Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2025-жылдын 31-октябырындагы
№ 2025-П-14/59-1-(ПС)
токтомуна карата тиркеме
«Кыргыз Республикасынын төлөм уюмдарында/төлөм системаларынын операторлорунда ички жана тышкы алдамчылыкка (антифрод) каршы аракеттенүү системасына карата минималдуу талаптар жөнүндө»
ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. «Кыргыз Республикасынын төлөм уюмдарында/төлөм системаларынын операторлорунда ички жана тышкы алдамчылыкка (антифрод) каршы аракеттенүү системасына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо (мындан ары – Жобо) төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун маалымат системаларында ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттенүүнүн негизги механизми катары, анын ичинде төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун маалыматтык системаларында болгон ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттерди көрүү алгоритмдери аталган жобонун ушул главасынын талаптарына шайкеш келбеген учурда колдонулат.
2. Жобонун талаптары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде ишин жүзөгө ашырган төлөм уюмдарына жана төлөм системаларынын операторлоруна жайылтылат.
3. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору ушул Жобонун ушул главасынын талаптарына ылайык алардын ишинин масштабына, мүнөзүнө жана түрүнө туура келген ички жана тышкы алдамчылыкка (антифрод системасы) каршы аракеттенүү системасынын болушун жана натыйжалуу иштешин камсыз кылууга милдеттүү.
4. Ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттенүү (антифрод) системасы төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторунун кызматтарын колдонуучулардын кызыкчылыктарын коргоого багытталууга тийиш.
2-глава. Саясат жана уюштуруу чаралары
5. Төлөм уюму жана төлөм системасынын оператору Алдамчылыкка каршы аракеттенүү саясатын (мындан ары - Саясат) иштеп чыгууга, ал башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү жана/же Директорлор кеңеши (эгерде бар болсо) тарабынан бекитилгенден кийин аны аралыктан/обочо туруп тейлөө системаларында колдонууга киргизүүгө милдеттүү. Саясат өзүнчө документ түрүндө таризделиши же төлөм уюмунун/төлөм системанын операторунун тобокелдиктерди тескөө саясатынын курамдык бөлүгү болушу мүмкүн.
Саясаттын негизги талаптарында кеминде төмөнкүлөр камтылышы зарыл:
- кардарларды/колдонуучуларды аралыктан/обочо туруп тейлөө системаларында ички жана тышкы алдамчылыктан коргоого артыкчылык берүүсүн тастыктаган жетекчиликтин аракети;
- обочо туруп/аралыктан тейлөө системаларында алдамчылыкты эрте аныктоо, алдын алуу жана жол бербөө принциптери;
- тобокелдик деңгээлине шайкеш бааланган, алдамчылыктын аныкталган учурларына же аракеттерине шайкеш жана өз убагында автоматташтырылган же жарым автоматташтырылган чараларды көрүү тартиби;
- алдамчылыкка каршы аракеттенүү чөйрөсүндө аракеттенбей коюулары же талапка ылайык аракеттерди көрбөгөндүгү үчүн төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонулуучу жоопкерчилик чаралары, анын ичинде коркунучтарга мониторинг жүргүзүү, каршы аракеттенүү чараларын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү, ошондой эле инциденттерге карата чара көрүү.
Саясат жыл ичинде кеминде бир жолу кайра каралууга жана актуалдаштырылууга тийиш.
Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун аралыктан/обочо туруп тейлөө системаларында алдамчылыкка каршы аракеттенүүнү жөнгө салган төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ички жол-жоболору жана документтери зарылчылыгына жараша, бирок колдонулуп жаткан чаралардын натыйжалуулугун, алдыңкы эл аралык тажрыйбаны жана актуалдуу коркунучтарды эске алуу менен кеминде эки жылда бир жолу кайра каралууга тийиш.
Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболорду жана документтерди тобокелдиктерди тескөө системасына интеграциялоого жана төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун бардык тиешелүү кызматкерлерин алар менен таанышуусун камсыз кылууга милдеттүү.
3-глава. Антифрод-контролдоону техникалык ишке ашыруу
6. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору ички сыяктуу эле, тышкы алдамчылыкты дагы алдын алуу үчүн аралыктан/обочо туруп тейлөөнүн маалымат системаларында алдамчылыкка каршы аракеттенүү системаларын колдонууга киргизүүгө милдеттүү. Бул системалар аралыктан/обочо туруп тейлөө системалары аркылуу жүргүзүлгөн ар бир операция үчүн алдамчылык тобокелдигине мониторинг жүргүзүүгө жана баа берүүгө тийиш. Бул системаларды эки ыкмада ишке ашырууга жол берилет:
- аралыктан/обочо туруп тейлөөнүн колдонулган автоматташтырылган системалары менен өз ара иш алып барган өзүнчө, көз карандысыз программалык жана/же программалык-аппараттык комплекс түрүндө;
- алдамчылыкка каршы аракеттенүүнүн адистештирилген модулун түздөн-түз ар бир автоматташтырылган аралыктан/обочо туруп тейлөө системаларына интеграциялоо аркылуу.
7. Аралыктан/обочо туруп тейлөө маалымат системаларындагы ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттенүү системасы эрежелердин, шаблондордун жана талдоонун жыйынтыктарынын негизинде ар бир жасалган операцияга карата алдамчылык тобокелдигин баалоону жүргүзүүгө тийиш.
Ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттенүү системасы кеминде төмөнкүлөрдү камсыз кылышы зарыл:
- операцияларды базалык текшерүү;
- кардардын типтүү жүрүм-турум шаблондору менен салыштыруу (тиешелүү маалыматтар болгондо);
- алдын ала аныкталган критерийлер боюнча шектүү операцияларды бөгөттөө же токтотуу.
8. Маалымат системаларында ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттенүү үчүн программалык камсыздоону колдонууда, төлөм уюму/төлөм системасынын оператору Улуттук банктын дарегине ишке ашырылган архитектуранын, иштөө принциптеринин, Жобонун талаптарына ылайык колдонулган тобокелдикти баалоо ыкмаларынын толук сүрөттөлүшүн камтыган тиешелүү билдирүүнү жөнөтүүгө тийиш.
9. Толук автоматташтырууну ишке ашыруу мүмкүн болбогон учурда, жооптуу кызматкерлер тарабынан кол менен талдоого жол берилет.
4-глава. Тобокелдиктерди категорияга бөлүү жана инциденттер
боюнча көрүлгөн аракеттер
10. Аралыктан/обочо туруп тейлөө маалымат системаларындагы алдамчылыкка каршы аракеттенүү системасы эрежелердин, иштөө моделдеринин, үлгүлөрдүн жана анализдин жыйынтыктарынын негизинде ишке ашырылган ар бир чыгаша транзакцияга карата алдамчылык тобокелдигине баа берүүгө тийиш. Алдамчылык тобокелдигине баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча система төмөнкү үч деңгээлинин кеминде бирин ыйгарууга тийиш:
- төмөн тобокелдик: операция коопсуз;
- орточо тобокелдик: операция шектүү жана алдамчылыкка жол берилиши мүмкүн;
- жогорку тобокелдик: операция алдамчылык болуп саналат.
11. Төмөн тобокелдик деңгээли, колдонуучунун адаттагы иш-аракетине туура келген, андан бир аз гана четтеген же болбосо алгач ыйгарылган орточо тобокелдик деңгээлинен кийин текшерүүдөн ийгиликтүү өткөн операцияларга ыйгарылууга тийиш.
12. Кардардын стандарттуу иш-аракетинен олуттуу четтөөнүн же факторлордун жыйындысы болушунун негизинде операцияга тобокелдиктин орточо деңгээлин ыйгарууда төлөм уюму/төлөм системасынын оператору аны милдеттүү түрдө текшерүүгө тийиш. Текшерүү төлөм уюму/төлөм системасынын операторунун ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан автоматтык түрдө же кол менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төлөм уюму/төлөм системасынын оператору төмөнкү иш-аракеттердин бирин же бир нечесин аткарууга милдеттүү:
- тобокелдик деӊгээлин кайра баалоо жана операцияга жаңы деңгээл ыйгаруу: төмөн же жогорку;
- жогору тобокелдик деңгээлине ээ операцияларды талдоодо аныкталган алдамчылык операция белгилери менен толуктоо аркылуу аралыктан/обочо туруп тейлөөдө алдамчылыкка каршы аракеттенүү системасынын эрежелерине жана шаблондоруна зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө толук маалыматтын, анын ичинде жыйынтыктардын, алынган маалыматтардын, чечим кабыл алган кызматкерлер жөнүндө маалыматтардын жана аралыктан тейлөөдө алдамчылыкка каршы аракеттенүү системасында кардарга жөнөтүлгөн билдирмелердин сакталышын камсыз кылууга. Мындай маалымат операция жүргүзүлгөн күндөн тартып кеминде 5 (беш) жыл сакталат.
13. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору аралыктан/обочо туруп тейлөөнүн маалымат системаларында ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттенүү алкагында операцияга алдамчылык тобокелдигинин жогорку деңгээли ыйгарылган учурда алдамчылык операцияларын жүргүзүүдө колдонулуучу тейлөөгө тыюу салынган идентификаторлордун жана атрибуттардын реестрин түзүүгө жана колдоп турууга милдеттүү.
Бул реестрде кеминде төлөм/банк системасынын алуучусунун же жөнөтүүчүсүнүн телефон номери, QR кодунун ID (идентификациялоо үчүн уникалдуу QR), төлөм/банк системасынын алуучусунун же жөнөтүүчүсүнүн сервистик аты (идентификатору), ошондой эле алдамчылык иш менен байланышкан башка идентификаторлор жана атрибуттар камтылууга тийиш.
Бул реестр бөгөт коюу же кошумча текшерүү мүмкүнчүлүгү менен кийинки тобокелдиктерди баалоодо колдонулушу зарыл.
14. Төмөнкүлөргө байланыштуу жана аралыктан/обочо туруп тейлөө системасы аркылуу бардык операциялар алдамчылык тобокелдигин баалоодон өтүүгө тийиш:
- банктык эсептер боюнча операциялар;
- мобилдик тиркемелер, анын ичинде агенттердин мобилдик тиркемелери боюнча операциялар (мындан ары – АМТ);
- электрондук капчык боюнча операциялар;
- QR-коддорун/карттарды колдонуу менен операциялар;
- өлкөнүн ичинде акча каражаттарын которуу;
- акча каражаттарын эл аралык которуулар;
- акча каражаттарын виртуалдык актив капчыктарына жана чет өлкөлүк виртуалдык активдердин тооругунун операторунун эсептерине которуу;
- накталай акча каражаттарын чыгарып алуу;
- аралыктан/обочо туруп тейлөө системалары аркылуу акча каражаттарды чегерүү;
- тобокелдиги жогору болгон башка операциялар, ошондой эле төлөм уюму/төлөм системасынын оператору тарабынан алдамчылыкты алдын алуу боюнча өзүнүн саясатынын алкагында аныкталган операциялар.
Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору айкын убакыт ыргагында операцияларга мониторинг жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу адамдарды/адистештирилген бөлүмдөрдү аныктоого, ошондой эле алдамчылыктын жаңы схемаларын жана санариптик коопсуздуктагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен тобокелдикке баа берилүүчү операциялардын тизмегин үзгүлтүксүз карап чыгууга тийиш.
5-глава. Алдамчылык операциялардын негизги белгилери
15. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору алдамчылыктын тобокелдигин баалоо максатында, операцияны шектүү же алдамчылык катары таануу үчүн негиз болуп саналган алдамчылыктын критерийлерин колдонууга милдеттүү.
Алдамчылык критерийлери бул кардардын стандарттык активдүүлүгүнөн четтөө жана алдамчылык операцияларды ишке ашыруу аракетин көрсөткөн бир же бир нече белгилердин жана иш-аракеттер моделинин жыйындысы.
Алдамчылыктын колдонулуучу критерийлеринде төмөнкүлөр менен гана чектелбестен төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- операциялардын өзгөчө тез-тез жүргүзүлүшү: кардар тарабынан демилгеленген, ошондой эле ал тарабынан алынган операциялардын санынын кескин көбөйүшү;
- топтун ашкере активдүүлүгү: суммасы, алуучусу же тиби боюнча окшош операцияларды жүргүзгөн кардарлардын тобунун активдүүлүгүнүн кескин өсүшү;
- операциялардын ашкере өлчөмү (суммасы): кардардын иш-аракетине ылайык келбеген суммаларга операциялар, ошондой эле кардар үчүн адаттан тышкары товарлар/кызмат көрсөтүүлөр категорияларында төлөмдөрдүн жүргүзүлүшү;
- географиялык абалы боюнча шектүү: географиялык өзгөчө жайгашуусу (IP-дарек), жаңы мобилдик түзүлүштөн катталуу, VPN же прокси серверлерди колдонуу;
- адатта жүргүзүлбөгөн убакытта операциялардын жүргүзүлүшү: кардардын операцияларды ишке ашыруусу үчүн сутканын же жуманын күнүнүн адаттан тышкары убактысы;
- бир нече жолу ишке ашпай калган кирүү аракеттери: системада кайталанган ийгиликсиз авторизациялоо аракеттери;
- байланыш маалыматын тез-тез өзгөртүү: байланыш маалыматтарын тез-тез өзгөртүү, айрыкча ири операциялар алдында;
- белгилүү алдамчылык схемаларына шайкеш келүү: операциянын белгилүү алдамчылык схемаларынын белгилерине дал келиши;
- операциялардын тез-тез кайтарылышы же жокко чыгарылышы: кайтарылган же жокко чыгарылган операциялардын адаттан тышкары ири саны;
- шектүү алуучуларды пайдалануу: шектүү катары идентификацияланган эсептерине/ мобилдик тиркемелери, анын ичинде АМТ/электрондук капчыктарына каражаттарды которуу;
- каражаттарды көптөгөн алуучуларга бөлүштүрүү: операцияларды бөлүштүрүү жана каражаттарды көп сандагы алуучуларга бөлүштүрүү;
- каражаттарды толуктоонун аномалдуу булактары: эсепти ошол кардарга мүнөздүү эмес булактардан толуктоо;
- жеткиликтүүлүк режиминдеги аномалдуу өзгөрүүлөр: жеткиликтүүлүк режиминдеги өзгөрүүлөр, авторизациялоонун жаңы ыкмаларын киргизүү же ошол кардар үчүн мүнөздүү болбогон кирүү ыкмасын өзгөртүү;
- мобилдик тиркемелердин, анын ичинде АМТ/кардардын электрондук капчыгынын акча каражаттарын бөлүүгө же ирилештирүүгө катышуусу жана башка банктагы/төлөм уюмундагы башка эсептерге/мобилдик тиркемелерге, АМТ/электрондук капчыктарга/кардардын карталарына тез которуу менен катышуусу;
- банктык эсептерди/мобилдик тиркемелерди, АМТ/электрондук капчыкты/карталарды ар кандай адамдар тарабынан ар кандай инструмент аркылуу толуктоо жана андан ары эсептен/мобилдик тиркемелерден, АМТ/электрондук капчыктан чыгаруу;
- алдамчылыкты алдын алуу боюнча өз саясатынын алкагында төлөм уюму/төлөм системасынын оператору тарабынан аныкталган башка критерийлер.
6-глава. Операцияларды токтотуу жана кардарлар менен өз ара иш алып баруу милдеттери
16. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору төмөнкү учурларда мобилдик тиркемелер, АМТ жана электрондук капчыктар боюнча операцияларды 30 күнгө чейин токтотууга укуктуу:
- ушул Жобонун 15-пунктунда белгиленген алдамчылык критерийлерине ылайык келген белгилер аныкталганда;
- кардардан операция өз алдынча ишке ашырылгандыгын тастыктаган маалымат берилбесе;
- кардардын анын мобилдик тиркемелери, АМТ, электрондук капчыгы боюнча алдамчылык иш-аракеттери жөнүндө билдирүүсү боюнча.
17. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору аралыктан тейлөө системаларында жеке жактарга алдамчылык аракеттери жөнүндө билдирүү берүүгө жана укук коргоо органдарына кийин кайрылуу үчүн операция/операциялар боюнча көчүрмөнү түзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.
Мындай мүмкүнчүлүк төмөнкүлөрдү камсыз кылган өзүнчө функция түрүндө ишке ашырылууга тийиш:
- күнү-түнү жеткиликтүү болушу;
- алдамчылык операциялар жөнүндө билдирүүлөрдү берүү үчүн гана арналган обочолонгон байланыш каналынын болушу;
- операциянын негизги параметрлерин көрсөтүү мүмкүнчүлүгү менен билдирүүнү жөнөкөй жана түшүнүктүү берүү формасы (SMS-билдирүү, электрондук почта): датасы, суммасы, алуучунун реквизиттери, жагдайлардын сүрөттөлүшү жана далилдердин болушу;
- төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун маалымат системаларында билдирүү берилген фактынын убактысы көрсөтүлгөн белгиси жана кардардын идентификатору менен автоматтык түрдө каттоо;
- операцияны токтотуу жана талдоо жол-жобосун демилгелөө.
Көрсөтүлгөн функция аркылуу берилген билдирүү операцияны баалоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү менен, андан кийин кардарды көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымдоо, анын ичинде укук коргоо органдарына кайрылуу боюнча сунуштар менен токтоосуз каралууга жана кабыл алынууга тийиш.
18. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору кардарды/төлөм системасынын тартылган катышуучуну жеткиликтүү байланыш каналдары (мобилдик тиркеме, АМТ, телефон, SMS-билдирүү, электрондук почта жана башкалар) аркылуу операциянын токтотулушу жөнүндө токтоосуз кабарлоого милдеттүү.
7-глава. Идентификаторлордун тизмесин түзүү жана кайталоолорго мониторинг жүргүзүү
19. Тейлөөгө тыюу салынган идентификаторлорго байланыштуу бардык операциялар кардарга/төлөм системасынын ишине тартылган катышуучусуна тиешелүү эскертүү берүү менен четке кагылышы зарыл.
Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору тейлөөгө тыюу салынган идентификаторлордун реестрине киргизүү тартибин, ошондой эле каталар аныкталган же кардар тарабынан операциянын өз алдынча жүргүзүлгөндүгү тастыкталган учурда жазууларды чыгаруу тартибин жөнгө салган ички жол-жоболорду жана документтерди кабыл алууга тийиш.
Тейлөөгө тыюу салынган идентификаторлорго карата операцияларды жүргүзүү фактылары аныкталган учурда, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленген талаптар бузулган фактылары аныкталган учурда, төлөм уюму/төлөм системасынын оператору кардардын мындай операциянын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.
20. Кызмат көрсөтүүгө тыюу салынган идентификаторлордун реестри мамлекеттик органдардан жана Улуттук банктан алынган тигил же бул кардар идентификаторунун алдамчылык мүнөзү жөнүндө ишенимдүү маалыматтын негизинде төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызматкерлери тарабынан кол менен толукталышы мүмкүн.
21. Тейлөөгө тыюу салынган идентификаторлордун реестри төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызматкерлеринин жана үчүнчү жактардын санкцияланбаган кийлигишүүсүнө жол берилбей, жазуулардын бүтүндүгүн камсыз кылуу менен корголууга тийиш.
Реестрге кирүүгө төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ыйгарым укуктуу кызматкерлерине гана көп факторлуу аутентификацияны колдонуу менен уруксат берилет.
22. Системадагы бардык өзгөртүүлөр жооптуу адамды, өзгөртүү киргизилген убакытты жана оңдоолордун негиздерин көрсөтүү менен окуяларды каттоо журналында катталууга тийиш. Окуяларды каттоо журналындагы маалыматтар кеминде 5 жыл сакталышы зарыл.
8-глава. Антифрод-системанын натыйжалуулугун баалоо
23. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору алдамчылыкка каршы аракеттенүү чараларынын натыйжалуулугуна мониторинг системаларын иштеп чыгып, киргизүүгө тийиш, анын ичинде төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча:
- кийин алдамчылык катары тастыкталган бөгөттөлгөн шектүү операциялардын үлүшү;
- жаӊылыш аныктоолордун үлүшү (туура эмес бөгөттөлгөн операциялар) (False positive rate);
- бардык тастыкталган учурлардын ичинен өткөрүп жиберилген алдамчылык операциялардын үлүшү (Recall);
- инцидентти аныктоонун орточо убактысы (Mean time to detect);
- инцидентке жооп кайтаруунун орточо убактысы (Mean time to respond);
- аныкталган жана документтештирилген алдамчылык ыкмаларынын саны;
- кардарлардын тажрыйбасынын жана системанын иштөө тактыгынын көрсөткүчү (антифрод), анын ичинде кайтарым байланыштын ылдамдыгы жана жаңылыш бөгөттөө учурунда кардардын пайдасына конфликттик кырдаалдарды чечүү пайызы;
- тыюу салынган идентификаторлордун реестрин жүргүзүү сапатынын көрсөткүчү (актуалдуулугу, толуктугу, жаӊылоонун өз убагында жасалышы).
Натыйжалуулукту баалоонун жыйынтыктары документтештирилүүгө жана Улуттук банкка ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген формага ылайык чейрек ичинде кеминде 1 (бир) жолу отчёттук чейректен кийинки айдын 25ине чейин берилүүгө тийиш.
9-глава. Системаны тесттен өткөрүү жана актуалдаштыруу боюнча милдеттер
24. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору ички жана тышкы алдамчылыкка каршы аракеттенүү системаларынын натыйжалуулугун, тактыгын жана жаңы коркунучтарга туруктуулугун баалоо үчүн үзгүлтүксүз түрдө стресс-тестирлөө жүргүзүп турушу зарыл.
Тестирлөө жылына кеминде бир жолу, ошондой эле системага олуттуу өзгөртүүлөр киргизилгенде жүргүзүлөт.
Төмөнкү тесттердин түрлөрү милдеттүү түрдө өткөрүлүүгө тийиш:
- системанын туруктуулугун текшерүү үчүн массалык алдамчылык чабуулдарынын моделин түзүү каралган стресс-тесттер;
- коопсуздугун тесттен өткөрүү;
- алдамчылыктын актуалдуу ыкмаларынын негизинде жаңы алгоритмдерди тесттен өткөрүү.
Тестирлөөнүн натыйжалары боюнча төлөм уюму/төлөм системасынын оператору 30 жумуш күнү ичинде аныкталган олуттуу кемчиликтерди четтетүү үчүн тийиштүү түзөтүүчү чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, башка учурларда – 60 жумуш күн. Мөөнөттөр төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун техникалык корутундусунун негизинде узартылышы мүмкүн.
Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору стресс-тестирлөөнүн натыйжаларын документтештирүүгө жана тестирлөөнүн натыйжалары боюнча жыл сайын Улуттук банкка натыйжаларды берүүгө милдеттүү.
Тестирлөө боюнча документтер кеминде 5 жыл сакталууга тийиш.
|
|
«Кыргыз Республикасынын төлөм уюмдарында/төлөм системаларынын операторлорунда ички жана тышкы алдамчылыкка (антифрод) каршы аракеттенүү системасына карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме |
||||||
|
Алдамчылыкка каршы аракеттенүү чараларынын натыйжалуулугун баалоо боюнча
ОТЧЁТ |
|||||||
|
Системанын аталышы: _______________________________________________________ Төлөм системасынын операторунун аталышы: ___________________________________ Отчёттук мезгил: ____________________________________________________________ |
|||||||
|
Метриканын аталышы |
Көрсөткүчтөр (үлүш, орточо убакыт, сан ж.б.) |
Натыйжалуулукту баалоонун жыйынтыктары |
Алдамчылыкка каршы аракеттенүү жана тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча кабыл алынган чечимдер/ сунуштар |
Кошумча комментарийлер/сунуштар
|
Эскертүү |
||
|
Кийин алдамчылык катары тастыкталган бөгөттөлгөн шектүү операциялардын үлүшү |
|
|
|
|
|
||
|
Жаӊылыш аныктоолордун үлүшү (туура эмес бөгөттөлгөн транзакциялар) (False positive rate) |
|
|
|
|
|
||
|
Бардык тастыкталган учурлардын ичинен өткөрүп жиберилген алдамчылык операциялардын үлүшү (Recall) |
|
|
|
|
|
||
|
Инцидентти аныктоонун орточо убактысы (Mean time to detect); |
|
|
|
|
|
||
|
Инцидентке жооп кайтаруунун орточо убактысы (Mean time to respond); |
|
|
|
|
|
||
|
Аныкталган жана документтештирилген алдамчылык ыкмаларынын саны |
|
|
|
|
|
||
|
Кардарлардын тажрыйбасынын жана системанын иштөө тактыгынын көрсөткүчү, анын ичинде чара көрүү ылдамдыгы жана жаңылыш бөгөттөө учурунда кардардын пайдасына конфликттик кырдаалдарды чечүү пайызы |
|
|
|
|
|
||
|
Тыюу салынган идентификаторлордун реестрин жүргүзүү сапатынын көрсөткүчү (актуалдуулугу, толуктугу, өз убагында жаӊыланышы ) |
|
|
|
|
|
||
|
Башкалар |
|
|
|
|
|
||







