Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук Банк Башкармасынын 

2009-жылдын 23-декабрындагы 

N 50\7 токтому менен 

бекитилген 

Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-декабрындагы N 48/10, 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/4, 2014-жылдын 30-майындагы № 24/10, 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ), 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА), 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-8-(НФКУ), 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ), 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ), 2022-жылдын 21-декабрындагы N 2022-П-12/81-7-(НФКУ), 2023-жылдын 14-июнундагы № 2023-П-12/38-4-(НПА), 2023-жылдын 30-августундагы № 2023-П-12/55-1-(НПА), 2023-жылдын 8-декабрындагы № 2023-П-12/76-1-(БС), 2024-жылдын 14-августундагы N 2024-П-12/36-1-(НПА), 2024-жылдын 16-октябрындагы N 2024-П-12/53-2-(НФКУ), 2024-жылдын 31-октябрындагы № 2024-П-12/58-2-(НПА), 2025-жылдын 18-июнундагы № 2025-П-12/28-1-(НПА), 2025-жылдын 23-октябрындагы N 2025-П-12/55-3-(НПА), 2025-жылдын 23-октябрындагы № 2025-П-12/55-4-(НПА), 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА), 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

1.2. Кредиттик союздарда, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөөнүн шайкеш системасын калыптандыруу боюнча минималдуу талаптарды аныктоо, ушул Жобонун максаты болуп саналат.  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча колдонулган терминдер жана аныктамалар өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында келтирилген терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.3. Кредиттик тобокелдик - бул, карыз алуучулардын келишим мөөнөттөрүнө жана шарттарына ылайык өз милдеттенмелерин ошондой эле, контрагенттердин финансылык контрактылар боюнча милдеттенмелерин аткара албай калуусу учурунда келип чыккан тобокелдик. 

Кредиттик тобокелдик, карыз алуучунун күнөөсү боюнча анын төлөөгө жөндөмсүздүгүнөн улам, төлөө мөөнөтүнүн өткөрүлүп жиберилишине сыяктуу эле, күрөөнүн сапатына, менчиктин формасына, тармактык тиешелүүлүгү боюнча карыз алуучунун түрүнө, гарантиялардын болушуна жана анын түрлөрүнө, ошондой эле гаранттардын ишенимдүүлүгүнө, кредиттер боюнча мурда алынган милдеттенмелердин аткарылышына баа берүүгө, карыз алуучунун ишинин андан ары өнүгүү келечегине да байланыштуу. 

Кредиттик тобокелдик алгылыктуу натыйжа, кредиттик союздун катышуучусунун-карыз алуучусунун (мындан ары карыз алуучу), же болбосо контрагенттердин кредиттик союз алдында келишимде жана/же макулдашууда каралган өз милдеттенмелерин аткарышына жараша аныкталган, кредиттик союздун ишинин бардык түрлөрүндө орун алышы ыктымал. 

Кредиттик тобокелдикти тескөө максаты, кредиттик союздун бул тобокелдикке дуушарлануу деңгээлин аныктоодон, анын келип чыгуу себептерине иликтөөлөрдү жүргүзүүдөн жана тобокелдиктин артышынын ички жана тышкы тенденцияларын аныктоодон, ошондой эле алардын негизинде кредиттик тобокелдикти болжолдоого жана аны алгылыктуу чекке чейин басаңдатуу үчүн зарыл чараларды көрүүдөн көрүнөт. 

1.4. Аялдар ишкердиги - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү ишкердик иш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 18-июнундагы № 2025-П-12/28-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.5. Кредиттик бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу (мындан ары - өзүнө-өзү тыюу салуу) - жеке адамдын "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык аны менен кредиттик келишим же акча каражаттарын жана (же) башка мүлктү карызга берүү каралган башка келишим (мындан ары - кредиттик келишим) түзүүгө тыюу салуу жөнүндө өз алдынча эрк билдирүүсү.  

Өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө, ошондой эле өзүнө-өзү тыюу салууну алып салуу жеке адам тарабынан Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу же Улуттук банк тарабынан аныкталуучу башка ыкмада акысыз өз алдынча жүзөгө ашырылат. Белгиленген өзүнө-өзү тыюу салуу, ушул өзүнө-өзү тыюу салуу белгиленгенге чейин насыялык уюмдар менен түзүлгөн кредиттик келишимдерге карата кайтарым күчкө ээ эмес. Кредиттик келишимдерди түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалымат өзүнө-өзү тыюу салууну белгилеген насыялык маалымат субъектинин тандоосу боюнча насыялык бюролорго жөнөтүлөт. Кредиттик союздар кредиттик келишимдерди түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу (тыюу салууну алып салуу) жөнүндө маалыматты алуу максатында учурдагы насыялык бюролор менен системалар аралык интеграцияны камсыздайт.  

Өзүнө-өзү тыюу салууну киргизүүнү баштоо, узактыгы жана аяктоо мөөнөттөрүн аныктоо тартиби, ошондой эле өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө формасы жана ага карата талаптар (тыюу салууну алып салуу) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелеринде белгиленген. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 23-октябрындагы N 2025-П-12/55-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.6. Керектөөчү кредиттин толук наркы – карыз алуучунун келишим боюнча керектөөчү кредитти алуу жана тейлөө менен байланышкан бардык чыгашаларынын чогуу алгандагы өлчөмү, анын ичинде пайыздар (үстөк баа), комиссиялар жана башка милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле товардын (жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн ) наркынын керектөөчү кредитти берүүдөн улам көбөйүшү. 

1.7. Керектөөчү кредит – кредиттик союз тарабынан мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөө шарттарында, анын ичинде карыз алуучу керектөөчү кредит келишиминин алкагында акчалай милдеттенмени бөлүп төлөө (мөөнөтүн кийинкиге калтыруу) менен товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө максаттарында берилүүчү кредит же ислам принциптери боюнча каржылоо. Керектөөчү кредит жеке адамдарга ишкердик иш жана пайда табуу менен байланышпаган жеке, үй-бүлөлүк же тиричилик максаттары үчүн берилет. Ушул Жобонун максаттары үчүн турак жай кыймылсыз мүлкүн сатып алууга, курууга же бүтүрүүгө байланыштуу жана кыймылсыз мүлк менен камсыздалган кредиттер жана бөлүп төлөөлөр керектөөчү кредиттерге кирбейт. Керектөөчү кредиттер тараптардын макулдашуусу боюнча пайыздык чендерди (үстөк бааларды) эсептебестен берилиши мүмкүн. 

Кредит берүүнүн жалпы шарттары, пайыздык чендердин өлчөмү, кошумча баа, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сый акылар жана тарифтер жөнүндө маалымат кардарлар үчүн ачык жана жеткиликтүү болушу керек жана коммерциялык же банктык сырдын предмети боло албайт.  

Керектөөчү кредит берүүнүн шарттары жана тартиби кардарларды тейлөө жайларында жана кредиттик союздун расмий интернет-сайтында (эгерде бар болсо) адамдардын чектелбеген чөйрөсү үчүн эркин жеткиликтүү түрдө милдеттүү түрдө ачыкка чыгарылууга тийиш. 

Керектөөчү кредиттер боюнча пайыздык чендердин өзгөрүшү жөнүндө маалымат кардарларды тейлөө жайларында, кредиттик союздун расмий интернет-сайтында (эгерде бар болсо) жана/же байланыштын башка каналдары аркылуу алар күчүнө кирген күндөн кечиктирилбестен жарыяланат.  

1.8. Ушул жобонун максаттары үчүн:  

- «кредит» термини ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча берилген каржылоону да билдирет;  

- «кредиттик келишим» термини ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча берилген каржылоо келишимин да билдирет;  

- «пайыздык чен» термини ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча берилген каржылоо боюнча үстөк бааны да билдирет.  

Үстөк баа – ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келишимдер боюнча кирешелүүлүктүн номиналдык жылдык пайыздык мааниге келтирилген нормасы, ошондой эле товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн баасына (наркына) салыштырмалуу карыз алуучунун милдеттенмесинин суммасынын толук бир жолку төлөмдө көбөйүшү.  

Ушул жобонун максаттары үчүн ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча келишимде үстөк баа номиналдык жылдык пайыздык маанисин кошумча ачып көрсөтүү менен абсолюттук мааниде көрсөтүлүшү керек (карызды төлөө же кирешени эсептөө графиги түзүлгөн операциялар боюнча). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Кредиттик тобокелдикти тескөө 

2.1. Кредиттик союздун башкармасы, кредиттик тобокелдикти тескөөнүн жана мониторинг жүргүзүүнүн бардык аспекттери боюнча укуктарды жана милдеттенмелерди белгилөө менен так аныкталган кредиттик түзүмдүн ошондой эле, кредиттик тобокелдикти аныктоого, жана ага баа берүүгө, контролдоого мүмкүндүк берген тиешелүү инструменттерди камтыган ушул тобокелдикти тескөөнүн таасирдүү системасынын түптөлүшүн камсыз кылышы зарыл. 

2.2. Кредиттик тобокелдикти аныктоо - бул, тобокелдиктерди аныктоого багытталууга тийиш болгон, туруктуу негизде жүзөгө ашырылган процесс. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3. Кредиттик тобокелдикти өлчөө кредиттик союздун тышкы жана ички шарттарын эске алуу менен жүргүзүлүшү зарыл. Кредиттик союз тарабынан колдонулган тобокелдикти өлчөө инструменттери, тобокелдиктин татаалдыгын жана деңгээлин чагылдырууга тийиш. Кредиттик союз өзү колдонгон тобокелдиктин өлчөө инструментине мезгил-мезгили менен баа берүүсү зарыл. 

2.4. Кредиттик тобокелдикти контролдоо. Кредиттик союз өз кызматкерлеринин укуктарын жана жоопкерчилигин аныктаган лимиттерди саясаттарда, эрежелерде жана жол-жоболордо белгилөөгө жана көрсөтүүгө тийиш. Контролдук чектөөлөр жөнгө салынууга тийиш, б.а. кредиттик союзда көрсөтүлгөн лимиттерге саясаттарда белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү караштырылышы зарыл. 

2.5. Кредиттик тобокелдикке мониторинг жүргүзүү боюнча отчеттор мезгил-мезгили менен, так, өз убактысында кредиттик союздун жоопкерчиликтүү адамдарына зарыл корректировкалоо чараларын кабыл алуу үчүн сунушталууга тийиш. Кредиттик союздун кредиттик операциялары анын катышуучуларынын жалпы жыйынында бекитилген ички кредиттик саясатка ылайык жүзөгө ашырылат. Кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйыны кредит саясатынын шайкештигине мезгил-мезгили менен иликтөөлөрдү жүргүзүп турууга тийиш. 

2.6. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүргүзгөн кредиттик союздар кредиттик тобокелдикти тескөө алкагында кредиттик саясаттын, типтүү келишимдердин, бардык продукттарды берүүнүн жалпы шарттарынын Шариат стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүсүн камсыз кылууга тийиш.  

Кредиттик саясаттын, типтүү кредиттик келишимдердин, бардык продукттарды берүүнүн жалпы шарттарынын Шариат стандарттарына ылайык келүүсүн кредиттик союзда же финансы-кредит уюмдардын ассоциацияларынын (бирикмелеринин) алдында түзүлгөн Шариат кеңеши камсыз кылат.  

Кредиттик саясаттын шарттарына, типтүү кредиттик келишимдерге, продукттарды берүү шарттарына киргизилген бардык олуттуу өзгөртүүлөр Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш.  

Өз милдеттерин аткарууда Шариат кеңеши кредиттик союздун Башкармасынан көз карандысыз болуусу зарыл.  

Шариат кеңеши жөнүндө жободо төмөнкүлөр аныкталууга тийиш:  

- Шариат кеңешинин ишин уюштуруу (регламент) - кеңештин курамы, отурумдарды өткөрүү тартиби;  

- Шариат кеңешинин ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги; 

- Башкарма жана Каржылоо боюнча комитет менен өз ара иш алып баруу тартиби;  

- отурумдарды өткөрүү тартиби, алар бетме-бет же аралыктан өткөрүлүшү мүмкүн. Мында Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн түз катышуусу менен отурумдар жылына кеминде бир жолу өткөрүлүүгө тийиш экендигин, ал эми эгерде отурумга Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн 2/3 бөлүгү катышса, Шариат кеңеши күн тартибиндеги маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу экендигин аныктоо зарыл;  

- Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тартиби. 

Каржылоо келишими (кредиттик келишим) Шарият кеңеши тарабынан бекитилген типтүү келишимдин бардык маанилүү (негизги) шарттары өзгөрүүсүз сакталган шартта, кредиттик союз тарабынан (акча каражаттарын жайгаштыруу боюнча бүтүмдүн өзгөчөлүктөрүн жана талаптарын эске алуу менен анын шарттарын тактоо боюнча) Шарият кеңеши менен кошумча макулдашуусуз өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн.  

Шарият кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдер кредиттик союздун кардары сыяктуу эле, үчүнчү жактар үчүн да жеткиликтүү болушу керек. Кредиттик союз Шарият кеңешинин чечимине түшүндүрмө берүүгө милдеттүү. Мында кардарларга берилүүчү түшүндүрмө Шарият кеңеши менен алдын ала макулдашылышы керек. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

3. Кредиттик союздун кредит саясаты 

3.1. Кредиттик саясат стратегияны, критерияларды, параметрлерди жана жол-жоболорду аныктоого тийиш, анткени булар менен кредиттик союздун кызматкерлери кредиттерди берүү, тариздөө, тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана аны тескөө боюнча иште буларга таянууга милдеттүү. 

Кредиттик союздун кредит саясатында кызматкерлерди карыз алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүнүн, проблемалуу кредиттер менен иш алып баруунун колдонуудагы ыкмаларын эске алуу менен кредиттөө жана карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө иликтөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү, ошондой эле кредиттөөдөгү башка маселелерге мониторинг жүргүзүү, анын ичинде кардарлар менен байланышты жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын аткаруу, жоопкерчиликтүүлүк менен кредиттөө принциптеринин сакталышы маселелери боюнча мезгил-мезгили менен окутуп туруу мүмкүнчүлүгү чагылдырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.2. Кредит саясатында кредит берүүгө тиешелүү бардык негизги жоболор чагылдырылууга тийиш: 

3.2.1. Төмөнкүлөрдү камтыган, негизги жоболор: 

- кредиттөө максаттарына жана башка шарттарга жараша кредиттердин, анын ичинде аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө багытталган кредиттердин түрлөрү. 

- кредиттин валютасы; 

- кредиттөөнүн сандык чектери; 

- кредиттөө мөөнөттөрү; 

- ушул Жобонун талаптарына ылайык керектөөчү кредиттер боюнча карыздык жүктүн көрсөткүчүн эсептөө тартибин кошо алганда, потенциалдуу карыз алуучулардын төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо тартиби; 

- пайыздык чендер жана аларды белгилөө ыкмалары; 

- географиялык чектөөлөр; 

- кредиттердин концентрациялануусу (карыз алуучулар тобу, географиялык белгилери, тармактар жана башка факторлор боюнча); 

- кредиттик союздун башкаруу органынын мүчөлөрүнө берилүүчү кредиттер боюнча чектөөлөр; 

- күрөө наркына баа берүүлөр жана анын алгылыктуулугун аныктоо критерийлери; 

- жана башка шарттар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/4, 2025-жылдын 18-июнундагы № 2025-П-12/28-1-(НПА), 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.2.2. Кредитти тариздетүү тартиби: 

- документтердин формалары; 

- кредиттерди берүү тартиби; 

- кредиттердин берилишин жактыруу тартиби; 

- күрөөгө карата талаптар жана талап кылынган документтер (күрөө түрү, кредиттин ордун күрөө менен жабуу коэффициенти, рыноктук наркына баа берүү жана жайгашкан жери, күрөөнү тескөө укугу, күрөөгө баа берүү ыкмалары); 

- кредиттердин туура тариздетилишине контролдук; 

Кредиттик союз, кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдикке баа берүү боюнча ишин уюштуруу максатында, иштеп жаткан кредиттик бюролор менен кредиттик маалыматтарды алмашуу жөнүндө келишимдерин түзүүгө, ошондой эле түзүлгөн келишимдерге ылайык аларга кредиттик союзда болгон кредиттик маалыматты берүүгө милдеттүү. 

Терс кредиттик маалымат берүү учурларын кошпогондо, кредиттик союз кардардын макулдугу боюнча кредиттик бюролорго кредиттик маалыматтарды берет. Мында өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) токсон календардык күндөн ашык убакыт бою аткарылбагандыгы жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр жүргүзүлбөгөндүгү тууралуу маалыматтар кардар тарабынан арыз берилген шартта терс кредиттик маалыматка киргизилбейт, мындай арызда милдеттенмелерди талаптагыдай аткарууга таасирин тийгизген өзгөчө кырдаалды жана (же) өзгөчө абалды киргизүүгө байланыштуу жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш.  

Эгерде мөөнөтү өтүп кеткен карыз өзгөчө кырдаалдан жана (же) өзгөчө абалдан улам келип чыккан болсо, кредиттик союз кредиттик бюролорго мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер жөнүндө маалымат берүүдө кредиттер боюнча төлөмдөрдүн кечиктирилиши өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын киргизилишине байланыштуу экендигин көрсөтүшү зарыл. 

Кредиттик маалымат анык жана жаңыртылган, айкын маалыматтарга негизденүүгө тийиш.  

Кредиттик союздун кредиттик ишти жөнгө салуу боюнча ички документтеринде кредиттик маалымат алмашуу ишин уюштуруу тартиби жана талаптары камтылууга тийиш:  

- кредиттик маалыматты санкциясыз колдонуудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу;  

- кредиттик маалымат алмашуу процессинде катышкан кредиттик союз жана анын кызматкерлери тарабынан алар менен эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салуу.  

Мындан тышкары, кредиттик саясатта кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүдө негизги шарттар жана милдеттенмелер, анын ичинде төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:  

- кредиттик маалыматка өзгөртүүлөр киргизилгендиги жана жаңыртылгандыгы жөнүндө өз убагында билдирүү;  

- кредиттик маалымат субъектинин жана (же) кредиттик бюронун маалыматтарда аныкталган каталар жана дал келбөөчүлүктөр боюнча талабынын негизинде мурда кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү; 

- кредиттик маалымат алмашуу келишимине ылайык, кредиттик бюрого маалыматтарды сунуштоо системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу.  

Кредиттик союз, бардык карыз алуучулар боюнча маалыматты кошо алганда, кредиттик бюролорго сунуштаган кредиттик маалыматтын бурмаланышы, ошондой эле толугу менен сунушталышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9, 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2023-жылдын 30-августундагы № 2023-П-12/55-1-(НПА), 2025-жылдын 23-октябрындагы N 2025-П-12/55-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.2.3. Кредитти тескөө боюнча талаптар: 

- карыз алуучунун адекваттуу кредиттик таржымалын (досьесин) жүргүзүү; 

- кредиттик келишимдердин аткарылышына контролдук; 

- кредиттин максаттуу пайдаланылышына талдап-иликтөөлөр жана мониторинг жүргүзүү; 

- күрөөгө мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү; 

- кредиттердин мөөнөтүн узартуу же болбосо мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттердин шарттарын кайрадан карап чыгуу; 

- классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам (РППУ) түзүү; 

- реструктуризацияланган кредиттерди кайра классификациялоо тартиби. 

Эскертүү: Эгерде кредиттин катышуучусу кредитти максатсыз пайдалангандыгы тууралуу фактылар аныкталса, кредиттик союз Кыргыз Республикасынын кредит боюнча пайыздык чендин (үстөк баанын) чектүү жол берилген өлчөмү жөнүндө мыйзамдарынын талаптары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын «Керектөөчү кредит жөнүндө» Мыйзамынын талаптары сакталган шартта, кредит боюнча пайыздык ченди жогорулатууга укуктуу. Мында кредиттик союздун ички документтеринде катышуучунун жоопкерчилик чаралары боюнча так эрежелерди белгилеген ченемдер, анын ичинде кредит боюнча пайыздык ченди жогорулатуунун өлчөмү каралышы керек. 

Кредиттик келишиминин шарттарын өзгөртүү үчүн ченем кредиттик келишимде каралышы керек, кредит алууда катышуучу кредиттик келишим менен таанышат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9, 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ), 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.2.4. Кредиттер боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн жана орду жабылбаган карызды аныктоо, аларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана аны кайтаруу боюнча иш тартиби. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдик талаптардын чегинде кредиттик союз кредиттердин түрлөрүн аныктап, кредит портфелин түзүп, пайыздык чендерди өз алдынча белгилей алат. 

Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын «Керектөөчү кредит жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын пайыздык чендин (кошумча баанын) жол берилген чектүү өлчөмү жөнүндө мыйзам талаптарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын керектөө кредиттерин берүү тартибин жөнгө салуучу мыйзамдарынын башка талаптарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Кредиттик союздун Кредиттик комитети 

4.1. Кредит саясатын жүзөгө ашыруучу орган болуп, кредиттик союздун жалпы жыйыны тарабынан шайланган Кредиттик комитет саналат. Кредиттерди, гарантияларды, милдеттенмелерди, кепилдиктерди жана башкаларды берүүгө тиешелүү бардык маселелер Кредиттик комитет чечилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.1-1. Кредиттик союздардын кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү ишине тартылган кызматкерлерине кредиттөө ишине жоопкерчиликтүүлүк менен мамиле жасоо жагында билим деңгээлин жогорулатуу сунушталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.2. Кредиттик комитеттин иши Кредиттик комитет жөнүндө жобо менен жөнгө салынат, ал жобо кредиттик союздун Башкармасы тарабынан мыйзамдарда жана кредиттик союздун Уставында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде бекитилет. 

4.3 Кредиттик комитет жөнүндө жободо төмөнкүлөр аныкталууга тийиш: 

- Кредиттик комитеттин ишин уюштуруу-курамын аныктоо, отурумдарды өткөрүү тартибин, чечим кабыл алуу үчүн зарыл документтердин тизмесин бекитүү; 

- Кредиттик комитеттин ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери; 

- Кредиттик комитеттин ишине тиешелүү башка маселелер. 

5. Кредиттик союздун кредиттерди берүү боюнча ишин уюштуруу 

5.1. Кредит алууга билдирмелерге анализдөөлөрдү жүргүзүү 

5.1.1. Кредит берүү боюнча иш, карыз алуучудан кредит алууга билдирмени алгандан тартып башталат, билдирмеде кредиттин максаттары, талап кылынган суммасы, кредит алуу мөөнөтү жана шарттары, кредитти төлөө булактары жана күрөө жөнүндө маалыматтар камтылышы зарыл. 

5.1.2. Кредит алууга бардык билдирмелер алар боюнча чечим кабыл алынабы же жокпу ага көз карандысыз, каттоо журналында чагылдырылууга тийиш. 

Кредиттик союздун ички саясаттарында билдирмелерди кароо мөөнөтү аныкталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.1.3. Негизинен кредит алууга ар бир билдирмеге талдап-иликтөөнү жүргүзүү кредиттик союздун саясатына негизденүүгө жана карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн иликтөөгө алууда төмөнкүдөй негизги факторлорго көңүл буруу зарыл: 

- каражат алууга укук. Кредиттик кызматкер карыз алуучунун кредит алууга укугу бардыгына жана кредит келишимине кол коюуга укуктуу экендигине ынанууга тийиш; 

- карыз алуучуга мүнөздөмө. Кредит боюнча иш алып барган кызматкер карыз алуучу насыялык каражаттарга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын жана карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө карыз алуучу буга чейин башка финансы-кредит уюмдардын кредиттеринен пайдаланганбы же жокпу, алынган кредит кайтарылып берилгендигин, кредиттик тартипти так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин эске алуу зарыл. Мындан тышкары, анын кесиптик өңүттө сыяктуу эле, жалпы инсандык маанидеги беделин көңүлгө алуу абзел, ошондой эле карыз алуучунун ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо маанилүү. Башка уюмдардан алынган кредиттер жөнүндө маалыматтарды да талап кылуу зарыл. Ошондой эле, карыз алуучуга жана кредиттик союздун каалоосу боюнча карыз алуучу менен байланыштуу жактарга (мыйзам талаптарына ылайык алар болсо) тиешелүү маалыматты (кредиттик отчет) иштеп жаткан кредиттик бюролордон талап кылууга тийиш. Мындан тышкары, кеминде эки кредиттик бюродон карыз алуучу жөнүндө жана кредиттик союздун каалоосу боюнча карыз алуучу менен байланыштуу жактар жөнүндө (мыйзам талаптарына ылайык алардын макулдугу болсо) маалыматты (кредиттик отчет) талап кылуу зарыл. 

Кредиттик союз кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын, анда камтылган кредиттик маалыматтын үчүнчү жактарга таркатылбашын жана кредиттик отчеттун мыйзамдарда белгиленген максаттарда гана пайдаланылышын камсыз кылууга тийиш.  

Кредиттик союз кредиттик отчетто камтылган маалыматтын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

- акча каражаттары. Кредит алууга келип түшкөн билдирмеге анализдөөлөрдү жүргүзгөн кредиттик кызматкер төмөнкү суроолорго жооп берүүгө тийиш: карыз алуучу алган каражатын жабуу үчүн жетиштүү болгон киреше булагына ээби. Мында керектөөчү кредитти берүүдө кредиттик кызматкер ушул Жобонун 5.1.3-2-пунктуна ылайык карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчүн эсептөөгө милдеттүү; 

- камсыздоо. Камсыздоого баа берүүдө кредиттик кызматкер карыз алуучунун колунда кредит боюнча зарыл камсыздоону сунуштоо үчүн жетиштүү көлөмдөгү сапаттуу активдер бардыгын териштирип билүүгө тийиш; 

- гарантия (кепилдик). Эгерде, кредиттин камсыздоосу катары гарантия (кепилдик) колдонулса, анда гаранттын (кепил болгон адамдын) кесипкөйлүк аброюна көңүл буруп, төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жана алган милдеттенмесин аткарууга жоопкерчиликтүүлүгүнө жана аны аткарууга даярдыгына иликтөөлөрдү жүргүзүү талап кылынат; 

Кредиттик союздун кызматкери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн да текшерүүгө тийиш. Текшерүү фактысы кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш. 

Бардык документтер толук иликтенгенден кийин (кагаз жүзүндө же электрондук документ формасында) кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ), 2023-жылдын 30-августундагы № 2023-П-12/55-1-(НПА), 2024-жылдын 14-августундагы N 2024-П-12/36-1-(НПА), 2024-жылдын 16-октябрындагы N 2024-П-12/53-2-(НФКУ), 2025-жылдын 23-октябрындагы N 2025-П-12/55-3-(НПА), 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.1.3-1. Кредиттик келишимге кол коюуга чейин кредиттик союз иштеп жаткан кредиттик бюролордон кардардын кредиттик келишимдерди түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуусу бар/жок экендиги же мындай тыюу салуу алынып салынгандыгы жөнүндө маалыматты талап кылууга милдеттүү.  

Кардар тарабынан кредиттик келишимди түзүүгө колдонуудагы өзүнө-өзү тыюу салуу белгиленген болсо кредиттик союз кредиттик келишимди түзүүдөн баш тартууга тийиш.  

Кредиттик келишимди түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу бар экендиги жөнүндө суроо-талап кредиттик бюрого кардардын макулдугусуз жөнөтүлүшү мүмкүн.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 23-октябрындагы N 2025-П-12/55-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5.1.3-2. Керектөөчү кредитти берүүдө кредиттик союз карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчүн төмөнкү учурларда эсептөөгө милдеттүү:  

1) керектөөчү кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алууда, анын ичинде башка керектөөчү кредитти кайра каржылоо максатында;  

2) керектөөчү кредит келишиминин шарттарын өзгөртүүдө, бул орточо айлык төлөмдүн көбөйүшүнө же келишимдин мөөнөтүнүн узартылышына алып келсе. 

Эгерде өзгөртүүлөрдө төлөмдөрдүн өлчөмүнүн азайышы же токтотулушу каралса, карыз алуучунун демилгеси боюнча келишим шарттарын өзгөртүүдө карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчү эсептелбейт.  

Карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчү пайыздарда, үтүрдөн кийин бир белгиге чейинки тактык менен, карыз алуучунун бардык карыздык милдеттенмелери боюнча орточо айлык төлөмдөрдүн суммасынын (негизги карыз жана пайыздык төлөмдөр/үстөк акы боюнча төлөмдөр), анын ичинде берүү жөнүндө арыз каралып жаткан керектөөчү кредиттин, кредиттик союзга жеткиликтүү болгон маалыматтарга ылайык, анын орточо айлык кирешесине болгон катышы катары эсептелет.  

