Кайта келүү

Көңүл буруңуздар!  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр  

2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын 30-майындагы 

№ 24/11 токтому менен 

бекитилген  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокаржылоо компанияларынын ишин жөнгө салуу 

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2016-жылдын 15-июнундагы № 25/2, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2018-жылдын 31-январындагы N 2018-П-12/4-6-(БС), 2022-жылдын 5-октябрындагы N 2022-П-33/61-3-(НФКУ), 2022-жылдын 21-декабрындагы N 2022-П-12/81-7-(НФКУ), 2022-жылдын 21-декабрындагы N 2022-П-12/81-7-(НФКУ), 2022-жылдын 21-декабрындагы N 2022-П-12/81-7-(НФКУ), 2023-жылдын 20-декабрындагы N 2023-П-12/80-3-(НПА), 2024-жылдын 11-декабрындагы N 2024-П-12/66-1-(НПА), 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 2025-П-12/46-1-(НПА), 2025-жылдын 23-октябрындагы N 2025-П-12/55-3-(НПА), 2025-жылдын 23-октябрындагы № 2025-П-12/55-4-(НПА), 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор  

1. Бул Эрежелер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана иши жөнгө салынуучу ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын (мындан ары - Эрежелер), анын ичинде "ислам терезесине" ээ микрофинансылык уюмдардын (мындан ары - МФУ) ишин жөнгө салат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Микрофинансылык уюм милдеттүү түрдө аткарууга жана сактоого тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" мыйзамдарына ылайык белгилөө ушул Эрежелердин максаты болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. МФУ Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында МФУ үчүн белгиленген маанилерди бузбастан, тобокелдиктерди тескөө боюнча өзүнүн ички саясатына ылайык экономикалык ченемдер боюнча кыйла жогору талаптарды белгилей алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

5. МФУга каражаттарды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштыруу жана тартуу жагында (лицензияда белгиленген учурда) уруксат берилген бүтүмдөрдүн (келишимдердин) түрлөрү, Шариат кеңеши тарабынан жактырылып, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берген типтүү келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

6. МФУ кардарларга/сунуштоочуларга/өнөктөштөргө (мындан ары - кардар) каржылоону, мыйзамдар талаптарына ылайык, анын ичинде адамдар тобунун субсидиардык же шериктештик жоопкерчилиги астында каржылоо келишими аркылуу тариздейт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7. МФУлар Улуттук банктын талаптарына ылайык өз операцияларынын бухгалтердик эсебин жүргүзүүгө жана финансылык отчет түзүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

8. МФУ эсептеринин аныктыгын текшерүү, өз ички контролдук системасынын шайкештигине жана натыйжалуулугуна жана анын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле шариат стандарттарына ылайык келишине баа берүү максатында ички аудит жүргүзөт. Бул үчүн микрофинансылык компания (мындан ары - МФК) өз ички аудит кызматын милдеттүү түрдө түзүүгө тийиш, ал эми микрокредиттик компанияга (мындан ары - МКК) жана микрокредиттик агенттикке (мындан ары - МКА) карата ички аудит кызматын түзүшү мүмкүн.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 2025-П-12/46-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

8-1. Микрофинансылык сектор үчүн системалуу мааниге ээ МФУ система түзүүчүлөр болуп саналышат. Системалык маанилүүлүк критерийлери Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталат. Система түзүүчү МФУларга карата Улуттук банк тарабынан белгиленген жөнгө салуунун жана көзөмөлдүктүн атайы режими колдонулушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

8-2. Ушул эрежелердин максаттарында дүңүнөн кредиттөө дегенден улам, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу жана ишкердикке колдоо көрсөтүү максатында, Шариат стандарттарына ылайык келген принциптерди жана шарттарды сактоо менен кардарларга каржылоо сунуштоо үчүн ФКУга берилүүчү, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди түшүнүүгө болот. 

Дүңүнөн каржылоо ишин жүзөгө ашырган МФУ дегенден улам дүңүнөн каржылоо үлүшү анын каржылоо боюнча портфелинин 70 (жетимиш) пайызынан ашыгын түзгөн МФУну түшүнүү зарыл." 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

8-3. МФУ иш кагаздарын мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде жүргүзүүгө тийиш. Бардык ички документтер, анын ичинде контрагенттер менен түзүлгөн келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды тараптардын макулдашуусу боюнча мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде тариздетүү зарыл. Мындай макулдашуу кардардын/өнөктөштүн таржымалына тиркелет/сакталат. Мында, контрагенттер менен мамлекеттик тилде жана/же расмий жана чет тилинде түзүлгөн бирдей юридикалык күчкө ээ болгон келишимдерди тариздетүүгө жол берилет. Келишимдерди чет тилинде тариздетүүгө белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу болгон шартта гана жол берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 20-декабрындагы №2023-П-12/80-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2-глава. Аманаттарды кабыл албаган микрокаржылоо компанияларынын ишин жөнгө салуу  

9. МФК, Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички каржылоо саясатына ээ болууга тийиш, анда төмөнкүлөр аныкталат:  

- негизги иш чөйрөсү;  

- каржылоо багыттары;  

- кардарларга сунушталуучу продукттар;  

- ошол эле кардарга же байланыштуу жактар тобуна жаңыдан түзүлгөн МФКлар үчүн (жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартпаган) белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 3 (үч) пайызынан ашпаган өлчөмдө сунушталуучу каржылоонун максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү. Бул чектөө коммерциялык банктан кайра өзгөртүлүп түзүлгөн МФКнын башка мүлкүн сатуу алкагында берилген каржылоого жайылтылбайт; 

- (6-абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

- дүңүнөн каржылоо менен иш алып барган МФК үчүн бир эле ошол кардарга же байланыштуу жактар тобуна берилүүчү каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капитал өлчөмүнүн 20 пайызынан ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2022-жылдын 5-октябрындагы № 2022-П-33/61-3-(НФКУ), 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА), 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

10. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы № 2022-П-33/61-3-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

10-1. Уставдык капиталы жаңы түзүлгөн МФК үчүн белгиленген уставдык капитал өлчөмүнөн ашкан, ошондой эле өздүк капиталы уставдык капитал суммасына карата катышынын көрсөткүчү кеминде 150% барабар болгон МФК, ижара мунтахийя биттамлик операциялары боюнча каржылоону эске албаганда, ошол эле кардарга же байланыштуу адамдар тобуна МФКнын колдонуудагы катталган уставдык капитал өлчөмүнүн 2 пайызынан ашпаган максималдуу чогуу алгандагы өлчөмүндө каржылоо берүүгө укуктуу. 

МФК ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн өлчөмдө каржылоо сунуштоодо, төмөнкү шарттарды аткаруу зарыл: 

1) мудараба жана шарика/мушарака операциялары боюнча пайданын маанисин эске албаганда, каржылоо боюнча үстөк баанын/кирешенин мааниси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ченине плюс 20 пайызга жараша эсептелген, чектүү жол берилген пайыздан ашпоого тийиш;  

2) ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн өлчөмдөгү каржылоонун чогуу алгандагы көлөмү МФКнын каржылоо портфелинин 50% ашпоого тийиш;  

3) кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган зарыл документтердин (кардарга киреше алып келген активдерге ээ болуу укугу, иштеген жеринен кардардын эмгек акысы жөнүндө маалым кат, патент, күбөлүк ж.б.у.с.) болушу, ошондой эле МФКнын каржылоо саясатына жана/же башка ички документтерине ылайык, каржылоо боюнча жооптуу адистин же МФКнын башка кызматкердин корутундусу менен тастыкталган кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү;  

4) кардардын каржылоо алууга билдирме-анкетасы тапшырылып, анда тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолору менен сунушталуучу каржылоону пайдалануу максаттары көрсөтүлүүгө тийиш;  

5) кардардын анын чогуу алгандагы кирешесинин өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча (негизги сумма жана үстөк баа боюнча) бир айлык төлөмгө карата катышына барабар болгон карызын жабуучу коэффициенти 130 пайыздан кем болбоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы № 2022-П-33/61-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

11. МФКлар Улуттук банк Башкармасынын "Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомунда белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны түзүү шарттары боюнча тиешелүү талаптарды сактоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы № 2022-П-33/61-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

12. Микрофинансылык компаниянын өздүк капиталын эсептөө (баа берүү күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде ишке ашырылат:  

- жөнөкөй акциялар; 

- артыкчылыктуу акциялар; 

- номиналдан ашык салынган капиталдын;  

- жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капиталдын;  

- келечектеги муктаждыктар үчүн камдардын;  

- мөөнөтсүз субординацияланган карыз; 

Мөөнөтсүз субординацияланган карыз дегенде, төлөө мөөнөтү белгиленбеген, кредиторлордун талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда төлөнбөй турган, күрөө менен камсыздандырылбаган милдеттенмени түшүнүүгө болот, жана ал боюнча талаптар МФК жоюлган учурда, кредиторлордун бардык талаптары канааттандырылгандан кийин, бирок МФКнын акционерлери менен эсептешүүгө чейин акыркы кезекте төлөнөт. МФК каалаган шартта субординацияланган карыз боюнча кирешелүүлүктү төлөөнү жокко чыгарууга толук укуктуу болушу зарыл. Мөөнөтсүз субординацияланган карызды МФКнын демилгеси боюнча, Улуттук банктын алдын ала уруксатын алгандан кийин жана төлөө ченемдердин бузулушуна алып келбеген шартта, кеминде беш жылды түзгөн минималдуу мөөнөт өткөндөн кийин гана төлөөгө болот.  

- өткөн жылдардагы бөлүштүрүлбөгөн пайдалар/чыгымдардын;  

- өтүп жаткан жыл ичиндеги чыгымдардын;  

- башка МФУлардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестицияларды минуска чыгаруу менен. 

Мында, капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар дегенден улам, МФУлардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына айкын салынган каражаттардын калдыгын түшүнүү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

12-1. Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеминин маанисин уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 100 (жүз) пайызынан кем эмес деңгээлде колдоого алуу зарыл.  

Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

  

СК / УК * 100%, мында:  

  

СК - баалоо күнүнө карата МФКнын өздүк капиталы (ушул Эрежелердин 12-пунктуна ылайык);  

УК - Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы № 2022-П-33/61-2-(НФКУ) "Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомунда белгиленген, аманаттарды кабыл албаган, жаңыдан түзүлүп жана иштеп жаткан МФКлар үчүн минималдуу уставдык капитал. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА), 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

13. МФК жүргүзгөн иши Шариат стандарттарына каршы келбеген МФУлардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына инвестициялоону ишке ашырууга укуктуу.  

МФКлардын микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга), карыздык милдеттенмелерге инвестициялар, ижара мутахийя биттамлик келишими боюнча финансылык салымдар жана ушул сыяктуу башка финансылык салымдар) чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капитал өлчөмүнүн 30% ашпоого жана төмөнкү формула боюнча аныкталууга тийиш:  

  

СИ / СК Ч 100% ≤ 30%, мында:  

  

СИ - МФК инвестицияларынын баа берүү күнүнө карата чогуу алгандагы өлчөмү;  

СК - МФКнын баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы (ушул Эрежелердин 12-пункту).  

Ушул ченемди эсептөөдө, алардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) МФКнын инвестициялары жайгаштырылган МФУларга, лизингдик компанияларга жана банктарга сунушталган каржылоо эсепке алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА), 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

13-1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

13-2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

13-3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

13-4. Мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 80 (сексен) пайызынан ашпоого тийиш.  

Мүлк дегенден улам, МФКга таандык же ижара келишими боюнча МФКнын карамагында турган жана/же негизги каражат катары колдонулуп жаткан/колдонула турган мүлктү (анын ичинде курулуп жаткан/курулуучу кыймылсыз мүлк, транспорт каражаттары ж.б.) түшүнүүгө болот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

14. Микрокаржылоо компаниялары төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга укугу жок:  

1) микрокаржылоо компания өзү чыгарган баалуу кагаздарды сатып алууга каржылоону сунуштоого, ошондой эле аларды күрөө катарында кабыл алууга;  

2) кепилдик берүүгө;  

3) бир кардарга сунушталуучу каржылоонун максималдуу өлчөмүнүн ченеминен чогуу алгандагы сунушталган каржылоодон ашкан өлчөмдө гарантияларды берүүгө;  

4) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо уюмдары жөнүндө" мыйзамында каралган операциялар менен бүтүмдөрдөн тышкары, башка банктык операцияларды менен бүтүмдөрдү ишке ашырууга;  

5) баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишти жүзөгө ашырууга;  

6) аккредитивдерди берүүгө, баалуу металлдар менен операцияларды жана мүлктү ишеним боюнча тескөө ишин жүзөгө ашырууга.  

14-1. МФК, эл аралык облигацияларды кошпогондо, Улуттук банк тарабынан белгиленген чекте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акцияларды жана карыздык баалуу кагаздарды (облигациялар жана векселдер) чыгарууга укуктуу.  

Бул чектөө, ошондой эле анын мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими менен белгилүү бир МФК үчүн жекече белгилениши мүмкүн. 

Каржылоо жана зайымдарды төлөө, ошондой эле облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейинки акыркы бир жыл ичинде каржылоо жана зайымдар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карызы болгон учурда, облигацияларды чыгарууга жол берилбейт.  

МФКнын акциялары жана башка баалуу кагаздары үчүн векселдер, ошондой эле санкциялык тизмелерде турган жеке адам жана юридикалык жактарга, террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке адам жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын акча каражаттары, баалуу кагаздары, башка буюмдары же мүлктүк укуктары же акчалай баасы бар башка укуктары менен төлөөгө тыюу салынат (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 23-октябрындагы № 2025-П-12/55-4-(НПА), 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

14-2. Аманаттарды кабыл албаган микрофинансылык компаниялар Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди жана чектөөлөрдү сактоого милдеттүү, анын ичинде:  

- төлөнгөн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү;   

- өздүк капиталдын минималдуу ченеми;   

- каржылоонун максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү;   

- микрофнансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестициялардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү;   

- уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү;   

- уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү;   

- мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү;   

- карыздык баалуу кагаздарды чыгаруунун максималдуу өлчөмү. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

15. Аманаттарды кабыл албаган МФКлар каражаттарды МФКны уюштуруучулар (акционерлер) - юридикалык жактардан жана жеке адамдардан, ошондой эле юридикалык жактардан карызга алууга укуктуу.  

Уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттар боюнча үстөк баа/кирешелүүлүк чени Улуттук банктын эсептик ченинен 5 (беш) пайыздык пункттан ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

15-1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

15-2. Финансылык отчеттуулуктун формаларына жана инвестициялар, уюштуруучулардан карыз алуулар жөнүндө маалыматтарга МФКнын башкармасынын төрагасы же биринчи кол коюуга расмий укугу бар башка адам, ошондой эле маалыматтарды даярдоо жана берүү үчүн жооптуу башка адам кол коюуга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3-глава. Акча каражаттарын тартуу укугуна лицензия алууга талапкер микрокаржылоо компаниялардын ишине карата талаптар  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомуна ылайык 

күчүн жоготту) 

4-глава. Аманаттарды кабыл алган микрокаржылоо компаниялардын ишин жөнгө салуу  

22. Аманаттарды кабыл алуу операцияларын жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялар төмөнкүлөрдү кошо алганда, Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди жана чектөөлөрдү сактоого милдеттүү:   

- төлөнгөн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн;   

- өздүк капиталдын минималдуу ченемин (М1);   

- өздүк капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченемин (М2);   

- бир кардар үчүн тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн (М3);   

- суммардык капиталдын шайкештигин (жетиштүүлүгү);  

- ликвиддүүлүк ченемин (М4);  

- аманаттарды кайтаруу боюнча тобокелдикти чектөө ченемин (М5);  

- МФК менен аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн;   

- МФКнын бир кызматкеринин компания тарабынан сунушталган каржылоо боюнча чогуу алгандагы максималдуу карызын;   

- МФУга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестициялардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүн;   

- мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын өлчөмү;   

- уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү;   

- уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү;  

- мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү.  

- карыздык баалуу кагаздарды чыгаруунун максималдуу көлөмү. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

22-1. МФКлар жеке адамдардан жана юридикалык жактардан кеминде 30 күндүк мөөнөткө мөөнөттүү аманаттарды гана тартууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

23. Аманаттарды кабыл алуу операцияларын жүзөгө ашырган МФКлар төмөнкү укуктарга ээ эмес: 

1) МФКнын өзү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды сатып алууга каржылоону сунуштоо, ошондой эле аларды күрөө катары кабыл алуу;  

2) кепилдик берүү;  

3) чогуу алганда берилген каржылоонун бир кардарга каржылоонун максималдуу өлчөмүнүн ченеминен ашкан өлчөмдө гарантияларды берүү;  

4) "Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо уюмдары жөнүндө" Мыйзамда каралган операциялардан жана бүтүмдөрдөн тышкары, башка банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу;  

5) баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишкердикти жүзөгө ашыруу;  

6) аккредитивдерди берүү, баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашыруу жана мүлктү ишеним боюнча тескөө.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

23-1. МФК, эл аралык облигацияларды кошпогондо, Улуттук банк тарабынан белгиленген чекте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акцияларды жана карыздык баалуу кагаздарды (облигациялар жана векселдер) чыгарууга укуктуу.  

Бул чектөө, ошондой эле анын мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими менен белгилүү бир МФК үчүн жекече белгилениши мүмкүн. 

Каржылоо жана зайымдарды төлөө, ошондой эле облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейинки акыркы бир жыл ичинде каржылоо жана зайымдар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карызы болгон учурда, облигацияларды чыгарууга жол берилбейт.  

МФКнын акциялары жана башка баалуу кагаздары үчүн векселдер, ошондой эле санкциялык тизмелерде турган жеке адам жана юридикалык жактарга, террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке адам жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын акча каражаттары, баалуу кагаздары, башка буюмдары же мүлктүк укуктары же акчалай баасы бар башка укуктары менен төлөөгө тыюу салынат (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 23-октябрындагы № 2025-П-12/55-4-(НПА), 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) редакцияларына ылайык) 

5-глава. Аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды ишке ашырган микрокаржылоо компаниялары үчүн экономикалык ченемдер жана аларды эсептөө тартиби  

24. Мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырган МФКлардын уставдык капиталына карата талаптар Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы № 2022-П-33/61-2-(НФКУ) "Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомунда белгиленген. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

25. Минималдуу өздүк капиталдын (М1) ченеминин мааниси уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 100 (жүз) пайызынан кем эмес деңгээлде колдоо зарыл.  

МФКнын минималдуу өздүк капиталынын (М1) ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

  

М1 = СК / УК Ч 100%, мында:  

  

СК - баалоо күнүнө карата МФКнын өздүк капиталы (ушул Эрежелердин 12-пункту);  

УК - Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы № 2022-П-33/61-2-(НФКУ) "Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомунда белгиленген, аманаттарды кабыл алган, жаңыдан түзүлүп жана иштеп жаткан МФКлар үчүн минималдуу уставдык капитал. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА), 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

26. Өздүк капиталдын шайкештик (жетиштүүлүк) ченеминин (М2) маанисин кеминде 8% деңгээлинде кармап туруу зарыл.   

МФКнын өздүк капиталынын шайкештик (жетиштүүлүк) ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

  М2 = ӨК/СА Ч100%, мында:   

 ӨК - баа берүү күнүнө карата микрофинансылык компаниялардын өздүк капиталы (ушул эрежелердин 12-пунктуна ылайык);   

СА - валюта тобокелдиктерин хеджирлөө максатында, улуттук валютада тартылган каражаттардын суммасынын өлчөмүндө күрөө катары коммерциялык банктарга жайгаштырылган депозиттердин суммасын, ошондой эле кардарлардын санын көбөйтүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдү кеңири жайылтууга багытталган техникалык жана программалык продуктуларга байланыштуу материалдык эмес активдерди алып салгандан кийинки баалоо күнүнө карата баланстык активдердин суммасы. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

26-1. МФКнын суммардык капиталы (баалоо күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн суммасы катары аныкталат:  

- өздүк капитал;  

- учурдагы жылдын пайдасы (учурдагы жылы алынган салык салуудан кийинки пайда);  

- каржылоо боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга жалпы резервдер;  

- башка активдер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга жалпы резервдер;  

- негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча резерв;  

- баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча резерв;  

- субординацияланган карыз.  

Субординацияланган карыз деп күрөө менен камсыздандырылбаган милдеттенмени түшүнүүгө болот, ал кредиторлордун талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда төлөнбөшү керек жана МФК жоюлган учурда, ал боюнча талаптар кредиторлордун бардык талаптары канааттандырылгандан кийин, акыркы кезекте, бирок МФКнын акционерлери менен эсептешүүгө чейин төлөнөт. Кредитордун банкроттук жана жоюу учурларын кошпогондо, келечектеги пландаштырылган төлөмдөрдү (субординацияланган карыз/зайым боюнча пайыздык киреше/киреше же негизги сумма) мөөнөтүнөн мурда төлөөгө эч кандай укугу жок. Төлөө мөөнөтү эң аз дегенде 5 (беш) жыл болууга тийиш. Субординацияланган карыздын амортизациясы төлөө мөөнөтү бүткөнгө чейинки калган беш жыл ичинде бирдей чегерүүлөр ыкмасынын негизинде жүргүзүлөт. Субординацияланган карыз Улуттук банктын алдын ала уруксатын алгандан кийин жана төлөө ченемдердин бузулушуна алып келбеген шартта гана, кеминде 5 (беш) жылды түзгөн минималдуу мөөнөттөн кийин төлөнүшү мүмкүн.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

26-2. Суммардык капиталдын шайкештик (жетиштүүлүк) ченеминин мааниси (М2) кеминде 9% деңгээлинде кармалып турууга тийиш.  

МФКнын суммардык капиталынын шайкештик ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

М2 = СумК / СА * 100%, мында: 

 

СумК 

- 

МФКнын баа берүү күнүнө карата 26-1-пунктка ылайык эсептелген суммардык капиталы; 

СА 

- 

валюта тобокелдиктерин хеджирлөө максатында, улуттук валютада тартылган каражаттардын суммасынын өлчөмүндө күрөө катары коммерциялык банктарга жайгаштырылган депозиттердин суммасын, ошондой эле кардарлардын санын көбөйтүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдү кеңири жайылтууга багытталган техникалык жана программалык продуктуларга байланыштуу материалдык эмес активдерди алып салгандан кийинки баалоо күнүнө карата баланстык активдердин суммасы. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

27. Бир кардардын тобокелдигинин максималдуу өлчөмүнүн (М3) ченемдик мааниси 5% ашпаган деңгээлде белгиленет.  

Бир кардардын тобокелдигинин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:  

  

М3 = СЗ / СК Ч 100%, мында:  

  

СЗ - кардардын сунушталган каржылоо (мөөнөтүнө карабастан), ижара мунтахийя биттамлик келишими боюнча баалоо күнүнө карата чогуу алгандагы карызы; 

СК - баа берүү күнүнө карата микрокаржылоо компаниясынын өздүк капиталы.  

Дүңүнөн каржылоо менен алектенген МФКлар үчүн бир эле адамга берилүүчү каржылоонун максималдуу чогуу алгандагы көлөмү өздүк капиталдын 20 пайызынан ашпоого тийиш. 

Бир кардардын тобокелдигинин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөө учурунда ар башка кардарлардын карыздары суммаланып, бир тобокелдик катары каралууга тийиш, эгерде:  

- бир кардар башка кардар тарабынан контролдукка алынса;  

- бир нече карыз алуучуну бир эле жак контролдукка алса;  

- бир кардар карызын кайтарбай коюсунан башка кардардын карызын кайтарбай коюусуна алып келсе;  

- карызды кайтаруу үчүн бир эле булак анын ичинде карызды төлөөнүн экинчи булагы (камсыз кылуу) колдонулса.  

Эскертүү: Бул пунктта контролдоо дегенден улам, чечимдерди түздөн-түз же кыйыр түрдө аныктоо же болбосо кабыл алынуучу чечимге, анын ичинде келишимге (оозеки келишимди кошо алганда) же башка бүтүмгө таасир этүү жөндөмдүүлүгүн түшүнөбүз.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА), 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

28. Ликвиддүүлүк ченеминин мааниси (М4) 30% төмөн эмес деңгээлде белгиленет.  

Аманаттар тартуу менен иш алып барган микрокаржылоо компаниялары үчүн ликвиддүүлүктүн ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

  

М4 = ЛА / ОБ Ч 100%, мында:  

  

ЛА - микрокаржылоо компаниялардын ликвиддүү активдери, аларда төмөнкүлөр камтылат: нак акча каражаттары (касса); банктардагы эсептешүү жана депозиттик (баа берүү учурунан тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө кайтаруу менен) эсептериндеги каражаттар; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин баалуу кагаздары жана Улуттук банктын баалуу кагаздары, булар баалоо учурунан тартып 30 күн ичинде акча каражаттарына айландырылышы мүмкүн;  

ОБ - МФКнын милдеттенмелери, анын ичинде алар боюнча эсептешүүлөр баалоо учурунан тартып 30 күн ичинде баштала турган тартылган аманаттар. 

МФК ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясатын иштеп чыгууга тийиш, ал төмөнкүдөй факторлорду эске алат:  

- ликвиддүүлүккө керектөөгө контролдук кылуу жана милдеттенмелерди аткаруу үчүн МФКнын активдеринин жетиштүүлүгүнө кеминде ар жума ичинде өлчөөнү жана мониторинг жүргүзүүнү;  

- депозиттик базанын түзүмүн жана туруктуулугун (аманаттарды кайтаруу мөөнөттөрүн, булактардын топтолушун, кирешелүүлүк ченеминин чоңдугун аныктоо саясатын); 

- рынокто карыз алышуу мүмкүнчүлүгүн;  

- ликвиддүүлүк жетишсиз болгон учурга пландаштырууну.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ), 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА), 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

29. Тартылган аманаттарды (М5) кайра кайтаруу боюнча тобокелдикти чектөө ченеми 100%дан кем эмес деңгээлде белгиленет жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

  

М5 = К / В Ч100%, мында:  

  

К - баа берүү күнүнө карата кошумчаланган сумма же негизги сумма боюнча кандайдыр бир мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орун албаган каржылоо;  

В - баа берүү күнүнө карата тартылган аманаттардын суммасы.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

29-1. Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери жана жеке адамдардын алдындагы башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (М5.1) төмөнкү формула боюнча эсептелет:  

М5.1 = СумК / СДФЛ * 100%,  

мында:  

СумК – МФКнын суммардык капиталы;  

СДФЛ – мөөнөттүү депозиттердин жана жеке адамдардын алдындагы башка милдеттенмелердин суммасы, анын ичинде сактык (депозиттик) сертификаттары, облигациялар жана башкалар.   

Бул ченем, ошондой эле анын мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими боюнча белгилүү бир МФК үчүн жекече белгилениши мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

30. Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФКлар, МФКлар менен аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-6-(НПА) токтому менен бекитилген "Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоого ылайык жүзөгө ашырууга тийиш. МФКлар менен аффилирленген жана байланыштуу жактардын МФК алдында карызынын чогуу алгандагы өлчөмү катары туюндурулган МФКлар менен аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын 60 (алтымыш) пайызынан ашпоого тийиш.  

МФК ага каржылоо берген МФКнын бир кызматкеринин чогуу алгандагы карызы МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 5 (беш) пайызынан ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

  

СЗС / СК * 100% ≤ 5%,  

мында:  

  

СЗС - баалоо күнүнө карата МФК ага каржылоо берген МФКнын бир кызматкеринин чогуу алгандагы карызы;  

СК - МФКнын баалоо күнүнө карата өздүк капиталы.  

Бардык аффилирленген жана/же МФК менен байланыштуу жактарга берилген бардык каржылоонун жана аларды алмаштыруучулардын жалпы суммасы МФКнын өздүк капиталынын 60 (алтымыш) пайызынан ашса, МФК аффилирленген жана ал менен байланыштуу жактарга каржылоо берүүгө укугу жок.  

МФКнын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине каржылоо берүү операциялары Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-6-(НПА) токтому менен бекитилген "Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоодо көрсөтүлгөн талаптар сакталган шартта гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.";  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

31. Микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестициалардын чогуу алгандагы өлчөмү боюнча төмөнкү талаптар белгиленет: 

1) МФК, иши Шариат стандарттарына каршы келбеген МФУлардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына инвестициялоону жүзөгө ашырууга укуктуу. Мында, МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестициялары "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамында аныкталган МФУнун максаттарына ылайык келүүгө тийиш.  

2) МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга), карыздык милдеттенмелерге инвестициялар, ижара мунтахийя биттамлик келишими боюнча финансылык салымдар жана ушул сыяктуу башка финансылык салымдар) чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капитал өлчөмүнүн 30% ашпоого тийиш жана ал ушул эрежелердин 13-пунктуна ылайык эсептелинет.  

Ушул ченемди эсептөөдө, алардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) МФКнын инвестициялары жайгаштырылган микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга сунушталган каржылоо эсепке алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

32. МФКнын ислам каржылоо принциптерине ылайык мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарына инвестициялардын жалпы көлөмү МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш. 

32-1. Аманаттарды кабыл алган МФКлар үчүн мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү.  

Мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 20 (жыйырма) пайызынан ашпоого тийиш.  

Мүлк дегенден улам МФКга таандык же ижара келишими боюнча МФКнын карамагында турган жана/же негизги каражат катары колдонулуп жаткан/колдонула турган мүлктү (анын ичинде курулуп жаткан/курулуучу кыймылсыз мүлк, транспорт каражаттары ж.б.) түшүнүүгө болот";  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

32-2. Аманаттарды тартуу менен иш алып барган МФК каражаттарды МФКны уюштуруучулар (акционерлер) - юридикалык жактардан жана жеке адамдардан, ошондой эле юридикалык жактардан карыз алууга укуктуу.  

Уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттар боюнча үстөк баа/кирешелүүлүк чени Улуттук банктын эсептик ченинен 5 (беш) пайыздык пункттан ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6-глава. МФКнын экономикалык ченемдерди жана талаптарды сактоо, ошондой эле алардын Улуттук банкка маалымат берүү тартиби 

(Главанын аталышы 

КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

33. Микрокаржылоо компаниялары экономикалык ченемдердин жана Улуттук банктын талаптарынын сакталышына мониторингди кеминде жума сайын жүргүзүүгө тийиш.  

34. МФК үчүн белгиленген экономикалык ченемдердин жана талаптардын сакталышына текшерүү иши Улуттук банк тарабынан кайсы болбосун күнү ишке ашырылат.  

35. МФКлар мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун алкагында белгиленген талаптарга жана мөөнөттөргө ылайык экономикалык ченемдердин аткарылышы боюнча маалыматтарды Улуттук банкка берип турууга тийиш:  

- башка микрофинансылык уюмдардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) инвестициялар тууралуу маалыматтарды, алардын ар бирине инвестициялардын тизмегин жана өлчөмүн көрсөтүү менен;   

- МФКнын башка микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестицияларынын, карыздык милдеттенмелеринин, лизинг жана факторинг боюнча финансылык салымдарынын, кредиттеринин жана ушул сыяктуу башка финансылык салымдарынын) өлчөмү жөнүндө маалыматтарды, алардын ар бирине инвестициялардын тизмегин жана өлчөмүн, 13-пунктта келтирилген көрсөткүчтөрдү эсептөөлөрдү көрсөтүү менен;   

- уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды, уюштуруучулардын (акционерлердин) - жеке адамдардын тизмегин, уюштуруучулар боюнча карыз алуу шарттарын көрсөтүү менен (өлчөмү, мөөнөтү, чени, зайымдын валютасы ж.б.);   

- уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды, уюштуруучулардын (акционерлердин) - юридикалык жактардын тизмегин, уюштуруучулар боюнча карыз алуу шарттарын көрсөтүү менен (өлчөмү, мөөнөтү, чени, зайымдын валютасы ж.б.). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

35-1. Жыл сайын, көз карандысыз тышкы аудиторлордун күчү менен көз карандысыз тышкы аудит жүргүзүлгөндөн кийин, МФК Улуттук банкка тышкы аудитордун өзгөртүү киргизилбеген толук отчетунун бир нускасын (көчүрмөсүн), анын ичинде жетекчиликке катты МФКнын тышкы аудитору отчетту берген учурдан кийинки 30 (отуз) күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.";  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

36. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

37. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

38. МФК экономикалык ченемдерди жана башка талаптарды сактабагандыгы, алар маалыматтарды бербегендиги, ошондой эле өз убагында бербегендиги же такталбаган маалыматты бергендиги фактылары аныкталган учурда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" мыйзамдарына жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык, МФКга карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

38-1. МФК финансылык отчет жарыяланган МФКнын расмий интернет-сайтына шилтеме (маалымат агенттигинин порталын) келтирип, басылманын көчүрмөсүн тиркөө менен ал жарыялангандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде 1 (бир) нускасын (көчүрмөсүн) кошо тиркөө менен Улуттук банкка берүүгө тийиш. Маалымат агенттигинин расмий интернет сайтына/порталына шилтеме электрондук почта аркылуу Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө жөнөтүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

38-2. МФК дивиденддеринин суммасын эсептөө үчүн Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (мындан ары – ФОЭС) жана Улуттук банктын талаптарына ылайык эсептелген таза пайданын эң аз өлчөмүн колдонуу зарыл.   

Эгерде төмөнкү учурлардын биринде МФКнын ишинин туруктуулугуна коркунуч жаралган шартта, Улуттук банк МФКга дивиденддерди төлөөгө чектөө киргизиши мүмкүн, эгерде:  

1) бул Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин жана чектөөлөрдүн бузулушуна алып келсе;  

2) МФК Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди жана чектөөлөрдү сактабаса;  

3) өткөн жылдарда же отчеттук жылы чыгымдар болгон учурда;  

4) Улуттук банктын талаптарына ылайык, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабуу үчүн резервди кошумча эсептөө боюнча Улуттук банктын жазма буйругу/талабы аткарылбаса;  

5) Улуттук банктын таасир этүү чарасы катары жөнөтүлгөн талабы аткарылбаса. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7-глава. Микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин ишин жөнгө салуу 

(Глава КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

39. МКК же МКА акционердик коом формасындагы МКК тарабынан чыгарылган акциялардан тышкары баалуу кагаздарды чыгарууга, ижара мунтахийя биттамлик келишимдерин эске албаганда, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамынын 33-беренесинде каралбаган башка банктык операцияларды жүзөгө ашырууга укугу жок.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

40. МКК тарабынан ошол эле адамга же байланыштуу жактар тобуна берилүүчү каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы № 2022-П-33/61-2-(НФКУ) "Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомунда белгиленген, жаңыдан түзүлүп жаткан МККлар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 10 (он) пайызынан ашпаган өлчөмдө аныкталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

41. Дүңүнөн каржылоо менен иш алып барган МККлар үчүн бир эле ошол адамга же байланыштуу жактар тобуна берилүүчү каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капитал өлчөмүнүн жыйырма пайызынан ашпоого тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

42. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы № 2022-П-33/61-3-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

42-1. Уставдык капиталы жаңы түзүлгөн МКК үчүн белгиленген уставдык капитал өлчөмүнөн ашкан, ошондой эле өздүк капиталы уставдык капитал суммасына карата катышынын көрсөткүчү кеминде 150% барабар болгон МКК, ижара мунтахийя биттамлик операциялары боюнча каржылоону эске албаганда, ошол эле кардарга же байланыштуу адамдар тобуна МККнын колдонуудагы катталган уставдык капитал өлчөмүнүн 2 пайызынан ашпаган максималдуу чогуу алгандагы өлчөмүндө каржылоо берүүгө укуктуу. Ижара мунтахийя биттамлик келишими боюнча каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капиталынын 10 пайызынан ашпоого тийиш.  

МКК ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн өлчөмдө каржылоо сунуштоодо төмөнкү шарттарды аткаруу зарыл:  

1) мудараба жана шарика/мушарака операциялары боюнча пайданын маанисин эске албаганда, каржылоо боюнча үстөк баанын/кирешенин мааниси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ченине плюс 20 пайызга жараша эсептелген, чектүү жол берилген пайыздан ашпоого тийиш;  

2) ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн өлчөмдөгү каржылоонун чогуу алгандагы көлөмү МККнын каржылоо портфелинин 50% ашпоого тийиш;  

3) ижара мунтахийя биттамлик келишими боюнча каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капиталынын 10 пайызынан ашпоого тийиш;  

4) өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган зарыл документтердин (өтүнүч ээсине киреше алып келген активдерге ээлик кылуу укугу, иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу маалым кат, патент, күбөлүк ж.б.) болушу, ошондой эле каржылоо боюнча саясатына жана/же МККнын башка ички документтерине ылайык, каржылоо боюнча жооптуу адистин же кызматкердин корутундусу менен тастыкталган өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүнү ишке ашыруу;  

5) өтүнүч ээсинин каржылоо алууга билдирме-анкетасынын сунушталышы, ошол эле учурда каржылоо алууга билдирме-анкетада тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолору менен сунушталуучу каржылоону пайдалануу максаттары көрсөтүлүүгө тийиш;  

6) кардардын анын чогуу алгандагы кирешесинин өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча (негизги сумма жана үстөк баа боюнча) бир айлык төлөмгө карата катышына барабар болгон карызын жабуучу коэффициенти 130 пайыздан кем болбоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы № 2022-П-33/61-3-(НФКУ), 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

43. Юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) тартылган каражаттар ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келүүгө тийиш. 

43-1. МКК, анын ичинде дүң каржылоону ишке ашырган МККнын уюштуруучулары (акционерлери) - юридикалык жактардан жана жеке адамдардан жана юридикалык жактардан каражаттарды карызга алууга укуктуу.  

Уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттар боюнча үстөк баа/кирешелүүлүк чени Улуттук банктын эсептик ченинен 5 (беш) пайыздык пункттан ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

44. Дүңүнөн каржылоо менен алектенген жана кредиторлор (анын ичинде ФКУ) алдында милдеттенмелерге ээ МККлар өздүк капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченемин сактоого тийиш.   

Өздүк капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеминин (М2) маанисин кеминде 8 (сегиз) пайыз деңгээлинде колдоо зарыл.   

Өздүк капиталдын шайкештик (жетиштүүлүк) ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:   

   

M2 = ӨК/СА * 100%,   

мында:   

   

ӨК - баалоо күнүнө карата МККнын өздүк капиталы (ушул Эрежелердин 45-пунктуна ылайык);   

СА - валюта тобокелдиктерин хеджирлөө максатында, улуттук валютада тартылган акча каражаттардын суммасынын өлчөмүндө күрөө катары ФКУда жайгаштырылган депозиттердин суммасын, ошондой эле кардарлардын санын көбөйтүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдү кеңири жйылтууга багытталган техникалык жана программалык продуктуларга байланыштуу материалдык эмес активдерди алып салгандан кийинки баалоо күнүнө карата баланстык активдердин суммасы. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

45. МККнын өздүк капиталын (баалоо күнүнө карата) эсептөө төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзүлүүгө тийиш:  

- төлөнгөн уставдык капитал (жөнөкөй жана артыкчылык берилген акциялар наркы, же үлүштүк капитал);  

- номиналдан жогору салынган капитал (акционердик коомдор үчүн);  

- жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал;  

- келечекте керектөө үчүн камдар;  

- мөөнөтсүз субординацияланган карыз; 

Мөөнөтсүз субординацияланган карыз катары күрөө менен камсыздандырылбаган, төлөө мөөнөтү белгиленбеген, кредиторлордун талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда төлөнбөй турган жана МКК жоюлган учурда кредиторлордун бардык талаптары канааттандырылгандан кийин, бирок МККнын акционерлери/катышуучулары менен эсептешүүгө чейин акыркы кезекте төлөнүүчү милдеттенме түшүнүлөт. МКК кандай болбосун учурда субординацияланган карыз боюнча кирешелүүлүктү төлөөнү жокко чыгарууга толук укуктуу болушу керек. Мөөнөтсүз субординацияланган карызды МККнын демилгеси боюнча Улуттук банктан алдын ала уруксат алгандан кийин жана ченемдерин бузулушуна алып келбеген шартта гана, эң аз дегенде беш жылдык мөөнөт өткөндөн кийин төлөөгө болот; 

- өткөн жылдардагы бөлүштүрүлбөгөн пайда/чыгым;  

- өтүп жаткан жыл ичиндеги чыгымдар;  

- башка микрофинансылык уюмдардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышууга) инвестицияларды минуска чыгаруу менен.  

Мында, капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар дегенден улам, МФУлардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына айкын салынган каражаттардын калдыгын түшүнүлөт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

45-1. Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеминин маанисин уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн кеминде 100 (жүз) пайыз деңгээлинде колдоо зарыл.  

МККнын өздүк капиталынын минималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

  

СК / УК * 100%,  

мында:  

  

СК - ушул Эрежелердин 45-пунктуна ылайык баалоо күнүнө карата МККнын өздүк капиталы;  

УК - Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы № 2022-П-33/61-2-(НФКУ) "Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомунда белгиленген, жаңыдан түзүлүп жана иштеп жаткан МККлар үчүн минималдуу уставдык капитал.";  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 11-декабрындагы №2024-П-12/66-1-(НПА), 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

45-2. Эгерде МККнын үчүнчү жактар алдында милдеттенмелери болсо, ошондой эле МККнын ишинин туруктуулугуна коркунуч жараткан төмөнкү учурлардын бири орун алса, Улуттук банк МККга дивиденддерди төлөөгө/пайданы бөлүштүрүүгө тыюу салышы же чектөө киргизиши мүмкүн, эгерде:   

1) бул Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин жана чектөөлөрдүн бузулушуна алып келсе;   

2) МКК Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди жана чектөөлөрдү сактабаса;   

3) өткөн жылдарда же отчеттук жылы чыгашалары болсо;  

4) Улуттук банктын талаптарына ылайык, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабуу үчүн резервди кошумча эсептөө боюнча Улуттук банктын жазма буйругу/талабы аткарылбаса;  

5) Улуттук банктын таасир этүү чарасы катары жөнөтүлгөн талабы аткарылбаса.  

Эскертүү: Үчүнчү жактар алдында милдеттенмелер дегенден улам МКК менен байланышы жок юридикалык жактардан жана жеке адамдардан тартылган жана МККнын негизги ишине багытталган акча каражаттарын түшүнүүгө болот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

45-2. Эгерде МККнын үчүнчү жактар алдында милдеттенмелери болсо, ошондой эле МККнын ишинин туруктуулугуна коркунуч жараткан төмөнкү учурлардын бири орун алса, Улуттук банк МККга дивиденддерди төлөөгө/пайданы бөлүштүрүүгө чектөө киргизиши мүмкүн, эгерде:  

1) бул Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин бузулушуна алып келсе;  

2) Улуттук банк тарабынан белгиленген, уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана/же өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмү камсыз кылынбаса;  

3) өткөн жылдардын чыгашалары болсо, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар аткарылбаса.  

Эскертүү: Үчүнчү жактар алдында милдеттенмелер дегенден улам МКК менен байланышы жок юридикалык жактардан жана жеке адамдардан тартылган жана МККнын негизги ишине багытталган акча каражаттарын түшүнүүгө болот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

46. МКА өз каражаттарынын жана карыздык каражаттарынын, анын ичинде ФКУ жана/же эл аралык финансы уюмдарынан карызга алынган каражаттардын эсебинен микрокредиттик агенттиктин катышуучулары тарабынан аныкталуучу коммерциялык эмес уюмдун уставдык максаттарына ылайык, кардар менен макулдашылган шарттарда каржылоону (камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган каржылоо) улуттук валютада берүүнү жүзөгө ашырат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

47. МКА тарабынан бир эле ошол кардарга же байланыштуу жактар тобуна берилүүчү каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү, анын ичинде иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча 1 млн сомдон ашык эмес өлчөмдө белгиленүүгө тийиш. Мында, 200 миң сомдон ашпаган өлчөмдө бир эле ошол кардарга же байланыштуу жактар тобуна берилген каржылоо МКАны каржылоо боюнча жалпы портфелдин 10 жана андан ашык пайызын түзүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы № 25/2, 2024-жылдын 11-декабрындагы №2024-П-12/66-1-(НПА), 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

47-1. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамынын 2-беренесинин максаттарын эске алуу менен МКАнын ошол эле бир карыз алуучусуна же байланыштуу адамдар тобуна ушул Эрежелердин 47-пунктунда белгиленген каржылоонун максималдуу өлчөмүнөн жогору өлчөмдө, анын ичинде иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча берилүүчү каржылоону төмөнкү максаттарга МКАнын өздүк капиталынын (капиталдын баланстык наркы) 2 (эки) пайызынан ашпаган өлчөмдө сунуштоого жол берилет:  

а) бизнести (ишкердик ишин уюштуруу үчүн негизги жана жүгүртүү каражаттарын сатып алуу) же жаңы ишкердик багытын түзүү;  

б) төмөнкү маселелердин бири аткарылган учурда, иштеп жаткан бизнести/ишкердикти кеңейтүү жана өнүктүрүү:  

- технологияны жаңыртууга багытталган жаңы технологияларды ишке киргизүү, инновациялык жабдууларды жана техниканы ишке киргизүү;  

- бизнес-процесстерди автоматташтыруу;  

- кошумча жумуш орундарын түзүү;  

- өндүрүштүн масштабын кеңейтүү.  

МКА ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн, анын ичинде иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча каржылоону берүүдө, төмөнкү шарттарды аткарууга тийиш:  

1) МКАда продукттардын белгилүү бир түрүн жана сунушталып жаткан каржылоонун максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү тартибин аныктоо менен МКАнын максаттарына жана милдеттерине ылайык иштелип чыккан каржылоо саясатынын болушу;  

2) кеминде эки кредиттик бюродон кардар жөнүндө (кредиттик отчет) жана МКАнын каалоосу боюнча кардар менен байланыштуу жактар (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын макулдугу болгон шартта) жөнүндө маалыматтын болушу; 

3) өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтин болушу (өтүнүч ээсинин киреше алып келүүчү активдерге ээлик кылуу укугу, иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу маалымкат, патент же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу/колдонуудан баш тартуу жөнүндө салык кызматы органынын чечими же күбөлүгү ж.б.), ошондой эле өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берилип, ал МКАнын каржылоо саясатына жана/же башка ички документтерине ылайык, жооптуу каржылоо менен иш алып барган адисинин же кызматкеринин корутундусу менен тастыкталышы зарыл;  

4) өтүнүч ээси каржылоо алуу үчүн бизнес-пландын болушу, бизнес-планда тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолор менен бирге каржылоону пайдалануунун максаттарын көрсөтүү зарыл.  

Эгерде МКАнын каржылоо портфелинде жогоруда көрсөтүлгөн каржылоонун үлүшү 70 (жетимиш) же андан көп пайызды ээлесе, анда 47-пунктта көрсөтүлгөн чектөөлөр бул МКАга таркатылбайт.  

Эгерде МКАнын каржылоо портфелинде жогоруда көрсөтүлгөн каржылоонун үлүшү 70 (жетимиш) пайыздан азды түзсө, анда 100 (жүз) миң сомго чейинки өлчөмдөгү каржылоо МКАнын жалпы каржылоо портфелинин 20 (жыйырма) же андан көбүрөөк пайызын түзүүгө тийиш.". 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 11-декабрындагы № 2024-П-12/66-1-(НПА), 2025-жылдын 23-октябрындагы № 2025-П-12/55-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

47-2. МКК жана МКА микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга гана инвестицияларды ишке ашырууга укуктуу.  

МККнын микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акциялар, үлүштүк катышуу) карыздык милдеттенмелерге, иджара мунтахийя биттамлик келишими жана каржылоо боюнча финансылык салымдарга жана башка ушул сыяктуу финансылык салымдарга инвестициялар) максималдуу жалпы көлөмү МККнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 30 пайызынан ашпоого тийиш жана төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

СИ/ӨК * 100% ≤ 30%, мында: 

 

  

СИ 

- 

баа берүү күнүнө карата МККнын инвестицияларынын чогуу алгандагы көлөмү; 

ӨК 

- 

ушул Эрежелердин 45-пунктуна ылайык баа берүү күнүнө карата МККнын өздүк капиталы. 

Бул ченемди эсептөөдө капиталына МККнын инвестициялары жайгаштырылган микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) банктарга берилген кредиттер/каржылоо эске алынат. 

Бул ченемди эсептөөдө инвестициялардын жалпы көлөмүнө банктын капиталына салынган инвестициялар киргизилбейт, алар:  

- МФУ тарабынан 2026-жылдын 1-апрелине чейин ишке ашырылган;  

- Улуттук банктан 2026-жылдын 1-апрелине чейин банк түзүүгө уруксат алган МФУ. 

Бул ченем дүңүнөн кредиттөө/каржылоо менен алектенген МККларга жайылтылбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

47-3. МКК жана МКА ички ченемдик документтеринин талаптарына ылайык, экономикалык ченемдердин жана Улуттук банктын талаптарынын сакталышына мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүүгө тийиш. 

МКК жана МКА экономикалык ченемдердин жана чектөөлөрдүн аткарылышы жөнүндө маалыматты мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун алкагында Улуттук банкка берүүгө тийиш.  

МКК жана МКА үчүн белгиленген экономикалык ченемдердин жана чектөөлөрдүн сакталышын Улуттук банк каалаган күнгө карата абал боюнча текшере алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

47-4. МКК дивиденддердин суммасын эсептөө үчүн ФОЭСке жана Улуттук банктын талаптарына ылайык эсептелген таза пайданын эң аз маанисин колдонууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

48. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

  

  

  

Ислам банк иши жана 

каржылоо принциптерине ылайык операцияларды 

жүзөгө ашырган микрокаржылоо компаниялардын 

ишин жөнгө салуу эрежелерине карата 

тиркеме  

Улуттук банк тарабынан лицензияланган МФКлар үчүн экономикалык ченемдердин аткарылышы боюнча маалыматтар 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 

2018-жылдын 31-январындагы N 2018-П-12/4-6-(БС) токтомуна ылайык 

КҮЧҮН ЖОГОТТУ)