Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 23-декабрындагы 

№ 52/6 токтому менен 

бекитилген 

Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө 

НУСКОО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2, 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ), 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. "Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоо (мындан ары Нускоо), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) микрофинансылык уюмдардын, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын: депозиттерди тартпаган микрофинансылык компаниялардын, микрокредиттик компаниялардын, микрокредиттик агенттиктердин, ошондой эле адистештирилген финансы мекемесинин, алмашуу жана кредиттик бюролордун ишин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу максатында иштелип чыккан. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

3. Бул Нускоо менен төмөнкү кыскартылган белгилөөлөр жана негизги түшүнүктөр колдонулат: 

а) Микрофинансылык уюм - жеке адамдар менен юридикалык жактар үчүн микрофинансылык кызматтарды, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунуштоо максатында юридикалык жак катары түзүлгөн адистештирилген финансы же кредиттик мекеме; 

б) Микрофинансылык компания - бул акционердик коом формасында түзүлгөн, Улуттук банктан лицензия алган жана юридикалык жактар менен жеке адамдарды микрокредиттөөнү жана "МФУ жөнүндө" Мыйзамда каралган операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартууну ишке ашыруучу адистештирилген финансы мекеме; 

в) Микрокредиттик компания - бул, коммерциялык уюмдун кайсы болбосун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, Улуттук банктан күбөлүк алган жана жеке адамдар менен юридикалык жактарды микрокредиттөөнү, ошондой эле "МФУ жөнүндө" Мыйзамда каралган операциялардын башка түрлөрүн жүзөгө ашыруучу адистештирилген финансы мекеме; 

г) Микрокредиттик агенттик - бул "МФУ жөнүндө" Мыйзамда белгиленгендерди же албаганда, коммерциялык эмес уюм формасында түзүлгөн, Улуттук банктын күбөлүгүнө ээ болгон жана уюмдун уставдык максаттарына ылайык, жеке адамдар менен юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жүзөгө ашыруучу адистештирилген кредиттик мекеме; 

д) Байкоо органы - бул МФУнун, адистештирилген финансы мекемесинин, кредиттик бюролордун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырган, МФУнун башкаруу органы (Директорлор кеңеши/Байкоо кеңеши);  

е) Аткаруу органы - бул МФУнун, адистештирилген финансы мекемесинин, кредиттик бюронун күндөлүк ишине жетекчиликти жүзөгө ашырган, МФУнун, адистештирилген финансы мекемесинин, кредиттик бюронун башкаруу органы (Башкарма/Дирекция/Башкаруучу); 

ж) Адистештирилген финансылык мекемеси - бул, чет өлкө валютасын алмашуу ишин жүзөгө ашырган финансылык мекеме;  

з) Алмашуу бюросу бул, юридикалык жак тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ылайык нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыруу үчүн түзүлгөн атайы жабдылган пункт; 

и) Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операциялары бул, Улуттук банктын тиешелүү лицензиясына ээ алмашуу бюролору тарабынан жүгүртүү каражаттарынын эсебинен жана өз атынан гана жүзөгө ашырылуучу нак чет өлкө валютасын сатып алуу, сатуу жана алмашуу боюнча операциялар; 

к) Кредиттик бюро лицензиянын негизинде кредиттик маалыматты алмашуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган коммерциялык уюм болуп саналган юридикалык жак. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4. Нускоодо МФУлардын, адистештирилген финансы мекемелеринин, алмашуу жана кредиттик бюролордун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү максаттары жана түрлөрү аныкталат, ошондой эле алардын ишине текшерүү жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу МФУларга, адистештирилген финансы мекемелерине, алмашуу жана кредиттик бюролорго карата милдеттүү талаптар белгиленет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5. Улуттук банк, МФУлардын, адистештирилген финансы мекемелеринин жана алмашуу бюролорунун ишине, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролду уюштуруу маселелери боюнча инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзөт жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан уюштурулуучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА), 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн максаттары 

6. МФУнун, адистештирилген финансы мекемесинин, алмашуу жана кредиттик бюролордун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги максаттарынан болуп, эң башкысы, төмөнкүлөр саналат:  

а) МФУнун, адистештирилген финансы мекемесинин жана кредиттик бюролордун туруктуу иш алып баруусуна кесепетин тийгизиши ыктымал болгон тобокелдиктерди, кемчиликтерди жана көйгөй жараткан жактарды аныктоо, МФУнун, адистештирилген финансы мекемесинин жана кредиттик бюролордун ишине баа берүү;  

б) МФУлар, адистештирилген финансы мекемелери, алмашуу жана кредиттик бюролор мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары, анын ичинде финансылык кызматтардан керектөөчүлөр укугун коргоо жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча талаптарга ылайык келишин жана алардын аткарылышын аныктоо;  

в) МФУнун, адистештирилген финансы мекемесинин, алмашуу жана кредиттик бюролордун Улуттук банкка сунуштаган регулятивдик отчетунун аныктыгына баа берүү;  

г) МФУнун, адистештирилген финансы мекемесинин, алмашуу жана кредиттик бюролордун абалын жакшыртуу жана тобокелдиктерди басаңдатуу максатында, аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү жана жазма буйруктарды иштеп чыгуу, ал эми зарыл учурда - таасир этүү чараларын колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;  

д) алмашуу бюролорунун, МФУлардын, адистештирилген финансы мекемелеринин байкоо жана аткаруу органдарынын, кредиттик бюролордун буга чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү жана жазма буйруктарды аткаруусуна баа берүү;  

е) микрофинансылык кызматтардын кредиттер боюнча пайыздык чен түптөлүүчү компоненттер боюнча баа түзүүсүнүн, ошондой эле тарифтерди иштеп чыгуу жана бекитүү тартибинин ички баа түзүү саясатына жана МФУлардын бизнес-пландарына ылайык келүүсүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү;  

ж) ошондой эле МФУнун, адистештирилген финансы мекемесинин, алмашуу жана кредиттик бюролордун аларга мүнөздүү болгон тобокелдиктерге жараша башка иш чөйрөсү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА), 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3. Инспектордук текшерүүлөрдүн түрлөрү 

7. Белгиленген максаттарга жараша инспектордук текшерүүлөр комплекстүү (МФУга, адистештирилген финансы мекемесине жана кредиттик бюролорго мүнөздүү тобокелдиктерге баа берүү үчүн) жана максаттуу (МФУнун, адистештирилген финансы мекемесинин жана кредиттик бюролордун ишинин айрым аспектилерине байкоо жүргүзүү жана кылдат кароого алуу үчүн) жүргүзүлүшү мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7-1. Алмашуу бюролордо жүргүзүлүүчү инспектордук текшерүүлөр максаттуу (алмашуу бюролорунун ишинин айрым аспекттерине баяндама берүү жана кылдат кароого алуу үчүн) жана рейд түрүндө (Улуттук банктын тиешелүү лицензиясыз/күбөлүгүсүз нак чет өлкө валютасын алмашуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу фактыларын аныктоо/системалык мүнөздөгү проблемаларды жана фактыларды, системалык тобокелдиктерди ж.б. аныктоо үчүн) болот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7-2. Рейддик текшерүүлөр ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын катышуусу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. 

Текшерүүлөр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын катышуусу менен жүргүзүлгөн учурда, Улуттук банктын кызматкерлерин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн координациялоо, документтерди даярдоо жана текшерүүчүлөр тобун түзүү ишине жооптуу адам аныкталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Текшерүүлөр план боюнча (МФУга, адистештирилген финансы мекемесине, кредиттик бюролорго алдын ала билдирүү менен) сыяктуу эле, күтүүсүз да болушу мүмкүн (текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө кат жүзүндө алдын ала билдирме жөнөтүүсүз). План боюнча инспектордук текшерүүнү жүргүзүүдө Улуттук банк текшерүү жүргүзүүгө чейинки 5 жумуш күнү мурда зарыл документтер тизмегин кошо тиркөө менен (3, 3-1, 3-2-тиркемелер) билдирүү катын (1-тиркеме) мекемеге жөнөтөт, ал эми текшерүүгө жолдомо кагазы (2-тиркеме) мекемеге сунушталат. 

Алмашуу бюролору алдын ала маалымдоосуз текшерилет, демек текшерүүгө жолдомо (2-1-тиркеме) мекемеге келгенде көрсөтүлөт. Текшерүү жүргүзүлүп жаткан алмашуу бюросунун талабы боюнча ага жолдомонун көчүрмөсү сунушталышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

9. МФКны, адистештирилген финансы мекемелерин, алмашуу жана кредиттик бюролорду текшерүүгө берилген жолдомого Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Башкарманын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсү кол коет, ал эми МКК менен МКАларды текшерүүгө жолдомого Улуттук банктын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги/областтык башкармалыктын начальниги/Баткен областындагы өкүлчүлүктүн директору кол коет.  

Күтүүсүз инспектордук текшерүү жүргүзүлгөн учурда текшерүүгө жолдомо МФУга, адистештирилген финансы мекемелерине жана кредиттик бюрого инспекторлор тобу келгенде гана берилет. 

Бишкек шаарындагы жана Чүй областындагы алмашуу бюролорун текшерүүгө жолдомого Төраганын орун басары/Башкарманын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсү кол коет. Калган областтардагы алмашуу бюролорун текшерүүгө жолдомого областтык башкармалыктардын начальниктери кол коет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

10. Жеринде барып текшерүүнү жүргүзүү мөөнөтү 35 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш. МФУну, адистештирилген финансы мекемесин, кредиттик бюрону текшерүү түрүнө, көлөмүнө, ошондой эле жагдайдын татаалдыгына жараша текшерүү мөөнөтү МФУну, адистештирилген финансы мекемесин, кредиттик бюрону текшерүү үчүн кошумча жолдомо кагазга Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, ал эми МКК менен МКАлар үчүн Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын/областтык башкармалыктардын начальниктери тарабынан кол коюлуп, узартылышы мүмкүн. Мында, жеринде барып текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтү 60 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

11. МФУга, адистештирилген финансы мекемесине жана кредиттик бюролорго инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү аралыгы Улуттук банк тарабынан МФУда, адистештирилген финансы мекемесинде жана кредиттик бюродо келип чыккан тобокелдиктерди эске алуу менен аныкталат. Улуттук банк белгилүү бир кырдаалдарга/жагдайларга жараша тез-тез текшерүүлөрдү жүргүзүшү мүмкүн (мисалы, карыз алуучулардан даттануулар келип түшсө, МФУнун, адистештирилген финансы мекемесинин жана кредиттик бюролордун иши начарласа, укук коргоо органдары кайрылса жана башка себептер боюнча). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы 3 21/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4. Инспектордук текшерүү жүргүзүү 

12. Текшерүүчү жерге келгенден кийин текшерүүчүлөрдүн жетекчиси МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюролордун аткаруу органы менен төмөнкүлөр боюнча жолугушуу өткөрөт: 

а) текшерүүгө жолдомо кагазын берүүгө, ошондой эле текшерүүнүн масштабдары жана милдеттери жөнүндө билдирүүгө

б) текшерүү жүргүзүү процессин талкуулоого; 

в) иштеген участогун көрсөтүү менен инспекторлорду берүү

г) МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюролор жетекчилиги жана кызматкерлери менен байланышуу ыкмаларын аныктоо; 

д) МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюролор жетекчилиги менен суроолорго жооп берүү ж.б. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

13. Текшерүүнүн биринчи эле күнү МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюролор билдирүү катта тиркелген тизмеде көрсөтүлгөн бардык документтерди берүүгө милдеттүү (3-тиркеме). МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюролор, тизмеде көрсөтүлгөн кайсы бир документти же текшерүү процессинде керек болгон документти берүүдөн баш тарткан учурда, же болбосо бул документтерди берүүгө МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюролордун мүмкүнчүлүктөрү болбогон учурда, ал бул документтерди берүүдөн баш тарткандыгын же берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогондугун негиздеп жазып берүүгө милдеттүү, бул туурасында Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө бөлүмүнүн/областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмүнүн начальниктерине жана Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгына тезинен маалымдалууга тийиш. 

Алмашуу бюросу текшерүүнүн биринчи күнүндө текшерүү үчүн зарыл болгон документтерди сунуштоого милдеттүү. Эгерде алмашуу бюросу текшерүү процессинде талап кылынган кайсы бир документти берүүдөн баш тартса, же ал документтерди берүү мүмкүнчүлүгү болбосо, анда ал бул документтерди берүүдөн баш тартуусу же мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу боюнча кат жүзүндөгү негиздеме берүүгө милдеттүү, бул тууралуу Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө бөлүмүнө/областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмүнө жана Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгына дароо маалымдалат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

14. Эгерде МФУ, адистештирилген финансы мекемелери жана кредиттик бюро мындай негиздемени берүүдөн баш тартса же баш тартуу себеби негизсиз болсо, анда текшерүүнүн жетекчиси Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү тууралуу акт (4-тиркеме) түзүп, ага текшерүүнүн жетекчиси, МФУнун, адистештирилген финансы мекемелеринин жана кредиттик бюронун аткаруу органы кол коет. МФУнун, адистештирилген финансы мекемелеринин жана кредиттик бюронун аткаруу органы кол коюудан баш тарткан учурда, МФУнун, адистештирилген финансы мекемелеринин жана кредиттик бюронун аткаруу органы тарабынан себеби (далил) көрсөтүлгөн кат сунушталган шартта, Улуттук банктын инспектору тарабынан себебин чагылдыруу менен акт түзүлөт. Эгерде баш тартуу себептери көрсөтүлбөсө, анда актыда «себебин (далилин) көрсөтүүсүз» деген белги коюулууга тийиш. 

Эгерде алмашуу бюросу мындай негиздемени берүүдөн баш тартса жана/же баш тартуу себеби негизсиз болсо, текшерүү тобу Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү тууралуу акт (4-1-тиркеме) түзүп, ага текшерүү тобу алмашуу бюросунун жетекчиси/алмашуу бюросунун кызыкчылыгында иш алып барган ыйгарым укуктуу кызматкери кол коет, бул тууралуу текшерүү тобу Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө бөлүмүнүн/областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмүнүн жана Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниктерине дароо маалымдалат. Алмашуу бюросунун жетекчиси/алмашуу бюросунун кызыкчылыгында иш алып барган ыйгарым укуктуу кызматкери Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү тууралуу актыга кол коюудан баш тарткан учурда, анын себеби актыда чагылдырылат. Эгерде баш тартуу себептери көрсөтүлбөсө, анда актыда «себебин (далилин) көрсөтүүсүз» деген белги коюулууга тийиш. 

МФУнун, адистештирилген финансы мекемесинин, алмашуу жана кредиттик бюронун жетекчилиги текшерүүнүн жүрүшүнө тоскоолдуктарды жараткан учурда, тиешелүү чаралар көрүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

15. Эгерде инспекторлор келген учурда МФУ адистештирилген финансы мекемеси, алмашуу жана кредиттик бюролор катталган даректе жайгашпаган болсо, бул факт кийинчерээк МФУ адистештирилген финансы мекемеси, алмашуу жана кредиттик бюролорго карата таасир этүү чараларын колдонуу менен инспекторлор тарабынан белгиленет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

16. МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюролор жетекчилиги инспекторлор тобуна ар тараптуу жардам көрсөтүүгө жана төмөнкү шарттардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш: 

а) инспекторлор, МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюролордун имаратына эркин кирип-чыгуулары, бардык кызматкерлер менен сүйлөшүүлөрү, документтерден, ошондой эле инспектордук текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон жазуулардан колдоно алуулары зарыл; 

б) инспекторлор, текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды жана аталган тармакта адис болуп эсептелген МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюролордун кайсы болбосун бир кызматкеринен зарыл түшүндүрмөлөрдү жана/же түшүндүрүүлөрдү өз убагында алууга; 

в) эгерде мүмкүн боло турган болсо, инспекторлор тобуна аудио/видео жазууларды жүргүзүүчү аудио/видео жабдуулары жок өзүнчө бөлмө берилиши зарыл, Улуттук банктын текшерүүчү тобуна берилген бөлмөгө үчүнчү жактардын аудио/видео жабдууларын орнотуу аракеттерине жол бербөө, МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюролор документтеринин жана Улуттук банктын текшерүүчүлөрүнүн документтерин сактоо коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдарга текшерүү жүргүзүүгө зарыл болгон жабдуулар менен техникаларды (бар болгон учурда) берүү зарыл; 

г) көчүрмө жасоо техникасы жок болгон учурда жана инспекторду МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюролор кызматкери документтин көчүрмөсүн жасоо үчүн МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюролордун аймагынан сырткары коштоп баруудан баш тарткан учурда, инспектор, документтерди МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюролордун имаратынан алып чыгаарда МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюролордун жооптуу кызматкеринин документтер көчүрмө жасоо үчүн алынып чыгып жаткандыгын тастыктаган колун койдуруусу жана документтер кайтарылган учурда да бардык документтер кайра кайтарылгандыгын тастыктаган дагы бир кол койдуруу зарыл; 

д) текшерүү процессинде көтөрүлгөн административдик жана башка маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүү, ошондой эле МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюролордун инспекторлор менен мамилелерин координациялоо үчүн МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюролор жактан жооптуу адам дайындалат. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө текшерүү тобунун жетекчиси айрым маселелерди талкуулоо үчүн МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюролордун жооптуу кызматкери менен мезгил-мезгили менен жолугушууларды өткөрүп турат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы 21/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

17. Текшерүүчүлөр МФУдан, адистештирилген финансы мекемесинен жана кредиттик бюродон аларга жүктөлгөн тапшырмалардын аткарылышына байланыштуу документтерди (Документтер тизмегинде көрсөтүлгөн документтер жана текшерүү үчүн сунушталган маалыматтар (3-тиркемеге ылайык) менен чектелбестен), ошондой эле зарыл документтердин талапка ылайык тастыкталган көчүрмөлөрүн же кыскача көчүрмөлөрүн жана МФУдан, адистештирилген финансы мекемесинен, кредиттик бюродон жана алмашуу бюролорунан документтер боюнча чечмелөөлөрдү талап кыла алышат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

17-1. Алмашуу бюросу текшерүүчүлөр тобунун талабы боюнча алмашуу бюросундагы фото- жана видео жаздыруучу техникалык каражаттардагы бардык маалыматтардан пайдалануусун камсыз кылууга милдеттүү. Мындай маалыматты сунуштоодон баш тартылган шартта, текшерүүчүлөр тобу Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү тууралуу акты түзөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

17-2. Алмашуу бюросун текшерүүнүн жүрүшүндө текшерүүчүлөр тобу инспектордук текшерүү үчүн касса жайындагы бардык нак акча сактоо жайларын (шкафтарды, текчелерди, сейфтерди, кутуларды жана башкаларды) ачууну талап кылууга укуктуу. Эгерде жогоруда аталган жерлерде алмашуу бюросунун кассасында эсепке алынбаган нак акча каражаттары табылса алар эсептелип, анын жыйынтыгы тууралуу маалымат ошол алмашуу бюросунун Нак акча каражаттарына ревизия жүргүзүү актысында чагылдырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

 

5. Комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгында МФУнун, адистештирилген финансы мекемесинин жана кредиттик бюролордун жетекчилиги менен алдын ала жана жыйынтыктоочу жолугушуулар 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы 21/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

18. Комплекстүү текшерүүнүн акыркы жумасында текшерүү тобунун жетекчиси текшерүү жыйынтыгы жана тыянактар, сунуш-көрсөтмөлөр жана жазма буйруктардын долбоорлору тууралуу мекеменин жетекчилигине маалымдоо үчүн МФУнун, адистештирилген финансы мекемесинин, кредиттик бюронун аткаруу органы (же анын милдетин аткарган адам менен) жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен алдын ала жолугушат. Анын алкагында текшерүү тобу тарабынан белгиленген тигил же бул маселе боюнча түшүндүрмө же комментарийлерди берүүгө мүмкүндүк берилет.  

Алдын ала жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кыскача протокол түзүлөт, ага жолугушуу өткөрүлгөн күндөн кийинки 3 жумуш күн ичинде кол коюлушу зарыл.  

МФУ, адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро мындай протоколго кол тамга коюудан баш тарткан учурда МФУга, адистештирилген финансы мекемесине жана кредиттик бюрого жолугушууда талкууга алынган негизги маселелер чагылдырылган кат жөнөтүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

19. Текшерүү аяктагандан кийин текшерүү тобунун жетекчиси МФУнун, адистештирилген финансы мекемесинин жана кредиттик бюронун аткаруу жана байкоо органдарынын мүчөлөрү менен жолугушат (зарылчылыкка жараша), ал МФУнун, адистештирилген финансы мекемесинин, кредиттик бюронун аткаруу органына текшерүү жыйынтыгы, тобокелдикке тиешелүү тыянактарды талкуулоо, ошондой эле сунуш-көрсөтмөлөрдү менен жазма буйруктарды жөнөтүү үчүн уюштурулат. Зарыл учурларда жолугушууда Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги (же анын милдетин аткарган адам) катышышы мүмкүн. Жолугушуунун жүрүшүндө текшерүү тобунун жетекчиси МФУ, адистештирилген финансы мекемеси, кредиттик бюро үчүн кыйла тобокелдүү тармактарга көбүрөөк көңүл бурууга тийиш. Мындан тышкары, жыйынтыктоочу жолугушууда МФУнун, адистештирилген финансы мекемесинин жана кредиттик бюронун аткаруу органы көзөмөл органы тарабынан белгиленген маселелер боюнча түшүндүрмө алуу, ал эми инспекторлор өз суроолоруна жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.  

Жыйынтыктоочу жолугушууда текшерүү тобунун жетекчиси МФУнун аткаруу органына текшерүүнүн жүрүшүндө чыгарылган төмөнкүлөргө тиешелүү тыянактар менен тааныштырууга тийиш:  

а) кредиттик тобокелдик;  

б) ликвиддүүлүк тобокелдиги;  

в) операциялык тобокелдик;  

г) рынок тобокелдиги;  

д) маанилүү болуп саналган башка тобокелдиктер;  

е) МФУнун ишинин тескөөгө алынышына баа берүү;  

ж) текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган, мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик актыларын бузуулар;  

з) башка маанилүү маселелер.  

Жыйынтыктоочу жолугушууда текшерүүнүн жетекчиси адистештирилген финансы мекемесинин аткаруу органына текшерүүнүн жүрүшүндө чыгарылган төмөнкүлөргө тиешелүү тыянактар менен тааныштырууга тийиш:  

а) кассалык операцияларды жүргүзүү талаптарын сактоо;  

б) текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик актыларын, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү мыйзамдарын бузуулар;  

в) Улуттук банкка такталган маалымат камтылган отчетторду сунуштоо;  

г) башка маанилүү маселелер.  

Жыйынтыктоочу жолугушууда текшерүүнүн жетекчиси кредиттик бюронун жетекчилигине текшерүүнүн жүрүшүндө чыгарылган төмөнкүлөргө тиешелүү тыянактар менен тааныштырууга тийиш:  

а) кредиттик таржымалдар камтылган маалымат базасынын коопсуздугун камсыз кылуу;  

б) кредиттик бюронун иш алып баруусу;  

в) маалыматтардын сакталышын жана тактыгын камсыз кылуу;  

г) кредиттик отчетторду берүү боюнча талаптарды сактоо;  

д) кардарлардын даттанууларын кароого алуу;  

е) кредиттик бюронун тескөөгө алынышына баа берүү;  

ж) текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам талаптарды жана Улуттук банктын ченемдик актыларын бузуулар;  

з) башка маанилүү маселелер. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ), 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

20. Жыйынтыктоочу жолугушуунун жүрүшүндө текшерүү тобунун жетекчиси МФУнун, адистештирилген финансы мекемесинин, кредиттик бюронун аткаруу органына текшерүү учурунда аныкталган бардык кемчиликтерди четтетүү зарылчылыгы жөнүндө маалымдайт, ошондой эле аларды алгылыктуу көз караштан чечүү жолдорун жана аткаруу мөөнөттөрүн талкуулайт. МФУ, адистештирилген финансы мекемеси, кредиттик бюро протоколго кол коюудан баш тарткан учурда, аларга жолугушууда талкууланган негизги маселелер чагылдырылган кат жөнөтүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

21. Зарылдыгына жараша текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча олуттуулугун эске алуу менен финансылык отчеттуулукка оңдоолор киргизүү талап кылынышы мүмкүн. 

6. Максаттуу текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жолугушуу 

22. Максаттуу текшерүүнүн акыркы күнү текшерүү тобунун жетекчиси МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюронун аткаруу органы менен жолугушуу уюштурат. Жолугушууда текшерүү тобунун жетекчиси текшерүү учурунда аныкталган бардык кемчиликтерди оңдоо зарылдыгы жөнүндө МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюронун аткаруу органына маалымдайт, ошондой эле көрсөтүлгөн проблемаларды алгылыктуу чечүүнүн жана аларды аткаруу мөөнөттөрүн МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро менен талкуулайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

23. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кыскача протокол түзүлөт, ага текшерүү тобунун жетекчиси менен МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюронун аткаруу органы кол коет. Түзүлгөн протоколго МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро кол коюудан баш тарткан учурда, адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюрого жолугушууда талкуулаган негизги маселелерди жазып түшүндүрүү менен кат жолдонот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7. Текшерүү жөнүндө отчет 

24. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерүүнүн жыйынтыктарын чагылдырган жазуу жүзүндөгү отчет аткаруу органы менен байкоо органы үчүн түзүлөт. Чечүүгө зарыл болгон бардык олуттуу проблемаларды жана чараларды камтыган текшерүү жөнүндөгү отчет, текшерүүнүн негизги корутундулары менен тыянактары жөнүндө аткаруу органы менен байкоо органына маалымдайт. Отчет, көзөмөл органын тынчсыздандырган бардык тыянактар менен маселелерди, сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктарды камтыйт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

24-1. Алмашуу бюросунун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерүү тобу тарабынан Алмашуу бюросунун ишин текшерүү жөнүндө маалымкат эки нускада түзүлүп, ага текшерүүнүн жетекчиси жана алмашуу бюросунун жетекчиси/анын атынан иш алып барган ыйгарым укуктуу кызматкери кол коет, анын бир нускасы алмашуу бюросуна берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

25. Жерине барып комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча отчет төмөнкү маселелерди камтыйт (бирок чектелбейт): 

а) МФУ ишине таандык негизги тобокелдиктерге сереп салуу, МФУнун тескөө ишине баа берүү

б) активдердин сапаттарына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн кредиттик тобокелдикти камтыган кредит портфелди жана башка активдерди изилдөө

в) тобокелдиктерди тескөө системасына баа берүү максатында активдердин жана пассивдердин тескөөгө алынышына байкоо жүргүзүү

г) МФУ тарабынан сунушталган регулятивдик отчеттогу маалыматтардын аныктыгын текшерүү

д) МФУ ишинин мыйзамдарга жана Улуттук банктын МФУнун ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына, анын ичинде финансы кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ылайык келишин аныктоо; 

е) микрофинансылык кызматтардын кредиттер боюнча пайыздык чен түптөлүүчү компоненттер боюнча баа түзүүсүнө, ошондой эле тарифтерди иштеп чыгуу жана бекитүү тартибинин баа түзүүнүн ички саясатына жана МФУлардын бизнес-пландарына ылайык келүүсүнө иликтөөлөрдү жүргүзүү

Адистештирилген финансы мекемесинин ишин жеринде барып текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетто төмөнкү маселелер (бирок муну менен чектелбестен) камтылат:  

а) адистештирилген финансы мекемесинин ишине мүнөздүү болгон негизги тобокелдиктерди кароо жана анын ишинин тескөөгө алынышына баа берүү;  

б) адистештирилген финансы мекемесинин алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу ишине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү;  

в) адистештирилген финансы мекемесинин лицензиясында уруксат берилген башка операцияларды жүргүзүү ишине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү;  

г) адистештирилген финансы мекемесине сунушталган отчеттогу маалыматтардын аныктыгын текшерүү;  

д) адистештирилген финансы мекемесинин ишинин Улуттук банктын Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салуу мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүсүн аныктоо.  

Кредиттик бюронун ишин жеринде барып текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетто төмөнкү маселелер (бирок муну менен чектелбестен) камтылат:  

а) кредиттик бюронун ишине мүнөздүү болгон негизги тобокелдиктерди кароо жана анын ишинин тескөөгө алынышына баа берүү;  

б) кредиттик бюронун кредиттик маалыматтарды сактоо, топтоо жана алмашуу ишин, ошондой эле бул ишти жүзөгө ашыруу боюнча талаптардын сакталышына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү;  

в) кредиттик бюронун отчеттун камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү;  

г) кредиттик бюронун ишинин кредиттик бюролордун ишин жөнгө салган мыйзам талаптарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына шайкеш келүүсүн аныктоо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

26. Текшерүү жөнүндө отчеттун негизинде сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктар жазылат, ал текшерүү жөнүндөгү отчет менен бирге МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюронун аткаруу органына жана байкоо органына жөнөтүлөт. Бул сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктар, МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро тарабынан Улуттук банктын ченемдик талаптарын сактабагандыгы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берген фактыларын, МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюронун алгылыксыз банктык тажрыйбага тартылышына жана анын ишиндеги башка кемчиликтерди четтетүү максатында МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро тарабынан көрүлө турган айкын чараларды аныктайт. Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрүн аткаруудан баш тарткан учурда, МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро аларды аткарбай коюунун себептерин көрсөтүү менен көзөмөл органына кат жүзүндө негиздеме сунуштоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

27. Жазма буйруктар, текшерүү жөнүндөгү отчеттун негизинде жазылат жана ал инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюрого карата таасир этүүчү биринчи чаралардан болуп эсептелет. Жазма буйруктарды бекитилген мөөнөт ичинде так аткаруу милдеттүү болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

28. МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюрону текшерүү жөнүндөгү отчет Улуттук банктын ченемдик документтерине ылайык түзүлөт. Текшерүү жөнүндөгү отчет Улуттук банктын менчиги болуп саналат жана аны МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюронун үчүнчү жактарга берүүсү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте Улуттук банктын уруксаты менен ишке ашат, Улуттук банктын уруксаты жок МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро отчетту үчүнчү жактарга бере албайт. МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюролор Текшерүү жөнүндөгү отчеттун сакталышын камсыз кылуулары жана аны кагаз түрүндө же электрондук түрдө таркатпоолору тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

8. Текшерүү жөнүндө отчет менен таанышуу 

29. Текшерүү жөнүндө отчет, сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктар "Кызматтык ишке пайдалануу үчүн (ДСП)" грифи коюлуп, чапталган түрдө жана коштомо кат менен МФУнун адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюронун аткаруу органына жөнөтүлөт, бул тууралуу текшерүүнүн жыйынтыктарын МФУнун адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро ыйгарым укуктуу өкүлү менен жыйынтыктап талкуулаган учурдан тартып 30 жумуш күнүнөн кечиктирилбеген мөөнөттө МФУнун адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро байкоо органына милдеттүү түрдө маалымдалат. Отчетту алган адамдын аты-жөнү, анын, колтамгасы жана отчет алган күн көрсөтүлгөн, отчет жеткирилгендиги тууралуу тастыктама милдеттүү түрдө алынууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

30. Коштомо катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

а) МФУнун адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро байкоо органынын мүчөлөрү/МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро уюштуруучулары (зарыл болгон учурда) жана аткаруу органынын мүчөлөрү комплекстүү текшерүү жөнүндө отчетту, сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктарды кылдат карап чыгып, аныкталган бузууга жол берүүлөрдү жана белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча зарыл чараларды көрүүлөрү тийиш; 

б) текшерүү жөнүндө отчет менен таанышкандан кийин таанышуу баракчасына кол коюу зарыл; 

в) Улуттук банктын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө бөлүмү/Областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмү МФУнун адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро байкоо органы/МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро уюштуруучулары жана/же аткаруу органы менен жолугушуу зарыл деп эсептешсе, жолугушуу күнү белгиленет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

31. Улуттук банктын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө бөлүмүнүн /Областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмүнүн ою боюнча МФУнун адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро байкоо органынын мүчөлөрү/МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро уюштуруучулары жана/же аткаруу, органы менен жолугушуу өткөрүүгө зарылчылык жок болсо, ал эми МФУнун адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро байкоо органынын мүчөлөрү/МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро уюштуруучу(лары)су жана/же аткаруу органынын мүчөлөрү жолугушуу өткөрүү зарыл деп эсептешсе, анда МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро жолугушуунун болжолдуу күнүн сунуштоо менен бул жөнүндө Улуттук банктын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө бөлүмүнө/Областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмүнө билдирүү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

32. МФУнун адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро байкоо органынын мүчөлөрү/МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро уюштуруучулары (зарыл болгон учурда) жана/же текшерилген МФУнун адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро аткаруу органынын мүчөлөрү, текшерүү жөнүндөгү отчетко ар бири кол коюу менен таанышып чыгуулары тийиш (5-тиркеме). Берилген отчет менен таанышуу мөөнөтү отчетту коштомо кат менен алган күндөн тартып 10 жумуш күнүн түзөт. Мөөнөт аяктагандан кийин кол коюлган таанышуу баракчасы Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө бөлүмүнө/Областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмүнө кайтарылып берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

33. МФУнун адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро байкоо органынын мүчөлөрү/МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро уюштуруучу(лары)су (зарыл болгон учурда) жана/же аткаруу органынын мүчөлөрү, текшерүү жөнүндөгү отчет менен таанышуу барагына кол коюуга тийиш, мында отчетто камтылган тыянактар менен корутундуларга, сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктарга макул болбоо таанышуу барагына кол коюудан баш тартууга негиз болуп эсептелбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

9. Таанышуу барагы 

34. Таанышуу барагы аткаруу органынын бардык мүчөлөрүнүн, зарыл болгон учурда байкоо органдын мүчөлөрүнүн/МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро уюштуруучу(ларынын)сунун кол тамгаларын камтууга тийиш. Отчет менен таанышкандан кийин кол коюлган таанышуу барагы, Улуттук банктын коштомо каш жөнөтүлгөн күндөн тартып Улуттук банктын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө бөлүмүнө/Областтык башкармалыктын көзөмөл бөлүмүнө 10 жумуш күнү ичинде кайтарылып берилет. МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро кол коюлган барактын көчүрмөсүн өздөрүнүн делолорунда сактоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

35. МФУнун адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро байкоо органынын/МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро уюштуруучу(ларынын)сунун жана/же аткаруу органынын тигил же бул мүчөсү жок болгон учурда жана/же отчет менен таанышуу үчүн бекитилген мөөнөт ичинде алар менен байланышуу мүмкүн болбогон учурда, МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро отчетту алган күндөн тартып 5 жумуш күнү ичинде, МФУнун адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро байкоо органынын/МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро уюштуруучу(ларынын)сунун жана/же аткаруу органынын мүчөлөрү таанышуу барагына кол кое албай турган себептерин көрсөтүү менен Улуттук банктын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгына/Областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмүнө кат жүзүндө билдирүүгө тийиш. Мындай учурда, таанышуу барагы МФУнун адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро байкоо органынын/МФУ адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро уюштуруучу(ларынын)сунун жана/же аткаруу органынын жок мүчөлөрүнүн колтамгаларысыз эле бекитилген мөөнөттө Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө бөлүмүнө/Областтык башкармалыктын көзөмөл бөлүмүнө кайтарылып берилиши мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

36. МФУнун адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро байкоо органынын мүчөлөрүн/МФУ уюштуруучу(ларын)сун жана аткаруу органынын мүчөлөрүн отчет менен тааныштыруу жана таанышуу барагына кол койдуруу жоопкерчилиги мындан ары МФУга адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюрого жүктөлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

10. Эскертүү чаралары жана санкциялар 

37. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берүүлөр аныкталган учурда, МФУга, адистештирилген финансы мекемесине, алмашуу жана кредиттик бюрого жана алардын кызмат адамдарына карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт. 

Ишкердикти Улуттук банктын тиешелүү лицензиясыз/күбөлүгүсүз жүргүзгөн адамдар аныкталган учурда, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык административдик укук бузуу жөнүндө протокол (мындан ары Протокол) түзүлөт. Административдик жоопкерчиликке тартылган адам кол коюудан баш тарткан учурда, протоколдо анын себеби көрсөтүлүүгө тийиш. Эгерде баш тартуу себептери көрсөтүлбөсө, анда актыда «себебин (далилин) көрсөтүүсүз» деген белги коюлууга тийиш. 

Мүмкүнчүлүккө жараша, укук бузуучу тарабынан лицензиясыз ишкердик жүргүзүлгөн жер сүрөткө жана видеого тартылат.  

Ошондой эле лицензиясыз ишкердикти жүргүзүүгө текшерүү мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана жарандардын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн (каттар, талаптар, даттануулар ж.б.). Мында, кайрылууга ыкчам-тергөө чаралары боюнча материалдар жана административдик укук бузуу/банк мыйзамдарын бузууга жол берүү фактыларын тастыктаган башка документтер кошо тиркелеши мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

38. МФУга адистештирилген финансы мекемеси, алмашуу жана кредиттик бюрого карата таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык мындай чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укук берилген тиешелүү кызмат адамдары жана органдары, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА), 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

39. Эгерде текшерүү учурунда же анын натыйжасында МФУнун адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюронун, алмашуу бюролорунун жетекчилери/кызматкерлери байкоо/аткаруу органынын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде/Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган кылмыш иштерине кирген аракеттерди жасагандыгын, жасап жаткандыгын же жасоого даярданып жаткандыгын тастыктаган маалыматтар аныктала турган болсо, анда Улуттук банк, инспекторлордун тыянактарын тастыктаган материалдарды Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана Улуттук банктын ички жоболору менен жол-жоболоруна ылайык, тийиштүү укук коргоо органдарына (ведомствого караштуу) өткөрүп берүүгө укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

11. Даттануу тартиби 

40. Текшерүү жөнүндө отчетко даттанууга болбойт. 

41. Отчеттун негизинде даярдалган жазма буйрукка жана/же бир нече жазма буйруктарга "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана коммерциялык банктар, банк операцияларынын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобого ылайык даттанууга болот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

42. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

43. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту). 

44. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

 

  

«Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык 

жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоого карата 

1-тиркеме 

  

МФК/МККТМКАлардын Аткаруу органынын жетекчисине 

________________________________________________ 

______________________________________ (аты-жөнү

__________________________ (МФК/МКК/МКА,  

адистештирилген финансы мекемеси 

жана кредиттик бюро аталышы) 

_______________________________ (жайгашкан дареги) 

БИЛДИРҮҮ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Ушул документ менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы/Областтык башкармалыктын ______________________________ көзөмөл бөлүмү, Сизге 20__-жылдын ___________________________ тартып МФК/МКК/МКА, адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро "________________________________" ишине комплекстүү текшерүү жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт. 

Текшерүүнү натыйжалуу жүргүзүү, ошондой эле инспекторлордун МФК/МКК/МКАларда, адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюролорго жүрүү убактысын кыскартуу максатында, тийиштүү кызматкерлерге катка тиркелген тиркемеде жазылган документтер менен маалыматтарды даярдап коюуга көрсөтмө берип коюуңуз деген өтүнүч менен кайрылам. Бардык документтер менен маалыматтар 20__-жылдын 1-______________ карата абал боюнча даяр болууга жана МФК/МКК/МКАга, адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюролорго келген күнү текшерүү тобунун жетекчисине берилүүгө тийиш. 

Эгерде, көрсөтүлгөн документтерди даярдоо учурунда сиздин кызматкерлериңизде кандайдыр-бир суроолор пайда болсо, ошондой эле МФК/МКК/МКАлардын, адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюролордун талап кылынган документтер менен маалыматтарды даярдап берүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, жогоруда көрсөтүлгөн инспектордук текшерүү баштала турган күнгө чейин Улуттук банктын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын/Областтык башкармалыктын көзөмөл бөлүмүнүн кызматкери ________________________ (аты-жөнүн, кызматын жана телефон номерин көрсөтүңүз) менен күн мурун байланышуу зарыл. 

Текшерүүдө _________________ инспектордун катышуусу пландалууда, ушуга байланыштуу ________________________ адамга жумуш орундарын даярдап коюуңуздарды өтүнөбүз. 

Текшерүү ишине байланыштуу маселелер боюнча текшерүү тобуна бардык жактан көмөк көрсөтүүңүздү, МФК/МКК/МКА, адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро кызмат адамдарын жана катышуучуларды өз убагында сурамжылоо жана текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууңузду өтүнөбүз. 

Тиркеме: Документтер менен маалыматтардын тизмеси _________ барак. 

  

Ишиңизге ийгилик каалап, 

Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын/Областтык 

башкармалыктын начальниги ________________________________________ (аты-жөнү, колу) 

  

«Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык 

жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоого карата 

2-тиркеме 

ЖОЛДОМО КАГАЗЫ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

__________________________________________________ ишин текшерүүгө (МФК/МКК/МКА, адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро толук аталышы) 

Ушул документ менен төмөнкү кызматкерлер: 

1. _______________________________________________________________ (аты-жөнү жана кызматы) 

2. _______________________________________________________________ (аты-жөнү жана кызматы) 

3. _______________________________________________________________ (аты-жөнү жана кызматы) 

4. _______________________________________________________________ (аты-жөнү жана кызматы) 

5. _______________________________________________________________ (аты-жөнү жана кызматы) 

... 

20__-жылдын _______________________ тартып, _________________ жумуш күн мөөнөтүндө ____________________________________________ ишин текшерүүгө жөнөтүлүшөт. Текшерүү мезгилинде орун алган кырдаалдарга жараша, текшерүү мөөнөтү "Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоодо белгиленген мөөнөттүн чегинде узартылышы мүмкүн. Текшерүү тобунун жетекчиси болуп ______________________________________________________________ __________________________________________________________ дайындалган. (аты-жөнү жана кызматы) 

  

Ишиңизге ийгилик каалап, 

Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын/областтык  

башкармалыктын начальниги ____________________ (аты-жөнү жана колу) 

 

«Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоого карата 

2-1-тиркеме 

 

_____________________ алмашуу бюросу/бюролору 

(шаардын/областтын аталышы) 

 

Алмашуу бюросунун/бюролорунун ишин текшерүүгө  

ЖОЛДОМО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алмашуу бюросу/бюролору тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын сакталышын текшерүү үчүн Улуттук банктын төмөнкү кызматкерлерин___________________________ (шаардын/областтын аталышы) алмашуу бюросун/бюролорун текшерүүгө жөнөтөт: 

Жолдомону колдонуу мөөнөтү: ________________ 

Башкарманын мүчөсү

Төраганын орун басары/ 

областтык бапшкармалыктын начальниги/ 

өкүлчүлүктүн директору (аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

  

«Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык 

жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү 

жүргүзүү жөнүндө» нускоого карата 

3-тиркеме 

Микрофинансылык уюм тарабынан текшерүү үчүн берилүүчү документтер менен маалыматтардын 

ТИЗМЕСИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА), 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

I. МФУлардын ишин жөнгө салган документтер, жана башка маалыматтар: 

1. Уюштуруу документтери: Уюштуруу келишими, Устав. 

2. Капиталдын келип чыгуу булактары жөнүндө маалымат. 

3. Улуттук банктын Эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгү

4. Катышуучулардын текшерүү күнүнө карата тизмеси. 

5. Уставдык капиталга карата пайыздык катышта ээлик кылган сумманы жана үлүшүн көрсөтүү менен негизги катышуучулардын тизмеси. 

6. МФУлардын ишин жөнгө салуучу ченемдик документтердин реестри. 

7. МФУлардын ишин жөнгө салуучу жана анын саясатын: ички саясатын, нускоолорду, жоболорду, жол-жоболорду, көрсөтмөлөрдү, жүгүртүлүүчү каттарды жана башка ушу сыяктуу тобокелдикти башкаруу саясатын аныктаган документтер топтому же тобокелдик (кредиттик, рыноктук, операциялык, ликвиддүү ж.б.) катары сыпатталышы МФУ тарабынан идентификацияланат, бааланат, көз салынат жана контролдукка алынат. 

8. МФУларды башкаруу боюнча бардык комитеттердин тизмеси, комитеттин курамы жөнүндө маалымат, комитеттердин курамын бекитүү боюнча документтер. 

9. Акционерлердин/катышуучулардын, Директорлор кеңешинин/Байкоо органынын, Аудит боюнча комитеттин, МФУ Башкармасынын/аткаруу органынын, Кредиттик комитеттин, Активдерди жана пассивдерди тескөө комитетинин жана башка комитеттердин өткөн эки жыл ичиндеги отурумдарынын, чогулуштарынын (бардык материалдарды жана отчетторду кошо тиркөө менен) протоколдору. 

10. Кеңешке келген мөөнөтүн жана жумуш ордун көрсөтүү менен МФУ Директорлор кеңешинин/байкоо органынын мүчөлөрүнүн тизмеси, МФУ Директорлор кеңешинин/байкоо органынын мүчөлөрүнүн анкеталары. 

11. Ээлеген кызматын, аткарган милдеттерин көрсөтүү менен МФУ Башкармасынын/аткаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмеси, МФУ Башкармасынын/аткаруу органынын мүчөлөрүнүн жеке иштери. 

12. Тескөөгө алынуучу маселелерди жана аткарылуучу милдеттердин тизмесин көрсөтүү менен МФУнун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин тизмеси. 

13. Ыкчам иш алып барган ар бир маанилүү бөлүм, департамент, топ боюнча телефон номерин көрсөтүү менен байланышуучу негизги кызматкерлердин тизмеси. 

14. МФУнун уюштуруу түзүмү

15. МФУнун стратегиялык өнүгүү планы, өткөн жана учурдагы жылдын бизнес-планы. 

16. Уставдык капиталды түзүү боюнча туруктуу сакталуучу делолор. 

17. Активдердин сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн жетекчилер жана аткаруучулар тарабынан колдонулуучу башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн мезгилдүү негизде МФУ жетекчилигине сунушталуучу негизги отчеттордун көчүрмөлөрү

18. Мезгил-мезгили менен берилип туруучу отчеттор жана өткөн эки жыл ичинде экономикалык ченемдердин аткарылышы жөнүндө маалыматтар. 

19. Ликвиддүүлүктүн бардык аспектисине мониторинг жүргүзүү, активдер жана пассивдерди тескөө, бардык финансылык тобокелдикти (пайыздык, валюталык ж.б.) тескөө үчүн колдонулуучу бардык башкаруучу негизги отчеттордун көчүрмөлөрү

20. Улуттук банк жана башка мамлекеттик органдар менен кат алышуулар. 

21. Өздүк курам жана негизги иш боюнча буйруктар. 

22. МФУлардын филиалдары менен өкүлчүлүктөрүн кошо алганда, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин тизмеси. 

23. МФУнун штаттык тизими. 

24. Буга чейинки текшерүүлөрдүн жазма буйруктарынын/сунуш-көрсөтмөлөрүнүн, аткарылышы боюнча отчеттор. 

25. Туунду, көз каранды же байланыштуу компаниялар жөнүндө маалымат. 

II. МФУнун кредиттик иши, баалуу кагаздар менен операциялары ж.б. жөнүндө маалыматтар: 

1. 20-жылдын "01" _____________________ күнгө карата карыз алуучунун аталышын, кредиттин тибин, кредиттин суммасын, кредиттин калдыгын (ошондой эле чегерилген, бирок төлөнбөгөн пайыздардын калдыгын көрсөтүү), берилген жана төлөгөн күндү, пролонгациянын санын жана мөөнөтүн, мөөнөтү узартылган күндөрдүн санын, күрөөнүн бар экенин, төлөө шартын, классификациясын, РППУ суммасын, аймагын/областын кошо алганда, 20__-жылдын "1" ____________ карата абал боюнча кредиттик портфелге баяндама. Кредиттик делолор боюнча көчүрмөлөр да, жок дегенде ушул маалыматтарды көрсөтүү менен даярдалууга тийиш. 

2. Келишим боюнча кайтарып берүүнүн баштапкы күнүнө салыштырмалуу өткөрүп жиберген мөөнөтүн көрсөтүү менен мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттердин (негизги сумма жана пайыздар) тизмеси. Мындан тышкары, мөөнөтүнөн өткөрүп жиберген төмөнкү аралыктар боюнча жыйынтыгындагы суммаларды да көрсөтүү зарыл: 1-30 күн, 31-90 күн, 91-180 күн, 180 күн жана андан жогору. 

3. 20__-жылдын "1" _____________ карата абал боюнча кредиттик портфелдин классификациясы. 

4. Реструктуризацияланган кредиттердин тизмеси. 

5. Карыз алуучулардын параллель кредиттеринин бар экенин аныктоо максатында жүргүзүлүүчү иш-чаралар жөнүндө маалымат. "Ишеним" КИБге катышуу жөнүндө маалыматтар. 

6. Кредиттик делолор, күрөөлүк документтер, кредиттерди жана алар боюнча пайыздарды төлөө графиги, тандоого ылайык. 

7. Кредиттерди берүү билдирүүлөрүн каттоо журналы. 

8. Баланстан эсептен алынып салынган, системадан тышкары эсепке алууга чыгарылган кредиттердин тизмеси. 

9. Бир мезгил ичинде мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттердин тизмеси. 

10. Бүтүндөй МФУ боюнча жана ар бир филиалы боюнча өзүнчө өткөн текшерүү мезгилинен тартып, РППУну түзүү боюнча туруктуу сакталуудагы делолор. 

11. МФУ өзү же башкалар үчүн кайсы болбосун ссуданы же башка карыздык милдеттенмени төлөп берүүгө же кайсы бир башка милдеттенменин аткарылышына кепилдик берген кайсы болбосун контрактылардын чагылдырылышы. 

12. Төмөнкү жеке адамдарга жана алар менен байланыштуу адамдарга МФУ тарабынан берилген кредиттердин же башка кредитти алмаштыруучулардын тизмеги: 

- МФУнун аткаруучу кызмат адамдары; 

- МФУнун негизги катышуучулары; 

- МФУ Директорлор кеңешинин мүчөлөрү

- Директорлорунун/катышуучуларынын көпчүлүгү МФУнун директорлорунун/катышуучуларынын көпчүлүгүн түзгөн кайсы болбосун компания; 

- Кайсы болбосун башка аффилирленген уюмдар. 

13. Аларда МФУ менен байланыштуу адамдар олуттуу кызыкчылыкка ээ, МФУнун карыздык милдеттенмелер акцияларындагы инвестицияларынын тизмеги. 

14. МФУ сатып алган баалуу кагаздардын тизмеси. 

15. Күрөөгө коюлган баалуу кагаздардын тизмеси (номиналдык, баланстык жана рыноктук наркы). 

16. Кайтарым сатып алуу же сатуу жөнүндө макулдашуу бар баалуу кагаздарды же башка активдерди сатып алуу же сатуу тизмеси. 

17. Калдыктарын көрсөтүү менен банктагы депозиттер менен эсептердин тизмеси. 

18. Каржылоонун жеке ири булактарынын тизмеси. 

19. Компания менен башка финансы уюмдарынын ортосундагы кредиттик линиялар жөнүндө маалымат. 

20. Акча каражаттарын тартуунун негизги шарттарын көрсөтүү менен (келишимдердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) текшерилген күнгө карата каржылоо булактары боюнча маалыматтар. 

21. Керектөөчүлөрдүн даттанууларына жана суроолоруна карата МФУнун жасаган ишараттары боюнча маалыматтар (ички отчеттер). 

22. Негизги кредиттик продукттар боюнча эффективдүү пайыздык чендерге (номиналдык, эффективдүү) тиешелүү эсептешүүлөр жана маалыматтар. 

23. МФУнун баа түзүү, кредиттер боюнча пайыздык чендерди түзүү боюнча ички документтери. 

III. Бухгалтердик эсеп, отчеттуулук жана аудит боюнча маалыматтар: 

1. 20__-жылдын "01" ___________________ күнүнө карата МФУнун бухгалтердик теңдеми. 

2. Тендемдин жана алынган пайда жана кеткен чыгашалар жөнүндө бардык статьяларынын чечмелениши. 

3. Акыркы жыл үчүн тышкы жана ички аудит боюнча отчет (жетекчиге жазган катты кошо алганда). Өткөн жыл жана учурдагы жылдын аудитордук пландары менен расписаниелери жөнүндө маалыматтар, тышкы (жетекчиге жазган катты кошо алганда) жана ички аудиттин/Ревизиялык комиссиянын/ички аудит функцияларын аткарган органдын сунуш-көрсөтмөлөрүн аткаруу боюнча отчеттер. 

4. Коммерциялык банктар менен төлөп берүүлөр жана кассалык кызматтар боюнча макулдашуулар. 

5. Байланыштуу жана аффилирленген компаниялар менен операциялар боюнча маалымат. 

6. МРО 20__-жылдын "1" ___________, 20__-жылдын "1" ____________, 20-жылдын "1" _______________. 

7. Маанилүү оперативдик участоктор боюнча өткөн эки жыл жана үстүбүздөгү жыл ичинде аткарылган иштер жөнүндөгү отчеттор менен салыштырмалуу кирешелер менен бюджет жөнүндө отчеттордун көчүрмөлөрү

IV. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында тобокелдикти жана ички контролдукту тескөө жөнүндө маалымат: 

1. МФУнун кардарларды идентификациялоо жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички документтери (саясаттары, жол-жоболору ж.б.). 

2. Компаниянын тобокел-менеджеринин жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдук саясатын ишке ашырууга жооптуу кызматкеринин отчеттору. 

3. МФУ менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын ортосундагы кат алышуулар. 

4. Кардарлардын тизмеси: 

- тобокелдиктин жогорку категориясы. 

- оффшордук аймакта катталган. 

- эркин экономикалык аймактарда катталган. 

- отчеттордо көрсөтүлгөн жүгүртүүлөрдөн арткан эсептер боюнча жүгүртүүлөр. 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына жөнөтүлгөн билдирүүлөрдүн тизмеси. 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына жөнөтүлгөн маалыматтарды эсепке алуу журналы. 

7. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясатты ишке ашырууга катышкан кызматкерлерди тиешелүү деңгээлде окутуу жөнүндө маалыматтар. 

8. Ички аудитордун/Ревизиялык комиссиянын/ички аудиттин функциясын аткарган органдын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)каршы аракеттенүү максатында ички контролдук системасын текшерүү боюнча отчеттору. 

 

 

«Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоого карата 

3-1-тиркеме 

Адистештирилген финансы-кредит мекемелери тарабынан текшерүү үчүн сунушталуучу документтердин жана маалыматтардын 

ТИЗМЕГИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА), 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

I. Адистештирилген финансы мекемелеринин ишин жөнгө салган документтер жана башка маалыматтар:  

1. Уюштуруу документтери: Уюштуруу келишими, Устав.  

2. Капиталдын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматтар.  

3. Улуттук банктын эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк.  

4. Катышуучулардын текшерүү жүргүзүлгөн күнгө карата абал боюнча реестри.  

5. Уставдык капиталга карата пайыздык катышта ээлик кылуу суммасын жана үлүшүн көрсөтүү менен негизги катышуучулардын тизмеги.  

6. Адистештирилген финансы мекемесинин ишин жөнгө салган ченемдик документтердин реестри.  

7. Адистештирилген финансы мекемесинин ишин жөнгө салган жана анын саясатын аныктаган документтердин топтому: ички саясат, нускоолор, жоболор, жол-жоболор, көрсөтмөлөр, каттар жана тобокелдиктерди тескөө саясаттары же адистештирилген финансы мекемеси тобокелдиктерди (кредиттик, рыноктук, операциялык, ликвиддүү ж.б.) кандайча идентификациялоону, баа берүүнү, көз салууну, контролдукка алууну жүзөгө ашыруусун чагылдыруу.  

9. Адистештирилген финансы мекемесинин акционерлеринин/ катышуучуларынын, Директорлор кеңешинин/байкоо органынын, Аудит боюнча комитетинин, Башкармасынын/аткаруу органынын отурумдарынан толтурулган протоколдор (бардык материалдарды жана отчетторду кошо тиркөө менен).  

10. Иштеген мөөнөтүн жана ордун көрсөтүү менен адистештирилген финансы мекемесинин Директорлор кеңешинин/байкоо органынын мүчөлөрүнүн тизмеси, Директорлор кеңешинин/байкоо органынын мүчөлөрүнүн анкеталары.  

11. Ээлеген кызматын, милдеттерин көрсөтүү менен адистештирилген финансы мекемесинин Башкармасынын/аткаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмеси, Башкарманын/аткаруу органынын мүчөлөрүнүн өздүк көктөмөлөрү.  

12. Түздөн-түз тескөөгө алган маселелердин жана милдеттеринин тизмесин көрсөтүү менен адистештирилген финансы мекемесинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин тизмеси.  

13. Ар бир ыкчам маалымат алуу бөлүмүнүн, департаменттин жана функционалдык топтун телефон номерлерин көрсөтүү менен биринчи кезекте байланышуучу кызматкерлердин тизмеси.  

14. Адистештирилген финансы мекемесинин уюштуруу түзүмү.  

15. Адистештирилген финансы мекемесин стратегиялык өнүктүрүү планы, өткөн жылдарга жана өтүп жаткан жылга карата бизнес-план.  

16. Капиталды калыптандыруу боюнча туруктуу сактоодо турган көктөмөлөр.  

17. Өткөн эки жыл үчүн мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттор жана экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу маалыматтар.  

18. Ликвиддүүлүктүн бардык аспекттерин, активдердин жана пассивдердин жана бардык финансылык тобокелдиктердин (пайыздык, валюталык ж.б.) тескөөгө алынышына мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулуучу негизги башкаруучулук отчетторунун көчүрмөлөрү.  

19. Улуттук банк жана башка мамлекеттик органдар менен кат алышуулар.  

20. Өздүк курам жана негизги иш багыты боюнча буйруктар.  

21. Филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кошо алганда, адистештирилген финансы мекемесинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин тизмеси.  

22. Адистештирилген финансы мекемесинин штаттык тизими.  

23. Өткөн текшерүү боюнча берилген жазма буйруктардын/сунуш-көрсөтмөлөрдүн аткарылышы боюнча отчеттор.  

24. Туунду, караштуу же байланыштуу компаниялар жөнүндө маалыматтар.  

II. Бухгалтердик эсеп, отчеттуулук жана аудит боюнча маалыматтар:  

1. Адистештирилген финансы мекемесинин 20__-жылдын "01" ______________ карата бухгалтердик балансы.  

2. Баланстын бардык статьяларын жана түшкөн пайда жана кеткен чыгым жөнүндө отчетту чечмелөөлөр.  

4. Коммерциялык банктар менен төлөөлөр жана кассалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн келишимдер.  

5. Байланыштуу жана аффилирленген компаниялар менен операциялар боюнча маалымат. 

6. 20__-жылдын "01" ______________, 20__-жылдын "01" ______________, 20__-жылдын "01" ______________, 20__-жылдын "01" ______________ карата мезгил-мезгили менен берилүүчү отчет.  

7. Акыркы эки жыл жана өтүп жаткан жыл ичинде маанилүү багыттар боюнча айкын отчетторго салыштыруу менен кирешелер жана чыгашалар, ошондой эле бюджет жөнүндө отчеттордун көчүрмөлөрү.  

III. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)каршы аракеттенүү максатында тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдук жөнүндө маалымат:  

1. Адистештирилген финансы мекемесинин кардарларды идентификациялоо, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү боюнча ички документтери (саясаттары, жол-жоболору ж.б.).  

2. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү максатында, компаниянын ички контролдук саясатынын ишке ашырылышына жоопкерчиликтүү болгон тобокелдик-менеджеринин жана кызматкеринин отчеттору.  

3. CARE жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы ортосунда кат алышуулар.  

4. Кардарлардын тизмеси:  

- жогорку категориядагы тобокелдикке ээ;  

- оффшордук аймактарда катталган;  

- эркин экономикалык аймакта катталган;  

- жүгүртүүлөрү отчеттордо көрсөтүлгөн жүгүртүүлөрдөн ашкан эсептер боюнча.  

5. Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына жөнөтүлгөн билдирүүлөрдүн тизмеси.  

6. Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына жөнөтүлгөн маалыматтарды каттоо журналы.  

7. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)каршы аракеттерди көрүү саясатын жүзөгө ашырууга катышкан кызматкерлерди тиешелүү окутуудан өткөрүү тууралуу маалымат.  

8. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү максатында, ички аудитордун/Ревизиялык комиссиянын/ички аудит функцияларын аткарган органдын ички контролдук системасын текшерүү боюнча отчеттору". 

 

  

  

  

«Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоого карата 

3-2-тиркеме 

Кредиттик бюролор тарабынан текшерүү үчүн сунушталуучу документтердин жана маалыматтардын 

ТИЗМЕГИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

№ 

Иш чөйрөсү 

Документтер 

Катталгандыгы/лицензия алгандыгы тууралуу маалымат  

Уюштуруу документтери: Уюштуруу келишими, Устав.  

Башкаруу түзүмү  

1. Байкоо органынын, жетекчисинин, уюштуруучуларынын тизмеси.  

2. Жетекчинин тиешелүү квалификациясын жана тажрыйбасын кыскача чагылдыруу  

Байкоо органынын акыркы 12 ай ичинде өткөрүлгөн отурумдарынан толтурулган протоколдор  

Директорлор кеңешинин акыркы 12 ай ичинде өткөрүлгөн отурумдарынан толтурулган протоколдор  

Комитеттер жана алардын ыйгарым укуктары  

Аудит боюнча комитет же кредиттик бюролор тарабынан ченемдик талаптардын сакталышы боюнча маселелерге жооп берген башка комитеттер жөнүндө жобо  

Ички аудит  

Ички аудитти жүргүзүү жол-жоболору/эрежелери  

Тышкы аудит  

Тышкы аудитти жүргүзүү жол-жоболору/эрежелери  

Стратегиялык план жана бюджеттер  

Стратегиялык пландын жана бюджеттин көчүрмөлөрү  

Штаттык тизим  

1. Аты-жөнү, кызматтык нускоолор жана тиешелүү башкаруу тажрыйбасы. 

2. Бул кызмат ордунда иштеген мезгили. 

