Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук Банк Башкармасынын 

2009-жылдын 23-декабрындагы 

№ 50\7 токтому менен 

бекитилген 

 

Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-декабрындагы № 48/10, 2013-жылдын 23-октябрындагы № 39/4, 2014-жылдын 30-майындагы № 24/10, 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ), 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

1. Жалпы жоболор 

1.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

1.2. Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөөнүн шайкеш системасын калыптандырууга карата минималдуу талаптарды аныктоо, ушул Жобонун максаты болуп саналат. 

1.3. Кредиттик тобокелдик - бул, карыз алуучулардын келишим мөөнөттөрүнө жана шарттарына ылайык өз милдеттенмелерин ошондой эле, контрагенттердин финансылык контрактылар боюнча милдеттенмелерин аткара албай калуусу учурунда келип чыккан тобокелдик. 

Кредиттик тобокелдик, карыз алуучунун күнөөсү боюнча анын төлөөгө жөндөмсүздүгүнөн улам, төлөө мөөнөтүнүн өткөрүлүп жиберилишине сыяктуу эле, күрөөнүн сапатына, менчиктин формасына, тармактык тиешелүүлүгү боюнча карыз алуучунун түрүнө, гарантиялардын болушуна жана анын түрлөрүнө, ошондой эле гаранттардын ишенимдүүлүгүнө, кредиттер боюнча мурда алынган милдеттенмелердин аткарылышына баа берүүгө, карыз алуучунун ишинин андан ары өнүгүү келечегине да байланыштуу. 

Кредиттик тобокелдик алгылыктуу натыйжа, кредиттик союздун катышуучусунун-карыз алуучусунун (мындан ары карыз алуучу), же болбосо контрагенттердин кредиттик союз алдында келишимде жана/же макулдашууда каралган өз милдеттенмелерин аткарышына жараша аныкталган, кредиттик союздун ишинин бардык түрлөрүндө орун алышы ыктымал. 

Кредиттик тобокелдикти тескөө максаты, кредиттик союздун бул тобокелдикке дуушарлануу деңгээлин аныктоодон, анын келип чыгуу себептерине иликтөөлөрдү жүргүзүүдөн жана тобокелдиктин артышынын ички жана тышкы тенденцияларын аныктоодон, ошондой эле алардын негизинде кредиттик тобокелдикти болжолдоого жана аны алгылыктуу чекке чейин басаңдатуу үчүн зарыл чараларды көрүүдөн көрүнөт. 

 

2. Кредиттик тобокелдикти тескөө 

2.1. Кредиттик союздун башкармасы, кредиттик тобокелдикти тескөөнүн жана мониторинг жүргүзүүнүн бардык аспекттери боюнча укуктарды жана милдеттенмелерди белгилөө менен так аныкталган кредиттик түзүмдүн ошондой эле, кредиттик тобокелдикти аныктоого, жана ага баа берүүгө, контролдоого мүмкүндүк берген тиешелүү инструменттерди камтыган ушул тобокелдикти тескөөнүн таасирдүү системасынын түптөлүшүн камсыз кылышы зарыл. 

2.2. Кредиттик тобокелдикти аныктоо - бул, тобокелдиктерди аныктоого багытталууга тийиш болгон, туруктуу негизде жүзөгө ашырылган процесс. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3. Кредиттик тобокелдикти өлчөө кредиттик союздун тышкы жана ички шарттарын эске алуу менен жүргүзүлүшү зарыл. Кредиттик союз тарабынан колдонулган тобокелдикти өлчөө инструменттери, тобокелдиктин татаалдыгын жана деңгээлин чагылдырууга тийиш. Кредиттик союз өзү колдонгон тобокелдиктин өлчөө инструментине мезгил-мезгили менен баа берүүсү зарыл. 

2.4. Кредиттик тобокелдикти контролдоо. Кредиттик союз өз кызматкерлеринин укуктарын жана жоопкерчилигин аныктаган лимиттерди саясаттарда, эрежелерде жана жол-жоболордо белгилөөгө жана көрсөтүүгө тийиш. Контролдук чектөөлөр жөнгө салынууга тийиш, б.а. кредиттик союзда көрсөтүлгөн лимиттерге саясаттарда белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү караштырылышы зарыл. 

2.5. Кредиттик тобокелдикке мониторинг жүргүзүү боюнча отчеттор мезгил-мезгили менен, так, өз убактысында кредиттик союздун жоопкерчиликтүү адамдарына зарыл корректировкалоо чараларын кабыл алуу үчүн сунушталууга тийиш. Кредиттик союздун кредиттик операциялары анын катышуучуларынын жалпы жыйынында бекитилген ички кредиттик саясатка ылайык жүзөгө ашырылат. Кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы жыйыны кредит саясатынын шайкештигине мезгил-мезгили менен иликтөөлөрдү жүргүзүп турууга тийиш. 

2.6. Кредиттик союздун башкармасы кредит саясатынын аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат, ал үчүн кредиттик союздун ишинде орун алышы мүмкүн болгон кредиттик тобокелдиктерди аныктоо, аларды өлчөп баа берүү, мониторинг жүргүзүү жана контролдукка алуу боюнча саясаттарды жана жол-жоболорду иштеп чыгууга, колдонууга тийиш. 

 

3. Кредиттик союздун кредит саясаты 

3.1. Кредиттик саясат стратегияны, критерияларды, параметрлерди жана жол-жоболорду аныктоого тийиш, анткени булар менен кредиттик союздун кызматкерлери кредиттерди берүү, тариздөө, тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү жана аны тескөө боюнча иште буларга таянууга милдеттүү

Кредиттик союздун кредит саясатында кызматкерлерди карыз алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүнүн, проблемалуу кредиттер менен иш алып баруунун колдонуудагы ыкмаларын эске алуу менен кредиттөө жана карыз алуучунун төлөөгө жүндөмдүүлүгүнө иликтөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү, ошондой эле кредиттөөдөгү башка маселелерге мониторинг жүргүзүү, анын ичинде кардарлар менен байланышты жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын аткаруу, жоопкерчиликтүүлүк менен кредиттөө принциптеринин сакталышы маселелери боюнча мезгил-мезгили менен окутуп туруу мүмкүнчүлүгү чагылдырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.2. Кредит саясатында кредит берүүгө тиешелүү бардык негизги жоболор чагылдырылууга тийиш: 

3.2.1. Төмөнкүлөрдү камтыган, негизги жоболор: 

- кредиттөө максаттарына жана башка шарттарга жараша кредиттердин түрлөрү

- кредиттин валютасы; 

- кредиттөөнүн сандык чектери; 

- кредиттөө мөөнөттөрү

- пайыздык чендер жана аларды белгилөө ыкмалары; 

- географиялык чектөөлөр; 

- кредиттердин концентрациялануусу (карыз алуучулар тобу, географиялык белгилери, тармактар жана башка факторлор боюнча); 

- кредиттик союздун башкаруу органынын мүчөлөрүнө берилүүчү кредиттер боюнча чектөөлөр; 

- күрөө наркына баа берүүлөр жана анын алгылыктуулугун аныктоо критерийлери; 

- жана башка шарттар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы № 39/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.2.2. Кредитти тариздетүү тартиби: 

- документтердин формалары; 

- кредиттерди берүү тартиби; 

- кредиттердин берилишин жактыруу тартиби; 

- күрөөгө карата талаптар жана талап кылынган документтер (күрөө түрү, кредиттин ордун күрөө менен жабуу коэффициенти, рыноктук наркына баа берүү жана жайгашкан жери, күрөөнү тескөө укугу, күрөөгө баа берүү ыкмалары); 

- кредиттердин туура тариздетилишине контролдук; 

Кредиттик союз, кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдиктерге баа берүү ишин уюштуруу максатында, бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүгө, ошондой эле кеминде бир кредиттик бюрого кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.  

Кредиттик маалымат анык жана жаңыртылган, айкын маалыматтарга негизденүүгө тийиш.  

Кредиттик союздун кредиттик ишти жөнгө салуу боюнча ички документтеринде кредиттик маалымат алмашуу ишин уюштуруу тартиби жана талаптары камтылууга тийиш:  

- кредиттик маалыматты санкциясыз колдонуудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу;  

- кредиттик маалымат алмашуу процессинде катышкан кредиттик союз жана анын кызматкерлери тарабынан алар менен эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салуу.  

Мындан тышкары, кредиттик саясатта кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүдө негизги шарттар жана милдеттенмелер, анын ичинде төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:  

- кредиттик маалыматка өзгөртүүлөр киргизилгендиги жана жаңыртылгандыгы жөнүндө өз убагында билдирүү;  

- кредиттик маалымат субъектисинин талабы боюнча кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү;  

- кредиттик маалымат алмашуу келишимине ылайык, кредиттик бюрого маалыматтарды сунуштоо системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу.  

Кредиттик союз, бардык карыз алуучуларды кошо алганда, кредиттик бюрого сунуштаган кредиттик маалыматтын бурмаланышы, анын толуктугу, өз убагында сунушталышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9, 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.2.3. Кредитти тескөө боюнча талаптар: 

- карыз алуучунун адекваттуу кредиттик таржымалын (досьесин) жүргүзүү

- кредиттик келишимдердин аткарылышына контролдук; 

- кредиттин максаттуу пайдаланылышына талдап-иликтөөлөр жана мониторинг жүргүзүү

- күрөөгө мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү

- кредиттердин мөөнөтүн узартуу же болбосо мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттердин шарттарын кайрадан карап чыгуу; 

- классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам (РППУ) түзүү

- реструктуризацияланган кредиттерди кайра классификациялоо тартиби. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.2.4. Кредиттер боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн жана орду жабылбаган карызды аныктоо, аларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана аны кайтаруу боюнча иш тартиби. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдик талаптардын чегинде кредиттик союз кредиттердин түрлөрүн аныктап, кредит портфелин түзүп, пайыздык чендерди өз алдынча белгилей алат. 

 

4. Кредиттик союздун Кредиттик комитети 

4.1. Кредит саясатын жүзөгө ашыруучу орган болуп, кредиттик союздун жалпы жыйыны тарабынан шайланган Кредиттик комитет саналат. Кредиттерди, гарантияларды, милдеттенмелерди, кепилдиктерди жана башкаларды берүүгө тиешелүү бардык маселелер Кредиттик комитет чечилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.1-1. Кредиттик союздардын кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү ишине тартылган кызматкерлерине кредиттөө ишине жоопкерчиликтүүлүк менен мамиле жасоо жагында билим деңгээлин жогорулатуу сунушталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.2. Кредиттик комитеттин иши Кредиттик комитет жөнүндө жобо менен жөнгө салынат, ал жобо кредиттик союздун Башкармасы тарабынан мыйзамдарда жана кредиттик союздун Уставында белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде бекитилет. 

4.3 Кредиттик комитет жөнүндө жободо төмөнкүлөр аныкталууга тийиш: 

- Кредиттик комитеттин ишин уюштуруу-курамын аныктоо, отурумдарды өткөрүү тартибин, чечим кабыл алуу үчүн зарыл документтердин тизмесин бекитүү

- Кредиттик комитеттин ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери; 

- Кредиттик комитеттин ишине тиешелүү башка маселелер. 

 

5. Кредиттик союздун кредиттерди берүү боюнча ишин уюштуруу 

5.1. Кредит алууга билдирмелерге анализдөөлөрдү жүргүзүү 

5.1.1. Кредит берүү боюнча иш, карыз алуучудан кредит алууга билдирмени алгандан тартып башталат, билдирмеде кредиттин максаттары, талап кылынган суммасы, кредит алуу мөөнөтү жана шарттары, кредитти төлөө булактары жана күрөө жөнүндө маалыматтар камтылышы зарыл. 

5.1.2. Кредит алууга бардык билдирмелер алар боюнча чечим кабыл алынабы же жокпу ага көз карандысыз, каттоо журналында чагылдырылууга тийиш. 

Кредиттик союздун ички саясаттарында билдирмелерди кароо мөөнөтү аныкталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.1.3. Негизинен кредит алууга ар бир билдирмеге талдап-иликтөөнү жүргүзүү кредиттик союздун саясатына негизденүүгө жана карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн иликтөөгө алууда төмөнкүдөй негизги факторлорго көңүл буруу зарыл: 

- каражат алууга укук. Кредиттик кызматкер карыз алуучунун кредит алууга укугу бардыгына жана кредит келишимине кол коюуга укуктуу экендигине ынанууга тийиш; 

- карыз алуучуга мүнөздөмө. Кредит боюнча иш алып барган кызматкер карыз алуучу насыялык каражаттарга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын жана карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө карыз алуучу буга чейин башка финансы-кредит уюмунун кредиттеринен пайдаланганбы же жокпу, алынган кредит кайтарылып берилгендигин, кредиттик тартипти так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин эске алуу зарыл. Мындан тышкары, анын кесиптик өңүттө сыяктуу эле, жалпы инсандык маанидеги беделин көңүлгө алуу абзел, ошондой эле карыз алуучунун ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо маанилүү. Башка уюмдардан алынган кредиттер жөнүндө маалыматтарды да талап кылуу зарыл. Ошондой эле, мыйзам талаптарына ылайык алар бул шартка макул болгон болсо, карыз алуучуга жана кредиттик союздун ыңгайына жараша, аны менен байланыштуу жактарга тиешелүү малыматты (кредиттик отчет) бир же бир нече кредиттик бюродон талап кылууга тийиш.  

Кредиттик союз кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын, анда камтылган кредиттик маалыматтын үчүнчү жактарга таркатылбашын жана кредиттик отчеттун мыйзамдарда белгиленген максаттарда гана пайдаланылышын камсыз кылууга тийиш.  

Кредиттик союз кредиттик отчетто камтылган маалыматтын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

- акча каражаттары. Кредит алууга келип түшкөн билдирмеге анализдөөлөрдү жүргүзгөн кредиттик кызматкер төмөнкү суроолорго жооп берүүгө тийиш: карыз алуучу алган каражатын жабуу үчүн жетиштүү болгон киреше булагына ээби; 

- камсыздоо. Камсыздоого баа берүүдө кредиттик кызматкер карыз алуучунун колунда кредит боюнча зарыл камсыздоону сунуштоо үчүн жетиштүү көлөмдөгү сапаттуу активдер бардыгын териштирип билүүгө тийиш; 

- гарантия (кепилдик). Эгерде, кредиттин камсыздоосу катары гарантия (кепилдик) колдонулса, анда гаранттын (кепил болгон адамдын) кесипкөйлүк аброюна көңүл буруп, төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө жана алган милдеттенмесин аткарууга жоопкерчиликтүүлүгүнө жана аны аткарууга даярдыгына иликтөөлөрдү жүргүзүү талап кылынат. 

Бардык документтер толук иликтөөгө алынгандан кийин кредит берүү чечими кабыл алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31- майындагы № 21/9, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

5.1.4. Эгерде карыз алуучуга кредит берүү маселеси алгылыктуу чечилсе, сунушталган документтердин негизинде карыз алуучунун кредиттик таржымалы түзүлөт. 

Кредиттик союзда маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылуу талаптары каралган маалымат менен иш алып баруу боюнча ички жол-жобо иштелип чыгышы зарыл. Кредиттик союздун кызматкерлери маалымат топтоодо жана кардарлар менен иш алып барууда мыйзам талаптарына ылайык маалыматтар кандай учурларда гана колдонула тургандыгы так чечмелеп, түшүндүрүүгө тийиш.  

Кардардын (кардарлардын) сүрөттөрүн же алар катышкан видео жаздырууларды, аудио жаздырууларды жана аларга тиешелүү башка маалыматтарды жарнамалык, маркетингдик маалыматтарда же башка жалпыга маалымдоо максаттарында пайдалануу үчүн ага кардардын (кардарлардын) кат жүзүндө макулдугун алуу талап кылынат. Кредит берилбей калган шартта, кредиттик союз карыз алуучуга анын себептерин көрсөтүү менен кабыл алынган чечим тууралуу кат жүзүндө маалымдоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомдорунун редакциясына ылайык) 

5.1.5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

5.1.6. Кредиттик союз, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды жана эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча тейленген овердрафттарды эске албаганда, өз катышуучусуна чет өлкө валютасында ипотекалык жана керектөө кредиттерин сунуштай албайт. Ушул кредиттер боюнча төлөмдөрдү, кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2. Кредиттик келишимге карата талаптар жана аны түзүү тартиби. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2.1. Кредиттик союз менен катышуучу ортосунда түзүлүүчү кредиттик келишим, ага карата бардык тиркемелер жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт (катышуучуга тил тандоо укугун сунуштоо менен). Кредиттик келишимдин түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санына жараша болууга тийиш. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кредиттик келишимдин түп нускаларынын сакталышын камсыз кылуусу зарыл. 

Кредиттик келишимдин тексти карыз алуучуга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болууга тийиш. Катышуучунун кредиттик келишим шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери кредиттик келишимдин өзүнчө бөлүгүндө чагылдырылат. Кредиттик келишимдин бүтүндөй тексти жана анын тиркемелери бирдей шрифтте, кеминде 12 өлчөмдө берилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2.2. Кредиттик келишимге кол коюуда, аны кайтарып алуу жагында келип чыгышы ыктымал болгон проблемаларды алдын алуу максатында, кредитти сунуштоо жана кредиттин ордун жабуу шарттарын тактоо зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2.3. Эгерде бул карыз алуучунун укуктарына кесепетин тийгизип, анын милдеттеринин көбөйүшүнө алып келсе, кредиттик союз карыз алуучунун кат жүзүндөгү макулдугусуз бир тараптуу негизде кредиттик келишимдин алгачкы шарттарын өзгөртүүгө укугу жок. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2.4. Кредиттик келишимде номиналдык жана эффективдүү пайыздык чендер жылдык мааниде көрсөтүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2.5. Кредитти жана ага кошуп эсептелинген пайыздарды төлөө графиги, кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ал карыз алуучунун финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен түзүлөт. Мында, кредит боюнча пайыздык төлөмдөр кредиттин негизги суммасынын калдыгына карата номиналдык пайыздык чен боюнча эсептелүүгө тийиш. Төлөө графигинде кредитти төлөө тартиби жана мөөнөттөрү толук чагылдырылып, ага эки тарап тең кол коюусу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2.6. Кредиттик келишимде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- тараптардын аталышы; 

- келишим предмети; 

- кредиттик келишимди колдонуу мөөнөтү

- кредит берүүнүн негизги шарттары, анын ичинде максаттуу багытын, суммасын, пайыздык чендерин (номиналдык жана эффективдүү), төлөө тартибин жана мөөнөтүн, камсыздоо түрүн (эгерде болсо) көрсөтүү менен; 

- карыз алуучунун укуктары жана милдеттери, анын ичинде кредиттик келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай койгон же талаптагыдай аткарбаган учурда; 

- кредиттик союздун укуктары жана милдеттери; 

- кредиттик бюрого карыз алуучу жөнүндө маалымат берүү шарттары (эгерде, бул кредиттик союз анын катышуучусу болуп эсептелсе); 

- катышуучунун кредиттик келишимге кол койгон учурдан тартып акча каражаттарын алганга чейин же лизинг келишими боюнча тиешелүү мүлккө төлөөлөрдү жүргүзгөнгө чейин кредит алуудан (лизинг боюнча кызмат көрсөтүүдөн) акысыз негизде баш тартуу укугу; 

- катышуучу кеминде отуз күн мурда аны кайтаруу тууралуу кредиттик союзга маалымдаган шартта, кредитти кайсыл гана болбосун учурда, кандайдыр-бир айыптык санкцияларсыз кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө укугу; 

- форс-мажордук жагдайлар орун алган шартта, кредиттик союз менен карыз алуучу ортосундагы өз ара иш алып баруу шарттары. Форс-мажордук жагдайларда жаратылыш кырсыктары (сел жүрүү, жер титирөө, өрт жана башка жаратылыш же техногендик кырсыктар), эпидемия, өзгөчө кырдаалдардын киргизилиши, массалык баш аламандык, талап-тоноочулук. аскердик аракеттер ж.б. ушул сыяктуу окуялар камтылышы мүмкүн, бирок булар менен эле чектелип калбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2.7. Кредиттик союз ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык таблица түрүндө түзүлгөн катышуучунун укуктары, чыгашаларынын (төлөмдөр) тизмеги менен аны тааныштырууга тийиш, ал кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ага эки тарап тең кол коет. 

Зарыл учурларда кредиттик союз катышуучуга кредит, туумдар, айыптык төлөмдөр ж.б. боюнча төлөмдөрдү эсептөө тартиби тууралуу түшүндүрмөлөрдү берүүгө тийиш. 

Кредиттик союз кредиттик келишим шарттарына кошумча жыйымдарда, комиссиялык төлөмдөрдү жана кредиттик союздун тарифтеринде белгиленгендерден тышкары, кредиттик келишимди түзүүгө жана аны аткарууга байланыштуу анда алынуучу/төлөнүүчү башка төлөмдөрдү, ошондой эле карыз алуучу менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөнүүчү башка тиешелүү кызматтарды кошууга укугу жок. 

Кредиттин негизги суммасы жана ал боюнча пайыздарды төлөө/ордун жабуу мөөнөтү кечиктирилгендиги үчүн кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) мөөнөтү кечиктирилген суммага жана айкын мөөнөтүнө жараша эсептелинет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9, 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5.2.8. Катышуучу менен кредиттик келишим түзүлгөндөн кийин жана ал акча каражаттарын алгандан кийин карыз алуучуга кеминде төмөнкү документтер берилүүгө тийиш: 

- ага карата кошо тиркелүүчү бардык документтер менен бирге тараптардын кол тамгасы коюлган кредиттик келишим; 

- кредиттик союздун катышуучуларынын укуктарынын, чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын тизмеги; 

- кредиттик келишимге кошо тиркелүүчү, төлөө күнү жана суммасы көрсөтүлгөн төлөө графиги. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2.9. Карыз алуучунун кредиттик таржымалы (таржымалга карата минималдуу талаптар ушул жобонун 1-тиркемесинде берилген) катышуучудан билдирме алынган учурдан тартып түзүлөт жана ага кредит боюнча бардык тиешелүү документтер көктөлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2.10. Кредиттерге мониторинг жүргүзүүдө кредиттик союз кардар менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн жана жолугушуулардын кыскача мазмунун журналга каттоону кошо алганда, аны менен жүргүзүлгөн бардык иш-чараларды документтештирип, алардын эсебин жүргүзүүсү зарыл. Өзгөчө, проблемалуу кредиттер менен иш алып барууда аларды эсепке алуу маанилүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.3. Кредиттин кайтарылышын камсыз кылуу 

5.3.1. Кредиттер камсыз болушу же камсыздоосуз (бланкттык) эле берилиши мүмкүн. 

5.3.2. Кредит баштапкы жана экинчи булактар боюнча төлөнөт: 

- кредитти төлөө үчүн зарыл болгон акча каражаттары баштапкы булак болуп саналат, алар иш ийгиликтүү жүргүзүлгөн шартта, өндүрүш процессинен, кызмат көрсөтүүлөрдөн жана иштерди аткаруудан ж.б. аткаруудан алынат: юридикалык жактар үчүн бул, нак жана нак эмес формадагы кирешелер, ал эми жеке адамдар үчүн алардын эмгек акысы же башка каражаттары; 

- күрөөлүк мүлктү сатып өткөрүүдөн түшкөн каражат, кепил болгон адам же гарант тарабынан каражаттардын которулушу экинчи булактан болуп саналат. 

5.3.3. Кредитти берүү учурунда эң оболу, баштапкы төлөө булагына көңүл буруу зарыл. Ошондуктан, кредит алууга билдирмени кароо процессинде, кардардын акчалай агымына анализдөөлөрдү жүргүзүүгө анын бизнес чөйрөсүнүн өнүгүү келечегине негизги көңүлдү буруу зарыл. 

5.3.4. Экинчилик булагы эгерде, кредиттин кайтарылышы боюнча проблема орун алса, кошумча гарантияны камсыз кылуу үчүн зарыл. Мындай камсыздоого мүлктү жана укуктарды, талап коюуга укукту, гарантияларды жана кепилдиктерди күрөөгө коюу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында же келишимде каралган башка ыкмалар кирет. 

5.3.5. Мүлктү күрөөгө коюу кредитти төлөөнүн экинчи булагы катары күрөө жөнүндө келишимде таризделинет, ал эми бул келишим карыз алуучу өз милдеттенмелерин аткарбай койгон шартта, өз талабын күрөөгө коюлган мүлктүн наркынан өндүрүп алууга артыкчылыктуу укукту тастыктайт. 

5.3.6. Күрөө жөнүндө келишимде эң аз дегенде төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: 

- күрөө предмети жана ага берилген баа; 

- күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмелердин аткарылышынын мөөнөтү жана анын өлчөмү

- күрөөлүк мүлк тараптардын кимисинин карамагында тургандыгын көрсөтүү

- кредит кайтарылбай калган учурда, күрөөнүн кредиттик союздун менчигине өтүү шарттары жана тартиби; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, тараптардын күрөөгө карата башка талаптары жана милдеттери. 

5.3.7. Күрөө жөнүндө келишимге наркын көрсөтүү менен коюлуп жаткан мүлктүн толук тизмектелиши, ошондой эле сертификаттар, күбөлүктөр жана эгерде болгон болсо башка техникалык документтер кошо тиркелет. Күрөө жөнүндө келишим жазуу жүзүндө таризделүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында катталууга тийиш. Кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу жөнүндө келишим милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш. 

Күрөө жөнүндө келишимдин түп нускаларынын саны ыйгарым укуктуу органда нотариалдык жактан күбөлөндүрүү жана каттоодон өтүү үчүн тараптардын санына шайкеш келүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5.3.8. Күрөөнү пайдалануу аны администрлөөнүн белгилүү бир системасынын болушун болжолдойт: күрөөнүн абалына иликтөөлөр жүргүзүлүп, баа берилүүгө тийиш, күрөөнү күтүү шарттарына жана ага мониторинг жүргүзүүгө контролдук планы түзүлүп, буга тиешелүү документтердин болушу зарыл (күрөө боюнча документтерге карата минималдуу талаптар 1-тир- кемеде келтирилген). 

5.3.9. Эгерде, кредиттин камсыздоосу катары гарантия жана кепилдик колдонулса, анда карыз алуучу алган кредитин төлөй албай калган шартта, мүлктүк жоопкерчилик эрежедегидей эле, үчүнчү жакка жүктөлөт. Гарантия же болбосо кепилдик менен камсыз кылынган кредитти берүү учурунда, кредиттик союз ошол гаранттын же кепил болгон жактын финансылык абалы, анын зарылчылык келип чыккан шартта, карызды төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө тиешелүү толук маалыматты талап кылууга тийиш. 

5.3.10. Кредитти камсыздоодо мамлекеттик казына векселдери, Улуттук банктын ноталары, ошондой эле коммерциялык банктардагы депозиттер түрүндө коюлган жогорку ликвиддүү күрөө кредитти берүүнүн жеңилдетилген жол-жобосун болжолдоого тийиш. 

