Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 

14-мартында каттоодон өткөн. Каттоо номери 44-07 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 14-мартындагы 

№ 13/13 токтому менен 

бекитилген 

 

Кредиттик союздардын ишине инспектордук 

текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө 

НУСКОО 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 

2012-жылдын 4-июлундагы № 28/9, 

2012-жылдын 12-декабрындагы № 48/10, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) 

токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн максаттары 

3. Инспектордук текшерүүлөрдүн түрлөрү 

4. Инспектордук текшерүүнүн жүргүзүү 

5. Кредиттик союздун аткаруучу башкаруу органы менен жыйынтыктоочу жолугушуу 

6. Текшерүү жөнүндө отчет 

7. Таасир этүү чөйрөсү 

8. Текшерүү жөнүндө отчет менен таанышуу 

9. Таанышуу баракчасы 

10. Даттануу тартиби 

1-тиркеме. Билдирүү 

2-тиркеме. Багыттама 

3-тиркеме. Текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүлгөндүгү жөнүндө Акт 

4-тиркеме. Таанышуу баракчасы 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө", "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары текст боюнча - Улуттук банк) кредиттик союздардын ишине көзөмөл жүргүзүүчү жана аны жөнгө салуучу орган болуп саналат жана Кредиттик союздардын туруктуу системасын сактоо, Кредиттик союздун катышуучуларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыктарын колдоо жана сактоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик актыларын сактоо максатында алардын ишине үзгүлтүксүз көзөмөлдү жүзөгө ашырат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.2. Өзүнчө Кредиттик союздарда көйгөйлөрдү аныктоого жана аларды чечүү боюнча тиешелүү чараларды кабыл алууга багытталган, Кредиттик союздарга карата көзөмөл жүргүзүү концепциясына ылайык Улуттук банк Кредиттик союздардын ишине көзөмөл жүргүзөт. Кредиттик союздардын иши өзүндө тобокелдиктер менен байланыштуу болгондуктан, Улуттук банктын Кредиттик союздардын ишине карата көзөмөл жүргүзүү концепциясы мындай тобокелдикке баа берүүгө негизделген. Улуттук банк көзөмөл жүргүзүү ишинин процессинде жеринде тышкы көзөмөлдү жана инспектирлөөнү жүргүзүүнү айкалыштырган методдорду колдонот. 

1.3. Улуттук банктын Кредиттик союздарга карата көзөмөл жүргүзүү концепциясы төмөнкүдөй аныкталат, көзөмөл: 

- Кредиттик союздардын жана көзөмөл органдарынын кызматташтыгына негизделген коллегиалдуу процесс болуп саналат; 

- Кредиттик союздардын жана кредиттик союздардын ишине көзөмөл жүргүзүүчү инспекторлордун милдеттерин аныктоого негизделген; 

- Ар бир кредиттик союздун конкреттүү мүнөздөмөлөрүнө: ага мүнөздүү тобокелдиктердин өлчөмүнө жана анын даражасына ылайык келет; 

- Өзүнчө кредиттик союздарда өзгөрүлмөлүү тобокелдиктерге жана өнүгүп жаткан рыноктук шарттарга карата динамикалуу жана сезгич болуп саналат; 

- Кредиттик союздар тобокелдиктерди тескөөнүн тиешелүү системаларын колдонууга киргизүүгө жана аларды колдоого өз күч-аракеттерин топтоштурат; 

- жеринде текшерүүлөрдү ишке ашыруу жана тышкы көзөмөл жүргүзүү жолу менен Кредиттик союздардын ченемдик актыларды, Улуттук банктын талаптарын сактоосун текшерет; 

- көбүнчө тобокелдик болгон участокторго негизги күчтү багыттоо менен Улуттук банктын адам ресурстарын үнөмдүү жана натыйжалуу колдонот. 

1.4. Кредиттик союздардын ишине көзөмөл - пландоодон, текшерүүдөн жана көзөмөл органы (Улуттук банк) жана кредиттик союздун ортосундагы кызматташтыкты камтыган өзара аракеттенишүүдөн турган цикл. Көзөмөл циклынын ар бир этабында Улуттук банк Кредиттик союздун жетекчилигинин тобокелдиктерди канчалык натыйжалуу аныктап, ага баа берип, аны контролдоп жана тескөөгө алып жаткандыгына баа берет. 

1.5. Бул Нускоо Улуттук банктан лицензия алышкан кредиттик союздардын ишине инспектордук текшерүү жүргүзүүнүн негизги максаттарын жана түрлөрүн аныктайт. Мындан тышкары, Нускоо Кредиттик союздардын ишине текшерүү жүргүзүү менен байланыштуу аларга коюлуучу милдеттүү талаптарды белгилейт. 

1.6. Бул Нускоонун максаттары үчүн төмөнкү кыскартылган белгилөөлөр жана терминдер колдонулат: 

- башкаруунун аткаруу органы - кредиттик союздун Төрагасы жана Башкарма мүчөлөрү

- САМЕL - Улуттук банк тарабынан колдонулуучу, финансы-кредиттик мекемелердин ишине баа берүүнүн эларалык рейтингдик система (С - капитал, A - активдердин сапаты, M - менежмент, E - кирешелүүлүк, L - ликвиддүүлүк); 

1.7. Улуттук банк CAMEL рейтингдик системасын жеринде инспектирлөө үчүн колдонот. Рейтингдик система иштин бардык олуттуу финансылык жана операциялык көрсөткүчтөрүн, ошондой эле ар бир кредиттик союз үчүн Улуттук банктын ченемдик актыларын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо деңгээлин салыштыруу жана аларга баа берүү үчүн жалпы алкактарды түзөт. Бул болсо, жеринде текшерүүлөрдү жүргүзүү процессинде кредиттик союздардын ишине көзөмөлгө ар бир кредиттик союз үчүн кредиттик союздун жалпы абалын чагылдыруучу рейтингдик баа берүүнү аныктоо мүмкүнчүлүгүн берет. 

Жыйынтык рейтингди алуу үчүн төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча баа берүү жүргүзүлөт: 

Капиталдын шайкештиги C 

Активдердин сапаты A 

Менежмент M 

Кирешелүүлүк E 

Ликвиддүүлүк L 

1.8. Финансылык абалдын беш баштапкы компоненттерине жана кредиттик союздун операцияларына баа берүү менен бул рейтинге негиз салынган. Рейтинг белгилөө процессинде кредиттик союздун өлчөмдөрү, анын иши жана ал туш болгон тобокелдиктердин өзгөчөлүктөрү эске алынат. Жеке компоненттердин рейтинги максаттуу текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча кайра каралып чыгышы мүмкүн. 

