Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын «15» июнундагы 

№2015-П-12-/25-6-(НПА) 

токтому менен бекитилген 

 

 

«Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен  

операцияларына карата талаптар жөнүндө» 

НУСКОО 

 

1-ГЛАВА.  

Жалпы жоболор 

 

1 . Бул нускоо депозиттерди тартуу менен иш алып барган, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган микрофинансылык компаниялардын (мындан ары МФК), ислам терезесине ээ микрофинансылык компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларды жүргүзүүдө жана бүтүмдөрдү келишүүдө алардын ишине карата талаптарды белгилөө максатында иштелип чыккан. 

2. МФК аффилирленген жана МФК менен байланыштуу жактар реестрин жүргүзүүгө, ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) кызматкерлери андан тоскоолдуксуз пайдаланууга тийиш. МФК менен байланыштуу жактар реестринде, эң аз дегенде МФКда кызмат ордун ээлеген кызмат адамынын аты-жөнү, аны менен байланыштуу болгон жакын тууганынын аты-жөнү, анын тууганчылыгы (ата-энеси, аялы, күйөөсү ж.б) жөнүндө маалымат камтылууга тийиш. МФКда маалыматтын сакталышын камсыз кылган коопсуздук системасы орнотулган шартта, реестрди электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет.  

3. МФК менен аффилирленген жактын иши, аффилирленген жактардын санына карабастан, алардын өз ара иш алып баруусу МФКнын капиталында чектүү катышууга негизденген компания менен жактардын өз ара байланышуусу боюнча көзөмөлгө алынышы мүмкүн. 

4. Бейтараптык принциби - эгерде, МФК менен жалпы кызыкчылыгы болбогон башка адамдарга (жактарга) МФКнын кардарларына (юридикалык жактарга же жеке адамдарга) кредит берүү шарттарына караганда мындай кредиттерди берүү шарттары алар үчүн кыйла алгылыктуу, ыңгайлуу боло турган болсо, аффилирленген жана байланышы бар жактарга, ошондой эле олуттуу катышуучуларга кредиттерди берүүгө МФКнын укугу жоктугун билдирет. 

5. Бир карыз алуучунун жана ал менен байланыштуу жактын чогуу алгандагы карызы - бул, бир карыз алуучунун төмөнкүлөр боюнча жалпы карызы: 

- кредиттер (төлөө мөөнөтүнө көз карандысыз); 

- факторинг; 

- финансылык ижара; 

үлүштүк милдеттенмелер формасындагы инвестициялар; 

- алууга каралган, кошуп эсептелинген пайыздар; 

- карыз алуучуларга тике же кыйыр түрдө берилген, маңызы боюнча кредитти алмаштыруучу болуп саналган кандай болбосун берилген каражаттар; 

- ошол карыз алуучуга берилген баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасы (кредиттерди берүүгө милдеттенмелер); 

- МФКнын үчүнчү тарапка карата кандай болбосун тобокелдикке баруусу, ал сөзсүз түрдө ошол карыз алуучу тарабынан гарантияланган болсо; 

- мурда эсептен алынып салынган кредиттер, анын ичинде пайыздар.  

Ар бир карыз алуучунун кредиттик таржымалында ошол карыз алуучунун жана аны менен байланыштуу жактардын анын мурда эсептен жоюлуп салынган кредиттери жана пайыздары жөнүндө маалыматтар көктөлүүгө тийиш. Маалыматтарда карыз алуучунун жана аны менен байланыштуу жактын аты-жөнү, эсептен жоюлуп салынган кредиттин жана пайыздардын суммасы, эсептен жоюп салуу күнү жана анын себептери камтылышы зарыл. Эгерде мындай маалымат жок болсо, анда кредиттик таржымалды МФКнын ыйгарым укуктуу адамынын ошол карыз алуучу жана аны менен байланыштуу жактын мурда эсептен жоюлуп салынган карызы жөнүндө корутундусу болууга тийиш. 

6. Эгерде бир карыз алуучунун каражаттык кыйынчылыктары башка жактарга төлөм маселесин жаратса, бир карыз алуучу боюнча тобокелдиктин максималдуу ченемин эсептөөдө ар кайсы карыз алуучулардын карызы кошулуп бир жалпы байланышкан карыз болуп эсептелүүгө тийиш.  

