Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын  

23-мартында каттоодон өткөн. Каттоо номери 35-07 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 14-февралындагы 

N 7/2 токтому менен 

бекитилген 

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында, Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында жана кредиттик союздарында ички контролдук уюштуруусуна карата минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

(КР УББ 2009-жылдын 14-октябрындагы N 41/3, 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

1.2. "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү (мындан ары - ПОД/ФТЭ)" максатында, Кыргыз Республикасынын кредиттик союздарында жана алмашуу бюролорунун адистештирилген финансылык мекемелеринде кредиттик союздарда (мындан ары - МФУ/КС) ички контролдуктун уюштурулушуна карата минималдуу талаптарды аныктоо, ушул жобонун максатынан болуп саналат. 

(КР УББ 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү максатында, ички контролдукту уюштуруу маселелери боюнча МКК/МКА/КС ишине инспектирлөөнү жүргүзөт жана алынган натыйжалар боюнча маалыматтарды кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү жагында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жөнөтөт. 

(КР УББ 2009-жылдын 14-октябрындагы N 41/3, 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.4. Бул Жобонун максаты үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат. 

Шектүү операция (бүтүм) - "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамга (мындан ары - "ПОД/ФТЭ жөнүндө мыйзам) ылайык шектүү операциялар (бүтүмдөр) деп таанылган операция (бүтүм), башкача айтканда так экономикалык же мыйзамдуу максатка ээ болбогон акча каражаттары же башка мүлктөр менен жүзөгө ашырылуучу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген шектүү операциялардын белгилеринин тизмесине ылайык, бул юридикалык жактардын жана жеке адамдардын иши үчүн мүнөздүү болбогон операциялар (бүтүмдөр). 

Ички контролдук - милдеттүү түрдө контролдукка алынуучу операцияларды (бүтүмдөрдү) жана шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого түздөн-түз байланыштуу акча каражаттары же мүлк менен ишке ашырылган башка операцияларга (бүтүмдөргө) бөгөт коюу боюнча МКК/МКА/КС тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйындысы. 

Идентификация - "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамга ылайык, жеке адамдар же юридикалык жактар тарабынан берилген документтердин түп нускаларынын же тиешелүү деңгээлде тастыкталган алардын көчүрмөлөрүнүн негизинде МКК/МКА/КС тарабынан маалыматтардын белгилениши. 

Верификация - ички контролдукту жүзөгө ашыруу максатында, идентификациялоонун натыйжаларын тактоо же тиешелүү текшерүүдөн өткөрүү боюнча МКК/МКА/КС тарабынан жүргүзүлгөн иш чаралар. 

"Экстремисттик иш" түшүнүгү Кыргыз Республикасынын "Экстремисттик иш-аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамынын түшүндүрүү аппаратынын нормаларына ылайык келет. 

Бенефициардык менчик ээси (пайдага ээ болуучу) - бул: 

- акча каражаттарына же мүлккө менчик укугуна ээ болгон, анын атынан жана/же эсебинен кардар тарабынан акча каражаттары же мүлк менен ишке ашырылган операция (бүтүм) жана/же 

- ошол жак менен кардар ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык кардардын акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) ишке ашыруусуна тике же кыйыр түрдө таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жана/же 

- же түпкүлүгүндө келип анын пайдасына акча каражаттары же мүлк менен операция (бүтүм) ишке ашырылган жак (адам). 

Чет өлкөлүк саясат жагында белгилүү адамдар - чет мамлекеттерде олуттуу мамлекеттик жана саясий милдеттерди аткаруу ыйгарылган же ыйгарылып жаткан чет мамлекеттердин жарандары (мамлекет же өкмөт башчылары, жогорку даражалуу саясий ишмерлер, өкмөттө, соттордо, куралдуу күчтөрдө, укук коргоо жана фискалдык органдарда жогорку кызматтарда иштеген адамдар, саясий партиялардын жана диний бирикмелердин жетекчилери жана ишмерлери), анын ичинде мурда иштеп кеткендер да. 

