Кайта келүү

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 31- майындагы 

№21/7 токтому менен бекитилген 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө»  

жобо  

 

1-ГЛАВА. 

Жалпы жоболор 

 

1. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары текст боюнча Улуттук банк) лицензиясынын жана/же каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн (мындан ары лицензия) негизинде иш алып барган микрофинансылык уюмдарга (мындан ары МФУ) жана алардын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу тартибин белгилөө ушул жобонун максаты болуп саналат. 

2. Таасир этүү чаралары Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул жободо каралган негиздерде жана тартипте колдонулат. 

3. Улуттук банк микрофинансылык уюмдарга жана алардын кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларын микрофинансылык уюмдардын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу, калктын аларга карата ишенимин колдоого алуу, аманатчылардын жана микрофинансылык уюмдардын кызматтарынан пайдалануучулардын таламдарын коргоо, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү максатында колдонот. 

4. Ушул жобонун максаттарында төмөнкүлөр мыйзам бузуу болуп эсептелет: 

- микрофинансылык уюмдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары, Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары, жазма буйруктары/талаптары аткарылбаса; 

- алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбаны жүргүзүү, ошондой эле микрофинансылык уюмдардын кызмат адамдарынын аракеттенүүсү же аракеттенбей коюусу анын финансылык абалынын начарлашына алып келсе жана/же төлөө жөндөмдүүлүгүн начарлатса. 

5. Микрокредиттик агенттиктин (мындан ары МКА) жана микрокредиттик компаниялардын (мындан ары МКК) кызмат адамдарынан болуп алардын жетекчилери, башкы бухгалтери (штатта башкы бухгалтер кызмат орду жок учурда бухгалтер), кредиттөө бөлүмүнүн начальниги, ошондой эле ал орган түзүлгөн болсо, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү саналышат. 

6. Микрофинансылык компаниялардын кызмат адамдары Улуттук банктын микрофинансылык компаниялардын кызмат адамдарына карата минималдуу квалификациялык талаптар жөнүндө ченемдик укуктук актысына ылайык аныкталат. 

 

2-ГЛАВА  

МФУларга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары 

 

7. Бул жободо МКАга, МККга жана алардын кызмат адамдарына карата колдонулуучу төмөнкүдөй таасир этүү чаралары аныкталган: 

- бузууга жол берүүлөрдү четтетүү же ишкердикти жөнгө салуу же болбосо белгилүү бир иштерди аткаруу жөнүндө жазма буйрук; 

- МКАга, МККга жана алардын кызмат адамдарына карата акчалай айыптык төлөм салуу; 

- операциялардын айрым бир түрлөрүн жүзөгө ашырууну же пайданы бөлүштүрүүнү жана/же сый акыларды төлөөнү, анын ичинде дивиденддерди чегерүүнү жана төлөөнү же кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөргө жана башка бүтүмдөргө келишүүнү, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдү ачууну токтотуу, чектөө же тыюу салуу; 

- кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, башкаруу органын алмаштыруу; 

- айрым банктык операцияларды жүзөгө ашуруу укугуна лицензияны кайтарып алуу; 

- эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн аракетин токтотуу; 

- эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү кайтарып алуу. 

8. Жободо микрофинансылык компанияларга карата колдонулуучу төмөнкүдөй таасир этүү чаралары белгиленген: 

- бузууга жол берүүлөрдү четтетүү же ишкердикти жөнгө салуу же болбосо белгилүү бир иштерди аткаруу жөнүндө жазма буйрук; 

- МФКга жана алардын кызмат адамдарына карата айыптык төлөм белгилөө

- экономикалык ченемдерди жана талаптарды жогорулатуу; 

- операциялардын айрым бир түрлөрүн жүзөгө ашырууну же пайданы бөлүштүрүүнү жана/же сый акыларды төлөөнү, анын ичинде дивиденддерди чегерүүнү жана төлөөнү же кыймылсыз мүлккө, баалуу кагаздарга инвестициялоо, алар менен бүтүмдөргө жана башка бүтүмдөргө келишүүнү, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүүнү токтотуу, чектөө же тыюу салуу; 

- кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, башкаруу органдарын алмаштыруу;  

- айрым банктык операцияларды жүзөгө ашырууга лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу; 

- лицензияны кайтарып алуу. 