Кредиттик союз өзүнүн ички документтеринде карыз алуучунун орточо айлык төлөмдөрүнүн жана орточо айлык кирешесинин суммасын эсептөө тартибин бекитүүгө милдеттүү, ал төмөнкүлөрдү камтышы керек:  

- керектөөчү кредиттин өлчөмүнө жана түрүнө, кардардын ишине жана кирешесине жараша карыз алуучунун кирешесин/төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтердин жана/же маалыматтын тизмеси;  

- керектөөчү кредиттин өлчөмүнө жана түрүнө, кардардын ишине жана кирешесине жараша орточо айлык көрсөткүчтөр эсептелиши керек болгон мезгил. Мында орточо айлык кирешени эсептөө үчүн бул мезгил кредит алууга арыз берилген күндөн тартып акыркы 3 айдан кем болбошу керек. 

Эгерде карыз алуучунун ушул пунктка ылайык эсептелген карыздык жүгүнүн көрсөткүчү, анын ичинде кредитти кайра каржылоо учурунда 60 пайыздан ашса, кредиттик союз керектөөчү кредит келишимин түзүүгө чейин карыз алуучуга милдеттенмелерди аткарбай коюу тобокелдиктери жана ага карата жоопкерчилик чараларын колдонуу ыктымалдуулугу жөнүндө кол койдуруу менен эскертүүгө милдеттүү, мында кредиттик союз карыз алуучуга мындан ары кредит берүүдөн баш тарткан же келишимдин шарттарына ылайык керектөөчү кредитти мөөнөтүнөн мурда толук кайтарып берүүнү талап кылган учурлар эске алынбайт. Көрсөтүлгөн учурда керектөөчү кредит карыз алуучунун тобокелдиктер жөнүндө маалыматы бар экендигин ырастаган жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо гана берилет.  

Ушул пунктта көрсөтүлгөн билдирүүлөр менен карыз алуучунун таанышкандыгы фактысы анын өз колу менен коюлган кол тамгасы же Кыргыз Республикасынын санариптик чөйрөнү жөнгө салган мыйзамдарында каралган башка ыкмалар менен ырасталат. 

5.1.3-3. Кредиттик союз карыз алуучуга керектөөчү кредитин берүү шарттары менен таанышуу жана салыштыруу үчүн келишим түзүлгөнгө чейин кагаз же электрондук түрдө стандартташтырылган маалымат барагын акысыз берүүгө милдеттүү. Маалымат барагына карата талаптар Кыргыз Республикасынын «Керектөөчү кредит жөнүндө» Мыйзамында белгиленген. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

5.1.4. Эгерде карыз алуучуга кредит берүү маселеси алгылыктуу чечилсе, сунушталган документтердин негизинде карыз алуучунун кредиттик таржымалы түзүлөт. 

Кредиттик союзда маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылуу талаптары каралган маалымат менен иш алып баруу боюнча ички жол-жобо иштелип чыгышы зарыл. Кредиттик союздун кызматкерлери маалымат топтоодо жана кардарлар менен иш алып барууда мыйзам талаптарына ылайык маалыматтар кандай учурларда гана колдонула тургандыгы так чечмелеп, түшүндүрүүгө тийиш. 

Кардардын (кардарлардын) сүрөттөрүн же алар катышкан видео жаздырууларды, аудио жаздырууларды жана аларга тиешелүү башка маалыматтарды жарнамалык, маркетингдик маалыматтарда же башка жалпыга маалымдоо максаттарында пайдалануу үчүн ага кардардын (кардарлардын) кат жүзүндө макулдугун алуу талап кылынат.  

Кредит берилбей калган шартта, кредиттик союз карыз алуучуга анын себептерин көрсөтүү менен кабыл алынган чечим тууралуу кат жүзүндө маалымдоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.1.5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

5.1.6. Кредиттик союз өз катышуучуларына кыймылсыз мүлк менен камсыздалган турак жайды сатып алууга, курууга же бүткөрүүгө, анын ичинде мурабаха келишимине жана ислам каржылоо принциптери боюнча башка келишимдерге ылайык турак жай кыймылсыз мүлкүн сатып алууну жана курууну каржылоого (мурабаха келишимдери боюнча турак жайды сатып алуу, куруу ж.б.) чет өлкө валютасында кредиттерди берүүгө укугу жок, мында салык кызматы органынын күбөлүгүнүн же патентинин негизинде ишкердик жүргүзгөн же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечими бар адамдар эске алынбайт. Кредиттик союз, эмгек акы долбоорлорунун алкагында төлөм карталары боюнча овердрафттарды кошпогондо, чет өлкө валютасында керектөөчү кредиттерди берүүгө укугу жок.  

Кызмат көрсөтүүлөрдүн толук наркын бурмалаган же кредиттик келишимдин валютасынан башка валютага байланган кредит боюнча төлөмдөрдү индексациялоону караган кредиттик продуктуларды, эсептөө ыкмаларын же шарттарды колдонууга жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2024-жылдын 31-октябрындагы № 2024-П-12/58-2-(НПА), 2026-жылдын 23-апрелиндеги  

№ 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомдордун редакциясына ылайык) 

5.2. Кредиттик келишимге карата талаптар жана аны түзүү тартиби. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2.1. Кредиттик союз менен катышуучу ортосунда түзүлүүчү кредиттик келишим, ага карата бардык тиркемелер жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлөт. Кредиттик келишимдин түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санынан кем болбоого тийиш. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кредиттик келишимдин түп нускаларынын сакталышын камсыз кылуусу зарыл.  

Кредиттик келишимдин тексти карыз алуучу кабыл алууга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болууга тийиш. Катышуучунун кредиттик келишимдин шарттарынан келип чыккан укуктары жана милдеттери кредиттик келишимдин өзүнчө бөлүгүндө чагылдырылууга тийиш. Кредиттик келишимдин бүтүндөй тексти жана ага карата бардык тиркемелери бирдей шрифтте жана ал кеминде 12 өлчөмдө берилүүгө тийиш (талап коюлган учурда көрүүсү начар кардар үчүн 16дан кем эмес).  

Көрүүсү же угуусу бузулган кардарды тейлөөдө кредиттик союз кардардын каалоосу боюнча кредиттик келишимдин жана кардар кол коюучу башка документтердин текстинин үн коштоосун/сурдокотормосун камсыз кылуусу зарыл.  

Бар болгон бузулуулардан улам өз алдынча кол коё албаган кардар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен кредиттик келишимде жана башка документтерде факсимилдик кол тамганы колдоно алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 8-декабрындагы № 2023-П-12/76-1-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2.2. Кредиттик келишимге кол коюуда, аны кайтарып алуу жагында келип чыгышы ыктымал болгон проблемаларды алдын алуу максатында, кредитти берүү жана кредиттин ордун жабуу боюнча бардык шарттарды тактоо зарыл. Карыз алуучуга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга тиешелүү келишимдер боюнча кабыл алынган милдеттенмелерди аткарбай коюу же талапка ылайыксыз аткаруунун кесепеттери кол койдуруу менен түшүндүрүлүүгө тийиш. 

Катышуучу менен кредиттик келишим түзүүдө, кредиттик союз катышуучуларга кредит алуунун төмөнкү ыкмаларын тандоо мүмкүнчүлүгүн берет:  

- кредиттик каражаттарды накталай алуу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, нак акча түрүндө алуу;  

- тейлөө шарттары коммерциялык банк менен катышуучу ортосундагы тиешелүү келишимде аныкталган жана катышуучунун коммерциялык банкта ачылган, эсептешүү (күндөлүк) эсебине/банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсебине кредиттик каражаттарды алуу.  

Мында катышуучулар комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, кредитти нак түрдө да, нак эмес түрдө да төлөөгө укуктуу.  

Кредиттик союз экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик/өкмөттүк жана социалдык программалар алкагында кредит берүүдө катышуучуларга акча каражаттарын нак алуу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, кредиттик каражаттарды алуу жана төлөө укугун берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ), 2022-жылдын 21-декабрындагы N 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.2.3. Эгерде бул карыз алуучунун укуктарына кесепетин тийгизип, анын милдеттеринин көбөйүшүнө алып келсе, кредиттик союз карыз алуучунун кат жүзүндөгү макулдугусуз бир тараптуу негизде кредиттик келишимдин алгачкы шарттарын өзгөртүүгө укугу жок. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2.4. Кредиттик келишимде номиналдык жана эффективдүү пайыздык чендер жылдык мааниде көрсөтүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2.5. Кредитти жана ага кошуп эсептелинген пайыздарды төлөө графиги, кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ал карыз алуучунун финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен түзүлөт. Мында, кредит боюнча пайыздык төлөмдөр кредиттин негизги суммасынын калдыгына карата номиналдык пайыздык чен боюнча эсептелүүгө тийиш. Төлөө графигинде кредитти төлөө тартиби жана мөөнөттөрү толук чагылдырылып, ага эки тарап тең кол коюусу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2.5-1. КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту. 

