Кайта келүү

Улуттук банктын  

Көзөмөл боюнча  

Комитетинин  

2016-жылдын 9 июнунда  

№ 24/1 токтому менен БЕКИТИЛГЕН 

 

Микрокредиттик компаниянын жана микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун формаларын толтуруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр 

 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1, 29.06.2017-ж. № 22/2, 08.02.2018-ж. № 06/2, 02.07.2018-ж. № 30/5, 28.03.2019-ж. № 10/1 токтомдору менен бекитилген) 

 

1-ГЛАВА.  

Жалпы жоболор 

 

1. Бул Микрокредиттик компаниянын жана микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетун толтуруу боюнча усулдук көрсөтмөдө (мындан ары усулдук көрсөтмө), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк же лицензия алышкан микрокредиттик компаниялар (мындан ары МКК) жана микрокредиттик агенттиктер (мындан ары МКА), анын ичинде «ислам терезесинин» алкагында, операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырган МКК/МКА тарабынан «Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобого карата тиркемелерди төмөнкү бөлүктөр боюнча толтуруу тартибине түшүндүрмөлөр берилген: 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

- Титулдук барак; 

- МКК/МКАнын Директорлор кеңешинин, Башкармасынын мүчөлөрү, негизги уюштуруучулары (акционерлери) жана Шариат кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалымат; 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

- Айрым кызмат адамдары жөнүндө маалымат; 

- МКК/МКА боюнча базалык маалымат, филиалдары/өкүлчүлүктөрүүзүмдүк бөлүмдөрү (кеңселери), туунду жана аффилирленген компаниялары, учурда иштеп жаткан комитеттери тууралуу маалыматтар; 

- 1-бөлүк. Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет

- 2-бөлүк.Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет; 

- 3-бөлүк. Кредит портфели жөнүндө маалымат; 

- А таблицасы. Активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо; 

- Б таблицасы. Кредиттөө ыкмалары; 

- В таблицасы. Тармактар жана региондор боюнча бөлүштүрүү

- Г таблицасы. Берилген кредиттер боюнча маалымат; 

- Д таблицасы. Проблемалуу карыз алуучулар жөнүндө маалымат; 

- Е таблицасы. Параллель кредиттер жөнүндө маалымат; 

- Ж таблицасы. Тармактар жана региондор боюнча берилген кредиттердин көлөмү жөнүндө маалымат; 

- З таблицасы. Реструктуризацияланган кредиттер. 

- 4-бөлүк. «Өзүнө-өзү баа берүү боюнча отчет»; 

- 5-бөлүк. Чет өлкө активдери жана милдеттенмелери боюнча отчет

- №1-НД формасы. Жеке карыздык милдеттенме/кредитордук карыз жөнүндө маалымат. 

- №2-НД формасы. Карыздык милдеттенмени/кредитордук карызды тейлөө боюнча маалымат. 

- 6-бөлүк. Чечмелөөлөр; 

- А таблицасы. Милдеттенмелер; 

- Б таблицасы. Кредиттөө шарттары жөнүндө маалымат; 

- В таблицасы. МКК/МКАнын кардарлары жөнүндө

- Г таблицасы. МКК/МКАнын персоналы жөнүндө

- Д таблицасы. Банктардын агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрү боюнча маалымат; 

- Е таблицасы. Жайгаштыруу операциялары жана инвестициялар боюнча чечмелөө

- Ж таблицасы. Валюталык операциялар. 

- З таблицасы. Уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттар; 

- 7-бөлүк. МККнын экономикалык ченемдерди сактоосу жөнүндө маалымат. 

Эскертүү. Ушул усулдук көрсөтмөдө берилбеген бөлүктөр Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык толтурулат. 

Бардык сумма миң сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш (чет өлкө валютасы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сом эквивалентинде көрсөтүлөт). 

1-1. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүлгөн операциялар боюнча маалыматты чечмелөөгө багытталган бөлүктөр/чакан бөлүктөр «ислам терезесине ээ» МКК/МКА тарабынан гана толтурулат. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1, 28.03.2019-ж. № 10/1 токтомдору менен бекитилген) 

 

2-ГЛАВА.  

Титулдук барак 

2. Титулдук баракта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:  

- катталган күнү жана чыгыш номери;  

- отчет даярдалган күн. Отчет даярдалган күн катары отчеттук мезгилдин акыркы күнү саналат жана ал ушул күндүн акырына карата даярдалат;  

- отчет даярдалып бүткөн күн; 

- мезгил аралыгы - «чейректик», «жылдык» же «корректировкалоо». Эгерде, техникалык мүнөздөгү каталар орун алса, корректировкаланган отчетту сунуштоого жол берилет. Бул учурда өзгөртүүлөр киргизилген отчеттун формалары гана сунушталып, киргизилген өзгөртүүлөр боелуп (маркер менен) көрсөтүлөт;  

- отчеттун туура даярдалгандыгы тастыкталды төмөнкү саптардын бири же экөөсү көрсөтүлөт:  

а) ички текшерүү эгерде текшерүү ички аудит же ревизор тарабынан жүргүзүлгөн болсо;  

б) корутундусуз аудит эгерде сунуш-көрсөтмөлөрдү берүүсүз, банк операциялары жана бухгалтердик эсепке алуулар туура жүргүзүлгөндүгү жөнүндө корутунду берүү менен гана чектелген аудит жүргүзүлсө;; 

в) корутунду берүү менен ишке ашырылган аудит аудит жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында банк операциялары жана бухгалтердик эсепке алуулар туура жүргүзүлгөндүгү жөнүндө аудитордук корутунду берилсе

- отчет берип жаткан мекеменин аталышы басма тамгалар менен берилет; 

- аткаруу органынын жетекчисинин, башкы бухгалтеринин күбөлөндүрүүчү кол тамгасы;  

- отчеттун түзүлүшү, сунушталышы үчүн жооп берген кызматкердин кызмат орду, аты-жөнү жана телефон номери көрсөтүлөт жана анын кол тамгасы коюлат; 

- МКК/МКА операцияларды «ислам терезесинин» алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашыруу боюнча маалымат. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

 

3-ГЛАВА.  

МКК/МКАнын Директорлор кеңешинин, Башкармасынын мүчөлөрү, негизги уюштуруучулары (акционерлери) жана Шариат кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалымат 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1, 28.03.2019-ж. № 10/1 токтомдору менен бекитилген) 

 

3. Бул бөлүк төмөнкү башкаруу органдары (же ага теңдештирилген органдар) бар МКК/МКА тарабынан, ошондой эле негизги уюштуруучулар (акционерлер) боюнча толтурулат:  

- Директорлор кеңеши;  

- Башкармасы;  

- негизги уюштуруучулар (акционерлер); 

- Шариат кеңеши. 

4. МКК/МКАнын Байкоочу органы (Директорлор кеңеши) тууралуу маалымат төмөндөгү маалыматты камтууга тийиш: 

- байкоочу органдын мүчөсүнүн аты-жөнү

- байкоочу органдын мүчөсүнүн шайланган датасы (күнү); 

- байкоочу органдын мүчөсүнүн иштеген жери; 

- МКК/МКАнын байкоочу органынын мүчөсүнүн ээлеген кызматы (байкоочу органдын төрагасы, төрагасынын орун басары, мүчөсү); 

- байкоочу органдын мүчөсүнүн иш телефонунун номери (шаардын/калктуу конуштун коду менен), уюлдук телефонунун номери (оператордун коду менен); 

- МКК/МКАнын уставдык капиталындагы байкоочу органдын мүчөсүнүн үлүшү / байкоочу органдын мүчөсүнүн башка банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарынын акциясына ээ болгон үлүшү

- байкоочу органдын мүчөсүнүн башка компаниялардын уставдык капиталындагы үлүшү / Байкоочу органдын мүчөсүнүн башка компанияларга ээ болгон үлүшү, компаниялардын аталышын көрсөтүү менен; 

- байкоочу органдын мүчөсүнүн башка компаниялардын капиталына кирген датасы (күнү) / байкоочу органдын мүчөсүнүн башка компаниялардын акцияларынын үлүшүн сатып алган датасы (күнү); 

- байкоочу органдын мүчөсүнүн кол тамгасынын үлгүсү (отчеттун кагаз түрүндө). 

5. МКК/МКАнын Аткаруу органы (Башкарма, жетекчи) тууралуу маалымат төмөндөгү маалыматты камтууга тийиш: 

- аткаруу органдын мүчөсүнүн аты-жөнү

- МКК/МКА аткаруу органынын мүчөсү дайындалган датасы (күнү); 

- аткаруу органдын мүчөсүнүн талапкерлигин Улуттук банк тарабынан макулдашылган датасы (күнү) (Көзөмөл боюнча комитетинин чечими/ макулдук кат); 

- аткаруу органдын мүчөсүнүн иштеген жери; 

- МКК/МКАнын аткаруу органынын мүчөсүнүн ээлеген кызматы (аткаруу органдын төрагасы, төрагасынын орун басары, мүчөсү); 

- аткаруу органдын мүчөсүнүн иш телефонунун номери (шаардын/калктуу конуштун коду менен), уюлдук телефонунун номери (оператордун коду менен); 

- аткаруу органдын мүчөсүнүн башка компанияларда ээлеген кызматы, компаниялардын аталышын көрсөтүү менен; 

- МКК/МКАнын уставдык капиталындагы аткаруу органдын мүчөсүнүн үлүшү / аткаруу органдын мүчөсүнүн башка банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарынын акциясына ээ болгон үлүшү

- аткаруу органдын мүчөсүнүн башка компаниялардын уставдык капиталындагы үлүшү / аткаруу органдын мүчөсүнүн башка компанияларга ээ болгон үлүшү, компаниялардын аталышын белгилөө менен; 

- аткаруу органдын мүчөсүнүн башка компаниялардын капиталына кирген датасы (күнү) / аткаруу органдын мүчөсүнүн башка компаниялардын акцияларынын үлүшүн сатып алган датасы (күнү); 

- ыйгарым укуктардын бөлүштүрүүсүөзөмөлдөгөн чөйрө); 

- аткаруу органдын мүчөсүнүн кол тамгасынын үлгүсү (отчеттун кагаз түрүндө). 

5-1. Уюштуруучулар / катышуучулар тууралуу маалымат төмөндөгү маалыматты камтууга тийиш (ЖЧК жана Коомдук фондулар үчүн): 

- уюштуруучунун (катышуучунун) аты-жөнү / аталышы (юридикалык жактар үчүн); 

- Компаниянын уюштуруучусунун (катышуучусунун) уставдык капиталдагы үлүшү (пайыздык катышта): 

- уюштуруучунун (катышуучунун) капиталга кирген датасы (күнү); 

- уюштуруучунун (катышуучунун) келип чыккан өлкөсү (юридикалык жактар үчүн каттодон өткөн өлкөсү); 

- уюштуруучунун (катышуучунун) иштеген жери / жайгашкан жери (юридикалык жактар үчүн) 

- уюштуруучунун (катышуучунун) иш чөйрөсү (башка компанияларда ээлеген кызматы); 

- уюштуруучунун (катышуучунун) иш телефонунун номери (шаардын/калктуу конуштун коду менен), уюлдук телефонунун номери (оператордун коду менен); 

- катышуудагы үлүшү, башка банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын акциялары; 

- акыркы бенефициар; 

- уюштуруучунун (катышуучунун) жана юридикалык жак уюштуруучунун (катышуучунун) жетекчисинин кол тамгасынын үлгүсү (отчеттун кагаз түрүндө). 

Эскертүү: Бул маалымат жылдык отчетто, же чейрек ичинде өзгөрүүлөр болгон учурда чейректик отчетто тапшырылат. 

6. МККнын 1%дан көп акцияларына ээ болгон акционерлер тууралуу маалымат төмөндөгү маалыматты камтууга тийиш: 

- акционердин аты-жөнү / аталышы (юридикалык жак акционерлер үчүн); 

- ар бир акционердин үлүшү пайыздык катышта; 

- акцияларды сатып алган датасы (күнү); 

- акционердин келип чыккан өлкөсү (юридикалык жактар үчүн каттодон өткөн өлкөсү); 

- акционердин иштеген жери / юридикалык адреси (юридикалык жак акционерлер үчүн); 

- акционердин иштеген чөйрөсү (башка компанияларда ээлеген кызматы); 

- акционердин иш телефонунун номери (шаардын/калктуу конуштун коду менен), уюлдук телефонунун номери (оператордун коду менен); 

- башка финансы-кредиттик уюмдардагы акциялары (жергиликтүү же чет өлкөлүк финансы-кредиттик уюм жана ээ болгон үлүшү); 

- акыркы бенефициар; 

- акционердин жана юридикалык жак-акционердин жетекчисинин кол тамгасынын үлгүсү (отчеттун кагаз түрүндө). 

Эскертүү: Бул маалымат жылдык отчетто, же чейрек ичинде өзгөрүүлөр болгон учурда чейректик отчетто тапшырылат.  

6-1. МКК/МКАнын Шариат кеңешинин мүчөсү тууралуу маалыматта төмөндөгү маалымат болууга тийиш: 

- Шариат кеңешинин мүчөсүнүн аты-жөнү

- Шариат кеңешинин мүчөсүнүн шайланган датасы (күнү); 

- Шариат кеңешинин мүчөсүнүн талапкерлигин Улуттук банк тарабынан макулдашылган датасы (күнү) (Көзөмөл боюнча комитетинин чечими/ макулдук кат); 

- Шариат кеңешинин мүчөсүнүн иштеген жери; 

- Шариат кеңешинде ээлеген кызматы (Шариат кеңешинин төрагасы, төрагасынын орун басары, мүчөсү); 

- Шариат кеңешинин мүчөсүнүн иш телефонунун номери (шаардын/калктуу конуштун коду менен), уюлдук телефонунун номери (оператордун коду менен); 

- Шариат кеңешинин мүчөсүнүн башка компанияларда ээлеген кызматы, компаниялардын аталышы; 

- уставдык капиталындагы Шариат кеңешинин мүчөсүнүн үлүшү / Шариат кеңешинин мүчөсүнүн башка банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарынын акциясына ээ болгон үлүшү

- Шариат кеңешинин мүчөсүнүн башка компаниялардын уставдык капиталындагы үлүшү / Шариат кеңешинин мүчөсүнүн башка компаниялардын акцияларына ээ болгон үлүшү, компаниялардын аталышын көрсөтүү менен; 

- Шариат кеңешинин мүчөсүнүн башка компаниялардын капиталына кирген датасы (күнү) / Шариат кеңешинин мүчөсүнүн башка компаниялардын акцияларынын үлүшүн сатып алган датасы (күнү); 

- Шариат кеңешинин мүчөсүнүн кол тамгасынын үлгүсү (отчеттун кагаз түрүндө). 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1, 28.03.2019-ж. № 10/1 токтомдору менен бекитилген) 

 

4-ГЛАВА.  

МКК/МКАнын айрым кызмат адамдары жөнүндө маалымат 

 

7. МКК/МКАнын айрым кызмат адамдары жөнүндө маалыматта төмөнкүдөй айрым кызмат адамдарынын (же аларга теңдештирилген кызмат ордун ээлеген адамдардын) тизмеги камтылат:  

- Башкы бухгалтер; 

- Ички аудитор; 

- Тобокелдик-менеджери; 

- Комплаенс-офицер; 

- Кредиттик ишке жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси; 

- Активдерди жана пассивдерди тескөөгө жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (же функционалдык милдеттенмелери боюнча ага тең адам); 

- Ислам принциптери боюнча каржылоого жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси; 

- «Ислам терезесинин» жетекчиси.  

