Кайта келүү

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Улуттук банк Башкармасынын

2020-жылдын 19-августундагы

№ 2020-П-14/46-4-(ПС)

токтомуна карата

тиркеме

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 31-октябрындагы № 2025-П-14/59-2-(ПС), 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор  

1. "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" бул жободо (мындан ары - Жобо) электрондук акчаны колдонуу менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырышкан, коммерциялык банк болуп саналышпаган төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда (мындан ары - төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоону уюштуруу боюнча минималдуу талаптар аныкталат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлорунун ишине, анын ичинде кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарынын сакталышы максатында ички контролдоонун уюштурулушуна көзөмөл жүргүзөт жана шектүү операциялардын белгилери камтылган төлөмдөр үчүнчү жактардын пайдасына өткөрүлгөндүгү аныкталган учурларда тиешелүү маалыматтарды кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - финансылык чалгындоо органы) жөнөтөт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Өз иш натыйжасы болуп саналбаган, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырышкан, ошондой эле электрондук акчаны колдонуу менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырышкан төлөм системасынын операторлору болуп саналышкан коммерциялык банктардын жана банк-өнөктөш болуп саналышкан электрондук акча агенттеринин (дистрибьюторлордун) иши Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) токтому менен бекитилген "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо аркылуу жөнгө салынат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2-глава. Түшүнүктөр жана аныктамалар  

4. Ушул Жобонун максатында төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

Бенефициардык менчик ээси - түпкүлүгүндө келип (ээлик кылуу жана контролдоо аркылуу) тике же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээ болгон же кардарды контролдоого алган жеке адам (жеке адамдар же болбосо анын атынан же анын таламында операция жүргүзгөн (бүтүмгө келишкен) жеке адам.

Жакын туугандары - ата-энеси, асырап алуучулар, асырап алынгандар, бир тууган жана аталаш (энелеш) бир туугандар, чоң ата, чоң эне, неберелер, ага карата мамлекеттик кызмат адамы турак жай, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка зарыл болгон чыгашаларды жабуу бөлүгүндө каржылык чыгымдарды тартат.";

Верификация - кардардын жана (же) бенефициардык ээсинин идентификациялык маалыматтарын текшерүү жол-жобосу.

Жогору тобокелдиктеги өлкөлөр - акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарды колдонбогон же жетишсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттер жана аймактар (түзүлүштөр), ошондой эле оффшордук зоналар.

Контролдоого алынып жана ал боюнча маалымдалууга тийиш болгон операцияларды аныктоо - Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарынын/төлөм системаларынын операторлорунун ички контролдоосун уюштуруу этабы, анда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, контролдоого алынып жана финансылык чалгындоо органына маалымдалууга тийиш болгон операцияларды аныктоо камтылган.

Ишкердик мамилелер - бул кардар менен финансылык мекеменин ортосундагы же кардар менен финансылык эмес жактардын ортосундагы операцияны (бүтүмдү) ишке ашыруу боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндө (оозеки же жазуу жүзүндөгү) макулдашуунун негизинде келип чыккан мамилелер.

Идентификация - кардар жана (же) бенефициардык ээси жөнүндө идентификациялык маалыматтарды белгилөө жол-жобосу.

Башка мүлктүн келип чыгуу булагы - бул мамлекеттик кызмат адамынын жалпы мүлкүнүн келип чыгышы жөнүндө маалымат (кардарга таандык болгон бардык активдердин түзүлүү булагы). Алынган маалымат кардардын абалы жана ал кантип алгандыгы жөнүндө маалыматтарды чагылдырат.

Акча каражаттарынын келип чыгуу булагы - бул кардар менен банктын ортосундагы ишкердик мамилелердин предмети болгон конкреттүү акча каражаттарынын же активдердин келип чыгышы жөнүндөгү маалымат. Алынган маалымат мазмундуу болууга тийиш, анда бул каражаттарды же активдерди алуунун же сатып алуунун булагы жана/же негиздери көрсөтүлөт.

Кардар (кардар-төлөөчү, кардар-кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу) - төлөм уюмунун кардары катары товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө максатында төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун инфраструктурасынан/кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланган төлөөчү/пайдалануучу, ошондой эле төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун тейлөөсүнө алынган же тейлөөгө алынып жаткан же болбосо төлөм уюму алар менен ишкердик мамиле түзгөн товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу, агент, субагент, контрагент, төлөм системасынын катышуучусу же башка жеке адам же юридикалык жак (уюм) саналат.

Электрондук акча чыгарууга лицензиясы бар төлөм уюмунун кардарлары болуп электрондук акча ээлери - Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык идентификациядан жана верификациядан өткөн жеке адамдар жана юридикалык жактар, электрондук акчаны акцептанттары да саналат.

Төлөм - төлөөчүнүн нак акча каражаттарын колдонуу менен акчалай милдеттенмелерин аткаруусу же нак эмес акча каражаттарын которуу процесси.

Шектүү операция (бүтүм) - төмөнкү белгилерге туура келген операция (бүтүм):

а) эгерде каражаттар кылмыш жолу менен алынган киреше болуп саналат деп шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо, анын ичинде предикаттык кылмыштардан же кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуу болсо;

б) эгерде каражаттар каржылоого байланыштуу деп шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо:

- террористтер жана экстремисттер;

- террористтик жана экстремисттик уюмдар (топтор);

- террористтик жана экстремисттик ишкердик;

- уюшкан топтор же кылмыштуу коомчулуктар;

- массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтуу.

Шектүү операция (бүтүм) ички контролдоо кызматы тарабынан кардардын жана бенефициардык ээсинин акча каражаттары же башка мүлкү менен жүзөгө ашырылган операцияларын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын алкагында таянуу менен аныкталат.

Ички контролдоо программасы - төлөм уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарын аткаруу максатында колдонулуучу ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системалары.

Кеңири таанымал кызмат адамдар - төмөнкү жеке жактардын бири:

а) чет өлкөлүк кеңири таанымал кызмат адамы - чет мамлекетте олуттуу мамлекеттик же саясий функцияларды (коомдук функцияларды) аткарып жаткан же аткарып келген адам (мамлекет же өкмөт башчылары, өкмөттөгү жана башка мамлекеттик органдардагы, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү, мамлекеттик ишканалардагы же мекемелердеги жогорку кызмат адамдары, ошондой эле көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери);

б) улуттук кеңири таанымал кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган Кыргыз Республикасындагы саясий жана атайын мамлекеттик кызматты же саясий муниципалдык кызматты ээлеп турган же ээлеген адам, ошондой эле мамлекеттик корпорациялардын жогорку жетекчилиги, көрүнүктүү саясий ишмерлер, анын ичинде саясий партиялардын көрүнүктүү ишмерлери;

в) эл аралык уюмдун кеңири таанымал кызматкери - учурда ага эл аралык уюмдун маанилүү функциялары жүктөлгөн же буга чейин жүктөлгөн эл аралык уюмдун жогорку кызматкери (эл аралык уюмдун жетекчилери, жетекчилеринин орун басарлары жана башкарма мүчөлөрү же эл аралык уюмдагы эквиваленттүү кызматтарды ээлеген адамдар).

Тобокелдикке багытталган ыкма - тобокелдикти натыйжалуу кыскартуу үчүн алардын деңгээлине шайкеш чараларды колдонуу, анын ичинде төлөм уюмдарынын тобокелдикти башкаруу боюнча бекитилген жол-жоболоруна ылайык, тобокелдик деңгээли жогорулаган шартта төлөм уюмдары күчөтүлгөн чараларды же тобокелдик деңгээли төмөндөгөн шартта жөнөкөйлөтүлгөн чараларды колдонуусу (тобокелдикти аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо, тобокелдик даражасын төмөндөтүү).

Санкциялык тизмелер - Кыргыз Республикасынын жалпыланган санкциялык тизмеси жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жалпыланган санкциялык тизмеси.

Санкциялык тизмени түзүү жана жарыялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген "Террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө" жободо каралган.

Максаттуу финансылык санкциялар - кылмыштуу иш-аракеттерге катышкандыгы тууралуу маалыматтар бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын ар кандай операцияларын (бүтүмдөрүн) жана (же) каражаттарын токтотуу жана (же) мындай жактарга, топторго жана уюмдарга ар кандай каражаттардан же финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн (түз же кыйыр түрдө) чектөө.

Ички контролдоо кызматы - төлөм уюмунун / төлөм системасынын операторунун кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программасын жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу кызматкери/кызмат адамы же түзүмдүк бөлүмү.

Бул Жободогу башка терминдер жана түшүнүктөр Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамында каралган аныктамаларына ылайык колдонулат.";

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

3-глава. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иши  

5. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иши агенттик, субагенттик түйүндөрдү, электрондук акча агенттерин (дистрибьюторлорду) жана төлөм системасынын катышуучуларын эске алганда, төмөнкү компоненттерди камтууга тийиш:

1) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программасын ишке ашыруу;

2) ички аудит кызматы (эгер болсо) /көз карандысыз аудитор тарабынан кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүү;

3) ички контролдоо кызматын аныктоо, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамын жана ал убактылуу жок учурда/иштен бошогон шартта кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында аны алмаштырган кызмат адамын дайындоо (кадрлар резервин түзүү);

4) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программаларын ишке ашырууга катышкан агенттерди жана төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызматкерлерин окутуу.

Эгерде төлөм уюмунун агенти катары коммерциялык банк же төлөм уюму саналса, төлөм уюму окутуудан өткөндүгү жөнүндө тиешелүү документтерди талап кылууга тийиш;

5) агенттер, субагенттер, электрондук акча агенттери (дистрибьюторлор) жана төлөм системасынын катышуучулары менен түзүлгөн келишимде кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча милдеттүү шарттар болууга тийиш.

Келишим түзүү учурунда кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча талаптардын сакталышына агенттер, электрондук акча агенттери (дистрибьюторлор) жана төлөм системасынын катышуучулары үчүн төлөм уюму/төлөм системасынын оператору жооптуу болуп саналат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун коллегиалдуу аткаруу органы (мындан ары - Башкарма) директорлор кеңеши (мындан ары - директорлор кеңеши) (эгерде болсо) менен биргеликте төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча шайкеш жана натыйжалуу ишин камсыз кылуу, ошондой эле төлөм уюмун/төлөм системасынын операторун шектүү операция белгилери бар операцияларды жүргүзүүгө тартылышын алдын алуу үчүн жооптуу.

Коллегиалдуу орган төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун, агенттердин, электрондук акча агенттеринин (дистрибьюторлордун) шектүү операциялардын белгилери камтылган операцияларды жүргүзүүгө катышууларына жол берилбешине да жооптуу.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Директорлор кеңеши (эгерде болсо) төмөнкүлөр үчүн жооптуу:

- кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө шайкеш жана натыйжалуу саясатты бекитүү;

- кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ички контролдоо программасын бекитүү, ошондой эле анын ишке ашырылышын контролдоо;

- кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо кызматынын же кызмат адамынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу боюнча чараларды аныктоо;

- кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо кызматынын кызматкерлерин кызмат адамын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу;

- ички аудит кызматынын (эгер болсо)/көз карандысыз аудиттин отчетун/сунуш-көрсөтмөлөрүн кароо;

- аудитордук жана инспектордук текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган жана кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынын отчетунда көрсөтүлгөн кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө орун алган кемчиликтерди четтетүүгө багытталган чараларды аныктоо, ошондой эле алардын ишке ашырылышын контролдоо.

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун башкаруу түзүмүндө директорлор кеңеши жок учурда, ушул пунктта каралган директорлор кеңешинин функциялары Башкармага жүктөлөт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Башкармасы төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликтүү:

- төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун директорлор кеңеши тарабынан бекитилген кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ички саясаттын жана ички контролдоо программасынын колдонууга киргизилишин камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзамдарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу;

- кызматкерлерди кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө окутууну камсыз кылуу;

- ички чараларда, жол-жоболордо жана ички контролдоо системасында орун алган кемчиликтерди четтетүүгө багытталган чаралардын ишке ашырылышын, ошондой эле көз карандысыз аудиттин жүргүзүлүшүн камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын төлөмдөрдү кабыл алууга жана өткөрүүгө тиешелүү талаптарынын (анын ичинде кардарларды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо) аткарылышын камсыз кылуу.

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Башкармасы шектүү операция белгилери камтылган операцияларды алардын программалык камсыздоолору аркылуу жүргүзүү тобокелдигин кыскартуу чараларын көрүүсү зарыл.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

4-глава. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программасын колдонуу  

"9. Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзамдарына ылайык, кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, анда кеминде төмөнкү негизги жол-жоболор камтылган ички контролдоо программасын иштеп чыгууга жана колдонууга тийиш:

1) кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) процессине тартылган кызмат адамдар жана түзүмдүк бөлүмдөр ортосунда чечимдерди кабыл алуу, өз ара иш алып баруу жана отчеттуулук боюнча ыйгарым укуктарды жана жоопкерчиликти белгилөөгө багытталган ички контролдукту уюштуруу;

2) террористтик, экстремисттик ишти, массалык кыргын салуучу куралдарды таратууну, уюшкан топторду же кылмыштуу коомчулуктарды каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) (мындан ары - кылмыштуу ишти каржылоо/кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу тобокелдиги) тобокелдиктерин аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү, башкаруу, азайтуу жана документтештирүү боюнча чараларды ишке ашыруу;

3) кылмыштуу ишти каржылоо/кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу тобокелдиктерине актуалдуу абалда баа берилишин камсыздоо жана Улуттук банкка жана финансылык чалгындоо боюнча ыйгарым укуктуу органга тобокелдиктерди баалоо жөнүндө маалымат берүү (зарыл болгон учурда);

4) кылмыштуу ишти каржылоо/кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу тобокелдиктерине баа берүүдө бардык тобокелдик факторлорун карап чыгуу, андан кийин тобокелдиктин жалпы деңгээлин жана аны азайтуу чараларын аныктоо;

5) кылмыштуу ишти каржылоо/кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу тобокелдиктерин азайтууну натыйжалуу башкарууну камсыз кылган, ошондой эле өлкө деңгээлинде жана/же тиешелүү сектордо аныкталган тобокелдиктер эске алынган, директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички ченемдик документтердин болушу;

6) контролдоо каражаттарынын колдонулушуна мониторинг жүргүзүү, зарыл болгон учурда аларды кеңейтүү жана аныкталган кылмыштуу ишти каржылоо/кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жагында жогору тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча чараларды көрүү;

7) кардарларды талапка ылайык текшерүү, анын ичинде:

- кардарды (бир жолку жана туруктуу) идентификациялоо жана верификациялоо;

- кардар менен ишкердик мамилелердин максаты жана болжолдонгон мүнөзү жөнүндө маалымат алуу;

- бенефициардык ээсин идентификациялоо жана кардарлардын бенефициардык ээсин текшерүү үчүн жеткиликтүү жана талапка жооп берген чараларды көрүү, анын ичинде юридикалык жактар (чет өлкөлүк трасттар ж.б.);

- кылмыштуу ишти каржылоо/кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу, шектүү операция белгилерине ээ операцияларды жүргүзүү максаттарында пайдаланууга көбүрөөк дуушар болгон кардарлардын операцияларын идентификациялоо жана верификациялоо;

- төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кызмат көрсөтүүлөрүн кылмыштуу ишти каржылоо/кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу, шектүү операция белгилерине ээ операцияларды жүргүзүү максаттарында пайдаланууга көбүрөөк дуушар болгон операцияларына мониторинг жүргүзүү жана аныктоо;

- кардарды жана бенефициардык ээсин идентификациялоо жана верификациялоо натыйжасында алынган маалыматтарды документ жүзүндө каттоо;

- кардардын иши жана анын финансылык абалы жөнүндө маалыматты жана документтерди, ошондой эле кардарды талапка ылайык текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди сактоо жана жаңылоо;

- кардар менен ишкердик мамилелердин бүтүндөй мезгилинде туруктуу негизде кардарды талапка ылайык текшерүү жана кардар тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын (төлөмдөрдүн) анын ишмердүүлүгүнүн мазмуну, финансылык абалы жана каражат булагы жөнүндөгү маалыматка, ошондой эле кылмыштуу ишти каржылоо/кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу тобокелдиктеринин мүнөзүнө шайкештигин талдоо.

Жогоруда көрсөтүлгөн кардарды талапка ылайык текшерүү боюнча чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте, ошондой эле тобокелдиктерди баалоо жыйынтыктарын эске алуу менен колдонулат;

8) кардар-төлөөчүнүн ишинде финансылык чалгындоо органынын талаптарына ылайык контролдоого жана билдирүүгө тийиш болгон, анын ичинде шектүү операция белгилерине ээ операцияларды аныктоо, кардар мындай операцияларды жүргүзүүдө шектенүүлөрүнүн негиздүүлүгүн ырастоо же четке кагуу үчүн;

9) кардарды тейлөөдөн жана кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана ишкердик мамилелерди токтотуу тартибин жана негиздерин белгилөө;

10) санкциялык тизмеге киргизилген адамдардын операцияларын (бүтүмдөрүн) токтотуу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу.

Төлөм уюму тарабынан операцияларды (бүтүмдөрдү) токтото туруу жана максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген "Операцияны (бүтүмдү) токтото туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана бошотуу, тоңдурулган каражаттарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби жөнүндө" жобого ылайык жүзөгө ашырылат.

11) жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген "Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык чараларды колдонуу;

12) финансылык чалгындоо органына өз убагында маалыматты жана документтерди, ошондой эле контролдоого жана билдирилүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды берүү;

13) операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтардын жана документтердин, ошондой эле кардарларды талапка ылайык текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтын сакталышын камсыз кылуу;

14) маалыматтардын купуялуулугун жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу;

15) төлөм системасына Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуучу, төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун иши, анын ичинде кардарлардын операциялары жөнүндө ыкчам, ишенимдүү жана толук маалымат берүүнү камсыз кылуучу маалыматтык жана автоматташтырылган механизмдерди киргизүү;

16) төлөм уюму тарабынан кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын туруктуу негизде сакталышын камсыз кылууну контролдоону жана мониторинг жүргүзүүнү белгилөө;

17) төлөм уюмунун жогорку тобокелдикке дуушар болгон кызматкерлерин (кассирлер, инкассаторлор, IT-адистери, төлөм уюмунун башка бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ж.б.) контролдоо, төлөм уюмунун тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык нускоолорунда кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү саясатын ишке ашыруу боюнча функцияларын жана милдеттерин чагылдыруу;

18) ички контролдоо кызматынын квалификациясын жогорулатууну жана кесиптик кайра даярдоосун камсыз кылуу, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторлорунун кызматкерлерин кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча окутуу;

19) Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзамдарда каралган башка милдеттердин аткарылышын камсыз кылуу;

20) ички контролдоо программасынын жана кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ички документтеринин колдонулушуна мониторинг жүргүзүү жана зарыл болгон учурда аларды өркүндөтүү.

Ички контролдоо программасы төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун иш өзгөчөлүктөрүн, аппараттык-программалык комплексин, штаттык санын, кардарлар базасын жана тобокелдик деңгээлин эске алуу менен иштелип чыгат жана колдонулат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

10. Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору Кыргыз Республикасынын аймагында да, чет өлкөлөрдө да жайгашкан филиалдар, өкүлчүлүктөр жана агенттер тарабынан кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү максатында, анын ичинде филиал, өкүлчүлүк же төлөм уюмунун агенти жайгашкан өлкөнүн талаптарын эске алуу менен ички контролдоо программасын ишке ашыруу боюнча талапка ылайык чараларды иштеп чыгып, сакталышын жана колдонулушун камсыз кылууга тийиш.

Эгерде чет мамлекеттин мыйзамдары Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ички контролдоо программаларын жана мыйзам талаптарын колдонууга жол бербесе, филиалдар, өкүлчүлүктөр жана агенттер тобокелдиктерди башкаруу боюнча зарыл чараларды көрүшөт жана бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына билдиришет.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

5-глава. Ички контролдоо кызматына карата талаптар  

11. Төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо саясатын, тиешелүү жол-жоболорду, ошондой эле башка ички уюштуруу иш-чараларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында ички контролдоо кызматын - кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо программасын ишке ашырууга жооптуу түзүмдүк бөлүмдү түзүшөт жана/же кызмат адамын аныкташат. Ички контролдоо кызматы төлөм уюмунун иш өзгөчөлүктөрүн, аппараттык-программалык комплексин, штаттык тизимин, кардардык базасын жана тобокелдик деңгээлин эске алуу менен түзүлөт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

12. Эгерде төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун штаттык тизими:

- үч адамдан ашпаса, төлөм уюму/төлөм системасынын оператору анын функциясын иштеп жаткан штаттык кызматкерге жүктөөгө милдеттүү;

- үч адамдан ашык болсо, төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда ички контролдоо кызматынын функциясын аткарган өзүнчө штаттык бирдик/түзүмдүк бөлүм болууга тийиш.

12-1. Эгерде төлөм уюмунун электрондук акча чыгарууга лицензиясы болсо, төлөм уюмунда төлөм уюмунун кызматкерлеринин санына карабастан, ички контролдоо кызматынын функцияларын аткаруучу өзүнчө штаттык бирдик/түзүмдүк бөлүм болууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 31-октябрындагы № 2025-П-14/59-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

13. Ички контролдоо кызматынын жетекчиси (кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында кызмат адамы) Директорлор кеңешине (эгер болсо), же төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун Башкармасынын төрагасына (Директорлор кеңеши жок учурда) отчет берип турат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

14. Ички контролдоо кызматынын милдеттери:

1) төлөм уюмунун/төлөм системасынын оператору жана анын кызматкерлеринин кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланыштуу кылмыш (мыйзамсыз) жосундарга катышуу тобокелдигин азайтуу үчүн тиешелүү чараларды кабыл алуу;

2) Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзамдарын натыйжалуу ишке ашырылышын камсыз кылуу;

3) төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо системасын түзүү, анын персоналына/түзүмдүк бөлүмдөрүнө кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо программасынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана көмөктөшүү;

4) финансылык чалгындоо органына жана Улуттук банкка Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарында каралган милдеттердин жана функциялардын аткарылышына көмөктөшүү.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

15. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо кызматы төмөнкү функцияларды аткарат:

- тиешелүү ички контролдоо программасын иштеп чыгат жана Директорлор кеңешине (эгер болсо), Башкармага бекитүүгө сунуштайт жана бул программа менен аны ишке ашырууга катышкан бардык кызматкерлерди тааныштырат;

- ички контролдоо программасынын ишке ашырылышын камсыз кылат жана төлөм уюмунун кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички ченемдик документтеринин ушул программага ылайык аткарылышына мониторинг жүргүзөт;

- маалыматтардын жана билдирүүлөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жана мөөнөттөргө ылайык контролдукка алынып, алар боюнча маалымдалууга тийиш болгон операцияларга (бүтүмдөргө) тиешелүү маалыматтардын финансылык чалгындоо органына берилишин камсыз кылат;

- операцияларды (бүтүмдөрдү) шектүү деп таануу жана алар боюнча маалыматтарды финансылык чалгындоо органына жөнөтүү чечимин кабыл алып, төлөм уюмунун Башкармасына ал тууралуу маалымдайт;

- Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ушул Жободо жана төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ички документтеринде белгиленген компетенциясына кирген маселелер боюнча төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишин текшерүүдө аларга маалымат берет жана көмөк көрсөтөт;

- кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясат талаптарын ишке ашырууга катышкан төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун персоналы/түзүмдүк бөлүмдөрү үчүн окутууларды уюштуруп, аларга бул багытта кеп-кеңештерди берет;

- кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо саясатынын ишке ашырылышынын жыйынтыгы боюнча кат жүзүндө отчетту төлөм уюмунун ички документтеринде аныкталган тартипте, зарылчылыкка жараша бирок, чейрек ичинде кеминде бир жолу Директорлор кеңешинин (эгер болсо), Башкарманын кароосуна сунуштап турат;

- кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу тобокелдиктерин, анын ичинде ишкердик мамилелерди түзүүдө жана жаңы төлөм продуктыларын, кызматтарды жана технологияларды киргизүүгө чейин баалайт жана аныкталган тобокелдиктерди азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

16. Ички контролдоо кызматы өз функцияларын аткаруу учурунда төмөнкүлөргө укуктуу:

- төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун жетекчилеринен жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлеринен зарыл болгон документтерди, анын ичинде жетекчилик жана анын бөлүмдөрү тарабынан түзүлгөн келишимдерди, чыгарылган буйруктарды, башка тескөөчү документтерди, бухгалтердик жана акчалай эсептешүү документтерин алууга;

- төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун маалымат системасынан, кардарлар жана бенефициардык ээлеринин төлөм уюму тарабынан түзүлгөн маалымат базасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга;

- кардар кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) ишин жүргүзгөндүгү боюнча шектенүүлөрдүн негиздүүлүгүн тастыктоо же четке кагуу үчүн кардар, бенефициардык ээси жана/же операция (бүтүм) жөнүндө кошумча маалымат алуу демилгеленсин;

- белгиленген тартипте төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун бөлүмдөрүнүн жайларына, ошондой эле документтерди (архивдерди), накталай акчаны жана баалуулуктарды (акча сактоочу жайларды), маалымат базасын сактоо үчүн пайдаланылган жайларга кирүүгө;

- алынган документтерден, анын ичинде электрондук документтерден көчүрмө чыгарып алууга;

- Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген "Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, операцияларга (бүтүмдөргө) жана/же каражаттарга бөгөт коюу жана андан чыгаруу, бөгөт коюлган каражаттардан пайдалануу жана аларды тескөөгө алуу мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө" жобого ылайык операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу жана операцияларга (бүтүмдөргө) жана (же) каражаттарга бөгөт коюуга убактылуу көрсөтмөлөрдү берүүгө;

- зарылчылык келип чыккан шартта төлөм системасынын Директорлор кеңешине (эгер болсо) кайрылууга.

Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ыйгарым укуктарды ага баш ийген кызматкерлерге өткөрүп берүүгө укуктуу. Мында бул жагдай террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамын өз функцияларын талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотпойт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

17. Ички контролдоо кызматы өз функцияларын аткарууда төмөнкүлөргө милдеттүү:

- төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун тиешелүү бөлүмдөрүнөн алынган документтердин сакталышын жана аларга кайтарылып берилишин камсыз кылууга;

- өз милдетин аткарууда алынган маалыматтардын купуялуулугун так сактап, маалыматтардын финансылык чалгындоо органына берилгендигин ачыкка чыгарбоого;

- операциялардын (бүтүмдөрдүн) шектүү катары таанылгандыгы жана алар тууралуу билдирменин финансылык чалгындоо органына маалымдалгандыгы тууралуу банк Башкармасына билдирүүгө.

18. Ички контролдоо кызматы кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программасын ишке ашырууда төмөнкүлөрдөн тышкары, ушул жобого ылайык анын компетенциясына кирген ишти айкалыштыра алат:

- ички аудит кызматынын кызматкеринин (болгон шартта);

- операциялык ишти жүзөгө ашырган кызматкердин;

- ишти аткарууда анын көз карандысыздыгы камсыз кылынбаган кызматкердин.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы:

- жогорку билимге ээ болууга;

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарды билүүгө;

- төлөм продукттар, операциялар, кызмат көрсөтүүлөр, кардарлардын операциялары жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө талаптарды аткаруу боюнча агенттик жана субагенттик тармактарды эске алуу менен төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишине мүнөздүү болгон потенциалдуу тобокелдиктер боюнча так түшүнүгү болууга;

- соттолбогон;

- улуттук жана эл аралык изделип жаткан адамдардын тизмесинде жана Санкциялык тизмеде болбоого тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо программасын ишке ашырууга тартылган кызматкерлерин туруктуу негизде окутуудан өткөрүлүп турушун камсыз кылууга тийиш. Ички контролдоо кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген "Ички контролдук программасына карата жалпы талаптар жөнүндө" жободо белгиленген талаптарга ылайык, жылына кеминде бир жолу кошумча кесиптик билим алууга (квалификацияны жогорулатууга жана кесиптик кайра даярдыктан өтүүгө) тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

21. Ички контролдоо кызматынын, Башкарманын жана Директорлор кеңешинин (болгон шартта) жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздерден улам аныкталат.

22. Ички контролдоо кызматынын Директорлор кеңешинин (болгон шартта), Башкарманын кароосуна сунушталуучу кат жүзүндөгү отчетунда кеминде отчеттук мезгил ичинде алынган, ошондой эле зарылчылык келип чыккан шартта башка мезгил аралыгы үчүн алынган төмөнкүдөй аналитикалык маалыматтар камтылышы зарыл:

1) кардарларды идентификациялоо, верификациялоо жана иликтөөгө алып, анын абалы менен таанышуу, ошондой эле бенефициардык менчик ээсин аныктоо боюнча талаптардын аткарылышына контролдоонун жыйынтыгы;

2) шектүү операциялар (бүтүмдөр) белгилери байкалган, төмөнкү маалыматтарды камтыган операцияларды аныктоо максатында, төлөм уюмунун/төлөм системаларынын операторлорунун кардарларынын операцияларына жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөрдүн жыйынтыгы:

- кардарлар пайдасына (кардарлардын колдонулуп жаткан эсептери) акча каражаттарынын жылышынын олуттуу динамикасы;

- өтө ири суммада ишке ашырылган операциялар;

- кардарлардын кадимки ишине таандык чектүү белгиленген өлчөмдөн ашкан суммадагы ишке ашырылган операциялары;

- жаңы кардарларды (төлөм системасынын катышуучуларын, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларды, агенттерди/субагенттерди) туташтыруу;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык финансылык чалгындоо органына маалыматтарды берүү тууралуу;

4) операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуу, операцияларга (бүтүмдөргө) жана (же) каражаттарга бөгөт коюу тууралуу ырааттуу негиздемелери менен маалыматтарды финансылык чалгындоо органына жөнөтүү жана андан ары мыйзамдарга ылайык иш алып баруу жөнүндө;

5) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо программасын ишке ашыруу боюнча чаралардын, төлөм уюмунун агенттери жана субагенттери тарабынан так аткарылышы жөнүндө;

6) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарынан жана ички ченемдик документтеринин төлөм уюмунун саясатына ылайык аткарылышына, бузууга жол берилишине жана ал боюнча кабыл алынган чараларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө;

7) Ички контролдоо кызматынын Директорлор кеңешине (болгон шартта), Башкармага сунушталган мурдагы отчетторунда белгиленген бузууга жол берүүлөрдү четтетүү боюнча иш натыйжасы жөнүндө маалыматтар.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

23. Ички контролдоо кызматынын кат жүзүндөгү отчетун кароого алуунун жыйынтыгы боюнча Директорлор кеңеши (болгон шартта) же Башкарма отчетто белгиленген бузууга жол берүүлөрдү четтетүү жана кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясаттын бузууларга жол бербөө боюнча чараларды көрүү үчүн контролдоону белгилейт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

6-глава. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүү  

24. Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоо системасынын натыйжалуулугуна баа берүү көз карандысыз аудитор (ички/тышкы аудитор) тарабынан жылына кеминде бир жолу операцияларды ишке ашырууда орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктин деңгээлине жана төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун иш көрсөткүчүнүн динамикасына жараша жүзөгө ашырылат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

25. Ички контролдоо системасынын натыйжалуулугуна аудит жана баа берүү өзүндө кеминде төмөнкүлөрдү камтыйт:

- кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун жол-жоболорун жана бул багытта ишти уюштурууну кошо алганда, ички контролдоо системасынын натыйжалуу уюштурулушуна баа берүү;

- төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда орун алган тобокелдик деңгээлин аныктоо методологиясына баа берүү;

- төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерине дуушар болуусуна жана аларды тескөө жагында колдонулган чараларга баа берүү;

- колдонулган/колдонулуп жаткан программалык камсыздоону жана процесстерди автоматташтыруу кошо алганда, ички контролдоо кызматынын ишине, анын ичинде алардын төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишинин жол-жоболоруна шайкеш келишине баа берүү (кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча колдонулган программалардын аныктыгын текшерүү үчүн тесттик төлөмдөрдүн жүргүзүлүшүн, такталбаган маалыматтардын киргизилишин, кардарлардын кайрылуусун ж.б.у.с. пайдаланууга);

- ички контролдоо кызматы, Улуттук банк же финансылык чалгындоо органы тарабынан мурунку текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган бузууга жол берүүлөрдү четтетүү боюнча банк жетекчилиги, Башкармасы жана Директорлор кеңеши (болгон шартта) тарабынан көрүлгөн чараларга баа берүү;

- контролдоого алынып, ал боюнча маалымдалууга тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо жана билдирүүлөрдү түзүү натыйжалуулугу деңгээлине карата колдонулган программалык камсыздоолорго баа берүүнү кошо алганда, ички контролдоого баяндама-баа берүү;

- кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адамы тарабынан даярдалып, жетекчиликке/Башкармага жана/же Директорлор кеңешинин (болгон шартта) кароосуна сунушталуучу отчеттордун шайкештигин текшерүү;

- кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү саясатын ишке ашырууга катышкан кызматкерлерди окутуу боюнча жол-жобонун сакталышын текшерүү.

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишинде кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча ички контролдоо системасынын сакталышын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча көз карандысыз аудитор сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгат, алар да кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамына таанышуу үчүн берилет."

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

26. Төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору көз карандысыз аудитордук текшерүү сапаттуу жана ар тараптуу жүргүзүлүшүн камсыздоо максатында, тиешелүү бөлүмдөр менен талкуулоону жана кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ички чаралар, жол-жоболор жана контролдоо системалары жөнүндө маалымат алуу үчүн маалыматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга, ошондой эле орун алган көйгөйлөр жөнүндө маалымат берүүгө тийиш. Көз карандысыз аудитор төлөм уюмунун/төлөм тутумунун операторунун кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ички контролдоо системасын уюштурууга жана ишине түздөн-түз же кыйыр түрдө тиешелүү болгон бардык материалдарды жана отчетторду пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

27. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча төмөнкү маалымат менен чектелип калбастан, сунуш-көрсөтмөлөр иштелип чыгат жана кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүү жыйынтыгы боюнча отчет даярдалат:

1) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу тобокелдиктер жөнүндө;

2) төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ишинин ички контролдоо программаларынын жана башка ички документтердин талаптарын бузууга жол берүүлөр жөнүндө;

3) Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарын бузууга жол берүү жөнүндө;

4) аныкталган бузууга жол берүүлөрдү четтетүү жана аларды алдын алуу үчүн зарыл болгон чаралар жөнүндө.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

28. Аудитордун кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында ички контролдоонун натыйжалуулугуна баа берүү жыйынтыгы боюнча отчету, аныкталган бузууга жол берүүлөр жана мындан ары аларга жол бербөө үчүн чара көрүү максатында отчетко кол койгондон кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде жетекчиге/Башкармага жана Директорлор кеңешинин (болгон шартта) кароосуна сунушталат. Аудитордун отчету ошондой эле таанышып чыгуу үчүн кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адамына берилет.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

7-глава. Кардарды талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүүдө тобокелдикти аныктоого багытталган ыкма жана контролдоого алынууга жана маалымдалууга тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо  

29. Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору кардарды талапка ылайык текшерүүдө тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонууга милдеттүү. Талапка ылайык текшерүү чараларынын көлөмү кардардын тобокелдик профилин жана ишкердик мамилелердин масштабын, атап айтканда, тобокелдик деңгээлин, ишкердик мамилелердин максатын, жүргүзүлгөн операциялардын суммасын, ишкердик мамилелердин үзгүлтүксүздүгүн же узактыгын эске алуу менен аныкталууга тийиш.

Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору кардар менен ишкердик мамилелердин бүтүндөй мезгилинде кардарды талапка ылайык текшерүү чараларын колдонууга милдеттүү.

Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) аныкталган жогору тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча кеңейтилген чараларды колдонуу;

2) өз кардарларын тобокелдик критерийлерин эске алуу менен классификациялоо;

3) тобокелдик деңгээлине жана алардын маанилүүлүгүнө жараша учурдагы кардарларды талапка ылайык текшерүү талаптарын колдонуу, ошондой эле кардарларды талапка ылайык текшерүү чаралары мурда качан колдонулганын жана алынган маалыматтар жетиштүү болгондугун/болбогондугун эске алуу менен учурдагы кардарларды өз убагында талапка ылайык текшерүү.

Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча жөнөкөйлөтүлгөн чараларды тобокелдиктер төмөндөгөндүгү аныкталган учурда гана жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого/терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралдарды жайылтууга шектенүүлөр жок болгон учурда гана колдоно алышат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

30. Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору кайсы болбосун төмөнкү учурлардын биринде талаптагыдай текшерүү жүргүзүүгө тийиш:

1) төлөм системасынын катышуучусу, товарларды жана кызматтарды берүүчү/агент/субагент/электрондук акча агенти (дистрибьютору)/контрагенти менен ишкердик мамилелерди түзүүдө (келишим түзүү, электрондук капчык ачуу ж.б.);

2) төлөмдү, анын ичинде 1000000 сомго барабар же андан ашкан суммага бир нече өз ара байланыштуу төлөмдөрдү жүргүзүүдө;

3) алардын тизмеги жана түрлөрү финансылык чалгындоо органы тарабынан бекитилген, 1000000 сомго барабар болгон же андан ашкан суммага бир жолку башка электрондук акча которууларды жүргүзүүдө;

4) ошол эле учурда төлөм уюмунун агенти болуп саналган, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларда ачылган анын өздүк эсебине мурда төлөнгөн аванстык акча каражаттардын/алдын ала төлөмдүн же алардын бөлүгүнүн эсебинен Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтому менен бекитилген "Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө" жободо белгиленген тартипте агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу кардарга кайтарылуучу акча каражаттарын колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо;

5) террористтик ишти каржылоону жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жүзөгө ашыруу жагында шектенүү жаралса, кардардын макамына (туруктуу же бир жолку) же кайсы болбосун алып салууларга же операциянын (бүтүмдүн) чектүү суммасына көз карандысыз;

6) кардар/агент/товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар тууралуу буга чейин алынган маалыматтардын анык эместиги же жетишсиздиги фактылары аныкталган учурда.

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

7) жеке адамдарга жана юридикалык жактарга, электрондук акча акцептанттарына, электрондук акча агенттерине/субагенттерине электрондук капчык ачканда (төлөм уюмунда электрондук акча чыгарууга лицензия болгон учурда).

Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору кардарды идентификациялоого (туруктуу, бир жолку, жеке адам же юридикалык жак, юридикалык түзүм катары) жана кардардын инсандыгын ишенимдүү, көз карандысыз баштапкы документтерди, дайындарды же маалыматты колдонуу менен текшерүүгө милдеттүү.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 31-октябрындагы № 2025-П-14/59-2-(ПС), 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

30-1. Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору төмөнкүлөргө милдеттүү:

- кардарды жана бенефициардык ээсин Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзамдарына ылайык идентификациялоого (туруктуу, бир жолку, жеке жана юридикалык жакты);

- ишенимдүү булактардан алынган маалыматтарды жана документтерди колдонуу менен кардардын анкеталарында көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын текшерүү аркылуу кардарды верификациялоо;

- кардардын атынан ишеним кат жана тапшырма боюнча иш алып барган ар бир адам мындай ыйгарым укуктарга ээ экендигин текшерүү, ошондой эле ошол адамдын инсандыгын идентификациялоо жана текшерүү;

- кардарлардын бенефициардык ээлерин идентификациялоодо бенефициардык ээси (ээлери) ким экендигине ынанууга мүмкүндүк берген, ишенимдүү булактан алынган тиешелүү маалыматты же дайындарды колдонуу менен бенефициардык ээлеринин инсандыгын текшерүү/верификациялоо чаралары көрүлсүн.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

30-2. Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору ишкердик мамилелерге туруктуу негизде талаптагыдай текшерүү жүргүзүүгө милдеттүү, анда төмөнкүлөр камтылышы зарыл:

1) кардар тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) кардар, анын чарбалык иши, финансылык абалы жана каражаттарынын булагы жөнүндө, ошондой эле тобокелдиктердин мүнөзү жөнүндө колдо болгон маалыматтарга шайкештигин кылдаттык менен талдоо;

2) кардар жөнүндө колдо болгон, биринчи кезекте жогорку тобокелдиктеги кардарларга карата маалыматты текшерүү жана жаңылоо жолу менен кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган маалыматтарды жана документтерди актуалдуу абалда жана тиешелүү түрдө сактоо.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

30-3. Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору юридикалык жак болгон кардарынын бенефициардык ээлерин идентификациялоого жана бенефициардык ээсинин (ээлеринин) ким экенин так биле тургандыгына ынануу максатында, аларды верификациялоо үчүн тиешелүү маалыматты же ишенимдүү булактан алынган маалыматтарды колдонуу менен бенефициардык менчик ээлеринин инсандыгын текшерүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Бул талапты аткаруу үчүн төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору юридикалык жактын үлүшүнүн (акцияларынын) 25%дан ашыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган бенефициардык ээлерин аныктоого милдеттүү.

Эгерде үлүштүн (акциялардын) 25%дан ашыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган бенефициардык ээлери жок болсо, же бенефициардык менчик ээсинин үлүшүнүн (акцияларынын) өлчөмү боюнча күмөн саноолор болсо, же акциялардын контролдук пакетине ээ болгон жак (жактар) кардардын -юридикалык жактын чыныгы бенефициардык менчик ээси (ээлери) болуп саналабы деген күмөн саноолор болсо, төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору юридикалык жакты же түзүмдү башка ыкмалар аркылуу контролдоону ишке ашыруучу бенефициардык менчик ээсин (ээлерин) аныктоого милдеттүү.

Чектелген учурларда, эгерде үлүштүн (акциялардын) 25%дан ашыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган бенефициардык менчик ээлери иш жүзүндө жок болсо жана башка каражаттар аркылуу контролдоону ишке ашыруучу бенефициардык менчик ээлери жок болгон учурда, төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору юридикалык жактын түзүмүндө ээлеген позицияларынын эсебинен кардардын - юридикалык жактын иш-аракеттерин контролдоого мүмкүнчүлүгү бар жеке адамды (жеке адамдарды) аныктоого милдеттүү (стратегиялык чечимдерди кабыл алууга жооптуу, аткаруучулук контролду ишке ашырат, финансылык маселелер боюнча чечим кабыл алат). Бул учурда бенефициардык менчик ээсинин анкетасы бул жак үчүн толтурулат.

Эгерде юридикалык жактын менчигинин түзүмүндө чет өлкөлүк трасттар же башка юридикалык түзүлүштөр болсо, төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору бул юридикалык түзүлүштөрдүн бенефициардык менчик ээлерин аныктоого милдеттүү. Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору бенефициардык ээсин идентификациялоодо жана текшерүүдө/верификациялоодо (юридикалык түзүлүш болуп саналган кардарларга карата) төмөнкү маалыматты кошумча колдонушат:

- трасттар боюнча: ишеним көрсөтүүчүнүн, ишеним көрсөтүлгөн адамдын, камкорчунун (эгерде бар болсо), бенефициарлардын же бенефициарлар тобунун жана трастты иш жүзүндө контролдогон башка жеке адамдын жеке маалыматтары;

- юридикалык түзүлүштөрдүн башка түрлөрү боюнча: эквиваленттүү кызматтарды ээлеген адамдардын жеке маалыматтары.

Кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо жана верификациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген "Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобонун формалары боюнча анкеталарды толтуруу аркылуу жүргүзүлөт.

Эгерде кардардын бенефициардык ээси 25%дан ашык үлүшкө (акцияга) ээ болгон жана/же башка каражаттар аркылуу контролдогон бир нече жеке адам болсо, анда анкета ар бир бенефициардык ээси үчүн толтурулат.

Бенефициардык ээсинин анкетасына кардардын - юридикалык жактын менчик (башкаруу) түзүмүнүн схемасын тиркөө зарыл. Бул схемада ортомчу юридикалык жактар, үлүштүн (акциялардын) 25%дан ашыгына түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) ээлик кылган акыркы ээлерине - жеке адамдарга чейин, жана уюштуруучулар - юридикалык жактар менен бенефициардык ээсинин ортосундагы өз ара байланыш деңгээли камтылат. Менчик түзүмүнүн схемасында башка каражаттар аркылуу контролдогон бенефициардык ээлери жөнүндө маалымат да чагылдырылууга, жана мындай бенефициардык ээлери контролдоону кандайча ишке ашырары түшүндүрүлүүгө тийиш. Эгерде юридикалык жактын менчик түзүмүндө чет элдик трасттар же башка юридикалык түзүлүштөр болсо, алар да схемада көрсөтүлүшү зарыл.

Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору кардардын ишинин мүнөзүн, ошондой эле анын менчигинин (башкаруу) түзүмүн түшүнүүгө милдеттүү.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

31. Электрондук капчыктардын ээлерин талаптагыдай текшерүү Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык эмитент/эмитенттин агенти-электрондук акчанын эмитенти тарабынан жүзөгө ашырылат. Электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын операторлору, эмитенттер жана электрондук акчанын агенттери (дистрибьютерлер) маалымат системасында электрондук капчык ээлеринин идентификациялык маалыматтарынын болушун камсыз кылат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 31-октябрындагы № 2025-П-14/59-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

32. Төлөм уюму/төлөм системаларынын операторлору кардарды талаптагыдай текшерүүдө тобокелдикти аныктоого багыттаган ыкмаларды колдонуу менен текшерүүнүн күчөтүлгөн же жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдонууга тийиш.

33. Төлөм уюму/төлөм системасынын операторлору тобокелдик критерийлерин (жогорку жана төмөн) эске алуу менен өз кардарларын классификациялоого милдеттүү. Тобокелдик деңгээлин аныктоо үчүн эң оболу, төлөмдөрдү өткөрүү көлөмүн жана ыкмасын, төлөмдөрдү кабыл алуу түйүндөрүнүн (агенттин/субагенттин) жайгашкан жерин, кардар - кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун иш багытын жана түрүн, ошондой эле ал жүргүзгөн операцияларды, сунуштаган товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү жана түпкү алуучуну эске алышы зарыл. Жогору жана төмөн тобокелдиктердин типтүү критерийлери финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленет жана жарыяланат.

34. Кардарды идентификациялоого, верификациялоого жана ал боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген бардык маалыматтардын жана документтердин негизинде төлөм уюму/төлөм системасынын оператору кардардын кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) мүмкүндүгү жагында тобокелдик деңгээлине баа берет жана ал кардар анкетасында чагылдырылат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

35. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), ошондой эле шектенүүнү жараткан операциялар тобокелдигине дуушарланышы ыктымал болгон операцияларга өзгөчө көңүл буруп, аларга талаптагыдай контролдоону жүзөгө ашырууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

36. Олуттуу тобокелдик орун алгандыгы белгиленген шартта төлөм уюму кардарды талаптагыдай текшерүүдөн өткөрүүнүн төмөнкүдөй күчөтүлгөн чараларын колдонууга тийиш:

1) колдо болгон ишенимдүү маалымат булактарынан, ошондой эле кардарга байланыштуу тобокелдикке баа берүүдө алынган маалыматтар боюнча кардарга тиешелүү тастыкталган кошумча идентификациялык маалыматтарды жана документтерди топтоо;

2) кардардын жана бенефициардык менчик ээсинин кылмыштуу ишке тартылып кетиши тобокелдигин тереңден иликтеп көрүү үчүн алар тууралуу кошумча маалыматтарды топтоо;

3) кардардын жана бенефициардык менчик ээсинин идентификациялык маалыматтарын туруктуу негизде, бирок жыл ичинде кеминде бир жолу жаңыртып туруу;

4) ишкердик иштин максатын жана мүнөзүн, пландаштырылган же ишке ашырылган төлөмдөрдүн себептерин же экономикалык маани-маңызын чечмелеген кошумча маалыматтарды кардар-кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочудан талап кылуу;

5) Башкармадан кардар менен ишкердик мамилени түптөөгө же аны улантууга уруксат алуу;

6) шектүү төлөмдөрдүн белгилерин аныктоо максатында, маалыматтык автоматташтырылган системалары сыяктуу эле, кол эмгеги аркылуу төлөмдөргө күндөлүк мониторинг жүргүзүү аркылуу ишкердик мамилеге таасирдүү мониторинг жүргүзүү, ошондой эле мониторинг жыйынтыгы менен кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган кызмат адамын жана Башкарманы тааныштыруу.

Кардарга тобокелдиктин жогорку деңгээлин ыйгаруу төлөм уюму/төлөм системасынын оператору тарабынан тобокелдиктерди натыйжалуу тескөө жана (же) төмөндөтүү үчүн кардарды талаптагыдай текшерүү максатында күчөтүлгөн чаралардын колдонулушуна алып келет.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

37. Төмөн тобокелдик аныкталган учурда, төлөм уюму/төлөм системасынын оператору, эгерде бул тобокелдиктерди баалоого жана төлөм уюмунун ички жол-жоболоруна ылайык келсе, кардарды талаптагыдай текшерүүнүн төмөнкү жөнөкөйлөтүлгөн чараларын колдоно алат.

1) ишкердик мамилелерди түптөө максатына жана болжолдонгон мүнөзүнө тиешелүү жалпы маалыматтарды алуу;

2) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

3) кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоочу маалыматтарды жаңылап туруу аралыгын кыскартуу;

4) төлөм уюму тарабынан аныкталган лимиттин негизинде төлөмдөрдү текшерүүдөн өткөрүү автоматташтырылган системасын колдонуу менен кардарлардын төлөмдөрүнө кыскартылган формада мониторинг жүргүзүү.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

38. Чет өлкөлүк коомдук кызмат адамдарын тейлөөдө, кардарларды талаптагыдай текшерүү боюнча мыйзамдарда белгиленген чараларды колдонуудан тышкары, төлөм уюму/төлөм системасынын оператору төмөнкү кошумча талаптагыдай текшерүү чараларын колдонуу зарыл:

1) кардар/агент/электрондук акча агенти (дистрибьютор) же бенефициардык менчик ээси коомдук кызмат адамы болуп саналабы же жокпу, аны аныктоо үчүн тобокелдиктерди тескөө системасын колдонуу;

2) коомдук кызмат адамы менен ишкердик мамилени түзүү же улантуу (учурдагы кардарлар үчүн) үчүн, ошондой эле коомдук кызмат адамы талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнү талап кылган суммага бир жолку операция жүргүзгөн учурда, жетекчинин кат жүзүндөгү уруксатын алуу;

3) мамлекеттик кызмат адамынын акча каражаттарынын жана башка мүлкүнүн келип чыгуу булагын аныктоо;

4) мамлекеттик кызмат адамы тарабынан ишке ашырылган операцияларды (бүтүмдөрдү) кошо алганда, ишкердик мамилелерге жогорку тобокелдиктеги кардарлар үчүн белгиленген тартипте тынымсыз жана терең мониторинг жүргүзүү;

5) коомдук кызмат адамдары жөнүндөгү колдо болгон маалыматты дайыма жаңылап туруу.

Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору жогоруда көрсөтүлгөн чараларды чет өлкөлүк коомдук кызмат адамынын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын адамдарына (жакын туугандарына, ишкер өнөктөштөрүнө жана расмий өкүлдөрүнө) карата да колдонууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

38-1. Ушул Жобонун 38-пунктунун 2, 3, 4 жана 5-пунктчаларында көрсөтүлгөн чаралар улуттук коомдук кызмат адамдарына жана эл аралык уюмдардын коомдук кызмат адамдарына да, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакын адамдарына карата да, мындай адамдар менен ишкердик мамилелердин жогорку тобокелдиги аныкталган учурда колдонулат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

38-2. Улуттук коомдук кызмат адамдары аныкталган учурда, төлөм уюму финансылык чалгындоо органы тарабынан белгиленген коомдук кызмат адамынын анкетасынын формасына ылайык, алынган маалыматтарды электрондук форматта каттайт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

39. Эл аралык/чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү жүргүзүүдө төлөм уюму/төлөм системасынын оператору:

1) автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалда/агенттин мобилдик тиркемесинде/веб кассада/электрондук капчыкта жана төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн колдонулган башка түзүлүштөргө төмөнкү маалыматтарды киргизүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш:

- жөнөтүүчү - жеке адамдын аты-жөнүн;

- төлөмдү жүргүзүүдө эсеп колдонулса, жөнөтүүчүнүн эсеп номери, эгерде операцияны жүргүзүүдө электрондук капчык/карта колдонулса - төлөм системасынын коопсуздук талаптарына ылайык электрондук капчыктын идентификациялык номери/картанын номери;

- жөнөтүүчүнүн идентификациялык номери жана паспорттук маалыматтары;

- алуучу - жеке адамдын аты-жөнү;

- эгерде төлөмдү ишке ашырууда эсеп колдонулса, алуучунун эсеп номери. Эсеп жок болгон учурда, төлөмгө көз салып туруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган төлөмдүн уникалдуу номери/коду көрсөтүлөт;

2) эгерде ушул Жобонун 39-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн коштомо маалымат жок болсо, төлөмдү ишке ашырбоо;

3) төлөмдүн жөнөтүүчүсүн жана алуучусун Санкциялык тизмектерде жана алардын бар же жок экендигин текшерүү;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм системасындагы төлөмдү токтотуу же төлөмдү токтотуп туруу жана эгерде төлөмдү жөнөтүүчү жана (же) алуучу Санкциялык тизмелерде болсо, мыйзамда белгиленген мөөнөттө бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирүү;

5) шектүү төлөм аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген мөөнөт ичинде төлөмгө тиешелүү шектүү операция жөнүндө билдирүүнү финансылык чалгындоо органына жөнөтүү.

Эгерде төлөм уюму/төлөм системасынын оператору акча каражаттарын которууда ошол төлөм системасынын агенти катары иш алып барган жөнөтүүчү жана алуучу болуп саналбаса (башка төлөм системасынын агрегаторун/системасын колдонсо), агент ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүн жана кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзам талаптарын, анын ичинде төмөнкүлөрдү сактоого тийиш:

1) ушул Жобонун 39-пунктунун 1-пунктчасына ылайык, жөнөтүүчү жана алуучу тууралуу (аты-жөнү, туулган жылы жана күнү, үй дареги, паспорттогу же инсандыгын күбөлөндүргөн документтери маалыматтар ж.б.) чек ара аркылуу өтүүчү акча которуулар боюнча бардык коштомо маалыматтардын киргизилишин жана өзүндө сакталышын камсыз кылууга;

2) чек ара аркылуу өтүүчү акча которууларга тиешелүү бардык коштомо маалыматтарды кеминде беш жыл сактоого;

3) акча которууга тиешелүү алуучу же жөнөтүүчү тууралуу маалымат камтылбаган чек ара аркылуу өтүүчү которууларды аныктоо, ошондой эле мындай которууларды аткаруу/четке кагуу/токтотуу үчүн тобокелдикти аныктоого багытталган жол-жоболору болууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

40. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун төлөмдөрдүн иштелип чыгуусун камсыз кылган маалымат системасы Кыргыз Республикасынын ПФПД/ЛПД чөйрөсүндө идентификациялык маалыматтарын текшерүү боюнча мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу үчүн төлөмдүн жөнөтүүчүсүнүн жана алуучусунун идентификациялык маалыматтарына мониторинг жүргүзүү (дал келүүлөрдү аныктоо) боюнча программалык чечимдерге жана автоматташтырылган механизмдерге ээ болууга тийиш.

41. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген кылмыштуу ишти каржылоону жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жүзөгө ашыруу тууралуу тастыктаган критерийлердин жана белгилердин бар экендиги предметине кардарлардын ишин текшерүү тартибин аныктап алууга тийиш. Бул максаттарда төлөм уюму кардар-кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен ишкердик мамилелерине туруктуу негизде мониторинг жүргүзөт, анда төмөнкү иш-чаралар каралган:

- кардардын иши төлөм уюмунда/төлөм системасынын операторунда кардар, анын бизнеси жана аталган кардар боюнча тобокелдик деңгээли тууралуу маалыматка шайкеш келе тургандыгына ынануу үчүн кардардын пайдасына же кардар тарабынан ишке ашырылган төлөмдөрдү изилдөө;

- зарыл болгон учурда кардардын пайдасына келип түшкөн акча каражаттарынын келип чыгуусун тактоо;

- айкын же так экономикалык же мыйзамдуу максаттарга ээ болбогон бардык татаал же өзгөчө ири операцияларды талдап-иликтөө;

- төлөм уюму/төлөм системасынын оператору тарабынан алынган бардык маалыматты документте каттоо жана зарыл болгон учурда ошол маалыматтарды финансылык чалгындоо органына өткөрүп берүү.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

42. Контролдоого алынууга жана маалымдалууга тийиш болгон төлөмдөргө төмөнкү операциялар (бүтүмдөр) кирет:

- шектүү төлөмдөр;

- жогору тобокелдиктер орун алган өлкөлөрдөн жеке адам же юридикалык жак алардын тараптарынын бири болуп саналган төлөмдөр. Финансылык чалгындоо органына маалымдоого тийиш болгон, жогорку тобокелдиктер орун алган өлкөлөрдөн жеке адамдар жана юридикалык жактар менен операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат;

- кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик ишти, экстремисттик ишти, массалык кыргын салуучу куралды жайылтуу, кылмыш жасоо максатында уюшкан топту же кылмыштуу коомчулукту түзүү жана башкаруу же бул топко же коомчулукка катышуу же бул топко же коомчулукка башка жардам көрсөтүү, ошондой эле мындай кылмыштуу ишти каржылоо үчүн жаза мөөнөтүн өтөгөн жеке жак тарабынан ишке ашырылган төлөмдөр;

- тизмеги жана чектүү суммасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан тобокелдиктерди улуттук баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын электрондук капчыктар жана лимиттер боюнча агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу белгиленген лимиттердин сакталышы бөлүгүндө белгиленген нак акча жана накталай эмес каражаттары менен төлөмдөр.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

8-глава. Ички контролдоону жүзөгө ашырууда алынган маалыматтарды каттоо, сактоо жана финансылык чалгындоо органына жөнөтүү  

43. Кардардын ички контролдоону жүзөгө ашырууда алынган төлөмдөрү тууралуу маалыматтар анын кылмыштуу ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) катыштыгы бардыгын тастыктоо же аны четке кагуу үчүн жетиштүү болгон көлөмдө, документ жүзүндө милдеттүү түрдө катталууга тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

44. Кардардын төлөмдөрүн шектенүүнү жараткан белгилерге ээ операция катары аныктоого шектенүүлөрдү тастыктоо учурунда кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы төлөмдү шектүү деп таануу чечимин кабыл алып, шектүү төлөм тууралуу билдирүүнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди сунуштоо тартиби жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык финансылык чалгындоо органына жөнөтөт.

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун жетекчиси мындан аркы иш-аракеттердин өз учурунда жүзөгө ашырылышы, анын ичинде максаттуу финансылык санкциялардын колдонулушу жана төлөм өткөрүүнү токтотуу жана/же кардар менен ишкердик мамилелерди жокко чыгаруу үчүн жоопкерчилик тартат.

44-1. Эгерде төлөм уюму/төлөм системасынын оператору талаптагыдай текшерүү чараларын көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, ишкердик мамилелерди түзбөөгө жана операцияны жүргүзбөөгө же ишкердик мамилелерди токтотууга милдеттүү.

Төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору тиешелүү маалыматты финансылык чалгындоо органына кылмыштуу ишти каржылоого/кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө жөнөтүүгө милдеттүү.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

44-2. Эгерде төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү келип чыккан шектенүүлөр жөнүндө маалыматтын ачыкка чыгышына алып келет деп ишенсе, төлөм уюму/төлөм системаларынын оператору кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча чараларды көрбөйт, шектүү операцияны (бүтүмдү) токтото турат жана финансылык чалгындоо органына кылмыштуу ишти каржылоого/кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү жөнөтөт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

45. Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору кардарларга кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурлардан тышкары, финансылык чалгындоо органына маалыматтарды берүү тууралуу маалымдоого укугу жок.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

46. Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору операциялар ашырылгандан кийин кеминде беш жыл бою ички жана эл аралык операциялар боюнча бардык зарыл жазууларды сактоого милдеттүү.

Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору кардар менен ишкердик мамилелер токтотулгандан кийин же бир жолку операция жүргүзүлгөн күндөн кийин, кардарды талаптагыдай текшерүү чараларын колдонуунун натыйжасында алынган бардык жазууларды, кардарлардын файлдарын жана ишкердик кат алышууларды, жүргүзүлгөн ар кандай талдоолордун жыйынтыктарын кеминде беш жыл сактоого милдеттүү.

Операциялар жөнүндө жазуулар жеке операцияларды калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берүү үчүн, зарыл болгон учурда кылмыштуу ишти териштирүүдө далил катары колдонуу үчүн жетиштүү болушу зарыл,

Төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору кардарды талаптагыдай текшерүү жөнүндө бардык маалыматты жана кардарлардын операциялары жөнүндө жазууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банкка, финансылык чалгындоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жана укук коргоо органдарына ыкчам берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

9-глава. Корутунду жоболор  

47. Кардарды талаптагыдай текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын же жогорку тобокелдиктер орун алган өлкөлөргө карата башка чаралар (санкциялар) колдонууну токтотуу өлкө Жогорку тобокелдиктер орун алган өлкөлөрдүн тизмегинен чыгарылган шартта же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

48. Электрондук билдирүүнү түзүү жана финансылык чалгындоо кызматына жөнөтүү АРМдин (операциялар (төлөмдөр) тууралуу билдирүүнү автоматтык режимде түзүүгө жана жөнөтүүгө өбөлгө түзгөн адистештирилген программалык камсыздоо) жардамы менен жүзөгө ашырылат.