5.2.6. Кредиттик келишимде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- тараптардын аталыштары, анын ичинде керектөөчү кредиттерин берүүдө жеке адамдар үчүн инсандыгын тастыктаган документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен;  

- тараптардын жашаган жери/жайгашкан жери (юридикалык дареги); 

- келишим предмети; 

- кредиттик келишимди колдонуу мөөнөтү; 

- кредит берүүнүн негизги шарттары, анын ичинде максаттуу багытын, суммасын, үстөк баасын же пайыздык чендерди (номиналдык (ислам принциптерине ылайык каржылоодо үстөк баа карызды төлөө же киреше эсептөө графиги түзүлгөн операциялар боюнча жылдык номиналдык пайыздык маанисин кошумча ачып берүү менен абсолюттук мааниде көрсөтүлүшү керек) жана эффективдүү (ислам принциптерине ылайык каржылоодо жылдык эффективдүү пайыздык чен карызды төлөө же киреше эсептөө графиги түзүлгөн операциялар боюнча ачып көрсөтүлөт), кредиттин толук наркын, төлөө тартибин жана мөөнөтүн, камсыздоонун түрүн (эгерде болсо) көрсөтүү менен; 

- карыз алуучунун укуктары жана милдеттери, анын ичинде кредиттик келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай койгон же талаптагыдай аткарбаган учурда; 

- кредиттик союздун укуктары жана милдеттери; 

- кредиттик бюролорго карыз алуучу жөнүндө маалымат берүү шарттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына жана персоналдык маалыматтар боюнча мыйзамдарына ылайык, карыз алуучу жөнүндө маалыматтарды пайдалануунун башка учурлары; 

- катышуучунун кредиттик келишимге кол койгон учурдан тартып акча каражаттарын алганга чейин же лизинг келишими боюнча тиешелүү мүлккө төлөөлөрдү жүргүзгөнгө чейин кредит алуудан (лизинг боюнча кызмат көрсөтүүдөн) акысыз негизде баш тартуу укугу. Көрсөтүлгөн учурда кредиттик союз билдирмени карагандыгы үчүн катышуучудан белгиленген тариф боюнча комиссиялык төлөм алууга укуктуу; 

- катышуучунун Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү албастан, кредитти каалаган убакта мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп төлөө укугу. Керектөөчү кредитти мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп төлөгөн учурда, кредиттик союз келишим боюнча кардардын милдеттенмелерин кайра эсептеп чыгууга, төлөм графигин жана төлөнүүгө тийиш болгон пайыздык сумманы (кошумча бааны) негизги карыздын азайтылган суммасына пропорционалдуу түрдө оңдоого милдеттүү. Милдеттенмелердин өзгөргөндүгү же толук аткарылгандыгы жөнүндө тастыктоо кардардын талабы боюнча кардар менен макулдашылган, бирок беш жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө жазуу жүзүндө же электрондук түрдө берилет; 

- форс-мажордук жагдайлар орун алган шартта, кредиттик союз менен карыз алуучу ортосундагы өз ара иш алып баруу шарттары. Форс-мажордук жагдайларда жаратылыш кырсыктары (сел жүрүү, жер титирөө, өрт жана башка жаратылыш же техногендик кырсыктар), эпидемия, өзгөчө кырдаалдардын киргизилиши, массалык баш аламандык, талап-тоноочулук, согуштук аракеттер ж.б. ушул сыяктуу окуялар камтылышы мүмкүн, бирок булар менен эле чектелип калбайт; 

- катышуучунун кредиттик союздан карыздын айкын өлчөмү тууралуу маалыматты жана кредиттик келишимдин шарттары өзгөргөн учурда - жаңы төлөө графигин алуу укугу;  

- катышуучунун кредиттин мөөнөтүн узартуу (пролонгация) же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кредиттик союзга кайрылуу укугу. Катышуучу кредиттик союзга кредиттин мөөнөтүн узартуу (пролонгация) же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кат жүзүндө кайрылган учурда, кредиттик союз аны кароого жана өтүнүч ээсине бул кайрылуу боюнча кабыл алынган чечим тууралуу кат жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү. Мында керектөөчү кредитин кайра каржылоо эки жолудан ашык жүргүзүлбөшү керек; 

- эгерде кредиттин негизги суммасынын 50 пайызынан көбүрөөгү төлөнгөн болсо, кардардын мурдагы күрөөнү башка күрөөгө алмаштыруу укугу. Мында анын наркы кредиттик союздун ички документтеринин талаптарына ылайык жана кредиттик союздун макулдугу боюнча кредит боюнча карыздын калган суммасын жабууга тийиш. Ошону менен бирге эле, кредиттин камсыздоосуна бирден ашык күрөөлүк мүлк сунушталган болсо жана күрөө коюучу катары үчүнчү жак (карыз алуучу эмес) саналган учурда, кредиттик союз күрөө коюучуга (үчүнчү жакка) күрөөнү алмаштырууга же бошотууга артыкчылыктуу (карыз алуучуга карата) укукту сунуштоого тийиш. 

- кредиттик союздун карыз алуучунун талабы боюнча анын кредит алгандыгы жана ошол кредит боюнча кредиттик тартипти сактагандыгы тууралуу маалыматты башка финансы-кредит уюмуна берүү үчүн үч жумуш күнү ичинде сунуштоо, ошондой эле карыз алуучунун эсеби жөнүндө так жана анык маалымат (эсептин, чектин көчүрмөсү, баланстын абалы, кредит боюнча төлөмдүн тастыктамасы жана башка зарыл маалыматтар) берүү милдети;  

- кредиттик союздун кредит боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин үстөк айыпты (айып пул, туумдарды) эсептөөнү токтотуу милдети, мында кредиттин бүтүндөй колдонуу мөөнөтү ичинде эсептелген үстөк айыптын (айып пулдун, туумдардын) өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш; 

- эгерде күрөө предмети коом үчүн тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болсо, же жеке адамдын менчик укугуна таандык жалгыз турак жай болуп саналса, күрөө предметинин эсебинен сот аркылуу гана өндүрүү. 

- тараптардын жоопкерчилиги;  

- келишимди өзгөртүү жана бузуу тартиби;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка шарттар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9, 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ), 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ), 2022-жылдын 21-декабрындагы N 2022-П-12/81-7-(НФКУ), 2023-жылдын 30-августундагы № 2023-П-12/55-1-(НПА), 2024-жылдын 16-октябрындагы N 2024-П-12/53-2-(НФКУ), 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.2.7. Кредиттик союз ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык таблица түрүндө түзүлгөн катышуучунун чыгашаларынын (төлөмдөр) тизмеги менен аны тааныштырууга тийиш, ал кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ага эки тарап тең кол коет. 

Кредиттик союз катышуучуга кредит, туумдар, айыптык төлөмдөр ж.б. боюнча төлөмдөрдү эсептөө тартиби тууралуу түшүндүрмөлөрдү берүүгө тийиш. 

Кредиттик союз кредиттик келишим шарттарына банк мыйзамдарында каралбаган кошумча жыйымдарды, комиссиялык төлөмдөрдү жана кредиттик союздун бекитилген тарифтеринен тышкары анда алынуучу/төлөнүүчү жана кредиттик келишимди түзүүгө жана аны аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү, ошондой эле карыз алуучу менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөнүүчү башка тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдү кошууга укугу жок. 

Кредиттин негизги суммасы жана ал боюнча пайыздарды төлөө/ордун жабуу мөөнөтү кечиктирилгендиги үчүн кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) мөөнөтү кечиктирилген суммага жана айкын мөөнөтүнө жараша эсептелинет. 

Кредит боюнча милдеттенмени толугу менен аткаруу үчүн жетишсиз болгон, жүргүзүлгөн төлөмдүн суммасынан эң оболу карыздын негизги суммасы, андан соң милдеттенменин аткарылышы боюнча кредитордун чыгымдары, калган бөлүгүнөн - пайыздар жана кошумча төлөмдөр алынат. 

Кредиттик союз комиссиялык жана башка төлөмдөрдү алып жаткан кызмат көрсөтүүлөр төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:  

- катышуучу үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же керектөө баалуулугуна ээ болууга;  

- кредит берүү боюнча негизги кызмат көрсөтүүдөн өз алдынча жана көз карандысыз болууга;  

- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөргө кирбеши зарыл.  

Кредиттик союз тарабынан бир эле операция үчүн пайыздар же комиссиялык төлөмдөр алынышына жол берилбейт.  

Катышуучу кредиттик келишим жана/же башка макулдашуулар боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган/талаптагыдай аткарбаган учурда гана, кредиттик союздун андан үстөк айып (айыптык төлөм/туум) жана башка айыптык санкцияларды алуусуна жол берилет.  

Эскертүү: Кредиттик союз тарабынан келишимди аткаруу максатында, жеке кызыкчылыгын көздөө менен гана көрүлгөн, ошондой эле карыз алуучу үчүн мүлктүк пайда же пайдалуу натыйжа алып келбеген иш-аракеттер кредиттик союздун карыз алуучунун алдындагы милдеттенмелери болуп саналбайт. Демек, кредиттик союз тарабынан өз алдынча сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдү аларды жүргүзүүсүз кредиттик келишимди түзө же аткара албаган стандарттуу иш-аракеттеринен бөлүп көрсөтүү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9, 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА), 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ), 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ), 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.2.7-1. Кошуп эсептөөлөрдүн (анын ичинде пайыздар (үстөк баа), комиссиялар, үстөк айыптар, айып пулдар, туумдар), анын ичинде керектөөчү кредит реструктуризацияланган учурдагы жалпы суммасы берилген керектөөчү кредиттин суммасынын 60 пайызынан ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2.8. Катышуучу менен кредиттик келишим түзүлгөндөн кийин жана ал акча каражаттарын алгандан кийин карыз алуучуга кеминде төмөнкү документтер берилүүгө тийиш: 

- ага карата кошо тиркелүүчү бардык документтер менен бирге тараптардын кол тамгасы коюлган кредиттик келишим; 

- кредиттик союздун катышуучуларынын укуктарынын, чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын тизмеги; 

- кредиттик келишимге кошо тиркелүүчү, төлөө күнү жана суммасы көрсөтүлгөн төлөө графиги. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2.9. Карыз алуучунун кредиттик таржымалы (таржымалга карата минималдуу талаптар ушул жобонун 1-тиркемесинде берилген) катышуучудан билдирме алынган учурдан тартып түзүлөт жана ага кредит боюнча бардык тиешелүү документтер көктөлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2.10. Кредиттерге мониторинг жүргүзүүдө кредиттик союз кардар менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жана жолугушуулардын кыскача мазмунун журналга каттоону кошо алганда, аны менен жүргүзүлгөн бардык иш-чараларды документтештирип, алардын эсебин жүргүзүүсү зарыл. Өзгөчө, проблемалуу кредиттер менен иш алып барууда аларды эсепке алуу маанилүү. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.3. Кредиттин кайтарылышын камсыз кылуу 

5.3.1. Кредиттер камсыз болушу же камсыздоосуз (бланкттык) эле берилиши мүмкүн. 

5.3.2. Кредит баштапкы жана экинчи булактар боюнча төлөнөт: 

- кредитти төлөө үчүн зарыл болгон акча каражаттары баштапкы булак болуп саналат, алар иш ийгиликтүү жүргүзүлгөн шартта, өндүрүш процессинен, кызмат көрсөтүүлөрдөн жана иштерди аткаруудан ж.б. аткаруудан алынат: юридикалык жактар үчүн бул, нак жана нак эмес формадагы кирешелер, ал эми жеке адамдар үчүн алардын эмгек акысы же башка каражаттары; 

- күрөөлүк мүлктү сатып өткөрүүдөн түшкөн каражат, кепил болгон адам же гарант тарабынан каражаттардын которулушу экинчи булактан болуп саналат. 

5.3.3. Кредитти берүү учурунда эң оболу, баштапкы төлөө булагына көңүл буруу зарыл. Ошондуктан, кредит алууга билдирмени кароо процессинде, кардардын акчалай агымына анализдөөлөрдү жүргүзүүгө анын бизнес чөйрөсүнүн өнүгүү келечегине негизги көңүлдү буруу зарыл. 

5.3.4. Экинчилик булагы эгерде, кредиттин кайтарылышы боюнча проблема орун алса, кошумча гарантияны камсыз кылуу үчүн зарыл. Мындай камсыздоого мүлктү жана укуктарды, талап коюуга укукту, гарантияларды жана кепилдиктерди күрөөгө коюу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында же келишимде каралган башка ыкмалар кирет. 

5.3.4-1. Камсыздоону сунуштоо керектөөчү кредитти берүүнүн милдеттүү шарты болуп саналбайт.  

Карыз алуучунун өмүрүн жана ден соолугун же башка жеке тобокелдиктерин камсыздандыруу керектөөчү кредит келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо катары таанылбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5.3.5. Мүлктү күрөөгө коюу кредитти төлөөнүн экинчи булагы катары күрөө жөнүндө келишимде таризделинет, ал эми бул келишим карыз алуучу өз милдеттенмелерин аткарбай койгон шартта, өз талабын күрөөгө коюлган мүлктүн наркынан өндүрүп алууга артыкчылыктуу укукту тастыктайт. 

5.3.6. Күрөө жөнүндө келишимде эң аз дегенде төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: 

- күрөө предмети жана ага берилген баа; 

- күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмелердин аткарылышынын мөөнөтү жана анын өлчөмү; 

- күрөөлүк мүлк тараптардын кимисинин карамагында тургандыгын көрсөтүү; 

- кредит кайтарылбай калган учурда, күрөөнүн кредиттик союздун менчигине өтүү шарттары жана тартиби; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, тараптардын күрөөгө карата башка талаптары жана милдеттери. 

5.3.7. Күрөө жөнүндө келишимге наркын көрсөтүү менен коюлуп жаткан мүлктүн толук тизмектелиши, ошондой эле сертификаттар, күбөлүктөр жана эгерде болгон болсо башка техникалык документтер кошо тиркелет. Күрөө жөнүндө келишим жазуу жүзүндө таризделүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында катталууга тийиш. Кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу жөнүндө келишим милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш. 

Күрөө жөнүндө келишимдин түп нускаларынын саны ыйгарым укуктуу органда каттоодон өтүү үчүн тараптардын санына шайкеш келүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА), 2024-жылдын 16-октябрындагы N 2024-П-12/53-2-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.3.8. Күрөөнү пайдалануу аны администрлөөнүн белгилүү бир системасынын болушун болжолдойт: күрөөнүн абалына иликтөөлөр жүргүзүлүп, баа берилүүгө тийиш, күрөөнү күтүү шарттарына жана ага мониторинг жүргүзүүгө контролдук планы түзүлүп, буга тиешелүү документтердин болушу зарыл (күрөө боюнча документтерге карата минималдуу талаптар 1-тиркемеде келтирилген). 

5.3.9. Эгерде, кредиттин камсыздоосу катары гарантия жана кепилдик колдонулса, анда карыз алуучу алган кредитин төлөй албай калган шартта, мүлктүк жоопкерчилик эрежедегидей эле, үчүнчү жакка жүктөлөт. Гарантия же болбосо кепилдик менен камсыз кылынган кредитти берүү учурунда, кредиттик союз ошол гаранттын же кепил болгон жактын финансылык абалы, анын зарылчылык келип чыккан шартта, карызды төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө тиешелүү толук маалыматты талап кылууга тийиш. 

5.3.10. Кредитти камсыздоодо мамлекеттик казына векселдери, Улуттук банктын ноталары, ошондой эле коммерциялык банктардагы депозиттер түрүндө коюлган жогорку ликвиддүү күрөө кредитти берүүнүн жеңилдетилген жол-жобосун болжолдоого тийиш. 

5.3.11. Камсыздоосуз берилген (бланкттык) кредиттер карыз алуучунун активдеринин күрөөгө коюлушун болжолдобойт жана анын аброюнун, кирешелеринин деңгээлине баа берүүнүн негизинде кредитти төлөөгө жөндөмдүү гана карыз алуучуга берилет. Күрөө менен камсыз болбогон кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү кредит саясатында белгиленет. 

6. Кредитке мониторинг жүргүзүү 

6.1. Кредит келишими түзүлүп, карыз алуучу кредиттик союздан кредит алгандан кийин берилген кредиттин пайдаланылышына жана карыз алуучунун абалына туруктуу мониторинг жүргүзүп туруу зарыл, кредиттин жана ал боюнча кошуп эсептелинген пайыздардын өз учурунда төлөнүшүн камсыз кылуу жана орун алышы ыктымал болгон көйгөйлөрдү баштапкы баскычында эле аныктоо, жүргүзүлгөн мониторингдин башкы максаты болуп саналат. 

6.2. Күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышын туруктуу контролдоо жана анын учурдагы наркында мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдү аныктоо максатында, кредиттик союз мезгил-мезгили менен(*) күрөө сакталып турган жайга жана жайгашкан жерине барып мониторинг жүргүзүп туруусу зарыл. Мониторинг жүргүзүүнүн мезгил аралыгы кредиттик союз тарабынан анын кредиттик саясатына ылайык аныкталат жана күрөөнүн түрүнө, кредиттин сапатына жана башка факторлорго жараша белгиленет. Мында, төмөнкү учурларга өзгөчө көңүл буруу талап кылынат:  

- камсыздоонун рыноктук наркынын өзгөрүүсү;  

- акыркы текшерүү учурунан тартып күрөөнүн ликвиддүүлүгүнө таасирин тийгизүүчү кандайдыр бир факторлордун орун алышы;  

- күрөөнүн сакталып турушун камсыз кылуу.  

(*) Мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы кредиттик союз тарабынан берилген кредиттин мөөнөтүнө жараша аныкталат. Эгерде кредиттин мөөнөтү бир жылдан жогору болсо, күрөөгө коюлган мүлккө мониторинг жылына бир жолу жүргүзүлүүгө тийиш.  

Кредиттик союздун кредит боюнча мүлктүк камсыздоону кабыл алуу жагында негизги иш-чаралары:  

- Кредиттик союз катышуучу тарабынан сунушталып жаткан камсыздоонун бар экендигин тактоосу зарыл. Мүлккө менчик укугу тууралуу документтерди, ошондой эле анын айкын бар экендигин текшерүү зарыл. Камсыздоо катары сунушталган мүлк (укук) реалдуу болууга тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары сакталган шартта, камсыздоонун кийинки күрөөгө коюлушуна жол берилет.  

Эскертүү: бул пунктта алыскы жана жетүү кыйын болгон жерлерге сезондук жайытка чыгып кеткендигине байланыштуу, бодо мал жана майда жандык түрүндөгү камсыздоолорду көз менен көрүп, баа берүүгө мүмкүн болбогон учурлар эске алынбайт. Мындай учурларда кредиттик союз катышуучунун мал баккан жайынын, короосунун аянтын, камдалган тоютун, жемин, жайытты ижарага алуу жөнүндө келишимин ж.б. текшерүү аркылуу анын малы бар экенине ынанат. Катышуучу кошумча катары айыл өкмөтүнүн малы бар экендигин тастыктоочу маалым катын, ошондой эле малдын бар экендигин күбөлөндүрүүчү башка документтери болсо, аларды берүүсү зарыл;  

- Кредиттик союз камсыздоонун ликвиддүүлүк деңгээлин, башкача айтканда ыкчам сатуу (сатып өткөрүү) мүмкүнчүлүгүн аныктоого тийиш;  

- Кредиттик союз өз алдынча же мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү сертификатка ээ көз карандысыз баа берүүчү адистерди тартуу менен камсыздоонун наркын баалашы мүмкүн. Камсыздоо предметин сатууга жумшалуучу сарптоолордун өлчөмүн эсепке алуу менен кредит боюнча камсыздоонун рыноктук наркынын кредит боюнча негизги карыз жана пайыздар суммасынан ашуусу кредиттердин кайтарылбай калуу тобокелдигин тескөө инструменти болуп саналат;  

- Кредиттик союз катышуучу тарабынан сунушталган мүлккө баанын туруктуулугун аныктоо максатында, рынокко талдап-иликтөө жүргүзүп туруусу зарыл. Ошол эле учурда Кредиттик союз бул камсыздоонун наркынын төмөндөп кетүү тобокелдигин эске алуусу зарыл;  

- Кредиттик союз мүлктү камсыздоо катары эң аз дегенде катышуучунун кредиттик каражаттарды пайдалануу мөөнөтүнө камсыздоо катары пайдалануу/кызмат кылуу мөөнөтү менен кабыл алууга тийиш. Мында камсыздоону сактоо зарылдыгы келип чыгышы мүмкүндүгү эске алынууга тийиш, бул кошумча чыгашаларга алып келет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

6.3. Кредитти классификациялоо Кредиттик комитет тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш. 

6.4. Кредиттин абалынын начарлап бара жаткандыгын эскерткен белгилерден болуп, төмөнкүлөр саналат, атап айтканда: 

- кардардын кредиттик союз менен байланышуудан качуусу; 

- карыз алуучунун финансылык абалынын начарлоосу; 

- негизги сумманын же пайыздардын өз учурунда төлөнбөшү; 

- кредитти узартуу өтүнүчү менен кайрылуу; 

- кредиттин максатсыз пайдаланылышы; 

- менчикти өткөрүп берүү жана сатуу; 

- кандайдыр бир башка булактардан кардар жөнүндө алгылыксыз маалыматтардын алынышы; 

- ишканада-карыз алуучуда пикир келишпестиктердин курчушу; 

- ишкананын-карыз алуучунун жетекчисинин алмашуусу; 

- потенциалдуу проблеманын орун алышын тастыктаган башка жагдайлар. 

6.5. Жогоруда белгиленген белгилердин кайсы бири аныкталган учурда, кредиттик союз алардын келип чыгуу себептерин тактоого тийиш. Эгерде, ошол себептерде кредиттин абалын начарлатышы ыктымалдыгы камтылса, кредиттик союз ошол кредитти өзгөчө контролдукка алуу менен өз таламынын корголушун камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй бардык тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттүү: 

- күрөөнүн бардыгына жана анын кандай шарттарда күтүлүп жаткандыгына кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүү; 

- кошумча камсыздоону тартуу; 

- эскертүүлөрдү берүү; 

- орун алган жагдай акырына чейин териштирилгенге чейин кредиттик линия боюнча кезектеги төлөмдөрдү токтото туруу: 

- каражаттар жайгаштырылган тармакты жана карыз алуучунун абалын кылдат иликтөөгө алуу; 

- алдын алуу максатын көздөгөн башка чаралар. 

6.6. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

7. "Проблемалуу" кредиттер менен иш алып баруу 

7.1. Кредиттин абалына туруктуу мониторинг жүргүзүүнү, жана кредит портфелине көз карандысыз баа берүүнүн максаты, "проблемалуу" кредиттерди аныктоо болуп саналат. 

7.2. Карыз алуучу алган кредити боюнча кредиттик союз менен түзүлгөн келишим шарттарын аткарбай же кандайдыр бир башка жагдайлардан улам (тышкы жана финансылык) кредиттик союздун алдындагы кредитти төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын коркунуч алдында калтырган кредиттерди "проблемалуу" кредит катары түшүнүү зарыл. 

7.3. Кредиттерди "проблемалуу" катары таануу учурунда өзүндө бир катар чараларды камтыган, кредитти кайтарып алууга багытталган иш аракеттер планы иштелип чыгышы зарыл: 

7.3.1. Кредиттик союздун проблемалуу карыз алуучуга уюштуруучулук, финансылык жана башка формадагы жардам көрсөтүү максатындагы оорчулук жагдайынан чыгууга жана кредиттик союз алдындагы милдеттенмесин аткарууга жетишүүсүнө өбөлгө түзгөн иш-чаралар: 

- карыз алуучу (карыз алуучунун жетекчиси) менен проблеманы аныктоо жана аларды чечүү жолун табуу максатында иш алып баруу; 

- кошумча күрөөнү жана гарантияларды ж.б. алуу; 

- зарылчылык келип чыккан шартта, карыздын түзүмүн (кредитти жана ал боюнча пайыздарды кайтаруу боюнча төлөм графигин кайрадан карап чыгуу, кредиттөө формасын өзгөртүү ж.б.) өзгөртүү программасын иштеп чыгуу. 

7.3.2. Ушул Жобонун 7.3.1-пунктунда каралган иш-чаралар менен катар эле, карыз алуучунун өзү менен туруктуу иш алып баруу зарыл, ал төмөнкү максаттарда жүргүзүлүшү мүмкүн: 

- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; 

- карыз алуучуну кредиттик союзга чакыруу; 

- карыз алуучуга кредиттик келишим шарттарынын сакталбагандыгы жөнүндө, аны бузуунун себептерин (мөөнөтү өтүп кеткен күндөрдүн саны ж.б.), ошондой эле келишим шарттарынын бузулушуна байланыштуу мүмкүн болуучу көйгөйлөрдү көрсөтүү менен кат жүзүндө/электрондук билдирүү жөнөтүү. 

Карыз алуучу менен жүргүзүлгөн иштер, анын ичинде аны менен болгон жолугушуулар жана ага жиберилген жазуу жүзүндөгү/электрондук билдирүүлөр жөнүндө маалымат карыз алуучунун кредиттик делосуна жазылууга тийиш. 

"Проблемалуу" кредиттер менен иш жүргүзүүдө, жолугушууларды жана аңгемелешүүлөрдү өткөрүүдө кредиттик союздун кызматкерлери кабыл алынган ишкердик жана кесиптик этикетти так сактоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 16-октябрындагы N 2024-П-12/53-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

7.3.3. Кредиттин түздөн-түз кайтарылышын камсыз кылуу максатында, мүмкүн болушунча кыска мөөнөт ичинде төмөнкүдөй иш-чаралар жүргүзүлүшү зарыл: 

- күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү; 

- гарант жана кепил болгондорго кайрылуу; 

- жана башка чаралар. 

Кредиттик союз кредиттөө кызмат көрсөтүүсүн сунуштоодо кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө келишимине ылайык, карыз алуучуга жана/же күрөө коюучуга ачык тоорук өткөрүлгөнгө чейинки кайсы болбосун убакытта күрөөлүк мүлктү сатып ала алган/алышы мүмкүн болгон артыкчылыктуу укукту сунуштоого тийиш. 

Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү учурунда күрөөлүк кыймылсыз мүлк карыз алуучунун/күрөө коюучунун жалгыз гана турак жайы болуп саналса, өндүрүп алуу соттун чечими боюнча ишке ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7.3.4. Кредиттик союз карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин "проблемалуу кредити" боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштоо жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн күндөн тартып 15 календардык күн өткөндөн кийин, айыптык төлөмдөрдү, туумдарды чегерүүнү токтотууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА), 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7.4. Проблемалуу кредиттер менен иш алып барган жоопкерчиликтүү кызматкер, "проблемалуу" кредиттерге карата андан аркы аракеттерди көрүү жөнүндө сунуштар менен бул багытта жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматтарды Кредиттик комитеттин кароосуна ай сайын берип турууга тийиш. Отчеттун көчүрмөсү Кредиттик союздун башкармасына жөнөтүлөт. 

7.5. Эгерде, кредиттик союздун жогоруда келтирилген аракеттери алгылыктуу натыйжа бербесе, кредиттик союз күрөөлүк мүлктөн мажбурлап өндүрүүнү жүргүзүү максатында, сотко кайрыла алат. 

7.6. Кредитти кайтарып алуу боюнча бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөр колдонулуп бүткөндөн кийин, кредиттерди эсептен алып салуу жөнүндө чечим Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык кабыл алынат. 

  

  

  

Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого 

1-тиркеме 

Карыз алуучунун кредиттик досьесине карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ), 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА), 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-8-(НФКУ), 2023-жылдын 14-июнундагы № 2023-П-12/38-4-(НПА), 2023-жылдын 30-августундагы № 2023-П-12/55-1-(НПА), 2023-жылдын 8-декабрындагы № 2023-П-12/76-1-(БС), 2024-жылдын 14-августундагы N 2024-П-12/36-1-(НПА), 2024-жылдын 16-октябрындагы N 2024-П-12/53-2-(НФКУ), 2024-жылдын 31-октябрындагы № 2024-П-12/58-2-(НПА), 2025-жылдын 23-октябрындагы N 2025-П-12/55-3-(НПА), 2025-жылдын 23-октябрындагы № 2025-П-12/55-4-(НПА), 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

I. Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат 

1. Кредиттик союзда белгиленген форма боюнча кредит алуу үчүн сунушталган билдирме. 

2. Кредиттик союзга билдирме бергенге чейинки акыркы алты ай ичинде буга чейин ушул кредиттик союздан жана башка финансы-кредиттик уюмдардан алынган/төлөнгөн/төлөнбөгөн кредиттер жөнүндө маалыматтар (карыз алуучунун кат жүзүндөгү мисалы, карыз алуучунун кредиттик билдирмесиндеги маалыматына ылайык). 

2-1. Кредиттик бюролордон карыз алуучу боюнча кредиттик отчеттор. 

2-2. Кардардын кредити боюнча отчеттун берилишине анын макулдугу (ал кредит алуу билдирмесинде көрсөтүлүшү мүмкүн). 

2-3. Өзүнө-өзү тыюу салуу бар/жок экендиги (алып салуу) жөнүндө маалымат. 

3. Кредиттик союздун катышуучусун идентификациялоого мүмкүндүк берген, инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документтин же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматындагы документтин көчүрмөсү. 

4. Катышуучунун кирешеси жөнүндө маалымат. 

4-1. Ушул Жободо каралган учурларда карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчүн эсептөө (керектөөчү кредитин берүүдө); 

4-2. Керектөөчү кредитти алууга карыз алуучунун жазуу жүзүндөгү макулдугу, ага милдеттенмелерди аткарбоо тобокелдиктери жана ага карата жоопкерчилик чаралары (ушул Жобонун 5.1.3-2-пунктуна ылайык) колдонулушу мүмкүн экендиги жөнүндө маалымат берилгендигин тастыктайт. 

5. Күрөөгө коюлган мүлктүн тизмеги (болгон болсо). 

6. Катышуучунун жубайынын кредит алууга макулдугу (бир карыз алуучуга берилүүчү кредиттин суммасы 100000 сомдон ашса жана ошол учурда ал башка кредит төлөп жаткан болсо). 

7. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүргүзгөн катышуучудан (жеке адамдан) жогоруда келтирилген документтерден тышкары төмөнкүлөр талап кылынат: 

- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 14-августундагы N 2024-П-12/36-1-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

- патенттин же болбосо салык кызматы органынын өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечиминин көчүрмөсү (болгон болсо). 

7-1. Кол коюуга ыйгарым укуктуу жактардын кол тамга үлгүсү түшүрүлгөн, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточкалар (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо). 

7-2. Салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүү фактысын тастыктаган маалымат (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо). 

8. Катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган каражат алуу булагына баа берүү. 

9. Мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлгөн кредиттик келишим, ага карата тиркемелер, ошондой эле реструктуризациялоодо же пролонгациялоодо, талап кылуу укугун өткөрүп берүүдө катышуучу менен кошумча түзүлгөн макулдашуулар. 

10. Кредиттик союздун тиешелүү органынын кредит берүү, ошондой эле аны пролонгациялоо же реструктуризациялоо чечими (болгон болсо). 

11. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

12. Карыз алуучу менен кат алышуу (бардык корреспонденцияны кошо тиркөө менен). 

13. Юридикалык документтер (карыз алуучунун иш-аракеттери жөнүндө документтердин көчүрмөсү, мисалы, коштомо кагаздар, эсеп-фактуралары, өнөктөштөр менен түзүлгөн келишимдер ж.б.). 

14. Кредиттин максаттуу пайдаланылышын текшерүү жөнүндө Отчет кредиттөөнүн максаттарына жараша жана алар болгон шартта документтер (келишимдер, кабыл алуу-берүү актылары, эсеп-фактуралар, коштомо кагаздар ж.б.) менен тастыкталууга тийиш. 

50000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредит, ошондой эле кредиттик союздун алыш-бериш эсебинен салык төлөөчү катары катталган сатуучунун/дүкөндүн алыш-бериш эсебине каражаттарды которуу жолу менен берилген керектөө кредити боюнча кредиттин максаттуу пайдаланылышын текшерүү жөнүндө отчет түзүлбөйт. 

15. Кардардын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын талаптарына ылайык типтүү формада түзүлгөн анкета. 

16. Ушул Жобонун талаптарына ылайык жана кредиттик союздун көз карашы боюнча башка маалыматтар жана маалыматтар. 

  

II. Күрөөлүк документация 

1. Күрөө жөнүндө келишим. 

2. Күрөөгө коюлган мүлктүн сертификаттары, күбөлүгү жана башка квалификациялык документтери. 

3. Күрөөгө коюлган мүлккө менчик укугун тастыктаган документтер. 

4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

5. Күрөөнү текшерүү актысы, анда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: 

- күрөө текшерилген күн; 

- күрөөнүн түрү; 

- күрөөгө баа берилген күн; 

- баа берүү ыкмасы; 

- күрөөнүн жайгашкан орду; 

- күрөөнүн абалы жана аны күтүү шарттары; 

- күрөөнүн баа берилген наркы; 

- күрөөнү мезгил-мезгили менен текшерүү графиги. 

6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күрөө жөнүндө келишимдин Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтер. 

7. Карыз алуучунун тиешелүү органынын күрөөгө бергендиги жөнүндө чечими (эгерде карыз алуучу юридикалык жак болсо). 

8. Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарында же күрөө жөнүндө келишимде күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө, камсыздандыруу полиси. 

III. Гарантиялар жана кепилдиктер 

1. Кредиттик келишимди, гарантия берилген сумманы, гарантия бүткөн күндү көрсөтүү менен кат жүзүндөгү гарантия же кепилдик. 

2. Гаранттын тиешелүү органынын гарантия берүү жөнүндөгү чечими (эгерде гарант юридикалык жак болсо). 

3. Гаранттын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (эгерде гарант юридикалык жак болсо). 

4. Акыркы 12 айдагы эмгек акысы жөнүндө маалымкат же кирешелери жөнүндөгү маалыматтарды тастыктоочу башка документтер (эгерде кепил болуучу - жеке адам болсо). 

  

  

  

Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө" жобого карата 

2-тиркеме 

Кредиттик союздун катышуучуларынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) 

жана айыптык санкциялардын 

тизмеги 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

Кредиттик союздун катышуучуларынын укуктары 

Кредиттик союздун катышуучусунун кредит боюнча чыгашалары (төлөмдөрү) 

Кредиттин суммасы  

Кредиттик келишимде көрсөтүлөт  

Ислам принциптерине ылайык каржылоо боюнча үстөк баа абсолюттук мааниде көрсөтүлөт, буга кошумча карызды төлөө же кирешени эсептөө графиги түзүлгөн операциялар боюнча номиналдык жылдык пайыздык мааниси чагылдырылат.  

Ислам принциптерине ылайык каржылоо боюнча эффективдүү пайыздык чен карызды төлөө же кирешени эсептөө графиги түзүлгөн операциялар боюнча көрсөтүлөт. 

Кредит боюнча пайыздык төлөмдөр же үстөк баа 

Кредиттин/каржылоонун толук наркы 

Эффективдүү пайыздык чен 

Кардардын арызы боюнча келишим шарттарын өзгөртүү үчүн комиссиялык төлөм (Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык кредит реструктуризацияланган учурларды кошпогондо)  

Комиссиялык төлөмдөр болгон учурда, алар кредиттик союз бекиткен тарифтерге ылайык, кредиттик келишимде пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт.  

Келишимде кредиттик союздун кредиттик каражаттарды берүү боюнча шартсыз милдеттенмеси каралган болсо, акча каражаттарын (кредиттик линиянын пайдаланылбаган бөлүгү үчүн) резервге чегерүү үчүн комиссиялык төлөм  

Коммерциялык банктын (коммерциялык банктарда тейлөө, накталай акча алуу) тарифтерине ылайык, кредиттик союздун банктык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан чыгымдарын камтыган, кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөм (кредитти түздөн-түз берүүгө байланышпаган), ошондой эле үчүнчү жактардын накталай акчаны инкассациялоого байланышкан чыгашалары  

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (мисалы, камсыздандыруу, нотариус, мамлекеттик органдарда каттоо кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө акысы, кредиттик союздун коммерциялык банктын тарифтерине ылайык, кредитти карыз алуучунун коммерциялык банктарда ачылган эсебине накталай эмес которууга байланыштуу чыгымдары ж.б.)  

Кредиттик союз мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштабаган учурларда, кардарга маалымат берүү үчүн, бул чыгашалар карыз алуучу тарабынан үчүнчү жактардын пайдасына жүргүзүлөрүн, ошондой эле мындай баалоо келечекте өзгөрүшү мүмкүн экендигин белгилөө менен, кредиттик келишим түзүлгөн күнгө карата үчүнчү жактардын колдонуудагы тарифтери боюнча мындай чыгашалардын наркын көрсөтүүгө тийиш.  

Кредиттик союздун айыптык санкциялары жана туумдары 

Карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүндө төлөнбөгөндүгү үчүн  

Кредиттик келишимдин негизинде кредиттик союз тарабынан алынуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык, пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт. Мында негизги сумма жана пайыздар/үстөк баа боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз үчүн үстөк айыптын (айып пулдардын, туумдардын) пайызынын өлчөмү кредиттик келишимде көрсөтүлгөн кредит боюнча номиналдык пайыздык ченден/кошумча төлөмдөн ашпоого тийиш (пайызсыз керектөөчү кредиттерин кошпогондо), ал эми кредиттин бүтүндөй колдонуу мөөнөтү ичинде эсептелген үстөк айыптын (айып пулдардын, туумдардын) максималдуу өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш. 

Күрөөлүк камсыздоо боюнча документтердин түп нускаларынын өз учурунда кайтарылып берилбегендиги үчүн (форс-мажордук жагдайларга жана кредиттик союз тарабынан каралууга тийиш болгон башка объективдүү себептерге байланыштуу өз учурунда кайтарылып берилбеген учурларды кошпогондо)  

Акча каражаттарын алгандан кийин кредиттик келишимди токтотуу шарттары  

 

Башка чыгашалар 

Кредиттик союздун катышуучусунун укугу  

_____________________________ 

__________ 

___________ 

 (Ыйгарым укуктуу адистин аты-жөнү) 

(кол тамгасы) 

(датасы) 

  

  

  

______________________________ 

__________ 

___________ 

 (Кредиттик союздун катышуучусунун аты-жөнү) 

(кол тамгасы) 

(датасы)