Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 11-майында 

N 51-06 номеринде каттоодон өткөн. 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2006-жылдын 12-апрелиндеги 

N 10/6 токтому менен 

бекитилген 

Кредиттик союздарда жана турак жай-сактык кредиттик компанияларда кредиттерди классификациялоо жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-майындагы N 19/7, 2012-жылдын 31-октябрындагы N 41/10, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7, 2015-жылдын 2-ноябрындагы № 65/1, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ), 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ), 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

1.2. "Кредиттик союздарда жана турак жай-сактык кредиттик компанияларда кредиттерди классификациялоо жөнүндө" жободо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" жана "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамдарына ылайык кредиттик союздар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялар үчүн кредиттерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарды (мындан ары - РППУ) түптөө боюнча талаптар белгиленген. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2. Негизи түшүнүктөр 

2.1. Кредиттик тобокелдик - кредиттик союз/турак жай-сактык кредиттик компания менен карыз алуучунун ортосундагы келишимдин мөөнөттөрүнө жана шарттарына ылайык карыз алуучу өз милдеттенмелерин аткарбай калуу тобокелдиги. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту

3. Кредиттик союздардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын кредиттерин классификациялоо 

3.1. Кредиттерди классификациялоо кредиттердин сапатына кредиттик тобокелдиктин деңгээлине жана ылайыктуу РППУнун аныкталышына жараша дайыма баа берүүгө негизделген.  

Активдерди классификациялоодо ушул Жободо аныкталган, бирок алар менен гана чектелбеген классификациялык категориялардын аныктамаларын жана мүнөздөмөлөрүн жетекчиликке алуу керек. Эки же андан көп белгилердин айкалышы, эгерде ушул Жободо башкача каралбаса, классификациялык категорияны аныктайт.  

Активдердин сапатын ар тараптуу талдоону камсыз кылуу үчүн сапаттык мүнөздөмөлөрдү изилдөө зарыл.  

Активдерди классификациялоодо, ушул Жободо аныкталган күрөө же гарантиянын (кепилдиктин) мүнөздөмөлөрү, МФУнын кредиттик саясатына ылайык, күрөө катары гарантия (кепилдик) талап кылынган активдерге гана колдонулушу керек. Милдеттенмелерди аткарууга түрткү берүүчү жана гарантиялардын (кепилдиктердин) болушу жана сапаты классификациялоонун кошумча сапаттык критерийи болуп, активдин кайтарылбай калуу тобокелдигин тескөө инструменти катары активди кыйла ишенимдүү жана толук баалоого мүмкүндүк берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.2. Кредиттерди классификациялоо алдынала, анын ичинде төмөндөгүлөрдү анализдөөнүн негизинде жүзөгө ашырылат: 

- кредиттин абалына сандык мүнөздөмөлөрдү

- негизги сумма жана/же пайыздар боюнча пландык төлөмдөрдүн мөөнөтүнүн узартылышы; 

- негизги сумма жана/же пайыздар боюнча пландык төлөмдөрдүн толук эмес (жарым-жартылай) төлөнүшү

- кредиттин абалына сапаттык мүнөздөмөлөрдү

- карыз алуучунун карызды төлөй алуусу, тактап айтканда, карыз алуучунун карыздык каражаттарды пайдалануудан пайда алуу, пайыздар боюнча сыяктуу эле, негизги сумма боюнча дагы пландык төлөмдөрдү өз убагында төлөй алуу мүмкүндүгү, анын мүлктөрүнүн ал абалы жана наркы, кирешелердин башка булактарынын (үйбүлө мүчөлөрүнүн кирешелери, иштин башка түрлөрүнөн кирешелер ж.б.); 

- башка финансы-кредит уюм тарабынан берилген кандай болбосун башка кредити болгон болсо. Мындан тышкары, кредиттик союз, турак жай-сактык кредиттик компания тарабынан эгерде, карызгердин башка финансы-кредит уюм алдында орду жабылбаган карызы болсо, анын кайсыл болбосун башка кредити боюнча кредиттик тартипти сактоосу эске алынууга тийиш. Ушуга байланыштуу кредиттик-маалыматтык бюро аркылуу же башка жол менен алынган маалыматтарга, кардардан/карызгерден алынган маалыматтарга таянуу менен билдирмени кароо учурунда, кардардын башка финансы-кредит уюмдарында кредиттеринин бар экендигине көз салуу талап кылынат. Андан ары, ал боюнча кредиттик келишимдин мөөнөтү бүтө элек кредитке кеминде жарым жылда бир жолу мониторинг жүргүзүү процессинде кардар, башка финансы-кредит уюмунда кредитинин бардыгы жана ошол кредити боюнча ал тарабынан төлөө тартиби сакталгандыгы жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү. Мында бардык финансы-кредит уюм, карызгердин талабы боюнча аны башка финансы-кредит мекемесине берүү үчүн кредит алгандыгы жана кредиттик тартипти так сактагандыгы жөнүндө маалыматтарды 3 иш күн ичинде берүүгө милдеттүү. Кредиттик союз, турак жай-сактык кредиттик компания ошондой эле, карызгердин башка кредиттери, анын кредиттик тартипти сактоосуна тиешелүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегиндеги башка жолдор менен да алышы мүмкүн; 

- кредиттерди реструктуризациялоонун себептери; 

- күрөөнүн болушу жана өтүмдүүлүгү

- гарантиялардын (кепилдиктердин) болушу жана ишенимдүүлүгү). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы N 41/10, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.3. Улуттук банк төмөнкүдөй кредиттерди классификациялоонун жалпы жана атайы категорияларын, ошондой эле кредиттин негизги суммасынын калдыгынан РППУ өлчөмү ченемдерин белгилейт:  

1) жалпы камдар:  

- стандарттык - 0-2%;  

- байкоого алынган активдер - 5%;  

2) атайын камдар:  

- субстандарттык - 25%;  

- шектүү - 50%;  

- жоготуулар - 100%.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.4. Кредиттер, эгерде пайыздар жана/же негизги сумма боюнча пландык төлөмдөр 30 күндөн көп болбогон мөөнөткө өтүп кеткен болсо, стандарттуу деп саналат. Мында карыз алуучу канааттандырарлык материалдык абалга, кирешелердин туруктуу булагына жана камсыз кылуучу катары жеңил сатылып өткөрүлө турган күрөөгө ээ болууга тийиш. 

3.4-1. Төмөнкү белгилер мүнөздүү болгон активдер, байкоого алынган активдер болуп саналат:  

- пайыздар жана/же негизги төлөмдөр 31 күндөн 60 күнгө чейин төлөнбөсө;  

- кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн жана финансылык абалынын начарлоосу тенденциясы байкалса, бул анын негизги суммага жана/же пайыздар боюнча карыздарды төлөө боюнча милдеттенмелерин өз убагында аткаруу мүмкүнчүлүгүнө таасир этиши мүмкүн;  

- негизги сумма жана пайыздар боюнча карыздарды кайтарып берүү боюнча милдеттенмелердин аткарылышы, күрөө же гарнтия (кепилдик) менен камсыз болбогон учурда;  

- күрөөнүн ликвиддүүлүгүнүн төмөндөө тенденциясы (баалардын төмөндөшүөмөндөшү, сунуштоону жоготуусу ж.б.);  

- кардар-жеке адамдын, анын ичинде жеке ишкердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча каржыланган активдерди эске албаганда башка финансы-кредит уюмдарында кайсы болбосун башка актив боюнча орду жабылбаган убактысынан өткөн 30 күнгө чейинки карызы болсо;  

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген активдерди эске албаганда, кардар-жеке адамдын, анын ичинде жеке ишкердин, анын жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын ошол микрокаржылоо уюмунда жана/же башка финансы-кредит уюмдардагы убактысынан өткөн 60 күнгө чейинки карызы болсо, Карыз алуучунун ушул МФУ алдындагы активдерин (карыздарын) жана жогоруда көрсөтүлгөн жактардын активдерин (карыздарын) бир гана төлөө булагы болгон шартта. Бул жерде бир гана төлөө булагы катары актив берүү чечимин кабыл алууда финансы-кредит уюму тарабынан ошол адамдардын чогуу алгандагы кирешесин, анын ичинде ишкердиктен алган кирешесин түшүнүү зарыл.  

Эскертүү: Бул белгилер эмгек акы долбоорлорунун алкагында берилген овердрафттарга таркатылбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.5. Карыз алуучунун финансылык абалынын начарлашы жана анын кредит боюнча карыздарын өз убагында төлөй албай тургандыгы тууралуу белгилер байкалган кредиттер субстандарттык деп саналат.  

Субстандарттык кредиттердин мүнөздүү белгилери болуп төмөндөгүлөр саналат:  

а) төлөмдөрдү төлөөнүн пландык мөөнөтү келип жеткенден кийинки 61 күндөн 90 күнгө (кошо алганда) чейинки мезгилдин ичинде пайыздар жана/же негизги сумма боюнча пландык төлөмдөрдүн төлөнбөшү;  

б) пайыздар жана/же негизги сумма боюнча карыздардын ордун толтуруу үчүн карыз алуучунун акча каражаттарынын агымынын жетиштүү болбой жатышы;  

в) кредитти кайрадан реструктуризациялоо;  

г) күрөөнүн наркынын төмөндөшү, анын сапатынын начарлашы, күрөөнү жүзөгө ашыруу кыйын болуп калат, гаранттын финансылык абалы начарлагандыгы жөнүндө маалымат бар;  

д) карызгер-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз өз алдынча иш алып барган ишкердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, ошол кредиттик союзда жана/же башка финансы-кредит уюмунда кайсыл болбосун башка кредитинин негизги суммасы жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздар боюнча 30 күндөн ары созулуп кеткен, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо;  

е) карызгер-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттерди эске албаганда, ошол кредиттик союз жана/же башка финансы-кредит уюму алдында кредиттин негизги суммасы жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздар боюнча 60 күндөн ары созулуп кеткен, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо жана баардык жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин бир гана төлөө булагы болгон шартта. Мында, финансы-кредит мекемесинин алдындагы карыздын ордун жабуу үчүн бир киреше булагы дегенден улам, финансы-кредит уюму тарабынан кредит берүү чечимин кабыл алууда эске алынган жогоруда аталган адамдардын чогуу алгандагы кирешесин, ошондой эле ишкердиктен түшкөн кирешени түшүнүү зарыл.  

Эскертүү: Ушул пункттун жетинчи жана сегизинчи абзацтарында көрсөтүлгөн белгилер эмгек акы долбоорлорунун алкагында берилген овердрафттарга таркатылбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.6. Кредиттер шектүү катары төмөнкү учурларда классификацияланат: 

а) карыздардын пайыздар жана/же негизги сумма боюнча төлөмдөрү 91 күндөн 180 күнгө (кошо алганда) чейинки мөөнөткө узартылышы; 

б) кайрадан реструктуризацияланган актив боюнча төлөмдөр 30 күндөн ашык мөөнөткө кечиктирилип төлөнгөн; 

в) карыз алуучунун финансылык абалынын начарлашы жана карызды төлөй албай калууга дуушар болушу жана кредиттик союздун/турак жай-сактык кредиттик компаниянын алдында карызды төлөө мүмкүндүгү күмөн жана ыктымал; 

г) күрөө жокко эсе. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.7. Кредиттер төмөндөгү жагдайлардын бири орун алган учурда жоготууларга тиешелүү болот: 

