Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2010-жылдын 30-июнундагы 

N 52/4 токтому менен 

бекитилген 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы N 64/2, 2012-жылдын 15-февралындагы N 8/2, 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/8, 2012-жылдын 12-октябрындагы N 40/3, 2012-жылдын 31-октябрындагы N 41/10, 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2012-жылдын 27-декабрындагы N 51/3, 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/5, 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/16, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/6, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7, 2015-жылдын 10-июнундагы № 31/2, 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11, 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА), 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА), 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА), 2020-жылдын 26-февралындагы № 2020-П-12/8-8-(НПА), 2020-жылдын 24-мартындагы № 2020-П-12/15-6-(НПА), 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-12/16-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул жобо мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан бардык коммерциялык банктарга, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына, "Кредиттик союздардын финансы компаниясы" ААКсы адистештирилген финансы-кредит уюмдарына жана микрофинансылык уюмдарга (мындан ары - банктар) таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2. Банктарда кредиттик тобокелдикти тескөөнүн шайкеш системасын түзүүгө карата минималдуу талаптарды аныктоо, ушул Жобонун максаты болуп саналат. 

2-1. Жобонун талабы өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган башка активдерге да таркатылат (анын ичинде корреспонденттик эсептерге, баалуу кагаздарга, банктар аралык жайгаштырууларга ж.б.). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Кредиттик тобокелдик - бул кардардын келишимде белгиленген шарттарга жана мөөнөттөргө ылайык өзүнө алган милдеттенмесин аткарбай коюу тобокелдиги.  

Кредиттик тобокелдик, оң натыйжа карыз алуучунун, кардардын келишимдерде жана/же макулдашууларда каралган банктын алдында милдеттенмелерин аткаруусуна жараша банк ишинин бардык түрүндө орун алышы мүмкүн. 

Кредиттик тобокелдикти тескөөнүн максаты банктын кредиттик тобокелдикке канчалык деңгээлде дуушар болушу мүмкүндүгүн, анын келип чыгуу себептерин жана кредиттик тобокелдиктерди болжолдоого жана аны алгылыктуу деңгээлге чейин минимумга жеткирүү үчүн зарыл болгон чараларды көрүүнүн негизинде тобокелдиктин жогорулашына түрткү берүүчү ички жана тышкы тенденцияларды аныктоодон көрүнөт. 

3-1. Кайра каржылоо - бул, колдонуудагы активдин ордун толугу менен жабуу же анын бөлүгүн төлөө үчүн тиешелүү жаңы келишимди түзүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 22-февралындагы № 6/4 токтомунун редакциясына ылайык 

3-2. Бланктык кредиттер - бул, эмгек акы долбоорлорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафттарды эске албаганда, кыймылсыз мүлк, кыймылдуу мүлк, гарантия же кепилдик түрүндө күрөө менен камсыздалбаган кредиттер жана активдерди классификациялоодо камсыздоо катары каралган инструменттер, жана ал кредит төлөөгө жөндөмдүү карыз алуучуга (резидентке гана) анын аброюнун жана киреше деңгээлине баа берүүнүн негизинде гана берилет. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Ушул жобонун максатында кредит дегенден улам, активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди, анын ичинде факторинг, лизинг жана өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган башка активдерди түшүнүүгө болот. Чек аралык кредиттер деп резиденттерге/резидент эместерге, алардын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары гана жүргүзүшкөн иштерин каржылоо үчүн берилген кредиттерди түшүнүү зарыл, мында, резидент/резидент эмес деген түшүнүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган түшүнүккө дал келет. 

Контракттык каржылоо дегенден улам, кардардын контрагенттери менен келишимдери боюнча милдеттенмелерин аткаруу үчүн жүгүртүү капиталын кыска мөөнөткө каржылоо (бир жылга чейинки) түрүндөгү кредиттик продуктту түшүнүү зарыл. 

Кампа күбөлүктөрүн күрөөгө кабыл алуу менен каржылоо - мыйзамдарда белгиленген үлгүдөгү (баалуу кагаз) кош кампа күбөлүгүнүн жана/же анын айрым бөлүктөрүнүн (кампа күбөлүгү же күрөө күбөлүгү (варрант)) кармоочуларына берилген кредиттер. Берилген кредиттин мөөнөтү кош кампа күбөлүктөрү чыгарылган (берилген) товарлар кампасындагы продукциянын сактоо мөөнөтүнөн ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-октябрындагы N 40/3, 2015-жылдын 10-июнундагы № 31/2, 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА), 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-12/16-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5. Ушул ченемдик актынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) башка ченемдик актыларынын жоболору банктардын анын кредиттик саясатын жөнгө салуучу ички документтеринде толук пайдаланылууга тийиш. 

2. Банктын кредиттик саясаты жана кредиттик стратегиясы 

өлүмдүн аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Банктын кредиттик операциялары Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген анын ички кредиттик саясатына жана кредиттик стратегиясына ылайык жүзөгө ашырылат.  

Кредиттик стратегия банктын бизнес-планына өзүнчө/кошумча бөлүк түрүндө камтылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6-1. Кредиттик стратегияда кеминде төмөнкүлөр камтылууга жана эске алынууга тийиш:  

- банк аларга жетүүнү пландаштырган кредиттөөнүн максаттуу рыноктору жана алардын жалпы өзгөчөлүктөрү (анын ичинде диверсификация деңгээли, кредит портфелинин сапатын баалоодо пландаштырылган көрсөткүчтөр);  

- кредиттөө боюнча негизги каржылоо булактары (банк кайсы каражаттардын эсебинен кредиттөөнү, кредит портфелин жогорулатууну пландаштырган каржылоо булактарын көрсөтүүсү зарыл);  

- кыйыр-валюта тобокелдиктерине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө талап;  

- кредиттер үлүшүнүн банк активдерине карата катышы;  

- рыноктук шарттар жана банктын финансылык абалы, ошондой эле анын тобокелдикти кабыл алуу мүмкүнчүлүгү;  

- күтүлгөн пайда алуу ченеми жана банк капиталынын өлчөмү;  

- кредиттик тобокелдикке дуушарланган активдерди кайтарууга байланыштуу чыгымдар;  

- банктын кыска мөөнөткө/орто мөөнөткө/узак мөөнөткө каралган пландары;  

- кредит портфелине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү талабы, ал банктын учурда колдонулуп жаткан кредит портфелинин негизинде жүзөгө ашырылат. Буга кошумча банк кредиттик тобокелдикти жана кыйыр-валюта тобокелдигине баа берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү методологиясына ээ болууга тийиш;  

- банктын актуалдуу шайкеш экономикалык көрсөткүчтөрү;  

- банктын уюштуруу түзүмү, техникалык мүмкүнчүлүктөр жана банктын кредиттик ишине жооптуу персоналынын жана жетекчилигинин потенциалы (квалификациясы, штаттык тизими). Тиешелүү персоналга кредиттик стратегия жөнүндө маалымат берилүүгө жана ал банктын кредиттик стратегиясынын тактыгын камсыз кылууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6-2. Директорлор кеңеши мезгил-мезгили менен, бирок жыл ичинде кеминде бир жолу кредиттик стратегияга таасирин тийгизген же анда каралган финансылык жана экономикалык көрсөткүчтөрдү кароого алып, зарылчылыкка жараша тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6-3. Банктын Директорлор кеңеши дайындоолор жана сый акы төлөө саясаты кредиттик тобокелдикти тескөө стратегиясына каршы келбегендей болушун камсыз кылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Кредиттик саясат банктын кызматкери кредиттерди берүү, тариздөө, тобокелдиктерди мониторингдөө жана тескөө боюнча иш-аракетинде милдеттүү түрдө таянууга тийиш болгон стратегияларды, критерийлерди, параметрлерди жана жол-жоболорду аныктайт.  

Банктын кредиттик саясаты, анын ичинде акыйкаттык, ачык-айкындуулук, тактык, карыз алуучуларга карата өнөктөштүк, алардын экономикалык таламдарын жана финансылык мүмкүнчүлүгүн эске алуу сыяктуу жооптуу кредиттөө принциптерине негизденүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

8. Кредиттик саясатта кредиттерди берүүгө таандык болгон бардык негизги жоболор чагылдырылууга тийиш: 

8.1. Төмөндөгүлөрдү камтуу менен жалпы жоболор: 

- потенциалдуу карыз алуучулардын курамын; 

- кредиттөөнүн максаттарына жана башка шарттарга жараша кредиттердин түрлөрүн; 

- кредиттөөнүн сандык чегин; 

- кредиттөө мөөнөттөрүн; 

- карыз алуучунун кредиттерди төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү критерийлерин; 

- пайыздык чендерди жана аларды белгилөөнүн ыкмаларын; 

- карыз алуучунун финансылык маалыматтарына карата талаптарды; 

- географиялык чектөөлөрдү

- берилүүчү валютаны; 

- кредиттердин топтолушун (карыз алуучулардын топтору, географиялык белгилери, тармактары, валюталары жана башка факторлор боюнча); 

- банк менен байланыштуу жакка жана аффилирленген жактарга берилүүчү кредиттер боюнча чектөөлөрдү

- күрөө наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү, анын ичинде күрөө предмети кредитти тариздөө учурунда карыз алуучунун/күрөө коюучунун бирден бир турак жайы болуп санала тургандыгына байланыштуу тобокелдиктерге баа берүү критерийлери; 

- кредиттерди берүүнү даярдоо жол-жоболорунун сакталышына контролдукту; 

- банк тарабынан кепилдик каттардын(1) (2-тиркеме) берилиши боюнча талаптарды; 

- жана башкаларды; 

- кредиттик портфелдин активдерге карата катышы; 

- кредит портфелдеги кредиттин ар бир түрүнүн салыштырма салмагы. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы N 64/2, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

8.2. Кредиттерди тариздөөнүн тартиби, анын ичинде: 

- документтердин формалары; 

- кредиттерди берүүнүн тартиби; 

- кредиттерди жактыруунун тартиби; 

- финансылык анализдерге карата талаптар; 

- күрөөлөргө жана документацияларга карата талаптар (күрөөнүн түрлөрү, күрөөнүн кредитке карата катышы, рыноктук наркка баа берүү жана анын жайгашкан жери); 

- кредиттердин таризделишинин тууралыгына контролдук. 

8.3. Кредиттерди тескөө боюнча талаптар: 

- кредиттик портфелдерди тескөөнүн тартиби; 

- карызгердин шайкеш кредиттик досьесин жүргүзүүсү

- кредиттик келишимдердин аткарылышына контролдук; 

- күрөөнү мониторингдөөнүн мезгил аралыгы; 

- мөөнөтү өтүп кеткен кредиттерди узартуунун же калыбына келтирүүнүн шарттары; 

- потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым таратуулардын (РППУ) ордун жабууга карата камдарды классификациялоо жана түзүү

- кредиттик портфелге көз карандысыз баа берүү процесси; 

- маалымат системаларына карата (отчеттуулукка) талаптар; 

- кредиттерди тескөөгө контролдук; 

- кредиттик тобокелдикке байланыштуу потенциалдуу чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн стресс-тестирлөөнү жүргүзүү (3-тиркеме). 

8.4. Кредиттин максималдуу суммасын жана түрүн көрсөтүү менен кредиттерди берүү боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү. Кредиттерди берүүгө жана банктын баланстан тышкаркы милдеттенмелерин кабыл алууга укук кредиттөөдө кемчиликтерге жол бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тарткан тиешелүү кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарынын бир нече деңгээлине бөлүштүрүлүүгө тийиш. 

8.5. Кредиттөө процессине катышкан структуралык бөлүмдөр ортосунда укуктарды ыйгаруу жана маалыматтарды берүү боюнча милдеттер. 

8.6. Жаңы банктык продуктылар боюнча тобокелдиктерге баа берүү. Бардык жаңы продуктылар боюнча тобокелдиктер аныкталууга, бааланууга жана банктын рынокко аралашуусуна чейин контролдукта турууга тийиш. 

8.7. "Проблемалуу" кредиттерге байланыштуу жагдайларды аныктоо, аларды анализдөө жана чечүү тартиби. 

8.8. Баа берүү жана отчет түзүү системасын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү талаптары камтылган, үстү-үстүнөн кредиттөөгө бөгөт коюуга багытталган жооптуу кредиттөө принциптери (карыз алуучунун бир эле финансы-кредит уюмунда катар милдеттенмелери болгон болсо, карыз алуучунун карыз оорчулугу анын милдеттенмесин тейлөө мүмкүнчүлүгүнөн артышы мүмкүн). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары жана Улуттук банктын ченемдик актылары менен белгиленген ченемдик талаптардын чегинде, банк келечектеги карыз алуучулардын чөйрөсүн, кредиттердин түрүн өз алдынча аныктайт, кредиттик портфелди түптөйт жана пайыздык чендерди белгилейт. 

Сунушталуучу кредиттер боюнча пайыздык чендер Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Мыйзамына ылайык эсептелген чектүү жол берилген пайыз өлчөмүнөн ашкан учурда банк жогоруда аталган Мыйзамдын талаптарын, анын ичинде төмөнкүлөрдүн аткарылышын камсыз кылууга тийиш:  

- карыз алуучу кредитор алдында милдеттенмелерин аткарбаган учурда карыз алуучунун күрөөлүк мүлкүн соттук тартипте гана өндүрүүнү жүргүзүүгө

- карыз алуучунун кредитор алдында акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо бүтүндөй кредитти же насыяны колдонуу мезгил ичинде эсептелген кошумча төлөмдүн (айыптык төлөм, туум) өлчөмү сунушталган кредит суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

10. Банкта ачык, так кредиттик саясаттын болушу кредиттер менен туура иш алып барууга көмөктөшөт жана банктын пайдалуу иштөөсүн камсыз кылат. 

11. Банк Башкармасы банктын кредиттик саясатынын, кредиттик стратегиясынын аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болот, ал үчүн кредиттик тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча саясатты жана жол-жоболорду иштеп чыгууга жана аткарууну камсыз кылууга милдеттүү

12. Банктын Директорлор кеңеши кредит саясатынын шайкештигин, лимиттер, инструменттер жана кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча жол-жоболор системасын, кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча ички аудит системасын кароого алып турууга милдеттүү. Мындан тышкары кредиттик саясат, зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу, банкта кредиттөө процессине таасирин тийгизген тобокелдик профили, Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары, банктык операциялар, банктын уюштуруу түзүмү жана кадрлар курамы өзгөртүлгөн учурда, ошондой эле республика экономикасында жана банктын, анын кардарларынын өнөктөштөрү иш алып барган өлкөлөрдүн экономикасында өзгөрүүлөр жүргөн шартта кароого алынууга тийиш. 

Банк Башкармасы банктын кредиттик саясатынын жана кредиттик стратегиясынын ишке ашырылышы үчүн жоопкерчилик тартат, ал үчүн банк кредиттик тобокелдикти, анын ичинде валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикти аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча саясаттарды жана жол-жоболорду иштеп чыгууга жана аларды колдонууга киргизүүгө милдеттүү.  

Банк валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикти туруктуу негизде аныктап туруунун, аларга баа берүүнүн, мониторинг жүргүзүүнүн жана контролдоонун комплекстүү системасын, ошондой эле валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикке контролдукту, талдап-иликтөөлөрдү жана мониторингди жүзөгө ашыруу боюнча отчет берүү системасын камсыз кылууга тийиш. 

Кредиттерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер, банктын Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерди эске албаганда, кредиттик комитет тарабынан гана же комитет аларга кредит саясатын жөнгө салган ички документтерге ылайык укук чегерген адамдар тарабынан чечилүүгө тийиш. 

Кредиттерди берүү укугу бир нече деңгээлдеги кызмат адамдарына бөлүштүрүлүүгө тийиш жана ошол адамдар кредиттөөдө мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн Кыргыз Республикасы мыйзамдарына ылайык жооп беришет. 

Банктын инсайдерлерине/аффилирленген жактарына ири тобокелдикти камтыган кредиттерди жана кредиттерди берүү банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Банктын Директорлор кеңеши банктын инсайдерлерине/аффилирленген жактарына Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарын бузуу менен жана/же банк жоготууга дуушар болгон ири тобокелдикти камтыган кредиттерди жана кредиттерди, Кыргыз Республикасынан чегинен тышкары жайгашкан күрөө менен камсыздалган кредиттерди кошо алганда, чек ара аралык кредиттерди берүү жөнүндө чечимдерди жактыргандыгы үчүн жоопкерчилик тартат. 

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан күрөө, кредиттин суммасынын 20% ашыгыраак кредит боюнча күрөө болуп саналган учурда банктын Директорлор Кеңешинин жактыруусу талап кылынат. Мында, күрөөнүн наркы дегенден улам, анын жоюу наркын түшүнүүгө болот. 

Мындан тышкары, кредиттик саясатта Кредиттик комитеттин жана/же банк Башкармасынын чектөөлөрдү көрсөтүү менен кредиттерди эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча ыйгарым укуктары белгиленүүгө тийиш. 

Банктын кредиттик саясатында карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү методикалары да камтылууга тийиш. Ушул максаттарда банк ички кредиттик рейтинги системасын иштеп чыга алат. Ички тобокелдиктер рейтинги системасы банкта ишке ашырылып жаткан иштердин түрүнүн мүнөзүнө, өлчөмүнө жана татаалдыгына ылайык келүүгө тийиш.  

Ички кредиттик рейтинги системасы карыз алуучунун келечектеги төлөө жөндөмдүүлүгүнүн негизги көрсөткүчү катары анын финансылык абалына комплекстүү баа берүүнү камтууга жана карыз алуучунун ушул Жобонун 4.1. жана 4.2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн маалыматтардын толук берилишин чагылдырууга тийиш.  

Кредиттик рейтинг - кредит сапатынын негизги көрсөткүчү. Кредиттик рейтинг кредит берүүнү жактыруунун баштапкы баскычында ыйгарылууга, ошондой эле кредитке андан ары мониторинг жүргүзүүдө, анын мөөнөтүн узартууда же болбосо кредиттик келишим шарттарын өзгөртүүдө же кредитти реструктуризациялоодо ыйгарылышы мүмкүн. Карыз алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгү аныктаган, иштелип чыккан кредиттик рейтингдер тамгалык, сандык же альфа-сандык символдор түрүндө белгиленет жана банк тарабынан кредит берүүдөгү тобокелдиктерди көрсөтүп турат. Банк кредиттик рейтингди карыз алуучуга жана кредитке байланыштуу белгилүү бир мүнөздөмөлөрдү эске алуу менен ыйгарат.  

Кредиттик рейтингди аныктоодо карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө төмөнкүдөй ар кандай ыкмаларга негизделиши мүмкүн:  

- сандык - кредиттик рейтингди аныктоого мүмкүндүк берген тиешелүү көрсөткүчтөрдү колдонуу менен (коэффициенттер методу, рейтинг моделдери, скоринг моделдери);  

- болжолдуу, ал өткөн жылдардын статистикасына таянат жана карыз алуучунун кредитинин жана анын төлөөгө жөндөмсүз болуу ыктымалдыгынын моделин түзүүгө багытталган;  

- сапаттык, мында ар тараптуу сапаттык көрсөткүчтөр системасы колдонулат.  

Банк кредит берүүдө карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө натыйжалуу баа берүү максатында, карыз алуучуга жана банк тарабынан сунушталуучу кредитке баа берүү талаптарына жооп берген ыкмалардан турган өзүнүн моделин иштеп чыгышы мүмкүн. Негиз катары төмөнкүлөр алынышы мүмкүн:  

- карыз алуучунун финансылык абалына жана кредиттердин сапатына комплекстүү баа берүүгө мүмкүндүк берген коэффициенттер методу;  

- рейтинг модели - интегралдык көрсөткүчтү эсептеп чыгаруу жолу менен коэффициенттер методу аркылуу автоматтык түрдө баа берүү, бул ыкма колдонууда кыйла ыңгайлуу жана жөнөкөй болуп саналат;  

- скоринг модели - карыз алуучуну белгилүү топко киргизүү жолу менен төлөө жөндөмдүүлүгүн балл берүү эквивалентинде баалоо;  

- карыз алуучунун милдеттенмелери менен келечектеги акча агымына баа берүүгө негизделген модель;  

- өткөн жылдардын статистикасы ж.б. колдонулган модель.  

Ички кредиттик рейтинг системасы кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алуу; кредиттин наркын аныктоо; кредиттик тобокелдикке мониторинг жүргүзүүдө банкка көмөк көрсөтүү; потенциалдуу жоготууларды жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү; алынган жана зарыл маалыматтарды тескөө; кредиттик рейтинг шкаласына ылайык кредиттерди бөлүштүрүү, ошондой эле кредиттердин мурунку абалын жана балким келечектеги кыймылын рейтинг шкаласы боюнча аныктоо; жалпы тобокелдиктерге жана кредит портфелиндеги тенденцияларга баа берүү; банктын кредиттик стратегиясына өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн колдонулушу мүмкүн.  

Ички кредиттик рейтинг системасын колдонуу убакыттын өтүшү менен кредиттердин белгилүү түрлөрүн кредиттик рейтинг көрсөткүчтөрү боюнча баа бере турган маалымат базасын мурдагы маалыматтар менен бирге түзүүгө мүмкүндүк берет, бул банктарга өздөрүнүн кредиттик тобокелдиктерин кыйла так аныктоо мүмкүнчүлүгүн берет.  

Банкта ички кредиттик рейтинг системасы ыйгарым укуктардын төмөнкүдөй бөлүштүрүлүшүн камтууга тийиш:  

- карыз алуучуга баштапкы рейтингди ыйгаруу (кредит алууга өтүнүч кат түшкөн учурда);  

- ыйгарылган рейтингди талдап-иликтөө (кардардын иши боюнча бардык документтерди, анын төлөө жөндөмдүүлүгүн, күрөөлүк камсыздоосун талдап-иликтөөдө);  

- кредит берүүнү акыркы жактыруу.  

Кредиттик рейтингге ылайык кредит берүү чечими 100000 сомго чейинки суммада жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге кредит берүү боюнча кабыл алынат.  

Андан кийин 100000 сомго чейинки суммада жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге берилген кредиттердин төлөнүшүнө ушул жободо белгиленген мониторинг жүргүзүү аралыгына ылайык мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү, ошондой эле зарыл болгон учурларда, кредит боюнча милдеттенмелердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана рейтингге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу максатында, ыйгарылган кредиттик рейтингдерге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү зарыл.  

Мындан тышкары, банк кредит берүүдө стандарттуу эмес чечим кабыл алынган кредиттер боюнча маалымат базасын жана аларды эсепке алуу журналын дайыма жүргүзүүгө милдеттүү (жеке пайыздык чендер, күрөөнүн түзүлүшү жана башка). 

Банктын ички саясатында күрөө предметинен өндүрүү чечими кабыл алынган учурда ал карыз алуучунун/күрөө коюучунун бирден бир турак жайы экендигин тастыктаган фактыларды текшерүү талаптары каралууга тийиш. Эгерде, күрөө предметинен өндүрүү учурунда күрөөгө сунушталган мүлк карыз алуучунун/күрөө коюучунун бирден бир турак жайы болуп саналса, өндүрүү соттун чечими боюнча жүргүзүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы N 64/2, 2012-жылдын 12-октябрындагы N 40/3, 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11, 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

12-1. Кредиттик тобокелдиктин ички контролдук системасына ички аудит жыл сайын банктын кредиттөө иши кредиттик стратегияга, банктын саясатына жана кредиттик тобокелдикти тескөө процессинде, кредиттик саясатта жана кредиттөө боюнча жол-жоболордо кемчиликтерди аныктоо үчүн жүргүзүлүүгө тийиш.  

Мындан тышкары, банк ички аудиттин алкагында валюталык тобокелдик менен шартталган кредиттик тобокелдикти, анын ичинде Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык кредиттердин/активдердин классификацияланышын ички контролдук системасын баалоосу зарыл.  

Кредиттик тобокелдикти ички контролдук системасына ички аудиттин натыйжасында аныкталган кемчиликтер боюнча түзөтүү чараларын андан ары аткаруу боюнча маалымат мезгил-мезгили менен, бирок жарым жылда кеминде бир жолу банктын Директорлор кеңешине жана чейрек сайын кеминде бир жолу Аудит боюнча комитетке сунушталууга тийиш. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

12-2. Банк, кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү процессине тартылган кызматкерлеринин банкта карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү саясатын эске алуу менен талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү, проблемалуу кредиттер боюнча иш алып баруу, ошондой эле кардарлар менен коммуникацияны кошо алганда, башка кредиттөө маселелери, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам талаптары жана жооптуу кредиттөө принциптери боюнча мезгил-мезгили менен окутуудан өтүүсүн камсыз кылууга тийиш. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Банктын кредиттик комитети 

13. Кредиттик саясатты жүзөгө ашыруучу орган болуп, банктын Директорлор кеңеши тарабынан дайындалган банктын Кредиттик комитети саналат. 

14. Кредиттерди, гарантияларды, милдеттенмелерди, кепилдиктерди, ошондой эле маңызы боюнча кредиттик операция болуп саналган жана өзүндө кредиттик жоготуулар тобокелдигин камтыган башка активдерди жана милдеттенмелерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер Кредиттик комитет тарабынан чечилүүгө тийиш. Кредиттик комитет, банктын Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерди эске албаганда, бул укукту башка жактарга ыйгарышы мүмкүн. Кредиттик комитет ошондой эле, кредит саясатына ылайык кредиттерди берүү, эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүгө тиешелүү маселелерди да кароого алат. Мында, Кредиттик комитеттин кредиттерди эсептен алып салуу жана реструктуризациялоо боюнча чечими менен Банк Башкармасы айына кеминде бир жолу, ал эми Директорлор кеңеши чейрек ичинде кеминде бир жолу тааныштырылып турууга тийиш. Кредиттик комитет олуттуу тобокелдикти камтыган кредиттерди (2) сатуу жана эсептен алып салуу боюнча сунушту Директорлор кеңешинин кароосуна сунуштайт. Банк Башкармасы Директорлор кеңешинин ушул маселелер боюнча чечимдеринин аткарылышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

15. Кредиттик комитеттин иши банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Кредиттик комитет жөнүндө Жобо тарабынан жөнгө салынат. 

16. Кредиттик Комитет жөнүндөгү Жободо төмөнкүлөр аныкталууга тийиш: 

- Кредиттик Комитеттин ишин уюштуруу-курамын, отурумдарды өткөрүү тартибин, чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмесин; 

- Кредиттик Комитеттин ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин; 

- Директорлор кеңешине отчеттордун берилишин жана кредиттөө маселелери боюнча банк Башкармасы менен структуралык бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин; 

- Кредиттик комитеттин ар бир мүчөсүнүн кабыл алынган жана кол коюлган чечимдерине жоопкерчилиги. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 15-февралындагы N 8/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

17. Кредиттик комитет кеминде, беш адамдан турууга жана банк Башкармасынын Төрагасы же Башкарманын Төрагасынын орун басарларынын бири тарабынан жетекчиликке алынууга тийиш. 

Кредиттик комитеттин курамына төмөндөгүлөр кирүүгө тийиш: 

- банктын кредиттик бөлүмүнүн жетекчиси; 

- банктын юридикалык кызматынын жетекчиси; 

- банктын функционалдык милдеттери Кредиттик комитеттин ишине катышуу учурунда таламдардын талаш-тартыштарына алып келбеген башка кызматкерлери. 

Тобокелдик-менеджери эксперттик оюн билдирүү үчүн, бирок аталган коллегиалдык органдын чечимдерин кабыл алуу учурунда добуш берүү укугусуз Кредиттик комитеттин ишине катыша алат. 

Чечим кабыл алууда катышкан комитеттин ар бир мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү

- каралып жаткан маселенин маңызын билүүгө

- ал кабыл алган чечимдин банк ишине тийгизген таасирин түшүнүүгө

- тобокелдиктин келип чыгышы ыктымалдуулугуна жана алар тарабынан кабыл алынган чечимдин натыйжалуулугуна баа берүүгө

Комитеттин мүчөсүнүн каралып жаткан маселе боюнча сын-пикири же сунушу жана кабыл алынган чечимге макул эместиги, добуш берүүдө маалымдалышы жана протоколдо чагылдырылышы зарыл. Протоколго, отурумга катышкан комитеттин бардык мүчөлөрү жана анын катчысы тарабынан кол коюлууга тийиш. Комитеттин отурумга катышпаган мүчөлөрү протокол жана кабыл алынган чечимдер менен кол тамгасын коюу аркылуу танышуулары тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 15-февралындагы N 8/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

18. Банктын тобокел-менеджери банктын банк менен байланыштуу жакка жана аффилирленген жактарына берилген кредиттер боюнча тобокелдикке баа берүүнү кошо алганда, кредиттик тобокелдиктин деңгээли жөнүндө отчетторду Директорлор кеңешине кеминде айына берип турууга тийиш. 

4. Банктык кредиттерди берүү боюнча банктын ишин уюштуруу 

4.1. Кредит алууга билдирмелерди анализдөө 

19. Банктык кредиттерди берүү боюнча иштер карыз алуучудан кредит алууга билдирмелер алынган учурдан тартып башталат. 

20. Банктар кардарлар жөнүндө маалыматтарды кошо алганда, алардын кредит алууга билдирмелери жөнүндө маалыматтарды, билдирүү боюнча кабыл алынган чечимдерге көз карандысыз Кардарлардын кредит алууга билдирмелерин каттоо журналына (мындан ары - Журнал) каттоого милдеттүү. Журналда кредит берүүдөн баш тарткан учурда бул тууралуу кардарга билдирүү жагындагы маалымат да чагылдырылууга тийиш. Журнал номерленген, байланган жана банктын мөөрү менен бекитилген болууга тийиш (4-тиркеме). Банктарда маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылган коопсуздук системасы орнотулган шартта, Журналды электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет. Журналда чагылдырылган маалыматты Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 27-августундагы № 22/9 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын ишинде уюштурулуучу негизги документтер тизмегинде" белгиленген мөөнөттөргө ылайык сактоо зарыл.. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

21. Ар бир банкта кредит алууга билдирмелерди, ошондой эле кредит алуу үчүн кайрылган адамга сунушталган бир катар талаптарды кароонун белгилүү бир тартиби белгиленүүгө тийиш. 

22. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы N 64/2 токтомуна ылайык алынып салынды) 

23. Эгерде, кредиттик кызматкер же кредиттерди берүү боюнча чечимдерди кабыл алууга катышуучу кайсыл болбосун адам потенциалдуу карыз алуучу менен кызыкчылыктар боюнча пикир келишпестиктерге дуушар боло турган болсо, анда бул адам кредиттерди берүү боюнча чечимдерди кабыл алууга тартылбоого тийиш. 

24. (КР Улуттук Банк башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

25. Кредитти сунуштоо максатка ылайыктуу экендигин аныктоо, ошондой эле карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн банк карыз алуучудан төмөнкү документтерди талап кылууга тийиш: 

- карыз алуучу тууралуу негизги маалыматтарды (эгерде карыз алуучу юридикалык жак болсо - негизги ишкердик түрү, жүгүртүү каражаттарынын болжолдуу өлчөмү), валюталар боюнча киреше (пайда) түзүмүн (чет өлкө валютасындагы кредиттер боюнча), кредитти төлөө планын, негизги бизнес-өнөктөштөр ж.б.;  

- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн же мыйзам актыларына ылайык көчүрмөлөрдү нотариалдык жактан күбөлөндүрүү мүмкүн эмес болгон шартта юридикалык жактын мөөрү жана жетекчинин колтамгасы менен тастыкталган уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо);  

- карыз алуучунун (эгерде, карыз алуучу юридикалык жак болсо) акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчету. Эгерде карыз алуучу - юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо, финансылык отчет тышкы аудитор тарабынан тастыкталууга тийиш. Мында, юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аралык финансылык отчетторун сунуштап турууга тийиш болсо, анда банк ошол отчетту юридикалык жактан талап кылышы зарыл; 

- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

- жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги жөнүндө документтерди сунуштоо менен 250000 сомдон ашпаган өлчөмдө кредит берилген жеке адамдарды-айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, ошондой эле айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган Өкмөттүн программаларынын алкагында кредит берилген жеке адамдарды эске албаганда, мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде карыз алуучу - ишкердикти күбөлүктүн же патенттин негизинде жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам болсо).  

Электрондук патентти сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патентти алгандыгы фактысын тастыктоо үчүн анын көчүрмөсүн кагаз бетине чыгарып, аны банкка сунуштай алат. Мында банктын жооптуу кызматкери тиешелүү программалык камсыздоого ээ уюлдук же башка түзүлүш аркылуу электрондук патентке чагылдырылган QR-кодду сканерден өткөрүү аркылуу электрондук патенттин кагаз бетине чыгарылган көчүрмөсүнүн аныктыгын текшерүүгө тийиш.  

Эскертүү: QR-код - уюлдук түзүлүштөр аркылуу окуу үчүн атайын түзүлгөн, патент жөнүндө маалымат камтылган матрица код (эки ченемдүү штрих код); 

- өзүндө кредит алуу максатын, карыз алуучунун каражаттарынын болжолдуу жылышын (жыл ичинде пайда алуу көлөмүн), валюталар боюнча төлөө булактарын, кредитти төлөө мөөнөттөрүн жана планын камтыган (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо жана кредиттин суммасы 3500000 сомду түзгөн болсо, жүгүртүү каражаттарын толуктоого берилген кредиттерди эске албаганда) бизнес-план. Мында банк кредиттик тобокелдикти кыскартуу максатында, инвестициялык кредиттер, ири кредиттер жана карыз алуучунун ишкердигине кылдат баа берүүнү талап кылган башка кредиттер боюнча бизнес-планга карата кошумча талаптарды белгилөөгө тийиш;  

- күрөөгө коюлган мүлк описин, ээлик кылуу укугун (эгерде күрөө кыймылдуу/кыймылсыз мүлк болсо) жана пайдалануу укугун тастыктаган документтерди, ошондой эле банктын ички документтерине ылайык башка документтерди;  

- гарантты (кепилдик берүүчүнү), гарантия (кепилдик) суммасын ж.б. (эгерде банк гарантия (кепилдик берүүнү) талап кылса), ошондой эле гаранттын финансылык отчетторун (эгерде гарант - юридикалык жак болсо) көрсөтүү менен гарантиялар (кепилдиктер); 

- инсандыгын тастыктаган документти (эгерде карыз алуучу - жеке адам болсо);  

- акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында банк, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акысы жөнүндө маалымкат же анын кирешелери жөнүндө маалыматтарды тастыктаган башка документтерди (эгерде карыз алуучу - жеке адам болсо);  

- банкка зарыл болгон, анын ичинде карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн башка документтерди (контрактылар, келишимдер, сунуштама каттар, мамлекеттик реестрлерден көчүрмөлөр ж.б.). 

Банкта кардарлар маалыматы менен иш алып баруу боюнча ички жол-жобо болууга жана анда маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылган талаптар каралууга тийиш. Маалымат топтоодо жана кардарлар менен маектешүүдө банк кызматкерлери ал маалымат мыйзам талаптарына ылайык кандай учурларда колдонулушу мүмкүндүгүн кардарларга так түшүндүрүүгө тийиш. 

Кардардын (кардарлардын) сүрөттөрүн же видео жаздырууларды, аудиожаздырууларды жана алар тууралуу башка маалыматты жарнамалык, маркетингдик маалыматтарда же башка жалпыга маалымдоо каражаттарында пайдалануу үчүн кардардан (кардарлардан) кат жүзүндөгү макулдук алуу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы N 64/2, 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11, 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА), 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА), 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-12/16-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

26. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо учурунда банк, төмөнкү укуктарды кошо алганда кардарлардын укуктарынын сакталышын камсыз кылууга тийиш: 

- кредиттик келишимге кол коюу учурунан тартып акча каражаттарын алганга чейин же болбосо лизингдин алкагында мүлк үчүн төлөөгө чейин кардардын кредит алуудан акысыз негизде баш тартууга укугу. 

Мындай учурларда банк кардардан билдирмени кароо үчүн белгиленген тариф боюнча комиссиялык төлөм алууга укуктуу. 

- кардардын келишим долбоорун ага карата кошо тиркелген документтер менен бирге келишимге кол коюлган учурга чейин алуу жана банктан тышкары юридикалык консультация алуу үчүн кайрылуу укугу, мында кардарга келишим менен таанышуу үчүн берилген убакыт бир күндөн кем эмес, бирок үч күндөн ашпоого тийиш; 

- кредитти андан ары реструктуризациялоо өтүнүчү менен кардардын банкка кайрылууга укугу; 

- эгерде кредиттин негизги суммасынын 50% ашыгыраагы төлөнгөн шартта, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз, мурдагы күрөөнү наркы кредит боюнча карыздын калган суммасынын ордун жапкан башка күрөөгө эки тарапка тең алгылыктуу, банктын ички документтерине ылайык алмаштырууга укугу; 

Жеке адам, анын ичинде жеке ишкер болуп саналган кардар менен кредиттик келишим түзүүдө банк мындай кардарларга кредит алуунун төмөнкүдөй ыкмаларын тандоо укугун берет: 

- кредиттик каражаттарды нак акчага айландыруу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз нак формада алуу; 

- кредиттик каражаттарды эсептешүүүндөлүк) эсептерден/талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерден алуу, аны тейлөө шарттары тиешелүү келишимде аныкталат. 

Мында кардар-жеке адамдар, анын ичинде жеке ишкерлер кредитти нак формада сыяктуу эле, нак эмес формада да төлөө укугуна ээ. 

Нак акчага айландыруу үчүн комиссиялык жана башка төлөмдөрдү төлөөсүз кредиттик каражаттарды алуу укугун банк, ипотекалык кредиттерин, ошондой эле экономиканы өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик/өкмөттүк программалардын алкагында кардар-жеке адамдарга, анын ичинде жеке ишкерлерге берүүдө сунуштайт. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11, 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА), 2020-жылдын 26-февралындагы № 2020-П-12/8-8-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

27. Банктын кредиттик ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана кардарлардын кредиттөө шарттары боюнча кабардар болуусун жакшыртуу максатында, кардарларды тейлөө жерлеринде кредиттөөнүн шарттары жана тартиби, кредит алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги, кредиттөө процессин жөнгө салган Улуттук банктын негизги ченемдик укуктук актыларынын тизмеги жөнүндө маалыматтарды камтыган такталар жайгаштырылууга тийиш. Ошондой эле аларда кардарлардын укуктары, банкта даттануулардын жана сунуштардын китепчесинин бар экендиги жөнүндө маалыматтар жана кардарлар үчүн пайдалуу болгон башка маалыматтар чагылдырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

28. Банк кызматкерлери кардарлар менен функционалдык милдеттеринин чегинде гана өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруулары зарыл. Мындан тышкары, банк кызматкерлеринин кардардын кредит алуусу үчүн кандайдыр бир сыйакы алуу менен ортомчу болууга укугу жок. 

29. Банк, ушул жобонун 63-1-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарды эске алуу менен, кредит берүүгө байланыштуу тобокелдиктерди өзүнө алуу менен кредит берүү учуруна чейин сыяктуу эле, андан кийин - банктын каражаттары толук кайтарылганга чейин кеминде жылына бир жолу кардар тарабынан сунушталган, анын ичинде кардардын документ менен тастыкталбаган кирешеси боюнча маалыматтын тактыгын текшерүүгө тийиш. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

30. Бүтүндөй алганда, кредит алууга билдирмени талдап-иликтөө жүргүзүү Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган банктын саясатына жана төмөнкү негизги факторлорго негизделүүгө тийиш:  

1) каражаттарды карызга алуу укугу. Банк, карыз алуучунун кредит алууга жана кредиттик келишимге кол коюуга укуктуу экендигине ынанууга тийиш;  

2) карыз алуучуга мүнөздөмө. Банк, карыз алуучу карызга алып жаткан каражаттарга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, банктын бардык суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө карыз алуучу ушул банкта же башка финансы-кредит уюмдарында буга чейин кредиттерден пайдаланганбы же жокпу, кредит кандайча кайтарылгандыгын, кредитти төлөө тартибин так сактагандыгын, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин эске алуу зарыл. Мындан тышкары, анын кесиптик сыяктуу эле, жалпы инсандык беделин көңүлгө алуу зарыл, ошондой эле карыз алуучунун ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо керек. Башка мекемелерден ага берилген кредиттер жөнүндө маалыматтарды да талап кылуу маанилүү. Мындан тышкары, карыз алуучу жөнүндө жана Банктын каалоосу боюнча карыз алуучу менен байланыштуу жактар жөнүндө маалыматты (кредиттик отчетту) алардын макулдугунун негизинде мыйзам талаптарына ылайык бир же бир нече кредиттик бюродон талап кылуу зарыл.  

Банк кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын так аткарууга жана анда чагылдырылган кредиттик маалыматты үчүнчү жактарга таркатпоого, ошондой эле кредиттик отчетту кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга тийиш.  

Банк кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттогу маалыматтарды бурмалоо үчүн жоопкерчилик тартат:  

3) акча каражаттары. Кредит алууга билдирмеге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзгөн банк кызматкери жооп берүүгө тийиш болгон эң башкы суроо бул: карыз алуучу киреше жана нак акча агым формасында акча каражаттарын, анын ичинде кредит ала турган валютада кредиттин ордун жабуу үчүн жетиштүү көлөмдө акча каражаттарын ала алабы. Баа берүүдө банк буга чейин пайда туруктуу алынгандыгын же сатуу көлөмү өскөндүгү байкалгандыгын жана келечекте кредиттик келишимди колдонуу мөөнөтү ичинде мындай өсүш улана тургандыгын тактоого тийиш.  

Мындан тышкары, банк карыз алуучу кредитти өз убагында төлөөсү үчүн алмашуу курсунун өсүшүн эске алуу менен карыз алуучунун кирешесинин (пайдасынын) (анын ичинде чет өлкө валютасында) жетиштүүлүгүн аныктоого тийиш.  

Эгерде кардардын келерки 12 ай ичинде кирешесинин (пайдасынын) басымдуу бөлүгү улуттук валютада алына турган болсо, банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талабын, анын ичинде РППУ боюнча талаптарды эске алуу менен карыз алуучу үчүн алмашуу курсунун өзгөрүшүнүн натыйжасында валюталык тобокелдик менен шартталган кредиттик тобокелдикти эске алып, кардарга чет өлкө валютасында кредит сунуштоонун максатка ылайыктуулугуна баа берүүгө тийиш;  

4) камсыздоо. Камсыздоо түрүнө баа берүүдө банк кызматкери карыз алуучу кредиттин кайтарылбай калышы тобокелдигин азайтуу үчүн зарыл болгон жетиштүү сапаттуу камсыздоого ээ экендигин тактоого тийиш.  

Кредит берүүдө камсыздоонун ар кандай формасы, түрү жана ыкмасы колдонулушу мүмкүн.  

Карыз алуучулардын милдеттенмелерин камсыздоо ар кандай белгилер боюнча классификацияланат:  

- кредитти камсыздоонун мүлктүк формасы дегенден улам, карыз алуучу кредит алууда сунуштаган мүлктү сатуудан алынган акча каражаттарынын эсебинен кредитти төлөөнүн экинчи булагын түшүнөбүз.  

Мүлктүк формага кредиттик камсыздоонун төмөнкү түрлөрү кириши мүмкүн:  

- кыймылсыз мүлк күрөөсү;  

- кыймылдуу мүлк күрөөсү (бул мүлк эрежеге ылайык, карыз алуучунун пайдалануусунда калат, тактап айтканда бул автотранспорт, жүгүртүүдөгү товар, тиричилик техникасы ж.б.);  

- күрөө (заклад) (банкка сактоого өткөрүлүп берилген мүлк, так айтканда баалуу металлдар, баалуу кагаздар, депозит ж.б.).  

- кредиттерди камсыздоонун мүлктүк эмес формасы. Кредитти камсыздоонун мүлктүк эмес формасы - бул каражаттарды кайтаруу гарантиясын юридикалык тариздөөнүн эсебинен карыздын ордун жабуу булагы.  

Кредит боюнча камсыздоонун мүлктүк эмес формасына төмөнкүдөй кредиттик камсыздоо формалары кириши мүмкүн:  

- гарантия;  

- кепилдик.  

Милдеттенмелердин ордун жабуу деңгээли боюнча кредитти камсыздоолор төмөнкүдөй бөлүнөт:  

- негизги камсыздоо;  

- кошумча камсыздоо.  

Орду толук жабылуучу милдеттенмеге жараша кредит боюнча камсыздоо төмөнкүдөй бөлүнөт:  

- кредиттик милдеттенменин ордун толугу менен жабуучу камсыздоо;  

- кредиттик милдеттенменин бир бөлүгүнүн ордун жабуучу камсыздоо.  

Банктын кредиттик тобокелдиктерин төмөндөтүүнүн өзүнчө формасы катары кредиттик тобокелдиктикти камсыздандыруу да саналышы мүмкүн.  

Кредит боюнча мүлктүк камсыздоону кабыл алуу үчүн банктын негизги иш-чаралары:  

- банк карыз алуучу тарабынан сунушталган камсыздоонун аныктыгына ынанууга тийиш. Мүлктүн бар экендигин, ошондой эле ага менчик укугу жөнүндө документтерди текшерүүгө тийиш. Камсыздоо катары сунушталган мүлк (укук) анык болууга тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо менен камсыздоону кийинки күрөөгө коюуга жол берилет. 

Эскертүү: Бул пунктчага, ири мүйүздүү мал жана майда жандыктар түрүндө камсыздоо алыскы жана барууга кыйын болгон жерлерде сезондук жайытта болгондугуна байланыштуу аларды барып кароо жана баалоо мүмкүн эмес болгон учурлар кирбейт. Мындай учурларда банк карыз алуучунун мал-жандыгы бар экендигин анын малканасын, кой короосун жана булардын аянтын, тоют камын, жайытты ижарага алуу келишимдерин ж.б. текшерүү аркылуу күбөлөндүрөт. Буларга кошумча кардар айыл өкмөтүнөн мал-жандыгы бар экендиги жөнүндө маалымкатты, ошондой эле эгерде бар болсо малы бар экендигин тастыктаган башка документтерди сунуштоого тийиш. 

- банк камсыздоонун ликвиддүүлүк деңгээлин, б.а. дароо сатуу (сатып өткөрүү) мүмкүнчүлүгүн аныктоого тийиш;  

- банк мыйзам талаптарына ылайык, өз алдынча же тиешелүү сертификатка ээ көз карандысыз баа берүүчү-адистерди ишке тартуу менен камсыздоонун өздүк наркын баалашы мүмкүн. Кредит боюнча камсыздоонун рыноктук наркынын негизги карыз суммасынан жана камсыздоо предметин сатууга сарпталышы мүмкүн болгон каражат өлчөмүн эске алуу менен кредит боюнча пайыздардан жогору болушу кредиттердин кайтарылбай калышы тобокелдигин жөнгө салуу инструменти болуп саналат;  

- банк карыз алуучу тарабынан сунушталган мүлктүн баасынын туруктуулугун аныктоо максатында, сунушталган камсыздоого тиешелүү рынокко талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүсү зарыл. Мында банк ошол камсыздоонун наркынын төмөндөшү мүмкүндүгү тобокелдигин эске алууга тийиш;  

- банк камсыздоо катары мүлктү кеминде карыз алуучу кредиттик каражаттарды пайдаланган мөөнөткө пайдаланууга/кызмат кылууга кабыл алууга тийиш. Мында, камсыздоону сактоо зарылчылыгы келип чыгышы мүмкүндүгүн эске алуу зарыл, ал кошумча чыгашаны талап кылышы ыктымал.  

Эгерде 100000 сомдон жогору өлчөмдөгү контракттык каржылоо боюнча камсыздоо катары гарантия жана/же контракт боюнча талап кылуу укугу саналса, банк карыз алуучунун гарантынын/контрагентинин кеминде акыркы жыл үчүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, тараптардын ушул кредит боюнча милдеттенмелерин аткарууга жана карыз алуучу кредитти кайтарбаган учурда экинчи төлөө булагын жүзөгө ашырууга байланыштуу тобокелдиктерге баа берүүгө тийиш.  

Эгерде кош кампа күбөлүгүнүн бир бөлүгү болуп саналган ордердик баалуу кагаз кредит боюнча камсыздоо болуп саналса, кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен продукцияны кампада сактоо боюнча кызмат көрсөткөн баалуу кагаздын эмитентине (товар кампасы) карата Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары банк тарабынан эске алынышы зарыл; 

5) гарантия/кепилдик.  

Кредитти гарантия/кепилдик түрүндө камсыздоодо мындай кредитти сунуштоонун максатка ылайыктуулугун аныктоо үчүн банк карыз алуучунун өзүнө жүргүзүлгөндөй эле формада гаранттын/кепилдик берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт. Банк ушул жобонун талаптарына ылайык, карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн кандай документтерди талап кылса, ошодой эле гаранттан/кепилдик берүүчүдөн зарыл документтерди талап кылууга, анын кесипкөйлүк аброюн, жоопкерчилигин жана өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин иликтөөгө тийиш. Мында, бул шарттын сакталбашы мындай кредиттердин гарантия/кепилдик берүү менен камсыздалган бөлүгүн бланктык катары таанылышына алып келет.  

Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын кредит алууга билдирмесин кароодо кредит боюнча иш алып барган адис бирге жашаган жана/же биргелешип бизнес жүргүзгөн бир үй-бүлө мүчөлөрү бир кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары болбоосуна көңүл бурууга тийиш.  

6) кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдик берүүсү. Кошо жоопкерчиликтүү топ дегенден улам, пайда алууга багытталган ишкердик менен алектенген катышуучу-жеке адамдардын (кеминде 3 адам) өз ыктыярдуу түрдө биригүүсүн түшүнүүгө болот. Мында, кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, топтун ар бир мүчөсүнүн милдеттенмелеринин аткарылышы үчүн биргелешип кепилдик беришет жана кандай болбосун жагдайларда алынган кредиттик каражаттардын толугу менен кайтарылышына биргелешип жоопкерчилик тартышат.  

Мында, бир үй-бүлө мүчөлөрүнөн болбогон, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын саны ошол кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын жалпы санынын 20 пайызынан ашпоосун, ошондой эле бир үй-бүлө мүчөлөрүнөн болбогон, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын үлүшү кошо жоопкерчиликтүү топко берилген кредиттин жалпы суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш экендигин эске алуу зарыл.  

Ушул жобонун максаттарына ылайык, биргелешип бизнес жүргүзүү дегенден улам, бир нече ишкер (өнөктөштөр, кошо ээлик кылуучулар ж.б.) иш алып барган экономикалык ишкердикти түшүнүүгө болот. Мында, алардын иши товарды биргелешип өндүрүүдөн жана/же сатуудан, кызматтарды сунуштоодон пайда алууга багытталган, бул үчүн ишкерлердин мүлкү, материалдык эмес активдери, эмгеги пайдаланылат. Биргелешкен бизнестин катышуучулары бизнес жүргүзүүдөн алынган пайданы өз ара пропорционалдуу бөлүштүрүшөт жана бүтүндөй мүлктү же анын бөлүгүн жоготуу тобокелдигин биргелешип тартышат. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА), 2020-жылдын 26-февралындагы № 2020-П-12/8-8-(НПА), 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-12/16-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

30-1. Банк, кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө орун алган тобокелдикке баа берүү боюнча ишти уюштуруу максатында, бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишим түзүүгө, ошондой эле кеминде бир кредиттик бюрого белгиленген талаптарга ылайык кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.  

Кредиттик маалымат анык жана жаңыртылган, айкын маалыматтарга негизденген, өз убагында өткөрүлүп берилген, ошондой эле банк менен кардар ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык келүүгө тийиш.  

Банктын кредиттик ишти жөнгө салуу боюнча ички документтеринде кредиттик маалымат алмашуу ишин уюштуруу тартиби жана талаптары, ошондой эле кредиттик бюро менен маалымат алмашуу жөнүндө келишимди түзүүдө банктын укуктары жана милдеттери, анын ичинде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- кредиттик маалыматты санкциясыз колдонуудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу;  

- кредиттик маалымат алмашуу процессинде катышкан банк жана анын кызматкерлери тарабынан алар менен эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салуу;  

- кредиттик бюрого банк жоопкерчилик тарткан кредиттик маалыматка өзгөртүүлөр киргизилгендиги жана жаңыртылгандыгы жөнүндө өз убагында билдирүү;  

- кредиттик маалымат субъектисинин талабын кошо алганда, сунушталган маалымат бурмаланган учурларда, кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү;  

- кредиттик маалымат алмашуу келишимине ылайык, кредиттик бюрого маалыматтарды сунуштоо системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу.  

Банк, бардык карыз алуучуларды кошо алганда, кредиттик бюрого берилүүчү кредиттик маалыматтын бурмаланышы, маалыматтын толук жана өз убагында берилиши үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

31. Мындан тышкары Банк, карыз алуучу кредиттик келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбагандыгынан же талапка ылайык аткарбагандыгынан улам келип чыгышы ыктымал болгон кесепеттерди түшүндүрүү (бул тууралуу карыз алуучу келишимге кол коёт) жана ушул жобонун 30-пунктунда көрсөтүлгөн факторлорду аныктоо максатында түшүндүрмө берүүгө тийиш. Кредит берүү учурунда ушул жобонун 30-пунктунда белгиленген талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилик кредит берүү чечимин кабыл алган ыйгарым укуктуу адамдарга жүктөлөт. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11, 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

32. Кредит алууга билдирмеге талдап-иликтөө жүргүзүүдө банк анда карыз алуучуга кредит сунуштоо максатка ылайыктуу экендиги чагылдырылган корутунду түзүүгө тийиш, ал Кредиттик комитеттин/ыйгарым укуктуу кызмат адамынын кароосуна кардардын кредит алууга өтүнүчү жана банктын ушул Жобонун жана башка ички документтердин талаптарына ылайык талабы боюнча сунушталган башка зарыл документтер менен бирге сунушталат.  

Кредит берүүдөн баш тартууда корутундуда баш тартуу себептери көрсөтүлүүгө, ошондой эле банкта белгиленген тартипке ылайык карыз алуучуга кабыл алынган чечим тууралуу билдирилүүгө тийиш.  

Карыз алуучуга кредит берүүнүн максатка ылайыктуулугу/максатка ылайыксыздыгы жөнүндө рейтингдин маанисин камтыган банктын ички кредиттик рейтинги менен берилген жыйынтык тиешелүү корутунду катары каралышы мүмкүн. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

33. Эгерде, билдирмеде көрсөтүлгөн сумма биринчи деңгээл курамындагы кызматкерлер тарабынан бериле турган суммадан ашпаса жана оң чечим кабыл алынса кредитти берүүнү тариздөө процесси башталат. 

34. Эгерде, билдирмеде көрсөтүлгөн сумма биринчи деңгээл курамындагы кызматкерлер тарабынан бериле турган суммадан ашса, анда биринчи деңгээлдеги кызматкердин корутундусу мындай суммадагы кредиттерди берүү жөнүндө маселени кароого ыйгарым укуктуу тиешелүү деңгээлдин кароосуна берилет. Бул сунуш-көрсөтмөнүн негизинде, аталган ыйгарым укуктуу деңгээлдеги кызматкерлер бул кредитти берүү жөнүндө маселени толук чечүүлөрү тийиш. Зарылчылыкка жараша, корутунду иштеп чыгууга жөнөтүлүшү же карыз алуучу жөнүндө кошумча маалыматтар талап кылынышы же карыз алуучунун өзү менен кошумча баарлашууларды өткөрүүнү кошо алганда, карыз алуучуну жекече иликтөө жүргүзүлүшү мүмкүн. 

Бардык документтер толук изилденип чыккандан кийин, кредитти берүү жөнүндө чечим кабыл алынат. 

34-1. Банк, эгерде ар айлык пландаштырылган кредит боюнча төлөмдөр (негизги карыз жана пайыз төлөмдөрү) карыз алуучунун орточо айлык чогуу алгандагы кирешесине карата катышы кеминде 50 пайызды түзгөн учурда гана карыз алуучуга улуттук валютадагы керектөө кредиттерин бере алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/6, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

34-2. Банк, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, карыз алуучуларга-жеке адамдарга чет өлкө валютасында ипотекалык жана керектөө кредиттерин, ошондой эле эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафтты бере албайт жана депозит күрөөсү алдында чет өлкө валютасында төлөм карттарына кредиттик лимиттерди белгилей албайт. Мында, эгерде депозит да кредит валютасында болсо, анда ал кредит суммасынын кеминде 100% ордун, ал эми эгерде депозит кредит валютасынан башка валютада болсо - сом эквивалентинде анын кеминде 120% ордун жабууга тийиш. Ошол кредиттер боюнча төлөмдөрдү кредиттик келишим валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

34-3. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн аралыктан сунуштоого карата минималдуу талаптар жөнүндө" жободо жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар так сакталган шартта банк обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу, ички саясаттарга жана жол-жоболорго ылайык кредиттерди сунуштоого укуктуу.  

Жөнөкөй электрондук кол тамга менен тастыкталган келишимдер боюнча обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредит көлөмү 15000 сомдон (чет өлкө валютасы эквивалентинен), ал эми күчөтүлгөн электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 150000 сомдон (чет өлкө валютасы эквивалентинен) ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

35. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы N 64/2 токтомуна ылайык алынып салынды) 

36. Эгерде, карызгерге кредит берүү жөнүндө маселе оң жагына чечилген болсо, анда андан алынган документтер боюнча карыз алуучунун кредиттик досьеси түзүлөт, андан ары аталган кредит сыяктуу эле, эгерде ага келечекте ушундай кредит бериле турган болсо, андан аркы бардык кредиттерге тиешелүү бүтүндөй документтер көктөлүүгө тийиш (карыз алуучунун кредиттик досьесине карата минималдык талаптар 1-тиркемеде келтирилген). 

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредиттер боюнча карыз алуучунун кредиттик таржымалы (досье) кагаз жүзүндөгү документтердин сактоо мөөнөтүнөн кем эмес мөөнөттө маалымат базасында электрондук түрдө (электрондук маалымат каражаттарында) жүргүзүлүшү мүмкүн. Мында, электрондук документтер базасына кирүү мүмкүнчүлүгү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык камсыз кылынышы зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

37. Карыз алуучунун кредиттик досьесинде карызгер менен жүргүзүлгөн бардык жолугушуулардын, баарлашуулардын жана телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн, күрөөнүн бар экендигин, абалын текшерүү боюнча корутундулар эсепке алынып, сүйлөшүүлөрдүн мазмуну жана жыйынтыктары, ошондой эле ушул кредитке байланыштуу болгон бардык кат алышуулар көрсөтүлүүгө тийиш. 

4.2. Кредиттик келишимдин корутундусу 

38. Кардарга кредит берүү чечими кабыл алынгандан жана ал менен бардык шарттар талкуулангандан кийин карыз алуучу менен Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кредиттик келишим түзүү зарыл. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

39. Банк менен кардар ортосунда түзүлгөн келишим жана ага кошо тиркелүүчү банк кардарынын укуктары, чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги, ошондой эле банк менен кардар ортосунда түзүлүүчү башка келишимдер макулдашуунун негизинде мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт (зарыл учурда келишим башка тилге которулушу мүмкүн), мында кредиттик келишимдин тексти карыз алуучуга түшүнүктүү болууга тийиш. Кредиттик келишим шарттарынан улам келип чыккан кардардын укуктары жана милдеттери өзүнчө бөлүкчөдө көрсөтүлүүгө тийиш. Кредиттик келишимдин жана ага карата бардык тиркемелердин бүтүндөй тексти бирдей болууга жана кеминде 12 шрифт менен берилүүгө тийиш. 

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу сунушталган кредиттер боюнча келишимдер Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген суммада, алардын келишим тараптарына таандык экендигин тастыктаган электрондук кол тамга коюлуп тастыкталышы мүмкүн. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11, 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

40. Келечекте аны кайтаруу боюнча проблемалардын келип чыгышына жол бербөө максатында, кредиттик келишимди түзүүдө кредит берүү жана аны төлөө боюнча бардык шарттар сүйлөшүлүүгө тийиш, мында эгерде ал карыз алуучунун укугунун чектелишине жана/же милдеттеринин көбөйүшүнө алып келсе, банк кредиттик келишимдин баштапкы шарттарын бир тараптуу негизде өзгөртүүгө укугу жок. Мында, эгерде бул укук кредиттик келишимде кардарга маалымдоо мөөнөтүн (кеминде 30 күн мурда) белгилөө менен, ошондой эле өзгөртүүнүн так статьялары, шарттары жана максималдуу/минималдуу чектери тизмегин көрсөтүү менен сүйлөшүлгөн учурларды эске албаганда, кредиттик келишимде алгач белгиленген шарттарды бир тараптуу негизде өзгөртүүгө банктын укугу жок. Карыз алуучу менен кредитти жана ал боюнча пайыздарды төлөө графигин түзүү учурунда, кредиттин максатына жана карыз алуучунун иш багытына, карыз алуучу сунуштаган жана ал банк тарабынан текшерилген бизнес-планга, ошондой эле акча каражаттарынын болжолдуу жылышына көңүл буруу максатка ылайыктуу. Карызды төлөө графигинде, кеминде кредит берүү суммасы, ал боюнча пайыздык чен, берилген күнү, негизги сумманы жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө суммасын көрсөтүү менен план боюнча төлөө күндөрү, ошондой эле кредит боюнча карыз калдыгы камтылууга тийиш. Төлөө графиги кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Аны түзүү каралбаган кредиттик продукттар боюнча (эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карттары боюнча овердрафттар, кредиттик линиялар ж.б.) карызды төлөө графиги талап кылынбайт. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

41. Кредиттик келишимде эң аз дегенде төмөндөгүлөр көрсөтүлөт: 

- тараптардын аталыштары; 

- келишимдин аракеттенүү мезгили; 

- кредиттин негизги шарттары - суммасы, төлөө мөөнөтү, камсыздоосу, жылдык эсептөөдө пайыздык чен, кредит сунуштоо формасы: нак (касса аркылуу) жана/же нак эмес формада (анын ичинде, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен кардардын эсебине чегерүү аркылуу ж.б.); 

 

- тараптардын укуктары жана милдеттери; 

- банкка ал тууралуу отуз күн мурда алдын ала кат жүзүндө маалымдаган шартта, кайсыл болбосун убакытта айыптык санкцияларды (комиссиялык жана башка төлөмдөр) кармап калуусуз эле, кардардын кредитти толугу менен же анын бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда жабууга укугу. Биргелешип жоопкерчилик алган топтун бир катышуучусу анын катышуучуларынан кат жүзүндө макулдук алган шартта гана ага мөөнөтүнөн мурда төлөөгө жол берилет; 

- кардар банкка кредитти толугу менен же анын бир бөлүгүн кайтаруу күнүнө чейинки отуз күн мурда алдын ала кат жүзүндө маалымдаган шартта айыптык санкцияларды (комиссиялык төлөм жана башка төлөөлөр) төлөөсүз кайсыл болбосун убакта кредитти мөөнөтүнөн мурда толугу менен же анын бир бөлүгүнүн ордун жабууга укугу. Мындай учурда көрсөтүлгөн шартта мөөнөт белгиленет жана ал мөөнөт (билдирүү жөнөтүлгөндөн кийин) аяктаганга чейин карыз алуучу кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөй алат. Билдирүүдө мөөнөтүнөн мурда төлөөнүн башка мөөнөтү көрсөтүлүшү мүмкүн, мында банкка кеминде 30 (отуз) календардык күн мурда билдирүү жиберилиши керек. Кошо жоопкерчиликтүү топтун бир катышуучусунун мөөнөтүнөн мурда төлөөсү анын катышуучуларынын кат жүзүндөгү макулдугунун негизинде гана жол берилет; 

 

- кайсы бир тарап тарабынан милдеттенмелерди бузууга жол бергендиги үчүн санкцияларды салуу, келишимдерди бузуу учурлары. 

Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын бири кредиттин ага тиешелүү бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда төлөгөн болсо да, топтун курамында алынган кредиттин орду толук жабылганга чейин ал кепилдик келишими боюнча чогуу жоопкерчиликтүү бойдон кала берет. Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын жана банктын макулдугу болгон шартта, ошондой эле топтун курамынын минималдуу саны боюнча шарттар сакталган учурда кредиттин ага тиешелүү бөлүгүн төлөгөн катышуучу чогуу жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы N 64/2, 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/5, 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/16, 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11, 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА), 2020-жылдын 26-февралындагы № 2020-П-12/8-8-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

"Токтом" МБ эскертүүсү: Берилген Жобонун 41-пунктундагы абзацтардын саны расмий тилдеги тексттин абзацтардын санына дал келбейт. 

42. Банк тарабынан сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу комиссиялык жана башка төлөмдөр төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- кардар үчүн өзүнчө пайда алып келүүгө же болбосо ал үчүн керектөө баалуулугун түзүүгө

- кредит берүү негизги кызмат көрсөтүүлөр боюнча өз алдынча жана көз карандысыз болууга; 

- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызматтарга кирбөөгө

Банкка бир же ошол эле операцияны ишке ашыруу үчүн пайыз жана комиссиялык төлөм алуусуна жол берилбейт. 

Банк кардардан кошумча төлөмдөрдү (айыптык төлөм/туум) жана башка айыптык санкцияларды кардар кредиттик келишимде жана/же башка келишимдерде каралган өз милдеттенмелерин аткарбай койгон/талапка ылайык аткарбаган учурларда гана алышы мүмкүн. 

Банк кардарларынын чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги жана айыптык санкциялар банк менен карыз алуучу ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал 6-тиркемеге ылайык таблица түрүндө түзүлөт. 

Кредиттик келишимге 6-тиркемеде белгиленгендерден тышкары кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле карыз алуучу менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөөнүн негизинде сунушталуучу башка кызматтарды киргизүүгө тыюу салынат. 

Банк кардарды тизмек менен тааныштырууга тийиш, зарыл учурларда кардарга кредитти, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, туумду, айыптык төлөмдү эсептөө тартиби, анын ичинде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен кредит алуу/ордун жабуу тартиби жөнүндө, ошондой эле эгерде кредит чет өлкө валютасында алынса, ал эми киреше (же анын бөлүгү) улуттук валютада алына турган болсо, чет өлкө валютасынын алмашуу курсу өскөн шартта келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктер, андан улам төлөөгө жөндөмсүздүк тууралуу түшүндүрмө берүүгө, ошондой эле кардардан кол тамгасы менен тастыкталган макулдугун алууга тийиш. 

Кредиттин негизги суммасы боюнча пайыздарды төлөө/ордун жабуу мөөнөтү кечиктирилсе жана/же кредиттин негизги суммасы боюнча пайыздарды төлөө/ордун жабуу мөөнөтү кечиктирилсе кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) мөөнөтү кечиктирилген суммага жана айкын мөөнөтүнө жараша эсептелет. 

Банк, кредиттик келишимге жана банктын ички жол-жоболоруна ылайык, банк кардарынын кредитти сунуштоого, пайдаланууга жана кайтарууга байланыштуу бардык чыгашаларын көрсөтүүгө тийиш. Банк кардарга маалым болушу үчүн чыгашалар келечекте өзгөрүшү мүмкүндүгүн эскертүү менен келишим түзүлгөн күнгө карата үчүнчү жактардын колдонуудагы тарифтерин көрсөтүү менен алардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн чыгашалар наркын (камсыздандыруу, нотариус кызматтары, ж.б. үчүн төлөөлөр) чагылдырат. 

Мындан тышкары, кредиттик келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- карыз алуучу-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жак түзүүсүз жеке ишкердин кредити боюнча күрөө предметинен өндүрүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөткөндөн күндөн тартып, 15 күн аяктаганга чейин кошумча төлөм (айыптык төлөм, туум) чегерүүнү токтотуу боюнча банктын милдети, мында кредиттин бүтүндөй мезгили үчүн чегерилген кошумча төлөмдүн (айыптык төлөм, туум) өлчөмү берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш; 

- кардар-жеке адамдын, анын ичинде жеке ишкердин башка финансы-кредит уюмдарындагы кредиттери, анын ичинде жолдошунун/жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын кредиттери, ошондой эле ал кредиттер боюнча милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө маалыматты жарым жылда кеминде 1 жолу сунуштоо милдети; 

- аны башка финансы-кредит уюмуна сунуштоо үчүн карыз алуучунун талабы боюнча үч жумуш күнү ичинде карыз алуучу кредит алгандыгы жана ал кредит боюнча милдеттенмелерин так аткаргандыгы тууралуу маалыматты, ошондой эле карыз алуучунун эсеби жөнүндө так жана анык маалыматты сунуштоо милдети (эсебинин, чегинин, балансынын көчүрмөсү, кредит боюнча төлөмдөрдүн тастыктамасы жана башка зарыл маалыматты); 

- эгерде күрөө предмети коом үчүн маанилүү тарыхый, көркөм же башка маданий баалуулукка ээ болсо же ал жеке адамга менчик укугунда таандык болгон бирден бир турак жай болуп саналса, күрөө предметинен өндүрүүнү сот аркылуу гана жүргүзүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-февралындагы № 2020-П-12/8-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

43. (КР Улуттук Банк башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

44. Кредиттик келишимде карыз алуучу тарабынан мезгил-мезгили менен финансы отчетунун берилүүсүн кароо маанилүү, анын негизинде жана/же карыз алуучунун алган кредитин максаттуу багытта пайдалангандыгын тастыктаган башка финансылык документтер. 

Эскертүү: Карыз алуучу тарабынан кредиттин максаттуу багытта пайдаланбагандыгы тастыкталган учурда банк кредит боюнча пайыздык ченди көбөйтүүгө укугу бар. Ошону менен бирге банктын ички документтеринде карыз алуучулардын жоопкерчилик чаралары, анын ичинде кредит боюнча пайыздык чендин өлчөмүн көбөйтүү боюнча так эрежелерди бекиткен нормалар каралуусу зарыл. Пайыздык чен Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Мыйзамына ылайык эсептелген, чектүү жол берилген пайыздын өлчөмүнөн ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/5, 2020-жылдын 26-февралындагы № 2020-П-12/8-8-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

45. Кредиттик келишимде өзгөчө жагдайлардын (форс-мажордук) келип чыгышынын шарттары каралууга тийиш. 

Форс-мажордук жагдайлар табигый кырсыктарды (суу ташкындары, жер титирөөлөр, өрт кырсыктары жана башка табигый жана техногендик кырсыктар), эпидемияларды, өзгөчө абалдын киргизилиши, массалык баш аламандыкты, талап-тоноочулукту, согуштук иш-аракеттерди ж.б. өзүнө камтуусу мүмкүн, бирок ал муну менен эле чектелип калбайт. 

46. Кардар бардык тиркемелери менен кошо кагазга чыгарылган кредиттик келишимдин ар бир барагына кол коюуга же бирдиктүү электрондук документ формасындагы келишимге анын тараптарга таандык экендигин күбөлөндүргөн электрондук кол тамга басуу менен тастыктоого тийиш.  

Банк кардардын кредиттик келишим шарттары менен таанышып чыккандыгын, келишим шарттары ага түшүнүктүү жана аларды аткарууга кардар макул экендигин билдирип кредиттик келишимге кол койгондугун же болбосо анын бирдиктүү электрондук документ түрүндөгү формасына электрондук кол тамга коюп тастыктагандыгын далилдеген тил катты алууга тийиш. Тил кат (алынган болсо) кардардын кредиттик таржымалына кошо көктөлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 27-декабрындагы N 51/3, 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

47. Түзүлүп жаткан келишим нускасы аны бекиткен тараптардын санынан кем болбоого тийиш. Келишим түзүп жаткан ар бир тарап бардыгы кол койгон кредиттик келишимдин түп нускасын, же Кыргыз Республикасынын электрондук кол тамга жөнүндө мыйзамына ылайык кол коюлган электрондук документти алууга тийиш. Кредиттик келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына каршы келбөөгө тийиш. Банк кардардан келишимдин түп нускасын же электрондук кол тамга коюлган электрондук документти алгандыгы тууралуу тил катты алууга тийиш. Кардардын акча каражатын алгандыгы фактысы тиешелүү документ менен тастыкталышы зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

47-1. Эгерде кредиттик линия келишиминде, ага ылайык кредиттик линиянын биринчи бөлүгү алынгандан кийин карыз алуучунун кредиттик линиянын калган бөлүгүн алуу укугун же банктын анын калган бөлүгүн берүү милдеттенмесин жокко чыгарган норма каралса жана мында банк кредиттик линия боюнча баланстан тышкаркы милдеттенмелерге потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзбөсө, анда банк кредиттик линиянын экинчи бөлүгүн берген учурдан тартып анын ар бир кезектеги бөлүгүн берген учурда, зарыл документтердин толук топтомун жыйноого тийиш (ушул Жобонун биринчи тиркемесинин 3, 4, 10, 13, 16-пункттары жана кредиттик линиянын буга чейинки бөлүгүнүн максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчетту), мында карыз алуучу тарабынан акыркы алты ай ичинде сунуштаган документтер пайдаланылышы мүмкүн. Мында кредиттик линиянын кезектеги бөлүгүн берүү маселеси банктын кредиттик саясатына ылайык ыйгарым укуктуу орган/жактар тарабынан чечилүүгө тийиш. Ошону менен бирге эле, кредиттик келишимге кредиттик линияны сунуштоонун бардык шарттары менен таанышып чыккандыгын, келишим шарттары ага түшүнүктүү экендигин жана кардардын макулдугун тастыктаган анын кол тамгасы коюлууга тийиш. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.3. Кредиттин кайтарылышын камсыз кылуу 

48. Банктык кредиттер камсыздалган же камсыздалбаган болушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

49. Кредитти төлөөнүн булактары биринчи жана экинчи болуп айырмаланат: 

- кредиттерди төлөө үчүн зарыл болгон, ыңгайлуу жагдайлар өкүм сүрүп турган учурда өндүрүш, кызматтарды сунуштоо, иштерди аткаруу процессинде генерирленүүчү акча каражаттары биринчи булак деп аталат: юридикалык жак үчүн бул - нак жана нак эмес түрдөгү киреше, ал эми жеке адамдар үчүн бул - эмгек акылары же башка келип түшүүлөр; 

- коюлган мүлктү сатып өткөрүүдөн алынган, кепилдик берүүчү же гарант тарабынан каражаттардын чегерилиши экинчи булак болуп саналат. 

50. Кредит берүүдө эң башкысы, кошумча каражат алуу булагына эмес, негизги каражат алуу булагына көңүл буруу зарыл. Ошондуктан, кредит алууга сунушталган билдирмени кароо процессинде кардардын каражат алуу булагына, анын ичинде валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикке талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө (эгерде кредит чет өлкө валютасында сунушталган болсо), кардар ишкердик жүргүзгөн тармакка жана анын ишкердигине, анын сунуштоочулар жана сатып алуучулар менен өз ара иш алып баруусуна көңүл буруу зарыл. Чек ара аркылуу жүзөгө ашырылуучу ишкердик Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

51. Эгерде төлөп берүү боюнча проблема келип чыккан шартта, экинчи булактар, кредитти кайтаруунун кошумча гарантияларын камсыз кылуу үчүн зарыл. Мындай камсыздоого төмөнкүлөр кирет: мүлктү күрөөгө коюу, талаптардын жана укуктардын ыйгарып берилиши, гарантиялар жана кепилдиктер, адамдар тобунун кат жүзүндөгү келишимдин негизинде чогуу жоопкерчилиги жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана келишимде каралган башка ыкмалар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

52. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-октябрындагы N 40/3 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

53. Кредитти төлөөнүн экинчи булагы катары күрөө мүлкү, тараптардын колу коюлган жана кардар күрөөгө коюлган мүлктүн наркынан талаптарын канааттандырууга артыкчылык укугун алуу жагындагы өз милдеттенмелерин аткарбай койгон шартта, кредитордун укугун тастыктаган күрөө жөнүндө келишим менен таризделет. 

Банк, кардардан ага менчик укугу боюнча тиешелүү болгон жана анын үй-бүлө мүчөлөрү жашап жаткан жана ошол жерде катталган, бирден-бир турак-жайы болуп саналган (кардардын кат жүзүндө берилген маалыматына ылайык, мисалы, кредиттик билдирмесинде) кыймылсыз мүлкүн - квартирасын же үйүн күрөө катары кабыл алган шартта, кардардын эмгекке жарамдуу курактагы үй-бүлө мүчөлөрүнүн иштеген жерине жана тапкан кирешелерине, жогорудагыдай учурларда кредит берүүгө байланыштуу келип чыккан тобокелдиктерге өзгөчө көңүл бурууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы N 64/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

54. Күрөө жөнүндө келишим мамлекеттик тилде же расмий тилде (банктын кардарына кайсы тилде түзүлөөрүн тандоо укугун ыйгаруу менен) түзүлөт, мында кредиттик келишимдин тексти карыз алуучунун кабыл алуусу жана түшүнүүсү үчүн так жана жеткиликтүү болууга тийиш. 

55. Күрөө жөнүндө келишимде эң аз дегенде төмөндөгүлөр көрсөтүлөт: 

- күрөөнүн предмети жана анын рыноктук наркы (зарыл болгон учурда белгиленген коэффициенттерди колдонууну эске алуу менен); 

- күрөө менен камсыз болуучу милдеттенмелердин өлчөмү жана аткаруу мөөнөтү

- күрөөгө коюлган мүлк тараптардын кимисинде экендигине көрсөтмө

- карыз алуучу тарабынан кредит кайтарылбай калган учурда күрөөнү банктын менчигине өткөрүүнүн шарттары жана тартиби; 

- башка талаптар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, күрөөгө карата тараптардын милдеттери. 

Күрөө токтотулгандан кийин күрөө кармоочу күрөөнү токтотуу жөнүндө билдирме түзүүгө, эгерде күрөө предмети каттоодон өткөрүлүүгө тийиш болсо, ошол билдирмени мамлекеттик күрөөнү каттоо органында/органдарында каттоодон өткөрүүгө милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА), 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

56. Күрөө жөнүндө келишимге наркын көрсөтүү менен күрөөгө коюлуучу мүлктүн толук описи, ошондой эле сертификаттар, күбөлүктөр жана башка зарыл болгон техникалык документациялар тиркелет. Күрөө жөнүндө келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделүүгө тийиш, ал эми күрөөнү нотариалдык күбөлөндүрүүгө таандык болгон келишим боюнча милдеттенме камсыздаган болсо, ал нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Документтердин түп нускаларынын саны келишимди бекиткен тараптардын санынан аз болбоого тийиш. 

57. Эгерде, кредит мамлекеттик кыска мөөнөттүү казына векселдеринин (мындан ары МКВ) же карыз алуучунун ушул банкта турган депозиттеринин күрөөсү астында бериле турган болсо, аларды төлөөнүн мөөнөтү кредиттин мөөнөтү бүтмөйүнчө келип жетпей тургандыгын текшерүү керек. Банкка кайтарылышын толук гарантиялоо үчүн кредиттердин жана алар боюнча пайыздардын суммасына барабар суммадагы МКВларды жана депозиттерди күрөөгө алуу, ошондой эле эгерде, кардарлар тарабынан милдеттенмелеринин аткарылбай калуусу шартында, күрөө жөнүндө келишимде банк аларды төлөттүрүп алууга акцептсиз тартипте кайрылууга укуктуу болорун макулдашуу максатка ылайыктуу. 

58. Эгерде, кредиттин бөлүгүн ошол кредит боюнча күрөөлүк камсыздоо болуп саналган депозит түрүндө банкка бир жолу жайгаштыруу кредит берүүнүн шарты болуп саналса, жана мында пайыздык төлөмдөр (негизги сумма жана пайыздар боюнча төлөмдөрдү кошо алганда) жайгаштырылган депозиттин суммасын эсептеп алып салуусуз кредиттин жалпы суммасынан эсептелинип жана банк тарабынан кармалып калса, анда мындай депозит боюнча пайыздык чен ошол кредит боюнча пайыздык чендин деңгээлинде болууга тийиш. 

Бул депозит банк тарабынан кредит боюнча төлөмдөрдү төлөө үчүн пайдаланылып, депозит күрөөсү (закладкасы) жөнүндө келишимде бекитилүүгө тийиш. Бул учурда кредит боюнча төлөмдөр мөөнөтү өткөрүлгөн катары саналбайт жана кредит боюнча төлөмдөр карыз алуучу тарабынан 30 күндөн ашпаган мөөнөттө төлөнбөгөн шартта, банк карыз алуучуга карата айыптык санкцияларды колдонууга укугу жок. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы N 64/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

59. Күрөөнү пайдалануу аны администрлөөнүн белгилүү системасынын бар экендигин билдирет: күрөөнүн абалына иликтөө жүргүзүлүүгө, аны баалоо жүзөгө ашырылууга, күрөөнү күтүүнүн шарттарына контролдук жана ага мониторинг жүргүзүүнүн планы түзүлүүгө, ошондой эле тиешелүү документациялар болууга тийиш (Күрөөлүк документацияларга карата минималдуу талаптар 1-тиркемеде келтирилген). 

Карыз алуучунун күрөөнүн сатып өткөрүлгөн баасына канааттанбай, нааразы болуу ыктымалдуулугуна жол бербөө максатында, банкка, - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билдирүүдө көрсөтүлгөн милдеттенмелер ыктыярдуу түрдө аткарылган мөөнөт аяктагандан кийин бир же андан ашык ай ичинде, кардарга күрөө предметин (кыймылсыз мүлктү) сатып алуучуну өз алдынча издеп табуу мүмкүнчүлүгүн берүү сунуш кылынган. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы N 64/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

59-1. Банк кредиттөө кызмат көрсөтүүсүн сунуштоодо кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө келишимине ылайык, карыз алуучуга жана/же күрөө коюучуга ачык тоорук өткөрүлгөнгө чейинки кайсы болбосун убакытта күрөөлүк мүлктү сатып ала алган/алышы мүмкүн болгон артыкчылыктуу укукту сунуштоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

60. Эгерде, кредитти гарантиялар жана кепилдиктер камсыздандырган болсо, анда, карыз алуучу төлөй албай калган шартта ал үчүн мүлктүк жоопкерчиликти, эрежеге ылайык, үчүнчү тарап тартат. Гарантия же кепилдик менен камсыздалган кредитти берүүдө банк зарылчылыкка жараша карызды төлөөгө анын жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн гаранттын же кепилдик берген адамдын финансылык абалы жөнүндө толук маалыматты алууга тийиш. Ошондой эле, өз колтамгаларын коюшкан адамдардын колтамгаларынын аныктыгын жана укуктуулугун кылдат текшерүү зарыл. 

61. Бланктык кредиттерди берүү кеңири таралган тажрыйба болбогону жөн. Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын (6) 50% өлчөмүнөн ашпоого тийиш. Бланктык кредиттерди берүү учурунда банк карыз алуучунун сапаттуу финансылык отчетунан жана бланктык кредиттер берилгенге чейинки узак убакыт ичинде (алардын узактыгы кеминде 12 айды түзгөн, 250000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредиттерди эске албаганда, кеминде эки жыл) карыз алуучу менен иш алып баруунун кредиттик таржымалынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. 

Эскертүү: Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнө ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген, күрөө менен камсыздалбаган жана Улуттук банк Башкармасынын аталган токтомунун талаптарына жооп бербеген бардык кредиттер да кирүүгө тийиш. 

150000 сомго жетпеген же ага барабар сумманы түзгөн, аннуитеттик төлөө графиги белгиленген жана төлөө мөөнөтү 24 айдан ашпаган кредиттер же көрсөтүлгөн талаптарга ылайык обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилген кредиттер бланктык кредиттерге кирбейт. Мындай кредиттердин суммасы карыз алуучунун жылдык таза төлөө жөндөмдүүлүгүнөн ашпоого тийиш (карыз алуучунун бардык кирешеси жана чыгашасы). 

Бланктык кредиттер эсебинен чыгарылган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү алардын 20% ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы N 64/2, 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/5, 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11, 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА), 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА), 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

61-1. Банк, төмөнкү учурларда гана ЧЖТнын мүчөлөрүнүн кепилдиги менен кредиттерди берүүгө (мындан ары-топтук кредиттер) укуктуу: 

- банктын Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган топтук кредиттөө саясаты (кредит саясатынын бир бөлүгү болушу мүмкүн) жана башка ченемдик укуктук актылар болсо (билдирмелерди кароо/жактыруу/баш тартуу жол-жоболору, топтук кредиттөө процесси, мониторинг жүргүзүү, топтук кредиттерди классификациялоо, топтун мүчөлөрүнө кредит берүү жана ордун жабуу күнү жөнүндө маалыматты колдонуу эрежелерин, жана кредит боюнча карызды төлөөгө байланыштуу проблемаларды маалымдоо). Бул саясатта кредит, төлөө графигине ылайык кредит боюнча төлөмдөрдүн ордун жабууга кирешеси жеткиликтүү болгон адамдарга бериле тургандыгы чагылдырылууга тийиш. Банктын топтук кредиттер боюнча ишти жөнгө салуучу ички документтеринде банк продуктусунун ушул түрүнө мүнөздүү болгон потенциалдуу тобокелдиктер берилип, ошондой эле бул тобокелдиктерди төмөндөтүүнүн жана топтук кредиттердин жогорку кайтарымдуулугун камсыз кылуунун ыкмалары да каралууга тийиш; 

- банк топтук кредиттерди берүү ниетин кат жүзүндө Улуттук банк менен макулдашкандан кийин; 

- кредиттөөнүн бул секторунда иш тажрыйбасы бар, квалификациялуу кызматкери болгон шартта. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

61-2. Банк топтук кредиттер жагында бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөнү төмөнкү бардык шарттар сакталган учурда ушул Жобонун 61-3-пунктуна ылайык жүзөгө ашырууга укуктуу: 

- банктын ЧЖТнын мүчөлөрүнүн кепилдиги менен топтук кредиттерди сунуштоо боюнча алгылыктуу тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес болсо; 

- топтук кредиттердин үлүшү топтук кредиттердин жалпы көлөмүндө эки жыл ичинде 5% ашпаса. 

Бул пункттун талаптары Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген бланктык кредиттердин критерийлерине туура келген кредиттер үчүн колдонулат. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

61-2-1. Бул жобонун 61-2-пунктунун талаптары топтук кредиттеринин үлүшү жалпы кредит портфелинин 5 пайызын жана андан азыраагын түзгөн банктарга, ошондой эле топтук кредиттер портфелин 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө 5 пайызга жана андан азыраак деңгээлге чейин төмөндөтүү стратегиясын (планын) бекиткен банктарга бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөгө таркатылбайт. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 2020-П-12/15-6-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

61-3. Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн чогуу жоопкерчиликтери астында берилген, төмөнкү бардык критерийлерге жооп берген топтук кредиттер алынып салынат: 

- кредиттик топтун ар бир мүчөсүнө берилген кредиттин суммасы 250000 сомдон ашпоого, ал эми биргелешип жоопкерчилик алган топко берилген кредиттин жалпы суммасы 1500000 сомдон жогору болбоого тийиш; 

- банктан кредит алышкан ЧЖТнын катышуучулары банктын аффилирленген жактары же банк менен байланыштуу жак болуп саналышпайт; 

- банк топко берилген кредиттерге карата Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайы классификациясын колдонуу тартибине ылайык, атайы активдерди классификациялоону жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөрдү колдонот. 

Бул пункттун талаптары Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген бланктык кредиттердин критерийлерине туура келген кредиттер үчүн колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/8, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7, 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11, 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

61-4. Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөөдө бардык төмөнкү критерийлерге жооп берген контракттык каржылоо формасындагы кредиттер алынып салынат: 

- контракттык каржылоо формасындагы кредиттер боюнча карыз калдыгы банктын кредит портфелинин жалпы көлөмүнүн 3% ашпаганды түзсө;  

- контракттык каржылоо формасында берилген, мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттердин кредит портфелинин жалпы көлөмүндөгү үлүшү акыркы 6 ай ичинде 1% ашпаганды, ал эми акыркы 12 ай ичинде ошол кредиттердин жалпы көлөмүнүн 2% ашпаса;  

- карыз алуучу менен анын контрагенттери ортосунда контракттык каржылоо боюнча эсептешүүлөр карыз алуучунун ошол банктагы эсеби аркылуу гана ишке ашырылат;  

- кредит алган карыз алуучу, анын гаранты/кепилдик берүүчүсү (эгерде болгон болсо), ошондой эле ошол карыз алуучунун контрагенти банктын банк менен байланыштуу жак же аффилирленген жагы болуп саналбайт. 

Бул пункттун талаптары Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтому күчүнө кирген күнгө чейин берилген бланктык кредиттердин критерийлерине туура келген кредиттер үчүн колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 10-июнундагы № 31/2, 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5. Кредиттик мониторинг 

62. Кредиттик келишим бекитилгенден жана карыз алуучу тарабынан кредит алынгандан кийин, банктын кредитке жана кардарга туруктуу мониторингди жүзөгө ашыруусу зарыл, анын башкы максаты кредиттин өз убагында, ал эми пайыздардын үзгүлтүксүз төлөнүшүн жана проблемаларды эрте иликтеп табууну камсыз кылуу болуп саналат. 

Кредит боюнча милдеттенменин ордун жабуу үчүн төлөнгөн төлөм суммасы жетиштүү болбой калса, өң оболу карыздын негизги суммасы, андан соң кредитордун чыгымдары төлөнөт, ал эми акырында калган бөлүгү пайыздарды жана айыптык төлөмдөрдү төлөөгө багытталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы N 64/2, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

63. Банк бир айда кеминде бир жолу (ай ичинде чет өлкө валютасынын расмий алмашуу курсу 5 жана андан жогору пайызга өзгөргөн шартта - токтоосуз) валюта тобокелдиги менен шартталган кредиттик тобокелдикке дуушар болгон кредиттерге чет өлкө валютасынын алмашуу курсунун өзгөрүүсүнүн сомго карата таасир этүүсүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө тийиш. Жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөрдүн негизинде банк валюталардын алмашуу курсунун өзгөрүүсүнөн мүмкүн болуучу жоготууларды (чыгымдарды), анын карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө таасирин аныктоого тийиш. Эгерде кампа күбөлүктөрүн күрөөгө кабыл алуу менен каржылоо берилсе, банк эң аз дегенде чейрек сайын айыл чарба продукциясына болгон баанын сезондук өзгөрүүсүнө көз салууга, күрөө менен камсыз кылынган продукцияга (товарга) баалардын өзгөрүүсүнүн тийгизген таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө тийиш. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11, 2020-жылдын 25-мартындагы № 2020-П-12/16-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

63-1. Банк мезгил-мезгили менен колдонуудагы кредиттерге мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Кредитке мониторинг жүргүзүү аралыгы (анын ичинде жеринде барып) банк тарабынан өз алдынча кредиттин суммасына жана түрүнө, ошондой эле анын классификациялоо категориясына ылайык белгиленет. Мында банк төмөнкү учурларда жеринде барып мониторинг жүргүзүүгө тийиш:  

- кредит суммасы банктын таза суммардык капиталынын бир пайызынан ашкан учурда жарым жылда кеминде бир жолу;  

- 100000 сомго чейинки кредиттерди кошпогондо, калган кредиттер үчүн жылына кеминде бир жолу. 100000 сомго чейинки кредиттерге кредит боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн негизинде талдап-иликтөөнү болжолдогон төлөм мониторинги жүргүзүлөт. 

Мындан тышкары, банк кредиттик камсыздоонун пайдаланылышын жана анын абалын тиешелүү деңгээлде контролдоону белгилөөгө тийиш, атап айтканда, банк сунушталган камсыздоонун сапаты начарлап кетпегендигин, белгилүү бир жагдайлар анын наркынын төмөндөшүнө, гаранттын/кепилдик берүүчүнүн финансылык абалынын начарлашына алып келбегендигин жана карыз алуучу кредиттик милдеттенмесин аткарбаган учурда банктын камсыздоону сатып өткөрүүгө жана гаранттан/кепилдик берүүчүдөн карызды өндүрүп алууга жөндөмдүүлүгүн аныктоого тийиш. 

Келерки мезгил ичинде төлөнүүчү кредиттерге (орто жана узак мөөнөттүү кредиттер боюнча - келерки 12 айга) жүргүзүлгөн мониторинг боюнча отчетто, карыз алуучунун күтүлүп жаткан киреше (пайда) көлөмүнүн өзгөрүүсү (чет өлкө валютасындагы кредиттер үчүн), анын ишкердигине тиешелүү өзгөрүүлөр, кредиттин статусу, кредиттик келишим шарттарынын сакталышы, ал эми күрөөгө мониторинг жүргүзүлгөн шартта - анын абалы, анын сакталышын камсыздоо, ошондой эле кардардын кредитти өз учурунда төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо максатында башка жагдайлар жана факторлор чагылдырылууга тийиш.  

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11, 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

63-2. Башка финансы-кредит уюмдарына кредит сунуштаган банк ошол финансы-кредит уюмдарынын карыз алуучусу тарабынан сунушталган маалыматтын тактыгын кылдат иликтөөгө алууга, ошондой эле мындай кредиттерге кылдат мониторинг (анын ичинде жеринде барып) жүргүзүүгө тийиш.  

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

63-3. Кароонун жыйынтыгында тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн банк жетекчилигине ай сайын - тиешелүү сунуштар чагылдырылган талдап-иликтөө боюнча жалпы маалымат камтылган отчет жана чейрек сайын - тиешелүү сунуштар чагылдырылган мониторинг жыйынтыгы боюнча жалпы маалымат камтылган отчет сунушталат.  

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

63-4. Кемчилик табылган шартта банк зарыл учурларда мындай кредиттин классификация категориясын кароону сунуштоо менен тез арада ал тууралуу банк жетекчилигине маалымдоого тийиш.  

Кредит боюнча төлөө мөөнөтү кечиктирилсе же кредит классификациясы начарлаган шартта, мындай активге мониторингди (кеминде, карыз алуучунун учурдагы финансылык абалына талдап-иликтөөлөр, карыз алуучу менен байланышуу) айына кеминде бир жолу ишке ашыруу зарыл. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

64. Кредиттерди классификациялоо кредиттерди берүү процессине катышпаган жактар тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз баа берүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы N 64/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

65. Банк кредиттик портфелге көз карандысыз баа берүүнүн системасын иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө тийиш, ал төмөнкүлөргө негизденүүсү зарыл: 

- карыз алуучунун реалдуу төлөө графигине жана анын пландык графикке ылайык келүүсүнө

- кредит боюнча камсыздоонун сапатына жана абалына; 

- тиешелүү документациялардын толуктугуна жана кайсы болбосун сунушталган камсыздоону өз карамагына алуу жана бузулууга дуушар болгон укуктарын жана таламдарын сот аркылуу коргоо укугун пайдалануу мүмкүндүгүнө

- карыз алуучунун финансылык абалындагы өзгөрүүлөрдү баалоого, анын ичинде, эгерде кредит чет өлкө валютасында сунушталган болсо; 

- кредиттерди классификациялоону кошо алганда, кредиттердин сапатына баа берүүнүн тууралыгына; 

- берилген кредиттердин лимиттеринин сакталышына; 

- информациялык системалардын сапатына жана тактыгына (банктын жетекчилигинин жана директорлор кеңешинин отчетуна); 

- берилген кредиттин банктын кредиттик саясатына, Улуттук банктын жол-жоболоруна жана ченемдик талаптарына ылайык келүүсүнө

- кредиттөө максаттарына жараша, алар болгон болсо, документтер (келишимдер, кабыл алуу актылары, эсеп-фактуралар, коштомо каттар ж.б) менен тастыкталган кредиттин максаттуу пайдаланылышына баа берүү, 250000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредитти эске албаганда. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы N 64/2, 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

66. Кредит портфелине көз карандысыз баа берүү өз алдынча бөлүм же банктын кредиттерди берүү процессине көз карандысыз кызматкери тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. Көз карандысыз баа берүүлөрдүн натыйжалары айына, кеминде бир жолу, Кредиттик комитетке, банк Башкармасына жана банктык Директорлор кеңешине сунушталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы N 64/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

67. Эгерде, топко берилген кредиттерди эске албаганда, камсыздоо катары гарантия (кепилдик берүү) гана сунушталган болсо, банк анын гарантиялык милдеттенмени аткаруу жөндөмдүүлүгүн аныктоо максатында, гаранттын (кепилдик берүүчүнүн) финансылык абалына кылдат талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүсү зарыл. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

68. Күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышын жана анын учурдагы наркынын өзгөрүп кетиши мүмкүнчүлүгүн туруктуу негизде контролдоо максатында банк күрөөлүк мүлккө сакталган жери жана жайгашкан орду боюнча мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Банк тарабынан күрөөгө мониторинг жүргүзүү мезгил аралыгы кредиттик/күрөө саясатына ылайык жана кредит сапатына, ошондой эле жоготуу тобокелдигин эске алуу менен күрөөнүн түрүн кошо алганда, башка факторлорго жараша аныкталат. Кыймылдуу мүлк түрүндөгү күрөөгө мониторинг суммасы кеминде 250000 сомду түзгөн кредит боюнча жылына бир жолу жүргүзүлүп турууга тийиш. 

Суммасы 250000 сомду жана андан көптү түзгөн кредит боюнча кыймылдуу мүлк түрүндөгү күрөөгө мониторинг төмөнкүчө ишке ашырылууга тийиш: 

- эгерде кредит 30 жана андан көп пайыз чегинде кыймылдуу мүлк менен камсыздалган болсо жарым жылда кеминде бир жолу; 

- эгерде кредит 30 пайызга жетпеген чекте кыймылдуу мүлк менен камсыздалган болсо жыл ичинде кеминде бир жолу. 

Банк тарабынан күрөөлүк мүлктүн сакталышына контролдуктун камсыз кылынышы милдеттүү шарттан болууга тийиш. Мында, төмөнкү учурларга өзгөчө көңүл буруу зарыл: 

- камсыздоонун рыноктук наркы төмөндөгөнбү

- акыркы текшерүүдөн бери күрөөнүн ликвиддүүлүгүн төмөндөткөн кандайдыр бир факторлор барбы; 

- күрөөнүн сакталышы камсыз кылынуудабы. 

Мына ушул чаралардын бардыгы банкка карыз алуучулардын, демек кредиттин абалынын начарлоого карата мүмкүн болуучу тенденцияларын аныктоого жардам берет. Бул тенденциялар канчалык тез аныкталса, банк кырдаалды оңдоо боюнча тиешелүү чараларды ошончолук ыкчам кабыл алып, өз таламдарын коргоону камсыз кылат. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

69. Кредиттин абалынын начарлоосуна эскертүү белгисин туюндурган белгилерге негизинен төмөндөгүлөр таандык болот: 

- карыз алуучулардын банк менен байланышуудан кетенчиктеши; 

- финансылык абал жөнүндө маалыматтардын убагында берилбеши, толук эмес жана аргасыз берилиши, ошондой эле берилүүчү маалыматтардын мүмкүн болуучу так эместиги жөнүндө күмөн саноо; 

- карыз алуучунун финансылык абалынын начарлоосу; 

- (КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/5 токтомуна ылайык алынып салынды) 

- негизги сумманы же пайыздарды убагында төлөбөө

- реструктуризациялоо жөнүндө өтүнүч; 

- (абзац КР Улуттук Банк башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11 токтомуна ылайык күчүн жоготту); 

- менчикти берүү жана сатуу; 

- кардар жөнүндө кайсы бир булактардан алынган терс маалыматтар; 

- экономикалык, саясий жана кардар карыздык каражаттарды жайгаштырган башка чөйрөлөрдөгү (алгылыксыз жагына болбосо дагы) өзгөрүүлөр; 

- карыз алуучу ишкананын ичинде пикир келишпестиктердин курчушунун белгилери; 

- карыз алуучу ишканалардын жетекчилерин алмаштыруу; 

- орчундуу проблемалар жөнүндө айгинелей турган дагы башка нерселер. 

Банктын тиешелүү ички ченемдик документтеринде (саясатында, жол-жоболорунда ж.б.) проблемалуу кредиттерди жөнгө салуу тартиби, анын ичинде кредиттерди реструктуризациялоо жана карыз алуучунун кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө кошумча талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү тартиби, ошондой эле зарыл учурларда, эгерде ал карыз алуучунун укуктарына жана милдеттенмелерине тоскоолдуктарды жаратпаса (мисалы, кредит боюнча карызды төлөөгө минималдуу бир жолку төлөм, карыз алуучунун кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтердин ал тарабынан сунушталышы, кошумча камсыздоо ж.б.) кредитти реструктуризациялоо үчүн алдын ала шарттар чагылдырылууга тийиш. Банкка аффилирленген жактарды жана банк менен байланыштуу жакты жыл ичинде экиден көп жолу реструктуризациялоого тыюу салынат.  

(Акыркы абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

Кредитти төлөөгө байланыштуу проблемалар келип чыккан учурда, карыз алуучуларга банктын проблемалуу кредиттер менен иш алып баруу саясаты, анын ичинде кредитти реструктуризациялоо мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымдалууга тийиш. 

Банк кабыл алынган чаралар ийгиликтүү ишке ашырылгандыгына (карызды тейлөө үчүн топтолгон каражаттардын жетиштүүлүгү) талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө, кеңири мониторинг жүргүзүү аркылуу кредитти реструктуризациялоого (кайра каржылоого) тийиш. 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/5, 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

70. Жогоруда аталган эскертүүчү белгилердин кайсыл болбосун биринин бети ачылганда банк, алардын келип чыгуу себептерин тактоосу зарыл. Эгерде, бул себеп кредиттин абалынын олуттуу түрдө начарлап кетүү мүмкүнчүлүгүнүн бар экендигин бир аз эле камтый турган болсо, банк мындай кредитти өзгөчө контролдукка алуу жана өз таламдарын коргоону камсыз кылуу үчүн төмөндөгүлөр сыяктуу бардык тиешелүү чараларды кабыл алууга тийиш: 

- күрөөнүн бар экендигин жана аны күтүүнүн шарттарын кошумча текшерүү

- кошумча камсыз кылууну тартуу; 

- эскертүү сүйлөшүүлөрү

- кредиттик линия боюнча кезектеги төлөмдөрдү кырдаалдын толук айкын болушуна чейин токтото туруу; 

- карыз алуучуну жана алынган каражаттардын ал тарабына жайгаштырылган тармактын абалын дааналап системалаштырып окуп үйрөнүү

- коргоонун башка чаралары; 

- кредиттерди классификациялоо; 

- камдарды көбөйтүү

Проблемалуу кредиттерди кароодо, жолугушууларды, маектерди жана башка чараларды өткөрүүдө банк кызматкерлери анын нормалары банктын ички документтеринде так жөнгө салынган ишкердик жана кесиптик тартипти так сактоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 16-ноябрындагы N 64/2, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

71. Кредит менен иш алып барууда кардар менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн, жолугушуулардын кыскача мазмунун журналга жазууну, аны менен жүргүзүлгөн баарлашуулардын протоколун, алар менен түзүлгөн келишимдерди ж.б. кошо алганда, бардык иш-чараларды документтештирүү жана эсепке алуу зарыл. Айрыкча, мындай эсепке алуу иштерин "проблемалуу" кредиттер менен иштөөдө жүргүзүү мааниге ээ. 

6. "Проблемалуу" кредиттер менен иш алып баруу 

72. Кредиттерди туруктуу мониторингдөөнүн жана кредиттик портфелге көз карандысыз баа берүүнүн максаты болуп, "проблемалуу" кредиттердин бетин ачуу саналат. 

73. "Проблемалуу" кредиттер дегенден улам, ал боюнча карыз алуучу тарабынан банк менен келишимдин шарттары аткарылбаган же кандайдыр бир (мисалы, тышкы же ички финансылык) жагдайлардан улам банктын алдындагы милдеттенмесин аткаруу жана кредиттерди төлөө коркунучка дуушар болуп жаткан кредиттерди түшүнүүгө болот. 

74. Кредит "проблемалуу" катары таанылган учурда, анда бир катар чаралар камтылган, кредитти кайтарууга багытталган иш-аракеттер планын иштеп чыгуу зарыл. Мында банк топтолгон каражаттардын жетиштүүлүгүнө кеңири мониторинг жүргүзүү аркылуу карыз алуучунун финансылык абалын изилдеп чыгууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

75. Банктын проблемалуу карыз алуучуга карата каатчылыктан чыгуусуна жана карыз алуучунун банктын алдындагы милдеттенмелерин өбөлгө түзгөн уюштуруучулук, финансылык жана башка жардамдар боюнча иш-чаралар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- карыз алуучу (карыз алуучунун жетекчиси) менен проблемалардын бетин ачуу жана аларды чечүүнүн жолдорун издөө боюнча иштерди; 

- карыз алуучу банктын атынан ишкана менен иштөөсү үчүн башкармалардын, консультанттардын дайындалышын; 

- компаниянын өздүк капиталын ээлик кылуучулардын жана башка тараптардын эсебинен көбөйтүүгө көмөктөшүүнү

- кошумча күрөөлөрдү жана гарантияларды ж.б. алууну; 

- зарылчылыкка жараша, карыздардын түзүмүн өзгөртүү программасын иштеп чыгууну (кредитти кайтаруу жана пайыздарды төлөө боюнча төлөмдөрдүн графигин карап чыгуу, кредиттөөнүн формасын өзгөртүү, реструктуризация жүргүзүү ж.б.). 

Кредитти реструктуризациялоодо банк карыз алуучунун учурдагы финансылык абалын жана банктын карыз алуучуга көрсөткөн ишеним деңгээлин кароосу зарыл. Банк, карыз алуучу өзүнүн кредитинин өзгөртүлгөн шарттары боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга реалдуу мүмкүнчүлүккө ээ болгон учурда гана кредитти реструктуризациялай алат, бул жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөр жана тиешелүү документтер менен тастыкталууга тийиш.  

Кредити реструктуризацияланган карыз алуучунун кредиттик таржымалы өзүндө карыз алуучунун учурдагы финансылык абалы, анын кредитти төлөө мүмкүнчүлүгү жөнүндө бардык маалыматты, ошондой эле жүргүзүлгөн реструктуризация тууралуу маалыматты камтууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

76. Ушул иш-чаралар менен бирдикте, карыз алуучулардын өздөрү менен андан ары төмөндөгүдөй шарттарда жүзөгө ашырылуучу ишти дайыма жүргүзүү зарыл: 

- карыз алуучу кредиттик келишимди бузгандыгы, кредиттин төлөө мөөнөтүнүн өтүп кеткендиги жана андан улам келип чыгышы мүмкүн болгон проблемалар жөнүндө билдирүү

- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

- банкка карыз алуучуну чакыруу; 

- эгерде бул кредиттик келишимде каралган болсо, зарылчылыкка жараша, кайдыгер караган карызгер жөнүндө маалыматты мезгилдүү басма сөздө жарыялоо ж.б. 

77. Кредиттин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө түздөн-түз кайтарылып берилишин камсыз кылуу максатында, төмөндөгүдөй иш-чаралар өткөрүлөт: 

- күрөөнүн предметин төлөттүрүп алууга кайрылуу; 

- карыз алуучунун карыздарын үчүнчү тарапка сатуу; 

- гаранттарга жана кепилдик берүүчүлөргө кайрылуу; 

- сотко кайрылуу; 

- башка чаралар. 

78. Карыз алуучунун карыздарынын өз убагында төлөнүшүн камсыз кылуу максатында, банктын мүмкүнчүлүгү бар кредиттик келишимде карыздарды экинчи булактардын эсебинен төлөө мүмкүндүгүн жана кредиттин мөөнөтү бүткөнгө чейин макулдашып алууга тийиш. Бул учурда банктын мүмкүнчүлүгү бар келишимде карыздарды экинчи булактардын жардамы же башка ыкмалар менен мөөнөтүнөн мурда төлөө мүмкүндүгүн аныктаган жагдайларды чагылдырууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

78-1. Банк, карызгердин-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин "проблемалуу кредити" боюнча күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобосун баштоо жөнүндө билдирме жөнөткөндөн 15 күн өткөндөн кийин, айыптык төлөмдөрдү, туумдарды чегерүүнү токтотууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы N 41/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

79. Банктын проблемалуу кредиттер менен иш алып барууга жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси Кредиттик комитеттин жана проблемалуу кредиттер боюнча чечим чыгарууга ыйгарым укуктуу башка коллегиалдуу органдын (болгон болсо) кароосуна чейрек сайын төмөнкүлөрдү сунуштап турууга тийиш: 

1) проблемалуу кредиттер боюнча жыйынтык отчетту; 

2) банктын таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% ашкан ар бир "проблемалуу" кредит боюнча аткарылган иш тууралуу ырааттуу отчетту, андан ары тиешелүү аракеттерди көрүү сунушу менен. Отчетто төмөнкүлөрдү кошо алганда, ар бир проблемалуу кредит боюнча маалымат чагылдырылууга тийиш: 

- жүргүзүлгөн иш (жолугушуу, телефон аркылуу сүйлөшүү ж.б.), аткарылган иш жыйынтыгы; 

- жакынкы ай ичинде кредитти кайтарып алууга андан аркы иш планы жана күтүлүп жаткан натыйжалар. 

Таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% жетпеген проблемалуу кредиттер боюнча отчеттун түзүмүн банк өз алдынча аныктайт. Мында отчеттун түзүмү банктын проблемалуу кредиттер менен иш алып баруу боюнча ички документтеринде жөнгө салынууга же болбосо анын ыйгарым укуктуу органынын чечими менен бекитилүүгө тийиш. 

Отчеттордун көчүрмөлөрү банк Башкармасына жана Директорлор кеңешине жөнөтүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

80. Эгерде, банктын жогоруда аталган аракеттери ийгиликтүү натыйжаларга алып келбесе, банк карыздарды мажбурлап төлөттүрүп алуу максатында, сотко кайрылууга милдеттүү. Эгерде мажбурлап төлөттүрүү да карыздардын төлөнүшүн камсыз кылбаса, банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банкроттоо процессине демилге көтөрө алат. 

80-1. Банк, соттон тышкаркы тартипте күрөө предметин өндүрүү жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө мурда билдирүү жөнөткөн күнгө карата карыз алуучу тарабынан кезеги менен үч айдан ашык (кредитти төлөө боюнча кардардын колдонуудагы графигине ылайык) системалуу түрдө милдеттенмелерин бузган учурда, кредит боюнча күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү өндүрүү жол-жобосун баштоону демилгелей алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

81. Кредитти кайтарып алууга тиешелүү бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөр колдонулуп бүткөндөн кийин (анын ичинде банктын кардарынын каза болушу шартында да), ири тобокелдикти камтыган кредиттерди (7) алып салуу чечими банктын Директорлор кеңеши, ал эми калган кредиттер жөнүндөгү чечим - ыйгарым укуктарына жараша Банк Башкармасы же Кредиттик комитет тарабынан кабыл алынат. 

Банк Башкармасы же болбосо Кредиттик комитет тарабынан (өткөрүлүп берилген сумманын чегинде) төмөнкү жагдайларда жеке адамдардын, жеке ишкерлердин жана/же Кошо жоопкерчиликтүү топтун кредиттери боюнча соттук тартипте/бейтараптык негизде териштирүү аркылуу өндүрүүнү жүргүзүүсүз эле, кредит боюнча карызды эсептен алып салуу чечими кабыл алынышы мүмкүн: 

- банк кардарынын көзү өтүп кетсе, айыккыс илдетке чалдыккан болсо, бизнесин жана/же мүлкүн бөөдө кырсыктардын, өрттүн чыгышы кесепетинен ажырап калган шартта; 

- банктын кредит боюнча карызын сот тартибинде/бейтараптык негизде териштирүү жүргүзүү аркылуу өндүрүүгө байланыштуу чыгашалар кредит боюнча карыз калдыгынан ашып кеткен жагдайды кошо алганда, ошол кредит боюнча карызды кайтарып алуунун экономикалык көз караштан максатка ылайыксыздыгы келип чыккан шартта. 

Банк Башкармасы же Кредиттик комитет тарабынан кабыл алынган карызды эсептен алып салуу чечими Директорлор кеңешине милдеттүү түрдө тааныштырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

82. Кредиттерди эсептеп алып салгандан кийин, алар карыздарды мүмкүн болуучу төлөнүшү учуруна карата системадан тышкары беш жылдан кем эмес мезгилге эсепке алынат. 

83. Системадан тышкары эсепке алуу мөөнөтүнө көзкарандысыз, банк үчүн карыздардын ордун мүмкүн болушунча толтурууга үмүттөндүргөн кандайдыр бир алгылыктуу маалыматтар алынганда, банк аны төлөттүрүүнүн мүмкүн болуучу жолдорун издеп табууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырууга тийиш. 

(1) Мөөнөттүү депозиттерди тарткан микрофинансылык компанияларды эске албаганда. 

(2) Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 15-сентябрында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 7-октябрында 109-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 24/4 токтому менен бекитилген "Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө" нускоого ылайык, бир карыз алуучунун банктын таза суммардык капитал өлчөмү 10% ашкан карызы ири тобокелдик катары каралат. 

(6) Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 93-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Башкы банкы тарабынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын милдеттүү түрдө аткаруусу үчүн экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө" жобого ылайык. 

(7) 2-шилтемени карагыла. 

  

 

  

  

"Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынан лицензия 

алышкан коммерциялык банктарда 

жана башка финансы-кредит 

уюмдарында кредиттик 

тобокелдикти тескөө боюнча 

минималдуу талаптар жөнүндө

жобого карата 

1-тиркеме 

Карыз алуучунун кредиттик досьесине карата минималдуу 

ТАЛАПТАР 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 53/11, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА), 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 2019-П-12/22-4-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

I. Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат 

1. Карыз алуучу тарабынан кол коюлган, кредитти алууга билдирме, ал төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- карыз алуучунун аты-жөнү (аталышы) (эгерде карыз алуучу - жеке адам болсо анын аты-жөнү); 

- карыз алуучу жашаган жердин толук дареги(8) (эгер карыз алуучу - жеке адам болсо), телефонунун, факсынын номери; 

- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (эгер болгон болсо) - салык органында каттоодо тургандыгы жөнүндө күбөлүктүн негизинде; 

- жашаган жери жана ишинин түрү (эгер карыз алуучу - адам болсо); 

- чет өлкө жаранынын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасына келүү (жашоо) укугун тастыктаган документтерден маалыматтар; 

- юридикалык жактын толук же кыскартылып берилген аталышы же анын чет тилдеги аталышы (эгер болгон болсо); 

- кредит алууга буга чейинки билдирме берүүлөр, акыркы эки жыл ичинде ушул/башка банктарда алынган/төлөнгөн кредиттер жөнүндө маалыматтар; 

- банктын көз карашы боюнча башка маалыматтар; 

- жетекчинин аты-жөнү (карыз алуучу - юридикалык жак болсо); 

- кредитти төлөө булактары (алгач: валюталар боюнча, экинчи) жана аны төлөө планы; 

- бизнестин түрү жана уюштуруучулук укуктук формасы (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо); 

- суралып жаткан кредиттин суммасы, валютасы жана мөөнөтү

- карыз алуучунун өз иши тууралуу кредиттик отчеттун берилишине макулдугу; 

- кредиттин максаты; 

- кредитти төлөөнүн булактары (биринчи, экинчи); 

- сунушталып жаткан күрөө

1-1. Жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги жөнүндө документтерди сунуштоо менен 250000 сомдон ашпаган өлчөмдө кредит берилген жеке адамдарды-айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, ошондой эле айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган Өкмөттүн программаларынын алкагында кредит берилген жеке адамдарды эске албаганда, юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адамдар жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары, банкка ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген белгилүү бир формадагы документтин көчүрмөсүн жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтүүсүз ишкердикти жүзөгө ашыргандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсүн берүүгө тийиш. 

2. Карыз алуучунун кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө анализ. 

2-1. Кредиттик бюродон карыз алуучу боюнча кредиттик отчет. 

3. Карыз алуучунун (эгерде, карыз алуучу юридикалык жак болсо) акыркы отчеттук жыл үчүн финансылык отчету. Эгерде карыз алуучу - юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыл сайын аудиттен өтүүгө милдеттүү болсо, финансылык отчет тышкы аудитор тарабынан тастыкталууга тийиш. Мында, юридикалык жак Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аралык финансылык отчетторун сунуштап турууга тийиш болсо, анда банк ошол отчетту юридикалык жактан талап кылышы зарыл. 

4. Акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында банк, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акысы жөнүндө маалымкат, карыз алуучу иштеген уюмдун аталышы, кызматы, иштеп жаткан мөөнөтү, же кирешелери жөнүндө маалыматты тастыктаган башка документтер (эгерде карыз алуучу - жеке адам болсо) валюталар боюнча. 

5. Кредиттик келишим мамлекеттик жана расмий тилдерде (кайсы тилде түзүлөөрүн тандоо укугун банктын кардарына берүү менен) түзүлүүгө тийиш. 

6. Уюштуруу документтери (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо). 

7. Бизнес-план (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо жана кредит суммасы 3500000 сомдон жогору болсо, жүгүртүү каражаттарын толуктоого берилген кредиттерди эске албаганда). 

8. Жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги жөнүндө документтерди сунуштоо менен 250000 сомдон ашпаган өлчөмдө кредит берилген жеке адамдарды-айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, ошондой эле айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган Өкмөттүн программаларынын алкагында кредит берилген жеке адамдарды эске албаганда, мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде карыз алуучу - ишкердикти күбөлүктүн же патенттин негизинде жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам болсо).  

Электрондук патентти сунуштоодо ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам электрондук патентти алгандыгы фактысын тастыктоо үчүн анын көчүрмөсүн кагаз бетине чыгарып, аны банкка сунуштай алат. Мында банктын жооптуу кызматкери тиешелүү программалык камсыздоого ээ уюлдук же башка түзүлүш аркылуу электрондук патентке чагылдырылган QR-кодду сканерден өткөрүү аркылуу электрондук патенттин кагаз бетине чыгарылган көчүрмөсүнүн аныктыгын текшерүүгө тийиш. 

9. Салык органдарынан катталгандыгы жөнүндө документ (карыз алуучу - юридикалык жак болсо). 

10. Карыз алуучунун тиешелүү органдардан кредит алуу жөнүндө чечими (карыз алуучу - юридикалык жак болсо). 

11. Банктын кардарын идентификациялоого мүмкүн боло турган, анын ким экендигин (эгер карыз алуучу - жеке адам болсо)Кыргыз Республикасындагы чет өлкө жаранынын паспорту (эгерде карыз алуучу-резидент эмес болсо) тастыктаган документтин көчүрмөсү

11(1). Юридикалык жактын жетекчисинин юридикалык жактын каражаттарын тескөөгө ыйгарым укуктарын тастыктаган документтин көчүрмөсү (мындай документтерге уюштуруучулардын же акционерлердин юридикалык жактын жетекчисин тандоо тууралуу чогулушунан толтурулган протокол сыяктуу эле, уюштуруучулар менен акционерлердин юридикалык жактын жетекчисинин, эгерде Уставда белгиленбеген болсо, ыйгарым укуктарын аныктоо жана аны дайындоо тууралуу чечими да кирет). 

12. Банктын тиешелүү органынын кредит берүү жөнүндө чечими. 

13. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

14. Карыз алуучу менен байланышты эсепке алуу, анда ар бир байланыш боюнча төмөндөгү маалымат чагылдырылууга тийиш: 

- байланыштын күнү

- байланыштын түрү (баарлашуу, телефон аркылуу сүйлөшүү); 

- байланыштын шарттары (кызматкердин аты-жөнү, сүйлөшүүлөрдүн мазмуну); 

- натыйжасы. 

15. Карыз алуучу менен кат алышуу (бардык кат-кабарларды тиркөө менен). 

16. Юридикалык документация (карыз алуучунун берүүчүлөр менен контрактыларынын көчүрмөлөрү ж.б.). 

16-1. Кредиттөө максаттарына жараша, алар болгон болсо, документтер (келишимдер, кабыл алуу актылары, эсеп-фактуралар, коштомо каттар ж.б.) менен тастыкталган кредиттин максаттуу пайдаланылышына баа берүү, 250000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредитти эске албаганда. 

II. Күрөө боюнча документациялар 

17. Мамлекеттик же расмий тилде түзүлгөн күрөө жөнүндө келишим (кайсы тилде түзүлөөрүн тандоо укугун банктын кардарына берүү менен). 

18. Күрөөлүк мүлктөрдүн сертификаттары, күбөлүктөрү жана башка квалификациялуу документациялар. 

19. Күрөөгө коюлган мүлктөрдүн менчик укугун тастыктоочу документтер. 

20. Колтамгаларды коюуга укуктуу адамдардын колтамгаларынын үлгүлөрү менен нотариалдык күбөлөндүрүлгөн карточкалар (карыз алуучу юридикалык жак болсо). 

21. Сатып алуу баасын тастыктоочу документтер (эгерде банк күрөөнү мисалы жабдууну, эл керектөөчү товарларды ж.б. сатып алууну каржыласа). 

22. Төмөндөгү маалыматтарды чагылдыруу менен күрөөгө баа берүүнү тастыктаган документтер: 

- күрөөнүн рыноктук наркы (зарыл болгон учурда белгиленген коэффициенттерди колдонууну эске алуу менен); 

- баа берилген күн; 

- баалоо ким тарабынан жүргүзүлгөндүгү

- баа берүүнүн ыкмасы. 

23. Күрөө келишиминин каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтер (эгерде күрөө катталууга тийиш болуп же банк каттоону талап кылса). 

24. Карыз алуучунун тиешелүү органынын күрөөнү сунуштоо жөнүндө чечими (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо). 

25. Күрөөлөрдү иликтөө актысы, анда төмөндөгүлөр чагылдырылууга тийиш: 

- күрөө иликтенген күн; 

- күрөөнүн түрү

- күрөөгө баа берилген күн; 

- баа берүү ыкмасы; 

- күрөөнүн жайгашкан жери; 

- күрөөнүн абалы жана аны күтүүнүн шарттары; 

- күрөөнүн предмети жана анын рыноктук наркы (зарыл болгон учурда белгиленген коэффициенттерди колдонууну эске алуу менен); 

- күрөөнү мезгилдүү иликтөө графиги. 

25(1). Банктын көз карашы боюнча башка документтер. 

III. Гарантиялар жана кепилдиктер 

26. Тиешелүү кредиттик келишимди, гарантия бериле турган сумманы, гарантиянын аяктаган күнүн көрсөтүү менен кат жүзүндөгү гарантиялар же кепилдиктер. 

27. Гаранттын тиешелүү органынын гарантияны берүү жөнүндө чечими. 

28. Кепилдик берүүчүнүн аялынын/күйөөсүнүн (эгерде болгон болсо) кепилдик берүү жөнүндө макулдуктары. 

29. Гаранттын уюштуруу документтери. 

30. Гаранттын акыркы бир финансылык жыл үчүн отчету (эгерде гарантия жалгыз камсыздоо катары сунушталса). 

31. Акыркы 3-12 ай ичиндеги (мында банк, эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш болгон мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу) эмгек акылары жөнүндө маалымат же кирешелер жөнүндө маалыматты тастыктаган башка документтер (эгерде кепилдик берүүчү - жеке адам болсо). 

32. Гаранттын же кепилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн анализдөө

  

(8) Кардар тарабынан толук дарегин көрсөтүүнүн ордуна абоненттик ящиктин номерин гана көрсөтүүгө жол берилбейт. 

  

  

  

"Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынан лицензия 

алышкан коммерциялык банктарда 

жана башка финансы-кредит 

уюмдарында кредиттик 

тобокелдикти тескөө боюнча 

минималдуу талаптар жөнүндө

жобого карата 

2-тиркеме 

Гарантиялык каттарды берүү боюнча минималдуу 

ТАЛАПТАР(8) 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2020-жылдын 26-февралындагы № 2020-П-12/8-8-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Банктын кредиттик саясатында гарантиялык каттарды берүүгө тиешелүү бардык негизги жоболор аныкталууга тийиш: 

1. Банктын гарантиялык катты берүүсү жөнүндө маселе Кредиттик комитеттин отурумунда каралууга тийиш. Гарантиялык катты берүү Кредиттик комитеттин тиешелүү чечими бар болгон учурда гана жарактуу деп эсептелинет. 

2. Банктын жана анын филиалдарынын кызмат адамдарынын гарантиялык каттарга кол коюуга жана эсепке алууга ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин так бөлүштүрүү.  

3. Гарантиялык каттын түп нускасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде же расмий тилинде тариздетилүүгө тийиш. Зарылчылык келип чыккан шартта, гарантиялык кат ушул пункттун биринчи сүйлөмүндө камтылгандар сакталган шартта, кошумча чет тилинде да тариздетилиши мүмкүн. 

4. Гарантиялык кат номер коюлган фирмалык бланкта тариздетилүүгө, банктын же филиалдын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын колтамгалары коюлууга, ошондой эле банктын тегерек мөөрү менен тастыкталууга тийиш. 

5. Банктын гарантиялык каты гарантиялык каттарды каттоо журналында (же банктын чыгыш корреспонденциялар журналында) катталууга тийиш. 

6. Гарантиялык каттарды бухгалтердик эсепке алуу бухгалтердик эсепке алуунун стандарттарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш. 

7. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-февралындагы № 2020-П-12/8-8-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

8. Жалган гарантиялар бети ачылганда банк, укук коргоо органдарына алар жөнүндө билдирүүгө, ал эми жокко чыгарылган гарантиялар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого тийиш. 

  

 (8) Мөөнөттүү депозиттерди тарткан, микрофинансылык компанияларды эске албаганда. 

  

  

  

"Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынан лицензия 

алышкан коммерциялык банктарда 

жана башка финансы-кредит 

уюмдарында кредиттик 

тобокелдикти тескөө боюнча 

минималдуу талаптар жөнүндө

жобого карата 

3-тиркеме 

Стресс-тестирлөө 

Стресс-тестирлөө тышкы чөйрөдө сыяктуу эле (мисалы, экономикадагы түшүүлөр, кредит портфелинин сапатынын начарлоосу, күрөө предметинин рыноктук наркынын өзгөрүүсү, мыйзам актыларындагы өзгөртүүлөр ж.б.), банктын кардарларынын ишинде да (мисалы, банктын ири кардарларынын банкроттугу, депозиттердин агылып чыгуусу, алмашуу курсунун, кардардын кредит төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө пайыздык чендердин өзгөрүүсү) тобокелдиктер орун алган жана алардын жогорулоо тенденциясын аныктаган шартта, банктын потенциалдуу жоготууларын баалоонун аналитикалык инструменти болуп саналат. 

Стресс-тестирлөө экономикалык, саясий жана/же башка окуялардын (мисалы, банктын имиджинин начарлоосуна, жетекчиликтин алмашуусуна жана башкаларга байланыштуу окуялар) орун алышына негизденген жана капиталдын өлчөмүнө таасирин тийгизүү менен банкты чыгымга дуушар кылышы мүмкүн болгон окуялардын өнүгүү сценарийин моделдештирүү аркылуу жүргүзүлөт. 

Стресс-тестирлөөнүн баштапкы баскычында, анын негизинде сценарий моделдештирилүүчү маалыматтардын тактыгын жана актуалдуулугун текшерүү зарыл. Мында, пайдаланылуучу отчет мезгилдүүлүк (отчеттук маалыматтардын үзгүлтүксүз катары) жана салыштырмалуулук (көрсөткүчтөрдү эсептөө ыкмасынын өзгөрүлбөшү) критерийлерине дал келээрине, ошондой эле пайдаланылган башка маалыматтар (мисалы, жалпыга маалымдоо каражаттарынын алынган маалыматтар) алынган булактардын аныктыгына, объективдүүлүгүнө жана максатка ылайыктуулугуна ынануу зарыл. 

Алгылыксыз окуялардын өнүгүү сценарийи реалдуу, жөндүү жана негиздүү болууга тийиш. сценарийдин реалдуулугу мындай окуянын орун алышы ыктымалдуулугу жогорку үлүштү ээлейт дегенди түшүндүрөт. 

Сценарийди моделдөө ички сыяктуу эле, тышкы факторлорду да өзүнө камтыйт жана божомол боюнча жүргүзүлөт: 

- түптөлгөн сценарий - стресс-тесттердин сценарийлери өткөндө болуп өткөн окуялардын натыйжаларына байкоо жүргүзүүлөргө негизденет; 

- гипотетикалык сценарий - стресс-тесттин сценарийи али боло элек, болушу ыктымал болгон окуяларга негизденет. 

Түптөлгөн сценарийди моделдөөдө мурда болуп өткөн жана банктын финансылык абалын алгылыксыз өзгөртүүлөргө дуушар кылган окуяларды эске алуу менен анализ жүргүзүлөт. 

Түптөлгөн сценарий ыкмасы боюнча стресс-тестирлөө учурунда мурдагы кризистердин банктын балансын тестирлөө учурунда пайдаланылган шарттарына жана жагдайларына өзгөчө көңүл буруу зарыл. 

Гипотетикалык сценарийди моделдештирүү азырынча боло элек, бирок болушу ыктымалдыгы жогору болгон жагдайларга анализдөөнү болжолдойт. Гипотеза, белгилүү бир окуянын банктын капиталына тийгизген таасири (мисалы, карыз алуучунун финансылык абалынын начарлоосу, негизги сумманы же ага карата пайыздарды өз убагында төлөбөй коюу ж.б.) сыяктуу эле, анын негизинде кредиттик тобокелдиктин жогорулоосун болжолдоого боло турган көрсөткүчтөрдүн максималдуу өзгөрүүсүнө аларды тиешелүү деңгээлге чейин минималдаштыруу үчүн зарыл болгон чараларды көрүү максатында баа берүүнү да камтый алат. 

Стресс-тестирлөөнү жүргүзүүдө бир нече болжолдуу эсептешүүлөрдү жүргүзүү да зарыл. Стресс-тесттин сценарийи, ар кандай тобокелдиктердин таасиринин жардамы менен жүргүзүлгөн анализ банктын төлөөгө жөндөмсүздүгүнүн алгачкы белгилерин көрсөткөн учурда гана акыркы болуп саналат. 

Кредиттик тобокелдикке баа берүү максатында жүргүзүлгөн стресс-тестирлөө, мисалы, кредит портфелин классификациялоону бир же эки категорияга төмөн кылып кайра классификациялоону болжолдогон сценарийлерди пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Сценарий катары, кредит портфелдин нагыз абалына карата сценарийдин кыйла жакындыгына жана банктын түптөлгөн тажрыйбасына жараша жоготуу ж.б. катары классификацияланган кредиттерди кайра классификациялоону болжолдойт. 

Андан-ары РППУга зарыл болгон чегерүүлөрдүн өлчөмү стресс-тестирлөөнүн сценарийине ылайык эсептелет, андан соң таза суммардык капитал бааланат, анын базасында банк тарабынан экономикалык ченемдер боюнча талаптардын аткарылышынын мүмкүнчүлүгү аныкталат. 

Стресс-тестирлөөнү жүргүзүүдө активдердин жалпы абалына, кредит портфелдин сапатына, күрөөлүк камсыздоонун начарлоосуна жана кредиттик тобокелдиктин жогорулоосун мүнөздөгөн башка көрсөткүчтөргө көз салынат. Ошентип, стресс-тестирлөөнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу менен банк, анын финансылык абалын алгылыксыз өзгөрүүлөргө дуушар кылган жагдайлардын орун алышында кредиттик жоготууларды оптималдуу түрдө минималдаштырат. 

  

  

  

"Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынан лицензия 

алышкан коммерциялык банктарда 

жана башка финансы-кредит 

уюмдарында кредиттик 

тобокелдикти тескөө боюнча 

минималдуу талаптар жөнүндө

жобого карата 

4-тиркеме 

Кардарлардын кредит алууга билдирмелерин каттоо 

ЖУРНАЛЫ 

Билдирме берилген күн 

Кардардын аты-жөнү 

Суралып жаткан сумма 

Максаттуу багытталышы 

Мөөнөтү 

Болжолдонгон күрөөлүк камсыздоо 

Статусу (жактырылды/баш тартылды) 

Төлөө булагы (бизнесинин түрү

Баш тартылган шартта: анын себеби/ жактырылган шартта: сууммасы, мөөнөтү 

Баш тартылгандыгы бекитилген/билдирилген күн 

Кредиттик эксперттин кол тамгасы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

  

  

"Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынан лицензия 

алышкан коммерциялык банктарда 

жана башка финансы-кредит 

уюмдарында кредиттик 

тобокелдикти тескөө боюнча 

минималдуу талаптар жөнүндө

жобого карата 

5-тиркеме 

Банктын кардарларынын даттанууларынын жана сунуштарынын 

КИТЕБИ (10) 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-12/58-10-(НПА) токтомуна ылайык 

КҮЧҮН ЖОГОТТУ 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

банкынан лицензия алышкан 

коммерциялык банктарда жана 

башка финансы-кредит 

уюмдарында кредиттик 

тобокелдикти тескөө боюнча 

минималдуу талаптар жөнүндө

жобого карата 

6-тиркеме 

Банк кардарынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын 

ТИЗМЕГИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-февралындагы № 2020-П-12/8-8-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

Банк кардарынын кредит боюнча чыгашалары (төлөмдөрү

Кредит суммасы 

Келишимге ылайык көрсөтүлөт 

Кредит боюнча пайыздык төлөмдөр 

Кредиттик келишимге кол коюу учурунан тартып акча каражаттарын алганга чейин же болбосо лизингдин алкагында мүлк үчүн төлөөгө чейин кредит алуудан баш тарткан учурда билдирмени кароо үчүн комиссиялык төлөм 

Комиссия болгон шартта, банктын бекитилген тарифтерине ылайык пайыздарда же нарктык туюндурулушунда көрсөтүлөт 

Эсептешүүүндөлүк)/талап боюнча төлөнүүчү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерди ачуу (эгерде эсеп кредиттик келишим түзүүдөн улам ачылса) жана тейлөө (эгерде кредит боюнча операциялар нак эмес формада ишке ашырылса) үчүн комиссиялык төлөм 

Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөм (анын ичинде кардардын банкомат аркылуу нак акча каражаттарын салуусу жана алуусу) 

Кардардын өтүнүч каты боюнча келишимдин шарттарын өзгөртүү үчүн комиссиялык төлөм (Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык кредитти реструктуризациялоо учурларын эске албаганда) 

Эгерде келишимде кредиттик каражаттарды берүү боюнча банктын шексиз милдеттенмеси каралган болсо, акча каражаттарын резервге коюу үчүн комиссиялык төлөм (кредиттик линиянын пайдаланылбаган бөлүгү үчүн) 

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариус, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги ж.б. кызматтар үчүн төлөө

Келечекте мындай чыгашалар өзгөрүшү мүмкүндүгүн көрсөтүү менен ошол чыгашалардын болжолдуу наркы (диапазону) чагылдырылат 

Банктын айыптык санкциялары жана туумдары 

Карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдү төлөөнү кечиктиргендиги үчүн 

Банкта түзүлгөн келишимдин негизинде кармалып калуучу айыптык санкциялардын бекитилген өлчөмүнө ылайык, пайыздык катышта же нарктык туюндурулушунда чагылдырылат 

Кредит боюнча күрөөгө сунушталган, депозит 30 календардык күндөн бери толукталбагандыгы үчүн 

Күрөөлүк камсыздоо боюнча документтердин түп нускаларынын топтомун өз убагында кайтарбагандыгы үчүн (форс-мажордук жагдайларга жана банк тарабынан каралууга милдеттүү болгон башка объективдүү себептерге байланыштуу өз убагында кайтарбаган учурларды эске албаганда) 

Акча каражаттарын алгандан кийин келишимди токтотуу шарттары 

Башка чыгашалар (төлөмдөр) 

  

_____________________________________________ 

___________________ 

___________________________ 

(банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин аты-жөнү

(кол тамгасы) 

үнү

  

  

  

______________________________________ 

___________________ 

___________________________ 

(банктын кардарынын аты-жөнү

(кол тамгасы) 

үнү