Рейтинг кредиттик союзга байланыштуу маселелердин начарлоосу боюнча баллдын жогорулоосу менен беш баллдык шкалада түзүлгөн. Жыйынтык рейтингде беш жеке компоненттердин рейтинги жана салыштырмалуу маанилүүлүгү эске алынат. Жыйынтык рейтинг беш компоненттүү рейтингдердин арифметикалык орточо алынганы болуп саналбайт, ошентсе да ал жөнөкөй орточо маани менен дал келиши мүмкүн. 

Ошентип, "1" өтө жогорку рейтинг жана көзөмөл көзкарашында тынчсыздануунун өтө төмөн деңгээли, ошондой эле "5" кредиттик союздун ишинин өтө төмөн, жетишсиз деңгээлин жана ал тынчсыздануунун өтө жогорку деңгээлин түшүндүрөт. Ар бир кредиттик союзга белгилүү бир финансылык жана операциялык стандарттарга, критерийлерге жана принциптерге ылайык келүүсүнө баа берүүгө негизделген бирдиктүү жыйынтык рейтинг аныкталат. 

1.9. Кредиттик союздардын ишинин натыйжаларына баа берүүнүн CAMEL жыйынтык рейтинги: 

Рейтинг 1 - бул рейтингдеги кредиттик союздун иши бардык тараптан алганда натыйжалуу деп эсептелет, кайсы болбосун сын пикирдеги тыянактар же комментарийлер олуттуу эмес жана аларды жумуш үстүндө четтетүүгө болот. 

Рейтинг 2 - бул рейтингдеги кредиттик союз негизинен натыйжалуу, бирок алардын ишинде жумушчу тартипте оңдой турган жетишпестиктер бар. Бул жетишпестиктердин мүнөзү жана орчундуулугу кредиттик союздун туруктуулугунан шектенүүгө негиз болбойт. 

Рейтинг 3 - бул рейтингдеги кредиттик союз алгылыктуудан олуттууга чейинки финансылык жана операциялык жетишпестиктердин комплексине ээ. Операцияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик актыларын бузуу менен жүргүзгөн кредиттик союздар, алардын төлөөгө кудуретсиздиги финансылык жана жалпы туруктуулугунан тышкары көрүнүш экендигине карабастан, бул категорияга киргизилиши мүмкүн. 

Рейтинг 4 - бул рейтингдеги кредиттик союз олуттуу финансылык жетишпестиктердин ченемсиз көлөмүнө же кредиттик союздун ишин канааттандырарлык эмес деп аныктаган башка шарттардын айкалышуусуна ээ. Тиешелүү көңүл бурулбаган чоң жана олуттуу маселелер бар. Банкроттуулуктун тикелей коркунучу жаралат, бирок ал болбой койбойт же ачык билинбейт. 

Рейтинг 5 - бул рейтингдеги кредиттик союздун иши жакынкы арада банкроттуулукка туш болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Шашылыш жана чечкиндүү оңдоп-түзөтүүчү чаралардын жоктугунда жетишпестиктердин же натыйжасыз тенденциялардын көлөмү жана олуттуулугу, барынан мурда мындай кредиттик союздун жоюулушун же башка шашылыш чаралардын кабыл алынышын талап кылат. 

1.10. Кредиттик союздун жетекчилигине CAMEL рейтингин ачып берүү зарыл болгон учурда ишке ашырылат. 

Текшерүү аяктаганда текшерүүнүн жетекчиси кредиттик союздун аткаруучу жетекчисине алдынала коюлган рейтингди билдире алат. Анткен менен бул алдынала коюлган рейтинг жана текшерүү жөнүндө отчеттун үстүндөгү иш аяктаганга чейин анын өзгөртүлүшү мүмкүн экендиги белгиленет. 

1.11. Кредиттик союздун ишине көзөмөл бул кредиттик союзда болгон тобокелдиктердин татаалдыгынын түрүнө жана даражасына жараша жүзөгө ашырылат. 

1.12. Эгер жеринде инспектирлөө процессинде же инспектордун тышкы көзөмөл жүргүзүүсүндө кредиттик союз туш болуучу тобокелдик акталбагандыгын аныкташса, анда алардын акталбаган тобокелдикти азайтуу же четтетүү боюнча чараларды кабыл алуусу үчүн кредиттик союздун аткаруучу жетекчилиги менен байланышууга тийиш. Кредиттик союз мындай жагдайда кредиттик союздун капиталдын көлөмүнүн көбөйүүсү же тобокелдикти тескөө системасын күчөтүү өңдүү тобокелдикке туш болуусун төмөндөтүү боюнча белгиленген түзөтүү чараларын кабыл алышы зарыл. 

1.13. Кредиттик союздун ишине инспектордук текшерүү Улуттук банктын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө бөлүмү жана Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү (мындан ары областтык башкармалыктар) тарабынан жүзөгө ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

 

 

2. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн максаттары 

 

2.1. Кредиттик союздардын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги максаттары болуп, төмөнкүлөр саналат: 

- Кредиттик союздун жалпы финансылык абалына, кредиттик союздун менежментинин сапатына баа берүү

- Анын бекемдигине жана туруктуулугуна коркунуч келтирүүчү тобокелдиктерди, жетишпестиктерди жана кредиттик союздардын талуу жерлерин аныктоо; 

- Кредиттик союздун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик актыларын сакташын аныктоо; 

- Кредиттик союздун Улуттук банкка берген регулятивдик отчеттуулугунун тууралыгына баа берүү

- Аныкталган мыйзам бузууларды жана жетишпестиктерди четтетүү, кредиттик союздун абалын жакшыртуу жана тобокелдиктерди азайтуу үчүн сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу жана зарыл болсо, аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү үчүн эскертүү чараларын жана санкцияларын колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; 

- Мурда болуп өткөн текшерүүдө аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдүн кредиттик союздун башкаруу органдары тарабынан аткарылышына баа берүү

 

3. Инспектордук текшерүүлөрдүн түрлөрү 

 

3.1. Коюлган маселелерге жараша текшерүүлөр эки түрдө болушу мүмкүн: комплекстүү жана максаттуу, ошондой эле алар текшерүү жөнүндө отчет түзүү менен жыйынтыкталат. 

Комплекстүү текшерүү кредиттик союздун жалпы абалын жана текшерүү күнүнө карата тиешелүү CAMEL рейтингин аныктайт. 

Максаттуу текшерүү кредиттик союздун ишинин өзүнчө аспектилерин жыйынтыктоо (жалпылоо) жана кылдат карап чыгуу максатында жүргүзүлөт. 