(КР УББ 2009-жылдын 14-октябрындагы N 41/3, 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2. Ички контролдук кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча саясаты 

2.1. Мыйзамдардын талаптарына ылайык, микрокредиттик агентстволор, микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар ПОД/ФТЭ максатында, ички контролдукту уюштуруунун тиешелүү саясатын иштеп чыгуулары зарыл. Бул саясат МФУ/КСда ички контролдук системасын уюштуруу боюнча жалпы саясаттын бөлүгү болуп саналат жана МФУ/КС тарабынан милдеттүү түрдө толук сакталууга тийиш. Саясат, уставга ылайык, микрокредиттик агентстволордун, микрокредиттик уюмдардын, кредиттик союздардын ыйгарым укуктуу болгон башкаруу органдары тарабынан бекитилүүгө тийиш. 

(КР УББ 2009-жылдын 14-октябрындагы N 41/3, 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.2. Микрокредиттик агентстволордун, микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана ПОД/ФТЭ максатында, ички контролдукту уюштуруу боюнча саясаты, минимум, төмөнкүлөрдү аныктоого тийиш: 

- Кызмат адамдарынын чечимдерди кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин белгилөөчү ички контролдук уюштуруу тартиби, өзара аракеттенүү жана отчет берүү тартиби ж.б.; 

- "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамга, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык микрокредиттик агентстволордун, микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын өз кардарларын/катышуучуларын жана бенефициардык менчик ээсин (пайдага ээ болуучуну) аныктоо идентификациялоо, верификациялоо жана кылдат иликтеп билүү тартибин; 

- Милдеттүү түрдө контролдоно турган операцияларды (бүтүмдөрдү) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого байланыштуу башка операцияларды аныктоо жана аларды текшерүү тартибин; 

- Ички контролдукту жүзөгө ашырууда алынган маалыматтарды документалдуу каттоо тартиби, ошондой эле аны сактоо жана купуялыгын камсыз кылуу тартибин; 

- Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга шектүү операциялар (бүтүмдөр), ошондой эле "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер жөнүндө"  Мыйзам тарабынан белгиленген талаптарга ылайык алар милдеттүү түрдө контролдоно турган операциялар (бүтүмдөр) деп карай турган критерийлерге тиешелүү болгон акча каражаттары же кыймылдуу мүлктөр же кыймылсыз мүлктөр менен операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматтарды берүү тартибин. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында ички контролдук саясатын жүзөгө ашырууга жооптуу кызматкердин ыйгарым укуктары жана милдеттери 

3.1. Микрокредиттик агентстволордо, микрокредиттик компанияларда, кредиттик союздарда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарынын сакталышы үчүн ички контролдук саясатын иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга жооптуу кызматкер (мындан ары "жооптуу кызматкер") дайындалууга тийиш. Жооптуу кызматкер ички аудитордун/Текшерүү комиссиясынын/кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында ички контролдук натыйжалуулугу баа берүүгө жооптуу адамдын функциясын бир учурда кошо аткара албайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.2. Жооптуу кызматкер кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоо максатында төмөнкүдөй функцияларды аткарат: 

- Ички контролдук саясатын иштеп чыгат жана МКА, МКК, КС жетекчилигинин бекитүүсүнө сунуштайт жана бул саясатты аны жүзөгө ашырууга катышып жатышкан бардык кызматкерлерге тааныштырат; 

- кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоо боюнча ички контролдук саясатына ылайык ички контролдук саясатын жүзөгө ашырууну камсыз кылат жана жол-жоболордун аткарылышына мониторингди жүзөгө ашырат; 

- Саясатка ылайык, жогорку кызмат адамдарынын/жогорку аткаруу органынын кароосуна ички контролдук саясатынын жүзөгө ашырылышынын жыйынтыктары жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчетту дайыма берип турат; 

- Мыйзамдар тарабынан белгиленген талаптарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтардын берилишин камсыз кылат; 

- Ушул Жободо жана МФУ/КС ички документтерине ылайык алардын компетенциясына чегерилген маселелер боюнча МФУ/КС ишине алар тарабынан инспекциялык текшерүүнү жүргүзүүдө Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө маалымат берет жана көмөктөшөт; 

- "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча саясатты жүзөгө ашырууга катышкан кызматкерлерди окутууну уюштурат жана консультация берет. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүүгө тиешелүү болгон зарыл маалыматтар менен аларды тааныштырат. 

Жогорку кызмат ордун ээлеген адам/жогорку аткаруу органы менен жооптуу кызматкер ортосунда таламдардын каршы келип калышы орун алган шартта, ички контролдук саясатын иш-аракеттерге ашыруу жыйынтыктары жөнүндө отчет түздөн-түз микрофинансылык уюмдардын/кредиттик союздардын жогорку башкаруу органдарына - акционерлердин/уюштуруучулардын/катышуучулардын жалпы жыйынына сунушталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Маалыматтарды документ түрүндө түзүү жана сактоо тартиби 

4.1. МФУ/КС кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында кардарларды жана бенефициардык менчик ээсин (пайдага ээ болуучуну) аныктоо идентификациялоо боюнча, ошондой эле милдеттүү түрдө контролдоно турган операциялар (бүтүмдөр) боюнча маалыматтарды, жыйналган маалымат кароо жана иликтөө учурунда тиешелүү далилдөөлөрдү берүү максатында айрым операциялардын (бүтүмдөрдүн) тиешелүү учурларын калыбына келтирүү үчүн жетиштүү боло тургандай каттайт жана документтерди жыйнайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.2. Кардарды идентификациялоого тиешелүү документтердин жана жазуулардын көчүрмөлөрү МФУ/КС жана кардарынын/катышуучусунун жана бенефициардык менчик ээсин (пайдага ээ болуучуну) аныктоо ортосундагы милдеттенмелер токтогондон кийин беш жылдан кем болбогон мезгил ичинде сакталууга тийиш. Операциялар (бүтүмдөр) боюнча, кылмыш, жарандык жана арбитраждык процесстерде далилдөө катары пайдаланыла турган документтердин түп нускалары жана көчүрмөлөрү тиешелүү операциялар (бүтүмдөр) жүзөгө ашырылгандан кийин беш жылдан кем болбогон мөөнөттө сакталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген шектүү иштер жөнүндө бардык билдирүүлөрдүн (отчеттордун) көчүрмөлөрү жооптуу кызматкер тарабынан отчетту (билдирүүлөрдү) түзгөн күндөн тартып беш жылдан кем болбогон мөөнөттө сакталууга тийиш. 

4.4. МФУ/КСлар кардардын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого барышы ыктымалдыгы тобокелдигин жогору деп баалаган шартта, кардарды идентификациялоонун, верификациялоонун жана талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жаңылоону, ошондой эле бенефициардык менчик ээсин (пайдага ээ болуучуну) аныктоону жылына кеминде бир жолу, мезгил-мезгили менен ишке ашырып турууга тийиш, башка учурларда - 3 жылда кеминде 1 жолу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

5. ПОД/ФТЭ боюнча ички контролдуктун натыйжалуулугуна баа берүү 

(Аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.1. МФУ/КС кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында ички контролдук уюмдун натыйжалуулугуна баа берүүлөр ээ болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2. Саясаттардын жана жол-жоболордун кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер жөнүндө мыйзам талаптарына ылайык келе тургандыгына баа берүү, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоо максатында ички контролдук системасынын натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн баа берүү ички аудитор (текшерүү комиссиясы) МФУ/КСларда жооптуу адам тарабынан жүзөгө ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.3. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында ички контролдук натыйжалуулукка баа берүүлөр жыйынтыктары жогорку кызмат адамдарына, жогорку аткаруу органына жана устав тарабынан ички контролдук саясатын бекитүүгө ыйгарым укуктуу болгон башкаруу органына берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Кардардын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого жүзөгө ашыруу тобокелдиги деңгээлин, ошондой эле шектүү операциялар белгилерин камтыган операцияларды аныктоо 

(КР УББ  2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

6.1. МФУ/КС кардарларын идентификациялоо жана алардын абалын иликтөө процесси өзүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды эске алуу менен кардардын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого ишке ашыруу тобокелдигинин деңгээлин аныктоону камтыйт. Тобокелдиктин деңгээлин аныктоо үчүн минимум катары кардардын ишинин түрүн жана кардардын (келип чыгуусун) жана/же анын бизнесинин жайгашкан ордун, ошондой эле ал тарабынан ишке ашырылган операцияларды, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдү жана кардардын төлөм багытын көңүлгө алуу зарыл. 

6.2. МФУ/КСлар, кыйла жогорку тобокелдикке дуушар болгон кардарлар категориясына кирген кардарларга өзгөчө көңүл буруп, ага карата таасирдүү контролдукту жүзөгө ашырууга тийиш. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого ишке ашырууда жана шектүү операциялардын белгисин камтыган операцияларды жүргүзүүдө кардардын жогорку тобокелдикке дуушар болгон ишмердүүлүк түрлөрүнө төмөнкүлөр киргизилиши мүмкүн: 

- кредиттик уюм болуп саналбаган, акча каражаттарын которуу, чектер боюнча нак формадагы төлөмдөр, акча каражаттарынын инкассациясы менен иш алып барган юридикалык жактардын (алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн) иши; 

- оффшордук зоналарда катталган юридикалык жактардын (анын ичинде кредиттик уюмдардын), алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн, туунду жана караштуу коомдор; 

- кардарлардын-резидент эместердин, анын ичинде чет өлкөлүк саясат жагында иш алып барган белгилүү адамдардын иши; 

- оюн-зоок бизнеси (товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүү болуп саналбаган ишкердик), оюн-зоок жайлары (казино, тотализатор, букмекердик контора, оюн автоматтары залдары жана оюн-зоок өткөргөн үйлөр (жайлар) алган пайда) утуштар жана аларды өткөрүү үчүн төлөмдөр түрүндөгү кумар оюндарына катышуудан түшкөн кирешелер; 

- искусство чыгармаларын жана антиквариаттарды сатып өткөрүү, анын ичинде арзандатып сатууга байланыштуу иш; 

- баалуу таштар чөгөрүлгөн баалуу металлдар, ошондой эле баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган зер буюмдарды сатуу (айрыкча экспорттоо); 

- накталай формада гана операцияларды ишке ашырган юридикалык жактардын иши (ири соода комплекстери, тойканалар, май куюучу станциялар ж.б.); 

- брокерлердин жана дилерлердин операцияларын жүзөгө ашырган жеке адамдардын жана юридикалык жактардын иши (баалуу кагаздарды, чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу ж.б.). 

6.3. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого ишке ашырышы ыктымалдыгынын олуттуу тобокелдигине дуушарланган мамлекеттерге (аймактарга) төмөнкүлөр кирет: 

- ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүн колдонушпаган же жетиштүү деңгээлде колдонбогон мамлекеттер (аймактар). Мындай мамлекеттердин (аймактардын) тизмеги борбордук банк жана башка көзөмөл органдары менен биргеликте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат; 

- тизмеги ПОД/ФТЭ жагында иш алып барган эл аралык уюмдар тарабынан бекитилген тизменин негизинде борбордук банкка макулдашуу аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген, аларда финансылык операцияларды жүргүзүүдө маалыматтарды чечмелеп көрсөтүү каралбаган мамлекеттер (аймактар). 

6.4. Кардарларды идентификациялоого, верификациялоого жана алардын ишине талдап иликтөөлөрдү жүргүзүүгө өбөлгө түзгөн бардык маалыматтардын жана документтердин негизинде, МФУ/КС кардар тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого ишке ашырылышы тобокелдиги деңгээлине баа берилет. Баа берүүлөр боюнча корутунду кардардын досьесине кошо көктөлөт. 

6.5. МФУ/КС кардарлардын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого боюнча шектенүүнү камтыган операцияларды жүргүзүү ыктымалдыгы тобокелдигине дуушарланган операцияларына өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү контролдукту жүзөгө ашырууга тийиш. 

6.6. Чет өлкөлүк саясий багытта белгилүү адамдарды тейлеген учурда МФУ/КС төмөнкүдөй иш-чараларды жүргүзүшү зарыл: 

- чет өлкөлүк саясий багытта белгилүү адамдар менен мамиле түзүүдө МФУ/КСтин жогорку аткаруучу органынын кат жүзүндө уруксат алуу; 

- чет өлкөлүк саясий багытта белгилүү адамдардын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү

- чет өлкөлүк саясий багытта белгилүү адамдар боюнча колдо болгон маалыматтарды дайыма жаңылап туруу; 

- чет өлкөлүк саясий багытта белгилүү адамдар, алардын жубайлары жана жакын туугандары тарабынан акча каражаттары же мүлк менен ишке ашырылган операцияларга (бүтүмдөргө) "ПОД/ФТЭ жөнүндө" мыйзам талабына ылайык өзгөчө көңүл буруу. 

6.7. МФУ/КСтерде кардарлардын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого тобокелдигине талаптагыдай контролдукту жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан бардык жол-жоболордун, кардар менен түздөн-түз байланышуусуз эле операцияларды (бүтүмдөрдү) ишке ашыруу, болжолдогон жаңы технологияларды колдонуу менен талаптагыдай камсыз кылууга тийиш.