7. Нускоонун максаттары үчүн «карыз алуучу» түшүнүгү ушул нускоонун  

6-пунктунда көрсөтүлгөн МФК кредит берген жак/жактар тобу болуп аныкталат. Ар кайсы карыз алуучулардын карызы суммаланууга тийиш, эгерде:  

- бир карыз алуучу башка карыз алуучуну контролдосо; 

- кредит юридикалык жакка жана ошол эле юридикалык жактын катышуучусуна/ 

уюштуруучусуна берилсе;  

- аларда, контролдогон жак же олуттуу катышуучусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы болгон учурларды эске албаганда, жок дегенде бир контролдогон жак же олуттуу катышуучусу болсо; 

- бир нече карыз алуучулардын ортосунда олуттуу финансылык өз ара көз карандылык болсо. Олуттуу финансылык көз карандылык, анын ичинде өз ара кызматташуу тууралуу келишим, эреже катары эгерде, бир карыз алуучунун жылдык дүң кирешесинин/чыгымдарынын же башка кирешелер боюнча төлөмдөрүнүн 50 же андан ашык пайызы башка карыз алуучулар менен түзүлгөн бүтүмдөрдөн келип чыкса орун алат; 

- кредитти төлөөгө бир эле булак колдонулса, ошондой эле карыз алуучулар кредиттик каражаттарды жалпы мекемеге же жалпы ишмердүүлүктө катышууга колдонсо жана экөө тең төлөөгө экинчи булакты (күрөө) колдонсо;  

- карыз алуучулардын бири башканын милдеттерине кепилдик болсо (кросс кепилдиктер), же болбосо бир эле үчүнчү жак эки карыз алуучунун кепилдиги болсо;  

- бир же бир нече карыз алуучулар тарабынан алынган каражаттар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан тышкары, үчүнчү жактын тике пайдасына колдонулса, (үчүнчү жакка МФК тарабынан талаптарынын болгондугунан көз карандысыз) же болбосо бизнестин адаттагыдай жүрүшүндө товарлар же кызматтар сатып алынган учурларды эске албаганда, көрсөтүлгөн каражаттарга алынган каражаттар же активдер үчүнчү жакка өткөрүлүп берсе;  

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары күрөө берүүчү болгон учурларды эске албаганда, аларда бир күрөө берүүчү болсо.  

 

2-ГЛАВА.  

Операцияларды жүргүзүү жана бүтүмдөрдү келишүү тартибы 

 

8. МФКнын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен жүргүзүлгөн операциялар анын өзүнө, аманатчыларынын же башка кредиторлорунун таламдарына зыян келтирбестен ишке ашырылууга тийиш. 

9. Аффилирленген жана байланыштуу жакка кредит берүүнү колдоого алган Директорлор кеңешинин Төрагасы жана анын мүчөлөрү, ушул нускоонун талаптарын бузууга жол берүү менен кредиттин берилишин камсыз кылган Төрага (Башкы директор/менеджер) жана башкарма мүчөлөрү микрофинансылык компаниянын ошол кредит боюнча карызынын кайтарылышы жана убагында алынбай калган пайданын ордунун жабылышы үчүн жоопкерчилик тартышат. 

10. Төмөндө келтирилген шарттардын бири орун алган учурда, МФК аффилирленген же байланыштуу жактарды кредиттөөгө укугу жок (анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоону сунуштоого):  

1) акыркы отчеттук күнгө карата күндөлүк чыгымдар орун алса; 

2) Аффилирленген жактар, анын ичинде МФК менен байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген мааниден ашпоого тийиш. Аффилирленген жактардын байланыштуу жактары менен керектөө кредиттерин берүү жана алардан депозиттерди алуу боюнча операцияларды эске албаганда, операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.  

3) МФК Улуттук банк тарабынан коюлган толук төлөнгөн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү, өздүк капиталынын минималдуу өлчөмү жана капиталдын жеткиликтүүлүгү (шайкештиги) боюнча талаптарды аткарбаса;  

4) МФКнын бардык аффилирленген жана/же байланыштуу жактарына сунушталган кредиттердин жана алардын ордун алмаштыруучулардын жалпы суммасы таза суммардык капиталынан 60% артса; 

11. МФКга аффилирленген жана байланыштуу жактарды кредиттөө боюнча ички чектөөлөрдү белгилөө сунушталат, алар Улуттук банк тарабынан белгиленген чектен төмөн болууга тийиш. 

12. МФКлардын же анын туунду компанияларынын байланыштуу жана аффилирленген жактар менен кандай болбосун операциясы коопсуз жана ишенимдүү экендигин тастыктаган шарттарда гана ишке ашырылууга тийиш.   