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФКларга карата төмөнкүдөй таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн: 

- финансылык абалын чыңдоо, реструктуризациялоо жана/же кайра өзгөртүп түзүү/кайталап (атайын) тышкы аудит жүргүзүү/административдик чыгашаларды кыскартуу/уюштуруу түзүмүн өзгөртүү чараларын жүргүзүү/саясаттарды, жоболорду, жол-жоболорду жана башка ички ченемдик документтерди өзгөртүү талаптары; 

- убактылуу администрацияны киргизүү

9. Ушул жобонун 7 жана 8-пункттарында белгиленген чаасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алууда төмөнкү факторлор эске алынат: 

- бузууга жол берүү мүнөзү жана анын МФУнун ишине таасири; 

- МФУда орун алган проблемалар анын финансылык абалына тоскоолдуктарды жаратабы; 

- МФУнун кызмат адамдарынын проблема келип чыккандыгын жана алардын олуттуулугун түшүнүүсү

- бузууга жол берүүнүн кайталанышы жана созулушу; 

- бузууга жол бергендиги үчүн буга чейин МФУга карата таасир этүү чаралары колдонулганбы; 

- МФУнун кызмат адамдарынын жол берилген бузуулар жөнүндө билүүсү

- МФУнун кызмат адамдарынын келип чыккан проблемаларды четтетүү жөндөмдүүлүгү

- МФУнун кызмат адамдары Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрүн жана/же талаптарын аткарып жатышабы; 

- жол берилген бузуулардын натыйжасында МФУ тарткан чыгымдардын өлчөмү, анын ичинде потенциалдуу чыгымдар; 

- жол берилген бузууларда МФУ менен байланыштуу жактардын/аффилирлерген жактардын жеке кызыкчылыктары (моралдык, материалдык) бар экендиги/жоктугу; 

- МФУда негизги иш багыттары жана бузууга жол берүүлөргө бөгөт коюу жагында натыйжалуу ички контролдукту камсыз кылуу боюнча саясаттардын иштелип чыгышы; 

- МФУнун жетекчилиги/байкоо органы тарабынан бекитилген ички жол-жоболордун сакталышы; 

- атайлап бузууга жол берүү

- операциялык ишкердик жана ички контролдук проблемаларынын олуттуулугу; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары жана Улуттук банктын ченемдик актыларынын талаптары бир нече жолу бузууга жол берилсе; 

- Кыргыз Республикасынын «Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер жөнүндө» мыйзамдын бузулушуна алып келген иштердин же операциялардын мүнөзү, саны жана көлөмү

- бузууга жол берүүнүн негизги себебинен болгон башка жагдайлар (МФУнун күнөөсү боюнча же анын күнөөсү жок эле). 

10. МФУнун ишинде жол берилген бузуулар жана кемчиликтер аныкталса, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларда каралган керектөөчүлөрдүн укуктары жана мыйзамдуу таламдары бузууга жол берилсе, Улуттук банк алардын мүнөзүнө жана түрүнө, белгилүү бир абалга, орун алган проблеманын татаалдыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул жободо каралган кайсыл болбосун таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

11. Улуттук банк бир бузууга жол берүү үчүн бир нече таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

12. Таасир этүү чаралары ырааттуу түрдө сыяктуу эле, бузууга жол берүүнүн мүнөзүнө жана МФУнун финансылык абалына жараша колдонулушу мүмкүн. 

13. Улуттук банк МФК/МКА/МКК жол берилген бузууларды четтетүү милдеттенмесин өзүнө алуу мүмкүнчүлүгүн караштырууга укуктуу. 

МФК/МКА/МКК жетекчилигинин аныкталган кемчиликтердин, анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге каршы аракеттенүү боюнча мыйзам бузуулардын натыйжалуу четтетилишин камсыз кылуу максатында Улуттук банк менен кызматташууга даярдыгы милдеттенмелерди өзүнө алуу болуп саналат.  

Мында төмөнкүдөй милдеттенмелерди өзүнө алуу түрлөрү колдонулушу мүмкүн: 

1) көзөмөл органынын МФУга карата алдын ала иш-аракеттеринин чегинде сын-пикирлерди четтетүү

2) милдеттенме-катка кол коюу; 

3) кат жүзүндө келишимге кол коюу. 

Милдеттенме-кат, көзөмөл органынын олуттуу тынчсыздануусун жаратпаган кемчиликтер жана бузуулар орун алган МФК/МКА/МККга сунушталат. Милдеттенме-катта орун алган кемчиликтерди четтетүү боюнча айкын чаралар камтылат жана алар МКА/МКК/МФК жетекчилиги тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө жана максаттуу көрсөткүчтөргө ылайык аткарылууга тийиш. Милдеттенме-кат бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган Улуттук банктын көзөмөл блогунун түзүмдүк бөлүмү тарабынан даярдалат жана ага Байкоо органы, мындай орган жок учурда МФУнун акционерлер жыйыны (эгерде МФУ өз ишин акционердик коом катары жүзөгө ашырып жатса) же МФУнун уюштуруучулары (эгерде МФУ өз ишин жоопкерчилиги чектелген коом катары жүргүзүп жатса) тарабынан кол коюлат.  

МФК менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн кат жүзүндөгү келишимге МФКнын ишинде бузууларга жол берилсе, бирок төмөнкү учурларда кол коюлат: 

1) МФК жетиштүү түрдө капиталдаштырылса; 

2) МФК жетекчилиги орун алган көйгөйлөрдү түшүнүп, аларды четтетүү боюнча айкын чараларды көрүүгө даяр болсо; 

3) орун алган кемчиликтер жана бузуулар МФКнын финансылык абалына кооптуу жагдайларды жаратпаса. 

Кат жүзүндөгү келишимде МФК көрүүгө тийиш болгон иш-аракеттер жана аларды аткаруу мөөнөттөрү көрсөтүлөт. Келишимде орун алган кемчиликтерди четтетүү жана анын финансылык абалын жакшыртуу боюнча МФКнын ниети камтылууга тийиш. Кат жүзүндөгү келишимге кол коюу менен МФК анын шарттарын аткаруу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат. 

 

3-ГЛАВА.  

МКК жана МКАларга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары 

 

14. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин компетенциясына МКА жана МККга карата таасир этүү чараларынын төмөнкү түрлөрүн колдонуу чечимин кабыл алуу кирет: 

- МКК, МКАга жана алардын кызмат адамдарына карата акчалай айыптык төлөм белгилөө

- операциялардын айрым бир түрлөрүн жүзөгө ашырууну же пайданы бөлүштүрүүнү жана/же сый акыларды төлөөнү, анын ичинде дивиденддерди чегерүүнү жана төлөөнү же инвестициялоону жана кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар менен бүтүмдөргө жана башка бүтүмдөргө келишүүгө же болбосо туунду компанияларды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүүнү токтотуу, чектөө же тыюу салуу; 

- кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, башкаруу органдарын алмаштыруу; 

- айрым банктык операцияларды ишке ашыруу укугуна лицензияны кайтарып алуу;  

- эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн аракетин убактылуу токтотуу; 

- эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү кайтарып алуу. 

Айрым операцияларды ишке ашырууга чектөө, жүргүзүү жана бүтүмдөргө тыюу салуу тууралуу чечим ушул жобонун 20 жана 21-пунктарында көрсөтүлгөн шарттарда кабыл алынышы мүмкүн.  

Лицензиянын жана күбөлүктүн аракетин убактылуу токтотуу чечими ушул жобонун 20 жана 21-пунктарында көрсөтүлгөн шарттарда кабыл алынышы мүмкүн.  

15. Түзүмдүк бөлүмдүн начальниги МКА/МККга карата жазма буйруктарды чыгарууга укуктуу.  

16. Улуттук банк төмөнкү учурларда МКК/МКАнын кызмат адамдарын иштен четтетүүгө же бошотууга, башкаруу органын алмаштырууга укуктуу: 

- бузууга жол берсе же алгылыксыз банктык тажрыйба катары мүнөздөлгөн ишке тартылса (1-тиркеме); 

- Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келбесе; 

- маалымат сунушталбаса же такталбаган жана толук эмес маалымат сунушталса; 

- МКК/МКАнын финансылык туруктуулугуна коркунуч келтирген аракеттерди демилгелесе; 

- Улуттук банктын талаптарын жана жазма буйруктарын аткарбаса; 

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети кызмат адамдарын ээлеген кызматынан четтетүү же бошотуу же болбосо МКК/МКАнын башкаруу органын алмаштыруу жана/же анын МКК/МКАнын ишинде андан ары кандайдыр бир катышуусуна тыюу салуу жөнүндө кат жүзүндө жазма буйрук чыгарат. 

17. Бузууларды четтетүү же ишти шайкеш келтирүү же белгилүү бир иш-аракеттерди аткаруу жөнүндө жазма буйруктар төмөнкү учурларда МКА жана МККнын аткаруу органына жөнөтүлөт: 

- финансылык отчетту, мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту (мындан ары МРО), тышкы аудитордун корутундусун жана ага карата тиркемени Улуттук банк белгиленген мөөнөттө сунушталбаса; 

- такталбаган, толук эмес маалыматтар берилсе; 

- бухгалтердик эсепке алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбесе; 

- башка мыйзам талаптарын бузууга жол берилсе. 

18.  МКА/МККнын кызмат адамдарына айыптык төлөм белгилөө

МКК жана МКАнын кызмат адамдарына карата айыптык төлөм Көзөмөл боюнча комитеттин чечими менен банк мыйзамдарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол бергендиги, Улуттук банктын милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма буйруктары аткарылбагандыгы же отчеттор системалуу түрдө сунушталбагандыгы же болбосо анык эмес маалымат жана отчет сунушталгандыгы үчүн төлөөлөрдүн бардык түрлөрүн (эмгек акы, сый акы, бонустарды жана башкаларды) кошо алганда, орточо жылдык сый акыдан ашпаган өлчөмдө айыптык төлөм салынат. 

МКК жана МКАнын кызмат адамдары айыптык төлөмдү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө төлөөгө милдеттүү

МКК жана МКАнын кызмат адамдары айыптык төлөмдү төлөбөсө, Улуттук банк аларга карата айыптык төлөмдү мажбурлоо менен өндүрүү чараларын колдонууга укуктуу. 

19. МКК жана МКАга айыптык төлөм салуу. 

МКК жана МКАнын кызмат адамдарына Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, банк мыйзамдарын бузгандыгы, Улуттук банктын милдеттүү жазма буйруктарын аткарбагандыгы же отчетторду системалуу түрдө сунуштабагандыгы же болбосо анык эмес маалымат, отчет сунушталгандыгы үчүн Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими менен активдердин баланстык наркынын 10 (он) пайызынан ашпаган өлчөмдө айыптык төлөм салынат.  

МКК/МКА айыптык төлөмдү чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө төлөөгө милдеттүү

МКК/МКА айыптык төлөмдү төлөбөсө, Улуттук банк аларга карата айыптык төлөмдү мажбурлоо менен өндүрүү чараларын, ошондой эле мыйзамдарда каралган башка таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

20. Лицензияны кайтарып алуу. 

Карыздык милдеттенмелерди (факторинг) сатуу жана сатып алуу боюнча банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны кайтарып алуу чарасы төмөнкү учурларда колдонулат: 

- ушул операцияларды жүргүзүү учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузууга жол берилсе; 

- жогоруда белгиленген операцияларды жүргүзүүдөн улам келип чыккан бузууга жол берүүнү четтетүү максатында Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрү, жазма буйруктары жана/же башка талаптары сакталбаган учурда; 

- маалыматтар сунушталбаса же такталбаган, толук эмес маалыматтар сунушталса. 

Лицензияны кайтарып алуу чечими башка таасир этүү чараларын колдонуусуз кабыл алынышы мүмкүн. 

Лицензиянын кайтарылып алынышы МКА жана МККнын ишин токтотпойт. 

21. МКА жана МККлардын эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгү төмөнкү учурларда кайтарылып алынат: 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары системалуу түрдө (эки же андан көп жолу) бузууга жол берилсе; 

- МКА/МКК Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрүн, жазма буйруктарын жана/же башка талаптарын системалуу түрдө (эки же андан көп жолу) сактабаган учурда; 

- маалымат системалуу түрдө (эки же андан көп жолу) сунушталбаса же толук эмес маалымат сунушталса; 

-  ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык микрокредиттерди берүү жана/же операцияларды жүзөгө ашыруу иши бир жылдан ашык убакыт боюнча жүргүзүлбөсө

- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамында аныкталган иш максаттар бузууга жол берилсе; 

- монополияны жөнгө салуу мыйзам талаптары бузууга жол берилсе; 

-  Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамында белгиленген керектөөчүлөрдүн укуктары бузууга жол берилсе; 

- алгылыксыз банктык тажрыйба катары мүнөздөлгөн ишке тартылган учурда (1-тиркеме); 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка учурларда. 

Эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү кайтарып алуу чечими башка таасир этүү чараларысыз кабыл алынышы мүмкүн. 

МКА жана МККлардын эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүн кайтарып алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын жоюлушуна алып келет. 

 

4-ГЛАВА.  

МФКга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары  

 

22. МФКга убактылуу администрацияны киргизүү жана лицензияны кайтарып алуу чечимин кабыл алуу милдети Улуттук банк Башкармасынын компетенциясына кирет. 

23. Көзөмөл боюнча комитеттин компетенциясына төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдонуу боюнча чечимдерди кабыл алуу милдети кирет: 

- бузууларды четтетүү же ишти жөнгө салуу же белгилүү бир иш-аракеттерди аткаруу жөнүндө жазма буйруктар; 

- МФКга жана алардын кызмат адамдарына карата айыптык төлөм белгилөө

- финансылык абалын чыңдоо, реструктуризациялоо жана/же кайра уюштуруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү/кайталап (атайын) тышкы аудит жүргүзүү/административдик чыгымдарды кыскартуу/уюштуруучулук түзүмүн өзгөртүү/саясаттарды, жоболорду, жол-жоболорду жана башка ички ченемдик документтерди өзгөртүү жөнүндө талаптар; 

- экономикалык ченемдерди жана талаптарды жогорулатуу; 

- операциялардын айрым бир түрлөрүн жүзөгө ашырууну же пайданы бөлүштүрүүнү жана/же сый акыларды төлөөнү, анын ичинде дивиденддерди чегерүүнү жана төлөөнү же инвестициялоону жана кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар менен бүтүмдөргө жана башка бүтүмдөргө келишүүгө же болбосо туунду компанияларды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүүнү токтотуу, чектөө же тыюу салуу; 

- кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, башкаруу органдарын алмаштыруу;  

-  лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу. 

24. Түзүмдүк бөлүмдүн начальниги МФКга карата жазма буйрук колдонуу чечимин кабыл алууга укуктуу. 

25. Бузууларды четтетүү же ишти шайкеш келтирүү же белгилүү бир иш-аракеттерди аткаруу жөнүндө жазма буйруктар төмөнкү учурларда МФКнын аткаруу органына жөнөтүлөт: 

- финансылык отчет, мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет, тышкы аудитордун корутундусу жана ага карата тиркемелер Улуттук банк тарабынан белгиленген мөнөттө сунушталбаса; 

- такталбаган, толук эмес маалыматтар сунушталса; 

- бухгалтердик эсепке алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбесе; 

- башка мыйзам талаптары бузууга жол берилсе. 

26. Депозиттерди тартуу менен иш лып барган МФКнын ишин турукташтыруу жана анын финансылык абалынын начарлап кетишине алып келген себептерди четтетүү максатында, төмөнкүдөй талаптар коюлушу мүмкүн: 

а) финансылык абалын чыңдоо, реструктуризациялоо жана/же кайра уюштуруу боюнча иш-чараларды өткөрүү

б) МФКга кайталап/атайы тышкы аудитти жүргүзүү

в) административдик чыгашаларды кыскартуу; 

г) МФКнын уюштуруу түзүмүн өзгөртүү

д) МФКнын саясаттарын, жоболорун, жол-жоболорун жана башка ички ченемдик документтерин өзгөртүү тууралуу. 

27. Кыйла жогорулатылган экономикалык ченемдерди белгилөө

МФКнын иши начарлагандыгы байкалса, бирок ошол эле учурда МФК Улуттук банктын минималдык экономикалык ченемдерин жана талаптарын аткарып жаткан болсо, Көзөмөл боюнча комитет МФКга карата кыйла жогорулатылган экономикалык ченемдерди белгилеши мүмкүн. 

Көзөмөл боюнча комитет төмөнкүлөргө укуктуу: 

- эгерде МФКда кредиттерди берүү боюнча ички саясат жок болсо же ал сакталбаса, анын кесепетинен кредиттердин кайтарылбай калышы учурунда бир карыз алуучуга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин төмөндөтүү;  

- орун алган тобокелдиктерди басаңдатуу зарылчылыгы учурунда, капиталдын шайкештик ченеминин өлчөмүн жогорулатууга. 

28. МФКга карата айыптык төлөм белгилөө

МФКга айыптык төлөм Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, банк мыйзамдарын бузгандыгы, Улуттук банктын милдеттүү жазма буйруктарын аткарбагандыгы же отчетторду системалуу түрдө сунуштабагандыгы же болбосо анык эмес маалымат, отчет сунушталгандыгы үчүн Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими менен активдердин баланстык наркынын 10 (он) пайызынан ашпаган өлчөмдө белгиленет. 

Айыптык төлөм белгилөө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик актыларынын талаптарын бузууга жол берүү фактылары үчүн Улуттук банк тарабынан башка таасир этүү чаралары колдонулбайт дегенди түшүндүрбөйт. 

Айыптык төлөм чечим кабыл алынгандан кийинки бир айдан кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.  

МФК тарабынан айыптык төлөм төлөнбөгөн учурда, Улуттук банк МКК жана МКАга карата айыптык төлөмдү мажбурлоо менен өндүрүү чараларын, ошондой эле мыйзамдарда каралган башка таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

29. МФКнын кызмат адамдарына карата айыптык төлөм белгилөө

Айыптык төлөм Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, банк мыйзамдарын бузгандыгы, Улуттук банктын милдеттүү жазма буйруктарын аткарбагандыгы же отчетторду системалуу түрдө сунуштабагандыгы же болбосо анык эмес маалымат, отчет сунушталгандыгы үчүн Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими менен төлөөлөрдүн бардык түрлөрүн (эмгек акы, сый акыларды, бонустарды жана башкаларды) кошо алганда, орточо жылдык сый акыдан ашпаган өлчөмдө белгиленет.  

МФКнын кызмат адамдары айыптык төлөмдү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө төлөөгө милдеттүү

МФКнын кызмат адамдары айыптык төлөмдү төлөбөгөн учурда, Улуттук банк аларга карата айыптык төлөмдү мажбурлоо менен өндүрүү чараларын колдонууга укуктуу. 

30. МФКнын кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, башкаруу органдарын алмаштыруу жөнүндө чечим. 

Улуттук банк төмөнкү учурларда МФКнын кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, башкаруу органдарын алмаштыруу чечимин кабыл алууга укуктуу: 

- мыйзам бузууларга жол берсе же алгылыксыз банктык тажрыйба катары мүнөздөлгөн ишке тартылса (1-тиркеме); 

- Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп бербесе; 

- маалыматтар берилбесе же такталбаган, толук эмес маалыматтар берилсе; 

- аманатчылар каражаттарынан ажырашына жана МФКнын финансылык туруктуулугуна тобокелдиктерди шарттаган иш-аракеттерге жол берилсе; 

- Улуттук банктын талаптарын жана жазма буйруктарын аткарбай койсо; 

- банктык мыйзамдарда жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган башка учурларда. 

Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети МФКнын кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу же болбосо башкаруу органдарын алмаштыруу жана/же аталган жактын МФКнын ишине мындан ары кандайдыр бир катышуусуна тыюу салуу жөнүндө кат жүзүндө жазма буйрук чыгарат. 

31. Чектөө же тыюу салуу.  

МФКнын ишинде төмөнкүлөргө байланыштуу бузуулар аныкталган учурда Көзөмөл боюнча комитети операциялардын айрым бир түрлөрүн жүзөгө ашырууну же пайданы бөлүштүрүүнү жана/же сый акыларды төлөөнү, анын ичинде дивиденддерди чегерүүнү жана төлөөнү же инвестициялоону жана кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар менен бүтүмдөргө жана башка бүтүмдөргө келишүүгө же болбосо туунду компанияларды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүүнү токтотуу, чектөө же тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, Улуттук банктын ченемдик актыларын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берсе; 

- МФК Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрүн, жазма буйруктарын, талаптарын жана/же башка таасир этүү чараларын сактабаса; 

- Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди бузууга жол берсе; 

- МФК төлөө жөндөмдүүлүгүнөн ажырашы мүмкүн болсо же төлөөгө жөндөмсүз абалда калса; 

- маалымат сунушталбаса же такталбаган, толук эмес маалымат сунушталса. 

Операциялардын айрым бир түрлөрүн жүзөгө ашырууну же пайданы бөлүштүрүүнү жана/же сый акыларды төлөөнү, анын ичинде дивиденддерди чегерүүнү жана төлөөнү же инвестициялоону жана кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар менен бүтүмдөргө жана башка бүтүмдөргө келишүүгө же болбосо туунду компанияларды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүүнү токтотуу, чектөө же тыюу салуу чечиминде ошол себептерден улам чечим кабыл алынган бузууга жол берилген айкын фактылар чагылдырылууга тийиш. Операцияларды токтотууда, чектөөдө же тыюу салууда, чечимде, бирок булар менен гана чектелбестен, төмөнкүдөй чаралар камтылууга тийиш:  

- МФКнын мүлкүн жана/же акча каражаттарын тескөө

- пайданы бөлүштүрүү жана/же сый акыларды төлөө

- инвестициялоо жана кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар менен бүтүмдөргө жана башка бүтүмдөргө келишүү

- операциялардын айрым түрлөрүн ишке ашыруу; 

- МФКнын туунду компанияларын, филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүн түзүү

32. Аманаттарды тартуу укугуна ээ МФКга убактылуу администрацияны киргизүү.  

Убактылуу администрацияны киргизүү чечими Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат. 

Улуттук банк кайсыл болбосун төмөнкү негиздер орун алган шартта МФКга убактылуу администрация киргизүүгө милдеттүү:  

1) МФКнын өздүк капитал өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген өздүк (регулятивдик) капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 75 (жетимиш беш) пайызынан азды түзсө

2) капиталдын шайкештик коэффициенттеринин кайсынысы болбосун Улуттук банк тарабынан белгиленген коэффициент маанисинин 50 (элүү) пайызынан азды түзсө

3) төлөм мөөнөтү келип жеткенден кийинки беш жумуш күнү ичинде МФК кредитордун карыздык милдеттенмелерин канааттандырууга жөндөмсүз болсо. 

Улуттук банк МФКга кайсыл болбосун төмөнкү негиздер орун алган шартта убактылуу администрацияны киргизүүгө укуктуу:  

1) МФК капиталга карата талаптарды бузса жана/же Улуттук банктын баа берүүсү боюнча банктын финансылык абалы олуттуу начарлашы мүмкүндүгү белгиленсе;  

2) ушул мыйзамга ылайык лицензияны кайтарып алуу үчүн кандай болбосун негиздер болсо;  

3) МФКнын башкаруу органдары ортосунда иштин үзгүлтүккө учурашына алып келиши мүмкүн болгон пикир келишпестиктер орун алса жана/же анын ичинде банкка өз ыктыярдыгы менен жоюлууга уруксат бербөөнү эске алганда, банктын башкаруу органдары же кызмат адамдары өз милдеттерин аткара албагандыктан банкты башкаруу мүмкүн эмес болсо.  

Убактылуу администрация режими “Убактылуу администрация жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

33. Лицензияны кайтарып алуу. 

МФКнын лицензиясын кайтарып алуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамында каралган негиздер боюнча жүзөгө ашырылат.  

МФКнын лицензиясын кайтарып алуу чечими Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат. 

Улуттук банк Башкармасынын лицензияны кайтарып алуу жөнүндө токтому башка таасир этүү чараларын колдонуусуз кабыл алынышы мүмкүн.  

МФКнын лицензиясын кайтарып алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны жоюуга алып келет. 

 

5-ГЛАВА. 

МКА/МКК/МФКнын Улуттук банктын таасир этүү чараларын колдонуу чечимине карата сотко чейин даттануу тартиби 

 

 

34. Улуттук банктын МКА/МКК/МФКга карата таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечимине карата даттануу менен «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык кайрылууга болот. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы тарабынан 

микрофинансылык уюмдарга 

карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого карата 

1-тиркеме 

  

МФУлардын, анын акционерлеринин/уюштуруучуларынын, кызмат адамдарынын аракеттенүүсү (аракеттенбей коюусу) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага кириши мүмкүн болгон аракеттердин белгилери: 

 

1. Активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга шайкеш болбогон камды (резервди) түзүү

2. Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык эсепке алууну жүргүзүүгө жөндөмсүздүк. 

3. Шектүү операциялардын жана/же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер боюнча мыйзамдарды бузуу критерийлерине туура келген операцияларды жүзөгө ашыруу. 

4. Ишти ички контролдуктун талапка жооп бербеген деңгээлинде жүзөгө ашыруу. 

5. Мыйзам талаптарына ылайык шайкеш ички аудиттин жоктугу. 

6. Улуттук банктын талаптарын бузуу менен аффилирленген жана алар менен байланыштуу жактар менен операцияларды ишке ашыруу. 

7. МФУда квалификациялуу жана тажрыйбалуу кызматкерлердин жоктугуна карабастан ал белгилүү бир иштерди жүзөгө ашырса. 

8. Тиешелүү саясаттарды жана/же жол-жоболорду иштеп чыгуусуз же алар иш көлөмүнө жана тобокелдик деңгээлине туура келбегендигине карабастан ишкердикти жүргүзүүсү

9. МФУ же кайсы бир башка финансы-кредит уюму алдында өз милдеттенмелерин аткарбагандыгына карабастан, карыз алуучуларга кредит берсе же болбосо финансылык абалы туруксуз жана төлөө мөөнөтүн бир нече жолу узарткан карыз алуучуларга кредиттер берилсе. 

10. Улуттук банкка отчеттор өз учурунда берилбесе жана алар толук эмес болсо жана такталбаган отчеттор берилсе. 

11. Башкаруу органынын жана кызмат адамдарынын алгылыксыз, кооптуу банктык тажрыйбаны жана мыйзам бузууларды четтетүү максатында шайкеш жетекчиликти камсыз кылууга жөндөмсүздүгү

12. Алдамчылыкка баруу, ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу же ушундай эле башка алгылыксыз аракеттерге жол берүү

13. МФУ карыз алуучу-жеке адамдын кирешеси кредиттин ордун жабуу үчүн жетишсиз болгон шартта да ага микрокредит берүүсү