Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 30-сентябрындагы  

№ 2019-П-14/50-2-(ПС) токтомуна карата  

тиркеме 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө  

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС), 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС), 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-14/27-3-(ПС), 2022-жылдын 2-июнундагы № 2022-П-14/35-3-(НПА), 2023-жылдын 22-февралындагы № 2023-П-14/11-5-(ПС), 2023-жылдын 11-майындагы № 2023-П-14/31-1-(ПС), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 13-июнундагы № АД-703/22 абс5 токтомунун, КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС), 2024-жылдын 4-декабрындагы № 2024-П-14/64-1-(ПС), 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 2025-П-14/20-2-(ПС), 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Бул "Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө" жободо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүн сунуштоого лицензиясына ээ төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон талаптар аныкталат: 

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо; 

- өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алууга жана өткөрүүгө, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо. 

Төлөм уюмдары, төлөм системаларынын операторлору, ошондой эле төлөм уюмунун агенттери/субагенттери мыйзам талаптарын, анын ичинде Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 19-августундагы № 2020-П-14/46-4-(ПС) токтому менен бекитилген "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобого ылайык кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарын сактоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС), 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2. Жобонун талаптары төмөнкүлөргө таркатылбайт: 

- Улуттук банк алардын оператору болуп саналган төлөм системаларына; 

- өз төлөмдөрү үчүн өз системасындагы төлөмдөр жана эсептешүүлөр боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырган коммерциялык банкка; 

- ушул Жобонун 98-пунктунун 2-пунктчасын эске албаганда, өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизделген төлөм системалары аркылуу кабыл алууга жана өткөрүүгө, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган коммерциялык банкка; 

- өз төлөмдөрү үчүн өз түзүмүндөгү төлөмдөр жана эсептешүүлөр боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоону (процессинг, клиринг) жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттердин ички системаларына.  

3. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн төлөм системаларынын, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салат жана көзөмөлдөйт. 

4. Төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча төлөм системаларынын, төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин монополияга каршы жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 2-мартындагы № 4/1 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, башка финансы-кредит уюмдары, төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо саясаты жана негизги принциптеринин алкагында ишке ашырылат. 

5. Ушул Жобонун талаптары бузууга жол берилген учурда Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм уюмуна, төлөм системасынын операторуна жана банктар аралык төлөм системасынын башка катышуучуларына карата тиешелүү таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

2-глава. Колдонулган терминдер жана аныктамалар 

6. Бул Жободо төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

Автоматташтырылган система (АС) - бул ишти автоматташтыруу боюнча каражаттардын аппараттык-программалык комплексинен, белгиленген функцияларды аткаруунун маалыматтык технологияларын ишке ашырган ыкмалардан жана иш-чаралардан турган система. 

Агент - төлөм уюму менен товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына жеке адамдардын жана юридикалык жактардын төлөмдөрүн кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө агенттик келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер. 

Агенттик келишим - төлөм уюму менен агент ортосунда ушул Жободо көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө түзүлгөн келишим. Мында агенттин иш-аракеттери үчүн төлөм уюму жооп берет. 

Өнөктөш банк - агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - КИК/ККЛК) боюнча мыйзамдарга ылайык идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорун жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу банк. 

Маалымат системасы - маалыматтарды сактоо, издөө жана иштеп чыгуу үчүн каралган система жана маалымат менен камсыз кылып, аны жайылткан тиешелүү уюштуруу ресурстары. 

Идентификатор - субъекттин же объекттин өзгөчө белгиси. 

Автоматташтырылган системаны пайдалануучу - бул автоматташтырылган системада катталган жана анын ресурстарын колдонгон (кызматкерлер, агенттер, кардарлар же башка адамдар) субъект же объект. 

Аутентификация - субъекттин/объекттин аларга ыйгарылган идентификаторго таандыгын текшерүү же анын аныктыгын тастыктоо. 

Авторизация - белгилүү бир субъектке/объектке анын системада аткарган ролуна ылайык айрым иш-аракеттерди аткаруусуна укук берүү процесси. 

Маалыматтын купуялуулугу - бул, ресурстардын маалымат активдерин иштеп чыгуу, сактоо жана берүү алар авторизацияланган пайдалануучуларга гана жеткиликтүү болгудай жүзөгө ашырыла турган абалы. 

Маалыматтын бүтүндүгү - маалыматын өзгөрүлбөс туруктуулугун сактоо же өз маалымат активдериндеги өзгөрүү фактыларын аныктоо касиети. 

Маалыматтын жеткиликтүүлүгү - маалымат активдери авторизацияланган пайдалануучуга, ага зарыл түрдө жана жерде жана ага зарыл болгон убакытта бериле турган маалымат касиети. 

Маалымат коопсуздугу - маалымат активдеринин купуялуулугун, бүтүндүгүн жана жеткиликтүүлүгүн сактоо. 

Субагент - төлөм уюмунун агенти менен товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү (мындан ары - товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү) сунуштоочулардын пайдасына жеке адамдардын жана юридикалык жактардын төлөмдөрүн кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө субагенттик келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер. Мында субагенттин иш-аракеттери үчүн төлөм уюму жооп берет. 

Агенттин мобилдик тиркемеси - бул, бир эле учурда товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу болуп саналган төлөм уюмунун агенти тарабынан сунушталган инструмент (программалык камсыздоо), пайдалануучулар аны мобилдик түзүлүштөр/тиркемелер аркылуу колдонот жана анын жардамы аркылуу төлөм уюму аталган товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун пайдалануучусуна (кардарына)/абонентине анын өздүк эсебине буга чейин салынган аванс акча каражаттары/алдын ала төлөм каражаттары же алардын бөлүгүнүн эсебинен кайтарылуучу акча каражаттарын колдонуу менен үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү өз алдынча же агенти аркылуу сунуштайт.  

Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөмдөрдү жана башка операцияларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) жүргүзүү үчүн агенттин мобилдик тиркемесин колдонгон, бир эле учурда төлөм уюмунун кардары жана төлөм уюмунун агенти катары иш алып барган товарларды/ кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун абоненти болуп саналган жеке адам, жеке ишкер. 

Агенттин веб-кассасы - төлөм уюмунун агентине төлөмдөрдү ишке ашыруу үчүн сунушталган, ар кандай жабдуулар (мобилдик телефон, компьютер, планшет ж.б.) аркылуу төлөм уюмунун төлөм системасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү

Төлөм QR-коду боюнча төлөө - эки өлчөмдүү штрих код белгилерин (QR-код) окуу аркылуу банктын/төлөм системасынын мобилдик тиркемесин же болбосо башка жабдууларды колдонуу менен товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөө

Эквайринг - соода-тейлөө ишканалары менен тиешелүү төлөм системаларынын эрежелерине ылайык товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү жөнүндө келишимдердин негизинде банктык төлөм карттарын жана башка төлөм инструменттерин/технологияларын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча аралыкта орнотулган жабдуулар тармагына ээлик кылууга жана тейлөөгө байланышкан иш. 

Эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулган инструменттерге жараша, эквайринг төмөнкү негизги түрлөрдү камтыйт:  

Соода эквайринги - түзүлгөн келишимдин негизинде, ар кандай төлөм инструменттерин колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн POS-терминалдарды жана башка аралыкта жайгаштырылуучу жабдууларды орнотуу боюнча соода-тейлөө ишканасына эквайер тарабынан сунушталуучу кызмат.  

Интернет-эквайринг - төлөм маалыматын өткөрүп берүүнү камсыз кылган жана анын купуялуулугун сактаган атайын веб-интерфейс аркылуу соода платформаларында жана интернет-дүкөндөрүндө сатылуучу товарлар жана кызматтар көрсөтүүлөр үчүн банктык төлөм карттарын жана электрондук акчаны колдонуу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү кабыл алуу боюнча эквайер тарабынан сунушталуучу кызмат.  

Мобилдик эквайринг - мобилдик телефон же планшетти колдонуу менен мобилдик тиркеме жана атайын мобилдик POS-терминал (mPOS-терминал) аркылуу төлөм карттарын пайдалануу менен накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча эквайер тарабынан сунушталуучу кызмат. 

Ушул Жободо колдонулган башка терминдерди менен аныктамаларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жалпы кабыл алынган маанисине ылайык түшүнүүгө болот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС), 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС), 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС), 2024-жылдын 4-декабрындагы № 2024-П-14/64-1-(ПС), 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3-глава. Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун, алардын агенттеринин ишине карата негизги талаптар 

(Главанын аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

§ 1. Төлөм системаларынын операторлорунун ишине карата талаптар 

7. Төлөм системасынын оператору лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрүн гана жүзөгө ашырууга, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого жана анын негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу. 

Төлөм системасынын оператору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкы менен түзүлгөн агенттик келишимге ылайык, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштай алат. 

Төлөм системасынын оператору өз ишин төлөм уюмунун иши менен гана айкалыштыра алат.  

Лицензияланууга тийиш болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны жана ал боюнча укуктарды башка адамга берүүгө тыюу салынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС), 2022-жылдын 2-июнундагы № 2022-П-14/35-3-(НПА), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 13-июнундагы № АД-703/22 абс5 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7-1. Төлөм системасынын оператору лицензия алган учурдан тартып 12 (он эки) ай ичинде төлөм системасынын катышуучулары менен келишим/келишимдерди түзүүгө жана үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматты кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана аларды ошол процессинг, клиринг борборунун төлөм системасынын катышуучуларына берүү ишин баштоого тийиш. Бул талап аткарылбаса, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык төлөм системасынын операторунун лицензиясы кайтарылып алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Төлөм системасынын операторунун уставдык капиталынын өлчөмү Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө ченемдик укуктук актысында белгиленген өлчөмдөн кем болбоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 2025-П-14/20-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туунду компанияга ээ болгон учурда милдеттүү түрдө Улуттук банкка тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен ал тууралуу маалымат берүүгө тийиш. 

10. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды аткарган шартта кайра уюштурулушу мүмкүн (биригүү, кошуу, ажыратуу, бөлүү, кайра өзгөртүп түзүү). 

Кайра уюштурууда төлөм системасынын оператору кайра уюштурууга байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийинки 15 (он беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен талапка ылайык күбөлөндүрүлгөн кайра уюштуруу боюнча тиешелүү чечимди тиркөө менен Улуттук банкка билдирүүнү сунуштоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

11. Оператор Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарынын жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо талаптарын бузууга жол берген учурда, Улуттук банк төлөм системасынын операторунун тарифтерди белгилөөсүнө чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн. 

12. Төлөм системасынын оператору тарифтик саясатты жана өз кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркына баа түзүү принциптерин иштеп чыгууга, бекитүүгө жана лицензия алган учурдан тартып жылына бир жолу Улуттук банкка бекитилген жана колдонуудагы тарифтер жөнүндө маалыматты берип турууга тийиш.  

Андан кийин, төлөм системасынын оператору Улуттук банкка тарифтик саясат жөнүндө маалыматты учурдагы календардык жылдын I (биринчи) чейрегинин акырына чейинки мөөнөттө жылына кеминде 1 (бир) жолу сунуштайт.  

Төлөм системасынын оператору тарифтик саясат жана/же тарифтер өзгөргөндөн кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде бардык өзгөртүүлөр тууралуу Улуттук банкка маалымдоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

13. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкеш келген төлөм системасынын иштөө эрежелерине жана жол-жоболоруна ээ болууга тийиш. Төлөм системасынын оператору төлөм системасынын ишин иштелип чыккан ички эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык жүргүзүлүшүн камсыз кылат. Катышуучулар менен өз ара мамилелер системанын эрежелеринде, төлөм системасынын ишине байланыштуу келишимдерде, ошондой эле катышуучулар менен түзүлгөн келишимдерде белгиленет. 

14. Төлөм системасынын оператору өз төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн, төлөмдөрдү өз учурунда иштеп чыгууну (процессинг/клиринг), системада маалымат коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Төлөм системасынын оператору өз төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн бузуу, процессинг/клиринг жана төлөм системасынын катышуучуларына төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштабагандыгы же сапатсыз сунуштагандыгы, анын ичинде төлөм системасынын катышуучулары менен келишим мамилелерине ылайык, керектөөчүлөрдүн жүргүзүлгөн төлөмдөрү тууралуу маалыматты товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга өз убагында жеткирбегендиги үчүн жоопкерчилик тартат, анын ичинде финансылык жактан да жоопкерчилик тартат. 

Төлөм системасынын оператору керектөөчүдөн төлөмдөрдү товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүнү толук көлөмдө сунуштоого тийиш. 

15. Төлөм системасынын оператору, эгерде төлөм системасынын катышуучулары менен келишим шарттарында башкасы каралбаса, системанын иши үчүнчү жактардын күнөөсү боюнча үзгүлтүккө учураган учурда жоопкерчилик тартпайт. 

16. Төлөм системасынын операторунун процессинг борбору автоматташтырылган системалар үчүн ушул Жободо белгиленген минималдуу талаптарга шайкеш келүүгө тийиш. 

17. Төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

1) колдонуудагы эрежелердин жана жол-жоболордун сакталышын, ошондой эле алардын ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келүүсүн контролдоого; 

2) төлөм системасынын башка катышуучуларына төлөмдөрдү ишке ашыруу үчүн зарыл техникалык жана программалык каражаттарга карата талаптарды коюуга; 

3) төлөм системасынын катышуучулары боюнча маалымат базасын жүргүзүү, анда кеминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- келишимдин реквизиттери (датасы, номери);  

- юридикалык жактын аталышы/жеке ишкердин аты-жөнү;  

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымат, жеке ишкердин паспорттук маалыматтары, жеке ишкер катары каттоо жөнүндө тастыктоочу документтер/колдонуудагы патент;  

- жайгашкан орду/жашаган дареги, ишкердик жүргүзүлүп жаткан дарек;  

- жетекчилер тууралуу маалымат;  

- байланышуу үчүн маалымат,  

- юридикалык жактын/жеке ишкердин ишкердик түрү жөнүндө маалымат (банк иши, коммуналдык кызматтар ж.б.); 

4) төлөм системасындагы тобокелдиктерди баалоо жана аларды тескөө

5) маалыматты иштеп чыгуу каражаттарынын коопсуз ишин камсыздоо; 

6) жагдайларды башкарууга карата бирдиктүү ыкманы камсыздоо жана жагдайлар реестрин жүргүзүү

7) штаттан тышкаркы жагдай келип чыккан учурда келишим шарттарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, товарларды/кызматтарды сунуштоочуларга системага кабыл алынган төлөмдөр боюнча маалыматты өз убагында билдирүүнү камсыздоо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС), 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

18. Төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- процессинг борборун жана төлөм системасынын маалымат алуу, иштеп чыгуу, сактоо жана берүү процессине тартылган бардык кызматкерлерин маалымат коопсуздугу менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды, анын ичинде киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана чара колдонуу; 

- системанын чабал жактарын жөнгө салуу жана зыяндуу программалык камсыздоодон коргоо боюнча программалык иш-чаралар топтомун иштеп чыгуу, вируска каршы программалык камсыздоону улам жаңыртып туруу. 

19. Төлөм системасынын операторунун кызмат адамдары - төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетектеген аткаруу органынын мүчөлөрү, алар төмөнкүлөрдү камсыз кылуулары зарыл: 

- уюмдун ишинин жөнгө салынышын контролдоо; 

- контролдук системасынын шайкештигине баа берүү - башкаруу түйүндөрүн текшерүү, аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чечимдерди кабыл алуу; 

- иш натыйжалуулугуна баа берүү - уюмдун ар тараптуу иш багытына баа берүү жана аларды өркүндөтүү жагында чечимдерди кабыл алуу. 

20. Төлөм системасынын операторунун АПКнын иши жана анын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү болгон техникалык персоналы (штаттык кызматтар), башкы бухгалтери (штаттык кызмат), ошондой эле өзүнүн уюштуруу түзүмүнө ылайык башка персоналы болууга тийиш. Функционалдык милдеттерине ылайык, төлөм системасынын операторунун персоналы төмөнкү милдеттердин аткарылышына жооптуу: 

- маалымат системасын контролдоо системаларынын шайкештигине баа берүү - башкаруу түйүндөрүн текшерүү, аткаруу органына аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча негиздүү сунуштарды жана иш натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү

- коопсуздуктун камсыз кылынышына баа берүү - маалымат коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле кара ниет колдонуучулардын иш-аракеттеринин, авариялык үзгүлтүктөрдүн жана персоналдын каталарынын натыйжасында келип чыккан жоготууларды азайтуу; 

- иш натыйжалуулугуна баа берүү - уюмдун ар тараптуу иш багытына эксперттик баа берүү жана аларды өркүндөтүү жагында негиздүү сунуштарды берүү

- системанын ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келишин текшерүү

- чечим кабыл алуу, финансылык жана регулятивдик отчетторду түзүү үчүн колдонулган финансылык маалыматтардын ишенимдүүлүгүн, толуктугун жана өз учурунда берилишин камсыз кылуу; 

- тышкы аудиторлорду тандоо боюнча сунуштарды даярдоо жана зарыл учурда атайын аудитордук текшерүүнү жүргүзүүнү демилгелөө

- Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсептин жүргүзүлүшүн жана финансылык отчеттун түзүлүшүн камсыз кылуу. 

Оператор персоналдын аткарылуучу функцияларынын өткөрүлүп берилишин камсыз кылууга, зарыл учурда төлөм системасынын негизги функцияларын аткарууга катышкан персоналдын функциясын айкалыштырууну камсыз кылууга тийиш. Персонал иштен бошонгон/алмашкан учурда талапка ылайык тариздөө менен (акт, протокол) функционалдык милдеттердин жана документтердин кабыл алынышы-өткөрүлүп берилиши камсыз кылынууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

20-1. Төлөм системасынын оператору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келген, бекитилген эсепке алуу саясатына ээ болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

21. Автоматташтырылган системаны администрлөө төлөм системасынын операторунун штаттык техникалык персоналы тарабынан жүзөгө ашырылуусу зарыл. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тараптардын милдеттерин жана жоопкерчиликтерин көрсөтүү менен келишим түзүлгөн учурда штаттан тышкаркы техникалык персоналды кошумча ишке тарта алат. 

22. Төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган системасы менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ персоналы: 

- финансылык маалымат менен иш алып барууда ички эрежелерде жана жол-жоболордо жөнгө салынган маалымат коопсуздугун камсыз кылуу нормалары жана талаптары менен тааныштырылууга; 

- автоматташтырылган системадан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн программалык-техникалык каражаттарын тескөө жана ички документтерге ылайык финансылык маалыматты иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон квалификацияга ээ болууга; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, финансылык маалымат менен иш алып барууда маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартууга тийиш. 

23. Төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган системасы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

- системанын үзгүлтүксүз иштөө критерийлерине ылайык маалымат менен үзгүлтүксүз алмашууну жана иштеп чыгууну (процессинг/клиринг); 

- маалыматтарды байланыш каналдары аркылуу процессинг борборуна өткөрүүдө жана түзүлгөн жерге кайра жөнөтүүдө алардын толуктугун жана аныктыгын; 

- автоматташтырылган система менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ төлөм системасынын операторунун техникалык персоналын авторизациялоону/аутентификациялоону; 

- системада маалыматтардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында төлөм документтери үчүн белгиленген мөөнөт ичинде сакталышын, алардын бүтүндүгүн жана купуялуулугун; 

- штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурда системанын аппараттык-программалык комплексте/резервдик сайтта иштөөсүнө өз убагында которуу/калыбына келтирүү/ишти токтотуу; 

- автоматташтырылган система үзгүлтүккө дуушар болгон учурда, штаттан тышкаркы жагдайларда же маалыматтардан санкциясыз пайдаланууда маалыматтарды жана жабдууларды коргоону; 

- процессинг борборуна туташкан объекттердин, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын жана процессинг борборунун персоналын кошо алганда, системанын маалымат ресурстарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү сеанстарынын иштөө жөндөмдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү жана контролдоону. 

24. Төлөм системасынын операторунда төмөнкүлөр болууга тийиш: 

- программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм же программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм тарабынан ыйгарым укук берилген уюм менен түзүлгөн келишим (программалык камсыздоо сатып алынган учурда); 

- кызматкерлер менен түзүлгөн келишимдерге жана эмгек макулдашууларына ылайык, иштеп чыккан компания (программалык камсыздоо сатылып алынган учурда) же кабыл алынган төлөмдөр процессингин ишке ашырган программалык камсыздоону иштеп чыккан/ишин камсыз кылган жактар менен техникалык колдоону камсыз кылууга түзүлгөн келишим; 

- кылдат иштелип чыккан техникалык тапшырмалар жана талаптар; 

- программалык камсыздоонун баштапкы кодуна өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ кызматкерлердин тизмеги; 

- системанын администраторлору жана программалык камсыздоодон пайдалануучулар үчүн колдонмо же коштомо документтер; 

- сыноодон өткөрүү программасы жана методикасы; 

- ишке киргизүү актысы жана тажрыйбалык пайдалануу сыноосунан өткөрүүлөрдү каттоо журналы; 

- өндүрүштүк пайдаланууга берүү актысы; 

- төлөм системасынын оператору жана программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм же программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм тарабынан ыйгарым укук берилген уюм кол койгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы. 

§ 2. Төлөм системасынын операторунун эрежелерине карата талаптар 

25. Системанын иштөө эрежелеринде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- төлөм системасынын архитектурасы жана анын ишин чагылдыруу схемасы; 

- коопсуз жана ишенимдүү байланыш каналдарын берүү тууралуу талаптар; 

- төлөм системасына кирүү жана андан чыгуу жол-жобосу; 

- катышуучуну төлөм системасына туташтыруу тартиби жана катышуучуга карата талаптар; 

- процессинг жүргүзүү тартиби; 

- клиринг жүргүзүү тартиби; 

- процессинг жана клиринг жүргүзүү учурунда физикалык жана маалымат коопсуздугун камсыз кылуу тартиби жана анын талаптары (эгерде бул кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг (клиринг) борборуна берилген болсо); 

- системанын үзгүлтүксүз иштөө критерийлери; 

- төлөм системасынын катышуучуларынын төлөм системасынын операторуна өз иши жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби; 

- тобокелдиктерди тескөө боюнча колдонулуп жаткан моделди, иш-чаралар тизмегин жана тобокелдиктерди тескөө ыкмаларын кошо алганда, төлөм системасында орун алган тобокелдиктерди тескөө системасы; 

- маалыматты коргоо талаптары; 

- катышуучулардын жана кардарлардын талаш маселелерин, даттанууларын чечүү тартиби; 

- төлөм системасында штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган учурда катышуучулардын иш алып баруу тартиби; 

- төлөм системасынын катышуучуларына билдирүү тартиби; 

- төлөм системасынын катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги; 

- тарифтик саясат; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптар. 

Зарылчылыкка жараша төлөм системасынын катышуучуларына сандык жана сапаттык критерийлер берилиши мүмкүн. 

26. Карттардын процессингин жүргүзгөн төлөм системасынын операторунун эрежелеринде ушул Жобонун 25-пунктунда келтирилген талаптардан тышкары төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- катышуучуну төлөм системасына каттоо жана багыттоо; 

- карт ээсин таанууда (персонализация) коопсуздукту сактоо тартиби жана талаптар (эгерде бул кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилген болсо); 

- карттын процессингин жана клирингин жүргүзүүдө коопсуздук тартиби жана талаптары (эгерде бул кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилген болсо); 

- эмитенттин карт эмиссиясын жүзөгө ашыруу тартиби жана ага карата талаптар; 

- эквайердин карт эквайрингин жүзөгө ашыруу тартиби жана ага карата талаптар; 

- системада төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби; 

- доо коюлган төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу тартиби; 

- системада банктар аралык комиссиялык төлөмдөр, тейлөө үчүн төлөмдөр жана башка комиссиялык төлөмдөр; 

- финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар. 

27. Төлөм системасынын эрежелеринде төлөм системасынын катышуучуларына карата башка төлөм системаларында катышуусун чектөө жөнүндө талаптарды (өзгөчө катышуу шарттары) белгилөөгө тыюу салынат. 

28. Системанын эрежелери жана жол-жоболору катышуучуларга системага катышуудан улам, алар дуушар болушу мүмкүн болгон финансылык тобокелдиктердин системага тийгизе турган таасири тууралуу так түшүнүк берип, катышуучу тараптардын системанын тобокелдиктерин башкаруудагы юридикалык негизин, ролун, убактысын жана принциптерин түшүндүрүүгө тийиш. Берилген эрежелер жана жол-жоболор Улуттук банктын тобокелдиктерди тескөө боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкеш келүүгө жана улам каралып, зарыл учурларда, бирок 3 (үч) жылда кеминде 1 (бир) жолу жаңыртылып туруусу зарыл. 

§ 3. Төлөм уюмунун ишине карата талаптар 

29. Төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иштердин түрүн гана жүзөгө ашырууга, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого жана анын негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу. 

Төлөм уюму Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкы менен түзүлгөн агенттик келишимге ылайык, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштай алат. 

Төлөм уюму өз ишин төлөм системасынын операторунун иши менен гана айкалыштыра алат.  

Лицензияланууга тийиш болгон ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензияны башка адамга берүүгө тыюу салынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС), 2022-жылдын 2-июнундагы № 2022-П-14/35-3-(НПА), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 13-июнундагы № АД-703/22 абс5 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

30. Төлөм уюмунда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жагында кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча иштелип чыккан жана бекитилген ички эрежелер жана жол-жоболор болууга тийиш. 

31. Төлөм уюмунун уставдык капиталынын өлчөмү Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө ченемдик укуктук актысында белгиленген өлчөмдөн кем болбоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 2025-П-14/20-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

32. Төлөм уюму Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактаган учурда кайра өзгөртүлүп (бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратып алуу, кайра өзгөртүп түзүү) түзүлүшү мүмкүн. Төлөм уюму талапка ылайык күбөлөндүрүлгөн бардык тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен Улуттук банкка кайра өзгөртүп түзүүгө байланыштуу мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийинки 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбестен маалымдоого тийиш. 

32-1. Төлөм уюмунда кеминде аппараттык-программалык комплекстин иштеши жана анын коопсуздугу үчүн жооптуу техникалык персонал (штаттык кызматтар), башкы бухгалтер (штаттык кызмат), ошондой эле уюштуруу түзүмүнө ылайык башка персонал болууга тийиш. Функционалдык милдеттерине ылайык, төлөм уюмунун персоналы төмөнкү милдеттердин аткарылышына жооптуу: 

- маалымат системасынын контролдоо системаларынын шайкештигин баалоо - башкаруу звенолорун текшерүү, аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча аткаруу органына негизделген сунуштарды жана башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү

- коопсуздукту камсыз кылууну баалоо - маалымат коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле кылмышкердин иш-аракеттеринен, авариялык үзгүлтүктөрдөн жана персоналдын каталарынан келип чыгышы мүмкүн болгон жоготууларды минималдаштыруу; 

- системанын ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштешин текшерүү

- иштин натыйжалуулугун баалоо - уюмдун иштешинин ар кандай тарабын эксперттик баалоо жана аларды өркүндөтүү боюнча негиздүү сунуштарды берүү

- чечим кабыл алуу, финансылык жана регулятивдик отчетту түзүү үчүн колдонулган финансылык маалыматтын ишенимдүүлүгүн, толуктугун жана өз убагында берилишин камсыз кылуу; 

- тышкы аудиторлорду тандоо боюнча сунуштарды даярдоо жана зарылчылыкка жараша атайын аудитордук текшерүүлөрдү баштоо; 

- Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү жана финансылык отчетту түзүү

Төлөм уюму персоналдын аткарып жаткан функцияларынын үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга, зарылчылыкка жараша, төлөм уюмунун негизги функцияларын аткарууга катышкан персоналдын функцияларын кайталоону камсыз кылууга тийиш. Персоналды иштен бошотууда/алмаштырууда, талапка ылайык тариздөө менен функционалдык милдеттерди жана документтерди кабыл алууну-өткөрүп берүүнү камсыз кылуу тартиби (акт, протокол) аныкталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

33. Төлөм уюму товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын ишинде келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди камсыздандыруу максатында төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

1) салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөөнү башкаруучу мамлекеттик орган жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен тиешелүү келишимдик мамилелерде (түздөн-түз келишимдерди түзүүдө) ушул талапты белгилөө, жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы Бирдиктүү казына эсебине чегерилүүгө тийиш болгон төлөөчүлөрдүн салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөө боюнча акча каражаттарын кабыл алуу үчүн тобокелдиктерди тескөөнүн жана контролдоонун зарыл механизмдерин ишке ашыруу менен Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттерине кабыл алынган төлөмдөрдүн бардык суммасынын кеминде 100 (жүз) пайызы өлчөмүндө алдын ала төлөө же кайтарылгыс банктык гарантияны же камсыздандыруу депозитин берүү.  

Мамлекеттик орган жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен түзүлгөн келишимде, төлөм уюму кабыл алынган төлөмдөрдү Бирдиктүү казына эсебине чегерүү милдеттенмелерин аткарбаса/бузган учурларда кайтарылгыс банктык гарантия же камсыздандыруу депозити колдонула тургандыгы каралган. Төлөмдөр суммасы алдын ала төлөм же кайтарылгыс банктык гарантия же камсыздандыруу депозит өлчөмүнөн арткан учурда товарларды/кызматтарды сунуштоочунун кызматы автоматтык түрдө өчүрүлүүгө тийиш; 

2) келишимдик мамилелерде алдын ала төлөө же болбосо товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын банктык эсебинде жайгаштырылган депозит каралбаган, мамлекеттик менчикке, коммуналдык ишканаларга жана бюджеттик уюмдарга жарым-жартылай таандык болгон товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар үчүн товарлардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир сунуштоочусу боюнча акыркы чейректеги орточо күндүк жүгүртүүнүн 50 (элүү) пайызы өлчөмүндө кайтарылгыс банктык гарантияны же камсыздандыруу депозитин берүү

Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен түзүлгөн келишимде, төлөм уюму кабыл алынган төлөмдөрдү товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун эсептешүү эсебине чегерүү боюнча милдеттенмелерин, ошондой эле анда камсыздандыруу депозити жайгаштырылган банктык эсепти контролдоо шарттарын аткарбаса/бузган учурда кайтарылгыс банктык гарантия же камсыздандыруу депозити максаттуу багыты боюнча колдонула тургандыгы жана/же товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу акча каражаттарын акцептсиз тартипте эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгү каралууга тийиш; 

3) келишимдик мамилелерде товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга алдын ала төлөө каралбаган, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун пайдасына кайтарылгыс банктык гарантия же камсыздандыруу депозитин сунуштоо. Кайтарылгыс банктык гарантиянын же камсыздандыруу депозитинин өлчөмү акыркы чейректе төлөм уюмунун ар бир товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу боюнча орточо күндүк жүгүртүү суммасынын кеминде 10 (он) пайызын түзүүгө тийиш; 

4) товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу үчүн каралган акча каражаттары төлөм уюмунун чарбалык ишине байланыштуу операцияларды жүргүзүү үчүн каралган төлөм уюмунун эсептешүү эсебинде топтолбоого тийиш. Камсыздандыруу депозиттери бардык товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар боюнча бир банктык эсепте же болбосо өзүнчө банктык эсептерде жайгаштырылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

34. Төлөм уюму акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алуу, сактоо, өткөрүп берүү/которуу (инкассациялоо) боюнча талаптарды сактоого тийиш. 

Акча каражаттарын өткөрүп берүү/чегерүү (инкассациялоо) жана акча берүүгө байланыштуу касса операциялары төлөм уюму тарабынан бекитилген, касса операцияларынын тизмегине ылайык төлөм уюму тарабынан максаттуу багыты боюнча жүзөгө ашырылууга тийиш. Касса операцияларынын тизмегинде төлөм уюму тарабынан кассадан берилүүчү акча каражаттарынын суммасына лимит белгиленүүгө жана ички жол-жоболорго ылайык бекитилүүгө тийиш. 

Акча каражаттарын кабыл алуу, сактоо, өткөрүп берүү/чегерүү (инкассациялоо) жана акча каражаттарын берүүгө байланыштуу кассалык операциялар төлөм уюму тарабынан максаттуу багыты боюнча жана өзүнүн гана административдик-чарбалык ишин тейлөө үчүн ишке ашырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

34-1. Төлөм уюму штаттан тышкаркы жагдайлардын натыйжасында (өзгөчө абал/өзгөчө кырдаал ж.б. режимдерин киргизүү) шаарларда жана калктуу пункттарда жүрүү боюнча чектөөлөр киргизилген учурда, өз төлөм терминалдарын жана/же өз агенттеринин төлөм терминалдарын инкассациялоо үчүн инкассатордук кызматы (мамлекеттик же жеке) менен келишим түзүүгө укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

34-2. Төлөм уюму Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келген бекитилген эсепке алуу саясатына ээ болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

35. Төлөм уюму акча каражаттарды төлөөчүдөн алуучуга берүүнүн бүтүндөй процессинин контролдукка алынышын камсыз кылууга милдеттүү жана акча каражаттарынын өз убагында берилбегендиги үчүн жоопкерчиликтүү болот. 

36. Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөр улуттук валютада жүзөгө ашырылууга тийиш.  

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген лицензиянын негизинде онлайн-казино жана электрондук (виртуалдык) казинолордун, ошондой эле Интернет тармагында оюн-зоок ишинин субъекттери тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн болгон башка оюн-зоок ишинин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөр улуттук жана (же) чет өлкө валюталарында жүзөгө ашырылышы мүмкүн.  

Төлөө валютасы тараптардын макулдашуусу менен аныкталган экспорттолуучу кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө келишимдерди кошпогондо, кызмат көрсөтүүлөргө баалар сом түрүндө жана чет өлкө валютасынын курсуна байланбастан көрсөтүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 11-майындагы № 2023-П-14/31-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

37. Төлөм уюму анын тескөөсүндө турган, милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон жеке маалыматтардын, төлөм боюнча финансылык маалыматтардын жана башка маалыматтардын корголушун жана купуялуулугун камсыз кылууга жана мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана үчүнчү жактарга берүүгө милдеттүү

38. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн төлөм уюмунун автоматташтырылган системасы жана бухгалтердик операцияларды эсепке алуу боюнча автоматташтырылган система (1С же башка) жайгашкан жай төмөнкүдөй негизги талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашууга; 

- автоматташтырылган ишенимдүү кулпулардын болушу; 

- видео байкоо системаларынын болушу жана төлөм уюмунун аткаруу органы тарабынан белгиленген мөөнөт чегинде видео байкоодон алынган маалыматтарды сактоо милдеттенмеси; 

- өрткө каршы жана коргоо сигнализациясынын болушу же жайдын ичине башка адамдардын кирип кетишине жол бербеген жана жайдын ичинде коргоого алынган ресурстардын толук сакталышын камсыз кылган күнүүнү көзөмөлдөөнүн болушу; 

- персоналдын мындай жайга кирүүсү функционалдык милдеттерге ылайык так жөнгө салынууга тийиш. 

38-1. Төлөм уюмунун аппараттык-программалык комплексинин аппараттык бөлүгү өнөр жай классындагы жабдуулардан туруусу зарыл. Төлөм уюмунда төмөнкүлөр болууга тийиш: 

- программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм же программалык камсыздоонун укук ээси тарабынан ыйгарым укук берилген уюм менен түзүлгөн келишим (программалык камсыздоо сатып алынган учурда); 

- кызматкерлер менен түзүлгөн келишимдерге же эмгек макулдашууларына ылайык, иштеп чыккан компания (программалык камсыздоо сатылып алынган учурда) же программалык камсыздоону иштеп чыккан/ишин камсыз кылган жактар менен техникалык колдоону камсыз кылуу боюнча келишим; 

- системанын администраторлору жана программалык камсыздоодон пайдалануучулар үчүн колдонмо же коштомо документтер; 

- сыноодон өткөрүү программасы жана методикасы; 

- ишке киргизүү актысы жана тажрыйбалык пайдалануу сыноосунан өткөрүүлөрдү каттоо журналы; 

- өндүрүштүк пайдаланууга берүү актысы; 

- төлөм уюму жана программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм же программалык камсыздоонун укуктук ээси тарабынан ыйгарым укук берилген уюм кол койгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

39. Төлөм уюму Улуттук банктан лицензия алган учурдан тартып кайсыл болбосун мезгил ичинде кандай болбосун транзакция тууралуу маалыматты, эгерде талап кылынган маалыматтын мезгил аралыгы 2 күндөн ашпаган мөөнөттү камтыса, талап келип түшкөндөн кийинки 1 (бир) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө алуу мүмкүнчүлүгү менен бардык транзакциялар тууралуу маалыматтын 5 жыл сакталышын камсыз кылууга тийиш. Узак мезгил аралыгы үчүн маалыматты сунуштоо мөөнөтү өзүнчө сүйлөшүлөт. 

40. Төлөм уюму 6 (алты) айда кеминде 1 (бир) жолу аппараттык-программалык комплекстин коопсуздугу ички эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарына, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү менен протокол түзүүгө тийиш. 

Текшерүүнүн жыйынтыктары протокол түрүндө таризделип, ага текшерүүнүн катышуучулары кол коюуга жана кол койгон учурдан тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен Улуттук банкка берилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

41. Төлөм уюму иштелип чыккан финансылык маалыматтардын Кыргыз Республикасынын төлөм документтерин сактоо үчүн мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөргө ылайык сакталышын жана архивинин жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш. 

42. Төлөм уюму төлөөчүдөн өндүрүлүүчү комиссиялык төлөм өлчөмүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча белгилөө укугуна ээ. 

§ 4. Агенттерге коюлган талаптар 

43. Төлөм уюму өз ишин уюштуруу үчүн юридикалык жактар жана жеке ишкерлер менен агенттик келишимдерди түзүүгө укуктуу жана анын төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарын кошо алганда, агенттер боюнча төмөнкү маалыматты камтыган, агенттер менен түзүлгөн келишимдердин электрондук реестри болууга тийиш:  

1) эгерде юридикалык жак болсо - уюмдун аталышы, юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө тастыктоочу документтердин көчүрмөсү, ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясынын көчүрмөсү (эгерде иши лицензияланса), уюштуруу документтери, айкын жайгашкан дареги, байланыш телефондору, терминалдар орнотулган даректердин актуалдуу тизмеси, уюмдун ишинин түрү жөнүндө маалымат;  

2) жеке ишкер болсо - ишкердин паспортунун көчүрмөсү, жеке ишкер катары каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтин/колдонуудагы патенттин көчүрмөсү, ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия (эгерде иши лицензияланса), терминалдар орнотулган даректердин тизмеси жана ишин жүзөгө ашырган айкын жери, жеке ишкердин ишинин түрү жөнүндө маалымат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

44. Агенттер үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн субагенттерди ишке тарта алышат. Төлөм уюму да өз ишин уюштуруу үчүн субагенттерди ишке тартышы мүмкүн жана/же субагенттик тармактарды түзүшү мүмкүн. 

45. Эгерде төлөм уюму өз алдынча же өз агенттери аркылуу ошол эле учурда төлөм уюмунун агенти болуп саналган товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуда ачылган кардардын өздүк эсебине мурда салынган акча каражаттардын эсебинен ага кайтарылып берилүүчү акча каражаттарды, аванстык акча каражаттарды/алдын ала төлөм каражаттарын же алардын бөлүктөрүн колдонуу менен агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырса, анда төлөм уюму жана агент ушул Жобонун 2-тиркемесинде белгиленген Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдаланган кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибин сактоого тийиш.  

Төлөм уюму Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген "Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жобого ылайык үчүнчү тарапка ишенимдин алкагында агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо боюнча агент катары Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген финансылык мекемени ишке тартышы мүмкүн. Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо финансылык мекеменин ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан жүргүзүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-декабрындагы № 2024-П-14/64-1-(ПС), 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

45-1. Товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануу аркылуу кардарларга кызмат көрсөтүүдө төлөм уюму ушул Жобонун талаптарын сактоо максатында, кардарды каттоо, идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорун жүргүзүүдө, ошондой эле кардар тарабынан ишке ашырылган операцияларга андан ары мониторинг жүргүзүүдө агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды түрлөрү боюнча жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге бөлүүгө тийиш.  

Кардар экономикалык ишкердикти, анын ичинде уруксат берүүчү документтерсиз ишкердикти жүргүзгөндүгү аныкталса жана ал тастыкталса, төлөм уюму кардарга кызмат көрсөтүүнү токтотууга жана келишимди бузууга тийиш. Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу категориясы боюнча агенттин мобилдик тиркемесин талаптагыдай пайдалануу жөнүндө талаптар, келишимди токтотуу жана агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу кызмат көрсөтүүнү токтотуу шарттары жана башка кошумча шарттар ачык офертада жөнгө салынууга жана агенттердин мобилдик тиркемелеринин ар бир пайдалануучусуна маалымдалууга тийиш.  

Төлөм уюму агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу - жеке ишкерлерден алар жүзөгө ашырып жаткан ишкердиктин алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардан алынган колдонуудагы уруксат берүүчү документтерди (патент/күбөлүк) талап кылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-декабрындагы № 2024-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

45-2. Төлөм уюму агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу бир кардарга календардык ай ичинде тобокелдик даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу менен ушул Жобонун 52 жана 53-пункттарына ылайык, агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу бир кардар үчүн белгиленген лимиттерди сактоо менен бир эле учурда бир нече агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн бериши мүмкүн. Төлөм уюму тарабынан ушул Жобого ылайык агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу бир кардар үчүн белгиленген лимит кардар бир төлөм уюмунун алкагында колдонгон бардык агенттердин мобилдик тиркемелерине карата жалпы (суммардык) колдонулат.  

Төлөм уюму ушул пункттун талаптарын сактоо максатында, агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу ар бир кардардын төлөмдөрүнүн ушул Жобого ылайык төлөм уюму тарабынан белгиленген лимиттерге ылайык келүүсүнө үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзөт. Мониторинг агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу кардардын идентификациялык салык номеринин негизинде жүргүзүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-декабрындагы № 2024-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

46. Төлөм уюму менен агент ортосундагы келишимде кеминде төмөнкүлөр камтылуусу зарыл: 

- өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана келишим шарттары аткарылбаган же карыз түптөлгөн учурда тараптардын жоопкерчилиги. Агент төлөм уюмунун милдеттенмелери боюнча жоопкерчилик тартпайт; 

- ушул Жобонун 48-пунктунун талаптарына ылайык, агенттен кабыл алынуучу төлөмдөр көлөмү жана терминалдар саны боюнча лимиттер/чектөөлөр (зарыл учурда); 

- анын ичинде штаттан тышкаркы жагдай орун алган учурда, акча каражаттарын кайтарып берүү тартиби/жол-жобосу; 

- субагент менен түзүлгөн келишимге карата талаптар, анда тараптардын өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана келишим шарттары аткарылбаган шартта же карыз түптөлгөн учурда жоопкерчилиги камтылат; 

- (абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-декабрындагы № 2024-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС), 2024-жылдын 4-декабрындагы № 2024-П-14/64-1-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

46-1. Төлөм уюму жана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу болуп саналган жана агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөткөн анын агенти ортосунда түзүлгөн келишимде төмөнкү шарттардын биринин тобокелдиктерин баалоону эске алуу менен агент төлөм уюмуна төмөнкүлөрдү сунуштоосу жөнүндө милдеттүү шарттар камтылууга тийиш:  

- төлөм уюмунун төлөм системасы аркылуу келечектеги төлөмдөрдүн эсебинен алдын ала төлөм/аванстык төлөм;  

- банктык гарантия;  

- камсыздандыруу депозити. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-декабрындагы № 2024-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

47. Төлөм уюму менен агент ортосундагы келишимде ошол төлөм уюмунун агенттеринин жана субагенттеринин ушул Жобонун талаптарына шайкеш келишине Улуттук банктын кайсыл болбосун убакытта тоскоолдуксуз текшерүү жүргүзүүсү жана текшерүүгө байланыштуу зарыл документтерди сунуштоосу тууралуу талап жана макулдук камтылууга тийиш. 

48. Эгерде 6 (алты) ай же андан ашык убакыт ичинде агенттин акча каражаттарынын жүгүртүү суммасы боюнча көрсөткүчү бардык төлөм уюмдарынын операцияларынын жалпы көлөмүнүн 20 (жыйырма) пайызынан жана/же агенттин терминалдарынын саны бардык төлөм уюмдарынын терминалдарынын жалпы санынын 10 (он) пайызынан ашса: 

1) агент ишин жүргүзүү үчүн Улуттук банктан тиешелүү лицензия алууга, же болбосо; 

2) төмөнкү талаптардын аткарылышын кошумча камсыз кылууга тийиш: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча каражаттарын кабыл алуу, сактоо, өткөрүп берүү/которуу (инкассациялоо) боюнча талаптарды сактоого. Акча каражаттарын өткөрүп берүү/которуу (инкассациялоо) жана акча берүүгө байланыштуу касса операциялары төлөм уюму тарабынан бекитилген касса операцияларынын жана лимиттердин тизмегине ылайык максаттуу багыты боюнча жүзөгө ашырылууга жана ал төлөм уюму менен агент ортосунда түзүлгөн келишимде каралууга тийиш; 

- төлөм уюмунун акча каражаттарын өз убагында бербегендиги үчүн жоопкерчиликтүү болуу; 

- анын тескөөсүндө турган жеке маалыматтардын, төлөм боюнча финансылык маалыматтардын жана милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон башка маалыматтардын корголушун жана купуялуулугун камсыз кылууга жана мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана үчүнчү жактарга берүүгө

- Кыргыз Республикасынын төлөм документтерин сактоо боюнча мыйзам талаптарында белгиленген мөөнөттөргө ылайык иштелип чыккан финансылык маалымат боюнча архивдин түзүлүшүн жана жүргүзүлүшүн камсыз кылуу. 

Улуттук банк ушул пунктта белгиленген талаптардын аткарылышы үчүн төлөм уюмуна жана анын агентине ушул пунктта көрсөтүлгөн көрсөткүчтөргө агент тарабынан жетишилгендиги тууралуу Улуттук банк агентке билдиргенден кийинки 1 (бир) ай ичинде маалымдайт, ал төлөм уюмдары тарабынан агенттер жана субагенттер боюнча сунушталган маалыматтын негизинде алынган. 

49. Агенттерди жана субагенттерди колдонгон төлөм уюму аларды КИК/ККЛК программаларына киргизүүгө жана алардын бул программаларды аткарышына мониторинг жүргүзүүгө милдеттүү.  

Төлөм уюмунда функцияларды аткаруунун алкагында агенттерди/субагенттерди төлөм системасын пайдалануу принциптерине окутуу боюнча документтер болууга тийиш. Агенттер менен келишим түзүүдө төлөм уюму төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:  

- колдо болгон ички эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык түшүндүрмөлөрдү берүүгө, анын ичинде аралыктан түшүндүрүүгө;  

- агентти/субагенттерди Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары, анын ичинде Улуттук банктын агенттерге тиешелүү ченемдик укуктук актылары жана КИК/ККЛК каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тааныштырууга (жазуу жүзүндө/электрондук).  

Төлөм уюму окуу иш-чараларынын өткөрүлгөн фактысын, анын мазмунун жана тиешелүү окуудан өткөн агенттердин/субагенттердин (алардын кызматкерлеринин) тизмесин документтештирүүнү камсыз кылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

50. Төлөм уюму агенттердин/субагенттердин көрсөтүлгөн талаптарды сактоо ишине кийинки мониторингди камсыздайт.  

Агенттер жана субагенттер төлөм уюмунун ишине тиешелүү КИК/ККЛК талаптарына, алардын ишинин өзгөчөлүктөрүнө жана КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тиешелүү талаптарга жана чектөөлөргө ылайык, бардык талаптарды аткарууга милдеттүү.  

Төлөм уюму бул максаттар үчүн агенттерди/субагенттерди пайдаланууга/пайдаланбоого карабастан, КИК/ККЛК талаптарын аткаруу үчүн жоопкерчиликтүү.  

Эгерде агент/субагент колдонулса, төлөм уюму агенттин/субагенттин кардары менен ишкердик мамилелерди түзүүдөн мурда андан бардык керектүү маалыматты алууга милдеттүү. Төлөм уюму кардар менен ишкердик мамилелерди баштоо, тиешелүү келишимдерди түзүү, ошондой эле ишкердик мамилелерди түзүүдөн же финансылык операцияларды жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.  

Төлөм уюму тиешелүү агент/субагент менен кызматташуу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин, төлөм уюмунун КИК/ККЛК маселелери боюнча ички документтеринде белгиленген тартипте анын ишенимдүүлүгүнө алдын ала талдоо жүргүзүүгө тийиш. Мындай талдоонун максаты - келечектеги кызматташуу менен байланышкан тобокелдиктерди, тагыраак айтканда, төлөм уюмунун ушул агентти/субагентти пайдалануу менен КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо жөндөмдүүлүгүн аныктоо жана баалоо.  

Талдоонун жыйынтыктары тийиштүү түрдө документтештирилиши керек. Тиешелүү агент/субагент менен кызматташуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим төлөм уюму үчүн аныкталган тобокелдиктерди жана алардын кабыл алынышын/кабыл алынбашын эске алуу менен төлөм уюмунун жетекчилиги тарабынан кабыл алынат.";  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

51. Төлөм уюму үчүнчү жактардын же агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү башка сунуштоочулардын алардын абоненттеринин өздүк эсептеринин баласынан кайтарып берүү эсебинен жүзөгө ашырылуучу төлөмдөрүн, - товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын кайсы болбосун формада, анын ичинде аванстык төлөмдөрдү кайтарып берүү же эгерде, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдалануучулары (кардарлары)/абоненттери ушул Жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосунан өтүшпөсө, товарлардан/кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу формасындагы акча каражаттарын агенттер аркылуу кабыл алууга жана өткөрүүгө укугу жок. 

51-1. Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо төлөм уюму жана/же төлөм уюмунун агенти тарабынан Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдаланган кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибине ылайык (ушул Жобого карата 2-тиркеме) же болбосо төлөм уюму менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык өнөктөш банк тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.  

Өнөктөш банк (үчүнчү жак тарабынан ыйгарым укук берилген) агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды идентификациялоодо жана верификациялоодо, өнөктөш банк төлөм уюмуна кардар/пайдалануучу жана анын бенефициардык ээси жөнүндө зарыл маалыматтарды, кардардын жана бенефициардык ээсинин анкеталарынын көчүрмөлөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган башка документтердин көчүрмөлөрүн берүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-декабрындагы № 2024-П-14/64-1-(ПС), 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

52. Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдаланган кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибине ылайык (ушул Жобого карата 2-тиркеме) же Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык өнөктөш банк тарабынан аралыктан идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөрүлгөн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларга Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдаланган кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибинин 2-тиркемесине ылайык, агенттердин мобилдик тиркемелеринде жеткиликтүү болгон төмөн тобокелдүү операцияларды гана жүргүзүүгө уруксат берилет.  

Бул пайдалануучулар үчүн төлөм уюму ички ченемдик документтерге ылайык жана лимиттердин төмөнкү чектүү маанилерин сактоо менен тобокелдик даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу менен чектөөлөрдү белгилөөгө тийиш:  

Аралыктан идентификациялоо түрү 

Пайдалануучунун/абоненттин өздүк эсебинен кайтарылуучу аванстык акча каражаттарын/алдын ала төлөнгөн каражаттарды же алардын бөлүктөрүн пайдалануу менен бир жолку төлөмдүн же которуунун (операциянын) өлчөмү 

Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча операцияларды кошпогондо, пайдалануучунун/абоненттин өздүк эсебинен кайтарылуучу аванстык акча каражаттарын/алдын ала төлөнгөн каражаттарды же алардын бөлүктөрүн пайдалануу менен агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларынын бири үчүн чыккан төлөмдөрдүн жана которуулардын ар айлык көлөмүнө лимит 

Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча бир жолку төлөм жүргүзүүгө лимит 

Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу операциялары боюнча пайдалануучунун/абоненттин өздүк эсебинен кайтарылуучу аванстык акча каражаттарын/алдын ала төлөнгөн каражаттарды же алардын бөлүктөрүн пайдалануу менен агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларынын бири үчүн чыккан төлөмдөрдүн жана которуулардын ар айлык көлөмүнө лимит 

Сүрөттү салыштыруу аркылуу  

300 (үч жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган 

600 (алты жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган 

Чектөөсүз 

Чектөөсүз 

Видео байланыш өткөрүү аркылуу  

300 (үч жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган 

2000 (эки миң) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган 

  

  

Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларга, анын ичинде агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу бир кардарга карата лимиттердин өлчөмү жана чектөөлөрдүн тизмеси, төлөм уюмунун ички контролдук программасына ылайык жана ушул Жобонун талаптарына ылайык, кардарга карата тобокелдик даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу менен төлөм уюмунун ички эрежелеринде жана жол-жоболорунда белгиленүүгө тийиш.  

Пайдалануучулардын бул категориясы үчүн Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген "Кардарды талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жобого ылайык, ыйгарым укуктуу орган тарабынан КИК/ККЛК чөйрөсүндө аныкталган жогору тобокелдүү операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-декабрындагы № 2024-П-14/64-1-(ПС), 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

53. Төлөм уюму, эгерде төлөм уюмунун кардары - агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу төлөм уюмунда/же ушул Жобонун 45-пунктуна ылайык төлөм уюмунун агентинде жеке катышуу менен Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдаланган кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибинин (ушул Жобого карата 2-тиркеме) 6-главасына ылайык же Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык өнөктөш банкта идентификациялоодон жана верификациялоодон өтсө, агенттердин мобилдик тиркемелеринде жеткиликтүү болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн толук түрүнөн пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.  

Агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу операциялар боюнча тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн төлөм уюму жеке катышуу менен идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларга ушул пунктта белгиленген лимиттердин чектүү өлчөмдөрүн эске алуу менен лимиттерди өз алдынча белгилөөгө тийиш:  

Лимиттер 

Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучунун категориясы 

Жеке адам 

Жеке ишкер 

Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча операцияларды кошпогондо, пайдалануучунун/абоненттин өздүк эсебинен кайтарылуучу аванстык акча каражаттарын/алдын ала төлөнгөн каражаттарды же алардын бөлүктөрүн пайдалануу менен бир жолку төлөмдү же которууну (операцияны) жүргүзүүгө лимит  

300 (үч жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө 

500 (беш жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө 

Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча операцияларды кошпогондо, пайдалануучунун/абоненттин өздүк эсебинен кайтарылуучу аванстык акча каражаттарын/алдын ала төлөнгөн каражаттарды же алардын бөлүктөрүн пайдалануу менен агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларынын бири үчүн чыккан төлөмдөрдүн жана которуулардын ар айлык көлөмүнө лимит  

3000 (үч миң) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө 

4500 (төрт миң беш жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө 

Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча бир жолку операцияларды жүргүзүүгө лимит  

Чектөөсүз 

  

Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу операциялары боюнча пайдалануучунун/абоненттин өздүк эсебинен кайтарылуучу аванстык акча каражаттарын/алдын ала төлөнгөн каражаттарды же алардын бөлүктөрүн пайдалануу менен агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларынын бири үчүн чыккан төлөмдөрдүн жана которуулардын ар айлык көлөмүнө лимит  

Чектөөсүз 

  

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн бир жолку төлөмдөрдү (операцияларды) жүргүзүүгө лимит  

1500 (бир миң беш жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө 

  

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө боюнча пайдалануучунун/абоненттин өздүк эсебинен кайтарылуучу аванстык акча каражаттарын/алдын ала төлөнгөн каражаттарды же алардын бөлүктөрүн пайдалануу менен агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларынын бири үчүн чыккан төлөмдөрдүн жана которуулардын ар айлык көлөмүнө лимит  

5000 (беш миң) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө 

  

Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларга, анын ичинде агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу бир кардарга карата лимиттердин өлчөмү жана чектөөлөрдүн тизмеси, төлөм уюмунун ички контролдук программасына ылайык жана ушул Жобонун талаптарына ылайык, кардарга карата тобокелдик даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу менен төлөм уюмунун ички эрежелеринде жана жол-жоболорунда белгиленүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-декабрындагы № 2024-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

54. Төлөм уюму агент/субагент тарабынан ушул Жобонун агенттер/субгенттерге тиешелүү талаптардын сакталышы үчүн толук жоопкерчиликтүү болот. 

4-глава. Тобокелдиктерди тескөө 

55. Төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары төлөм системасына катышуу келишиминде, орун алышы мүмкүн болгон форс-мажордук жагдайларды (аскердик кагылышуулар, жаратылыш кырсыктары ж.б.) кошо алганда, штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурларда тобокелдиктерди тескөөгө тиешелүү бөлүк каралууга жана катышуучулардын Улуттук банктын штаттан тышкаркы жагдайлар жана тобокелдиктерди тескөө боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

56. Төлөм системасынын оператору төлөм системасында орун алган тобокелдиктерге онлайн мониторинг жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш. 

57. Төлөм системасынын катышуучулары өз милдетин аткарууга тоскоолдук жараткан системалуу тобокелдик аныкталган учурда же штаттан тышкаркы жагдай орун алган шартта, төлөм системасынын оператору жана төлөм уюмдары төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- өз убагында, бирок системалуу тобокелдик аныкталган же штаттан тышкаркы жагдай келип чыккан учурдан кийинки 2 (эки) сааттан кечиктирбестен, Улуттук банкка, ошондой эле төлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун банк-агентине жана эгер болгон болсо, электрондук акчанын банк-эмитентине ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө электрондук билдирүү жөнөтүү же телефон чалуу аркылуу маалымдоого; 

- тобокелдиктерге дуушар болушу ыктымал болгон тарапка же тараптарга, агенттерге/товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга билдирүүгө

- кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулар (кардарлар)/товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жана төлөм системасынын катышуучулары алдында өз финансылык милдеттенмелерин аткаруу/аяктоо боюнча чараларды көрүүгө

- төлөм системасынын иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө

- башка катышуучулар үчүн өз милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга. 

Ушул пунктта чагылдырылган товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуга/пайдалануучуга тиешелүү бардык милдеттенмелер товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен түзүлгөн келишимде жана ачык сунуштарда (оферта) чагылдырылууга тийиш. 

58. Төлөм системасынын оператору, төлөм уюмдары лицензияга ээ байланыш операторлору тарабынан сунушталуучу коопсуз жана ишенимдүү байланыш каражаттарын колдонууга, ошондой эле штаттан тышкаркы жагдай орун алган учурга резервдик байланыш каналдарына ээ болууга тийиш. 

59. Төлөм системасынын оператору техникалык колдоо көрсөткөн адамдарга штаттан тышкаркы жагдайларда системанын ишин калыбына келтирүү үчүн көрүү режиминде же белгилүү бир убакыт аралыгында гана системадан аралыктан пайдалануу боюнча чектөөлөрдү белгилөөгө тийиш. Системадан аралыктан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ адамдар буйрук менен бекитилип, алардын аракеттери функционалдык милдеттерине ылайык жөнгө салынууга тийиш жана алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укукка жатпаган аракеттери үчүн жеке жоопкерчилик тартышат. Программалык камсыздоону Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары жөнгө салууга жол берилбейт. 

60. Төлөм системасынын оператору Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык негизги жана резервдик аппараттык-программалык комплекстин Кыргыз Республикасынын аймагында болушун жана иштешин камсыз кылууга тийиш. Аппараттык-программалык комплекстин аппараттык бөлүгү өнөр жай классындагы жабдуудан турууга тийиш. 

61. Төлөмдөр процессинги жана клиринги Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүүгө тийиш. 

62. Төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси жайгашкан жай (сервердик жай) төлөм системасынын иши боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого байланыштуу бардык бизнес-процесстердин ишенимдүү ишин камсыздоого жана төмөнкү негизги талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

- өзүнчө жайгашууга (имараттын ички бөлүгүндө, башка бөлмөлөрдөн дубал менен өзүнчө бөлүнгөн, терезесиз жана ага кирүү үчүн өзүнчө эшик болууга); 

- ишенимдүү автоматташтырылган кулпулардын болушу; 

- маалыматтар белгилүү бир убакыт аралыгында сактала турган видео байкоо системаларынын болушу; 

- өрткө каршы жана коргоо сигнализациясынын болушу же жайдын ичине башка адамдардын кирип кетишине жол бербеген жана жайдын ичинде коргоого алынган ресурстардын толук сакталышын камсыз кылган күнүүнү көзөмөлдөөнүн болушу; 

- персоналдын мындай жайга кирүүсү функционалдык милдеттерге ылайык так жөнгө салынууга тийиш; 

- гидроизоляциянын болушу жана салаңдап турган сымдардын болбошу; 

- сервердик жайга же кирүү мүмкүнчүлүгүн контролдоо жана тескөө системасына кирүүлөрдү каттоо журналынын болушу. 

63. Аппараттык-программалык комплексти жайгаштыруу үчүн жайды ижарага алуу мөөнөтү Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо боюнча талаптарына шайкеш келүүгө тийиш. 

64. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомуна ылайык күчун жоготту) 

65. Төлөм системасынын оператору аппараттык-программалык комплексти системанын үзгүлтүксүз ишин камсыз кыла турган, өнөр жай классындагы альтернативалуу электр энергия булактары менен жабдууга тийиш. 

66. Төлөм системасынын оператору үзгүлтүккө учуроолор орун алган шартта, бул программалык комплекстеги маалыматтардын толук сакталышын камсыз кылуусу зарыл. 

67. Төлөм системасынын оператору операциялык системанын, колдонмо программалык камсыздоонун, программалык камсыздоо системасынын, маалымат базасынын жана резервдик көчүрмөлөрдөн башка негизги компоненттерди түзүү жана калыбына келтирүүүчөтүү механизми менен камсыздоого тийиш. 

68. Төлөм системасынын операторунда системанын иштөөсүн камсыз кылуу үчүн техникалык регламентти кошо алганда, колдонулуп жаткан аппараттык-программалык комплекстин техникалык камсыздоосун жөнгө салган документтер болуусу зарыл. 

69. Төлөм системасынын оператору колдонгон, анын ичинде төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу үчүн (процессинг/клиринг) каралган программалык камсыздоодо, программа боюнча кеңири маалыматтарды, пайдалануучу жана администратор үчүн колдонмону кошо алганда, пайдаланууда зарыл болуучу коштомо документтер, системанын паспорту жана башка документтер болууга тийиш, булар системаны пайдалануу учурунда зарыл болушу мүмкүн. 

Бардык маалымат системаларында төмөнкүлөр камтылган маалымат (системанын паспорту) болууга тийиш: 

- жалпы мүнөздөмөлөр (багыты, колдонууга киргизүү күнү ж.б.); 

- системанын конфигурациясы (аппараттык бөлүгү, программалык камсыздоо/системалык, прикладдык/маалымат базасын башкаруу системасы, диск бөлүктөрүнүн өлчөмү, резервдик көчүрмөлөө картасы ж.б.); 

- калыбына келтирүү регламентин кошо алганда, системаны эксплуатациялоодо колдонулган ченемдик документтер тизмеги (жоболор, регламенттер ж.б.); 

- жабдуунун жана бирдей системалардын тармактык өз ара иштөө схемасы (топологиясы). 

Системанын паспорту мындай мазмун менен гана чектелип калбайт жана анда системаны натыйжалуу башкаруу, аларды пландаштыруу, модернизациялоо жана тейлөө үчүн маалымат камтылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

70. Маалымат коопсуздугун камсыз кылуу ишинде, маалымат алуу, аларды иштеп чыгуу, сактоо жана сунуштоо боюнча процесстерге тартылган, уюмдун тескөөсүндө турган бардык участкалар камтылууга тийиш. 

71. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон жеке маалыматтардын жана башка маалыматтардын коргоого алынышын камсыздоого тийиш. 

72. Транзакцияларды иштеп чыккан (процессинг/клиринг) төлөм системасынын оператору: 

- эл аралык төлөм карттары боюнча, Payment Card Industry Data Security Standard (PCI DSS) сертификатына - төлөм карттары тармагында маалыматты коргоо параметрлерин аныктаган эл аралык стандартка ээ болууга жана анын шайкештигин тышкы аудиторлор жыл сайын тастыктап турууга тийиш; 

- улуттук же локалдык системалардын төлөм карттары боюнча ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга шайкеш келүүсү зарыл. 

73. Төлөм системасынын оператору 6 (алты) айда кеминде 1 (бир) жолу протокол түзүү менен аппараттык-программалык комплекстин төлөм системасынын ички эрежелерине жана жол-жоболоруна, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсүн текшерүүсү зарыл. 

Текшерүүнүн жыйынтыктары протокол түрүндө таризделип, ага текшерүүнүн катышуучулары кол коюуга жана кол койгон учурдан тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен Улуттук банкка берилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

74. Төлөм системасынын оператору төлөмдөрдү ишке ашырууда төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси аркылуу берилип жаткан маалыматтардын чечмеленишин камсыз кылуусу зарыл. 

75. Төлөм системасынын оператору өз тескөөсүндө турган финансылык маалыматтардын коргоого алынышын жана купуялуулугун камсыз кылууга жана аларды үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана берүүгө тийиш. 

76. Төлөм системасынын оператору системалуу билдирүүлөр (лог) журналынын системанын жана тиркемелердин деңгээлинде бардык операциялар үчүн жүргүзүлүшүн камсыз кылуусу зарыл (пайдалануучунун системага кирүүсү/системадан чыгуусу, маалыматтарды өзгөртүүсү ж.б.).  

77. Төлөм системасынын оператору Улуттук банктан лицензия алган учурдан тартып кайсы болбосун мезгил ичинде каалаган транзакция тууралуу маалыматты айкын убакыт ыргагында жана/же эгерде талап кылынган маалыматтын мезгил аралыгы 2 күндөн ашпаган мөөнөттү камтыса, суроо-талап келип түшкөн учурдан кийинки 1 (бир) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө алуу мүмкүнчүлүгү менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалыматтардын сакталышын камсыз кылууга тийиш. Узак мезгил аралыгы үчүн маалыматты сунуштоо мөөнөтү өзүнчө сүйлөшүлөт. 

78. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын төлөм документтерин сактоо боюнча мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөргө ылайык иштелип чыккан финансылык маалыматтардын сакталышын жана архивинин жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш. 

5-глава. Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен өз ара иш алып барууда төлөм уюмуна карата талаптар 

79. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алуу ишин жүзөгө ашыруу үчүн товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдөн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу келишимин түзүүгө тийиш, анын шарттарына ылайык төлөм уюму сунуштоочунун атынан төлөөчүлөрдөн акча каражаттарын гана кабыл алуу укугуна ээ, ошондой эле ушул Жобонун 33-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, келишимде белгиленген тартипте товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү

Төлөм уюму лицензия алгандан кийинки 12 (он эки) ай ичинде келишим/келишимдерди түзүүгө жана төлөмдөрдү кабыл алууну жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү баштоого тийиш, мындай иш жүргүзүлбөсө төлөм уюмунун лицензиясы Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык кайтарылып алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

79-1. Төлөм уюму, төлөм уюмунун агенти/субагенти товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу кардарларды тиешелүү түрдө текшерүү жол-жобосун Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 19-августундагы № 2020-П-14/46-4-(ПС) токтому менен бекитилген "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системаларынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобонун жана КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жана соода-тейлөө ишканалары менен келишим түзүүгө чейин жүзөгө ашырууга тийиш.  

Эгерде келишим кардардын атынан келишим түзүүгө ыйгарым укуктуу үчүнчү жакка берилген ишеним каттын негизинде түзүлсө, төлөм уюму бул адамга карата да кардарларды тийиштүү текшерүү жол-жобосун колдонууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

79-2. Төлөм уюму товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен келишим түзүүдөн баш тартууга же ишкердик мамилелерди токтотууга тийиш, эгерде:  

- келишим түзүү, кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо жана верификациялоо жана кардарды тийиштүү текшерүүнүн башка чараларын көрүү боюнча талаптарды аткаруу үчүн зарыл болгон тиешелүү документтер берилген эмес;  

- анык эмес документтер берилген.  

Төлөм уюму белгиленген тартипте жана мөөнөттө кызмат көрсөтүүдөн жана ишкердик мамилелерди түзүүдөн/токтотуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде тиешелүү маалыматты финансылык чалгындоо органына жөнөтүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

80. Төлөм уюму товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен түзүлгөн келишимдер боюнча актуалдуу базага ээ болууга тийиш. Төлөм уюму менен сунуштоочу ортосунда түзүлгөн келишим тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен кеминде төмөнкү маалыматтарды камтуусу зарыл: 

- юридикалык жактын аталышы/жеке ишкердин аты-жөнү

- юридикалык, айкын дареги жана байланыш маалыматтары; 

- сунуштоочу тарабынан берилген товардын аталышы же кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү

- тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоодон өткөндүгү жөнүндө документтин маалыматтары;  

- менчик түзүмү жана менчик ээлери/уюштуруучулары жөнүндө ишенимдүү маалыматтарды берүү жөнүндө милдеттенме (юридикалык жактар үчүн);  

- бенефициардык менчик ээлери жөнүндө ишенимдүү маалымат берүү милдеттенмеси (юридикалык жак үчүн);  

- жетекчилер жөнүндө маалымат (юридикалык жак үчүн); 

- кардарга төлөмдөрдү сунуштаган/сунуштабаган шартта тараптардын жоопкерчилиги; 

- Жобонун 33-пунктуна ылайык тараптардын финансылык милдеттенмелерин камсыздоосу, ошондой эле келишимдин аракети токтотулган шартта өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөтү, акчаны кайтарып берүү тартиби; 

- штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган шартта маалымдоо тартиби, штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган шартта өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөтү

- келишимди колдонуу мөөнөтү

- тараптардын банктык реквизиттери; 

- төлөө шарттары (тарифтер, комиссиялык төлөмдөр, сый акылар жана башкалар). 

Төлөм уюму туруктуу негизде, бирок жылына кеминде 1 (бир) жолу товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын маалыматтарынын актуалдуулугун текшерип турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

81. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алууда чарба иштерине каралган каражаттарды сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банктагы өзүнчө банктык эсептерди, ошондой эле товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн өзүнчө эсептерди же бир эсеп ачууга жана пайдаланууга милдеттүү. Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн каралган акча каражаттарын төлөм уюмунун чарба иштери үчүн каралган эсептешүү эсебинде топтоого болбойт. 

6-глава. Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун отчет сунуштоо тартиби 

82. Кыргыз Республикасынын аймагында акча каражаттарынын маалыматтык жана финансылык агымын контролдоо үчүн төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген формада жана отчеттун 1-7-формалары боюнча Кыргыз Республикасындагы маалыматтык, финансылык төлөм кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу маалыматтарды Улуттук банкка сунуштап туруусу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

83. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюмдары өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиздер келип чыккан шартта же төмөнкү маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу чечимдер кабыл алынгандан кийин 15 (он беш) жумуш күнү ичинде анкеталардын жана тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү

- уставдык капиталдын өлчөмү жөнүндө

- башкаруунун коллегиалдуу аткаруу органынын курамы, уюштуруучулар же алардын анкеталык маалыматтары жөнүндө

- уюштуруучулардын/катышуучулардын/акционерлердин катышуу үлүшүндөгү өзгөрүүлөр жана үлүштөрдү өткөрүп берүү боюнча макулдашуунун суммасы жөнүндө

- кызмат адамдарынын жана катышуучулардын аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө

- акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жөнүндө

- айкын жана юридикалык даректери жөнүндө

- туунду уюмдарынын/филиалдарынын/өкүлчүлүктөрүнүн болушу жөнүндө

- коммерциялык пайдаланууга киргизилип жаткан жаңы продукттар/кызмат көрсөтүүлөр, төлөм системасынын жана башка автоматташтырылган системалардын, анын ичинде агенттин мобилдик тиркемесинин элементтери жана компоненттери жөнүндө

- уюмдун кызматкерлеринин чыгымга алып келген укукка каршы иш-аракеттери жана инциденттери жөнүндө

- уюмдун маалымат системаларынын паспортундагы өзгөрүүлөр жөнүндө

- уюштуруу түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жана 30 (отуз) календардык күн ичинде кызматкерлердин 25 жана андан көп пайызы иштен бошонуп кетүүсү жөнүндө

Эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринин (уюштуруучуларынын)/катышуучуларынын бири катары чыкса, ушул пунктунун үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтарынын талаптары ага карата жайылтылбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС), 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 2022-П-14/27-3-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

84. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 22-февралындагы № 2023-П-14/11-5-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

85. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору маалыматтарды отчеттук айдан кийинки айдын 15 (он бешинен) кечиктирбестен, ушул Жобого карата 1-тиркемеде берилген отчеттун 1-7-формаларына ылайык ай сайын Улуттук банкка сунуштап туруулары зарыл. Отчет көрсөтүлгөн мөөнөттө электрондук түрдө (документтин сканерден өткөрүлгөн версиясы) сунушталып, кийинчерээк кагаз жүзүндөгү версиясы жөнөтүлөт. 

Зарылчылыкка жараша Улуттук банк берилген отчеттон улам кошумча маалыматтарды жана документтерди талап кылууга укуктуу. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору талап кылынган маалыматтарды жана документтерди Улуттук банктын суроо-талабын алгандан кийинки 10 жумуш күнү ичинде берүүгө милдеттүү

Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму жана алардын кызмат адамдары өз убагында, туура жана анык маалыматтарды берүүгө жооптуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

86. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору Улуттук банктан лицензия алынган айдан кийинки отчеттук айдан тартып отчет бере баштайт. 

87. Эгерде акыркы отчет берүү күнү эс алуу күнүнө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде белгиленген майрам күнүнө туура келсе, отчет берүүнүн акыркы мөөнөтү андан кийинки жумуш күнүнө которулат. 

88. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен жаңыдан түзүлгөн, кайрадан түзүлгөн жана токтотулган келишимдер жөнүндө маалыматтарды отчеттук айдан кийинки айдын 15 (он беш) күнүнөн кечиктирбеген мөөнөттө ушул Жобого карата 1-тиркеменин 2-отчеттук формасына ылайык, ай сайын Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

89. Улуттук банк, төлөм системаларынын операторлорунан жана төлөм уюмдарынан алардын жана алардын агенттеринин үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишине тиешелүү кандай болбосун маалыматтарды кайсыл болбосун убакытта талап кылууга, ошондой эле агенттик келишимдердин алкагында текшерүүлөрдү жеринде барып жүргүзүүгө укуктуу. 

Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму талап кылынган маалыматтарды жана документтерди суроо-талапта башка мөөнөт белгиленбесе, Улуттук банктын суроо-талабын алган учурдан тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде берүүгө милдеттүү

Белгиленген мөөнөт ичинде төлөм системасынын оператору/төлөм уюму инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жөнөтүлгөн Улуттук банктын талаптарынын жана сунуш-көрсөтмөлөрүнүн аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

90. Улуттук банк жыл сайын Кыргыз Республикасынын төлөм системасына мониторинг жүргүзүүнүн негизинде Кыргыз Республикасындагы системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын, орчундуу кызмат көрсөтүү провайдерлеринин тизмесин аныктайт жана жарыялайт же бул төлөм системасын маанилүү деп таануу жөнүндө же оператор маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдери болуп саналган болсо, төлөм системаларынын операторлорунун дарегине тиешелүү кат жөнөтөт. 

91. Системалары системалуу мааниге ээ жана маанилүү катары аныкталган төлөм системасынын, ошондой эле орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин операторлору кеминде 2 (эки) жылда 1 (бир) жолу тышкы көз карандысыз финансылык аудит жана маалымат системаларына аудит жүргүзүп турууга, ошондой эле системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системалары, ошондой эле орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлери үчүн белгиленген Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү

92. Маанилүү төлөм системасы критерийине туура келбеген төлөм системаларынын, ошондой эле орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин операторлоруна милдеттүү түрдө кеминде 3 (үч) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз финансылык аудит жана маалымат системаларына аудит жүргүзүлүп турууга тийиш. 

Маалымат системаларына көз карандысыз аудит жүргүзүү мөөнөтү маалымат системаларына акыркы тышкы аудит жүргүзүлгөн күндөн тартып катары менен 3 (үч) жылды эсептөөнүн негизинде аныкталат. 

Эгерде төлөм системасынын операторуна лицензия алынган учурдан тартып маалымат системаларына аудит жүргүзүлбөсө, анда төлөм системасынын операторуна ушул Жобо күчүнө кирген учурдан тартып жыл ичинде маалымат системаларына аудит жүргүзүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

93. Төлөм уюмдарына 3 (үч) жылда кеминде 1 (бир) жолу милдеттүү түрдө тышкы көз карандысыз аудит жүргүзүлүп турууга тийиш. 

93-1. Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануу аркылуу кардарларга кызмат көрсөтүүчү төлөм уюмдарынын маалымат системаларына тышкы аудит жүргүзүлүүгө тийиш. Маалымат системаларына аудит жүргүзүүдө агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды аралыктан идентификациялоодо жана верификациялоодо биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу системасына баа берилүүгө тийиш. Тышкы аудит ошондой эле төлөм уюму менен түзүлгөн келишимдин негизинде агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо боюнча кызмат көрсөткөн төлөм уюмунун агенттеринин маалымат системаларына да жүргүзүлүүгө тийиш.  

Тышкы аудит жүргүзүү мезгил аралыгы ушул Жобонун 91 жана 92-пункттарынын талаптарын эске алуу менен аныкталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-декабрындагы № 2024-П-14/64-1-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

94. Тышкы көз карандысыз милдеттүү финансылык аудиттин жана маалымат системаларына аудиттин жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчеттун көчүрмөсү ага кол коюлгандан кийинки 1 (бир) айдан кечиктирбестен Улуттук банкка сунушталууга тийиш. 

95. Маалымат системаларына аудит жүргүзүүнүн жүрүшүндө жана анын максаттары үчүн тышкы аудитор төлөм системаларынын операторунун маалымат системаларынын төмөнкү талаптарга дал келишине талдоо жүргүзүүгө жана баа берүүгө тийиш: 

а) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын маалымат системаларындагы тобокелдиктерди тескөө, маалымат коопсуздугу жана штаттан тышкаркы жагдайлар бөлүгүндө

б) төлөм системаларынын операторунун маалымат системаларынын ички саясаттарынын/жол-жоболорунун. 

Маалымат системаларына тышкы аудитти жүргүзүүдө, эң аз дегенде төмөнкүлөрдү ишке ашыруу зарыл: 

а) алардын жетиштүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүү көз карашынан маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ички ченемдик документтерди өздөштүрүү;  

б) алардын шайкештигине, жетиштүүлүгүнө жана актуалдуулугуна баа берүү максатында маалымат системаларында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө боюнча бизнес-пландарды, саясаттарды жана жол-жоболорду өздөштүрүү

в) маалымат системаларынын сапатын тескөө системасына жана операциялык тобокелдиктерди тескөө системасына баа берүү

г) маалымат системаларынын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу системасына жана өзгөчө кырдаалдар келип чыккан шартта маалымат системаларын калыбына келтирүү пландарына баа берүү

д) түйүндүн, операциялык системанын, тиркемелердин, маалымат базасынын, персоналдын коопсуздугун жана физикалык коопсуздуктун камсыз кылуу деңгээлине баа берүү

е) автоматташтырылган системаларда жеткиликтүүлүктү тескөө жана ролдорду бөлүштүрүү системасына баа берүү

ж) төлөм системасынын операторунун персоналынын маалымат коопсуздугу жагында маалыматынын болушу деңгээлине баа берүү;  

з) интеллектуалдык менчик укугуна тиешелүү мыйзам талаптарынын сакталышы жана лицензияланган программалык продукттарды колдонуу жагында маселелерди кароого алуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

96. Эсептешүүлөр боюнча төлөм системасынын оператору эл аралык төлөм карттарын колдонуу менен сертификат берүүнүн эл аралык программасы боюнча сертификатка ээ аудиторлорду ишке тартуу менен маалымат системаларына кеминде 2 (эки) жылда 1 (бир) жолу аудит жүргүзүп турууга тийиш. Маалымат системаларына аудиттин жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчеттун көчүрмөсү ага кол коюлган учурдан кийинки 1 (бир) айдан кечиктирилбестен Улуттук банкка сунушталууга тийиш. 

97. Улуттук банкка сунушталуучу бардык отчеттор ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык, компаниянын расмий барагына таризделип, ага жетекчинин жана башкы бухгалтердин кол тамгалары коюлуусу зарыл. 

7-глава. Автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалына карата талаптар 

(Главанын аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

98. Автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалы (төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн сash-in функциясы менен): 

1) сунуштоочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн жабдууларды пайдалануу боюнча кыскача нускоо/малымат менен төлөөчүнү тааныштырууга тийиш; 

2) Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибине карата 2-тиркемеге ылайык (ушул Жобого карата 2-тиркеме), тобокелдиги төмөн операциялардын тизмесинде камтылбаган, операцияларды жүзөгө ашырууда ички контролдук жол-жоболорунда/программаларында белгиленген тобокелдиктерди аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен кардар-акча каражаттарын жөнөтүүчүнү идентификациялоого жана верификациялоого тийиш; 

3) төлөм уюмунун аппараттык-программалык комплексине онлайн режиминде туташтырылууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коопсуздук талаптарына ылайык жайгаштырылууга тийиш; 

4) кардар товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөгөнгө чейин төлөмдү өткөрүү үчүн комиссиялар/тарифтер боюнча маалымат берүүгө тийиш; 

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылган операцияларды тастыктоо катары чек берүү боюнча түзүлүш менен жабдылуусу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

98-1. Автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалы (акча каражаттарын берүү үчүн сash-out функциясы менен):"; 

1) акча каражаттарын берүү үчүн жабдууларды пайдалануу боюнча төлөөчүгө кыскача нускоо/маалымат менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш; 

2) ички контролдук жол-жоболорунда/программаларында белгиленген тобокелдиктерди аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен акча каражаттарын алуучу кардарды идентификациялоого жана верификациялоого тийиш; 

3) төлөм уюмунун аппараттык-программалык комплексине онлайн режиминде туташтырылууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коопсуздук талаптарына ылайык жайгаштырылууга тийиш; 

4) операция ишке ашырылганга чейин акча каражаттарын берүү үчүн комиссиялар/тарифтер боюнча маалымат берүүгө тийиш; 

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылган операцияларды тастыктоо катары чек берүү боюнча түзүлүш менен жабдылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

98-2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 13-июнундагы № АД-703/22 абс5 токтомдорунун редакциясына ылайык) 

99. Төлөм уюму жана/же анын агенти/субагенти автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалын жайгаштыруу үчүн аны ошол жерге орноштурууга укугун тастыктаган бардык зарыл документтери болууга тийиш. 

100. Төлөм уюму жана/же анын агенти/субагенти өз алдынча тейлөө терминалдар түйүнүнө туташууда автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалынын ишин андан ары жүзөгө ашыруу жана алдын алуу техникалык иштерди жүргүзүү үчүн жооптуу адамды дайындоого же төлөм терминалдарын тейлөөгө келишим түзүүгө тийиш. 

8-глава. Эквайринг ишин жүзөгө ашыруучу төлөм уюмуна карата талаптар 

(Глава 

КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

101. Бул главада товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын (соода-тейлөө ишканалары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар ж.б.) пайдасына аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызматтарды (мындан ары - эквайринг/эквайринг иш-аракеттери/эквайринг кызматтары) сунуштаган төлөм уюмдарына карата талаптар жана аны сунуштоо тартиби аныкталат. Төлөөчүлөр төлөм карттарын жана байланышсыз төлөм технологиясы менен системаларды пайдалануу менен аралыктан орнотулган жабдуулар аркылуу сунуштоочулардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жүргүзүшөт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

102. Төлөм уюму төлөм системасынын операторунун лицензиясы жана эквайринг ишин жүзөгө ашырууга Улуттук банктын тиешелүү уруксаты болгон учурда, ошондой эле ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө белгиленген талаптарды сактоо менен гана эквайринг ишин жүргүзүүгө укуктуу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС), 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

103. Төлөм уюму эквайринг кызматын сунуштоо үчүн төлөм системаларынын талаптарына ылайык өзүнүн аралыкта орнотулган жабдуулар тармагын орнотууга жана төмөнкү операциялардын жүргүзүлүшүн камсыз кылууга укуктуу:  

- POS-терминалдар, виртуалдык POS-терминалдар аркылуу товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;  

- QR-коддорун колдонуу менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;  

- банктык эсептерди толуктоо, акча каражаттарын которуу.  

Төлөм уюмуна эквайрингди сунуштоо алкагында накталай акча каражаттарын берүүгө тыюу салынат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

104. Эквайрингди жүргүзүү үчүн төлөм уюму Улуттук банктын төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө ченемдик укуктук актысында белгиленген уставдык капитал боюнча талаптарды сактоого милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 2025-П-14/20-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

105. Төлөм уюму эквайринг кызматын сунуштоо боюнча ушул Жобонун жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келген ички ченемдик документтерге ээ болууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

106. Төлөм уюму эквайрингди жүзөгө ашыруу үчүн ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык белгиленген формада эквайринг ишин жүргүзүү ниети жөнүндө арызын Улуттук банкка жөнөтүүгө, ага уставдык капиталдын өлчөмүнүн Улуттук банктын талаптарына шайкештигин ырастаган документтерди жана соода-тейлөө ишканасы менен түзүлгөн типтүү келишимди тиркөөгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

107. Улуттук банк документтерди жана төлөм уюмунун аппараттык-программалык комплексинин ишин алдын ала текшерет, ал эми төлөм уюмунун документтери ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келген учурда тиешелүү кат жөнөтөт жана аны өз атынан банктык карттар эквайрингин сунуштоочу төлөм уюмдарынын реестрине киргизет.  

Документтерди кароо жана алдын ала текшерүү мөөнөтү 15 (он беш) календардык күндү түзөт.  

Эгерде жөнөтүлгөн документтерде дал келбестиктер аныкталса, Улуттук банк аларды жеткире иштеп чыгуу жөнүндө кат жөнөтөт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

108. Төлөм уюму Улуттук банктан кат жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнү ичинде кошумча документтерди берүүгө милдеттүү. Документтер электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн, андан кийин түп нускасы/нускалары берилет. Мында арызды жана документтерди кароо мөөнөтүн кайра эсептөө ушул Жобонун талаптарын канааттандырган кошумча документтер (электрондук/кагаз жүзүндө) келип түшкөн күндөн тартып кайра башталат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

109. Эгерде документтер Жобонун талаптарына шайкеш келбесе, же 3төн (үчтөн) көп жолу толук эмес, же болбосо белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен берилсе, Улуттук банк документтерди кароодон баш тартат жана бул жөнүндө кат жүзүндө билдирүү жөнөтөт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

110. Банктык карттар эквайрингин жүзөгө ашыруу үчүн арызды жана документтерди аларды кароодон расмий баш тартылган күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин же ушул Жобонун 109-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөн күндөн тартып (мөөнөт бузулган учурда) кайра берүүгө жол берилет.  

Банктык карттар эквайрингин жүзөгө ашыруу үчүн арызды жана документтерди Улуттук банк тарабынан документтерди алгачкы кароодо көрсөтүлгөн кемчиликтер жана сын-пикирлер четтетилген учурда гана кайра берүүгө жол берилет. Эгерде документтерди алгачкы кароодо Улуттук банк тарабынан көрсөтүлгөн сын-пикирлер четтетилбесе, Улуттук банк алар келип түшкөн күндөн тартып 15 (он беш) календарлык күн ичинде жеткире иштеп чыгууга жөнөтпөстөн, кароодон баш тартууга укуктуу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

111. Төлөм уюму төлөм карттарын кабыл алуу боюнча эквайрингди жүзөгө ашыруу үчүн карттарды пайдалануу менен тиешелүү төлөм системасы жана анын оператору менен системага катышуу жөнүндө келишим түзүүгө жана бул системанын карттарын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алууга уруксат (лицензия, сертификат) алууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

112. Эквайрингди сунуштоо токтотулган учурда да, төлөм уюму эквайрингди сунуштоо иш жүзүндө токтотулганга чейин кеминде бир ай мурда Улуттук банкка белгиленген формада билдирүүгө жана соода-тейлөө ишканасы менен акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

113. Төлөм уюму соода-тейлөө ишканасы менен келишим түзүүдөн мурда соода-тейлөө ишканасынын көрсөтүлгөн ишин жана анын келишимде көрсөтүлгөн сайтын текшерүүгө милдеттүү. Бул шарттар төлөм уюмунун ички документтеринде жөнгө салынууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

114. Төлөм уюму бардык аралыкта орнотулган жабдууларда улуттук төлөм картын өз тармагында кабыл алууну жана тейлөөнү өз каражаттарынын эсебинен камсыз кылууга милдеттүү. Төлөм уюмдары менен соода-тейлөө ишканаларынын ортосундагы кайсы болбосун келишимдик мамилелер башка төлөм уюмдарынын улуттук төлөм карттарын тейлөөсүнө тоскоолдуктарды же чектөөлөрдү жаратпашы зарыл.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

115. Төлөм карттарын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн төлөм уюму тарабынан сатып алынган бардык аралыкта орнотулган жабдуулар аларды өз ара тейлөө үчүн карттардын ар кандай түрлөрүнүн өз ара иштешүүсүн камсыз кылууга жана төлөм системаларынын техникалык стандарттарына ылайык келүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

116. Төлөм уюму аралыкта орнотулган жабдууларга төмөнкү маалыматтарды жайгаштырууга тийиш:  

- төлөм уюмунун аталышы;  

- карттары тейлөөгө кабыл алынган төлөм системасынын аталышы;  

- түз байланыш үчүн телефон номери;  

- кардар үчүн зарыл болгон башка маалыматтар.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

117. Соода-тейлөө ишканалары үчүн интернет-эквайринг кызматын сунуштоодо төлөм уюму сайттын же сайттардын соода-тейлөө ишканасына укуктук жактан таандык экендигин текшерүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

118. Мобилдик эквайрингге мүмкүндүк берүүчү жана портативдик жабдууларга киргизилген программалык камсыздоо төлөмдөрдүн ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууга жана аралыкта орнотулган жабдуулар менен камсыз кылынууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

119. Соода-тейлөө ишканасына аралыкта жайгаштырылуучу жабдууларды орнотуу үчүн төлөм уюму соода-тейлөө ишканасы менен POS-терминалдарды колдонуу менен жүргүзүлгөн төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө укугу үчүн келишим түзүүгө тийиш.  

Төлөм уюму менен соода-тейлөө ишканасынын ортосундагы келишим төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:  

- соода-тейлөө ишканасынын аталышы жана анын юридикалык дареги;  

- соода-тейлөө ишканасынын жана төлөм уюмунун карттарды кабыл алуу жана тейлөө боюнча укуктары жана милдеттери;  

- соода-тейлөө ишканалары тарабынан милдеттүү түрдө тейлөөгө алынуучу карттардын түрү;  

- соода-тейлөө ишканасынын карт же QR-кодду колдонуу аркылуу төлөө учурунда, товарга/кызмат көрсөтүүлөргө кошумча комиссиялык төлөм же жогору баа (үстөк баа) белгилөөсүнө тыюу салуу;  

- комиссиялык төлөмдүн өлчөмү;  

- POS-терминалды колдонууда соода-тейлөө ишканасы тарабынан коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча негизги талаптар;  

- соода-тейлөө ишканасынын ишинин түрү жана келишимде көрсөтүлгөн ишти жүргүзүү боюнча милдеттенмелери. Эгерде соода-тейлөө ишканасынын иши лицензияланууга тийиш болсо, төлөм уюму соода-тейлөө ишканасынын иштин ушул түрүн жүргүзүүгө колдонулуучу лицензиясын талап кылууга тийиш;  

- соода-тейлөө ишканасы тарабынан кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы жөнүндө талаптар, эгерде соода-тейлөө ишканасы финансылык мекеме болуп саналса же Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык финансылык эмес категориядагы жактарга кирсе;  

- мыйзамдарда тыюу салынган операциялар үчүн төлөмдөрдү өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө талаптар;  

- соода-тейлөө ишканасы картаны төлөө каражаты катары кабыл алуу учурунда коопсуздукту сактоосу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негизги талаптар (авторизациялоо, карта ээсин идентификациялоо, карт ээсинин транзакцияны ишке ашырууда PIN-кодду милдеттүү түрдө пайдалануусу же 3D Secure функционалын колдоо (эгерде тиешелүү төлөм системасынын эрежелеринде башкасы каралбаса), лимиттер жана башка талаптар);  

- Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) токтому менен бекитилген Эки өлчөмдүү штрих-код символдорун (QR-код) пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү эрежелеринде белгиленген QR-коддорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүдө коопсуздуктун минималдуу талаптары;  

- тиешелүү система тарабынан четке кагылган операциялар боюнча суммаларды кайтарып берүү тартиби (chargeback);  

- карттарды же QR-коддорду колдонуу менен накталай эмес түрдө сатып алынган товарларды кайтарып берүүдө, анын наркынын ордун жабуу жол-жобосу;  

- соода-тейлөө ишканаларында карттарды тейлөө сапатына, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлине, терминалдарды күтүү шарттарына жана алардын иштешине, чектердин сакталышына келишим чегинде текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби;  

- уурдалган/жоголгон карттар менен ишке ашырылган операциялар аныкталган же соода-тейлөө ишканасынын санкциясыз транзакцияларды жүргүзгөндүгү катталган учурда карт ээси менен өз ара иш алып баруу тартиби;  

- санкциясыз операциялар жүргүзүлгөн, коопсуздук жол-жоболору же келишимдин башка шарттарын бузууга жол берилген учурда тараптар ортосунда жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү жана ар бир катышуучуга белгиленүүчү айыптык санкциялар;  

- талаш маселелерди кароо тартиби;  

- келишимди токтотуу тартиби;  

- төлөмдөрдү "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттары жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу эрежелери боюнча талап.  

Келишимде башка кошумча шарттар каралышы мүмкүн. Тиешелүү системанын карттарын тейлөө жана кабыл алуу эрежелери келишимге киргизилиши мүмкүн же болбосо алар кошумча тиркелет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС), 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

120. Интернет-эквайринг кызматын көрсөтүү үчүн төлөм уюму менен соода-тейлөө ишканасынын ортосунда түзүлгөн келишимде ушул Жобонун 119-пунктунда каралган шарттар, ошондой эле төмөнкү шарттар камтылууга тийиш:  

- соода-тейлөө ишканасынын сайтынын же сайттарынын төлөм уюмунун талаптарына, ошондой эле 3D-Secure коопсуздук технологиясын колдоо боюнча талаптарга шайкештиги;  

- соода-тейлөө ишканасынын сайтында же сайттарында карт ээлеринин авторизациясына карата талаптардын болушу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

121. Соода-тейлөө ишканасы менен түзүлгөн келишимде төлөм уюму бир операциянын суммасына лимиттерди белгилөөгө тийиш, андан ашкан суммага соода-тейлөө ишканасы карт ээсинин ырастоочу документин (паспорт же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктоочу башка документтерди) талап кылууга милдеттүү. Инсандыгын тастыктаган документ жөнүндө маалыматтар чекте камтылууга тийиш.  

Төлөм уюму соода-тейлөө ишканасы менен түзүлгөн келишимде нускоону (эрежелерди) камтууга тийиш, анда карттар тууралуу маалымат, карт ээлеринин шектүү аракеттеринин белгилери жана/же тизмеси жана төлөм системасынан тиешелүү билдирүүнү алган учурда соода-тейлөө ишканасы тарабынан көрүлүүгө тийиш болгон зарыл чаралар көрсөтүлүүсү зарыл. Мында төлөм уюму керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарга, ошондой эле төлөм системасынын операторлорунун төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан башка ченемдик укуктук актыларына жана сунуш-көрсөтмөлөрүнө таянууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

122. Төлөм уюму соода-тейлөө ишканаларынын ыйгарым укуктуу кызматкерлерин тиешелүү системада белгиленген бардык коопсуздук жол-жоболоруна ылайык карттарды кабыл алуу жана тейлөө, жасалма карттарды таануу же мүмкүн болуучу алдамчылык учурларын таануу эрежелери боюнча окутууну камсыз кылууга тийиш. Карттарды тейлөөнүн коопсуздугу боюнча жол-жоболорду соода-тейлөө ишканаларынын аралыкта орнотулган жабдууларда төлөм карттарын кабыл алган жана тейлеген ыйгарым укуктуу кызматкерлерин кошпогондо, үчүнчү жактарга ачыкка чыгарууга жол берилбейт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

123. Соода-тейлөө ишканасы төлөм уюму, тиешелүү система тарабынан жана ушул Жободо белгиленген талаптарды жана стандарттарды сактоо шарттарында төлөөлөрдү кабыл алуу үчүн өзүнүн POS-терминалын же башка жабдууларды орното алат. Системада POS-терминал төлөм уюмунун жабдуусу катары аныкталат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

124. Интернет-эквайринг кызматын сунуштоодо, төлөм уюму келишим түзгөн соода-тейлөө ишканасынын сайтына бир Merchant Category Code (мындан ары - MCC) коду менен 1 (бир) гана виртуалдык POS-терминалды орнотууга укуктуу. Эгерде соода-тейлөө ишканасында иштин бир нече түрү болсо, анда МСС иштин негизги түрү боюнча ыйгарылат.  

Эгерде виртуалдык POS-терминал соода-тейлөө ишканасы тарабынан белгиленген МСС ылайык колдонулбаса, төлөм уюму соода-тейлөө ишканасы үчүн эквайринг кызматын сунуштоону жана келишимди токтотууга укуктуу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

125. Төлөм уюму системанын регламентинде жана иштөө тартибинде жана келишимде белгиленген мөөнөттөргө ылайык жана процессингдин натыйжалары боюнча бардык карт ээлери боюнча эмитенттерден алынган акча каражаттарын чегерүү аркылуу соода-тейлөө ишканаларынын пайдасына карттарды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган операциялар боюнча суммалардын ордун толтурат.  

Акыркы өз ара эсептешүүлөр жана эквайринг кызмат көрсөтүүлөрү боюнча милдеттенмелерди эсепке алуу (кабыл алынган төлөмдөрдүн ордун толтуруу) эквайринг кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимде белгиленген тартипте, төлөм уюмунун эсептешүү банкында ачылган банктык эсептери жана соода-тейлөө ишканасынын тиешелүү банктык эсептери аркылуу же электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүлөт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

126. Төлөм уюму мезгил-мезгили менен, кеминде 1 жылда бир жолу соода-тейлөө ишканасынын келишимде көрсөтүлгөн иш-аракеттерге шайкештигин текшерүүгө милдеттүү. Эгерде иши көрсөтүлгөн иштерге дал келбегендиги аныкталса же соода-тейлөө ишканасы кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарды бузууга байланышкан операцияларды же мыйзам тарабынан тыюу салынган операцияларды жүзөгө ашырып жаткандыгына шектенүү пайда болсо, төлөм уюму соода-тейлөө ишканалары үчүн эквайринг кызматтарын сунуштоону жана келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу. Мында төлөм уюму соода-тейлөө ишканасы менен түзүлгөн келишимге ылайык, соода-тейлөө ишканасынын жана төлөм уюмунун эмитент банк алдында башка карызы жок болгон шартта гана, акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС), 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

127. Төлөм уюму аралыкта орнотулган жабдуулар жөнүндө маалыматты ушул Жобонун 1-тиркемесинин 8-формасына ылайык отчеттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

128. Эквайринг боюнча кызмат көрсөтүүчү төлөм уюму тиешелүү системанын регламентинде жана иштөө тартибинде белгиленген параметрлерге ылайык карттарды пайдалануу менен жүргүзүлгөн операцияларга мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле ката жана уруксатсыз операцияларды токтотуу жана/же алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Төлөм уюмдары белгиленген келишимдик мамилелерге ылайык бул функцияларды башка процессинг борборуна өткөрүп берүүгө укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

  

  

  

өлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө" жобого карата  

1-тиркеме 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун  

титулдук барагы 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 24-июнундагы № 2021-П-14/34-5-(ПС), 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Ушул аркылуу, Улуттук банктын № ______________________ лицензиясынын негизинде иш алып барган  

_______________________________________________________________________________________  

                      (ЖЧК/ААК/ЖАК төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун аталышы)  

20__-жылдын "__" ___________ үчүн төлөм системасы боюнча регулятивдик отчетту сунуштайт. 

Аткаруу органынын мүчөлөрү (ЖЧК/ААК/ЖАК төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун аталышы):  

1) 

(кызматы)  

______________________________________________ аты-жөнү  

2) 

(кызматы)  

______________________________________________ аты-жөнү  

3) 

(кызматы)  

______________________________________________ аты-жөнү  

  

Тиркеме: 

- Отчеттун № 1 формасы "Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору жөнүндө маалымат" 

- Отчеттун № 2 формасы "Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун келишимдери жөнүндө маалымат"  

- Отчеттун № 3 формасы "Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына кабыл алынган төлөмдөр жөнүндө маалымат" 

- Отчеттун № 4 формасы "Агрегаторлордун пайдасына кабыл алынган төлөмдөр жөнүндө маалымат" 

- Отчеттун № 5 формасы "Агенттер, төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө маалымат"  

- Отчеттун № 6 формасы "Агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардарлары/ пайдалануучулары, төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө маалымат"  

- Отчеттун № 7 формасы "Кызмат көрсөтүүлөр боюнча төлөм системасы аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө маалымат"  

  

Биринчи жетекчи (ал жок болгон мезгилде - анын милдетин аткаруучу адам)  

________________________________ 

_______________________ 

  

аты-жөнү 

(кол тамгасы) 

Аткаруучу (кызматы) (телефон номери)  

_________________________________ 

_______________________ 

  

аты-жөнү 

(кол тамгасы) 

  

  

  

Отчетко кол койгон күн 20____-жылдын "___" ______________ 

  

  

Мөөр 

  

  

Отчеттун 1-формасы  

  

________________________________ 

                  Уюмдун аталышы 

  

  

20__-жылдын _________ айы үчүн төлөм уюму/төлөм  

системасынын оператору жөнүндө  

МААЛЫМАТ 

№ 1-А отчет "Банктык эсептер"  

№ 

Банктын аталышы 

Эсептин түрү 

Отчеттук мезгилдин акырына карата банктык эсептердеги акча каражаттар калдыгы 

гарантиялык эсеп (эсептин №) 

эсептешүү эсеби (эсептин №) 

валюта 

сумма (же сом түрүндө эквиваленти) 

  

Жыйынтыгында улуттук валютада:  

  

  

 сом  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жыйынтыгында чет өлкө валютасында:  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

№ 1-Б "Төлөм системасынын катышуучулары"  

Төлөм системасынын катышуучуларынын жалпы саны 

(саны көрсөтүлөт) 

Анын ичинде:  

  

- сунуштоочулар  

__________  

- агенттер  

__________  

- агрегаторлор (төлөм уюмдары, коммерциялык банктар)  

  

- субагенттер  

__________  

башка жактар (көрсөтүлсүн):  

__________  

__________________  

__________  

__________________  

__________  

№ 1-С "Төлөмдөрдү кабыл алуу пункттары"  

Төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарынын жалпы саны 

(саны көрсөтүлөт) 

Анын ичинде:  

  

өздүк төлөм терминалдары  

__________  

агенттердин төлөм терминалдары (төлөм уюмдары, коммерциялык банктар)  

__________  

агенттердин төлөм терминалдары (жеке ишкер, башка юридикалык жактар)  

__________  

башкалар (көрсөтүлсүн):  

__________  

веб-кассалар  

__________  

POS-терминалдар  

__________  

SMS-агенттер  

__________  

__________________  

__________  

  

Отчеттун 2-формасы  

  

Уюмдун аталышы 

____________________________________ 

  

  

20___-жылдын _________ айы үчүн төлөм уюмунун/төлөм  

системасынын операторунун келишимдери жөнүндө  

МААЛЫМАТ 

Колдонуудагы келишимдердин жалпы саны: (саны көрсөтүлсүн) 

Отчеттук айда түзүлгөн келишимдердин саны: (саны көрсөтүлсүн)  

Отчеттук айда кайра түзүлгөн келишимдердин саны: (саны көрсөтүлсүн)  

Отчеттук айда токтотулган келишимдердин саны: (саны көрсөтүлсүн)  

  

№ 

Уюмдун аталышы/жеке адамдын аты-жөнү 

Юридикалык дареги жана байланыш маалыматтары 

Келишимдин номери жана күнү 

Сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү 

Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен келишимдер: 

... 

...  

...  

...  

...  

... 

...  

...  

...  

...  

Төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча агенттер менен келишимдер: 

... 

...  

...  

...  

...  

... 

...  

...  

...  

...  

Агрегаторлор менен келишимдер (төлөм уюмдары; үчүнчү жактардын пайдасына  

төлөмдөрдү кабыл алган коммерциялык банктар): 

... 

...  

...  

...  

...  

... 

...  

...  

...  

...  

  

Отчеттун 3-формасы  

  

Уюмдун аталышы 

________________________________ 

  

  

20___-жылдын _________ айы үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү  

сунуштоочулардын пайдасына кабыл алынган төлөмдөр жөнүндө  

МААЛЫМАТ 

№ 

Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун - уюмдун аталышы 

Алдын ала төлөөнүн жалпы суммасы, сом 

Камсыздандыруу формасы 

Төлөмдөрдүн жалпы көлөмү(*), сом 

Төлөмдөрдүн жалпы саны(*), бирдик 

Сунуштоочуларга айкын жүргүзүлгөн төлөмдүн суммасы 

камсыздандыруу депозитинин суммасы, сом 

банктык гарантия, сом 

  

ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

(*) агрегаторлордун (төлөм уюмдарынын жана коммерциялык банктардын) пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөрдү эске албаганда, автоматташтырылган системадан алынган маалыматтар көрсөтүлөт  

  

Эскертүү:  

1) Төлөмдөрдүн "Жалпы көлөмү" жана "Жалпы саны" жыйынтык мааниси № 7 "Сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча төлөмдөрдүн көлөмү жана саны" формасында көрсөтүлгөн жыйынтык мааниге барабар болууга тийиш. 

2) Агрегаторлор аркылуу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөрдү эске албаганда, автоматташтырылган системадан алынган маалыматтар көрсөтүлөт. 

3) Өз банктык кызмат көрсөтүүлөрүнүн сунуштоочуларынын ролун аткарган коммерциялык банктардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөр отчеттун ушул формасында көрсөтүлөт. 

  

Отчеттун 4-формасы  

  

Уюмдун аталышы 

_______________________________ 

  

  

20___-жылдын _________ айы үчүн агрегаторлордун  

пайдасына кабыл алынган төлөмдөр жөнүндө(*)  

(мында, уюм башка төлөм уюмунун, коммерциялык  

банктын агенти катары иш алып барат)  

МААЛЫМАТ 

№ 

Төлөм уюмунун/банктын аталышы 

Алдын ала төлөөнүн жалпы суммасы, сом 

Камсыздандыруу формасы 

Төлөмдөрдүн жалпы көлөмү(*), сом 

Төлөмдөрдүн жалпы саны(*), бирдик 

Агрегаторлорго айкын жүргүзүлгөн төлөмдүн суммасы 

камсыздандыруу депозитинин суммасы, сом 

банктык гарантия, сом 

ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

(*) автоматташтырылган системадан алынган маалыматтар көрсөтүлөт, б.а агрегаторлордун (төлөм уюмдарынын жана коммерциялык банктардын) пайдасына жүргүзүлгөн төлөмдөр. 

  

Эскертүү:  

1) Ушул отчеттун алкагында агрегаторлор дегенден улам, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алган жана иштеп чыккан, коммерциялык банктарды жана төлөм уюмдарын (алардын агенттерин) түшүнүүгө болот, бул төлөмдөр жыйынтыгында товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү ж.б. сунуштоочулардын пайдасына келип түшөт.  

2) Башка төлөм уюмдары, коммерциялык банктар аркылуу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына гана өткөн жана/же төлөмдөрдүн агрегатору катары иш алып барган төлөм уюмдарынын, коммерциялык банктардын пайдасына өткөн автоматташтырылган системадан алынган маалыматтар көрсөтүлөт.  

  

Отчеттун 5-формасы  

  

Уюмдун аталышы 

________________________________ 

  

  

20___-жылдын _________ айы үчүн агенттер,  

төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө  

МААЛЫМАТ 

№ 

Агенттердин аталышы 

Төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарынын саны:  

(өзүнчө көрсөтүлсүн: төлөм терминалдарынын, веб-кассалардын ж.б. саны) 

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны, бирдик 

1) төлөм уюмдарынын жана коммерциялык банктардын төлөм терминалдары аркылуу: 

  

ЖЫЙЫНТЫГЫНДА:  

  

  

  

  

  

  

  

  

1) башка агенттердин төлөм терминалдары аркылуу (1-пунктка киргизилбеген): 

  

ЖЫЙЫНТЫГЫНДА:  

  

  

  

  

  

  

  

  

1) веб-кассалар: 

  

ЖЫЙЫНТЫГЫНДА:  

  

  

  

  

  

  

  

  

1) агенттердин/субагенттердин башка кабыл алуу пункттары: 

  

ЖЫЙЫНТЫГЫНДА:  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Отчеттун 6-формасы  

  

Уюмдун аталышы 

_______________________________ 

  

  

20___-жылдын _________ айы үчүн агенттердин мобилдик тиркемелеринин  

кардарлары/пайдалануучулары, төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө  

МААЛЫМАТ 

Агенттердин мобилдик тиркемелеринин аталышы: ______________________ 

Иштеп чыгуучу агенттин/агенттердин мобилдик тиркемелеринин сервис ээсинин аталышы: ____________________ 

Электрондук акча системаларынын аталышы, ага кирүү агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу электрондук капчыкты туташтыруу жолу менен, эмитент-банктардын/Эл аралык электрондук акча системасынын агенттеринин-банктардын аталышын көрсөтүү менен камсыз кылынат: 

1. _______________________ 

2. _______________________ 

3. _______________________ 

Банктык төлөм карттары агенттердин мобилдик тиркемелерине (эквайринг) туташтырыла турган банктардын аталышы: 

1. _______________________ 

2. _______________________ 

3. _______________________ 

№ 1-А отчет "Агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрдүн көлөмү жана саны"  

№ 

Агенттердин мобилдик тиркемелерин жигердүү пайдалануучулардын саны 

Кайтарылган аванстык төлөмдөрдүн эсебинен (алдын ала төлөө

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны, бирдик 

  

  

  

  

  

№ 

Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулар - банктардын кардарларынын саны 

Туташтырылган банктык карттар аркылуу 

Туташтырылган электрондук капчыктар аркылуу 

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны, бирдик 

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны, бирдик 

  

  

  

  

  

  

№ 1-Б отчет "Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулардын саны"  

№ 

Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулар категориясы 

Отчеттук мезгилде (өсүш (+бирдик)) 

Бардыгы болуп, отчеттук мезгилдин акырына карата (бирдик) 

Системада катталган агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулардын саны 

  

  

Агенттердин мобилдик тиркемелеринин идентификацияланган пайдалануучуларынын саны, анын ичинен: 

  

  

2.1 

Төлөм уюму/агенттер тарабынан идентификацияланган агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулардын саны, анын ичинен: 

  

  

  

а) сүрөттү салыштыруу аркылуу (автоматташтырылган режимде) 

  

  

  

б) видеобайланыш сеансы аркылуу (интервью жүргүзүү жолу менен) 

  

  

2.2 

Банк-өнөктөш тарабынан идентификацияланган агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулардын саны 

  

  

  

Отчеттун 7-формасы  

  

Уюмдун аталышы 

___________________________________ 

  

  

20___-жылдын ___________ айы үчүн кызмат көрсөтүүлөр боюнча  

төлөм системасы аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү жана саны жөнүндө  

МААЛЫМАТ 

№ 

Төлөмдүн түрү 

Төлөмдөрдүн саны, бирдик 

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

ЖЫЙЫНТЫГЫНДА: 

  

  

Мобилдик байланыш 

  

  

Катталган телефон байланышы 

  

  

Интернет 

  

  

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр 

  

  

Салыктык жыйымдар 

  

  

КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына айыптык төлөмдөр 

  

  

Мамлекеттин бюджетине башка төлөмдөр 

  

  

Банктык эсепти толуктоо 

  

  

ФКУ кредитин төлөө 

  

  

10 

Башка банктык кызмат көрсөтүүлөр 

  

  

11 

Электрондук капчыкты толуктоо 

  

  

12 

Интернет-дүкөндөр 

  

  

13 

Социалдык тармактар 

  

  

14 

Интернет-оюндар 

  

  

15 

Башка интернет тиркемелеринде эсепти толуктоо 

  

  

16 

Такси кызмат көрсөтүүлөрүн төлөө 

  

  

17 

Жарнамалык кызмат көрсөтүүлөр 

  

  

18 

Кулактандыруулар 

  

  

19 

Кайрымдуулук 

  

  

20 

Билим берүү 

  

  

21 

Туристтик кыдыруулар 

  

  

22 

Башка төлөмдөр 

  

  

Эскертүү: Төлөмдөрдүн "Көлөмү" жана "Саны" жыйынтык мааниси "Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө маалымат" деген 3-формада көрсөтүлгөн жыйынтык мааниге барабар болууга тийиш. 

  

8-формасы  

Аралыкта орнотулган жабдуулардын реестри жөнүндө 

ОТЧЕТ 

  

Төлөм уюмунун аталышы: _________________________________________  

Төлөм уюмунун СИН: _____________________________________________  

Төлөм уюмунун ОКПО: ____________________________________________  

20__-жылдын "___" __________ карата абал боюнча  

№ 

Аралыкта орнотулган жабдуунун түрү 

Аралыкта орнотулган жабдуунун ID 

Аралыкта орнотулган жабдуулардын жайгашкан орду 

Аралыкта орнотулган жабдуулар менен тейленген төлөм системасынын аталышы 

Пайдалануу мезгил аралыгы 

Жайгашкан орду 

Областы 

Району 

Айыл аймагы 

Шаар/шаар тибиндеги кыштак/айыл 

Көчөсү 

10 

11 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Башкарманын төрагасы (кол тамгасы, мөөрү)  

  

Кол тамгасынын чечмелениши  

  

Аралыкта орнотулган жабдуулардын реестри боюнча отчет толтуруу 

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

1. Аралыкта орнотулган жабдуулар реестринде алардын так жайгашкан ордун жана ошол жабдуу тууралуу кыскача маалыматты көрсөтүү менен төлөм картасы аркылуу, ошондой эле төлөм картасын пайдалануусуз (төлөм терминалдарын) кардардын банктык эсебинен аралыктан пайдалануусун камсыз кылган аралыкта орнотулган жабдуулар жөнүндө маалымат чагылдырылат.  

2. "Аралыкта орнотулган жабдуунун түрү" деген 2-тилкеде жабдуунун түрү көрсөтүлөт: POS-терминал-соода-тейлөө ишканалары, cash-in-терминал, виртуалдуу POS-терминал, mPOS жана башка аралыкта орнотулган жабдуу.  

3. "Аралыкта орнотулган жабдуунун ID" деген 3-тилкеде төлөм уюмдарынын катталган номерлерине ылайык, жабдуулардын идентификациялык номерлери көрсөтүлөт.  

4. "Жайгашкан орду" деген 4-тилкеде жабдуу жайгашкан жердин аталышы көрсөтүлөт (соода-тейлөө ишканалары, уюм, ж.б.). Виртуалдуу POS-терминалдар (V-POS) үчүн веб-дареги көрсөтүлөт.  

5. "Областы" деген 5-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин "Административдик аймактык бирдиктер классификатору - СОАТЕ" деп аталган маалымдамасына ылайык областтын аталышы көрсөтүлөт.  

6. "Району" деген 6-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин "Административдик аймактык бирдиктер классификатору - СОАТЕ" деп аталган маалымдамасына ылайык Кыргыз Республикасынын районунун аталышы көрсөтүлөт.  

7. "Айыл аймагы" деген 7-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин "Административдик аймактык бирдиктер классификатору - СОАТЕ" деп аталган маалымдамасына ылайык райондун айыл аймагынын аталышы көрсөтүлөт.  

8. "Шаар/шаар тибиндеги кыштак/айыл" деген 8-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин "Административдик аймактык бирдиктер классификатору - СОАТЕ" деп аталган маалымдамасына ылайык шаардын, райондук борборлордун, шаар тибиндеги кыштактын, айылдын аталышы көрсөтүлөт.  

9. "Көчөсү" деген 9-тилкеде көчөнүн аталышы көрсөтүлөт. Эгерде аралыкта орнотулган жабдуулар белгилүү бир дареги жок жерлерде орнотулса (көчөнүн аталышы, №), "Жайгашкан орду" деген 4-тилкеде кеңири маалымат, б.а. уюмдун, анын түзүмдүк бөлүмүнүн, ж.б. аталышы көрсөтүлөт.  

10. "Аралыкта орнотулган жабдуулар менен тейленген төлөм системаларынын аталышы" деген 10-тилкеде ошол жабдуу аркылуу тейленген төлөм системасынын аталышы көрсөтүлөт (Элкарт, VISA, MasterCard, UnionPay, ж.б.).  

11. "Колдонуу мезгил аралыгы" деген 12-тилкеде ошол жабдууну колдонуу убактысы/мезгили көрсөтүлөт.  

Отчетко киргизилген өзгөртүүлөр (банктык жабдууну орнотуу/алып салуу жана ордун которуу) боюнча маалымат чагылдырылган коштомо кат тиркелүүгө тийиш.  

Отчеттор/билдирүүлөр Улуттук банк тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттө сунушталууга тийиш. Төлөм уюму ушул Жобонун бардык шарттарынын жана талаптарынын так сакталышы, ошондой эле өз учурунда жана так маалыматтын сунушталышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

  

  

  

өлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө" жобого карата 

2-тиркеме 

Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо  

ТАРТИБИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС), 2023-жылдын 23-августундагы N 2023-П-14/53-5-(ПС), 2024-жылдын 4-декабрындагы № 2024-П-14/64-1-(ПС), 2025-жылдын 26-декабрындагы N 2025-П-12/70-6-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Бул Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдаланган кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартиби (мындан ары - Тартип) кызмат көрсөтүүлөрүн мобилдик тиркемелер аркылуу сунуштаган төлөм уюмдарынын агенттеринин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучу болуп саналган төлөм уюмдарынын кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо максатында иштелип чыккан.  

Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо ушул Тартипте көрсөтүлгөн эрежелер жана жол-жоболор боюнча төлөм уюму жана/же төлөм уюмунун агенти тарабынан же төлөм уюму менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык өнөктөш банк тарабынан жүзөгө ашырылат.  

Төлөм уюму Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген "Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жобого ылайык үчүнчү тарапка ишенимдин алкагында агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо боюнча агент катары Кыргыз Республикасынын ТИК/ККЛК чөйрөсүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген финансылык мекемени ишке тартышы мүмкүн. Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо финансылык мекеменин ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан жүргүзүлөт.  

Кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө төлөм уюму ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте, агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу кардарларынын маалыматтарын жаңыртып турат. 

2. Төлөм уюмдары/агенттер агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуну идентификациялоону, ошондой эле ишенимдүү булактардан алынган маалыматтарды жана документтерди пайдалануу менен идентификациялоо процессинде сунушталган жана анкетада көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын текшерүү аркылуу кардарды верификациялоо жол-жобосу жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш.  

3. Төлөм уюмдары жана/же төлөм уюмдарынын агенттери жеке адамдын инсандыгын күбөлөндүргөн документтин негизинде пайдалануучунун актуалдуу идентификациялоо маалыматтарынын (аты-жөнү, ИНН/ПИН ж.б.) болушун жана бул маалыматтын 5 (беш) жыл бою сакталышын камсыз кылууга жана маалыматты төлөм уюмунун жана/же Улуттук банктын талабы боюнча берүүгө тийиш.  

4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-декабрындагы № 2024-П-14/64-1-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

6. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2-глава. Агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларды идентификациялоо жана верификациялоо 

7. Агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонгон пайдалануучуну/кардарды идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосу кайсы болбосун төмөнкү учурларда жүргүзүлөт: 

1) жаңы пайдалануучулар (кардарлар) менен ишкердик мамилелерин түзүүдө

2) банк мыйзамдарына ылайык кардарды талаптагыдай текшерүү жол-жобосу мурда жүргүзүлбөсө, агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө туташкан агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардарлары тууралуу маалыматтарды топтоодо; 

3) агенттердин мобилдик тиркемелеринин мурда токтотулган же блок коюлган кызмат көрсөтүүлөрүн калыбына келтирүүдөөлөмдөрдүн көлөмү боюнча белгиленген лимиттен ашып кеткендигине байланыштуу агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо токтотулган учурларды эске албаганда); 

4) кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана башка предикаттык кылмыштарга жол берилгендигине шектенүүлөр келип чыкса; 

5) кардар тууралуу мурда алынган маалыматтардын анык эместиги же жеткиликтүү эместиги фактылары аныкталган учурда; 

6) төлөм уюму жана төлөм системаларынын оператору тарабынан белгиленген регламенттерге ылайык маалыматтарды жаңыртууда (актуалдаштырууда); 

7) шектүү жана/же алдамчылык транзакцияларын/аракеттерин жана/же агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу укуктарын кыянаттык менен пайдаланууга жол берилгендигине шектенүүлөр орун алса; 

8) төлөм уюмунун төлөм уюмунун агентинин жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талабы боюнча; 

9) пайдалануучунун алар боюнча террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катыштыгы бар экендиги жөнүндө маалыматы бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде камтылган адамдарга окшоштугу тууралуу шектенүү орун алса. 

8. Агенттердин мобилдик тиркемелеринин пайдалануучусу ушул эле тиркеменин башка пайдалануучусунун банктык карттарына, агенттердин мобилдик тиркемелерин башка пайдалануучулардын электрондук капчыктарына акча каражаттарын которууда ушул Тартипке карата тизмеге ылайык (1-тиркеме) мындай төлөмдөр боюнча кошумча маалыматтарды топтоо жүзөгө ашырылат. 

9. Төлөм уюму, агенттердин мобилдик тиркемелери боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган төлөм уюмунун агенти пайдалануучулар жана агенттердин мобилдик тиркемелери боюнча өткөрүлгөн төлөмдөр боюнча маалымат базасын кеминде 5 (беш) жыл сактоого милдеттүү

3-глава. Агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардарын идентификациялоо жана верификациялоо ыкмалары 

10. Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуну/кардарды идентификациялоо жана верификациялоо тартиби кайсы болбосун төмөнкү ыкмалардын бири аркылуу жүргүзүлөт:  

1) кардар агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу кызматтарды сунуштаган төлөм уюмунун жана/же төлөм уюмунун агентинин кызматкерлерине жана/же ыйгарым укуктуу адамдарына ушул Тартиптин 6-главасына ылайык өзүнүн катышуусу аркылуу кайрылганда;  

2) кардар төлөм уюмуна жана/же төлөм уюмунун агентине ушул Тартиптин 7-главасына ылайык аралыктан (обочо туруп) тейлөө алкагында кайрылганда;  

3) агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардары өнөктөш банкка, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык кардарды талаптагыдай текшерүү, анын ичинде аралыктан туруп идентификациялоо жана верификациялоо режиминде кайрылганда;  

4) банк мыйзамдарына ылайык кардарды идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосу мурда жүргүзүлбөсө, Кыргыз Республикасында сунушталуучу электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алуу сыяктуу жол-жоболорду сактоо менен техникалык каражаттар аркылуу маалыматтарды топтоодо жана жалпылоодо. 

4-глава. Агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардарын идентификациялоо жана верификациялоо талап кылынбаган учурлар 

11. Агенттердин мобилдик тиркемелеринин кардарын идентификациялоо жана верификациялоо төмөнкү учурларда талап кылынбайт: 

1) эгерде кардарды идентификациялоо жана верификациялоо мурда ушул Тартиптин 3-главасында көрсөтүлгөн ыкмалардын бири аркылуу аткарылган болсо; 

2) эгерде агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүсү бир тиркемени колдонуунун алкагында идентификацияланган электрондук капчыкты пайдалануучу жана/же банктык төлөм картына ээлик кылуучу тарабынан кошулса; 

3) эгерде агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүнүн алкагында картты байланыштырууга макулдугун тастыктоо менен SMS-билдируү жөнөтүү аркылуу милдеттүү түрдө банктын кардарынын макулдугун алуу менен аты көрсөтүлгөн банктык төлөм картын агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө жана/же электрондук капчыкка байланыштыруу ишке ашырылса; 

4) эгерде агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучунун персоналдык идентификаторун колдонуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү идентификацияланган пайдалануучу тарабынан кошулса. 

5-глава. Төлөм уюмунун, агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган төлөм уюмдарынын агенттеринин алар боюнча террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катыштыгы бар экендиги жөнүндө маалымат бар жеке адамдардын жана юридикалык  жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери менен иш алып баруусу 

12. Агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоодо төлөм уюмдары жана төлөм уюмунун агенттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 "Кыргыз Республикасынын "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу чаралары жөнүндө" токтому менен бекитилген төмөнкү жоболорго жана тизмелерге таянууга милдеттүү

- "Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына маалыматтарды жана документтерди сунуштоо тартиби жөнүндө" жобого; 

- "Алар боюнча террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катыштыгы бар экендиги жөнүндө маалымат бар жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмектери жөнүндө" жобого; 

- "Операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу, операцияны (бүтүмдү) жана (же) каражаттарды тоңдуруу жана калыбына келтирүү, тоңдурулган каражаттарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү жана тоңдурулган каражаттарды башкаруу тартиби жөнүндө" жобого; 

- "Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө" жобого; 

- "Ички контролдоо программасына коюлуучу жалпы талаптар жөнүндө" жобого. 

13. Агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрү алар боюнча террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катыштыгы бар экендиги жөнүндө маалымат бар жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде камтылган кардарлар үчүн дароо токтотулууга тийиш. 

14. Эгерде жеке адам террористтик жана экстремисттик ишке, массалык кыргын салуучу куралды таратууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катыштыгы бар экендиги жөнүндө маалымат бар жеке адамдардын жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегине камтылган болсо, анда ага агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу адам катары каттоо жол-жоболорунан өтүүсүнө жол берилбөөгө тийиш. 

14-1. Эгерде төлөм уюму же анын агенти кардарды тийиштүү текшерүү жүргүзүү келип чыккан шектенүүлөр жөнүндө маалыматтын ачыкка чыгышына алып келет деп ишенсе, төлөм уюму/төлөм уюмунун агенти кардарды тийиштүү текшерүү боюнча чараларды көрбөйт жана КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген талаптарга ылайык финансылык чалгындоо органына шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү жөнөтөт. 

6-глава. Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучу өзүн катыштыруу менен идентификациялоо жана верификациялоо  

15. Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучунун жеке катышуусунда аны идентификациялоо максатында төлөм уюму жана/же ушул Жобонун 45-пунктуна ылайык келген агент, ушул Тартипке карата 1-тиркемеде белгиленген "өз кардарыңды бил" принцибине ылайык, пайдалануучунун идентификациялык маалыматтарын топтоого жана пайдалануучунун толтурулган анкетасынын болушун камсыз кылууга тийиш. 

16. Ушул главага ылайык агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуну идентификациялоо тартиби агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучу гана караштуу жана алардын өзүнүн катышуусунда жүзөгө ашырылат.  

17. Төлөм уюму жана/же агент анык булактардан алынган маалыматтарды жана документтерди пайдалануу менен идентификациялоо процессинде берилген жана анкетада көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын текшерүү аркылуу пайдалануучунун идентификациялык маалыматтарын верификациялоого тийиш (жеке адам - жеке адамдын инсандыгын ырастоочу документтин негизинде, жеке ишкер - тиешелүү мамлекеттик органдардан (патент/күбөлүк) жана жеке ишкердин инсандыгын ырастоочу документтин негизинде). 

18. Төлөм уюму жана/же агент агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуну идентификациялоо жана верификациялоо процессинде, пайдалануучунун санкциялык тизмелерде жоктугун же бар экендигин текшерет.  

7-глава. Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо 

19. Төлөм уюмдары өз алдынча же өзүнүн агенттери аркылуу агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу аралыктан туруп идентификациялоону жана верификациялоону ушул Тартиптин шарттарына жана талаптарына ылайык аралыктан тейлөө жана программалык чечимдерди колдонуу аркылуу жүзөгө ашырууга укуктуу.  

Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуну аралыктан туруп идентификациялоо учурунда верификациялоо жол-жобосу пайдалануучунун өзүн катыштыруусуз өткөрүлөт.  

Аралыктан туруп идентификациялоо жана верификациялоо буга чейин пайдалануучунун өзүнүн катышуусу менен же аралыктан туруп идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорунан өткөрүлгөн пайдалануучуларды аталган жол-жоболордон кайталоо түрүндө өткөрүү максатында кошумча колдонулушу мүмкүн.  

20. Ушул Тартиптин талаптарына ылайык, агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды аралыктан туруп идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосунан Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган кардарлар гана өткөрүлөт.  

21. Төлөм уюмдары/агенттер агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды аралыктан туруп идентификациялоо жана верификациялоо үчүн ушул Тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттардын жана жол-жоболордун сакталышын камсыз кылган өзүнүн программалык чечимдерин же үчүнчү жактар тарабынан сунушталган программалык чечимдерди пайдаланууга укуктуу.  

Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо үчүн программалык чечим жок дегенде, сүрөттөрдү (видеожазууларды) жана видео байланыш сеансын өткөрүп берүү каналына өтмө шифр коюуну, ошондой эле аларды сунуштоо процессинде маалыматтарды алмаштырып коюудан, бөтөн адамдардын кирүүсүнөн коргоону камсыз кылууга тийиш.  

Төлөм уюмдары/агенттер үчүнчү тараптардын идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосуна жана жыйынтыктарына авторизацияланбаган түрдө кирүүсүнөн коргоону камсыз кылган маалымат системаларын пайдаланууга, жана агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучунун атынан санкциясыз пайдаланууга жол бербөө чараларын көрүүгө тийиш.  

22. Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо үчүн төлөм уюмдары/ушул Жобонун 45-пунктуна ылайык келген агенттер төмөнкү шарттардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш:  

- ички контролдоонун шайкеш системасын камсыз кылууга, анын ичинде жаңы технологияларды (программалык чечимдерди) колдонууга байланыштуу жана кардардын/пайдалануучунун жеке катышуусуз идентификациялоо жана верфикациялоо каралган жол-жоболорду чагылдыруу, тобокелдиктерди тескөө боюнча, анын ичинде операциялык тобокелдикти, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин, террористтик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо тобокелдиктерин, ошондой эле комплаенс-тобокелдигин жөнгө салуу чаралары боюнча ички ченемдик документтердин болушун камсыз кылууга;  

- кардарларды/пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо, террористтик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), ошондой эле массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо тобокелдиктерин текшерүү, мониторинг жүргүзүү жана тескөө процессин контролдоо үчүн жооптуу персоналды жогоруда аталган жол-жоболорго жана ушул Тартипти талаптагыдай колдонууга окутууга;  

- ушул Тартиптин талаптарына дал келген маалымат системаларын, программалык камсыздоону пайдаланууга;  

- аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорунан өтүү шарттары жана талаптары тууралуу маалыматты (өзүнүн расмий интернет-сайтында, ошондой эле агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу колдонулуп жаткан программалык камсыздоо аркылуу) ачып көрсөтүүгө;  

- Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик каттоо системаларынан алынган маалыматтарды колдонуу менен кардар боюнча маалыматтарды верификациялоого. Салык кызматынын тиешелүү маалымат системасынан маалыматтарды талап кылуу жана/же текшерүү аркылуу жеке ишкердин салыктык каттоо жөнүндө маалыматтарын верификациялоого;  

- ушул Тартипте каралган лимиттерге жана чектөөлөргө ылайык аралыктан идентификацияланган агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулар боюнча террористтик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), ошондой эле массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы тобокелдиктерди чектөө чараларын көрүүгө;  

- кардарды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо жыйынтыктарынын, пайдалануучуну идентификациялоо жана верификациялоо жүргүзүлгөн так күндүн, ошондой эле туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү жол-жоболорунун жана Кыргыз Республикасынын ТИК/ККЛК чөйрөсүндө мыйзамдарында каралган башка жол-жоболордун белгиленишин жана сакталышын камсыз кылууга;  

- аралыктан идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн кардарлардын өзүнчө реестрин жүргүзүүгө;  

- аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболору башталганга чейин террористтик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), ошондой эле массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы тобокелдиктерди аныктоо жана документтештирүү. Төлөм уюмдары ушул Тартиптеги талаптарга таянуу менен тобокелдиктерди чектөөнүн кошумча критерийлерин киргизүүгө укуктуу. 

23. Төлөм уюмдары/агенттер аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо жол-жобосунун натыйжасында алынган, кардарлар тууралуу купуя маалыматтардын сакталышы боюнча талаптагыдай контролдоону ички контролдоо процесстерин өркүндөтүү, өзүнүн маалымат ресурстарынын маалыматтык коопсуздугу боюнча механизмдерди жана талаптарды жакшыртуу аркылуу камсыз кылуулары тийиш.  

24. Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуларын аралыктан идентификациялоо максатында, төлөм уюму/агент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген, "Кардарды талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобого ылайык пайдалануучунун идентификациялык маалыматтарын чогултуулары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, жеке ишкерлер тууралуу маалыматтарды эске албаганда, кардардын-жеке адамдын аталган Жобого ылайык форма боюнча толтурулган анкетасынын болушун камсыз кылуулары тийиш.  

Анкета алынган маалыматтарды колдонуу менен автоматтык режимде түзүлүшү же кардар тарабынан өз алдынча толтурулушу мүмкүн.  

Анкета аралыктан идентификациялангандыгы тууралуу белги коюлуп, электрондлук формада сакталат (идентификациялоонун так ыкмасын көсөтүү менен).  

25. Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуларын аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо Тартиптин ушул главасынын 1 жана 2-параграфтарында каралган тартип жана жол-жоболор боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.  

§ 1. Сүрөттөрдү салыштыруу аркылуу аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо  

26. Аралыктан алуу ыкмасында алынган агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучунун идентификациялык маалыматтарын верификациялоо максатында, төлөм уюму жана/же агент ушул параграфтын алкагында идентификациялоо процессинде кардардын жүзүнүн сүрөтүн (видеожазуусун), кардардын инсандыгын тастыктаган документинин алдыңкы жана арткы бетинин сүрөтүн, кардардын инсандыгын тастыктаган документи менен бирге бир кадрда сүрөтүн (видеожазуусун) агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу өз ара иш алып баруунун электрондук каналдары боюнча алууга тийиш.  

Кардардын сүрөтүндө (видеожазуусунда) анын жүзү жана ийиндери так көрүнүп тургудай, кардар жарык жакшы тийген жерде турууга тийиш. Кардардын жүзү толугу менен көрүнүп турууга тийиш, күндөн коргоочу көз айнек же жүзүн жапкан башка аксессуарларды тагынууга болбойт, ошондой эле кардардын бетине көлөкө түшпөөгө, сүрөттө башка адамдар болбоого тийиш.  

Эгерде кардар Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу алынган санарип форматтагы инсандыгын тастыктаган документти көрсөтсө, кардардын инсандыгын тастыктоочу документи менен бирге бир кадрдагы сүрөтү (видеожазуу) талап кылынбайт. 

27. Кардардын инсандыгын тастыктаган документиндеги маалыматтардын аныктыгы документтеги маалыматтарды (реквизиттерди) Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик каттоо системаларынан талап кылуу же текшерүүгө жөнөтүү аркылуу текшерилет.  

Төлөм уюмдары/агенттер кардарга негизги жеке маалыматтар мамлекеттик каттоо системалары жана жеткиликтүү маалымат булактары аркылуу текшериле тургандыгын маалымдоолору жана анын жеке маалыматтарын топтоо жана иштеп чыгуу үчүн кардардын макулдугун алуулары (кат формасында кагаз жүзүндө же электрондук кол тамга коюлган электрондук документ формасында), ошондой эле аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо учурунда толук эмес жана так эмес маалыматтарды бергендиги үчүн анын кесепеттери тууралуу маалымдоого милдеттүү.  

28. Төлөм уюмдары/агенттер ушул параграфка ылайык кардардын идентификациялык маалыматтарын кардар тууралуу маалыматтарды, анын сүрөттөрүн (видеожазуудагы сүрөттөрүн) жана агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук каналдар боюнча сунушталган кардардын инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтар жана сүрөт менен салыштыруу аркылуу верификациялайт.  

Маалыматтар жана сүрөттөр автоматтык режимде салыштырылышы мүмкүн.  

29. Төлөм уюму ушул Тартиптин 30-пунктунун талаптарын эске алуу менен сунушталган сүрөттөрдү (видеожазуудагы сүрөттөрдү) талаптагыдай салыштыруу үчүн жетиштүү болгон колдонулуучу фото- жана видео жазуулардын сапатына карата минималдуу талаптарды белгилөөгө тийиш.  

30. Фото-, видео-/аудио жазуулар сапаттуу болууга, сапатын жоготуусуз сакталууга, ошондой эле бөтөн адамдардын маалыматтарды пайдалануусу үчүн жеткиликтүү болбоого тийиш. Фото-, видео-/аудио жазуулар 5 (беш) жыл сакталышы керек.  

Фото жана видео жазуулар файлында жазуу жүргүзүлгөн убакыт жана күнү тууралуу маалыматты, кардардын аты-жөнүн, ошондой эле башка метамаалыматтарды камтууга тийиш. Программалык камсыздоодо акырында видеого киргизилүүчү кайсы болбосун өзгөртүүлөр белгилениши зарыл.  

31. Эгерде кардар тууралуу алынган маалыматтар, ошондой эле анын сүрөттөрү (видеожазуулары) кардарды талапка ылайык идентификациялоо жана верификациялоо мүмкүнчүлүгүн берсе, кардарды сүрөттөрдү салыштырма жолу менен аралыктан идентификациялоодон жана верификациялоодон ийгиликтүү өттү деп эсептөөгө болот жана бул тууралуу кардарга милдеттүү түрдө маалымдоо зарыл.  

32. Кардар тууралуу алынган маалыматтар ушул Тартиптин 24-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык кардардын анкетасында чагылдырылып, сүрөттөрдү салыштыруу аркылуу аралыктан идентификациялангандыгы тууралуу белгиленип, электрондук түрдө сакталат.  

§ 2. Видеобайланыш сеансы аркылуу аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо  

33. Ушул параграфка ылайык агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуну идентификациялоо жана верификациялоо кардар тууралуу идентификацияланган маалыматтарды чогултуу жана аларды верификациялоо максатында төлөм уюмунун же агенттин ыйгарым укуктуу кызматкери видеобайланыш сеансы аркылуу кардар менен интервью өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.  

Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу кардарды видеобайланыш сеансы аркылуу идентификациялоо же верификациялоо маалымат системаларын, технологияларды, алгоритмдерди, программалык камсыздоону пайдалануу менен төлөм уюмунун кызматкерин катыштыруусуз жүргүзүлүшү мүмкүн. Кардар программалык камсыздоодо камтылган алгоритмге ылайык иш-аракеттерди аткарууга тийиш. 

34. Интервью жүргүзүү үчүн төлөм уюмунун ички контролдоо программасына ылайык иштелип чыккан суроолор колдонулат. Суроолор пайдалануучунун анкетасына киргизүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу же текшерүү үчүн колдонулат, мында төлөм уюму жана/же агент кардар тууралуу маалыматтарды верификациялоого тийиш.  

35. Видеобайланыш сеансынын жүрүшүндө кардардын жүзүнүн сүрөтүн өзүнчө кадрда, кардардын инсандыгын тастыктаган документтин алдыңкы жана арткы бети өзүнчө кадрда сүрөткө тартылып, ошондой эле кардардын инсандыгын тастыктаган документи менен бирге сүрөтү бир кадрда болууга тийиш. Бул сүрөттөр видеожазуу менен чогуу сакталууга тийиш.  

Кардардын жана анын инсандыгын тастыктаган документтин сүрөттөрүн мурда макулдашылган ыкмада белгиленген байланыш каналдары боюнча агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу алууга жол берилет.  

Эгерде кардар Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу алынган санарип форматтагы инсандыгын тастыктаган документти көрсөтсө, кардардын инсандыгын тастыктоочу документи менен бирге бир кадрдагы сүрөтү (видеожазуу) талап кылынбайт. 

36. Кардардын инсандыгын тастыктаган документтин аныктыгы документтеги маалыматтарды (реквизиттерди) тиешелүү мамлекеттик каттоо системаларынан талап кылуу же текшерүүгө жөнөтүү аркылуу текшерилет.  

Төлөм уюмдары/агенттер кардарга негизги жеке маалыматтар мамлекеттик каттоо системалары же жеткиликтүү маалымат булактары аркылуу текшериле тургандыгын маалымдоолору жана анын жеке маалыматтарын топтоо жана иштеп чыгуу үчүн кардардын макулдугун алуулары (кат формасында кагаз жүзүндө же электрондук кол тамга коюлган электрондук документ формасында), ошондой эле аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо учурунда толук эмес жана так эмес маалыматтарды бергендиги үчүн анын кесепеттери тууралуу маалымдоого милдеттүү.  

37. Эгерде видеосүрөттөрдүн же үндүн сапатынан улам талаптагыдай идентификациялоого мүмкүн болбосо жана тобокелдиктин келип чыгышы ыктымалдуулугу байкалса же кардардын инсандыгын тастыктаган документке карата кандайдыр бир шектенүүлөр жаралса, төлөм уюму/агент тоскоолдуктарды четтетүү үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө же себебин көрсөтүү менен видеобайланыш сеансын токтотууга тийиш.  

38. Видеобайланыш сеансы аркылуу аралыктан идентификациялоону жана верификациялоону төмөнкү талаптар аткарылган шартта жүргүзүүгө болот:  

- видеобайланыш сеансы айкын убакыт режиминде үзгүлтүксүз аткарылууга тийиш. Видео- жана аудиоагымдар синхрондоштурулуусу зарыл. Сүрөттөр түстүү болууга тийиш, видеобайланыш ушул Тартиптин 30-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келиши зарыл;  

- сеанстын жүрүшүндө кардардын бети менен далысы так көрүнүп, ал жеткиликтүү деңгээлде жарык болгон бөлмөдө болууга тийиш. Кардардын бети толугу менен ачык көрүнүп, күндөн коргоочу көз айнек же бетин жапкан башка аксессуарларды тагынууга жол берилбейт. Кардардын бетине көлөкө түшсө да болбойт;  

- төлөм уюмунун/агенттин кызматкери кардарга төлөм уюмунун/агенттин жана ушул Тартиптин талаптарына шайкеш келген сапаттагы сүрөттү кантип камсыз кылса боло тургандыгы тууралуу көрсөтмө бере алат;  

- ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендигине байланыштуу кардарга үчүнчү адамдын көмөгү талап кылынган учурларды эске албаганда, идентификациялоо процессине үчүнчү жактардын катышуусуна жол берилбейт.  

39. Төлөм уюмдары/агенттер ушул параграфка ылайык кардардын идентификациялык маалыматтарын верификациялоону кардар менен интервью жүргүзүү аркылуу, кардар тарабынан сунушталган маалыматтарды жана сүрөттөрдү агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук байланыш каналдары боюнча инсандыгын тастыктаган документиндеги маалыматтар жана сүрөт менен салыштыруу аркылуу жүргүзүшөт. Жеке ишкер салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалыматтарды верификациялоо салык кызматынын тиешелүү маалыматтык системасынан маалыматтарды талап кылуу жана/же текшерүү жолу менен ишке ашырылат. 

40. Эгерде кардар тууралуу маалыматтардан, ошондой эле анын сүрөттөрүнөн жана видеобайланыш сеансынан улам кардарды талаптагыдай идентификациялоого жана верификациялоого мүмкүн болсо, кардар видеобайланыш сеансын өткөрүү аркылуу аралыктан идентификациялоодон жана верификациялоодон ийгиликтүү өттү деп эсептөөгө болот жана бул тууралуу ага милдеттүү түрдө маалымдоо зарыл.  

41. Кардар тууралуу алынган маалыматтар ушул Тартиптин 24-пунктунун талаптарына ылайык кардардын анкетасында чагылдырылып, видеобайланыш сеансын өткөрүү аркылуу аралыктан идентификациялангандыгы тууралуу белгиленип, электрондук түрдө сакталат.  

41-1. Жасалма интеллектти, машинаны үйрөтүү же биометрикалык маалыматтарды толук же бир бөлүгүн иштеп чыгуунун болжолдуу алгоритмдеринин башка формаларын колдонуу менен кардардын инсандыгын текшерүүдө, төлөм уюму/ушул Жобонун 45-пунктуна ылайык келген агент ушул Тартиптин талаптарына ылайык келген кардарды идентификациялоонун жана верификациялоонун анык жана жасалма учурларынын так аныкталышын камсыз кылууга тийиш.  

41-2. Кардарларды идентификациялоо боюнча программалык камсыздоо же маалымат системалары, тиешелүү технологиялар, кардарды идентификациялоо алгоритмдери кардардын инсандыгын тастыктоочу документтердеги, анын ичинде Элекрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы же "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу алынган санарип форматтагы документте жана мамлекеттик маалымат базаларындагы буга чейин белгилүү болгон сүрөттөр менен видео агымдагы сүрөттү салыштыруу үчүн "бирге бир" идентификациялоо алгоритмин камтууга тийиш. Видео агымдан алынган кардардын сүрөттөрү айрым фрагменттердин окшоштугун аныктоочу каражаттарды, кардардын инсандыгын тастыктоочу документтериндеги жүзүнүн сүрөтүнүн элементтерин уникалдуу параметрлери менен, анын ичинде мамлекеттик маалымат базаларынан алынгандарды колдонуу менен салыштырылууга тийиш. Идентификациялоо алгоритмдеринде видео агымдын жасалмалуулугун жокко чыгаруу менен андагы кардардын элесинин жандуу экендигин текшерүү мүмкүнчүлүгү эске алынууга тийиш.  

41-3. Кардарларды идентификациялоо боюнча программалык камсыздоонун колдонууга киргизилиши анда колдонулган алгоритмдердин тактык деңгээлин аныктоону, биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгууну тестирлөө менен коштолууга тийиш.  

41-4. Кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо үчүн программалык камсыздоону колдонууда, төлөм уюму/агент кардарларды туура эмес идентификациялоого жана верификациялоого байланыштуу тобокелдиктерге шайкеш келген деңгээлде кардардын инсандыгын текшерүү боюнча чараларды белгилөөдө аутентификация факторлорунун тиешелүү комбинациясын колдонууга тийиш. Биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн колдонулган алгоритмдердин тактыгынын жол берилген деңгээли төлөм уюму тарабынан террористтик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), ошондой эле массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы тобокелдиктерге жана операциялар боюнча ички чектөөлөргө ылайык аныкталат.  

41-5. Төлөм уюмунун/ушул Жобонун 45-пунктуна ылайык келген агенттин биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча программалык камсыздоону пайдалануу менен кардарларды аралыктан идентификациялоону жана верификациялоону колдонуу боюнча тобокелдик чектери жана тактык деңгээли каралган ички ченемдик документ төлөм уюмунун башкармасы тарабынан жактырылууга тийиш.  

41-6. Төлөм уюмунун/ушул Жобонун 45-пунктуна ылайык келген агенттин кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо үчүн колдонулган биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча программалык камсыздоосу төлөм уюму тарабынан биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгууда колдонулуучу алгоритмдердин тактыгынын жол берилген деңгээлин колдоосу жагынан кеминде жарым жылда бир жолу текшерилип турууга тийиш. Ал эми биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу системасын баалоонун натыйжасы төлөм уюмунун маалымат системасына мезгил-мезгили менен жүргүзүлгөн тышкы аудиттин алкагында тастыкталуусу зарыл.  

41-7. Биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча программалык камсыздоону пайдаланууда, кардарлардын биометрикалык маалыматтарын мамлекеттик органдардын маалымат базалары менен текшерүү, ошондой эле алдамчылыкты аныктоо механизмдеринин (биометрикалык маалыматтарды алмаштыруу) болушу камсыз кылынууга тийиш. 

§ 3. Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуну аралыктан идентификациялоону жана верификациялоону ийгиликсиз катары таануу  

42. Агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучуну аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо ушул Тартипке ылайык төмөнкү учурларда ийгиликсиз деп таанылат:  

- кардар тарабынан берилген маалыматты текшерүүгө мүмкүн эмес болсо же текшерүүнүн жыйынтыктары терс болуп чыкса;  

- кардар кызмат көрсөтүүдөн пайдалануу шарттарына өз макулдугун тастыктоодон, жеке маалыматтарын берүүдөн жана башка шарттардан баш тартса;  

- эгерде фото- жана/же видео-/аудио жазуулардын сапаты ушул Тартиптин талаптарына жана төлөм уюмунун ички контролдоо эрежелерине дал келбесе;  

- зарыл документтер берилбесе;  

- төлөм уюмунун/агенттин ички ченемдик документтерде белгиленген талаптары жана көрсөтмөлөрү сакталбаса;  

- эгерде ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендигине байланыштуу кардарга үчүнчү адамдын көмөгү талап кылынган учурларды эске албаганда, кардар видео байланыш аркылуу идентификациялоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө үчүнчү жактын жардамын пайдаланса;  

- эгерде кардар өз эрки боюнча эмес жана/же башка адамдарын кысымы астында иш алып баргандыгы тууралуу шек жаралса.  

43. Агенттин мобилдик тиркемесинин кардарларын-пайдалануучуларын аралыктан идентификациялоодо жана верификациялоодо агент тарабынан ушул Тартиптин талаптарынын сакталышы үчүн төлөм уюму жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

  

  

  

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибине карата  

1-тиркеме 

Төлөм уюмдарынын агенттердин мобилдик тиркемелерин жана/же электрондук капчыктарды пайдалануучулары жөнүндө милдеттүү түрдө берилүүчү маалыматтардын  

ТИЗМЕГИ 

Тартиптин 6-главасына ылайык идентификация жүргүзүүдө төмөнкү маалыматтар топтолот: 

- аты-жөнү, атасынын аты (эгерде болсо); 

- туулган жылы; 

- жарандыгы; 

- жеке адамдын инсандыгын тастыктаган документинин реквизиттери (сериясы жана номери, берилген күнү, колдонуу мөөнөтү аяктаган күнү; документ берген органдын аталышы), бөлүмдүн коду (эгерде болсо);  

- жеке идентификациялык номери; 

- кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн колдонулган телефондун номери (номерлери); 

- электрондук почтанын дареги (эгерде болсо). 

Которууларды жүзөгө ашырууда ар бир транзакция боюнча кошумча төмөнкү маалымат чогултулат: 

- алуучунун маалыматтары; 

- төлөм суммасы; 

- төлөм багыты; 

- төлөмдү жүзөгө ашыруу убактысы. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтомуна ылайык алынып салынды) 

- (КР Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-майындагы № 2020-П-14/31-7-(ПС) токтомуна ылайык алынып салынды) 

  

  

  

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин колдонушкан кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибине карата  

2-тиркеме 

Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулар үчүн тобокелдиги төмөн операциялардын  

ТИЗМЕСИ 

1. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө (жылуулук менен камсыздоо, электр менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, суу менен камсыздоо, канализация, лифттерди тейлөө, домофондорду тейлөө, тиричилик калдыктарын чыгаруу ж.б. кызмат көрсөтүүлөрү, мында пайдалануучу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучу ортосундагы келишимге ылайык идентификацияланат). 

2. Банктык эсептерди, Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акчалардын локалдык системаларынын электрондук капчыктарын толуктоо. 

3. Бюджетке салыктарды, жыйымдарды, мамлекеттик алымдарды, айыптык төлөмдөрдү жана башка төлөмдөрдү төлөө

4. Интернет жана телеберүүлөр үчүн төлөө

5. Кыргыз Республикасынын банктарынан жана финансы-кредит уюмдарынан алынган кредиттерди жана насыяларды төлөө

6. Белгиленген байланыш кызматтары. 

7. Taxi айдоочуларын туташтыруу кызматы (жеке эсепти толуктоо). 

8. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына электрондук отчетту тапшыруу үчүн төлөө

9. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан пайдалангандыгы үчүн төлөө

10. Эл аралык жерде жүрүү жана аба транспортуна билеттерди эске албаганда, билеттер (кино, транспорт ж.б.) жана такси кызматтары үчүн төлөө

11. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында эсептешүү эсебине ээ, Кыргыз Республикасынын аймагында республиканын резиденттери тарабынан сунушталган/жеткирилген/аткарылган тиричилик кызматтары/товарлар/иштер/тейлөө үчүн төлөө

12. "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коому аркылуу сатылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн төлөм. 

Төлөм терминалдары аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн тобокелдиги төмөн операциялардын  

ТИЗМЕСИ 

1. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө (жылуулук менен камсыздоо, электр менен камсыздоо, газ менен камсыздоо, суу менен камсыздоо, канализация, лифттерди тейлөө, домофондорду тейлөө, тиричилик калдыктарын чыгаруу ж.б. кызмат көрсөтүүлөрү, мында пайдалануучу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучу ортосундагы келишимге ылайык идентификацияланат). 

2. Банктык эсептерди толуктоо (Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан чыгарылган карт). 

3. Бюджетке салыктарды, жыйымдарды, мамлекеттик алымдарды, айыптык төлөмдөрдү жана башка төлөмдөрдү төлөө

4. Интернет жана телеберүүлөр үчүн төлөө

5. Кыргыз Республикасынын банктарынан жана финансы-кредит уюмдарынан алынган кредиттерди жана насыяларды төлөө

6. Белгиленген байланыш кызматтары. 

7. Taxi айдоочуларын туташтыруу кызматы (жеке эсепти толуктоо). 

8. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына электрондук отчетту тапшыруу үчүн төлөө

9. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан пайдалангандыгы үчүн төлөө

10. Эл аралык жерде жүрүү жана аба транспортуна билеттерди эске албаганда, билеттер (кино, транспорт ж.б.) жана такси кызматтары үчүн төлөө

11. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында эсептешүү эсебине ээ, Кыргыз Республикасынын аймагында республиканын резиденттери тарабынан сунушталган/жеткирилген/аткарылган тиричилик кызматтары/товарлар/иштер/тейлөө үчүн төлөө

12. Электрондук капчыктарды толуктоо. 

  

  

  

өлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө" жобого 

3-тиркеме 

Арыз  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 2024-П-14/23-2-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

Ушул аркылуу _________________________________________________  

өлөм уюмунун толук аталышы)  

соода-тейлөө ишканасы үчүн POS-терминалдарды орнотуу аркылуу төлөм карттарынын эквайринги боюнча эквайринг кызматтарын сунуштоого уруксат берүүнү жана эквайринг кызматтарын сунуштоочу төлөм уюмдарынын реестрине киргизүүнү өтүнөт.  

  

Башкарманын төрагасы/жетекчи (кол тамгасы, мөөрү)  

  

Кол тамганын чечмелениши.