а) пайыздар жана/же негизги сумма боюнча төлөмдөр 180 күндөн көп болбогон мөөнөткө өтүп кеткен болсо; 

б) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

в) төлөй албоочулук же карыз алуучунун банкрот болушу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.8. Кредит чыгым тарттырган кредитке тиешелүү болгондон кийин, кредиттик союз/турак жай-сактык кредиттик компания кредиттин негизги суммасынын жана ал боюнча пайыздардын кайтарылышын камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө тийиш. Кредитти кайтарып берүүнүн бардык юридикалык мүмкүндүгү болбой калгандан кийин, аны эсепке алуу теңдемден тышкары эсепке алууга өткөрүлүп, ал жерде беш жылдан кем болбогон мөөнөткө эсепке алынууга тийиш. Кредиттер кайтарылып калса карыздын суммасын төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.9. Кредиттик союздардын/турак жай-сактык кредиттик компаниялардын реструктуризацияланган кредиттерин классификациялоо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ), 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.9.1. Реструктуризацияланган кредиттер - бул, кредиттик союз/турак жай-сактык кредиттик компания кардардан карызды кайтарып алууну камсыз кылуу максатында, кредиттик союздун/турак жай-сактык кредиттик компаниялардын буга чейин жөнгө салынган кредиттөө тажрыйбасынан айырмаланган келишим шарттарын өзгөртүү (милдеттүү түрдө жаңы келишим түзүү же кредиттик келишимге карата кошумча келишим түзүү) аркылуу, кардарга өз алдынча тартипте, преференция (жеңилдик) берүүнү көздөп жаткан кредиттер. Мында, кредит боюнча пайыздык ченди жана/же мөөнөтүн негизги карыз суммасын/пайыздарын төлөөгө чейин өзгөртүү келечекте күтүлүп жаткан акча агымдарынын өзгөрүшүнө алып келет. 

Реструктуризациялоо дегенден улам, төмөнкүлөрдү түшүнүүгө болот: 

- кардардын финансылык абалынын начарлоосуна байланыштуу, карыз алуучунун карызын кайтарып берүүсүн камсыз кылуу максатында, кардарга кредит төлөө боюнча кредиттик союздун/турак жай-сактык кредиттик компаниянын буга чейинки кредиттөө тажрыйбасынан айырмаланган, кыйла ыңгайлуу шарттарды сунуштоо аркылуу, колдонуудагы кредиттик келишим шарттарын өзгөртүү

- карыз алуучу финансылык кыйынчылыкка дуушар болгон шартта (негизги сумма же пайыздар боюнча карызы болсо), кредиттик союз/турак жай-сактык кредиттик компания сунуштаган кредитти башка кредиттин ордун жабууга пайдаланган учурда активди толугу менен же анын бөлүгүн кайра каржылоо; 

- кредиттин негизги суммасынын бөлүгүн эсептен алып салуу (кечүү) аркылуу келишим шарттарын өзгөртүү

Кредит боюнча келишимдин баштапкы шарттарынын өзгөртүлүшү жана анын кайра каржыланышы кардардын финансылык абалынын начарлоосуна байланыштуу болбосо, анда бул кредитти реструктуризациялоо болуп саналбайт (мисалы, кредит валютасын чет өлкө валютасынан улуттук же башка валютага которуу).". 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ), 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.9.2. Кардардын реструктуризацияланган актив боюнча финансылык кыйынчылыкка дуушар болуу ыктымалдыгын шарттаган көрсөткүчтөн болуп төмөнкү жагдайлар саналат: 

- ал боюнча реструктуризациялоо ишке ашырылган жана акыркы 3 ай ичинде кеминде бир жолу 30 күндөн көбүрөөк мөөнөткө төлөмдөр толугу менен же алардын бөлүгү мөөнөтүнөн кечиктирилип төлөнгөн, классификацияланбаган кредит, же; 

- кардар ушул кредиттик союздан/турак жай-сактык кредиттик компаниядан үстү-үстүнө алынган кредити боюнча төлөөнү аталган кредитти кайра каржылаганга чейин акыркы 3 ай ичинде кеминде 1 жолу негизги сумманы же пайыздарды толугу менен же алардын бөлүгүн 30 күндөн көбүрөөккө кечиктирген учурда, кайра каржыланган кредит боюнча. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ), 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.9.3. Реструктуризациялоо эң оболу кардарга кредитти төлөө боюнча талаптарды жеңилдетүү аркылуу ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталып, ошол эле учурда колдонуудагы кредит боюнча төлөө мөөнөттөрүн узартуу эсебинен, мезгил-мезгили менен төлөнүүчү төлөмдөр көлөмүн кыскартуу тажрыйбасын колдонууга жол бербөөгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.9.4. Реструктуризациялоо классификацияланган сыяктуу эле, классификацияланбаган активдерге да колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.9.5. Классификацияланган реструктуризацияланган активди Жобонун 3.12-пунктунун шарттары аткарылганга чейин классификацияланбаган кредиттерге киргизүүгө болбойт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.9.6. Карыз алуучу финансылык кыйынчылыктарга дуушар болгон учурда, ушул кредит боюнча күрөөлүк мүлктү сатып өткөрүүнүн эсебинен карыздын бир бөлүгүн төлөө аркылуу кредиттик келишимге өзгөртүүлөрдүн киргизилиши кредитти реструктуризациялоо катары каралууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.10. Эгерде карызгер ушул кредитик союзда/ушул турак жай-сактык кредиттик компаниясында бир нече кредиттери бар болсо, анын бардык кредиттерине эң чоң карыз болуп саналган кредит боюнча ыйгарылган классификация колдонулат, эгерде бул классификация эң эле алгылыксыз болуп саналса.  

Эгерде насыя алуучунун (жеке же юридикалык жактын) бир ФКУда бир нече насыялары болсо, анда кредиттик союз/турак жай-сактык кредиттик компаниясы бардык насыялар боюнча эң начар классификациялык категорияны колдонбошу мүмкүн, эгерде эң начар категория өзгөчө кырдаалдардын жана/же өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен финансылык абалы начарлаган же начарлаган карызгердин насыясына берилсе. эпидемияга/пандемияга жана башка форс-мажор кырдаалдарына (форс-мажор жагдайлары) жана ага байланыштуу чектөөлөргө байланыштуу.  

Мындай учурда, кредиттик союз/турак жай-сактык кредиттик компаниясы ар бир насыя боюнча классификациялык категорияны категориянын мүнөздөмөлөрүнө ылайык өзүнчө колдоно алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.11. Кредиттик союздарда/турак жай-сактык кредиттик компанияларда башка менчикти классификациялоо:  

1) кредиттик союздардын/турак жай-сактык кредиттик компаниялардын башка менчиги, башкача айтканда кредиттердин же кредиттерге окшош келген активдердин ордун жабууга кабыл алынган менчик (мүлк), баланста таанылгандан кийин дароо эле субстандарттык катары классификацияланууга тийиш; 

2) эгерде ал кредиттик союз/турак жай-сактык кредиттик компания тарабынан төмөнкү мөөнөттөр өткөндөн кийин сатылбаса, башка менчик жоготуу катары классификацияланат: 

- кыймылдуу мүлк үчүн - бир жыл; 

- сатуу мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген айыл чарба багытындагы жерлерди эске албаганда, кыймылсыз мүлк үчүн - менчик укугу келип чыккан учурдан тартып үч жыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 2-ноябрындагы № 65/1, 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ), 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.12. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын орду жабылган учурда, "шектүү" же "жоготуулар" катары классификацияланган активдер "субстандарттык" категориясына которулат. Мында кредиттик союз классификацияланган "субстандарттык" активди классификацияланбаган активдер категориясына төмөнкү шарттар аткарылган учурда гана которо алат: 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн суммалар болбогон шартта; 

- акыркы үч төлөмдү графикке ылайык, өз учурунда толук төлөө

- карыз алуучунун учурдагы иши жана финансылык абалы реструктуризациялоо шарттарын толук сактоого мүмкүнчүлүк берген шартта. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. РППУну түптөө 

4.1. Кредиттик союздар/турак жай-сактык кредиттик компаниялар РППУну кредиттер боюнча мүмкүн болуучу жоготуулардын ордун толтуруу үчүн жетиштүү болгон деңгээлде кармап турууга тийиш. Камдардын суммасы кредиттик союздун/турак жай-сактык кредиттик компаниянын кредиттеринин сапатына мезгил-мезгили менен баа берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын  2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.2. РППУ тиешелүү эсепке карата өзүнчө контрактивдик эсепте кредиттик союздун теңдеми боюнча эсепке алынат жана чагылдырылат. Кредиттик союздун/турак жай-сактык кредиттик компаниянын реалдуу финансылык абалын аныктоо максатында, РППУ алынган кирешелердин өлчөмүнөн көзкарандысыз чыгашалардын эсебинен, кредиттик союздун кредиттеринин сапатына учурдагы берилген баага дал келген деңгээлдеги камды кармап туруу үчүн жетиштүү суммада түптөлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын  2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.3. Кредиттердин классификацияланышына ылайык, ар бир кредит боюнча РППУнун талап кылынган өлчөмүн эсептөө чегерүүлөрдүн тиешелүү ченемине ылайык жүргүзүлөт. Ар бир кредит боюнча камдарга талап кылынган чегерүүлөр суммаланат жана РППУнун отчеттук мезгилдин акырына карата жыйынтык өлчөмү менен аныкталат. РППУнун адекваттуулугун аныктоо үчүн камдын эсептелген өлчөмү камдын мурдагы классификациялоодо аныкталган өлчөмү менен салыштырылат. Эгерде теңдем боюнча РППУнун өлчөмү анын жыйынтык өлчөмүнө караганда аз болсо, кредиттик союз/турак жай-сактык кредиттик компания камды отчеттук мезгилдин акырына карата эсептелген өлчөмүнө ылайык келтирүү үчүн РППУга кошумча чегерүүлөрдү жүргүзүүсү зарыл. Эгерде теңдем боюнча иш жүзүндө түптөлгөн камдын суммасы РППУнун эсептелген суммасынан көп же ага барабар болсо, РППУга кошумча чегерүүлөр жүргүзүлбөйт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын  2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.4. Теңдем боюнча РППУнун суммасы отчеттук мезгилдин (айдын) акырына карата жыйынтыгында талап кылынган өлчөмдөн жогору болсо РППУну түптөө боюнча чыгашаларды азайтууга багытталышы мүмкүн. 

4.5. Ар бир кредиттик союз/турак жай-сактык кредиттик компания кредитгердин сапатына РППУнун адекваттуулугуна дайыма (айсайын) текшерүү жүргүзүүгө милдеттүү. Таламдар боюнча пикир-келипшестиктерге жол бербөө максатында РППУнун адекваттуулугуна баа берүү кредиттерди берүүгө байланыштуу болбогон адамдар (бөлүм, комитет) тарабынан жүзөгө ашырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.6. Кредиттик союз/турак жай-сактык кредиттик компания кредиттерге баа берүүдө кыйла консервативдүү ыкманы тандап алууга укуктуу, ошондуктан аталган Жобого кошумча катары кредиттик тобокелдиктердин адекваттуулугуна баа берүү боюнча ички жоболорду жана жол-жоболорду иштеп чыга алат, мында РППУну түптөөгө аталган Жободо белгиленген чегерүүлөрдүн мааниси бузулбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2019-жылдын 1-ноябрындагы N 2019-П-33/55-3-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык)