Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 25-сентябрындагы 

N 35\14 токтому менен 

бекитилди 

Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/16, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7, 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ), 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА), 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-8-(НФКУ), 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ), 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ), 2022-жылдын 5-октябрындагы N 2022-П-33/61-3-(НФКУ), 2022-жылдын 21-декабрындагы N 2022-П-12/81-7-(НФКУ), 2023-жылдын 14-июнундагы № 2023-П-12/38-4-(НПА), 2023-жылдын 30-августундагы № 2023-П-12/55-1-(НПА), 2023-жылдын 8-декабрындагы № 2023-П-12/76-1-(БС), 2024-жылдын 14-августундагы N 2024-П-12/36-1-(НПА), 2024-жылдын 16-октябрындагы N 2024-П-12/53-2-(НФКУ), 2024-жылдын 31-октябрындагы № 2024-П-12/58-2-(НПА), 2024-жылдын 27-ноябрындагы № 2024-П-12/63-1-(НПА), 2025-жылдын 22-январындагы № 2025-П-12/2-3-(НФКУ), 2025-жылдын 12-мартындагы № 2025-П-12/10-2-(НПА), 2025-жылдын 18-июнундагы № 2025-П-12/28-1-(НПА), 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 2025-П-12/46-1-(НПА), 2025-жылдын 23-октябрындагы N 2025-П-12/55-3-(НПА), 2025-жылдын 23-октябрындагы № 2025-П-12/55-4-(НПА), 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА), 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул жобонун талабы аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык компанияларга, ошондой эле микрокредиттик компанияларга жана микрокредиттик агенттиктерге, анын ичинде атайы иштелип чыккан терминдерди эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциби боюнча операцияларды жүзөгө ашырган жана "ислам терезесине" ээ болгон уюмдарга (мындан ары - МФУ) таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Бардык бүтүмдөрдөн жана операциялардан улам келип чыккан кредиттик тобокелдикти тескөөнү уюштуруу системасына, анын ичинде ислам МФУлары үчүн ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кредиттик келишимдерге жана контрактыларга, аларды түзүү тартибине жана МФУларда кредиттик тобокелдикти тескөөнүн шайкеш системасын түзүүгө карата минималдуу талаптарды аныктоо, ушул жобонун максатынан болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

3. МФУ өз ишин Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө", "Банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, ошондой эле МФУнун уставына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензиясынын/күбөлүгүнүн негизинде жүзөгө ашырууга милдеттүү. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы N 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Микрокредиттөө операциялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдүн алкагында, карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда, юридикалык жактардан, уюштуруучулардан (акционерлерден), финансы-кредиттик уюмдардан жана/же эл аралык финансылык уюмдардан тартылган өздүк же карыздык каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Ушул жобонун максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат: 

- Төлөмдөр графиги - кредиттик келишимге карата, микрокредитти кайтарып берүү жана пайыздарды төлөө мөөнөттөрүн жана суммаларын аныктаган милдеттүү тиркеме; 

- Кошо жоопкерчиликтүү топ - катышуучу-жеке адамдардын (жок эле дегенде 3 киши) өз ыктыярлары менен топко биригүүсү, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, топтун ар бир мүчөсүнүн милдеттенмелеринин аткарылышына жана алынган кредиттик каражаттардын толук кайтарылышына кандай гана шарттарда болбосун биргелешип жооп тартышат; 

- Топтук кредиттер - кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнө, кошо жоопкерчилик алдында берилген кредиттер; 

- Карыз алуучу - МФУдан мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук шарттарында белгилүү бир максаттарга кредит алган жеке адам же юридикалык жак, кошо жоопкерчиликтүү топ; 

- Кардар - МФУнун кызмат көрсөтүүлөрүнө кайрылган же алардан пайдаланып жаткан жеке адам же юридикалык жак, кошо жоопкерчиликтүү топ; 

- Таламдардан улам келип чыккан чыр-чатак - МФУнун кызматкеринин жеке кызыкчылыгы кредит берүү чечимин кабыл алуу процессине таасир этиши, ошол эле учурда МФУнун таламдарына зыян келтириши мүмкүн болгон жагдай; 

- Кредиттик тобокелдик - карыз алуучулар тарабынан МФУлардын активдерин кайтарып берүү боюнча милдеттенмелер келишим мөөнөттөрү жана шарттарына ылайык аткарылбай калуу тобокелдиги; 

- Микрокредит ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча иш алып барган микрофинансылык уюмдар үчүн - микрокаржылоо/ (мындан ары - кредит) - жеке адамга, кошо жоопкерчиликтүү топко же юридикалык жакка МФУнун Уставына жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамдын 2-беренесине ылайык берилген акча каражаттары. Кредиттин өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдөн ашпоого тийиш. Ошондой эле, ушул Жобонун максаттарында кредит дегенден улам, өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди түшүнүүгө болот; 

- Байкоо органы - МФУга жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырган, МФУнун башкаруу органы (Директорлор кеңеши/Байкоо кеңеши же МФУнун уюштуруу документтерине ылайык башка ыйгарым укуктуу жак); 

- Аткаруу органы - МФУга коллегиалдык же жеке күндөлүк жетекчиликти жүзөгө ашыруучу башкаруу органы (Башкарма/Төрага/Директор/Башкаруучу же МФУнун уюштуруу документтерине ылайык башка ыйгарым укуктуу жак); 

- Керектөөчү кредиттин толук наркы - карыз алуучунун келишим боюнча керектөөчү кредитти алуу жана тейлөө менен байланышкан бардык чыгашаларынын бардык чогуу алгандагы өлчөмү, анын ичинде пайыздар (үстөк баа), комиссиялар жана башка милдеттүү төлөмдөр, ошондой эле товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) наркынын керектөөчү кредитти берүүдөн улам көбөйүшү;  

- Керектөөчү кредит - МФУ тарабынан тарабынан мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук жана төлөө шарттарында, анын ичинде карыз алуучу керектөөчү кредит келишиминин алкагында акчалай милдеттенмени бөлүп төлөө (мөөнөтүн кийинкиге калтыруу) менен товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө максаттарында берилүүчү кредит же ислам принциптери боюнча каржылоо. Керектөөчү кредит жеке адамдарга ишкердик иш жана пайда табуу менен байланышпаган жеке, үй-бүлөлүк же тиричилик максаттары үчүн берилет. Ушул Жобонун максаттары үчүн турак жай кыймылсыз мүлкүн сатып алууга, курууга же бүтүрүүгө байланыштуу жана кыймылсыз мүлк менен камсыздалган кредиттер жана бөлүп төлөөлөр керектөөчү кредиттерге кирбейт. Керектөөчү кредиттер тараптардын макулдашуусу боюнча пайыздык чендерди (үстөк бааларды) эсептебестен берилиши мүмкүн; 

- Проблемалуу кредиттер - карыз алуучу тарабынан МФУ менен түзүлгөн келишим шарттары аткарылбаган кредиттер, же кандайдыр-бир жагдайлардан улам (мисалы, форс-мажордук жагдайлардын орун алышы же финансылык кыйынчылыктардын келип чыгышы), МФУ алдындагы милдеттенмелердин аткарылышына жана кредиттин төлөнүшүнө коркунуч туулат; 

- Форс-мажордук жагдайлар - жаратылыш кырсыктарын (суу каптоо, жер титирөө, өрт жана башка жаратылыш же техногендик кырсыктар), эпидемияларды, өзгөчө кырдаалдардын киргизилишин, массалык баш аламандыктарды, талап-тоноочулукту, аскердик аракеттер ж.б. сыяктуу окуяларды камтыган, бирок, чектелип калбаган жагдайлар; 

- Токтотуп туруу мезгили - бул, кредиттик келишимге кол коюлгандан кийинки мезгил аралыгы, анын ичинде МФУ карыз алуучуга акча каражаттарын которбойт. Карыз алуучу ушул мезгил аралыгында кредит алуудан баш тартууга укуктуу. 

- Аялдар ишкердиги - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүүчү ишкердик иш; 

Кредиттик бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу (мындан ары - өзүнө-өзү тыюу салуу) - жеке адамдын "Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык, финансы-кредит уюму аны менен кредиттик келишим же акча каражаттарын жана (же) башка мүлктү карызга берүү каралган башка келишим (мындан ары - кредиттик келишим) түзүүгө тыюу салуу жөнүндө өз алдынча эрк билдирүүсү.  

Өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө, ошондой эле өзүнө-өзү тыюу салууну алып салуу жеке адам тарабынан Кыргыз Республикасынын Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу же Улуттук банк тарабынан аныкталуучу башка ыкмада акысыз өз алдынча жүзөгө ашырылат. Белгиленген өзүнө-өзү тыюу салуу, ушул өзүнө-өзү тыюу салуу белгиленгенге чейин насыялык уюмдар менен түзүлгөн кредиттик келишимдерге карата кайтарым күчкө ээ эмес. Кредиттик келишимдерди түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө маалымат өзүнө-өзү тыюу салууну белгилеген насыялык маалымат субъектинин тандоосу боюнча насыялык бюролорго жөнөтүлөт. МФУлар кредиттик келишимдерди түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу (тыюу салууну алып салуу) жөнүндө маалыматты алуу максатында учурдагы насыялык бюролор менен системалар аралык интеграцияны камсыздайт.  

Өзүнө-өзү тыюу салууну киргизүүнү баштоо, узактыгы жана аяктоо мөөнөттөрүн аныктоо тартиби, өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө формасы жана ага карата талаптар (тыюу салууну алып салуу) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелеринде белгиленген. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3, 2024-жылдын 27-ноябрындагы № 2024-П-12/63-1-(НПА), 2025-жылдын 18-июнундагы № 2025-П-12/28-1-(НПА), 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5-1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы N 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

5-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери бөлүгүндө колдонулуучу терминдер жана аныктамалар "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамында жана Улуттук банктын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча иш алып барган МФУлардын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларында камтылган терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

5-2. Ушул Жобонун максаттары үчүн:  

- "кредит" термини ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча берилген каржылоону да билдирет;  

- "кредиттик келишим" термини ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча берилген каржылоо келишимин да билдирет;  

- "пайыздык чен" термини ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча берилген каржылоо боюнча үстөк бааны да билдирет.  

Үстөк баа - ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келишимдер боюнча кирешелүүлүктүн номиналдык жылдык пайыздык мааниге келтирилген нормасы, ошондой эле товардын, жумуштун же кызмат көрсөтүүнүн баасына (наркына) салыштырмалуу карыз алуучунун милдеттенмесинин суммасынын толук бир жолку төлөмдө көбөйүшү.  

Ушул Жобонун максаттары үчүн ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча келишимде үстөк баа карызды төлөө же кирешени эсептөө графиги түзүлгөн операциялар боюнча номиналдык жылдык пайыздык маанисин кошумча ачып көрсөтүү менен абсолюттук мааниде көрсөтүлүшү керек. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Кредиттик тобокелдиктерди тескөөнү уюштурууга карата негизги талаптар 

6. МФУнун калкка жеткиликтүү кызматтарды сунуштоо, жакырчылыкты жоюуга көмөктөшүү, жумуштуулук деңгээлин жогорулатуу, ишкердикти өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан мобилизациялоого көмөктөшүү боюнча негизги максаттарынын ишке ашырылышына - төмөнкүлөргө микрокредиттерди берүү аркылуу жетишүүгө болот: 

- калктын аз камсыз болгон катмарынын, аялдардын жана алыскы аймактарда жашоочулардын баштапкы бизнести түзүүлөрүнө; 

- жүргүзүлүп жаткан бизнести колдоого жана аны өнүктүрүүгө; 

- мыйзамга каршы келбеген керектөө жана башка максаттарга. 

7. МФУлар анын тиешелүү башкаруу органдары (документтин статусуна жараша Байкоочу орган же Аткаруу органы) тарабынан бекитилүүгө тийиш болгон тиешелүү ички ченемдик документтерди (саясаттарды жана жол-жоболорду) иштеп чыгууга милдеттүү. Бул документтерде төмөнкүлөр алдын-ала каралууга тийиш: 

- МФУнун Уставы жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамында аныкталган иш-аракеттердин максаттарын ишке ашыруу боюнча чараларды ачып көрсөтүү, алардын аткарылышына МФУнун Байкоо жана Аткаруу органдары жоопкерчилик тартат; 

- билдирмени кароого, кредиттерди берүүгө, кредиттик келишимди түзүүгө жана ал боюнча тиешелүү документтерди киргизүүгө, ошондой эле кредиттик тобокелдикти аныктоо, өлчөө, ага мониторинг жүргүзүү жана контролдукка алууга тийиштүү, кредиттөө боюнча операцияларга карата бардык шарттар жана негизги талаптар. Мында ар бир кредиттик продукт боюнча толук сүрөттөөлөр МФУнун тиешелүү ченемдик документтеринде чагылдырылууга тийиш. 

8. МФУнун ички ченемдик документтери ушул Жободо, Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берилген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. 

9. МФУлар микрокредиттөөнү мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук шарттарында жүзөгө ашырышат. 

10. МФУлар өз ишин кардарларга карата алардын экономикалык кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык жана банктык сыр жөнүндө мыйзамынын талаптарын сактоодо, ак ниеттүүлүк, ачык-айкындуулук, аныктык принциптеринде жүзөгө ашырышат. 

