефициардык менчик ээсине талаптагыдай текшерүү жүргүзөт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
15-2. МФУ, КС, АФМ кардарды (туруктуу, ошондой эле бир жолку, жеке адамды да, юридикалык жакты да) Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык идентификациялоого милдеттүү.
Эгерде кардардын атынан же тапшырмасы боюнча ишеним көрсөтүлгөн адам иш алып барса, МФУ, КС, АФМ бул адамды идентификациялоого жана верификациялоого, ошондой эле бул адамдын ыйгарым укуктарын тастыктаган тиешелүү документтерди текшерүүгө милдеттүү.
МФУ, КС, АФМ кардардын анкеталарында каралган маалыматтардын аныктыгын ишенимдүү булактардан алынган маалыматты жана документтерди колдонуу менен текшерүү аркылуу кардарды верификациялоого милдеттүү. МФУ, КС, АФМ ишкердик мамилелерди түзүүгө/бир жолку операцияны жүргүзүүгө чейин жана анын жүрүшүндө кардарды верификациялоого милдеттүү.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
16. МФУ, КС, АФМ кардар менен ишкердик мамилелердин бүткүл мезгилинде тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен кардарды талаптагыдай текшерүү чараларын көрүүгө милдеттүү.
Талаптагыдай текшерүү чараларынын көлөмү кардардын тобокелдик профилин жана ишкердик мамилелердин масштабын эске алуу менен аныкталууга тийиш, атап айтканда, тобокелдик деңгээли, ишкердик мамилелердин максаты, жүргүзүлгөн операциялардын суммасы, ишкердик мамилелердин үзгүлтүксүздүгү же узактыгы.
МФУ, КС, АФМ тобокелдиктин жогорку деңгээли аныкталган учурда кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонууга милдеттүү. Тобокелдиктин төмөн деңгээли аныкталган учурда, жөнөкөйлөтүлгөн чаралар колдонулушу мүмкүн.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
16-1. Микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар жана адистештирилген финансылык мекемелер ресурстарды бөлүштүрүү жана тобокелдиктерди азайтуу максатында кардарлар, өлкөлөр, продукттар, кызмат көрсөтүүлөр, операциялар (бүтүмдөр) жана жеткирүү каналдары боюнча өз тобокелдиктерин баалоого, аныктоого, документте каттоого жана туруктуу негизде жаңыртып турууга милдеттүү.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 27-декабрындагы N 2023-П-12/82-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
16-2. МФУ, КС, АФМ кардардын - юридикалык жактын бенефициардык ээлерин идентификациялоого жана бенефициардык ээсинин (ээлеринин) ким экенин биле тургандыгына ынануу максатында, аларды верификациялоо үчүн ишенимдүү булактан алынган тиешелүү маалыматты колдонуу менен бенефициардык менчик ээлеринин инсандыгын текшерүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Бул талапты аткаруу үчүн МФУ, КС, АФМ юридикалык жактын үлүшүнүн (акцияларынын) 25%дан ашыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган бенефициардык менчик ээлерин аныктоого милдеттүү.
Эгерде үлүштүн (акциялардын) 25%дан ашыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган бенефициардык менчик ээлери жок болсо, же бенефициардык менчик ээсинин үлүшүнүн (акцияларынын) өлчөмү боюнча күмөн саноолор болсо, же акциялардын контролдук пакетине ээ болгон жак (жактар) юридикалык жактын - кардардын чыныгы бенефициардык менчик ээси (ээлери) болуп саналабы деген күмөн саноолор болсо, МФУ, КС, АФМ юридикалык жакты же түзүмдү башка ыкмалар аркылуу контролдоону ишке ашыруучу бенефициардык менчик ээсин (ээлерин) аныктоого милдеттүү.