8. Ар бир кызмат адамы боюнча төмөнкү маалымат көрсөтүлүүгө тийиш:  

- кызмат адамынын аты-жөнү

- талапкерлиги Улуттук банк тарабынан милдеттүү түрдө макулдашууга тийиштүү кызмат адамдары үчүн Улуттук банк тарабынан макулдашылган датасы (күнү) (Көзөмөл боюнча комитеттин чечими / макулдук кат); 

- кызмат адамына отчет берүүчү кызматкерлердин саны; 

- кызмат адамынын иш телефонунун номери (шаардын/калктуу конуштун коду менен), уюлдук телефонунун номери (оператордун коду менен); 

- кызмат адамынын кол тамгасынын үлгүсү (отчеттун кагаз түрүндө). 

 

5-ГЛАВА.  

МКК/МКА боюнча базалык маалымат, филиалдары/өкүлчүлүктөрүүзүмдүк бөлүмдөрү (кеңселери), туунду жана аффилирленген компаниялары, учурда иштеп жаткан комитеттери жөнүндө маалыматтар 

9. Базалык маалымат төмөндөгү бөлүмчөлөр боюнча маалыматты камтыйт: 

- МКК/МКА боюнча базалык маалымат; 

- МКК/МКАнын филиалдары/өкүлчүлүктөрүүзүмдүк бөлүмдөрү (кеңселери) жөнүндө маалымат; 

- МКК/МКАнын туунду жана аффилирленген компаниялары жөнүндө маалымат; 

- МКК/МКАнын учурда иш алып барып жаткан комитеттери. 

9-1. МКК / МКА боюнча базалык маалымат төмөндөгү маалыматты камтыйт: 

- отчет берүүчү МКК/МКАнын толук аталышы; 

- МКК / МКАнын уюштуруучулук-укуктук формасы; 

- дарек (айкын жайгашкан жана юридикалык дареги, МКК / МКАнын башкы кеңсеси жайгашкан шаар, көчөсү, үй номери, почта индекси); 

- Улуттук банктын күбөлүгүнүн, кошумча лицензияларынын берилген датасы (күнү) (хронологиялык тартипте көрсөтүлөт, №, дата (күнү)); 

- Улуттук банктын лицензияларындагы жана/же МКК / МКА ишинде чектөөлөрдүн белгилениши (ооба/жок); 

- Улуттук банктын лицензияларындагы жана/же МКК / МКА ишинде белгиленген чектөөлөрдүн тизмеги; 

- тышкы аудит (акыркы тышкы аудит жүргүзүлгөн күн, аудитордук уюмдун аталышы); 

- МКК / МКАнын Интернеттеги веб-сайты (сайттын дарегине шилтеме); 

- расмий жарыяланган байланыш: иш телефонунун номери (шаардын/калктуу конуштун коду менен), уюлдук телефондун номери (оператордун коду менен), факс, электрондук почта; 

- МКК / МКАнын персоналы (кызматкерлердин жалпы саны) штаттык бирдиги жана мөөнөттүү эмгек келишимдери боюнча кызматкерлерди көрсөтүү менен; 

9-2. МКК / МКАнын филиалдары / өкүлчүлүктөрү / түзүмдүк бөлүмдөрү (кеңселери) жөнүндө маалымат төмөндөгү маалыматты камтыйт: 

- МКК / МКАнын филиалдарынын / өкүлчүлүктөрүнүн / түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (кеңселеринин) саны; 

- МКК / МКАнын филиалдарынын / өкүлчүлүктөрүнүн / түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (кеңселеринин) аталыштары; 

- МКК / МКАнын филиалдарынын / өкүлчүлүктөрүнүн / түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (кеңселеринин) даректери; 

- МКК / МКАнын филиалдарынын / өкүлчүлүктөрүнүн / түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (кеңселеринин) жетекчилеринин аты-жөнү

9-3. МКК / МКАнын ар бир туунду жана аффилирленген компаниялары боюнча төмөндөгү маалымат камтылуусу тийиш: 

- туунду жана аффилирленген компаниянын аталышы; 

- туунду жана аффилирленген компаниянын түзүлгөн өлкөсү

- туунду жана аффилирленген компаниянын ишкердик түрү

- туунду жана аффилирленген компаниядагы компаниянын (МКК / МКАнын) үлүшү пайыздык катышта; 

- туунду жана аффилирленген компанияларга карата МКК / МКАнын стратегиялык пландары. 

9-4. МКК / МКАнын учурда иш алып барып жаткан ар бир комитети боюнча төмөндөгү маалымат камтылуусу тийиш: 

- комитеттин аталышы; 

- комитеттин мүчөлөрүнүн курамы (аты-жөнү), комитеттеги ээлеген кызмат орду; 

- МКК / МКАдагы кызмат орду; 

- Улуттук банк менен макулдашуу датасы (күнү) (Көзөмөл боюнча комитеттин чечими, макулдук-каты). 

Эскертүү: Башка главаларда көрсөтүлгөн маалыматтар ушул главада көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык келүүгө тийиш. Отчетко тиешелүү бардык башка маселелер боюнча Улуттук банк ушул главада көрсөтүлгөн маалыматты пайдаланат.  

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 28.03.2019-ж. № 10/1 токтому менен бекитилген) 

 

 

6-ГЛАВА.  

1-бөлүк. Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет 

 

10. Финансылык абал жөнүндө отчетто регулятивдик отчет көз карашынан алганда, МКК/МКАнын финансылык абалынын кыйла олуттуу статьялары өзүнчө бөлүп көрсөтүлөт.   

11. Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет төмөнкүдөй үч тилкеден турат: отчеттун статьяларынын аталышы; статьянын сом түрүндөгү маанилери; үчүнчү графада - Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча чет өлкө валютасындагы баланстык статьялардын сом түрүндөгү эквиваленти бөлүп көрсөтүлөт.  

Эскертүү: Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчеттун статьяларындагы (кредиттер жана финансылык лизинг боюнча) сумма потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү сумманы, амортизациялык чегерүүлөрдү жана дисконтту/сый акыны эсептеп алып салуу менен көрсөтүлөт. 

 

§ 1. «Активдер» бөлүкчөсү 

 

«Нак акча каражаттары» деп аталган 1-статьяда жүгүртүү кассасындагы банкнотторду жана монеталарды кошо алганда, акча каражаттардын суммасы, ошондой эле сом түрүндөгү банкноттор жана монеталар көрсөтүлөт (анын ичинде Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча чет өлкө валютасы сом эквивалентинде). 

«Эсептешүү эсептери» деп аталган 2-статьяда чет өлкө валютасын кошо алганда, банктардагы же башка финансы-кредит уюмдарындагы эсептешүү эсептеринде турган акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт.  

«Банктардагы жана башка финансы-кредит уюмдарындагы акча каражаттар» деп аталган 3-статьяда чет өлкө валютасын кошо алганда, башка банктардагы жана башка финансы-кредит уюмдарындагы депозиттик эсептерде турган акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт.  

«Баалуу кагаздар» деп аталган 4-статьяда МКК/МКАга таандык баалуу кагаздардын баланстык наркы көрсөтүлөт: соодалык баалуу кагаздар портфели, сатууга жарактуу жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар

«Финансы-кредит уюмдарына кредиттер» деп аталган 5-статьяда отчеттук күнгө карата финансы-кредит уюмдарына кредиттердин жана финансылык ижаранын негизги суммасы боюнча төлөнбөй калган калдыгы (анын ичинде, факторингдик операциялар) көрсөтүлөт, мындан тышкары финансы-кредит уюмдарына бул статья боюнча берилген кредиттердин суммасы «Активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо» деген 1-таблицадагы финансы-кредит уюмдардын кредиттеринин суммасына, ошондой эле «Тармактар жана региондор боюнча бөлүштүрүү» деген В таблицасында көрсөтүлгөн финансы-кредит уюмдарынын кредиттеринин суммасына барабар болууга тийиш.  

«Кардарларга кредиттер» деп аталган 6-статьяда отчеттук күнгө карата финансы-кредит уюмдарына сунушталган кредиттерден жана финансылык ижарадан тышкары, сунушталган кредиттердин (анын ичинде, факторингдик операциялар) негизги суммасынын төлөнбөгөн калдыгы көрсөтүлөт.   

«Кардарларга финансылык ижара (лизинг)» деп аталган 7-статьяда отчеттук күнгө карата финансы-кредит уюмдарына жана кардарларга сунушталган кредиттерден тышкары финансылык ижара боюнча берилген кредиттердин негизги суммасынын төлөнбөгөн калдыгы көрсөтүлөт.  

«Минус: Кредиттер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам» деген 8-статьяда финансы-кредит уюмдарына жана башка кардарларга кредит жана финансылык ижара боюнча негизги суммага тиешелүү потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайы кам суммасы көрсөтүлөт. Бул статья боюнча атайы РППУ суммасы «Активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо» деген А таблицасындагы атайы камдар суммасына барабар болууга тийиш.  

«Бардыгы болуп таза кредиттер» деген 9-статьяда сунушталган кредиттердин суммасы көрсөтүлөт, мында кредиттер жана финансылык ижара боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга атайы кам алынып салынат (8 статьяны алып салуу менен 5, 6 жана 7-статьялар суммасы). 

«Инвестициялар» деген 10-статьяда ушул отчетто консолидацияланбаган, компанияларга капиталдык инвестициялар суммасы көрсөтүлөт. 

«Негизги каражаттар» деген 11-статьяда МКК/МКАнын ээлигинде же пайдалануусунда турган жер аянтынын же жер тилкесинин, имараттардын жана башка курулмалардын наркы, транспорттук каражаттарды кошо алганда, эмеректин жана жабдуу наркы, ошондой эле курулушка же капиталдык ремонтко кеткен материалдын, иштин жана андан улам келип чыккан башка капиталдаштырылган чыгашалардын наркы көрсөтүлөт. 

«Башка менчик, бардыгы болуп» 12-статьясында төмөнкү тиешелүү кичи статьяларда өзүнчө көрсөтүлүүчү а) жана б) кичи статьясына тиешелүү маалыматтар камтылат: 

«Ссуда алуучудан активдин ордун жабууга кабыл алынган кыймылсыз мүлк» деген а) кичи статьясында МКК/МКА тарабынан тиешелүү РППУну алып салуу менен активдин ордун жабууга кабыл алынган карыз алуучунун кыймылсыз мүлкүүрөөлүк мүлкү) көрсөтүлөт.  

«Ссуда алуучудан активдин ордун жабууга кабыл алынган башка активдер» деген б) кичи статьясында МКК/МКА тарабынан тиешелүү РППУну алып салуу менен активдин ордун жабууга кабыл алынган карыз алуучунун башка мүлкү (кыймылсыз мүлктөн тышкары) көрсөтүлөт. 

«Башка активдер» деген 14-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн активдердин баланстык наркы аларга тиешелүү болгон атайы РППУну минуска чыгаруу менен көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп: Активдер» деген 15-статьяда 1, 2, 3, 4, 9, 10, 11, 12 жана 14-статьялар суммасы көрсөтүлөт. 

Эскертүү: финансы-кредит уюмдарына жана кардарларга берилген кредиттердин суммасы «Активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо» деген А таблицасындагы кредиттер суммасына, ошондой эле «Кредит портфели жөнүндө маалымат» деген 3-бөлүктүн «Кредиттөө ыкмалары» деген Б таблицасында жана «Тармактар жана региондор боюнча бөлүштүрүү» деген В таблицасында чагылдырылган кредиттер суммасына барабар болууга тийиш. 

 

§ 2. «Милдеттенмелер» бөлүкчөсү 

 

«Кыргыз Республикасынын банктарынан алынган кредиттер» деген 16-статьяда МКК/МКАнын республиканын коммерциялык банктарынан алган кредиттери көрсөтүлөт. 

«Кыргыз Республикасынын башка финансы-кредит уюмдарынан алынган кредиттер» деген 17-статьяда коммерциялык банктардан тышкары, МКК/МКАнын Кыргыз Республикасынын финансы-кредит уюмдарынан алган кредиттери көрсөтүлөт.   

«Эл аралык финансылык уюмдардан жана донорлордон алынган кредиттер» деп аталган 18-статьяда МКК/МКАнын эл аралык финансылык жана донордук уюмдардан алган кредиттери көрсөтүлөт (башка каржылоо булактары).   

«Эл аралык финансы-кредит уюмдарынан алынган кредиттер» деген 19-статьяда МКК/МКАнын эл аралык банктардан алган кредиттери көрсөтүлөт. 

«Мамлекеттик органдар алдында милдеттенмелер» деген 20-статьяда мамлекеттик органдардан алынган каражаттар көрсөтүлөт. 

Эскертүү: «Чечмелөө» деген 6-бөлүктө кредит алынган булактар жөнүндө маалыматты кеңири чагылдыруу зарыл. 

«Субординацияланган карыздык милдеттенмелер» деп аталган 21-статьяда узак мөөнөттүү милдеттенмелер көрсөтүлөт, алардын ээлери башка кредиторлордун талаптарын канааттандыргандан кийин активдерди алуу укугуна ээ болот. Мында ошондой эле, МКК/МКА тарабынан белгилүү бир убакыт аралыгына же белгилүү бир шарттарда алынган гранттар чагылдырылат («Чечмелөө» деген 6-бөлүктө милдеттенме/грант алынган булактар жөнүндө маалымат кеңири чагылдырылууга тийиш). 

«МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алган каражаттары» деген 21-1-статьяда МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алган каражаттары чагылдырылат; 

«МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алган каражаттары» деген 21-2-статьяда МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алган каражаттары чагылдырылат; 

«МККнын юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алган каражаттары» деген 21-3-статьяда МККнын юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алган каражаттары чагылдырылат. 

«Башка милдеттенмелер» деп аталган 23-статьяда жогоруда чагылдырылбаган башка милдеттенмелер көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп милдеттенмелер» деп аталган 24-статьяда 16, 17, 18, 19, 20, 21, 21-3 жана 23-беренелердин суммасы көрсөтүлөт.  

Эскертүү: «Чечмелөө» деген 6-бөлүктө алынган насыя булактары жана башка милдеттенмелер жөнүндө маалымат кеңири чагылдырылууга тийиш. 

 

§ 3. «Капитал» бөлүкчөсү 

 

«Уставдык капитал (жөнөкөй акциялар)» деген 25-статьяда МКК/МКАнын жөнөкөй акцияларынын/уюштуруучулук мүчөлүк төлөмдөрүнүн жалпы суммасы көрсөтүлөт.  

«Артыкчылыктуу акциялар» деп аталган 26-статьяда МКК/МКАнын (акционердик коом үчүн) артыкчылыктуу акцияларынын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

«Номиналдан үстөк салынган капитал» деп аталган 27-статьяда акционерлер жана уюштуруучулар тарабынан МКК/МКАнын акцияларынын номиналынан үстөк салынган акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт

«Жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал» деп аталган 27.1-статьяда - эгерде МКК/МКА жеке адамдар жана юридикалык жактар менен кайтарылып алынгыс (кандай болбосун жагдайларга карабастан), салынган каражаттардын мөөнөтүн белгилөөсүз, ошондой эле МКК/МКА банкроттукка учураган шартта бул каражаттар боюнча талаптар акционерлер үчүн белгиленген кезекте эле канааттандырыла тургандыгы жөнүндө шарттарда МКК/МКАнын уставдык капиталындагы акцияларды сатып алуунун эсебинен каражаттарды салуу келишимин түзгөн учурда гана жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан төлөнгөн уставдык капиталдан үстөк же кошумча капитал катары салынган акча каражаттар көрсөтүлөт. Кийинчерээк жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан кошумча салынган акча каражаттар МКК/МКАнын уставдык капиталына (жөнөкөй жана/же артыкчылыктуу акциялар) багытталып, ал эми ошол адамдар сунушталган каражаттардын суммасына чыгарылган акцияларды сатып алууга шартсыз укукка ээ болууга тийиш. 

«Бөлүштүрүлбөгөн пайда (чыгым)» деп аталган 28-статьяда МКК/МКАнын таза бөлүштүрүлбөгөн пайдасы же чыгым суммасы көрсөтүлөт жана анда төмөнкүдөй кичи статьялардын суммасы чагылдырылат:  

28.1. «Өткөн жылдардын пайдасы (чыгымы)» - МКК/МКАда келечекте керектөө үчүн камга чегерүүлөрдөн жана уюштуруучуларга (акционерлерге) тиешелүү болгон пайдаларды төлөөдөн кийин калган өткөн жылдардын пайдасы же чыгымдары көрсөтүлөт. 

28.2. «Өтүп жаткан жылдын пайдасы (чыгымы)» - өтүп жаткан жылы МКК/МКА тарабынан алынган пайда (чыгым) көрсөтүлөт (бул статьяда келтирилген сумма «Пайда жана чыгым жөнүндө отчет» деп аталган 2-бөлүктүн «Таза пайда (чыгым)» деп аталган 22-статьясынын суммасына барабар болууга тийиш. 

«Келечекте керектөөгө камдар» деп аталган 29-статьяда пайданы бөлүштүрүүнүн эсебинен МКК/МКАда келечектеги иш жагдайы үчүн түзүлгөн камдардын суммасы чагылдырылат. 

«Кайра баалоо боюнча кам» деп аталган 30-статьяда активдерди кайра баалоо жана чет өлкө валютасын кайра баалоодон улам келип чыккан курстук айырманын эсебинен түзүлгөн камдардын суммасы көрсөтүлөт. 

«Кредиттер жана финансылык ижара боюнча жалпы РППУ» деп аталган 31-статьяда кредиттер жана финансылык ижара боюнча жалпы РППУ суммасы көрсөтүлөт (жалпы РППУ суммасы «Кредит портфели жөнүндө маалымат» деп аталган 3-бөлүктөгү «Активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо» деген А. таблицасында көрсөтүлгөн жалпы РППУ суммасына барабар болууга тийиш. Бул статьяда ошондой эле, пайданы теңдештирүүгө кам жана инвестицияларга тиешелүү тобокелдиктердин ордун жабууга кам боюнча маалымат чагылдырылат.  

«Жыйынтыгында капитал» деп аталган 32-статьяда 25, 26, 27, 27-1, 28, 29, 30 жана 31-статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп, милдеттенмелер жана капитал» деп аталган 33-статьяда 24 жана 32-статьялардын суммасы көрсөтүлөт.   

 

§ 4. «Баланстан тышкаркы милдеттенмелер» бөлүкчөсү 

 

«Кредит сунуштоого милдеттенмелер» деп аталган 1-статьяда келечекте кредит же кредитти алмаштыруучуну (каржылоону) сунуштоо боюнча милдеттенмелер чагылдырылат.  

«Валюталык операциялар» деп аталган 2-статьяда МКК/МКАнын валюталык операциялар боюнча милдеттенмелери (своп-операциялар (сатып алуу-сатуу), форварддык операциялар (сатып алуу-сатуу) чагылдырылат. 

«Активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер» деп аталган 3-статьяда МКК/МКАнын келечекте активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелери чагылдырылат. 

«Башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер» деп аталган 4-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн бардык башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп, баланстан тышкаркы милдеттенмелер» деп аталган 5-статьяда 1-4 чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

Эскертүү: Баланстан тышкаркы операциялар боюнча контр-эсептер чагылдырылбайт.  

 

§ 5. «Башка активдерди жана милдеттенмелерди чечмелөө» бөлүкчөсү 

 

«Башка активдер» деп аталган 1-статьяда МКК/МКАнын активдери төмөнкү кичи статьялар боюнча чечмеленет: 

а) «алууга чегерилген пайыздар» - МКК/МКА алууга чегерилген киреше суммасы көрсөтүлөт; 

б) «алдын ала төлөнгөн төлөм» МКК/МКАнын келишим шарттарына ылайык башка тараптарга төлөгөн төлөмдөрүнүн суммасы көрсөтүлөт; 

в) «такталбаган дебитордук суммаларда» териштирилгенге чейинки акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт; 

г) «башка активдерде» МКК/МКАнын жогоруда чагылдырылбаган башка активдеринин суммасы көрсөтүлөт.  

«Башка активдерге атайы РППУ» деп аталган 2-статьяда МКК/МКАнын жогоруда көрсөтүлгөн башка активдерине атайы РППУ суммасы чагылдырылат.  

«Таза башка активдер» деп аталган 3-статьяда башка активдердин таза наркы көрсөтүлөт (1 жана 2-статьялардын айырмасы).  

«Башка милдеттенмелер» деп аталган 4-статьяда милдеттенмелердин төмөнкү чечмелөөлөрү чагылдырылат: 

а) «төлөөгө чегерилген кирешеде» МКК/МКАнын операциялар боюнча төлөөгө чегерилген пайыздардын суммасы көрсөтүлөт; 

б) «кийинкиге калтырылган кирешеде (үстөк)» кийинкиге калтырылган кирешелер чагылдырылат; 

в) «төлөөгө каралган салыктарда» бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон милдеттенмелердин суммасы көрсөтүлөт; 

г) «такталбаган кредитордук карызда» териштирилгенге чейинки акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт; 

д) «төлөөгө каралган дивиденддерде» акционерлерге төлөнүүгө тийиш болгон акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт; 

е) «башка милдеттенмелерде» баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча РППУну кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн башка милдеттенмелер чагылдырылат.  

 

§ 5-1. «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүлгөн операциялар тууралуу отчет» бөлүкчөсүнүн 

 

А. Активдер тобу. 

«Башка банктардагы жана финансы-кредит уюмдардагы эсептердеги акча каражаттары, анын ичинде: «- башка банктардагы жана ФКУлардагы эсептердеги, анын ичинде чет өлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасы көрсөтүлөт. Маалымат төмөнкүлөргө бөлүштүрүү менен сунушталат»: 

а) чектелген мудараба келишими боюнча  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча; 

в) кард хасан келишими боюнча. 

Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Банктардагы жана башка финансы-кредит уюмдардагы депозиттер» деген 3-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Баалуу кагаздар» деген 2-статьяда МКК жана МКАга таандык болгон баалуу кагаздардын Шариат стандарттарына ылайык келген баланстык наркы көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» деген бөлүктүн «Баалуу кагаздар» 4-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалымат чагылдырылат.  

«Финансы-кредиттик уюмдарга сунушталган каржылоо» 3-статьяда ФКУга берилген каржылоонун негизги суммасынын отчеттук күнгө карата төлөнбөгөн калдыгы көрсөтүлөт. Маалымат төмөнкүлөргө бөлүштүрүү менен сунушталат:  

а) чектелген мудараба келишими боюнча; 

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча; 

в) шарика/мушарака келишими боюнча; 

г) мурабаха келишими боюнча; 

д) иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча; 

е) салам келишими боюнча. 

Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» деген бөлүктүн «ФКУларга кредиттер» деген 5-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

ФКУну каржылоого сунушталган сумма «Кредиттик портфель жөнүндө маалымат» деген 3-бөлүктүн «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо» деген 3. А-1 бөлүкчөсүндө ФКУга сунушталган каржылоонун суммасына барабар болууга тийиш.  

«Кардарларга сунушталуучу каржылоо» деген 4-статьяда ФКУга отчеттук күнгө карата сунушталган каржылоону кошпогондо, кардарларга сунушталган каржылоонун негизги суммасынын төлөнбөгөн калдыгы көрсөтүлөт. Маалымат төмөнкүлөргө бөлүштүрүү менен сунушталат:  

а) чектелген мудараба келишими боюнча; 

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча; 

в) шарика/мушарака келишими боюнча; 

г) мурабаха келишими боюнча; 

д) иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча; 

е) салам келишими боюнча. 

Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» деген бөлүктүн «Кардарларга кредиттер» деген 6-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«(Минус) РППУ» 5-статьяда ФКУга жана башка кардарларга сунушталган каржылоо боюнча атайы РППУнун суммасы көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» деген бөлүктүн «(Минус) РППУ» деген 8-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. Бул статьяда атайын РППУ суммасы «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо» деген 3.А-1 бөлүкчөсүндөгү атайы РППУнун суммасына барабар болууга тийиш.  

«Бардыгы болуп каржылоо» деген 6-статьяда атайы РППУну (3 + 4 5-статьялар) алып салуу менен каржылоо суммасы көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» деген бөлүктүн «Бардыгы болуп таза кредиттер» деген 9-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Кардарларга андан ары өткөрүп берүү үчүн активдер/шаймандар» деген 7-статьяда МКК/МКА тарабынан андан ары кардарларга берүү үчүн, анын ичинде мурабаха, иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишимдери боюнча сатылып алынган имараттын, курулмалардын, эмеректердин, жабдуулардын жана башка активдердин/шаймандардын наркы көрсөтүлөт. Маалыматтар кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө бөлүштүрүү менен чагылдырылат. 

«Жана башка менчик, бардыгы болуп» деген 8-статьяда төмөнкү чакан статьялардын суммасы көрсөтүлөт:   

а) «кардардын алынган каржылоонун ордун жабууга кабыл алынган кыймылсыз мүлкү» кардардын МКК/МКА тарабынан тиешелүү РППУну минуска чыгаруу менен каржылоонун ордун жабууга кабыл алынган кыймылсыз мүлкү (мурдагы күрөөлүк мүлк) көрсөтүлөт.  

б) «кардардын сунушталган каржылоонун ордун жабууга кабыл алынган жана башка менчиги»-   кардардын МКК/МКА тарабынан тиешелүү РППУну минуска чыгаруу менен каржылоонун ордун жабууга кабыл алынган жана башка менчиги (кыймылсыз мүлктөн башка) көрсөтүлөт.  

Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Жана башка менчик, бардыгы болуп» 12-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Башка активдер» деген 9-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн активдердин баланстык наркы чагылдырылат. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Башка активдер» 14-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Бардыгы болуп активдер» деген 10-статьяда 1, 2, 6, 7, 8, 9-статьялардын суммасы көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Бардыгы болуп активдер» деген 15-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

Б тобу. Милдеттенмелер 

«Кыргыз Республикасынын банктарынан алынган каржылоо» деген 1-статьяда МКК/МКАнын коммерциялык банктардан алган каржылоосу берилет. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Кыргыз Республикасынын банктарынан кредиттер» деген 16-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат . 

«Кыргыз Республикасынын башка финансы-кредит уюмдарынан алынган каржылоо» деген 2-статьяда МКК/МКАнын коммерциялык банктарды кошпогондо, ФКУдан алган каржылоосу көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Кыргыз Республикасынын башка финансы-кредит уюмдарынан кредиттер» деген 17-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Эл аралык финансылык уюмдардан жана донорлордон алынган каржылоо» деген 3-статьяда МКК/МКАнын эл аралык финансылык жана донордук уюмдардан (каржылоонун башка булактарынан) алган каржылоосу көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Эл аралык финансылык уюмдардан жана донорлордон кредиттер» деген 18-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат . 

«Эл аралык финансы-кредиттик уюмдардан алынган каржылоо» деген 4-статьяда МКК/МКАнын эл аралык банктардан алган каржылоосу көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Эл аралык финансы-кредиттик уюмдардан кредиттер» деген 19-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Мамлекеттик бийлик органдары алдындагы милдеттенмелер» деген 5-статьяда мамлекеттик бийлик органдарынан алынган каражаттар көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Мамлекеттик бийлик органдары алдындагы милдеттенмелер» деген 20-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат . 

«МККнын юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алган каражаттары» деген 6-статьяда жеке адамдардын жана юридикалык жактардын юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карыз алууларынын суммасы көрсөтүлөт.  

а) «МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алган каражаттары» уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алган каражаттар көрсөтүлөт. 

б) «МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алган каражаттары» уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алган каражаттар көрсөтүлөт. 

«Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «МККнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алган каражаттары» деген 21-3-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат . 

«Жана башка милдеттенмелер» деген 7-статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Жана башка» деген 23-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Бардыгы болуп, милдеттенмелер» деген 8-статьяда 1-7-статьяларынын суммасы көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Бардыгы болуп милдеттенмелер» деген 24-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат . 

Эскертүү: «Чечмелөөлөр» деген бөлүктүн «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кабыл алынган милдеттенмелер» А-1 бөлүкчөсүндө алынган каржылоолордун булактары, милдеттенмелер, гранттар жана башка милдеттенмелер тууралуу маалыматтарды толук чечмелөө зарыл.  

В тобу. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер.  

«Каржылоону сунуштоого милдеттенмелер» деген 1-статьяда каржылоо сунуштоо бонча милдеттенмелер көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Кредит берүүгө милдеттенмелер» деген 1-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Валюталык операциялар» деген 2-статьяда МКК/МКАнын валюталык операциялары боюнча милдеттенмелери көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүктүн «Валюталык операциялар» деген 2-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер» деген 3-статьяда МКК менен МКАнын келечекте активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелери көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер» деген 3-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Жана башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер» деген 4-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн бардык баланстан тышкаркы милдеттенмелер көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Бардыгы болуп баланстан тышкаркы милдеттенмелер» деген 5-статьяда 1ден 4кө чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Бардыгы болуп: баланстан тышкаркы милдеттенмелер» статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

Г тобу. Б активдерди жана башка милдеттенмелерди чечмелөө 

«Башка активдер» деген 1-статьяда МКК/МКАнын активдерин төмөнкү статьялар боюнча чечмелөөлөр көрсөтүлөт: 

а) «алууга чегерилген киреше» МКК/МКАнын алууга чегерилген активдерин чечмелөөлөр көрсөтүлөт; 

б) «алдын ала төлөөлөр» МКК/МКАнын башка тараптарга келишим шарттарына ылайык төлөнгөн төлөмдөрүнүн суммасы көрсөтүлөт; 

в) «такталбаган дебитордук суммалар» акча каражаттарынын такталганга чейинки суммалары көрсөтүлөт; 

г) «жана башка активдер» МКК/МКАнын жогоруда көрсөтүлбөгөн жана башка активдеринин суммасы көрсөтүлөт. 

Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Башка активдер» деген 1-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Башка активдерге атайын РППУ» деген 2-статьяда МКК/МКАнын жогоруда көрсөтүлгөн башка активдерине атайын РППУнун суммасы көрсөтүлөт. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Башка активдерге атайын РППУ» деген 2-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Башка таза активдер» деген 3-статьяда бакша актвидердин таза наркы (1 жана 2-статьялардын айырмасы) берилет. Статьяда «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүнүн «Башка таза активдер» деген 3-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат.  

«Башка милдеттенмелер» деген 4-статьяда милдеттенмелердин чечмелөөлөрү берилет: 

а) «кардарларга төлөөгө чегерилген киреше» МКК/МКАнын операциялары боюнча төлөөгө чегерилген кирешесинин суммасы көрсөтүлөт; 

б) «кийинкиге калтырылган киреше (үстөк баа)» мурабаха жана салам операциялары боюнча кийинкиге калтырылган киреше көрсөтүлөт; 

в) «такталбаган кредитордук карыз» акча каражаттарынын такталганга чейинки суммасы көрсөтүлөт; 

д) «жана башка милдеттенмелер» баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча РППУну кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн жана башка милдеттенмелер чагылдырылат. 

Эскертүү: «Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет» бөлүгүндө МКК/МКАнын бүтүндөй иш аракети тууралуу консолидацияланган маалыматтар чагылдырылат. «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө отчет» бөлүкчөсүндө МКК/МКАнын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзгөн операциясы боюнча маалыматтар операциялардын/статьялардын маңызына/маанисине жараша бөлүнүп көрсөтүлөт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

 

7-ГЛАВА.  

2-бөлүк. Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет 

 

12. Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүлгөн операциялар боюнча төмөнкүдөй үч тилкеден турат: статьянын аталышы; отчеттук мезгил ичинде улам өсүү жыйынтыгы менен статьянын мааниси; өткөн жылдын тиешелүү мезгили үчүн статьянын мааниси. Эгерде «өтүп жаткан мезгил аралыгы» тилкесинде отчеттук жылдын 31-декабрына карата абал боюнча отчет сунушталса, «өткөн мезгил аралыгы» тилкесинде өткөн отчеттук жылдын 31-декабрына карата абал боюнча маалымат сунушталууга тийиш. Эгерде отчеттук жылдын 30-июнуна карата абал боюнча жарым жылдык отчет сунушталса, анда өткөн мезгил катары өткөн жылдын 30-июнуна карата абал боюнча отчет көрсөтүлөт.  

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

13. Бул отчеттогу суммалар оң же терс болушу мүмкүн. Терс суммалар кашаа ичинде көрсөтүлүүгө тийиш, мисалы, жыл ичиндеги таза чыгымдын же чыгашалардын суммасы кашаа ичинде көрсөтүлөт.  

 

§ 6. «Пайыздык кирешелер» бөлүкчөсү 

 

«Банктардагы депозиттер боюнча пайыздык киреше» деген 1-статьяда МКК/МКАнын банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында жайгаштыруудан алган пайыз түрүндөгү кирешеси көрсөтүлөт.  

“Башка пайыздык кирешелер” деген 2-статьяда баалуу кагаздар боюнча кирешени кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн пайыздык кирешелер чагылдырылат.  

«Финансы-кредит уюмдарына берилген кредиттерден алынган пайыздык киреше» деп аталган 3-статьяда финансы-кредит уюмдарына берилген кредиттерден жана финансылык ижарадан алынган пайыздык кирешелер көрсөтүлөт. 

«Кардарларга берилген кредиттер боюнча пайыздык киреше» деп аталган 4-статьяда финансы-кредит уюмдарынан тышкары, МКК/МКАнын кардарларга берилген кредиттерден жана финансылык ижарадан алган пайыз түрүндөгү кирешеси көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп, пайыздык киреше» деп аталган 5-статьяда 1, 2, 3, 4-статьялардын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

 

§ 7. «Пайыздык чыгашалар» бөлүкчөсү 

 

«Пайыздык чыгашалар» деп аталган 6-статьяда МКК/МКАнын кредиттер жана башка милдеттенмелер боюнча пайыздар үчүн төлөгөн чыгашалары көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп: таза пайыздык киреше» деп аталган 7-статьяда 5 жана 6- беренелер ортосундагы айырма көрсөтүлөт.  

«Кредиттер боюнча РППУ түзүүгө карата чыгашалар» деп аталган 8-статьяда кредиттер боюнча атайы жана жалпы РППУ боюнча чыгашалар көрсөтүлөт. 

«РППУга чегерүүдөн кийин таза пайыздык киреше» деп аталган 9-статьяда РППУга чегерүүдөн кийин таза кирешенин суммасы 7 жана 8-беренелер ортосундагы айырма катары көрсөтүлөт.  

  

§ 8. «Пайыздык эмес чыгашалар» бөлүкчөсү 

 

«Комиссиялык жыйымдар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр» деп аталган 10-статьяда МКК/МКА алган комиссиялык жыйымдар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр көрсөтүлөт. МКК/МКА тарабынан алынган комиссиялык жыйымдар ФОЭСке ылайык алынган мезгил ичинде эске алынууга (дисконттолууга) тийиш.  

«Курстук айырмадан киреше» деп аталган 10-1-статьяда МКК/МКАнын чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча курстук айырмадан алган кирешеси көрсөтүлөт. 

«Агенттик банкинг боюнча алынган кирешелер» деп аталган 10-2-статьяда МКК/МКАнын агенттик банкинг боюнча алган кирешеси көрсөтүлөт.  

«Факторингдик операциялардан кирешелер» деп аталган 10-3-статьяда МКК/МКАнын факторингдик операциялар боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн комиссиялык кирешеси көрсөтүлөт.  

«Инвестициялардан киреше» деп аталган 10-4-статьяда МКК/МКАнын инвестициялардан алынган кирешеси көрсөтүлөт (капиталда катышуудан алынган натыйжа катары).  

«Башка пайыздык эмес кирешелер» деп аталган 11-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн пайыздык эмес кирешелер көрсөтүлөт.   

«Бардыгы болуп, пайыздык эмес кирешелер» деп аталган 12-статьяда 10 жана 11-статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

 

§ 9. «Операциялык чыгашалар» бөлүкчөсү 

 

«Персоналды күтүүгө кеткен чыгашалар» деп аталган 13-статьяда МКК/МКАнын кызматкерлерине эмгек акыларды, сый акыларды жана башка ушул сыяктуу төлөөлөрдү төлөп берүүгө байланыштуу чыгашалар (анын ичинде Байкоо органына/Директорлор кеңешине төлөөлөр) көрсөтүлөт: 

- эмгек акы жана сый акы;  

- башка компенсациялар жана субсидиялар (башка төлөөлөр); 

- Соцфондго чегерүүлөр. 

«Негизги каражаттарга чыгашалар» деп аталган 14-статьяда чегерилген амортизацияны жана менчиктен салык боюнча чыгашаларды кошо алганда имаратка, курулмаларга, эмерекке, транспорт каражаттарына, жабдууларга, компьютерлерге, программалык камсыздоого жана материалдык эмес активдерге кеткен чыгашалар көрсөтүлөт. 

«Административдик чыгашалар» деп аталган 15-статьяда канцелярдык товарларга, байланышка, транспортко, иш сапарга, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, өкүлчүлүккө, кызматкерлерди окутууга, унааларды амортизациялоого, унааларга кеткен чыгашалар, ишке тартылган адистердин кызмат көрсөтүүлөрүнө, компьютердик маалыматтарды иштеп чыгууга, жарнама жана маркетингге, жарыялоого жана жазылууларга чыгашалар жана башка административдик чыгашалар көрсөтүлөт. 

«Башка операциялык чыгашалар» деп аталган 16-статьяда жогоруда келтирилбеген, күтүүсүз келип чыккан кирешелерди/чыгашаларды кошо алганда, бардык эксплуатациялоо жана башка чыгашалар көрсөтүлөт. 

«Салыктар жана камсыздандыруу» деп аталган 17-статьяда камсыздандырууга, сатуудан салыкка, менчикке жана пайдага салыктан тышкары салыктарды төлөөгө байланыштуу чыгашалар көрсөтүлөт.    

«Бардыгы болуп: пайыздык эмес чыгашалар» деп аталган 18-статьяда 13, 14, 15, 16 жана 17-статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

«Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүүгө чыгашалар (кредиттик операциялардан эмес)» деп аталган 19-статьяда кредиттик жана финансылык ижара операцияларынан айырмаланган операциялар боюнча атайы жана жалпы РППУга чыгашалардын суммасы көрсөтүлөт.   

«Курстук айырмадан чыгым» деген 19-1-статьяда курстук айырманы эсептөөнүн натыйжасында келип чыккан чыгым чагылдырылат.  

«Салык төлөөгө чейинки пайда (чыгым)» деп аталган 20-статьяда МКК/МКА алган (тарткан) таза пайда (таза чыгымы) көрсөтүлөт (5 жана 12-статьялардын суммасы жана12, минус 6, 8, 18 жана 19-статьялардын суммасы).  

«Пайда салыгы» деп аталган 21-статьяда пайда салыгы боюнча чыгашалар көрсөтүлөт. 

«Таза пайда (чыгым)» деп аталган 22-статьяда отчет берген мекеменин таза пайдасы (чыгымы) көрсөтүлөт (20-статья минус 21-статья).  

 

§ 9-1. «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүлгөн операциялар боюнча алынган кирешелер». 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүлгөн операциялар боюнча тапкан пайда жана кеткен чыгымдар тууралуу отчет» бөлүкчөсүндө ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүлгөн операциялар боюнча маалымат көрсөтүлөт.  

А тобу. «Операциялар боюнча алынган кирешелер» 

«Коммерциялык банктардын эсептеринде жайгаштырылган акча каражаттары боюнча кирешелер» 1-статьяда МКК/МКАнын банктарга жана башка ФКУларга жайгаштыруулардан алган кирешеси көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Банктардагы депозиттер боюнча пайыздык киреше» 1-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Финансы-кредит уюмдарына сунушталган каржылоо боюнча алынган кирешелер» деген 2-статьяда ФКУларга операцияларга бөлүштүрүү менен сунушталган каржылоо боюнча алынган кирешелер көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Банктардагы депозиттер боюнча пайыздык киреше» 1-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Кардарларга сунушталган каржылоо боюнча киреше» деген 3-статьяда МКК/МКАнын ФКУну кошпогондо, кардарларга сунушталган каржылоо боюнча алынган кирешелери операцияларга бөлүштүрүү менен көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Кардарларга кредиттер» 6-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Операциялар боюнча жана башка кирешелер» деген 4-статьяда баалуу кагаздар боюнча кирешелерди кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн кирешелер чагылдырылат. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Жана башка пайыздык кирешелер» 2-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Бардыгы болуп» деген 5-статьяда 1, 2, 3 жана 4-статьялардын жалпы суммасы берилет. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Бардыгы болуп» 5-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

Б тобу. Операциялар боюнча келип чыккан чыгашалар 

«Алынган каржылоо боюнча келип чыккан чыгашалар» деген 6-статьяда МКК/МКАнын алынган каржылоо боюнча дуушар болгон чыгашалары көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Пайыздык чыгашалар» 6-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Операциялар боюнча алынган таза киреше» 7-статьясында 5 жана 6-статьялардын ортосундагы айырма берилет. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Таза пайыздык чыгаша» 7-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«РППУга кеткен чыгашалар» деген 8-статьяда атайын жана жалпы РППУнун каржылоо боюнча чыгашалары көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «РППУга чыгашалар» 8-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«РППУга чегерүүлөрдөн кийин операциялар боюнча алынган таза киреше» деген 9-статьяда 7 жана 8-статьялардын ортосундагы айырма катары РППУга чегерүүлөрдөн кийинки таза кирешенин суммасы көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «РППУга чегерүүлөрдөн кийин операциялар боюнча алынган таза пайыздык киреше» 9-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

В тобу. Жана башка операциялар боюнча кирешелер 

«Кызмат көрсөтүүлөр жана комиссиялык жыйымдар үчүн төлөмдөр» 10-статьяда МКК/МКАнын кызмат көрсөтүлөр үчүн жыйымдар жана төлөмдөр көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Кызмат көрсөтүүлөр жана комиссиялык жыйымдар үчүн төлөмдөр» 10-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Курстук айырмадан кирешелер» деген 11-статьяда МКК/МКАнын чет өлкө валютасындагы ишинин натыйжасында валюталар курсунун өзгөргөндүгүнө байланыштуу алынган киреше көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Курстук айырмадан кирешелер» 11-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Жана башка кирешелер» деген 12-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн чыгашалар көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Жана башка пайыздык эмес кирешелер» 11-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн. ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Бардыгы болуп» деген 13-статьяда 10 жана 12 статьялардын суммасы көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Бардык болуп: пайыздык эмес кирешелер» 12-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

Г тобу. Операциялар боюнча башка чыгашалар, операциялык чыгашалар 

«Курстук айырмадан чыгымдар» деген 14-статьяда МКК/МКАнын чет өлкө валютасындагы ишинин натыйжасында валюталар курсунун өзгөргөндүгүнө байланыштуу келип чыккан чыгымдар көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Курстук айырмадан чыгымдар» 19-1-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Операциялык чыгашалар» деген 15-статьяда МКК/МКАнын ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча ишине байланыштуу операциялык чыгашалары көрсөтүлөт.  

«Салыктар» деген 16-статьяда менчикке салыкты жана пайдага салыкты кошпогондо, салыктарды төлөөгө байланыштуу чыгашалар көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Салыктар жана камсыздандыруу» 17-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Такафул» деген 17-статьяда камсыздандырууга байланыштуу (такафул) чыгашалар берилет. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Салыктар жана камсыздандыруу» 17-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Бардыгы болуп» деген 18-статьяда 14, 15, 16 жана 17-статьялардын суммасы көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Бардыгы болуп: Пайыздык эмес чыгашалар» 18-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«РППУга кеткен чыгашалар (каржылоо операцияларынан башка)» 19-статьяда операциялар боюнча атайын жана жалпы РППУга каржылоону кошпогондо, чыгашалардын суммасы көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «РППУга кеткен чыгашалар (каржылоо операцияларынан эмес)» 19-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Пайда (чыгым)» деген 20-статьяда МКК жана МКАнын тапкан пайдасы (чыгымы) көрсөтүлөт (6, 8, 18 жана 19-статьяларды минуска чыгаруу менен, 5 жана 13-статьялардын суммасы). Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Салыктарды төлөгөнгө чейинки пайда (чыгым)» 20-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Пайдага салык» деген 21-статьяда пайдага салынган салык боюнча чыгашалар көрсөтүлөт. Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Пайдага салык» 21-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

«Зекетке жана кайрымдуулукка чыгашалар» деген 22-статьяда МКК/МКА тарабынан зекетке жана кайрымдуулукка багытталган чыгашалар көрсөтүлөт.  

«Таза пайда (чыгым)» деген 23-статьяда МКК/МКАнын таза пайдасы (чыгымы) көрсөтүлөт (21 жана 22-статьяларды минуска чыгаруу менен 20-статья). Статьяда «Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет» бөлүгүнүн «Таза пайда (чыгым)» деген 22-статьясынан өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

 

8-глава. 3-БӨЛҮК. Активдер жөнүндө маалымат 

 

14. Бул бөлүк өзүндө отчеттук күнгө карата кредит портфели боюнча карыз калдыгы жөнүндө статистикалык маалыматты камтыйт.  

«Орточо салмактанып алынган пайыздык чен»Төмөндө аны эсептөө формуласы жана мисалы келтирилген: (орточо салмактанып алынган пайыздык чен кредиттик келишимде көрсөтүлгөн номиналдык пайыздык чендин негизинде жана алгач ар бир тармак боюнча өзүнчө эсептелет, андан кийин кредит портфели боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен чыгарылат). 

Формула: Бардык кредиттер суммасына бөлүнгөн (кредит портфелинен кредиттердин айкын суммасы) жана ушул кредитке ылайык келген пайыздык ченге көбөйтүлгөн ар бир кредиттин суммасы. 

Эгерде кредиттердин жалпы суммасы, = Х, өзүнчө кредиттер боюнча (кредиттердин суммасы бир пайыздык чен боюнча) = Х1, Х2, ал эми өзүнчө кредиттерге пайыздык чендер (кредиттер тобу) = Y1, Y2, болсо, анда:  

орточо салмактанып алынган пайыздык чен = X1/X* Y1+ X2/X* Y

Мисалы: Кредиттердин жалпы суммасы = 10 000; жылдык 15% пайыздык чен боюнча кредиттер тобунун суммасы = 4 000; жылдык 12% пайыздык чен боюнча кредиттер тобунун суммасы = 6 000. Орточо салмактанып алынган пайыздык чен = 4000/10000*15+6000/10000*12 = жылдык 13,2%. 

Эскертүү: Эгерде пайыздык чен ар жума сайын же болбосо ай сайын белгиленсе, сунушталган отчетко ылайык аны жылдык пайыздык ченге келтирүү зарыл. Кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чендин эсебине ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунушталган каржылоо боюнча маалыматтар кирбейт.  

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

14-1. Каржылоо боюнча үстөк бааны/кирешени төмөнкү формула боюнча жылдык мааниге келтирүүгө болот:

мында: 

отчеттук мезгилдин акырына карата жылдык үстөк баа/киреше, пайыздарда,    

 келишимде көрсөтүлгөн үстөк баа суммасы/каржылоо боюнча киреше суммасы,  

PV  келишимде көрсөтүлгөн каржылоо суммасы,    

 келишим боюнча каржылоо мөөнөтү (кошумча келишимге ылайык реструктуризациялоо мөөнөтү).  

Үстөк баанын/кирешенин алынган мааниси орточо алынган үстөк бааны/кирешени ушул усулдук көрсөтмөлөрдүн 14-пунктунда көрсөтүлгөн формула боюнча эсептөө үчүн колдонулат. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

 

§ 10. А таблицасы. Активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо 

 

15. Бул таблицада тобокелдик деңгээли боюнча классификацияланууга тийиш болгон активдер, ошондой эле РППУнун ордун жабуу үчүн түзүлгөн кам өлчөмү тууралуу маалымат камтылат.   

Активдердин бардык түрү үчүн тиешелүү дисконтту (эгерде болгон болсо) алып салуу менен алардын наркы көрсөтүлүүгө тийиш. 

«Статья» деп аталган 1-тилкеде классификацияланууга тийиш болгон активдин түрү көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп» деп аталган 2-тилкеде 3 жана 5-тилкелердин суммасы көрсөтүлөт.  

«Күндөлүк (мөөнөтү өткөрүлбөгөн) активдер» деп аталган 3-тилкеде алар боюнча негизги сумма жана пайыздар боюнча пландык төлөмдөрдүн мөөнөтү өткөрүлбөгөн активдердин негизги суммасы боюнча карыз калдыгы көрсөтүлөт.  

«Реструктуризацияланган кредиттер» 4-тилкесинде реструктуризацияланган кредиттердин суммасы көрсөтүлөт (мында реструктуризацияланган кредиттердин суммасы мөөнөтүндө төлөнбөгөн же мөөнөтүндө төлөнгөн кредиттердин суммасында камтылууга тийиш). 

«Бардыгы болуп мөөнөтү өткөрүлгөн активдер» деп аталган 5-тилкеде алар боюнча 1 күнгө пландык төлөмдөр боюнча жана негизги сумма боюнча андан көп күнгө мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген активдердин негизги суммасы боюнча карыз калдыгы көрсөтүлөт.  

6, 6-1, 7, 8, 9-тилкелерде «Активдерди классификациялоонун жана Кыргыз Республикасында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алуу укугуна ээ эмес микрофинансылык уюмдар тарабынан потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүүсүнүн жалпы принциптери жөнүндө» жобого ылайык «стандарттуудан» «жоготууларга» чейин классификацияланган активдердин негизги суммасы боюнча карыз калдыктары көрсөтүлөт (Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 22-октябрындагы №31/3 токтому менен бекитилген). 

«Бардыгы болуп чегербөө статусунда турган кредиттер» деген 10-тилкеде МКК/МКАнын ички саясатына жана Улуттук банктын талаптарына ылайык, алар боюнча пайыздарды чегерүү токтотулган кредиттердин суммасы чагылдырылат. 

11 жана 12-тилкелерде РППУ суммасы көрсөтүлөт, алар «Активдерди классификациялоонун жана Кыргыз Республикасында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алуу укугуна ээ эмес МКК/МКАлар тарабынан потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүүсүнүн жалпы принциптери жөнүндө» жобого ылайык жалпы жана атайы камдар боюнча бөлүштүрүлөт.  

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 02.07.2018-ж. № 30/5 токтому менен бекитилген)  

 

§10-1. А-1 бөлүкчө. «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо» 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо» деген А-1 бөлүкчөсүндө тобокелдик деңгээли боюнча классификацияланууга тийиш болгон, ислам каржылоо принциптери боюнча берилген активдер, ошондой эле ушундай активдер боюнча түзүлгөн РППУнун өлчөмү тууралуу маалымат чагылдырылат. Бөлүкчөдө «Активдер жөнүндө маалымат» деген 3-бөлүктөн өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча маалымат чагылдырылат. Бөлүкчө «Активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо» А бөлүкчөсү сыяктуу эле толтурулат.  

6, 7, 8, 9, 10 тилкелерде Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-сентябрындагы № 42/8 токтому менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык уюмдардын потенциалдуу жоготууларынын жана чыгым тартууларынын ордун жабууга камга карата тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобого ылайык «нормалдуудан» «жоготууга» чейин классификациялануучу активдердин негизги суммасы боюнча карыздын калдыгы көрсөтүлөт.  

«Чегерилбөө статусундагы бардыгы болуп активдер» деген 11-тилкеде мөөнөтү өткөрүлгөн активдердин суммасы көрсөтүлөт, МКК/МКАнын ички саясатына жана Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 28-апрелиндеги № 11/2 токтому менен бекитилген, Пайыздык кирешени чегербөө статусун ыйгаруу тартибинин талаптарына ылайык, алар боюнча үстөк бааны/кирешени чегерүү токтотулган. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

 

§ 11. Б таблицасы. Кредиттөө ыкмалары 

 

1-тилкеде МКК/МКА тарабынан колдонулган кредиттөө ыкмалары көрсөтүлөт: топторго күрөөсүз кредит сунуштоо жеке адамдар тобуна күрөөлүк камсыздоосуз субсидиардык топ жоопкерчилиги астында кредит сунуштоо;  

- топторго күрөө алдында кредит сунуштоо жеке адамдар тобуна күрөөлүк камсыздоону сунуштоо шартында кредит сунуштоо

- күрөөсүз жеке кредит берүү жеке адамдарга жана юридикалык жактарга күрөөлүк камсыздоосуз кредит берүү (гарантияларды кошо алганда);  

- күрөө алдында жеке кредит берүү күрөөлүк камсыздоону сунуштоо шартында жеке адамдарга жана юридикалык жактарга кредит берүү;  

- башкалар жогоруда каралбаган башка кредиттөө ыкмалары; 

- бардыгы болуп экинчи тилкеде бардык кредиттөө ыкмалары боюнча кредиттердин жалпы суммасы, ал эми төртүнчү тилкеде карыз алуучулардын отчеттук күнгө карата жалпы саны чагылдырылат.  

«Кредиттердин суммасы» деп аталган 2-тилкеде отчеттук күнгө карата ушул ыкма боюнча бардык кредиттердин калдык суммасы көрсөтүлөт. 

«Пайыздык чен» деп аталган 3-тилкеде ушул кредиттөө ыкмасына ылайык кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен чагылдырылат. Орточо салмактанып алынган пайыздык чен «Кредит портфели жөнүндө маалымат» деп аталган 3-бөлүктүн «Жылдык орточо салмактанып алынган пайыздык чен» пунктунда келтирилген мисалга ылайык эсептелет.  

«Сунушталган кредиттердин саны» деп аталган 4-тилкеде ушул кредиттөө ыкмасына ылайык сунушталган, бирок отчеттук күнгө карата орду жабылбаган кредиттердин саны көрсөтүлөт. Эгерде кредит карыз алуучулар тобуна сунушталган болсо, ушул топко берилген кредиттердин санын көрсөтүү зарыл. 

 

§ 12. В таблицасы «Кредит портфелин тармактар жана  

региондор боюнча бөлүп көрсөтүү» 

 

16. Мындай маалымат региондор боюнча, ошондой эле республика боюнча консолидацияланган негизде сунушталат. Эгерде МКК/МКА бир гана региондо иш алып барса, республика боюнча консолидацияланган негизде сунушталуучу маалымат регион боюнча берилген маалыматка дал келүүгө тийиш. Региондо иш алып барган филиалдардын ишкердигине тиешелүү маалымат башкы кеңсесинин жайгашуусу боюнча Улуттук банкка консолидацияланган негизде сунушталат.  

«Ордун жабуу коэффициенти»: төмөндө ордун жабуу коэффициентинин формуласы келтирилет:  

Айкын ордун жабуу/ (пландык ордун жабуу + өткөн мезгилде мөөнөтүндө төлөнбөгөн жана төлөнбөй калган карыз) * 100. 

Мисалы: Отчеттук мезгил ичинде орду жабылууга тийиш богон пландык ордун жабуу 10 000 сомду түзгөн; өткөн мезгилдерде мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз 50 000 сом; айкын төлөө 9 600 сомду түзүп, ошентип ал: 9600/(10000+50)*100=95,52 %. 

Бул бөлүктө келтирилген 9 таблицада төмөнкүлөр чагылдырылат: 

1-тилкеде МКК/МКА тарабынан кредит берилүүчү экономика тармактарынын тизмеги көрсөтүлөт. 

2-тилкеде отчеттук күнгө карата МКК/МКА тарабынан ушул тармак боюнча тейлөөгө алынган кардарларынын саны чагылдырылат (эгерде кредит топко сунушталса, топто адамдардын санын көрсөтүү зарыл). 

3-тилкеде ушул тармакта иш алып барган кардарларга сунушталган кредиттердин ордун жабылбаган калдык суммасы көрсөтүлөт.  

4-тилкеде МКК/МКАнын кредит портфелинин жалпы көлөмүнүн канча пайызы бул тармакка берилген кредиттердин калдыгын түзөөрү чагылдырылат.  

5-тилкеде кредиттердин орточо мөөнөтү айларда көрсөтүлөт (отчеттук мезгил ичинде колдонулган, кредиттердин минималдуудан максималдууга чейинки орточо арифметикалык мааниси сыяктуу эсептелет). 

6-тилкеде кредиттин айкын максималдуу өлчөмү көрсөтүлөт.  

7-тилкеде кредиттин айкын минималдуу өлчөмү көрсөтүлөт. 

8-тилкеде кредиттин орточо өлчөмү көрсөтүлөт, ал отчеттук мезгил ичинде ушул тармакка сунушталган кредиттердин жалпы суммасынын кредит берилген кардарлардын санына карата катышы катары эсептелет.  

9-тилкеде отчеттук чейрек үчүн - айкын, ал эми 4-чейректе бүтүндөй жыл ичинде орду жабылган сумма көрсөтүлөт. 

10-тилкеде отчеттук айда төлөнүүгө тийиш болгон өткөн мезгилде мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызды кошо алганда, отчеттук чейрек ичинде, ал эми 4-чейректе бүтүндөй жыл ичинде төлөнүүгө тийиш болгон кредиттердин суммасы көрсөтүлөт. 

11-тилкеде берилген кредиттердин орточо салмактанып алынган пайыздык чени тармактар боюнча көрсөтүлөт, ал «Активдер жөнүндө маалымат» деп аталган 3-бөлүктүн «Орточо салмактанып алынган пайыздык чен» пунктунда келтирилген мисалга ылайык эсептелет. 

12-тилкеде берилген кредиттердин орточо салмактанып алынган эффективдүү пайыздык чени тармактар боюнча көрсөтүлөт, ал «Активдер жөнүндө маалымат» деп аталган 3-бөлүктүн «Орточо салмактанып алынган пайыздык чен» пунктунда келтирилген мисалга ылайык эсептелет. Эффективдүү пайыздык чен, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 27-августундагы № 33/4 токтому менен бекитилген «Банктык кызмат көрсөтүүлөр бюнча сый акы өлчөмү жөнүндө маалыматты таркатууда эффективдүү пайыздык ченди эсептөө тууралуу» жобого ылайык эсептелет.  

Бул бөлүктө келтирилген таблицалар төмөнкү тартипте толтурулат: биринчи таблицада жалпы Кыргыз Республикасы боюнча көрсөткүчтөр, ал эми 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8 жана 9-формаларда биринчи тилкенин экинчи сабында көрсөтүлгөн аталышка ылайык Кыргыз Республикасынын регионду боюнча көрсөткүчтөр чагылдырылат.  

Эскертүү: Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунушталган каржылоонун суммалары кредиттердин жалпы суммасынын эсебине кирбейт. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунушталган каржылоо боюнча орточо алынган үстөк баа/кирешеге тиешелүү маалыматтар кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чендин эсебине кирбейт. Орточо салмактанып алынган эффективдүү пайыздык чендин эсебине ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунушталган каржылоо боюнча кирешелүүлүк коэффициентине тиешелүү маалыматтар кирбейт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

§ 12-1. В-1. «Каржылоо боюнча портфелди тармактарга жана региондорго жараша бөлүштүрүү». 

 

«Каржылоо боюнча портфелди тармактарга жана региондорго жараша бөлүштүрүү» деген В-1 бөлүкчөсүндө «Кредиттик портфелди тармактар жана региондор боюнча бөлүштүрүү» деген В. бөлүкчөсүнөн өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунушталган каржылоо боюнча маалымат чагылдырылат. Бул бөлүкчө «Кредиттик портфелди тармактар жана региондор боюнча бөлүштүрүү» деген В. бөлүкчөсү сыяктуу эле толтурулат. Эгерде МКК/МКА бир нече региондордо иштесе, анда ар бир регион боюнча өзүнчө таблица толтуруу зарыл. Ар бир таблицада маалыматтар берилген региондун аты көрсөтүлөт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

Отчеттук мезгилдин акырына карата орточо алынган үстөк баа/киреше, % деп аталган 12-тилкеде ушул главанын “Активдери жөнүндө маалымат” деп аталган 3-бөлүгүнүн 14 жана 14-1-пункттарына ылайык эсептелинген орточо алынган үстөк баанын/кирешенин мааниси пайыздарда көрсөтүлөт.  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунушталган каржылоонун суммалары кредиттердин жалпы суммасынын эсебине кирбейт. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунушталган каржылоо боюнча орточо салмактанып алынган үстөк баа/кирешеге тиешелүү маалыматтар Тармактар жана региондор боюнча кредиттик портфелди бөлүштүрүү деген 3 В бөлүкчөсүндө көрсөтүлгөн кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чендин эсебине кирбейт.  

“Отчеттук мезгилдин акырына карата кирешелүүлүк коэффициенти, %да тилкесинде кирешелүүлүктүн орточо алынган коэффициентинин мааниси пайыздарда көрсөтүлөт. 

Кирешелүүлүк коэффициентинин аныктамасы жылдык эффективдүү пайыздык чендин аныктамасына шайкеш. Кирешелүүлүк коэффициенти анык, жылдык, эффективдүү салыштырылуучу эсептөөдөгү киреше, аны эсептөөдө депозит эсебинде акча каражаттарды жайгаштыргандыгы үчүн кардарга сый акы берилгендигине же кардардын каржылоону алууга байланыштуу төлөмдөрү эске алынат.  

Кирешелүүлүк коэффициенти Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/4 токтому менен бекитилген “Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сыйакы өлчөмү жөнүндө маалыматтарды таркатууда эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө жөнүндө” жобого ылайык эсептелинет.  

Кирешелүүлүктүн орточо алынган коэффициенти ушул главанын “Активдер жөнүндө маалымат” деп аталган 3-бөлүгүнүн 14-пунктуна ылайык эсептелинет. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

§ 13. Г таблицасы. Сунушталган кредиттер боюнча маалымат 

 

17. Бул таблицада отчеттук чейрек ичинде, 4-чейректе - бүтүндөй жыл ичинде сунушталган кредит боюнча маалымат камтылат.  

Таблицада төмөнкүлөр чагылдырылат: 

1-тилкеде МКК/МКА тарабынан кредит берилүүчү экономика тармактарынын тизмеги көрсөтүлөт. 

2-тилкеде 3-10 чейинки тилкелердин суммасы көрсөтүлөт. 

3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10-тилкелерде берилген кредиттер мөөнөтү боюнча чагылдырылат.  

11-тилкеде берилген кредиттердин орточо салмактанып алынган пайыздык чени тармактар боюнча көрсөтүлөт, ал «Активдер жөнүндө маалымат» деп аталган 3-бөлүктүн «Орточо салмактанып алынган пайыздык чен» 14-пунктунда келтирилген мисалга ылайык эсептелет. 

12-тилкеде берилген кредиттердин жалпы саны тармактар боюнча көрсөтүлөт. 

13-тилкеде берилген кредиттердин орточо салмактанып алынган эффективдүү пайыздык чени тармактар боюнча көрсөтүлөт, ал «Активдер жөнүндө маалымат» деп аталган 3-бөлүктүн «Орточо салмактанып алынган пайыздык чен» пунктунда келтирилген мисалга ылайык эсептелет. Эффективдүү пайыздык чен, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 27-августундагы №33/4 токтому менен бекитилген «Банктык кызмат көрсөтүүлөр бюнча сый акы өлчөмү жөнүндө маалыматты таркатууда эффективдүү пайыздык ченди эсептөө тууралуу» жобого ылайык эсептелет. 

 

§ 13-1. Г-1. «Сунушталган каржылоо боюнча маалымат» 

 

Г-1. «Сунушталган каржылоо боюнча маалымат» бөлүкчөсүндө «Берилген кредиттер боюнча маалымат» деген Г. бөлүкчөсүнөн өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунушталган каржылоо боюнча маалымат чагылдырылат. Бул бөлүкчө «Берилген кредиттер боюнча маалымат» деген Г. бөлүкчөсү сыяктуу эле толтурулат. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

 

§ 14. Д таблицасы. Проблемалуу карыз алуучулар боюнча маалымат 

 

18. Бул таблицада карыз калдыгынын суммасы боюнча кемүү тартибинде мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер боюнча маалымат камтылат. Мында, «проблемалуу» катары төмөндө көрсөтүлгөн шарттардын бирине туура келген активдер эсептелет: 

- активдин мөөнөтү 90 күнгө кечиктирилсе;   

- (Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2018-жылдын 2-июнундагы №30/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту);   

- эки же андан көп жолу реструктуризацияланган болсо;   

- системадан тышкаркы эсепте эсепке алынса; 

- соттук териштирүү иштери жүргүзүлүп жатса. 

Бул табицада төмөнкүлөр чагылдырылат: 

1-тилкеде кардардын аты-жөнү толук көрсөтүлөт (паспорту боюнча), эгерде кардар юридикалык жак болсо юридикалык жактын аталышы (каттоо документтерине ылайык уюмдун расмий аталышы), уюмдун түрү жана формасы көрсөтүлөт.  

2-тилкеде кардар катталган жер боюнча дарек жана айкын дарек көрсөтүлөт: 

- жеке адамдар катталган жери боюнча даректи жана кашаанын ичинде айкын дарегин; 

- юридикалык жактар каттоодон өткөртүлгөн жер боюнча жана кашаанын ичинде юридикалык жактын айкын дарегин көрсөтүүгө тийиш. 

3-тилкеде карыз алуучунун үй же уюлдук телефонунун номери көрсөтүлөт. 

4-тилкеде өздөштүрүлүп жаткан кредит берилген күн кредиттик келишим боюнча көрсөтүлөт (күнү, айы, жылы). 

5-тилкеде өздөштүрүлүп жаткан кредиттин ордун жабуу күнү кредиттик келишим боюнча көрсөтүлөт (күнү, айы, жылы). 

6-тилкеде өздөштүрүлүп жаткан кредиттин суммасы кредиттик келишим боюнча көрсөтүлөт. 

7-тилкеде сунушталган кредиттин пайыздык чени кредиттик келишим боюнча көрсөтүлөт. 

8-тилкеде өздөштүрүлүп жаткан кредиттин максаттуу багыты кредиттик келишим боюнча көрсөтүлөт (кредит багытталган ишкердик түрү). 

9-тилкеде өздөштүрүлүп жаткан кредит боюнча карыздын негизги келип чыгуу булактары көрсөтүлөт. 

10-тилкеде кредиттин негизги суммасы боюнча карыз кредиттик келишим боюнча көрсөтүлөт. 

11-тилкеде пайыздар боюнча карыз суммасы кредиттик келишимге ылайык көрсөтүлөт. 

12-тилкеде МКК/МКАнын карыз алуучусунун карызды кайтаруу боюнча иш-аракеттери. Эгерде карыз келип чыккан каржылоо ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык алынган болсо, муну көрсөтүү зарыл. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

Эскертүү: Эгерде бул таблицада 20дан жогору пункт камтылган болсо, бул маалыматты өзүнчө файл түрүндө жөнөтүү зарыл. 

 

§ 15. Е таблицасы. 

 

«Сумма» деген 3-тилкеде башка ФКУларда үстү-үстүнө алган кредиттери бар карыз алуучулардын чогуу алгандагы карызынын суммасы көрсөтүлөт. 

«Алардын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча» деген 4-тилкеде ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча үстү-үстүнө алган каржылоонун суммасы көрсөтүлөт.  

«Карыз алуучулардын саны» деген 5-тилкеде башка ФКУларда үстү-үстүнө алган кредиттери бар карыз алуучулардын саны көрсөтүлөт. 

«Алардын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча» деген 6-тилкеде башка ФКУлардан үстү-үстүнө каржылоо алган кардарлардын саны көрсөтүлөт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

 

§ 16. Ж таблицасы. Тармактар жана региондор боюнча сунушталган кредиттердин көлөмү жөнүндө маалымат  

 

19. Таблицада тармактар жана региондор боюнча сунушталган кредиттерге тиешелүү маалымат камтылат: 

Мында төмөнкүлөр чагылдырылат: 

2-тилкеде жеке адамдар жана юридикалык жактарга бөлүштүрүү менен МКК/МКА тарабынан кредит берилүүчү экономика тармактарынын тизмеги көрсөтүлөт. 

3-тилкеде отчеттук чейректин баш жагына карата кредиттердин калдык суммасы көрсөтүлөт.  

4-тилкеде отчеттук чейрек ичинде сунушталган кредиттердин суммасы чагылдырылат. 

5-тилкеде отчеттук чейрек ичинде сунушталган кредиттердин саны чагылдырылат. 

6-тилкеде отчеттук чейректин акырына карата кредиттердин калдык суммасы көрсөтүлөт. 

7-тилкеде орточо салмактанып алынган пайыздык чен тармактар боюнча бөлүп көрсөтүлөт, ал «Кредит портфели жөнүндө маалымат» деп аталган 3-бөлүктүн «Орточо салмактанып алынган пайыздык чен» пунктунда келтирилген мисалга ылайык эсептелет. 

 

§ 16-1. Ж-1. «Тармактар жана региондор боюнча ислам банк иши жана каржылоо принциптеринин негизинде сунушталган каржылоо боюнча маалымат» 

(Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 02.07.2018-ж. № 30/5 токтомунун редакциясында) 

19-1. Бөлүкчө «Тармактар жана региондор боюнча берилген кредиттердин көлөмү боюнча маалымат» деген 3. Ж. таблицасы сыяктуу эле толтурулат.  

«Отчеттук мезгилдин акырына карата орточо салмактанып алынган үстөк баа/киреше, пайыздарда» деген 7-тилкесинде ушул усулдук көрсөтмөлөрдүн 14 жана 14-1-пункттарына ылайык эсептелген орточо салмактанып алынган үстөк баа/киреше көрсөтүлөт.  

«Отчеттук мезгилдин акырына карата кирешелүүлүк коэффициенти, пайыздарда» 8-тилкесинде пайыз менен туюндурулган кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт, ал  

12-1- параграфтын «Каржылоо портфелин тармактар жана региондор боюнча бөлүштүрүү» деген В-1 бөлүкчөсүндө көрсөтүлгөндөй эсептелет.». 

Эскертүү: Ислам банк иши жана каржылоо принциптеринин негизинде сунушталган каржылоо суммасы боюнча маалыматтар кредиттердин жалпы суммасын эсептөөдө камтылбайт, ал эми ислам банк иши жана каржылоо принциптеринин негизинде сунушталган каржылоо боюнча орточо алынган үстөк баа/киреше тууралуу маалыматтар «Тармактар жана региондор боюнча берилген кредиттердин көлөмү боюнча маалымат» Ж. 3. таблицасынын кредиттери боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чендерди эсептөөдө камтылбайт. 

 

§ 17. З таблицасы. Реструктуризацияланган кредиттер  

 

20. Бул таблицада кардарларга (жеке адам/юридикалык жак) жана рестуруктуризациялоо санына жараша МКК/МКАнын реструктуризацияланган кредиттери боюнча маалыматы камтылат.  

1-тилкеде МКК/МКАнын карыз алуучусу уюмдун аталышы же аты-жөнү толук көрсөтүлөт. 

2-тилкеде өздөштүрүлүп жаткан кредит берилген күн кредиттик келишим боюнча көрсөтүлөт (күнү, айы, жылы). 

3-тилкеде өздөштүрүлүп жаткан кредиттин ордун жабуу күнү кредиттик келишим боюнча көрсөтүлөт (күнү, айы, жылы). 

4-тилкеде сунушталган кредиттин суммасы кредиттик келишим боюнча көрсөтүлөт. 

5-тилкеде сунушталган кредиттин пайыздык чени кредиттик келишим боюнча көрсөтүлөт. 

6-тилкеде кредитти сунуштоо максаты кредиттик келишим боюнча көрсөтүлөт (кредит багытталган ишкердик түрү). 

7-тилкеде алгачкы шарттарды өзгөртүү (рестуруктуризациялоо) себептери кредиттик келишим шарттарына ылайык көрсөтүлөт. Эгерде каржылоо ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык алынган болсо, муну көрсөтүү зарыл. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

8-тилкеде кредиттин негизги суммасы боюнча карыз калдыгы көрсөтүлөт. 

9-тилкеде чегерилген, бирок төлөнбөгөн пайыздардын суммасы көрсөтүлөт. 

10-тилкеде карыз алуучуга карата үстөк акы (эсептелинген туумдар, айыптык төлөмдөр) көрсөтүлөт. 

11-тилкеде кредитти реструктуризациялоодо, өзгөртүүдө кредиттик келишимге карата кошумча келишим түзүлгөн күн (күнү, айы, жылы) чагылдырылат.  

12-тилкеде өзгөртүүлөр киргизилген учурда, кредиттик келишимге карата кошумча келишимге ылайык кредиттин ордун жабуу күнү көрсөтүлөт (күнү, айы, жылы). 

13-тилкеде өзгөртүүлөр киргизилген учурда, кредиттик келишимге карата кошумча келишимге ылайык кредиттин суммасы чагылдырылат. 

14-тилкеде өзгөртүүлөр киргизилген учурда, кредиттик келишимге карата кошумча келишимге ылайык кредит боюнча пайыздык чен көрсөтүлөт. 

15-тилкеде өзгөртүүлөр киргизилген учурда, кредитти колдонуу мөөнөтү чагылдырылат.  

 

§ 18. И таблицасы. Активдердин жана милдеттенмелердин пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө айрыкча дуушарланышына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү 

 

21. Бул маалымат пайыздык чендердин өзгөрүшүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон активдер менен милдеттенмелер ортосундагы айырманы өлчөө аркылуу пайыздык чендер тобокелдигине баа берүү үчүн пайдаланылат. 

22. Пайыздык чендердин өзгөрүшүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон активдер менен милдеттенмелер ортосундагы ажырымды ар башка мезгил аралыгында аныктоо ушул отчеттун максаты болуп саналат. Аталган ажырымдарга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү МКК/МКАнын рыноктук пайыздык чендердин өзгөрүшүнө айрыкча дуушарланышын аныктоо ыкмаларынын бири болуп саналат.  

«Активдер» 

Пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон активдерге рыноктук пайыздык чендердин өзгөрүүсүнөн улам белгилүү бир убакыт аралыгында кайра баа берилген же алар боюнча төлөө мөөнөтү белгилүү бир убакыт ичинде келип жеткен активдердин акчалай көлөмү кирет. 

Пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон бардык активдердин жана милдеттенмелердин учурдагы баланстык наркы тиешелүү мезгил аралыгында төмөнкү эки мөөнөттөрдүн биринин негизинде чагылдырылууга тийиш: 1) МКК/МКА активдерди кайра баалоого чейинки күндөрдүн саны (рыноктогу жагдайга жана/же мурда макулдашылганга жараша пайыздык ченди өзгөртүү), же 2) ордун жабуу мөөнөтүнө чейинки күндөрдүн саны.  

«Башка банктардагы эсептешүү эсептери» деген 1-сапта МКК/МКАнын коммерциялык банктардагы эсептешүү эсептериндеги акча каражаттары көрсөтүлөт. 

«анын ичинде чет өлкө валютасында» деген сапта МКК/МКАнын коммерциялык банктардагы эсептешүү эсептериндеги чет өлкө валютасындагы акча каражаттары көрсөтүлөт.  

«Башка банктардагы эсептер» деген 2-сапта банктардагы депозиттик эсептерде күрөөдө турган акча каражаттарын кошо алганда, депозиттик эсептердеги акча каражаттар суммасы чагылдырылат.  

«анын ичинде чет өлкө валютасында» деген сапта банктардагы депозиттик эсептерде күрөөдө турган чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын кошо алганда, депозиттик эсептердеги акча каражаттар суммасы чагылдырылат. 

«Башка кардарларга кредиттер жана финансылык ижара» деген 3-сапта кредиттер жана финансылык ижара суммасы (атайы РППУну алып салуусуз) көрсөтүлөт. 

«ФКУларга кредиттер» деген 4-сапта финансы-кредит уюмдарынын кредиттери көрсөтүлөт. 

«Пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон башка финансылык активдер» деген 5-сапта ушул бөлүктүн башка статьяларына кирбеген, пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон бардык башка активдер көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп, пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон активдер» деген 6-сапта 1-5 чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

«Милдеттенмелер» 

Пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон милдеттенмелерге рыноктук пайыздык чендердин өзгөрүүсүнөн улам белгилүү бир убакыт аралыгында кайра баа берилген же алар боюнча төлөө мөөнөтү белгилүү бир убакыт ичинде келип жеткен милдеттенмелердин акчалай көлөмү кирет. 

«Алынган кредиттер»: деген 1-сапта МКК/МКА тарабынан төмөнкү булактардан алынган, кыска мөөнөткө жайгаштырылган катары кароого алынбаган кредиттердин суммасы көрсөтүлөт: 

а) банктардан; 

б) Кыргыз Республикасынын башка финансы-кредит уюмдарынан; 

в) эл аралык финансылык уюмдардан жана донорлордон; 

г) эл аралык ФКУлардан; 

д) мамлекеттик бийлик органдарынан. 

«Башка пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон милдеттенмелер» деген 2-сапта ушул бөлүктүн башка статьяларына кирбеген, пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон бардык башка милдеттенмелер көрсөтүлөт. 

«Бардыгы болуп, пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө айрыкча дуушарланышы ыктымал болгон милдеттенмелер» деген 3-сапта 1 жана 2-статьялардын суммасы көрсөтүлөт.  

«Ажырым» деп аталган 4-сапта ордун жабуу мөөнөтү боюнча активдердин жана милдеттенмелердин айырмасы көрсөтүлөт.  

«Кумулятивдик ажырым» деп аталган 5-сапта улам өсүү жыйынтыгы менен ордун жабуу мөөнөттөрү боюнча ажырымдардын суммасы көрсөтүлөт. Мисалы: «дароо» деп аталган тилкедеги кумулятивдик ажырымдын мааниси «дароо» тилкесиндеги ажырымдын маанисине барабар, ал эми «1-30 күн» деп аталган тилкедеги кумулятивдик ажырымдын мааниси «дароо» жана «1-30 күн» тилкелериндеги ажырымдын маанисинин суммасына барабар, андан ары ушул ыкмада көрсөтүлөт.  

«анын ичинде чет өлкө валютасында» деген саптарда чет өлкө валютасындагы кредиттер көрсөтүлөт. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттары боюнча маалымат Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сом эквивалентинде келтирилет. 

 

9-ГЛАВА.  

4-бөлүк. Өзүнө өзү баа берүү боюнча отчет 

 

23. Өзүнө өзү баа берүү боюнча отчет, МКК/МКАнын стандарттарга ылайык келүү үчүн өзүнө өзү баа берүү анкетасы болуп саналат. Анда жалпы кабыл алынган стандарттарга ылайык келген он суроо камтылат.  

24. Өзүнө өзү баа берүү боюнча отчет Улуттук банкка жылына бир жолу жана МКК/МКАнын жылдык мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету менен бирге сунушталат. 

25. Өзүнө өзү баа берүү боюнча отчеттун бир нускасы МКК/МКАда сакталууга жана инспектордук же башка текшерүүлөрдү жүргүзүү учурунда текшерүү тобуна берилүүгө тийиш. 

26. Бул анкетаны толтуруу үчүн төмөнкү үч жооптун ичинен бирин белгилөө зарыл: «Ооба», «Жок», «Колдонулбайт»

27. Эгерде МКК/МКА анкетанын кайсы болбосун бөлүгүнө «Колдонулбайт» деп жооп берсе, анда бул пункт «МКК/МКАнын ишинде аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча иш-аракеттердин планын жалпылоо» бөлүгүндө кемчилик катары көрсөтүлбөйт. 

28. Эгерде МКК/МКА кайсы болбосун суроого «жок» деп жооп берсе, корректировкалоо планын иштеп чыгуу талап кылынат.  

29. Өзүнө өзү баа берүү боюнча отчетко Байкоо органынын (Директорлор кеңешинин) жетекчиси, ал эми алар жок учурда компанияны уюштуруучусунун бири же болбосо ыйгарым укуктуу адамы тарабынан кол коюлат.  

  

10-ГЛАВА.  

5-бөлүк. Чет өлкө активдери жана милдеттенмелери боюнча отчет 

 

30. Бул бөлүктө МКК/МКАнын чет мамлекеттердеги активдери жана резидент эместер алдындагы милдеттенмелери жөнүндө статистикалык маалымат камтылат.  

31. Чет өлкөлүк инвесторлор алдында жеке карыздык милдеттенмелер жөнүндө отчет  төмөнкү эки формадан турат: №1 НД формасы жана №2 НД формасы. 

32. №1 НД формасы. Жеке карыздык милдеттенмелер/кредитордук карыздар жөнүндө маалымат. 

33. Бул форма ар бир кредит боюнча өз-өзүнчө, келишимге кол коюлган күндөн тартып 10 жумуш күнү ичинде каттоодон өтүү учурунда бир жолу толтурулат. 

34. МКК/МКА боюнча базалык маалыматта төмөнкүлөр камтылат:  

- «Карыз алуучунун (резиденттин) аталышы документ түзүүчүнүн ОКПО» - МКК/МКАнын толук расмий аталышы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишканаларынын жана уюмдарынын жалпы республикалык кодификаторунун коду көрсөтүлөт;  

- «Карыз алуучунун (резиденттин) документ түзүүчүнүн аталышы» - МКК/МКАнын толук расмий аталышы көрсөтүлөт; 

- «Аймагы (областы, району, шаары, калктуу пункту)»:  

a) «областы» - МКК/МКАнын башкы кеңсеси жайгашкан областтын аталышы;  

б) «району» - МКК/МКАнын башкы кеңсеси жайгашкан райондун аталышы;  

в) «шаары же калктуу пункту» - МКК/МКАнын башкы кеңсеси жайгашкан шаардын же калктуу пункттун аталышы; 

- «Дареги (почта индекси, көчөсү, үй №)»:  

а) «почта индекси» - почта бөлүмүнүн индекси;  

б) «көчөсү, үй №» - башкы кеңсенин имараты жайгашкан көчөнүн аталышы жана номери.  

- «Экономикалык ишкердик түрү» - экономикалык ишкердик түрү көрсөтүлөт;  

- «телефону» - МКК/МКАнын расмий телефон номери;  

- «факс» - МКК/МКАнын расмий факс номери;  

- «электрондук почтасы» - МКК/МКАнын расмий электрондук почта дареги.   

1-пункт. Кредиттин коду - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан ыйгарылат. 

2-пункт. Карыз алуучунун түрү - көрсөтүлгөн тизменин тиешелүү сабында карыз алуучунун түрү белгиленет. 

3-пункт. Экономика сектору - келтирилген тизменин ичинен МКК/МКА отчет сунуштаган экономика сектору өзүнчө бөлүп көрсөтүлөт. 

4-пункт. Келишим түрү келишимдин түрү көрсөтүлөт; эгерде аталган пунктта келишим түрү көрсөтүлбөсө, анда ал 18-пунктта Эскертүүлөрдө көрсөтүлүүгө тийиш. 

5-пункт. Төлөмдөрдү төлөө жүргүзүлөт келтирилген тизмеден негизги сумманын төлөмдөрү кандай түрдө төлөнө тургандыгы көрсөтүлөт, эгерде бул пунктта негизги сумманын төлөмдөрүнүн түрү көрсөтүлбөсө, анда аны 18-пунктта Эскертүүлөрдө көрсөтүү зарыл; 

6-пункт. Негизги сумманын ордун жабуу кредиттин жеңилдик берилген мезгили айларда; графикте каралган негизги сумманы алгачкы жана акыркы төлөөлөр, ошондой эле насыя (займ) же баалуу кагаздар боюнча негизги карыздын ордун жабуунун эсебинен жыл ичиндеги төлөөлөр саны көрсөтүлөт; 

7-пункт. Кредитордун/ээлик кылуучунун аталышы кредитордун толук аталышы көрсөтүлөт, эгерде 4-пункттун 4-пунктчасы көрсөтүлсө бул пунктта эсеп ээсинин аталышы көрсөтүлөт; 

8-пункт. Өлкө кредитордун өлкөсү көрсөтүлөт; 

9-пункт. Кредитордун/ээлик кылуучунун түрү эгерде резидент эмеске баалуу кагаздарды сатуу эсебинен каражаттар тартылган болсо, кредитордун же баалуу кагаздын ээлик кылуучусунун түрү белгиленет; 

10-пункт. Инвестордун түрү бул пунктта кредитор тике чет өлкө инвестору болуп санала тургандыгы же саналбай тургандыгы белгиленет; 

Тике чет өлкө инвестору бул ишкананын өздүк капиталынын 10 % жана андан көбү таандык болгон жана ушул МКК/МКАнын ишин тескөөгө катышкан резидент эмес. 

Башка чет өлкө инвестору - бул ишкананын өздүк капиталынын 10 % азы таандык болгон резидент эмес же МКК/МКАга коммерциялык кредит сунуштаган жана ал МКК/МКАнын ишин тескөөгө катышкан резидент эмес. 

11-пункт. Келишимге кол коюлган күн карыз алуучу менен кредитор ортосунда кредиттик келишимге же болбосо соода кредитин тариздөө учурунда, сатып алуучу менен сунуштоочу ортосунда товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо келишимине кол коюлган күн көрсөтүлөт;  

12-пункт. Кредит/депозит/кредитордук карыз суммасы эгерде форма алгачкы кредит алуу үчүн толтурулуп жаткан болсо, 1-пунктчада товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө кредиттик макулдашуу/келишим шарттарына ылайык сунушталып жаткан кредиттин/депозиттин/кредитордук карыздын жалпы суммасы гана чагылдырылат. Эгерде форма реструктуризацияланган карыз үчүн толтурулса, 1-пунктчада Кредитти реструктуризациялоо (же кайра тариздөө) жөнүндө макулдашууга ылайык кайра таризделген, мөөнөтүндө төлөнбөгөн негизги сумманы жана пайыздарды бөлүп көрсөтүү менен кредиттин жалпы суммасы көрсөтүлөт. Ал эми 2-пунктчада анын мөөнөтүндө төлөнбөгөн суммасы реструктуризацияланып жаткан, Улуттук банк тарабынан ыйгарылган баштапкы кредиттин коду көрсөтүлөт. 

13-пункт. Кредит/депозит/кредитордук карыздын валютасы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө кредиттик макулдашуу/келишим шарттарына ылайык, карыз алуучунун/сатып алуучунун кредитор/товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу (депозит эсебинин ээси же баалуу кагазды сатып алуучу) алдында милдеттенмеси туюндурулган валюта көрсөтүлөт. 

14-пункт. Пайыздык чен кредитти пайдалануу же товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн төлөнүүчү пайыздык чендер көрсөтүлөт. 

15-пункт. Пайыздарды төлөө күнү чегерилген пайыздарды төлөөнүн алгачкы жана акыркы күндөрү, ошондой эле графикке ылайык жыл ичинде чегерилген пайыздарды төлөө саны көрсөтүлөт. 

16-пункт. Комиссиялык пайыздар чени кредиторго кредит суммасы боюнча төлөнүп берилүүчү комиссиялык төлөмдөрдүн чени көрсөтүлөт; 

17-пункт. Карыздык милдеттенмени тейлөө насыя (займ)/кредитордук карыз боюнча негизги сумманын ордун жабуунун эсебинен иш жүзүндө жүргүзүлгөн жана кредит алгандан тартып отчеттук мезгилге чейин чегерилген пайыздар боюнча төлөмдөр чагылдырылат. 

Эскертүү: Маалыматтардын аныктыгы жана тууралыгы МКК/МКАнын жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин кол тамгалары жана мөөрү менен тастыкталат.  

35.  №2 НД формасы. Карыздык милдеттенмелерди/кредитордук карыздарды тейлөө боюнча маалымат.  

Бул форма МКК/МКА тарабынан чейрек сайын толтурулат жана отчеттук чейректен кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен сунушталат. 

Таблицаларда бардык маалымат ар бир кредит боюнча өз-өзүнчө, кредит сунушталган валютада келтирилет.  

Өлчөө бирдиги: миң акча бирдиги (мисалы: миң сом, миң АКШ доллары, миң орус рубли). 

36. МКК/МКА боюнча базалык маалыматта төмөнкүлөр камтылат:  

- «Карыз алуучунун (резиденттин) аталышы документ түзүүчүнүн ОКПО» - МКК/МКАнын толук расмий аталышы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишканаларынын жана уюмдарынын жалпы республикалык кодификаторунун коду көрсөтүлөт;  

- «Карыз алуучунун (резиденттин) документ түзүүчүнүн аталышы» - МКК/МКАнын толук расмий аталышы көрсөтүлөт; 

- «Аймагы (областы, району, шаары, калктуу пункту)»:  

a) «областы» - МКК/МКАнын башкы кеңсеси жайгашкан областтын аталышы;  

б) «району» - МКК/МКАнын башкы кеңсеси жайгашкан райондун аталышы;  

в) «шаары же калктуу пункту» - МКК/МКАнын башкы кеңсеси жайгашкан шаардын же калктуу пункттун аталышы; 

- «Дареги (почта индекси, көчөсү, үй №)»:  

а) «почта индекси» - почта бөлүмүнүн индекси;  

б) «көчөсү, үй №» - башкы кеңсенин имараты жайгашкан көчөнүн аталышы жана номери.  

- «Экономикалык ишкердик түрү» - экономикалык ишкердик түрү көрсөтүлөт;  

- «телефону» - МКК/МКАнын расмий телефон номери;  

- «факс» - МКК/МКАнын расмий факс номери;  

- «электрондук почтасы» - МКК/МКАнын расмий электрондук почта дареги. 

- «______-жылдын ________чейреги үчүн» сабында ал боюнча отчет сунушталган чейрек көрсөтүлөт.  

 

§ 19. 1-таблица. Карызды тейлөө (айкын маалымат) 

 

Бул таблицада карыздык милдеттенмелерди/кредитордук карызды айкын тейлөө боюнча маалымат көрсөтүлөт.  

«Кредиттин коду» тилкесинде Улуттук банк тарабынан ыйгарылган код көрсөтүлөт.  

«Кредиттин валютасы» тилкесинде кредит алынган валюта көрсөтүлөт.  

«Бир мезгилдин башына карата карыз, бардыгы болуп» деп аталган тилкеде отчеттук айдын баш жагына карата карыздын өлчөмү/топтолгон кредитордук карыздар көрсөтүлөт.  

«Бир мезгил ичиндеги өзгөрүүлөр» тилкелер тобунда отчеттук чейрек ичиндеги өзгөрүүлөр көрсөтүлөт:  

«Алынды» тилкелер тобунда:  

«товарлар, жабдуулар» тилкесинде чет өлкө инвестору тарабынан берилген товарлар менен жабдуулардын суммасы акчалай көрсөтүлөт.  

«кызмат көрсөтүүлөр» тилкесинде чет өлкө инвестору тарабынан берилген кызмат көрсөтүүлөрдүн суммасы акчалай көрсөтүлөт.   

«акча түрүндө» тилкесинде чет өлкө инвестору тарабынан акчалай түрдө берилген сумма көрсөтүлөт.  

«Орду жабылды» тилкелер тобунда:  

«негизги сумма» тилкесинде отчеттук чейрек ичинде төлөнгөн негизги сумма көрсөтүлөт; 

«пайыздар» деп аталган тилкеде отчеттук чейрек ичинде төлөнгөн пайыздар көрсөтүлөт.   

«Мөөнөтүндө төлөнбөгөн» тилкелер тобунда:  

«негизги сумма» тилкесинде МКК/МКАнын отчеттук чейрек ичинде негизги сумма боюнча орду жабылбаган карызы көрсөтүлөт;  

«пайыздар» тилкесинде МКК/МКАнын отчеттук чейрек ичинде пайыздарды төлөө боюнча орду жабылбаган карызы көрсөтүлөт.  

«Бир мезгилдин акырына карата карыз, бардыгы болуп» деп аталган тилкеде төмөнкү формула боюнча эсептелүүчү карыздын/топтолгон кредитордук карыздын суммасы көрсөтүлөт:  

«Бир мезгилдин акырына карата карыз, бардыгы болуп» = «Бир мезгилдин башталышына карата карыз, бардыгы болуп» + «Алынды (акча түрүндө бардыгы болуп товарлар, жабдуулар, кызмат көрсөтүүлөр)» - «Негизги сумманын орду жабылганы» + «Негизги сумманын мөөнөтүндө төлөнбөгөнү».  

   

§ 20. 2-таблица. Негизги сумманы төлөөлөр (болжолдоолор) 

 

Бул таблицада отчеттук мезгилден кийинки чейректен тартып товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча кредиттик макулдашууга/келишимге карата ордун жабуу графигине ылайык, негизги карыз/кредитордук карыз боюнча төлөөлөр жөнүндө болжолдонгон маалыматтар чагылдырылат. 

 

§ 21. 3-таблица. Пайыздарды төлөө (болжолдоолор) 

 

Бул таблицада отчеттук мезгилден кийинки чейректен тартып товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча кредиттик макулдашууга/келишимге карата ордун жабуу графигине ылайык, кредит/кредитордук карыз боюнча пайыздык төлөмдөр жөнүндө болжолдонгон маалымат чагылдырылат. 

Эскертүү: Маалыматтардын аныктыгы жана тууралыгы МКК/МКАнын жетекчисинин жана башкы бухгалтеринин кол тамгалары жана мөөрү менен тастыкталат. 

 

11-ГЛАВА.  

6-бөлүк. Чечмелөөлөр 

§ 22. А таблицасы. Милдеттенмелер 

 

37. Бул таблицада милдеттенмелер/гранттар алынган булактар тууралуу кеңири маалымат камтылат.  

Таблицада төмөнкүлөр чагылдырылат: 

1-тилкеде милдеттенмелер/гранттар алынган төмөнкүдөй булактардын түрлөрү

«Алынган кредиттер»:  

а) банктардан жана башка финансы-кредит уюмдарынан; 

б) эл аралык донордук уюмдардан; 

в) башка каржылоо булактарынан. 

«Субординацияланган карыздык милдеттенмелерде» узак мөөнөттүү милдеттенмелер көрсөтүлөт, алардын ээлери башка кредиторлордун талаптарын канааттандыргандан кийин активдерди алуу укугуна ээ болушат. Бул статьяда ошондой эле, МКК/МКА тарабынан белгилүү бир мезгилге белгилүү бир шарттарда алынган гранттар чагылдырылат.  

«МККнын уюштуруучулар (акционерлер)-жеке адамдардан карызга алган каражаттарында» МККнын уюштуруучулар (акционерлер) - жеке адамдардан карызга алган каражаттары көрсөтүлөт.  

«МККнын уюштуруучулар (акционерлер)-юридикалык жактардан карызга алган каражаттарында» - МККнын уюштуруучулар (акционерлер)-юридикалык жактардан карызга алган каражаттары көрсөтүлөт. 

«Башкалар» жогоруда белгиленбеген, каражаттар алынган башка булактар; 

2-тилкеде алынган каражаттардын, милдеттенмелердин/гранттардын суммасы көрсөтүлөт. 

3-тилкеде отчеттук күнгө карата операция боюнча каражаттар калдыгы чагылдырылат.  

4 жана 5-тилкелерде ал боюнча каражаттар алынган минималдуу жана максималдуу мөөнөт көрсөтүлөт. 

6-тилкеде кредиторлордун аталышы көрсөтүлөт (ар бир кредиторду өзүнчө көрсөтүү зарыл). 

7-тилкеде сунушталган милдеттенме боюнча пайыздык чен көрсөтүлөт. 

8-тилкеде милдеттенме сунушталган валюта көрсөтүлөт. 

9-тилкеде милдеттенмелер алынган/тартылган шарттар көрсөтүлөт. 

 

§ 22-1. А-1. «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кабыл алынган милдеттенмелер» 

 

А-1. «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кабыл алынган милдеттенмелер» деген бөлүкчөдө Г. «Милдеттенмелер» бөлүкчөсүнөн өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кабыл алынган милдеттенмелер тууралуу маалымат чагылдырылат. Бул бөлүкчө Г. «Милдеттенмелер» бөлүкчөсү сыяктуу эле толтурулат. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

§ 23. Б таблицасы. Кредиттөө шарттары боюнча маалымат 

38. Келтирилген таблицада кредит берүү шарттары боюнча кеңири маалымат камтылат.  

Таблицада төмөнкүлөр чагылдырылат: 

«Продукт түрү» деп аталган 1-тилкеде МКК/МКА тарабынан колдонулуучу кредиттөө ыкмалары көрсөтүлөт:   

топторго күрөөсүз кредит сунуштоо жеке адамдар тобуна субсидиардык топтун жоопкерчилиги астында күрөөлүк камсыздоосуз кредит сунуштоо;  

- топторго күрөө алдында кредит сунуштоо күрөөлүк камсыздоонун болушу шартында жеке адамдардын тобуна кредит сунуштоо; 

- күрөөсүз жеке кредит сунуштоо жеке адамдарга жана юридикалык жактарга күрөөлүк камсыздоосуз кредит сунуштоо (гарантияларды кошо алганда);  

- күрөө алдында жеке кредит сунуштоо күрөөлүк камсыздоонун болушу шартында жеке адамдарга жана юридикалык жактарга кредит сунуштоо;  

башкалар жогоруда каралбаган башка кредиттөө ыкмалары. 

2-тилкеде бир кардарга карата кредиттин минималдуу суммасы чагылдырылат; 

3-тилкеде бир кардарга карата кредиттин максималдуу суммасы көрсөтүлөт;  

4-тилкеде каражаттар берилген минималдуу мөөнөт айларда чагылдырылат. 

5-тилкеде каражаттар берилген максималдуу мөөнөт айларда көрсөтүлөт.  

6-тилкеде ай ичинде минималдуу номиналдык пайыздык чен чагылдырылат;  

7-тилкеде ай ичинде максималдуу номиналдык пайыздык чен көрсөтүлөт; 

8-тилкеде алар боюнча пайыздар карыздын калдык суммасына чегерилген кредит суммасы; 

9-тилкеде алар боюнча пайыздар карыздын баштапкы суммасына чегерилген кредиттердин суммасы. 

Эскертүү: «Кредиттөө шарттары боюнча маалымат» таблицасында отчеттук күнгө карата алынган маалыматты көрсөтүү зарыл. 

 

§ 23-1. Б-1. «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча каржылоо шарттарына тиешелүү маалымат» 

 

Б-1. «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча каржылоо шарттарына тиешелүү маалымат» деген бөлүкчөдө Б. «Кредиттөө шарттары боюнча маалымат» бөлүкчөсүнөн өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунушталган каржылоонун шарттары боюнча маалымат чагылдырылат. Бул бөлүкчө Б. «Берилген кредиттер боюнча маалымат» бөлүкчөсү сыяктуу эле толтурулат.  

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

 

§ 24. В таблицасы. МКК/МКАнын кардарлары жөнүндө 

 

39.  Бул таблица төмөнкүлөр чагылдырылат:  

«Отчеттук мезгил ичинде берилген кредиттер боюнча карыз алуучулардын саны» деген 1-тилкеде берилген кредиттерге жараша МКК/МКАнын карыз алуучуларынын саны аялдар, эркектер, юридикалык жактар боюнча өз-өзүнчө көрсөтүлөт. 

«Кредит портфелинин белгилүү бир күнгө карата калдыгы боюнча карыз алуучулардын саны» деген 2-тилкеде кредит портфелинин белгилүү бир күнгө карата калдыгы боюнча МКК/МКАнын карыз алуучуларынын саны аялдар, эркектер, юридикалык жактар боюнча өз-өзүнчө көрсөтүлөт. 

Эскертүү: «Чечмелөөлөр» деген 6-бөлүктүн «МКК/МКАнын кардарлары жөнүндө» деген В таблицасындагы кредит калдыгы боюнча карыз алуучулардын бардык саны «Активдер жөнүндө маалымат» деп аталган 3-бөлүктүн «Тармактар жана региондор боюнча бөлүштүрүү» деген В таблицасындагы жигердүү кардарлардын бардык санына барабар болууга тийиш.  

 

§ 25. Г таблицасы. МКК/МКАнын персоналы жөнүндө 

 

40. Бул таблицада МКК/МКАнын кызматкерлеринин саны, кызматкерлердин эмгек акысы жана түзүмдүк бөлүмдөрү тууралуу маалымат келтирилет.  

1-сапта иштеп жаткандар сыяктуу эле, иште формалдуу түрдө иштеп жаткан катары иш ордун сактап турган кызматкерлердин саны (мисалы, үч жашка чейинки баланы багуу өргүүсүндөгү аялдар) көрсөтүлөт. Мындан тышкары, эгерде ошол кызматкерлер башка ишканалардын тизмесине кирбесе, жарандык-укуктук мүнөздөгү келишим боюнча иштеп жаткандар чагылдырылат. Чейрек ичинде орточо алынган кызматкерлердин катталган тизмеси отчеттук чейректин ар бир календардык күнү үчүн тизме боюнча катталгандардын санын суммалоо менен алынган сумманы чейрек ичиндеги ар бир календардык күнгө бөлүү аркылуу эсептелинет. 

2-сапта отчеттук мезгил ичинде иштеген убакыт аралыгы үчүн сыяктуу эле, иштебеген убакыт аралыгы үчүн да эмгек акы чегерилген кызматкерлердин саны көрсөтүлөт. Толук эмес жумуш убактысында иштеген же иштин белгилүү түрүн аткарууга тартылган кызматкерлердин саны иш жүзүндө иштеген күнүнө пропорционалдуу эсепке алынат: отчеттук айда иштеген ар бир сааттын саны алгач иш күнүнүн белгиленген узактыгына, андан соң отчеттук мезгил ичиндеги календарь боюнча жумуш күндөрүнүн санына бөлүнөт. 

3-сапта жыл башынан тартып өзүндө кошумча төлөөлөрдү, үстөк акыларды, сый акыларды жана башка төлөөлөрдү камтыган, улам өсүү жыйынтыгы менен эмгек акы боюнча акчалай төлөмдөрдүн суммасы чагылдырылат. 

 

 § 26. Д таблицасы. Банктардын агенттик келишими боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу боюнча маалымат  

 

2-тилкеде агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөр ишке ашырылган коммерциялык банктардын аталышы көрсөтүлөт.    

3-тилкеде операциянын түрү, башкача айтканда которуу системасынын аталышы көрсөтүлөт. Мисалы: «Анелик», «Быстрые деньги» ж.б. 

4-тилкеде МКК/МКАнын банктардын агенттик келишими боюнча жүргүзүлгөн чекене банктык кызмат көрсөтүү операцияларынын саны чагылдырылат. 

5-тилкеде МКК/МКАнын жыл башынан тартып улам өсүү жыйынтыгы менен ишке ашырган операцияларынын чогуу алгандагы суммасы сом эквивалентинде көрсөтүлөт. 

6-тилкеде МКК/МКАнын отчеттук мезгил ичинде которуу системасы боюнча ишке ашырган операцияларынын суммасы чагылдырылат. 

 

§ 27. Е таблицасы. Жайгаштыруу операцияларын жана инвестицияларды чечмелөө 

 

«Мекеменин аталышы» деп аталган 3-тилкеде төмөнкү саптарга бөлүштүрүү менен салым кошулган/инвестиция салынган мекеменин аталышы көрсөтүлөт.   

1) банктарды кошо алганда, финансылык уюмдардын эсептериндеги акча каражаттар; 

2) инвестициялар жана финансылык катышуу; 

3) мамлекеттик баалуу кагаздар/облигациялар. Мында, мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча маалымат мамлекеттик казына векселдери жана мамлекеттик казына облигациялары боюнча өз-өзүнчө көрсөтүлөт. МКК/МКАлар акча каражаттарын мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестициялоого укуктуу. 

4 жана 7-тилкелерде тиешелүүлүгүнө жараша отчеттук мезгилдин баш жагына жана отчеттук мезгилдин акырына карата операциялар боюнча акча каражаттардын калдыгы көрсөтүлөт.  

5 жана 6-тилкелерде тиешелүүлүгүнө жараша отчеттук мезгил ичинде эсептердеги акча каражаттардын жана инвестициялардын көбөйүүсү жана азаюусу көрсөтүлөт. 

8-тилкеде милдеттенмелердин мөөнөтү көрсөтүлөт.  

9-тилкеде эсептердеги акча каражаттар жана финаенсылык уюмга инвестициялар боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен чагылдырылат.  

10-тилкеде милдеттенмелердин валютасы көрсөтүлөт. 

11-тилкеде алар боюнча милдеттенмелер тартылган шарттар көрсөтүлөт. 

 

§ 28. Ж таблицасы. Валюталык операциялар 

 

41. Бул бөлүкчөдө ар башка валюталоо күнү менен бирдей суммага эки карама-каршы конверсиондук бүтүмдөр (СВОП) жана МКК/МКА тарабынан жүргүзүлгөн кайтарым (Back to back) операциялар тууралуу маалымат чагылдырылат. 

«Банктын аталышы» деп аталган 2-тилкеде СВОП/Back to back операциясы ишке ашырылган мекеменин аталышы көрсөтүлөт.  

«Операциянын суммасы» деп аталган 3-тилкеде макулдашууга ылайык, СВОП операциясы жүргүзүлгөн сумма көрсөтүлөт.  

«Алмашуу курсу» деп аталган 4-тилкеде операция ишке ашырылган күнгө карата алмашуу курсу көрсөтүлөт. 

«Операция жүргүзүлгөн күн» деп аталган 5-тилкеде макулдашууга ылайык операция жүзөгө ашырылган күн (валюталоо күнү) көрсөтүлөт. 

«Операция аяктаган күн» деп аталган 6-тилкеде келишимге ылайык СВОП/Back to back операциясы жабылууга тийиш болгон күн (кайтарым бүтүмдү аткаруу күнү) көрсөтүлөт.  

«Киреше/чыгаша» деп аталган 7-тилкеде, эгерде болгон болсо, СВОП/Back to back операцияларынын жүрүшүндө алынган киреше же чыгаша өлчөмү көрсөтүлөт. 

 

§ 29. 3 таблицасы. Уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттар 

 

42. Бул таблицада уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактар/жеке адамдардан карызга алынган каражаттар боюнча маалымат камтылат. 

2-тилкеде уюштуруучунун толук аталышы (юридикалык жак болсо) же аты-жөнү (жеке адам болсо) чагылдырылат.  

3-тилкеде уюштуруучудан карызга алынган каражаттардын суммасы чагылдырылат. 

4-тилкеде уюштуруучудан каражаттар карызга алынган күн чагылдырылат. 

5-тилкеде уюштуруучудан карызга алынган каражаттардын ордуy жабуу күнү көрсөтүлөт. 

6-тилкеде уюштуруучудан карызга алынган каражаттардын калдыгы чагылдырылат.  

7-тилкеде уюштуруучудан карызга алынган каражаттардын пайыздык чени чагылдырылат.  

8-тилкеде уюштуруучудан карызга алынган каражаттардын валютасы чагылдырылат.  

 

12-ГЛАВА 

7-бөлүк. МККнын экономикалык ченемдерди сактоосу тууралуу маалымат  

 

43. Бул бөлүк Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында МФУлардын ишин жөнгө салуу эрежелерине ылайык толтурулат.  

Эскертүү. Белгилүү бир көз карандылыктардын сакталышын камсыз кылуу максатында, Улуттук банкка сунушталуучу Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун электрондук версиясында «Каталар протоколу» каралган. Анда каталар катталса, отчет туура эмес толтурулган катары саналат. Отчеттун «Каталар протоколу» барагында ката белгиленген шартта, ал Улуттук банк тарабынан кабыл алынбайт.