Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын  

2012-жылдын «15»февралң 

8/10 токтому менен бекитилген 

 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын 2012-2014-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары 

 

1-глава 

Жалпы жоболор 

 

Төлөм системасы технологиялардын, жол-жоболордун, эрежелердин, төлөм инструменттеринин жана акча жүгүртүлүшүн камсыз кылган акча каражаттарын которуу системасынын өз ара байланыштуу тутумун түшүндүрөт.  

Нак жана нак эмес акча жүгүртүлүшүнүн оптималдуу катышына жетишүү үчүн шарттарды камсыз кылуу, банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн кеңири жайылтылышын арттыруу, алардын натыйжалуулугун жана өтүмдүүлүгүн жакшыртуу, Кыргыз Республикасында төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруунун эң эле прогрессивдүү ыкмаларын жана инструменттерин колдонуу аркылуу, калайык-калкты банктык тейлөөгө алуунун сапатын жакшыртуу менен нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү төлөм системасын орто мөөнөттүк келечекте өнүктүрүүнүн негизги максатынан болуп саналат.  

Бул документте төлөм системасын өнүктүрүүнүн негизги максаттарын ишке ашырууну көздөгөн уюштуруучулук жана ченемдик өзгөртүүлөрдүн тизмеги камтылган. Документте улуттук төлөм системасын өнүктүрүүнүн төмөнкү негизги багыттары аныкталган: 

- орто мөөнөттүк мезгил ичинде улуттук төлөм системасын өнүктүрүүдөгү артыкчылыктар; 

- төлөм системасын өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүү үчүн чаралар жана белгиленген артыкчылыктарга ылайык, пландар системасы аркылуу аларды жүзөгө ашыруу механизмдери. 

Документтин негизинде төмөнкү принциптер камтылган: 

- стратегиялык максаттардын жана милдеттердин банк ишин жөнгө салган негизги ченемдик укуктук актыларга ылайык келүүсү; 

- Кыргыз Республикасынын банк секторун 2014-жылга чейин өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын жоболоруна ылайык келүүсү; 

- Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүк програмасынын (2012-2014-жж.) жоболоруна ылайык келүүсү; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын өнүктүрүү стратегиясынын (мындан ары - Улуттук банкты) жоболоруна ылайык келүүсү; 

- мында алдыңкы чет өлкө тажрыйбасын колдонуу. 

 

2-глава 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасында түптөлгөн тенденциялар 

 

2009-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын экономикасы өсүш динамикасында кыйла олуттуу өзгөрүүлөрдүн орун алышы менен мүнөздөлгөн. 2009-жылы финансылык каатчылыктын терс кесепетинен улам, экономикалык өсүш арымынын басаңдоосу жүргөн. Регионалдык экономикада төлөөгө жөндөмдүү суроо-талаптын кыскарышынын кесепетинен экономикалык жигердүүлүктүн төмөндөшү Кыргыз Республикасынын экономикасынын реалдуу секторунун өнүгүшүнө да таасирин тийгизген, атап айтканда, соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөр менен соода-экономикалык операциялардын олуттуу кыскаруусу, өнөр жайында өндүрүштүн төмөндөп кетиши, керектөөнүн азайгандыгы байкалган. 2010-жылы саясый туруксуздуктун терс кесепетинин орун алып турушу алкагында, өлкөдө экономикалык жигердүүлүктүн төмөндөгөндүгү белгиленген. өнөр жайын эске албаганда, экономиканын бардык негизги секторлорундагы төмөндөөлөр реалдуу ички дүң өнүмүнүн (ИДөнүн) 0,5 пайызга төмөндөп кетишин шарттаган (номиналдык түрүндө ИДө 9,5% өскөн). 2011-жылы реалдуу ИДөнүн өсүшү 5,7% түзгөн (номиналдык түрдө ал 23,9% өскөн), бул эң башкысы өнөр жайынын жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өнүгүшү менен шартталган. 

Эгерде, 2009-2011-жылдары ичинде республиканын банктар аралык төлөм системасындагы төлөмдөрдүн көлөмүндөгү өзгөрүүлөрдү ала турган болсок, анда 2009-жылы төлөмдөрдүн жалпы көлөмүнүн көбөйгөндүгү (9,6%) белгиленген болсо, 2010-2011-жылдары банктар аралык системасындагы төлөмдөрдүн көлөмүнүн өсүш динамикасы менен номиналдык ИДөнүн өсүшүнүн ортосунда айрым бир дал келбөөчүлүк орун алгандыгын белгилеп кетүү зарыл. Бул, бир катар коммерциялык банктарда Улуттук банк тарабынан атайы режимдин жана тике көзөмөлдүктүн киргизилиши, ошондой эле банктар аралык төлөм системасынын түзүмүндө олуттуу бөлүктү банк операциялары ээлөөсү менен шартталган жана булар төлөм системасынын көрсөткүчтөрүнө таасир эткен.  

2011-жылы банктар аралык төлөм системасы аркылуу жалпы суммасы 585,1 млрд. сомго 1,6 млн. төлөм өткөрүлгөн, анын ичинен төлөмдөрдүн санынын 91,4% Пакеттик клиринг системасында (мындан ары - СПК) иштелип чыккан болсо, банктар аралык төлөмдөрдүн көлөмүнүн 88,8% Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасына туура келген (бул системалар Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөр системасын колдонууга киргизүү боюнча 2003-2008-жылдарга каралган иш-чаралардын мамлекеттик программасынын чегинде жөнгө салынган).  

2011-жылдын жыйынтыгына ылайык региондор боюнча банктар аралык төлөмдөргө иликтөөлөрдү жүргүзүүдө төлөмдөрдүн көлөмү (жалпы көлөмдүн 91,8%) жана саны (жалпы сандын 73,3%) боюнча эң чоң салыштырма салмак мурдагыдай эле, Чүй областына жана Бишкек шаарына туура келгендигин көрсөткөн (олуттуу концентрациялануу). Ошол эле учурда, Ош областына (калкынын саны боюнча Чүй областы жана Бишкек шаары менен бирдей келген) банктар аралык төлөмдөрдүн көлөмүнүн болгону 1,5 пайызы, ал эми жалпы сандын 7,6% туура келген. Ал эми калкынын саны 262,1 адамды түзгөн Нарын областына (Ош областынын калкынын санынын 18,9%) банктар аралык төлөмдөрдүн көлөмүнүн 3,0% туура келген. Бул ишкердик жигердүүлүктүн төмөндүгү жана республиканын региондорунда банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн анчалык жайылтылбай жатышы менен түшүндүрүлөт. 

Банктык төлөм карттар рыногунда 2009-жылдан бери жүгүртүүгө чыгарылган төлөм карттарыны саны 2,5 эсеге көбөйүп, 2012-жылдын 1-январына карата абал боюнча 270,4 миң даананы түзгөн. Булардын ичинен (Visa&MasterCard, Золотая корона-Алай кард») 81% эл аралык төлөм системаларынын карттары, ал эми 19% Элкарт улуттук төлөм системасынын картынан болгон. Мындай катыш, 2011-жылдын баш жагында «Элкарт» улуттук төлөм картынын санынын кескин төмөндөп кетишинен (34,8 миң даанага), ошондой эле аларды колдонуу менен жүргүзүлгөн операциялардын санынын жана көлөмүнүн азайышынан улам келип чыккан. Ал эми бул ири банктардын биринин банкрот абалында калышына байланыштуу болгон, анткени банктын кардарларын тейлөө, анын ичинде төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган бардык операцияларга тыюу салынган эле. 2011-жыл ичинде системалардын катышуучуларынан болгон 4 коммерциялык банкта консервация режиминин киргизилиши, ошондой эле бир нече банктардын кардарларын карт ээлерин эл арлык карттар аркылуу тейлөөгө которуу да «Элкарт» улуттук төлөм картынын санын азайышына түрткү берген.  

Бүтүндөй алганда, 2009-жылдан тартып жүгүртүүдөгү банктык төлөм карттарынын санынын, ошондой эле аларды колдонуу менен ишке ашырылган операциялардын көлөмүнүн жана санынын туруктуу өсүшү уланган. Ошондой болсо да мурдагыдай эле, жүргүзүлгөн операциялардын көлөмүнүн негизги үлүшү, карттарды пайдалануу менен банкоматтар жана кассалык терминалдар аркылуу акча каражаттарын чыгарып алууга туура келет (карттар менен операциялардын жалпы көлөмүнүн 95,5%). Ал эми соода жүргүзүү жана сервис пунктарында ишке ашырылган жүгүртүүлөр болгону 4,5% гана түзөт.  

Коммерциялык банктардын төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча жер-жерлердеги түйүндөрүн өнүктүрүү динамикасы алгылыктуу тенденцияга ээ болгон. 

2012-жылдын 1-январына карата абал боюнча төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө 460 банкомат жана 2 022 терминал аркылуу жүзөгө ашырылган. Ал эми 2009-жылдын баш жагында аралыкта орнотулган жабдуулардын саны 174 банкоматты жана 1 122 терминалды гана түзгөн. 

Чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр дароо акча которуу, SWIFT жана «БанкКардар» системасы аркылуу ишке ашырылган. Дароо акча которуу системасына которуулардын жалпы санындагы негизги үлүшү туура келген (96,4 % кириш жана 67,0% чыгыш), ал эми чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдүн/которуулардын негизги көлөмү SWIFT аркылуу өткөрүлгөн (91,2% кириш 98,5% чыгыш).  

2012-жылдын 1-январына карата жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 49,9 млрд. сомду түзгөн, анын ичинен 2,5 млрд. сом коммерциялык банктардын кассаларында турган болсо (5,1%), калгандары банк системасынан тышкары жүгүртүүдө (94,9%). 2009-жылдагыга салыштырганда жүгүртүүдөгү акча суммасы туруктуу өсүшкө ык коюп келет (өсүш 61,9 пайызды түзөт), бул экономиканын нак акчага туруктуу керектөөсүнүн орун алып туруусу менен шартталган.  

2011-жылдын экинчи жарым жылдыгы ичинде нак акчанын коммерциялык банктардын кассаларына кайтып түшүүсү 99,8% түзгөн, бул 2010-жылдын экинчи жарым жылдыгындагыга караганда 1,6 пайызга көп. Нак акчанын кайтарымдуулугунун артышы коммерциялык банктардын кассаларынан нак акчанын түшүүсүнүн көбөйүүсү менен шартталган.  

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын реформалоо боюнча стратегиялык максаттарга жетишүү үчүн Улуттук банк кароого алынган мезгил ичинде СПК инструменттерин өнүктүрүүнү кошо алганда, финансы-кредит мекемелер тарабынан сунушталган чекене төлөм кызмат көрсөтүү чөйрөсүн кеңейтүү, төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасынын операторунун Банктар аралык бирдиктүү процессинг борборунун (мындан ары МПЦнын) ишине колдоо көрсөтүү жагында иш-чараларды жүргүзүүнү улантып, банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу боюнча инфраструктураны өнүктүрүү коммерциялык банктарга көмөктөшкөн.  

Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине, төлөм системасынын операторлорунун республиканын резиденттеринин жана алардын катышуучуларынын ишине натыйжалуу көзөмөлдүктү жана контролдукту уюштуруу жана жүргүзүү, ошондой эле адаттагыдан тышкары жагдайлар келип чыккан учурда, төлөм системасындагы потенциалдуу тобокелдиктерди басаңдатуу боюнча чараларды көрүү маанилүү багыттардан болгон. Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктүн алкагында Улуттук банк тарабынан көрүлгөн чаралар, 2010-жылы өлкөдө орун алган саясый туруксуздукка, ошондой эле төлөм системасынын катышуучуларынын - айрым коммерциялык банктардын ишинде проблемалардын орун алып жатышына карабастан, банктар аралык төлөм системалары штаттык режимде иштеп, банктар аралык төлөмдөрдүн иштелип чыгышы жана ишке ашырылшына керектөөлөрдү толук камсыз кыла алган.  

Ошентип, улуттук төлөм системаларынын акыркы жылдагы иш жагдайына анализдөөлөрдү жүргүзүү банк тутумундагы акча каражаттарынын төмөнкү үлүштө экендигин тастыктаган.  

Көрсөткүчтөр 

2009 

2010 

2011 

млн. сом 

млн. сом 

млн.сом 

Банктан тышкаркы акчалар (М0) 

33 882,3 

94,8 

41 471,2 

95,8 

47 219,6 

94,7 

Банк системасындагы акчалар (жүгүртүүдөгү акчалар М0) 

1 856,4 

5,2 

1 819,1 

4,2 

2 647,3 

5,3 

 

Натыйжада, төмөнкү шарттар орун алып турган жагдай сакталып калууда:  

· финансылык эсептешүүлөрдүн негизги массасы банк системасынан тышкары ишке ашырылууда; 

· акча агымынын ачык-айкындуу жүргүзүлбөй жатышы; 

· көмүскө экономиканын жогорку деңгээлде сакталып калышы. 

 

Бул маселелерди мамлекеттик деңгээлде биргелешип чечүү, ошондой эле мамлекеттик органдардын көргөн аракеттерин координациялоону камсыз кылуу жана нак эмес төлөмдөрдүн, эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча иш-чараларды аткаруу максатында, 2011-жылы Ведомстволор аралык комиссия өз ишин жандандырган. Бул комиссиянын курамына министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары, ошондой эле турак жай-коммуналдык чарба уюмдарынын, коммерциялык банктардын өкүлдөрү кирген. Комиссиянын ишин уюштуруу үчүн мамлекеттик бюджетке төлөмдөр келип түшкөн учурда, мамлекеттик бюджеттен төлөөлөрдү ишке ашырууда, чарба жүргүзүүчү субүекттердин төлөмдөрүн төлөөнү нак эмсе формада жүргүзүүгө, ошондой эле нак эмес төлөмдөр инфраструктарасын кеңейтүүгө жана мындай формада эсептешүүлөр системасынын коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга байланыштуу милдеттер камтылган иш-чаралар планы иштелип чыгып, бекитилген. Экономикада нак эмес формадагы төлөмдөргө талапты камсыз кылуу бюджеттик каражаттардын жылышынын ачык-айкындуулугун, бүтүндөй акча жүгүртүлүшүнүн натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, Ведомстволор аралык комиссия тарабынан Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга каралган иш-чаралардын мамлекеттик программасынын экинчи баскычы демилгеленген. Анда акча жүгүртүлүшүнүн нак жана нак эмес оптималдуу катышына жетишүү, республикада нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн арттыруу, чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүү аркылуу банк жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жайылтуу деңгээлин жогорулатуу боюнча стратегиялык багыттар камтылган. 

 

 

3-глава 

Төлөм системасын 2012-2014-жылдары андан ары өнүктүрүү боюнча комплекстүү милдеттер 

 

 

3.1. Негизги милдеттер 

Төлөм системасынын ишин Кыргыз Республикасынын экономикасынын ар кандай субүекттери ортосунда төлөмдөрдүн коопсуз жана өз учурунда өткөрүлүшүн камсыз кыла алган жогорку технологиялык деңгээлде колдоп туруу, Улуттук банктын төлөм системасынын орто мөөнөттүк мезгил аралыгында өнүктүрүү жагындагы негизги милдети бойдон калууда. 

 

Улуттук банк тарабынан төлөм системасын 2012-2014-жылдары өнүктүрүү төмөнкү негизги багыттар боюнча жүзөгө ашырыла тургандыгы болжолдонууда: 

1. Чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүү Улуттук банк коммерциялык банктар менен биргеликте чекене рынокту өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүүнү улантып, аралыктан туруп тейлөөнү, анын ичинде Интернет технологиялар, компңютердик технологиялар, мобилдик төлөмдөр, төлөм жана алдын ала төлөө карттары аркылуу кеңири жайылтуу максатында, операциялык инфраструктарынын субүекттеринин ишине түрткү берет. Технологияларды, төлөм маалыматтарын берүү ыкмаларын өнүктүрүү, эсептешүүлөрдүн бардык катышуучуларын натыйжалуу жана ишенимдүү тейлөөгө алууну камсыз кылуу, өнүктүрүүнүн негизги булагынан жана банктык кызмат көрсөтүүнүн чекене сегментин кеңейтүүнүн өзөгүн түптөйт. Аралыктан тейлөө каналдарын кеңейтүү өлкөнүн бүтүндөй аймагы боюнча банктык продуктулардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга өбөлгө түзөт. Сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди кошо алганда, бардык маанилүү аспектилери боюнча маалымдоо аркылуу, чекене төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иштер улантылат.  

Улуттук банк ошондой эле, төмөнкү багыттар боюнча иш-чараларды жүргүзөт: 

- Кыргыз Республикасынын банктары-резиденттери ортосунда өлкө аймагында гана улуттук валютадагы бардык операцияларды жана төлөмдөрдү иштеп чыгууну камсыз кылуу; 

- коммерциялык банктарга, мамлекеттик органдарга төлөм карттарын кошо алганда, төлөм инструменттеринин ар кандай формаларын пайдалануу менен нак эмес эсептешүүлөргө өтүшүнө өбөлгө түзүү

- төлөм системасынын катышуучуларына банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү кошо алганда, заманбап технологияларды колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөөгө алуу боюнча инфраструктураны өнүктүрүүсүнө өбөлгө түзүү; 

- рынок үчүн эң эле натыйжалуу ыкмаларда кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүүнүн катализатору катары чекене төлөм системасынын ишине катышуу, рыноктун катышуучулары үчүн атаандаштык шарттарын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү аркылуу, улуттук төлөм системасынын операторун - «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКты өнүктүрүүгө, Борбордук казыналыкты өз алдынча катышуучу катары Пакеттик клиринг системасына туташтыруу, «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасын модернизациялоо ж.б.; 

- бюджет тарабынан бөлүнгөн каражаттардын чыгымдалышына контролдукту камсыз кылуу максатында, көп функционалдуу социалдык жеңилдик карттарынын (медициналык, транспорттук, салыктык, пенсиялык, банктык) негизинде социалдык чөйрөдө тиешелүү долбоорлордун жүзөгө ашырылышына түрткү берүү; 

- бюджеттик уюмдардын, айрыкча республиканын алыскы региондорунда эмгек акы долбоорлорун өздөштүрүүгө өбөлгө түзүү. 

Мындан тышкары Улуттук банк, коммерциялык банктар Пакеттик клиринг системасынын катышуучулары, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана байланыш кызматтарын сунуштоочу уюмдар, «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте ченемдик укуктук актылардын чекене төлөмдөрдү ачып көрсөтүү жагындагы талаптарына ылайык, төлөмдөрдү өткөрүү боюнча иштерди улантат. Бул өз кезегинде, Пакеттик клиринг системасынын транспаренттүүлүк принцибинде иштөөсүн, мындай төлөмдөрдү өткөрүүнүн ар бир баскычында жыйынтыктап эсептешүүнү, ошондой эле төлөөчүлөрдүн акча каражаттарынын өткөрүлүшүнүн укуктук негиздерин камсыз кылууга өбөлгө түзөт.  

 

Учурда, финансылык тобокелдиктерди басаңдатуу жана катышуучулардын жыйынтык таза позицияларынын төлөнүшүн гарантиялоо максатында, корреспонденттик эсептерде Айкын убакыт ыргагында эсептешүлөрдүн гросстук системасында резервди (камды) топтоо механизми колдонулууда. Мындай механизм кыйла натыйжалуу болуп саналат жана системалуу тобокелдиктин келип чыгышына жол бербейт. Ошондой болсо да, катышуучунун корреспонденттик эсептеги бүтүндөй ликвиддүүлүгү дебеттик таза позициянын бүтүндөй көлөмүнүн ордун жабуу боюнча резервди түзүү үчүн жетишсиз болуп калышы ыктымал. Бул учурда, ошол катышуучунун Пакеттик клиринг системасындагы төлөмдөрүнүн бир бөлүгү четке кагылат. Ушуга байланыштуу, мындай жагдайлардын келип чыгышына жол бербөө жана клиринг системасына келип түшкөн бардык төлөмдөрдүн өткөрүлүшүн гарантиялоону камсыз кылуу максатында Улуттук банк, Камсыздандыруу фондусун түзүү боюнча иштерди улантат. Фонд, бир же бир нече катышуучунун ликвиддүүлүгү жетишсиз болуп калган учурда, жыйынтыктап эсептешүүлөрдү камсыз кылуу үчүн оперативдүү негизде пайдаланылат.  

 

Төлөм системасынын (Пакеттик клиринг системасынын жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын) кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди белгилөөдө Улуттук банк катышуучулар коммерциялык банктар үчүн аларды алгылыктуу деңгээлде колдоого алып турат. Мында, түпкү керектөөчүлөр юридикалык жактар жана жеке адамдар үчүн бул төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер жогору бойдон калаары белгиленүүдө, ушунун өзү банктык төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн кеңири жайылтылбай жатышынын себептеринин бири болуп да саналат. Ушуга байланыштуу Улуттук банк, төлөм системасынын катышуучулары коммерциялык банктар менен биргелешип, чекене банктык төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө карата талапты жогорулатуу, алардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө өбөлгө түзүү, ошондой эле ушул документте жана Кыргыз Республикасынын аймагында нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программада камтылган максаттарга ылайык, нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү үчүн натыйжалуу бир катар банктык төлөм кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн кеңейтүү жагында биргелешкен ишин улантат.  

 

2. Соода аянттарынын эсептешүүлөр системасына интеграцияланышы Улуттук банк финансы рынокторунун ишин жакшыртуу максатында, соода аянттарын уюштуруу, финансылык тобокелдиктерди басаңдатуу жана финансы рынокторунун катышуучуларына «төлөмгө каршы берүүлөр» принциби боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн сунуштоо жагында иш-чараларды жүзөгө ашырат.  

Улуттук банк финансы рынокторундагы бүтүмдөр боюнча жыйынтыктап эсептешүүлөрдү өз учурунда ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн автоматташтырылган тоорук системаларынын операторлорунун жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасына интеграцияланышына өбөлгө түзүүгө ниеттенүүдө.  

 

3. Төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктү (оверсайтты) күчөтүү Улуттук банк системалуу тобокелдиктин келип чыгуу ыктымалдыгын, системанын ишинде адаттагыдан башкача жагдайдын келип чыгышынан эсептешүүлөрдүн өз учурунда жүргүзүлбөй калуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аны четтетүү максатында, ошондой эле инновациялык технологияларды пайдаланышкан жаңы операторлордун жана системалардын рынокто пайда болушунан улам, төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктү (оверсайтты) күчөтүү боюнча иштерди улантат. Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине көзөмөлдүк боюнча саясатка (Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 23-мартындагы №7/8 токтому) ылайык Улуттук банк, экономика үчүн маанилүү болгон төлөм системаларынын ишинин эл аралык стандарттарга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкеш келүүсү максатында, ага мониторинг жүргүзүү, иликтөөлөрдү ишке ашыруу жана баа берүү, ошондой эле төлөм системасынын техникалык инфраструктурасынын ишине контролдукту жүргүзүү аркылуу, төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашырат.  

2010-жылы өлкө ичинде болуп өткөн окуялардан улам Улуттук банк, чекене төлөмдөр системасынын маалыматтык коопсуздугун күчөтүү жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр системасына, банктардын корреспонденттик мамилелерине контролдуктун таасирин арттыруу боюнча чараларды көрүүгө ниеттенүүдө. 

Бүтүндөй алганда, төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктүн (оверсайттын) алкагында төмөнкү багыттар боюнча иштер улантылат: 

- төлөмдөр жана эсептешүүлөр рыногунун улам өзгөрүп жаткан шарттарына аларды ылайык келтирүү максатында, ошондой эле төлөм инструменттерин өнүктүрүү жагында инновациялык технологиялардын колдонулуп жатышынан улам, тобокелдик деңгээлин аныктоо, төлөм системалырынын иш натыйжалуулугуна баа берүү жана ага көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча ченемдик базаларды оптималдаштыруу процессин тартипке келтирүү; 

- төлөм системасынын ишине анализдөөлөрдү жүргүзүүнүн жана ага баа берүүнүн жыйынтыгы боюнча анын операторлорун сыяктуу эле катышуучуларына карата да мыйзам нормаларына ылайык, таасир этүү чараларын иштеп чыгуу жана колдонуу; 

- төлөм системасынын ишинде орун алган проблемаларды четтетүү жана анын керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүүлүгү жана коопсуздугу көз карашынан натыйжалуулугун арттыруу максатында, системанын операторлору жана катышуучулары менен кызматташууга өбөлгө түзүү; 

- өзүнчө төлөм системасына сыяктуу эле, бир системада келип чыккан тобокелдиктин бүтүндөй улуттук төлөм жана финансы системаларына кесепетин тийгизиши мүмкүн болгон финансылык тобокелдиктердин келип чыгуу ыктымалдыгын басаңдатууга багытталган чараларды көрүү

- төлөм кызмат көрсөтүүлөрү рыногунда атаандаштыктын талаптагыдай деңгээлин колдоого алуу жана төлөм кызмат көрсөтүү рыногунда керектөөчүлөрдүн таламын коргоо максатында, ачык айкындуулук принцибин сактоо менен төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруунун жана анын натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү маалыматтарды жарыялап туруу.  

Бул иш-чаралар экономиканын ар кайсы секторлорун эсептешүүлөргө болгон керектөөлөрүн камсыз кылган өзүнчө төлөм системаларын өркүндөтүү боюнча чечимдерди кабыл алууга өбөлгө түзөт. 

Улуттук банктын өлкөнүн төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруусу, төлөм системасынын ишенимдүүлүгүн жана анын иш натыйжалуулугун камсыз кылуу жагындагы мамлекеттик саясаттын талаптарын аткарууга багытталат. 

 

4. Төлөм кызмат көрсөтүү рыногун укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү төлөм жана банк системаларынын модернизацияланып, заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүп жатышы жана колдонулушу шартында, төлөм кызмат көрсөтүү рыногунда жаңы катышуучулардын пайда болушу бирдиктүү улуттук төлөм системасын өнүктүрүүнүн өзгөчө мааниге ээ болуп жатышын тастыктайт. Ал эми аны өз учурундагы комплекстүү, балансташкан негиздеги укуктук жөнгө салуусуз элестетүү мүмкүн эмес. Улуттук банк 2012-2014-жылдар ичинде «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлорунун кабыл алынышы боюнча иштерди улантат. Мыйзамдардын кабыл алынышы төлөм системасынын бардык компоненттеринин ишин балансташкан негизде укуктук жактан жөнгө салууну камсыз кылат. Мындан тышкары, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө инновациялык технологияларды колдонуу жана жаңы чечимдерге таянуу менен операторлордун ишин жөнгө салган ченемдик актылардын кабыл алынышы зарыл. Рынокто төлөм терминалдарын (cash-in), Интернет түйүнүндө колдонулган электрондук акчанын ар кандай формалары аркылуу калктан төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызматтарды сунуштаган банктык эмес уюмдардын рынокто пайда болуп жатышын эске алуу менен Улуттук банк тарабынан алардын ишин жөнгө салуу жана контролдоо маселелери боюнча лицензиялоо/каттоодон өткөрүү/сертификаттарды берүү ж.б. чараларды колдонуу жол-жоболору иштелип чыгат. Улуттук банк, ченемдик базаларды рыноктун өзгөрүүгө дуушар болуп жаткан шарттарына ылайык оптималдаштырууга, ылайыкташтырууга жана талаптагыдай колдоого алууга ниеттенүүдө. Почта байланышы бөлүмдөрү аркылуу калктан төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызматтарды сунуштоо почта байланышы жагындагы ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.  

 

 

3.2.Төлөм системасын өнүктүрүүдөн күтүлүп жаткан натыйжалар 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн кароого сунушталып жаткан негизги багыттарында каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу төмөнкүлөрдү камсыз кылууга өбөлгө түзөт: 

Мамлекетке жана экономикага: 

1. Натыйжалуу акча жүгүртүлүшүн уюштурууга жана нак акчанын өсүш арымын кыскартууга, акчанын көмүскө жүгүртүлүшүн азайтууга. Миграциялык процесстердин жана акча которуу агымынын эсебин жүргүзүп, контролдоого.  

2. Мамлекеттин фискалдык саясатты жүргүзүүсүндөгү ачык-айкындуулукту арттырууга

3. Жүгүртүүдөгү нак акчанын шайкеш массасы (эмиссиясын) колдоого алууга байланыштуу чыгашаларды кыскартууга. 

4. Бюджет чөйрөсүндө финансылык тескөөгө алуунун инновациялык ыкмаларын колдонууга.  

Коммерциялык банктарга:  

1. Кардарларды тартууга, депозиттик базаны көбөйтүүгө жана экономиканын реалдуу секторуна инвестициялоо үчүн акча каражаттарын топтоого

2. Филиалдык түйүндөрдү жана региондордо чекене агенттер тармагын өнүктүрүүгө. 

3. Кардарларды аралыктан туруп тейлөө чөйрөсүн кеңейтүүгө. 

4. Эмиссия-кассалык ишке (акчаны инкассациялоого, иргөөгө жана сактоого) байланыштуу чыгымдарды кыскартууга. 

5. Коммерциялык банктар менен агенттик келишимдин негизинде калкка төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо үчүн микрофинансылык компанияларды (мындан ары МФК) ишке тартууга. 

 

Калкка: 

1. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн эң эле жөнөкөй, ишенимдүү жана коопсуз негизде пайдаланууга мүмкүнчүлүк алууга. 

2. Кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууда банкты эркин тандоого. 

3. Банктардан жана системалардан, ошондой эле аймактык жайгашуудан көз карандысыз, төлөмдөрдүн жана акча которуулардын мурдатан колдонулуп келинген жана инновациялык инструменттеринин кеңири ыкмаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө. 

4. Утурумдук төлөмдөрдү төлөө убактысын кыскартууга.  

Прогноздук көрсөткүчтөр 

Нак эмес эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттырууга багытталган иш-чаралардын топтомун аткаруунун жыйынтыгы боюнча, төлөм системасында төмөнкү көрсөткүчтөрдүн аткарылышына жетишүү пландаштырылууда:  

 

№ 

 

2011-ж. 

2012-жылга болжолдоолор 

2013-жылга болжолдоолор 

2014-жылга болжолдоолор 

Чекене системалар боюнча:  

Пакеттик клиринг системасы  

Төлөмдөрдүн саны 

1 459 060 

1 650 000  

1 750 000  

1 850 000  

Төлөмдөрдүн көлөмү (млн. сом) 

65 484,2 

78 756,3 

72 194,1 

75 803,8 

Карттарды пайдалнуу менен эсептешүүлөр системасы  

Жыл акырына карата эмитирленген төлөм карттарынын саны (даана

271 107 

280 000  

350 000  

400 000  

1 миң адамга эсептегенде эмитирленген төлөм карттарынын саны (даана

49,5 

50,4 

62,0 

69,9 

Төлөм карттарын колдонуу менен ишке ашырылган операциялардын саны (миң даана

4 874,3 

5 361,7  

5 897,9  

6 435,6  

1 миң адамга эсептегенде операциялардын орточо саны (даана

890,0 

978,3 

1072,0 

1 165,7 

Төлөм карттары боюнча ишке ашырылган операциялардын көлөмү (млн. сом.) 

24 442,9 

26 887,2 

29 575,9 

32 533,5 

Калктын киши башына эсептегенде карттар менен ишке ашырылган операциялардын орточо көлөмү (сом.) 

4462,3 

4905,9 

5 375,9 

5 893,2 

1 банкоматта тейленген адамдардын саны (миң адам) 

11,9 

10,7 

9,6 

8,6 

1 терминалда тейленген адамдардын саны (миң адам) 

2,7 

2,4 

2,2 

1,9 

Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган калк (миң адам

5 477,6 

5 480,6 

5 501,5 

5 520,5 

Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы боюнча

1. 

Төлөмдөрдүн саны 

136 741 

143 578 

150 757 

158 295 

2. 

Төлөмдөрдүн көлөмү (млн. сом) 

519 627,9 

545 609,3 

572 889,8 

601 534,2