Чектелген учурларда, эгерде үлүштүн (акциялардын) 25%дан ашыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган бенефициардык менчик ээлеринин иш жүзүндө жок болушу жана башка каражаттар аркылуу контролдоочу бенефициардык менчик ээлеринин жок болушу учурунда, МФУ, КС, АФМ юридикалык жактын түзүмүндө ээлеген позицияларынын эсебинен юридикалык жактын - кардардын иш-аракеттерин контролдоого мүмкүнчүлүгү бар жеке адамды (жеке адамдарды) аныктоого милдеттүү (стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жооптуу, аткаруучулук контролдоону ишке ашырат, финансылык маселелер боюнча чечим кабыл алат). Бул учурда бенефициардык менчик ээсинин анкетасы бул жак үчүн толтурулат.
Эгерде юридикалык жактын менчигинин түзүмүндө чет өлкөлүк трасттар же башка юридикалык түзүлүштөр болсо, МФУ, КС, АФМ бул юридикалык түзүлүштөрдүн бенефициардык менчик ээлерин аныктоого милдеттүү. МФУ, КС, АФМ бенефициардык ээсин идентификациялоодо жана текшерүүдө/верификациялоодо (юридикалык түзүлүш болуп саналган кардарларга карата) төмөнкү кошумча маалыматты колдонушат:
- трасттар боюнча: ишеним көрсөтүүчүнүн, ишеним көрсөтүлгөн адамдын, камкорчунун (эгерде бар болсо), бенефициарлардын же бенефициарлар тобунун жана трастты иш жүзүндө контролдогон башка жеке адамдын жеке маалыматтары;
- юридикалык түзүлүштөрдүн башка түрлөрү боюнча: эквиваленттүү кызматтарды ээлеген адамдардын жеке маалыматтары.
Бенефициардык менчик ээсин идентификациялоодо жана верификациялоодо анкета Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген "Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жободо белгиленген талаптарга ылайык толтурулат.
Эгерде кардардын бенефициардык менчик ээси бир нече жеке адам болуп, алардын ар биринин үлүшү (акциясы) 25%дан ашык болсо жана/же башка каражаттар аркылуу көзөмөлдү жүзөгө ашырса, анда анкета ар бир ушундай адамга толтурулат.
Бенефициардык менчик ээсинин анкетасына кардардын - юридикалык жактын менчигинин (башкаруу) түзүмүнүн схемасын тиркөө зарыл, анда аралык юридикалык жактарды, түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) үлүштөрдүн (акциялардын) 25%дан ашыгына ээлик кылган акыркы менчик ээлерине - жеке адамдарга чейин, ошондой эле уюштуруучулар - юридикалык жактар менен бенефициардык менчик ээсинин ортосундагы өз ара байланыш деңгээли каралат. Менчик түзүмүнүн схемасында башка каражаттар аркылуу контролдоочу бенефициардык менчик ээлерине тиешелүү маалыматты да чагылдырылышы зарыл жана бул бенефициардык менчик ээлери мындай контролдоону кандайча жүзөгө ашыра тургандыгы түшүндүрүлүүгө тийиш. Эгерде юридикалык жактын менчигинин түзүмүндө чет өлкөлүк трасттар же башка юридикалык түзүлүштөр болсо, алар да схемада чагылдырылышы зарыл.
МФУ, КС, АФМ кардардын ишинин мүнөзүн, ошондой эле анын менчик (башкаруу) түзүмүн түшүнүүгө милдеттүү.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
17. ФУ/КС/АФМ тобокелдиктин критерийлерин (жогорку жана төмөнкү) эске алуу менен өз кардарларын классификациялоого милдеттүү. Тобокелдиктин деңгээлин аныктоо үчүн, эң аз дегенде, кардардын ишинин түрүн жана кардардын (келип чыгуусун) жана/же анын бизнесинин жайгашкан ордун, ошондой эле ал тарабынан ишке ашырылган операцияларды, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдү жана кардардын төлөм багытын көңүлгө алуу зарыл. Жогорку жана төмөнкү тобокелдиктердин типтүү критерийлери финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет жана жарыяланат. МФУ/КС/АФМ орточо тобокелдиктердин критерийлерин иштеп чыга алышат жана колдоно алышат.
18. МФУ/КС/АФМлар, кыйла жогорку тобокелдикке дуушар болгон кардарлар категориясына кирген кардарларга өзгөчө көңүл буруп, аларга карата талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын жүзөгө ашырууга тийиш. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүнү ишке ашырууда жана шектүү операциялардын белгисин камтыган операцияларды жүргүзүүдө кардардын жогорку тобокелдикке дуушар болгон ишмердүүлүгүнүн түрлөрүнө төмөнкүлөр киргизилиши мүмкүн:
- кредиттик уюм болуп саналбаган, акча каражаттарын которуу, чектер боюнча нак формадагы төлөмдөр, акча каражаттарынын инкассациясы менен иш алып барган юридикалык жактардын (алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн) иши;
- жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдө катталган юридикалык жактардын (анын ичинде кредиттик уюмдардын), алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн, туунду жана караштуу коомдордун иши;
- кардарлардын-резидент эместердин, анын ичинде чет өлкөнүн коомдук кызмат адамдардын иши;
- искусство буюмдарын жана антиквариаттарды сатып өткөрүү, анын ичинде арзандатып сатууга байланыштуу иш;
- баалуу таштар чөгөрүлгөн баалуу металлдар, ошондой эле баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган зер буюмдарды сатуу (өзгөчө экспорт);
- нак формада гана операцияларды ишке ашырган юридикалык жактардын иши (ири соода комплекстери, тойканалар, май куюучу станциялар ж.б.);
- брокерлердин жана дилерлердин операцияларын жүзөгө ашырган жеке адамдардын жана юридикалык жактардын иши (баалуу кагаздарды, чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу ж.б.).
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
19. Кардарларды идентификациялоого, верификациялоого жана алардын ишине талдап иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген бардык маалыматтардын жана документтердин негизинде, МФУ/КС/АФМ тарабынан кардардын кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча ишке ашырышы тобокелдик деңгээлине баа берилет. Баа берүүлөр боюнча корутунду кардардын таржымалында кошо көктөлөт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
20. МФУ/КС/АФМ кардарлардын кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча шектенүүнү камтыган операцияларды жүргүзүү ыктымалдыгы тобокелдигине дуушарланган операцияларына өзгөчө көңүл буруп, кардарды талаптагыдай тиешелүү текшерүүнү жүзөгө ашырууга тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
21. Чет өлкөлүк коомдук кызмат адамдарын тейлөөдө МФУ, КС, АФМ талаптагыдай текшерүү боюнча белгиленген чараларды колдонуудан тышкары, төмөнкү чараларды кошумча колдонууга тийиш:
1) кардар же бенефициардык менчик ээси коомдук кызмат адамы болуп саналабы же жокпу аныктоо үчүн инструменттердин системасын колдонуу;
2) МФУ, КС, АФМ башкаруунун аткаруу органынын коомдук кызмат адамы менен ишкердик мамилелерди түзүүгө же улантууга (учурдагы кардарлар үчүн), ошондой эле чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнү талап кылган суммага бир жолку операцияны жүргүзгөн учурда жазуу жүзүндөгү уруксатын алуу;
3) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамынын акча каражаттарынын жана башка мүлкүнүн келип чыгуу булагын аныктоо;
4) жогорку тобокелдиктеги кардарлар үчүн белгиленген тартипте чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы тарабынан ишке ашырылган операцияларды (бүтүмдөрдү) кошо алганда, ишкердик мамилелерге туруктуу жана терең мониторинг жүргүзүү;
5) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамдары жөнүндө болгон маалыматты туруктуу негизде жаңылап туруу.
МФУ, КС, АФМ жогоруда көрсөтүлгөн чараларды чет өлкөлүк коомдук кызмат адамынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандарына, ишкер өнөктөштөрүнө жана расмий өкүлдөрүнө) карата колдонууга тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
21-2. 21-пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн чаралар улуттук коомдук кызмат адамдарына жана эл аралык уюмдардын коомдук кызмат адамдарына, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандарына, ишкер өнөктөштөрүнө жана расмий өкүлдөрүнө) карата колдонулат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
22. Эгерде улуттук коомдук кызмат адамдарына жана эл аралык уюмдардын коомдук кызмат адамдарына, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандарына, ишкер өнөктөштөрүнө жана расмий өкүлдөрүнө) карата жогорку тобокелдик аныкталса, анда мындай адамдарга карата 21-пункттун 2-5-пунктчаларында көрсөтүлгөн чаралар колдонулат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
23. Улуттук коомдук кызмат адамдарын аныктаган учурда МФУ/КС/АФМ алынган маалыматты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген коомдук кызмат адамынын анкетасынын формасына ылайык, электрондук форматта жазып алышат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы N 2022-П-12/81-7-(НФКУ), 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
24. МФУ/КС/АФМ коомдук кызмат адамдарына карата маалыматты аныктоо, мониторинг жүргүзүү, текшерүү үчүн маалыматтын ачык булактарын колдоно алышат.
25. МФУ/КС/АФМде операцияларды (бүтүмдөрдү) ишке ашыруу болжолдонгон кардар менен түздөн-түз кабышта болбостон, кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин талаптагыдай контролдоо максатында иштелип чыккан жана жаңы технологиялар менен байланышкан бардык жол-жоболордун сакталышы камсыз болууга тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
26. Жогорку тобокелдикти аныктаган учурда МФУ/КС/АФМ кардарды талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкүдөй күчөтүлгөн чараларын колдонушат:
1) маалыматтын жеткиликтүү жана ишенимдүү булактарынан кардарга карата кошумча идентификациялык маалыматтарды жана документтерди жыйноо, ошондой эле ушул маалыматтарды кардар менен байланышкан тобокелдикти баалоодо колдонуу;
2) кардардын жана бенефициар ээсинин кылмыш ишине тартылышы мүмкүн болгон тобокелдикти тереңирээк түшүнүү үчүн кардар жана бенефициар ээси жөнүндө кошумча маалыматты жыйноо;
3) кардардын ишкер мамилесинин максаты жана болжолдонгон мүнөзү, ошондой эле акча каражаттарынын булактары жөнүндө кардардан кошумча маалыматты суроо;
4) акча каражаттары кылмыштуу иштен алынган кирешелер эмес экендигине ынануу үчүн ишкер мамилени белгилөөнүн алкагында колдонулуучу кардардын акча каражаттарынын булактарын текшерүү;
5) тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо маалыматтарын утурумдук негизде, бирок жыл ичинде кеминде бир жолу жаңылап туруу;
6) кардардан пландаштырылган же жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) себебин же экономикалык маңызын түшүндүрө турган кошумча маалыматты суроо;
7) кардар менен ишкердик мамилени түзүүгө же улантууга аткаруу органынан уруксат алуу, эгерде төмөнкүдөй аныкталган учурларда:
а) чет өлкөлүк коомдук кызмат адамы;
б) кардар жогорку тобокелдиктеги өлкөдө катталган болсо;
в) кылмыштуу ишти, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), ошондой эле мындай ишти каржылоо үчүн жазасын өтөгөн кардар - жеке адам;
8) шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) жана айкын экономикалык маңызы же айкын мыйзамдуу максаты жок операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилерин аныктоо максатында, операцияларга (бүтүмдөргө) күн сайын мониторинг жүргүзүү, маалыматтарды талдоо, акча каражаттарынын дайындалышын карап чыгуу жана эсепке алуу, анын ичинде кол менен киргизүү жолу менен да ишкер мамилеге күчөтүлгөн мониторинг жүргүзүү, ошондой эле мониторингдин жыйынтыктарын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамына жана МФУ/КС/АФМ аткаруу органына жеткирүү;
Муну менен бирге МФУ/КС/АФМ тобокелдиктерди натыйжалуу башкаруу жана (же) азайтуу үчүн кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын колдонуу зарылдыгын документтештирип жазууга тийиш.
Кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чаралары жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдөн келген кардарларга карата дагы колдонулууга тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 27-декабрындагы N 2023-П-12/82-7-(НПА), 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
27. Төмөн тобокелдик аныкталган учурда МФУ, КС, АФМ кардарды талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкү жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдоно алышат:
1) ишкер мамиленин максаты жана болжолдонгон мүнөзү жөнүндө жалпы маалыматты алуу;
2) кардардын жана бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын жаңылап туруу мөөнөтүн кыскартуу;
3) МФУ, КС же АФМ аныктаган лимиттин негизинде операцияларды (бүтүмдөрдү) текшерүүнүн автоматташтырылган системасын колдонуу менен кыскартылган түрдө кардардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) мониторинг жүргүзүү.
Кардар кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоого) ишин жүзөгө ашыргандыгы боюнча шектенүүлөр болсо, тобокелдиктерди тескөө жана азайтуу боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн чараларды колдонууга жол берилбейт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
27-1. МФУ, КС, АФМ кардарга талаптагыдай текшерүүнү туруктуу негизде жүргүзүүгө милдеттүү, анын ичинде:
1) кардардын операцияларына (бүтүмдөрүнө) анын кардар жөнүндө маалыматка, чарбалык ишинин мүнөзүнө жана түрүнө, кардардын финансылык абалына, каражаттардын, мүлктүн, активдердин келип чыгуу булагына, кардар жана анын операциялары менен байланышкан тобокелдиктердин деңгээлине жана мүнөзүнө ылайык келүүсү боюнча кылдат талдоо жүргүзүү;
2) кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматты жана документтерди актуалдуу абалда жана тиешелүү түрдө сактоо, кардар жөнүндө маалыматтын аныктыгын жана толуктугун үзгүлтүксүз текшерүү, ошондой эле аны, биринчи кезекте, тобокелдиги жогору кардарларга карата өз убагында жаңыртып туруу.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
27-2. Эгерде МФУ, КС, АФМ кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, МФУ, КС, АФМ ишкердик мамилелерди түзбөшү, операцияны жүргүзбөшү, ишкердик мамилелерди токтотушу зарыл жана кардарды тейлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде финансылык чалгындоо органына белгиленген тартипте тиешелүү билдирүү жөнөтүүгө тийиш.
Эгерде МФУ, КС, АФМ кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү пайда болгон шектенүүлөр жөнүндө маалыматтын ачыкка чыгышына алып келет деп ишенсе, МФУ, КС, АФМ кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча чараларды көрбөшү зарыл, шектүү операцияны (бүтүмдү) токтотуп турууга жана финансылык чалгындоо органына шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү жөнөтүүгө тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
27-3. Эгерде кардар менен ишкердик мамилелерди түзүү убагында же ишкердик мамилелердин жүрүшүндө, же бир жолку операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүдө операциялар (бүтүмдөр) кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуулугу жөнүндө шектенүүлөр пайда болсо, МФУ, КС, АФМ төмөнкү чараларды көрүүгө тийиш:
1) кандай гана болбосун өзгөчө жагдайларга же белгиленген чектүү маанилерге карабастан, кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо;
2) ишкердик мамилелерге же операцияга (бүтүмгө) ар тараптуу талдоо жүргүзүү жана ишкердик мамилелерди же операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алуу;
3) шектүү операцияны (бүтүмдү) токтото туруу жана операция (бүтүм) шектүү деп таанылган учурдан тартып беш сааттын ичинде шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү белгиленген тартипте финансылык чалгындоо органына жөнөтүү;
4) кардар менен ишкердик мамилелерди токтото туруу же токтотуу.
Эгерде МФУ, КС, АФМ кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү пайда болгон шектенүүлөр жөнүндө маалыматтын ачыкка чыгышына алып келе тургандыгына ынанса, МФУ, КС, АФМ кардарды талаптагыдай текшерүү чараларын колдонбоого, шектүү операцияны (бүтүмдү) токтотуп турууга жана шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүүгө тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
7-глава. Контролдоого жана маалымдоого тийиштүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо
28. МФУ/КС же АФМде кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоого) мүмкүндүгүн күбөлөндүргөн, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген критерийлер жана белгилер боюнча кардардын ишин текшерүү тартиби аныкталууга тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
28-1. Микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар жана адистештирилген финансылык мекемелер жаңы финансылык продукттарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды, ошондой эле жаңы механизмдерди же өнүгүп жаткан технологияларды колдонуу менен учурда колдонулуп жаткан же жаңы финансылык продукттар үчүн жаңы ишкердик тажрыйбаны иштеп чыгуудан жана колдонууга киргизүүдөн улам келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоого жана баалоого милдеттүү. Мындай баалоо жогоруда аталган продукттар, кызмат көрсөтүүлөр, технологиялар жана ишкердик тажрыйба ишке киргизилгенге чейин же колдонууга чейин жүргүзүлүүгө тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 27-декабрындагы N 2023-П-12/82-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
29. Акча каражаты менен ишке ашырылган операция (бүтүм) контролго алынууга жана финансылык чалгындоо органына маалымдалууга тийиш.
Контролдоого жана маалымдалууга тийиштүү операцияларга (бүтүмдөргө) төмөнкү операциялар (бүтүмдөр) кирет:
- төмөнкү учурлардагы шектүү операциялар (бүтүмдөр):
1) эгерде каражаттар кылмыштуу жол менен, анын ичинде предикаттык кылмыштардан алынган киреше экендиги же кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) менен байланышы бар деген шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо;
2) эгерде каражаттардын төмөнкүлөрдү каржылоого байланышы бар деген шектенүү же шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо:
а) террористтерди жана экстремисттерди;
б) террористтик жана экстремисттик уюмдарды (топторду);
в) террористтик же экстремисттик иштерди.
г) уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды;
д) массалык кыргын салуучу куралды таратууну.
Шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтар, анын ичине шектүү операцияларды (бүтүмдөр) ишке ашыруу аракеттери тууралуу маалыматтар ишке ашырылган же ишке ашырылуучу операциялардын (бүтүм) суммасына көз карандысыз маалымдалууга тийиш.
- жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдөн жеке адамдар же юридикалык жактар менен операциялар (бүтүмдөр);
- кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу, ошондой эле мындай ишти каржылоо үчүн жаза өтөгөн жеке адам тарабынан ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр);
- чектүү суммага барабар же андан жогору суммадагы нак жана нак эмес акча каражаттары менен операциялар (бүтүмдөр).
Нак жана нак эмес акча каражаттары менен операциялардын (сделкалардын) тизмеси жана алардын чектүү суммасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
30. МФУ, КС, АФМ кардар, ыйгарым укуктуу өкүл, бенефициардык ээси жана кардардын контрагенти боюнча террористтик ишти, экстремисттик ишти, массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), кылмыш жасоо үчүн уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзүүнү жана жетектөөнү же бул топко же коомдоштукка катышууну же бул топко же коомдоштукка башкача жардам көрсөтүүнү жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы) же жүзөгө ашырууга (жасоого) катышкандыгы жөнүндө Санкциялык тизмекке киргизилген маалыматтар болушун текшерүү максатында зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.
Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясатты ишке ашырууга катышкан, анын ичинде МФУ, КС, АФМ программасы жана жол-жоболору менен аныкталган тартипте кардарларды идентификациялаган жана шектүү операциялардын белгилери бар операцияларды аныктаган МФУ, КС, АФМ кызматкерлери жооптуу кызматкерге шектүү операциялардын белгилерин камтыган катары аныкталган бардык операциялар жөнүндө маалымат берүүгө тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)







