Кайта келүү

Улуттук банктын   

Көзөмөл боюнча комитетинин   

2014-жылдын 26-декабрындагы   

№ 46/1 токтомуна карата  

3- тиркеме  

  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту толтуруусу боюнча усулдук көрсөтмөлөр  

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 05.10.2017-ж. № 37/3, 08.02.2018-ж. №06/2, 02.07.2018-ж. №30/5 токтомдору менен бекитилген) 

 

I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР  

1. Бул усулдук көрсөтмөдө төмөнкү бөлүктөр боюнча «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын (мындан ары  Кредиттик союз) мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобого карата тиркемелердин төмөнкү бөлүктөрүн толтуруу тартибине түшүндүрмө берилет:  

1) титулдук барак;  

2) «Баланстык отчет» деп аталган 1-бөлүк;  

3) «Пайда жана чыгымдар» деп аталган 2-бөлүк;    

4) «Каржылоо портфели боюнча маалымат» деп аталган 3-бөлүк;   

5) «Кредиттик союздун ири кардарлары жөнүндө маалымат» деп аталган 4-бөлүк;   

6) «Кредиттик союздардын проблемалуу ири кардарлары жөнүндө маалымат» деп аталган 5-бөлүк;   7) «Каражаттарды тартуу операциялары боюнча отчет» деп аталган 6-бөлүк;   

8) «Башка маалыматтар» деп аталган 7-бөлүк;   

9) «Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат» деп аталган 8-бөлүк;   

2. Көзөмөл боюнча комитеттин 2017-жылдын 5-октябрындагы №37/3 токтомуна ылайык күчүн жоготкон. 

3.  Усулдук көрсөтмөдө камтылбаган бөлүктөр Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык толтурулат.  

  

II. ТИТУЛДУК БАРАК  

4. Титулдук баракта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:   

1) катталган күнү жана чыгыш номери;   

2) отчет даярдалган күн. Отчет даярдалган күн дегенден улам, отчеттук мезгилдин акыркы күнүн жана отчет ушул күндүн акырына карата даярдалгандыгын түшүнүүзарыл;   

3) отчет даярдалып бүткөн күн;  

4) мезгил аралыгы - «чейректик», «жылдык» же «корректировкалоо». Чейректик отчетту сунуштоодо «чейректик» деген сөздүн астын сызып коюу талап кылынат. Жылдык болуп эсептелген 4-чейрек үчүн отчетту берүүдө «жылдык» деген сөздүн асты сызылат. Корректировкаланган отчетту сунуштоодо «корректировкалоо» сөзүн белгилеп коюу зарыл. Эгерде, техникалык мүнөздөгү каталар орун алса, отчетту корректировкалоого жол берилет. Бул учурда өзгөртүүлөр киргизилген отчеттун формалары гана сунушталып, киргизилген өзгөртүүлөр боёлуп (маркер менен) көрсөтүлөт;   

5) жүргүзүлгөн аудиттин же текшерүүнүн түрү  төмөнкү саптардын бири же экөөсү көрсөтүлөт:   

а) ички текшерүү  эгерде текшерүү Кредиттик союздун ревизия комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөн болсо;   

б) корутундусуз аудит  аудит жүргүзүлүп, келечектеги иш пландарга сунуш-көрсөтмөлөрдү бербестен, банк операциялары жана бухгалтердик эсепке алуу туура жүргүзүлгөндүгү жөнүндө корутунду берүү менен чектелсе;  

в) корутунду берүү менен ишке ашырылган аудит  аудит жүргүзүлүп, банк операцияларынын жана бухгалтердик эсепке алуунун туура жүргүзүлгөндүгүн текшерүүдөн тышкары, Кредиттик союзга анын ишин жакшыртуу жана/же өркүндөтүү үчүн сунуш-көрсөтмөлөр жана иш-чаралар планы сунушталса;  

6) отчет берүүчү Кредиттик союздун басма тамгалар менен көрсөтүлгөн аталышы;  

7) Кредиттик союздун Башкармасынын төрагасынын же ал жок учурда төраганын милдетин аткаруучунун, башкы бухгалтердин күбөлөндүрүүчү кол тамгасы;   

8) Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун түзүлүшү, сунушталышы үчүн жооп берген кызматкеринин кызмат ордун, аты-жөнүн жана телефон номерин көрсөтүү менен анын кол тамгасы.   

   

III. МЕЗГИЛ-МЕЗГИЛИ МЕНЕН БЕРИЛҮҮЧҮ РЕГУЛЯТИВДИК ОТЧЕТТУН БӨЛҮКТӨРҮ  

  

1. «Финансылык абал жөнүндө отчет» деп аталган 1-бөлүк  

  

5. Финансылык абал жөнүндө отчетто регулятивдик отчеттун көз карашынан алганда, Кредиттик союздун финансылык абалынын эң эле олуттуу беренелери чагылдырылган.    

Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет эки тилкеден турат:   

1) отчеттун беренелеринин аталышы;   

2) бардыгы болуп  беренелердин сом түрүндөгү маанилери;   

6. Финансылык абал жөнүндө отчеттун беренелериндеги суммалар (каржылоодон тышкары) потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камдын (мындан ары  РППУ), амортизациялык чегерүүлөрдүн жана дисконттун/сый акынын (активдердин таза наркы) тиешелүү суммаларын эсептеп алып салуу менен көрсөтүлөт.  

7. Активдер жана пассивдер отчетто мазмуну боюнча топтоштурулат. Активдер ликвиддүүлүктүн азаюу деңгээли боюнча, ал эми милдеттенмелер төлөө мөөнөтү боюнча жайгаштырылат. Бөлүктүн 3-тилкесинде тиешелүү эсептер тобунун баланстык эсептеринин калдыктары көрсөтүлөт.   

 

1 §. «Активдер» деп аталган A бөлүкчөсү  

  

8. «Акча каражаттары» деп аталган 1-беренеде Кредиттик союздун кассасындагы нак акча каражаттары көрсөтүлөт.   

«Эсептешүү эсептери» деп аталган 2-беренеде коммерциялык банктарда эсептешүү эсептеринде турган акча каражаттары көрсөтүлөт.  

«Банктарда жана финансы-насыялык уюмдарда ачылган эсептердеги акча каражаттары» деп аталган 3-беренеде Кредиттик союзга киреше алып келген жана белгиленген төлөө мөөнөтүнө ээ коммерциялык банктарда жайгаштырылган Кредиттик союздун каражаттары көрсөтүлөт.   

«Төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздар» деп аталган 4-беренеде Кредиттик союз төлөө мөөнөтүнө чейин ээлик кылууга ниеттенген жана ээлик кылууга жөндөмдүү карыздык баалуу кагаздар көрсөтүлөт.  

«Сатууга жарактуу карыздык жана капиталдык баалуу кагаздар» деп аталган 5-беренеде кыска мөөнөт ичинде сатуу максатын көздөөсүз сатылып алынган, бирок төлөөгө чейин сатылышы мүмкүн болгон карыздык жана капиталдык баалуу кагаздар чагылдырылат. Сатууга жарактуу баалуу кагаздар  бул Кредиттик союз тарабынан сатылып алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик казына векселдери, мында Улуттук банк тарабынан лицензияланган башка финансы-насыялык уюмдардын капиталдык баалуу кагаздары эске алынбайт. Кредиттик союз тарабынан сатылып алынган баалуу кагаздар Шариат стандарттарына ылайык келүүгө тийиш.   

«Бардыгы болуп ликвиддүү активдер» деп аталган 6-беренеде 1ден 5ке чейинки беренелердин маанилеринин суммасы көрсөтүлөт.   