10-1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жободо жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар сакталган шартта, МФУ ички саясатына жана жол-жоболоруна ылайык обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу кредиттерди берүүгө укуктуу.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилүүчү кредиттердин суммасы жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 15000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалентте - микрофинансылык уюмдарга) жана күчөтүлгөн, квалификацияланбаган электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 150000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалентте - микрофинансылык уюмдарга) ашпоого тийиш.  

Кредиттик келишимге электрондук кол тамга коюу менен обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредиттер үчүн төмөнкү минималдуу токтотуп туруу мезгили белгиленет, бул мезгил аралыгында МФУ карыз алуучуга акча каражаттарын которо албайт:  

- 50001 сомдон 100000 сомго чейинки кредиттер үчүн - 4 саат;  

- 100001 сомдон жогору кредиттер үчүн - 12 саат.  

Мында МФУ 100001 сомдон жогору кредиттерди сунуштоодо жогоруда көрсөтүлгөн токтотуп туруу мезгили ичинде обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредитти тариздөөгө кардардын ырастоосун алуу максатында контролдук чалуу жол-жобосун кошумча жүргүзүүгө тийиш.  

Эгерде мындай кредиттер боюнча акча каражаттарын карыз алуучуга түздөн-түз берүү жокко чыгарылып (товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү ж.б. бөлүп төлөө шартында сатып алуу), акча каражаттары түздөн-түз сатуучуга/сунуштоочуга которулса, обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилген кредиттерге карата токтотуп туруу мезгили колдонулбайт. Мында, МФУ мыйзамда белгиленген тартипте юридикалык жак же жеке ишкер болуп саналган сатуучу/сунуштоочу менен өнөктөштүк жөнүндө келишимдик мамилелерге ээ болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 12-мартындагы № 2025-П-12/10-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Кредиттик саясат 

11. МФУнун кредиттик иши анын тиешелүү органы тарабынан бекитилген кредиттик саясаттын негизинде жүзөгө ашырылат. 

11-1. МФУнун тиешелүү органы кредиттик саясатты анын шайкештиги боюнча, лимиттер системасын, кредиттик тобокелдикти тескөө инструменттерин жана жол-жоболорун, кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча ички аудит системасын кайра карап чыгууга милдеттүү. МФУнун тиешелүү органы зарыл учурда МФУдагы тобокелдик профилиндеги, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларындагы, МФУнун уюштуруу түзүмүндөгү жана кадрлар курамындагы өзгөрүүлөргө жана кредиттөө процессине таасирин тийгизүүчү башка жагдайларга жараша, бирок кеминде жылына бир жолу кредиттик саясатты кайра карап чыгууга милдеттүү. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

12. Кредиттик саясат МФУлардын кызматкерлери кредиттерди сунуштоо, тариздөө, мониторинг жүргүзүү, классификациялоо жана кредиттик тобокелдиктерди тескөө иштеринде колдонууга милдеттүү болушкан стратегияны, параметрлерди аныктайт. 

МФУ кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү процессине тартылган кызматкерлерин карыз алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүнүн, проблемалуу кредиттер менен иш алып баруунун МФУда колдонулуп жаткан ыкмаларын эске алуу менен кредиттөө жана карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө иликтөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү, ошондой эле кредиттөөдөгү башка маселелерге мониторинг жүргүзүү, анын ичинде кардарлар менен байланышты жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын аткаруу, жоопкерчиликтүү кредиттөө принциптеринин сакталышы маселелери боюнча мезгил-мезгили менен окутуп туруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш. 

МФУда кредиттин өлчөмүнө жана түрүнө, кардардын ишине жана кирешесине жараша карыз алуучунун жана кепилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү методикасын аныктаган ички документ бекитилүүгө тийиш. Документте карыз алуучунун жана/же кепилдик берүүчүнүн финансылык абалына, МФУларда болгон бардык маалыматтарды эске алуу менен алардын милдеттенмелерин аткаруу жөндөмдүүлүгүнө баа берүүгө мүмкүндүк берген толук ченемдер камтылууга тийиш. Бул ички документте 100000 сомдон жогору кредиттер үчүн карыз алуучунун жана/же кепилдик берүүчүнүн кирешелери/төлөөгө жөндөмдүүлүгү жөнүндө маалыматты тастыктаган документтердин тизмеси көрсөтүлүүгө тийиш, мында карыз алуучунун жана/же кепилдик берүүчүнүн кирешелери/төлөөгө жөндөмдүүлүгү жөнүндө тастыктаган маалыматтар МФУнун карыз алуучуну кредиттөө боюнча чечим кабыл алуусу үчүн так жана жетиштүү болууга тийиш. 100000 сомго чейинки кредиттер үчүн МФУнун ички документтеринде карыз алуучунун жана/же кепилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгү аныкталган жана кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алынган маалыматтар камтылуусу зарыл. 

Мындан тышкары, бул ички документте кредиттин максаттуу пайдаланылышын текшерүү жөнүндө отчеттун формасы жана аны толтуруу боюнча талаптар аныкталууга тийиш. Отчет кредит берилген күндөн тартып 1 (бир) айдын ичинде таризделүүсү жана акча каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө тастыктоочу маалыматты камтуусу зарыл. Мында тастыктоочу документтердин тизмеги ошол ички документте аныкталат, ал эми карыз алуучунун кредитин максаттуу пайдалануу жөнүндө маалыматты тастыктаган документтердин өзү так жана жетиштүү болууга тийиш. 

Кредиттин максаттуу пайдаланылышын текшерүү жөнүндө отчетту даярдоо 100000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредит, ошондой эле керектөө кредити жана МФУнун эсептешүү эсебинен салык төлөөчү катары катталган сатуучунун/дүкөндүн эсептешүү эсебине каражаттарды которуу жолу менен берилген, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча керектөө кредиттерин каржылоо үчүн талап кылынбайт. 

МФУ кредит боюнча тобокелдиктерди эске алуу менен, эгерде кепилдик кредит боюнча кошумча камсыздоо болуп саналса, гаранттын же кепилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзбөй коюшу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 16-октябрындагы N 2024-П-12/53-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

13. МФУнун кредиттик саясатында кредиттерди берүүгө, мониторинг жүргүзүүгө жана кайтарып берүүгө тиешелүү бардык негизги жоболор чагылдырылууга тийиш, анын ичинде: 

1) төмөнкүлөрдү кошо алганда, жалпы жоболор: 

- потенциалдуу карыз алуучулардын курамы; 

- кредиттөө максаттарына жана башка шарттарга жараша кредиттердин, анын ичинде аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө багытталган кредиттердин түрлөрү. Ошол эле учурда типтүү кредиттик продукттар жана алар боюнча келишимдер унификацияланууга тийиш. 

- кредиттөө тартибин жана сандык чектөөлөрүн (лимиттерди), анын ичинде байланыштуу жактарга/аффилирленген жактарга жана алардын туугандарына берилген кредиттер, ошондой эле ири кредиттер боюнча; 

- кредиттөө мөөнөттөрүн, анын ичинде бизнестин сезондуулугун, мезгилдүүлүгүн эске алуу менен; 

- ушул Жобонун талаптарына ылайык керектөөчү кредиттер боюнча карыздык жүктүн көрсөткүчүн эсептөө тартибин кошо алганда, потенциалдуу карыз алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн аныктоо тартиби; 

- пайыздык чендерди калыптандыруу тартиби (номиналдык/эффективдүү); 

- валютанын түрү; 

- кредиттик портфелдин түзүмүн (тармактар, валюталар жана башка белгилер боюнча); 

- кредиттин тигил же бул түрүнө мүнөздүү потенциалдуу тобокелдиктер жана аларды төмөндөтүү методдору/ыкмалары; 

- индексацияланган кредиттерди берүүгө тыюу салуу; 

2) кредитти тариздөө тартиби, анын ичинде: 

- кредиттерди берүү жана жактыруу тартиби; 

- күрөөгө баа берүү тартиби; 

- кредиттердин ордун жабуу графигин кошо алганда, алардын туура таризделишине контролдукту жүзөгө ашыруу; 

- документтердин формалары; 

- күндөлүк жана проблемалуу кредиттер менен иштөө тартиби; 

3) кредиттерди тескөө боюнча талаптар, анда төмөнкүлөр камтылат: 

- карыз алуучунун шайкеш кредиттик досьесин калыптандырууга жана түзүүгө карата талаптар; 

- кредиттерге жана кредиттик келишимдердин шарттарынын МФУнун ички жол-жоболоруна ылайык аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча талаптар; 

- кредиттерди пролонгациялоо, реструктуризациялоо, ошондой эле алар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздар төлөнгөн учурда кредиттерди жаңыртуу шарттары; 

- кредиттерди классификациялоо системасын аныктоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга карата резервдерди (РППУ) түзүүгө чегерүүлөрдүн маанисин белгилөө, мында Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтому менен бекитилген "Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө" жободо, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген "Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибинде" белгиленген РППУну түзүүгө чегерүүлөрдүн мааниси сакталууга тийиш; 

- кредиттер боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн жана төлөнбөгөн карыздарды кайтарып алуу боюнча иш тартиби. 

Зарыл учурда карыз алуучуларга кредитти реструктуризациялоо мүмкүнчүлүгүн кошо алганда, МФУнун проблемалуу кредиттерди жөнгө салуу саясаты тууралуу маалымдалууга тийиш. 

"Проблемалуу" кредиттер менен иш алып барууда, жолугушууларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө жана башка чараларды ишке ашырууда МФУнун кызматкерлери ишкердик жана кесипкөйлүк этиканы так сактоого тийиш; 

4) кредиттөө процессинде МФУлардын кызматкерлеринин милдеттерин жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү/бөлүү: 

- кредиттерди түрүнө жана өлчөмүнө жараша, аларды берүү укугун ыйгаруу; 

- күндөлүк кредиттерди администрлөө (мониторинг жүргүзүү) боюнча; 

- проблемалуу карыз алуучулардын карыздарын кайтарып алуу боюнча; 

5) МФУ кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдиктерге баа берүү ишин уюштуруу максатында, иштеп жаткан кредиттик бюролор менен кредиттик маалыматтарды алмашуу жөнүндө келишимдерди түзүүгө, ошондой эле түзүлгөн келишимдерге ылайык аларга МФУда болгон кредиттик маалыматтарды берүүгө милдеттүү. 

Терс кредиттик маалымат берилген учурларды кошпогондо, МФУ кардардын макулдугу боюнча кредиттик бюролорго кредиттик маалыматтарды берет. Мында өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) токсон календардык күндөн ашык убакыт бою аткарылбагандыгы жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр жүргүзүлбөгөндүгү тууралуу маалыматтар кардар тарабынан арыз берилген шартта терс кредиттик маалыматка киргизилбейт, мындай арызда милдеттенмелерди талаптагыдай аткарууга таасирин тийгизген өзгөчө кырдаалды жана (же) өзгөчө абалды киргизүүгө байланыштуу жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш.  

Эгерде мөөнөтү өтүп кеткен карыз өзгөчө кырдаалдардан жана (же) өзгөчө абалдан улам келип чыккан болсо, МФУ кредиттик бюролорго мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер жөнүндө маалыматты берүүдө кредиттер боюнча төлөмдөрдүн кечиктирилиши өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын киргизилишине байланыштуу экендигин көрсөтүүгө тийиш. 

Кредиттик маалымат анык жана жаңыртылган, айкын маалыматтарга негизденген, ошондой эле МФУ менен кардар ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык келүүгө тийиш.  

МФУнун кредиттик ишти жөнгө салуу боюнча кредиттик саясатында/ички документтеринде кредиттик маалымат алмашуу ишин уюштуруу тартиби жана талаптары камтылууга тийиш:  

- кредиттик маалыматты санкциясыз колдонуудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу;  

- кредиттик маалымат алмашуу процессинде катышкан МФУ жана анын кызматкерлери тарабынан алар менен эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салуу.  

Мындан тышкары, кредиттик саясатта кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүдө негизги шарттар жана милдеттенмелер, анын ичинде төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:  

- кредиттик маалыматка өзгөртүүлөр киргизилгендиги жана жаңыртылгандыгы жөнүндө өз убагында билдирүү;  

- кредиттик маалымат субъектинин жана (же) кредиттик бюронун маалыматтарда аныкталган каталар жана дал келбөөчүлүктөр боюнча талабынын негизинде мурда кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү; 

- кредиттик маалымат алмашуу келишимине ылайык, кредиттик бюрого маалыматтарды сунуштоо системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу.  

МФУ, бардык карыз алуучуларды кошо алганда, кредиттик бюролорго сунуштаган кредиттик маалыматтын бурмаланышы, анын толуктугу, өз убагында сунушталышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7, 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9, 2023-жылдын 30-августундагы № 2023-П-12/55-1-(НПА), 2025-жылдын 18-июнундагы № 2025-П-12/28-1-(НПА), 2025-жылдын 23-октябрындагы N 2025-П-12/55-3-(НПА), 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

13-1. МФУнун кредиттик саясатында карыз алуучулардын төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү методикасы камтылууга тийиш. Бул максаттарда МФУ өз ыңгайына жараша ички кредиттик рейтинг системасын иштеп чыга алат же тышкы кредиттик рейтинг булактарын колдоно алат. Тобокелдиктердин ички рейтинг системасы МФУнун иш чөйрөсүнө, өлчөмүнө жана татаалдыгына шайкеш келет.  

Эгерде МФУнун ички кредиттик рейтинг системасы бар болсо, анда бул ички рейтинг система карыз алуучунун финансылык абалына анын келечектеги төлөө жөндөмдүүлүгүнүн негизги көрсөткүчү катары комплекстүү баа берүүнү камтууга жана карыз алуучу тууралуу маалыматтарды чагылдырууга тийиш.  

Керектөөчү кредиттерди берүүдө карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн баалоо системасы ушул Жобонун талаптарына ылайык карыздык жүктүн көрсөткүчүн эсептөөнү камтууга тийиш. 

Кредиттик рейтинг - кредиттин сапатынын негизги көрсөткүчү. Кредиттик рейтинг кредит берүү жактырылган алгачкы стадияда ыйгарылууга тийиш, ошондой эле кредитке кийинки мониторинг жүргүзүүдө, аны узартууда же кредиттик келишим шарттарын өзгөртүүдө же кредитти реструктуризациялоодо ыйгарууга болот. Карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктаган, иштелип чыккан кредиттик рейтингдер алфавит, сан же альфа-сан белгилери түрүндө белгиленет, булар МФУ кредит берүүдө орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди көрсөтүшөт. МФУ кредиттик рейтингди карыз алуучуга жана кредиттин өзүнө байланыштуу белгилүү бир мүнөздөмөлөрдү эске алуу менен ыйгарылат.  

Кредиттик рейтингди аныктоодо карыз алуучулардын төлөө жөндөмдүүлүгүн иликтөө ыкмалары ар кандай методдорго негиздениши мүмкүн:  

- сандык - кредиттик рейтингди аныктоого өбөлгө түзгөн, тиешелүү көрсөткүчтөрдү колдонуу менен (коэффициенттер методу, рейтингдик моделдер, скоринг моделдери);  

- божомолдоо, мында өткөн жылдардагы статистикага таянат жана карыз алуучунун кредит таржымалын жана төлөө жөндөмсүздүгү ыктымалдуулугун болжолдоого багытталат;  

- сапаттык, мында ар тараптуу сапаттык көрсөткүчтөр системасы колдонулат.  

МФУ кредит берүүдө карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө натыйжалуу баа берүү максатында, өз ыктыярына жараша карыз алуучуларга жана МФУ тарабынан сунушталуучу кредиттерге баа берүү боюнча талаптарга жооп берген ыкмалардан турган, өздүк моделин иштеп чыга алат. Мында төмөнкүлөр негиз болот:  

- карыз алуучулардын финансылык абалына жана кредиттердин сапатына комплекстүү баа берүүгө өбөлгө түзгөн коэффициенттер ыкмасы;  

- рейтингдик модель - колдонууга ыңгайлуу жана жөнөкөй болуп саналган, интегралдык көрсөткүчтөрдү эсептөө аркылуу коэффициенттер методу менен автоматташтырылган баа берүү;  

- скорингдик модель - карыз алуучуну белгилүү бир топко киргизүү менен кредит төлөө жөндөмдүүлүгүнө балл эквивалентинде баа берүү;  

- карыз алуучунун милдеттенмелери менен келечектеги акча агымдарына баа берүүгө негизденген модель;  

- өткөн жылдардын статистикасын жана башкаларды колдонуу менен модель.  

Ички кредиттик рейтинг системасы кредит берүү тууралуу чечим кабыл алуу; кредиттин наркын аныктоо; МФУнун кредиттик тобокелдикке мониторинг жүргүзүүдө көмөктөшүүсү; потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү үчүн; алынган жана зарыл маалыматты тескөө; кредиттерди кредиттик рейтинг шкаласына ылайык бөлүштүрүү, ошондой эле кредиттик рейтинг шкаласы боюнча кредиттердин мурдагы абалын жана келечектеги жылышын аныктоо; кредит портфелдеги жалпы тобокелдиктерге жана тенденцияларга баа берүү үчүн колдонууга болот.  

Ички кредиттик рейтинг системасын колдонуу мурунку маалыматтар менен маалымат базасын түзүүгө өбөлгө түзөт, ал убакыттын өтүшү менен кредиттин белгилүү бир түрүнө кредиттик рейтинг көрсөткүчтөрү боюнча баа берет, бул МФУга өз кредиттик тобокелдигине кыйла так баа берүүгө мүмкүнчүлүк берет.  

Эгерде МФУнун ички кредиттик рейтинг системасы бар болсо, анда бул ички рейтинг системасы төмөнкүлөр боюнча ыйгарым укуктардын бөлүштүрүлүшүн камтууга тийиш:  

- карыз алуучуга баштапкы рейтингди ыйгаруу (кредитке билдирме келип түшсө);  

- ыйгарылган рейтингди талдап-иликтөө (кардардын иши, анын төлөө жөндөмдүүлүгү жана күрөөлүк камсыздоосу боюнча бардык документтерди талдап-иликтөөдө);  

- кредит берүүнү жыйынтыктап жактыруу.  

Кредит берүү боюнча чечим кредиттик рейтингге ылайык, 100000 (жүз миң) сомго чейинки суммада жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге кредиттер боюнча кабыл алынат.  

Мындан ары жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге 100000 (жүз миң) сомго чейинки суммада берилген кредиттер боюнча ушул Жобого ылайык, мониторингдин мезгилдүүлүгү боюнча, мезгил-мезгили менен төлөм мониторингин, ошондой эле кредиттик милдеттенмелердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана эгер зарыл болсо, рейтингге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу максатында ыйгарылган кредиттик рейтингдерге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүп туруу зарыл.  

Мындан тышкары, МФУ берүү учурунда стандарттык эмес чечимдер (жеке пайыздык чендер, күрөө түзүмү жана башка) кабыл алынган, кредиттердин маалымат базасын жана эсепке алуу журналын үзгүлтүксүз жүргүзүүгө милдеттүү. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ), 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

14. Ири кредиттерди, МФУнун байланыштуу жактарына/аффилирленген жактарына кредиттерди берүү, ошондой эле проблемалуу кредиттерди эсептен алып салуу МФУнун Байкоо органы тарабынан жактырылгандан кийин жүргүзүлөт. 

14-1. Кредиттерди берүү укугу кызмат адамдардын бир нече деңгээлине бөлүштүрүлүшү мүмкүн жана бул адамдар кредиттөө учурунда алар тарабынан жол берилген бузуулар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтүү болушат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

15. МФУнун кардардын тууганы болуп саналган жана кредиттерди берүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жагында ыйгарым укукка ээ болгон кызматкери, бул кардарга кредиттерди берүү жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш эмес. 

16. МФУнун чет өлкө валютасында кредит берүү укугуна ээ Аткаруу органы МФУнун кредиттик саясатынын аткарылышына жоопкерчиликтүү болуп саналат жана кредиттик тобокелдикти, анын ичинде валюта тобокелдигине шартталган кредиттик тобокелдикти аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча саясатты, жоболорду жана жол-жоболорду иштеп чыгууга жана аларды МФУ ишине жайылтууга милдеттүү болот. МФУнун чет өлкө валютасында операциялардын бардыгын жана айрымдарын жүзөгө ашырууга кошумча лицензиясына (лицензия көрсөтүлсүн) ээ Аткаруу органы валюта тобокелдигине шартталган кредиттик тобокелдикти туруктуу аныктоо, баа берүү, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча комплекстүү системаны камсыз кылуусу, ошондой эле валюта тобокелдигине шартталган кредиттик тобокелдикти контролдоо, талдап-иликтөө жана мониторинг жүргүзүү үчүн отчет түзүү системасын камсыз кылуусу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

16-1. МФУлардын кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү ишине тартылган кызматкерлерине кредиттөө ишине жоопкерчиликтүүлүк менен мамиле жасоо жагында билим деңгээлин жогорулатуу сунушталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Микрокредитти алууга билдирмелерди карап чыгуу 

17. МФУлар ички ченемдик документтеринде кардар тарабынан кредит алуу үчүн берилген документтерди кароо мөөнөтүн белгилөөгө тийиш. 

18. МФУ кардарларга жок эле дегенде төмөнкү шарттарды сактаган учурда кредиттерди берет: 

1) кардар билдирмеде карызга алынган каражаттарды пайдалануу максаттарын көрсөтүү менен кредит алуу үчүн кайрылган шартта; 

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кардар эрезеге жеткен, ишке жарамдуу болгон шартта; 

3) Бир чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары бир үй-бүлө мүчөсүнөн, чогуу жашагандардан жана/же биргелешип бизнес жүргүзүүчүлөрдөн боло алышпайт; 

4) Чогуу жоопкерчиликтүү топтун бир үй-бүлө мүчөсү болуп саналбаган, бирок биргелешкен бизнеске ээ катышуучуларынын саны, мындай топтун катышуучуларынын жалпы санынын 20 пайызынан ашпоого тийиш; 

5) Чогуу жоопкерчиликтүү топтун бир үй-бүлө мүчөсү болуп саналбаган, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн катышуучуларынын үлүшү, топко берилген кредиттин жалпы суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. 

Ушул жобонун талабына ылайык, бир нече ишкер (өнөктөштөр, чогуу ээлик кылуучулар ж.б.) тартылган экономикалык ишкердикти биргелешип жүргүзгөн бизнес катары түшүнүү зарыл. Мында, алардын иши биргелешип өндүрүп алуудан жана/же товарларды сатуудан, кызматтарды сунуштоодон пайда көрүүгө багытталат. Бул үчүн ишкерлердин мүлкү, материалдык эмес активдери, эмгеги пайдаланылат. Биргелешкен бизнестин катышуучулары бизнес жүргүзүүдөн алынган пайданы өз ара бирдей үлүштө бөлүштүрүп, келип чыгышы мүмкүн болгон жоготуу тобокелдигине бүтүндөй мүлкү же анын бөлүгү менен жооп беришет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/16 токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Кредит алуу үчүн кардар жок дегенде ушул жобонун 1-тиркемеге ылайык сунушталган документтерди (кагаз жүзүндө же электрондук документ формасында) берүүсү зарыл. 

МФУда маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылуу талаптары каралган маалымат менен иш алып баруу боюнча ички жол-жобо иштелип чыгышы зарыл. МФУнун кызматкерлери маалымат топтоодо жана кардарлар менен иш алып барууда мыйзам талаптарына ылайык маалыматтар кандай учурларда гана колдонула тургандыгы так чечмелеп, түшүндүрүүгө тийиш. 

Кардардын (кардарлардын) сүрөттөрүн же алар катышкан видео жаздырууларды, аудио жаздырууларды жана аларга тиешелүү башка маалыматтарды жарнамалык, маркетингдик маалыматтарда же башка жалпыга маалымдоо максаттарында пайдалануу үчүн ага кардардын (кардарлардын) кат жүзүндө макулдугун алуу талап кылынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9, 2024-жылдын 16-октябрындагы N 2024-П-12/53-2-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

20. Билдирмелерди карап чыгуу регламенти жок эле дегенде төмөнкү баскычтардан турууга тийиш: 

1) кардарлардын кредиттерди алууга билдирмелерди каттоо Журналына, билдирмелерди каттоо (мындан ары - Журнал). МФУда маалыматты коргоо жана сакталышын камсыз кылган коопсуздук системалары орнотулуп, маалыматтан санкциясыз пайдаланууга жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүн болбогон шартта, журналды электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет; 

2) кардар тарабынан билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүү; 

МФУ кызматкери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн да текшерүүгө тийиш. Текшерүү фактысы кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш."; 

2-1) кеминде эки кредиттик бюродон карыз алуучу жөнүндө маалыматты (кредиттик отчетту) жана МФУнун каалоосу боюнча карыз алуучу менен байланыштуу жактар жөнүндө маалыматты (эгерде алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык макулдугу болсо) талап кылууга; 

3) кардар-потенциалдуу карыз алуучу менен аңгемелешүү жүргүзүү; 

4) кардар тарабынан берилген документтерге алдын-ала экспертиза жүргүзүү; 

5) формалдуу эмес кирешеге ээ болгон кардарларды кошо алганда, кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарына баа берүү, ошону менен бирге карыз алуучунун керектөөчү кредиттерин кошпогондо, анын чогуу алгандагы кирешесинин кредит боюнча (негизги сумма жана пайыздар боюнча) бир айлык төлөмгө карата катышына барабар болгон карызын жабуучу коэффициенти 130 пайыздан кем болбоого тийиш. Керектөөчү кредиттери боюнча карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчү ушул Жобонун 20-1-пунктуна ылайык эсептелет; 

6) кредит берүү жөнүндө чечим; 

7) кредиттик келишимге кол коюуга чейин МФУ учурда иштеп жаткан кредиттик бюролордон кардардын кредиттик келишимдерди түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуусу бар/жок экендиги же мындай тыюу салуу алынып салынгандыгы жөнүндө маалыматты талап кылууга тийиш. Кардар тарабынан кредиттик келишимди түзүүгө колдонуудагы өзүнө-өзү тыюу салуу белгиленген болсо МФУ кредиттик келишимди түзүүдөн баш тартууга тийиш. Кредиттик келишимди түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу бар экендиги жөнүндө суроо-талап кредиттик бюрого кардардын макулдугусуз эле жөнөтүлүшү мүмкүн. МФУ тарабынан бул талаптарды бузуу менен түзүлгөн кредиттик келишим жараксыз болуп саналат; 

8) кардарга МФУда белгиленген тартипте кредит берүү/кредит берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымдоо, анын МФУ тарабынан белгиленген формасы Журналга катталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9, 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ), 2022-жылдын 5-октябрындагы N 2022-П-33/61-3-(НФКУ), 2023-жылдын 30-августундагы № 2023-П-12/55-1-(НПА), 2024-жылдын 14-августундагы N 2024-П-12/36-1-(НПА), 2025-жылдын 23-октябрындагы N 2025-П-12/55-3-(НПА), 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

20-1. Керектөөчү кредитти берүүдө МФУ карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчүн төмөнкү учурларда эсептөөгө милдеттүү:  

1) керектөөчү кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алууда, анын ичинде башка керектөөчү кредитти кайра каржылоо максатында;  

2) керектөөчү кредит келишиминин шарттарын өзгөртүүдө, бул орточо айлык төлөмдүн көбөйүшүнө же келишимдин мөөнөтүнүн узартылышына алып келсе.  

Эгерде өзгөртүүлөрдө төлөмдөрдүн өлчөмүнүн азайышы же токтотулушу каралса, карыз алуучунун демилгеси боюнча келишим шарттарын өзгөртүүдө карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчү эсептелбейт.  

Карыз алуучунун карыздык жүгүнүн көрсөткүчү МФУ тарабынан пайыздарда, үтүрдөн кийин бир белгиге чейинки тактык менен, карыз алуучунун бардык карыздык милдеттенмелери боюнча орточо айлык төлөмдөрдүн суммасынын (негизги карыз жана пайыздык төлөмдөр/үстөк акы боюнча төлөмдөр), анын ичинде берүү жөнүндө арыз каралып жаткан керектөөчү кредиттин, МФУга жеткиликтүү болгон маалыматтарга ылайык, анын орточо айлык кирешесине болгон катышы катары эсептелет.  

МФУ өзүнүн ички документтеринде карыз алуучунун орточо айлык төлөмдөрүнүн жана орточо айлык кирешесинин суммасын эсептөө тартибин бекитүүгө милдеттүү, ал төмөнкүлөрдү камтышы керек:  

- керектөөчү кредиттин өлчөмүнө жана түрүнө, кардардын ишине жана кирешесине жараша карыз алуучунун кирешесин/төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтердин жана/же маалыматтын тизмеси;  

- керектөөчү кредиттин өлчөмүнө жана түрүнө, кардардын ишине жана кирешесине жараша орточо айлык көрсөткүчтөр эсептелиши керек болгон мезгил. Мында орточо айлык кирешени эсептөө үчүн бул мезгил кредит алууга арыз берилген күндөн тартып акыркы 3 айдан кем болбошу керек.  

Эгерде карыз алуучунун ушул пунктка ылайык эсептелген карыздык жүгүнүн көрсөткүчү, анын ичинде кредитти кайра каржылоо учурунда 60 пайыздан ашса, МФУ керектөөчү кредит келишимин түзүүгө чейин карыз алуучуга милдеттенмелерди аткарбай коюу тобокелдиктери жана ага карата жоопкерчилик чараларын колдонуу ыктымалдуулугу жөнүндө кол койдуруу менен эскертүүгө милдеттүү, мында МФУ карыз алуучуга мындан ары кредит берүүдөн баш тарткан же келишимдин шарттарына ылайык керектөөчү кредитти мөөнөтүнөн мурда толук кайтарып берүүнү талап кылган учурлар эске алынбайт. Көрсөтүлгөн учурда керектөөчү кредит карыз алуучунун тобокелдиктер жөнүндө маалымат берилгендигин ырастаган жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо гана берилет.  

Ушул пунктта көрсөтүлгөн билдирүүлөр менен карыз алуучунун таанышкандыгы фактысы анын өз колу менен коюлган кол тамгасы же Кыргыз Республикасынын санариптик чөйрөнү жөнгө салган мыйзамдарында каралган башка ыкмалар менен ырасталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

21. Эгерде, кредит боюнча кызматкер же кредит берүү чечимин кабыл алууда катышкан кайсы гана жак болбосун, потенциалдуу кардар менен таламдардан улам келип чыккан талаш-тартыш мамилелеринде болсо, анда ал аталган карыз алуучуга кредит берүү боюнча чечим кабыл алууга катышууга тийиш эмес. 

МФУнун кызматкерлери өз функционалдык милдеттеринин чегинде гана кардарлар менен өз ара аракеттенүүгө тийиш жана кардарга сый акы катары кредит берүүдө ортомчу сыяктуу көмөктөшүү укугуна ээ эмес. 

5. Кардарлардын укуктары 

22. Кредиттик келишимге кол коюлганга чейин, кардар төмөнкүлөргө укуктуу болот: 

1) кредиттик келишимдин долбоорун ага тиркелген бардык документтери менен колуна алууга же электрондук түрдө алууга жана юридикалык консультация алуу үчүн МФУнун чегинен тышкары кайрылууга, мында кардарга аталган келишим менен таанышууга берилген убакыт бир күндөн кем эмес, бирок, үч күндөн ашпоого тийиш; 

2) МФУ кызматкерлерине төмөнкү маалыматты түшүндүрүү жана аларды чечмелеп берүү боюнча консультацияларды алуу үчүн кайрылууга: 

- кредит берүү шарттары жөнүндө, анын ичинде пайыздык чен же үстөк баа (ислам принциптерине ылайык каржылоодо үстөк баа абсолюттук мааниде берилиши керек, карызды төлөө же киреше кошуу графиги түзүлгөн операциялар боюнча номиналдык жылдык пайыздык маанисин кошумча ачып көрсөтүү менен), кредиттик продуктунун толук наркы абсолюттук мааниде жана эффективдүү пайыздык чен тууралуу маалымат (ислам принциптерине ылайык каржылоодо карызды төлөө же киреше кошуу графиги түзүлгөн операциялар боюнча натыйжалуу пайыздык чен ачылып көрсөтүлөт) мамлекеттик тилде жана кардар менен макулдашуу боюнча расмий тилде, ошондой эле зарыл болгон учурда маалымат башка тилге которулушу мүмкүн; 

- карыз алуучунун, анын ичинде анын финансылык абалы жөнүндө анык эмес маалыматты бергендиги үчүн жоопкерчилигин, милдеттерин кошо алганда, кредиттик келишимдин шарттары жөнүндө, ошондой эле кредит алууга жана кредиттик келишимдин шарттарынын бузулушуна, күрөөлүк камсыздоону сунуштоого байланыштуу тобокелдиктер, жана кепилдик берүүгө байланыштуу жоопкерчилик жөнүндө; 

- кредиттик келишим шарттарынын өзгөрүшү ыктымалдуулугу жана тартиби жөнүндө; 

- кредит алуу, тейлөө жана аны кайтарууга байланыштуу чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги жөнүндө (ушул Жобого карата 3-тиркеме). 

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

3) электрондук кол тамганы пайдалануу менен кардарларды обочо туруп/аралыктан тейлөө аркылуу МФУ кызматтарынан пайдалануу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ), 2023-жылдын 8-декабрындагы № 2023-П-12/76-1-(БС), 2025-жылдын 22-январындагы № 2025-П-12/2-3-(НФКУ), 2025-жылдын 23-октябрындагы № 2025-П-12/55-4-(НПА), 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

23. Кардар кредиттик келишимге кол койгон учурдан тартып, акча каражаттарын алган же келишим боюнча лизингге тиешелүү мүлккө төлөөлөрдү жүргүзгөн учурга чейин кайтарымсыз негизде кредит алуудан баш тартууга. 

24. Кредиттик келишимге кол коюлгандан жана МФУдан акча каражаттарын алгандан кийин кардар төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) МФУлардан карыздын өлчөмү жөнүндө маалыматты жана кредиттик келишимдин шарттары өзгөргөн учурда - төлөмдөрдүн жаңы графигин алууга; 

2) кредит (лизинг) боюнча карызын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, карызды кайсы убакта болбосун кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрсүз, айыптык санкцияларсыз жана башка төлөмдөрсүз мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп-бөлүп төлөөгө. Керектөөчү кредитти мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп төлөгөн учурда, МФУ карыз алуучунун келишим боюнча милдеттенмелерин кайра эсептеп чыгууга, төлөм графигин жана төлөнүүгө тийиш болгон жалпы пайыздык сумманы (үстөк бааны) негизги карыздын азайтылган суммасына пропорционалдуу түрдө оңдоого милдеттүү. Милдеттенмелердин өзгөргөндүгү же толук аткарылгандыгы жөнүндө тастыктоо карыз алуучунун талабы боюнча, карыз алуучу менен макулдашылган, бирок беш жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө жазуу жүзүндө же электрондук түрдө берилет; 

3) МФУга кредитти пролонгациялоо же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кайрылууга. Карыз алуучу МФУга кредитти пролонгациялоо же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кат түрүндө кайрылган шартта, МФУ аны карап чыгууга жана кат ээсине аталган кайрылуу боюнча чечимин кат түрүндө билдирүүгө тийиш. Мында керектөөчү кредитти эки жолудан ашык кайра каржылоого жол берилбейт; 

4) эгерде, кредиттин негизги суммасынын 50 пайызынан көбүрөөгү төлөнгөн болсо, МФУнун ички документтеринин талаптарына ылайык жана МФУнун макулдугу менен коюлган күрөөнүн ордуна наркы кредит боюнча калган сумманы жапкан башка күрөөнү сунуштоого. Мында, кредиттин камсыздоосуна бирден ашык күрөөлүк мүлк сунушталган жана күрөө берүүчү катары үчүнчү жак (карыз алуучу эмес) иш алып барган учурда, МФУ күрөө берүүчүгө (үчүнчү жакка) күрөөнү алмаштыруу же бошотуу боюнча артыкчылыктуу (карыз алуучуга карата) укук берүүгө тийиш; 

5) керектөөчү кредитти алууга байланыштуу камсыздандыруу келишимин түзүүгө же түзүүдөн баш тартууга, эгерде камсыздандыруунун милдеттүүлүгү Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында түздөн-түз каралбаса. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ), 2022-жылдын 21-декабрындагы N 2022-П-12/81-7-(НФКУ), 2024-жылдын 16-октябрындагы N 2024-П-12/53-2-(НФКУ), 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

24-1. Жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардар менен кредиттик келишим түзүүдө, МФУ аталган кардарларга кредит алуунун төмөнкү ыкмаларын тандоо укугун сунуштайт:  

- кредиттик каражаттарды накталай алуу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, нак акча түрүндө алуу;  

- тейлөө шарттары коммерциялык банк менен жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардар ортосундагы тиешелүү келишимде аныкталган жана кардардын коммерциялык банкта ачылган, эсептешүү (күндөлүк) эсебине/банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсебине кредиттик каражаттарды алуу.  

Мында жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардарлар комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, кредитти нак түрдө да, нак эмес түрдө да төлөөгө укуктуу.  

МФУ экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик/өкмөттүк жана социалдык программалар алкагында кредит берүүдө, жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардарларга акча каражаттарын алуу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, кредиттик каражаттарды алуу жана төлөө укугун берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

25. Кредит берүүнүн жалпы шарттары, пайыздык чендердин, үстөк баанын, ошондой эле комиссиялык сый акылардын жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин өлчөмү кардарлар үчүн ачык-айкын жана жеткиликтүү болууга тийиш жана коммерциялык же банктык сыр болушу мүмкүн эмес. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

26. МФУнун кредиттик ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана кардарлардын кредиттөө шарттарынан кабардар болуусун жакшыртуу максатында, МФУнун расмий интернет-сайтында (эгерде бар болсо) жана МФУнун тейлөө жайларында (маалымат тактасында) төмөнкү маалыматтар жайгаштырылууга тийиш: 

1) кредит боюнча пайыздык төлөмдөрдүн төлөнбөй жана негизги сумманын кайтарылбай калышы менен байланышкан тобокелдиктерди кошо алганда, кредиттерди берүү жана аны төлөө тартиби, шарттары жөнүндө; 

2) топтук кредит алуу критерийлери жана кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын жоопкерчиликтери жөнүндө; 

3) кредит, туумдар жана айыптык санкциялар боюнча төлөмдөрдү эсептөө тартибин түшүндүрүү жөнүндө; 

4) эффективдүү пайыздык чендин өлчөмү жөнүндө; 

5) кредит алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси жөнүндө; 

6) кардардын укуктары жана анын милдеттери жөнүндө; 

7) МФУда даттануулар жана сунуштар Китепчесинин болушу тууралуу; 

8) Улуттук банктын кредиттөө процессин жөнгө салган негизги ченемдик укуктук актыларынын тизмеги жөнүндө. 

Керектөөчү кредиттер боюнча пайыздык чендердин/үстөк баалардын өзгөрүшү жөнүндө маалымат тейлөө жайларында, МФУнун расмий интернет-сайтында (эгерде бар болсо) жана/же байланыштын башка каналдары аркылуу алар күчүнө кирген күндөн кечиктирилбестен жарыяланат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

27. МФУ кардар менен кредиттик келишим түзгөнгө (кол койгонго) чейин төмөнкүлөргө милдеттүү:  

- кардарга (потенциалдуу карыз алуучуну) анын укуктары жана милдеттери, кредит алууга жана аны төлөө шарттарын бузууга байланышкан тобокелдиктер, кредит берүү шарттары жөнүндө, анын ичинде пайыздык чен же үстөк баа (ислам принциптери боюнча каржылоодо үстөк баа абсолюттук мааниде берилүүгө тийиш, карызды төлөө же киреше эсептөө графиги түзүлгөн операциялар боюнча номиналдык жылдык пайыздык мааниси кошумча ачылып көрсөтүлөт), кредиттин абсолюттук маанидеги жана эффективдүү пайыздык чен түрүндө толук наркы, келишимдин шарттарын мамлекеттик тилде жана кардар менен макулдашуу боюнча расмий тилде өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жана тартиби жөнүндө анык, толук жана жеткиликтүү маалымат берүү, ошондой эле зарыл болгон учурда маалымат башка тилге которулушу мүмкүн;  

Сунушталуучу кызматтардын шарттары жана наркы, анын ичинде үстөк баа жана/же пайыздык чен жөнүндө толук маалымат берүүдөн баш тартууга жол берилбейт. Маалыматтын формасы ар башка кредиторлордун кредиттик продуктуларын салыштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн бирдейлештирилген жана системалаштырылган болушу зарыл;  

- керектөөчү кредитти алган учурда, кардарга карыз алуучунун эскертмесин жана маалымат баракчасын таанышуу үчүн берүү (кагаз же электрондук түрдө). Маалымат барагына карата талаптар Кыргыз Республикасынын "Керектөөчү кредит жөнүндө" Мыйзамында белгиленген;  

- кардарга даттанууларды кароонун жол-жобосу жөнүндө жана МФУда суроо-талаптарды, даттанууларды алуу жана аларды кароо үчүн жооп берүүчү байланыш адамы тууралуу жана кардар даттануулар жана сунуштар Китепчесине (мындан ары - Китепче) өз сын-пикирлерин жана сунуштарын жазып коюуга укуктуу экендигин маалымдоо, ал номерленип, көктөлүп, ошондой эле МФУнун аткаруу органы тарабынан кол коюлуп жана мөөр менен бекемделүүгө тийиш (ушул жобого карата 2-тиркеме). Китепте камтылган маалыматтар алты жылдан кем эмес мөөнөткө сакталуусу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 22-январындагы № 2025-П-12/2-3-(НФКУ), 2025-жылдын 23-октябрындагы № 2025-П-12/55-4-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

28. Кредит алууга билдирме иликтенгенден кийин МФУ корутунду жасап, анда карыз алуучуга кредит берүүнүн максатка ылайыктуулугун көрсөтөт, бул корутунду кардардын кредит алуу үчүн билдирмеси жана ушул Жобонун жана МФУнун ички документтеринин талабына ылайык МФУнун сурамы боюнча кардар тарабынан берилген башка зарыл документтер менен кошо Кредиттик комитеттин/ыйгарым укуктуу кызмат адамынын кароосуна сунуштайт.  

Эгерде ушул Жобонун 1-тиркемесинде берилген документтер тизмегин МФУ электрондук кол тамга колдонуу менен кардарларды аралыкта туруп/обочодон тейлөө аркылуу алса, анда мындай чечим кардарларды аралыкта туруп/обочодон тейлөө аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн.  

Кредит берүүдөн баш тартылган учурда корутундуда аны себеби көрсөтүлүүгө жана МФУ белгиленген тартипке ылайык, карыз алуучуга кабыл алынган чечим тууралуу маалымдоого тийиш.  

Эгерде МФУ ички кредиттик рейтинг системасына ээ болсо, анда карыз алуучуга ички кредиттик рейтинг тарабынан МФУга берилген, кредит берүүнүн максатка ылайыктуулугу/ылайыксыздыгы тууралуу рейтингдин маанисин камтыган натыйжа тиешелүү корутунду катары каралышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

28-1. МФУ, күбөлүктүн же патенттин же болбосо салык кызматы органынын өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечиминин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, кардарга - жеке адамга кыймылсыз мүлк менен камсыздалган турак жайды сатып алууга, курууга же бүткөрүүгө (мурабаха, ж.б. келишимдер боюнча турак жай сатып алуу/куруу) чет өлкө валютасында кредит берүүгө укугу жок. МФУ чет өлкө валютасында керектөөчү кредиттерди берүүгө укугу жок.  

Кызмат көрсөтүүлөрдүн толук наркын бурмалаган же кредиттик келишимдин валютасынан башка валютага байланган кредит боюнча төлөмдөрдү индексациялоо каралган кредиттик продуктуларды, эсептөө ыкмаларын же шарттарды колдонууга жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Кредиттик келишимге карата талаптар жана аны түзүү тартиби 

29. МФУ менен кардар ортосунда, анын ичинде электрондук формада түзүлүүчү, келишим түзгөн тарапка таандык экендигин тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюу аркылуу кол коюлган кредиттик келишим, ага карата бардык тиркемелер жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик тилде түзүлөт жана расмий тилге, зарыл болгон учурда башка тилге которулушу мүмкүн. Кредиттик келишимдин ар бир барагына, анын ичинде бардык тиркемелерине же болбосо бирдиктүү электрондук документ формасына кардар тарабынан кол коюлууга тийиш. 

Келишим түзгөн ар бир тарап кредиттик келишимдин бардык тарап кол койгон түп нускасын, же болбосо анын келишим түзгөн тарапка таандык экендигин тастыктоого өбөлгө түзгөн, электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган, электрондук документ формасында алууга тийиш. Кредиттик келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына каршы келбөөгө тийиш. МФУ кардардын келишимдин түп нускасын же электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган, электрондук документти алгандыгы тууралуу тил катты кардардан кагаз жүзүндө же электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган, электрондук түрүндө алуусу зарыл. Кредиттик келишимдин түп нускасына МФУнун кардар келишимдин түп нускасын алгандыгы тууралуу белгилөөсү жогорудагы тил катка теңдештирилет. Кардар акча каражаттарды алгандыгы тууралуу факт тиешелүү документ менен тастыкталууга тийиш.  

Кредит боюнча келишимдердин түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санынан кем болбоосу зарыл. Кошо жоопкерчиликтүү топ тараптардын бири катары катышкан топко бириккендерди кредиттөөдө, кошо жоопкерчиликтүү топ үчүн кредиттик келишимдин түп нускасынын саны, келишимге кол коюшкан топтун катышуучуларынын санынан аз болбоого тийиш. МФУ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кредиттик келишимге карата бардык документтердин түп нускасынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.  

Мында аралыкта туруп/обочодон тейлөө каналдары аркылуу, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген суммаларда берилген кредиттер боюнча келишимдерге, келишим түзгөн тарапка таандык экендигин тастыктоого өбөлгө түзгөн, электрондук кол тамга аркылуу кол коюуга болот. 

Кредиттик келишимдин тексти бирдей өлчөмдөгү шрифт менен терилүүгө, кардардын кабылдоосу жана түшүнүүсү үчүн ачык-айкын жана жеткиликтүү баяндалууга тийиш. Катышуучунун кредиттик келишимдин шарттарынан келип чыккан укуктары жана милдеттери кредиттик келишимдин өзүнчө бөлүгүндө чагылдырылууга тийиш. Кредиттик келишимдин бүтүндөй тексти жана ага карата бардык тиркемелери бирдей шрифтте жана ал кеминде 12 өлчөмдө берилүүгө тийиш (талап коюлган учурда көрүүсү начар кардар үчүн 16дан кем эмес).  

Көрүүсү же угуусу бузулган кардарды тейлөөдө МФУ кардардын каалоосу боюнча кредиттик келишимдин жана кардар кол коюучу башка документтердин текстинин үн коштоосун/сурдокотормосун камсыз кылуусу зарыл.  

Бар болгон бузулуулардан улам, өз алдынча кол коеё албаган кардар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен кредиттик келишимде жана башка документтерде факсимилдик кол тамганы колдоно алат. 

Келишимди аткаруу процессинде келип чыккан талаш маселелер, эгерде алар тараптардын макулдашуусу боюнча чечилбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, анын ичинде талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуунун алкагында чечилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ), 2023-жылдын 8-декабрындагы № 2023-П-12/76-1-(БС), 2024-жылдын 16-октябрындагы N 2024-П-12/53-2-(НФКУ), 2025-жылдын 22-январындагы № 2025-П-12/2-3-(НФКУ), 2025-жылдын 23-октябрындагы № 2025-П-12/55-4-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

30. Кредиттик келишимге кол коюудан мурда, кийинчерээк аны кайтарып берүү боюнча көйгөйлөрдүн орун алышы ыктымалдуулугун болтурбоо максатында, кредит берилүүчү жана төлөнүүчү бардык шарттарды тактоо зарыл. Карыз алуучуга, гарантка/кепилдик берүүчүгө, күрөө коюучуга тиешелүү келишимдер боюнча кабыл алынган милдеттенмелер аткарылбаган учурда же талапка ылайык аткарылбаган учурда анын кесепеттери менен кол койдуруп, түшүндүрүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 21-декабрындагы N 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

31. МФУ кредиттик келишимдин баштапкы шарттарын кардардын кат түрүндөгү макулдугусуз жана эгерде, бул, карыз алуучунун укуктарын азайтып жана милдеттерин көбөйтүүгө алып келсе, аны бир тараптуу негизде алмаштырууга укуктуу эмес. 

32. Кредиттик келишимде номиналдык жана эффективдүү пайыздык чендер жылдык мааниде көрсөтүлүүгө тийиш. 

33. Кредитти жана кошуп эсептелген пайыздарды төлөө графиги кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана кредиттин ордун жабуу мөөнөтүн жана карыз алуучунун финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен түзүлөт. Мында кредит боюнча пайыздык төлөмдөр кредиттин негизги суммасынын калдыгына карата номиналдык пайыздык чен боюнча чегерилүүгө тийиш. Төлөө графигинде кредитти төлөө тартиби жана мөөнөттөрү толук чагылдырылуусу жана ага эки тараптуу кол коюлуусу зарыл. 

33-1. МФУ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын кредиттер боюнча пайыздык ченинин (үстөк баанын) чектүү жол берилген өлчөмү жөнүндө талаптарынын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын "Керектөөчү кредит жөнүндө" Мыйзамынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын керектөөчү кредиттерди берүү тартибин жөнгө салуучу мыйзамдарынын башка талаптарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

34. Кредиттик келишимде, кеминде, төмөнкүлөр көрсөтүлөт:  

1) тараптардын аталышы, анын ичинде керектөөчү кредиттерин берүүдө жеке жактар үчүн инсандыгын тастыктаган документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен;  

2) тараптардын жашаган жери/жайгашкан жери (юридикалык дареги);  

3) келишим предмети;  

4) кредиттик келишимдин колдонуудагы мөөнөтү;  

5) кредит берүүнүн негизги шарттары, анын ичинде максаттуу багытын, суммасын, үстөк баасын же пайыздык чендерин (номиналдык (ислам принциптерине ылайык каржылоодо үстөк баа карызды төлөө же киреше эсептөө графиги түзүлгөн операциялар боюнча жылдык номиналдык пайыздык маанисин кошумча ачып берүү менен абсолюттук мааниде көрсөтүлүшү керек) жана эффективдүү (ислам принциптерине ылайык каржылоодо эффективдүү пайыздык чен карызды төлөө же киреше эсептөө графиги түзүлгөн операциялар боюнча ачып көрсөтүлөт), кредиттин толук наркы, төлөө тартиби жана мөөнөтү, камсыздоонун түрүн (эгерде болсо) көрсөтүү менен;  

6) карыз алуучунун укуктары жана милдеттери, анын ичинде кредиттик келишим боюнча өзү кабыл алган милдеттенмелерди аткарбай койгон же талаптагыдай аткарбаган учурдагы;  

7) МФУнун укуктары жана милдеттери;  

8) кредиттик бюролорго кардар жөнүндө маалымат берүү шарттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына жана персоналдык маалыматтар боюнча мыйзамдарына ылайык, кардар жөнүндө маалыматтарды пайдалануунун башка учурлары;  

9) кардардын кредиттик келишимге кол койгон учурдан тартып акча каражаттарын алган же келишими боюнча лизингге тиешелүү мүлккө төлөөлөрдү жүргүзгөн учурга чейин кредит алуудан (лизинг боюнча кызмат көрсөтүүдөн) кайтарымсыз негизде баш тартуу укугу;  

10) кардардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү алуусуз, кредитти каалаган убакта мөөнөтүнөн мурда толугу менен же бөлүп-бөлүп төлөөгө укугу;  

11) форс-мажордук жагдайлар орун алган шарттар;  

12) МФУнун карыз алуучунун эсеби жөнүндө так жана анык маалыматты берүү милдети (эсептин, чектин көчүрмөсү, баланстын абалы, кредит боюнча төлөмдүн тастыктамасы жана башка зарыл маалымат);  

13) МФУнун кредит боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүлгөн күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин үстөк айыпты (айып пулду, туумдарды) эсептөөнү токтотуу милдети, мында кредиттин бүтүндөй колдонуу мөөнөтү ичинде эсептелген үстөк айыптын (айып пулдун, туумдардын) өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш;  

14) эгерде күрөө предмети коом үчүн тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болсо же жеке адамдын менчик укугуна таандык жалгыз турак жай болуп саналса, күрөө предметинин эсебинен сот аркылуу гана өндүрүү.  

15) тараптардын жоопкерчилиги;  

16) келишимди өзгөртүү жана бузуу тартиби;  

17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка шарттар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

35. Топтук кредиттерди берүүдө кредиттик келишимде төмөнкүлөр кошумча көрсөтүлөт: 

1) кошо жоопкерчиликтүү топтун ар бир мүчөсүнүн аты-жөнүн көрсөтүү менен тараптардын аталышы; 

2) кошо жоопкерчиликтүү топтун бир эле учурда казыначысы\бухгалтери болуп саналган жетекчисинин аты-жөнү; 

3) топтун катышуучуларынын бирөөсү кредитти төлөп/кайтарып бере албай калган учурларда кошо жоопкерчиликтүү топтун ар бир катышуучусунун милдеттери; 

4) кошо жоопкерчиликтүү топтун ар бир катышуучусуна берилүүчү кредиттин суммасын көрсөтүү менен кредит берүү тартиби. 

5) Кошо жоопкерчиликтүү топтун ар бир катышуучусунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү албастан, кредитти каалаган убакта өз бөлүгүндө толугу менен же бөлүп төлөө аркылуу мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укугу. Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучусунун бири кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөгөн шартта, МФУ кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кат жүзүндө макулдугун сурашы мүмкүн. 

Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын бири кредиттин ага тиешелүү бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда төлөгөн болсо да, топтун курамында алынган кредиттин орду толук жабылганга чейин ал кепилдик келишими боюнча чогуу жоопкерчиликтүү бойдон кала берет. Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын жана МФУнун макулдугу болгон шартта, ошондой эле топтун курамынын минималдуу саны боюнча шарттар сакталган учурда топтун кредиттин ага тиешелүү бөлүгүн төлөгөн катышуучу чогуу жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүн. 

6) кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кредиттик акча каражаттарын алгандыгын, анын ичинде электрондук кол тамганы пайдалануу менен аралыкта туруп/обочодон тейлөө каналы аркылуу алгандыгын тастыктоо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/16, 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ), 2022-жылдын 21-декабрындагы N 2022-П-12/81-7-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

36. МФУ кардарды ушул жобонун 3-тиркемесине ылайык таблица түрүндө түзүлгөн анын чыгашаларынын (төлөмдөр) тизмеси менен тааныштырууга тийиш, ал, кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана эки тараптуу кол коюлат, ошондой эле тарапка таандык экендигин тастыктоого өбөлгө түзгөн, электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган электрондук документ түрүндө да түзүлөт. 

МФУ кардарга кредит, туумдар, айыптар ж.б. боюнча төлөмдөрдү эсептөө тартиби жагында түшүндүрмөлөрдү берүүгө тийиш. 

МФУ кредиттик келишимдин шарттарына банк мыйзамдарында каралбаган кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана МФУ тарабынан алынган/төлөнгөн жана анын бекитилген тарифтерине ылайык жарыялангандардан тышкары, кредиттик келишимди түзүү жана аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү, ошондой эле карыз алуучулар менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөнүүчү негиздеги башка кызматтарды кошууга укугу жок. 

МФУ карыз алуучунун талабы боюнча анын эсеби тууралуу так жана анык маалыматты сунуштайт (эсеп көчүрмөлөрү, чектер, кредит боюнча төлөө тастыктамасын). 

Кредиттин негизги суммасы жана ал боюнча пайыздарды төлөө/ордун жабуу мөөнөтү кечиктирилгендиги үчүн кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) мөөнөтү кечиктирилген суммага жана айкын мөөнөтүнө жараша эсептелинет. 

Кредит боюнча милдеттенмени толугу менен аткаруу үчүн жетишсиз болгон, жүргүзүлгөн төлөмдүн суммасынан эң оболу карыздын негизги суммасы, андан соң милдеттенменин аткарылышы боюнча кредитордун чыгымдары, калган бөлүгүнөн - пайыздар жана кошумча төлөмдөр алынат. 

МФУ ал үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү алып жаткан кызмат көрсөтүү төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:  

- кардар үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же керектөө баалуулугуна ээ болууга;  

- кредит берүү боюнча негизги кызмат көрсөтүүдөн өз алдынча жана көз карандысыз болууга;  

- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөргө кирбеши зарыл.  

МФУ тарабынан бир эле операция үчүн пайыздар же комиссиялык төлөмдөр алынышына жол берилбейт.  

Кардар кредиттик келишим жана/же башка макулдашуулар боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган/талаптагыдай аткарбаган учурда гана, МФУнун андан үстөк айып (айыптык төлөм/туум) жана башка айыптык санкцияларды алуусуна жол берилет.  

Эскертүү: МФУ тарабынан келишимди аткаруу максатында, жеке кызыкчылыгын көздөө менен гана көрүлгөн, ошондой эле карыз алуучу үчүн мүлктүк пайда же пайдалуу натыйжа алып келбеген иш-аракеттер МФУнун карыз алуучунун алдындагы милдеттенмелери болуп саналбайт. Демек, МФУ тарабынан өз алдынча сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдү аларды жүргүзүүсүз кредиттик келишимди түзө же аткара албаган стандарттуу иш-аракеттеринен бөлүп көрсөтүү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9, 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА), 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ), 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

36-1. Кошуп эсептөөлөрдүн (анын ичинде пайыздар (үстөк баа), комиссиялар, үстөк айыптар, айып пулдар, туумдар), анын ичинде керектөөчү кредит реструктуризацияланган учурдагы жалпы суммасы берилген керектөөчү кредиттин суммасынын 60 пайызынан ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

37. Кардар менен кредиттик келишим түзүлгөндөн, анын ичинде келишим түзгөн тарапка таандык экендигин тастыктоого өбөлгө түзгөн, электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган, электрондук документ формасында түзүлгөндөн жана ал тарабынан акча каражаттары алынгандан кийин, карыз алуучуга кагаз жүзүндө же электрондук түрдө кеминде төмөнкү документтер берилүүгө тийиш:  

1) тараптардын колу коюлган жана ага карата кошо тиркелген бардык документтер менен кредиттик келишим;  

2) кредиттик келишимге кошо тиркелген, төлөө күнү жана суммасы көрсөтүлгөн же анын электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган, электрондук документ формасында төлөмдөр графиги. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

38. Карыз алуучунун кредиттик досьеге (ушул жобого карата 1-тиркеме) кардардан билдирме алынган учурдан тартып түзүлөт жана ага бул кредитке тиешелүү бардык документтер көктөлөт. Ошол карыз алуучуга берилген башка кредиттик продукт тиешелүү документтер башка досьеге көктөлөт. 

Кредиттик таржымалды тараптардын кол коюусун талап кылбаган, документтердин түп нускаларынан сканерден өткөрүлгөн версиялары түрүндө электрондук маалымат булактарында жана/же МФУ санарип маалыматтардын маалыматтык коопсуздугун, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык пайдалануу деңгээлдерин колдонуу, резервдик көчүрмөлөө шарттарын сактоо менен камсыз кылган шартта, электрондук кол тамга коюлган электрондук документ түрүндө сактоого жол берилет.  

Аралыкта туруп/обочодон тейлөө каналы аркылуу берилген кредиттер боюнча карыз алуучунун кредиттик таржымалы кагаз жүзүндөгү документтерди сактоо мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөттө маалымат базасында (электрондук маалымат булагында) электрондук түрдө жүргүзүлүшү зарыл. Мында электрондук документтердин маалымат базасынан колдонуу мүмкүнчүлүгү мыйзам талаптарына ылайык камсыз кылынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/16, 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ), 2024-жылдын 27-ноябрындагы № 2024-П-12/63-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

39. Кредиттерге мониторинг жүргүзүүдө МФУ Журналга, же электрондук кол тамга аркылуу кол коюлган электрондук документке жазууларды түшүрүүнү кошо алганда, аны менен жүргүзүлгөн бардык иш-чараларды документтештирүүсү жана алардын эсебин жүргүзүүсү зарыл. Айрыкча, көйгөйлүү кредиттер менен иштөөдө жогорудагыдай эсепке алууну жүргүзүү маанилүү. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

39-1. МФУ кредиттик келишимде карыз алуучунун финансылык отчетту жана/же кредитти максатка ылайык пайдалангандыгын тастыктоочу башка финансылык документтерди мезгил-мезгили менен берип туруусун белгилеши мүмкүн.  

Эскертүү: Эгерде карыз алуучу кредитти максатсыз пайдалангандыгы тууралуу фактылар аныкталса, МФУ Кыргыз Республикасынын кредит боюнча пайыздык чендин (үстөк баанын) чектүү жол берилген өлчөмү жөнүндө мыйзамдарынын талаптары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын "Керектөөчү кредит жөнүндө" Мыйзамынын талаптары сакталган шартта, кредит боюнча пайыздык ченди жогорулатууга укуктуу. Мында МФУ ички документтеринде карыз алуучунун жоопкерчилик чаралары боюнча так эрежелерди белгилеген ченемдер, анын ичинде кредит боюнча пайыздык ченди жогорулатуунун өлчөмү каралышы керек. 

Кредиттик келишиминин шарттарын өзгөртүү үчүн ченем кредиттик келишимде каралышы керек, кредит алууда кредит алуучу кредиттик келишим менен таанышат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ), 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

40. Карыз алуучулар менен иштөөдө, МФУнун ички документтеринде белгиленген жүрүм-турум нормалары сакталуусу зарыл. 

7. Микрокредиттерди төлөө булактары 

41. Кредитти төлөө булактары биринчилик жана экинчилик болуп бөлүнөт, мында: 

1) биринчилик төлөө булагы деп, кредит төлөө үчүн зарыл болгон акча каражаттары аталат, алар жагдайдын нормалдуу өнүгүшүндө өндүрүш, кызмат көрсөтүү, иш ж.б. процессинде генерирленет: юридикалык жактар үчүн - бул нак жана нак эмес формада киреше, ал эми жеке адамдар үчүн - бул эмгек акы же башка түшүүлөр; 

2) экинчилик төлөө булагы болуп мүлк күрөөсү, талаптарды жана укуктарды өткөрүп берүү жана кепилдик (гарантиялар), чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын биргелешип тарткан жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же тиешелүү келишимде каралган камсыздоонун башка түрлөрү эсептелет. 

Экинчи булактар кредиттин кайтарымдуулугу жагында көйгөйлөр келип чыккан шартта, кредитти кайтарып берүүнүн кошумча гарантияларын камсыз кылуу үчүн зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/16, 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/16, 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

41-1. Камсыз кылууну берүү керектөөчү кредитти берүүнүн милдеттүү шарты болуп саналбайт.  

Карыз алуучунун өмүрүн жана ден соолугун же башка жеке тобокелдиктерин камсыздандыруу керектөөчү кредит келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу катары таанылбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

42. Кредит боюнча камсыздоо катары кредитти төлөөнүн экинчи булагы катары күрөөгө коюлган мүлк эсептелген учурда, тараптардын колу коюлган жана кардар күрөөлүк мүлктүн наркынан дооматтарды канааттандырууга артыкчылык укугун алуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай коюусунда МФУнун укугун тастыктаган күрөө жөнүндө келишим таризделет.  

МФУнун кредит боюнча мүлктүк камсыздоону кабыл алуу жагында негизги иш-чаралары:  

- МФУ карыз алуучу тарабынан сунушталып жаткан камсыздоонун бар экендигине ынануусу зарыл. Мүлккө менчик укугу жөнүндө документтерди, ошондой эле анын айкын бар экендигин текшерүү зарыл. Камсыздоо катары сунушталган мүлк (укугу) реалдуу болууга тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары сакталган шартта, камсыздоонун кийинки күрөөгө коюлушуна жол берилет.  

Эскертүү: бул пунктта алыскы жана жетүү кыйын болгон жерлерге сезондук жайытка чыгып кеткендигине байланыштуу, бодо мал жана майда жандык түрүндөгү камсыздоолорду көз менен көрүп, баа берүү мүмкүн болбогон учурлар эске алынбайт. Мындай учурларда МФУ карыз алуучунун мал баккан жайынын, короосунун аянтын, камдалган тоютун, жемин, жайытты ижарага алуу жөнүндө келишимин ж.б. текшерүү аркылуу, анын малы бар экенине ынанат. Кардар кошумча катары айыл өкмөтүнүн малы бар экендигин тастыктоочу маалым катын, ошондой эле малдын бар экендигин күбөлөндүрүүчү башка документтери болсо, аларды берүүсү зарыл;  

- МФУ камсыздоонун ликвиддүүлүк деңгээлин, башкача айтканда тез сатуу (сатып өткөрүү) мүмкүнчүлүгүн аныктоого тийиш;  

- МФУ өз алдынча же мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү сертификатка ээ көз карандысыз баалоочу адистерди тартуу менен камсыздоонун наркын баалашы мүмкүн. Камсыздоо предметин сатууга жумшалуучу сарптоолордун өлчөмүн эсепке алуу менен кредит боюнча камсыздоонун рыноктук наркынын кредит боюнча негизги карыз жана пайыздар суммасынан ашуусу кредиттердин кайтарылбай калуу тобокелдигин тескөө инструменти болуп саналат;  

- МФУ карыз алуучу сунуштаган мүлккө карата баа туруктуулугун аныктоо максатында, рынокко талдап-иликтөө жүргүзүп туруусу зарыл. Ошол эле учурда МФУ камсыздоо наркынын төмөндөп кетүү тобокелдигин эске алууга тийиш;  

- МФУ мүлктү эң аз дегенде карыз алуучунун кредиттик каражаттарды пайдалануу мөөнөтүнө камсыздоо катары пайдалануу/кызмат кылуу мөөнөтү менен кабыл алууга тийиш. Мында камсыздоону сактоо зарылдыгы келип чыгышы мүмкүндүгү эске алынууга тийиш, бул кошумча чыгашаларга алып келет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

43. Күрөө жөнүндө келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделет. Түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санынан аз болбоого тийиш. МФУ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, күрөө жөнүндө келишимдин түп нускаларынын сакталышын камсыз кылуусу зарыл. 

44. МФУ кредиттөө кызмат көрсөтүүсүн сунуштоодо кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө келишимине ылайык, карыз алуучуга жана/же күрөө коюучуга ачык тоорук өткөрүлгөнгө чейинки кайсы болбосун убакытта күрөөлүк мүлктү сатып ала алган/алышы мүмкүн болгон артыкчылыктуу укукту сунуштоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырган 

микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөөнүн өзгөчөлүктөрү 

(Бөлүк КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

45. МФУлардын каржылоо боюнча ички ченемдик документтери жана типтүү келишимдери Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Шариат кеңеши Аткаруу органынан көз карандысыз болушу зарыл жана МФУнун бүтүмдөрүнүн (келишимдеринин) Шариат стандарттарына ылайык келиши үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

45-1. Шариат кеңеши жөнүндө жободо төмөнкүлөр аныкталууга тийиш:  

- Шариат кеңешинин ишин уюштуруу (регламент) - кеңештин курамы, отурумдарды өткөрүү тартиби;  

- Шариат кеңешинин ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги;  

- башкаруу органдары жана Кредиттик комитети (же ыйгарым укуктуу кызмат адамы) менен өз ара иш алып баруу тартиби;  

- отурумдарды өткөрүү тартиби, алар бетме-бет же аралыктан өткөрүлүшү мүмкүн. Мында Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн түз катышуусу менен отурумдар жылына кеминде бир жолу өткөрүлүүгө тийиш экендигин, ал эми эгерде отурумга Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн 2/3 бөлүгү катышса, Шариат кеңеши күн тартибиндеги маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу экендигин аныктоо зарыл;  

- Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тартиби. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 12-сентябрындагы № 2025-П-12/46-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

46. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган МФУларды каржылоо саясаты ушул жобонун 3-главасында баяндалган талаптарга кошумча Шариат стандарттарына ылайык операциялардын жана бүтүмдөрдүн (келишимдердин) тизмегин камтууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

47. "Ислам терезесине" ээ МФУлар ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар боюнча каржылоо саясатын иштеп чыгуусу зарыл, ал Шариат стандарттарына ылайык келүүгө жана Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

48. Ички ченемдик документтерде кардардын билдирмесин кароо учурунан тартып кардар тарабынан каржылоо боюнча милдеттенменин толук төлөнүшүнө чейин МФУ кызматкерлеринин иш-аракеттеринин ырааттуулугу, сунушталган ар бир каржылоо продуктусу кылдат чечмеленип берилүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

49. Активдердин ар бир түрүнүн өзгөчө мүнөздөмөгө ээ экендигинен улам, кредиттик тобокелдик тиешелүү ички контролдукту жана тобокелдикти тескөөнү жүзөгө ашыруу үчүн активдин ар бир түрү боюнча өз-өзүнчө бааланууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

50. МФУ каржылоо продуктунун ар бир түрү боюнча типтүү келишимге ээ болуусу зарыл, анда: тараптардын аталышы, келишим предмети, каржылоону сунуштоонун негизги шарттары, төлөө графиги, четтетүүгө мүмкүн болбогон (форс-мажор) кесепеттүү жагдайлар орун алган учурда тиешелүү аракеттерди көрүү шарттары жана тартиби, микрофинансылык уюм менен кардардын өз ара иш алып баруу тартиби каралууга тийиш. Каржылоонун ар бир продукту боюнча типтүү келишимдер МФУнун аны жүзөгө ашыруу тартибин, айыптык төлөмдү кармап калуу тартибин жана аларды кайрымдуулук максаттарга жумшоо багытын жөнгө салган негизги ченемдик документтин түзүмдүк бөлүгүнөн болууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

51. МФУ, мудараба, мушарака келишимдерине ылайык (капиталга инвестициялар тобокелдиги), уюмдардын капиталына каражаттарды инвестициялоого байланыштуу кредиттик тобокелдиктин келип чыгышына өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Ушуга байланыштуу, МФУну каржылоо боюнча саясаттын курамында бардык башка талаптардан тышкары, төмөнкүлөр да каралууга тийиш:  

1) пайданы/чыгымды бөлүштүрүү механизмин кошо алганда, инвестицияларга баа берүү максаттары жана критерийлери;  

2) инвестициялык келишимдерди узартуунун же жыйынтыктоонун, инвестицияларды сатып алуунун же аларды сатуунун мүмкүн болгон шарттарын кошо алганда, инвестициялык долбоордон чыгуунун альтернативалуу ыкмалары жана мөөнөттөрү;  

3) операцияларга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жол-жобосуна байланыштуу башка жоболор, мурдатан бери жөнгө салынган кызматташуу жыйынтыгы сыяктуу критерийлерди камтыган өнөктөштөргө баа берүү тартиби, инвестицияларды жайгаштыруу мөөнөттөрү ж.б.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

52. МФУ ошондой эле, кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги алдында да каржылоону сунуштоого укуктуу. Каржылоо саясатында кошо жоопкерчиликтүү топту (ГСО) каржылоого уруксат берилген операциялар тизмеги жана каржылоого байланыштуу башка маселелер, анын ичинде кредит берүү жана аны төлөө күндөрү, кредит боюнча карызга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон проблемаларга тиешелүү маалыматтар менен иш алып баруу эрежелери менен тааныштыруу маселелери каралууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

9. Проблемалуу" кредиттер менен иш алып баруу 

(Бөлүк КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

53. Кредиттин абалына туруктуу мониторинг жүргүзүүнүн жана кредит портфелине көз карандысыз баа берүүнүн максаты "проблемалуу" кредиттерди аныктоо болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

54. Карыз алуучу ал боюнча МФУ менен түзүлгөн келишим шарттарын аткарбай же кандайдыр бир башка жагдайлардан улам (тышкы жана финансылык), МФУ алдында кредитти төлөө милдеттенмесинин аткарууну коркунуч алдында калтырган кредиттерди "проблемалуу" кредит катары түшүнүү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

55. МФУда "проблемалуу" кредиттер менен иш алып баруу боюнча төмөнкүлөрдү камтыган ички документтер иштелип чыгууга тийиш: 

- проблеманы аныктоо жана аны чечүү жолун табуу максатында карыз алуучу менен иш алып баруу; 

- кошумча күрөөнү жана гарантияларды ж.б. алуу; 

- зарылчылык келип чыккан шартта, карыздын түзүмүн (кредитти жана ал боюнча пайыздарды кайтаруу боюнча төлөм графигин кайрадан карап чыгуу, кредиттөө формасын өзгөртүү ж.б.) өзгөртүү программасын иштеп чыгуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

56. Ушул Жобонун 55-пунктунда каралган чаралар менен катар МФУлар карыз алуучунун өзү менен иш алып барышы мүмкүн, ал төмөнкүдөй болот: 

- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; 

- карыз алуучуну МФУга чакыруу; 

- карыз алуучуга кредиттик келишимдин шарттарынын сакталбагандыгы жөнүндө, аны бузуунун себептерин (мөөнөтү өтүп кеткен күндөрдүн саны ж.б.), ошондой эле келишим шарттарынын бузулушуна байланыштуу мүмкүн болуучу көйгөйлөрдү көрсөтүү менен кат жүзүндө/электрондук билдирүү жөнөтүү. 

Карыз алуучу менен жүргүзүлгөн иштер, анын ичинде аны менен болгон жолугушуулар жана ага жиберилген жазуу жүзүндөгү/электрондук билдирүүлөр жөнүндө маалымат карыз алуучунун кредиттик таржымалында жазылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 16-октябрындагы N 2024-П-12/53-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

57. МФУ, кредиттөө кызмат көрсөтүүсүн сунуштоодо кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө келишимине ылайык, карыз алуучуга жана/же күрөө коюучуга ачык тоорук өткөрүлгөнгө чейинки кайсы болбосун убакытта күрөөлүк мүлктү сатып ала алган/сатып алышы мүмкүн артыкчылыктуу укукту сунуштоого тийиш. 

Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү учурунда күрөөлүк кыймылсыз мүлк карыз алуучунун/күрөө коюучунун жалгыз гана турак жайы болуп саналса, өндүрүп алуу соттун чечими боюнча ишке ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

57-1. МФУ карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин "проблемалуу кредити" боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштоо жөнүндө "билдирүү жөнөтүлгөн күндөн тартып 15 календардык күн өткөндөн кийин, айыптык төлөмдөрдү, туумдарды чегерүүнү токтотууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА), 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

58. МФУда "проблемалуу" кредиттерге карата андан ары көрүлүүчү иш-аракеттер жана бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар жетекчиликтин кароосуна мезгил-мезгили менен сунушталып турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

59. МФУнун "проблемалуу" кредиттер менен иш алып баруу жагында көргөн аракеттери алгылыктуу натыйжа бербесе, МФУ төмөнкү иш-чараларды ишке ашырат:  

- гаранттарга жана кепилдик берүүчүлөргө кайрылуу;  

- сотко кайрылуу;  

- башка чаралар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

60. Кредитти кайтарып алуу боюнча бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөр колдонулуп бүткөндөн кийин, кредиттерди эсептен алып салуу чечими кабыл алынышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

  

  

  

"Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого карата 

1-тиркеме 

Карыз алуучунун кредиттик таржымалына карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ), 2019-жылдын 30-январындагы N 2019-П-33/4-2-(НПА), 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-8-(НФКУ), 2020-жылдын 11-мартындагы № 2020-П-33/10-1-(НФКУ), 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-33\39-3-(НФКУ), 2023-жылдын 14-июнундагы № 2023-П-12/38-4-(НПА), 2023-жылдын 30-августундагы № 2023-П-12/55-1-(НПА), 2023-жылдын 8-декабрындагы № 2023-П-12/76-1-(БС), 2024-жылдын 14-августундагы N 2024-П-12/36-1-(НПА), 2024-жылдын 16-октябрындагы N 2024-П-12/53-2-(НФКУ), 2024-жылдын 31-октябрындагы № 2024-П-12/58-2-(НПА), 2024-жылдын 27-ноябрындагы № 2024-П-12/63-1-(НПА), 2025-жылдын 22-январындагы № 2025-П-12/2-3-(НФКУ), 2025-жылдын 23-октябрындагы N 2025-П-12/55-3-(НПА), 2025-жылдын 23-октябрындагы № 2025-П-12/55-4-(НПА), 2025-жылдын 19-декабрындагы № 2025-П-12/68-2-(НПА), 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

I. Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат 

1. Жеке адамдан талап кылынуучу документтер: 

1) МФУ тарабынан белгиленген форма боюнча кардардын кол тамгасы коюлган кредит алууга билдирме (топтук кредиттөөдө - кошо жоопкерчиликтүү топтун ар бир катышуучусу кол тамга коет); 

2) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 16-октябрындагы N 2024-П-12/53-2-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

3) кредиттик бюролордон карыз алуучу боюнча кредиттик отчеттор; 

3-1) өзүнө-өзү тыюу салуу бар/жок экендиги (алып салуу) жөнүндө маалымат; 

4) кардардын өзү тууралуу кредиттик отчеттун сунушталышына макулдугу (кредит алууга билдирмеде көрсөтүлүшү мүмкүн); 

5) МФУ кардарын идентификациялоого мүмкүндүк берген, инсандыгын тастыктаган кагаз жүзүндөгү документтин же мамлекеттик маалымат системаларынан алынган санарип форматтагы документтин көчүрмөсү 

6) иш жүзүндө жашаган жеринен алынган маалымат (зарыл болгон учурда МФУнун каалоосу боюнча); 

7) кардардын кирешесин/төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган маалыматтар/документтер; 

7-1) ушул Жободо каралган учурларда кардардын карыздык жүгүнүн көрсөткүчүн эсептөө (керектөө кредитин берүүдө); 

8. Карыз алуучу менен кат алышуу (бардык корреспонденцияларды кошо тиркөө менен), анын ичинде электрондук түрдө кат алышуу МФУ менен карыз алуучунун ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык жүргүзүлөт. 

9) кардардын жубайынын/жолдошунун кредит алууга макулдугу (бир карыз алуучу 100000 сомдон жогору суммага кредит алса жана учурда кредити болуп, кайталап кредит алса). Ал эми кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларына кредит сунушталган шартта - кийин документтин түп нускасын сунуштоо менен жубайынын/жолдошунун макулдугун тастыктаган документ факсимиль, электрондук жана башка байланыш каналдары аркылуу алынат. 

10) керектөөчү кредитти алууга карыз алуучунун жазуу жүзүндөгү макулдугу, ага милдеттенмелерди аткарбоо тобокелдиктери жана ага карата жоопкерчилик чаралары (ушул Жобонун 20-1-пунктуна ылайык) колдонулушу мүмкүн экендиги жөнүндө маалымат берилгендигин тастыктайт. 

2. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адамдан жогоруда белгиленгендерден тышкары, төмөнкү документтер талап кылынат: 

1) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 14-августундагы N 2024-П-12/36-1-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2) салык органынан, социалдык органдан маалымкат (болгон болсо); 

3) патенттин же салык кызматы органынын өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечиминин көчүрмөсү (бар болсо). 

3. Юридикалык жактан талап кылынуучу документтер: 

1) МФУ тарабынан белгиленген формада толтурулган, кардардын кол тамгасы коюлган кредит алууга билдирме; 

2) билдирме берүүгө чейинки алты ай ичинде ошол МФУдан же башка финансы-кредит уюмдарынан алынган/орду жабылган/орду жабылбаган кредиттер жөнүндө маалымат (карыз алуучу тарабынан кат жүзүндө сунушталган маалыматка ылайык, мисалы, карыз алуучунун кредиттик билдирмесинде же башка документинде камтылган); 

3) юридикалык жактын жетекчисинин каражаттарды тескөөгө ыйгарым укугун тастыктаган документтин көчүрмөсү; 

4) нотариалдык жактан тастыкталган, кол тамга коюу укугуна ээ адамдардын кол тамга үлгүсү түшүрүлгөн карточкалар; 

5) уюштуруу документтердин көчүрмөлөрү; 

6) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү; 

7) Салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүү фактысын тастыктаган маалымат; 

8) күрөөгө коюлган мүлктүн описи. 

4. Топтук кредит алуу үчүн - кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кредиттик каражаттарды алууга ведомосту же ошол топ мүчөлөрү акча каражатын алгандыгын же каражат аларга чегерилгендигин тастыктаган башка документ. 

5. Кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган каражат булагына баа берүү. 

6. Мамлекеттик тилде жана расмий/башка тилде (эгерде болсо) түзүлгөн кредиттик келишим, ага карата тиркемелер, ошондой эле реструктуризациялоодо же мөөнөтүн узартууда, талап кылуу укугун өткөрүп берүүдө кардар менен кошумча түзүлгөн макулдашуулар. 

7. МФУнун тиешелүү органынын кредит берүү, аны реструктуризациялоо же мөөнөтүн узартуу чечими (болгон болсо). 

8. Карыз алуучу менен кат алышуулар (бардык кат-кабарларды кошо тиркөө менен). 

9. Юридикалык документтер (карыз алуучунун ишине тиешелүү документтердин көчүрмөсү, мисалы, накладнойлор, эсеп-фактуралар, өнөктөштөр менен келишимдер ж.б.). 

10. 100000 сомдон ашпаган суммадагы ссуданы кошпогондо, кредиттин максаттарына жараша документтер (контракттар, кабыл алуу-берүү актысы, эсеп-фактуралар, эсеп-фактуралар ж.б.) менен ырасталган кредиттин максаттуу пайдаланылышын текшерүү жөнүндө отчет, ошондой эле микрофинансы уюмунун учурдагы эсебинен салык төлөөчү катары катталган сатуучунун/дүкөндүн учурдагы эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен каралган ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык керектөө кредиттери жана керектөө максаттары үчүн каржылоо. 

11. Кардардын, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык типтүү форма боюнча түзүлгөн анкетасы. 

12. Гаранттын/кепилдиктин кирешелүүлүгү/төлөө жөндөмдүүлүгү жөнүндө маалымат. 

Эгерде кепилдик кредиттин негизги камсыздоосу болуп саналса, анда зайымчы төмөнкү маалыматтарды берет: 

- гаранттын жубайынын (эгерде бар болсо) кепилдик берүүгө макулдугу; 

- гаранттын кирешесин/төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган маалыматтар/документтер. 

Эгерде гарантия карыз алуучунун кредитин камсыздоо катары берилсе, анда зайымчы төмөнкү маалыматтарды берүүгө милдеттүү: 

- тиешелүү кредиттик келишимди, кепилдик берилген сумманы жана кепилдиктин жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү кепилдик; 

- кепилдик берүү жөнүндө тиешелүү гарант-органдын чечими; 

- гаранттын уюштуруу документтери; 

- кепилдиктин кирешесин/төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган маалыматтар/документтер. 

МФУ алынган маалыматтардын негизинде гаранттын/гаранттын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзүүгө милдеттүү. 

13. Кредиттик бюролордон кепилдик берүүчү боюнча кредиттик отчеттор. 

13-1. Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу кредит алган карыз алуучунун электрондук кредиттик таржымалында ушул Жобонун 10-1-пунктунун талаптарына ылайык кардар менен контролдук чалуунун жазуусу сакталууга тийиш. 

II. Күрөө боюнча документтер 

14. Күрөө жөнүндө келишим/Кепилдик берүү келишими мамлекеттик тилде жана расмий/башка тилде (эгерде болсо). 

15. Күрөөлүк мүлк боюнча сертификаттардын, күбөлүктөрдүн жана башка квалификациялык документтердин көчүрмөсү (эгер болсо).  

16. Күрөө коюучунун күрөөгө коюлган мүлккө менчик укугун тастыктоочу документтердин көчүрмөсү. Күрөөгө коюлган мүлккө менчик укугун тастыктоочу документтердин түп нускасы сейфте сакталууга тийиш.  

17. Күрөө келишими каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтердин көчүрмөсү (эгерде күрөө мыйзам талаптарына ылайык каттоодон өтүүгө тийиш болсо).  

18. Карыз алуучунун тиешелүү органынын күрөө коюу жөнүндө чечими. Кол коюуга укуктуу адамдардын кол тамга үлгүлөрү менен нотариалдык күбөлөндүрүлгөн карточкалар (эгерде карыз алуучу юридикалык жак болсо).  

19. Кепилдик берүүчүнүн жолдошунун/жубайынын (эгер болсо) кепилдик берүүгө макулдугу.  

20. Күрөө баалангандыгын тастыктаган, төмөнкү маалыматты камтыган документтер:  

- күрөөнүн рыноктук наркы (зарылдыгына жараша белгиленген коэффициенттерди колдонууну эске алуу менен);  

- бааланган күнү;  

- ким тарабынан бааланды;  

- баалоо ыкмасы;  

- күрөө бааланган күн;  

- күрөө түрү;  

- күрөөнүн жайгашкан жери;  

- күрөөнүн абалы жана аны күтүү шарттары;  

- күрөөнү мезгил-мезгили менен изилдеп туруу графиги.  

20-1. Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндө мыйзамдарында же күрөө келишиминде күрөөлүк мүлктү камсыздандыруу милдети күрөө коюучуга жүктөлсө, камсыздандыруу полиси. 

21. Ушул Жобонун талаптарына ылайык жана МФУнун кароосу боюнча башка маалыматтар жана маалыматтар. 

  

  

  

"Аманаттарды (депозиттерди) тартуу 

менен иш алып барбаган 

микрофинансылык уюмдарда 

кредиттик тобокелдикти тескөө 

боюнча минималдуу талаптар 

жөнүндө" жобого 

2-тиркеме 

МФУ кардарларынын даттануулар жана сунуштар 

КИТЕПЧЕСИ 

N 

МФУ кардарынын аты-жөнү 

Даттануунун же сунуштун чагылдырылышы (маңызы) 

Күнү 

МФУнун түшүндүрмөлөрү 

1 

  

  

  

Колдонулган чаралар: 

Жооптуу кызматкердин кол тамгасы: _____________________ 

Аты-жөнү: ____________________ 

Кызматы: _____________________ 

2 

  

  

  

Колдонулган чаралар: 

Жооптуу кызматкердин кол тамгасы: _____________________ 

Аты-жөнү: ____________________ 

Кызматы: _____________________ 

Эскертүү. Мында, бул Китепче МФУнун өз сын-пикирлерин жана сунуштарын каттоону каалаган бардык кардарларына жеткиликтүү болгондуктан, МФУ кардар тарабынан берилген маалыматтын купуялуулугун гарантиялабайт. 

  

  

  

"Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого 

3-тиркеме 

МФУ кардарларынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын 

ТИЗМЕГИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 2026-П-12/25-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

МФУ кардарынын укуктары 

МФУ кардарынын кредит боюнча чыгашалары (төлөмдөрү) 

Кредиттин суммасы  

Кредиттик келишимде көрсөтүлөт Ислам принциптерине ылайык каржылоо боюнча үстөк баасы абсолюттук мааниде көрсөтүлүшү керек, карызды төлөө же киреше кошуу графиги түзүлгөн операциялар боюнча номиналдык жылдык пайыздык мааниси кошумча ачыкталат. Ислам принциптерине ылайык каржылоо боюнча эффективдүү пайыздык чен карызды төлөө же киреше кошуу графиги түзүлгөн операциялар боюнча ачыкталат  

Кредит боюнча пайыздык төлөмдөр же үстөк баа Кредиттин/каржылоонун толук наркы Эффективдүү пайыздык чен  

Кардардын арызы боюнча келишим шарттарын өзгөртүү үчүн комиссиялык төлөм (Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык кредит реструктуризацияланган учурларды кошпогондо)  

Комиссиялык төлөмдөр болгон учурда, алар МФУ бекиткен тарифтерге ылайык, кредиттик келишимде пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт  

Келишимде МФУнун кредиттик каражаттарды берүү боюнча шартсыз милдеттенмеси каралган болсо, акча каражаттарын (кредиттик линиянын пайдаланылбаган бөлүгү үчүн) резервге чегерүү үчүн комиссиялык төлөм  

Коммерциялык банктын (коммерциялык банктарда тейлөө, накталай акча алуу) тарифтерине ылайык, МФУнун банктык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан чыгымдарын камтыган, кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөм (кредитти түздөн-түз берүүгө байланышпаган), ошондой эле үчүнчү жактардын нак акчаны инкассациялоого байланышкан чыгашалары  

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (мисалы, камсыздандыруу, нотариус, мамлекеттик органдарда каттоо кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө акысы, коммерциялык банктын тарифтерине ылайык, кредитти карыз алуучунун коммерциялык банктарда ачылган эсебине нак эмес түрдө которууга байланыштуу МФУнун чыгашалары ж.б.)  

МФУ мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштабаган учурларда, кардарга маалымат берүү үчүн, бул чыгашалар карыз алуучу тарабынан үчүнчү жактардын пайдасына жүргүзүлөрүн, ошондой эле мындай баалоо келечекте өзгөрүшү мүмкүн экендигин белгилөө менен, кредиттик келишим түзүлгөн күнгө карата үчүнчү жактардын колдонуудагы тарифтери боюнча мындай чыгашалардын наркын көрсөтүүгө тийиш.  

МФУнун айыптык санкциялары жана туумдары 

Карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүндө төлөнбөгөндүгү үчүн  

Кредиттик келишимдин негизинде МФУ тарабынан пайыздык же нарктык мааниде алынуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык көрсөтүлөт. Мында негизги сумма жана пайыздар/үстөк баа боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз үчүн үстөк айып (айып пулдардын, туумдардын) боюнча пайыздын өлчөмү кредиттик келишимде көрсөтүлгөн кредит боюнча (пайызсыз керектөөчү кредиттерин кошпогондо), номиналдык пайыздык ченден/үстөк баадан ашпоого тийиш, ал эми кредиттин бүтүндөй колдонуу мөөнөтү ичинде эсептелген үстөк айыптын (айып пулдардын, туумдардын) максималдуу өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш  

Күрөөлүк камсыздоо боюнча документтердин түп нускаларынын топтому өз учурунда кайтарылып берилбегендиги үчүн (форс-мажордук жагдайларга жана башка МФУ тарабынан каралууга тийиш болгон объективдүү себептерге байланыштуу өз учурунда кайтарылып берилбеген учурларды кошпогондо)  

Акча каражаттарын алгандан кийин кредиттик келишимди токтотуу шарттары  

Кредиттик келишимдин негизинде МФУ тарабынан пайыздык же нарктык мааниде алынуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмдөрүнө ылайык көрсөтүлөт  

Башка чыгашалар  

  

____________________________________________  

_____________________________  

________________________  

_________________________________ 

_____________________________  

________________________  

     (МФУнун кредитбоюнча адисинин аты-жөнү) 

                 (кол тамгасы)  

                (күнү) 

      (МФУнун кардарынын аты-жөнү) 

                 (кол тамгасы)  

                (күнү)