5.3.11. Камсыздоосуз берилген (бланкттык) кредиттер карыз алуучунун активдеринин күрөөгө коюлушун болжолдобойт жана анын аброюнун, кирешелеринин деңгээлине баа берүүнүн негизинде кредитти төлөөгө жөндөмдүү гана карыз алуучуга берилет. Күрөө менен камсыз болбогон кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү кредит саясатында белгиленет. 

 

6. Кредитке мониторинг жүргүзүү 

6.1. Кредит келишими түзүлүп, карыз алуучу кредиттик союздан кредит алгандан кийин берилген кредиттин пайдаланылышына жана карыз алуучунун абалына туруктуу мониторинг жүргүзүп туруу зарыл, кредиттин жана ал боюнча кошуп эсептелинген пайыздардын өз учурунда төлөнүшүн камсыз кылуу жана орун алышы ыктымал болгон көйгөйлөрдү баштапкы баскычында эле аныктоо, жүргүзүлгөн мониторингдин башкы максаты болуп саналат. 

6.2. Күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышына туруктуу контролдукту жүргүзүү анын наркында мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдү аныктоо максатында, кредиттик союз мезгил-мезгили менен күрөө сакталып турган жайга жеринде барып мониторинг жүргүзүп туруусу зарыл. Мониторинг жүргүзүүнүн мезгил аралыгы кредиттик союз тарабынан анын кредиттик саясатына ылайык аныкталат жана күрөөнүн түрүнө, кредиттин сапатына жана башка факторлорго жараша белгиленет. Мында, төмөнкү учурларга айрыкча көңүл буруу талап кылынат: 

- камсыздоонун рыноктук наркынын өзгөрүүсү

- акыркы текшерүүдөн кийинки учурдан тартып күрөөнүн ликвиддүүлүгүнө таасирин тийгизүүчү кандайдыр бир факторлордун орун алышы; 

- күрөөнүн сакталып турушун камсыз кылуу; 

(*) Мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы кредиттик союз тарабынан берилген кредиттин мөөнөтүнө жараша аныкталат. Эгерде кредиттин мөөнөтү бир жылдан жогору болсо, күрөөгө коюлган мүлккө мониторинг жылына бир жолу жүргүзүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

6.3. Кредитти классификациялоо Кредиттик комитет тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш. 

6.4. Кредиттин абалынын начарлап бара жаткандыгын эскерткен белгилерден болуп, төмөнкүлөр саналат, атап айтканда: 

- кардардын кредиттик союз менен байланышуудан качуусу; 

- карыз алуучунун финансылык абалынын начарлоосу; 

- негизги сумманын же пайыздардын өз учурунда төлөнбөшү

- кредитти узартуу өтүнүчү менен кайрылуу; 

- кредиттин максатсыз пайдаланылышы; 

- менчикти өткөрүп берүү жана сатуу; 

- кандайдыр бир башка булактардан кардар жөнүндө алгылыксыз маалыматтардын алынышы; 

- ишканада-карыз алуучуда пикир келишпестиктердин курчушу; 

- ишкананын-карыз алуучунун жетекчисинин алмашуусу; 

- потенциалдуу проблеманын орун алышын тастыктаган башка жагдайлар. 

6.5. Жогоруда белгиленген белгилердин кайсы бири аныкталган учурда, кредиттик союз алардын келип чыгуу себептерин тактоого тийиш. Эгерде, ошол себептерде кредиттин абалын начарлатышы ыктымалдыгы камтылса, кредиттик союз ошол кредитти өзгөчө контролдукка алуу менен өз таламынын корголушун камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй бардык тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттүү

- күрөөнүн бардыгына жана анын кандай шарттарда күтүлүп жаткандыгына кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүү

- кошумча камсыздоону тартуу; 

- эскертүүлөрдү берүү

- орун алган жагдай акырына чейин териштирилгенге чейин кредиттик линия боюнча кезектеги төлөмдөрдү токтото туруу: 

- каражаттар жайгаштырылган тармакты жана карыз алуучунун абалын кылдат иликтөөгө алуу; 

- алдын алуу максатын көздөгөн башка чаралар. 

6.6. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

 

7. "Проблемалуу" кредиттер менен иш алып баруу 

7.1. Кредиттин абалына туруктуу мониторинг жүргүзүүнү, жана кредит портфелине көз карандысыз баа берүүнүн максаты, "проблемалуу" кредиттерди аныктоо болуп саналат. 

7.2. Карыз алуучу алган кредити боюнча кредиттик союз менен түзүлгөн келишим шарттарын аткарбай же кандайдыр бир башка жагдайлардан улам (тышкы жана финансылык) кредиттик союздун алдындагы кредитти төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын коркунуч алдында калтырган кредиттерди "проблемалуу" кредит катары түшүнүү зарыл. 

7.3. Кредиттерди "проблемалуу" катары таануу учурунда өзүндө бир катар чараларды камтыган, кредитти кайтарып алууга багытталган иш аракеттер планы иштелип чыгышы зарыл: 

7.3.1. Кредиттик союздун проблемалуу карыз алуучуга уюштуруучулук, финансылык жана башка формадагы жардам көрсөтүү максатындагы оорчулук жагдайынан чыгууга жана кредиттик союз алдындагы милдеттенмесин аткарууга жетишүүсүнө өбөлгө түзгөн иш-чаралар: 

- карыз алуучу (карыз алуучунун жетекчиси) менен проблеманы аныктоо жана аларды чечүү жолун табуу максатында иш алып баруу; 

- кошумча күрөөнү жана гарантияларды ж.б. алуу; 

- зарылчылык келип чыккан шартта, карыздын түзүмүн (кредитти жана ал боюнча пайыздарды кайтаруу боюнча төлөм графигин кайрадан карап чыгуу, кредиттөө формасын өзгөртүү ж.б.) өзгөртүү программасын иштеп чыгуу. 

7.3.2. Ушул иш-чаралар менен катар эле, карыз алуучунун өзү менен туруктуу иш алып баруу зарыл, ал төмөнкү максаттарда жүргүзүлүшү мүмкүн: 

- карыз алуучуга ал кредиттик келишимдин шарттарын бузууга жол бергендиги, кредитти төлөө мөөнөтү өтүп кеткендиги жана ушуга байланыштуу проблемалардын келип чыгышы ыктымалдыгы жөнүндө маалымдоо; 

- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

"Проблемалуу" кредиттер менен иш алып барууда, жолугушууларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө жана башка чараларды ишке ашырууда кредиттик союздун кызматкерлери ишкердик жана кесипкөйлүк этиканы так сактоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

7.3.3. Кредиттин түздөн-түз кайтарылышын камсыз кылуу максатында, мүмкүн болушунча кыска мөөнөт ичинде төмөнкүдөй иш-чаралар жүргүзүлүшү зарыл: 

- күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү

- гарант жана кепил болгондорго кайрылуу; 

- жана башка чаралар. 

Кредиттик союз кредиттөө кызмат көрсөтүүсүн сунуштоодо кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө келишимине ылайык, карыз алуучуга жана/же күрөө коюучуга ачык тоорук өткөрүлгөнгө чейинки кайсы болбосун убакытта күрөөлүк мүлктү сатып ала алган/алышы мүмкүн болгон артыкчылыктуу укукту сунуштоого тийиш. 

Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү учурунда күрөөлүк кыймылсыз мүлк карыз алуучунун/ күрөө коюучунун жалгыз гана турак жайы болуп саналса, өндүрүп алуу соттун чечими боюнча ишке ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомдорунун редакциясына ылайык) 

7.3.4. Кредиттик союз карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин «проблемалуу кредити» боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштоо жөнүндө билдирме жөнөткөндөн 15 күн өткөндөн кийин, айыптык төлөмдөрдү, туумдарды чегерүүнү токтотууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7.4. Проблемалуу кредиттер менен иш алып барган жоопкерчиликтүү кызматкер, "проблемалуу" кредиттерге карата андан аркы аракеттерди көрүү жөнүндө сунуштар менен бул багытта жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматтарды Кредиттик комитеттин кароосуна ай сайын берип турууга тийиш. Отчеттун көчүрмөсү Кредиттик союздун башкармасына жөнөтүлөт. 

7.5. Эгерде, кредиттик союздун жогоруда келтирилген аракеттери алгылыктуу натыйжа бербесе, кредиттик союз күрөөлүк мүлктөн мажбурлап өндүрүүнү жүргүзүү максатында, сотко кайрыла алат. 

7.6. Кредитти кайтарып алуу боюнча бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөр колдонулуп бүткөндөн кийин, кредиттерди эсептен алып салуу жөнүндө чечим Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык кабыл алынат. 

 

  

  

Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого 

1-тиркеме 

 

Карыз алуучунун кредиттик досьесине карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ), 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

I. Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат 

1. Кредиттик союзда белгиленген форма боюнча кредит алуу үчүн сунушталган билдирме. 

2. Кредиттик союзга билдирме бергенге чейинки акыркы алты ай ичинде буга чейин ушул кредиттик союздан жана башка финансы-кредиттик уюмдардан алынган/төлөнгөн/төлөнбөгөн кредиттер жөнүндө маалыматтар (карыз алуучунун кат жүзүндөгү мисалы, карыз алуучунун кредиттик билдирмесиндеги маалыматына ылайык). 

2-1. Кредиттик бюродон карыз алуучу боюнча кредиттик отчет. 

2-2. Кардардын кредити боюнча отчеттун берилишине анын макулдугу (ал кредит алуу билдирмесинде көрсөтүлүшү мүмкүн). 

3. Кредиттик союздун катышуучусун идентификациялоого мүмкүндүк берген анын инсандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү

4. Катышуучунун кирешеси жөнүндө маалымат. 

5. Күрөөгө коюлган мүлктүн тизмеги (болгон болсо). 

6. Катышуучунун жубайынын кредит алууга макулдугу (бир карыз алуучуга берилүүчү кредиттин суммасы 50000 сомдон ашса жана ошол учурда ал башка кредит төлөп жаткан болсо). 

7. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүргүзгөн катышуучудан (жеке адамдан) жогоруда келтирилген документтерден тышкары төмөнкүлөр талап кылынат: 

- юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүргүзгөн жеке адам катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (болгон болсо); 

- патенттин көчүрмөсү (болгон болсо). 

7-1. Кол коюуга ыйгарым укуктуу жактардын кол тамга үлгүсү түшүрүлгөн, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточкалар (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо). 

8. Катышуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган каражат алуу булагына баа берүү

9. Мамлекеттик же расмий тилде түзүлгөн кредиттик келишим, ага карата тиркемелер, ошондой эле реструктуризациялоодо же пролонгациялоодо, талап кылуу укугун өткөрүп берүүдө катышуучу менен кошумча түзүлгөн келишимдер. 

10. Кредиттик союздун тиешелүү органынын кредит берүү, ошондой эле аны пролонгациялоо же реструктуризациялоо чечими (болгон болсо). 

11. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

12. Карыз алуучу менен кат алышуу (бардык корреспонденцияны кошо тиркөө менен). 

13. Юридикалык документтер (карыз алуучунун иш-аракеттери жөнүндө документтердин көчүрмөсү, мисалы, коштомо кагаздар, эсеп-фактуралары, өнөктөштөр менен түзүлгөн келишимдер ж.б.). 

14. Кредиттин максаттуу пайдаланылышын текшерүү боюнча отчет. 

15. Кардардын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын талаптарына ылайык типтүү формада түзүлгөн анкета. 

 

II. Күрөөлүк документация 

1. Күрөө жөнүндө келишим. 

2. Күрөөгө коюлган мүлктүн сертификаттары, күбөлүгү жана башка квалификациялык документтери. 

3. Күрөөгө коюлган мүлккө менчик укугун тастыктаган документтер. 

4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

5. Күрөөнү текшерүү актысы, анда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: 

- күрөө текшерилген күн; 

- күрөөнүн түрү

- күрөөгө баа берилген күн; 

- баа берүү ыкмасы; 

- күрөөнүн жайгашкан орду; 

- күрөөнүн абалы жана аны күтүү шарттары; 

- күрөөнүн баа берилген наркы; 

- күрөөнү мезгил-мезгили менен текшерүү графиги. 

6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күрөө жөнүндө келишимдин Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтер. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-январындагы № 2019-П-33/4-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Карыз алуучунун тиешелүү органынын күрөөгө бергендиги жөнүндө чечими (эгерде карыз алуучу юридикалык жак болсо). 

 

III. Гарантиялар жана кепилдиктер 

1. Кредиттик келишимди, гарантия берилген сумманы, гарантия бүткөн күндү көрсөтүү менен кат жүзүндөгү гарантия же кепилдик. 

2. Гаранттын тиешелүү органынын гарантия берүү жөнүндөгү чечими (эгерде гарант юридикалык жак болсо). 

3. Гаранттын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (эгерде гарант юридикалык жак болсо). 

4. Акыркы 12 айдагы эмгек акысы жөнүндө маалымкат же кирешелери жөнүндөгү маалыматтарды тастыктоочу башка документтер (эгерде кепил болуучу - жеке адам болсо). 

 

    

  

Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобого карата 

2-тиркеме 

 

Кредиттик союздун катышуучуларынын чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги жана айыптык санкциялар 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/9, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Кредиттик союздун катышуучусунун укуктары 

өлүк КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

Кредиттик союздун катышуучусунун кредит боюнча чыгашалары (төлөмдөрү

Кредиттин суммасы 

Кредиттик келишимде көрсөтүлөт 

Кредит боюнча пайыздык төлөмдөр 

Билдирмелерди карап чыккандыгы үчүн комиссиялык (кредитти тариздөө) төлөмдөр 

Комиссиялык төлөм чегерилген учурда, алар кредиттик союздун бекитилген тарифтерине ылайык, пайыздык же нарктык мааниде кредиттик келишимде көрсөтүлөт 

Кредит берүү жана администрлөө үчүн комиссиялык төлөмдөр 

Ссудалык жана/же күндөлүк эсептерди ачуу (эгерде, эсеп ачуу кредиттик келишимди түзүү менен шартталса) жана тейлөө (эгерде, кредит боюнча операциялар нак эмес формада жүргүзүлсө) үчүн комиссиялык төлөмдөр 

Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөмдөр (анын ичинде кардардын банкомат аркылуу нак акчаларды салуусу жана алуусу) 

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариус, ж.б. кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө

Кредиттик союз мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштабаган учурларда, кардарга бул тууралуу маалым болушу үчүн ал кредиттик келишим түзүлгөн күнгө карата үчүнчү жактардын колдонуудагы тарифтери боюнча мындай чыгашалардын наркын көрсөтүүгө тийиш, мында бул чыгашалар карыз алуучу тарабынан үчүнчү жактардын пайдасына ишке ашырылып жаткандыгы, ошондой эле келечекте бул нарк өзгөрүшү мүмкүндүгү да белгиленүүгө тийиш 

Карыз алуучунун эсептеринен көчүрмөлөр берилгендиги үчүн төлөмдөр 

Кредиттик союздун колдонуудагы тарифтерине ылайык пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт 

Башка чыгашалар 

Кредиттик союз тарабынан алынуучу айыптык санкциялар жана туумдар 

Карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүндө төлөнбөгөндүгү үчүн 

Кредиттик союзда кредиттик келишимдин негизинде белгиленген айыптык санкциялардын өлчөмүнө ылайык алынуучу пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт. Мында, негизги сумма жана пайыздардын мөөнөтүндө төлөнбөгөндүгү үчүн үстөк акы (айыптык төлөмдөр, туумдар) боюнча пайыздын өлчөмү кредиттик келишимде көрсөтүлгөн номиналдык пайыздык ченден ашпоого тийиш, ал эми кредитти колдонуу мезгил ичинде чегерилген үстөк акынын (айыптык төлөмдөр, туумдар) максималдуу өлчөмү, берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш 

Акча каражаттарын алгандан кийин кредиттик келишимди бузуу шарттары 

Кредиттик союзда кредиттик келишимдин негизинде белгиленген айыптык санкциялардын өлчөмүнө ылайык алынуучу пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт 

Башка чыгашалар 

  

_______________ ____________ __________ 

  

_______________ ____________ __________ 

(Ыйгарым укуктуу адистин аты-жөнү) (кол тамгасы) (күнү

  

(Кредиттик союздун катышуучусунун аты-жөнү) (кол тамгасы) (күнү