3. Калган кызматкерлердин тизмеси, алардын квалификациясы  

Саясаттар жана жол-жоболор: 

1. Маалыматтарды алуу жана алардын тактыгын текшерүү боюнча; 

2. Маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча; 

3. Маалыматтардан, отчеттордон жана суроо-талаптардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү боюнча;  

4. Маалымат субъектилеринин кайрылууларын карап чыгууну уюштуруу боюнча; 

5. Маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча; 

6. Үзгүлтүксүз ишти камсыз кылуу боюнча (авариялык жагдайдын кайра калыбына келтирилишин кошо алганда)  

Негизги тармактарда талаптардын сакталышын көзөмөлдөө жол-жоболору жана механизмдери кыскача баяндалган негизги саясаттардын жана жол-жоболордун көчүрмөлөрү  

10 

Кызмат көрсөтүүлөр тууралуу келишимдер  

Кызмат көрсөтүүлөр боюнча келишимдердин көчүрмөлөрү  

11 

Программалык камсыздоо жана программалык камсыздоону колдоого алуу (колдонмо программалар, программаларды түзүү, модификациялоо жана колдоого алуу үчүн жоопкерчилик тартуу. Сертификациялоо)  

Программалык камсыздоолор жана тиркемелер, ошондой эле негизги саясаттар жөнүндө кыскача маалымат  

12 

Үзгүлтүктөр жана кемчиликтер тууралуу отчеттор  

Өткөн жыл ичинде орун алган үзгүлтүктөр жана кемчиликтер тууралуу отчеттор  

13 

Маалымат сунуштоочулар  

Бардык маалымат сунуштоочулардын тизмеги, анын ичинде: 

- ар бир акыркы 3 ай ичинде сунушталган жазуулардын саны; 

- ар бир ай ичинде четке кагылган жазуулардын саны; 

- четке кагылган жазууларда дал келбөөчүлүктөрдү четтетүү үчүн көрүлгөн чаралар  

14 

Маалыматтан пайдалануучулар  

Бардык маалымат пайдалануучулардын тизмеги: 

- ар бир акыркы 3 ай ичинде келип түшкөн суроо-талаптардын саны; 

- акыркы 3 айдын ар бири үчүн натыйжалуу издөө коэффициенти  

15 

Тактыгын жана тууралыгына баа берүү  

Тактыкка жана тууралыгына тиешелүү болгон саясаттардын жана жол-жоболордун көчүрмөлөрү, маалыматтарды текшерүү эрежелеринин көчүрмөлөрү  

16 

Керектөөчүлөрдүн жазуулардан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү, купуялуулукту сактоо жана санкциясыз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алдын алуу  

Керектөөчүлөрдүн жазуулардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн, анын ичинде маалыматтардан санкциясыз пайдалануусун алдын алуу үчүн идентификациялоону жана жол-жоболордун негизги атрибуттарын чагылдыруу  

17 

Керектөөчүлөрдүн даттанууларын кабыл алуу жана карап чыгуу  

Керектөөчүлөрдүн даттанууларын кабыл алуу, текшерүү жол-жоболору жана саясаты. 

1. Акыркы 3 ай ичинде керектөөчүлөрдөн келип түшкөн даттануулардын статистикасы: 

- кабыл алынган даттануулардын саны; 

- жөнгө салынган даттануулардын саны; 

- даттанууларды жөнгө салууга кеткен орточо убакыт; 

- жөнгө салынбаган даттанууларды кароо мөөнөтү

- "бир нече ирет даттануу менен кайрылган мекемелердин" тизмеги.  

2. Даттанууларды мазмунуна жараша бөлүштүрүү

3. Даттануулар менен иш алып барган кызматкерлердин саны  

18 

Бухгалтердик баланс  

Кредиттик бюронун 20__-жылдын "01" __________ карата бухгалтердик балансы. Киреше жана чыгашалар тууралуу баланстын жана отчеттун бардык статьяларын чечмелөө  

  

  

  

  

«Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоого карата 

4-тиркеме 

Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү жөнүндө 

АКТ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

__________________________________________________________________ 

(МФК/МКА/МКК, адистештирилген финансы мекемесинин жана кредиттик бюронун аталышы) 

__________________________________________________________________ 

(МФК/МКА/МКК, адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро жайгашкан жер - дареги, телефону) 

  

_________________________ 

  

20__-жылдын "__" _______________ 

үзүлгөн жери) 

  

  

  

Мен, _____-жылдын “___”__________ №__________ күбөлүккө ээ Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкери _________________ (Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү) тарабынан МФК/МКА/МКК, адистештирилген финансы мекемесинин жана кредиттик бюронун кызматкери _______________ (МФК/МКА/МКК, адистештирилген финансы мекемесинин жана кредиттик бюронун кызматкеринин аты-жөнү, кызматы) аталган МФК/МКА/МКК, адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро: ________________________ ишине текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү жөнүндө ушул Акт түзүлдү. Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү төмөнкүлөрдөн көрүнөт: _____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________. 

Улуттук банктын кызматкеринин текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү үчүн МФК/МКА/МКК, адистештирилген финансы мекемесинин жана кредиттик бюронун кызматкерине жоопкерчиликке тартыла тургандыгы тууралуу эскертүү берилди.  

 

Акт ______________ (кызматы) ___________________ (Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү) тарабынан түзүлдү __________ (кол тамгасы). 

Таанышып чыктым: ______________ (кызматы) ___________________ (МФК/МКА/МКК, адистештирилген финансы мекемесинин жана кредиттик бюронун кызматкеринин аты-жөнү) __________ (кол тамгасы).  

Актынын экинчи нускасын алдым: _______________________(МФК/МКА/МКК, адистештирилген финансы мекемесинин жана кредиттик бюронун кызматкеринин аты-жөнү) ___________ (кол тамгасы) 

  

 

 

«Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын жана Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоого карата 4-1-тиркеме 

Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү жөнүндө 

АКТ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

__________________________________________________________________ 

(алмашуу бюросунун аталышы) 

__________________________________________________________________ 

(алмашуу бюросу жайгашкан жер) 

  

_________________________ 

  

20__-жылдын "__" _______________ 

үзүлгөн жери) 

  

  

  

Мен, _____-жылдын “___”__________ №__________ күбөлүккө ээ Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкери _________________ (Улуттук банктын кызматкеринин аты-жөнү) тарабынан __________________________ (алмашуу бюросунун жетекчиси/бюронун атынан иш алып барууга ыйгарым укукка ээ кызматкери) «________________________» алмашуу бюросунун ишине текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөткөндүгү жөнүндө ушул Акт түзүлдү, так айтканда:  

_____________________________________________________________________________ 

____________________________________________________________________________________________. 

Улуттук банктын кызматкеринин текшерүү жүргүзүүсүнө каршылык көрсөткөндүгү үчүн алмашуу бюросунун жетекчисине/бюронун атынан иш алып барууга ыйгарым укукка ээ кызматкерине жоопкерчиликке тартыла тургандыгы тууралуу эскертүү берилди.  

 

Эгерде бул актыга кол коюудан баш тартуу себептери сунушталбаса, актыда «себебин (далилин) көрсөтүүсүз» деген белги коюлууга тийиш.*______________________________________________ 

 

Акт төмөнкүлөр тарабынан түзүлдү (Улуттук банктын кызматкерлеринин аты-жөнү): 

1. ________________________________________________________ (аты-жөнү, кызматы, кол тамгасы) 

2. _________________________________________________________(аты-жөнү, кызматы, кол тамгасы) 

3. _________________________________________________________(аты-жөнү, кызматы, кол тамгасы) 

 

Таанышып чыктым: ___________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү, кызматы, кол тамгасы) 

 

Актынын экинчи нускасын алдым: _______________________________________________________________ 

____________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү, кызматы, кол тамгасы) 

 

* Актка кол коюудан таш тарткан учурда толтурулат 

 

 

 

  

  

«Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоого карата 

5-тиркеме 

  

  

  

20__-жылдын ____________ № ______________________ 

Улуттук банктын катына 

тиркеме 

ТААНЫШУУ БАРАГЫ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 28-мартындагы № 2018-П-12/10-7-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Биз, төмөндө кол койгон МФУнун Байкоо органынын мүчөлөрү/МФУ уюштуруучу(лары)су жана аткаруу органынын мүчөлөрү, 20__-жылдын _______________ тартып, 20__-жылдын ___________ чейин 20__-жылдын _________ абалына карата Улуттук банктын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн МФК/МКК/МКА, адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюро "______________" текшерүү жөнүндөгү отчет менен жеке таанышып чыктык. 

МФУ уюштуруучу(ларынын)сунун аты-жөнү (зарылдыгына жараша) 

Колу 

Күнү 

Байкоо органынын мүчөлөрүнүн аты-жөнү (зарылдыгына жараша) 

Колу 

Күнү 

Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн аты-жөнү 

Колу 

Күнү 

Бул баракка кол коюудан баш тарткан учурда, баш тартууга акт түзүлөт, же документте аты-жөнүн, паспорттогу маалыматтарын көрсөтүү менен үч адамдын колу коюлат, ал үч адамдын катышуусу жана кол коюусу менен бул документтеги маалыматтар аткаруу органына жеткирилгендигин күбөлөндүрөт. 

Эскертүү: Бул баракка МФУнун байкоо органынын мүчөлөрүнүн/МФУ уюштуруучу(ларынын)сунун жана/же аткаруу органынын мүчөсүнүн (же анын милдетин; аткаруучу адамдын) ар биринин колу коюлууга, андан кийин бул отчетту алган күндөн тартып 10 жумуш күнү ичинде Улуттук банктын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгына/Областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмүнө кайтарылып берилүүгө тийиш. Таанышуу барагынын байкоо органынын мүчөлөрүнүн/МФУ уюштуруучу(ларынын)сунун жана/же аткаруу органынын мүчөлөрүнүн колу коюлган экинчи нускасы Текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет менен бирге МФК/МКК/МКАда, адистештирилген финансы мекемеси жана кредиттик бюролордо сакталуусу зарыл.