Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын

3-августунда каттоодон өткөн. Каттоо номери 77-09

 

 

Кыргыз Республикасынын

Улуттук банк Башкармасынын

2009-жылдын 15-июлундагы

N 30/6 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча 

ЭРЕЖЕЛЕР 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 17-августундагы N 34/4, 2014-жылдын 31-июлундагы № 34/10, 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6, 2016-жылдын 14-октябрындагы № 42/3, 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС), 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 2018-П-14/37-3-(ПС), 2020-жылдын 18-мартындагы № 2020-П-14/12-2-(ПС), 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС), 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 2022-П-14/24-1-(ПС), 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-14/47-6-(ПС), 2023-жылдын 12-апрелиндеги № 2023-П-14/23-4-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринде (мындан ары - Эрежелер) банктар жана акча которуу системаларынын операторлору акча которуу системалары аркылуу каражаттарды которуу кызматтарын сунуштоодо аларга карата коюлуучу талаптар аныкталган.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.2. Кыргыз Республикасынын аймагында банк эсебин ачуусуз акча каражаттарын которуу (мындан ары - акча которуу), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары - Улуттук банк) лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар (мындан ары - банктар) тарабынан адистештирилген акча которуу системалары аркылуу (локалдык, эл аралык системалар) же болбосо банктардын тике корреспонденттик мамилелери боюнча (эл аралык/чек ара аркылуу акча которуулар) улуттук же чет өлкө валюталарында Кыргыз Республикасынын жеке адамдары, резиденттери жана резидент эместери тарабынан жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын ичинде акча которуу системалары боюнча сом түрүндө (Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында) акча каражаттары локалдык системалар аркылуу гана которулууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которуулар алуучуга жөнөтүүчү өлкөнүн Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынан айырмаланган валютасында - сом менен берилет.

Ошондой эле эл аралык акча которуу системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагынан акча которууну жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же улуттук валютада алуу/жокко чыгаруу мүмкүн.

Акча которуу системасы боюнча келип түшкөн акчаларды которуу/төлөө валютасынан башка валютага конвертациялоо (алмашуу операция) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Акча которууну конвертациялоо Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан чет өлкө валютасын сатуу жана сатып алуу курстарынын маалыматтык стендинде көрсөтүлгөн курсу боюнча (нак акча алмаштыруу үчүн) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын

2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобого ылайык ишке ашырылат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6, 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 2018-П-14/37-3-(ПС), 2020-жылдын 18-мартындагы № 2020-П-14/12-2-(ПС), 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 2022-П-14/24-1-(ПС), 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-14/47-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

1.4. Кыргыз Республикасынын банктары, өлкөдө колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актыларга ылайык жана акча которуулардын локалдык системаларынын эрежелеринин негизинде өлкө аймагында улуттук валютада акча которууларды жүзөгө ашырышат. Республиканын банктары акча которуулардын локалдык системасынын операторлору болуп саналышат.

1.5. Кыргыз Республикасынын банктары акча которуу системасынын оператору менен тиешелүү келишимге кол коюп, системанын эрежелерин жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын так сактоо менен эл аралык акча которуу системаларынын катышуучуларынан боло алышат. Тиешелүү өлкөнүн финансылык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген жана Улуттук банкта каттоодон өткөн, ишкердиктин ошол түрүн жүргүзүүгө уруксат берген документтердин негизинде иш алып барган юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси эл аралык акча которуу системасынын оператору болуп саналат.

Өзүнүн акча которуу системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары акча которууларды ишке ашыруу боюнча акча которуулар системасынын оператору - Кыргыз Республикасынын резидентинин иши мындай ишти жүзөгө ашырган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6, 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 2018-П-14/37-3-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.6. Банк, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык банк эмес финансы-кредит мекемелери жана банк эмес уюмдар менен акча которуу системалары аркылуу каражаттарды которуу жагында калкка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо келишимин (агенттик келишимди) түзүшү мүмкүн. Мында, акча которуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу жоопкерчилиги банкка жүктөлөт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.6-1. Улуттук банк акча которуу системаларынын банк-катышуучуларынын жана акча которуу системаларынын операторлорунун ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салат жана жүзөгө ашырат.

Улуттук банк акча которуу системалары боюнча ишке ашырылган которуулар жөнүндө маалыматтарды алуу максатында, акча которуу системаларынын банк-катышуучулары жана акча которуу системаларынын операторлору менен өз ара иш алып барууну камсыз кылат, ошондой эле катышуучуларга жана операторлорго акча которуулар боюнча, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча консультацияларды берет.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 18-мартындагы № 2020-П-14/12-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.7. Акча которуулар системасынын катышуучуларынын ушул Эрежеде аныкталбаган өз ара мамилелери, алардын жоопкерчиликтери, укуктары жана милдеттери тиешелүү келишимдерде же макулдашууларда чагылдырылат.

2. Терминдер жана аныктамалар 

2.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2.2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2.3. Банктык эсепти ачуусуз акча которуу - бул, акча каражаттарын которуу, банк тарабынан жеке адамдан улуттук же чет өлкө валютасында акча каражаттарын кабыл алып, андан ары - Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары башка жеке адамга (алуучуга) акча которуу системасы менен жөнөтүү аркылуу ишке ашырылган банктык операция.

"Кыргыз Республикасынын аймагынан которулган акчаны алуучу өз тандоосуна ылайык акчаны банктын кассасы же аралыкта орнотулган жабдуусу (банкомат/терминал) аркылуу нак формада, анын ичинде акча которуу системасындагы которулган акча алуучунун идентификаторун колдонуу менен нак формада алууга (эгерде ал акча которуу системасынын эрежесинде каралган болсо), же болбосо акча каражатын алуучу көрсөткөн банктык эсепке же банк тарабынан чыгарылган төлөм картка жана/же электрондук капчыкка которуу/чегерүү аркылуу нак эмес формада алууга укуктуу.

Которулган акчаны алуучунун идентификатору банктык төлөм карты болуп саналбаган жана ошол системага туташкан бардык банктардын кассаларында же аралыкта орнотулган жабдууларында (банкомат/терминалында) которулган акча өлчөмүндөгү каражатты нак түрүндө берүү аркылуу которулган акчаны алуу үчүн гана каралган бир жолку карт түрүндө болушу мүмкүн. Мындай карттар (идентификатор) акча которулгандан кийинки 30 күндөн ашпаган мөөнөттө колдонулууга тийиш.

Эгерде акча которуу системасынын эрежелеринде которулган акчаны бөлүп алуу шарты каралган болсо, акча каражатын алуучу которулган акчанын бир бөлүгүнүн суммасын идентификаторду колдонуу менен нак формада алууга, ал эми калган калдыкты алуучу көрсөткөн банк эсебине, банк тарабынан чыгарылган картка жана/же электрондук капчыкка чегерүүгө укуктуу.

Которулган акчаны идентификаторду колдонуу менен банкомат аркылуу алуу учурунда нак акча каражатын алуу боюнча ар бир операция улуттук валютада же анын эквивалентиндеги жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында 250 (эки жүз элүү) эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.

Идентификаторду пайдалануу шарттары (идентификациялоо, лимиттер жана башкалар боюнча талаптар) системанын эрежелеринде белгиленүүгө, акча которуу системасынын катышуучусу менен операторунун ортосунда түзүлгөн келишимдерде чагылдырылууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.

Акча которуу системалары боюнча каражат которуу төмөнкү учурларда жыйынтыкталган катары эсептелинет:

1) жөнөтүүчү үчүн - акча которууга буйруу аткарууга кабыл алынгандыгынын тастыктамасы алынган учурда;

2) алуучу үчүн - банктын кассасынан же аралыкта орнотулган жабдуусунан (банкомат/терминал) акча каражатын нак түрдө алган учурда же акча каражаты алуучу көрсөткөн банк эсебине, банк тарабынан чыгарылган төлөм картка жана/же электрондук капчыкка которулган/чегерилген учурда.

Эсеп ачуусуз эле юридикалык жактар, ишкердик менен алектенген жарандар ортосунда акча которууларга тыюу салынат.

Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары акча которуу системасы аркылуу башка жеке адамга (алуучуга) андан ары которуу үчүн жеке адамдын талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) боюнча эсебинен төлөмдөр аталган операция жана төлөм өздүк, коммерциялык эмес мүнөзгө ээ болгон шартта ишке ашырылышы мүмкүн.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 17-августундагы N 34/4, 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6, 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 2018-П-14/37-3-(ПС), 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 2022-П-14/24-1-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.4. Акча которуу системасынын оператору (мындан ары - оператор) - бул, тиешелүү өлкөнүн финансылык көзөмөлдүктү жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органынын уруксат берген документтерине (лицензия, каттоодон өткөндүгүн тастыктаган сертификат ж.б.) ээ болгон, Улуттук банкта каттоодон өткөн жана акча которуу системасынын ишин камсыз кылган юридикалык жак, Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси. Оператор акча которуу системасынын инфраструктурасын жана алардын кызмат көрсөтүүсүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзгөн пункттарды өнүктүрүү үчүн катышуучулар менен келишим түзөт. Оператор жана катышуучулар келишимдерге ылайык системанын эрежелери жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары боюнча банктык эсепти ачуусуз эле, акча каражатын которуу кызмат көрсөтүүсүн сунуштоо боюнча ишкердикти жүзөгө ашырууга милдеттенишет.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.5. Жөнөтүүчү - бул, акча которууну банктык эсеп ачуусуз, нак акча каражаттарын банкка өткөрүп берүү же жеке адамдын талап боюнча төлөнүүчү банктык аманат (депозит) боюнча эсебинен акча каражаттарын жөнөтүүчү тарабынан көрсөтүлгөн алуучунун пайдасына жөнөтүүнү демилгелеген жеке адам.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 2018-П-14/37-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2.6. Алуучу - жөнөтүүчү тарабынан банктык эсеп ачуусуз эле которулган акчаны алуучу катары көрсөтүлгөн жеке адам. Жөнөтүүчү жана алуучу бир эле адам болушу да ыктымал.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 17-августундагы N 34/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.7. Акча которуу системасы - бул, төлөм системасынын түрү. Мында анын катышуучусу калктан акча каражаттарын адресатка кайра төлөп берүү шартында кабыл алат. Акча которуу системасы боюнча которуулар өлкө ичинде сыяктуу эле (локалдык), Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу да (эл аралык, чек ара аркылуу) ишке ашырылат. Системада ар бир которууга уникалдуу идентификациялык номер ыйгарылат. Система катышуучуларга которулган акчаны алуучуну жана жөнөтүүчүнү идентификациялоо менен ар бир которуу боюнча эсептин жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.8. Акча которуу системасынын катышуучусу (мындан ары Катышуучу) - Кыргыз Республикасынын аймагында өлкө мыйзамдарына ылайык, акча которуу боюнча кызмат көрсөтүүнү сунуштаган жана акча которуу системасына катышуу тууралуу келишимге оператор менен кол койгон банк. Катышуучу, системанын эрежелеринде белгиленген, акча которуу системасына катышуу критерийлерине ылайык келүүгө тийиш.

2.9. Электрондук тапшырма - системанын форматына ылайык, акча которуу системасында түзүлгөн жана жөнөтүүчү, алуучуга тиешелүү бардык зарыл маалыматтарды камтыган акча которуулар боюнча электрондук маалымат.

2.10. ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык которуулар топтому - бир катар жеке акча которуулардан турган, бир финансылык мекеменин (банктын) дарегине жөнөтүлүүчү жана бир же ар башка адамдарга жөнөтүлүшү мүмкүн болгон которуу.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 2018-П-14/37-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Операторго карата талаптар 

3.1. Оператор (Кыргыз Республикасынын резиденти же резидент эмеси) Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн Улуттук банкта каттоодон өтүүгө тийиш.

Акча которуулар системасынын операторлоруна Улуттук банктан каттоодон өтүүсүз Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барууга тыюу салынат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.1-1. Оператор каттоодон өтүү үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтердин түп нускасын же талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн сунуштоого тийиш:

1) акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн каттоодон өтүүгө төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен арызды:

- акча которуу системасынын аталышы;

- акча которуу системасынын операторунун жана ал жайгашкан өлкөсүнүн аталышы;

- оператордун юридикалык жана жайгашкан дареги тууралуу маалыматтар;

- эгерде оператор кредиттик уюм болуп саналбаса, оператордун эсептешүү банкынын аталышы;

2) юридикалык жактын юридикалык статусун жана жайгашкан өлкөсүн тастыктаган мамлекеттик/эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн жана/же ага теңдеш башка документинин көчүрмөсү;

3) жайгашкан өлкөнүн салык органында каттоого тургандыгы жөнүндө күбөлүк;

4) жайгашкан өлкөнүн финансылык көзөмөл боюнча лицензиялоочу/жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, акча которууларды жүзөгө ашыруу укугун тастыктаган акча которуу системасынын операторунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн, лицензиясынын/сертификатынын жана башка документтеринин көчүрмөсү (колдонулган учурда), же болбосо жайгашкан өлкөнүн мыйзамдары боюнча ошол органдын/юридикалык компаниянын мындай уруксат берүү/тастыктоо талап кылынбай тургандыгы жөнүндө (иштин лицензиялануучу/жөнгө салынуучу түрү болуп саналбайт) жазуу жүзүндөгү тастыктоосу;

5) системанын акча которуу системаларынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген эрежелери;

6) системанын катышуучулары менен түзүлгөн типтүү келишим, эгер болсо.

Акча которуу системасы банкка таандык болгон учурда, тиешелүү өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан банктык операцияларды жүзөгө ашырууга берилген лицензиясынын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү Улуттук банкка кошумча берилет.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.1-2. Акча которуу системасынын оператору - резидент эмес тарабынан каттоо үчүн берилген чет мамлекеттердин расмий документтери белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган жана күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса.

Чет тилде түзүлгөн документтерде талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилдерине котормосу болууга тийиш.

Бирден ашык барактан турган документтер ар бир барагына номер, кол коюлууга, көктөлүүгө жана талаптагыдай күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Документтер Улуттук банктын талабы боюнча электрондук түрдө сунушталууга тийиш.

Акча которуу системасынын операторлору тарабынан Улуттук банкка сунушталган документтер кайтарылбайт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.1-3. Улуттук банк оператордон каттоодон өткөрүү жөнүндө арыз жана каттоодон өтүү үчүн документтер Улуттук банкка түшкөн күндөн тартып, 15 (он беш) календардык күндөн ашпаган мөөнөт ичинде ушул акча которуу системасынын операторун каттоодон өткөрүү же баш тартуу чечимин кабыл алат. Улуттук банк кабыл алган чечими тууралуу ал чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күн ичинде операторго кат аркылуу билдирет.

Документтерди кароо мөөнөтүнө оператордун документтерди жеткире иштеп чыгууга кеткен убактысы камтылбайт. Эгерде сунушталган документтер Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга жооп бербесе, документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банктын талаптарын канааттандырган документтер кабыл алынган күндөн тартып башталат.

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында башкасы каралбаса, каттоо үчүн документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча акыркы чечим Улуттук банк каттоо үчүн арыздын жана башка документтердин нускаларын кагаз жүзүндө алгандан кийин кабыл алынат.

Каттоодон өткөрүү жөнүндө оң чечим кабыл алынган шартта, Улуттук банк акча которуу системасынын операторуна каттоо номерин ыйгарып, ал тууралуу маалыматтарды Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган операторлордун реестрине (мындан ары - акча которуу системаларынын операторлорунун реестри) киргизет жана белгиленген мөөнөттө операторго каттоодон өткөндүгү тууралуу кат түрүндө билдирүү жөнөтөт. Билдирүүдө ыйгарылган каттоо номери көрсөтүлөт.

Акча которуу системаларынын операторлорунун реестрин жүргүзүү тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.1-4. Каттоо үчүн берилген документтер белгиленген талаптарга ылайык келбеген жана/же документтер топтому толук берилбеген учурда толук иштелип чыгуу үчүн кайра кайтарылат.

Кошумча/сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтер оператор жеткире иштеп чыгууга алган күндөн тартып, 10 (он) иш күнүнөн ашпаган мөөнөттө Улуттук банкка сунушталууга тийиш. Көрсөтүлгөн документтер алдын ала электрондук түрдө сунушталышы мүмкүн, андан ары кагаз жүзүндөгү түп нускасы милдеттүү түрдө жөнөтүлөт.

Ушул Эрежелердин талаптарына жооп бербеген же толук эмес көлөмдө сунушталган документтер экиден көп жолу тапшырылган болсо, Улуттук банк акча которуу системасынын операторун каттоодон өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу. Мында баш тартуунун себебин көрсөтүү менен кат түрүндөгү тиешелүү билдирүү белгиленген мөөнөттө жөнөтүлөт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.1-5. Акча которуу системасынын оператору аны каттоо учурунда көрсөтүлгөн кандай болбосун маалыматтардын өзгөргөндүгү тууралуу Улуттук банкка 3 (үч) жумуш күнү ичинде кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү.

Улуттук банк сунушталган маалыматтардын негизинде, зарылчылыгына жараша, 3 (үч) жумуш күнү ичинде акча которуу системаларынын операторлорунун реестрине тиешелүү жазууну киргизет.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.1-6. Акча которуу системасынын оператору Кыргыз Республикасынын аймагында системанын жаңы сервистерин/продукттарын/кызмат көрсөтүүлөрүн жайылтуу (өркүндөтүү) баскычында ал тууралуу алдын ала Улуттук банкка маалымдоого жана системада өзгөртүүлөрдүн/толуктоолордун киргизилишин болжолдогон, жаңыдан иштелип чыгып жаткан сервисти/продукттарды/кызмат көрсөтүүлөрдү чагылдырган толук маалыматты кошо тиркөө менен билдирүү жөнөтүүгө жана республика аймагында системанын жаңы сервисин/продукттарын/кызмат көрсөтүүлөрүн колдонууга Улуттук банктан уруксат алууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.2. Акча которуу системалары боюнча кызматтарды сунуштаган оператор Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзамдарга ылайык ишке ашырууга тийиш.

Эгерде оператор Кыргыз Республикасынын резидент эмеси болуп саналса, Кыргыз Республикасынын банктары менен акча которуу системасында катышуу боюнча келишим түзүүдө банктар жана операторлор Кыргыз Республикасынын акча которуулар чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында мыйзам талаптарына таянууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 18-мартындагы № 2020-П-14/12-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.2-1. Улуттук банк төмөнкү учурларда акча которуу системасынын операторунун каттоодон өткөндүгүн жокко чыгарат жана акча которуу системаларынын операторлорунун реестрине тиешелүү жазууну киргизет:

1) жайгашкан өлкөнүн иштин ушул түрүн лицензиялоочу/жөнгө салуучу финансылык көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан акча которуу системаларынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна берилген акча которуу системасынын операторунун уруксат берүү документтери жана лицензиясы/сертификаты/каттоо жөнүндө күбөлүгү кайтарылып алынган/жокко чыгарылган учурда;

2) акча которуу системасынын оператору тарабынан аны Улуттук банктагы акча которуу системаларынын операторлорунун реестринен чыгаруу жөнүндө арыз же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системасынын операторунун ишин токтотуу жөнүндө кат жүзүндө башка билдирүү берилген учурда. Эл аралык акча которуу системасынын оператору төлөм системасынын катышуучулары менен акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин гана каттоону жокко чыгаруу жана реестрден чыгаруу жөнүндө арыз берет. Акча которуулардын локалдык системасынын оператору каттоону жокко чыгаруу жана реестрден чыгаруу жөнүндө арызды акча которууларды алуучулар/жөнөтүүчүлөр жана системанын катышуучулары менен бардык өз ара эсептешүүлөрдү эске алып, акча которуулар системасында акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин гана берет.

Улуттук банк акча которуу системасынын операторуна, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана башка кызыкдар тараптарга каттоо жокко чыгарылгандыгы тууралуу кат жүзүндө билдирет, ошондой эле бул боюнча маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтына жайгаштырат.

Акча которуу системасынын оператору, Улуттук банк аны тиешелүү реестрден чыгарып салган жана бул тууралуу маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтында жайгаштырган күндөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү токтотууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС), 2023-жылдын 12-апрелиндеги № 2023-П-14/23-4-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.3. Оператор, жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалымдамасын тескөө боюнча механизмдер системасында, террористердин эл аралык уюмдар тарабынан даярдалган тизмеси, ушундай эле улуттук тизме жана терроризмге катыштыгы бар деген шектенүүнү жараткандардын улуттук тизмеси боюнча кардарларды текшерүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

3.4. Оператор акча которуулар рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү, ачык-айкындуулукту, жеткиликтүүлүктү жана ишенимдүүлүктү камсыз кылууга багытталган, акча которууларды(1) жүзөгө ашыруунун төмөнкүдөй эл аралык жалпы принциптерине системаны шайкеш келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүшү зарыл:

1) рыноктун ачык-айкындуулугу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо. Оператор, акча которуулар системасы боюнча сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууга кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланганга чейин эле алар тууралуу маалыматтарды (комиссиялык төлөмдү, которуулардын тездигин, алмашуу курсун , которууларды ала турган өлкөдө жана пунктта берүү шарттары, которууну кайтарып жиберүү шарттары, алдамчылык аракеттерине жол берүү тобокелдиктери ж.б. кошо алганда) акча которуучулар менен алуучулардын алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштоого жана керектөөчүлөрдүн шайкеш корголушун камсыздоого тийиш;

2) төлөм системаларынын инфраструктурасы. Оператор, акча каражаттарын которууну жүзөгө ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуугун арттырууга, өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүү аркылуу системадан пайдалануу пункттарын кеңейтүүгө, ар кайсы өлкөлөрдүн улуттук төлөм системаларынын ортосунда чек ара аркылуу байланыштарды түптөөгө багытталган төлөм системаларынын инфраструктурасын өркүндөтүүнү колдоого алууга жана ага түрткү берүүгө тийиш;

3) ченемдик укуктук чөйрө. Оператор, тиешелүү укуктук системалардын шартында алгылыктуу, болжолдоого боло турган, басмырлоо мүмкүнчүлүктөрү камтылбаган укуктук жана ченемдик базалардын системада болушун камсыз кылуусу зарыл. Система аркылуу акча которууларды жүзөгө ашыруу процессин жөнгө салуу, эң оболу, терроризмди каржылоого жана мыйзамсыз иштелип табылган акчаны "адалдоого" жол бербөөгө багытталуу менен "өз кардарыңды бил"(2) талаптарынын аткарылышын көздөөгө тийиш;

4) рынок, түзүмү жана атаандаштык. Оператор, рыноктук атаандаштык үчүн шарттарды түзүүнү колдоого алуусу, анын ичинде, акча каражаттарын которууну жүзөгө ашыруу жагында төлөм системасынын жергиликтүү инфраструктураларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуусу зарыл;

5) тобокелдиктерди тескөө. Оператор, системанын ишинин натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу максатында тобокелдиктерди, анын ичинде финансылык, операциялык жана абройдон ажыроо тобокелдиктерин кошо алганда, аларды тескөөнүн тиешелүү механизмдерин камсыз кылууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.5. Оператор, өз атынан иш алып баруу менен банк эсебин ачуусуз акча которуу системасына катышуучулардын ишин координациялоосу жана төмөнкү функцияларды кошо алганда, бирок алар менен чектелип калбастан, катышуучулардын маалыматтык жана технологиялык өз ара иш алып баруусун камсыз кылуусу зарыл:

1) системага жаңы катышуучуларды тартуу жана алар менен келишимдик мамилелерди тариздөө;

2) системанын ченемдик документтерин иштеп чыгуу жана аларга толуктоолорду жана/же өзгөртүүлөрдү киргизүү;

3) катышуучулардын ортосунда түзүлгөн макулдашууларды жана келишимдерди кошо алганда, системанын ченемдик документтеринин талаптарынын катышуучулар тарабынан аткарылышына контролдук;

4) технологиялык чечимдерге, анын ичинде программалык камсыздоо иштеринин түрлөрүнө жана тартибине, системанын оператору менен катышуучунун ортосунда маалымат алмашуу протоколуна, катышуучулар тарабынан сунушталган технологиялык чечимдердин системанын талаптарына ылайык келүүсү көз карашынан текшерүүгө карата талаптарды иштеп чыгуу;

5) процессинг (катышуучулар ортосундагы маалыматтык жана технологиялык өз ара иш алып барууну, акча которуулары боюнча жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу жана жөнөтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу, жалпы системалык маалымдамаларды, чектөөлөрдү, реестрлерди жана башка функцияларды аткаруу);

6) катышуучулардын күндөлүк акчалай милдеттенмелеринин суммасынын ашып кетүү ыктымалдуулугуна байланышкан системадагы тобокелдиктерди тескөө;

7) өз ара эсептешүүлөрдү күндөлүк негизде жүргүзүү.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы № 34/10, 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 2018-П-14/37-3-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.6. Оператор, орун алган талаш маселелерди чечүү боюнча эрежелердин жана жол-жоболордун (жаңылыш акча которуу, кайтарып берүү, акча которуудан баш тартуу ж.б.) системада жана келишимдик базада болушун камсыз кылууга тийиш.

3.7. Ички локалдык акча которуу системасынын операторунан башка оператор, төлөм системасынын катышуучусу алдында акча милдеттенмелерин гарантиялоо максатында, төмөнкү шарттардын биринин аткарылышын камсыз кылууга тийиш:

1) банк-катышуучу тарабынан көрсөтүлгөн корреспонденттик эсепке бардык туунду операциялар боюнча (макулдашуунун негизинде ай/чейрек/жыл ичинде) орточо күндүк жүгүртүүнүн ордун жапкан көлөмдө милдеттүү камсыздандыруу депозитин жайгаштырууга. Күндөлүк жүгүртүү көлөмүнө, ошондой эле дем алыш жана майрам күндөрүнө туура келген акча которуулар суммасы да кирет. Камсыздандыруу депозитинин өлчөмү ай сайын белгиленет.

Эгерде оператор милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай аткара албай калган болсо, катышуучу камсыздандыруу депозитиндеги каражаттарды ошол милдеттенмелер боюнча талаптарды канааттандыруу үчүн пайдалана алат.

Оператордун же катышуучунун демилгеси менен эсеп ачуусуз эле акча каражаттарын которуу кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо келишиминин аракети токтотулса, камсыздандыруу депозитиндеги каражаттар келишимдик мамилелерде каралган тартипте жана мөөнөттө операторго кайтарылып берилет;

2) кийинки операциялык күнгө чейинки күнү катышуучу тарабынан алуучуга төлөнүп берилген акча которуулардын орточо күндүк көлөмүнүн өлчөмүндө алдын ала төлөмдү (аванстык/камсыз кылуучу төлөмдү) катышуучуга сунуштоого. Алдын ала төлөм суммасы (аванстык/камсыз кылуучу төлөм) тараптардын макулдашуусу боюнча ай/чейрек/жыл ичиндеги маалыматтардын негизинде аныкталат жана алар ай сайын кеминде бир жолу белгиленет. Дем алыш жана майрам күндөрүнө чейинки операциялык күнү алдын ала төлөм суммасы (аванстык/камсыз кылуучу төлөм) дем алыш жана майрам күндөрүнө туура келген орточо күндүк көлөм суммасына көбөйөт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 2018-П-14/37-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.8. Локалдык акча которуу системаларынын операторун эске албаганда, оператор жөнөтүүчү тарабынан көрсөтүлгөн банктык эсепке жана/же банктык төлөм картына акча которууну чегерүү аркылуу эсеп ачуусуз акча которууда, ушул Эрежелердин 3.7-пунктунун талаптарын аткарууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.9. Акча которуулар системасынын оператору өзгөртүүлөр киргизилген учурдан тартып 1 (бир) жумушчу күндүн ичинде системалардын эрежелеринин өзгөрүшү жөнүндө Улуттук банкка жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 2022-П-14/24-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Катышуучуга карата талаптар 

4.1. Катышуучу банк эсебин ачуусуз эле, акча которуу системасы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун иштелип чыккан ички эрежелерине жана банктык эсепти ачуусуз эле, которууларды жүзөгө ашырууда иштин натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн контролдук жол-жобосуна ээ болууга тийиш. Бул жол-жоболордун Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келүүсү жана рынок коньюктурасына жараша өзгөртүлүп турушу зарыл. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында катышуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына таянуу менен иш алып барууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы № 34/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.2. Кыргыз Республикасынын резидент эмеси оператору болуп саналган системанын катышуучусу, акча которуулардын ошол системасына кошулуу чечими кабыл алынганга чейин, системанын эрежелеринин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына, ал эми оператордун ушул эреженин талаптарына ылайык келүүсүнө ынанууга тийиш.

4.3. Акча которуулар системасы аркылуу, банк эсебин ачуусуз эле которууларды жүзөгө ашырууда, катышуучу, "өз кардарыңды бил" принцибин сактоо боюнча ченемдерге жана талаптарга жооп берүүгө тийиш.

4.4. Катышуучу банк эсебин ачуусуз акча которуу системасы аркылуу акча которуу боюнча кызматтарды сунуштоо менен Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактоого тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 2018-П-14/37-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.5. Акча которуулар системасы аркылуу которууну жүзөгө ашырууда катышуучу, акча которуу эрежелери жөнүндө жөнөтүүчүгө жана/же алуучуга маалымдоого, акча которууну ишке ашыруу же алуу үчүн бардык зарыл документтерди берүүгө, жөнөтүүчүнүн жана/же алуучунун идентификациялык маалыматтарын текшерүүгө жана жөнөтүүчү жана/же алуучу тарабынан бардык зарыл реквизиттердин туура толтурулушун контролдоого тийиш.

4.6. Катышуучу жөнөтүүчүгө төмөнкүлөрдү маалымдоого тийиш:

1) акча которуунун жыйынтыгында алуучуга төлөнүүчү акча каражаттарынын суммасы жана валютасы жөнүндө;

2) жөнөтүүчүгө жана/же алуучуга төлөөгө каралган комиссиондук жыйымдардын суммасы жөнүндө;

3) которулган каражаттардын валютасынын курсу жана акча каражаттарын жөнөтүүдө/кабыл алууда мүмкүн болуучу чектөөлөр, анын ичинде валюталык чектөөлөр жөнүндө;

4) которулган акчаны алуу күнү жана убактысы жөнүндө;

5) которулган акчаны кайсы жерден алуу жөнүндө;

6) алдамчылыкка баруу тобокелдиктери жөнүндө, анын ичинде квитанциянын көчүрмөсүн берүүгө жана үчүнчү жактарга акча которуунун реквизиттери (контролдук номери, алуучунун аты-жөнү, акча которуунун суммасы) жөнүндө маалымдоого тыюу салуу, өлкөдө которууну берүү шарттары жана которууну алуу пункту жөнүндө, ошондой эле жөнөтүүчү үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС), 2020-жылдын 18-мартындагы № 2020-П-14/12-2-(ПС), 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 2022-П-14/24-1-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4.7. Катышуучу жөнөтүүчүдөн акча каражаттарын алат жана акча которуу системасынын форматтарына жана эрежелерине ылайык, которууну ишке ашырат.

4.8. Акча которуулар системасы аркылуу алынган каражаттардын алуучуга берилиши учурунда, катышуучу которуу системасында түзүлгөн электрондук тапшырманын реквизиттеринин алуучунун ким экендигин тастыктаган документтеги маалыматтар менен толук шайкеш келүүсүн текшерүүгө тийиш. Реквизиттер дал келбей калган учурда, катышуучу ал тууралуу алуучуга маалымдоо менен акча каражаттарын алуучуга берүүдөн баш тартышы зарыл.

4.9. Оператор жана катышуучу ар бир акча которуу операциясы, эгерде бир нече которуу бир файлдар топтомуна бириктирилген учурда, файлдар топтому боюнча тиешелүү эсеп жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууну алган/демилгелеген жөнөтүүчү/алуучу тууралуу маалыматтарды (аты-жөнү, туулган күнү жана жылы, жашаган дареги, паспорттогу же инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтар, ИНН (болсо), акча каражаттарын нак эмес ыкмада которууда/алууда банктык эсебинин номери), которуу максаты, сан жана жазуу түрүндө которуу суммасы жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын төлөм документтерин сактоо боюнча талаптарына ылайык башка маалыматтарды сактоого тийиш.

Эгерде катышуучу акча каражаттарын которуу процессинде которууларды ишке ашырууда жөнөтүүчү жана алуучу болуп саналбаса (башкача айтканда, финансылык мекеменин (банктын) транзиттик функцияларын аткарса), ал ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүнө, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык, төмөнкү талаптардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш:

1) чек ара аркылуу өтүүчү акча каражаттарын которууга тиешелүү жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу бардык маалыматтын өзүндө сакталышын камсыз кылууга (аты-жөнү, туулган күнү жана жылы, жашаган дареги, паспорттогу же инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтарды, ИНН (болсо), акча каражаттарын нак эмес ыкмада которууда/алууда банктык эсебинин номери);

2) жөнөтүүчү финансылык мекемеден (банк/акча которуу системасынын оператору) алынган чек ара аркылуу өтүүчү которууга тиешелүү бардык маалыматты кеминде беш жыл сактоого;

3) акча каражаттарын которууга тиешелүү алуучу же жөнөтүүчү жөнүндө маалыматтар камтылбаган, чек ара аркылуу өтүүчү акча которууларды аныктоого, ошондой эле мындай которууларды аткаруу/четке кагуу/токтотуу үчүн тобокелдикти аныктоого багытталган жол-жоболорго ээ болууга.

(абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 18-мартындагы № 2020-П-14/12-2-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 2018-П-14/37-3-(ПС), 2020-жылдын 18-мартындагы № 2020-П-14/12-2-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4.10. Катышуучу мыйзамсыз соода жүргүзүү, мыйзамсыз финансы операцияларына, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) багытталган операциялар боюнча акча которуу аракеттерине бөгөт коюушу зарыл.

4.11. Катышуучу ушул эрежелердин 2-тиркемесине ылайык 3.7-пункттун талабынын аткарылгандыгына тиешелүү маалыматты отчеттук чейректен кийинки айдын 5 (бешинен) кечиктирбестен Улуттук банкка сунуштоого тийиш.

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 2018-П-14/37-3-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/6, 2016-жылдын 14-октябрындагы № 42/3, 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 2018-П-14/37-3-(ПС), 2020-жылдын 18-мартындагы № 2020-П-14/12-2-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

5. Акча которуулар системасына катышуу боюнча келишимге карата талаптар 

5.1. Катышуучу, акча которуу системасына катышуу боюнча оператор менен келишимди түзүүдө, оператордун колунда орун алган өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынын уруксат берүүчү тиешелүү документтеринин бардыгын (лицензия, катталгандыгы тууралуу күбөлүк, сертификат ж.б.), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында катталгандыгын жана анын ушул Эрежелерге, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүсүн текшерүүгө тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 31-июлундагы № 34/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2. Катышуучу тобокелдиктерди, анын ичинде оператордун учурдагы акчалай милдеттенмелер суммасынын артышы ыктымалдыгына байланыштуу тобокелдиктерди тескөөнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу боюнча чаралар топтомун иштеп чыгуу менен аны операторго макулдашуу жана акча которуу системасына катышуу боюнча келишимде тараптар ортосунда жоопкерчиликтерди бөлүштүрүүнү караштыруусу зарыл. Тобокелдиктерге контролдук боюнча чараларды белгилөөдө, катышуучу тобокелдик деңгээлине баа берүүгө жана банк эсебин ачуусуз эле, акча которуу системасы аркылуу, которуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо орун алуучу тобокелдиктерден коргонуу боюнча бардык тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 2018-П-14/37-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

5.3. Кандай болбосун айыптык төлөмдөрдү же айыптык санкцияларды өндүрүү ошондой эле чыгымдардын ордун жабуу милдет эмес, ал укук чегиндеги иш болуп саналат жана тараптар келишкен макулдашууга ылайык ишке ашырылат.

6. Корутунду жоболор 

6.1. Катышуучу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген формаларга жана мөөнөттөргө ылайык, акча которуу системаларынын иши, ошондой эле ошол системалар аркылуу ишке ашырылган операциялар тууралуу маалыматтарды Улуттук банкка берип турууга тийиш.

6.2. Катышуучу акча которуу системалары аркылуу ишке ашырылган операциялар боюнча маалыматты жана документтерди Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарда каралган төлөм документтерин сактоо мөөнөттөрүнө ылайык сактоого милдеттүү.

Катышуучу акча которуу системалары аркылуу ишке ашырылган операциялар боюнча маалыматты өзүнүн автоматташтырылган банктык системасында сактоого тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 18-мартындагы № 2020-П-14/12-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

6.3. Кыргыз Республикасынын аймагында акча которуу боюнча ишти жүзөгө ашырууга карата талаптардын аткарылбагындыгы же талаптагыдай аткарылбагандыгы үчүн катышуучу жана оператор, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

6.4. Акча которуу системасынын катышуучулары тиешелүү макулдашуулардын шарттарынын операторлор тарабынан сакталышына, операциялардын коопсуз жүргүзүлүшүнүн камсыз кылынышына жана акча которуу эрежелеринин жөнөтүүчүлөр жана алуучулар тарабынан сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга тийиш.

6.5. Акча которуу системасы аркылуу которуулар боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган катышуучулар, тиешелүү системанын эрежелеринде белгиленген параметрлер боюнча которуу операцияларына мониторинг жүргүзүүнү, ошондой эле туура эмес жана укукка жатпаган операцияларды токтотуу жана/же аларга бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүүсү зарыл.

6.6. Оператор Улуттук банктын жана/же катышуучунун талабы боюнча ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык, талап түшкөндөн кийинки 3 (үч) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөт ичинде талап кылынган акча которуу операциясы, Кыргыз Республикасынын аймагында акча которууну демилгелеген же алган жөнөтүүчү жана/же алуучу тууралуу кеңири маалыматтарды (аты-жөнү, туулган күнү жана жылы, жашаган дареги, паспорттогу же инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтарды, ИНН (болсо), акча каражаттарын нак эмес ыкмада которууда/алууда банктык эсебинин номери), которуу максаты, сан жана жазуу түрүндө которуу суммасы жөнүндө кеңири маалыматтарды, акча каражаттарын жөнөтүүөлөп берүү боюнча бардык тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен сунуштоого милдеттүү (акча каражатын которууну жөнөтүүгө/алууга арыз жана кассалык ордер).

Оператору акча каражаттары катышуучулардын кассасына түшкөн учурдан тартып аны алуучуга укук чегинде бергенге чейин өзүнүн катышуучуларынын иш-аракеттери үчүн жана акча которуунун аягына чыгышы үчүн жоопкерчилик тартат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 18-мартындагы № 2020-П-14/12-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

6.7. Катышуучу жана оператор ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 15 (он бешинен) кечиктирбестен Улуттук банкка акча которуу системалары аркылуу ишке ашырылган бардык операциялар боюнча маалыматтарды 3-тиркемеге ылайык сунуштап турууга тийиш. Маалымат белгиленген мөөнөттө электрондук түрдө берилүүгө тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 18-мартындагы № 2020-П-14/12-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

Эскертүү:

(1) Ваnk for International Settlements. General principles for international remittance services. Consultative report. (January 2007)

(2) Мыйзамсыз табылган акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү жагында финансылык чараларды иштеп чыгуу боюнча максаттуу топ - ФАТФ. Сунуш көрсөтмөлөрдүн 40+9 ылайык келүүсүнө баа берүү методологиясы (ФАТФ)

 

 

 

"Кыргыз Республикасында акча которуулар системасына тиешелүү акча которууларды жүзөгө ашыруу боюнча эрежелерине" карата

1-тиркеме

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 14-октябрындагы № 42/3 токтомуна ылайык 

күчүн жоготту) 

 

 

 

"Кыргыз Республикасында акча которуу системалары боюнча которууларды ишке ашыруу эрежелерине" карата

2-тиркеме

Эрежелердин 3.7-пунктунун аткарылышы жөнүндө 

МААЛЫМАТТАР(*) 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 13-сентябрындагы № 2018-П-14/37-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

№ 

Акча которуу системасынын аталышы 

3.7-пункт боюнча камсыздоо түрү 

Келишимдин номери 

Келишимге кол коюлган күн 

Келишимди колдонуу мөөнөтү 

Акча которуу системасы боюнча орточо күндүк жүгүртүү (суммасы, валютасы) 

Камсыздандыруу депозитинин суммасы, валютасы 

Камсыздандыруу депозитин жайгаштыруу шарттары 

Алдын ала төлөм (аванстык/камсыздандыруучу төлөм) 

Эскертүүлөр/Башкалар 

суммасы 

валютасы 

% чен 

мөөнөттүүлүк 

суммасы 

Валютасы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

(*) Маалыматтар А4 форматында сунушталууга тийиш.

Аткаруучу

_________________________________________________________________________________________________________________________________

маалыматтардын даярдалышы үчүн жоопкерчиликтүү кызматкердин аты-жөнү,

кызматы, бөлүмү/башкармалыгы, кол тамгасы

Башкармалыктын начальниги

_________________________________________________________________________________________________________________

маалыматтардын даярдалышы үчүн жоопкерчиликтүү башкармалыктын

начальнигинин аты-жөнү, кол тамгасы

Төраганын орун басары

______________________________________________________________________________________________________________________

бул блоктун ишин түздөн-түз тескөөгө алган адамдын аты-жөнү, кол тамгасы

 

Мекеменин мөөрү, күнү 

 

 

 

"Кыргыз Республикасында акча которуу системалары боюнча которууларды ишке ашыруу эрежелерине" карата

3-тиркеме

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 18-мартындагы № 2020-П-14/12-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

№(*) 

Акча которуу системасынын аталышы 

Которуу түрү (чыккан/кирген) 

Жөнөтүү күнү 

Валютасы 

Суммасы 

Жөнөтүү пункту (акча которуу жөнөтүлүүчү өлкө

Берүү күнү 

Валютасы 

Суммасы 

Берүү пункту (акча которуу берилген өлкө

өлкө 

шаар 

өлкө 

шаар 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

(*) отчеттун сабынын катар номери