Билдирүү тартибине жараша текшерүүлөр пландуу (кредиттик союзду алдынала кабарлоо менен) жана күтүүсүз (боло турган текшерүү жөнүндө алдынала кабарлоосуз) болушу мүмкүн. 

3.2. Адатта максаттуу текшерүүлөр күтүүсүз мүнөзгө ээ. Күтүүсүз текшерүүнү жүргүзүү учурунда текшерүүгө жолдомо түздөн-түз кредиттик союзга инспекторлор тобунун келген учурунда кредиттик союзга берилет. 

3.3. Эгер текшерүү күтүүсүз болуп эсептелбесе, анда текшерүүнүн жетекчиси кредиттик союз тарабынан алынышы далилдүү түрдө күтүлүп жаткан күнгө чейин 5 күндөн ашпаган мөөнөттө кредиттик союзга тиешелүү документтердин тизмесин тиркөө менен билдирүү катын жөнөтөт, ал эми текшерүүгө жолдомо катты кредиттик союзга келиши менен берет. 

Билдирүү каты (1-тиркеме) жана текшерүүгө жолдомо кат (2-тиркеме) Улуттук банктын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын/областтык башкармалыктын начальнигинин кол коюусу менен жөнөтүлөт/тапшырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.4. Улуттук банктын саясатына ылайык ар бир кредиттик союзду комплекстүү текшерүү төмөнкүдөй мезгилдүүлүк менен рейтингдик системанын компоненттери (CAMEL) боюнча кредиттик союздун жалпы абалына баа берүү үчүн жүргүзүлөт: 

- өз катышуучуларынан депозиттерди тартуу укугуна лицензияга ээ болгон кредиттик союздар үчүн жыл сайын; 

- ЖЧК "Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясынан" тышкы карызы бар кредиттик союздар үчүн эки жылда бир жолу; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 4-майындагы № 14/3 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 10-июнунда 75-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн кредиттик союздардын ишине лицензия берүү жөнүндө жобого ылайык өз катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна лицензия берүүдө

- Өзүнүн жеке каражаттары менен гана иштеген кредиттик союздарды инспектордук текшерүү зарыл болгондо (арыз түшкөндө, тышкы көзөмөлдүн жыйынтыгы боюнча ж.б.) жүзөгө ашырылат. 

3.5. Кредиттик союзду максаттуу текшерүү төмөнкү учурда жүргүзүлөт: 

- тышкы көзөмөлдү ишке ашыруунун жүрүшүндө аныкталган кандайдыр-бир негативдүү тенденциялар табылган учурда; 

- эгер кредиттик союз тарабынан тиешелүү өтүнмөнү берүү учуруна чейин 6 айдын ичинде анын ишине комплекстүү текшерүү жүргүзүлгөн болсо, катышуучулардан аманаттарды тартууга лицензия берүү зарыл болгон учурда; 

- кредиттик союздун ишине арыз түшкөндө

- өзүнчө операцияларды/лицензиянын аракетин кайрадан жаңыртуу жөнүндө чечим кабыл алуу максатында аныкталган мыйзам бузуулардын кредиттик союз тарабынан четтетүүсүн текшерүү зарыл болгондо; 

- көзбоемочулук, кыянаттык менен пайдалануу жана кредиттик союз тарабынан жүргүзүлүүчү башка мыйзамсыз аракеттерде далилдер жана/же шектенүүлөр бар болсо; 

- эгер көзөмөл органынын кредиттик союздун ишине токтоосуз кийлигишүүсүн талап кылган башка милдеттенмелер болсо. 

3.6. Жагдайларга/кырдаалдарга жараша Улуттук банк чукул арада болуучу текшерүүлөрдү пландай алат (мисалы, Кредиттик союздун ишинин начарлоосу Улуттук банктын токтоосуз кийлигишүүсүн талап кылат). 

3.7. Жеринде барып текшерүүлөрдү жүргүзүү мөөнөтү 15 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш. Текшерүү түрүнө, кредиттик союздун иш көлөмүнө, ошондой эле жагдайдын татаалдыгына жараша текшерүү мөөнөтү, Төраганын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсү/Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги менен макулдашылгандан кийин Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын/областтык башкармалыктардын начальниктери тарабынан кол коюлган кошумча текшерүүгө жолдомо сунушталган шартта,15 жумуш күнүнө узартылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

 

4. Инспектордук текшерүүнүн жүргүзүү 

 

4.1. Текшерүү жүргүзүлүүчү жерге келгенден кийин текшерүүнүн жетекчиси төмөнкү максаттарда кредиттик союз Башкармасынын Төрагасы (же анын милдетин аткарып жаткан адам) менен жолугушуу өткөрүүгө тийиш: 

- жолдомо катты тапшыруу жана текшерүүнүн масштабдары жана милдеттери жөнүндө маалымат берүү

- текшерүүнү жүргүзүү процессин талкуулоо; 

- алардын иш участокторун көрсөтүү менен инспекторлорду тааныштыруу; 

- кредиттик союздун жетекчилиги жана кызматкерлери менен контактты ишке ашыруунун графигин аныктоо; 

- кредиттик союздун аткаруучу жетекчилигинин суроолоруна жооп берүү

4.2. Кредиттик союз Башкармасынын Төрагасынын (же анын милдетин аткарып жаткан адамдын) жана/же кызматкерлеринин текшерүүнүн башталышы жөнүндө Улуттук банктын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы/областтык башкармалыктары жолдомо каты менен таанышуудан баш тартуусунда, же болбосо кредиттик союзга киргизбей коюусунда же инспекторлордун ишине башка тоскоолдуктарды жаратууда текшерүүнүн жетекчиси кредиттик союздун Төрагасы (же анын милдетин аткарып жаткан адам) жана/же кредиттик союздун башка кызмат адамдары кол коюуга милдеттүү болгон Текшерүүнүн жүрүшүнө каршы аракеттенүү жөнүндө акт (3-тиркеме) түзүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

4.3. Текшерүүнүн биринчи күнү кредиттик союз билдирүү катына тиркелген, тизмеде көрсөтүлгөн бардык документтерди берүүгө милдеттүү (1-тиркеме). Эгер кредиттик союз тизмедеги кайсы бир документти же текшерүү процессинде керек болгон документтерди берүүдөн баш тарткан учурда, же болбосо кредиттик союз бул документтерди берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогон учурда, кредиттик союз баш тартуунун же бул документтерди берүүгө мүмкүн эместигинин жазуу жүзүндөгү негиздемесин берүүгө милдеттүү

4.4. Эгер кредиттик союз мындай негиздемени берүүдөн баш тартса же мындай баш тартуунун жүйөөсүз себептеринде текшерүүнүн жетекчиси Текшерүүнүн жүрүшүнө каршы аракеттенүү жөнүндө акт түзөт, ага текшерүүнүн жетекчиси жана кредиттик союздун башкаруу органын мүчөлөрүнүн бири кол коет. Кредиттик союздун башкаруу органынын мүчөсүнүн кол коюудан баш тартуусу тиешелүү тартипте, баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен Улуттук банктын инспекторлору тарабынан түзүлгөн акт менен тастыкталат. Текшерүүнүн жүрүшүнө кредиттик союздун жетекчилигинин биринчи эле тоскоолдук кылуусунда тиешелүү чаралар колдонулат. 

4.5. Эгер инспекторлордун келиши менен кредиттик союз катталган дарек боюнча жайгашпаган болсо, анда бул факт инспекторлор тарабынан кредиттик союзга карата андан ары тиешелүү таасир этүү чараларын колдонуу менен катталат. 

4.6. Кредиттик союздун жетекчилиги инспекторлор тобуна ар тараптуу жардам көрсөтүүгө жана төмөнкү шарттардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш: 

- инспекторлор кредиттик союздун туракжайларына, кредиттик союздун бардык кызматкерлерине, документтерине, ошондой эле текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон жазууларына эркин жеткиликтүүлүккө ээ болууга тийиш; 

- инспекторлор текшерүүнү жүргүзүү үчүн бардык зарыл болгон маалыматтарды өз убагында алууга жана кредиттик союздун кайсы болбосун кызматкеринен зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү жана/же түшүнүктөрдү алууга тийиш; 

- мүмкүн болгон жерде, кредиттик союзда инспекторлор тобуна өзүнчө туракжай берилүүгө тийиш жана кредиттик союздун жана Улуттук банктын документтеринин коопсуздукта сакталышын, ошондой эле текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон көчүрмө алуу жана башка техникага (алардын болуусунда) жеткиликтүүлүктү камсыз кылат; 

- көчүрмө алуу техникасы жок болгон учурда жана документтин көчүрмөсүн алуу үчүн кредиттик союздун туракжайынан тышкары инспекторду коштоп чыгуудан кредиттик союздун кызматкери баш тартса, кредиттик союздун туракжайынан документтерди алып чыгууда инспектор кредиттик союздун жооптуу кызматкеринен документтер көчүрүп алуу үчүн туракжайдан алынып чыгып жаткандыгын жана бардык документтер кайра кайтарылып берилгендигин тастыктоочу дагы бир колтамга алууга тийиш; 

- текшерүү процессинде көтөрүлгөн административдик жана башка маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүү үчүн, ошондой эле кредиттик союздун инспекторлор менен мамилелерин координациялоо үчүн кредиттик союздан жооптуу адам дайындалат. 

4.6.-1. Кредиттик союздардын жетекчилиги текшерүүлөр жүргүзүлүп жаткан учурда Улуттук банктын инспекторлор тобуна аудио/видео жабдуулар орнотулбаган, аудио/видео жазуулар ишке ашырылбаган өзүнчө жай менен камсыз кылууга, текшерүүчүлөр тобуна берилген жайга үчүнчү жактардын аудио/видео жабдууларын орнотуу аракеттерине бөгөт коюуга, кредиттик союздун жана текшерүүчүлөр тобунун документтеринин коопсуз сакталышын камсыз кылып, аларга ишин аткаруу үчүн зарыл болгон жабдууларды жана техникаларды берүүгө милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.7. Инспекторлор аларга жүктөлгөн маселелерди аткаруу менен байланышкан кредиттик союздун документтерин сурай алышат. Инспекторлор зарыл болгон документтерди көчүрүп же алардын көчүрмөсүн алалышат жана кредиттик союздардын документтери боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүнү (зарыл болгон учурда) талап кыла алышат. 

4.8. Коюлган милдеттерди аткарууда кредиттик союзду текшерүү боюнча топтун мүчөлөрү (инспекторлор) кредиттик союздун жооптуу кызматкерлери менен текшерүүнүн жүрүшүндө келип чыгуучу маселелер боюнча талкууларды өткөрүшөт. 

4.9. Алгач текшерүүнүн программасында каралбаган, текшерүүнүн жүрүшүндө кредиттик союздун ишинин башка чөйрөлөрүндөгү мыйзам бузуулар аныкталган учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары белгиленгенде, бул Нускоонун 3.7-пунктуна ылайык текшерүүнүн мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн. 

 

5. Кредиттик союздун аткаруучу башкаруу органы 

менен жыйынтыктоочу жолугушуу 

 

5.1. Текшерүүнүн жетекчиси текшерүүнүн аякташы менен анын натыйжалары, тобокелдиктерге карата тыянактарды талкуулоо жөнүндө, ошондой эле сунуш-көрсөтмө берүү менен кредиттик союздун аткаруучу жетекчилигин маалымдоо үчүн кредиттик союз Башкармасынын төрагасы (анын милдетин аткаруучу башка адам) жана башкаруу органынын башка мүчөлөрү (зарыл болгон учурда) менен уюштурулуп жаткан жыйынтыктоочу жолугушууну өткөрүүгө тийиш. Улуттук банктын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө бөлүмү/Улуттук банктын областтык башкармалыгынын Көзөмөл бөлүмүнүн начальниги (же болбосо алардын милдетин аткаргандар) зарыл болгон учурда жолугушууга катыша алышат. Жолугушуунун жүрүшүндө текшерүү ишинин жетекчиси четтетилүүгө тийиш болгон белгиленген талаптарды бузууга жол берүүлөр жөнүндө маалымдоого жана кредиттик союз үчүн кыйла тобокелдиктерди жараткан иш чөйрөлөргө өзгөчө көңүл бурууга тийиш. Мындан сырткары, жыйынтыктоочу жолугушуу кредиттик союздун Башкармасынын төрагасына жана аткаруучу жетекчилигине көзөмөлдүн тынчын алган маселелер боюнча абалды аныктоого, болгон көйгөйлөрдү аныктоого жана тактоого, ошондой эле инспекторлорго суроолорду берүүгө мүмкүндүк берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

5.2. Жыйынтыктоочу жолугушууда текшерүүнүн жетекчиси кредиттик союздун аткаруучу жетекчилигине төмөнкүлөрдү камтыган, текшерүүнүн жүрүшүндө жетишилген тыянактар жөнүндө маалымат берүүгө тийиш: 

- текшерүүнүн жүрүшүндө ачылган, Улуттук банктын мыйзамдарын жана ченемдик актыларын бузуунун бардык учурлары; 

- активдердин сапаты жөнүндө тыянак; 

- кредиттик союздардын кирешелүүлүгү жөнүндө тыянактар; 

- капиталдын шайкештиги жөнүндө тыянактар; 

- ликвиддүүлүк жөнүндө тыянактар; 

- менежментке баа берүү жана башкаруунун сапаты; 

- бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун колдонуудагы системасына, маалыматтык системага жана ички контролдук системасына баа берүү

- активдердин классификациясындагы, адекваттуу камдарды түзүүдөгү жана колдоодогу жетишпестиктерди ачып берүү. Ошону менен бул талаптар кийинки отчеттук мезгилдин башталышына чейин аткарылууга тийиш экендигин көрсөтүү зарыл; 

- башка зарыл маалыматты. 

5.3. Жыйынтыктоочу жолугушуунун жүрүшүндө текшерүүнүн жетекчиси кредиттик союздун аткаруучу жетекчилигине текшерүүнүн жүрүшүндө табылган бардык жетишпестиктерди оңдоонун зарылдыгы жөнүндө билдирет, ошондой эле айтылган маселелердин алгылыктуу чечимдерин жана аларды аткаруунун мөөнөттөрүн сунуш кылат. 

5.4. Жолугушуунун жүрүшүндө талкуулануучу маселелер каттала турган протокол түзүлүп, ага текшерүүнүн жетекчиси жана кредиттик союз Башкармасынын Төрагасы, ал жок учурунда ыйгарым укуктуу адам колтамга коюшат. 

5.5. Текшерүүнүн жүрүшүндө кредиттик союздун ишине берилген баа акыркы болуп саналат. 

5.6. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча зарылчылыкка жараша, финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарына ылайык олуттуулук критерийин эске алуу менен финансылык отчеттуулукка түзөтүүлөр киргизилиши талап кылынат. 

Эскертүү (1) Олуттуулук критерийи ФОЭСке ылайык белгиленет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

6. Текшерүү жөнүндө отчет 

 

6.1. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, текшерүү жөнүндө текшерүүнүн жыйынтыгын чагылдырган отчет кредиттик союздун башкаруу органы үчүн кат жүзүндө даярдалат. Текшерүү жөнүндө отчет кредиттик союздун башкаруу органынын көңүлүн, бардык олуттуу көйгөйлөрдү жана зарыл түрдө кабыл ала турган чараларды кошо алганда, негизги корутундуларга жана текшерүүнүн тыянактарына бурат. Отчет бардык тыянактарды жана көзөмөл органында кооптонууну пайда кылган маселелерди, ошондой эле абалды оңдоп кетүү жана/же жакшыртуу үчүн кредиттик союз тарабынан кабыл алынган милдеттенмелерди камтыйт. 

6.2. Текшерүү жөнүндө отчет инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кредиттик союзга карата көрүлүүчү (эскертүү чаралары) кадамдардын биринчиси болуп саналат жана кредиттик союздар тарабынан Улуттук банктын ченемдик актылары сакталбаган же Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары бузулган фактылар аныкталганда, аныкталганда аларды белгилүү мөөнөттө четтетүү жөнүндө милдеттүү түрдө аткарыла турган буйрууну да камтыйт. 

6.3. Текшерүү жөнүндө отчет кредиттик союздун жалпы абалы жөнүндө, ошондой эле орун алган олуттуу тобокелдиктер жана/же кемчиликтер жөнүндө маалыматты камтыйт. 

6.4. Кредиттик союзду комплекстүү текшерүү жөнүндө отчет Улуттук банктын ички жол-жоболорунун талаптарына ылайык түзүлөт. 

 

7. Таасир этүү чөйрөсү 

 

7.1. Кредиттик союздун ишинде кемчиликтер жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик аткыларын бузуулар катталган учурда, текшерүүчүлөр Улуттук банктын ченемдик актыларына, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кредиттик союзга таасир этүү чарасын колдонуу жөнүндө сунушту даярдайт. 

7.2. Кредиттик союзга таасир этүү чарасын колдонуу жөнүндө чечим Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык мында чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу Улуттук банктын тиешелүү кызмат адамдары жана органдары тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынат. 

7.3. Эгерде текшерүүнүн жүрүшүндө кредиттик союздун башкаруу органдарынын мүчөсүүчөлөрү) Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинде каралган кылмыштуу деп эсептелген аракеттерди жүзөгө ашырышкан болсо, анда Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине жана Улуттук банктын ички жоболоруна жана жол-жоболуна ылайык, инспекторлордун тыянактарын тастыктоочу материалдарды тиешелүү укук коргоо органдарына (ведомство боюнча) өткөрүп берүүгө укуктуу. 

 

8. Текшерүү жөнүндө отчет менен таанышуу 

 

8.1. Текшерүү жөнүндө отчет коштомо каты менен бирге конвертке салынып, жабылган түрдө кредиттик союз Башкармасынын Төрагасына жөнөтүлөт. Мында отчет жөнүндө кредиттик союз Башкармасынын Төрагасынын аты-жөнүн, анын колтамгасын жана жөнөтүү күнүн камтыган тастыктама милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш. 

8.2. Коштомо катында төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- кредиттик союз Башкармасынын отчетту кылдат окуп чыгуусу жана отчетто жазылган сунуш-көрсөтмөлөргө жараша, бети ачылган катачылыктарды жана катталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү чаралардын кабыл алынышы; 

- текшерүү жөнүндө отчет менен таанышкандан кийин, таанышуу баракчасына колтамга коюу (4-тиркеме) зарылдыгы; 

- эгерде Улуттук банктын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы/областтык башкармалыктары кредиттик союздун башкаруу органдары менен жолугушуу зарыл деп эсептесе, жолугушуу күнү белгиленүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

8.3. Кредиттик союздун аткаруу жетекчилигине коштомо каты жана текшерүү жөнүндө отчет менен бирге, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кредиттик союзга ыйгарылган жыйынтык рейтинги жөнүндө маалымат кредиттик союздун аткаруучу жетекчисине конвертке салынып, жабылган түрдө жөнөтүлөт жана бул маалымат купуя болуп саналары жана үчүнчү жакка берилүүгө тийиш эмес экендиги жөнүндө эскертилет. 

8.4. Текшерилген кредиттик союздун Башкарма мүчөлөрү жана Текшерүү комиссиясынын Төрагасы отчет менен таанышууга тийиш. Отчет менен таанышуу мөөнөтү коштомо каты менен отчет Улуттук банк тарабынан жөнөтүлгөн күндөн тартып 10 жумуш күнүн түзөт. Бул мөөнөттүн аякташы менен таанышуу баракчасы колтамга коюлуу менен Улуттук банктын Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл башкармалыгына/областтык башкармалыгына кайтарылат. 

8.5. Текшерилген кредиттик союздун Башкарма мүчөлөрү жана Текшерүү комиссиясынын Төрагасы текшерүү жөнүндө отчет менен таанышуу баракчасына колтамга коюуга милдеттүү (4-тиркеме), мында отчетто камтылган корутундулар жана тыянактар менен макул эместик таанышуу баракчасына колтамга коюдан баш тартууга негиз болуп саналбайт. 

 

9. Таанышуу баракчасы 

 

9.1. Таанышуу баракчасы Башкарманын бардык мүчөлөрүнүн жана Текшерүү комиссиясынын Төрагасынын колтамгаларын камтыйт. Отчет менен таанышуудан кийин, Улуттук банктын коштомо каты жөнөтүлгөн күндөн тартып 10 жумуш күнү ичинде Улуттук банктын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы/областтык башкармалыктары начальнигине кайтарылып берилет. Кредиттик союз колтамгалар коюлган баракчаларды кредиттик союздун делолорунда сактоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

9.2. Отчет менен таанышуу үчүн белгиленген мезгил ичинде Башкарманын бул же тигил мүчөсү жок болуп калган жана/же аны менен байланышуу мүмкүн болбогон учурда, кредиттик союз отчетту алган күндөн тартып беш иш күнүнүн ичинде Улуттук банктын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы/областтык башкармалыктары начальнигине Башкарманын мүчөлөрү колтамга коюу баракчасына кол койбогондугунун себептери жөнүндө кат жүзүндө маалымдоого тийиш. Мында колтамга коюу баракчасы Улуттук банктын Инспектрлөө башкармалыгы/областтык башкармалыктары (башкармалыктарына) колтамга коюу учурунда жок болгон Башкарма мүчөлөрүнүн колтамгасыз кайтарылып берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

9.3. Отчет менен таанышуу жана Башкарма мүчөлөрүнүн колтамга коюу баракчасына колтамга койдуруу үчүн жоопкерчилик андан ары кредиттик союзга жүктөлөт. 

 

10. Даттануу тартиби 

 

10.1. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетко даттанууга жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

10.1.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

10.1.2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

10.1.3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

10.2. Улуттук банктын таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечимине "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобого ылайык даттанууга болот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы 21/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

10.3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

10.4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

10.5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

10.6. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

(1) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна ылайык алынып салынган) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кредиттик союздардын ишине  

инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү  

жөнүндө Нускоого карата  

1-тиркеме  

  

__________________________  

дареги боюнча жайгашкан  

Кредиттик союздун төрагасы  

__________________________  

(кредиттик союздун аталышы)  

__________________________  

Мырза ____________________  

(аты-жөнү)  

  

БИЛДИРҮҮ  

  

(КР Улуттук банк Башкармасынын  

2012-жылдын 12-декабрындагы N 48/10, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

  

Муну менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы/ ___________ областтык башкармалыгынын көзөмөл бөлүмү 200__-жылдын ______________________ тартып "__________________" кредиттик союздун ишин комплекстүү текшерүү жүргүзүлөтургандыгын билдирет.  

Текшерүүнүн эффективдүү жүргүзүү, ошондой эле инспекторлордун кредиттик союздарда болуу убактысын кыскартуу максатында, Сизге өзүңүздүн тиешелүү кызматкерлериңиздин каттын тиркемесинде жазылган документтерди жана маалыматтарды даярдоолоруна, тиешелүү көрсөтмөнү берүүңүздү өтүнүп, кайрыламын. Бардык документтер жана маалыматтар 200__-жылдын 1-___________ карата абал боюнча даярдалууга жана текшерүүчү топтун жетекчисине алар кредиттик союзга келген күнү берилүүгө тийиш.  

Эгерде, аталган документтерди даярдоонун жүрүшүндө Сиздердин кызматкерлерде кандайдыр бир суроолор пайда болсо, ошондой эле кредиттик союз талап кылынган документтерди жана маалыматтарды даярдай албай турган болсо, инспекторлук текшерүүнү баштоонун жогоруда көрсөтүлгөн датасына чейин, эртелеп Улуттук банктын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын/областтык башкармалыгынын Көзөмөл бөлүмүнүн кызматкерлери менен байланышуу зарыл.  

_______________________________________________________________________  

(Аты-жөнү, кызматы жана телефон номери)  

Текшерүүгө ______ инспектор катыша тургандыгы пландаштырылууда, ушуга байланыштуу ______ адам иштей турган иш бөлмөнү даярдооңуздарды  

өтүнөбүз.  

Текшерүү тобуна текшерүү менен байланыштуу маселелер боюнча ар тараптуу көмөк көрсөтүүңүздү, кредиттик союздун кызмат адамдарынын жана катышуучуларынын сурамжылоо үчүн жана текшерүүнү аткаруу үчүн зарыл болгон маалымат булактарына карата мүмкүндүктү камсыз кылууңузду өтүнөмүн.  

  

Тиркеме: Документтердин жана маалыматтардын тизмеси _____ баракта  

  

Урматтоо менен,  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын/________ областтык  

башкармалыгынын Көзөмөл бөлүмүнүн ____________________  

(аты-жөнү, колтамга)  

  

Улуттук банктын 

200__жылдын "__" _______  

N ___ билдирүү  

катына карата  

тиркеме  

  

Кредиттик союздун ишин текшерүү үчүн  

ТИЕШЕЛҮҮ ДОКУМЕНТТЕРДИН БОЛЖОЛДУУ ТИЗМЕСИ  

  

I. Кредиттик союздардын башкаруу органдарынын ишинин жүрүшүндө келип чыккан жана кредиттик союздун ишин жөнгө салуучу документтер.  

1. Уюштуруу документтери (уюштуруу келишими, устав, каттоодон өткөндүгү/кайра каттоодон кайра өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, Улуттук банктын лицензиясы).  

2. Кредиттик союздун башкаруу органдарынын мүчөлөрүнүн жана кредиттик союздун катышуучулары болуп саналган жакын туугандарынын тизмеси (жубайы, энеси, атасы, балдары, бир туугандары, чоң энеси, чоң атасы):  

К N  

Кредиттик союздун башкаруу органынын мүчөлөрүнүн аты-жөнү 

Кызматы  

Кызматка дайындоо жөнүндө документтин N жана күнү  

Жакын туугандарынын аты-жөнү жана алардын туугандык байланышы 

 

3. Кредиттик союздун штаттык расписаниеси жана кредиттик союздардын кызматкерлерине карата анкеталар.  

4. Кредиттик союздун кызматкерлеринин кызматтык нускоолору жана иш убактысын эсепке алуу табели.  

5. Кредиттик союздун ички саясаттары, жоболору, нускоолору, жол-жоболору, көрсөтмөлөрү жана башка ички документтери.  

6. Кредиттик союздун катышуучуларынын учурдагы жылдагы жана акыркы эки жыл ичинде жылдык жана кезексиз жыйналыштарынан толтурулган протоколдор, ошондой эле алардын көчүрмөлөрү.  

7. Кредиттик союз Башкармасынын жылдык отчеттору, Текшерүү комиссиясынын акыркы жылдагы отчеттору, алардын көчүрмөлөрү.  

8. Кредиттик союзду өнүктүрүүнүн стратегиялык планы жана алардын көчүрмөлөрү.  

9. Кредиттик союздун өткөн жана учурдагы жылга бизнес-планы, ошондой эле алардын көчүрмөлөрү.  

10. Эгерде кредиттик союз тышкы аудиттен өткөн болсо, тышкы аудитордун отчеттору.  

II. Кредиттик союздун капиталын түптөө боюнча документтер:  

1. Кредиттик союздун катышуучуларынын 200__-жылдын "01" ____ абал боюнча реестри:  

К N  

Катышуучунун аты-жөнү   

Сактык пайынын суммасы (сом)   

Кредиттик союздун бардык сактык пайларынын суммасынан сактык пайдын үлүшү(%)  

  

2. Кредиттик союздун капиталдык камдарына ыктыярдуу кайтарымсыз төлөмдөрдү киргизүү/алуу жөнүндө 200__-жылдын "01"______ 200__-жылдын "01" чейинки маалыматтар:  

К N  

Катышуучунун аты-жөнү   

Төлөмдүн суммасы   

Алынган төлөмдүн суммасы   

Төлөм документинин N жана датасы   

Эскертүү  

  

3. Катышуучулардын эсептик карточкасы, анын ичинде 200__ "01" тартып 200__ "01" мезгил ичиндеги катышуучуларды каттоо карточкасы.  

III. Кредиттик союздардын активдүү операциялары боюнча документтер:  

1. Кредиттик союздардын кредиттери жөнүндө 200__-жылдын "01" карата абал боюнча маалыматтары:  

К N  

Карыз  алуучунун  

Жалпы  маалыматтар  

Кредиттик келишимдин шарттары жана ага карата кошумча келишимдер(*)  

Күрөө  

аты-жөнү  

паспорт  

Жашаган жери  

Берүүкүнү  

Төлөөкүнү  

Кредиттин суммасы  

% чен  

Максаты  

1  

2  

3  

4  

5  

6  

7  

8  

9  

10  

  

Реструктуризация-н саны  

Тармак  

Карыздын  ____-жылга  калдыгы  

____-жылга  (күн)  мөөнөт-н уз.  

Кредиттин классиф-я  

Кредит б-ча  

%%  б-ча  

Кредит б-ча  

%%  б-ча  

11  

12  

13  

14  

15  

16  

17  

2. Карыз алуучулардын иштеп жаткан жана алынып салынган кредиттери боюнча эсептик карточкасы.  

3. Иштеп жаткан жана алынып салынган кредиттери боюнча кредиттик маалыматтар.  

4. Кредит портфелинин 200__-жылдын "01" _______ карата абал боюнча жана өткөн 4 чейрек боюнча классификациялоо.  

5. Кошуп эсептелинген, бирок алынбаган пайыздар боюнча 200___-жылдын "01" карата абал боюнча маалыматтар:  

  

К N  

Карыз алуучунун аты-жөнү  

Кошуп эсептелинген,  бирок төлөнбөгөн  пайыздардын 200__-жылдын  "01"___ карата  калдыгы  

Анын ичинде:  

30  күнгө чейин  

31-60  күн  

61-90  күн  

91-180  күн  

180  күндөн жогору  

6. Кредиттик союздун Финансы компаниясынан алынган кредиттери боюнча күрөө берүүчү болуп саналган кредиттик союздун катышуучулары жөнүндө маалымат:  

  

К N  

Карыз  алуучунун аты-жөнү  

КСФК ж-а  күрөө бер-н ортосунда кредиттик союздун катышууч-н кредити  б-ча күрөө ж-дө келишимдин N, күнү  

Кредиттик союздун катышуучусунда  КСФК алдында  кред. б-ча текшерүү күнүнө карата  карызынын болушу  (кредиттин суммасын көрсөтүү)  

КСФК  ортосундагы  кредиттик  келишимдин N, күнү  

7. Кредиттик союздун катышуучуларынын кредит алууга өтүнүч каттарын каттоо журналы.  

8. Карыз алуучулар менен байланыштарды каттоо журнал.  

9. Негизги каражаттарды эсепке алуу карточкасы, негизги каражаттарды инвентаризациялоо актылары.  

IV. Кредиттик союздардын милдеттенмелери боюнча документациялар:  

1. Кредиттик союздун жана кредиторлордун (Финансы компаниясынын жана/же кредитор уюм) ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдер жана лизинг келишимдери.  

2. Финансы компаниясынын алдындагы милдеттенмелерди төлөө боюнча мөөнөтүнөн мурда төлөнүүчү төлөмдөр жөнүндө 200__-жылдын "01" _______ карата абал боюнча маалымат.  

3. КСФК алдындагы карыздары жөнүндө 200_ "01" _______ карата маалыматтар:  

Кредиттик келишимдин N, датасы   

Кредитти алуу күнү  

Алынган кредиттин суммасы   

Кредитти төлөө күнү   

% чен  

Карыздын 200_-жылдын "01"___карата калдыктары   

  

Кредиттик союздун пайдасы/ликвиддүүлүгү боюнча документтер:  

1. Кассалык журналдар.  

2. Эсептешүү эсептери боюнча көчүрмөлөр.  

3. Комбанктар менен эсептешүү-кассалык тейлөөгө келишимдери.  

Кредиттик союздун бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча документтери:  

1. Кредиттик союздун 200__ "01" _______ Финансы отчету (бухгалтердик баланс, алынган пайда жана кетирилген чыгымдар жөнүндөотчет, финансы отчетуна карата түшүндүрмө каты), мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттор жана кредиттик союздун 200_ - 200_-жылдар ичинде экономикалык ченемдердин аткарылышы жөнүндө маалыматтар.  

2. 200__-жылдын "01" _______ карата баланстын статьялары боюнча чечмелеп түшүнүк берүү: "Негизги каражаттар", "РППУ", "Алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар боюнча", "Башка менчик", "Башка активдер", "Башка милдеттенмелер", "Коммерциялык банктардагы эсептешүү жана депозиттик эсептер", "Келечек мезгилге кирешелер", "Келечек мезгилге чыгашалар", "Классификациялануучу кредиттер боюнча кошуп эсептелинген пайыздар", "Төлөнбөгөн милдеттенмелер боюнча төлөмдөр (пениялар)", "Кошуп эсептелинген милдеттенмелер (21131 эсеби)" калдыктарды көрсөтүү менен.  

3. 200__-жылдын "01" карата алынган пайда жана кетирилген чыгымдар жөнүндө отчеттун статьялары боюнча чечмелеп түшүнүк берүү.  

4. Ижара келишими.  

5. Кредиттик союздардын коммерциялык банктардагы депозиттик аманаттары менен келишимдер.  

6. Алгачкы бухгалтердик регистрлер.  

7. Башка каттоо журналдары, иш номенклатурасы.  

Жогоруда аталып кеткен бардык маалыматтарды Улуттук банктын текшерүү тобуна 200__-жылдын "___"________ чейин берүү зарыл.  

Кредиттик союздун ишин текшерүүдө Улуттук банктын инспекторлору тарабынан алынган кайсы болбосун маалымат кредиттик союзга берилүүгө тийиш.  

Текшерүүнүн жүрүшүндө кредиттик союзга берилүүчү бардык документтерине жана/же алардын көчүрмөлөрүнө кредиттик союздун төрагасы жана/же бухгалтери колтамгаларды коюуга, ошондой эле кредиттик союздун мөөрү басылууга тийиш.  

Эскертүү:  

(*) Кредиттик келишимге карата кошумча макулдашуулардын шарттары кредиттик келишимдин шарттарын алгач көрсөтүүдөн кийинки төмөнкү сапта "карыз алуучунун аты-жөнү" тилкесинде кайрадан толтуруусуз көрсөтүлөт.  

  

  

Кредиттик союздардын ишине  

инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү  

жөнүндө Нускоого карата  

2-тиркеме 

(КР Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун  

редакциясына ылайык)  

  

  

__________________________________________________________________  

(кредиттик союздун толук аталышы)  

________________________________________________ ишин текшерүүгө карата  

  

БАГЫТТАМА  

  

Муну менен төмөндөгү кызматкерлер:  

1.________________________________________________________________  

(Аты-жөнү жана кызматы)  

2.________________________________________________________________  

(Аты-жөнү жана кызматы)  

3.________________________________________________________________  

(Аты-жөнү жана кызматы)  

4.________________________________________________________________  

(Аты-жөнү жана кызматы)  

5.________________________________________________________________  

(Аты-жөнү жана кызматы)  

_______________________________ кредиттик союздун ишин 200_-жылдын "___" ___________ тартып текшерүүгө бара тургандыгын билдирет.  

  

Текшерүүнүн жетекчиси болуп _________________________ дайындалган.  

(аты-жөнү жана кызматы)  

  

Урматтоо менен,  

  

Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы/ 

областтык башкармалыктар начальниги _____________________________  

(аты-жөнү жана кызматы)  

  

  

Кредиттик союздардын ишине  

инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү  

жөнүндө Нускоого карата  

3-тиркеме  

  

Текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык  

көрсөтүлгөндүгү жөнүндө  

АКТ  

  

_______________________________________________________________________  

(кредиттик союздун аталышы)  

_______________________________________________________________________  

(кредиттик союздун жайгашкан жери, дареги, телефону)  

  

_________________ 200_-жылдын "__"_______  

үзүлгөн жери)  

  

Мен, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкери __________ _______________________________________________________________________  

(Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү)  

тарабынан бул акт кредиттик союздун кызматкерлеринин __________________ _______________________________________________________________________  

(кредиттик союздун кызматкерлеринин аты-жөнү, кызматы)  

аталган ________________________________________ кредиттик союздун ишин текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүктөрү_______________________  

(кредиттик союздун  

_______________________________________________________________________  

имаратына киргизбөөсү, инспекторлор тарабынан кредиттик союздун  

суралган документтерин бербөөсү)  

үчүн түзүлдү.  

Улуттук банктын кызматкерлери тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүлөрүнө каршылык көрсөткөндүктөрүнө байланыштуу, кредиттик союздун кызматкери кредиттик союзда текшерүүнү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылышы жөнүндөэскертилди.  

  

Акт _____________________ ___________ __________ тарабынан түзүлдү.  

(Улуттук банктын (кызматы) (Колтамга)  

кызмат-н аты-жөнү)  

Таанышты __________________________________ ___________ _____________  

(Банктын кызматкеринин аты-жөнү) (кызматы) (Колтамга)  

Акттын экинчи нускасы алынды ____________________________ ____________  

(Кредиттик союздун кызм-нин (колтамга)  

аты-жөнү)  

  

  

Кредиттик союздардын ишине  

инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү  

жөнүндө Нускоого карата  

4-тиркеме  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

  

ТААНЫШУУ БАРАКЧАСЫ  

  

Биз, төмөндө колтамга коюучу Башкарма мүчөлөрү жана Текшерүү комиссиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын инспекторлору тарабынан "______________________" кредиттик союздун ишин 200_-жылдын "__"_____тартып 200_-жылдын "__"______чейинки мезгил ичинде текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 200_-жылдын "__"_______ карата берилген ушул отчеттун мазмуну менен жеке таанышып чыктык.  

  

Башкарма мүчөлөрүнүн жана Текшерүүкомиссиясынын төрагасынын аты-жөнү  

Колтамга  

Күнү  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Бул баракка кол коюудан баш тартуу учурунда ал боюнча акт түзүлөт же документке үч адамдын колтамгасы алардын аты-жөнүн, паспорттук маалыматтарын көрсөтүү менен алардын катышуусунда аталган документтин мазмуну боюнча маалымат Башкармага жөнөтүлгөндүгү жөнүндө коюлат.  

ЭСКЕРТҮҮ: Бул баракка Башкарма мүчөлөрү жана Текшерүү комиссиясынын төрагасы (же анын милдетин аткаруучу адам) колтамга коюулары тийиш, андан кийин Улуттук банктын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы/Областтык башкармалыгынын начальнигине 10 иш күнүнүн ичинде кайтарылып берилүүгө тийиш. Башкарма мүчөлөрү колтамга койгон таанышуу баракчасынын экинчи нускасы таанышуунун жыйынтыктары жөнүндө отчет менен бирге кредиттик союзда сакталууга тийиш.