Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 9-декабрындагы 

№ 76/9 токтомуна 

тиркеме 

Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2016-жылдын 24-февралындагы № 10/4, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-11-(НПА), 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-33/9-7-(НФКО), 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-12\39-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө" жободо (мындан ары - жобо) микрокредиттик компанияларды (мындан ары - МКК) жана микрокредиттик агенттиктерди (мындан ары - МКА), анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган (банк мыйзамдарында каралган атайы терминологияны эске алуу менен) МКК жана МКАларды түзүү жана лицензиялоо тартиби, ошондой эле МКК жана МКАлардын кызмат адамдарына карата талаптар, обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүү, МКК жана МКАлардын уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби, МККнын иш чөйрөсүн кеңейтүү тартиби аныкталган. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

1. Жалпы жоболор  

1. МКК коммерциялык уюмдун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кандай болбосун уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.  

МКА, саясий партияларды, кесиптик бирликтерди жана диний уюмдарды эске албаганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган коммерциялык эмес уюмдун кандай болбосун уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.  

2. МКК/МКА юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган бирдиктүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жак статусуна ээ болот.  

3. "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык, МККнын уюштуруучулары (катышуучулары, акционерлери) жана МКАнын уюштуруучулары (катышуучулары) катары жеке адамдар жана юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери болушу мүмкүн.  

4. Өз ишин жана/же донорлордун агенттик иш-милдеттерин жүзөгө ашырууну баштоо үчүн МКК/МКА Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары - Улуттук банк) каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк (күбөлүк) алууга тийиш.  

5. МКК/МКА өз ишин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келген уюштуруу документтеринин негизинде жүзөгө ашырат.  

6. МКК/МКАнын уставында "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамдын 2-беренесинде, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырууну ниеттенген МКК/МКА үчүн) белгиленген максатка жетүү маселелерин жөнгө салган жоболор, операциялар тизмеги, негизги иш чөйрөсү, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык ошол эле бир адамга же байланыштуу адамдар тобуна берилүүчү микрокредиттин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо), ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген башка маселелер каралууга тийиш.  

7. Улуттук банктын тиешелүү күбөлүгүнүн негизинде МКК/МКА, жеке адамдардан жана/же юридикалык жактардан "Кард-Хасан" жана "Мудараба" бүтүмдөрү боюнча акча каражаттарын тартууну эске албаганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

8. МККнын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү кеминде 5000000 (беш миллион) сомду түзүүгө тийиш.  

9. МККнын уставдык капиталы "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамдын жоболоруна ылайык уюштуруучулардын (катышуучулардын, акционерлердин) акча каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана түптөлөт.  

10. МКК/МККга сунушталуучу документтер ушул жобонун талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилинде төмөнкүлөргө берилет:  

- Улуттук банктын борбордук аппаратына - Бишкек шаарында жана Чүй областында иш алып барган МКК/МКАлар;  

- Улуттук банктын областтык башкармалыктарына - Чүй областынан тышкары, Кыргыз Республикасынын башка областтарында иш алып барган МКК/МКАлар;  

- Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө - Баткен областында иш алып барган МКК/МКАлар.  

11. МКК/МКАнын ушул жобого ылайык Улуттук банкка берилген, бир нече барактан турган уюштуруу документтеринин же башка чечиминин түп нускасынын ар бир өзүнчө көктөлүүгө, номер коюлуп, аларга МКК/МКАнын жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу адамынын колу коюлууга жана МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Мында, ыйгарым укук чегерилген адам мындай документтерге кол коюуга жана аларды Улуттук банкка берүүгө ыйгарым укуктары жөнүндө тиешелүү документтин көчүрмөсүн берүүгө тийиш.  

12. Уюштуруу келишимине МКК/МКАнын бардык катышуучулары (катышуучулардын ыйгарым укук чегерилген өкүлдөрү) кол коюуга тийиш. Катышуучу - жеке адамдын кол тамгасы нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө, ал эми катышуучу-юридикалык жактын өкүлү болуп саналган ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы юридикалык жактын мөөрү менен бекемделип, же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.  

Бир адам тарабынан уюштурулган МКК/МКАнын уюштуруу документинен болуп устав саналат.  

13. МКК/МКА тарабынан Улуттук банкка сунушталган документтердин көчүрмөлөрү белгиленген тартипте күбөлөндүрүлүүгө тийиш.  

Чет өлкө уюштуруучулары (катышуучулары, акционерлери) тарабынан сунушталуучу документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, анын ичинде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен легалдаштырылууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилдерге которулууга (нотариалдык жактан тастыкталган көчүрмөсү сунушталууга) тийиш.  

14. Эгерде МКК/МКА Улуттук банкка ушул жободо белгиленген документтерди толук эмес көлөмдө сунуштаса же болбосо алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе, Улуттук банк жазуу жүзүндө себептерин көрсөтүү менен документтер топтомун кароо үчүн бөлүнгөн мөөнөт ичинде документтерди жеткире иштеп чыгууга кайтарып берүүгө укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

15. МКК/МКА тарабынан ушул Жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча жеткире иштелип чыккан документтер Улуттук банкка берилсе, же документтер Улуттук банк тарабынан каралып жаткан учурда кошумча документтер сунушталса, анда аларды кароо мөөнөтү ушул Жобонун талаптарын канааттандырган документтерди алган күндөн тартып, кайрадан жаңы башталат.  

16. МКК/МКАнын уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун киргизилишин талап кылган, Улуттук банк тарабынан документтер каралып жаткан учурда МКК/МКАлардын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын, акционерлеринин) аталышы, жайгашкан орду, курамы өзгөргөн шартта, өтүнүч ээси МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу башкаруу органы мындай чечимди кабыл алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде бул тууралуу Улуттук банкка билдирүүгө жана өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген уюштуруу документтерин сунуштоого тийиш. 

16-1. Ушул жобонун алкагында Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдер же болбосо чечимдер жөнүндө маалымат (МКК/МКА) жазуу жүзүндө, эгерде ушул жободо башка мөөнөт белгиленбесе, чечим кабыл алынган күндөн кийинки үч жумуш күнү ичинде өтүнүч ээлерине тааныштырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

16-2. Улуттук банк тарабынан ушул жобонун алкагында кабыл алынган актыларды (лицензияны, Улуттук банк Башкармасынын жана Көзөмөл боюнча комитетинин токтомдорун эске албаганда) Улуттук банктын мөөрү менен тастыктоо талап кылынбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Күбөлүк алуу үчүн сунушталуучу документтер  

17. МКК/МКА күбөлүк алуу үчүн (анын ичинде операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга ниеттенген МКК/МКА) анын жайгашкан орду боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт:  

1) күбөлүк берүү жөнүндө өтүнүч (1-тиркеме);  

2) МКК/МКАлардын уюштуруучуларынын жалпы жыйынынан чечимди (бир катышуу болсо) же протоколун (катышуучулардын саны бирден жогору болсо) (эки нускада):  

- МКК/МКАны түзүү жөнүндө чечим;  

- башкаруу органынын жетекчисин (жетекчилерин) (башкармалыктын байкоо жана аткаруу органдарынын жетекчисин жана анын орун басарын) (мындан ары текст боюнча - жетекчи) шайлоо/дайындоо тууралуу чечим;  

- Шариат кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө чечим (эгерде МКК/МКА операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга ниеттенген болсо);  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, башка маселелер жөнүндө;  

3) МКК/МКАлардын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечими:  

- башкы бухгалтерди (штаттык тизимде башкы бухгалтер кызмат орду каралбаса, башкы бухгалтердин укугу берилген бухгалтерди же келип иштеген бухгалтерди) (мындан ары текст боюнча - башкы бухгалтер) дайындоо жөнүндө;  

- кредиттөө боюнча бөлүмдүн начальнигин (эгерде болгон болсо), ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн начальнигин/кызматкерин дайындоо тууралуу (эгерде МКК/МКА операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга ниеттенген болсо);  

- МКК/МКАнын уюштуруу түзүмү тууралуу (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөр (башкармалыктар, бөлүмдөр) алардын функционалдык милдеттери, каралуучу маселелерчөйрөсү, көз карандылык);  

4) МКК/МКАны түзүү жөнүндө уюштуруу келишимин (катышуучулардын саны бирден жогору болсо) (эки нускада);  

5) МКК/МКАнын уставы (эки нускада);  

6) МКК/МКАнын жетекчисинин, башкы бухгалтеринин, кредиттөө боюнча түзүмдүк бөлүмдүн начальнигинин (эгерде болгон болсо) анкеталарын (2-тиркеме), ошондой эле алардын ушул Жободо жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келгендигин тастыктаган маалыматтар жана документтер;  

Эгерде МКК/МКА операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууга ниеттенген болсо, анда Шариат кеңешинин Төрагасынын, мүчөлөрүнүн жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо бөлүмүнүн начальнигинин/кызматкеринин анкетасы да сунушталат (2-тиркеме).  

7) эгерде уюштуруучулар (катышуучулар, акционерлер) МКК/МКАнын уставдык капиталына Улуттук банк тарабынан МКК үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн 20 пайыздан жогору суммада акча каражаттарын салган болсо, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген төмөнкүдөй маалыматтар камтылган документтерди:  

а) юридикалык жактар тарабынан төмөнкүлөр сунушталышы мүмкүн:  

- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тастыкталган финансылык отчеттун, салык декларацияларынын же финансылык абал жөнүндө башка документтердин көчүрмөлөрү;  

- аудитордук корутундунун көчүрмөсү (эгерде болгон болсо же мындай талап мыйзамда белгиленген болсо);  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, уставдык капиталга салынган акча каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтер, ошондой эле алардын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;  

- юридикалык жактын ал тарабынан күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;  

б) жеке адамдар тарабынан төмөнкүлөр сунушталышы мүмкүн:  

- киреше тууралуу маалымкаттар, декларациялар, сатып алуу-сатуу/тартуулоо келишимдери, акча каражаттарын, мүлктү ж.б. мурастап калууга укук, ошондой эле белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөсү;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, уставдык капиталга салынган акча каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтер, ошондой эле алардын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;  

8) уюштуруучулардын/катышуучулардын - жеке адамдардын жана ушул пункттун 6-пунктчасында көрсөтүлгөн адамдардын паспортунун көчүрмөлөрү;  

9) уюштуруучулар (катышуучулар) - юридикалык жактар тууралуу маалымат (уюштуруу документтеринин жана ошол юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталган, юридикалык жак мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу документтин көчүрмөлөрү). 

Ушул пункттун 2 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн уюштуруу документтеринде уюштуруучу-жеке адамдардын кол тамгалары нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө, катышуучунун - юридикалык жактын өкүлү болуп саналган ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгалары юридикалык жактын мөөрү менен бекемделүүгө же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

18. Улуттук банк ушул жобонун 17-пунктунун 7-пунктчасында белгиленген документтерге кошумча уставдык капиталга салынган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган кошумча маалыматтарды (документтерди) талап кылуу укугуна ээ.  

19. Улуттук банк МКК/МКАнын күбөлүк алууга өтүнүчү жана ага кошо тиркелген документтер топтому ушул жободо белгиленген талаптарга жооп берген шартта, алар Улуттук банкка сунушталгандан кийинки 30 (отуз) күн ичинде кароого алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Документтер топтому толук көлөмдө сунушталып, алар белгиленген талаптарга жооп берген жана күбөлүк берүүдөн баш тартууга негиз жок болгон шартта, Улуттук банк ушул жобонун 17-пунктунун 2, 4- жана 5-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтердин бирден түп нускаларын тиркөө менен МКК/МКАны мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө макулдук берүү катын МКК/МКАнын жетекчисине сунуштайт.  

3. Кызмат адамдарына карата коюлуучу талаптар  

21. МКК/МКАнын жетекчиси жана башкы бухгалтери, кредиттөө боюнча бөлүмдүн начальниги (эгерде болгон болсо) жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча бөлүмдүк начальниги/кызматкери (эгер болгон болсо) кызмат ордуна талапкерлер төмөнкүдөй минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) жетекчи үчүн:  

а) жогорку билиминин жана банктарда же финансы-кредит уюмдарда 2 (эки) жылдык иш тажрыйбасынын болушу (орто-кесиптик билими болгон учурда);  

б) Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдардын ишине тиешелүү мыйзамдарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын билүүсү;  

в) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган МКК/МКАнын жетекчиси үчүн - тиешелүү сертификаттар же документтер менен тастыкталган ислам банк иши жана каржылоо принциптери чөйрөсүндө билиминин болушу;  

2) башкы бухгалтер үчүн:  

а) экономика жана финансы чөйрөсүндө жогорку билиминин же бухгалтердик эсепке алуу чөйрөсүндө 1 (бир) жылдык иш тажрыйбасынын болушу (экономика жана финансы тармагында орто-кесиптик билими болсо);  

б) талапкердин бухгалтердик эсепке алуу боюнча окутуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификатынын же башка документтин болушу;  

в) МКК/МКАнын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган башкы бухгалтери үчүн - ислам финансы институттары үчүн Бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюмдарынын (AAOIFI) стандарттарына тиешелүү билиминин болушу;  

3) кредиттөө боюнча бөлүмдүн начальниги жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча бөлүмдүн начальниги/кызматкери үчүн (эгер болгон болсо):  

а) экономика жана финансы чөйрөсүндө жогорку билиминин же банктарда же финансы-кредит уюмдарда кредиттөө (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо) бөлүмүндө 1 (бир) жылдык иш тажрыйбасынын болушу (экономика жана финансы тармагында орто-кесиптик билими болсо);  

б) Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдардын ишине тиешелүү мыйзамдарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын билүүсү;  

в) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча бөлүмдүн начальниги/кызматкери үчүн - бул багытта окуудан ийгиликтүү өткөндүгү жөнүндө тиешелүү сертификаттар же документтер менен тастыкталган ислам банк иши жана каржылоо принциптери чөйрөсүндө билиминин болушу;  

22) Улуттук банк төмөнкү учурларда МКК/МКАнын жетекчисинин, башкы бухгалтеринин, кредиттөө бөлүмүнүн начальнигинин, Шариат кеңешинин Төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо бөлүмүнүн начальнигинин/кызматкеринин кызмат ордуна талапкерлердин белгиленген минималдуу талаптарга жооп бербөөсүн аныктай алат: 

а) Улуттук банктын анын төмөнкүлөргө катыштыгы бар деп тааныган бир же бир нече чечимдеринин болушу:  

- Банктык жана микрофинансылык ишти жөнгө салган мыйзам талаптарын, анын ичинде Улуттук банк тарабынан финансы-кредит уюмга карата лицензиянын жана күбөлүктүн кайтарып алынышын жана акыркы 3 (үч) жыл ичинде убактылуу администрациясынын киргизилишин кошо алганда, таасир этүү чараларыдын (эгерде мындай таасир этүү чаралары, анын ичинде кызмат адамын административдик жоопкерчиликке тартуу бир эле маселе боюнча бир гана жолу колдонулган учурда, финансы-кредит уюм аткарылгандыгы тууралуу отчет берген, текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча финансы-кредит уюмга багытталган кабыл алынган жана аткарылган эскертүүлөрдү жана жазма буйрууларды эске албаганда) колдонулушуна алып келген Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берген катары;  

- финансы-кредит уюмун алгылыксыз банктык же финансылык тажрыйба катары классификацияланган иштерге;  

б) Кыргыз Республикасынын же башка мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын талапкердин алгылыксыз ишкердик аброюна ээ экендигин тастыктаган кат жүзүндөгү маалыматынын болушу;  

в) Кыргыз Республикасынын жөнгө салуучу органдарынын талапкер жооптуу болгон иш чөйрөсүндө финансылык же административдик көйгөйлөр орун алгандыгын тастыктаган текшерүү материалдарынын болушу;  

г) талапкердин ишкердиктин бул түрү менен алектенүүсүнө тыюу салган сот чечиминин болушу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-11-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

23. Ушул жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн МКК/МКАнын кызмат адамдарын шайлоодо/дайындоодо (кайра шайлоодо) ыйгарым укуктуу башкаруу органынын тиешелүү чечими кабыл алынган күндөн кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде МКК/МКА ушул чечимдин МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, шайланган/дайындалган адамдардын анкеталарын (2-тиркеме), ошондой эле алардын ушул Жободо тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга жооп берээрин тастыктаган маалыматтарды жана документтерди кошо тиркөө менен Улуттук банкка берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

24. Ушул жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн МКК/МКАнын кызмат адамдары белгиленген талаптарга жооп бербеген шартта, Улуттук банк 30 (отуз) календардык күн ичинде МКК/МКАга кат жүзүндө тиешелүү билдирме-кат жөнөтөт. МКК/МКА катта көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде Улуттук банкка альтернативалуу талапкерлердин тизмегин сунуштоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө карата талаптар  

25. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган МКК/МКАда кеминде 3 (үч) мүчөдөн турган, 5 (беш) жылдык мөөнөткө шайланган Шариат кеңеши милдеттүү түрдө болууга тийиш. Шариат кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бирин Шариат кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү түзүүсү зарыл. Көз карандысыздык критерийлери банк мыйзамдарында аныкталат. Шариат кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2020-жылдын 8-июлундагы № 2020-П-12\39-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

26. Шариат кеңешинин Төрагасы жана мүчөлөрү төмөнкү минималдуу талаптарга ылайык келүүгө тийиш:  

1) жогорку билими тууралуу дипломунун; Төрага үчүн - Укук жана/же финансылык ишкердик боюнча Шариат жагында жогорку билими жөнүндө дипломунун болушуна;  

2) ислам банк иши жана каржылоо принциптери жагында окуудан ийгиликтүү өткөндүгү тууралуу сертификаттар жана башка документтер менен тастыкталган билиминин жана Улуттук банктын негизги ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча банктык мыйзам чөйрөсүндө билиминин болушу;  

3) ушул Жобонун 22-пунктундагы шарттарга туура келбеши.  

Шариат кеңешинин төрагасы ушул пунктта белгиленген талаптарга кошумча, операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган финансы-кредит уюмунун Шариат кеңешинде кеминде 1 (бир) жылдык иш тажрыйбага ээ болууга, же болбосо ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча окутуу же изилдөө чөйрөсүндө (илимий иштер, статьялар, баяндамалар ж.б.) 4 (төрт) жылдан кем болбогон иш тажрыйбага ээ болууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

27. МКК/МКАда Шариат кеңеши жок болгон шартта, МКК/МКА микрофинансылык уюмдардын/кредиттик союздардын ассоциациялары тарабынан түзүлгөн Шариат кеңешинин кызматтарынан пайдаланууга укуктуу, мында бул Шариат кеңешинин мүчөлөрү ушул Жободо белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келүүлөрү тийиш.  

5. Күбөлүктү берүү тартиби  

28. Мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин МКК/МКА анын жайгашкан жери боюнча күбөлүктү алуу үчүн төмөнкү документтерди Улуттук банкка сунуштайт:  

1) күбөлүк берүү жөнүндө өтүнүч кат (3-тиркеме);  

2) МКК/МКАнын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү белгиси коюлган уюштуруу документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;  

3) МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн анын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;  

4) МКК үчүн - өтүнүч кат сунушталган күнү ушул жобонун 8-пунктуна ылайык минималдуу уставдык капитал өлчөмүндөгү акча каражаттарынын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкында ачылган топтолмо эсепке салынгандыгын тастыктаган документ.  

Топтолмо эсепте жайгаштырылган каражаттарды күбөлүктү алганга чейин уюштуруучуларга (катышуучуларга, акционерлерге) кандайдыр бир максаттарда пайдаланууга жол берилбейт.  

29. Күбөлүк (4-тиркеме), күбөлүк берүү жөнүндө өтүнүч катты жана ушул Жобонун 28-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин кошо тиркелген топтомун Улуттук банкка сунуштаган күндөн тартып 10 (он) календардык күн ичинде берилет.  

30. Күбөлүк, инсандыгын тастыктаган документти сунуштаган шартта МКК/МКАнын жетекчисине же тиешелүү ишеним каттын жана инсандыгын тастыктаган документтин негизинде башка ыйгарым укуктуу адамга берилет.  

31. Күбөлүк тууралуу маалымат МКК/МКАнын Улуттук банк тарабынан жүргүзүлгөн реестрине киргизилет.  

32. Күбөлүктүн түп нускасы жоголгон (жараксыз) шартта, МКК/МКА ал боюнча түшүндүрмөлөрдү жана анын жоголгондугун (жараксыздыгын) тастыктаган документтерди (жараксыздыгында - жараксыз күбөлүктү; жоголгондо - күбөлүктүн реквизиттерин көрсөтүү менен жоголгондугу тууралуу массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана жоголгон буюмдар боюнча маалымат алуучу жайдан маалымкат) кошо тиркөө менен дубликат берүүгө өтүнүч катты анын жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка сунуштайт.  

33. Күбөлүктүн дубликаты Улуттук банкка өтүнүч кат жана тиешелүү документтер сунушталган күндөн кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде берилет.  

Күбөлүктүн түп нускасы табылган учурда, МКК/МКА түшүндүрмөлөрдү кошо тиркөө менен күбөлүктүн түп нускасын 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка сунуштоого тийиш.  

6. Филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү ачуу тартиби  

34. МКК/МКА Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана МКК/МКА тарабынан бекитилген филиалдар ЖАНА өкүлчүлүктөр жөнүндө жобонун негизинде иш алып барган өзүнүн обочолонгон бөлүмдөрүн - филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн ачууга укуктуу.  

35. МКК/МКАнын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн чет мамлекеттин аймагында жүргүзгөн иши, алар ачылган өлкөнүн мыйзамдарынын жана/же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.  

Филиалды жана өкүлчүлүктөрдү чет мамлекеттин аймагында ачуу ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык алынган Улуттук банктын уруксатынын негизинде жүзөгө ашырылат.  

36. МКК/МКАнын филиалын же өкүлчүлүгүн ачуу МКК/МКАнын уставы аркылуу ыйгарым укук чегерилген башкаруу органынын чечими боюнча ишке ашырылат. МКК/МКАнын уставында ачыла турган филиалдар жана өкүлчүлүктөр жөнүндө маалымат камтылууга тийиш.  

37. Кыргыз Республикасынын аймагында МКК/МКАнын филиалын жана өкүлчүлүгүн ачуу үчүн Улуттук банкка жайгашкан орду боюнча төмөнкү документтерди сунуштайт:  

1) филиал/өкүлчүлүк ачуу жөнүндө өтүнүч (5-тиркеме);  

2) ыйгарым укуктуу башкаруу органынын филиал/өкүлчүлүк ачуу жана МКК/МКАнын уставына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечиминин түп нускасы жана МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү;  

3) филиал/өкүлчүлүк ачууга байланыштуу тиешелүү маалымат камтылган уставдын жаңы редакциясынын түп нускасы жана МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү;  

4) МКК/МКАнын филиалы/өкүлчүлүгү жөнүндө жобонун түп нускасы жана МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү;  

5) МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын жетекчисин, башкы бухгалтерди (болгон болсо), кредиттөө бөлүмүнүн начальнигин жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо бөлүмүнүн начальнигин/кызматкерди (болгон болсо) дайындоо жөнүндө буйругунун МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү;  

6) ушул пункттун 5-пунктчасында көрсөтүлгөн адамдар тууралуу маалымат (аты-жөнү, билими, иш тажрыйбасы).  

Чет мамлекеттердин аймагында филиал жана өкүлчүлүк ачууда МКК/МКА Улуттук банктын уруксатын алуу үчүн ушул пункттун 1-4-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтерди жайгашкан жери боюнча сунуштайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

38. МКК/МКАнын филиалы жана өкүлчүлүгү жөнүндө жободо төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:  

1) филиалдын жана өкүлчүлүктүн аталышы жана жайгашкан орду;  

2) филиалды жана өкүлчүлүктү түзгөн МКК/МКАнын аталышы жана жайгашкан орду;  

3) филиалдын жана өкүлчүлүктүн иштөө мөөнөтү;  

4) филиалдын жана өкүлчүлүктүн иш максаты жана ыйгарым укуктары;  

5) филиалдын жана өкүлчүлүктүн жетекчисинин ыйгарым укуктары;  

6) филиалдын жана өкүлчүлүктүн ишин токтотуу шарттары.  

Филиал жана өкүлчүлүк жөнүндө жобо МКК/МКАнын ыйгарым укук чегерилген башкаруу органы тарабынан бекитилет жана ага МКК/МКАнын жетекчисинин колу коюлат.  

39. Улуттук банк филиалды жана өкүлчүлүктү ачуу тууралуу билдирмени жана документтердин кошо тиркелген топтомун Улуттук банкка сунушталган күндөн кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде кароого алат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

40. Документтер топтому толук көлөмдө сунушталып, алар белгиленген талаптарга жооп берген жана баш тартууга негиз жок болгон шартта, Улуттук банк ушул жободо белгиленген талаптарга жооп берген шартта ушул жобонун 37-пунктунун 2, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтердин түп нускаларын тиркөө менен филиалды/өкүлчүлүктү мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө макулдук берүү катын жана МКК/МКАнын мамлекеттик кайра каттоодон өтүү үчүн макулдук катын сунуштайт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

41. МКК/МКА филиалды/өкүлчүлүктү мамлекеттик каттоодон өткөртүүдөн кийинки жана уставга филиалды жана өкүлчүлүктү ачууга байланыштуу өзгөртүүлөр/толуктоолор киргизилгенден кийинки 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен тиешелүү билдирүү катын сунуштоого милдеттүү:  

1) МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган МКК/МКАнын уставынын көчүрмөсү;  

2) МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, МКК/МКАнын мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;  

3) МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, филиалдын жана өкүлчүлүктүн мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;  

4) МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган, Филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө жобонун көчүрмөсү;  

5) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

41-1. Кыргыз Республикасынын аймагында же чет мамлекетте филиалды жана өкүлчүлүктү жабууда МКК/МКА тиешелүү чечимде көрсөтүлгөн, филиалды/өкүлчүлүктүн иши токтотулган күндөн кийинки 10 (он) календардык күн ичинде жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен тиешелүү билдирүү катты сунуштайт:  

- МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу органынын филиалды/өкүлчүлүктү жабуу жөнүндө чечиминин көчүрмөсү;  

- юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлгөн филиалдын/өкүлчүлүктүн иши токтотулгандыгын каттоо жөнүндө билдирменин көчүрмөсү.  

Филиалды/өкүлчүлүктү жабууга байланыштуу МКК/МКАнын уставына өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү, уставга төмөнкү кезекте өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү менен ишке ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

41-2. МКК/МКА, филиалдын жана өкүлчүлүктүн иши токтотулгандыгын мамлекеттик каттоодон өткөргөндөн кийинки 10 (он) календардык күн ичинде МКК/МКАнын мөөрү менен тастыкталган, юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын филиалдын/өкүлчүлүктүн иши токтотулгандыгын каттоо жөнүндө документинин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен тиешелүү билдирүү катты Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

42. МКК/МКАнын филиалдары алар жайгашкан жерден сырткары жайгашкан жана төмөнкү функцияларды гана аткарган түзүмдүк бөлүмдөрү болушу мүмкүн:  

- маалыматтарды топтоо;  

- микрокредиттерди берүүгө же ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоого билдирмелерди жыйноо жана иштеп чыгуу;  

- көрсөтүлгөн операцияларды кассалык тейлөө;  

- бул түзүмдүк бөлүмдөр ишин МКК/МКА филиалдарынын атынан гана жүзөгө ашыра алышат.  

МКК/МКА мындай түзүмдүк бөлүмдөрдүн бар экендиги тууралуу аларды ачуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн кийинки 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү

7. МКК/МКАнын уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү  

43. МКК/МКАнын уюштуруу документтерине киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш. МКК/МКАнын аталышын өзгөртүү Улуттук банк менен алдын ала макулдашылгандан кийин гана жүзөгө ашырылат.  

44. Уюштуруу документтерине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду макулдашуу үчүн МКК/МКА анын жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт:  

1) уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч (6-тиркеме);  

2) МКК/МКАнын ыйгарым укук чегерилген башкаруу органынын уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечиминин түп нукскасы жана МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;  

3) уюштуруу келишиминин (катышуучулар/уюштуруучулар курамы өзгөргөн шартта) жана уставдын жаңы редакциясынын түп нускасы, ошондой эле алардын МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;  

4) уставдык капиталын көбөйткөн шартта - өтүнүч кат сунуштаган күнү Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкындагы эсепте уставдык капиталды көбөйтүүнүн эсебине толук өлчөмдө акча каражаттарынын салынгандыгын тастыктаган документ (банктагы эсептешүү эсебинен көчүрмө), мында уставдык капиталды бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен көбөйтүү эске алынбайт.  

Мында, уставдык капиталды көбөйтүү эсебине багытталган акча каражаттарынын суммасы кошумча капитал эсебинде эсепке алынууга тийиш жана ал МКК/МКА тарабынан толугу менен кайра каттоодон өткөнгө чейин негизги уставдык максаттарда гана (кредиттөө, операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашыруу) пайдаланылышы мүмкүн.  

Эгерде капитал:  

- Уюштуруучулар (катышуучулар, акционерлер) тарабынан салынган кошумча капиталдын эсебинен көбөйтүлсө -кошумча капитал катары акча каражаттарын салуу жана мындай капиталдын кайтарылып алынгыстыгы жөнүндө келишим/макулдашуу (бир катышуучуда - чечим) жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктагы эсептешүү эсебинен ошол акча каражаттардын салынгандыгы жөнүндө көчүрмө сунушталат;  

- бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен көбөйтүлсө-уюштуруучулардын (катышуучулардын, акционерлердин) жалпы жыйынын бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен уставдык капиталды көбөйтүү жөнүндө чечими сунушталат;  

5) ушул жобонун (бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен уставдык капиталды көбөйтүүнү эске албаганда) 17-пунктунун 7-пунктчасында белгиленген документтер тизмегине ылайык, Улуттук банк тарабынан МКК үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 20%нан ашык суммадагы акча каражаттарынын МКК/МКАнын уставдык капиталына уюштуруучулар (катышуучулар, акционерлер) тарабынан салынышында, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалымат камтылган документтер;  

6) уставдык капиталды азайтууда - уставдык капиталды азайткандан кийин МКК/МКАнын финансылык абалы тууралуу (финансылык абал тууралуу болжолдуу отчет) жана МКК/МКА тарабынан Улуттук банктын талаптарынын аткарылышына таасири, ошондой эле МКК/МКАлардын кредиторлор алдындагы милдеттерин аткаруусу жөнүндө болжолдуу эсептөөлөр;  

- кредиторлордун - финансы-кредит уюмдардын МКК/МКАлардын уставдык капиталын азайтууга кат жүзүндөгү макулдугу (эгер болгон болсо);  

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маалыматтар жана документтер.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

45. Макулдашуу үчүн зарыл документтер МКК/МКА тарабынан уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү чечими кабыл алынгандан кийинки 20 (жыйырма) календардык күн ичинде Улуттук банкка сунушталат.  

46. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жана башка документтерди билдирүү ээсинен талап кылууга укуктуу.  

47. Улуттук банк МКК/МКАнын уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу өтүнүчтү жана кошо тиркелген документтер топтомун Улуттук банкка ушул жободо белгиленген талаптарга жооп берген шартта берилген күндөн тартып 30 (отуз) календардык күн ичинде карайт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

48. Документтер топтому толук көлөмдө сунушталып, алар белгиленген талаптарга жооп берген шартта Улуттук банк ушул жобонун 44-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтердин ар биринин түп нускаларын тиркөө менен МКК/МКАны мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө макулдук берүү катын берет.  

49. МКК/МКА мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийин 10 (он) календардык күн ичинде жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен тиешелүү билдирме-катты сунуштоого милдеттүү:  

1) МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган МКК/МКАнын уставынын көчүрмөсү;  

2) МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, МКК/МКАнын мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү.  

50. Күбөлүктөгү (МКК үчүн-лицензияда) маалыматтар өзгөргөн шартта (мисалы, аталышы, жайгашкан орду өзгөргөндө), МКК/МКА күбөлүктү (МКК үчүн-лицензияны) кайра тариздетүүгө милдеттүү.  

1) МКК/МКАнын мамлекеттик кайра каттоодон өтүшүн шарттаган, аталышынын жана/же жайгашкан ордунун өзгөрүшүндө МКК/МКА ушул Жобонун 49-пунктунда белгиленген талаптарга жана документтерге кошумча, күбөлүктү кайра тариздөө жөнүндө өтүнүч катты төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен сунуштоого тийиш:  

- МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, күбөлүктү (МККнын лицензиясын) кайра тариздөө жөнүндө чечиминин көчүрмөсү;  

- МКК/МКАнын мурда берилген күбөлүгүнүн (МКК лицензиясынын) түп нускасы.  

2) МКК/МКАнын жайгашкан орду өзгөргөн шартта жана мында мамлекеттик кайра каттоо талап кылынбаса, МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу органы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийинки 10 (он) календардык күн ичинде МКК/МКА жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү кайра тариздетүүгө өтүнүч кат сунуштайт:  

- МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн күбөлүктү кайра тариздөө жөнүндө чечиминин көчүрмөсү;  

- МКК/МКАнын юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлгөн, МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн билдирүүсүн тастыктаган көчүрмөсү;  

- МКК/МКАнын мурда берилген күбөлүгүнүн түп нускасы.  

51. Документтер толук көлөмдө сунушталса жана алар белгиленген талаптарга жооп берген учурда Улуттук банк бардык зарыл документтер сунушталгандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде МКК/МКАнын күбөлүгүн (МККнын лицензиясын) кайра тариздетет.  

52. МКК/МКАнын жайгашкан орду анын мамлекеттик каттоодон өткөн орду боюнча аныкталат. МКК/МКА кайра тариздетилген күбөлүктү (МКК лицензияны) алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде өз аталышынын жана/же жайгашкан ордунун өзгөргөндүгү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында маалымдоого милдеттүү.  

53. МКК/МКА телефон, факс номерлеринин, электрондук дарегинин өзгөргөндөн тартып 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка мындай өзгөрүүлөр тууралуу маалымдоого милдеттүү.  

8. "Ислам терезесин" ачуу тартиби  

54. МКК/МКА ушул жобонун талаптарына ылайык ислам банк иши жана каржылоо принциптеринин негизинде операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн "ислам терезесин" ача алат.  

55. МКК/МКА "ислам терезесин" ачуу үчүн төмөнкү талаптарды аткарууга тийиш:  

1) "ислам терезесин" ачуу жөнүндө өтүнүч катты берген күнгө чейин МКК/МКА катары ишин кеминде 1 (бир) жыл жүзөгө ашырууга;  

2) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген уставдык капитал боюнча талаптарды сактоого (МКК үчүн);  

3) "ислам терезесин" ачуу жөнүндө өтүнүч катты Улуттук банкка берген күнгө чейин ишкердикти жүргүзгөн акыркы 12 (он эки) ай аралыгында Улуттук банк тарабынан таасир этүү чараларына дуушар болбоого (ал боюнча финансы-кредит уюму аткарылышы жөнүндө отчет берген текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча финансы-кредит уюмдарына жөнөтүлгөн кабыл алынган жана аткарылган эскертүүлөрдү жана жазма буйрууларды эске албаганда, эгерде мындай таасир этүү чаралары бир эле маселе боюнча бир нече жолу колдонулбаса).  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

56. МКК/МКА "ислам терезеси" аркылуу операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн "ислам терезеси" аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүү укугуна каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү алууга тийиш.  

57. "Ислам терезесин" ачуу МКК/МКАнын катышуучусунун (бир катышуучу болсо) уюштуруучуларынын (катышуучунун саны бирден көп болсо) чечими боюнча жүзөгө ашырылат.  

58. МКК/МКА "ислам терезеси" аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүү укугуна күбөлүк алуу үчүн анын жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт:  

1) "ислам терезесин" ачуу жөнүндө өтүнүч кат (1-тиркеме);  

2) МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, төмөнкү чечимдерди камтыган МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечиминин көчүрмөсү:  

- "ислам терезесин" ачуу жөнүндө;  

- МКК/МКАнын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө;  

- Шариат кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө;  

3) МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын "ислам терезесинин" жетекчисин/ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо үчүн жооптуу кызматкерин дайындоо/шайлоо жөнүндө;  

4) МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн "Ислам терезеси" жөнүндө жобонун көчүрмөсүн;  

5) МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн Шариат кеңеши жөнүндө жобонун көчүрмөсүн;  

6) МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн Шариат кеңешинин Төраганы шайлоо жөнүндө чечиминин көчүрмөсүн;  

7) Шариат кеңешинин Төрагасынын жана мүчөлөрүнүн кызмат ордуна талапкерлердин анкетасын (2-тиркеме), ошондой эле алардын ушул Жободо жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген минималдуу квалификациялуу талаптарга ылайык келээрин тастыктаган маалыматтарды жана документтерди;  

8) жетекчинин, Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн (болгон шартта), персоналынын (ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча бөлүмдүн жетекчисинин/адистин) биринде ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча квалификациясынын бар экендигин тастыктаган документтерди. Квалификация ушул Жободо белгиленген жагдайларды эске албаганда, тиешелүү билим берүүчү окутуулардан/лекциялардан/семинарлардан өткөндүгү жөнүндө сертификат, күбөлүк ж.б. менен тастыкталат);  

9) каржылоо көлөмү жана кардарлардын саны боюнча болжолдуу балансын келтирүү менен болжолдонуп жаткан операциялардын болжолдонгон эсептөөлөрүн;  

10) ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча бөлүмдөрдү киргизүү менен МКК/МКАнын уюштуруу түзүмүн (башкаруу органдарын, түзүмдүк бөлүмдөрдү (башкармалыктар, бөлүмдөр) алардын функционалдык милдеттери, кароого алынуучу маселелер чөйрөсү, көз карандылыгы);  

11) МКК/МКА ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте "ислам терезесинин" алкагында жүргүзүүгө ниеттенген операциялар тизмесин камтыган МКК/МКАнын уставынын түп нускасын жана МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн анын көчүрмөсүн;  

12) Шариат кеңеши тарабынан жактырылган жана ыйгарым укуктуу башкаруу органы тарабынан бекитилген, жыйыны менен бекитилген, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүнүн натыйжасында МКК/МКА дуушар болгон бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, контролдоо, мониторинг жүргүзүү жана аны төмөндөтүү боюнча чаралар каралган МКК/МКАнын каржылоо боюнча саясатын, операциялык, эсептик жана башка негизги саясаттарын жана болжолдонуп жаткан операциялардын бухгалтердик эсепке алуу саясатын;  

13) МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, микрофинансылык уюмдар/кредиттик союздар ассоциациясы менен аталган ассоциация алдында (МКК/МКАнын алдында Шариат кеңеши болбогон болсо) иш алып барган Шариат кеңеши тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө МКК/МКАнын келишиминин көчүрмөсүн.  

59. Улуттук банк "ислам терезесин" ачуу жөнүндө өтүнүч катты жана талаптагыдай таризделген документтердин тиркелген топтомун аларды Улуттук банкка ушул жободо белгиленген талаптарга жооп берген шартта берген күндөн тартып 30 (отуз) күн ичинде кароого алат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

60. Берилген документтер толук сунушталып, белгиленген талаптарга ылайык келген, "ислам терезесинин" ачуудан баш тартууга негиздин жоктугу жана ачуу үчүн негиздеменин жеткиликтүү болушунда Улуттук банк, МКК/МКАнын мамлекеттик кайра каттоодон өтүшү үчүн макулдук берүү жөнүндө катты ушул жобонун 58-пунктунун талаптарына ылайык сунушталган уставдын түп нускасын кошо тиркөө менен берет.  

61. МКК/МКА мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийин 10 (он) календардык күн ичинде төмөнкү документтерди анын жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка берүүгө милдеттүү:  

1) "ислам терезеси" аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүү укугуна күбөлүк берүү жөнүндө өтүнүч катты (3-тиркеме);  

2) МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги менен МКК/МКАнын уставынын көчүрмөсүн;  

3) МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн.  

62. МКК/МКАнын "ислам терезеси" аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүү укугуна күбөлүгү (4-тиркеме) Улуттук банкка өтүнүчкат жана ушул Жобонун 61-пунктунда көрсөтүлгөн сунушталган документтер топтому берилгенден кийинки 10 (он) календардык күн ичинде берилет.  

9. МКК/МКАны ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган МКК/МКАга кайра өзгөртүп түзүү тартиби  

63. МКК/МКА ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган МКК/МКАга, аталган МКК/МКАда "ислам терезеси", кайра өзгөртүп түзүүгө өтүнүч катты берүү күнүнө чейин ислам финансы кызмат көрсөтүүлөр рыногунда кеминде 1 (бир) жыл иш тажрыйбасы жана ушул жобонун 55-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларынын талаптары сакталган шартта гана кайра өзгөртүлүп түзүлүшү мүмкүн.  

64. Кайра өзгөртүп түзүү болжолдонгон күнгө чейин кеминде 6 (алты) ай ичинде МКК/МКА, бул тууралуу кредиторлоруна (эгерде болгон болсо), ошондой эле Улуттук банкка маалымдоо менен МКК/МКАнын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган МКК/МКАга кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечимин (бир уюштуруучу болгон шартта) же протоколун (катышуучулардын саны бирден ашык болсо) МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечими менен бекитилген, кайра өзгөртүп түзүү боюнча иш-чаралар планын кошо тиркөө менен сунуштоосу зарыл. Иш-чаралар планында аны аткаруу мөөнөттөрү, Шариат стандарттарына ылайык келбеген активдердин жана милдеттенмелердин кайра өзгөртүп түзүү/ордун жабуу тартиби, персоналды окутуу талаптары камтылууга, бирок муну менен чектелип калбоого тийиш.  

65. МКК/МКА ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган МКК/МКАга кайра өзгөртүлүп түзүлгөндүгү тууралуу Улуттук банкка маалымдагандан кийин Улуттук банк зарылчылык келип чыккан шартта, МКК/МКАга максаттуу инспектордук текшерүү жүргүзөт же болбосо Улуттук банкка маалымдалганга чейинки акыркы 6 (алты) ай ичинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжалары эске алынышы мүмкүн.  

66. МКК/МКАны операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган МКК/МКАга кайра өзгөртүп түзүү тууралуу Улуттук банкка маалымдалгандан 6 (алты) ай өткөндөн кийин, Улуттук банктын баш тартууга негиздери жок болгон учурда, анын ичинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жана ушул жобонун 64-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чаралар планын кароого алуунун жыйынтыгы боюнча МКК/МКА тиешелүү күбөлүктү алуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт:  

1) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга күбөлүк берүү жөнүндө өтүнүч (1-тиркеме);  

2) МКК/МКА кайра өзгөртүлүп түзүлгөндүгүнө байланыштуу МКК/МКАнын кайра каралып чыккан уюштуруу түзүмүн (башкаруу органын, түзүмдүк бөлүмдөрүн (башкармалык, бөлүм), алардын функционалдык милдеттерин, каралуучу маселелер чөйрөсүн, көз карандуулугун);  

3) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруу маселелерин камтыган МКК/МКАнын уставынын түп нускасы жана МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;  

4) каржылоо көлөмү жана МКК/МКАнын кардарларынын саны боюнча болжолдуу балансты келтирүү менен болжолдуу эсептөөлөр;  

5) МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, МКК/МКАнын болжолдонгон операцияларга ар тараптуу иликтөө жүргүзүлгөндүгү жана алардын МКК/МКАнын ишине тийгизген таасирине ар тараптуу талдап-иликтөөлөр жүргүзүлгөндүгү жана уюштуруучулар (катышуучулар, акционерлер) тарабынан кайра өзгөртүп түзүү менен коштолгон тобокелдиктер идентификациялангандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечиминин көчүрмөсү;  

6) МКК/МКАнын персоналы ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча квалификацияга ээ экендигин тастыктаган документтер;  

7) кредиторлордун - финансы-кредит уюмдардын кайра өзгөртүп түзүүгө кат жүзүндөгү макулдугу (эгер болгон болсо);  

8) ушул Жобонун 64-пунктунда көрсөтүлгөн иш-чаралар планы.  

67. Ушул жобонун 66-пунктунда көрсөтүлгөн, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүү укугуна күбөлүк алуу үчүн документтерди берүү мөөнөттөрү сунушталуучу документтер белгиленген талаптарга ылайык келиши үчүн Улуттук банк МКК/МКА негизги бузууларды жана кемчиликтерди четтеткенге чейин максаттуу инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча документтерди тапшыруу мөөнөттөрүн жылдырышы мүмкүн.  

МКК/МКАга ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга күбөлүктү берүү жол-жобосунун токтотулушу күбөлүктү берүү чечимин кабыл алуу мөөнөтүн да токтотот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

68. Улуттук банк операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзүү укугуна күбөлүктү берүү тууралуу өтүнүч катты жана сунушталган документтер топтомун Улуттук банкка ушул жободо белгиленген талаптарга жооп берген шартта берген күндөн тартып 30 (отуз) календардык күн ичинде кароого алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

69. Сунушталган документтер толук болуп жана алар белгиленген талаптарга шайкеш келген жана баш тартууга негиз жок болгон шартта, Улуттук банк МКК/МКАнын кайра өзгөртүп түзүлүшүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өтүүгө макулдук берүү менен Улуттук банк МКК/МКАны ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган МКК/МКАнын кайра өзгөртүп түзүлүшүнө макулдук бериши мүмкүн.  

70. МКК/МКА мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийин Улуттук банк тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга күбөлүктүн берилиши үчүн анын жайгашкан жери боюнча Улуттук банкка төмөнкү документтерди берет:  

1) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга күбөлүктү берүү тууралуу өтүнүч катын (3-тиркеме);  

2) МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган МКК/МКАнын уставынын көчүрмөсүн;  

3) МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн МКК/МКАнын кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн.  

71. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүү укугуна күбөлүктү ушул жобонун 70-пунктунун талаптарына ылайык, документтердин талаптагыдай таризделген топтому Улуттук банкка берилген күндөннилген банкка ому документтердин талаптагыдай банк тарабынан МКК/МКАга берилет.  

72. Ушул Жобонун 66-пунктунун 8-пунктчасында көрсөтүлгөн иш-чаралар планы аяктаган күндөн тартып 30 (отуз) календардык күн ичинде МКК/МКА кайра өзгөртүп түзүү боюнча бул иш-чаранын аткарылгандыгы тууралуу отчетту жана тышкы аудитордук компания тарабынан бекитилген (мындай болгон болсо же бул талап мыйзам тарабынан белгиленген болсо) МКК/МКАнын акыркы отчеттук күнгө карата абал боюнча финансылык отчетун тиркөө менен билдирүү-катты Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.  

73. Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган, ислам банк иши жана каржылоо принциптери багытында окутуудан өткөндүгү жөнүндө сертификаты жок МКК/МКАнын аткаруу органынын мүчөлөрү МКК/МКАны ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган МКК/МКАга кайра өзгөртүп түзүү ниети тууралуу Улуттук банкка маалымдаган күндөн тартып 1 (бир) календардык жыл ичинде тиешелүү билим берүү курстарынан өтүүгө жана аны тастыктоочу документтерди Улуттук банкка берүүгө тийиш.  

10. Күбөлүк берүүдөн жана/же МКК/МКАны, анын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоого/кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер 

74. Төмөнкү учурларда МКК/МКАга күбөлүк берүүдөн жана/же МКК/МКАны, анын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоого/кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук берүүдөн баш тартылышы мүмкүн: 

1) МКК/МКА тарабынан "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамдын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузууга жол берилсе;  

2) сунушталган уюштуруу же башка документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул жободо белгиленген талаптарга, ошондой эле белгиленген Шариат стандарттарына ылайык келбесе (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган МКК/МКА үчүн);  

3) жетекчи жана/же башкы бухгалтер, кредиттөө боюнча бөлүмдүн начальниги (эгерде болгон болсо), Шариат кеңешинин Төрагасы жана мүчөлөрү, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык каржылоо боюнча бөлүмдүн начальниги/кызматкери, (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды ишке ашырган МКК/МКА үчүн) белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келбеген учурда;  

4) уставдык капиталга салынуучу акча каражаттарынын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматты камтыган документтерди толук көлөмдө сунуштабаса;  

5) кредиторлордун (мындай болгон болсо) МКК/МКАнын өзгөртүп түзүлүшүнө кат жүзүндөгү макулдугунун (уставдык капиталдын азаюусуна байланыштуу, "ислам терезесинин" ачылышы, операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган МКК/МКАга өзгөртүп түзүлгөндүгүнө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодо) же МКК/МКА тарабынан Улуттук банктын талаптарынын аткарылышына таасирин тийгизе турган башка негиздердин жоктугу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

75. Өтүнүч ээсине МКК/МКАны, анын филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн мамлекеттик каттоого/кайра каттоого макулдук берүүдөн жана/же күбөлүк берүүдөн баш тартылган учурда, Улуттук банк кат жүзүндө далилдүү жооп берүү менен сунушталган уюштуруу документтеринин түп нускаларын күбөлүк берүү үчүн белгиленген мөөнөт ичинде өтүнүч ээсине кайтарып берет, ал эми документтердин экинчи нускасы кайтарылып берилүүгө тийиш эмес. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

76. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

11. МККны лицензиялоо өзгөчөлүктөрү  

77. Эгерде бул операциялар МККга берилген лицензияда көрсөтүлгөн болсо, ал төмөнкү банк операцияларды кошумча жүзөгө ашыра алат:  

1) карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана аны кийинчерээк сатуу (факторинг)(1);  

2) банк менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөр - микрокредиттик компанияда кардарларга эсеп ачуусуз эле;  

3) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык чет өлкө валютасын өз атынан сатып алуу жана сатууну.  

78. МКК лицензия алуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт:  

1) лицензияны берүү жөнүндө өтүнүч катты (7, 9-тиркеме);  

2) ушул жобонун 77-пунктунда көрсөтүлгөн операциялар жөнүндө киргизилген өзгөртүүлөрү жана/же толуктоолору менен уставдын түп нускасын (эгер бул операциялар уставдын колдонуудагы редакциясында көрсөтүлбөсө) жана МККнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;  

3) МКК/МКАнын жалпы уюштуруу түзүмү (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөр (башкармалык, бөлүмдөр), алардын функционалдык милдеттери, кароого алынуучу маселелер чөйрөсү, көз карандуулук);  

4) төмөнкүлөрдү камтыган бизнес-план:  

а) ушул жобонун 77-пунктунда каралган операцияларды жүргүзүүдө МКК көздөгөн максаттардын аныктамасы;  

б) бул операцияларды жүргүзүүдөн улам күтүлүп жаткан болжолдуу эсептөөлөр жана экономикалык натыйжалар;  

5) лицензия алуу мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ.  

МКК чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө лицензия алууда МККнын жайлары, анын ичинде анын филиалдарынын жайлары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Улуттук банк тарабынан белгиленген техникалык жабдылышы, өрт коопсуздугу талаптарга жооп берүүгө тийиш, бул тууралуу МКК менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда тиешелүү актылар түзүлүүгө тийиш. Текшерүүлөрдүн аталган актыларынын көчүрмөлөрү ушул пунктта көрсөтүлгөн документтерге карата кошумча катары Улуттук банкка берилүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-33/9-7-(НФКО) токтомунун редакциясына ылайык) 

79. Ушул жобонун 77-пунктунда көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия МКК катары ишти жүзөгө ашыргандан кийин кеминде 1 (бир) жылдан өткөндө гана берилиши мүмкүн.  

80. Лицензияны берүү жөнүндө өтүнүч жана документтердин тиркелген топтому Улуттук банкка ушул жободо белгиленген талаптарга жооп берген шартта берилген күндөн тартып 60 (алтымыш) календардык күн ичинде Улуттук банк тарабынан кароого алынат. Документтер толук сунушталып, алар белгиленген талаптарга жооп берип жана баш тартууга негиз жок болгон шартта, Улуттук банк уставга өзгөртүүлөрдүн жана/же толуктоолордун киргизилгендигине байланыштуу МККны мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү үчүн макулдукту ушул жобонун 7-главасында белгиленген талаптарга ылайык берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

81. МКК уставга өзгөртүүлөрдүн жана/же толуктоолордун киргизилгендигине байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өткөн учурда МКК мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийинки 10 (он) календардык күн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен тиешелүү билдирүү-катты берүүгө милдеттүү:  

1) лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат (3-тиркеме);  

2) МКК/МКАнын уставынын мамлекеттик каттоодн өткөндүгү жөнүндө белги коюлган, МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;  

3) МКК/МКАнын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн МКК/МКАнын мөөрү менен күбөлүндүрүлгөн көчүрмөсү.  

82. МКК тарабынан ушул Жободо белгиленген талаптар аткарылган шартта, Улуттук банк МККга ушул Жобонун 77-пунктунда каралган банктык операцияларды кошумча жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берет (8, 10-тиркемелер).  

Документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл жана лицензиялоо маселесин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан 10 (он) күнгө узартылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

83. МККга ушул Жобонун 77-пунктунда каралган банктык операцияларды кошумча жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:  

1) эгерде, лицензия алууга берилген документтерде толук эмес, такталбаган маалыматтар камтылса жана/же алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбесе;  

2) МККнын финансылык абалында көйгөйлөр орун алган болсо;  

3) ушул Жобонун 77-пунктунда көрсөтүлгөн операцияларды ишке ашырууга лицензия алуу үчүн жеткиликтүү экономикалык негизди камтыбаган бизнес -план сунушталса;  

4) лицензия алуу үчүн мамлекеттик алым киргизилбесе;  

5) өтүнүч ээсине иштин бул түрүн жүзөгө ашырууга тыюу салган соттун чечими болсо;  

6) Кыргыз Республикасы мыйзамдарында, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган башка учурларда.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-33/9-7-(НФКО) токтомунун редакциясына ылайык) 

83-1. Өтүнүч ээси (МКК) Улуттук банктын лицензия берүүдөн баш тартуу чечими менен макул эмес болгон учурда, ушул жобонун 76-пунктуна ылайык мындай чечим боюнча даттануу менен кайрылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

84. Ушул жобонун 77-пунктунда көрсөтүлгөн банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алган МККга карата Улуттук банк тарабынан лицензия алышкан финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салган мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптар жана ченемдер колдонулушу мүмкүн.  

85. МККнын ушул Жобонун 77-пунктунда каралган банк операцияларын кошумча жүргүзүү укугуна лицензия Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык кайтарылып алынышы мүмкүн.  

86. МКК лицензиясы кайтарылып алынгандыгы тууралуу билдирүү алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка лицензияны тапшырууга жана лицензияда каралган операцияларды жүргүзүүнү токтотууга тийиш.  

12. Кайра уюштуруу жана жоюу  

87. МКК/МКА, анын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын, акционерлеринин) же ошол уюштуруу документтерине ылайык ыйгарым укук чегерилген юридикалык жактын органынын чечими менен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайра уюштурулушу (биригиши, өзгөртүп түзүлүшү, кошулушу, бөлүнүшү, бөлүнүп чыгышы) мүмкүн.  

88. МКК/МКА анын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын, акционерлеринин) чечими боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлушу мүмкүн.  

МКК/МКАнын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечимине ылайык, юридикалык жак МКК/МКА катары ишин токтотсо, анда микрофинансылык ишти жүзөгө ашыруусуз юридикалык жак катары ишин улантууга ниеттенген мындай юридикалык жак, уюштуруу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана ушул Жобонун талаптарына ылайык аталышынан "микрокредиттик компания"/"микрокредиттик агенттик" деген сөздөрдү алып салуу менен өз аталышын өзгөртүүгө милдеттүү.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

89. Эгерде МКК/МКА кредиторлор, анын ичинде финансы-кредит уюмдары алдында бардык милдеттенмелерин аткарбаса, анын өз эрки боюнча жоюу чечимин кабыл алуусуна жол берилбейт.  

90. Жоюу жөнүндө чечим кабыл алууда МКК/МКА чечим кабыл алынгандан кийинки 10 (он) календардык күн ичинде лицензиянын жана/же күбөлүктүн түп нускасын жоюу жөнүндө чечимдин түп нускасын кошо тиркөө менен Улуттук банкка тапшырууга милдеттүү.  

91. Жоюу чечими кабыл алынган учурдан тартып МКК/МКА лицензияда жана/же күбөлүктө каралган операцияларды жүзөгө ашырууну токтотууга тийиш. Болбосо, МКК/МКА жана анын кызмат адамдары мыйзамдарда каралган тартипте, жоопкерчилик тартышат.  

Юридикалык жакты жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат, мында уюмду жоюу, анын ичинде Улуттук банк тарабынан МКК/МКАнын лицензиясы же күбөлүгү кайтарып алынган учурда милдеттер анын катышуучуларына (акционерлерине) же болбосо төлөөгө жөндөмсүздүк (банкроттук) жагдайларын эске албаганда, уюмдун уставы боюнча жоюуга ыйгарым укук чегерилген башкаруу органына жүктөлөт.  

13. Улуттук банктын чечими боюнча даттануу менен кайрылуу тартиби  

(Глава КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

92. Аларга карата чечим кабыл алынган же чечимде алардын кызыкчылыгы козголгон өтүнүч ээси жана/же башка таламдаш адамдар Улуттук банк тарабынан ушул жобонун алкагында кабыл алынган чечимдер боюнча даттануу менен Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык, анын ичинде сотко чейинки даттануу тартибин сактоо менен кайрылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

(1) Шариат стандарттарына ылайык, анда риба (пайыздык чендер) элементтери камтылгандыгына байланыштуу карыздык милдеттенмелер менен соода жүргүзүүгө тыюу салынат. 

  

 

  

  

"Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө" жобого карата 

1-тиркеме 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

Өтүнүчтүн үлгүсү  

____________________________________________________________________________________ 

(толук аталышы жана юридикалык дареги) 

микрокредиттик компанияга/микрокредиттик агенттикке; ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компанияга/микрокредиттик агенттикке; "ислам терезесинин" алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компания/микрокредиттик агенттикке каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү берүүнү өтүнөт.  

Уюштуруучулар жөнүндө маалымат:  

____________________________________________________________________________________ 

____________________________________________________________________________________ 

Жетектөөчү кызматтагы кызматкерлердин тизмеси (кредиттик бөлүмдүн жетекчисинин, башкы бухгалтеринин, начальнигинин аты-жөнү). Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишин жүзөгө ашырган компания үчүн - ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык бөлүмдүн начальниги/кызматкери, Шариат кеңешинин Төрагасы жана мүчөлөрү тууралуу Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарына ылайык келген кошумча маалымат:  

____________________________________________________________________________________ 

____________________________________________________________________________________ 

____________________________________________________________________________________ 

  

Жетекчинин кол тамгасы  

  

20__-жылдын "___" _____________  

  

  

  

"Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө" жобого карата 

2-тиркеме 

Анкета  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

үрөт үчүн)  

  

№ 

Аты-жөнү 

Кызматы 

МКК/МКАнын аталышы 

Төрөлгөн күнү: ________________________________________________________________________________________________________ 

Төрөлгөн жери:  

өлкөсү: _____________________________________________________________________________________________ 

шаары: _____________________________________________________________________________________________ 

почта дареги:________________________________________________________________________________________ 

Паспорт 

Сериясы: 

Ким тарабынан берилген 

Берилген күнү

-____ чейин күчүндө болот 

Жарандыгы 

____________________________________________ 

Үй дареги: 

(документ боюнча) 

өлкөсү: _______________________________________________________________________ 

шаары:_______________________________________________________________________ 

почта дареги: _________________________________________________________________ 

телефон №: ___________________________________________________________________ 

Үй дареги: 

(анкета толтурулган учурда айкын жашаган жери) 

өлкөсү: _______________________________________________________________________ 

шаары:_______________________________________________________________________ 

почта дареги: __________________________________________________________________ 

телефон №: ___________________________________________________________________ 

Электрондук почта дареги  

 

10 

Үй-бүлөлүк абалы 

 

11 

Төмөнкү тармактар боюнча билиминин болушу тууралуу маалыматтар: 

- микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салган мыйзамдар: 

Ооба ___ Жок ___ 

- бухгалтердик эсеп жана финансылык отчетту түзүү:  

Ооба ___ Жок ___ 

- ислам банк иши жана каржылоо принциптери, анын ичинде ислам финансы институттары үчүн (AAOIFI) жана Ислам финансы кызмат көрсөтүүлөр кеңеши (IFSB) үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан белгиленген Шариат стандарттары 

Ооба ___ Жок ___ 

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

12. Билими (жогорку, толук эмес жогорку, орто-атайы, орто) (керектүүсүнүн астын сызгыла) 

Окуу жайдын аталышы (өлкөсү, шаары) 

Факультети же бөлүмү 

Окууга тапшырган/аны аяктаган жылы 

Алган дипломго ылайык адистиги 

 

 

 

 

 

 

 

 

13. Курстарда окутуу 

Семинардын же курстардын темасы 

Семинарды уюштуруучу 

Өткөрүлгөн жери (өлкөсү, шаары) 

Окутуудан өткөн күнү (жыл) 

Сертификаттын болушу (Финансылык отчеттун эл аралык стандарты, аудит жана AAOIFI стандарты боюнча курстар) 

 

 

 

  

(бар, жок) 

14. Эмгек жолу башталгандан тартып аткарылган иштер:  

Жалпы эмгек стажы _____________, анын ичинде финансылык же экономикалык чөйрөдө____________ 

Жумушка кабыл алынган күн (жылы, айы) 

Жумуштан бошогон күн (жылы, айы) 

Ээлеген кызматы 

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери (өлкө, шаар) 

Жумуштан бошонуу себеби 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

15. Кошумча маалыматтар 

Сизге ушул иштин түрү менен алектенүүгө тыюу салган соттун чечими барбы? 

Ооба _____ Жок ______ 

Банкрот процессинде турган же банкрот болгондугуна байланыштуу өз ишин токтоткон банкка же башка финансы-кредит уюмдарына тиешеңиз барбы? 

Ооба _____ Жок ______ 

Тиешеңиз бар болсо, банктын же финансы-кредит уюмунун аталышын, ээлеген кызматыңызды көрсөтүңүз, өз жоопкерчилигиңизге толук түшүндүрмө бериңиз  

_________________________________________________________________ 

Сизге карата Улуттук банк тарабынан таасир этүү чаралары колдонулду беле? 

Ооба _____ Жок ______ 

Эгерде "Ооба" деген жооп берилсе, качан жана кандай бyзyyларга жол берилгендигин көрсөтүңүз _____________________________________________________ 

Талаптагыдай эмес ишкердик аброюңуз тууралуу тастыктаган маалымат  

Ооба ______ Жок _______ 

Эгерде "Ооба" деген жооп берилсе, качан жана кандай бузууларга жол берилгендигин көрсөтүңүз _____________________________________________________ 

Сиз жоопкерчиликтүү болгон иш участкаларында финансылык же административдик көйгөйлөр орун алгандыгы тууралуу тастыктаган маалымат 

Ооба _____ Жок ______ 

Эгер "Ооба" деген жооп берилсе, качан жана кандай бузууларга жол берилгендигин көрсөтүңүз ______________________________________________________ 

Мен, ______________________________________________________  

(аты-жөнү)  

жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын жана толук берилгендигин тастыктайм жана мындан ары бардык өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтарды Улуттук банкка сунуштап турууга милдеттенем. Мен тараптан жол берилген калпыстыктар жана ката кетирүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мага жана микрокредиттик компанияга (микрокредиттик агенттикке) карата таасир этүү чараларынын колдонулушуна алып келээрин түшүнөм.  

  

20__-жылдын "___" ____________ _____________________ (кол тамгасы)  

  

  

  

"Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө" жобого карата 

3-тиркеме 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

Өтүнүч кат каттын үлгүсү  

____________________________________________________________________________________ 

(толук аталышы жана юридикалык дареги) 

микрокредиттик компанияга/микрокредиттик агенттикке; ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компанияга/микрокредиттик агенттикке; "ислам терезесинин" алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компания/микрокредиттик агенттикке каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү берүүнү өтүнөм.  

Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу маалыматтары:  

Каттоо номери жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн күн:  

____________________________________________________________________________________  

ИНН:________________________________ ОКПО коду:____________________________________  

МКК/МКАнын кызматтык (байланыш) телефону, факсномерлери жана электрондук почта даректери: 

____________________________________________________________________________________ 

____________________________________________________________________________________ 

  

Жетекчинин кол тамгасы  

  

20-жылдын "____" _____________  

  

  

  

"Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө" жобого карата 

4-тиркеме 

  

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 24-февралындагы № 10/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ушул аркылуу, ____________________________  

___________________________________________________________________________  

(шаардын, райондун, калктуу пункттун, көчөнүн аталышы, үйдүн, телефондун номерлери)  

юридикалык дареги боюнча жайгашкан 

___________________________________________________________________________ 

(микрокредиттик компания/микрокредиттик агенттиктин толук аталышы)  

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, жакырчылыкты кыскартуу, калкты иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу, ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү жана калкка социалдык колдоо көрсөтүү үчүн микрокаржылоо боюнча пайдаланууга мүмкүн болгон кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган (микрокредиттик компания/микрокредиттик агенттик; ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компания/микрокредиттик агенттик; "ислам терезесинин" алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компания/микрокредиттик агенттик экендигин) тастыктайт.  

  

Каттоодон өткөндүгү тууралуу жазуу 20__-жылдын "___" _________ № ___________ киргизилген  

  

Башкармалыктын начальниги  

(Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги/өкүлчүлүктүн директору)  

  

  

  

"Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө" жобого карата 

5-тиркеме 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

Өтүнүчтүн үлгүсү  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

_______________________________________________________________________ ушул аркылуу  

(МКК/МКАнын аталышы жана юридикалык дареги)  

____________________________________________________________________________________  

____________________________________________________________________чечимине ылайык,  

(уставга ылайык, филиалды (өкүлчүлүктү) ачуу тууралуу чечим кабыл алган  

МКК/МКАнын башкаруу органынын аталышы)  

____________________________________________________________________________________ 

____________________________________________________________________________________ 

(калктуу пункттун аталышы, почта дареги)  

дареги боюнча жайгашкан филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө  

макулдук берүүнү өтүнөт.  

Бул филиалга (өкүлчүлүккө) төмөнкү операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашырууга  

ыйгарым укук чегерилет:  

- ___________________________________________________________________________________  

- ___________________________________________________________________________________  

(МКК/МКА тарабынан кабыл алынган жобого ылайык филиалга (өкүлчүлүккө) жүзөгө  

ашыруу укугу ыйгарылып берилген бардык операциялар жана бүтүмдөр көрсөтүлөт).  

Филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчиси жана башкы бухгалтери, кредиттик бөлүмүнүн  

(эгер болгон болсо) катары төмөнкүлөр дайындалат:  

____________________________________________________________________________________  

(аты-жөнү)  

____________________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү)  

____________________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү)  

Филиалдын (өкүлчүлүктүн) кызматтык (байланыш) телефон, факс номери жана  

электрондук дареги: _________________________________________________________________  

____________________________________________________________________________________ 

  

Мөөрү 20___-жылдын "___" ______________  

  

МКК/МКАнын жетекчисинин кол тамгасы  

  

  

  

"Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө" жобого карата 

6-тиркеме 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

Өтүнүчтүн үлгүсү  

_______________________________________________________________________ ушул аркылуу  

(МКК/МКАнын толук аталышы)  

____________________________________________________________________________________ 

____________________________________________________________________чечимине ылайык,  

(уставга ылайык, уставга өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү  

чечимин кабыл алган МКК/МКАнын башкаруу органынын аталышы)  

____________________________________________________________________________________ 

____________________________________________________________________________________ 

(калктуу пункттун аталышы, почта дареги)  

дареги боюнча жайгашкан микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин уставын  

мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук берүүнү өтүнөт.  

  

Мөөрү 20___-жылдын "___" ________________  

  

МКК/МКА жетекчисинин кол тамгасы  

  

  

  

"Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө" жобого карата 

7-тиркеме 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

Өтүнүчтүн үлгүсү  

______________________________________________________________________________________ 

______________________________________________________________________________________ 

(толук аталышы жана юридикалык дареги)  

микрокредиттик компаниясына төмөнкү операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берүүнү өтүнөт:  

- ____________________________________________________________________________________  

- ____________________________________________________________________________________  

("Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамга ылайык  

микрокредиттик компанияларга жүзөгө ашыруу укугу берилген операциялар көрсөтүлөт).  

Уюштуруу документтерине сунушталган өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат:  

______________________________________________________________________________________ 

______________________________________________________________________________________ 

______________________________________________________________________________________ 

  

МККнын мөөрү 20___-жылдын "___" ________________  

  

Жетекчинин кол тамгасы  

  

  

  

"Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө" жобого карата 

8-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

№ _____ ЛИЦЕНЗИЯ  

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2016-жылдын 24-февралындагы № 10/4 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Кыргыз Республикасында жакырчылыкты кыскартуу, калкты иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу, ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү жана калкка социалдык колдоо көрсөтүү үчүн микрокаржылоо боюнча пайдаланууга мүмкүн болгон кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн  

____________________________________________________________________________________ 

____________________________________________________________________________________ 

(микрокредиттик компаниянын толук аталышы)  

____________________________________________________________________________________ 

(кыскартылган аталышы)  

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, төмөндө келтирилген операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу:  

1. Карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг);  

2. Банк менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча - микрокредиттик компанияда кардарларга эсеп ачуусуз чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо.  

3. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, чет өлкө валютасын өз атынан сатып алуу жана сатуу.  

Лицензия ага кол койгондон күндөн тартып күчүнө кирет.  

Лицензия анда түздөн-түз чагылдырылган операцияларды жүзөгө ашыруу укугун сунуштайт.  

Лицензия ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Ушул лицензиядан улам келип чыккан укуктар үчүнчү жактарга берилбейт.  

Лицензия 20___-жылдын "____" ______________ каттоодон өткөртүлгөн  

  

Мөөрү  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү  

(Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги/өкүлчүлүктүн директору)  

  

  

  

"Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө" жобого карата 

9-тиркеме 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

Өтүнүчтүн үлгүсү  

___________________________________________________________________________________ 

___________________________________________________________________________________ 

(толук аталышы жана юридикалык дареги)  

микрокредиттик компанияга төмөнкү операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүүнү өтүнөт:  

- _________________________________________________________________________________  

- _________________________________________________________________________________  

("Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамга ылайык, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компаниялар; "ислам терезесинин" алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компаниялар жүзөгө ашыруу укугуна ээ операциялар көрсөтүлөт).  

Уюштуруу документтерине сунушталган өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат:  

___________________________________________________________________________________ 

___________________________________________________________________________________ 

___________________________________________________________________________________ 

___________________________________________________________________________________ 

  

Микрокредиттик компаниянын жетекчисинин аты-жөнү  

  

Жетекчинин кол тамгасы 20___-жылдын "___" _____________  

  

  

  

"Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө" жобого карата 

10-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

№ _____ ЛИЦЕНЗИЯ  

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2016-жылдын 24-февралындагы № 10/4 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Кыргыз Республикасында жакырчылыкты кыскартуу, калкты иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу, ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү жана калкка социалдык колдоо көрсөтүү үчүн микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн  

___________________________________________________________________________________ 

___________________________________________________________________________________ 

(ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компания/микрокредиттик агенттик; "ислам терезесинин" алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокредиттик компания/микрокредиттик агенттик)  

___________________________________________________________________________________ 

(кыскартылган аталышы)  

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, төмөндө келтирилген операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу:  

1. төмөнкү бүтүмдөр боюнча каржылоону жүзөгө ашырууга:  

Мудараба;  

Шарика/Мушарака жана шарика/мушарака мунтахийа биттамлик;  

Мурабаха;  

Иджара жана иджара мунтахийя биттамлик;  

Салам;  

2. банк менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча - микрокредиттик компанияда кардарларга эсеп ачуусуз чекене банктык кызмат көрсөтүүлөр;  

3. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык өз атынан чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу.  

Лицензия ага кол койгондон учурдан тартып күчүнө кирет. Лицензия анда түздөн-түз чагылдырылган операцияларды жүзөгө ашыруу укугун сунуштайт. Лицензия ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Ушул лицензиядан улам келип чыккан укуктарды үчүнчү жактарга берилбейт.  

Лицензия 20__ -жылдын "____" ______________ каттоодон өткөртүлгөн.  

  

Мөөрү  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү  

(Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги/өкүлчүлүктүн директору)