«Каржылоо» деп аталган 7-беренеде Кредиттик союз тарабынан өз катышуучуларына сунушталган каржылоо көрсөтүлөт.   

«Атайы РППУ» деп аталган 8-беренеде Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 23-апрелиндеги №16/3 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык түзүлгөн классификацияланган активдер боюнча атайы РППУнун суммасы көрсөтүлөт.   

«Бардыгы болуп: таза каржылоо» деп аталган 9-беренеде 7 жана 8-беренелер ортосундагы маанилердин айырмасы көрсөтүлөт.  

«Кардарларга андан ары өткөрүп берүү үчүн активдер/шаймандар» деп аталган 10-беренеде Кредиттик союз тарабынан кардарларга андан ары өткөрүп берүүүчүн сатылып алынган, анын ичинде мурабаха жана иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишимдери боюнча сатылып алынган имараттардын, башка курулмалардын, эмеректердин, жабдуулардын жана башка активдердин/шаймандардын наркы көрсөтүлөт. Маалыматтар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккөбөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат.   

«Бардыгы болуп, негизги каражаттар» деп аталган 11-беренеде имараттарга, эмеректерге, кеңсе жабдууларына, компьютерлерге, автоунааларга жана бүткөрүлө элек курулушка салымдар көрсөтүлөт. 11-берене өзүнө ошондой эле кайтарымсыз негизде грант түрүндө алынган негизги каражаттарды камтыйт. Негизги каражаттардын наркы топтолгон амортизациянын суммасынан азаят (минуска чыгаруу менен).   

«Башка менчик» деп аталган 12-беренеде төмөнкүлөр боюнча маалыматтар көрсөтүлөт:   

а) алган каржылоонун ордун жабуу үчүн кабыл алынган кардардын кыймылсыз мүлкү  күрөөлүк мүлккө менчик укугу Кредиттик союзга өтүшүнүн натыйжасында Кредиттик союздун балансына кабыл алынган кыймылсыз мүлк чагылдырылат;  

б) сунушталган каржылоонун ордун жабууга кабыл алынган кардардын башка мүлкү - күрөөлүк мүлккө менчик укугу Кредиттик союзга өтүшүнүн натыйжасында Кредиттик союздун балансына кабыл алынган кардардын башка мүлкү (кыймылсыз мүлктөн тышкары) чагылдырылат.  

«Инвестициялар жана финансылык катышуу» деп аталган 13-беренеде Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана жөнгө салынган финансы-насыялык уюмдардын капиталына салынган инвестициялар көрсөтүлөт.   

«Бардыгы болуп, алууга чегерилген кирешелер» деп аталган 14-беренеде өзүнчө тиешелүү саптарда чагылдырылуучу төмөнкү а) - г) кичи беренелер боюнча маалыматтар чагылдырылат:   

а) банктарда жана башка финансы-насыялык уюмдарда жайгаштырылган акча каражаттары боюнча - банктарда жана башка финансы-насыялык уюмдарда ачылган эсептердеги акча каражаттары боюнча алууга чегерилген кирешелер чагылдырылат;  

б) каржылоо боюнча  катышуучуларга берилген каржылоо боюнча алууга чегерилген кирешелер чагылдырылат;  

в) төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар боюнча - төлөөгө чейин кармалып туруучу сатылып алынган баалуу кагаздар боюнча алууга чегерилген кирешелер чагылдырылат;  

г) сатуу үчүн жарактуу баалуу кагаздар боюнча  сатуу үчүн жарактуу сатылып алынган баалуу кагаздар боюнча алууга чегерилген кирешелер көрсөтүлөт.  

«Башка активдер» деп аталган 15-беренеде жогорудагы беренелерде эске алынбаган башка активдер көрсөтүлөт: комиссиялык, алдын ала төлөө, келечектеги чыгашалар, алууга каралган эсептер, пайдаланууга берилген аз баалуу жана тез эскирүүчү буюмдар, товардык-материалдык запастар, материалдык эмес активдер, ижарага алынган менчикти жабдууга капиталдык салымдар жана башкалар.  

«Бардыгы болуп активдер» деп аталган 16-беренеде 6, 9 жана 10-15-беренелердин маанилеринин суммасы көрсөтүлөт.   

Системадан тышкаркы эсептерде системадан тышкары эсепке алынган маалыматтар көрсөтүлөт: эсептеп алынып салынган активдер, классификацияланган активдер боюнча эсептеп алынып салынган чегерилген кирешелер, сатылуучу таза нарк боюнча башка мүлк жана классификацияланган активдер боюнча милдеттенмелер аткарылбагандыгы үчүн төлөөлөр (туум).   

  

§ 2. «Милдеттенмелер жана капитал» деп аталган Б бөлүкчөсү  

  

9. «Кард хасан келишими боюнча талап боюнча төлөнүүчү эсептер” деп аталган 1-беренеде Кредиттик союздун катышуучуларынын талап боюнча төлөнүүчү эсептердеги акча каражаттары чагылдырылат.   

«Мудараба келишими боюнча мөөнөттүү эсептер” деп аталган 2-беренеде Кредиттик союздун катышуучуларынын мөөнөттүү эсептердеги акча каражаттары төмөнкүлөргө бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат:  

а) чектелген мудараба келишими боюнча мөөнөттүү эсептер;  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча мөөнөттүү эсептер.  

«Бардыгы болуп» деп аталган 3-беренеде 1 жана 2-беренелердин маанилеринин суммасы көрсөтүлөт.   

«Банктардан жана башка финансы уюмдардан алынган каржылоо» деп аталган 4-беренеде Кредиттик союздун банктардан жана башка финансы уюмдардан алган каржылоо суммасы төмөнкүлөргө бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат:  

а) «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсыдан (мындан ары  КСФК);  

б) анын ичинде КСФКдан техникалык каржылоо;  

в) банктардан;  

г) башка финансы уюмдардан;  

д) эл аралык финансы уюмдарынан жана донорлордон;  

е) эл аралык финансы-насыялык уюмдардан.  

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан сунушталган каржылоо» деп аталган 5-беренеде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, областтык, райондук, шаардык акимиаттар тарабынан сунушталган каржылоо, министрликтердин жана башка бюджеттик фондулардын эсептери чагылдырылат.   

«Башка милдеттенмелер жана каржылоо» деп аталган 6-беренеде капиталдык ижара боюнча милдеттенмелер жана Кредиттик союздун ушул сыяктуу башка милдеттенмелери чагылдырылат.   

«Төлөөгө чегерилген чыгашалар» деп аталган 7-беренеде Кредиттик союз тарабынан чегерилген, бирок отчет түзүү күнүнө карата төлөнүп бериле элек чыгашалар төмөнкүлөргө бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат:   

а) катышуучулардын эсептери боюнча;  

б) КСФКдан каржылоо боюнча;   

в) КСФКдан техникалык каржылоо боюнча;  

г) банктардан каржылоо боюнча;  

д) башка финансылык уюмдардан каржылоо боюнча;  

е) эл аралык уюмдардан жана донорлордон каржылоо боюнча;   

ж) эл аралык финансы-насыялык уюмдардан каржылоо боюнча;  

з) башкалар.  

«Башка милдеттенмелер» деп аталган 8-беренеде маалыматтар төмөнкүлөргө бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат:  

а) кредиторлордун эсептери  товарларды жеткирүү, сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөр боюнча ар башка милдеттенмелер, чегерилген эмгек акы чагылдырылат;   

б) мухараба жана салам операциялары боюнча мөөнөтү жылдырылган киреше (үстөк баа);  

в) төлөөгө каралган дивиденддер  бөлүштүрүүдөн кийин Кредиттик союздун катышуучуларына чегерилген дивиденддердин суммасы чагылдырылат;  

г) чегерилген милдеттенмелер  чегерилген эмгек акы, чегерилген салык төлөмдөрү чагылдырылат;  

д) келечекте түшүүчү кирешелер  сатып алуучулардан негизги каражаттар, материалдар, кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынган аванстык түшүүлөр, ордун жабууга каралган комиссиялык чыгашалар чагылдырылат.  

«Бардыгы болуп милдеттенмелер» деп аталган 9-беренеде 3-8-беренелердин маанилеринин суммасы чагылдырылат.   

«Сактык пайлар» деп аталган 10-беренеде отчет түзүү күнүнө карата Кредиттик союздун катышуучуларынын сактык пайларынын жалпы суммасы чагылдырылат.   

«Келечекте керектөөлөргө кам (капиталдык камдар)» деп аталган 11-беренеде Кредиттик союз тарабынан катышуучулардын жалпы жыйынында кабыл алынган чечимге ылайык пайданын бир бөлүгүнөн же болбосо бардык суммасынан түзүлгөн (дивиденддерди төлөө үчүн жеткиликтүү эмес) камдар чагылдырылат. Кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйынынын жыйынтыктары боюнча жылына бир жолу түзүлөт.   

«Жалпы РППУ» деп аталган 12-беренеде классификацияланбаган активдер боюнча РППУ суммасы көрсөтүлөт.   

«Пайданы теңдештирүү үчүн кам» деп аталган 13-беренеде инвестициялык эсеп ээлеринин инвестициялары боюнча белгилүү бир кирешелүүлүк деңгээлин колдоо максатында, дүң пайдадан мудариба үлүшүн бөлүштүргөнгө чейин Кредиттик союз тарабынан бөлүнүүчү сумма чагылдырылат.   

«Инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга каралган кам» (болгон учурда) деп аталган 14-беренеде инвестициялык эсеп ээлеринин келечектеги инвестициялык чыгым тартуу тобокелдиктерин жеңилдетүү максатында, мудариба пайда үлүшүн бөлүштүрүүдөн кийин инвестициялык эсеп ээлеринин пайдасынан бөлүнүүчү сумма чагылдырылат.   

«Бөлүштүрүлбөгөн пайда/чыгым» деп аталган 15-беренеде маалыматтар төмөнкүлөргө бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат:  

а) өткөн жылдардагы пайда/чыгым  бөлүштүрүлбөй калган өткөн жылдардагы пайданын суммасы чагылдырылат;  

б) акыркы отчеттук мезгилдеги (күндөлүк) пайда/чыгым.   

«Бардыгы болуп капитал» деп аталган 16-беренеде 10, 11, 12, 13, 14 жана 15-а)-беренелеринин суммасы көрсөтүлөт, чыгым орун алган шартта 15-а) жана 15-б) саптары алынып салынат.   

«Бардыгы болуп милдеттенмелер жана капитал» деп аталган 17-беренеде 9-15-беренелердин суммасы чагылдырылат.   

  

§ 3. «Баланстан тышкаркы милдеттенмелер» деп аталган В бөлүкчөсү  

  

10. «Каржылоону сунуштоо үчүн милдеттенмелер» деп аталган 1-беренеде келечекте каржылоону сунуштоого милдеттенмелер чагылдырылат.   

«Гарантиялар, кепилдиктер жана ушул сыяктуу милдеттенмелер» деп аталган 2-беренеде Кредиттик союздун жалпы гарантиялары жана алар сыяктуу милдеттенмелери чагылдырылат.   

«Активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер» деп аталган 3-беренеде Кредиттик союздун келечекте активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелери чагылдырылат.  

«Баланстан тышкаркы башка милдеттенмелер» деп аталган 4-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн баланстан тышкаркы башка милдеттенмелер чагылдырылат.   

«Бардыгы болуп баланстан тышкаркы милдеттенмелер» деп аталган 5-беренеде 1-4 чейинки беренелер суммасы көрсөтүлөт.   

  

2. «Пайда жана чыгым жөнүндө отчет» деп аталган 2-бөлүк  

  

11. Отчеттун бул формасында Кредиттик союздун отчеттук мезгил ичинде (3-графа «чейрек ичинде») жана жыл башынан бери (4-графа «улам өсүү жыйынтыгы менен») алган кирешелери жана тарткан чыгымдары чагылдырылууга тийиш. Кредиттик союздун иш натыйжасында келип чыккан кирешелер жана чыгашалар алардын мүнөздөмөлөрү боюнча топтоштурулуп, кирешелер жана чыгашалардын негизги түрлөрүнүн суммалары ачып көрсөтүлөт.   

«Операциялар боюнча алынган кирешелер» деп аталган 1-беренеде Кредиттик союздун отчеттук мезгил ичинде алган кирешелери көрсөтүлүп, анда төмөнкүкичи беренелердин суммалары камтылат:  

- карыздык милдеттенмелер боюнча (баалуу кагаздар боюнча);  

- башка банктардагы жана финансы-насыялык уюмдардагы эсептерде жайгаштырылган акча каражаттары боюнча;  

- Кредиттик союздун катышуучуларына сунушталган каржылоо боюнча.  

«Операциялар боюнча тарткан чыгашалар» деп аталган 2-беренеде Кредиттик союздун отчеттук мезгил ичинде тарткан чыгашалары чагылдырылат жана 3, 4 жана 5-беренелердин суммалары камтылат.   

«Катышуучулардын эсептери боюнча чыгашалар» деп аталган 3-беренеде Кредиттик союзда жайгаштырылган өз катышуучуларынын эсептери боюнча чыгашалар чагылдырылат.   

«Банктардан жана финансы уюмдардан алынган каржылоо боюнча чыгашалар» деп аталган 4-беренеде тышкы булактардан: КСФКдан, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынан, башка финансы уюмдардан алынган каржылоого байланыштуу бардык чыгашалар чагылдырылат.  

«Операциялар боюнча башка чыгашалар» деп аталган 5-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн операциялар боюнча башка чыгашалар чагылдырылат.   

«Таза киреше» деп аталган 6-беренеде 1 жана 2-беренелердин ортосундагы айырма көрсөтүлөт.   

«РППУга чыгашалар» деп аталган 7-беренеде РППУга кеткен чыгашалар чагылдырылат.   

«РППУга чегерилгенден кийинки таза киреше» деп аталган 8-беренеде 6 жана 7-беренелердин ортосундагы айырма көрсөтүлөт.   

«Башка операциялардан кирешелер» деп аталган 9-беренеде Кредиттик союздун башка ишинин түрлөрү боюнча акча каражаттарын топтоодон түшкөн кирешелер көрсөтүлөт жана анда төмөнкү кичи беренелер суммасы камтылат:  

а) кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр жана каржылоо боюнча комиссиялык жыйымдар  комиссиялык жыйымдар түрүндөгү кирешелер жана нотариалдык алымдарды ж.б. кошо алганда, кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынган башка ушул сыяктуу төлөөлөр көрсөтүлөт;  

б) жайларды ижарага алуу үчүн төлөөлөр  Кредиттик союздун башка ижарачылар ээлеген өз имараттарынан алган кирешеси көрсөтүлөт;  

в) негизги каражаттарды сатуудан түшкөн киреше (чыгым)  Кредиттик союзда пайдаланылуучу негизги каражаттарды сатуудан Кредиттик союз алуучу киреше (тарткан чыгымдар) көрсөтүлөт;  

г) башка мүлктү сатуудан түшкөн киреше (чыгым)  кайтарылбаган каржылоо боюнча күрөөлүк мүлктү сатуудан Кредиттик союз алуучу киреше (тарткан чыгым);  

е) башка кирешелер  жогоруда көрсөтүлбөгөн башка кирешелер көрсөтүлөт.  

«Башка операциялардан тарткан чыгашалар» деп аталган 10-беренеде Кредиттик союздун отчеттук мезгил ичинде тарткан операциялык чыгашалары чагылдырылат жана анда 11-19-беренелердин суммасы камтылат.   

«Персоналды күтүүгө кеткен чыгашалар» деп аталган 11-беренеде Кредиттик союздун кызматкерлеринин жана жетекчилеринин эмгегине төлөөлөргө, сый акыларга, социалдык төлөөлөргө, персоналды окутууга жумшалган жана башка төлөөлөргө байланыштуу чыгашалары чагылдырылат.   

«Социалдык фондго чегерүүлөр» деп аталган 11-а) беренеде Социалдык фондго чегерилген суммалар чагылдырылат.   

«Имараттарга жана курулмаларга кеткен чыгашалар» деп аталган 12-беренеде Кредиттик союздун имараттардын операциялык ижарасына кеткен чыгашалары, ижарага алынган өндүрүштүк жайларды амортизациялоо, имараттарды жана курулмаларды амортизациялоо, имараттарды күтүүгө кеткен чыгашалар, имараттарды тейлөө жана күтүү келишими боюнча чыгашалар, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, күндөлүк ремонт иштери, имараттардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чыгашалар көрсөтүлөт.   

«Эмеректерге, жабдууларга, компьютерлерге жана программалык камсыздоолорго чыгашалар» деп аталган 13-беренеде эмеректерди, жабдууну жана компьютерлерди амортизациялоого, эмерек жана жабдууну ижарага алууга, эмеректерди жана жабдууларды күндөлүк оңдоо иштерине, жабдууну, компьютерлерди, программалык камсыздоолорду тейлөөгө жана күтүүгө түзүлгөн келишимдер боюнча чыгашалар көрсөтүлөт.  

«Административдик чыгашалар» деп аталган 14-беренеде Кредиттик союздун ишин камсыз кылууга байланышкан чыгашалары көрсөтүлөт: кеңсе товарлары жана ага тиешелүүлөр, байланыш кызмат көрсөтүүлөр, иш сапарга кеткен чыгашалар, өкүлчүлүк чыгашалар, автоунааларды амортизациялоого чыгашалар, автоунааларды күтүүгө кеткен чыгашалар, адистердин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чыгашалар, жарнама жана маркетингге чыгашалар, жарыялоо жана жазылууларүчүн чыгашалар, башка административдик чыгашалар.   

«Каржылоо жана карыздар боюнча чыгашалар» деп аталган 15-беренеде каржылоону сунуштоого, карыздарды кайтарууга жана менчикке кабыл алынган күрөө түрүндөгү мүлктү администрлөөгө байланыштуу чыгашалар чагылдырылат жана анда төмөнкүлөр камтылат:  

а) карызды кайтарууга чыгашалар  карызды кайтарууга кеткен чыгашалар көрсөтүлөт (мисалы, юристтердин, ортомчулардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөөлөр);  

б) менчикке кабыл алынган күрөөлүк мүлк боюнча чыгашалар  Кредиттик союздун менчигине кабыл алынган күрөөлүк мүлк боюнча чыгашалар чагылдырылат (мисалы, мүлктү коргоо үчүн төлөөлөр, мүлктүн андан ары бузулушуна жол бербөө үчүн ремонттон өткөрүү же ал сатылганга чейин анын наркын сактап турууга төлөөлөр, ошондой эле күрөөлүк укукту сатууга байланыштуу юридикалык кызмат көрсөтүү үчүн чыгашалар).  

«Башка операциялык чыгашалар» деп аталган 16-беренеде Кредиттик союздун кайрымдуулукка кеткен чыгашалары, кассадагы суммалардын жетпей жана артып калышы менен байланыштуу чыгашалар, Кредиттик союздун ишинде келип чыккан башка чыгашалар чагылдырылат.   

«Пайда салыгынан тышкары, салыктар» деп аталган 17-беренеде кошумча нарк салыгы жана башка салыктар көрсөтүлөт.  

«Күтүүсүз кирешелер жана чыгашалар» деп аталган 18-беренеде Кредиттик союздун кадимки ишине байланышпаган жана сейрек кездешүүчү иш жагдайынан келип чыккан кирешелер же кеткен чыгымдар (өзгөчө учурда киреше алуу жана чыгаша тартуу) чагылдырылат.  

«Күтүүсүз алынган пайдадан салык боюнча чыгашалар» деп аталган 19-беренеде күтүүсүз жагдайлардан келип чыккан пайдадан салык көрсөтүлөт.  

«Таза операциялык киреше (чыгым)» деп аталган 20-беренеде 10-беренени минуска чыгаруу менен 8 жана 9-беренелердин суммасы чагылдырылат.  

«РППУ (каржылоо операцияларынан тышкары, башка операциялар боюнча)» деп аталган 21-беренеде каржылоо операцияларынан тышкары башка операциялар боюнча түзүлгөн РППУга кеткен чыгашалар көрсөтүлөт.   

«Битирге жана кайрымдуулукка кеткен чыгашалар» деп аталган 22-беренеде Кредиттик союздун битирге, кайрымдуулукка сарптаган чыгашалары көрсөтүлөт.   

«РППУга чегерүүлөрдөн кийинки таза киреше/чыгым» деп аталган 23-беренеде 20, 21 жана 22-беренелердин ортосундагы айырма көрсөтүлөт.   

  

3. «Каржылоо портфели боюнча маалымат»  деп аталган 3-бөлүк.  

  

§ 1. «Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер» деп аталган А бөлүкчөсү.  

  

12. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер боюнча маалыматтар өткөрүп жиберген күндөрүнө жараша беренелер боюнча бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат.   

13. 3, 4, 5-тилкелерде отчеттук мезгилдин акырына карата тиешелүүлүгүнө жараша негизги сумма, үстөк баа/кирешелер (график боюнча) боюнча төлөмдөр (график боюнча) жана каржылоо калдыгы көрсөтүлөт.   

“Кирешелүүлүк коэффициенти, %да" деп аталган 6-тилкеде кирешелүүлүк коэффициенти пайыздык мааниде көрсөтүлөт.  

Кирешелүүлүк коэффициентинин аныктамасы жылдык эффективдүү пайыздык чендин аныктамасына шайкеш. Кирешелүүлүк коэффициенти анык, жылдык, эффективдүү салыштырылуучу эсептөөдөгү киреше, аны эсептөөдө депозит эсебинде акча каражаттарды жайгаштыргандыгы үчүн кардарга сый акы берилгендигине же кардардын каржылоону алууга байланыштуу төлөмдөрү эске алынат.  

Кирешелүүлүк коэффициенти Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/4 токтому менен бекитилген “Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сыйакы өлчөмү жөнүндө маалыматтарды таркатууда эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө жөнүндө” жобого ылайык эсептелинет. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

14. “Бардык мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер” 6-статьясында 1-5-статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

“Реструктуризацияланган активдер” 7-статьясында реструктуризацияланган активдер бир же эки жана андан көп жолу реструктуризациялангандыгына жараша көрсөтүлөт.  

“Отчеттук мезгил ичинде баланстан алынып салынган активдердин жалпы суммасы” 10-статьяда өтүп жаткан айда баланстан алынып салынган жана кредиттик союздун системадан тышкары эсепке алуусуна чыгарылган кредиттердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.    

Өсүү жыйынтыгы менен баланстан алынып салынган кредиттердин жалпы суммасы” 11-статьяда өсүү жыйынтыгы менен баланстан алынып салынган жана кредиттик союздун системадан тышкары эсепке алуусуна чыгарылган кредиттердин жалпы суммасы көрсөтүлөт.”. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 02.07.2018-ж. № 30/5 токтому менен бекитилген)  

§ 2. «Активдерди классификациялоо» деп аталган Б бөлүкчөсү  

  

15. «Статьянын аталышы» деп аталган 2-тилкеде сунушталган каржылоонун багыты көрсөтүлөт.  

«Бардыгы болуп активдер» деп аталган 3-тилкенин мааниси 6, 7, 9, 10, 11, 12-тилкелеринин маанилеринин суммасына барабар болууга тийиш.  

«Дисконт» деп аталган 4-тилкеде бардык каржылоо операциялары боюнча амортизацияланбаган дисконттун өлчөмү көрсөтүлөт.  

«Бардыгы болуп камдар» деп аталган 5-тилкеде активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин ар бир түрү үчүн РППУнун (жалпы жана атайын)өлчөмү көрсөтүлөт. 5-тилкенин мааниси 8 жана 12-тилкелердин маанилеринин суммасына барабар болууга тийиш.  

8 жана 12-тилкелерде РППУнун өлчөмү жалпы жана атайын камдар түрүнө бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат.  

6, 7, 9, 10, жана 11-тилкелерде активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин категориялары «стандарттыктан» «жоготууларга» чейин классификацияланышына жараша чагылдырылат.  

13 жана 14-тилкелерде орточо алынган үстөк баа/киреше жана кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт. Үстөк баа/киреше ушул усулдук көрсөтмөлөрдүн 16-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте эсептелинет. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

16. Төмөндө отчеттук мезгилдин акырына карата орточо алынган үстөк бааны эсептөө формуласы келтирилген. 

Каржылоо боюнча үстөк бааны төмөнкү формула боюнча жылдык мааниге келтирүүгө болот:

мында: 

отчеттук мезгилдин акырына карата жылдык үстөк баа/киреше, пайыздарда,    

 келишимде көрсөтүлгөн үстөк баа суммасы/каржылоо боюнча киреше суммасы,  

PV  келишимде көрсөтүлгөн каржылоо суммасы,    

 келишим боюнча каржылоо мөөнөтү (кошумча келишимге ылайык реструктуризациялоо мөөнөтү).  

 

Орточо алынган үстөк баа/киреше = (X1/X* I 1+ X2/X* I 2)*100   

Ар бир каржылоо операциясынын суммасы сунушталган каржылоонун жалпы суммасына (каржылоо боюнча портфелден айкын каржылоо суммасы) бөлүнөт жана ошол каржылоо түрүнө ылайык, үстөк баа/киреше ченине көбөйтүлөт (пайыздык туюндуруу жогоруда көрсөтүлгөн формула боюнча эсептелинет).    

Х -  өз-өзүнчө каржылоо шартында сунушталган каржылоонун жалпы суммасы,   

Х1, Х2 жылдык үстөк баанын/кирешенин бир чени боюнча каржылоо операцияларынын суммасы,    

I1, I2, - өзүнчө каржылоо операциялары боюнча жылдык  үстөк баа/киреше. 

 (өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

§ 3. «Иджара мунтахийя биттамлик операцияларын классификациялоо» деп аталган  

В бөлүкчөсү  

  

17. «Иджара мунтахийя биттамлик операцияларын классификациялоо» деп аталган В бөлүкчөсү «Активдерди классификациялоо» деп аталган Б бөлүкчөсүнө окшош толтурулат.   

  

§ 4. «Каржылоо боюнча портфель» деп аталган Г бөлүкчөсү  

  

18. «Берененин аталышы» деп аталган 2-тилкеде сунушталган каржылоонун багыты көрсөтүлөт.   

«Бардыгы болуп, отчеттук мезгилдин башына карата каржылоо боюнча портфель» деп аталган 3-тилкеде мезгилдин башына карата каржылоо боюнча портфелдин суммасы чагылдырылат.   

«Бардыгы болуп, отчеттук мезгил ичинде берилген» деп аталган 4-тилкеде бир мезгил ичинде сунушталган каржылоо көлөмү көрсөтүлөт. 4-тилке 714-тилкелердин суммасына барабар болууга тийиш.  

«Бардыгы болуп, отчеттук мезгил ичинде орду жабылган» деп аталган 5-тилкеде бир мезгил ичинде орду жабылган каржылоо суммасы чагылдырылат.  

«Бардыгы болуп, отчеттук мезгилдин акырына карата каржылоо боюнча портфель» деп аталган 6-тилкеде отчеттук мезгилдин акырына карата каржылоо боюнча портфелдин өлчөмү көрсөтүлөт. 6-тилке 5-беренени минуска чыгаруу менен 3 жана 4-беренелердин суммасына барабар болууга тийиш.  

7-тилкеде 30 күнгө чейин мөөнөтү менен сунушталган каржылоо суммасы чагылдырылат.  

8-тилкеде 30 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөтү менен сунушталган каржылоо суммасы көрсөтүлөт.  

9-тилкеде 90 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөтү менен сунушталган каржылоо суммасы чагылдырылат.  

10-тилкеде 180 күндөн 365 күнгө чейинки мөөнөтү менен сунушталган каржылоо суммасы көрсөтүлөт.  

11-тилкеде 1 жылдан 2 жылга чейинки мөөнөтү менен сунушталган каржылоо суммасы чагылдырылат.  

12-тилкеде 2 жылдан 3 жылга чейинки мөөнөтү менен сунушталган каржылоо суммасы көрсөтүлөт.  

13-тилкеде 3 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөтү менен сунушталган каржылоо суммасы чагылдырылат.  

14-тилкеде 5 жылдан ашык мөөнөтү менен сунушталган каржылоо суммасы көрсөтүлөт.  

15-тилкеде отчеттук мезгил ичинде орточо алынган үстөк баа/киреше пайыздарда көрсөтүлөт.  

 

 16-тилкеде отчеттук мезгил ичинде орточо алынган кирешелүүлүк коэффициенти пайыздарда көрсөтүлөт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

§ 5. «Иджара мунтахийя биттамлик операциясы» деп аталган Д бөлүкчөсү  

  

19. «Операция иджара мунтахийя биттамлик операциясы» деп аталган Д бөлүкчөсү «Каржылоо боюнча портфель» деп аталган Г бөлүкчөсүнө окшош толтурулат  

  

§ 6. «Алынган каржылоо боюнча маалымат» деп аталган Е бөлүкчөсү  

 

20. 2-тилкеде ар бир каржылоо операциялары боюнча уюмдардын аталыштары көрсөтүлөт.   

3-тилкеде отчеттук мезгилдин башына карата каржылоо боюнча тартылган каражаттардын суммасы чагылдырылат.  

4-тилкеде отчеттук мезгил ичинде каржылоо боюнча тартылган каражаттардын көлөмү көрсөтүлөт.   

5-тилкеде отчеттук мезгил ичинде орду жабылган каржылоонун суммасы чагылдырылат.  

6-тилкеде 5-беренени минуска чыгаруу менен 3 жана 4-беренелердин суммасы көрсөтүлөт.  

714-тилкелерде мөөнөттөрү боюнча бөлүп көрсөтүү менен алынган каржылоонун суммасы чагылдырылат.  

  

4. «Кредиттик союздун ири кардарлары жөнүндө маалымат» деп аталган 4-бөлүк  

  

21. Бул формага отчеттук күнгө карата абал боюнча эң ири он беш карыз (каржылоо) боюнча маалыматтар кемүү тартибинде киргизилет.   

