Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 29-апрелиндеги  

№ 2020-П-12/25-7-(НПА) токтомуна карата  

тиркеме 

Коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча 

УБАКТЫЛУУ ЭРЕЖЕЛЕР 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Бул коммерциялык банктар жана айрым банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашыруу боюнча убактылуу эрежелерде (мындан ары - Убактылуу эрежелер) коронавирус инфекциясынын жайылышына жана ага бөгөт коюуга мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чектөө чараларына байланыштуу жагдайдан улам сапаты начарлаган же начарлап жаткан активдерди коммерциялык банктар жана депозиттерди тартуу укугуна ээ болгон микрофинансылык компаниялары, кепилдик фонддор жана "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсы (мындан ары - банктар) тарабынан классификациялоонун убактылуу эрежелерин белгилейт. 

Бул Убактылуу эрежелердин талаптары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары же жеке адамдардын жана юридикалык жактардын ишин калыбына келтирүү/жандандыруу максатын көздөгөн программалар боюнча берилген кредиттерден башка, банктардын жаңыдан берилген кредиттерине карата таркатылбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

2-глава. Активдерди классификациялоо боюнча жалпы көрсөтмөлөр 

2. Карыз алуучу (жеке адам же юридикалык жак) бир банктан же банктык топ ичинде бир нече кредит алган учурда, анын финансылык абалы коронавирус инфекциясынын тарап кетишинен жана ага байланыштуу чектөөлөрдөн улам начарлаган же начарлап жаткан карыз алуучунун кредитине эң эле төмөн категория ыйгарылса, банк бардык кредиттер үчүн эң эле төмөн классификациялоо категориясын колдонбоого укуктуу.  

Бул учурда банк классификация категориясын ар бир кредитке өз-өзүнчө категориянын мүнөздүү белгилерине ылайык колдонушу мүмкүн.  

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары же жеке адамдардын жана юридикалык жактын ишин калыбына келтирүү/жандандыруу максатын көздөгөн программалар боюнча жаңыдан берилген кредиттер, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жободо (мындан ары - "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобо) белгиленген мүнөздүү белгилерге ылайык, алгач "нормалдуу" же "канааттандырарлык" актив катары таанылат.  

Мындай активдерди андан ары классификациялоо ушул Убактылуу эрежелердин талаптарына ылайык ишке ашырылат. 

3-глава. Классификацияланбаган активдер 

4. Эгерде актив улуттук валютада туюндурулса жана ошол банкта "Кепилдик фонд" ААКтын депозити жайгаштырылса, банк "Кепилдик фонд" ААКтын гарантиясы менен камсыздалган активдин бөлүгүн "нормалдуу" актив катары классификациялашы мүмкүн.  

5. Актив "байкоого алынган" актив катары эсептелген мүнөздүү белгилер катары төмөнкүлөр саналат:  

1) активдин толук камсыздалбашы, калганы "канааттандырарлык" активдерге мүнөздүү бардык белгилерге ээ же болбосо контракттык каржылоонун алкагында камсыздоо (мисалы, каржылоо контракты боюнча талап кылуу укугу, дебитордук карыз ж.б.);  

2) 60 күндөн ашпаган мөөнөткө негизги сумманы жана/же пайыздарды кайтаруу/төлөө мөөнөтүнүн өтүп кетиши;  

3) коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам киргизилген чектөөлөргө байланыштуу учурларды эске албаганда (банктын негиздүү корутундусу болгон учурда), документтердин жетишсиздигинен же болбосо аны баалоо боюнча эксперттердин жоктугунан күрөөгө мониторинг жүргүзүүгө банктын мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу;  

4) күрөөнүн ликвиддүүлүгүнүн азайышы мүмкүндүгү (баалардын төмөндөшү, валюта курсунун төмөндөшү) же гарантия/кепилдик менен камсыздалган болсо - банк гаранттын/кепилдин финансылык абалынын начарлоосу жөнүндө маалымат алат;  

5) активди кайтарууга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон рыноктук шарттардын өзгөрүшү;  

6) "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобонун 7.6-пунктунун шарттарына кирген классификацияланган активдерди реструктуризациялоо;  

7) эгерде кредит буга чейин классификацияланган кредиттер категориясына кирбесе, ошол эле учурда, бул өзгөртүү кардардын финансылык абалынын начарлашына байланыштуу болбосо, ошол кредит валютасын бир валютадан экинчи валютага которуу аркылуу, кредит боюнча келишим шарттарын кайталап өзгөртүү.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Эгерде жаңыдан берилген кредитти төлөө графигинде негизги сумманы ар айлык негизде төлөө каралбаса жана ошондой эле негизги сумманын 80% көбүн төмөнкү мөөнөт өткөндөн кийин төлөө каралса:  

- кредиттин жалпы мөөнөтүнүн 3/4, мында кредиттик мезгилдин жалпы мөөнөтү 3 (үч) жылдан төмөн болсо;  

- кредиттин жалпы мөөнөтүнүн 1/2, мында кредиттик мезгилдин жалпы мөөнөтү 3 (үч) жылдан жогору болсо;  

мындай кредиттерди 5% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен "байкоого алынган активдер" катары классификациялоо зарыл, мында төмөнкү кредиттер эске алынбайт:  

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кредитти төлөө үчүн жеңилдетилген мезгил берүү каралган максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттер;  

- жеке адамдардын жана юридикалык жактардын ишин калыбына келтирүү/жандандыруу максатында кредитти төлөөгө жеңилдетилген мезгил берүү каралган программалар боюнча берилген кредиттер;  

- банктар ортосунда кредиттер, анын ичинде микрофинансылык уюмдарга берилген кредиттер;  

- чогуу алганда бир карыз алуучуга берилген таза суммардык капиталдан 1% төмөн суммага.  

Бул кредиттер ушул Убактылуу эрежелердин 3-пунктуна ылайык классификацияланууга тийиш. 

4-глава. Классификацияланган активдер 

7. Активдерди "субстандарттык" катары эсептөөгө мүмкүн болгон мүнөздүү белгилер катары төмөнкүлөр саналат:  

1) пландык төлөмдөр боюнча 60 күндөн 180 күнгө чейин мөөнөтү өткөрүлгөн карыз;  

2) карызды төлөө үчүн акча агымдарынын жетишсиздиги;  

3) карыз алуучу-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин төмөндө келтирилгендерди эске албаганда, кайсыл болбосун башка кредити боюнча негизги сумма жана/же пайыздар боюнча 30 күндөн ашык мөөнөтү өткөрүлгөн карызынын болушу:  

- ошол банкта жана/же башка финансы-кредит уюмунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген кредиттер;  

- жеке адамдардын жана юридикалык жактардын ишин калыбына келтирүү/жандандыруу максатында кредитти төлөөгө жеңилдетилген мезгил берүү каралган программалар боюнча берилген кредиттер;  

- коронавирус инфекциясынын жайылышынан же ага байланыштуу чектөөлөрдөн улам мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз келип чыккан кредиттер; 

4) карыз алуучу-жеке адамдын жубайынын/жолдошунун, ата-энесинин жана балдарынын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердин ошол банк жана/же башка финансы-кредит уюмдары алдында кредитинин негизги суммасы жана/же пайыздары боюнча 60 күндөн ашык мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы болсо, мында жогоруда аталган бардык кредиттер ошол эле бир булактан төлөнгөн шартта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча аларга берилген кредиттер эске алынбайт. Мында кредиттерди ошол эле бир булактан төлөө дегенден улам ишкердиктен түшкөн кирешени кошо алганда, финансы-кредит уюму кредит берүү жөнүндө чечимди кабыл алууда эске алган жогоруда аталган адамдардын жыйынды кирешесин түшүнүүгө болот; 

5) күрөө баасынын төмөндөшү, анын сапатынын начарлашы, күрөөнү сатуу кыйындайт же гарантия/кепилдик менен камсыздалган болсо - банк гаранттын/кепилдин финансылык абалынын начарлоосу жөнүндө маалымат алат.  

Эскертүү: Ушул пункттун 3 жана 4-пункчаларында көрсөтүлгөн белгилер эмгек акы долбоорлорунун алкагында овердрафттарга таркатылбайт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 17-июнундагы № 2020-П-33/35-1-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Карызды төлөө мөөнөтү 180 күндөн 270 күнгө чейин кечиктирилген учурда актив "субстандарттык" катары классификацияланууга тийиш. Мында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү" жобонун 4.1-пунктуна ылайык, күрөөлүк камсыздоого ээ активдерди эске албаганда, мындай активдин сапаттуу белгилери активдерди классификациялоо категориясын жакшыртпайт.  

Толугу менен кепилдик/гарантия менен камсыздалган актив, төлөө мөөнөтүн кечиктирүүнүн 90-күнү, башкача айтканда ушул пункттун биринчи абзацындагы мөөнөт келип жеткенге чейин "субстандарттык" катары классификациялануусу зарыл.  

9. Активди "шектүү" катары эсептөөгө мүмкүн болгон мүнөздүү белгилер катары төмөнкүлөр саналат:  

1) негизги сумма жана/же пайыздар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз 180 күндөн 270 күнгө чейинки мөөнөттү түзөт;  

2) кардардын финансылык абалы олуттуу начарласа (же болбосо кардар банкрот абалында болсо);  

3) күрөөнүн абалы начар болсо же ал жок болсо;  

4) кепилдик берүүчүнүн/гаранттын жана/же контракттык каржылоонун алкагында кредит алган кардардын контрагентинин финансылык абалынын начарлашы;  

5) күрөөнү сатып өткөрүүдөн карызды төлөөнүн көз карандылыгы. Мында, күрөө кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк формасында, келишимге ылайык банкка карыздын негизги суммасын, бардык пайыздарды жана күрөөлүк укукту сатып өткөрүүгө байланыштуу башка чыгымдарды төлөө үчүн жетиштүү өлчөмдө сатылып өткөрүлүүгө тийиш. Күрөөнү төмөндө белгиленген мөөнөттөрдө сатып өткөрүү болжолдонот:  

- кыймылсыз мүлк - 2 (эки) жылдан кечиктирбестен;  

- кыймылдуу мүлк - 1 (бир) жылдан кечиктирбестен.  

10. Карызды төлөө мөөнөтү 270 күндөн 360 күнгө чейин кечиктирилген актив "шектүү" катары классификацияланууга тийиш. Мында, "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобонун 4.1-пунктуна ылайык, күрөөлүк камсыздоого ээ активдерди эске албаганда, мындай активдин сапаттуу белгилери активдерди классификациялоо категориясын жакшыртпайт.  

11. Актив "жоготуулар" катары таанылган белгилер катары төмөнкүлөр болушу мүмкүн:  

1) карыз мөөнөтү 270 жана андан ашык күнгө кечиктирилсе;  

2) күрөө жок болсо же рыноктун жоктугунан аны сатуу мүмкүн эмес болсо;  

3) кардардын карызды төлөө мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу, төлөөдөн баш тартуусу же болбосо төлөө ниетин билдирип, бирок иш жүзүндө төлөөнү ишке ашырбаса, активди төлөө үчүн экинчи булагынын жоктугу, кепилдик берүүчүнүн/гаранттын жана/же контракттык каржылоонун алкагында кредит алган кардардын контрагентинин өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу/баш тартуусу;  

4) кардардын банк менен кызматташууга ниетинин же болбосо кардардын жоктугу;  

5) кардар бизнес жүргүзүүнү токтотсо же болбосо ал банкрот катары жарыяланса;  

6) оффшордук аймактардын субъектилерине активдерди сунуштоо. 

5-глава. Реструктуризацияланган кредиттерди классификациялоо 

12. Эгерде ошол кредит 2020-жылдын 1-мартынан тартып 2 (эки) жолудан көп эмес реструктуризацияланса, банктар коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн чектөөлөрдүн таасиринен улам карыз алуучунун акча агымдарынын өзгөрүүсүнө жана финансылык абалына байланыштуу активдерди классификациялоо категориясын начарлатпоого укуктуу.  

13. 2020-жылдын 1-мартынан тартып эки жолу реструктуризацияланган активдер боюнча мөөнөтү өткөрүлгөн карыз келип чыкса, мындай активдер ушул Убактылуу эрежелерде белгиленген классификациялоо категориясынын белгилерине ылайык классификацияланат.  

14. Жогоруда аталган активдерди үчүнчү жана андан кийин да реструктуризациялоодо классификациялоо категориясын банк кеминде 1 категорияга начарлатууга тийиш. 

6-глава. Активдин ордун жабууга кабыл алынган банктын башка менчигин классификациялоо 

15. Активдин ордун жабууга кабыл алынган банктын башка менчиги төмөндөгү мезгил аягына чыкканча сатылып өткөрүлбөсө, "жоготуулар" катары классификацияланат:  

а) эки жыл - кыймылдуу мүлк үчүн;  

б) менчик укугу келип чыккан учурдан тартып төрт жыл - Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен айыл чарба багытындагы жерлерге коюлган мөөнөттөрдөн башка кыймылсыз мүлк үчүн.  

16. Банк карыз алуучуга турак жай кыймылсыз мүлкүн бөлүп төлөө шартында сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүү учурларын эске албаганда, банктардын операциялык кирешесин көбөйтүү максатында, башка менчикти күтүү боюнча чыгашалар суммасынан ашкан кирешени алуу менен башка кыймылсыз мүлктү ижарага берүүгө укуктуу.  

 Мында, эгерде банк мындай кыймылсыз мүлктү ага менчик укугуна ээ болгон учурдан тартып 3 (үч) жыл ичинде сатып өткөрбөсө, банк 50% өлчөмүндө потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү менен аларды "шектүү" активдер катары классификациялайт.  

17. Финансылык ижара келишими/бөлүп төлөө шартында кыймылсыз мүлктү сатуу келишими же башка менчик боюнча ушул сыяктуу башка келишим боюнча төлөмдөр мөөнөтүндө төлөнбөгөн учурда жана төлөө графигин бузулган учурда, классификациялоо ушул Убактылуу эрежелерге ылайык ишке ашырылууга тийиш.