Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 

2014-жылдын 26-декабрындагы 

№ 46/1 токтомуна карата 

2-тиркеме 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту толтуруусу боюнча  

УСУЛДУК КӨРСӨТМӨЛӨР 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1, 05.10.2017-ж. № 37/3, 08.02.2018-ж. №06/2, 02.07.2018-ж. №30/5 токтомдору менен бекитилген) 

I. Жалпы жоболор 

1. Бул усулдук көрсөтмөдө төмөнкү бөлүктөр боюнча "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобого карата тиркемелердин төмөнкү бөлүктөрүн толтуруу тартибине түшүндүрмө берилет: 

1) титулдук барак; 

2) МКК/МКАнын Директорлор кеңешинин, Башкармасынын жана Шариат кеңешинин мүчөлөрү жана МКК/МКАнын негизги уюштуруучулары (акционерлери) жөнүндө маалыматтар; 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

3) айрым кызмат адамдары тууралуу маалымат; 

4) базалык маалымат; 

5) "Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет" деп аталган 1-бөлүк; 

6) "Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет" деп аталган 2-бөлүк; 

7) "Активдер жөнүндө маалымат" деп аталган 3-бөлүк; 

8) "Өзүнө-өзү баа берүү боюнча отчет" деп аталган 4-бөлүк; 

9) "Чет өлкө активдери жана милдеттенмелери боюнча отчет" деп аталган 5-бөлүк; 

10) "Чечмелөө" деп аталган 6-бөлүк; 

11) "МККнын экономикалык ченемдерин сактоо жөнүндө маалыматтар" деп аталган 7 бөлүк. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

2. Көзөмөл боюнча комитеттин 2017-жылдын 5-октябрындагы №37/3 токтомуна ылайык күчүн жоготкон. 

3. Усулдук көрсөтмөдө камтылбаган бөлүктөр Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык толтурулат. 

II. Титулдук барак 

4. Титулдук баракта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

1) катталган күнү жана чыгыш номери; 

2) отчет даярдалган күн болуп отчеттук мезгилдин акыркы күнү саналат жана отчет ушул күндүн акырына карата даярдалат; 

3) отчет даярдалып бүткөн күн; 

4) мезгил аралыгы - "ар айлык", "чейректик", "жылдык" же "корректировкалоо". Эгерде, техникалык мүнөздөгү каталар орун алса, корректировкаланган отчетту сунуштоого жол берилет. Бул учурда өзгөртүүлөр киргизилген отчеттун формалары гана сунушталып, киргизилген өзгөртүүлөр боелуп (маркер менен) көрсөтүлөт; 

5) отчеттун туура даярдалышы тастыкталган - төмөнкү саптардын бири же экөөсү көрсөтүлөт: 

а) ички текшерүү - эгерде текшерүү ички аудит же ревизор тарабынан жүргүзүлгөн болсо; 

б) корутундусуз ички аудит - аудит жүргүзүлүп жана анын жыйынтыгы боюнча банк операциялары жана бухгалтердик эсепке алуу туура жүргүзүлгөндүгү жөнүндө аудитордук корутунду берилбесе; 

в) корутунду берүү менен ишке ашырылган ички аудит - аудит жүргүзүлүп жана анын жыйынтыгы боюнча банк операцияларынын жана бухгалтердик эсепке алуунун туура жүргүзүлгөндүгү жөнүндө аудитордук корутунду берилсе; 

6) отчет берүүчү уюмдун басма тамгалар менен көрсөтүлгөн аталышы; 

7) аткаруу органынын жетекчисинин, башкы бухгалтердин күбөлөндүрүүчү кол тамгасы; 

8) отчеттун түзүлүшү, сунушталышы үчүн жооп берген кызматкеринин кызмат ордун, аты-жөнүн жана телефон номерин көрсөтүү менен анын кол тамгасы. 

 

III. МКК/МКАНЫН ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН, БАШКАРМАСЫНЫН, ШАРИАТ КЕҢЕШИНИН МҮЧӨЛӨРҮ ЖАНА НЕГИЗГИ УЮШТУРУУЧУЛАР (АКЦИОНЕРЛЕР) ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАР 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

5. Бул бөлүк башкаруу органынын (же ага теңештирилген орган) болушунда гана төмөнкү формада толтурулат: 

1) Директорлор кеңеши; 

2) Башкарма. 

6. Директорлор кеңешинин (же ага теңештирилген органдын), Башкарманын (же ага теңештирилген органдын), Шариат кеңешинин мүчөлөрү, ошондой эле негизги уюштуруучулар (акционерлер) тууралуу маалыматтар төмөнкү маалыматты камтууга тийиш: 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

1) аты-жөнү

2) иштеген жери (Башкарманын мүчөлөрү үчүн талап кылынбайт); 

3) кызмат орду; 

4) иштеген жеринин телефон номери (номердин кодун кошо көрсөтүү менен); 

5) кол тамга үлгүсү (негизги уюштуруучулар (акционерлер) үчүн көрсөтүлбөйт). 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

IV. Айрым кызмат адамдар тууралуу маалыматтар 

7. Айрым кызмат адамдары тууралуу маалыматтар төмөнкү кызмат адамдарынын (же аларга теңештирилген адамдардын) тизмесин камтууга тийиш: 

1) башкы бухгалтер; 

2) каржылоо боюнча иш чөйрөсүнө жооп берген кызмат адамы; 

3) Ички аудит кызматынын/бөлүмүнүн жетекчиси. 

8. Ар бир кызмат адам боюнча төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш: 

1) аты-жөнү

2) кызмат орду; 

3) иштеген жеринин телефон номери; 

4) кол тамга үлгүсү

V. Базалык маалымат 

9. Микрокредиттик компаниялар жана микрокредиттик агенттиктер (мындан ары МКК жана МКА) жөнүндө базалык маалыматтарда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

1) отчет берүүчү уюмдун толук аталышы - МКК жана МКА толук расмий аталышы; 

2) дареги: 

а) шаар - МКК жана МКА башкы кеңсеси жайгашкан шаардын же калктуу пункттун аталышы; 

б) көчө, имараттын номери - көчөнүн аталышы жана МКК жана МКА башкы кеңсенин имаратынын (кабат, кабинет ж.б.) номери; 

в) почта индекси - почта бөлүмүнүн индекси; 

3) "расмий жарыяланган байланыш түйүнү": 

а) телефон - МКК жана МКА телефонунун номери, байланыш телефонунун номери; 

б) факс - МКК жана МКА факсынын номери (факс бар болгон учурда көрсөтүлөт); 

в) электрондук дареги - МКК жана МКА расмий электрондук дареги (электрондук дареги бар болгон учурда көрсөтүлөт); 

4) Интернеттеги МКК жана МКА веб-сайты - Интернеттеги МКК жана МКА веб-сайты (веб-сайт бар болгон учурда көрсөтүлөт); 

5) МКК жана МКА персоналы - МКК жана МКА кызматкерлеринин расмий катталган саны. 

VI. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун бөлүктөрү 

1. "Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет" деп аталган 1-бөлүк 

10. Финансылык абал жөнүндө отчетто регулятивдик отчеттун көз карашынан алганда, эң эле олуттуу беренелер өзүнчө көрсөтүлөт. 

Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет үч тилкеден турат: 

1) отчет беренелеринин аталышы; 

2) бардыгы болуп - беренелердин сом түрүндөгү маанилери; 

3) чет өлкө валютасы - Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча чет өлкө валютасындагы баланстык беренелеринин сомдук эквиваленти. 

4) бардык суммалар миң сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш; 

5) Финансылык абал жөнүндө отчеттун беренелеринин суммалары (каржылоодон тышкары) потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камдан (мындан ары - РППУ) амортизациялык чегерүүлөрдүн жана дисконттун/сый акынын тиешелүү суммаларын эсептеп алып салуу менен көрсөтүлөт. 

1 §. "Активдер" деп аталган А бөлүкчөсү 

11. "Акча каражаттары" деп аталган 1-беренеде жүгүртүү кассасындагы банкнотторду жана монеталарды кошо алганда, сом жана башка валюталар түрүндө акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт. 

"Эсептешүү эсептер" деп аталган 2-беренеде банктардагы же башка финансы насыялык уюмдардагы (мындан ары ФНУ) эсептешүү эсептериндеги, анын ичинде чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт. 

"Башка банктардын жана финансы насыялык уюмдардын эсептериндеги акча каражаттар" деп аталган 3-беренеде башка банктардын жана башка финансы насыялык уюмдардын эсептериндеги, анын ичинде чет өлкө валютасындагы акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт. 

"Баалуу кагаздар" деп аталган 4-беренеде МКК жана МКА тиешелүү болгон, шариат стандарттарына жооп берген баалуу кагаздардын: соодалык баалуу кагаздар портфели, сатуу үчүн жарактуу жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар. 

"Финансы-насыялык уюмдарга сунушталган каржылоо" деп аталган 5-беренеде финансы-насыялык уюмдарга сунушталган каржылоонун негизги суммасынын отчеттук күнгө карата төлөнбөгөн калдыгы көрсөтүлөт. 

"Кардарларга сунушталган каржылоо" деп аталган 6-беренеде отчеттук күнгө карата финансы-насыялык уюмдарга сунушталган каржылоодон тышкары, кардарларга сунушталган каржылоонун негизги суммасынын төлөнбөгөн калдыгы көрсөтүлөт. 

Финансы-насыялык уюмдарга жана кардарларга сунушталган каржылоонун суммасы "Активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо" деген 3А таблицасындагы финансы-насыялык уюмдарга берилген каржылоонун суммасына жана "Активдер тууралуу маалымат" деп аталган 3-бөлүкчөсүнүн "Каржылоо ыкмалары" 3Б таблицасында, "Тармактар жана региондор боюнча каржылоо боюнча портфелди бөлүп көрсөтүү" 3В таблицасында чагылдырылган каржылоонун суммасына барабар болууга тийиш. 

Минус менен: РППУ деп аталган 7-беренеде финансы-насыялык уюмдарга жана башка кардарларга сунушталган каржылоо боюнча атайын РППУнун суммасы көрсөтүлөт. 

Ушул берене боюнча атайын РППУнун суммасы "Активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо" деген 3А таблицасындагы атайын РППУнун суммасына барабар болууга тийиш. 

"Бардыгы болуп каржылоо" деп аталган 8-беренеде каржылоо боюнча атайын РППУнун эсебинен алып салуу менен каржылоонун суммасы көрсөтүлөт (7-беренени алып салуу менен 5- жана 6-беренелердин суммасы). 

"Инвестициялар" деп аталган 9-беренеде бул отчетто консолидацияланбаган компаниялардын капиталдык инвестицияларынын суммасы көрсөтүлөт. 

"Кардарларга андан ары өткөрүп берүү үчүн активдер/шаймандар" деп аталган 10-беренеде МКК жана МКА тарабынан кардарларга андан ары өткөрүп берүү үчүн сатылып алынган, анын ичинде мурабаха жана иджара/иджара мунтахия биттамлик келишимдери боюнча сатылып алынган имараттардын, курулмалардын, эмеректердин, жабдуулардын жана башка активдердин/шаймандардын наркы көрсөтүлөт. Маалыматтар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат. 

"Негизги каражаттар" деп аталган 11-беренеде МКК жана МКА ээлигинде же пайдалануусунда турган жерлердин жана/же жер үлүшүнүн, имараттардын жана башка курулмалардын, транспорттук каражаттарды кошо алганда, эмеректердин, жабдуулардын наркы, ошоңдой эле курулушка же капиталдык ремонтко байланыштуу келип чыккан материалдардын, иштердин жана капиталдаштырылган чыгашалардын наркы көрсөтүлөт. Негизги каражаттар төмөнкү топтор боюнча чагылдырылууга тийиш: а) жер жана имараттар; б) жана башка негизги каражаттар. 

"Башка менчик, бардыгы болуп" деп аталган 12-беренеде төмөнкү кичи беренелердин суммасы көрсөтүлөт: 

а) "алынган каржылоонун ордун жабууга кабыл алынган кардардын кыймылсыз мүлкү" тиешелүү РППУну алып салуу менен активдин ордун жабууга МКК жана МКА тарабынан кабыл алынган кардардын кыймылсыз мүлкү (мурдагы күрөө мүлкү) көрсөтүлөт; 

б) "сунушталган каржылоонун ордун жабууга кабыл алынган кардардын башка менчиги" тиешелүү РППУну алып салуу менен активдин ордун жабуу үчүн МКК жана МКА тарабынан кабыл алынган кардардын башка менчиги (кыймылсыз мүлктөн башка) көрсөтүлөт. 

"Башка активдер" деп аталган 13-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн активдердин баланстык наркы көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп, активдер" деп аталган 14-беренеде 1, 2, 3, 4, 8, 9, 10, 11, 12, 13-беренелеринин суммалары көрсөтүлөт. 

2 §. "Милдеттенмелер жана капитал" деп аталган Б бөлүкчөсү 

12. «Кыргыз Республикасынын банктарынан алынган каржылоо» деген 1-статьяда ММК жана МКАнын коммерциялык банктардан алган каржылоосу көрсөтүлөт.   

«Кыргыз Республикасынын башка финансы-насыялык уюмдардан алган каржылоо» деген 2-статьяда ММК жана МКАнын коммерциялык банктарды кошпогондо, финансы-насыялык уюмдардан алган каржылоосу көрсөтүлөт.  

«Эл аралык финансылык уюмдардан жана донорлордон алган каржылоо» деген 3-статьяда ММК жана МКАнын эл аралык финансылык уюмдардан жана донорлордон (каржылоонун башка булактары) алган каржылоосу көрсөтүлөт.   

«Эл аралык финансы-насыялык уюмдардан алынган каржылоо» деген 4-статьяда ММК жана МКАнын эл аралык финансы- насыялык уюмдардан алган каржылоосу көрсөтүлөт. 

«Мамлекеттик бийлик органдары алдындагы милдеттенмелер» деген 5-статьяда мамлекеттик бийлик органдарынан алынган каражаттар көрсөтүлөт. 

«Субординацияланган карыздык милдеттенмелер» деген 6-статьяда узак мөөнөттүү милдеттенмелер көрсөтүлөт, аларга ээлик кылуучулар башка кредиторлордун талаптарын канааттандыргандан кийин активдерге укукка ээ болушат. Бул статья гранттарды да чагылдырат, мында грант МКК жана МКА тарабынан белгилүү бир мезгилде жана белгилүү бир шарттарда алынууга тийиш.  

«МККнын юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттары» деген 7-статьяда жеке адамдардын жана юридикалык жактардын юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карыз алууларынын суммасы көрсөтүлөт.  

а) «МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алган каражаттары» - уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алган каражаттар көрсөтүлөт. 

б) «МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алган каражаттары» - уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алган каражаттар көрсөтүлөт. 

«Жана башка» деген 8-статьяда мурдагы статьяларда көрсөтүлбөгөн, башка милдеттенмелер чагылдырылат.  

«Бардыгы болуп» милдеттенмелер деген 9-статьяда 1-8-статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

Эскертүү: «Чечмелөөлөр» деген 6-бөлүктө алынган каржылоонун булактары, милдеттенмелер, гранттар жана башка милдеттенмелер тууралу маалымат кеңири берилүүгө тийиш.  

«Артыкчылык берилген акциялар» деген 11-статьяда МКК жана МКАнын артыкчылык берилген акциялары (акционедик коомдор үчүн) көрсөтүлөт.  

«Номиналга үстөк салынган капитал» деген 12-статьяда акционерлер жана уюштуруучулар тарабынан МКК жана МКА акцияларынын номиналына үстөк салынган каражаттардын суммасы көрсөтүлөт, ал жөнөкөй жана артыкчылык берилген акцияларды сатуу баасы менен алардын номиналдык наркынын ортосундагы айырманы түшүндүрөт.  

«Жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган, кошумча капитал» деген 13-статьяда жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан уставдык капиталга үстөк төлөнгөн же уставдык капиталдын өзгөргөндүгүнө байланыштуу кайра каттоодон өткөнгө чейин эске алына турган кошумча капитал катары салынган акча каражаттары көрсөтүлөт. Бул каражаттар МККда жана МКАда жеке адамдар жана юридикалык жактардын МКК, МКАнын акцияларын/уставдык капиталдагы үлүшүн сатып алуу эсебине каражаттардын салынгандыгы тууралуу алар менен төмөнкү шарттарда түзүлгөн келишим болгондо гана чегерилет.  

- кайтарып алынгыс (кандай жагдай болбосун); 

- салынган каражаттарын мөөнөтсүздүгү

- МКК жана МКА банкрот болгон учурда бул каражаттар боюнча талаптар МКК жана МКАнын акционерлери сыяктуу эле кезекте канааттандырылат.  

Кийинчерээк жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан кошумча салынган каражаттар МКК жана МКАнын уставдык капиталына (жөнөкөй же артыкчылык берилген акциялар) багытталууга тийиш.  

«Бөлүштүрүлбөгөн пайда (чыгым)» деген 14-статьяда МКК жана МКАнын таза бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын же чыгымдарынын суммасы көрсөтүлөт. Бул статья төмөнкү чакан статьялардын суммасын камтыйт: 

а) «Өткөн жылдардын пайдасы (чыгымы)» чакан статьясында өткөн жылдардын пайдасы же чыгымы көрсөтүлөт, алар МККда жана МКАда келечектеги керектөөлөр үчүн камга чегерүүлөрдөн жана пайда уюштуруучуларга (акционерлерге) тиешелүү түрдө төлөнүп берилгенден кийин калган.  

б) «өтүп жаткан жылдын пайдасы (чыгымы)» МКК жана МКА өтүп жаткан жылы алган пайда (тарткан чыгым) көрсөтүлөт.  

Бул статьяда келтирилген сумма « Чогуу алгандагы киреше жөнүндө» отчет деген 2-бөлүктүн «Таза пайда (чыгым)» деген 27-статьясынын суммасына барабар болууга тийиш.  

«Келечектеги керектөөлөргө камдар» деген 15-статьяда МКА жана МКАдагы келечектеги окуялар үчүн пайданы бөлүштүрүүнүн эсебинен түзүлгөн камдардын суммасы көрсөтүлөт.  

«Кайра баалоо боюнча кам» деген 16-статьяда активдерди кайра баалоонун жана чет өлкө валютасын кайра баалоодон ишке ашпаган курстук айырманын эсебинен түзүлгөн камдардын суммасы көрсөтүлөт.  

«Каржылоо боюнча жалпы РППУ» деген 17-статьяда каржылоо боюнча жалпы РППУнун суммасы берилет.  

Жалпы РППУ суммасы «Каржылоо боюнча портфель жөнүндө маалымат» деген 3-бөлүктүн «Активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо» деген 3А таблицасында көрсөтүлгөн РППУнун жалпы суммасына барабар болууга тийиш.  

«Жыйынтыгында капитал» деген 18-статьяда 9 дан 17ге чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

«Бардыгы болуп: милдеттенмелер жана капитал» деген статьяда 8 жана 18-статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

3 §. "Баланстан тышкаркы милдеттенмелер" деп аталган В бөлүкчөсү 

13. «Каржылоону сунуштоого милдеттенмелер» деген 1-статьяда каржылоону сунуштоо боюнча милдеттенмелер чагылдырылат.   

«Валюталык операциялар» деген 2-статьяда МКК жана МКАнын валюталык операциялар боюнча милдеттенмелери чагылдырылат.  

«Активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер» деген 3-статьяда МКК жана МКАнын келечекте активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелери чагылдырылат.  

«Жана башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер» деген 4-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн, бардык башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер чагылдырылат. 

«Бардыгы болуп баланстан тышкаркы милдеттенмелер» деген 5-статьяда 1ден 4кө чейинки статьялардын суммасы берилет.» 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

 

4 §. "Башка активдерди жана башка милдеттенмелерди чечмелөө" деп аталган Г бөлүкчөсү 

14. "Башка активдер" деп аталган 1-беренеде МКК жана МКА активдерин төмөнкү кичи беренелер боюнча чечмелөөлөр чагылдырылат: 

а) "алууга чегерилген кирешеде" МКК жана МКА алууга чегерилген кирешесинин суммасы көрсөтүлөт; 

б) "алдын ала төлөөлөрдө келишимдер шарттарына ылайык башка тараптарга МКК жана МКА тарабынан төлөнгөн төлөмдөрдүн суммасы көрсөтүлөт; 

в) "такталбаган дебитордук суммаларда" акча каражаттарынын териштирилгенге чейинки суммасы көрсөтүлөт; 

г) "башка активдерде" МКК жана МКА жогоруда көрсөтүлбөгөн башка активдеринин суммасы көрсөтүлөт. 

"Башка активдерге атайы РППУ" деп аталган 2-беренеде МКК жана МКА жогоруда көрсөтүлгөн башка активдерине атайы РППУнун суммасы чагылдырылат. 

"Таза башка активдер" деп аталган 3-беренеде башка активдердин таза наркы көрсөтүлөт (1 жана 2-беренелердин айырмасы). 

"Башка милдеттенмелер" деп аталган 4-беренеде милдеттенмелердин төмөнкү чечмелөөлөрү чагылдырылат: 

а) "кардарларга төлөөгө чегерилген кирешеде" МКК жана МКА операциялар боюнча төлөөгө чегерилген кирешенин суммасы көрсөтүлөт; 

б) "мурабаха жана салам операциялары боюнча кийинкиге калтырылган кирешеде (үстөк)" мурабаха жана салам операциялары боюнча кийинкиге калтырылган кирешелер чагылдырылат; 

в) "төлөөгө каралган салыктарда" бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлөт; 

г) "такталбаган кредитордук карызда" акча каражаттарынын териштирилгенге чейинки суммасы көрсөтүлөт; 

д) "төлөөгө каралган дивиденддерде" акционерлерге төлөнүп берилүүгө тийиш болгон акча каражаттарынын суммасы көрсөтүлөт; 

е) "башка милдеттенмелер" баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча РППУну кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн башка милдеттенмелер чагылдырылат. 

Бул берене "Милдеттенмелер жана капитал" деп аталган Б бөлүкчөсүнүн 9-беренесине барабар болууга тийиш. 

2. "Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет" деп аталган 2-бөлүк 

15. Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет үч тилкеден турат: 

1) "берененин аталышы" тилкесинде МКК жана МКА тарабынан алынган кирешелер боюнча беренелер көрсөтүлөт; 

2) "өтүп жаткан мезгил" тилкесинде отчеттук мезгил үчүн улам өсүүчү жыйынтыгы менен беренелердин мааниси көрсөтүлөт; 

3) "өткөн мезгил" тилкесинде өткөн жылдын тиешелүү мезгил үчүн беренелердин мааниси көрсөтүлөт. 

Эгерде "өтүп жаткан мезгил" тилкесинде отчет отчеттук жылдын 31-декабрына карата абал боюнча сунушталса, анда "өткөн мезгил" тилкесинде өткөн отчеттук жылдын 31-декабрына карата абал боюнча маалымат сунушталууга тийиш. Эгерде отчеттук жылдын 30-июнуна карата абал боюнча жарым жылдык отчет сунушталса, анда өткөн мезгил катары өткөн жылдын 30-июнуна карата абал боюнча отчет көрсөтүлөт. 

Бул отчеттогу суммалар оң же терс болушу мүмкүн. Терс сумма башкача айтканда жыл ичинде таза чыгымдын же чыгашалардын суммасы кашаа ичинде көрсөтүлүүгө тийиш. 

Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүшү зарыл. 

1 §. "Операциялар боюнча алынган кирешелер" деп аталган бөлүкчө 

16. "Коммерциялык банктардын эсептеринде жайгаштырылган акча каражаттары боюнча кирешелер" деп аталган 1-беренеде банктардагы же башка финансы-насыялык уюмдардагы эсептеринде жайгаштырылган акча каражаттардан МКК жана МКА алган кирешеси көрсөтүлөт. 

"Финансы-насыялык уюмдарга берилген каржылоо боюнча кирешелер" деп аталган 2-беренеде финансы-насыялык уюмдарга берилген каржылоо боюнча алынган кирешелер көрсөтүлөт. 

"Кардарларга берилген каржылоо боюнча кирешелер" деп аталган 3-беренеде финансы-насыялык уюмдардан тышкары, кардарларга берилген каржылоо боюнча МКК жана МКА тарабынан алынган кирешелер көрсөтүлөт. 

"Операциялар боюнча башка кирешелер" деп аталган 4-беренеде баалуу кагаздар боюнча кирешелерди кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн кирешелер көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп" деп аталган 5-беренеде 1-4 чейинки беренелердин жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

2 §. "Операциялар боюнча келип чыккан чыгашалар" деп аталган бөлүкчө 

17. "Операциялар боюнча келип чыккан чыгашалар" деп аталган 6-беренеде каржылоо жана башка операциялар боюнча алынган МКК жана МКА тарабынан тартылган чыгашалар көрсөтүлөт. 

"Операциялар боюнча алынган таза киреше" деп аталган 7-беренеде 5 жана 6-беренелер ортосундагы айырма көрсөтүлөт. 

"РППУ түзүүгө карата чыгашалар" деп аталган 8-беренеде каржылоо боюнча атайы жана жалпы РППУ боюнча чыгашалар көрсөтүлөт. 

"РППУга чегерүүлөрдөн кийин операциялар боюнча алынган таза киреше" деп аталган 9-беренеде РППУга чегерүүлөрдөн кийин таза кирешенин суммасы 7 жана 8-беренелер ортосундагы айырма катары көрсөтүлөт. 

3 §. "Башка операциялар боюнча кирешелер" деп аталган бөлүкчө 

18. "Комиссиялык жыйымдар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр" деп аталган 10-беренеде комиссиялык жыйымдар жана МКК жана МКА сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр көрсөтүлөт. 

"Инвестициялардан киреше" деп аталган 11-беренеде капиталга жана акцияларга, анын ичинде туунду жана ассоциацияланган компанияларга салымдардан МКК жана МКА тарабынан алынган кирешелер көрсөтүлөт. 

"Курстук айырмадан киреше/чыгым" деп аталган 12-беренеде валюта курсунун өзгөрүүсүнө байланыштуу чет өлкө валютасында иш алып баруунун натыйжасында МКК жана МКА тарабынан алынган кирешелер көрсөтүлөт. 

"Агенттик операциялар боюнча алынган кирешелер" деп аталган 13-беренеде агенттик келишимдердин негизинде чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун натыйжасында МКК жана МКА алган кирешелер көрсөтүлөт. 

"Башка кирешелер" деп аталган 14-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн кирешелер көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп" деп аталган 15-беренеде 10 жана 14-беренелердин суммасы көрсөтүлөт. 

4 §. "Операциялык чыгашалар жана кайрымдуулук иш-чараларына чыгашалар" деп аталган бөлүкчө 

19. "Персоналды күтүүгө кеткен чыгашалар" деп аталган 16-беренеде эмгек актыларды, сый акыларды жана башка ушул сыяктуу төлөөлөрдү МКК жана МКАнын кызматкерлерине (байкоо органына/Директорлор кеңешине/Шариат кеңешине төлөп берүүлөрдү кошо алганда) төлөп берүүгө байланыштуу чыгашалар көрсөтүлөт. 

"Негизги каражаттарга башка чыгашалар" деп аталган 17-беренеде чегерилген амортизацияны жана менчиктен салык боюнча чыгашаларды кошо алганда имаратка, курулмаларга, эмерекке, транспорт каражаттарына, жабдууларга, компьютерлерге, программалык камсыздоого жана материалдык эмес активдерге кеткен төмөнкүдөй чыгашалар көрсөтүлөт. 

"Административдик чыгашалар" деп аталган 18-беренеде канцелярдык товарларга, байланышка, транспортко, иш сапарга, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, өкүлчүлүккө, кызматкерлерди окутууга, унааларды амортизациялоого, унааларга кеткен чыгашалар, ишке тартылган адистердин кызмат көрсөтүүлөрүнө, компьютердик маалыматтарды иштеп чыгууга, жарнама жана маркетингге, жарыялоого жана жазылууларга чыгашалар жана башка административдик чыгашалар көрсөтүлөт. 

"Башка операциялык чыгашалар" деп аталган 19-беренеде жогоруда келтирилбеген күтүүсүз кирешелерди/чыгашаларды кошо алганда, бардык чыгашалар көрсөтүлөт. 

"Салыктар" деп аталган 20-беренеде менчикке жана пайдага салыктан тышкары салыктарды төлөөгө байланыштуу чыгашалар көрсөтүлөт. 

"Такафул" деп аталган 21-беренеде камсыздандырууга (такафул) байланышкан чыгашалар көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп" деп аталган 22-беренеде 16-21-беренелердин суммасы көрсөтүлөт. 

"Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга карата чыгашалар (каржылоо операцияларынан эмес)" деп аталган 23-беренеде каржылоо операцияларынан айырмаланган операциялар боюнча атайы жана жалпы РППУга чыгашалардын суммасы көрсөтүлөт. 

"Салыкка төлөөгө чейинки пайда (чыгымдар)" деп аталган 24-беренеде МКК жана МКА тарабынан алынган таза пайда (чыгымдар) көрсөтүлөт (5 жана 15-беренелердин суммасы менен 6, 8, 22, 23-беренелердин суммасынын айырмасы). 

"Битирге, кайрымдуулукка кеткен чыгашалар" деп аталган 25-беренеде МКК жана МКА битирге, кайрымдуулукка сарптаган чыгашалары көрсөтүлөт. 

"Пайда салыгы" деп аталган 26-беренеде пайда салыгы боюнча чыгашалар көрсөтүлөт. 

"Таза пайда (чыгым)" деп аталган 27-беренеде отчет берген уюмдун таза пайдасы (чыгымы) көрсөтүлөт (24-берене менен 25-26-беренелердин айырмасы). 

3. "Активдер жөнүндө маалымат" деп аталган 3-бөлүк 

20. Бул бөлүк отчеттук күнгө карата каржылоо, портфель боюнча карыздардын калдыгы жөнүндө статистикалык маалыматты камтыйт. 

1 §. "Активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо" деп аталган А бөлүкчөсү 

21. Бул таблица тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоого тийиштүү активдер, ошондой эле РППУнун өлчөмү тууралуу маалыматты камтыйт. 

22. Тиешелүү дисконтту (эгерде андай боло турган болсо) алып салуу менен активдердин бардык түрлөрү үчүн анын наркын көрсөтүү зарыл. 

"Берене" деп аталган 1-тилкеде классификациялоого тиешелүү активдердин түрлөрү көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп" деп аталган 2-тилкеде 3 жана 5-тилкелердин суммасы көрсөтүлөт. 

үндөлүк (мөөнөтү өткөрүлбөгөн) активдер" деп аталган 3-тилкеде негизги сумма жана үстөк баа/киреше боюнча пландык төлөмдөрдүн мөөнөтү өткөрүлбөгөн активдердин негизги суммасы боюнча карыздардын калдыгы көрсөтүлөт. 

"Реструктуризацияланган активдер" 4-тилкесинде реструктуризацияланган активдердин суммасы көрсөтүлөт (мында реструктуризацияланган активдердин суммасы мөөнөтүндө төлөнбөгөн же мөөнөтүндө төлөнгөн активдердин суммасында камтылууга тийиш). 

"Бардыгы болуп мөөнөтү өткөрүлгөн активдер" деп аталган 5-тилкеде пландык төлөмдөр боюнча 1 күнгө жана негизги сумма, үстөк баа/киреше боюнча андан көп күнгө мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген активдердин негизги суммасы боюнча карыздардын калдыктары көрсөтүлөт. 

6, 7, 8, 9, 10 -тилкелерде Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-сентябрындагы № 42/8 токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокаржылоо уюмдарынын активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык "нормалдуудан" "жоготууларга" чейин классификацияланган активдердин негизги суммасы боюнча карыз калдыктары көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп, чегербөө статусундагы активдер" деп аталган 11-тилкеде Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 28-апрелиндеги № 11/2 токтому менен бекитилген Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүү жөнүндө тартибинин талаптарына жана МКК жана МКА ички саясатына ылайык үстөк бааны/кирешени чегерүүнү убактылуу токтотуу боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдердин суммалары көрсөтүлөт. 

12 жана 13-тилкелерде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жалпы жана атайы камдардын түрлөрү боюнча бөлүнгөн РППУнун суммасы көрсөтүлөт. 

Маалымат үчүн реструктуризацияланган активдер өзүнчө көрсөтүлөт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1, 02.07.2018-ж. №30/5 токтодору менен бекитилген) 

2 §. "Каржылоо ыкмалары" деп аталган Б бөлүкчөсү 

23. 1-тилкеде МКК жана МКА тарабынан колдонулган каржылоо ыкмалары көрсөтүлөт: 

1) "топторду күрөөсүз каржылоодо" - жеке адамдардын тобун субсидиардык топтун жоопкерчилиги астында күрөөлүк камсыздоосуз каржылоо; 

2) "топторду күрөө алдында каржылоодо" - күрөөлүк камсыздоонун болушу шартында жеке адамдардын тобун каржылоо; 

3) "күрөөсүз жеке каржылоо" - жеке адамдарды жана юридикалык жактарды күрөөлүк камсыздоосуз каржылоо (гарантияларды кошо алганда); 

4) "күрөө алдында жеке каржылоо" - күрөөлүк камсыздоонун болушу шартында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды каржылоо; 

5) "Башка" бөлүгүндө - жогоруда каралбаган башка каржылоо ыкмалары; 

6) бардыгы болуп - экинчи тилкеде каржылоонун бардык ыкмалары боюнча каржылоонун жалпы суммасы, ал эми төртүнчү тилкеде отчеттук күнгө карата кардарлардын жалпы саны чагылдырылат. 

"Сумма" деп аталган 2-тилкеде отчеттук күнгө карата каржылоонун ар бир ыкмасы боюнча бардык каржылоо калдыктарынын суммасы көрсөтүлөт. 

"Үстөк баа/киреше" деп аталган 3-тилкеде каржылоонун ар бир ыкмасы үчүн үстөк баа/киреше чагылдырылат. 

"Каржылоо бүтүмдөрүнүн саны" деп аталган 4-тилкеде каржылоонун ар бир ыкмасына ылайык отчеттук күнгө карата төлөнбөгөн каржылоо боюнча бүтүмдөрдүн саны көрсөтүлөт. Эгерде каржылоо кардарлардын тобуна берилсе, анда каржылоо боюнча бул топтун ичинде түзүлгөн келишимдердин саны көрсөтүлүүсү зарыл. 

"Кардарлардын даттанууларынын саны" деп аталган 5-тилкеде каржылоонун ар бир ыкмасы боюнча бөлүп көрсөтүлгөн кардарлардын даттанууларынын саны көрсөтүлөт. 

Отчеттук мезгилдин акырына карата кирешелүүлүк коэффициенти, %да” деп аталган 6-тилкеде каржылоонун ар бир ыкмасы боюнча кирешелүүлүктүн орточо салмактанып алынган коэффициенти көрсөтүлөт. 

Кирешелүүлүк коэффициентинин аныктамасы жылдык эффективдүү пайыздык чендин аныктамасы менен шайкеш. Кирешелүүлүк коэффициенти анык, жылдык, эффективдүү салыштырылуучу эсептөөдөгү киреше, аны эсептөөдө депозит эсебинде акча каражаттарды жайгаштыргандыгы үчүн кардарга сый акы берилгендигине же кардардын каржылоону алууга байланыштуу төлөмдөрү эске алынат.  

Кирешелүүлүк коэффициенти Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/4 токтому менен бекитилген “Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сыйакы өлчөмү жөнүндө маалыматтарды таркатууда эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө жөнүндө” жобого ылайык эсептелинет. 

Орточо алынган кирешелүүлүк коэффициенти берилген усулдук көрсөтмөлөрдүн 26-пунктуна ылайык эсептелинет

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

3 §. "Тармактар жана региондор боюнча портфелди бөлүп көрсөтүү" деп аталган В бөлүкчөсү 

24. Бул бөлүкчөгө тиешелүү маалымат региондор боюнча, ошондой эле республика боюнча консолидацияланган негизде 9 таблицада берилет: 

1) № 1 таблица - республика боюнча; 

2) № 2 таблица - Бишкек шаары боюнча; 

3) № 3 таблица - Чүй областы боюнча; 

4) № 4 таблица - Талас областы боюнча; 

5) № 5 таблица - Ысык-Көл областы боюнча; 

6) № 6 таблица - Нарын областы боюнча; 

7) № 7 таблица - Ош областы боюнча; 

8) № 8 таблица - Жалал-Абад областы боюнча; 

9) № 9 таблица - Баткен областы боюнча. 

Бул бөлүмдө келтирилген таблицалар төмөнкү тартипте толтурулат: жалпысынан Кыргыз Республикасы боюнча көрсөткүчтөр биринчи таблицада, ал эми региондордун көрсөткүчтөрү аталыштарына ылайык 2-9-таблицаларга чейин көрсөтүлөт. 

25. Эгерде МКК жана МКА бир гана региондо иштесе, анда республика боюнча консолидацияланган негизде талап кылынуучу маалымат регионго тиешелүү маалыматка ылайык келүүсү зарыл. Регионалдык филиалдардын иш алып баруусу боюнча маалымат Улуттук банктын башкы кеңсеси жайгашкан дарегине берилет. 

Ар бир таблицада берилген маалыматтар боюнча региондордун аталышы көрсөтүлөт же болбосо, эгерде бул жыйынтыкталган маалымат болсо, анда бул маалыматтар республика боюнча көрсөтүлөт. 

"Тармактар" деп аталган 2-тилкеде МКК жана МКА тарабынан каржыланган экономика тармактарынын тизмеси көрсөтүлөт. 

"Жигердүү кардарлардын саны" деп аталган 3-тилкеде отчеттук күнгө карата ушул тармак боюнча МКК жана МКА тарабынан тейленген кардарлардын саны көрсөтүлөт (эгерде толук каржылоо жүзөгө ашырылса, анда топтогу адамдардын санын көрсөтүү зарыл). 

"Портфелдин өлчөмү" деп аталган 4-тилкеде бул тармакта иштеген кардарларга берилген каржылоодон төлөнбөй калган суммалардын калдыгы көрсөтүлөт. 

"Каржылоо боюнча жалпы портфелден алынган пайыз" деп аталган 5-тилкеде бул тармак боюнча каржылоонун калдыгы МКК жана МКАнын портфелинин жалпы көлөмүнүн канча пайызын ээлегендиги көрсөтүлөт. 

"Каржылоо мөөнөтү" деп аталган 6-тилкеде каржылоонун орточо мөөнөтү айларда көрсөтүлөт (отчеттук мезгилде колдонулган каржылоонун минималдуу жана максималдуу мөөнөтүнөн орточо арифметикалык маани катары эсептелинет). 

"Каржылоонун максималдуу өлчөмү" деп аталган 7-тилкеде каржылоонун айкын максималдуу өлчөмү көрсөтүлөт. 

"Каржылоонун минималдуу өлчөмү" деп аталган 8-тилкеде каржылоонун айкын минималдуу өлчөмү көрсөтүлөт. 

"Каржылоонун орточо өлчөмү" деп аталган 9-тилкеде отчеттук мезгилде бул тармакка берилген каржылоонун жалпы суммасы ушул каржылоо берилген кардарлардын санынын катышы катары эсептелинген каржылоонун орточо өлчөмү көрсөтүлөт. 

"Айкын ордун жабуу" деп аталган 10-тилкеде чейрек ичинде айкын, 4-чейректе - бүтүндөй жыл ичинде айкын орду жабылган каржылоо суммасы көрсөтүлөт. 

"План боюнча ордун жабуу" деп аталган 11-тилкеде отчеттук мезгил ичинде төлөнүүгө тийиш болгон өткөн мезгилдин мөөнөтүңдө төлөнбөгөн карызын кошо алганда, отчеттук чейректе, 4-чейректе - бүтүндөй жыл ичинде төлөнүүчү каржылоо суммасы көрсөтүлөт. 

"Отчеттук мезгилдин акырына карата пайыздарда орточо алынган үстөк баа/киреше" деп аталган 12-тилкеде бөлүп көрсөтүлгөн тармактар боюнча берилген каржылоонун орточо алынган чени көрсөтүлөт. 

“Отчеттук мезгилдин акырына карата кирешелүүлүк коэффициенти, %да” деп аталган 13-тилкеде тармактар боюнча бөлүштүрүү менен берилген каржылоо боюнча отчеттук мезгилдин акырына карата кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

"Кардарлардын даттанууларынын саны" деп аталган 14-тилкеде каржылоо боюнча МКК жана МКА иши тууралуу түшкөн даттануулардын кардарларынын саны көрсөтүлөт. 

Бул бөлүмдө келтирилген бардык суммалар миң сом түрүндө көрсөтүлөт. 

26. Төмөндө отчеттук мезгилдин акырына карата орточо алынган үстөк бааны/кирешени эсептөө формуласы келтирилген. 

Каржылоо боюнча үстөк бааны/кирешени төмөнкү формула боюнча жылдык мааниге келтирүүгө болот: 

   

I - отчеттук мезгилдин акырына карата жылдык үстөк баа/киреше, пайыздарда, 

D - келишимде көрсөтүлгөн үстөк баа суммасы/каржылоо боюнча киреше суммасы, 

PV  келишимде көрсөтүлгөн каржылоо суммасы,    

m - келишим боюнча каржылоо мөөнөтү (кошумча келишимге ылайык реструктуризациялоо мөөнөтү), 

  

Орточо салмактанып алынган чен = (X1/X*I1+ X2/X*I2)*100   

  

Ар бир каржылоо операциясынын суммасы сунушталган каржылоонун жалпы суммасына (каржылоо боюнча портфелден айкын каржылоо суммасы) бөлүнөт жана ошол каржылоо түрүнө ылайык, жылдык үстөк баа/киреше ченине көбөйтүлөт (пайыздык туюндуруу жогоруда көрсөтүлгөн формула боюнча эсептелинет).    

Х -  өз-өзүнчө каржылоо шартында сунушталган каржылоонун жалпы суммасы,   

Х1, Х2  жылдык үстөк баанын/кирешенин бир чени боюнча каржылоо операцияларынын суммасы,    

I1, I2, - өзүнчө каржылоо операциялары боюнча жылдык үстөк баа/киреше. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

27. Көзөмөл боюнча комитеттин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтомуна ылайык күчүн жоготкон  

28. Ордун жабуу коэффициенти = айкын ордун жабуу / (план боюнча ордун жабуу + өткөн мезгилдерде мөөнөтүндө төлөнбөгөн жана төлөнбөгөн карыз) * 100 

4 §. "Сунушталган каржылоо боюнча маалымат" деп аталган Г бөлүкчөсү 

29. Бул таблица отчеттук чейрек, 4-чейрек, бүтүндөй жыл ичинде сунушталган каржылоо боюнча маалыматты камтыйт. 

"Берененин аталышы" деп аталган 1-тилкеде МКК жана МКА тарабынан каржыланган экономика тармагынын тизмеси көрсөтүлөт 

"Отчеттук чейрек ичинде бардыгы болуп сунушталган" деп аталган 2-тилкеде 3-10 чейинки тилкелердин суммасы көрсөтүлөт. 

3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10-тилкелерде мөөнөт боюнча каржылоо көрсөтүлөт. 

"Отчеттук мезгилдин акырына карата пайыздарда орточо алынган үстөк баа/киреше" деп аталган 11-тилкеде бөлүп көрсөтүлгөн тармактар боюнча сунушталган каржылоонун орточо салмактанып алынган чени көрсөтүлөт. 

"Саны" деп аталган 12-тилкеде каржылоо боюнча контракттардын саны көрсөтүлөт. 

"Отчеттук мезгилдин акырына карата кирешелүүлүк коэффициенти, %дадеп аталган 13-тилкеде тармактар боюнча берилген каржылоо боюнча отчеттук мезгилдин акырына карата кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

5 §. "Проблемалуу кардарлар боюнча маалымат" деп аталган Д бөлүкчөсү 

30. Бул жерде кемүү тартибинде мөөнөтүндө төлөнбөгөн эң чоң 10 актив боюнча маалыматтар камтылат. Мында, "проблемалуу" деп төмөндө көрсөтүлгөн шарттардын бирине туура келген активдер эсептелет: 

1) активдин мөөнөтү 90 күнгө кечиктирилсе; 

2) (Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2018-жылдын №30/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту); 

3) эки же андан көп жолу реструктуризацияланган болсо; 

4) системадан тышкаркы эсепте эсепке алынса. 

31. "Уюмдун аталышы/кардардын аты-жөнү" деп аталган 1-тилкеде юридикалык жактын кардарынын аталышы же жеке адамдын - кардардын аты-жөнү толук көрсөтүлүүгө тийиш. 

"Уюмдун дареги/кардардын жашаган жери" деп аталган 2-тилкеде юридикалык жактын кардарынын юридикалык жана айкын жашаган жеринин дареги же болбосо жеке адамдын-кардардын катталган жери боюнча дареги көрсөтүлөт. 

"Телефону" деп аталган 3-тилкеде юридикалык жактын кардарынын телефон номери же жеке адамдын - кардардын уюлдук телефон номери көрсөтүлөт. 

"Берилген күнү" деп аталган 4-тилкеде каржылоо келишими боюнча каржылоо сунушталган күн (күнү, айы, жылы) көрсөтүлөт. 

өлөнгөн күнү" деп аталган 5-тилкеде каржылоо келишими боюнча сунушталган каржылоонун орду жабылган күн (күнү, айы, жылы) көрсөтүлөт. 

"Каржылоо суммасы" деп аталган 6-тилкеде каржылоо келишими боюнча сунушталган каржылоо суммасы көрсөтүлөт. 

Отчеттук мезгилдин акырына үстөк баа/киреше, %да” жана “Отчеттук мезгилдин акырына кирешелүүлүк коэффициенти, %да” деп аталган 7 жана 8-тилкелерде каржылоо келишими боюнча үстөк баа/киреше жана кирешелүүлүк коэффициенти каржылоо келишими боюнча пайыздарда чагылдырылат.  

"Максаты" деп аталган 9-тилкеде каржылоо келишими боюнча каржылоонун максаттуу багыты көрсөтүлөт (каржылоо сунушталган иш багытынын түрү).  

"Кардардын проблемаларынын кыскача баяндалышы" деп аталган 10-тилкеде каржылоо боюнча карыздын пайда болушунун негизги себептери көрсөтүлөт.  

"Негизги карыз" деп аталган 11-тилкеде каржылоонун негизги суммасы боюнча карыздын суммасы көрсөтүлөт.  

Үстөк баа” жана “Кирешелүүлүк коэффициенти” деп аталган 12 жана 13-тилкелерде каржылоо боюнча үстөк баа/киреше жагында карыз жана эгерде отчеттук мезгилге карата кайрадан саналган болсо, каржылоо боюнча кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт.  

“Кардардын карызын кайтаруу боюнча МКК/МКА тарабынан көрүлгөн иш-аракеттер” деген 14-тилкеде кардардын карызын кайтаруу боюнча МКК/МКА тарабынан көрүлгөн иш-аракеттер көрсөтүлөт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

6 §. "Үстү-үстүнө каржылоо жөнүндө маалымат" деп аталган Е бөлүкчөсү 

32. "Сумма" деп аталган 3-тилкеде башка финансы-нассыялык уюмдарда үстү-үстүнө каржылоого ээ кардарлардын чогуу алгандагы карыз суммасы көрсөтүлөт. 

"Кардарлардын саны" деп аталган 4-тилкеде башка финансы-насыялык уюмдарда үстү-үстүнө каржылоого ээ кардарлардын саны чагылдырылат. 

 

7 §. Ж бөлүкчөсү "Тармактар жана региондор боюнча сунушталган каржылоонун көлөмдөрү тууралуу маалымат”  

 

33. Бул бөлүкчө боюнча маалымат региондор жана Бишкек шаары боюнча 8 таблицада берилет: 

1) № 1 таблица - Бишкек шаары боюнча; 

2) № 2 таблица - Чүй областы боюнча; 

3) № 3 таблица - Талас областы боюнча; 

4) № 4 таблица - Ысык-Көл областы боюнча; 

5) № 5 таблица - Нарын областы боюнча; 

6) № 6 таблица - Ош областы боюнча; 

7) № 7 таблица - Жалал-Абад областы боюнча; 

8) № 8 таблица - Баткен областы боюнча. 

34. 1-тилкеде маалымат берилип жаткан региондун аталышы көрсөтүлөт. 

"Берененин аталышы" деп аталган 2-тилкеде жеке адамдар жана юридикалык жактар боюнча МКК жана МКА тарабынан каржыланган экономика тармактарынын тизмеси көрсөтүлөт. 

"Отчеттук чейректин башына карата каржылоо боюнча портфелдин калдыгы деп аталган 3-тилкеде отчеттук чейректин башына карата каржылоо калдыгынын суммасы көрсөтүлөт. 

"Отчеттук чейрек ичинде берилген каржылоонун көлөмү" деп аталган 4-тилкеде отчеттук чейрек ичинде берилген каржылоо суммасы көрсөтүлөт. 

"Отчеттук чейрек ичинде берилген каржылоонун саны" деп аталган 5-тилкеде отчеттук чейрек ичинде берилген каржылоонун саны көрсөтүлөт. 

"Отчеттук чейрек ичинде айкын төлөнгөн көлөм" деп аталган 6-тилкеде отчеттук чейрек ичинде төлөнгөн каржылоонун өлчөмү көрсөтүлөт. 

"Отчеттук чейректин акырына карата каржылоо боюнча портфелдин калдыгы" деп аталган 7-тилкеде отчеттук чейректин акырына карата каржылоо калдыгынын суммасы көрсөтүлөт. 

“Отчеттук мезгилдин акырына орточо алынган үстөк баа/киреше, %да” жана “Отеттук мезгилдин акырына кирешелүүлүк коэффициенти, %да” деп аталган 8 жана 9-тилкелерде орточо алынган үстөк баа/киреше жана отчеттук мезгилдин акырына карата кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

Бул бөлүмдө бардык келтирилген суммалар миң сомдордо көрсөтүлөт. 

 

8 §. "Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган реструктуризацияланган активдер" деп аталган 3 бөлүкчөсү 

 

35. Бул таблицада өзүндө кредит тобокелдигин камтыган реструктуризацияланган активдер боюнча маалыматтар киргизилет. 

36. "Уюмдун атылышы/кардардын аты-жөнү" деп аталган 1-тилкеде юридикалык жактын кардарынын аталышы (уюмдун каттоо документтерине ылайык расмий аталышы) же кардар -жеке адамдын аты-жөнү паспорту боюнча толук көрсөтүлүлөт. 

"Берилген күнү" деп аталган 2-тилкеде каржылоо келишими боюнча берилген каржылоо күнү (күнү, айы, жылы) көрсөтүлөт.  

"Ордун жабуу күнү" деп аталган 3-тилкеде каржылоо келишим боюнча каржылоонун ордун жабуу күнү  (күнү, айы, жылы) көрсөтүлөт. 

"Каржылоо суммасы" деп аталган 4-тилкеде каржылоо келишими боюнча каржылоо суммасы көрсөтүлөт.  

"Үстөк баа/киреше" деп аталган 5-тилкеде каржылоо келишимине ылайык каржылоо боюнча жылдык  үстөк баа/киреше көрсөтүлөт.  

“Отчеттук мезгилдин акырына карата кирешелүүлүк коэффициенти, %” деп аталган 6-тилкеде берилген каржылоо боюнча кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт.  

"Максаты" деп аталган 7-тилкеде каржылоо келишими боюнча каржылоонун максаттуу багыты (каржылоо берилген иштин түрү) көрсөтүлөт.  

"Реструктуризациялоо себептери" деп аталган 8-тилкеде активди реструктуризациялоонун негизги себептери көрсөтүлөт.  

"Негизги карыз" деп аталган 9-тилкеде каржылоонун негизги суммасы боюнча карыз өлчөмү көрсөтүлөт.  

"Үстөк баа/киреше" деп аталган 10-тилкеде аталган актив боюнча үстөк баа/киреше боюнча карыздар суммасы көрсөтүлөт.  

“Отчеттук мезгилдин акырына карата кирешелүүлүк коэффициенти, %да” деп аталган 11-тилкеде, эгерде ал отчеттук мезгилге карата кайрадан саналган болсо кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт.    

"Туум" деп аталган 12-тилкеде мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер боюнча туум өлчөмү көрсөтүлөт.  

"Реструктуризациялоо күнү" деп аталган 13-тилкеде кошумча макулдашуу боюнча реструктуризациялоо күнүүнү, айы, жылы)  көрсөтүлөт.  

"Ордун жабуу күнү" деп аталган 14-тилкеде кошумча макулдашуу боюнча реструктуризацияланган активдин ордун жабуу күнүүнү, айы, жылы) көрсөтүлөт.  

"Каржылоо суммасы" деп аталган 15-тилкеде кошумча макулдашуу боюнча реструктуризацияланган активдин суммасы көрсөтүлөт.  

"Үстөк баа/киреше" деп аталган 16-тилкеде кошумча макулдашууга ылайык реструктуризацияланган актив боюнча жылдык үстөк баа/киреше көрсөтүлөт.  

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

9 §. "Активдердин жана милдеттенмелердин рынокто кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнө карата ийкемдүүлүгүн талдап-иликтөө" деп аталган И бөлүкчөсү 

37. "Активдердин жана милдеттенмелердин рынокто кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнө карата ийкемдүүлүгүн талдап-иликтөө" деп аталган И жана "Активдердин жана милдеттенмелердин ордун жабуу мөөнөтү" деп аталган К бөлүкчөлөрү МКК жана МКА тарабынан Улуттук банктын талабы боюнча гана толтурулат жана алар бул тууралуу кат жүзүндө билдирилет. 

38. Бул бөлүкчө кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнө ийкемдүү активдер менен милдеттенмелердин ортосундагы айырманы өлчөөнүн жардамы менен кирешелүүлүк ченинин тобокелдигин баалоо үчүн пайдаланылат. 

39. Кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнө ийкемдүү активдерге жана милдеттенмелерге рыноктук чендердин өзгөрүшүнөн улам белгилүү бир убакыт аралыгында кайрадан бааланып турган же ордун жабуу мөөнөтү белгилүү бир убакыт аралыгында келген активдердин жана милдеттенмелердин акчалай көлөмү кирет. Кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнө ийкемдүү милдеттенмелерге кирешелүүлүктүн рыноктук чендеринин өзгөрүшүнөн улам белгилүү бир убакыт аралыгында кайрадан бааланып турган же ордун жабуу мөөнөтү белгилүү бир убакыт аралыгында келген милдеттенмелердин акчалай көлөмү кирет. 

40. Кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнө ийкемдүү активдер менен милдеттенмелердин ортосундагы ажырымдарды ар башка мезгил аралыгында аныктоо, бул отчеттун максаты болуп саналат. Аталган ажырымдарды талдап-иликтөө кирешелүүлүктүн рыноктук чендеринин өзгөрүшүнө карата МКК жана МКА ийкемдүүлүгүн аныктоонун ыкмаларынын бири болуп саналат. 

41. Кирешелүүлүк чендеринин өзгөрүшүнө карата ийкемдүү бардык активдердин жана милдеттенмелердин күнүмдүк баланстык наркы төмөнкү эки мөөнөттүн ичинен эрте катталгандыгынын негизинде тиешелүү мезгилдерде чагылдырылууга тийиш: 1) МКК жана МКА активдерди/милдеттенмелерди кайра баалоону жүргүзгөнгө чейинки күндөрдүн саны (рыноктогу жагдайга жараша жана/же мурдагы келишимге ылайык кирешелүүлүк ченин өзгөртүү), же 2) ордун жабуу мөөнөтүнө чейинки күндөрдүн саны. 

42. 5 жана 9-саптарда бул бөлүкчөнүн башка беренелерине кирбеген, кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнө ийкемдүү бардык башка активдер жана милдеттенмелер көрсөтүлөт. 

10 жана 11-саптар ар бир мезгил аралыгы үчүн эсептелет. Чет өлкө валютасындагы маалыматтар отчеттук күнгө карата Улуттук банктын эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентте берилет. Бардык суммалар миң сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш. 

"Ажырым" деп аталган 10-сапта ордун жабуу мөөнөтү боюнча активдердин жана милдеттенмелердин айырмасы көрсөтүлөт. 

"Кумулятивдик ажырым" деп аталган 11-сапта ажырымдардын суммасы улам өсүүчү жыйынтыгы менен ордун жабуу мөөнөттөрү боюнча көрсөтүлөт. Мисалы: "дароо" деп аталган тилкедеги кумулятивдик ажырымдын мааниси "дароо" тилкесиндеги ажырымдын маанисине барабар, ал эми "1-30 күн" деп аталган тилкедеги кумулятивдик ажырымдын мааниси "дароо" жана "1-30 күн" тилкелериндеги ажырымдын маанисинин суммасына барабар, мындан ары ушул сыяктуу ыкмада пайдаланылат. 

10 §. "Активдердин/милдеттенмелердин ордун жабуу мөөнөттөрү" деп аталган К бөлүкчөсү 

43. Бул бөлүкчөдө активди берүүнүн же милдеттенменин пайда болушунун баштапкы мөөнөтүнө карабастан, активдин же милдеттенменин ордун жабуу мөөнөтүнө чейинки калган күндөрдүн санына жараша бардык активдер (атайын РППУну алып салуусуз) жана милдеттенмелер чагылдырылат. 

44. Активдердин ордун жабуу жана милдеттенмелерди төлөө мөөнөттөрү боюнча дал келбестиктерди жана алардын келечекте МКК жана МКА ликвиддүү позициясына таасир берүүсүн аныктоо ушул отчеттун максатынан болуп саналат. Бул бөлүкчө отчеттук күнгө карата МКК жана МКА ликвиддүү позициясын аныктоо үчүн инструменттердин бири катары пайдаланылат. Бул отчетко бардык активдер менен милдеттенмелер киргизилет. Бардык активдер менен милдеттенмелердин күнүмдүк баланстык наркы ордун жабууга чейинки күндөрдүн санынын негизинде тиешелүү ячейкаларга киргизилүүгө тийиш. 

45. Эгерде, сунушталган каржылоо боюнча төлөөлөр 30 күндөн 60 күнгө чейин мөөнөтүнөн кечиктирилип төлөнсө жана/же каржылоо эки жолу реструктуризацияланса, анда ал «181 күндөн 365 күнгө чейин» категориясына киргизилүүгө тийиш. Эгерде, сунушталган каржылоо боюнча төлөөлөр 60 күндөн ашык мөөнөткө кечиктирилип төлөнсө жана/же экиден көп жолу реструктуризацияланса жана/же каржылоо чегербөө статусунда болсо, анда ал «3 жылдан ашык» категориясына киргизилүүсү зарыл. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 02.07.2018-ж. № 30/5 токтому менен бекитилген)  

46. 5 жана 9-саптарда бул бөлүкчөнүн башка беренелерине кирбеген бардык башка активдер жана милдеттенмелер ордун жабуу мөөнөттөрүнө ылайык көрсөтүлөт. 

6-сап атайын РППУну минуска чыгаруу менен "Финансылык абал жөнүндө отчет" деп аталган 1-бөлүктүн А бөлүкчөсүнүн 14-сабына барабар болууга тийиш. 

9-сап "Финансылык абал жөнүндө отчет" деп аталган 1-бөлүктүн Б бөлүкчөсүнүн 10-сабына барабар болууга тийиш. 

10 жана 11-саптар ар бир мезгил аралыгы үчүн эсептелет. Бардык суммалар миң сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш. 

"Ажырым" деп аталган 10-сапта ордун жабуу мөөнөттөрү боюнча активдердин жана милдеттенмелердин айырмасы көрсөтүлөт. 

"Кумулятивдик ажырым" деп аталган 11-сапта ажырымдардын суммасы улам өсүүчү жыйынтыгы менен ордун жабуу мөөнөттөрү боюнча көрсөтүлөт. Мисалы: "дароо" деп аталган тилкедеги кумулятивдик ажырымдын мааниси "дароо" тилкесиндеги ажырымдын маанисине барабар, ал эми "1-30 күн" деп аталган тилкедеги кумулятивдик ажырымдын мааниси "дароо" жана "1-30 күн" тилкелериндеги ажырымдын маанисине барабар, мынадан ары ушул сыяктуу ыкмада пайдаланылат. 

4. "Өзүнө-өзү баа берүү боюнча отчет" деп аталган 4-бөлүк 

47. Өзүнө-өзү баа берүү боюнча отчет МКК жана МКА үчүн өзүнө-өзү баа берүүнүн анкетасы болуп саналат. 

48. Өзүнө-өзү баа берүү боюнча отчет Улуттук банкка жылына бир жолу берилет жана МКК жана МКАнын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету коштоп жүрөт. 

Өзүнө-өзү баа берүү боюнча отчеттун бир нускасы МКК жана МКА сакталууга жана инспекцияларды же башка текшерүүлөрдү жүргүзүү учурунда текшерүү тобуна берилүүгө тийиш. 

Бул анкетаны толтуруу үчүн төмөнкү сунушталган үч жооптун ичинен бирөөсүн белгилөө зарыл: "Ооба", "Жок", "Колдонулбайт". 

Эгерде МКК жана МКА анкетанын кайсы болбосун бөлүгүнө "Колдонулбайт" деп жооп берсе, анда бул пункт "МКК жана МКАнын ишинде аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-аракеттердин планын жалпылоо" бөлүгүндө кемчилик катары көрсөтүлбөйт. 

МКК жана МКА кайсы болбосун суроого "жок" деп жооп берген учурда, корректировкалоонун иш планын иштеп чыгуу талап кылынат. 

Өзүнө-өзү баа берүү боюнча отчетко Байкоо органынын (Директорлор кеңешинин) жетекчиси, ал эми алар жок болсо, компаниянын уюштуруучулары же болбосо ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлат. 

5. "Чет өлкө активдери жана милдеттенмелер боюнча отчет" деп аталган 5-бөлүк 

49. Бул бөлүк МКК жана МКАнын чет өлкөдөгү активдери жана резидент эместер алдында милдеттенмелери жөнүндө статистикалык маалыматты камтыйт. 

Чет өлкө инвесторлору алдында жеке карыздык милдеттенмелер жөнүндө отчет эки формадан турат: № 1 - НД формасы жана № 2 - НД формасы. 

1 §. "Жеке карыздык милдеттенмелер/кредитордук карыздар жөнүндө маалыматтар" деп аталган № 1 - НД формасы 

50. "Жеке карыздык милдеттенмелер/кредитордук карыздар жөнүндө маалыматтар" деп аталган № 1 - НД формасы ар бир каржылоо операциясына өз-өзүнчө келишимге кол коюлган күндөн тартып 10 жумуш күн ичинде бир жолу толтурулат. 

51. МКК жана МКА боюнча базалык маалымат төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт: 

1) "Кардардын (резиденттин) аты-жөнү - ОКПО документ толтуруучунун аталышы" - МКК жана МКАнын толук расмий аталышы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишканаларынын жана уюмдарынын жалпы республикалык кодификаторунун коду көрсөтүлөт; 

2) "Кардардын (резиденттин) - документ толтуруучунун аталышы" - МКК жана МКАнын толук расмий аталышы көрсөтүлөт; 

3) "Аймак (областы, район, шаар, калктуу пункт)": 

а) "област" - МКК жана МКАнын башкы кеңсеси жайгашкан областтын аталышы көрсөтүлөт; 

б) "район" - МКК жана МКАнын башкы кеңсеси жайгашкан райондун аталышы көрсөтүлөт; 

в) "шаар же калктуу пункт" - МКК/МКАнын башкы кеңсеси жайгашкан шаардын же калктуу пункттун аталышы көрсөтүлөт; 

4) "Дареги (почталык индекси, көчөсү, үй №)": 

а) "почталык индекси" - почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт; 

б) "көчөсү, үй №" - көчөсү жана башкы кеңсесинин имаратынын номери көрсөтүлөт; 

5) "экономикалык иштин түрү" - экономикалык иштин түрү көрсөтүлөт; 

6) "телефону" - МКК жана МКАнын телефонунун расмий номери көрсөтүлөт; 

7) "факс" - МКК жана МКАнын факсынын расмий номери көрсөтүлөт; 

8) "электрондук почтасы" - МКК жана МКАнын электрондук почтасынын расмий дареги көрсөтүлөт. 

52. Жеке карыздык милдеттенмелер/кредитордук карыздар жөнүндө отчетто төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

1) каржылоо бүтүмүнүн коду - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан ыйгарылат; 

2) кардардын түрү - саналып көрсөтүлгөн тизменин ичинен тиешелүү сапка кардардын түрү белгиленет; 

3) экономиканын сектору - келтирилген тизменин ичинен МКК жана МКА отчет берүүчү экономиканын сектору бөлүп көрсөтүлөт; 

4) келишим түрү - келишимдин түрү көрсөтүлөт, эгерде аталган пунктта келишим түрү көрсөтүлбөсө, анда ал тууралуу 18-пункттун эскертүүлөрүндө көрсөтүү зарыл; 

5) төлөмдөрдү төлөө жүргүзүлөт - келтирилген тизмеден негизги сумманын төлөмдөрү кандай түрдө төлөнө тургандыгы көрсөтүлөт, эгерде бул пунктта негизги сумманын төлөмдөрүнүн түрү көрсөтүлбөсө, анда аны 18-пункттун эскертүүлөрүндө жазыңыз; 

6) негизги сумманын ордун жабуу - каржылоо операциясынын жеңилдик берилген мезгили айларда, график менен каралган негизги сумманын алгачкы жана акыркы төлөмдөрү жана насыя (займ) же баалуу кагаздар боюнча негизги карыздын ордун жабуу эсебине жыл ичиндеги төлөмдөрдүн саны көрсөтүлөт; 

7) кредитордун/ээлик кылуучунун аталышы - кредитордун толук аталышы көрсөтүлөт, эгерде 4-пункттун 4-пунктчасы көрсөтүлсө, анда аталган пунктта эсеп ээсинин аталышы көрсөтүлөт; 

8) өлкө - кредитордун өлкөсү көрсөтүлөт; 

9) кредитордун/ээлик кылуучунун түрү - эгерде каражаттар резидент эмеске баалуу кагаздарды сатуу эсебинен тартылган болсо, кредитордун же баалуу кагаздын ээлик кылуучусунун түрү белгиленет; 

10) инвестордун түрү - бул пунктта кредитор тике чет өлкө инвестору болуп санала тургандыгы же саналбай тургандыгы экендиги белгиленет; 

11) макулдашууга кол коюлган күн - кардар жана кредитор ортосундагы кредиттик макулдашууга же болбосо соода бүтүмү таризделген учурда, сатып алуучу менен берүүчүнүн ортосундагы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жөнүндө келишимге кол коюлган күнү көрсөтүлөт; 

12) каржылоо/тартылган каражаттардын/кредитордук карыздын суммасы - эгерде форма баштапкы каржылоо үчүн толтурулган болсо, анда 1-пунктчада товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жөнүңдө каржылоо/келишим боюнча макулдашуу шарттарына ылайык берилүүчү каржылоонун/тартылган каражаттардын/кредитордук каражаттардын жалпы суммасы гана (же баалуу кагаздын номиналдык наркы) чагылдырылат. Эгерде форма реструктуризацияланган карыз үчүн толтурулса, анда 1-пунктчада Каржылоону реструктуризациялоо (же кайра тариздөө) жөнүндө макулдашууга ылайык, мөөнөтүндө төлөнбөгөн негизги сумманы жана кайра таризделген үстөк бааны/чыгашаларды бөлүп көрсөтүү менен каржылоонун жалпы суммасы көрсөтүлөт. Ал эми 2-пунктчада Улуттук банк тарабынан ыйгарылган баштапкы каржылоонун коду, алардын реструктуризациялана турган мөөнөтүндө төлөнбөгөн суммалары көрсөтүлөт; 

13) каржылоо/тартылган каражаттардын/кредитордук карыздын валютасы - товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жөнүндө каржылоо/келишим боюнча макулдашууга шарттарына ылайык, кардардын/сатып алуучунун товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кредиторунун/берүүчүнүн алдында (эсеп ээсинин же баалуу кагазды сатып алуучунун) милдеттенмеси берилген валюта көрсөтүлөт; 

14) үстөк баа/ордун толтуруунун башка формалары - алынган каржылоо же товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча төлөнө турган үстөк баа/ордун толтуруунун башка формалары чагылдырылат; 

15) үстөк баанын/чыгашанын ордун жабуу күнү - - чегерилген үстөк баанын/чыгашанын ордун жабууга алгачкы жана акыркы төлөмдөрүнүн күнү, ошондой эле бир жыл ичиндеги үстөк баа/чыгаша боюнча төлөмдөрдүн саны графикке ылайык көрсөтүлөт; 

16) комиссиялык төлөмдөрдүн чени - кредиторго каржылоо суммасы боюнча төлөнүп берилүүчү комиссиондук төлөмдөрдүн чени көрсөтүлөт; 

17) карыздык милдеттенмени тейлөө - насыя (займ)/кредитордук карыздар боюнча негизги сумманын ордун жабуунун эсебинен иш жүзүндө жүргүзүлгөн төлөмдөр жана каржылоону алгандан баштап отчеттук мезгилге чейин чегерилген үстөк баа/чыгашалар чагылдырылат. 

Эскертүү: Көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы жана тууралыгы МКК жана МКАнын жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин кол тамгалары жана мөөрү менен тастыкталат. 

2 §. "Карыздык милдеттенмелерди/кредитордук карыздарды тейлөө боюнча маалыматтар" № 2 - НД формасы 

53. Бул форма МКК жана МКА тарабынан ар айлык негизде толтурулат жана отчеттук айдан кийинки айдын 20 күнүнөн кечиктирбестен берилет. 

54. МКК жана МКА тууралуу базалык маалымат № 2 - НД формасы "Жеке карыздык милдеттенмелер/кредитордук карыздар жөнүндө маалыматтар" деп аталган № 1 - НД формасына окшош эле толтурулат. 

55. Бардык маалыматтар таблицаларда анда каржылоо берилген валютада өзүнчө каржылоонун ар бир операциясы боюнча келтирилет. 

56. Өлчөө бирдиги: миң акча бирдиги (мисалы: миң сом, миң АКШ доллары, миң орус рубли). 

3 §. 1-таблица "Жеке карыздык милдеттенмени (айкын) тейлөө жөнүндө отчет" 

57. Отчетто карыздык милдеттенмени/кредитордук карыздарды иш жүзүндө тейлөө жөнүндө маалыматтар берилет. 

"Каржылоо бүтүмүнүн коду" деп аталган тилкеде код Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан ыйгарылат. 

"Каржылоо валютасы" деп аталган тилкеде каржылоо алынган валюта көрсөтүлөт. 

"Бир мезгилдин башына карата карыз, бардыгы болуп" деп аталган тилкеде отчеттук айдын баш жагына карата карыздын өлчөмү/топтолгон кредитордук карыздар көрсөтүлөт. 

"Бир мезгил ичиндеги өзгөрүүлөр" тилкелер тобунда отчеттук ай ичиндеги өзгөрүүлөр көрсөтүлөт: 

1) "алынды" тобундагы тилкелерде: 

- "товарлар, жабдуулар" тилкесинде чет өлкө инвестору тарабынан берилген товарлар менен жабдуулардын суммасы акчалай көрсөтүлөт; 

- "кызмат көрсөтүүлөр" тилкесинде чет өлкө инвестору тарабынан берилген кызмат көрсөтүүлөрдүн суммасы акчалай көрсөтүлөт; 

- "акча түрүндө" тилкесинде чет өлкө инвестору тарабынан акча түрүндө берилген сумма көрсөтүлөт; 

2) "орду жабылды" тобундагы тилкелерде: 

- "негизги сумма" тилкесинде отчеттук ай ичинде төлөнгөн негизги сумма көрсөтүлөт; 

- "үстөк баа/чыгаша" деп аталган тилкеде отчеттук ай ичинде үстөк баа/ордун толтуруунун башка формалары боюнча төлөнгөн сумма көрсөтүлөт; 

3) "мөөнөтүндө төлөнбөгөн" тобундагы тилкелерде: 

- "негизги сумма" тилкесинде отчеттук айда негизги сумма боюнча МКК жана МКА орду жабылбаган карызы көрсөтүлөт; 

- "үстөк баа/чыгаша" деп аталган тилкеде үстөк бааны/чыгашаны төлөп берүү боюнча МКК жана МКА орду жабылбаган карызы көрсөтүлөт. 

"Мезгилдин акырына карата карыз, бардыгы болуп" деп аталган тилкеде төмөнкү формула боюнча эсептелүүчү карыздын/топтолгон кредитордук карыздын суммасы көрсөтүлөт: 

"Мезгилдин акырына карата карыз, бардыгы болуп" = "Мезгилдин башталышына карата карыз, бардыгы болуп" + "Алынды (акча түрүндө бардыгы болуп товарлар, жабдуулар, кызмат көрсөтүүлөр)" - "Негизги сумманын орду жабылганы" + "Негизги сумманын мөөнөтүндө төлөнбөгөнү". 

4 §. 2-таблица "Негизги сумманы төлөө (болжолдоо)" 

58. Бул таблицада отчеттук мезгилден кийинки чейректен тартып товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө каржылоо/келишим боюнча ордун жабуу графигине ылайык, негизги карыз/кредитордук карыз боюнча төлөөлөр жөнүндө болжолдонгон маалыматтар чагылдырылат. 

§ 5 . 3-таблица "Үстөк бааны төлөө/тартылган каржылоо боюнча чыгашалар (болжолдоо)" 

59. Таблицада отчеттук мезгилден кийинки чейректен тартып товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө каржылоо/келишим боюнча макулдашуунун графигине ылайык, үстөк баа/чыгаша/кредитордук карыз жөнүндө болжолдонгон маалыматтар чагылдырылат. 

Эскертүү: Көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын жана чындыгын жетекчинин жана башкы бухгалтердин коюлган кол тамгалары жана МКК жана МКА мөөрү ырастайт. 

6 §. Форма "Чет өлкө банкында ачылган эсеп жөнүндө билдирүү

60. Бул формада чет өлкө банкында ачылган эсеп жөнүндө маалыматтар ошол банктын жана МКК жана МКА реквизиттерин көрсөтүү менен чагылдырылат, ошондой эле ачылган эсеп жөнүндө толук маалымат камтылат. 

"Толук аталышы" деп аталган тилкеде МКК жана МКА жайгаштырылган акча каражаттары чагылдырылган эсеп ачылган банктын толук расмий аталышы көрсөтүлөт. 

"Телефонду, факсты жана E-mail почтаны көрсөтүү менен толук юридикалык дарек" деп аталган тилкеде эсеп ачылган банктын толук юридикалык дареги, телефон менен факстын расмий номерлери жана банктын электрондук почтасынын расмий аталышы көрсөтүлөт. 

"Эсеп ачылган күн" 1-пунктунда банкта эсеп ачылган күн көрсөтүлөт. 

"Эсеп түрү" 2-пунктунда банктык эсептин түрү көрсөтүлөт. 

"Эсеп валютасы" 3-пунктунда банктык эсептин валютасы көрсөтүлөт. 

Кошумча маалымат катары төмөнкүлөр маалымдалат: 

"Эсепти ачкан резиденттин толук аталышы (жеке адамдын аты-жөнү)" 1-пунктунда МКК жана МКА толук расмий аталышы көрсөтүлөт. 

"Юридикалык (үй) дареги" 2-пунктунда телефон, факс номерлери жана E-mail почтаны көрсөтүү менен МКК менен МКАнын толук расмий дареги көрсөтүлөт. 

"Менчик түрү" 3-пунктунда МКК жана МКАнын менчигинин түрү көрсөтүлөт. 

"Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн номери" 4-пунктунда - МКК жана МКА Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн номери көрсөтүлөт. 

7 §. Чет өлкө банкынын эсептериндеги каражаттардын калдыгы жөнүндө маалыматтар 

61. Чет өлкө банкынын эсептериндеги каражаттардын калдыгы жөнүндө маалыматтарда эсеп валютасы, МКК жана МКА реквизиттери жана эсеп ачылган банктын реквизиттери  көрсөтүлөт. 

Маалыматтар МКК жана МКА тарабынан чейрек сайын толтурулат жана отчеттук чейректен кийинки айдын 20 күнүнөн кечиктирилбестен сунушталат. 

"_______-жылдын ____-чейреги үчүн" деп аталган сапта отчет сунушталган чейрек көрсөтүлөт. 

"Резиденттин аталышы" деп аталган сапта МКК жана МКА толук расмий аталышы көрсөтүлөт. 

"Банктын аталышы" деп аталган сапта эсеп ачылган чет өлкө банкынын толук расмий аталышы көрсөтүлөт. 

"Өлкө" деп аталган сапта - эсеп ачылган чет өлкө банкынын өлкөсү көрсөтүлөт. 

"Эсеп валютасы" деп аталган сапта эсеп ачылган валюта көрсөтүлөт. 

Отчеттук мезгил ичиндеги өзгөрүүлөр: 

1) "мезгилдин башталышына карата калдык" - мезгилдин башталышына карата калдык эсеп валютасынын миң бирдиктеринде жана миң АКШ долларында көрсөтүлөт; 

2) "мезгилдин акырына карата калдык" - мезгилдин акырына карата калдык эсеп валютасынын миң бирдиктеринде жана миң АКШ долларында көрсөтүлөт. 

6. "Чечмелөө" деп аталган 6-бөлүк 

1 §. "Милдеттенмелер" деп аталган А таблицасы 

62. Бул таблица алынган милдеттенмелердин/гранттардын булактары тууралуу кеңири маалыматты камтыйт. 

1-тилкеде каржылоо алынган операциянын аталышы көрсөтүлөт. 

2-тилкеде алынган каражаттардын, милдеттенмелердин/гранттардын суммасы чагылдырылат. 

3-тилкеде отчет берүү күнүнө карата операциялар боюнча каражаттардын калдыгы көрсөтүлөт. 

4 жана 5-тилкелерде каражаттардын алынган минималдуу жана максималдуу мөөнөттөрү көрсөтүлөт. 

6-тилкеде кредиторлордун аталышы көрсөтүлөт (ар бир кредиторду сап боюнча көрсөтүү зарыл). 

7-тилкеде берилген милдеттенмелер боюнча үстөк баа/чыгаша чагылдырылат. 

8-тилкеде милдеттенмелер берилген валюта көрсөтүлөт. 

9-тилкеде алынган/тартылган милдеттенмелердин шарттары чагылдырылат. 

Бул бөлүктө келтирилген бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлөт. 

2 §. "Каржылоо шарттары жөнүндө маалымат" деп аталган Б бөлүкчөсү 

63. Келтирилген таблицада каржылоо шарттары боюнча кеңири маалымат камтылат. 

"Продуктунун аталышы" деп аталган 1-тилкеде МКК жана МКА тара колдонулуучу каржылоо ыкмалары көрсөтүлөт: 

- "топторду күрөөсүз каржылоодо" - жеке адамдардын тобун субсидиардык топтун жоопкерчилиги астында күрөөлүк камсыздоосуз каржылоо; 

- "топторду күрөө алдында каржылоодо" - күрөөлүк камсыздоонун болушу шартында жеке адамдардын тобун каржылоо; 

- "күрөөсүз жеке каржылоо" - жеке адамдарды жана юридикалык жактарды күрөөлүк камсыздоосуз каржылоо (гарантияларды кошо алганда); 

- "күрөө алдында жеке каржылоо" - күрөөлүк камсыздоонун болушу шартында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды каржылоо; 

- башкалар - жогоруда каралбаган башка каржылоо ыкмалары. 

2-тилкеде бир кардарга каржылоонун минималдуу суммасы чагылдырылат; 

3-тилкеде бир кардарга каржылоонун максималдуу суммасы көрсөтүлөт; 

4-тилкеде каражаттар берилген минималдуу мөөнөтү айларда чагылдырылат; 

5-тилкеде каражаттар берилген максималдуу мөөнөтү айларда көрсөтүлөт; 

6-тилкеде ай ичинде каржылоо боюнча минималдуу үстөк баа/киреше чагылдырылат; 

7-тилкеде ай ичинде каржылоо боюнча максималдуу үстөк баа/киреше көрсөтүлөт; 

“Кирешелүүлүк коэффициенти, %да” деп аталган 8-9-тилкелерде каржылоо боюнча кирешелүүлүк коэффициенттин минималдуу жана максималдуу чени чагылдырылат; 

“Чегерүү ыкмасы” деп аталган 10-11-тилкелерде кирешени чегерүү боюнча колдонулган ыкмага жараша (калдык баланска же баштапкы баланска) каржылоо боюнча портфелдин калдыгы чагылдырылат. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

Бул бөлүктө келтирилген бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлөт. 

3 §. "МКК жана МКА кардарлары жөнүндө" деп аталган В бөлүкчөсү 

64. Бул таблица төмөнкүлөрдү ачып көрсөтөт: 

1-тилкеде отчеттук мезгил ичинде берилген каржылоо боюнча кардарлардын (аялдардын/эркектердин/юридикалык жактардын) саны көрсөтүлөт; 

2-тилкеде отчеттук күнгө карата каржылоо портфелинин калдыгы боюнча кардарлардын (аялдардын/эркектердин/юридикалык жактардын) саны көрсөтүлөт. 

Эскертүү: ушул бөлүкчөнүн каржылоонун портфелинин калдыгы боюнча бардыгы болуп кардарлардын саны "Каржылоо боюнча портфель жөнүндө маалымат" деп аталган 3-бөлүктүн "Тармактар жана региондор боюнча бөлүштүрүү" В бөлүкчөсүнүн жигердүү кардарлардын бардык санына барабар болууга тийиш. 

4 §. "МКК жана МКА персоналы жөнүндө" деп аталган Г бөлүкчөсү 

65. Бул таблицада кызматкерлердин саны, кызматкерлердин эмгек акылары жана МКК жана МКА бөлүмдөрү тууралуу маалыматтар келтирилет. 

1-тилкеде иштеп жаткандар сыяктуу эле, ишке формалдуу түрдө иштеп жаткан катары иш ордун сактап турган (мисалы, үч жашка чейинки балдары бар, учурда өргүүдө жүргөн аялдар) кызматкерлердин саны көрсөтүлөт. Мындан тышкары жарандык укуктук мүнөздөгү келишим боюнча иштеп жаткандар чагылдырылат, албетте ошол кызматкерлер башка ишканалардын тизмесине кирбеген болсо. Кызматкерлердин катталган тизмеси ай ичинде орточо алганда отчеттук айдын ар бир календардык күнүндөгү тизме боюнча катталгандарды суммалоо менен алынган сумманы айдын ар бир календардык күнүнө бөлүү аркылуу эсептелинет. 

2-тилкеде отчеттук айда ал боюнча иштеген убакыт аралыгына сыяктуу эле, иштебеген убакыт үчүн эмгек акылар чегерилген кызматкерлердин саны көрсөтүлөт. Толук эмес жумуш убактысында иштеген же иштин белгилүү түрүн аткарууга тартылган кызматкерлердин саны иш жүзүндө иштелген күнүнө пропорционалдуу эсепке алынат: отчеттук айда иштеген ар бир сааттын саны алгач, иш күнүнүн белгиленген узактыгына, андан соң отчеттук мезгил ичиндеги календарь боюнча жумуш күндөрүнүн санына бөлүнөт. 

3-тилкеде жыл башынан баштап улам өсүүчү жыйынтыгы менен кошумча төлөп берүүлөрдү, үстөк акыларды, сый акылар жана башка төлөөлөр менен айлык акылардын суммаларын өзүнө камтыган эмгек акы боюнча акчалай төлөмдөрдүн суммасы чагылдырылат. 

5 §. "Банктардын агенттик келишими боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу тууралуу маалымат" деп аталган Д таблицасы 

66. "Банктын аталышы" деп аталган 2-тилкеде агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырган коммерциялык банктардын аталышы көрсөтүлөт. 

"Операциялардын түрү" деп аталган 3-тилкеде операциянын түрү, башкача айтканда которуулар системасынын аталышы көрсөтүлөт. Мисалы: "Анелик", "Быстрые деньги" ж.б. 

"Операциялардын саны" деп аталган 4-тилкеде отчеттук мезгил ичинде агенттик келишим боюнча жүргүзүлгөн операциялардын саны чагылдырылат. 

"Жыл башынан тартып бардыгы болуп операциялардын көлөмү" деп аталган 5-тилкеде жыл башынан тартып улам өсүүчү жыйынтыгы менен МКК жана МКА тарабынан ишке ашырылган операциялардын чогуу алгандагы суммасы, сомдук эквивалентте көрсөтүлөт. 

"Анын ичинде отчеттук мезгил үчүн" деп аталган 6-тилкеде отчеттук мезгил үчүн которуулар системасы боюнча МКК жана МКА тарабынан жүзөгө ашырылган операциялардын суммасы чагылдырылат. 

6 §. "Жайгаштыруу операциялары жана инвестициялар боюнча чечмелөө" деп аталган Е таблицасы 

67. "Уюмдун аталышы" деп аталган 3-тилкеде төмөнкү статьялар боюнча бөлүштүргөндө салым кошкон/инвестиция салган уюмдун аталышы көрсөтүлөт: 

1) банктарды кошо алганда, финансылык уюмдардын эсептериндеги акча каражаттар; 

2) инвестициялар жана финансылык катышуу; 

3) мамлекеттик баалуу кагаздар. Мында, бөлүп көрсөтүлгөн мамлекеттик казына векселдер, мамлекеттик казына облигациялар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт. МКК жана МКА Шариаттын стандарттарына туура келсе акча каражаттарын мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестициялоого укуктуу. 

4 жана 7-тилкелерде тиешелүүлүгүнө жараша отчеттук мезгилдин баш жагына жана отчеттук мезгилдин акырына карата операциялар боюнча акча каражаттардын калдыгы көрсөтүлөт. 

5 жана 6-тилкелерде тиешелүүлүгүнө жараша отчеттук мезгил ичинде эсептердеги акча каражаттардын жана инвестициялардын көбөйүүсү жана азаюусу көрсөтүлөт. 

9-тилкеде эсептердеги акча каражаттары жана финансылык уюмга инвестициялар боюнча орточо алынган үстөк баа/киреше пайыздарда чагылдырылат.  

Отчеттук мезгилдин акырына орточо алынган кирешелүүлүк коэффициенти, %да” деп аталган 12-тилкеде финансылык уюмга инвестициялар жана эсептердеги каражаттар боюнча кирешелүүлүк коэффициенти пайыздарда көрсөтүлөт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

7 §. (КР Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2016-жылдын 1-сентябрындагы N 36/1 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготкон) 

8 §. "Уюштуруучуларга/акционерлерге/катышуучуларга сунушталган каржылоо" деп аталган З таблицасы 

69. "Уюштуруучу/акционер/катышуучу" деп аталган 2-тилкеде МКК жана МКА уюштуруучусу/акционери/катышуучусу толугу менен көрсөтүлөт. 

"Сумма" деп аталган 3-тилкеде келишим боюнча каржылоо суммасы чагылдырылат. 

"Берилген күнү" деп аталган 4-тилкеде келишим боюнча каржылоо сунушталган күн (жылы, күнү, айы) көрсөтүлөт. 

"Орду жабылган күн" деп аталган 5-тилкеде келишим боюнча каржылоонун орду жабылган күнү (жылы, айы, күнү) көрсөтүлөт. 

"Каражаттардын калдыгы" деп аталган 6-тилкеде МКК жана МКА уюштуруучусу/акционери/катышуучусу тарабынан сунушталган каржылоонун калган суммасы чагылдырылат. 

"Үстөк баа/чыгаша" деп аталган 7-тилкеде келишимге ылайык каржылоо боюнча үстөк баа/чыгаша чагылдырылат. 

"Валюта" деп аталган 8-тилкеде каржылоо сунушталган валютасы көрсөтүлөт. 

"Башка шарттар" деп аталган 9-тилкеде ушул каржылоо боюнча башка кошумча шарттар чагылдырылат. 

 

7-бөлүк. «Экономикалык ченемдердин сакталышы тууралуу» 

70. Бул бөлүк Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 токтому менен бекитилген, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерине ылайык толтурулат. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген)