Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын 3-февралындагы 

№2023-П-14/8-2-(НПА) 

токтому менен бекитилген 

 

 

Виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоо  

ТАРТИБИ 

 

 

1. Жалпы жоболор 

1. Виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоо боюнча ишкердик лицензиялануучу ишкердиктин түрү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, виртуалдык активдер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары ыйгарым укуктуу орган) тарабынан берилген лицензиянын негизинде жүзөгө ашырылат.  

2. Виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочу катары Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, виртуалдык активдер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген лицензиянын негизинде виртуалдык активдерге байланышкан кызматтардын бир же бир нече түрлөрүн ишкердик иш катары сунуштаган юридикалык жак саналат. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочу катары виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштаган, Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган юридикалык жактардын ишин Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык жөнгө салат жана көзөмөлдөйт. 

4. Виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочу катары виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштаган башка юридикалык жактардын иши ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ыйгарым укуктуу органдын ченемдик укуктук актыларына ылайык жөнгө салынат жана көзөмөлдөнөт.  

5. Виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоо тартибинде (мындан ары Тартип) коммерциялык банктар (банктар) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштаган учурда, аларга карата минималдуу талаптар белгиленет. 

6. Бул Тартиптин талаптары виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочу катары виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштаган банктардын ишине таркатылат. 

7. Банк Улуттук банктын макулдугу боюнча жана ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү лицензиясын алуу менен виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочу катары виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоого укуктуу. 

8. Банк ушул Тартипте белгиленген талаптарга ылайык, виртуалдык активдерге байланышкан төмөнкү кызматтарды гана сунуштоого укуктуу: 

1) виртуалдык активдерди которуу; 

2) виртуалдык активдерди сактоо, башкаруу жана контролдоо;  

3) эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызматтарды сунуштоо. 

Банкка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Тартипте каралбаган виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде төмөнкүлөргө тыюу салынат: 

1) виртуалдык активдерди сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу); 

2) виртуалдык активдер менен ортодо алмашуу

9. Банк тарабынан ушул Тартиптин талаптары бузулган учурда, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык таасир этүү чараларын колдонууга жана ыйгарым укуктуу органда банктын лицензиясынын аракетин убактылуу токтотуу/кайтарып алуу жол-жобосун демилгелөөгө укуктуу. 

 

2. Терминдер жана аныктамалар 

10. Ушул Тартипте колдонулган терминдерди жана аныктамаларды Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарында колдонулган мааниде түшүнүү зарыл. 

 

3. Виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишин жүзөгө ашыруу лицензиясын алуу үчүн виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына кайрылууга Улуттук банктын макулдугун алуу тартиби 

11. Банк виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишин жүзөгө ашыруу максатында Улуттук банктын макулдугун алуусу зарыл. 

Банк Улуттук банктын макулдугун алгандан кийин, Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жана ыйгарым укуктуу органдын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишин жүзөгө ашырууга лицензия берүү жөнүндө арызы менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылат.  

12. Виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишин жүзөгө ашырууга Улуттук банктын макулдугун алуу үчүн, банк Улуттук банкка документтер топтомун тапшырууга тийиш, анда төмөнкүлөр камтылуусу зарыл:  

- банк Башкармасынын төрагасынын колу коюлган жана банктын мөөрү менен тастыкталган виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишин жүзөгө ашырууга макулдук берүү маселесин кароо жөнүндө арыз; 

- директорлор кеңешинин отурумунун протоколунан толук көчүрмө, анда директорлор кеңешинин виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишин жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү чечими, ошондой эле директорлор кеңеши болжолдонгон операцияларга жана алардын банктын ишине тийгизген таасирине ар тараптуу талдоо жүргүзгөндүгү, банк тобокелдик-менеджмент кызматынын корутундусунун негизинде жаңы операцияларга байланыштуу тобокелдиктерди идентификациялагандыгы тууралуу маалымат, корутундунун банктын мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү камтылат; 

- виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишин жүзөгө ашыруу боюнча банктын бекитилген бизнес-планы, анда мындай ишти жүзөгө ашыруу зарылдыгынын экономикалык негиздемеси, иш-чараларды жүргүзүү боюнча маркетинг планы, болжолдонгон экономикалык эсептөөлөр, тобокелдиктерди тескөө боюнча стратегия камтылат; 

- банктын ишин кеңейтүү пландаштырылгандыгына байланыштуу анын кайра каралган уюштуруу түзүмү (зарылдыгына жараша);  

- болжолдонгон операцияларга байланыштуу кирешени болжолдоо; 

- виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишин жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салуучу жана ички контролдоо системасынын элементтерин камтуучу ички ченемдик документтер; 

- маалымат коопсуздугун (киберкоопсуздукту) жана иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу иштеп чыгуу тартибин жөнгө салуучу эрежелер жана жол-жоболор; 

- ички контролдоо программасынын, финансылык мониторингдин ички эрежелери жана жол-жоболору жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), террористтик ишти каржылоого жана массалык жок кылуу куралдарын жайылтууну каржылоого бөгөт коюуга багытталган башка жол-жоболор.  

13. Улуттук банк банктын виртуалдык активдерге байланышкан ишти жүзөгө ашырууга даярдыгын текшерүүгө укуктуу.  

14. Улуттук банк виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишти жүзөгө ашырууга макулдук алуу жөнүндө арызын 30 (отуз) календарлык күн ичинде кароого алат.  

Улуттук банктын макулдук алуу жөнүндө арызды канааттандыруу/канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечими Улуттук банктын төрагасы/банктык көзөмөл жана лицензиялоо маселелерин тескөөгө алган Башкарманын мүчөсү тарабынан кабыл алынат.  

Улуттук банк чечим кабыл алынган датадан тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ал тууралуу банкка кат жүзүндө билдирет.  

15. Ушул Тартипке ылайык Улуттук банкка берилүүчү жана бирден көп барактан турган документтердин ар бир барагы тизмектелип, көктөлүп, номер жана кол коюлуп, талаптагыдай күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Зарыл учурларда, Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада берилүүсү зарыл.  

16. Улуттук банк тарабынан документтерди кароо мөөнөтүнө арыз ээсинин документтерди жеткире иштеп чыгууга короткон убактысы, ошондой эле ушул Тартиптин 14-пунктунда көрсөтүлгөн текшерүү мөөнөтү кирбейт.  

Эгерде Улуттук банк тарабынан алынган документтер Улуттук банк белгилеген талаптарга жооп бербесе, документтерди кароо мөөнөтү белгиленген талаптарга ылайык келген документтер кабыл алынган датадан башталат.   

17. Сын-пикирлерди эске алуу менен кошумча/жеткире иштелип чыккан документтер банк документтерди жеткире иштеп чыгууга алган датадан тартып 10 (он) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө Улуттук банкка тапшырылууга тийиш.  

 

4. Виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштаган банктарга карата талаптар 

18. Виртуалдык активдерге байланышкан кызматтар атайын адистештирилген платформаларда сунушталат.  

19. Банк 20-пунктта көрсөтүлгөн жана/же виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочулар менен түзүлгөн келишим боюнча бир же бир нече кызматты ушул Тартиптин талаптарына ылайык агент катары сунуштоого укуктуу. 

20. Банк виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү лицензиясы болгон шартта төмөнкү кызматтарды сунуштоого укуктуу:  

1) кардардын атынан жана анын кызыкчылыгында атайын адистештирилген платформалар аркылуу виртуалдык активдерди которуу (виртуалдык активдер бир дарегинен же эсебинен башкага өтүү). 

2) виртуалдык активдерди жооптуу сактоо жана (же) администрлөө (тескөө), контролдоо же аларды контролдоо мүмкүндүгүн берүүчү инструменттерди колдонуу.  

Виртуалдык активдерди сактоо, тескөө жана контролдоо үчүнчү жактардын кызыкчылыгында жана алардын атынан виртуалдык активдерди өз алдынча которуу мүмкүнчүлүгү менен виртуалдык активдердин жана аларды контролдоо инструменттеринин сакталышын камсыз кылууга тийиш. Виртуалдык активдерди сактоо, тескөө жана контролдоо кызматтарын сунуштаган банк мындай тескөө жана которуу виртуалдык актив ээсинин тапшырмасына ылайык аткарылса гана аларды которот. 

3) эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана (же) ага катышуу. 

Виртуалдык активдерди баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган банк эмитенттин атынан, эсебинен жана анын кызыкчылыгында виртуалдык активдери баштапкы жайгаштыруу жана (же) сатуу боюнча бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу. 

21. Виртуалдык активдер укугуна ээ болуу жана аны өткөрүп берүү шарттары смарт-контракттарга, бөлүштүрүлгөн реестрлер технологиясынын жана (же) ушул сыяктуу технологиянын алдын ала белгиленген алгоритмдерине жана функцияларына ылайык белгилениши мүмкүн, эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбесе, анда алар мындай технологиянын алкагында түзүлөт, сакталат жана жүгүртүлөт.  

22. Катышуучулардын виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоодогу өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, катышуучулар ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык белгиленет. 

23. Банк банктын программалык тиркемесинде же виртуалдык активди сактоо жана которуу үчүн каралган башка механизмде/каражатта виртуалдык актив капчыгындагы активди сактоо жана которуу механизмин камсыз кылууга милдеттүү

24. Виртуалдык активдер аларды эсепке алууга мүмкүндүк берүүчү атайын программалык камсыздоодо эсепке алынууга тийиш, мында бухгалтердик эсептин максаттары үчүн жүргүзүлгөн операциялардын мүнөзүн эске алуу зарыл. 

25. Банк виртуалдык активдин ар бир түрү (аталышы) боюнча виртуалдык активди жана виртуалдык активдин ээсин өзүнчө эсепке алууга милдеттүү

26. Банк виртуалдык актив ээлери сактоого өткөрүп берген виртуалдык активдердин сакталышын камсыз кылууга тийиш.  

27. Банк виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоодо Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары ПФТД/ЛПД) чөйрөсүндөгү мыйзамынын талаптарын сактоого милдеттүү.  

28. Банк виртуалдык актив ээлери жана аларды колдонуу менен жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтын купуялыгын жана сакталышын камсыз кылууга тийиш. Виртуалдык актив ээлери жана алардын операциялары боюнча маалыматтар үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гана берилиши мүмкүн. 

29. Банк виртуалдык активдер боюнча маалымат базасынан уруксатсыз пайдалануу мүмкүндүгүнөн коргоо үчүн бардык чараларды көрүүсү зарыл. 

30. Банк виртуалдык активдерге байланышкан кызматтардын коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.  

31. Банк виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоо процессин жөнгө салуучу, тобокелдиктерди тескөө, анын ичинде маалымат коопсуздугу, жаңылыш же санкциясыз операциялар боюнча талаш маселелерди чечүүнү, ошондой эле ПФТД/ЛПД кошо алганда, ички ченемдик документтерине (жобо, саясат, операциялык эрежелер, жол-жобо ж.б.) ээ болууга тийиш, ошондой эле алардын сакталышын камсыз кылуусу зарыл.  

32. Банк ПФТД/ЛПД чөйрөсүндөгү милдеттерди так бөлүштүрүү менен жана жетекчиликтин курамынан белгиленген талаптардын аткарылышын камсыз кылууга жооптуу кызматкерлерди дайындоо менен талаптагыдай башкаруу; кызматкерлерди туруктуу негизде окутуу, системанын тиешелүү деңгээлде иштешин текшерүү үчүн көз карандысыз ички аудит кызматы камтылуусу зарыл.  

33. Банк Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД боюнча мыйзамдарына ылайык, кардарды талаптагыдай текшерүүгө милдеттүү.  

34. Банк кардарды талаптагыдай текшерүү процессинде алынган жана чогултулган документтерди жана маалыматтарды Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД боюнча мыйзамдарында белгиленген мөөнөткө ылайык актуалдуу абалда сактоого тийиш.  

35. Банк операциялар тууралуу жазууларды жана кардарды талаптагыдай текшерүү процессинде алынган, кеминде төмөнкүлөрдү камтыган маалыматты сактоого тийиш: 

- жөнөтүүчүнүн аты-жөнү (б.а. которууну жөнөткөн кардардын);  

- эгерде операцияны ишке ашырууда мындай эсеп колдонулса (мисалы, виртуалдык актив капчыгынын идентификациялык номери), жөнөтүүчүнүн эсебинин номери;  

- жөнөтүүчүнүн айкын (географиялык) дареги же кардардын идентификациялык номери, туулган күнү жана жери;  

- алуучунун аты-жөнү;  

- эгерде операцияны ишке ашырууда мындай эсеп колдонулса (мисалы, виртуалдык актив капчыгынын идентификациялык номери), алуучунун эсебинин номери;  

- айрым операциялар тууралуу толук маалымат.  

36. Банк виртуалдык активдерге байланыштуу сунушталган кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалыматты ушул Тартиптин 1-тиркемесинде белгиленген формага ылайык отчеттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

37. Банк виртуалдык активдерге байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн көбөйтүү үчүн түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, башка виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочуларды гана агент катары ишке тартууга укуктуу. 

38. Улуттук банк мезгил-мезгили менен берилүүчү отчеттордун негизинде, ошондой эле инспектордук текшерүү учурунда операциялык эрежелердин жана ушул Тартиптин талаптарынын сактылышын контролдойт.  

39. Эгерде виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишин жүзөгө ашырууга лицензия же уруксат берүүчү документтер кайтарылып алынса, ошондой эле виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун иши ыктыярдуу токтотулган учурдан тартып 3 (үч) жумуш күнүнөн кечиктирбестен, бул тууралуу банкка билдирүүгө милдеттүү.  

 

5. Виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочунун ишин жүзөгө ашыруучу банктардын агенттерине карата негизги талаптар 

40. Банк, виртуалдык активдер менен байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдүн калкка жеткиликтүү болушун кеңейтүү үчүн, виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочу катары ишин жүзөгө ашыруучу юридикалык жактарды банктын атынан төмөнкү кызматтарды гана сунуштоо үчүн агент катары тартууга укуктуу: 

1) виртуалдык активдерди которуу; 

2) эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо. 

41. Агент банктын атынан банк менен түзүлгөн келишимде, ушул Тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган виртуалдык активдерге гана байланышкан кызматтарды сунуштоого укуктуу. 

Агентке банк менен түзүлгөн келишимде, ушул Тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоого тыюу салынат. 

42. Агент виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоо процессин жөнгө салуучу, анын ичинде тобокелдиктерди тескөөгө алган, маалымат коопсуздугу, жаңылыш же санкциясыз операциялар боюнча талаш маселелерди чечүү жагында (жобо, саясат, операциялык эрежелер, жол-жобо ж.б.) ички ченемдик документтерди иштеп чыгууга, ошондой эле алардын сакталышын камсыз кылууга тийиш.  

43. Агент ПФТД/ЛПД чөйрөсүндөгү милдеттерди так бөлүштүрүү жана жетекчиликтин курамынан белгиленген талаптардын аткарылышын камсыз кылууга жооптуу кызматкерлерди дайындоо менен алардын ишине байланыштуу тобокелдиктерди талаптагыдай тескөөнү, кызматкерлерди дайыма окутууну, системанын тиешелүү деңгээлде иштешин текшерүү үчүн көз карандысыз ички аудит кызматын камсыз кылууга тийиш.  

44. Агент Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД боюнча мыйзамына ылайык, кардарды талаптагыдай текшерүүгө милдеттүү.  

45. Агент банкка айкын убакыт ыргагында виртуалдык актив ээлери жана операциялар тууралуу маалыматтан пайдалануу мүмкүндүгүн камсыз кылууга милдеттүү

46. Агент виртуалдык актив ээлери жана виртуалдык активдерди колдонуу менен ишке ашырылган операциялар тууралуу маалыматтын купуялыгын жана сакталышын камсыз кылууга тийиш. Виртуалдык актив ээлери жана алардын операциялары боюнча маалыматтар үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык гана берилиши мүмкүн.  

47. Агент виртуалдык активдер боюнча маалымат базасынан уруксатсыз пайдалануу мүмкүндүгүнөн коргоо үчүн бардык чараларды көрүүсү зарыл. 

48. Агент виртуалдык активдерге байланышкан кызматтардын коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

49. Агенттер тарабынан сунушталган виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн банк жооптуу болуп саналат.  

50. Банк виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоочу агенттер тууралуу маалыматты ушул Тартиптин 2-тиркемесинде белгиленген формага ылайык отчеттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Улуттук банкка берүүгө тийиш.  

 

6. Корутунду жоболор 

51. Виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоочу банк виртуалдык актив ээлери, агенттер тарабынан тиешелүү келишимдердин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары сакталышын контролдоого тийиш. 

52. Виртуалдык активдерди жүгүртүү чөйрөсүндө келип чыгуучу талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жөнгө салынат.  

 

 

 

Виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоо тартибине карата 

1-тиркеме 

 

 

Банктын виртуалдык активдерге байланышкан  

кызматтарды сунуштоодогу иши жөнүндө 

ОТЧЕТ 

 

 

Банктын аталышы 

Отчеттук мезгил: (ДД.АА.ЖЖЖЖ)  

 

Виртуалдык активдин аталышы 

Виртуалдык актив капчыктарынын саны  

Виртуалдык активдердин көлөмү (токендердин саны) 

Виртуалдык активдерди колдонуу менен ишке ашырылган которуулардын көлөмү  

Эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан операциялар көлөмү 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы болуп 

 

 

 

 

 

 

Виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоо тартибине карата 

2-тиркеме  

 

 

Банктын агентинин виртуалдык активдерге байланышкан  

кызматтарды сунуштоодогу иши жөнүндө  

ОТЧЕТ 

 

 

Банктын агентинин аталышы 

Отчеттук мезгил: (ДД.АА.ЖЖЖЖ)  

 

Агенттин аталышы 

Виртуалдык активдин аталышы  

Виртуалдык актив капчыктарынын саны  

Виртуалдык активдердин көлөмү (токендердин саны)  

Виртуалдык активдерди колдонуу менен ишке ашырылган которуулардын көлөмү  

Эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан операциялар көлөмү  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардыгы болуп