|
|
|
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 17-январындагы № 2018-П-14/2-6-(ПС) токтомуна карата тиркеме |
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы жана санариптик финансылык технологиялар боюнча комитети жөнүндө»
ЖОБО
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-4-(НПА), 2022-жылдын 10-августундагы № 2022-П-14/50-6-(ПС), 2022-жылдын 7-декабрындагы № 2022-П-14/76-6-(ПС), 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы жана санариптик финансылык технологиялар боюнча комитетинин (мындан ары - Комитет) ыйгарым укуктары, негизги милдеттери, аны түзүү жана иш тартиби аныкталат.
2. Комитет, ушул жобого жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы (мындан ары – Улуттук банк) тарабынан Кыргыз Республикасында төлөм системасы жана санарип финансылык технологиялары методологиясы жана аларды өнүктүрүү, анын ичинде виртуалдык активдерге байланыштуу кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга, ошондой эле санариптик сомду киргизүү жана колдонуу, атайын жөнгө салуу режиминин алкагында инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды сыноо менен байланышкан маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укук чегерилген, туруктуу иштеген коллегиалдуу орган болуп саналат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 10-августундагы № 2022-П-14/50-6-(ПС), 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Комитет тарабынан кабыл алынган чечимдер Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү, Улуттук банк көзөмөлдөгөн юридикалык жактар, ошондой эле атайын жөнгө салуу режиминин алкагында инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды апробациялоого байланышкан долбоорлорду ишке ашырууга тартылган башка юридикалык жактар (мындан ары – башка катышуучулар) үчүн аткарууга милдеттүү болуп саналат. Зарыл болгон учурда, Комитет маселени Улуттук банк Башкармасынын, Көзөмөл комитетинин жана Улуттук банктын башка ыйгарым укуктуу коллегиялык органдарынын отурумдарында кароого сунуштоого укуктуу.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
4. Комитет өз ишин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, ушул жобого жана Комитеттин Регламентине таянуу менен жүргүзөт.
2-глава. Комитеттин негизги максаттары, милдеттери жана функциялары
5. Комитет Кыргыз Республикасында төлөм системасын жана санариптик финансылык технологияларды өнүктүрүү, санариптик сомду ишке киргизүү жана колдонуу боюнча багыттарды, максаттарды жана милдеттерди аныктайт, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды апробациялоо жана ишке киргизүү үчүн атайын жөнгө салуу режимин түзүү шарттарын аныктайт, ошондой эле Комитеттин чечимдеринин ишке ашырылышына/аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 10-августундагы № 2022-П-14/50-6-(ПС), 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Комитеттин негизги максаты Кыргыз Республикасында төлөм системасын өнүктүрүү жана санариптик финансылык технологияларды ишке киргизүү боюнча ишти координациялоо болуп саналат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
7. Комитеттин негизги милдеттери болуп төмөнкү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу, сунуштарды (корутундуларды) иштеп чыгуу жана берүү саналат:
- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо;
- санариптик финансылык технологияларды ишке киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын жана санариптик финансылык технологияларды өнүктүрүү боюнча ченемдик укуктук базаны камсыз кылуу жана өркүндөтүү боюнча ишти координациялоо, анын ичинде санариптик накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өнүктүрүү, жасалма интеллектти жана бөлүштүрүлгөн реестрлердин технологияларын колдонуу;
- башка өлкөлөрдүн улуттук (борбордук) банктары менен төлөм системаларын өнүктүрүү жана санариптик финансылык технологияларды ишке киргизүү маселелери боюнча кызматташууну координациялоо;
- төлөм системасынын иштешинин жана өркүндөтүлүшүнүн учурдагы маселелери, анын ичинде санарип сомду ишке киргизүү жана колдонуу;
- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын эл аралык төлөм системалары жана башка өлкөлөрдүн улуттук төлөм системалары менен интеграциялоо;
- системалык маанилүү төлөм системаларынын жана алардын айрым компоненттеринин иштөө регламентин аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү, ошондой эле санариптик финансылык технологияларды ишке киргизүү боюнча негизги багыттарды жана долбоорлорду ишке ашырууну координациялоо жана контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү, инновациялык төлөм технологиялары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландарын жана мөөнөттөрүн кароо, бекитүү, оңдоо;
- төлөм системасынын банктар аралык соода системалары жана чет өлкө төлөм системалары жана санариптик финансылык технологиялар менен өз ара иш жүргүзүү;
- Улуттук банк оператор болуп саналган төлөм системаларынын (Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жана Майда жана чекене төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы) кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо;
- төлөм системаларынын интеграциялык долбоорлорунун алкагында ченемдик укуктук документтердин долбоорлорун, типтүү келишимдердин долбоорлорун жана сунуштарды кароо.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 10-августундагы № 2022-П-14/50-6-(ПС), 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. (КР Улуттук банк Башкармасынын 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Кыргыз Республикасында төлөм системасын өнүктүрүү жана санариптик финансылык технологияларды ишке киргизүү, төлөм системалары жана санариптик финансылык технологиялар чөйрөсүндөгү ченемдик документтерди өркүндөтүү алкагында Комитет жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
- Кыргыз Республикасында төлөм системасынын жана санариптик финансылык технологиялардын өнүгүүсүнүн негизги багыттарын кароо;
- Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын учурдагы абалына, санариптик финансылык технологияларга жана төлөм жана банк системаларында колдонулган инновацияларга, дүйнөлүк тажрыйбага, анын ичинде виртуалдык активдер чөйрөсүнө байланыштуу маселелерди кароо;
- төлөм системаларын, санариптик финансылык технологияларды өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик программалардын, концепциялардын долбоорлорун, функционалдык/техникалык документтерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын төлөм системасын жана санариптик финансылык технологияларды өнүктүрүү боюнча ченемдик документтерди кароо, анын ичинде санариптик накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өнүктүрүү, жасалма интеллектти жана бөлүштүрүлгөн реестрлердин технологияларын колдонуу (зарыл болгон учурда);
- төлөм системаларын өнүктүрүү жана санариптик финансылык технологияларды ишке киргизүү жагында кызматташуу маселелери боюнча башка мамлекеттик органдар, башка өлкөлөрдүн улуттук (борбордук) банктары, чет өлкө төлөм системалары жана башка уюмдар менен координациялоо жана өз ара аракеттенүү;
- Кыргыз Республикасында төлөм системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү, ошондой эле санариптик финансылык технологияларды ишке киргизүү боюнча негизги багыттарды жана долбоорлорду ишке ашырууну координациялоо жана контролдоо;
- төлөм рыногунун, санариптик технологиялардын жана виртуалдык активдер рыногунун өнүгүү тенденцияларын талдоону карап чыгуу.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-4-(НПА), 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. (КР Улуттук банк Башкармасынын 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
11. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 10-августундагы № 2022-П-14/50-6-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. (КР Улуттук банк Башкармасынын 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12-1. «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобого ылайык атайын жөнгө салуу режиминин алкагында Комитеттин функцияларына төмөнкүлөр кирет:
- «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобонун алкагында атайын жөнгө салуу режимин түзүү же түзүүдөн баш тартуу жөнүндөгү документтерди кароо;
- атайын жөнгө салуу режиминин алкагында өтүнүч ээсине лицензия берүү/лицензия берүүдөн баш тартуу боюнча чечим кабыл алуу;
- лицензиат тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, анын ичинде инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында аныкталган бузуулардан улам атайын жөнгө алуу режиминин алкагында лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу, кайтарып алуу жана аракетин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- атайын жөнгө салуу режиминин алкагында, анын ичинде инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча лицензиянын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- лицензиаттын/уюштуруучунун/катышуучунун тиешелүү арызынын /билдирмесинин негизинде лицензияны колдонуу мөөнөтүн токтотуу жөнүндө чечимди кошо алганда, лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- атайын жөнгө салуу режиминин алкагында, анын ичинде инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча чектөөлөрдү жана тыюу салууларды киргизүүнү, экономикалык ченемдерди белгилөөнү кошо алганда, шарттарды аныктоо;
- атайын жөнгө салуу режиминин алкагында жер-жерлерде текшерүүлөрдү жүргүзүүнү демилгелөө жана катышуучулардын ишин баалоо.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-4-(НПА), 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. (КР Улуттук банк Башкармасынын 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
14. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 10-августундагы № 2022-П-14/50-6-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. (КР Улуттук банк Башкармасынын 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)
16. Комитет, ага Улуттук банк Башкармасы тарабынан ыйгарым укук чегерилген башка маселелерди кароого алат.
