Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген 

Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-14-(ПС), 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА), 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-6-(ПС), 2021-жылдын 31-мартындагы № 2021-П-12/14-5-(НПА), 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-14/78-5-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-14-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2. Бул «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөөгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо (мындан ары - Жобо) аркылуу обочо туруп/аралыктан тейлөө кызматынан пайдалануучуларга коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунушталышына карата минималдуу талаптар белгиленген. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-14-(ПС), 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3. Ушул Жобонун алкагында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн банкоматтар, автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалдар (төлөм терминалдар), интернет-банкинг, мобилдик банкинг, мобилдик тиркемелер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыкмалар аркылуу обочо туруп/аралыктан сунуштоого болот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-14-(ПС), 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-14/78-5-(ПС) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

3-1. Обочо туруп/аралыктан тейлөө кызматын сунуштоодо, обочо туруп/аралыктан тейлөө кызмат көрсөтүүсүн сунуштоочу (кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу) зарылчылык келип чыккан шартта байланыш кызмат көрсөтүүсүн сунуштоо үчүн байланыш операторлору (мобилдик уюлдук байланыш оператору/көчмө байланыш түйүнүнүн оператору) менен келишим түзүшү мүмкүн. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу байланыш оператору менен келишим түзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, байланыш операторунун каналдары боюнча жөнөтүлүүчү маалыматтардын корголушун жана купуялуулугун сактоо ыкмаларын караштырууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-14-(ПС), 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-14/78-5-(ПС) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

3-2. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулар обочо туруп/аралыктан кызмат көрсөтүүдө төлөмдөрдү өз убагында, коопсуз, ишенимдүү жүргүзүү жана алдамчылык операцияларына жол бербөө жагында маселелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын тиешелүү талаптарын сактоого милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-14/78-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2-глава. Жалпы терминдер жана аныктамалар 

4. Ушул Жободо колдонулган терминдерди жана аныктамаларды Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында жана төлөм системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарда колдонулган мааниде түшүнүү зарыл. 

Бул Жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар да колдонулат:  

1) Аутентификация сунушталган идентификатордун (PIN-код, сыр сөз ж.б.) мүнөздөмөлөрүн тактоо жана салыштырып текшерүү аркылуу колдонуучунун өздүгүн аныктоо жол-жобосу. 

2) Жеке кабинет колдонуучунун кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун обочо туруп/аралыктан тейлөө системасындагы өзгөчө бөлүгү, ал эсептин/кредиттик лимиттин абалы жана акча каражаттарынын жылышы жөнүндө маалымат алууга, ошондой эле башка банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн колдонууга, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга билдирмелерди, тастыктоолорду жана тапшырмаларды жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.  

3) Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун мобилдик тиркемеси (мобилдик тиркеме) кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга банктык жана төлөм кызматтарын обочо туруп/аралыктан сунуштоо мүмкүнчүлүгүн берген, обочо туруп/аралыктан тейлөө системаларынын инструменттеринин бири болуп саналат. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун мобилдик тиркемесине «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жободо каралган агенттердин мобилдик тиркемелери да кирет. 

4) Колдонуучунун БФКУ алдында милдеттенмелери колдонуучунун БФКУдан кредит алууда, ошондой эле жеке кабинетти башкаруудан улам келип чыккан милдеттенмелери.  

5) Колдонуучу обочо туруп/аралыктан тейлөө системасы аркылуу банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн колдонгон жеке адам, юридикалык жак же болбосо жеке ишкер.  

6) Обочо туруп/аралыктан тейлөө кызматын сунуштоочу (кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айрым банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жүзөгө ашыруу укугуна Улуттук банктын лицензиясына/күбөлүгүнө ээ банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары (мындан ары БФКУ), төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары.  

7) Обочо туруп/аралыктан тейлөө системасы банкоматтарды, төлөм терминалдарын, интернет-банкингди, электрондук капчыкты, мобилдик банкингди, мобилдик тиркемени жана обочо туруп/аралыктан тейлөөнүн башка ыкмаларын колдонуу менен банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн обочо туруп/аралыктан тейлөө үчүн колдонуучу жана кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу ортосундагы байланышты камсыз кылуучу телекоммуникациялардын, санариптик жана маалымат технологияларынын, программалык камсыздоонун жана жабдуулардын жыйындысы.  

8) Обочо туруп/аралыктан тейлөө обочо туруп/аралыктан тейлөө системаларын колдонуу менен колдонуучу обочо туруп/аралыктан берген буйруулардын негизинде кызмат көрсөтүүнү сунуштоочунун кызмат көрсөтүү ыкмасы.  

9) PIN-код (Personal identification number) операцияны аткаруу үчүн колдонуучунун өздүгүн тастыктоого мүмкүндүк берген жеке идентификациялык номер. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-14-(ПС), 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА), 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-6-(ПС), 2021-жылдын 31-мартындагы № 2021-П-12/14-5-(НПА), 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-14/78-5-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3-глава. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга карата талаптар 

5. Обочо туруп/аралыктан тейлөө кызматын сунуштоочу эң аз дегенде төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

- обочо туруп/аралыктан тейлөө кызматынын тизмегин, аларды ишке ашыруу тартибин жана шарттарын аныктаган ички ченемдик документтерди иштеп чыгууга жана бекитүүгө

- кызмат көрсөтүүнү сунуштоо процессине натыйжалуу контролдукту, пайдалануучулардын акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылууга; 

- обочо туруп/аралыктан тейлөөгө байланыштуу тобокелдиктер эске алынган, ошондой эле штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган учурда маалымат коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын талаптары камтылган, колдонуучулар менен өз ара иш алып барууда кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын жоопкерчилиги аныкталган маалымат коопсуздугу тобокелдигин тескөө боюнча ички саясат иштелип чыксын;

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган учурда ага таасир этүү жана чара көрүү тартиби жөнүндө ички ченемдик документ иштелип чыксын жана анын актуалдуу болушу камсыз кылынсын; 

- талаш маселелерди жөнгө салуу жана жаңылыш же санкциясыз операциялар боюнча акча каражаттарды колдонуучуга кайтарып берүү жол-жобосу иштелип чыксын; 

- кызмат көрсөтүүнү сунуштоочулар менен аны пайдалануучулар ортосунда түзүлүүчү типтүү келишимдерди иштеп чыгууга; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүгө

- обочо туруп/аралыктан тейлөөнү ишке ашырууда маалыматтарды жөнөтүүдө/кабыл алууда банктык купуялуулуктун сакталышын камсыз кылууга; 

- юридикалык маанилүү иш-аракеттерди жүзөгө ашырууда (макулдугун билдирүү, билдирмелерди берүү, келишимдерди түзүү жана башка бүтүмдөргө келишүү) электрондук кол тамганы таануу жана аны колдонуу тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү;  

- электрондук кол тамга коюлган документтердин электрондук реестрин жүргүзүү;  

- пайдалануучуларды обочо туруп/аралыктан тейлөө системасына туташтыруу ишине мониторингди жана журнал жүргүзүүнү камсыз кылууну. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-14-(ПС), 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА), 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-14/78-5-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

6. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык обочо туруп/аралыктан тейлөөнү сунуштоодо коопсуздук талаптарынын толук сакталгандыгы тууралуу маалымат берип турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-14-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

6.1. Обочо туруп/аралыктан тейлөө ишинде электрондук кол тамга ушул Жобого карата 2-тиркемеге ылайык колдонулууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6-2. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу санкциясыз операцияларды кошо алганда, сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн жоопкерчиликтүү болот, мында операциялар обочо туруп/аралыктан тейлөө системасынын тизмесине, тартибине жана шарттарына ылайык колдонуучунун өзүнүн күнөөсү боюнча ишке ашырылган учурлар эске алынбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-14/78-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу пайдалануучулардын ага болгон ишенимин бекемдөө максатында, обочо туруп/аралыктан тейлөө кызматынын сапатына мезгил-мезгили менен баа берип турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-14-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

7-1. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочуга обочо туруп/аралыктан тейлөө системасында атайын функцияларды же башка мүмкүнчүлүктөрдү караштыруу, анын ичинде ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга үчүнчү жактар тарабынан сунушталган кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берген чечимдерди караштыруу, ошондой эле аларга мындай функциялар жөнүндө маалымат берүү сунушталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-14/78-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Сунуштоочу өз ишинин үзгүлтүксүздүгүн (мисалы, мындай кызмат көрсөтүүнү жумасына 7 күн, суткасына 24 саат бою (24/7) пайдалануу мүмкүнчүлүгүн) камсыз кылууга жана штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган учурда өз ара иш алып баруу жана таасир этүү тартибин иштеп чыгууга жана аны актуалдык абалда кармап турууга тийиш. Сунуштоочу милдеттүү түрдө алдын алуу (профилактикалык) жана техникалык иштер жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу пайдалануучуну өз убагында билдирип тууруга тийиш. 

8-1. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу тарифтерге киргизилген өзгөртүүлөр колдонууга киргизилгенге чейинки кеминде беш календардык күн мурда ал тууралуу кызмат көрсөтүүдөн пайдалануучуларга веб-сайт же жалпыга маалымдоо каражаттарын аркылуу маалымдоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-14-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

9. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 7-декабрындагы № 2022-П-14/76-5-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4-глава. Обочо туруп/аралыктан тейлөө кызматын сунуштоого карата талаптар 

(Главанын аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-14-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

10. Обочо туруп/аралыктан тейлөө кызматы колдонуучу менен сунуштоочу ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылууга жана анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:  

- колдонуучуга кызмат көрсөтүү обочо туруп/аралыктан тейлөө системасы аркылуу сунушталган учурда, ал тууралуу маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорттук маалыматтар (же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын өздүгүн тастыктаган башка документтердеги маалыматтар) жана аны идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү башка маалыматтар); 

- сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси;  

- обочо туруп/аралыктан тейлөө түрүндө жана обочо туруп/аралыктан тейлөө системасына кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу ыкмалары;  

- колдонуучунун жана кызмат көрсөтүүнү сунуштоочунун укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги;  

- колдонуучу төлөөгө тийиш болгон комиссиялык төлөмдүн түрлөрү жана өлчөмү;  

- колдонуучу өзүнүн банктык эсебинин валютасынан башка валютада операцияларды жүргүзгөндө конвертациялоонун ар кандай варианттары каралган бир валютадан экинчи валютага конвертациялоо схемасы, ошондой эле валютаны конвертациялоо операцияларын жүргүзүүдө валютанын курсу жөнүндө кардарларга маалымдоо тартиби; 

- кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун банктык эсебиндеги, колдонуучунун БФКУ алдында милдеттенмелери боюнча же электрондук капчыктагы акча каражаттарынын жылышы жана калдыгы жөнүндө көчүрмөлөрдү берүү ыкмалары;  

- колдонуучу тарабынан коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча негизги талаптар, анын ичинде аутентификациялоо жана кардардын обочо туруп/аралыктан тейлөө системасын колдонууга укуктарын тастыктоо (PIN-кодду, паролду, лимиттерди колдонуу, тиешелүү жабдуулар жоголгон же уурдалган учурда колдонуучунун иш аракеттери);  

- кызмат көрсөтүүнү  сунуштоочуга ыйгарым укукка ээ эмес адам тарабынан обочо туруп/аралыктан тейлөө системасын пайдалануу жабдуулары жоголгондугу, уурдалгандыгы же колдонулгандыгы фактылары жөнүндө маалымдоо жол-жобосу;  

- ыйгарым укукка ээ эмес адам тарабынан жабдуулар жоголгон, уурдалган же колдонулган учурда кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу менен колдонуучу ортосунда жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү;  

- обочо туруп/аралыктан тейлөө системасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн убактылуу токтото туруу жана токтотуу шарттары;  

- келишим шарттары өзгөргөн учурда, кардарга маалымдоо ыкмалары;  

- кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу менен, анын ичинде иштебеген жана дем алыш (майрам) күндөрү байланышуу үчүн байланыш маалыматтары; 

- коопсуздук жол-жоболору же келишимдин башка шарттары бузулган учурда тараптар ортосунда орун алуучу тобокелдиктерди жана жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү;  

- талаш маселелерди кароо жана колдонуучунун даттанууларын жана сын-пикирлерин берүү/кабыл алуу тартиби, аларды кароо жана чечүү шарттары;  

- анын атынан электрондук кол тамга колдонулган колдонуучуну аныктоо механизми жана электрондук кол тамга ачкычынын купуялуулугун сактоо милдети. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-14-(ПС), 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА), 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-6-(ПС), 14-декабрындагы № 2022-П-14/78-5-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

11. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

11-1. Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм терминалдары аркылуу акча каражаттарын төлөө ачык оферттин негизинде ишке ашырылат. Чекти алуу же албай коюу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм терминалдары аркылуу төлөө учурунда пайдалануучунун экраны аркылуу тастыктоодогу тандоосу болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-14-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

12. Маалымдоо (үн) банкинг кызмат көрсөтүүсүн сунуштоо учурунда кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу пайдалануучулар менен болгон бардык сүйлөшүүлөрдүн аудио-жазууларын камсыз кылууга жана аларды алардын тапшырмасы аткарылганды жөнүндө SMS-билдирүүлөрдү электрондук дарегине жөнөткөндүгү тууралуу билдирүүгө тийиш. 

13. Банкоматтарды жана төлөм терминалдарын колдонуу менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн ишке ашырууда жана тейлөө учурунда:  

1) банкомат аркылуу обочо туруп/аралыктан тейлөө колдонуучу менен түзүлгөн келишимге ылайык, банктык төлөм карттар аркылуу же башка ыкмада накталай акча каражаттарын алуу, акча которууларды жана башка накталай эмес төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу, банктык эсеп боюнча ишке ашырылган транзакциялар боюнча маалымат алуу, ишке ашырылган транзакциялардын бардык түрлөрү боюнча чек берүү же мобилдик телефонго смс-билдирүү жөнөтүү үчүн жүзөгө ашырылат. 

2) банкомат/төлөм терминалы транзакциялар жөнүндө маалыматты кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун маалымат системасына жөнөтөт. Транзакция иштелип бүткөндөн кийин банкомат/төлөм терминалы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык операцияларды жүргүзүү жөнүндө тастыктоочу документти берүүгө тийиш, анда төмөнкү милдеттүү реквизиттер камтылат:  

- чектин номери;  

- транзакция/төлөм жүргүзүлгөн күн жана убакыт;  

- транзакциянын/төлөмдүн суммасы;  

- комиссиянын өлчөмү

3) кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу банкомат/төлөм терминалдары аркылуу обочо туруп/аралыктан тейлөөдө төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- банкоматтарды жана төлөм терминалдарын колдонуу учурунда орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктер, ошондой эле сак болуу чаралары жөнүндө кардарга маалымдоого;  

- банкоматтар жана төлөм терминалдары орнотулган жерде коопсуздукту камсыз кылуу маселеси боюнча текшерүүлөрдү дайыма жүргүзүүгө жана текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын документтештирүүгө;  

- колдоо борборлорун (колл-борборлор) уюштурууга жана алардын күнүмдүк жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылууга;  

- банкоматта/төлөм терминалында банктын/төлөм уюмунун таандык көрсөткүчүн, алардын карталары ошол банкомат жана төлөм терминалы аркылуу тейленүүчү төлөм системасынын логотибин жайгаштырууга. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-14-(ПС), 14-декабрындагы № 2022-П-14/78-5-(ПС) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

14. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу интернет-банкинг аркылуу обочо туруп/аралыктан тейлөө учурунда төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:  

- келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктер жана алдын алуу чараларын көрүү зарылдыгы тууралуу кардарларга маалымдоого;  

- интернет-банкинг аркылуу төлөмдөрдү өткөрүүдө коопсуздук эрежелерин жана жол-жоболорун сактоо зарылчылыгы тууралуу (паролдун, коддордун, ачкычтардын үчүнчү тарапка берилишине жол бербөө) кардарларга маалымдоого;  

- финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүүдө жана төлөмдөрдү өткөрүүдө купуялуулуктун сакталышын камсыз кылууга;  

- коргоого алынган тармактык протоколдорду колдонууга;  

- интернет-банкинг (колдонуучунун жеке кабинети) серверинин веб-баракчасын алмаштырып коюу алдамчылыгына бөгөт коюу механизмдерин колдонууга;  

- жүргүзүлүп жаткан операциянын тобокелдигине баа берүүнү эске алуу менен көп фактордук аутентификациялоо ыкмасын колдонууга (мисалы, пароль/код/бир жолку код жана PIN-код, биометрикалык каражаттар ж.б.);  

- татаал паролдорду колдонуу жана алардын мезгил-мезгили менен өзгөрүүсү каралган саясатты колдонууга;  

- паролдун автоматтык түрдө терилишине жол бербөө механизмдерин колдонууга;  

- колдонуучу белгили бир убакыт аралыгы өткөндөн кийин эч кандай аракеттерди жүргүзбөсө, интернет банкинг сервери менен туташуу сеансын блокировкалоо механизмин колдонууга. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА), 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-6-(ПС), 14-декабрындагы № 2022-П-14/78-5-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

15. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу мобилдик банкинг, мобилдик тиркемелер аркылуу обочо туруп/аралыктан тейлөөдө төмөнкүлөрдү караштырууга тийиш: 

- колдонуучуну кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуда каттоо жана идентификациялоо шарттары;  

- обочо туруп/аралыктан тейлөө системасын/мобилдик жабдууларды колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүүдө коопсуздук эрежелери жана жол-жоболору (пайдалануучу менен сунуштоочу ортосунда билдирүүлөр менен алмашууда жана өткөрүп берүүдө колдонуучунун макулдугусуз үчүнчү жактарга маалыматтарды берүүгө жол бербөө; финансылык билдирүүлөрдү жана төлөмдөрдү берүүдө купуялуулукту камсыз кылуу);  

- колдонуучунун маалыматтарын коргоо үчүн зарыл чараларды көрүү;  

- төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн пайдалануу тартиби;  

- ушул жобонун 10-пунктунда белгиленген башка шарттар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-14-(ПС), 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-6-(ПС), 14-декабрындагы № 2022-П-14/78-5-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

16. Аралыктан банкинг кызмат көрсөтүүсү аркылуу ишке ашырылган бардык төлөмдөр кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун тиешелүү системасында өз ара эсептешүүлөрдүн жыйынтыкталган жана акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзгөн учурдан тартып тастыкталган жана жыйынтыктоочу (шартсыз жана кайтарылып алынгыс) катары эсептелинет. Пайдалануучу үчүн төлөм кайтарылып алынгыс катары төлөмдү аткарууга кабыл алынгандыгы жана/же төлөм ишке ашырылгандыгын тастыктаган документтерди алуу (чек берүү, смс-тастыктоону ж.б. алуу), аяктаган катары - төлөм терминалдын купюраны кабыл алуучуга акча каражаттарын салган же пайдалануучунун банктык эсептен же электрондук капчыктан каражаттарды алып салган учурда эсептелинет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-14-(ПС), 14-декабрындагы № 2022-П-14/78-5-(ПС) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

17. Пайдалануучу аралыктан банкинг системасында ишке ашырылган транзакция боюнча түзүлгөн келишимге ылайык, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга өтүнүч катты жолдоо менен андан баш тартышы мүмкүн. Кызмат көрсөтүүлөрдү транзакцияны алып салууну келишим шарттарында башкасы каралбаса, тиешелүү төлөм системасынын регламентине жана иш тартибине ылайык ишке ашырат. 

18. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу келишимге кол койгонго же обочо туруп/аралыктан тейлөөнү баштоого чейин пайдалануучуларды сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу эрежелери жана белгиленген тарифтер тааныштырууга/маалымдоого милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5-глава. Тобокелдиктерди тескөө 

19. Кызмат көрсөтүүлөрдү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аралыктан банкингди сунуштоодо келип чыккан тобокелдиктерди тескөө саясатын аткарылышына жана анын өркүндөтүлүшүнө контролдукту жүзөгө ашырууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-14-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Сунуштоочу аралыктан банкингдин маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комплекстик системаны иштеп чыгууга жана аны ишке киргизүүгө тийиш. 

21. Аралыктан банкингдин маалыматтык коопсуздук системасы, жок дегенде, төмөнкү аспекттерди камтууга тийиш: 

- аралыктан банкингди жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо менен байланыштуу тобокелдиктерди аныктоо жана ага баа берүү

- тобокелдиктерди басаңдатуу чараларын аныктоо, анын ичинде кардарды идентификациялоонун тиешелүү технологияларын жана ички контролдук ченемдерин колдонуу (идентификациялоо каражаттарынын аныктыгын жана актуалдуулугун текшерүү); 

- кардардын маалыматты санкциясыз пайдалануудан коргоо боюнча чараларды аныктоо жана аталган маалыматтын бүтүндүгүн камсыз кылуу; 

- кардарларды маалымдоо боюнча чараларга баа берүү

- жүргүзүлгөн транзакциялар боюнча лимиттерди аныктоо жана баа берүү

обочо туруп/аралыктан тейлөө системасы аркылуу төлөмдөрдү ачуу жана жүргүзүү боюнча белгиленген лимиттер боюнча транзакцияларды жүзөгө ашырууга контролдук; 

- пайдалануучунун иш-аракетине мониторинг жүргүзүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА), 14-декабрындагы № 2022-П-14/78-5-(ПС) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

22. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу зарылчылыкка жараша, өзүнүн маалыматтык коопсуздук системасын маалыматтык системалардын чабал жактары табылган учурда, ошондой эле алдамчылыктын, маалыматтын купуялуулугунун жана бүтүндүгүнүн тышкы же ички коркунучтары келип чыккан учурда, аралыктан банкингди сунуштоо технологиясында кайсы болбосун өзгөрүүлөргө ылайык корректировкалоого жана жаңылап турууга милдеттүү

23. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу Улуттук банктын ченемдик укуктук актылар талаптарына ылайык, аралыктан банкингди сунуштоодо укук бузуулар жана алдамчылык фактылары тууралуу Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

24. Сунуштоочу бекитилген ички жол-жоболорго ылайык коопсуздук системасынын өз убагында жаңыртылып турушун жана модернизацияланышын камсыз кылууга тийиш. 

25. Өз пайдалануучуларынын идентификацияланышын камсыз кылуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу мүмкүн болуучу тобокелдиктерге ылайык келген методиканы колдонууга тийиш. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу кардарды идентификациялоонун жаңы технологияларына көз салууга, баа берүүгө жана ишке киргизүүгө, ошондой эле операциянын түрүнө жана пайдалануу деңгээлине жараша, кардарды идентификациялоо системасына орун алган тобокелдик факторлорунун негизинде тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылууга тийиш. Эгерде тобокелдикке баа берүү бир жолку факторго (мисалы, пароль/код) негизделген, идентификациялык чараларды колдонууда коопсуздуктун жетишсиз деңгээлин аныктаса, сунуштоочулар идентификациялоонун көп фактордуу чараларын (мисалы, пароль/код/бир жолку колдонулуучу код, карттын номери жана жеке идентификациялык номери) колдонуусу зарыл. 

26. Идентификациялоонун тиешелүү ыкмаларын колдонуу тобокелдиктерге баа берүү процессинде аныкталууга тийиш. Идентификациялоонун тиешелүү ыкмаларын колдонууда төмөнкү аспекттер эске алынууга тийиш: обочо туруп/аралыктан тейлөө системаларынын түрү (маалыматтык же операциялык), системалардын ар түрдүүлүгү (интернет-банкинг, мобилдик банкинг, мобилдик тиркемелер жана башкалар), кардардын статусу (юридикалык же жеке жак), система тарабынан уруксат берилген операциялардын түрү, көлөмү жана саны. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 14-декабрындагы № 2022-П-14/78-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

27. Банктык эсепти, пайдалануучунун БФКУ алдында милдеттенмелери же электрондук капчыкты аралыктан тескөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо сунуштоочу кардарларга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, анын ичинде пайдалануучунун жеке катышуусун талап кылган талаптарды аткарууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА), 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

6-глава. Мониторинг системасы жана операцияларга баа берүү 

28. Кызмат көрсөтүүлөрдү аралыктан банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо маалыматтык системаларда санкциясыз операцияларды аныктай алган мониторинг системасына ээ болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-14-(ПС), 14-декабрындагы № 2022-П-14/78-5-(ПС) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

29. Сунуштоочу санкциясыз операцияларды аныктоо, маалыматтык системасынан мыйзамсыз пайдаланууну аныктоо, окуяларды калыбына келтирүү жана маалыматтык системанын коопсуздугун бузуунун жүрүшүнө көз салуу үчүн электрондук каттоо журналдарын жүргүзүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 14-декабрындагы № 2022-П-14/78-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

30. Санкциясыз пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү/операциялар боюнча фактылар аныкталган учурда кызматтарды сунуштоочу обочо туруп/аралыктан тейлөө системасынан жана зарыл учурда банк эсебинен жана башка инструменттерден колдонууну дароо токтотууга милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 14-декабрындагы № 2022-П-14/78-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

31. Обочо туруп/аралыктан тейлөө системасын контролдоону жана тескөөнү камсыз кылуу максатында, көз карандысыз орган (башкача айтканда, ички же тышкы аудит) маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар чагылдырууга тийиш болгон отчетторго талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 14-декабрындагы № 2022-П-14/78-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

7-глава. Корутунду 

32. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу өзүндө банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин камтыган обочо туруп/аралыктан тейлөөнү сунуштоону баштоо же токтотуу тууралуу Улуттук банкка алдын ала билдирүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 14-декабрындагы № 2022-П-14/78-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

33. Пайдалануучу менен кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун ортосундагы ушул эрежелерде аныкталбаган бардык өз ара мамилелери кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен келишимде макулдашылууга тийиш. 

  

  

  

Кыргыз Республикасында 

обочо туруп/аралыктан тейлөөнү 

сунуштоого карата минималдуу 

талаптар жөнүндө» жобого карата 

1-тиркеме 

Пайдалануучулар үчүн 

МААЛЫМАТ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-14-(ПС), 14-декабрындагы № 2022-П-14/78-5-(ПС) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

Обочо туруп/аралыктан тейлөө аркылуу операцияларды ишке ашыруу процессинде коопсуздукту камсыз кылуу жана жеке маалыматтарды коргоо үчүн колдонуучуларга өз милдеттери жана жоопкерчилиги тууралуу маалымдалууга тийиш. 

1. Колдонуучу интернет-банкингди пайдаланууда:  

1) логинди, паролду жана башка маалыматтарды башка адамдарга ачыка чыгарбоого тийиш; 

2) жабдууларында же башка коргоого алынбаган жабдууларда логинди, паролду жана башка маалыматты (жеке компьютерде, уюлдук телефондо ж.б.) сактабоо зарыл; 

3) мезгил-мезгили менен паролду алмаштырып туруу зарыл, мында ысымы же туулган жылы сыяктуу коргоо деңгээли төмөн паролдорду колдонбоо зарыл. Пароль кеминде 6 белгиден турган комбинацияны камтууга тийиш: тамгалар (жазуу жүзүндө жана баш тамга), атайын символдор жана сандар;  

4) жеке маалыматтын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш, мында башка адамдарга (паспорттун маалыматтары, электрондук почтанын дареги жана башка маалыматтар) жеке маалыматты ачык көрсөтпөө;  

5) эсеп боюнча жаңылыштыктарга же санкциясыз операцияларга көз салуу үчүн операциялардын таржымалын жана көчүрмөлөрдү дайыма текшерип туруу жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга санкциясыз операциялар жөнүндө кайсы болбосун учурда дароо маалымдоо зарыл; 

6) веб-баракчанын тууралыгын жана коопсуздугун текшерүү зарыл, мында:  

- кайсы болбосун он-лайн операцияларды ишке ашыруунун же жеке маалыматты берүүнүн алдында интернет-банкингдин анык веб-баракчасы колдонулуп жаткандыгына ишенүү зарыл. Алдамчылык максатында түзүлгөн жасалма веб-баракчалардан сактануу зарыл;  

- унификацияланган ресурстар көрсөткүчтөрүнүн (URL) болушун текшерип, веб-баракчанын коопсуздугуна ынануу зарыл, алар «https» менен башталууга, ал эми интернет-браузердин статусунда коргоого алынган туташуу белгиси чыгууга тийиш;   

- дайым URL веб-баракчасын түздөн-түз интернет-браузерге киргизип, башка ишенимсиз баракчаларга жөнөтүлүшүнө же шилтемелердин пайда болушуна жол бербөө зарыл;  

- мүмкүнчүлүккө жараша, электрондук операцияларды ишке ашыруу процессинде маалыматка автоматтык түрдө шифр же код белгиленген программаны пайдалануу талап кылынат.  

7)  жабдууну (жеке компьютерин, уюлдук телефонун ж.б.) санкциясыз пайдалануудан жана зыян келтирүүчү программалардан коргоо зарыл;  

8) жабдуу кыска мөөнөткө гана кароосуз калтырылса да электрондук операциялар ишке ашырылган сайттан чыгып кетүүгө зарыл жана электрондук операциялар ишке ашырылгандан кийин системадан чыгууну унутпоого зарыл;  

9) интернет-банкинг системасынын коопсуздук саясаты менен таанышып чыгуу зарыл:  

- интернет-банкинг системасынын төлөмдөрдү, которууларды, эсепти дебеттөөнү/кредиттөөнү ишке ашырууга байланыштуу шарттар жана банктык тейлөөнүн башка шарттары менен кылдат таанышып чыгуу зарыл;  

- интернет-банкинг системасынын жеке финансылык маалыматты киргизүү алдында ошол маалыматты пайдалануу же таркатуу шарттары менен кылдат таанышып чыгуу зарыл. 

2. Колдонуучу мобилдик банкингди, мобилдик тиркемени колдонууда:  

- PIN-кодду, обочо туруп/аралыктан тейлөө системасынын паролун, электрондук почта паролун жана обочо туруп/аралыктан тейлөө учурунда колдонуучунун атынан санкциясыз пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө өбөлгө түзүшү ыктымал болгон башка маалыматтарды башка адамдарга ачыкка чыгарбоо зарыл;  

- мобилдик банкинг, мобилдик тиркеме үчүн колдонулуучу өзүнүн PIN-кодун, паролун мезгил-мезгили менен алмаштырып туруу керек;  

- банктык операция ал аркылуу ишке ашырылган өз уюлдук телефонун башка адамдарга колдонууга жол бербөөгө тийиш;  

- уюлдук телефонун жоготуп же уурдатып жиберген учурда кызмат көрсөтүүнү сунуштоочуга маалымдоо зарыл;  

- паролду же PIN-кодду камтыган жеке маалыматты электрондук почта, социалдык тармактар жана маалыматтарды электрондук алмашуунун башка каражаттары аркылуу жөнөтпөөгө тийиш;  

- жаңылыштыктарга же санкциясыз операцияларга көз салуу үчүн операциялардын таржымалын жана көчүрмөлөрдү дайыма текшерип турууга жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга санкциясыз операциялардын кайсы болбосун учурлары тууралуу дароо маалымдоо зарыл; 

- обочо туруп/аралыктан тейлөө системасына кирүү коопсуздугу боюнча кандай болбосун маселе жаралган учурда кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга дароо билдирүүгө тийиш.  

Карттардын, алардын реквизиттеринин, PIN-кодду жана башка маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл чаралар Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталган. 

  

  

  

Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөөнү сунуштоого карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 

2-тиркеме 

Обочо туруп/аралыктан тейлөөдө электрондук кол тамганы колдонууга карата талаптар  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 19-июнундагы № 2019-П-12/32-3-(НПА), 2021-жылдын 31-мартындагы № 2021-П-12/14-5-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Обочо туруп/аралыктан тейлөөдө электрондук документтердин юридикалык маанилүүлүгүн таануу максатында электрондук кол тамганы колдонуунун төмөнкүдөй шарттары белгиленет:  

1. Электрондук кол тамганы колдонуу аны менен ишке ашырылган операциялар жана бүтүмдөр юридикалык мааниге ээ экендигин чагылдырган билдирүү менен коштолууга жана пайдалануучудан аны алгандыгын тастыктоону талап кылууга тийиш.  

2. Электрондук кол тамга маалыматтык билдирүү түрүндөгү бардык документке же тараптар ортосунда маалымат алмашуу боюнча келишимге ылайык сунушталган документке карата колдонулууга тийиш.  

3. Электрондук кол тамга Кыргыз Республикасынын кардарларды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык колдонулушу зарыл.  

4. Электрондук кол тамга төмөнкү учурларда колдонулат:  

- типтүү операциялар (жеке маалыматтарды иштеп чыгуу, кредит алууга карттарды чыгарууга билдирме берүү, ж.б.) боюнча макулдукту алууда  

- эсептерди (аманаттарды) ачуу боюнча келишимдерге кол коюу; 

- белгиленген лимиттерге ылайык кредит алуу келишимдерине кол коюу;  

- кардардын аты-жөнүн, жеке идентификациялык номерин эске албаганда, тастыктоочу маалыматтарды жаңыртуу. Верификациялоого мүмкүнчүлүк болгон шартта гана маалыматтарды жаңыртууга болот.  

5. Жөнөкөй электрондук кол тамга банктын ички саясаттарына жана жол-жоболоруна ылайык тобокелдик деңгээли төмөн операциялар үчүн колдонулууга тийиш.  

6. Банктын ички саясаттарына жана жол-жоболоруна ылайык орточо же андан жогору тобокелдикти камтыган операциялар күчөтүлгөн кол тамга коюу менен ишке ашырылышы зарыл.