13. МФК менен байланыштуу жактар менен келишилген бүтүмдөрдүн суммасы МФКнын өздүк капиталынын 1% ашкан шартта, ал өз кызыкчылыгын көздөө менен келишилген бүтүм болуп саналат. Алардын өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын 1% - 20% чейинки өлчөмдү түзгөн, өз кызыкчылыгын көздөө менен келишилген бүтүмдөр жана аффилирленген жана байланыштуу жактар тарабынан жүзөгө ашырылган банктык операциялар жөнүндө чечим МФКнын Директорлор кеңешинин кызыкдар болбогон мүчөлөрү тарабынан гана кабыл алынат.  

Аффилирленген жана байланыштуу жактар менен кредиттер жана кредиттик алмаштыруучулар боюнча чечим банктын Директорлор кеңешинин кызыкдар болбогон мүчөлөрү тарабынан гана кабыл алынат. 

Мында, Директорлор кеңешинин протоколунда анын мүчөлөрүнүн кызыкчылыгы же кызыкчылыкты көздөбөгөндүгү көрсөтүлүүгө тийиш. 

Эгерде кворумдун жоктугуна байланыштуу Директорлор кеңеши чечимди кабыл алганга мүмкүнчүлүгү жок болсо, мындай бүтүмдү түзүү маселеси МФКнын жалпы акционерлер жыйынына өткөрүлүп берилет.  

14. Алардын өлчөмү МФКнын өздүк капиталынан 20% ашкан, аффилирленген жана байланыштуу жактар менен ишке ашырылган кредиттерди жана аларды алмаштыруучуларды эске албаганда, өз кызыкчылыгын көздөө менен келишилген бүтүмдөр жана башка банктык операциялар боюнча чечим акционерлердин жалпы жыйынында кабыл алынат. 

Мында, ачык түзүлүүчү келишимдерди эске албаганда, бүтүмдөр жана операциялар банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. 

15. МФК менен байланыштуу бир карыз алуучунун тобокелдигинин максималдуу өлчөмү, анын ичинде аффилирленген жактарга МФКнын өздүк капиталынан 5% ашпоосу зарыл. 

16. Операцияларды ишке ашыруудан же бүтүмгө келишүүдөн алынган киреше бөлүгү МФКнын аффилирленген же байланыштуу жактардын пайдасына колдонулса же алардын тескөөсүнө өткөрүлүп берилсе да, МФКнын кайсыл болбосун жак менен ишке ашырылган операциясы же келишилген бүтүмү МФКнын аффилирленген же байланыштуу жагынын операциясы же бүтүмү катары эсептелинүүгө тийиш. 

17. МФК төмөнкү шарттардын бардыгы аткарылган учурда гана аффилирленген же байланыштуу жактар менен операцияларды жүргүзүү же бүтүмдөргө келишүү укугуна ээ:  

1) операциялар жана бүтүмдөр, ошол эле учурда аталган МФКнын кызматкерлери болуп саналбаган жана МФК менен байланыштуу жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кайсы болбосун башка жактардан болуп саналбагандар, МФК менен МФКнын кардарлары башка жактары ортосунда ишке ашырылган операциялар жана бүтүмдөр үчүн колдонулган шарттарга жана талаптарга караганда кыйла жеңилдетилбеген шарттар жана талаптар каралган учурда гана ишке ашырылат. Мындай шарттардан жана талаптардан улам төмөнкүлөргө жол берилбейт: 

- ошол МФКнын кызматкери болуп саналбаган жана МФК менен байланыштуу жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактардан - МФКнын кардарларынан кармалып калгандарга салыштырганда кыйла төмөнкү пайыздарды (анын ичинде банк менен кардар/өнөктөш ортосунда ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык макулдашылган үстөк акылар жана/же башка төлөмдөр) же жыйымдарды кармап калууга; 

- ошол МФКнын кызматкерлери болуп саналбаган жана МФК менен байланыштуу жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жактардан болуп саналбаган башка жактарга МФК кардарларына салыштырганда депозиттер боюнча кыйла жогорку пайыздарды (анын ичинде чектелген мударабаны эске албаганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каражаттарды тартуу) төлөөгө

- ошол МФКнын кызматкерлери болуп саналбаган жана МФК менен байланыштуу жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактардан - МФК кардарларынан талап кылынганга караганда кыйла төмөн наркка ээ күрөөнү кабыл алууга. Күрөөнү кабыл алууда аны башка ушул сыяктуу күрөөдөн жогору баалоого жол берген ыкманы колдонууга жол берилбейт;  

- аталган МФКнын кызматкерлери болуп саналбаган жана МФК менен байланыштуу жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактарга - МФК кардарларына бул операциянын тобокелдик деңгээлинен же карыз алуучунун кредит төлөө жөндөмдүүлүгү төмөндүгүнөн улам берилбей турган кредиттерди жана кредитти алмаштыруучуларды берүүгө

- МФКнын аффилирленген же байланыштуу жагынан төмөн сапаттагы активди сатып алуу же төмөн сапаттагы активди күрөө катары кабыл алууга; 

- аталган МФКнын кызматкери болуп саналбаган жана МФК менен байланыштуу жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жакка - МФК кардарына төлөнүшү мүмкүн болгонго караганда кыйла жогору баада активди сатып алууга; 

- аталган МФКнын кызматкери болуп саналбаган жана МФК менен байланыштуу жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактан - МФК кардарынан кабыл алынышы мүмкүн болгонго караганда кыйла төмөн баада активди сатууга; 

- башка учурда инвестор же болбосо аффилирленген же МФК менен байланыштуу жак баалуу кагаз же ишкердик түрү боюнча тобокелдик деңгээлинен улам баалуу кагаздарга инвестициялабашы мүмкүн болгон баалуу кагаздарга инвестициялоо; 

- товарлар, кызмат көрсөтүүлөр же мүлктү ижарага алуу үчүн аталган МФКнын кызматкери болуп саналбаган жана МФК менен байланыштуу жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жакка - МФКнын кардарына төлөнө турган бааларга караганда кыйла жогору баада, же аталган банктын кызматкери болуп саналбаган жана МФК менен байланыштуу жана/же МФК менен кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жакка - МФК кардарына төлөнбөй турган шартта төлөөгө

- МФКнын аффилирленген же байланыштуу жактардын кредиттерин реструктуризациялоого, мында ошол МФКнын кызматкери болуп саналбаган жана МФК менен байланыштуу болбогон жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жак МФКнын кардарына реструктуризациялоого жол берилбейт.  

2) кредит берилген учурда МФКнын Директорлор кеңеши тарабынан чечим кабыл алынган учурга карата анын тобокелдиги «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга карата камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого ылайык, канааттандырарлык катары таанылган кредиттерге каралган тобокелдиктен ашпоого тийиш. 

3) операцияларды же бүтүмдөрдү жүргүзүү жөнүндө чечим ар биринин добуш берүүсү аркылуу, көпчүлүк добуш менен (банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмедеги курамынын 2/3 бөлүгүнөн көп) МФКнын Директорлор кеңешинин кызыкдар эмес мүчөлөрү тарабынан гана, жүргүзүүдө кызыкдар жактын тике же кыйыр таасиринин жоктугу шартында кабыл алынат. Болжолдонуп жаткан операцияга тике же кыйыр кызыкчылыгы бар Директорлор кеңешинин төрагасына же кайсыл болбосун мүчөсүнө маселени талкуулоо учурунда Директорлор кеңешинин отурумунда катышууга жол берилбейт жана ал аталган маселе боюнча добуш берүү укугуна ээ эмес. 

4) МФК мындай операциянын же бүтүмдүн жактырылгандыгы тууралуу жазуу жүзүндө протокол толтурууга тийиш, анда операция же бүтүм МФКга зыян алып келбестен, анын таламында жүзөгө ашырылып жаткандыгына негиздемени кошо алганда, алардын бардык артыкчылыктарына жазуу жүзүндөгү талдап-иликтөөлөр чагылдырылышы зарыл. Талдап-иликтөөлөрдө төмөнкүлөр камтылат: 

- кредиттик операциялар жана кредитти алмаштыруучулар үчүн кредиттин суммасы, кредит мөөнөтү, пайыздык чени, келишимге ылайык карыз алуучу кредитти төлөөгө жөндөмдүүлүгүн далилдеген, ал жөнүндө финансылык маалымат жана кредит боюнча күрөө наркын тастыктаган маалымат; 

- активдерди сатып алуу жана сатууга байланыштуу операциялар же бүтүмдөр үчүн сатып алуу баасын жана актив наркын тастыктаган маалымат; 

- инвестициялар үчүн инвестициялар тобокелдигине баа берүү жана МФК менен ошол жактын потенциалдуу пайдасы; 

- аталган операцияны жүргүзүү же бүтүмгө келишүү зарылчылыгы тууралуу толук түшүндүрмө

- активдерди же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу/сатып алуу каралган операциялар же бүтүмдөр үчүн Директорлор кеңеши, активди сатуу/сатып алуу же кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө кеминде үч сунушту карап чыгууга тийиш. Бул сунуштар МФК менен байланышы жок же жалпы кызыкчылыкка ээ болбогон жактар тарабынан сунушталууга жана рыноктук орточо баага туура келүүгө тийиш.  

5) МФК менен ишке ашыруу болжолдонуп жаткан операцияда же бүтүмдө тарап болуп саналган же ушул тарап менен жалпы кызыкчылыктарга ээ МФК менен байланыштуу жактар, операцияда же бүтүмдө өз кызыкчылыгынын даражасы жана операциянын же бүтүмдүн башка тарабы менен өз ара мамиленин даражасы жөнүндө маалыматты жазуу формасында ачып берүүгө тийиш. Мындай жазуу жүзүндөгү ачып берүү болжолдонгон операция же бүтүм боюнча добуш берүүгө чейин МФКнын Директорлор кеңешине берилүүгө жана МФКнын Директорлор кеңешинин операция же бүтүм боюнча чечим кабыл алуу протоколунун бир бөлүгү болууга тийиш. 

18. МФКнын Директорлор кеңешинин төрагасы, ушул нускоонун 17-пунктунда колдонулган бардык шарттар Кеңештин мүчөлөрү добуш бергенге чейин аткарылгандыгы тууралуу Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш. Директорлор кеңешинин кайсы болбосун мүчөсү тастыктоочу документтерди добуш бергенге чейин карап чыгууга укуктуу. Директорлор кеңешинин төрагасы жана анын добуш берген ар бир мүчөсү операцияны же бүтүмдү жактыруу тууралуу чечимине өз кол тамгасын коюусу зарыл. Чечимде Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөсү болжолдонгон операциянын же бүтүмдүн шарттарын карап чыккандыгын, аларды түшүнө тургандыгын жана ушул нускоонун 17-пунктунун 4-пунктчасы боюнча талап кылынуучу талдап-иликтөөлөр менен таанышкандыгын ачык көрсөтүүгө тийиш. 

19. МФК Директорлор кеңешинин төрагасын жана анын мүчөлөрүн, Шариат кеңешинин төрагасын жана анын мүчөлөрүн эске албаганда, МФКнын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине бирдей керектөө кредиттерин берүү шарттары каралган керектөө кредиттерин берүүгө укуктуу. Программада МФК кызматкерлерине жана кызмат адамдарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн бирдей шарттары каралууга тийиш. Мында, кредиттөө шарттары кеминде төмөнкү талаптарга дал келүүгө тийиш: 

1) кредиттин максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капиталынан 5% ашпоого тийиш;  

2) кредиттер минималдуу түрдө 100 пайызга кызматкерлердин эмгек акысы же болбосо депозиттер менен камсыздандырылууга тийиш ошону менен бирге тийиштүү кепилдик келишими менен таризделүүгө жана кайтаруу мөөнөтү керектөөчү кредитти кайтаруу мөөнөтүнөн эрте болбоого тийиш.  

3) кредиттер МФКнын кызматкеринен болуп саналбаган жактарга кредит берүүдө колдонулуучу шарттарынан жана талаптарынан кем болбогон шарттарда жана талаптарда (пайыздык чендер, күрөөлүк камсыздоо, кредитти берүү мөөнөтү) сунушталууга тийиш. 

20. МФК, Директорлор кеңешинин төрагасын жана анын мүчөлөрүн, Шариат кеңешинин төрагасын жана анын мүчөлөрүн эске албаганда, МФКнын кызматкерлерин социалдык колдоо көрсөтүү программасына ылайык турак жайды сатып алууга же курууга кредит төмөнкү шарттартардын талаптарын аткарган учурда гана берүүгө укуктуу: 

А) сатып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жай кредит берилген МФКнын кызмат адамына/кызматкерине гана менчик укугунда таандык болууга тийиш; 

Б) сатып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жайда кредит берилген МФКнын кызмат адамы/кызматкери жана анын үй-бүлө мүчөлөрү (болгон болсо) жашоосу зарыл; 

В) биринчи күрөө катары сатып алынып жаткан же курулуп жаткан турак жай гана кабыл алынат; 

Г) МФКнын кызмат адамы/кызматкери анын жакын туугандары болуп саналган адамдардан турак жай сатып алуу үчүн кредит берүүгө тыюу салынат.  

МФК менен анын кызмат адамынын/кызматкеринин ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимде МФКнын кызмат адамы/кызматкери ушул пункттун 1-8-пунктчаларында каралган кредиттөө шарттарын бузган учурда, кредиттик келишим ушул Нускоонун 24-пунктунда каралган шарттарда өзгөртүлүүгө тийиш.  

21. МФКнын бир кызматкерине берилген кредиттин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капиталынан 5% ашпоосу зарыл. 

22. Кызматкерлерди кредиттөө тартибин жөнгө салган МФКнын ички документтери МФКнын кызмат адамдарын кредиттөө жөнүндө жобону камтууга, «Кыргыз Республикасынынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзам талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүгө жана кеминде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:  

- МФКнын кызмат адамдарына берилген кредиттердин МФКнын кредит портфели жалпы көлөмүнө карата үлүшүн; 

- кредит түрлөрүн; 

- кредиттин максималдуу өлчөмүн; 

- кредиттөө мөөнөттөрүн; 

- пайыздык чендерди (баа түзүү); 

- күрөө наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү критерийлерин. 

23. Кызматкерлерди кредиттөө тартибин жөнгө салган МФКнын ички документтери Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө тийиш. Ошондой эле Директорлор кеңеши төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- кызматкерлерди кредиттөө тартибин жөнгө салган МФКнын ички документти, анын актуалдуулугун жана МФК ишинин кредит саясатына шайкеш келүүсүн камсыз кылуу үчүн жыл сайын карап чыгууга; 

- МФК Башкармасынын (же МФКнын ушундай эле башка аткаруу органынын) кызматкерлерди кредиттөө тартибин жөнгө салган ички документтердин талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча ишти контролдоого. 

24. МФКнын кызмат адамдары ушул нускоонун 17-пунктунда каралган кредиттөө шарттарын бузууга жол берген учурда: 

- МФК бузууга жол берүү аныкталган күнү, МФК жана ошол МФКнын кызматкери болуп саналбаган жана МФК менен байланыштуу болбогон жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жак МФКнын кардарынын ортосундагы ушул сыяктуу операциялар үчүн колдонулуучу шарттар менен талаптарга салыштырмалуу кыйла жеңилдетилген кредит берүү шарттарын жана талаптарын карап чыгуу аркылуу кредиттик келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш; 

- МФКнын кызмат адамы кредит алган күндөн тартып анын шарттары өзгөргөн күнгө чейин түптөлгөн пайыздар боюнча айырманы МФКга кайтарып берүүгө милдеттүү

- пайыздар боюнча айырманы кайтарып берүү, кредиттөө шарттары өзгөргөн айдан кийинки айдан тартып кредит жана ал боюнча пайыздардын ордун жабуу графигинде каралууга тийиш.  

25. Нускоонун 17-пунктунун 3, 4 жана 5-пунктчаларынын жоболору МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жак болуп саналбаган башка жактар МФК кардарлары үчүн ошол эле шарттарда жана талаптарда депозиттик кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо МФКнын аффилирленген же байланыштуу жактардан депозиттерди кабыл алуусуна таркатылбайт.  

Акча каражаттары жана насыялар МФКнын Директорлор кеңешинин чечиминин негизинде ошол МФК менен аффилирленген жак болуп саналбаган жана МФК менен байланыштуу болбогон жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ эмес башка жактар ортосунда мындай операцияларды жүзөгө ашырууда жана бүтүмдөргө келишүүдө колдонулган шарттарга жана талаптарга салыштырганда, кыйла ыңгайлуу болбогон шарттарда жана талаптарда тартылууга тийиш. 

26. МФКнын аффилирленген же байланыштуу жагына берилүүчү ар бир кредит күрөө менен камсыздалууга тийиш, аны сатып өткөрүү наркы төмөнкү өлчөмдөн кем болбоого тийиш:  

1) эгерде кредит Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баалуу кагаздары же кредит берген МФКнын байланыштуу депозити менен камсыздалган болсо кредит суммасынын 120 пайызынан. 

Байланыштуу депозит, төмөнкүдөй корреспонденттик эсеп болуп саналбаган, өзүнчө мөөнөттүү аманатты (депозитти) билдирет: 

- берилип жаткан кредит мөөнөтүнөн аз эмес мөөнөттө,  

- күрөө катары тиешелүү негизде тариздетилген,  

- ал боюнча каражаттарды жүгүртүүгө тыюу салынган; 

- кредит боюнча милдеттенмелер аткарылмайынча кардарга пайдаланууга мүмкүн болбогон

Баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун рыноктук наркына МФК тарабынан ай сайын кайра баа берилүүгө тийиш. 

2) кайсы болбосун башка күрөө түрүндө, кредит суммасынын 140 пайызынан. 

27. Эгерде күрөөлүк камсыздоо наркы бара-бара ушул нускоонун 26-пунктунда белгиленген өлчөмдөн төмөндөй баштаса, анда мындай камсыздоо күрөө жөнүндө жаңы келишимди түзүү же буга чейин түзүлгөн күрөө жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу талап кылынган өлчөмгө чейин кошумча толукталышы зарыл жана кошумча күрөөлүк мүлк менен кепилдик берилүүгө же кайра баа берилген күндөн тартып он беш жумуш күнүнөн кечиктирилбестен белгиленген талаптарды аткаруу үчүн жетиштүү нарктагы жаңы күрөө түрүнө алмаштырылууга тийиш. 

28. МФКнын аффилирленген же байланыштуу жагына кредит берүү чечими кабыл алынып, кредит берилгенден кийин ал аталган МФКнын кызматкерлери болуп саналбаган жана МФКнын аффилирленген жана байланыштуу жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жактардан болуп саналбаган башка жакка - МФК кардарына берилген кредиттер сыяктуу эле көзөмөлгө алынат жана аларга баа берилет. МФКнын аффилирленген жана байланыштуу жактарына инвестициялар аталган МФКнын кызматкерлери болуп саналбаган жана МФКнын аффилирленген жана байланыштуу жана/же МФК менен жалпы кызыкчылыкка ээ кандай болбосун жактардан болуп саналбаган башка жакка МФК кардарына берилген башка инвестициялар сыяктуу эле, мезгил-мезгили менен көзөмөлгө алынууга жана аларга баа берилүүгө тийиш. 

29. МФК кайсыл болбосун жакка төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берүү максатында, ал менен бүтүмгө келишүүгө жол берилбейт:  

1) МФКнын аффилирленген же байланыштуу жактары алдында милдеттенмелерди төлөөгө же башка негизде аткарууга; 

2) МФКнын аффилирленген же байланыштуу жагынан кандайдыр бир мүлктү сатып алууга; 

3) МФКнын аффилирленген же байланыштуу жагы тарабынан эмитирленген баалуу кагаздарды сатып алууга. 

 

3-ГЛАВА.  

Микрофинансылык компаниянын акционерлеринин жалпы жыйынында чечимдерди кабыл алуу тартиби 

 

30. МФКнын акционерлери коопсуз, алгылыктуу жана ишенимдүү МФК ишин камсыз кылуу максатында, өз укуктарын жана милдеттерин акыйкат жана талапка ылайык жүзөгө ашырууга милдеттүү

31. МФКнын акционерлеринин жалпы жыйыны ушул нускоонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда МФК менен байланыштуу жак менен кызыкдар болуу менен операцияларды ишке ашыруу же бүтүмдөргө келишүү жөнүндө чечим кабыл алат. 

32. МФКнын Директорлор кеңеши этиканын жана адептүүлүктүн жогорку стандарттарын колдоону кошо алганда, МФКнын ишенимдүү жана акылга сыярлык иши үчүн жоопкерчилик тартат. МФКнын Директорлор кеңеши акционерлердин жалпы жыйыны үчүн ушул нускоонун 17-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн талдап-иликтөөнү кошо алганда, сунушталып жаткан операциянын же бүтүмдүн толук сүрөттөлүшүн камтыган так отчетту даярдоого тийиш. МФКнын Директорлор кеңеши маселени акционерлердин жалпы жыйынына өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алганга чейин МФКнын өзгөчө кызыкчылыгында маселени чечүү үчүн кандай болбосун аракеттерди көрүүгө тийиш. 

33. МФКнын аффилирленген же байланыштуу жак менен операция же бүтүм боюнча артыкчылык берилиши мүмкүн болгон акционер талкууга катышууга, акционерлердин жалпы жыйынында добуш берүүгө таасир этүүгө же таасир этүүгө аракет кылууга же болбосо операцияны же бүтүмдү жактыруу маселеси боюнча (тике же кыйыр же болбосо акционер ал менен жалпы кызыкчылыкка ээ жак аркылуу) добуш берүүгө укугу жок. 

34. Акционерлердин жалпы санынын «макулдук» берүү добушунун 2/3 белгиленген операцияны же бүтүмдү жүргүзүүсүнө «макулдук» берилген учурда гана МФКнын аффилирленген же байланыштуу жагына алгылыктуу режим сунуштала турган операцияны же бүтүмдү жактыра алышат. 

35. Эгерде МФКнын ар бир акционерине аталган операция же бүтүм боюнча алгылыктуу режим сунушталышы мүмкүн болгон жак болуп эсептелсе (тике же кыйыр, акционер жалпы кызыкчылыгы бар жак аркылуу) же алар акционерлер санынын үчтөн көбүн түзсө, анда мындай операция же бүтүм акционерлердин жалпы жыйынында кароого алынбайт жана ал МФк тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн эмес. 

 

4-ГЛАВА.  

Отчетторду сунуштоого карата талаптар 

 

36. МФК Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана ушул нускоонун талаптарына ылайык документалдык жазууларды (отчетторду) жүргүзүүгө тийиш. Алар аталган жактар жана алар менен жалпы кызыкчылыкка ээ байланыштуу жактар менен жүргүзүлгөн бардык операциялардын жана бүтүмдөрдүн суммаларын жана шарттарын көрсөтүү менен МФКнын бардык аффилирленген жана байланыштуу жактары тууралуу маалыматты камтууга тийиш. 

37. МФК анын кызмат адамдары Финансы-кредиттик уюмдардан (мындан ары ФКМ) алган бардык кредиттери же МФК болгон маалымат боюнча башка операциялар тууралуу жазууларды жүргүзүүгө тийиш. МФК ФКМлардан кредит алган же кредит алуу өтүнүчү менен кайрылган МФК ар бир кызмат адамы кеминде жарым жылда бир жолу отчеттук айдан кийинки айдын 10нан кечиктирбестен, отчеттук мезгил ичинде алынган кредиттер тууралуу жазуу жүзүндө отчетторду МФКга берип туруусу зарыл. МФК бул отчетторду эсепке алуу үчүн өзүнчө таржымал (досье) жүргүзүп, алар жаңыртылган учурда протокол түзүүгө жана анда отчеттук мезгил ичиндеги бардык өзгөрүүлөр чагылдырылууга тийиш. 

38. МФКнын Директорлор кеңешинин төрагасы жана анын ар бир мүчөсү, кызмат адамы өзүнүн коммерциялык, бизнес жана башка материалдык кызыкчылыктары тууралуу кат жүзүндөгү маалыматты жылына бир жолу МФКнын Директорлор кеңешине жана анын жетекчилигине сунуштап турууга тийиш. Отчетто МФКнын Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, кызмат адамдары менен жалпы кызыкчылыкка ээ жактардын тизмеси жана ар бир учур боюнча мындай байланыш деңгээли камтылуусу зарыл. МФКнын Директорлор кеңешинин төрагасы, ар бир мүчөсү жана кызмат адамдары отчеттогу маалыматтын өзгөргөндүгү тууралуу эки жумуш күнү ичинде МФКга кат жүзүндө билдирүүгө тийиш.  

39. МФК өз ишинин ушул нускоонун талаптарына шайкеш келүүсүн камсыз кылуу үчүн шайкеш ички контролдук системасын колдоого алуусу зарыл. 

40. МФКнын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматты, Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун курамында отчетторду Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

41. Ушул нускоого ылайык талап кылынган тиешелүү тиркемелери (талдап-иликтөөлөрү) менен бардык отчеттор, кредит боюнча бардык карыздар кайтарылып берилгенден кийин жана МФКнын аффилирленген же байланыштуу жактар менен операциялары жана бүтүмдөрү аяктагандан кийин кеминде 5 жыл МФКда сакталууга тийиш.  

 

5-ГЛАВА.  

Корутунду жоболор 

 

42. Эгерде мындай операцияларды жүргүзүү жана бүтүмдөргө келишүүнүн натыйжасында МФКнын финансылык абалы начарласа жана финансылык кыйынчылыктар, ошондой эле МФКнын, аманатчылардын жана башка кредиторлордун кызыкчылыгына коркунучтар жаралса, МФКга аффилирленген жана байланыштуу жактар менен кайсы болбосун операцияларды жүргүзүүгө жана бүтүмдөргө келишүүгө тыюу салынат.  

43. Эгерде МФКнын акционерлери, Директорлор кеңешинин төрагасы, анын мүчөлөрү жана кызмат адамдары кредит жана кредит алмаштыруучуларын берүү, МФКнын аффилирленген же байланыштуу жактар менен операцияларды жүргүзүү же бүтүмдөргө келишүү боюнча, ушул нускоонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келген чечим кабыл алса же чечимдин кабыл алынышы үчүн добуш беришсе жана анын натыйжасында МФК чыгымга дуушар болуп, киреше ала албаса, анда көрсөтүлгөн адамдар мыйзам талаптарына ылайык ошол кредит, операция же бүтүм боюнча чыгымдардын же карыздын МФКга кайтарылып берилишине жоопкерчилик тартышат.  

44. МФКнын бардык ички документтери (саясаттары жана жол-жоболору) ушул нускоонун талаптарына ылайык келтирилүүгө тийиш. 

45. МФК менен аффилирленген же байланыштуу жак ортосунда ушул нускоонун жана мыйзам талаптарын бузууга жол берүү менен ишке ашырылган кайсы болбосун операциялары жана бүтүмдөрү жараксыз болуп саналат.  

46. Нускоонун талаптарын аткарбай коюу, Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларды колдонуусу үчүн негиз болуп саналат.