"Кардардын аты-жөнү" деп аталган 2-тилкеде Кредиттик союздун кардарынын аты-жөнү толук көрсөтүлөт.   

"Каржылоо сунушталган күн" деп аталган 3-тилкеде каржылоо келишимине ылайык учурда сунушталган каржылоо күнү (жылы, күнү, айы,) көрсөтүлөт.   

"Сунушталган каржылоону төлөө күнү" деп аталган 4-тилкеде каржылоо келишимине ылайык учурдагы каржылоону төлөө күнү (жылы, күнү, айы) чагылдырылат.   

"Сунушталган каржылоо суммасы" деп аталган 5-тилкеде каржылоо келишимине ылайык сунушталган каржылоонун суммасы көрсөтүлөт.   

"Үстөк баа/киреше" деп аталган 6-тилкеде каржылоо келишимине ылайык сунушталган каржылоо боюнча жылдык үстөк баа/киреше көрсөтүлөт.  

"Кирешелүүлүк коэффициенти, %" деп аталган 7-тилкеде  сунушталган каржылоо боюнча кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт. 

"Төлөмдөрдүн саны" деп аталган 8-тилкеде каржылоо боюнча келишимге ылайык төлөө графиги боюнча каржылоо жагында төлөмдөрдүн саны чагылдырылат.   

"Төлөө аралыгы" деп аталган 9-тилкеде каржылоо келишимине ылайык төлөө графиги боюнча сунушталган каржылоо боюнча төлөөлөрдүн мезгилдүүлүгү чагылдырылат.  

"Негизги сумманын алгачкы төлөмүн төлөө күнү" деп аталган 10-тилкеде каржылоо келишимине ылайык төлөө графиги боюнча негизги сумманын алгачкы төлөмүн төлөө күнү көрсөтүлөт.   

"Негизги сумманын акыркы төлөмүн төлөө күнү" деп аталган 11-тилкеде каржылоо келишимине ылайык төлөө графиги боюнча негизги сумманын акыркы төлөмүн төлөө күнү көрсөтүлөт.   

"Максаты" деп аталган 12-тилкеде каржылоо келишимине ылайык учурдагы каржылоонун (каржылоо багытталган иштин түрү) максаттуу багыты чагылдырылат.   

"Айдын башына карата негизги сумма калдыгы" деп аталган 13-тилкеде отчеттук мезгилдин башына карата учурдагы каржылоонун негизги суммасынын калдыгы көрсөтүлөт.   

"Төлөнгөн негизги сумма" деп аталган 14-тилкеде негизги карыздын суммасынын ушул айда төлөнгөн бир бөлүгү көрсөтүлөт.   

"Берилген негизги сумма" деп аталган 15-тилкеде негизги карыздын суммасынын ушул айда берилген бөлүгү чагылдырылат." 

"Айдын акырына карата негизги сумманын калдыгы" деп аталган 16-тилкеде отчеттук мезгилдин акырына карата учурдагы каржылоонун негизги суммасынын калдыгы көрсөтүлөт.   

үрөө деп аталган 17-тилкеде күрөөнүн түрү көрсөтүлөт. 

 (өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

5. «Кредиттик союздун ири проблемалуу кардарлары жөнүндө маалымат» деп аталган 5-бөлүк  

  

1§ . «Кредиттик союздун ири проблемалуу кардарлары жөнүндө маалымат» деп аталган А бөлүкчөсү  

  

22. Бул бөлүкчөгө отчеттук күнгө карата абал боюнча эң ири он беш карыз боюнча маалыматтар кемүү тартибинде киргизилет.   

«Кардардын аты-жөнү» деп аталган 2-тилкеде Кредиттик союздун кардарынын аты-жөнү толук көрсөтүлөт.  

«Кардардын катталган жери боюнча жашаган жери” деп аталган 3-тилкеде Кредиттик союздун кардарынын паспорту боюнча (Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан берилген) жашаган жери (район, шаар/айыл, көчөсүнүн аталышы, үй номери) чагылдырылат.  

«Паспорттогу маалыматтар» деп аталган 4-тилкеде Кредиттик союздун кардарынын паспортундагы маалыматтар чагылдырылат.  

«Каржылоо сунушталган күн» деп аталган 5-тилкеде каржылоо келишимине ылайык сунушталган каржылоо күнү көрсөтүлөт.  

«Сунушталган каржылоону төлөө күнү» деп аталган 6-тилкеде каржылоо келишимине ылайык сунушталган каржылоону төлөө күнү (жылы, айы, күнү) чагылдырылат.  

«Сунушталган каржылоо суммасы» деп аталган 7-тилкеде каржылоо келишимине ылайык сунушталган каржылоонун суммасы көрсөтүлөт (сом).  

Үстөк баа/киреше, %да” жана “Кирешелүүлүк коэффициенти, %да” деп аталган 8 жана 9-тилкелерде каржылоо боюнча жылдык үстөк баа/киреше жана кирешелүүлүк коэффициенти пайыздарда көрсөтүлөт.   

"Максаты" деп аталган 10-тилкеде каржылоо келишимине ылайык сунушталган каржылоонун максаттуу багыты (каржылоо багытталган иштин түрү) көрсөтүлөт.   

"Кардардын проблемасынын кыскача баяндалышы" деп аталган 11-тилкеде кардарга сунушталган каржылоо боюнча мөөнөтүндө төлөнбөй калуу себеби чагылдырылат.   

"Негизги карыз" деп аталган 12-тилкеде отчеттук күнгө карата абал боюнча сунушталган каржылоо боюнча учурда орун алып турган карыз чагылдырылат.   

Үстөк баа/киреше" жана “Кирешелүүлүк коэффициенти” деп аталган 13 жана 14-тилкелерде учурдагы каржылоо боюнча үстөк баанын/кирешенин өлчөмү көрсөтүлөт жана эгерде отчеттук мезгилге карата кайрадан саналган болсо кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт.    

"Туум" деп аталган 15-тилкеде отчеттук күнгө карата сунушталган каржылоо боюнча туум өлчөмү чагылдырылат.   

"Карызды кайтаруу боюнча кредиттик союздун иш-аракети (пландары)" деп аталган 16-тилкеде карызды кайтаруу боюнча кредиттик союз тарабынан кабыл алынган чаралар чагылдырылат. 

 (өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

23. «Үстү-үстүнө каржылоо жөнүндө маалымат» формасында кардарлардын башка ФНУдан үстү-үстүнө алган активдердин суммасы мындай активдерге ээ кардардын саны көрсөтүлөт.   

  

2 §. «Реструктуризацияланган активдер» деп аталган Б бөлүкчөсү  

  

24. Бул таблицага өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган реструктуризацияланган активдер боюнча маалыматтар камтылат.   

25.  “Кардардын аты-жөнү деп аталган 2-тилкеде Кредиттик союздун кардарынын аты-жөнү толук көрсөтүлөт.    

“Берилген күнү деп аталган 3-тилкеге каржылоо келишимине ылайык сунушталган каржылоо күнү (күнү, айы, жылы) чагылдырылат.   

“Төлөө күнү деп аталган 4-тилкеде каржылоо келишимине ылайык каржылоону төлөө күнү (күнү, айы, жылы) көрсөтүлөт.   

“Каржылоо суммасы деп аталган 5-тилкеде каржылоо келишимине ылайык каржылоо суммасы чагылдырылат.   

Үстөк баа/киреше деп аталган 6-тилкеде каржылоо келишимине ылайык каржылоо боюнча жылдык үстөк баа/киреше көрсөтүлөт.   

“Кирешелүүлүк коэффициенти” деп аталган 7-тилкеде каржылоо келишимине ылайык каржылоо боюнча кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт. 

“Максаты деп аталган 8-тилкеде каржылоо келишимине ылайык каржылоонун максаттуу багыты (каржылоо сунушталган иштин түрү) чагылдырылат.   

“Реструктуризациялоо себеби деп аталган 9-тилкеде активди реструктуризациялоонун негизги себептери көрсөтүлөт.   

“Негизги карыз деп аталган 10-тилкеде каржылоонун негизги суммасы боюнча карыздын өлчөмү чагылдырылат.   

Үстөк баа/киреше деп аталган 11-тилкеде аталган актив боюнча үстөк баа/киреше жагында карыздын суммасы  көрсөтүлөт. 

“Кирешелүүлүк коэффициенти” деп аталган 12-тилкеде эгерде отчеттук мезгилге карата кайрадан саналган болсо кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт.    

“Туум» деп аталган 13-тилкеде мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер боюнча туумдардын өлчөмү көрсөтүлөт.   

“Реструктуризациялоо күнү деп аталган 14-тилкеде кошумча келишим боюнча реструктуризациялоо күнү (күнү, айы, жылы) чагылдырылат.   

“Төлөө күнү» деп аталган 15-тилкеде кошумча келишим боюнча реструктуризацияланган активди төлөө күнү (күнү, айы, жылы) көрсөтүлөт.   

“Каржылоо суммасы деп аталган 16-тилкеде кошумча келишим боюнча реструктуризацияланган активдин суммасы чагылдырылат.   

Үстөк баа/киреше деп аталган 17-тилкеде кошумча келишимге ылайык реструктуризацияланган актив боюнча жылдык  үстөк баа/киреше көрсөтүлөт. 

 (өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

6. «Каражаттарды тартуу операциялары боюнча отчет» деп аталган 6-бөлүк  

  

§ 1. «Мөөнөттөрү боюнча бөлүп көрсөтүү менен эсепке кабыл алынган акча каражаттарынын көлөмү» деп аталган А бөлүкчөсү  

  

26. «Талап боюнча төлөнүүчү» деп аталган тилкеде Кредиттик союздун кардарларынын талап боюнча төлөнүүчү эсептеринде жайгаштырылган акча каражаттары 2ден 6га чейинки графаларда көрсөтүлгөн мөөнөттөргө жараша көрсөтүлөт.   

«Мөөнөттүү эсептер» деп аталган тилкеде Кредиттик союздун кардарларынын мөөнөттүү эсептеринде жайгаштырылган акча каражаттары 2ден 6га чейинки графаларда көрсөтүлгөн мөөнөттөргө жараша чагылдырылат.  

«Бардыгы болуп» деп аталган 7-тилкеде талап боюнча төлөнүүчү эсептерге жана мөөнөттүү эсептерге кабыл алынган акча каражаттарынын суммасы көрсөтүлөт.   

  

§ 2. «Суммалары боюнча бөлүп көрсөтүү менен эсепке кабыл алынган акча каражаттарынын көлөмү» деп аталган Б бөлүкчөсү  

  

27. «Талап боюнча төлөнүүчү» деп аталган тилкеде Кредиттик союздун кардарларынын талап боюнча төлөнүүчү эсептеринде жайгаштырылган акча каражаттары 2ден 6га чейинки графаларда көрсөтүлгөн өлчөмдөргө жараша чагылдырылат.   

«Мөөнөттүү эсептер» деп аталган тилкеде Кредиттик союздун кардарларынын мөөнөттүү эсептеринде жайгаштырылган акча каражаттары 2ден 6га чейинки графаларда көрсөтүлгөн өлчөмдөргө жараша көрсөтүлөт.   

«Бардыгы болуп» деп аталган 6-тилкеде талап боюнча төлөнүүчү эсептерге жана мөөнөттүү эсептерге кабыл алынган акча каражаттарынын суммасы чагылдырылат.  

  

§ 3. «Отчеттук ай ичинде эсепке кабыл алынган акча каражаттарынын жылышы» деп аталган В бөлүкчөсү  

  

28. «Башына карата калдык» деп аталган 2-тилкеде отчеттук мезгилдин башына карата бардык эсептердеги калдыктардын жалпы суммасы мөөнөттүү жана талап боюнча төлөнүүчү эсептерге бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат.   

«Кабыл алынган» деп аталган 3-тилкеде отчеттук мезгил ичинде эсептерге кабыл алынган акча каражаттардын жалпы суммасы мөөнөттүү жана талап боюнча төлөнүүчү эсептерге бөлүп көрсөтүү менен көрсөтүлөт.   

«Кайтарылган» деп аталган 4-тилкеде отчеттук мезгил ичинде кайтарылган акча каражаттардын суммасы мөөнөттүү жана талап боюнча төлөнүүчү эсептерге бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат.  

«Акырына карата калдык» деп аталган 5-тилкеде отчеттук мезгилдин акырына карата бардык акча каражаттардын калдыгынын жалпы суммасы мөөнөттүүжана талап боюнча төлөнүүчү эсептерге бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат.  

  

§ 4. «Минималдуу жана максималдуу эсептердин өлчөмдөрү» деп аталган Г бөлүкчөсү  

  

29. Бул бөлүкчөдө Кредиттик союздун кардарларынын талап боюнча төлөнүүчү жана мөөнөттүү эсептеринин минималдуу жана максималдуу өлчөмдөрү боюнча маалыматтар чагылдырылат.   

  

§ 5. «Эсептерге кабыл алынуучу акча каражаттары боюнча кирешелүүлүк чени» деп аталган Д бөлүкчөсү  

  

30. «Талап боюнча төлөнүүчү» деп аталган тилкеде Кредиттик союздун кардарларынын талап боюнча төлөнүүчү эсептери боюнча кирешелүүлүк чендери 2ден 6га чейинки графаларда көрсөтүлгөн мөөнөттөргө жараша көрсөтүлөт, ошондой эле орточо алынган кирешелүүлүк чени пайыздарда чагылдырылат.   

«Мөөнөттүү эсептер» деп аталган тилкеде Кредиттик союздун кардарларынын мөөнөттүү эсептер боюнча кирешелүүлүк чендери 2ден 6га чейинки графаларда көрсөтүлгөн мөөнөттөргө жараша көрсөтүлөт, ошондой эле орточо алынган кирешелүүлүк чени пайыздарда чагылдырылат.  

  

7. «Башка маалыматтар» деп аталган 7-бөлүк  

    

§ 1. «Отчеттук мезгил ичиндеги каржылоо операциялары жөнүндө маалымат»  деп аталган А бөлүкчөсү  

  

31. Бул бөлүкчөдө нормалдуу, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган мөөнөтүндө төлөнбөгөн, отчеттук мезгил (чейрек) ичинде орду жабылган/кайтарылган активдер боюнча маалымат чагылдырылат.   

  

§ 2. «Кредиттик союздун кардарларынын гендердик курамы»   

деп аталган Б бөлүкчөсү  

  

32. Бул бөлүкчөдө каржылоону алган Кредиттик союздун катышуучуларынын жана кардарларынын саны боюнча, ошондой эле мезгилдин акырына карата сунушталган каржылоо боюнча маалыматтар чагылдырылат.   

  

§ 3. «Каржылоону алган катышуучулар, кардарлар жана Кредиттик союздун эсептерине акча каражаттары тартылган кардарлар» деп аталган В бөлүкчөсү  

  

33. Бул бөлүкчөдө отчеттук мезгилдин башына жана акырына карата каржылоону алган катышуучулардын, кардарлардын жана Кредиттик союздун эсептерине акча каражаттары тартылган кардарлардын саны боюнча, ошондой эле алардын санынын көбөйүшү жана азайышы боюнча маалыматтар чагылдырылат.   

  

§ 4. «Сактык пайлардын жана каржылоонун өлчөмдөрү боюнча маалымат» деп аталган Г бөлүкчөсү  

  

34. Бул бөлүкчөдө сактык пайлардын жана каржылоонун минималдуу жана максималдуу өлчөмдөрү боюнча маалыматтар чагылдырылат.    

  

§ 5. «Кредиттик союздун жайгашкан жери жана иштеп жаткан аймагы жөнүндө маалымат» деп аталган Д бөлүкчөсү  

  

35. Бул бөлүкчөдө Кредиттик союздун юридикалык жана айкын дареги, анын иштеп жаткан аймагы, ошондой эле телефон (факс) номери көрсөтүлөт.   

  

§ 6. «Сактык пайды алып коюу шарттары» деп аталган Е бөлүкчөсү  

  

36. «Алып коюу мөөнөттөрү» деп аталган 2-тилкеде Кредиттик союздун катышуучуларынын сактык пайларын алып коюу мөөнөттөрү төмөнкүлөргө бөлүп көрсөтүүменен чагылдырылат:  

1) алып коюуга  

2) 30 күн жана андан ашык    

3) 6 айга чейин   

4) 12 айга чейин  

5) 12 айдан жогору.  

«Сумма» деп аталган 3-тилкеде Кредиттик союздун катышуучуларынын пайларынын чогуу алгандагы суммасы тиешелүү алып коюу шарттары (мөөнөттөрү) менен көрсөтүлөт.  

«Пайлардын саны» деп аталган 4-тилкеде пайлардын саны тиешелүү алып коюу шарттары (мөөнөттөрү) менен чагылдырылат.  

  

§ 7. «Дивиденддер» деп аталган Ж бөлүкчөсү  

  

37. Бул бөлүкчөдө Кредиттик союздун катышуучуларына төлөөгө тийиш суммалар жана иш жүзүндө төлөнүп берилген дивиденддер боюнча маалымат чагылдырылат.  

  

§ 8. «Кыска мөөнөттүү милдеттенмелер (отчеттук күндөн кийин 30 күн ичинде төлөө мөөнөтү келет)» деп аталган З бөлүкчөсү  

  

38. Бул бөлүкчөдө төмөнкү беренелер боюнча бөлүп көрсөтүү менен кыска мөөнөттүү милдеттенмелердин суммалары көрсөтүлөт:  

1) отчеттук күндөн кийин 30 күн ичинде төлөө мөөнөтү менен кардарлардын эсептериндеги акча каражаттары;  

2) отчеттук күндөн кийин 30 күн ичинде алып коюу мөөнөтү менен сактык пайлар;   

3) отчеттук күндөн кийин 30 күн ичинде төлөө мөөнөтү менен дивиденддер;  

4) отчеттук күндөн кийин 30 күн ичинде төлөө мөөнөтү менен чегерилген милдеттенмелер;  

5) отчеттук күндөн кийин 30 күн ичинде төлөө мөөнөтү менен башка милдеттенмелер;  

6) бардыгы болуп  1-5-саптардын маанилеринин суммасы.   

  

§ 9. «Банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу боюнча маалымат» деп аталган И бөлүкчөсү  

  

39. «Банктын аталышы» деп аталган 2-тилкеде агенттик келишим түзүлгөн банктын аталышы чагылдырылат.  

«Которуу системасы» деп аталган 3-тилкеде которуу системасы көрсөтүлөт.  

«Операциялар саны» деп аталган 4-тилкеде отчеттук мезгил ичиндеги операциялардын саны чагылдырылат.   

«Бардыгы болуп, жылдын башынан бери операциялар көлөмү» деп аталган 5-тилкеде катышуучулардын тапшырмасы боюнча бардыгы болуп жыл башынан бери эсептешүүлөрдү ишке ашыруу боюнча операциялардын көлөмү чагылдырылат.  

«Анын ичинде отчеттук жыл үчүн» деп аталган 6-тилкеде катышуучулардын тапшыруусу боюнча отчеттук мезгил ичинде эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча операциялардын көлөмү чагылдырылат.  

 

§ 10. «ФНУлар менен ишке ашырылган операцияларды жана инвестицияларды чечмелөө» деп аталган К бөлүкчөсү  

  

40. Бул бөлүктө Кредиттик союздун инвестициялык операциялары жана ФНУда акча каражаттарын жайгаштыруу боюнча Кредиттик союздун операциялары чагылдырылат.   

3-тилкеде акча каражаттары жайгаштырылган же акча каражаттары инвестицияланган ишканалардын аталышы чагылдырылат.  

4-тилкеде отчеттук мезгилдин башына карата акча каражаттарынын/инвестициялардын калдыгы көрсөтүлөт.  

5-тилкеде отчеттук мезгил ичинде эсептердеги акча каражаттарынын же инвестициялардын көбөйүшү чагылдырылат.  

6-тилкеде отчеттук мезгил ичинде эсептердеги акча каражаттарынын же инвестициялардын азайышы көрсөтүлөт.  

7-тилкеде отчеттук мезгилдин акырына карата калдык чагылдырылат.  

8-тилкеде отчеттук мезгилдин акырына карата орточо алынган үстөк баа/кирешелер пайыздарда көрсөтүлөт.  

 9-тилкеде отчеттук мезгилдин акырына орточо алынган кирешелүүлүк коэффициенти пайыздарда көрсөтүлөт. 

 (өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

8. «Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат» деп аталган 8-бөлүк  

  

41. «Ченемдин, чектөөнүн аталышы» деп аталган 1-тилкеде  маалыматтар төмөнкү экономикалык ченемдер жана чектөөлөр боюнча берилет:   

1) Кредиттик союздун тышкы карыз алууларынын максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н1);    

2) бир кардарга/берүүчүгө/өнөктөшкө тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н2);    

3) Улуттук банктан лицензия алган жана жөнгө салынган финансы-насыялык уюмдардын капиталына инвестициялардын максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н3);    

4) Негизги каражаттарга инвестициялардын максималдуу өлчөмүнүн ченеми (Н4);    

5) ликвиддүүлүк ченеми (Н5);    

6) институционалдык капитал шайкештүүлүгүнүн ченеми (Н6-1);    

7) суммардык капитал шайкештүүлүгүнүн ченеми (Н6-2);    

8) депозиттик базанын максималдуу өлчөмүн чектөө.    

3-тилкеде Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 16-июлундагы №32/5 токтому менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелерине (мындан ары  Эрежелер) ылайык, ченемди (чектөөнү) эсептөөформуласы көрсөтүлөт.  

4-тилкеде Эрежелерде белгиленген ченемдин (чектөөнүн) мааниси иш алып баруу мезгилине жараша чагылдырылат.  

5-тилкеде Кредиттик союздун иш алып баруу мезгили көрсөтүлөт.  

6-тилкеде Эрежелерге ылайык эсептелинген ченемдин (чектөөнүн) айкын мааниси чагылдырылат.  

7-тилкеде 4 жана 6-тилкелердин ортосундагы айырма көрсөтүлөт.  

  

IV. Корутунду жоболор  

    

42. Отчеттун бардык формаларынын жогорку оң бурчунда отчет түзүлгөн күндү көрсөтүү зарыл, ал өз кезегинде сан түрүндө берилүүгө тийиш. Мисалы, 2014-жылдын 31-мартына карата даярдалган отчет ошол күн 2014.31.03 түрүндө белгиленет.