Көңүл буруңуздар!
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр
2026-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
|
|
|
КР Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы N 4/2 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун
ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 27-декабрындагы N 36/1, 2010-жылдын 26-майындагы N 36\3, 2010-жылдын 29-сентябрындагы N 75/14, 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/4, 2011-жылдын 31-октябрындагы N 62/4, 2012-жылдын 17-июлундагы N 29/5, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/17, 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/4, 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/15, 2014-жылдын 30-майындагы № 24/10, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 17/2, 2016-жылдын 15-июнундагы № 25/2, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ), 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА), 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-8-(НФКУ), 2022-жылдын 5-октябрындагы N 2022-П-33/61-3-(НФКУ), 2022-жылдын 21-декабрындагы N 2022-П-12/81-7-(НФКУ), 2023-жылдын 8-декабрындагы № 2023-П-12/76-1-(БС), 2024-жылдын 16-октябрындагы N 2024-П-12/53-2-(НФКУ), 2024-жылдын 31-октябрындагы № 2024-П-12/58-2-(НПА), 2025-жылдын 22-январындагы № 2025-П-12/2-3-(НФКУ), 2025-жылдын 23-октябрындагы N 2025-П-12/55-3-(НПА), 2025-жылдын 23-октябрындагы № 2025-П-12/55-4-(НПА), 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.1. Эрежеде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган микрофинансылык уюмдардын иши жөнгө салынат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Жакырчылыкты жоюуга, иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү, ишкердикти өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын калкын социалдык мобилизациялоого өбөлгө түзүү үчүн калктын микрокаржылоодон пайдалануусуна мүмкүнчүлүк түзүү микрофинансылык уюмдардын (мындан ары - МФУ) иш максаты.
Мында, микрофинансылык уюм уюштуруу документтеринде аныкталган жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбеген башка максаттарда да иш алып барууга укуктуу.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/4, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1.3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) МФУ туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу жана алардын ишине карата калктын ишенимин арттыруу максатында МФУ аткарууга милдеттүү болгон экономикалык нормативдерди жана талаптарды белгилейт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомунун редакциясына ылайык)
1.4. МФУ тобокелдиктерди тескөө жагынан өзүнүн ички саясатына ылайык, бирок мында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нормативдик актыларын аткаруу үчүн талап кылынган маанини бузбастан, экономикалык нормативдер боюнча алда канча жогорку талаптарды белгилей алат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомунун редакциясына ылайык)
1.5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
1.6. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
1.7. МФУ карыз алуучуларга микрокредиттерди берүүнү мыйзам талаптарына ылайык, анын ичинде адамдар тобунун субсидиардык же чогуу жоопкерчилиги алдында, кредиттик келишимдерди тариздетүү аркылуу берет.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/4, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1.8. МФУлар өз операцияларын бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчетторун түзүүнү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүргүзүүгө тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакциясына ылайык)
1.9. Микрофинансылык компания Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык эсептеринин тактыгын текшерүү, ички контролдук системасынын шайкештигине жана натыйжалуулугуна баа берүү үчүн ички аудитти жүзөгө ашырат. Бул үчүн микрофинансы компаниясы өзүнүн ички аудит кызматын түзүүгө милдеттүү, ал эми микрокредиттик компания (мындан ары - МКК)/микрокредиттик агенттик (мындан ары - МКА) түзүшү мүмкүн;
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомунун редакциясына ылайык)
1.10. Микрофинансылык сектор үчүн системалык мааниге ээ МФУлар система түзүүчүлөр болуп саналышат. Системалык маанилүүлүк критерийлери Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. Система түзүүчү МФУларга карата жөнгө салуунун жана көзөмөлдүктүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген атайын режими колдонулат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомунун редакциясына ылайык)
1.11. Ушул эрежелердин максатында дүңүнөн кредиттөө дегенден улам, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү аймактарда илгерилетүү жана ишкердүүлүк жигердүүлүгүнө колдоо көрсөтүү максатында микрокредиттерди кийинчерээк сунуштоо үчүн финансы-кредиттик уюмдарга сунушталуучу кредит түшүнүлөт.
Дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган МФУ (апекстик институт) дегенден улам, дүңүнөн кредиттердин үлүшү кредиттик портфелдин 70 пайызынан ашыгын түзгөн МФУ түшүнүлөт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Аманаттарды кабыл алууну жүргүзбөгөн микрофинансы компанияларынын ишин жөнгө салуу
2.1. Микрофинансылык компаниялардын төмөнкүлөргө укугу жок:
1) МФКнын өзү чыгарган баалуу кагаздарды сатып алууга кредиттерди берүүгө, ошондой эле аларды күрөө катары кабыл алууга;
2) кепилдикти берүүгө;
3) микрокредит (лизинг) менен чогуу алганда бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмү ченеминен арткан өлчөмдө гарантияларды берүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамында каралган операциялардан жана бүтүмдөрдөн тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга;
5) баалуу кагаздар рыногунда кесипкөйлүк ишти жүзөгө ашырууга;
6) аккредитивдерди берүүгө, баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө жана мүлктү ишеним боюнча тескөөгө алууга.
Микрофинансылык компаниялар Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички кредиттик саясатка ээ болууга тийиш, анда негизги иш чөйрө, бир эле ошол адамга берилүүчү Улуттук банк тарабынан жаңыдан түзүлгөн МФКлар үчүн (жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартпаган) белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн үч пайызынан ашпаган өлчөмдөгү микрокредиттин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүн аныктоого тийиш. Бул чектөө коммерциялык банктан кайра өзгөртүлүп түзүлгөн МФКнын башка менчигин сатуунун алкагында берилген кредиттерге жайылтылбайт.
Дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган МФКлар үчүн бир эле ошол адамга берилүүчү микрокредиттин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капитал өлчөмүнүн 20 пайызынан ашпоого тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы № 39/4, 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/15, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.1.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы № 2022-П-33/61-3-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.1.2. Аманаттарды кабыл албаган микрофинансылык компаниялар Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди жана чектөөлөрдү сактоого милдеттүү, анын ичинде:
- төлөнгөн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү;
- минималдуу өздүк капиталдын ченеми;
- микрокредиттин максималдуу жалпы өлчөмү;
- микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестициялардын максималдуу жалпы өлчөмү;
- уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу жалпы өлчөмү;
- уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу жалпы өлчөмү;
- мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү;
- карыздык баалуу кагаздарды чыгаруунун максималдуу өлчөмү.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
2.2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы № 2022-П-33/61-3-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.3. өздүк капиталдын минималдуу өлчөмү.
2.3.1. Микрофинансылык компаниянын өздүк капиталын эсептөө (баа берүү күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде ишке ашырылат:
- жөнөкөй акциялар;
- артыкчылыктуу акциялар;
- номиналдан үстөк салынган капитал;
- жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капиталдын;
- келечекте керектөө үчүн камдардын;
- мөөнөтсүз субординацияланган карыз.
Мөөнөтсүз субординацияланган карыз катары төлөө мөөнөтү белгиленбеген, кредиторлордун талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда төлөнбөй турган, МФК жоюлган учурда ал боюнча талаптар кредиторлордун бардык талаптары канааттандырылгандан кийин, бирок МФКнын акционерлери менен эсептешүүгө чейин акыркы кезекте канааттандырыла турган, күрөө менен камсыздандырылбаган милдеттенмени түшүнүү зарыл. МФК кандай болбосун учурда субординацияланган карыз боюнча пайыздык төлөмдөрдү жокко чыгарууга толук укуктуу болушу керек. Мөөнөтсүз субординацияланган карызды МФКнын демилгеси боюнча, Улуттук банктан алдын ала уруксат алгандан кийин жана ченемдердин бузулушуна алып келбеген шартта, кеминде беш жылды түзгөн минималдуу мөөнөт өткөндөн кийин гана төлөөгө болот;
- өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайда/чыгымы;
- өтүп жаткан жыл ичиндеги чыгым;
- башка микрофинансылык уюмдардын, лизинг компанияларынын жана банктардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) инвестицияларды кемитүү менен.
Мында, капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар катары микрофинансылык уюмдардын, лизинг компанияларынын жана банктардын капиталына айкын салынган каражаттардын калдыгын түшүнүү зарыл.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
2.3.2. Аманаттарды кабыл алууну жүргүзбөгөн МФКлар үчүн өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми.
1) Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеминин мааниси минималдуу уставдык капиталдын 100% нан кем эмес деңгээлде болууга тийиш.
2) Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:
ӨК / УК * 100%, мында:
ӨК - баалоо күнүнө карата МФКнын өздүк капиталы (ушул Эреженин 2.3.1-пунктуна ылайык);
УК – бул Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы № 2022-П-33/61-2-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомуна ылайык, тиешелүүлүгүнө жараша, жаңыдан ачылып жаткан жана учурда иштеп жаткан, аманаттарды кабыл албаган МФКлар үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА), 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.4. Башка уюмдарга инвестициялардын максималдуу өлчөмү.
2.4.1. Микрофинансылык компаниялар микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга гана инвестиция салууга укуктуу.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
2.4.2. МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестицияларынын, карыздык милдеттенмелеринин, лизинг жана факторинг боюнча финансылык салымдарынын, кредиттеринин жана ушундай эле башка финансылык салымдарынын) максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 30% ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат:
ИӨ/ӨК * 100% 30, мында
|
ИӨ |
- |
баалоо датасына карата МФКнын инвестицияларынын чогуу алгандагы өлчөмү; |
|
ӨК |
- |
баалоо датасына карата МФКнын өздүк капиталы (2.3-пункттун 2.3.1-пунктчасын караңыз). |
Ушул ченемди эсептөөдө алардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) МФКнын инвестициялары жайгаштырылган микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга берилген кредиттер эсепке алынат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык)
2.4-1. Аманаттарды кабыл алууну жүргүзбөгөн МФКлар, юридикалык жактардан жана жеке адамдардан - МФКны уюштуруучулардан (акционерлерден) жана юридикалык жактардан каражаттарды карыз алууга укуктуу.
Уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттар боюнча пайыздык чен Улуттук банктын эсептик ченинен 5 пайыздык пунктка ашпоого тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
2.4.-2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.4.-3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.4-4. Аманаттарды кабыл албаган МФКлар үчүн мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициянын максималдуу суммасы.
Мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициянын максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын 80 пайызга ашпоого тийиш.
Мүлк дегенден улам, МФКга таандык же ижара келишими боюнча МФКнын карамагында турган жана/же негизги каражат катары колдонула турган мүлктү (анын ичинде курулуп/монтаждалып жаткан кыймылсыз мүлк, транспорт каражаттары ж.б.) түшүнүүгө болот.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 16-октябрындагы N 2024-П-12/53-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
2.4.-5. МФК, эл аралык облигацияларды кошпогондо, Улуттук банк тарабынан белгиленген чекте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акцияларды жана карыздык баалуу кагаздарды (облигацияларды жана векселдерди) чыгарууга укуктуу.
Бул чектөө, ошондой эле анын мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими менен белгилүү бир МФК үчүн өзүнчө белгилениши мүмкүн.
Кредиттерди жана зайымдарды төлөө үчүн, ошондой эле облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейинки акыркы жыл ичинде кредиттер жана зайымдар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыз болгон учурда облигацияларды чыгарууга жол берилбейт.
МФКнын акциялары жана башка баалуу кагаздары үчүн векселдер, ошондой эле санкциялык тизмелерде турган жеке адам жана юридикалык жактарга, террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке адам жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын акча каражаттары, баалуу кагаздары, башка буюмдары же мүлктүк укуктары же акчалай баасы бар башка укуктары менен төлөөгө тыюу салынат (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги).
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 23-октябрындагы № 2025-П-12/55-4-(НПА), 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.5. Маалыматтарды Улуттук банкка берүүнүн тартиби.
2.5.1. Квартал сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен МФКлар Улуттук банкка төмөндө келтирил гендерди берип турууга тийиш:
а) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 27-декабрындагы N 36/1 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
б) төмөнкүлөрдү:
- башка микрофинансылык уюмдардын, лизинг компанияларынын жана банктардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) инвестициялар тууралуу маалыматтарды, алардын ар бирине инвестициялардын тизмегин жана өлчөмүн көрсөтүү менен;
- МФКнын башка микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестицияларынын, карыздык милдеттенмелеринин, лизинг жана факторинг боюнча финансылык салымдарынын, кредиттеринин жана ушундай эле башка финансылык салымдарынын) максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү жөнүндө маалыматтарды, алардын ар бирине инвестициялардын тизмегин жана өлчөмүн, 2.4-пункттун 2.4.2-пунктчасында келтирилген көрсөткүчтөрдү эсептөөлөрдү чагылдыруу менен;
- уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды, уюштуруучулардын (акционерлердин) - жеке адамдардын тизмегин уюштуруучулар (акционерлер) боюнча карыз алуу шарттарын көрсөтүү менен (өлчөмү, мөөнөтү, чени, карыздын валютасы ж.б.);
- уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды, уюштуруучулардын (акционерлердин) - юридикалык жактардын тизмегин, уюштуруучулар (акционерлер) боюнча карыз алуу шарттарын көрсөтүү менен (өлчөмү, мөөнөтү, чени, карыздын валютасы ж.б.).
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 27-декабрындагы № 36/1, 2010-жылдын 26-майы № 36\3, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 2021-П-33/53-8-(НФКУ), 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.5.2. Финансылык отчеттуулуктун формаларына жана инвестициялар, уюштуруучулардан алынган каражаттар жөнүндө маалыматтарга МФК Башкармасынын төрагасы же биринчи кол коюуга расмий укугу бар башка адам, ошондой эле маалыматтарды даярдоо жана берүү үчүн жооптуу башка адам кол коюуга тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык)
2.5.3. Жыл сайын, көзкарандысыз тышкы аудиторлордун күчү менен көзкарандысыз тышкы аудит жүргүзүлгөндөн кийин, МФК Улуттук банкка тышкы аудитордун өзгөртүүсү жок толук отчетунун бир нускасын (көчүрмөсүн), анын ичинде жетекчиликке катты микрофинансы компаниясынын тышкы аудитору отчетту берген учурдан кийинки 30 күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.
2.5.4. Улуттук банктын МФКлардын ишине карата коюлган талаптарынын алардын тарабынан аткарылбагандыгы, маалыматтарды бербей койгондугу, ошондой эле аларды өз учурунда бербегендиги же такталбаган маалыматтарды бергендиги фактылары аныкталган учурда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аларга карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы № 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
2.5.5. МФКлар Улуттук банкка жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган өзүнүн финансылык отчетунун ар бир кварталдагы көчүрмөсүн жарыялоо күнүнөн кийинки 5 жумуш күнүнүн ичинде берүүгө тийиш.
2.6. МФК иш кагаздарын мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде жүргүзүүгө тийиш. Бардык ички документтерди, анын ичинде контрагенттер менен түзүлгөн келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде тариздетүү зарыл. Мында, контрагенттер менен мамлекеттик тилде жана расмий жана чет тилде бирдей юридикалык күчкө ээ болгон келишимдерди тариздетүүгө жол берилет. Келишимдерди чет тилде тариздетүүгө белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу болгон шартта гана жол берилет.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 8-декабрындагы № 2023-П-12/76-1-(БС) токтомунун редакциясына ылайык)
2.7. МФК дивиденддердин суммасын эсептөө үчүн Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (мындан ары – ФОЭС) жана Улуттук банктын талаптарына ылайык эсептелген таза пайданын эң аз өлчөмүн колдонууга тийиш.
Эгерде МФКнын ишинин туруктуулугуна коркунуч жараткан төмөнкү учурлардын бири орун алса Улуттук банк МФКга дивиденддерди төлөөгө чектөө киргизиши мүмкүн:
1) бул Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин жана чектөөлөрдүн бузулушуна алып келсе;
2) МФК Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди жана чектөөлөрдү сактабаса;
3) өткөн жылдарда же отчеттук жылда чыгым орун алса;
4) Улуттук банктын талаптарына ылайык, мүмкүн болуучу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабуу үчүн резервди кошумча эсептөө боюнча Улуттук банктын буйругу/талабы аткарылбаса;
5) Улуттук банктын таасир этүү чарасы катары жөнөтүлгөн талабы аткарыла элек болсо.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
3. Аманаттарды кабыл алуу укугуна лицензия алууга талапкер микрофинансы компанияларынын ишине карата талаптар
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомуна ылайык
күчүн жоготту)
4. Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансы компанияларынын ишин жөнгө салуу
4.1. Микрофинансылык компаниялардын төмөнкүлөргө укугу жок:
1) МФКнын өзү чыгарган баалуу кагаздарды сатып алууга кредиттерди берүүгө, ошондой эле аларды күрөө катары кабыл алууга;
2) кепилдикти берүүгө;
3) микрокредит (лизинг) менен чогуу алганда бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмү ченеминен арткан өлчөмдө гарантияларды берүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамында каралган операциялардан жана бүтүмдөрдөн тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга;
5) баалуу кагаздар рыногунда кесипкөйлүк ишти жүзөгө ашырууга;
6) аккредитивдерди берүүгө, баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө жана мүлктү ишеним боюнча тескөөгө алууга.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/4, 2025-жылдын 22-январындагы № 2025-П-12/2-3-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4.2. Аманаттарды кабыл алуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна ээ микрофинансылык компаниялар төмөнкүлөрдү кошо алганда, Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди жана чектөөлөрдү сактоого милдеттүү:
- төлөнгөн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү;
- минималдуу өздүк капитал ченеми;
- өздүк капиталдын шайкештиги (жетиштүүлүгү);
- суммардык капиталдын шайкештиги (жетиштүүлүгү);
- бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү;
- ликвиддүүлүк ченеми;
- аманаттарды кайтарып берүүдөгү тобокелдикти чектөө ченеми;
- аффилирленген жана МФК менен байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү;
- микрофинансылык компаниянын бир кызматкеринин компания тарабынан сунушталган кредиттери боюнча максималдуу чогуу алгандагы карызы;
- микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестициялардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү;
- мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын өлчөмү;
- уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү;
- уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү;
- мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү;
- карыздык баалуу кагаздарды чыгаруунун максималдуу көлөмү.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА), 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА), 2024-жылдын 16-октябрындагы N 2024-П-12/53-2-(НФКУ), 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4.2-2. Микрофинансылык компаниялар жеке адамдардан жана юридикалык жактардан кеминде 30 күндүк мөөнөткө мөөнөттүү аманаттарды гана тартууга укуктуу.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/4 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүргүзгөн микрофинансы компаниялары үчүн экономикалык нормативдер жана аларды эсептөө тартиби
5.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы N 2022-П-33/61-3-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.2. Минималдуу өздүк капиталдын нормативи;
5.2.1. Өздүк капиталдын минималдуу ченеминин М1 маанисин минималдуу уставдык капиталдын өлчөмүнөн кеминде 100% деңгээлде сактап туруу зарыл.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
5.2.2. МКФнын минималдуу өздүк капиталынын мааниси төмөнкү формула боюнча аныкталат:
М1 = ӨК / УК х 100%, мында
|
ӨК |
- |
датасына карата МФКнын эздүк капиталы (2.3.- 2.3.1-пунктчасын караңыз). |
|
УК |
- |
Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы № 2022-П-33/61-2-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомуна ылайык, тиешелүүлүгүнө жараша, жаңыдан ачылып жаткан жана аманаттарды тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү. |
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы N 2022-П-33/61-3-(НФКУ), 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5.3. Өздүк капиталдын адекваттуулугу (жетиштүүлүгү).
5.3.1. Өздүк капиталдын адекваттуулугунун (жетиштүүлүгүнүн) нормативинин М2 маанисин кеминде 8% деңгээлде сактап туруу зарыл.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы N 36\3 токтомунун редакциясына ылайык)
5.3.2. МФКнын өздүк капиталдын адекваттуулугунун нормативи төмөнкү формула боюнча аныкталат:
М2 = ӨК / АС х 100%, мында
|
ӨК |
- |
баалоо датасына карата МФКнын өздүк капиталы (ушул Эрежелердин 2.3.1-пунктуна ылайык). |
|
СА |
- |
валюта тобокелдиктерин хеджирлөө максатында улуттук валютада тартылган каражаттардын суммасынын өлчөмүндө күрөө катары коммерциялык банктарга жайгаштырылган депозиттердин суммасын, ошондой эле кардарлардын санын көбөйтүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдү кеңири жайылтууга багытталган техникалык жана программалык продуктуларга байланыштуу материалдык эмес активдерди алып салгандан кийинки баалоо күнүнө карата баланстык активдердин суммасы. |
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/3, 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) редакцияларына ылайык)
5.3-1. МФКнын суммардык капиталы (баалоо күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн суммасы катары аныкталат:
- өздүк капитал;
- учурдагы жылдын пайдасы (учурдагы жылы алынган салык салуудан кийинки пайда);
- кредиттер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабуу үчүн жалпы резервдер;
- башка активдер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга жалпы резервдер;
- негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча резерв;
- баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча резерв;
- субординацияланган карыз.
Субординацияланган карыз деп күрөө менен камсыздандырылбаган милдеттенмени түшүнүү зарыл, ал кредиторлордун талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда төлөнбөшү керек жана МФК жоюлган учурда ал боюнча талаптар кредиторлордун бардык талаптары канааттандырылгандан кийин, бирок МФКнын акционерлери менен эсептешүүгө чейин акыркы кезекте төлөнөт. Банкроттук жана жоюу учурларын кошпогондо, кредитордун келечекте пландаштырылган төлөмдөрдү (субординацияланган кредит/займ боюнча пайыздык киреше же негизги сумма) мөөнөтүнөн мурда төлөтүүгө эч кандай укугу жок. Төлөө мөөнөтү эң аз дегенде 5 (беш) жылды түзүүгө тийиш. Субординацияланган карызды амортизациялоо төлөө мөөнөтү аяктаганга чейинки калган беш жыл ичинде бирдей чегерүүлөр ыкмасынын негизинде жүргүзүлөт. Субординацияланган карыз, кеминде 5 (беш) жылды түзгөн минималдуу мөөнөт өткөндөн кийин, Улуттук банктан алдын ала уруксат алынгандан кийин гана, ошондой эле эгерде төлөө ченемдерди бузууга алып келбеген шартта гана төлөнүшү мүмкүн.
5.3-1.1. Суммардык капиталдын шайкештиги (жетиштүүлүгү).
М2 суммардык капиталдын шайкештик (жетиштүүлүк) ченеминин мааниси кеминде 9% деңгээлинде кармалып турууга тийиш.
5.3-1.2. МФКнын суммардык капиталынын шайкештик ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:
М2 = СумК / СА * 100%, мында:
СумК - МФКнын баа берүү күнүнө карата 5.3-1-пунктуна ылайык эсептелген суммардык капиталы;
СА - валюта тобокелдиктерин хеджирлөө максатында улуттук валютада тартылган каражаттардын суммасынын өлчөмүндө күрөө катары коммерциялык банктарга жайгаштырылган депозиттердин суммасын, ошондой эле кардарлардын санын көбөйтүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдү кеңири жайылтууга багытталган техникалык жана программалык продуктуларга байланыштуу материалдык эмес активдерди алып салгандан кийинки баалоо күнүнө карата баланстык активдердин суммасы.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
5.4. Бир карыз алуучунун тобокелдигинин максималдуу өлчөмү.
5.4.1. Бир карыз алуучунун тобокелдигинин максималдуу өлчөмүнүн М3 маанисин 5%тен ашпаган деңгээлде сактап туруу зарыл.
5.4.2. Бир карыз алуучунун тобокелдигинин максималдуу өлчөмүнүн нормативин эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
М3 = ЖК / ӨК х 100%, мында
|
СЗ |
- |
карыз алуучунун кредиттер (мөөнөтүнө карабастан), факторинг жана финансы лизинги боюнча баалоо күнүнө карата чогуу алгандагы карызы; |
|
ӨК |
- |
баалоо датасына карата өздүк капитал |
Дүңүнөн кредиттөө менен алектенген МФКлар үчүн бир эле адамга берилүүчү микрокредиттин максималдуу жалпы өлчөмү өздүк капиталдын 20 пайызынан ашпоого тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
5.4.3. Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө ар башка карыз алуучулардын кайсы болбосун карызы суммаланууга жана бирдиктүү тобокелдик катары каралууга тийиш, эгерде:
а) бир карыз алуучу башка карыз алуучу тарабынан контролдукка алынса;
Эскертүү: Контролдук - чечимдерди тике же кыйыр аныктоо же кабыл алынып жаткан чечимдерге таасир этүү, анын ичинде келишимдин (оозеки келишимди кошо алганда) же башка бүтүмдүн негизинде жөндөмдүүлүгү.
б) бир нече карыз алуучу бир эле жак тарабынан контролдукка алынса;
в) бир карыз алуучунун карызды кайтарбай коюшу башка карыз алуучунун карызды кайра кайтарбай коюшу көйгөйүнө алып келсе;
г) карызды кайтаруу үчүн карыздын ордун жабуунун (камсыз кылуу) экинчи булагын кошо алганда, бир эле булак колдонулса.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА), 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5.5. Ликвиддүүлүк
5.5.1. Ликвиддүүлүк нормативинин М4 маанисин 30%тен кем эмес деңгээлде сактап туруу зарыл.
5.5.2. Аманаттарды тарткан МФКлар үчүн ликвиддүүлүктүн нормативи төмөнкү формула боюнча аныкталат.
М4 = ЛА / МИ * 100%, мында
|
ЛА |
- |
МФКнын ликвиддүү активдери, алар төмөнкүлөрдү камтыйт: а) накталай акча каражаттарын (касса); б) банктардагы эсептешүүчү жана депозиттик (баалоо учурунан тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө кайра кайтаруу менен) счеттордогу каражаттар; в) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин баалуу кагаздары жана Улуттук банктын баалуу кагаздары, булар баалоо учурунан тартып 30 күндүн ичинде акча каражаттарына айландырылышы мүмкүн. |
|
МИ |
- |
МФКнын милдеттенмелери, анын ичинде алар боюнча баалоо учурунан тартып 30 күн ичинде эсептөөлөр түшө турган тартылган аманаттар. |
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы N 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
5.5.3. МФК ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясатын иштеп чыгууга тийиш, ал төмөнкүдөй факторлорду эске алат:
- ликвиддүүлүккө керектөөгө контролдук кылуу жана милдеттенмелерди аткаруу үчүн МФКнын активдеринин бери болгондо ар жумадагы өлчөнүшүн жана жетиштүүлүгүнүн мониторингин;
- Депозиттик базанын структурасын жана туруктуулугун (аманаттарды кайра кайтаруунун мөөнөттөрүн, булактардын топтолушун. проценттик ставкаларды аныктоо саясатын);
- Рынокто карыз алуу кудуретин;
- Ликвиддүүлүк кризисинин учурунда пландаштырууну.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
5.6. Аманаттарды кайра кайтаруу боюнча тобокелдикти чектөө нормативи.
5.6.1. Тартылган аманаттарды кайра кайтаруу боюнча тобокелдикти нормативинин М5 маанисин 100%тен кем эмес деңгээлде кармап туруу зарыл.
5.6.2. аманаттарды кайра кайтаруу боюнча тобокелдикрйрмативи төмөнкү формула боюнча аныкталат:
М5= К / С х 100%, мында
|
К |
- |
баалоо датасына карата проценттер же негизги сумма боюнча кандайдыр бир мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орун албаган кредиттер. |
|
С |
- |
баалоо датасына карата тартылган аманаттардын суммасы. |
5.6.2-1. Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери жана жеке адамдар алдында башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (М5.1) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
М5.1 = СумК / СДФЛ * 100%, мында:
СумК – МФКнын суммардык капиталы;
СДФЛ – мөөнөттүү депозиттердин жана жеке адамдар алдында башка милдеттенмелердин суммасы, анын ичинде сактык (депозиттик) сертификаттар, облигациялар жана башкалар.
Бул ченем, ошондой эле анын мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими боюнча белгилүү бир МФК үчүн өзүнчө белгилениши мүмкүн.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
5.7. Аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялар.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
5.7.1. Депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан МФКлар, аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларды Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-6-(ЧУА) токтому менен бекитилген «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоого ылайык жүзөгө ашырышат. Аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин аффилирленген жана байланыштуу жактардын МФК алдындагы чогуу алгандагы карызы катары туюндурулган максималдуу өлчөмү, МФКнын өздүк капиталынын 60% ашпоого тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА), 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5.7.2. МФК кредит берген, МФКнын бир кызматкеринин чогуу алгандагы карызы МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 5% ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат:
СЗС / ӨК * 100% ≤ 5%, мында:
СЗС - МФК баалоо датасына карата кредит берген, МФК бир кызматкеринин чогуу алгандагы карызы;
ӨК - МФКнын баалоо датасына карата өздүк капиталы.
МФК бардык аффилирленген жана ал менен байланыштуу жактарга берилген бардык кредиттердин жана аларды алмаштыруучулардын жалпы суммасы МФКнын өздүк капиталынын 60% ашса, аффилирленген жана ал менен байланыштуу жактарга кредит берүүгө (анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык) укуксуз.
МФКнын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине кредит берүү операциялары Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-6-(ЧУА) токтому менен бекитилген «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоодо көрсөтүлгөн талаптар сакталган шартта гана жүзөгө ашырылат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА), 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5.7.3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.8. Микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестициялардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык)
5.8.1. МФК микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга гана инвестиция жумшоого укуктуу. Мында, МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестициялары Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамында аныкталган, микрофинансылык уюмдардын иш максаттарына ылайык келүүгө тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык)
5.8.2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.8.3. МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестицияларынын, карыздык милдеттенмелеринин, лизинг жана факторинг боюнча финансылык салымдарынын, кредиттеринин жана ушундай эле башка финансылык салымдарынын) максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 30% ашпоого тийиш жана ал ушул эрежелердин 2.4-пунктунун 2.4.2-пунктчасына ылайык аныкталат.
Ушул ченемди эсептөөдө алардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) МФКнын инвестициялары жайгаштырылган микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга берилген кредиттер эсепке алынат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык)
5.9. Мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын өлчөмү.
МФКлардын мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестицияларынын жалпы өлчөмү анын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/4 токтомунун редакциясына ылайык)
5.10. Аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырган МФК, юридикалык жактардан жана жеке адамдардан - МФКны уюштуруучулардан (акционерлерден) жана юридикалык жактардан каражаттарды карыз алууга укуктуу.
Уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттар боюнча пайыздык чен Улуттук банктын эсептик ченинен 5 пайыздык пунктка ашпоого тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
5.10.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.10.2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.11. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.11.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.11.2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5.12. Аманаттарды кабыл алган МФКлар үчүн мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициянын максималдуу өлчөмү.
Мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициянын максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.
Мүлк дегенден улам, МФКга таандык же ижара келишими боюнча МФКнын карамагында турган жана/же негизги каражат катары колдонула турган мүлктү (анын ичинде курулуп/монтаждалып жаткан кыймылсыз мүлк, транспорт каражаттары ж.б.) түшүнүүгө болот.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 16-октябрындагы N 2024-П-12/53-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
5.13. МФК, эл аралык облигацияларды кошпогондо, Улуттук банк тарабынан белгиленген чекте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акцияларды жана карыздык баалуу кагаздарды (облигациялар жана векселдер) чыгарууга укуктуу.
Бул чектөө, ошондой эле анын мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими менен белгилүү бир МФК үчүн өзүнчө белгилениши мүмкүн.
Кредиттерди жана зайымдарды төлөө үчүн, ошондой эле облигацияларды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейинки акыркы жыл ичинде кредиттер жана зайымдар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыз болгон учурда облигацияларды чыгарууга жол берилбейт.
МФКнын акциялары жана башка баалуу кагаздары үчүн векселдер, ошондой эле санкциялык тизмелерде турган жеке адам жана юридикалык жактарга, террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке адам жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын акча каражаттары, баалуу кагаздары, башка буюмдары же мүлктүк укуктары же акчалай баасы бар башка укуктары менен төлөөгө тыюу салынат (Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин Жыйынды санкциялык тизмеги).
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 23-октябрындагы № 2025-П-12/55-4-(НПА), 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырган МФКлар экономикалык нормативдерди жана талаптарды аткарышынын жана алардын маалыматтарды Улуттук банкка берүүсүнүн тартиби
6.1. Микрофинансы компаниялары экономикалык нормативдерди жана Улуттук банктын талаптарын сактоонун мониторингин бери болгондо жума сайын жүргүзүүгө тийиш.
6.2. МФКлар үчүн белгиленген экономикалык нормативдерди жана талаптарды сактоону текшерүү ар кандай датадагы абал боюнча КРУБ тарабынан жүргүзүлөт.
6.3. МФКлар чейрек сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун алкагында Улуттук банкка экономикалык ченемдердин аткарылышы боюнча маалымат берип туруулары тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
6.4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6.5. МФК ушул эрежелердин 2.5-пунктунда аныкталгандай тышкы аудитордун толук отчетун жана жетекчиликке катты Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.
6.6. Микрофинансылык компаниялар экономикалык ченемдерди жана башка талаптарды сактабагандыгы, алар маалыматтарды сунуштабагандыгы, ошондой эле өз учурунда бербегендиги же такталбаган маалыматты бергендиги фактылары аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы МФКга карата Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" мыйзамдарына жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик актыларына ылайык таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы N 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
6.7. МФКлар өздөрүнүн финансылык отчеттуулугу жалпыга маалымдоо каражаттарына квартал сайын жарыялангандан кийин 5 жумуш күнүнүн ичинде анын көчүрмөсүн Улуттук банкка берүүгө тийиш.
6.8. МФК дивиденддердин суммасын эсептөө үчүн Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (мындан ары – ФОЭС) жана Улуттук банктын талаптарына ылайык эсептелген таза пайданын эң аз өлчөмүн колдонууга тийиш.
МФК акционерлерине дивиденд төлөө үчүн Улуттук банктан уруксат алууга милдеттүү. Дивиденддерди төлөөгө Улуттук банктан уруксат алуу үчүн документтер МФКнын акционерлеринин жалпы чогулушуна чейин он жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка берилүүгө тийиш. Документтерге МФКнын дивиденддерди төлөө мөөнөттөрү боюнча пландары, ФОЭСтин жана Улуттук банктын талаптарына ылайык эсептелген таза пайданын көрсөткүчтөрү жана дивиденддерди төлөп бергенден кийин экономикалык ченемдердин сакталышы боюнча эсептөөлөр тиркелүүгө тийиш.
Эгерде МФКнын ишинин туруктуулугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон төмөнкү учурлардын бири орун алган шартта, Улуттук банк МФКга дивиденддерди төлөөгө чектөө киргизиши мүмкүн:
1) бул Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин жана чектөөлөрдүн бузулушуна алып келсе;
2) МФК Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди жана чектөөлөрдү сактабаса;
3) өткөн жылдарда же отчеттук жылда чыгым болсо;
4) Улуттук банктын талаптарына ылайык, мүмкүн болуучу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабуу үчүн резервди кошумча эсептөө боюнча Улуттук банктын жазма буйругу/талабы аткарылбаса;
5) Улуттук банктын таасир этүү чарасы катары жөнөтүлгөн талабы аткарылбаса.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
7. Микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин ишин жөнгө салуу
(Бөлүк КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомунун редакциясына ылайык)
7.1. МКК же МКА акционердик коом формасындагы МКК тарабынан чыгарылган акциялардан тышкары, баалуу кагаздарды чыгарууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамынын 33-беренесинде каралбаган башка банктык операцияларды жүзөгө ашырууга укугу жок.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2025-жылдын 22-январындагы № 2025-П-12/2-3-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7.2. МКК тарабынан бир эле ошол адамга же байланыштуу жактардын тобуна берилүүчү микрокредиттин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү Улуттук банк тарабынан жаңы түзүлгөн МКК үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн 10 пайыздан ашпаган өлчөмдө аныкталууга тийиш. Бул чектөө факторингдик операцияларга да таркатылат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомунун редакциясына ылайык)
7.3. Дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган МКК үчүн бир эле ошол карыз алуучуга же байланыштуу жактардын тобуна берилүүчү микрокредиттин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капитал өлчөмүнүн 20 пайызынан ашпоого тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомунун редакциясына ылайык)
7.4. Финансылык ижара (лизинг) боюнча микрокредиттин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү микрокредиттик компаниянын өздүк капиталынын 10 пайызынан ашпоого тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы N 2022-П-33/61-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)
7.5. МКК үчүн төмөнкү ченемдер белгиленсин:
7.5.1. МКК, анын ичинде дүң кредиттөөнү ишке ашырган МКК юридикалык жактардан жана жеке адамдардан - МККны уюштуруучулардан (акционерлерден) жана юридикалык жактардан каражаттарды карыз алууга укуктуу.
Уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттар боюнча пайыздык чен Улуттук банктын эсептик ченинен 5 пайыздык пунктка ашпоого тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
7.6. Дүңүнөн кредиттөө менен алектенген (апекстик институттар) жана кредиторлор алдында милдеттемелери бар (анын ичинде ФКУ) МКК үчүн өздүк капиталдын шайкештик (жетиштүүлүк) ченеми белгиленсин.
Өздүк капиталдын шайкештик (жетиштүүлүк) ченеминин (М2) мааниси кеминде 8% деңгээлинде колдоо зарыл.
Өздүк капиталдын шайкештик ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:
М2 - ӨК/СА х 100%, мында:
ӨК - МККнын баалоо күнүнө карата өздүк капиталы (ушул Эрежелердин 7.7-пунктуна ылайык);
СА - валюта тобокелдиктерин хеджирлөө максатында улуттук валютада тартылган каражаттардын суммасынын өлчөмүндө финансы-кредит уюмдарына күрөө катары жайгаштырылган депозиттердин суммасын минуска чыгаруу менен баалоо күнүнө карата баланстык активдердин, ошондой эле кардарлардын санын жана кызмат көрсөтүүлөрдү кеңири жайылтууга багытталган техникалык жана программалык продуктуларга байланыштуу материалдык эмес активдердин суммасы.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
7.7. МККнын өздүк капиталын эсептөө (баалоо күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде ишке ашырылсын:
- төлөнгөн уставдык капиталдын (жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялардын наркы же үлүштүк капитал);
- номиналдан үстөк салынган капиталдын (акционердик коомдор үчүн);
- жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капиталдын;
- келечектеги керектөөлөр үчүн каралган камдардын;
- мөөнөтсүз субординацияланган карыз;
Мөөнөтсүз субординацияланган карыз деп күрөө менен камсыздандырылбаган, төлөө мөөнөтү жок, кредиторлордун талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда төлөнбөшү керек болгон жана МКК жоюлган учурда кредиторлордун бардык талаптары канааттандырылгандан кийин, бирок МККнын акционерлери/катышуучулары менен эсептешүүгө чейин акыркы кезекте төлөнүүчү милдеттенмени түшүнүү зарыл. МКК кайсыл болбосун учурда субординацияланган карыз боюнча пайыздык төлөмдөрдү жокко чыгарууга толук укуктуу болушу керек. МККнын демилгеси боюнча мөөнөтсүз субординацияланган карызды Улуттук банктын алдын ала уруксатын алгандан кийин жана төлөө ченемдерди бузууга алып келбеген шартта гана, кеминде беш жылды түзгөн мөөнөт өткөндөн кийин төлөөгө жол берилет.
- өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын/чыгымынын;
- өтүп жаткан жыл ичиндеги чыгымдын;
- башка микрофинансылык уюмдардын, лизинг компаниялардын жана банктардын капиталына (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестицияларды минуска чыгаруу менен.
Мында, капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар дегенден улам, МФУнун, лизинг компанияларынын жана банктардын капиталына айкын салынган каражаттардын калдыгын түшүнүү зарыл.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
7.7.1. МККнын өздүк капиталынын минималдуу өлчөмүнүн ченеми.
1) Өздүк капиталдын минималдуу ченеминин маанисин минималдуу уставдык капиталдын өлчөмүнөн кеминде 100% деңгээлде сактап туруу зарыл.
2) МКК өздүк капиталынын минималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:
ӨК / УК * 100%, мында:
ӨК - Баалоо датасына карата МККнын өздүк капиталы (ушул Эреженин 7.7-пунктуна ылайык);
УК - Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы № 2022-П-33/61-2-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомуна ылайык, тиешелүүлүгүнө жараша, жаңыдан ачылып жаткан жана учурда иштеп жаткан МФКлар үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы №2019-П-33/4-2-(НПА), 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7.8. МКА өз каражаттарынын, финансы-кредиттик уюмдардан жана/же эл аралык финансы уюмдарынан карызга алынган каражаттардын эсебинен гана, микрокредиттик агенттиктин катышуучулары тарабынан аныкталуучу коммерциялык эмес уюмдун уставдык максаттарына ылайык, карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда жеке жана юридикалык жактарга микрокредиттерди (камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттер) улуттук валютада берет.
7.8.1. Микрокредиттик агенттик тарабынан ошол эле бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна берилген кредиттин жана лизингдин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү 1 млн сомдон ашпаган өлчөмдө аныкталууга тийиш.
Мында ошол эле бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна 200 миң сомдон ашпаган өлчөмдө берилген микрокредиттер МКАнын жалпы кредит портфелинин 10 же андан көбүрөөк пайызын түзүүгө тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 17/2, 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык).
7.8.2. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамынын 2-беренесинин максаттарын эске алуу менен МКАнын ошол эле бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна ушул эрежелердин 7.8.1-пунктчасында белгиленген микрокредиттин максималдуу өлчөмүнөн жогору өлчөмдө берилүүчү микрокредитти жана лизингди төмөнкү максаттарга МКАнын өздүк капиталынын (капиталдын баланстык наркы) 2 пайызынан ашпаган өлчөмдө сунуштоого жол берилет:
а) бизнести (ишкердик ишин уюштуруу үчүн негизги жана жүгүртүү каражаттарын сатып алуу) же жаңы ишкердик багытын түзүү;
б) төмөнкү маселелердин бири аткарылган учурда, иштеп жаткан бизнести/ишкердикти кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө:
- технологияны жаңыртууга багытталган жаңы технологияларды ишке киргизүү, инновациялык жабдууларды жана техниканы ишке киргизүү;
- бизнес-процесстерди автоматташтыруу;
- кошумча жумуш орундарын түзүү;
- өндүрүштүн масштабын кеңейтүү.
Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн микрокредиттерди жана лизингдерди берүүдө микрокредиттик агенттик төмөнкү шарттарды аткарууга тийиш:
1) микрокредиттик агенттикте продукттун белгилүү бир түрүн жана сунушталып жаткан каржылоонун максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү тартибин аныктоо менен микрокаржылоо максаттарына жана милдеттерине ылайык иштелип чыккан каржылоо саясатынын болушу;
2) кеминде эки кредиттик бюродон карыз алуучу жөнүндө маалыматты (кредиттик отчетторду) жана МКАнын каалоосу боюнча карыз алуучу менен байланыштуу жактар жөнүндө маалыматты (эгерде алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык макулдугу болсо) талап кылууга;
3) өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтин болушу (өтүнүч ээсинин киреше алып келүүчү активдерге ээлик кылуу укугу, иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу маалым кат, патент же салык кызматы органынын өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечими же күбөлүк ж.б.), ошондой эле микрокредиттик агенттиктин кредиттик саясатына жана/же башка ички документтерине ылайык, кредит менен иш алып барган жооптуу адистин же кызматкердин корутундусу менен тастыкталган өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү;
4) өтүнүч ээси кредит алууга бизнес-планды сунуштоого тийиш, бул бизнес-планда тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолор менен бирге кредитти пайдалануу максаттары көрсөтүлүүгө тийиш.
Мында, МКАнын кредит портфелинде жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин үлүшү 70 же андан көп пайызды ээлесе, анда 7.8.1-пунктта көрсөтүлгөн чектөөлөр бул МКАга таркатылбайт.
Эгерде МКАнын кредит портфелинде жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин үлүшү 70 пайыздан азды түзсө, 100 миң сомго чейинки өлчөмдөгү микрокредиттер МКАнын жалпы кредит портфелинин 20 же андан көбүрөөк пайызын түзүүгө тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 17/2, 2016-жылдын 15-июнундагы № 25/2, 2024-жылдын 31-октябрындагы № 2024-П-12/58-2-(НПА), 2025-жылдын 23-октябрындагы N 2025-П-12/55-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7.8-1. МКК жана МКА микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга гана инвестицияларды ишке ашырууга укуктуу.
МККнын микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестицияларынын максималдуу жалпы көлөмү (капиталга инвестициялар (акциялар, үлүштүк катышуу), карыздык милдеттенмелер, лизинг жана факторинг боюнча финансылык салымдар, кредиттер жана башка ушул сыяктуу финансылык салымдар) МККнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 30 пайызынан ашпоого тийиш жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:
СИ/ӨК * 100% ≤ 30%, мында:
|
СИ |
- |
МККнын баа берүү күнүнө карата инвестицияларынын жалпы көлөмү; |
|
ӨК |
- |
ушул Эрежелердин 7.7-пунктуна ылайык баа берүү күнүнө карата МККнын өздүк капиталы. |
Бул ченемди эсептөөдө капиталына (акциялар, үлүштүк катышуу) МККнын инвестициялары жайгаштырылган микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга берилген кредиттер эске алынат.
Бул ченемди эсептөөдө инвестициялардын жалпы өлчөмүнө банктын капиталына салынган инвестициялар киргизилбейт, алар:
- МФУ тарабынан 2026-жылдын 1-апрелине чейин ишке ашырылган;
- Улуттук банктан 2026-жылдын 1-апрелине чейин банкты түзүүгө уруксат алган МФУ.
Бул ченем дүңүнөн кредиттөө менен алектенген МККларга жайылтылбайт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык).
7.8-2. МКК/МКА ички ченемдик документтердин талаптарына ылайык, Улуттук банктын экономикалык ченемдеринин жана талаптарынын сакталышына мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүүгө тийиш.
МКК/МКА мезгил-мезгили менен берилүүчү отчеттун алкагында Улуттук банкка экономикалык ченемдердин жана чектөөлөрдүн аткарылышы жөнүндө маалыматты берүүгө тийиш.
Улуттук банк МКК/МКА үчүн белгиленген экономикалык ченемдердин жана чектөөлөрдүн сакталышын кайсыл болбосун күнгө карата абал боюнча текшере алат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык).
7.9. МКК/МКА иш кагаздарын мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде жүргүзүүгө тийиш. Бардык ички документтерди, анын ичинде контрагенттер менен түзүлгөн келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде тариздетүү зарыл. Мында, контрагенттер менен мамлекеттик тилде жана расмий жана чет тилде бирдей юридикалык күчкө ээ болгон келишимдерди тариздетүүгө жол берилет. Келишимдерди чет тилде тариздетүүгө мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу болгон шартта гана жол берилет.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 8-декабрындагы № 2023-П-12/76-1-(БС) токтомунун редакциясына ылайык)
7.9-1. МКК дивиденддердин суммасын эсептөө үчүн ФОЭСке жана Улуттук банктын талаптарына ылайык эсептелген таза пайданын эң аз өлчөмүн колдонууга тийиш.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
7.10. Эгерде МККнын үчүнчү жактар алдында милдеттенмеси болсо, ошондой эле МККнын ишинин туруктуулугуна коркунуч жараткан төмөнкү учурлардын бири орун алган шартта, Улуттук банк МККга дивиденддерди төлөөгө/пайданы бөлүштүрүүгө тыюу салышы же чектөө киргизиши мүмкүн, эгерде:
1) бул Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин жана чектөөлөрдүн бузулушуна алып келсе;
2) МКК Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди жана чектөөлөрдү сактабаса;
3) өткөн жылдарда же болбосо отчеттук жыл ичинде чыгым болсо;
4) Улуттук банктын талаптарына ылайык, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабуу үчүн резервди кошумча чегерүү боюнча Улуттук банктын жазма буйругу/талабы аткарылбаса;
5) Улуттук банктын таасир этүү чарасы катары жөнөтүлгөн талабы аткарылбаса.
Эскертүү: Үчүнчү жактар алдында милдеттенме катары МКК менен байланышпаган юридикалык жактар жана жеке адамдар алдында МККнын милдеттенмелерин түшүнүү зарыл.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы №2025-П-12/71-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
Эскертүү:
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
|
|
|
Тиркеме |
Улуттук банктан лицензия алган МФКлар үчүн эканомикалык нормативдердин аткаруу боюнча форма
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)