3-глава. Комитеттин курамы
17. Комитеттин курамына Улуттук банктын төрагасынын орун басарлары/Башкарманын мүчөлөрү, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери же жетекчилеринин орун басарлары кирет.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
18. Комитеттин өздүк курамы Улуттук банктын буйругу менен бекитилет. Комитеттин курамына кеңеш берүү укугу менен Улуттук банктын буйругуна ылайык Улуттук банктын кызматчылары киришет. Комитеттин төрагасы жана башка мүчөлөрү жок учурда анын ишине Улуттук банктын буйругуна ылайык кызматы боюнча алардын ордун алмаштыруучу адамдар катышышат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
19. Комитеттин отурумдарына Улуттук банктын кызматчылары, Улуттук банктын көзөмөлүндөгү уюмдардын жана башка уюмдардын, анын ичинде мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле каралып жаткан маселелерге жараша тышкы эксперттер чакырылышы мүмкүн.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
20. Комитеттин төрагасы Комитеттин ишин уюштурат жана координациялайт, Комитеттин отурумдарында кароого алынууга тийиш болгон маселелерди аныктайт, Комитеттин мүчөлөрүнө тапшырма берет.
21. Комитеттин мүчөлөрү чечимдердин жана сунуш-көрсөтмөлөрдүн долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды аткарышат, ар кандай маселелерди иликтөөгө жана аларды талкуулоого катышышат, ушул жобого тиешелүү башка тапшырмаларды аткарышат.
22. Комитеттин катчысынын милдетин Улуттук банктын кызматчысы аткарат. Комитеттин отурумдарынын уюштурулушун жана документтердин даярдалышын Комитеттин катчысы контролдойт. Комитет катчысынын ишин Комитеттин төрагасы координациялайт, уюштурат жана көзөмөлдөйт.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
23. Комитеттин катчысынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
а) Комитеттин отурумдарын уюштуруу, өз убагында өткөрүлүшүн камсыз кылат, Комитеттин мүчөлөрүнө отурум өткөрүлүүчү күн, күн тартиби жөнүндө маалымат берет;
б) кароого алынып жаткан маселелер боюнча документтердин жана материалдардын зарыл топтомун Комитеттин бардык мүчөлөрүнө белгиленген мөөнөттө жөнөтүү;
в) Комитеттин кийинки жылга иш планынын долбоорун түзүү;
г) Комитеттин отурумдарынын протоколдорун даярдоо жана Комитеттин токтомдорун жана/же чечимдерин тариздетүүгө жана даярдоо мөөнөттөрүнө контролдук кылуу;
д) түзүмдүк бөлүмдөрдүн материалдарынын Комитеттин Регламентине ылайык даярдалышын жана таризделишин контролдоо;
е) түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан Комитеттин токтомдорунун жана башка чечимдеринин (буйрууларынын) аткарылышы жөнүндө отчетту чейрек сайын даярдоо.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Комитетинин ишин уюштуруу
24. Комитет өз ишин ушул жобонун 2-главасында белгиленген милдеттерге ылайык жүзөгө ашырат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
25. Комитеттин иши бекитилген күн тартибинин негизинде отурум формасында (түз катышуу, онлайн же сурамжылоо ыкмасы менен) ишке ашырылат. Кезектеги жана кезексиз отурумдарды өткөрүү материалдарында чечим кабыл алууга жетиштүү документтер камтылууга тийиш.»;
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
26. Комитеттин отурумдары бекитилген күн тартибинин негизинде өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Комитеттин төрагасы Комитеттин кезексиз отурумун чакырууга укуктуу.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-4-(НПА), 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
27. Маселеге жараша Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү Комитеттин Регламентине ылайык документтер топтомун Комитеттин кароосуна сунуштайт, андатиешелүү бөлүмдүн Комитеттин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн атына Комитеттин отурумунун күн тартибинин долбоорунда көрсөтүлгөн ар бир маселе боюнча өзүнчө, бул маселе боюнча иштин абалына кыскача жана ырааттуу баяндалган талдоо жана баа берүү менен кызматтык каттары камтылууга тийиш. Эгерде Улуттук банктын ченемдик укуктук актысына өзгөртүүлөр киргизилсе, Улуттук банк Башкармасынын Регламентине ылайык документтер берилиши керек.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-4-(НПА), 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
28. Дароо чечим кабыл алууну талап кылган Комитеттин кезексиз (пландан тышкаркы) отурумдары Комитеттин төрагасынын же анын милдетин аткарган адамдын же болбосо Комитеттин мүчөлөрүнүн биринин демилгеси боюнча отурум өткөрүлүүчү күндү жана убакытты маалымдоо менен өткөрүлүшү мүмкүн. Кезексиз отурумдун жүрүшүндө ушул жобого ылайык Комитеттин компетенциясына кирген жана кечиктирүүсүз дароо чечим кабыл алууну талап кылган кандай болбосун маселе каралышы мүмкүн.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
29. Комитет мүчөлөрүнүн 2/3 добушу менен отурумдун кворумун түзөт, анын бирөө Комитеттин төрагасы же анын милдетин аткарган адам болууга тийиш Эгерде Комитеттин отурумунда анын мүчөлөрүнүн жарымынын көбү болсо, алардын бири Комитеттин төрагасы же анын милдетин аткарган адам болгон шартта ал ыйгарым укуктуу болуп саналат.
30. Комитеттин кароосуна коюлган маселелер боюнча чечимдер Комитеттин отурумунда катышып жаткан мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добуш берүүсү менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Добуш тең болгон учурда Комитеттин төрагасынын же анын милдетин аткарып жаткан адамдын добушу чечүүчү болуп саналат.
31. Комитеттин отурумдарында кароого алынуучу маселелерди талкуулоонун жыйынтыгында чечимдер төмөнкү формаларда кабыл алынат:
- Комитеттин токтому;
- Комитеттин протоколдук тапшырмасы.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
32. Комитеттин отуруму протокол менен таризделет, протокол Комитеттин мүчөлөрү менен макулдашылгандан кийин ага Комитеттин төрагасы, Комитеттин мүчөлөрү жана Комитеттин катчысы тарабынан кол коюлат. Протокол түзүү жол-жобосу менен тартиби Комитеттин Регламенти менен аныкталат. Протокол Комитет отурум өткөргөндөн кийин 5 жумуш күнү ичинде таризделет жана макулдашылат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
33. Комитеттин чечими менен Улуттук банктын ишке тартылган түзүмдүк бөлүмдөрү, зарыл учурда – Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган уюмдар жана башка катышуучулар Комитеттин регламентине ылайык, Комитеттин отурумунун протоколунан көчүрмө, Комитеттин токтомунан кыскача көчүрмө же Комитеттин токтомунун көчүрмө түрүндө тааныштырылат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-4-(НПА), 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
34. Комитеттин протоколдук тапшырмасы Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Протоколдук тапшырма Комитеттин регламентине ылайык таризделет, Комитеттин катчысы тарабынан кол коюлат жана маселени Комитеттин отурумуна кароого сунуштаган жак тарабынан түзүлгөн таркатуу көрсөткүчүнө ылайык Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнө тааныштырылат.
(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-4-(НПА), ), 19-декабрындагы № 2025-П-14/68-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)
35. Комиссиянын чечими талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча сотко чейинки жол-жобосун жөнгө салган Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
36. Комитеттин иши Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечиминин негизинде токтотулат.
5-глава. Комитеттин жоопкерчилиги
37. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Комитеттин төрагасы жана анын мүчөлөрү ушул жобонун талаптарынын сакталышы жана аткарылышы, ошондой эле Комитеттин отурумунда каралган жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартышат.
38. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте отурум үчүн материалдарды даярдоо үчүн жооптуу бардык адамдар, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү Комитеттин отурумунда каралган маселелер боюнча маалыматтын толуктугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.







