Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 

2006-жылдын 7-апрелинде 35-06 номеринде каттоодон өткөн 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2006-жылдын 2-мартындагы 

N 5/6 токтому менен 

бекитилген 

Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун 

ТАРТИБИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/8, 2012-жылдын 18-майындагы N 19/7, 2012-жылдын 31-октябрындагы N 41/10, 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/16, 2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/2, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ), 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Бул, Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартиби (мындан ары - Тартип), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынын жөнгө салынган, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын жүзөгө ашырууда колдонулуучу атайы терминдерди эске алуу менен ишкердикти жүзөгө ашырган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары тарабынан (мындан ары - банктар/ФКУдар) кредиттөөнү ишке ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон кредиттик тобокелдиктерге жана чыгым тартууларга баа берүүгө карата ыкмаларды оптималдаштыруу максатында иштелип чыккан. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.2. Бул документте банктар/ФКУдар тиешелүү минималдуу шарттарды жана талаптарды сактаган шартта алар кредиттерди атайын классификациялоону колдонуп, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын (мындан ары - РППУ) ордун жабуу үчүн камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашырат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/16 токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Атайын классификация колдонулушу мүмкүн болгон кредиттерди аныктоочу критерийлер 

2.1. Атайын классификация бир эле учурда төмөнкү критерийлерге жооп берүүчү кредиттерге карата колдонулушу мүмкүн: 

- кредиттин суммасы берилген күнгө карата КР Улуттук банкынын эсептик курсу боюнча улуттук же болбосо четөлкө валютасында) 150 миң сомдон жогору болбошу керек; 

- кредит берилген мөөнөт 12 айдан ашык болбошу керек; 

- кредиттин максаттуу багыты карыз алуучунун өзүнө тиешелүү жана үзгүлтүксүз кирешени камсыз кылуучу аракеттеги чакан бизнести өнүктурүу болуп эсептелет; 

- кредит боюнча карызды жабуу (айына кеминде бир жолу) негизги сумма боюнча жана пайыздар боюнча үзгүлтүксүз төлөмдөр менен ишке ашырылат; 

- банкта/ФКУда кредит берилгей карыз алуучунун бул банк/ФКУ же башка кредитор адцында берген милдеттерин аткарбагандыгы жөнүндө күбөлүктүн жоктугу; 

- карыз алуучу, эрежедегидей эле, кредиттин негизги суммасы жана пайыздар боюнча 100% өлчөмүндо камсыз кылууну берүүгө тийиш. 

2.2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы N 41/10 токтомуна ылайык алынып салынды) 

2-1. Чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги алдында бул топко берилген кредиттерди классификациялоо 

өлүк КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы N 41/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

2-1.1. Атайы классификациялоо, чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги алдында ушул топко берилген кредиттерге карата колдонулууга тийиш. 

2-1.2. Карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин, ошол банктан/ФКУдан чогуу жоопкерчиликтүү топтун курамында алган кредитинен тышкары, ошол же башка топтун курамында, башка банктан/ФКУдан чогуу жоопкерчилик алдында кайсыл болбосун жеке кредити же чогуу алган кредити болгон болсо, анда карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин ошол банктан/ФКМден алынган жана ушул тартипке ылайык атайы классификацияланууга тийиш болгон бардык кредиттери, алардын негизги суммасы жана пайыздары боюнча 31 күндөн 60 күнгө чейинки карыздары болсо "байкоого алынган активдер" катары классификацияланууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

2-1.3. Чогуу жоопкерчиликтүү топко берилген кредиттер эгерде, топ ичинде олуттуу проблемалар орун алып, ал топтун ыдырашын шарттап, кредитти кайтарып берүү боюнча милдеттенменин аткарылбай калышына алып келсе, шектүү катары таанылууга тийиш. Эгерде, кандайдыр бир себептер боюнча топ ыдыроо чегинде турса жана анын мүчөлөрү банк/ФКУ алдындагы милдеттенмелер боюнча чогуу жоопкерчилик тартууга кудурети жок болсо, анда мындай топко берилген кредит жоготуу катары таанылууга тийиш. 

2-1.4. Карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин ошол банктан/ФКУдан алынган жана ушул тартипке ылайык атайы классификацияланууга тийиш болгон бардык кредиттерине карата ошол кредиттерге карата классификациялоонун эң төмөнү (начары) ыйгарылууга тийиш.  

Эгерде эң начар категория өзгөчө кырдаалдардын жана/же эпидемия/пандемия жана башка форс-мажордук кырдаалдардын (форс-мажордук кырдаалдардын) кесепетинен начарлаган же карыз алуучунун насыясына берилсе, ФКУ бардык насыялар боюнча эң начар классификациялык категорияны колдонбоого укуктуу.  

Бул учурда ФКУ категориянын мүнөздөмөлөрүнө ылайык ар бир насыя боюнча классификациялык категорияны өзүнчө колдоно алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

2-1.5. Биргелешип бизнес жүргүзүшкөн чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары тарабынан ошол банктан/ФКУдан алынган кредиттердин негизги суммасы жана/же пайыздары боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орун алган шартта, ушул документке ылайык, аларга карата мөөнөттө төлөнбөгөн күндөрдүн санына жараша классификация колдонулушу зарыл. Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын биринин кредитинин негизги суммасы жана/же пайыздары боюнча 60 күндөн ашкан, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орун алса, анда ушул документке ылайык, чогуу жоопкерчиликтүү топтун ошол катышуучусунун кредитине ыйгарылган классификациялоо категориясы, топтун катышуучуларына берилген бардык кредиттерге карата колдонулууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Кредиттердин атайын классификациясы 

3.1. Атайын классификацияны колдонууда банктар/ФКУдар негизги сумма боюнча жана/же пайыздар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөй өткөрүлүп жиберилген пландык төлөмдөрдүн күндөрүнүн эсебинин негизинде кредиттин сапатына, ошондой эле карыз алуучунун кредит боюнча милдеттенмесин жабуу жөндөмдүүлүгүн жана финансылык абалын начарлатууга алып келиши мүмкүн кырдаалдардын эсебине баа берүүнү ишке ашырышы керек. 

3.2. Негизги сумма боюнча жана/же пайыздар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөй өткөрүлүп жиберилген пландык төлөмдөрдүн күндөрүнүн эсебине жараша атайын классификация колдонулуучу кредиттер боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкү өлчөмдөрү белгиленет:  

Кредиттердин атайын квалификациясы жана РППУга тиешелүү чегерүүлөр:  

 

Классификация категориясы 

Мөөнөтүндө төлөнбөй өткөрүлүп жиберилген пландык төлөмдөрдүн күндөрүнүн эсеби 

РППУ 

Канааттандырарлык  

2% 

Байкоого алынгандар  

1-59 

10% 

Шектүүлөр  

60-89 

50% 

Жоготуулар  

90 жана андан ашык 

100% 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Атайын классификацияны колдонууда банктарга жана башка финансы-кредиттик уюмдарга коюлуучу талаптар 

4.1. Банктардын/ФКУдын Башкармалары бул документтнн талаптарына ылайык кредитердин атайын классификациясын колдонуу жөнүндө принципиалдуу чечим кабыл алат. 

4.2. Атайын классификация колдонулуп жаткан кредиттер, алар толук төлөнгөнгө чейин белгиленген талаптарга ылайык классификацияланат. 

4.3. Атайын классификацияны колдонуучу банктар/ФКУдар төмөнкүлөрдү камсыз кылуучу, ички контролдун системасын аныктоочу банктын/ФКУнын Башкармасы тарабынан бекитилген тиешелүү жол-жоболорго ээ болушу керек: 

- карыз алуучуга тиешелүү бизнестин абалынын анализин кошо алганда, анын финансылык абалын баалоого негизделген, карыз алуучунун кредиттик жөндөмдүүлүгүн алдын-ала (кредитти берүүгө чейин) баалоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн (бизнести жүргүзүүнүн каражаттарынын жана шарттарынын абалы; бизнестин акча агымынын кыймылы; карыз алуучунун карызга алынган каражаттарды туура чыгаша кылуу жана күтүлүүчү (пландалуучу) кирешени алуу жөндөмдүүлүгү; кредит боюнча карызды тейлөө үчүн карыз алуучунун бизнестен жана башка булактардан түшкөн кирешесинин жетиштүүлүгү; башка кредиторлордун алдында карыздарынын болушу); 

- карыз алуучунун жана анын бизнесинин финансылык абалынын андан аркы (берилгенден кийин) мониторингинин өз убактуулугун жана натыйжалуулугун; 

- атайын классификация колдонулуучу кредиттерди классификациялоо боюнча ар дайым кеминде айына бир жолу (андан да эрте берилеп калышы мүмкүн) отчеттуулукту даярдоону; 

- банктарга/ФКУга, алардын атайын классификацияны колдонуусунда, бул Тартип тарабынан белгиленген талаптарды сактоону. 

4.4. Атайын классификация колдонулуучу кредиттерди классификациялоо жана алар боюнча РППУга тиешелүү чегерүүлөр банктар/ФКУдар тарабынан ай сайын жүргүзүлүшү керек. 

4.5. Белгиленген критерийлерге жооп берүүчү бир адамга ушул банкта/ФКУда бир нече кредиттер берилген учурда, эгерде бардык кредиттердин чогуу алгандагы өлчөмү 2.1. пунктунда көрсөтүлгөн эсептик чектен ашпаса, ага карата атайын классификация колдонулушу мүмкүн. Ошону менен бирге, мындай кредиттер аларга колдонулган классификациянын категорияларынын ичинен начары боюнча классификацияланышы керек. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-майындагы N 19/7 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.5-1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы N 41/10 токтомуна ылайык алынып салынды) 

4.6. Белгиленген критерийлерге жооп берүүчү кредиттер бири-бири менен байланыштуу адамдарга берилген учурларда, атайын классификация алардын ичинен чогуу алгандагы өлчөмү 2.1. пунктунда көрсөтүлгөн эсептик чектен ашпаган адамга колдонулат. 

4.7. Атайын классификация колдонулуучу кредиттер, кредиттин мөөнөтүн узартууну жана/же пландык төлөмдөрдүн үзгүлтүксүздүгүнүн өзгөрүүсүн кошо алганда, кредит боюнча эки жолку пролонгация болгон учурда, "байкоого алынгандар" катары классификацияланат жана ал боюнча кредиттин негизги суммасынан 10% өлчөмүндө РППУ түзүлөт. Кийинки насыяларды реструктуризациялоодо, классификациялык категория жок дегенде бир категорияга төмөндөйт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.8. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготт)