Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын

Улуттук банк Башкармасынын

2015-жылдын 9-декабрындагы

№ 76/8 токтомуна карата

тиркеме

Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-4-(ПС), 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 2019-П-14/56-4-(ПС), 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС), 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА), 2022-жылдын 29-мартындагы № 2022-П-14/18-3-(ПС), 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-14/47-7-(ПС), 2022-жылдын 7-декабрындагы № 2022-П-14/76-6-(ПС), 2023-жылдын 14-июнундагы № 2023-П-12/38-3-(НПА), 2023-жылдын 23-августундагы N 2023-П-14/53-5-(ПС), 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС), 2024-жылдын 30-майындагы № 2024-П-14/25-6-(ПС), 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 2024-П-14/60-3-(ПС), 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС), 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС), 2026-жылдын 21-январындагы № 2026-П-39/3-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2. "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө" жободо (мындан ары - Жобо) банктык төлөм карттар эмиссиясы, эквайринги жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтуу тартиби, операцияларды жүргүзүү эрежелери, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялар процессинги, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүзөгө ашырган, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөн системаларга жана анын катышуучуларына карата Кыргыз Республикасынын "Банктар жана банк иштери жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө", "Электрондук кол тамга жөнүндө", "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына, анын ичинде ислам каржылоо принциптери боюнча укуктук актыларына ылайык алардын өзгөчөлүктөрүн жана атайын терминологиясын эске алуу менен жалпы талаптар аныкталган.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 14-июнундагы № 2023-П-12/38-3-(НПА), 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС), 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3. Электрондук акчанын формаларынын бири катары алдын ала төлөнгөн карттарды чыгарууга жана жайылтууга байланыштуу иш Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобо аркылуу жөнгө салынат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС), 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-14/47-7-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөн системанын катышуучуларынын ушул жободо каралбаган өз ара мамилелери, алардын жоопкерчиликтери, укуктары жана милдеттери тиешелүү келишимдерде же макулдашууларда аныкталат.

2-глава. Терминдер жана аныктамалар 

5. Бул жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулган:

Автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалы (төлөм терминалы) - кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын дарегине нак жана нак эмес формадагы төлөмдөрдү жүргүзүүнү кошо алганда, банктын кардарларынан/кардарларына, карт ээлеринен/ээлерине, сервистерди пайдалануучулардан/пайдалануучуларга нак акча каражаттарын кабыл алуу (cash-in)/берүү (cash-out) үчүн каралган терминал.

Авторизациялык талап - эквайерден системада белгиленген эрежелерге ылайык транзакцияларды жүргүзүүгө уруксат алуу үчүн карттын эмитентине жөнөтүлгөн талап.

Авторизация - эмитенттин карт ээсинин банктык төлөм карттарын пайдалануу менен операцияларды (транзакцияларды) жүргүзүүгө ыйгарым укугун же автордук укугун тастыктоо жол-жобосу, анын натыйжасында жогоруда аталган эмитенттин карттарды пайдалануу менен түзүлгөн эсептешүү документин аткарууга эмитенттин эквайер алдында милдеттенмеси келип чыгат. Авторизация автоматташтырылган (терминал аркылуу) жана добуш аркылуу (телефон байланышы менен) ишке ашырылышы мүмкүн. Эгерде банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча эмитент жана эквайер бир эле жак болсо, анда ошол операцияны ишке ашырууга эмитенттин кардарга берген уруксаты авторизация болуп саналат.

Аутентификация - сунушталган идентификатордун (PIN-код, сыр сөз ж.б.) мүнөздөмөлөрүн тактоо жана салыштырып текшерүү аркылуу пайдалануучунун инсандыгын тастыктоо жол-жобосу.

Банктык төлөм карты (карт) - товарларды, кызматтарды сатып алууда эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө, улуттук жана чет өлкө валютасында нак акча алууда, акча каражаттарын которууда, ошондой эле терминалдар, банкоматтар же башка жабдуулар (аралыкта орнотулган жабдуулар) аркылуу электрондук акча түрүндө эсептешүү үчүн колдонулган төлөм каражаты.

Банк күркөсү - аралыкта орнотулган жабдуу жайгаштырылган атайын курулма/жабдуу.

Банктык эсеп - бул, банктык эсеп, банктык аманат келишимдеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жана банктык тажрыйбада колдонулган банк менен кардар ортосунда банктык аманатты (депозитти) кабыл алуу жана/же банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү кошо алганда, кардарды тейлөөгө байланыштуу операцияларды чагылдыруу ыкмасы.

Банкомат (ATM - Automated teller machine) - нак акча берүү жана/же кабыл алуу, ишке ашырылган транзакциялар жөнүндө маалыматты алуу жана картты колдонуу же башка аралыктан тейлөө инструменттери менен башка операцияларды аткарууга каралган аппараттык-программалык комплекс.

Байланышсыз төлөм - маалыматтарды байланышсыз берүү технологияларын (NFC (Near field communication ж.б.) колдонуу менен аралыкта орнотулган жабдуу менен карттан же башка аралыктан тейлөө инструментинен жакын арада маалыматты окуу аркылуу жүзөгө ашырылуучу транзакция.

Виртуалдык карт - ээлик кылган адамды катыштырбастан электрондук түрдө чыгарылган атайын карт.

Виртуалдык POS-терминал -бул POS-терминалды алмаштыруучу жана банктык төлөм карттарын жана башка аралыктан тейлөө инструменттерин колдонуу менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөө операцияларын жүргүзүү үчүн банктын/төлөм уюмунун системасы менен өз ара аракеттенүүчү жана эквайердин аралыкта орнотулган жабдууларына тиешелүү веб-интерфейс. Виртуалдык POS-терминал ички ченемдик документтерге ылайык, банк/төлөм уюмунун тобокелдигинин даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо менен банктык эсептерди толуктоо үчүн да колдонулушу мүмкүн.";

Банктык эсеп ээси - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эсеп ачуу жөнүндө келишим түзгөн жеке адам/юридикалык жак/жеке ишкер.

Дебеттик карт - банктык эсептеги өздүк каражаттардын жана/же банктык эсебинде акча каражаттары жетишсиз же жок болгон учурда эмитент тарабынан берилген кредиттин эсебинен операцияларды жүргүзүү үчүн каралган карт (овердрафт). Овердрафт кызматы дебеттик карттар боюнча гана көрсөтүлөт.

Карт ээси - эмитент менен түзүлгөн келишимдин негизинде карттарды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү укугуна ээ, анын ичинде эсеп ээси-юридикалык жак/жеке ишкер тарабынан ыйгарым укук чегерилген жеке адам.

Бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору (мындан ары - Процессинг борбору) - "ЭЛКАРТ" карттарын, ошондой эле башка системалардын, анын ичинде Процессинг борбору системасы менен интеграцияланган системалардын карттарын колдонуу аркылуу ишке ашырылган транзакциялардын процессинги/клиринги үчүн каралган Кыргыз Республикасынын "ЭЛКАРТ" улуттук төлөм системасынын аппараттык-программалык комплекси.

Индент мөөр - карттын жеке таандыгын белгилөө ыкмасы, мында карттын бетине рельефсиз ар түрдүү символдор басылат, б.а. карттын бетиндеги символдор колго урунбайт.

Карт-чек (чек) - транзакциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн негиз болуп саналган жана анын ишке ашырылгандыгын тастыктаган, карттарды же аралыктан тейлөө инструменттерин колдонуу менен транзакцияларды ишке ашырууда аралыкта орнотулган жабдуу менен түзүлгөн кагаз жүзүндөгү жана/же электрондук түрдөгү документ. Алдамчылык тобокелдиктерине жол бербөө үчүн чекте карттын номери тууралуу толук маалымат болбоого тийиш.

Ко-бейджингдик карт - эки төлөм системасынын алкагында чыгарылган карт.

Ко-брендингдик карт - банк башка бир уюм/уюмдар менен бирге чыгарган карт.

Кредиттик карт - банк кредиттик келишимдин шарттарына ылайык белгиленген лимиттин чегинде карт ээсине берген акча каражаттардын эсебинен алар боюнча эсептешүүлөр жүргүзүлгөн операцияларды ишке ашыруу үчүн каралган карт.

МФК/МККнын кредиттик карты - овердрафтты кошпогондо, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо менен кредиттерди/каржылоону накталай эмес формада, улуттук валютада берүү үчүн микрофинансылык компания жана микрокредиттик компания тарабынан чыгарылган, улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карты.";

Локалдык төлөм системасы - Кыргыз Республикасынын аймагында бир (бир эмитенттүү) же бир нече (көп эмитенттүү) эмитенттер тарабынан чыгарылган карттарды пайдалануу менен эсептешүү системасы. Локалдык системалардын карттары, катышуучулар менен система ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу тейлениши мүмкүн.

Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасы (эл аралык төлөм системасы) - ошол системалардын операторлорунун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык эмитирленген жана тейленген эл аралык карттарды пайдалануу менен эсептешүү системасы.

Көп факторлуу аутентификация - өркүндөтүлгөн аутентификация, мында пайдалануучу тиешелүү маалыматты алуу үчүн бир нече идентификаторду көрсөтүүсү талап кылынган контролдоо ыкмасы.

Мобилдик POS-терминал (mPOS) - транзакция жүргүзүүгө мүмкүндүк берген, смартфондор/планшеттик компьютерлер жана башка жабдуулар үчүн каралган түзүлүш жана/же программалык камсыздоо.

Улуттук карт - улуттук төлөм системасынын оператору менен тиешелүү келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын кайсыл болбосун эмитенти-резиденти тарабынан чыгарылган "ЭЛКАРТ" төлөм системасынын карты.

Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөр боюнча улуттук төлөм системасы - Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунун аппараттык-программалык комплексинин базасында иштеген, "ЭЛКАРТ" улуттук төлөм системасынын карттарын пайдалануу менен операциялар боюнча эсептешүү системасы.

Жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсеп - жеке белгилерин көрсөтүүсүз баалуу металлдарды эсепке алуу жана баалуу металлдарды тартуу жана жайгаштыруу боюнча операцияларды ишке ашыруу үчүн банк тарабынан ачылган эсеп.

Овердрафт - кыска мөөнөттүү кредит формасы, ал банк менен карт ээси ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталган сумманын жана шарттардын чегинде, кардардын эсебиндеги суммадан ашкан өлчөмдө төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга кардарга мүмкүндүк берет.

Улуттук төлөм системасынын оператору - "Банктар аралык процессинг борбору" жабык акционердик коому ("БПБ" ЖАК).

Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүү системасынын оператору - Улуттук банк тарабынан лицензияланган жана/же үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга уруксаты бар, банктык төлөм карттары менен эсептешүүлөр системасынын ишин камсыз кылган жана катышуучулар менен системага катышуу жөнүндө келишим түзгөн юридикалык жак, ага ылайык оператор жана системанын катышуучулары өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм системасынын алкагында жүргүзүүгө милдеттенишет.

Төлөм QR-коду боюнча төлөө - эки өлчөмдүү штрих код белгилерин (QR-код) окуу аркылуу банктын/төлөм системасынын мобилдик тиркемесин же болбосо башка жабдууларды колдонуу менен товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөө";

Аралыкта орнотулган (эквайринг) жабдуулар - терминалдар, банкоматтар, төлөм терминалдары жана тиркемелер, депозиттик машиналар, мобилдик түзүлүштөр жана банктык төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө, QR-коддору боюнча төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча техникалык инфраструктураны/инструментти жана башка аралыктан тейлөө инструменттерин түзгөн башка жабдуулар.

Персонализация - банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде каралган идентификациялык маалыматтарды картка жана/же микропроцессордун эс тутумуна жана/же карттын магниттик тилкесине киргизүү жол-жобосу.

Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн төлөм системасы (картты пайдалануу менен эсептешүү системасы) - картты пайдалануу менен эсептешүүлөрдү уюштуруу үчүн ченемдердин, стандарттардын, эрежелердин, мекемелердин жана программалык-техникалык каражаттардын жыйындысы. Төлөм системалары локалдык, улуттук жана эл аралык болуп бөлүнөт.

МФК/МККнын картын пайдалануучу - БФКУ ага түзүлгөн келишимге жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, БФКУнун кредиттик карттарына акча каражаттарын (кредит/каржылоо) берген жана ордун жабууну кабыл алган кардар (жеке адам/юридикалык жак).

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу - сатып өткөрүлгөн товарлар, аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөр үчүн кардардын акча каражаттарын алган юридикалык жак же жеке ишкер.

Алдын ала чыгарылган карта - банктын/МФК/МККнын бөлүмүндө (МФК/МККнын кредиттик карттары) карттын бетинде карт ээсинин/пайдалануучунун аты-жөнүн көрсөтүүсүз жана 3 (үч) жылдан ашпаган мөөнөткө, ушул Жобонун жана кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык дароо берилүүчү карта.

Алдын ала төлөнгөн карт - программалык-техникалык түзүлүштөр аркылуу электрондук акчаны товарларды/кызматтарды сатып алуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө жана нак акчага алмаштырууга мүмкүндүк берген төлөм инструменти. Карт, карт ээсинин электрондук акча эмитентине карата анын милдеттенмелери боюнча талап кылуу укугун күбөлөндүрөт.

Процессинг - финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча өз ара байланыштуу процесстерди камтыган лицензияланган иш.

Процессинг борбору - процессингди жүзөгө ашырган юридикалык жак.

Эсептешүү агенти - картты пайдалануу менен эсептешүү системасынын катышуучулары ортосунда акыркы эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүн камсыз кылган уюм.

Стоп-баракча - алар боюнча операциялардын бардык түрлөрү токтотулган же убактылуу токтотулган, блокировкаланган карттардын тизмеси.

Терминал - бул карттан жана башка аралыктан тейлөө инструменттеринен маалыматтарды окуу аркылуу соода операцияларын жүргүзүүгө мүмкүндүк берген аппараттык-программалык комплекс. Терминал төмөнкү түрлөргө бөлүнөт: POS-терминал; POS-терминал-ПВН; виртуалдуу POS-терминал, мобилдик POS-терминал жана ПВН-терминал.

ПВН-терминал - бул карттардан жана башка аралыктан тейлөө инструменттеринен нак акча берүү, ички ченемдик документтерине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо, банктын тобокелдик даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эсепке алуу менен, банктын бөлүмдөрүндө жана анын агенттеринде банктык эсептерин карт жана башка аралыктан тейлөө инструменттери аркылуу толуктоо үчүн каралган терминал. Андан ары төлөмдү ишке ашыруу үчүн каралган ПВН-терминалы аркылуу акча алуу үчүн комиссия карт ээсине чегерилбөөгө тийиш.

Соода-тейлөө ишканасы (ТСП) - бул юридикалык жак же жеке ишкер, ал эквайер менен түзүлгөн келишимге ылайык, өз товарлары/кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөө, карт менен операция ишке ашырылгандыгын тастыктаган документ түзүү менен акча каражаттарын берүү үчүн карттарды кабыл алат. Банктык карттардагы акча каражаттар коммерциялык банктар менен агенттик келишим түзүлгөн шартта жана Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча агенттин карт ээлерин жеңилдетилген шарттарда идентификациялоо жана верификациялоо боюнча тиешелүү чараларды ишке ашыруу жагында мыйзам талаптары сакталган шартта, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген лимиттерге ылайык гана берилиши мүмкүн.

Транзакция - картты жана башка аралыктан тейлөө инструменттерин пайдалануу менен ишке ашырылган операция (мисалы товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, акча каражаттарын которуу, валюталарды алмаштыруу же нак акча каражаттарын алуу), анын натыйжасында карт ээсинин эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгы өзгөрөт.

Картты пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары - эмитент, карт ээси, эквайер, соода-тейлөө ишканалары, процессинг борбору жана эсептешүү агенти.

Чарджбек - кайтарылуучу же талап кылынуучу төлөм, эмитенттин төлөм системасынын эрежелерин бузуу менен ишке ашырылган транзакциялар боюнча төлөмдү ишке ашыруудан баш тартуу (транзакцияны териштирүү). Чарджбек регламентте белгиленген аткаруу мөөнөтү ичинде тиешелүү төлөм системасынын эрежелерине ылайык талап кылынган документтерди тариздөө менен талаш келип чыккан суммага эквайердин эсебин дебеттөө аркылуу ишке ашырылат.

Эквайер - технологияларга жана тиешелүү төлөм системаларынын ченемдик актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аралыкта орнотулган жабдуулары аркылуу авторизациялоо жана транзакцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган, аралыкта орнотулган жабдуулардын ээси болуп саналган банк, төлөм уюму, микрофинансылык компания, микрокредиттик компания.

Эквайринг - соода-тейлөө ишканалары менен тиешелүү төлөм системаларынын эрежелерине ылайык товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү жөнүндө келишимдердин негизинде банктык төлөм карттарын жана башка төлөм инструменттерин/технологияларын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча аралыкта орнотулган жабдуулар тармагына ээлик кылууга жана тейлөөгө байланышкан иш.

Төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн колдонулган инструменттерге жараша, эквайринг төмөнкү негизги түрлөргө бөлүнөт:

Соода эквайринги - түзүлгөн келишимдин негизинде, ар башка төлөм инструменттерин колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү үчүн POS-терминалдарды жана башка аралыкта жайгаштырылуучу жабдууларды орнотуу боюнча соода-тейлөө ишканалары үчүн эквайер тарабынан сунушталуучу кызмат."

Интернет-эквайринг - төлөм маалыматын өткөрүүнү камсыз кылган жана анын купуялуулугун сактаган атайын веб-интерфейс аркылуу электрондук соода платформаларында жана интернет-дүкөндөрүндө сатылуучу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм карттарын жана электрондук акчаны колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча эквайердин кызматы.

Мобилдик эквайринг - мобилдик телефон же планшетти колдонуу менен мобилдик тиркеме жана атайын мобилдик POS-терминалы (mPOS-терминал) аркылуу төлөм карттарын пайдалануу менен накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча эквайердин кызматы.

Эмбоссирлөө - картка рельефтик белгилер түрүндө маалыматтарды чагылдыруу.

Карттарды эмиссиялоо - эмитенттин аларды андан ары таркатуу үчүн карттарды чыгаруу иши.

Эмитент - технологияларга жана тиешелүү төлөм системасынын эрежелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карттарды чыгарган банк же МФК/МКК.

CVV2-код (Card verification value) - интернет аркылуу төлөөдө жана башка операцияларды жүзөгө ашырууда карттын аныктыгын текшерүү үчүн каралган үч сандан турган код.

PIN-код (Personal identification number) - операцияны аткаруу үчүн колдонуучунун аныктыгын тастыктоого мүмкүндүк берген жеке идентификациялык номер.

POS-терминалы (Point of sale) - соода-тейлөө ишканаларында товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу, ошондой эле карт жана башка аралыктан тейлөө инструменттери аркылуу банк эсебин толуктоо үчүн каралган терминал.

POS-терминал-ПВН - эки функцияны аткарган терминал: POS-терминал жана ПВН-терминал.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА), 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС), 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС), 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3-глава. Карттарды пайдалануу менен төлөмдөрдү өткөрүү тартиби 

6. Карт, техникалык мүнөздөмөсү төлөм системасынын оператору тарабынан бекитилген, төлөм системасынын регламентинин жана иш тартибинин талаптарына ылайык келген пластик материалынын негизинде даярдалат. Картты даярдоо атайы жабдуу менен ишке ашырылууга тийиш, анда картты персоналдаштырууну жана тиешелүү төлөм системасынын карттарынын функционалдык мүнөздөмөлөрүн сактоо үчүн маалыматтарды топтогон каражат (магниттик тилке, микропроцессор (интегралдык чийме), ж.б.) камтылууга тийиш.

7. Төлөм системасынын регламентине жана тартибине, ошондой эле эсептешүү схемасынын түрүнө жараша карт дебеттик, кредиттик, алдын ала чыгарылган, алдын ала төлөнгөн, ко-бейджингдик жана/же ко-брендингдик болушу мүмкүн. Карт эмитент тарабынан электрондук түрдө да чыгарылышы мүмкүн (виртуалдык карт). Коммерциялык банктарда виртуалдык карттар менен операцияларды жүргүзүү боюнча ички жол-жоболор, анын ичинде аларды коопсуз жүргүзүү жана эсептешүү эрежелери болушу керек.

Карт анын ээсине товарлар жана кызматтар үчүн төлөө, интернетте сатып алууларды кошо алганда, нак акча алуу боюнча операцияларды аралыкта орнотулган жабдуу же башка жабдуулар аркылуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле банк эсебиндеги акча каражаттарын ээси тарабынан башкаруу үчүн банк эсебине кирүү каражаты катары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана карт ээси менен эмитенттин ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык эмитентте ачылган ээси аныкталбаган металл эсебине жайгаштырылган баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү үчүн кызмат кылат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Банк эсебинин валютасына жараша карт ээсине нак эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын аймагында сыяктуу эле, анын чегинен тышкары нак акча каражаттарын алуу учурунда, системанын регламентине жана иш тартибине ылайык валюталык-алмашуу операцияларын жүргүзүү мүмкүнчүлүгү сунушталат. Конвертациялоо шарттары карт ээси менен түзүлгөн келишимде белгиленүүгө тийиш.

Келишимге милдеттүү түрдө карт ээси анын банктык эсебинин валютасынан айырмаланган валютада операцияларды жүргүзүүдө конвертациялоонун ар кандай варианттары каралган бир валютадан башка валютага конвертациялоо схемасы тиркелүүгө тийиш, ал схема менен карт ээси таанышып чыгып, кол коюуга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА), 2022-жылдын 29-мартындагы № 2022-П-14/18-3-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

9. Эгерде карт ээси, жеке адам, карт ээси менен эмитент ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдин жана/же банк эсеби келишиминин негизинде эсеп ээси болуп саналышса, карт жеке (өзүмдүк) болуп саналат. Жеке картты пайдалануу аркылуу каражаттарды чегерүү жана алып салуу боюнча кандай болбосун операциялар карт ээсинин банк эсебинен жүзөгө ашырылат.

10. Эгерде карт ээси - жеке адам операцияларды картты пайдалануу менен ага юридикалык жак/жеке ишкер, эсеп ээси тарабынан чегерилген ыйгарым укуктарга ылайык ишке ашырса карт корпоративдик болуп саналат. Акча каражаттарын эсептен алып салуу боюнча операциялар ошол юридикалык жактын/жеке ишкердин корпоративдик эсебинен жүзөгө ашырылат.

11. Карт, эгерде анын ээси банктык эсептин ээси болуп саналса, ал негизги болуп саналат.

12. Эгерде эсеп ээси ишенимдүү жакка өз банк эсеби боюнча операцияларды эмитент менен эсеп ээси ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленген сумманын жана шарттардын чегинде жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берсе, анда карт кошумча карт болуп саналат.

13. Карттын бетинде төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттер камтылууга тийиш: эмитенттин аталышы, карттын номери, карт ээсинин аты-жөнү, компаниянын аталышы (юридикалык жактардын/жеке ишкерлердин эсептерине байланыштырылган карт үчүн, эгерде колдонулса), картты колдонуу мөөнөтү, төлөм системасына таандыгы жана тиешелүү төлөм системасынын талаптарында каралган башка реквизиттер көрсөтүлүүгө тийиш. Бул пункттун талаптары банк ичиндеги бир эмитенттүү жабык системаларга жана виртуалдык карттарга таркатылбайт.

Эгерде карт алдын ала чыгарылган карт болсо анда карт ээсин эмитент тарабынан идентификациялоо учурунда, карт ээсинин аты-жөнү көрсөтүлбөшүнө жол берилет.

Аралыкта орнотулган жабдуулар жана төлөм системасынын катышуучуларынын мобилдик тиркемелери аркылуу алдын ала чыгарылган карт аркылуу транзакцияларды жүргүзүү PIN-кодду, паролдорду же аутентификациялоонун башка ыкмаларын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.

Ошол эле учурда, эмитент алдын ала чыгарылган карт ээсине PIN-кодду пайдалануусуз төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана эмитенттин ички контролдоо программасына жана төлөө системасынын эрежелерине ылайык, бир кардарга тобокелдик даражасынын (деңгээлинин) критерийлерин эске алуу менен, карт ээлери үчүн ички эрежелерде жана жол-жоболордо белгиленген лимиттер чегинде байланышсыз төлөмдөрдү өткөрүүгө уруксат берүүгө укуктуу. Бул транзакциялар үчүн жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА), 2022-жылдын 27-июлундагы № 2022-П-14/47-7-(ПС), 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

14. Карт ээсинин банк эсеби нак жана нак эмес акча каражаттары, ошондой эле эмитент жана эсеп ээси ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык, эсеп ачуусуз акча которуу жана банктык операцияларды жүргүзүү аркылуу толтурулат.

Кардарды Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык талаптагыдай текшерүү чаралары сакталган шартта, чогуу алганда карыздын суммасынан ашпаган суммада кредит боюнча карызды төлөө максатында гана накталай жана накталай эмес акча каражаттар түрүндө, анын ичинде эсеп ачуусуз акча которуу системасы боюнча, ошондой эле МФК/МКК/банктардын кассалары, төлөм терминалдары, банкоматтары аркылуу жана башка ыкмаларда МФК/МККнын кредиттик картын толуктоого уруксат берилет. МФК/МККнын кредиттик картын кредиттик келишимде каралгандан башка максаттарда толуктоого жол берилбейт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 2019-П-14/56-4-(ПС), 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС), 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

15. Карт ээси эмитент менен түзгөн келишимге ылайык карт аркылуу төмөнкүлөрдү ишке ашырууга укуктуу:

- соода-тейлөө ишканаларында сатылып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө, интернет аркылуу сатып алууларды жүргүзүү;

- банкоматтардан/ПВН-терминалдарында жана банктын агенттеринен нак акча каражаттарын алуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эсебинен алуучунун эсебине (карттан картка же электрондук капчыкка) акча каражаттарын которуу;

- акча которууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча которуу системалары аркылуу жүзөгө ашыруу;

- төлөмдөрдү аралыктан тейлөө системалары аркылуу жүргүзүү;

- банктардын кассасы, банктык кеңири чекене кызмат көрсөткөн агенттер, төлөм терминалдары, банкоматтар, акча которуу системалары жана электрондук капчыктар аркылуу картты толуктоо.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

15-1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

15-2. МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучу төмөнкү операцияларды гана жүзөгө ашырууга укуктуу:

- кредиттик лимиттин чегинде соода-тейлөө ишканаларында сатып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр, интернет-сатып алуулар үчүн төлөө;

- кредиттик лимиттин чегинде банкоматтар/терминалдар-НБП аркылуу жана банктардын агенттеринен накталай акча каражаттарын алуу;

- МФК/МККнын, банктардын, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрүн сунуштаган агенттердин кассалары, төлөм терминалдары, банкоматтар, акча которуу системалары жана электрондук капчыктар аркылуу кредитти төлөө үчүн кредиттик карттарын толуктоо.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

15-3. МФК/МККнын кредиттик карты аркылуу картаны пайдалануучу төмөнкү шарттарда картанын кредиттик лимитин пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот:

- карттар боюнча дебеттик (чыгыштоо) операциялар белгиленген кредиттик лимиттин чегинде жүргүзүлүшү мүмкүн;

- кредиттик (кириштөө) операциялар кредит боюнча учурдагы жана/же келечектеги төлөмдөрдү төлөө эсебинен гана жүргүзүлүшү мүмкүн;

- кредитти толугу менен төлөөдө ашыкча төлөнгөн сумма келип чыккан учурдан тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде картты пайдалануучунун тандоосу боюнча төмөнкү ыкмалардын бири аркылуу кардарга төлөнүүгө (берилүүгө) тийиш:

1) МФКнын жана МККнын кассасы аркылуу - накталай формада;

2) пайдалануучу тарабынан кредиттик келишимде көрсөтүлгөн банктык эсепке - накталай эмес формада;

3) пайдалануучунун электрондук капчыгы;

4) пайдалануучунун телефон номеринин өздүк эсебине (балансына) (10 (он) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммада гана).

Мында карттагы оң калдыкты контролдоо жана жөнгө салуу МФК/МККнын системасы аркылуу камсыз кылынууга тийиш.

Кредиттин ордун жабуу МФК/МКК жана карыз алуучу ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимге ылайык накталай же накталай эмес формада жүзөгө ашырылат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

15-4. МФК/МКК Улуттук банктын кредиттик каражаттарды пайдалануу боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, ишке ашырылган төлөмдөрдү талдоо болжолдонгон төлөм мониторингин/кредиттин максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзөт.";

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

16. Соода-тейлөө ишканалары өздөрүнүн товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөөгө карттарды кабыл алат жана электрондук авторизациялоону милдеттүү түрдө жүргүзүү менен ошол ишканадагы аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу эквайер менен маалымат алмашат. Бул милдеттүү түрдө электрондук авторизациялоо аркылуу ишке ашырылууга тийиш. Ал эми микропроцессору бар карттар үчүн соода-тейлөө ишканасы жана эквайер ортосунда тиешелүү келишим түзүлгөн шартта гана электрондук авторизациялоо банк-эмитенттин системасына тике туташуусуз эле ишке ашырылышы мүмкүн.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС), 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

17. Аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу карт аркылуу ишке ашырылган төлөм, электрондук төлөм документи статусуна ээ жана төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттер камтылган чекти тариздөө менен тастыкталат:

- документтин номери, операция ишке ашырылган күнү жана убактысы;

- соода түйүнүнүн/банкомат жана эквайердин аталышы (коду);

- төлөм суммасы;

- төлөм валютасы;

- операциянын авторизацияланышын тастыктаган код;

- комиссиялык төлөм же жеңилдиктер өлчөмү (системанын тарифтерине ылайык);

- төлөм системасынын коопсуздук эрежелерине ылайык, төлөм картынын реквизиттери;

- карт ээсинин кол тамгасы (Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана төлөм системасынын эрежелерине ылайык операция ПВН-терминалы же POS-терминал аркылуу ишке ашырылган шартта). Операция PIN-кодду чагылдыруу аркылуу ишке ашырылса, анда карт-чекте тиешелүү маалымат камтылууга тийиш, мында карт ээсинин кол тамгасы талап кылынбайт.

Эгерде бул тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде каралган болсо, чекте кошумча реквизиттер камтылышы мүмкүн.

Бул талап байланышсыз төлөмдөргө жана электрондук коммерция операцияларына таркатылбайт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

18. Эквайер алдамчылык аракеттерине бөгөт коюу жана карттагы маалыматтардын сакталышы максатында аралыкта орнотулган жабдууларды коргоо каражаттары менен камсыз кылууга тийиш. Эквайер карттагы маалыматтардын сакталышын камсыз кыла албаса, (микропроцессорго ээ карттарды тейлөө, көп фактордук аутентификация, коргоо каражаттары менен жабдылган жабдууларды аралыкта орнотуу, ж.б.), анда ал карт эмитентине, эквайер жабдуусунда маалыматтардын корголушу талабын аткара албагандыктан келип чыккан чыгым ордун толуктап берүүгө милдеттүү. Мындай учурда эмитент эквайердин жабдуусунда көйгөйлүү маселе келип чыккандыгы фактысын ага маалымдоого (көрсөтүүгө) тийиш.

Эквайер эмитентке маалымдаган учурдан тартып, ошондой эле эгерде эмитент карт боюнча кошумча коргоо каражаттарын колдоого албаса жана эквайердин иш-аракетинде санкциясыз аракеттерди жүзөгө ашыруу белгилери байкалбаса, карт боюнча келип чыккан чыгымдардан бошотулат.

Карт ээси алдында компроментацияланган карттар үчүн жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Жыйынтыктап эсептешүү жүргүзүлгөндөн кийин төлөм жаңылыш же санкциясыз катары таанылган учурда, төлөм системасында карт ээсине анын банктык эсебине акча каражаттарын милдеттүү түрдө кайтаруу жана мындай төлөмдөр боюнча талаш маселелерди андан ары жөнгө салуу боюнча өзүнчө жол-жобо жана МФК/МККнун кредиттик картын пайдаланган, банктык эсеби жок карт ээлерине, анын ичинде мобилдик тиркемелер жана башка аралыктан тейлөө инструменттери аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча акча каражаттарын кайтаруу боюнча өзүнчө жол-жобо каралууга тийиш. Талаш маселени жөнгө салуу мезгилинде акча каражаттарынын талаш жараткан суммасы карт ээсинин банктык эсебинде жана МФК/МККнун эсептешүү (ссуда) эсебинде блокировкаланышы мүмкүн. Эмитент жана карт ээси, эмитент жана пайдалануучулар жана МФК/МККнун кредиттик картын пайдалануучулар ортосунда талаш маселелерди чечүү шарттары, мындай операциялар боюнча айыптык санкциялар алардын ортосунда түзүлгөн келишимдерде, ошондой эле тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде белгиленүүгө тийиш. Карт ээси жана соода-тейлөө ишканалары ортосунда талаш маселелерди чечүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат жана ал системанын эрежелеринин жана келишимдеринин негизинде жөнгө салуу бөлүгү болуп саналбайт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 2019-П-14/56-4-(ПС), 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА), 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

20. Карт ээси эмитентке келишимге ылайык тиешелүү өтүнүч катты жолдоо менен картты пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциядан баш тартышы мүмкүн. Эмитент чарджбекти тиешелүү төлөм системасынын регламентине жана тартибине ылайык берүү мүмкүнчүлүгүн караштырат. Эгерде тиешелүү төлөм системасынын регламентинде жана иш тартибинде белгилүү бир түрдөгү чарджбекти сунуштоо мөөнөтү чектелген болсо, анда бул мөөнөт өткөндөн кийин карт ээсинин чарджбекти сунуштоого өтүнүч каты берилгенде банк бул өтүнүч катты кароого укуктуу эмес.

4-глава. Эмитентке карата талаптар 

21. Банк болуп саналган эмитент кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана аларды кассалык тейлөө укугуна Улуттук банк тарабынан берилген банктык лицензиясы болгон шартта гана карттарды чыгарууну жана жайылтууну, ошондой эле кредиттик жана төлөм карттарын кошо алганда, төлөм документтерин чыгарууну, сатып алууну, төлөөнү, кабыл алууну, сактоону жана тастыктоону жүзөгө ашыра алат.

МФК/МКК болуп саналган эмитент Улуттук банк тарабынан микрофинансылык компанияларды лицензиялоо тартибине ылайык берилген лицензияда тиешелүү операциялар көрсөтүлгөн шартта гана МФК/МККнын кредиттик карттарын чыгарууну жана жайылтууну жүзөгө ашыра алат.

Эмитент тиешелүү төлөм системасы жана анын оператору менен системага катышуу жөнүндө келишим түзүүгө жана бул операцияны аткарууга төлөм системасынын уруксатын алууга тийиш (бир эмитенттүү ички банктык системалардан тышкары).

МФК/МККнын кредиттик карттары улуттук төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн келишимге ылайык, банктык төлөм карттар менен эсептешүүлөр боюнча улуттук төлөм системасынын алкагында гана чыгарылышы мүмкүн.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

22. Тиешелүү төлөм системасынын карттарынын эмиссиясын баштаган Эмитент, белгиленген формада (ушул жобого карата биринчи тиркеме) ал тууралуу тиешелүү уруксаттын көчүрмөсүн жана төлөм системасы менен түзүлгөн келишимди кошо тиркөө менен Улуттук банкка карт эмиссиясы иш жүзүндө башталганга чейинки кеминде бир ай мурда билдирүүгө тийиш. Билдирмеде пландаштырылган карттар эмиссиясы, операциянын масштабы жана мүнөзү жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.

Эмитент карт эмиссиясын токтоткон учурда Улуттук банкка, алар менен түзүлгөн келишим шарттарына ылайык операторго жана өз кардарларына белгиленген формада (ушул жобого карата 1-тиркеме) карт эмиссиясы айкын токтотулганга чейин кеминде бир ай мурда маалымдоого тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА), 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

23. Эмитент, ушул Жободо каралган учурларды эске албаганда, эмитирленген карттардын түрлөрүн (локалдык, улуттук, эл аралык), ошол карттарды пайдалануу менен сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин жана тиешелүү төлөм системасынын регламентинин жана иш тартибинин негизинде аларды кардарларга сунуштоо шарттарын өз алдынча аныктайт.";

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

24. Пенсиялар, социалдык жөлөк пулдар жана башка түшүүлөр/бюджеттик каражаттардан төлөөлөр, ошондой эле мамлекеттик катышуу үлүшүнө ээ бюджеттик уюмдардын жана чарба жүргүзүүчү субъектилердин эмгек акысы банк тарабынан эмгек акы долбоорлорунун алкагында "ЭЛКАРТ" улуттук төлөм системасы аркылуу гана төлөнүүгө тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 2019-П-14/56-4-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

25. Банк төмөнкүдөй ар түрдүү эсептешүү схемаларына (программаларына) ээ карттарды чыгарышы мүмкүн: дебеттик, дебет-кредиттик, кредиттик, алдын ала чыгарылган, алдын ала төлөнгөн, ко-бейджингдик жана/же ко-брендингдик, жана ошондой эле виртуалдык.

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 2019-П-14/56-4-(ПС), 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА), 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

26. Кредитти же овердрафтты алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштаган эсептешүү схемалары менен карттарды чыгарган банк Улуттук банктан кредиттерди берүү жана кредиттик операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алууга тийиш. Кредиттик операциялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана банктын ички кредиттик саясатына ылайык жүзөгө ашырылат.

27. Карттарды чыгарган Эмитент кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоого милдеттүү.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 2019-П-14/56-4-(ПС), 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

28. Банк карт ээлерине эсепке алуунун шарттуу бирдиктери менен (литр, килограмм, даана ж.б.) операцияларды жүзөгө ашыруу аркылуу ар кандай финансылык эмес программаларга же айрым бир кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо менен аларды эсепке алуу системаларына (жеңилдиктер, бонустар ж.б. кызмат көрсөтүүлөр) катышууга өбөлгө түзгөн карттарды чыгарышы мүмкүн. Бул финансылык эмес программалар эмитент менен түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үчүнчү жактардын катышуусунда ишке ашырылышы мүмкүн.

28-1. МФК/МККнын баштапкы пайдаланууда кредиттик карты анда кредиттик лимит белгиленген учурга чейин активдүү болбоого тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

28-2. МФК/МККнын кредиттик картынын балансы, белгиленген кредиттик лимиттин алкагында картты пайдалануучу тарабынан чыгыштоо операцияларын жүргүзүүдө терс баланстын келип чыгышы менен шарттуу түрдө нөлгө барабар болууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

28-3. Бир карт боюнча кредиттик лимиттин өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ички ченемдик документтерге ылайык тобокелдик даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу менен МФК/МКК тарабынан белгиленет.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

28-4. МФК/МКК кардарга кредитти накталай эмес формада алуу үчүн бир гана кредиттик картты берүүгө укуктуу. Кредиттик карта мурда берилген кредит толугу менен төлөнгөндөн кийин гана башка кредитти накталай эмес түрдө берүү үчүн колдонулушу мүмкүн.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

28-5. Кредиттик карт боюнча операцияларды МФК/МКК Улуттук банктын микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, өзүнүн автоматташтырылган системасында эсепке алат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

28-6. МФК/МКК кредиттик карт аркылуу берилген кредиттик каражаттардын жалпы суммасынын МФК/МККнын коммерциялык банктагы эсебиндеги өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн каралган каражаттардын суммасынан ашып кетишине жол бербөө үчүн тиешелүү мониторингди камсыз кылууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

5-глава. Банктык төлөм карттарды эмиссиялоо тартиби 

29. Эмитент картты чыгарып, эсеп ээсинин тиешелүү өтүнүч катынын жана эсеп ээси менен түзүлгөн банктык эсеп келишиминин негизинде карт ээсине картты берет. Банктык төлөм карты эмитенттин менчиги болуп саналат жана ал карт ээсине келишимдин шарттарына ылайык пайдаланууга берилет, картты колдонуу мөөнөтү аяктаганда же кардардын банктык эсеби жабылган шартта карт эмитент тарабынан блокировкаланат/алынат.

Картты берүүдө эмитент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды идентификациялоо жана верификациялоону жүргүзөт.

Карт ээсине PIN-кодду, виртуалдык картты берүү (карттын, PIN-коддун реквизиттери жана башка маалыматтар) коопсуздук чараларын сактоо учурунда эмитенттин ички ченемдик документтеринде жана төлөм системасынын эрежелеринде белгиленет.

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА), 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

30. Алдын ала чыгарылган карттардан тышкары, банктык төлөм карттарды кайра чыгаруу банктык эсеп ээсинин өтүнүч катынын негизинде, ошондой эле эгерде ушул карт боюнча санкциясыз операцияларга жол берилсе же карт ээси доо менен кайрылган учурда банк бардык жоопкерчиликти өзүнө алса, банктын демилгеси боюнча эмитент тарабынан жүзөгө ашырылат. Банктык эсеп ээсинин картты кайра чыгаруу жөнүндө өтүнүч каты факс, электрондук дарек же электрондук арыз түрүндө аралыктан банктык тейлөө системасы аркылуу эсеп ээсинин кол тамгасы коюлган, сканерден өткөрүлгөн көчүрмөсү түрүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле банктын ички эрежелерине жана жол-жоболоруна жана кардар менен түзүлгөн келишимге ылайык банкка берилиши мүмкүн.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

31. Келишим түзүүдө жана банктык эсеп ачууда эмитент карт ээлерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген "Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө" нускоонун 1-тиркемесинде жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө" нускоонун 1-тиркемесинде белгиленген "өз кардарыңды бил" саясатынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоого милдеттүү.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

31-1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

32. Эмитент картты берүү жөнүндө өтүнүч катка кол койгонго жана келишим түзгөнгө чейин карт ээсин/кредиттик карттарды пайдалануучуну төмөнкүлөр менен тааныштырууга милдеттүү:

- келишим шарттары менен. Келишим шарттарында банктык төлөм картын жана аны пайдалануу үчүн белгиленген логиндерди жана сыр сөздөрдү үчүнчү жактарга сатууга/өткөрүп берүүгө тыюу салуу жөнүндө, карт ээсинин картты үчүнчү жактарга өткөрүп берүү же сатуу, анын ичинде мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүү максатында, үчүнчү жактардын көрсөтмөсү боюнча жана алардын кызыкчылыгында картты колдонуу менен финансылык операцияларды жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилиги тууралуу талаптар да камтылууга тийиш;

- картты коопсуз пайдалануу эрежелери менен;

- сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер менен;

- карт ээси МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучуну эске албаганда, анын банктык эсебинин валютасынан айырмаланган валютада операцияларды жүргүзүүдө конвертациялоонун ар кандай варианттары каралган бир валютадан башка валютага конвертациялоо схемасы менен;

- ар бир ишке ашырылган транзакция жөнүндө маалымат алуу, кардардын эсебинен санкциясыз пайдаланууга жол бербөө максатында карттарды блокировкалоо ыкмалары менен;

- иш убактысынан тышкары жана дем алыш күндөрү (майрам күндөрү) картты чыгарган эмитент менен байланышуу үчүн байланыш маалыматтары менен;

- кредиттик карттарына, анын ичинде МФКнын/МККнын кредиттик карттарына акча каражаттарын чегерүү мөөнөтү жана пайыздарды чегерүү учуру менен (акча каражаттары түшкөн күндөн тартып/карттан акча каражаттарын чыгарган күндөн тартып/товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга багытталган акча каражаттарын которгон күндөн тартып ж.б.);

- кредит дем алыш же майрам күндөрү накталай эмес формада төлөнө турган болсо, кредитти төлөө тартиби менен;

- карт жоголгон учурда, банктын/МФКнын/МККнын кассасынан акча каражаттарын берүү тартиби менен.

Банктын/МФКнын/МККнын кардары жазуу жүзүндө же аралыктан банктык тейлөөнү колдонуу менен көрсөтүлгөн маалыматты алгандыгын тастыктайт. Картты коопсуз пайдалануу эрежелери келишимде каралууга же ага кошо тиркелүүгө тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС), 2026-жылдын 21-январындагы № 2026-П-39/3-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

33. Картты берүү учурунда банк тарабынан карттар боюнча сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй милдеттүү шарттары банктык эсеп келишиминде чагылдырылат:

1) эсеп ээсинин жеке маалыматтары (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документтери) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоодон өткөрүү үчүн эсеп ээсинин башка маалыматтары;

2) карт ээсинин жеке маалыматтары (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документтин маалыматтарын) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кардарды жана бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуну) идентификациялоодон өткөрүү үчүн карт ээсинин башка маалыматтары;

3) карт ээсинин жана эмитенттин карт менен ишке ашырылган операциялар боюнча укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери;

4) карт ээси төлөөгө тийиш болгон комиссиялык төлөмдөрдүн түрү жана өлчөмү, ошондой эле кардарларды тарифтердин, карттын колдонуу мөөнөтүнүн өзгөрүшү же картты пайдалануунун башка шарттары, жаңы продукттар жана башка маалымат тууралуу маалымдоо тартиби;

4-1) карта ээси анын банктык эсебинин валютасынан айырмаланган валютада операцияларды жүргүзүүдө конвертациялоонун ар кандай варианттары каралган бир валютадан башка валютага конвертациялоо схемасы, ошондой эле конвертациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө кардарларга алмашуу курсу жөнүндө маалымдоо тартиби;

5) эмитент тарабынан акча каражаттарынын жылышы жана банк эсебиндеги калдыктар жөнүндө көчүрмөлөрдү берүү ыкмасы жана мөөнөтү жөнүндө;

6) карт ээси тарабынан коопсуздуктун сакталышы боюнча негизги талаптар (PIN-кодду пайдалануу, лимиттер, карт жоголуп же уурдалып кеткен учурда карт ээсинин көргөн аракеттери);

7) карттын жоголушу, уурдалып кетиши же ыйгарым укуксуз жактар тарабынан алардын пайдаланышы жөнүндө эмитентке маалымдоо жол-жобосу;

8) карттар жоголуп, уурдалып же ыйгарым укуксуз жактар тарабынан санкциясыз операцияларды кошо алганда пайдаланылган учурда жоопкерчиликтерди тараптар ортосунда бөлүштүрүү;

9) эмитент тарабынан карттын блокировкаланышы жана аны алып коюу шарттары;

10) коопсуздук жол-жоболорун же келишимдин башка шарттарын бузууга жол берген учурда тобокелдиктердин жана жоопкерчиликтердин тараптар ортосунда бөлүштүрүлүшү;

11) талаш маселелерди/ даттанууларды кароо тартиби;

12) келишимди токтотуу жана картты жокко чыгаруу тартиби.

Эмитент карт ээсине PIN-кодду пайдалануусуз төлөмдөрдү жүргүзүүгө жана эмитенттин ички контролдоо программасына жана төлөө системасынын эрежелерине ылайык, бир кардарга тобокелдик даражасынын (деңгээлинин) критерийлерин эске алуу менен, карт ээлери үчүн ички эрежелерде жана жол-жоболордо белгиленген лимиттер чегинде байланышсыз төлөмдөрдү өткөрүүгө уруксат берүүгө укуктуу. Мында, бул транзакциялар үчүн жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт.

Эмитент жогорку деңгээлдеги тобокелдик менен операциялардын болушу тууралуу карт ээлерине маалымдоого тийиш, системанын эрежелерине ылайык алар боюнча акча каражаттарын кайтарып берүү мүмкүн эмес жана/же дооматтарды кароо иши каралган эмес. Мындай операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү блокко түшүрүлүүгө жана карт ээсинин талабы жана макулдугу боюнча гана берилүүгө тийиш. Карт продукттарын бөлүштүрүү жана кеңири жайылтуу максатында, карттын өзүндө билдирүү болгон шартта жогорку деңгээлдеги тобокелдикти камтыган операцияларга берилген көрсөткүчтөр боюнча туташтыруу жана карт ээсине билдиргенде жана макулдугу менен виртуалдык карттарды чыгарууга жол берилет. Мындай карттарды утурумдук төлөөлөрдүн (эмгек акы долбоорлору, пенсиялар, жөлөк пулдар, депозит төлөө ж.б.у.с.) алкагында колдонууга болбойт.

Келишимде кошумча шарттар да каралышы мүмкүн.

Эмитент карт ээсине банктык төлөм картын жана аны пайдалануу үчүн киргизилген логиндерди жана сыр сөздөрдү үчүнчү жактарга сатууга/өткөрүп берүүгө жол берилбеши жөнүндө, карт ээсинин картты үчүнчү жактарга өткөрүп берүү же сатуу, анын ичинде мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүү максатында, үчүнчү жактардын көрсөтмөсү боюнча жана алардын кызыкчылыгында картты колдонуу менен финансылык операцияларды жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилиги тууралуу маалымдоого милдеттүү.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА), 2022-жылдын 29-мартындагы № 2022-П-14/18-3-(ПС), 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС), 2026-жылдын 21-январындагы № 2026-П-39/3-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

33-1. МФК/МККнун кредиттик карттарын берүүдө карттар боюнча кызматтарды сунуштоого тиешелүү төмөнкү милдеттүү шарттар БФКУнун картын пайдалануучу менен түзүлгөн келишимде чагылдырылууга тийиш:

1) МФК/МККнун кредиттик картын пайдалануучу жөнүндө жеке маалыматтар (аты-жөнү, паспорттук маалыматтар (же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктаган башка документте көрсөтүлгөн маалыматтар);

2) МФК/МККнун өз кардарлары алдында БФКУнун кредиттик карты менен операциялар боюнча укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги;

3) МФК/МККнун кредиттик картын пайдалануучу төлөөгө тийиш болгон комиссиялык төлөмдүн түрлөрү жана өлчөмү, ошондой эле тарифтердин өзгөртүлүшү, картты колдонуу мөөнөтү же картты пайдалануунун башка шарттары, жаңы продукттар жөнүндө маалымдоо тартиби жана башка маалымат;

3-1) картты үчүнчү жактарга берүү же сатуу үчүн, анын ичинде мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүү максатында, үчүнчү жактардын көрсөтмөсү боюнча жана алардын кызыкчылыгында картты колдонуу менен финансылык операцияларды жүргүзүү үчүн жоопкерчилик жөнүндө;

4) картты пайдалануучулардын коопсуздугун сактоо боюнча негизги талаптар (PIN-кодду пайдалануу, лимиттер, карт жоголгон же уурдалган учурдагы иш-аракеттер);

5) МФК/МККга карт жоголгондугу, уурдалгандыгы же ыйгарым укугу жок адам тарабынан пайдаланылгандыгы тууралуу фактыны маалымдоо жол-жобосу;

6) карт жоголгон, уурдалган же ыйгарым укугу жок адам тарабынан пайдаланылган, анын ичинде санкциясыз операцияларына жол берилген учурларда жоопкерчиликти тараптар ортосунда бөлүштүрүү;

7) МФК/МККнун картын блокировкалоо жана колдонуудан чыгаруу шарттары;

8) коопсуздук жол-жоболорун же келишимдин башка шарттарын бузууга жол берилген учурларда тараптар ортосунда тобокелдиктерди жана жоопкерчиликти бөлүштүрүү;

9) талаш маселелерди/даттанууларды кароо тартиби;

10) келишимди токтотуу жана МФК/МККнун кредиттик картын жокко чыгаруу тартиби;

11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошумча шарттар.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 2019-П-14/56-4-(ПС), 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА), 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомдорунун редакцияарына ылайык) 

34. Эмитент карт ээси менен эмитенттин ортосунда түзүлгөн келишимдин жана эсеп ээсинин өтүнүч катынын негизинде кошумча картты берүүгө укуктуу. Кошумча карт ээси тарабынан банктык төлөм карттарды пайдалануу шарттары, эсеп ээси менен эмитенттин ортосунда түзүлгөн банктык эсеп келишимине жана эсеп ээсинин ыйгарым укуктуу жакка кошумча карт аркылуу анын эсебин тескөөгө ыйгарым укук берүүгө тиешелүү өтүнүч катынын негизинде эмитент тарабынан белгиленет. Эмитент, банк эсебин ачуу учурунда ээлерин "Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө" нускоонун 1-тиркемесинде бекитилген "өз кардарыңды бил" саясатынын талаптарына жана колдонулган эрежелердин негизинде, кошумча карт ээлерин идентификациялоого милдеттүү.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА токтомунун редакциясына ылайык) 

35. Дебеттик-кредиттик же кредиттик карттарды берүү учурунда эмитент кош келишим же өзүнчө кошумча макулдашуу түзүүгө укуктуу, анда карт ээсинин кредит же овердрафт алуу мүмкүнчүлүгү, аларды берүү тартиби жана мөөнөттөрү, алуу ыкмалары, кармалып калуучу комиссиялык төлөмдөрдүн өлчөмү, карта ээси анын банктык эсебинин валютасынан айырмаланган валютада операцияларды жүргүзүүдө конвертациялоонун ар кандай варианттары каралган бир валютадан башка валютага конвертациялоо схемасы, жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык башка шарттар каралат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 29-мартындагы № 2022-П-14/18-3-(ПС токтомунун редакциясына ылайык) 

35-1. МФК/МККнын кредиттик картын берүүдө акча каражаттары (кредит) өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө келишимдин шарттарына ылайык МФК/МККнын банкта ачылган эсептешүү (ссуда боюнча) эсебинен каражаттарды дебеттөө аркылуу берилет.

МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучунун банктык эсебине акча каражаттарын чегерүүсүз, МФК/МККнын кредиттик картына кредит түшкөндүгүнүн тастыктоосу катары МФК/МККнын жактырылган кредиттин суммасына кредиттик лимит ачкандыгы саналат.

Кредитти чегерүү, кредиттик лимитти ачуу жана ордун жабуу тартиби/мөөнөтү МФК/МКК жана анын кардары ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимге ылайык ишке ашырылат.

Транзакцияларды аралыкта орнотулган жабдуулар жана төлөм системаларынын катышуучуларынын мобилдик тиркемелери аркылуу МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануу менен өткөрүү PIN-кодду, паролдорду же аутентификациялоонун башка ыкмаларын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.

МФК/МККнын кредиттик карттарын пайдалануучу төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү алынган кредиттин максаттуу багытына ылайык жүргүзүүгө укуктуу.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

36. Эмитент эл аралык төлөм системасына катышуу келишиминин жана системанын оператору менен келишимдин негизинде жана системанын Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына каршы келбеген регламентине жана иш тартибине ылайык карт ээлерине эл аралык төлөм системалардын карттарын берүүнү жүзөгө ашырат. Эл аралык карттардын эмитенти, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча талаптарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сактоого тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 2019-П-14/56-4-(ПС), 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

37. Эмитент карт ээлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бухгалтердик эсеп жүргүзүүнүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) жана ички эрежелерине/жол-жоболоруна ылайык, жүргүзүлгөн транзакциялардын негизинде эсеп боюнча акча каражаттарын чегерүү же банктык эсептен алып салуу аркылуу картты пайдалануу менен ишке ашырылган операцияларды бухгалтердик эсепке алууну жүргүзөт. Каражаттарды банктык эсептен алып салуу андагы калдыктардын чегинде сыяктуу эле, келишим шарттарына ылайык эмитент тарабынан кредиттин же овердрафтын берилишинин эсебинен ишке ашырылышы мүмкүн.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

38. Эгерде карт ээсинин банктык эсеби башка валютада жүргүзүлсө, акча каражаттарын алып салуу жана чегерүү тиешелүү системанын ички регламентине жана иш тартибине жана/же эмитент менен эсеп ээсинин ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, ошол эсептин валютасына конвертирлөөдөн кийин жүзөгө ашырылат.

39. Эмитент карт ээсинин/эсеп ээсинин талабы боюнча карт ээсине/эсеп ээсине банктык эсептеги каражаттардын жылышы жана калдыктары тууралуу көчүрмө берүүгө тийиш. Банктык эсептеги каражаттардын жылышы жана калдыктары тууралуу көчүрмөнү, кошумча көчүрмөлөрдү, карт ээсинин транзакциялары тууралуу маалыматты берүү мөөнөттөрү жана ыкмалары карттардын тиешелүү системасынын иш тартибинде жана регламентинде жана эмитент менен келишилген келишим шарттарында белгиленет.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6-глава. Блокировкалоо, стоп-баракчага киргизүү жана карттарды алып коюу 

40. Эмитент төмөнкү учурларда картты тейлөөнү токтотушу, блокировкалашы же алып коюуга укуктуу:

1) МФК/МККнын карт ээси/кредиттик картын пайдалануучусу келишимде каралган милдеттенмелерин аткарбаса;

2) картты пайдалануу эрежелерин бузууга жол берсе;

3) картты колдонуу мөөнөтү аяктаса;

4) банктык эсепти ачуу жөнүндө келишим токтотулса;

5) төлөм системаларынын эрежелерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык.

Картты тейлөө бир тараптуу тартипте токтотулган учурда, эмитент бул тууралуу келишимде каралган тартипте МФК/МККнын карт ээсине/кредиттик картты пайдалануучусуна маалымдоого тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 2019-П-14/56-4-(ПС), 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА), 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

41. Карт ээсинен картаны жоготкондугу, уурдалгандыгы же санкциясыз пайдаланылгандыгы тууралуу билдирүү же өтүнүч кат келип түшкөн шартта, эмитент карттын реквизиттерин системанын стоп-баракчасына каттоого тийиш. Карт ээсинен банкомат картты алып койгондугу жөнүндө билдирүү түшкөн учурда, эмитент/процессинг борбору МФК/МККнын карт ээси/кредиттик картын колдонуучусу келишимдин шарттарына жана төлөм системасынын эрежелерине ылайык, карттын реквизиттерин стоп-баракчага киргизет же картты кайтарып берүү тууралуу өтүнүч кат бергенге чейин убактылуу блокко коёт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

42. Эмитентке билдирүү жана карт ээси/МФК/МККнун кредиттик картын пайдалануучунун карттын жоголгондугу, уурдалгандыгы жана санкциясыз пайдаланылгандыгы тууралуу өтүнүч кат берүү мөөнөттөрү жана ыкмалары келишим шарттарында белгиленет. Өтүнүч каттын өз убагында берилишине карт ээси/МФК/МККнун кредиттик картын пайдалануучу жоопкерчиликтүү болуп саналат. Бул өтүнүч кат берилген учурдан тартып, жоголгон же уурдалган картты пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча жоопкерчилик эмитентке жүктөлөт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 2019-П-14/56-4-(ПС), 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА), 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

43. Эмитент төмөнкү учурларда МФК/МККнын карт ээси/кредиттик картын пайдалануучусу алдында жоопкерчилик тартпайт:

- эгерде МФК/МККнын карт ээси/кредиттик картын пайдалануучу алар ортосунда түзүлгөн келишимдерде каралган картты жана PIN-кодду пайдалануу эрежелерин жана жол-жоболорун бузууга жол берсе;

- МФК/МККнын карт ээси/кредиттик картын пайдалануучу тарабынан укукка жатпаган иш-аракеттерге жол берилген учурда.

Кандай болбосун талаш жагдайларда эмитент МФК/МККнын карт ээсинин/кредиттик картын пайдалануучунун талабы боюнча, төлөм системасынын процессинг борборун кошо алганда, карт ээсинин эсебинен акча каражаттарынын чыгарылгандыгынын укук ченемдүүлүгүн тастыктоо үчүн ишке ашырылган транзакциялар боюнча толук маалыматты сунуштоого тийиш.

Бул талап карттын магнит тилкеси аркылуу ишке ашырылган операцияларга жана көп факторлуу аутентификация менен корголбогон электрондук коммерция боюнча операцияларга таркатылбайт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

7-глава. Эквайерге карата талаптар 

44. Улуттук банктан тиешелүү банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алган учурда гана эквайер банктык төлөм карттарынын эквайрингин жүзөгө ашырышы мүмкүн. Эквайер тиешелүү төлөм системасы жана анын оператору менен системага катышуу жана ошол операцияны аткарууга уруксат алууга келишим түзүүгө тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

45. Тиешелүү системанын картынын эквайрингин баштаган эквайер ал тууралуу белгиленген формада (ушул жобого карата 2-тиркеме) системадан уруксатты, система менен түзүлгөн тиешелүү келишимдин жана соода-тейлөө түйүндөр менен типтүү келишимдердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен эквайрингди иш жүзүндө баштаганга чейинки бир айдан кем эмес мөөнөттө Улуттук банкка билдирүүгө тийиш.

Карттардын эквайрингин токтоткон учурда, Банк ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына белгиленген формада (ушул жобого карата 2-тиркеме) эквайрингди иш жүзүндө токтотконго чейинки бир айдан кем эмес мөөнөттө маалымдоого тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

46. Тиешелүү системанын картынын эквайрингин баштаган жана тейлөөгө алган эквайер төлөм системасы тарабынан колдонулган стандарттарга жана талаптарга ылайык банкоматтардын жана/же терминалдардын өздүк түйүнүн жана башка аралыктан тейлөө жабдууларын орнотуу менен ошол түйүндөрдө системанын бардык карт ээлеринин карттары боюнча операцияларды жүргүзүүнү камсыз кылып алат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

47. Эквайер өз эсебинен аралыкта орнотулган бардык жабдууларда өз түйүндөрү аркылуу улуттук карттарды кабыл алууну жана тейлөөнү камсыз кылууга милдеттүү. Эквайерлердин соода-тейлөө түйүндөрү менен кандай болбосун келишимдик мамилелери башка эквайерлер тарабынан улуттук карттарды тейлөөсүндө тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жаратууга тийиш эмес.

48. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

49. Эквайер тарабынан картты пайдалануу аркылуу операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн сатылып алынган бардык жабдуулар алардын өз ара тейлөөгө алынышы жана төлөм системаларынын техникалык стандарттарына ылайык келиши үчүн карттардын ар кандай түрлөрүнүн функционалдык ылайыкташуусун камсыз кылышы зарыл.

50. Эквайер, тиешелүү системалардын регламентинде жана иш тартибинде башкасы каралбаса, башка эмитенттердин карттарын аралыкта орнотулган жабдуулар түйүнүндө кабыл алып, аны тейлөөсү үчүн кошумча комиссия (surcharge) белгилебеши мүмкүн. Транзакция ишке ашырылганга чейин кошумча комиссия (surcharge) алына тургандыгы тууралуу карт ээсине маалымдалууга жана ал аны жүргүзүүдөн баш тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.

Эквайер өз түйүнүндө улуттук карттарды кабыл алгандыгы жана тейлегендиги үчүн кошумча комиссия (surcharge) белгилөөгө укугу жок, бул карт ээсинин эмитент менен түзүлгөн келишимде жана улуттук төлөм системасынын эрежелеринде каралган.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

51. Карттарды колдонуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген төлөм системаларынын эрежелерине жана эмитентти ички контролдоо программасына ылайык, санкциясыз операциялардын тобокелдиктерин минималдаштыруу максатында, эквайер кардарга карата тобокелдиктердин даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу менен акча каражаттарын нак акчага айландыруу операцияларынын көлөмү боюнча аралыкта орнотулган жабдууларга чек коюуга тийиш. Банкомат аркылуу карт ээси тарабынан жүргүзүлгөн бир операциянын суммасы улуттук валютадагы 400 (төрт жүз) эсептик көрсөткүчтөн же анын чет өлкө валютасындагы эквивалентинен ашпоого тийиш. Эквайер башка эмитент тарабынан чыгарылган карта ээсине банкомат аркылуу бир операция үчүн улуттук валютада 200 (эки жүз) эсептик көрсөткүчтөн кем эмес суммада же бул сумманын чет өлкө валютасындагы эквивалентинде акча каражаттарын накталай акчага айландыруу мүмкүнчүлүгүн берүүгө милдеттүү. Мында, карта ээси, анын ичинде башка эмитент тарабынан чыгарылган картанын ээси өз тандоосу боюнча белгиленгенден да аз суммада акча каражаттарын банкомат аркылуу алууга укуктуу.

Эквайер башка эмитенттердин карта ээлеринин акча каражаттарын накталай акчага айландыруу кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектөөгө укугу жок.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА), 2024-жылдын 30-майындагы № 2024-П-14/25-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

52. Эквайер аралыкта орнотулган жабдууга төмөнкү маалыматтарды жайгаштырууга тийиш: эквайердин аталышы, төлөм системасынын, тейлөөгө кабыл алынган карттардын аталышы, түз байланыш телефону жана башка маалыматтар.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

8-глава. Эквайрингге карата талаптар 

53. Соода-тейлөө ишканасында аралыкта жайгаштырылуучу жабдууларды орнотуу үчүн эквайер ошол ишкана менен терминалды пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн эсеп ачуу жөнүндө жана тиешелүү системанын карттарын кабыл алуу жана тейлөө укугуна келишим түзүүгө тийиш. "Банктык эсеп ачуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускамага ылайык жана "Өз кардарыңды бил" саясатын сактоо менен жүргүзүлөт. Эквайер менен соода-тейлөө ишканасы ортосунда түзүлгөн келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

- соода-тейлөө ишканасынын аталышы жана анын юридикалык дареги;

- соода-тейлөө ишканасынын жана эквайердин карттарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча укуктары жана милдеттери;

- соода-тейлөө ишканасы тарабынан милдеттүү түрдө тейлөөгө кабыл алынуучу карттардын түрлөрү;

- соода-тейлөө ишканасынын картты же QR-кодду колдонуу менен төлөө учурунда, товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө кошумча комиссиялык төлөм же кыйла жогорку баа (үстөк баа) белгилөөсүнө тыюу салуу;

- комиссиялык төлөмдөрдүн өлчөмү;

- POS-терминалды пайдаланууда соода-тейлөө ишканасы тарабынан коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча негизги талаптар;

- соода-тейлөө ишканасынын ишинин түрү жана келишимде көрсөтүлгөн ишине шайкеш иш алып баруу тууралуу милдеттенмелери. Эгерде соода-тейлөө ишканасынын иши лицензияланууга тийиш болсо, эквайер соода-тейлөө ишканасынын иштин бул түрүн жүргүзүү үчүн колдонуудагы лицензиясын талап кылуусу зарыл;

- соода-тейлөө ишканасы тарабынан кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы жөнүндө талаптар, эгерде соода-тейлөө ишканасы финансылык мекеме болуп саналса же Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык финансылык эмес категориядагы жактарга кирсе;

- мыйзамдарда тыюу салынган операциялар үчүн төлөмдөрдү өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө талаптар;

- соода-тейлөө ишканасы картаны төлөө каражаты катары кабыл алуу учурунда коопсуздукту сактоосу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негизги талаптар (авторизациялоо, карт ээсин идентификациялоо, карт ээсинин транзакцияны ишке ашырууда PIN-кодду милдеттүү түрдө пайдалануусу же 3D Secure функционалын колдоо (эгерде тиешелүү төлөм системасынын эрежелеринде башкасы каралбаса), лимиттер жана башка талаптар);

- тиешелүү система тарабынан четке кагылган, ишке ашырылган операциялар боюнча суммаларды кайтарып берүү тартиби;

- карта боюнча сатылып алынган товарларды кайтарып берүүдө ошол товардын наркынын ордун толтуруп берүү жол-жобосу;

- соода-тейлөө ишканаларында карттарды тейлөө сапатына, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлине, терминалдарды күтүү шарттарына жана алардын иштешине, чектердин сакталышына келишим чегинде текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби;

- уурдалган/жоголгон карттар менен ишке ашырылган операциялар аныкталган же соода-тейлөө ишканасынын санкциясыз транзакцияларды жүргүзгөндүгү катталган учурда карт ээси менен өз ара иш алып баруу тартиби;

- санкциясыз операциялар жүргүзүлгөн, коопсуздук жол-жоболору же келишимдин башка шарттарын бузууга жол берилген учурда, тараптар ортосунда жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү жана ар бир катышуучуга белгиленүүчү айыптык санкциялар;

- талаш маселелерди кароо тартиби;

- келишимди токтотуу тартиби;

- транзакцияны ушул жобого ылайык жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу эрежелери боюнча талап.

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС), 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС), 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

53-1. Эквайер соода-тейлөө ишканасы үчүн интернет-эквайринг кызматтарын сунуштоодо, соода-тейлөө ишканасынын сайты же сайттары укуктук жактан соода-тейлөө ишканасына таандык экендигин текшерүүгө тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

53-2. Интернет-эквайринг кызматын көрсөтүү үчүн эквайер менен соода-тейлөө ишканасынын ортосунда түзүлгөн келишимде төлөм карттарына карата колдонулуучу жана ушул Жобонун 53-пунктунда каралган, ошондой эле төмөнкү шарттар камтылууга тийиш:

- соода-тейлөө ишканасынын сайтынын эквайердин талаптарына шайкеш келиши;

- соода-тейлөө ишканасынын сайтында карт ээлерин авторизациялоого карата талаптардын болушу.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

54. Соода-тейлөө ишканасы менен келишим түзүүдө эквайер бир операция суммасынын лимитин белгилөөгө тийиш, андан ашкан учурда соода-тейлөө ишканасы карта ээсин тастыктаган документти (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, паспортунун түп нускасы/инсандыгын тастыктаган башка документтин түп нускасын кагаз жүзүндө же Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу алынган санарип форматта) талап кылуусу зарыл. Инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтар милдеттүү түрдө чекте чагылдырылат.

Соода-тейлөө ишканасы менен келишимге эквайер карта ээлери тарабынан ишке ашырылган шектүү аракеттердин белгилери жана/же тизмелери менен картаны сүрөттөгөн жана төлөм системасынан тиешелүү билдирүүлөрдү алган учурда соода-тейлөө ишканалары кабыл ала турган зарыл чаралар камтылган нускоону (эрежелерди) киргизүүгө тийиш. Мында эквайер керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелерин жөнгө салган мыйзамдарга, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга жана төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу төлөм системаларынын операторлорунун сунуш-көрсөтмөлөрүнө таянуусу зарыл.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 23-августундагы N 2023-П-14/53-5-(ПС), 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

55. Эквайер, соода-тейлөө ишканасынын ыйгарым укуктуу кызматкерлерине карттарды кабыл алуу жана тейлөө эрежелерине окутууну, жасалма карттарды аныктап билүүгө же мүмкүн болуучу алдамчылык жагдайларын алдын алууга окутууну тиешелүү системада белгиленген, коопсуздуктун бардык жол-жоболоруна ылайык камсыз кылууга тийиш. Аралыкта орнотулган жабдууларда банктык төлөм карттарын кабыл алууну жана тейлөөнү жүзөгө ашырган ишкананын ыйгарым укуктуу кызматкерлерин эске албаганда, карттарды тейлөө коопсуздугунун жол-жоболору үчүнчү жактарга маалым болууга тийиш эмес.

55-1. Эквайер соода-тейлөө ишканасы менен келишим түзүү алдында соода-тейлөө ишканасынын келишимде көрсөтүлгөн ишин жана сайтын текшерүүгө тийиш. Маалыматтар эквайердин ички документтеринде жөнгө салынуусу зарыл.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

55-2. Эквайер мезгил-мезгили менен, соода-тейлөө ишканалары менен келишим түзүлгөндөн тартып кеминде 6 (алты) айда бир жолу соода-тейлөө ишканаларынын келишимде көрсөтүлгөн ишке шайкештигин текшерүүгө милдеттүү. Эгерде ишинин көрсөтүлгөн ишке дал келбегендиги аныкталса же соода-тейлөө ишканасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында мыйзамдарды бузууга байланышкан операцияларды же мыйзам тарабынан тыюу салынган операцияларды жүзөгө ашырып жаткандыгына шектенүү пайда болсо, эквайер соода-тейлөө ишканалары үчүн эквайринг кызматтарын сунуштоону жана келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу. Мында эквайер соода-тейлөө ишканасы менен түзүлгөн келишимге ылайык соода-тейлөө ишканасы менен акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС), 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

56. Соода-тейлөө ишканасы тиешелүү системанын эквайери тарабынан коюлган талаптарга жана стандарттарга, ошондой эле ушул жобого ылайык шарттарда өз терминалын орнотушу мүмкүн. Системада терминал эквайер түзүлүшү катары аныкталат.

56-1. Интернет-эквайринг кызматын сунуштоодо, эквайер келишим түзгөн соода-тейлөө ишканасынын сайтына бир Merchant Category Code (мындан ары - MCC) коду менен 1 (бир) гана виртуалдык POS-терминалды орнотууга укуктуу. Эгерде соода-тейлөө ишканасында иштин бир нече түрү болсо, анда МСС иштин негизги түрү боюнча ыйгарылат.

Эгерде виртуалдык POS-терминал соода-тейлөө ишканасы тарабынан белгиленген МСС ылайык колдонулбаса, эквайер соода-тейлөө ишканасы үчүн эквайринг кызматын сунуштоону жана келишимди токтотууга укуктуу.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

57. Эквайер өз аралыктан тейлөө жабдууларын соода-тейлөө ишканасында орнотушу мүмкүн.

58. Эквайер картты пайдалануу менен соода-тейлөө ишканасынын пайдасына жүзөгө ашырылган операциялар боюнча сумманын ордун, системанын регламентинде жана иш тартибинде жана келишимде белгиленген мөөнөттөргө ылайык процессингдин жыйынтыгына жараша бардык карт ээлери боюнча эмитенттерден түшкөн акча каражаттарын чегерүү аркылуу, ордун толтуруп берүүнү ишке ашырат.

58-1. МФК/МКК тарабынан сунушталган эквайринг кызмат көрсөтүүлөрү боюнча акыркы өз ара эсептешүүлөр жана милдеттенмелерди эсепке алуу (кабыл алынган төлөмдөр боюнча ордун толтуруу) МФК/МККнын банкта ачылган банктык эсептери жана соода-тейлөө ишканаларынын тиешелүү банктык эсептери аркылуу, же болбосо эквайринг кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимде каралган тартипте электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүлөт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

9-глава. Эл аралык төлөм системаларына/эл аралык төлөм системаларынын операторлоруна карата талаптар 

(Глава 

КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

59. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөр боюнча улуттук же локалдык төлөм системаларынын оператору Кыргыз Республикасынын резиденти болууга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, Улуттук банктын үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана төлөм системасынын, ошол процессинг, клирингдик борбордун катышуучуларына берүү кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо ишин жүргүзүү укугуна берилген лицензиясына ээ болууга тийиш.

Лицензияны алуу тартиби (бул ишти жүзөгө ашырууга уруксат алуу, уруксат берилген банктык операциялардын тизмесинде көрсөтүү менен) жана банктарга карата негизги талаптар Улуттук банктын банктардын ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында, ал эми төлөм системаларынын башка операторлору үчүн - Улуттук банктын төлөм системаларынын операторлорун лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында белгиленген.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

60. Эл аралык төлөм системасы Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карттарын пайдалануу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн Улуттук банкта каттоодон өтүүгө тийиш.

Эл аралык төлөм системасына Улуттук банктан каттоодон өтүүсүз Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барууга тыюу салынат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

61. Эл аралык төлөм системасын каттоо үчүн эл аралык төлөм системасынын оператору Улуттук банкка төмөнкү документтердин түп нускасын же алардын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн сунуштайт:

1) төмөнкү маалыматтар көрсөтүлгөн эл аралык төлөм системасын каттоодон өткөрүү жөнүндө өтүнүч кат:

- эл аралык төлөм системасынын аталышы;

- эл аралык төлөм системасынын операторунун аталышы (эгер болсо) жана анын юридикалык жана жайгашкан дареги жөнүндө маалыматтар;

2) юридикалык жактын юридикалык статусун жана түзүлгөн өлкөсүн тастыктаган мамлекеттик/эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн жана/же ага теңдеш башка документинин көчүрмөсү;

3) эл аралык төлөм системасынын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн, лицензияларынын/сертификаттарынын же түзүлгөн өлкөсүнүн финансылык көзөмөл боюнча аталган ишти лицензиялоочу/жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органы тарабынан эл аралык төлөм карттардын процессинги жана аларды тейлөө боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна берилген башка документтердин көчүрмөсү (талап кылынган шартта), же болбосо ошол органдын/юридикалык компаниянын жайгашкан өлкөнүн мыйзамы боюнча мындай уруксат берүү/тастыктоо талап кылынбай тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү тастыктоосу (иштин лицензиялануучу/жөнгө салынуучу түрү болуп саналбайт);

4) системанын катышуучулары менен түзүлгөн типтүү келишим.

Эл аралык төлөм системасы жана/же анын оператору да эл аралык төлөм системаларынын эрежелеринен жана тарифтеринен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

62. Эл аралык төлөм системасын каттоо үчүн сунушталган чет мамлекеттердин расмий документтери белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш, эгерде Кыргыз Республикасы катышкан жана күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса.

Бирден ашык барактан турган документтер ар бир барагына номер, кол коюлууга, көктөлүүгө жана талаптагыдай күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Чет тилинде түзүлгөн документтерде талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилдерине котормосу болууга тийиш.

Зарылчылык келип чыккан учурда, Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук түрдө берилүүгө тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

63. Эл аралык төлөм системасын каттоодон өткөрүү жөнүндө өтүнүч катты кароо мөөнөтү 15 (он беш) календардык күндү түзөт. Улуттук банк эл аралык төлөм системасынын операторуна кабыл алган чечими тууралуу ал чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күн ичинде кат аркылуу билдирет.

Эгерде сунушталган документтер Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга жооп бербесе, документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банктын талаптарын канааттандырган документтер кабыл алынган күндөн тартып башталат.

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында башкасы каралбаса, каттоо үчүн документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча акыркы чечим Улуттук банк каттоо үчүн өтүнүч каттын жана башка документтердин нускаларын кагаз жүзүндө алгандан кийин кабыл алынат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

63-1. Документтер белгиленген талаптарга ылайык келбеген жана/же документтер топтому толук берилбеген учурда жеткире иштеп чыгууга кайтарылат.

Кошумча/сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтер эл аралык төлөм системасы/эл аралык төлөм системасынын оператору тарабынан жеткире иштеп чыгууга алынган күндөн тартып, 10 (он) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө берилүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн документтер алдын ала электрондук түрдө сунушталып, кагаз жүзүндөгү түп нускасы милдеттүү түрдө жөнөтүлөт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

63-2. Бул жобонун талаптарына ылайык келбеген жана/же толук эмес көлөмдө сунушталган документтер экиден көп жолу тапшырылган учурда, ошондой эле эл аралык төлөм системасынын эрежелеринен жана тарифтеринен пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилбеген/болбогон шартта, Улуттук банк эл аралык төлөм системасын каттоодон өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу. Мында баш тартуунун себебин көрсөтүү менен, белгиленген мөөнөттө кат түрүндөгү тиешелүү билдирүү жөнөтүлөт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

63-3. Эгерде Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карттарын колдонуу боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн эл аралык төлөм системасы оффшордук зонада катталган болсо, анда ал Улуттук банкта каттала албайт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

64. Өтүнүч катты кароонун жыйынтыгында каттоодон өткөрүү жөнүндө оң чечим кабыл алынган учурда, Улуттук банк эл аралык төлөм системасына каттоо номерин ыйгарып, ал тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн эл аралык төлөм системаларынын реестрине (мындан ары - эл аралык төлөм системаларынын реестри) киргизет жана каттоодон өткөндүгү тууралуу кат түрүндө билдирүүнү белгиленген мөөнөттө эл аралык төлөм системасына/эл аралык төлөм системасынын операторуна жөнөтөт. Билдирүүдө ыйгарылган каттоо номери көрсөтүлөт.

Эл аралык төлөм системаларынын реестрине киргизүү тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

65. Эл аралык төлөм системасы/эл аралык төлөм системасынын оператору эл аралык төлөм системасын каттоодо көрсөтүлгөн кайсы болбосун маалыматтардын өзгөрүшү тууралуу өзгөртүүлөр кирген учурдан тартып 3 (үч) жумуш күн ичинде кат жүзүндө Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.

Улуттук банк сунушталган маалыматтын негизинде, зарылчылыгына жараша, эл аралык төлөм системаларынын реестрине 3 (үч) жумуш күн ичинде тиешелүү жазууну киргизет.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

66. Эл аралык төлөм системалары/эл аралык төлөм системаларынын операторлору тарабынан Улуттук банкка сунушталган документтер жана алардын көчүрмөлөрү кайтарылбайт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС), 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

67. Эл аралык төлөм системасы/анын оператору каттоо жол-жобосунан өткөндөн кийин Улуттук банк үчүн системанын документтерине (эрежелерге, колдонуудагы тарифтерге, типтүү келишимдерге, катышуу үчүн талаптарга, жаңылыктарга, отчетторго ж.б.у.с.), анын ичинде өз сайттарына туруктуу негизде кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

67-1. Улуттук банк төмөнкү учурларда эл аралык төлөм системасынын каттоодон өткөндүгүн жокко чыгарат жана эл аралык төлөм системаларынын реестрине тиешелүү жазууну киргизет:

1) эл аралык төлөм системасынын жана/же анын операторунун түзүлгөн өлкөсүнүн финансылык көзөмөл боюнча лицензиялоочу/жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу органы тарабынан эл аралык төлөм карттарынын процессинги жана аларды тейлөө ишин жүзөгө ашыруу укугуна буга чейин берилген каттоо/уруксат берүү жөнүндө документтери (каттоо жөнүндө лицензиялары/сертификаттары/күбөлүктөрү ж.б.) кайтарылып алынган (жокко чыгарылган) учурда;

2) эл аралык төлөм системасынын оператору тарабынан анын эл аралык төлөм системаларынын реестринен чыгаруу жөнүндө өтүнүч кат же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагында ишин токтоткондугу тууралуу жазуу жүзүндө башка билдирүү берилген учурда. Эл аралык төлөм системасынын оператору өтүнүч катты төлөм системасынын катышуучулары менен акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин гана берет.

Улуттук банк эл аралык төлөм системасынын операторуна, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана башка кызыкдар тараптарга каттоо жокко чыгарылгандыгы тууралуу кат түрүндө билдирет жана бул боюнча маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтына жайгаштырат.

Эл аралык төлөм системасы жана анын оператору Улуттук банк эл аралык төлөм системасын тиешелүү реестрден чыгарып салган жана бул тууралуу маалыматты өзүнүн расмий интернет-сайтында жайгаштырган күндөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөр системалары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү токтотууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы № 2020-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

67-2. Эгерде эл аралык төлөм системасынын каттоосу жокко чыгарылса, документтерди кайра каттоо үчүн 1 жылдан кийин тапшырылышы мүмкүн.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

10-глава. Процессингге жана процессинг борборуна карата жалпы талаптар, жыйынтыктоочу эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби 

(Главанын аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

68. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялар процессингин процессинг борбору ишке ашырат.

68-1. Процессинг иши финансылык маалыматты сактоону жана карттарды колдонуу менен эсептешүү системасынын катышуучуларына карттарды колдонуу менен жасалган бүтүмдөр боюнча маалыматты жөнөтүүнү, ошондой эле карттарды колдонуу менен эсептешүү системасынын катышуучулары ортосундагы тиешелүү келишимдерде каралган башка функцияларды аткарууну камтыйт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

69. Эгерде төлөм системасы локалдык болуп саналса жана ал локалдык бир эмитенттүү картты пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө негизденген болсо же өзүнүн процессингин ишке ашырса, Улуттук банктын лицензиясы/уруксаты жок процессинг борборунун милдеттерин эмитент аткарууга укуктуу.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

70. Локалдык көп эмитенттүү картты же башка банктар үчүн эл аралык карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын процессинг борборунун милдетин, үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ага төлөм системасынын, аталган процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүүгө (процессинг, клиринг) лицензиясы болгон шартта, ошол системанын катышуучусу болуп саналышкан эмитент же эквайер аткарышы мүмкүн. Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына жөнөтүү иши (процессинг, клиринг) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

71. Процессинг борборунун функциясын системанын катышуучусу болуп саналган жана Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы бар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык системанын катышуучуларынын ортосундагы келишимдер менен белгиленген регламентке жана иш тартибине ылайык иштеген төлөм системасынын оператору аткара алат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

72. Улуттук карттарды пайдалануу менен төлөмдөрдүн процессинги жана улуттук системанын катышуучуларынын жыйынтыктоочу таза позицияларын эсептөө улуттук төлөм системасынын оператору тарабынан жүзөгө ашырылат. Системанын катышуучуларынын улуттук карттарды пайдалануу менен төлөөлөр боюнча акыркы эсептешүүлөрү системанын иш регламентине жана тартибине ылайык, айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн банктар аралык гросстук системасында Улуттук банк тарабынан ишке ашырылат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

72-1. Улуттук банк улуттук карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары ортосунда акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча эсептешүү агенти болуп саналат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

73. Эл аралык карталарды пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялар процессинги, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды кошпогондо, эл аралык төлөм системаларынын операторлору тарабынан ошол системалардын регламентине, иш тартибине жана келишимдерине ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 2024-П-14/60-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

73-1. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган эл аралык карталар боюнча транзакциялар процессингин жүзөгө ашырышкан процессинг борборлору эл аралык төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүү системаларынын тынымсыз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн улуттук төлөм системасынын операторунун процессинг борборуна түздөн-түз же башка катышуучу аркылуу туташуусун (интеграция) камсыз кылууга милдеттүү.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 2024-П-14/60-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

73-2. Улуттук төлөм системасынын оператору ушул Жобонун 73-1-пунктунун талаптарына ылайык туташкан (интеграция) бардык катышуучулардын ачык жана бирдей пайдалануусун камсыз кылган эрежелердин, тарифтердин жана шарттардын колдонулушун камсыздоого милдеттүү.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 2024-П-14/60-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

73-3. Процессинг борборлорунун өз ара иши эл аралык төлөм системаларынын карта ээлеринин банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасынын ишинде өзгөчө кырдаалдар орун алган учурда (системанын үзгүлтүксүз ишине, операцияларды жүргүзүүгө терс таасирин тийгизген инциденттер жана башка жагдайлар, ошондой эле эл аралык төлөм системасынын операторунун кызмат көрсөтүүсү токтотулган же эл аралык төлөм системасынын реестрине тиешелүү жазууларды киргизүү менен эл аралык төлөм системасынын каттоодон өткөндүгү Улуттук банк тарабынан жокко чыгарылган учурлар) маалымат өткөрүүнүн альтернативалуу каналдарын жана/же резервдик каражаттарды колдонуу аркылуу Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагы боюнча соода-тейлөө ишканаларында улуттук валютада жүзөгө ашырылган төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн жана аралыкта орнотулган түзүлүштөрдөн накталай акча каражаттарын алууну үзгүлтүксүз негизде пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 2024-П-14/60-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

74. Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде карт-резиденттерди пайдалануу менен ар кандай төлөм системаларынын катышуучуларынын ишке ашырылган транзакцияларынын процессингинин натыйжасы боюнча өз ара эсептешүүлөр өлкөнүн улуттук валютасында жүзөгө ашырылат. Ички мамлекеттик операциялар боюнча акыркы эсептешүү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында өтүүгө тийиш.

Көңүл буруңуз! КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 токтомунун 4-п. ылайык 74-п. 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 

75. Эмитент, процессинг борбору жана эквайер ортосунда бардык транзакциялар электрондук түрдө ишке ашырылууга жана зарылчылык келип чыккан шартта тиешелүү документтер (чектер) менен тастыкталууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

76. Өткөрүлгөн транзакциялар боюнча маалыматтардын процессинг борбору тарабынан эмитенттерге жана эквайерлерге, ошондой эле эсептешүүчү агенттерге берилишинин тартиби, ошол системанын катышуучулары ортосунда түзүлгөн келишимдерде жана/же төлөмдү ишке ашырган тиешелүү системанын регламентинде жана иш тартибинде белгиленет.

77. Карттар менен операциялар боюнча банктар аралык транзакциялардын файлдары процессинг борбору тарабынан системанын иш регламентине жана тартибине ылайык айкын убакыт ыргагында банктар аралык гросстук системасы аркылуу карттар менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары ортосунда жыйынтыктоочу өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн эмитенттерге жана эквайерлерге берилиши мүмкүн.

78. Эгерде төлөм системасынын регламенти жана иш тартиби боюнча жыйынтыктап эсептешүүлөрдү эсептөөчү агент жүзөгө ашыра турган болсо, процессинг борбору карттар боюнча өткөрүлгөн транзакциялар жөнүндө маалыматтарды, тиешелүү системалардын эмитенттеринин жана эквайерлеринин эсептери боюнча акча каражаттарын чегерүү же эсептен алып салуусу үчүн эсептөө агенттигине жөнөтөт.

79. Төлөмдөр системасынын катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эл аралык системаларынын карттарын пайдалануу менен өз ара эсептешүүлөрү чет өлкө валютасында чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү өткөрүү системасы боюнча жүзөгө ашырылат.

80. Процессинг борборлору келишимдик мамилелерге ылайык эмитенттерге жана эквайерлерге кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүн (кардарлар үчүн карттарды персонализациялоо, кардарлар жана соода-тейлөө ишканалары боюнча маалыматтар базасын жүргүзүү ж.б. кызмат көрсөтүүлөр) да сунуштоосу мүмкүн.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

81. Процессинг борбору банктык төлөм карттарды пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча транзакциялар жөнүндө маалыматтардын Кыргыз Республикасынын төлөм документтери үчүн каралган, Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен аныкталган мөөнөт ичинде сакталышы жана калыбына келтирилиши үчүн жоопкерчилик тартат.

82. Карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөр боюнча төлөм системасынын катышуучулары, тиешелүү төлөм системалары үчүн белгиленген регламенттин жана иш тартибинин, жол-жоболордун талаптарына ылайык, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган операциялар боюнча коопсуздук талаптарын сактоого тийиш.

83. Карттарды пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын катышуучулары ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер системанын регламентинде жана иш тартибинде белгиленүүгө жана келишимдерде системанын катышуучулары ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

10-1-глава. Мамлекет ичинде төлөмдөр жана акыркы эсептешүүлөр процессингине жана аларды жүргүзүү тартибине карата талаптар 

(Главанын КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

83-1. Мамлекет ичиндеги төлөмдөргө Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган ар кандай төлөм системаларынын карттарын пайдалануу менен улуттук валютада жүргүзүлгөн төлөмдөр кирет. Мында, эмитент, эквайер, соода-тейлөө ишканалары Кыргыз Республикасынын резиденттери болуп саналат жана төлөмдөр карт ээсинин банктык эсебинин валютасына карабай, улуттук валютада жүзөгө ашырылат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

83-2. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган банктык төлөм карталарын пайдалануу менен улуттук валютада жүргүзүлгөн төлөөлөр боюнча финансылык маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну, сактоону (транзакциялардын процессингин) "Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды кошпогондо, Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы/уруксаты бар процессинг борбору жүзөгө ашырат. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялардын процессинг жүргүзүү үчүн арналган процессинг борбору жана анын аппараттык-программалык комплекси Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 2024-П-14/60-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

83-3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 2024-П-14/60-3-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

83-4. Мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча клиринг банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн төлөм системасынын оператору тарабынан жүзөгө ашырылат жана жыйынтыктоочу таза позицияларды эсептөө ушул системанын регламентине жана иш тартибине ылайык банктар аралык Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында жүзөгө ашырылат. Мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча жыйынтыктап эсептешүү Улуттук банк тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 2024-П-14/60-3-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

83-5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 13-ноябрындагы № 2024-П-14/60-3-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

11-глава. Кошумча лицензия алуу тартиби жана талап кылынган документтер 

(Глава КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

12-глава. Корутунду жоболор 

92. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тобокелдиктерди басаңдатуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында карттарды пайдалануу менен иш алып барган төлөм системаларынын ишине мониторингди, талдап-иликтөөлөрдү, жөнгө салууну жана көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат.

93. Эмитент жобонун 7-тиркемесинде белгиленген формага жана тартибине ылайык чыгарылган жана тейлөөгө алынган карттардын түрлөрү жана типтери жөнүндө, анын ичинде алардын эсебиндеги акча каражаттарынын калдыгы тууралуу маалыматтарды отчеттук чейректен кийинки айдын 10унан кечиктирбестен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формага жана тартибине ылайык отчетторду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

94. Эквайер жобонун 3-тиркемесинде белгиленген формага жана тартибине ылайык, аралыкта орнотулган жабдуулар боюнча маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына отчеттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен; Жобонун 6-тиркемесинде берилген формага жана тартибине ылайык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн аралыкта орнотулган жабдуулардын функциялары бар экендиги жөнүндө отчеттук чейректен кийинки айдын 10унан кечиктирбестен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формага жана тартибине ылайык маалымдоого тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

95. Картты пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формаларга жана мөөнөттөргө ылайык картты пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын ишине тиешелүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүсү зарыл.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

96. Карттардын эмиссиясы жана/же эквайринги боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган банктар жана МФК/МК, тиешелүү келишим шарттарынын, транзакцияларды өткөрүү коопсуздугунун жана карттарды пайдалануу эрежелеринин кардарлар тарабынан сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

97. Карттардын эмиссиясы жана эквайринги боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган банктар жана МФК/МК, карттарды пайдалануу менен ишке ашырылган операцияларга тиешелүү системанын регламентинде жана иш тартибинде белгиленген параметрлер боюнча мониторингди жүзөгө ашырууга, ошондой эле туура эмес жана укукка жатпаган операцияларды токтотууга жана/же аларга бөгөт коюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш. Банктар жана МФК/МК бул функцияларды келишимдик мамилелерде белгиленген шарттарга ылайык, башка процессинг борборлоруна өткөрүп берүүгө укуктуу.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА), 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

 

 

"Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө" жобого карата

1-тиркеме

Банктык төлөм карттар эмиссиясынын башталгандыгы/аяктагандыгы жөнүндө 

БИЛДИРМЕ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-4-(ПС), 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Ушул аркылуу _____________________________________________________________________

(эмитенттин толук аталышы толук аталышы)

_________________________________________________________________________________

ушул билдирмеге кошо тиркелген ____________________________________________________

(банктык төлөм карттар системасынын аталышы жана карттын түрү)

________________________ келишимине жана төлөм системасынын расмий уруксатына ылайык ________________________________________ банктык төлөм карттарын чыгаруу башталгандыгы/аяктагандыгы жөнүндө билдирет.

Башкарманын төрагасы (кол тамгасы, мөөрү)

Кол тамганын чечмелениши

 

 

 

"Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө" жобого карата

2-тиркеме

Банктык төлөм карттардын эквайринги башталгандыгы/аяктагандыгы жөнүндө 

БИЛДИРМЕ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-4-(ПС), 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА), 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Ушул аркылуу.____________________________________________________________________

(эквайердин толук аталышы)

________________________________________________________________________________

ушул билдирмеге кошо тиркелген ___________________________________________________

(банктык төлөм карттар системасынын аталышы жана карттын түрү)

_____________________ келишимине жана төлөм системасынын расмий уруксатына ылайык _____________________________________ Банктык төлөм карттардын эквайринги башталгандыгы/аяктагандыгы жөнүндө билдирет.

Башкарманын төрагасы (кол тамгасы, мөөрү)

Кол тамганын чечмелениши

 

 

 

"Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө" жобого карата

3-тиркеме

Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар реестри жөнүндө 

ОТЧЕТ  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 2019-П-14/56-4-(ПС), 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 2024-П-14/61-1-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Эквайердин аталышы: _________________________________________

Эквайердин ИНН: _____________________________________________

Эквайердин ОКПО: ____________________________________________

20__-жылдын "___" __________ карата абал боюнча

 

Аралыкта жайгаштырылган жабдуунун түрү 

Аралыкта жайгаштырылган жабдуунун ID

Жабдуунун аралыкта жайгашкан орду

Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар менен тейлеген төлөм системасынын аталышы

Валютасы

Пайдалануу мезгил аралыгы

Жайгашкан орду

Областы

Району

Айыл аймагы

Шаар/шаар тибиндеги кыштак/айыл

Көчөсү 

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкарманын төрагасы (кол тамгасы, мөөрү)

 

Кол тамгасынын чечмелениши

Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар реестри боюнча отчетту толтуруу 

ЭРЕЖЕСИ  

1. Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар реестринде алардын так жайгашкан ордун жана ошол жабдуу тууралуу кыскача маалыматты көрсөтүү менен төлөм карты аркылуу, ошондой эле төлөм картын пайдалануусуз (төлөм терминалдарын) кардардын банктык эсебинен аралыктан пайдалануусун камсыз кылган аралыкта орнотулган жабдуулар жөнүндө маалымат чагылдырылат.

2. "Аралыкта жайгаштырылган жабдуунун түрү" деген 2-тилкеде жабдуунун түрү көрсөтүлөт: POS-терминал-соода-тейлөө ишканалары, POS-терминал-нак акча берүүчү пункту, cash-in-терминал, cash out банкомат, cash out + cash-in банкомат, виртуалдуу POS-терминал, mPOS жана башка аралыкта жайгаштырылган жабдуу.

3. "Аралыкта жайгаштырылган жабдуунун ID" деген 3-тилкеде банктардын катталган номерлерине ылайык жабдуулардын идентификациялык номерлери көрсөтүлөт.

4. "Жайгашкан орду" деген 4-тилкеде жабдуу жайгашкан жердин аталышы көрсөтүлөт (соода-тейлөө ишканалары, уюм, ж.б.). Виртуалдуу POS-терминалдар (V-POS) үчүн веб-дареги көрсөтүлөт.

5. "Областы" деген 5-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин "Административдик аймактык бирдиктер классификатору - СОАТЕ" маалымдамасына ылайык Кыргыз Республикасынын областынын аталышы көрсөтүлөт.

6. "Району" деген 6-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин "Административдик аймактык бирдиктер классификатору - СОАТЕ" маалымдамасына ылайык Кыргыз Республикасынын районунун аталышы көрсөтүлөт.

7. "Айыл аймагы" деген 7-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин "Административдик аймактык бирдиктер классификатору - СОАТЕ" маалымдамасына ылайык Кыргыз Республикасынын районунун айыл аймагынын аталышы көрсөтүлөт.

8. "Шаар/шаар тибиндеги кыштак/айыл" деген 8-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин "Административдик аймактык бирдиктер классификатору - СОАТЕ" маалымдамасына ылайык шаардын, райондук борборлордун, шаар тибиндеги кыштактын, айылдын аталышы көрсөтүлөт.

9. "Көчөсү" деген 9-тилкеде көчөнүн аталышы көрсөтүлөт. Эгерде жабдуулар белгилүү бир дареги жок жерлерде орнотулса (көчөнүн аталышы, №), "Жайгашкан орду" деген 4-тилкеде кеңири маалымат, б.а. уюмдун, анын түзүмдүк бөлүмүнүн, ж.б. аталышы көрсөтүлөт.

10. "Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар менен тейлеген төлөм системасынын аталышы" деген 10-тилкеде ошол жабдуу аркылуу тейлеген төлөм системасынын аталышы көрсөтүлөт (Элкарт, VISA, MasterCard, UnionPay, ж.б.).

11. "Валютасы" деген 11-тилкеде ошол жабдуу аркылуу берилүүчү же кабыл алынуучу валютанын коду (KGS, USD, EUR ж.б.) көрсөтүлөт.

12. "Пайдалануу мезгил аралыгы" деген 12-тилкеде ошол жабдуудан пайдалануу убактысы/мезгил аралыгы көрсөтүлөт.

Отчетко киргизилген өзгөртүүлөр (банктык жабдууну орнотуу/алып салуу жана ордун которуу) боюнча маалымат чагылдырылган коштомо кат тиркелүүгө тийиш

Отчеттор/билдирүүлөр Улуттук банк тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттө сунушталууга тийиш. Эквайер ушул Жобонун бардык шарттарынын жана талаптарынын так сакталышы, ошондой эле өз учурунда жана так маалыматтын сунушталышы үчүн жоопкерчилик тартат.

 

 

 

"Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттары жөнүндө" жобого карата

4-тиркеме

Аралыкта орнотулган жабдуу (банктык төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн терминалдар, банкоматтар, өзүн-өзү тейлөөчү автоматташтырылган терминалдар жана башка жабдуулар) реестри боюнча отчетту толтуруу 

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 15-ноябрындагы № 2019-П-14/56-4-(ПС) токтомуна ылайык 

күчүн жоготту) 

 

 

 

"Кыргыз Республикасында банктык төлөм карттар жөнүндө" жобого карата

5-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы

Финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу укугуна 

№ ___/5 ЛИЦЕНЗИЯ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-15-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

 

 

"Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө" жобого карата

6-тиркеме

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн функциялары бар аралыктан орнотулган жабдуулардын саны жөнүндө  

ОТЧЕТ  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

№ 

Областтын аталышы 

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн функциялары бар аралыктан орнотулган жабдуулардын саны 

Бардыгы болуп орнотулган банкоматтардын саны 

Бардык орнотулган банкоматтардын ичинен: 

Бардыгы болуп орнотулган POS-терминалдардын саны 

орнотулган POS-терминалдардын ичинен: 

Бардыгы болуп орнотулган төлөм терминалдардын саны 

Орнотулган төлөм терминалдарынын ичинен 

Көзү азиздерге арналган баскычтардын болушу (5-саны томпок болушу) 

аудио функциясынын болушу (операцияларды коштоо) 

анын ичинде иштеп жаткан аудио функциясынын болушу (операцияларды коштоо) 

аудио функциясынын жок болушу 

тоскоолдук бар (тепкич, көтөрүлүү/  

түшүү) жана пандус бар 

тоскоолдук бар (тепкич, көтөрүлүү/  

түшүү), бирок пандус жок 

тоскоолдук жок (тепкич, көтөрүлүү/  

түшүү), пандус орнотуунун кажети жок 

Көзү азиздерге арналган баскычтардын болушу (5-саны томпок болушу) 

байланышсыз төлөө функциясы бар 

аудио функциясынын болушу (операцияларды коштоо) 

анын ичинде иштеп жаткан аудио функциясынын болушу (операцияларды коштоо) 

аудио функциясынын жок болушу 

Тоскоолдук бар (тепкич, көтөрүлүү/  

түшүү) жана пандус бар 

Тоскоолдук бар (тепкич, көтөрүлүү/  

түшүү), бирок пандус жок 

Тоскоолдук жок (тепкич, көтөрүлүү/  

түшүү), пандус орнотуунун кажети жок 

1

Бишкек ш.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2

Чүй областы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3

Ысык-Көл областы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4

Нарын областы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

5

Талас областы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

6

Жалал-Абад областы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

7

Ош областы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

8

Баткен областы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында:

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Отчетко тиркемеси менен коштомо кат тиркелиши зарыл.

 

 

 

"Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө" жобого карата

7-тиркеме

Жүгүртүүдөгү карттардын саны жана алардагы акча каражаттарынын калдыгы жөнүндө  

ОТЧЕТ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-14/75-4-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

Төлөм системасынын аталышы 

Карт ээлеринин саны 

Карттын түрү 

Карттын статусу 

Отчеттук мезгилдин аягындагы карт эсептериндеги акча каражаттарынын калдыгы 

магниттик карт 

чип коюлган карт 

чип коюлган NFC карт 

виртуалдык карт 

активдүү 

активдүү эмес 

блокировкаланган 

сом 

АКШ доллары 

евро 

рубль 

теңге 

n… 

1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Төлөм системасынын аталышы көрсөтүлгөн

Төлөм системасында тейленген карт ээлеринин саны көрсөтүлөт

Жүгүртүүдөгү магниттик карттардын саны көрсөтүлөт

Жүгүртүүдөгү чип коюлган карттардын саны көрсөтүлөт

Жүгүртүүдөгү байланышсыз карттардын саны көрсөтүлөт

Жүгүртүүдөгү виртуалдык карттардын саны көрсөтүлөт

Отчеттук мезгилдин аягында активдүү (1 жылдын ичинде) карттардын саны көрсөтүлөт

Отчеттук мезгилдин аягында активдүү эмес (1 жылдан ашык) карттардын саны көрсөтүлөт

Отчеттук мезгилдин аягында блокировкалган карттардын саны көрсөтүлөт

Миң бирдикте валюталардын номиналында сан менен көрсөтүлөт

Отчетко тиркемеси менен коштомо кат тиркелиши зарыл.