Кайта келүү

 

 

Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын 

ишин лицензиялоо жөнүндө  

ЖОБО 

 

1-глава.  

Жалпы жоболор 

 

1. «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жободо (мындан ары Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан төмөнкү иш багыттарын лицензиялоо тартиби белгиленген:  

а) өз иш натыйжасынан болуп саналбаган, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу кабыл алууга жана өткөрүүгө, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо;  

б) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо. 

2. Бул Жобонун талаптары коммерциялык банк менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде калкка чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган агенттердин ишине, өз ишин Улуттук банктан алынган лицензиянын негизинде жүзөгө ашырган банк эмес финаны-кредит уюмдарынын ишине таркатылбайт. 

3. Ушул Жобонун талаптары бузууга жол берилген шартта Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм системасынын операторуна жана/же төлөм уюмуна карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

4. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарында каралган аныктамаларга ылайык келген терминдер колдонулган. 

Мындан тышкары, Жобонун чегинде төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:  

Агент төлөм уюму менен жеке адамдардан жана юридикалык жактардан төлөмдөрдү сунуштоочулардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу ишин жүзөгө ашыруу жөнүндө агенттик келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер.  

Агенттик келишим төлөм уюму менен агент ортосунда ушул Жободо көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча түзүлгөн агенттик келишим. Мында, агенттин сунуштоочу алдында иш-аракеттери үчүн төлөм уюму жооп берет.  

Кызмат адамдары аткаруучу органдын төлөм уюмунун күндөлүк ишин жүзөгө ашырган мүчөлөрү, Башкарманын мүчөлөрү, башкы директор/техникалык директор/директор (төлөм системасынын техникалык ишине жооп берген жетекчи), башкы директордун/техникалык директордун/директордун орун басары, башкы бухгалтер/бухгалтер.  

Өтүнүч ээси төлөм системасынын операторунун жана/же төлөм уюмунун ишин жүзөгө ашыруу үчүн лицензия алуу өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылган юридикалык жак.  

Кардар үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү ишке ашырууда төлөм уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланган жак.  

Клиринг төлөмдөрдү топтоо, иштеп чыгуу, тастыктоо жана системанын катышуучуларынын өз ара милдеттенмелерин эсептөө процесси.  

Клиринг борбору клиринг жүзөгө ашырылуучу уюм.  

Лицензиат Улуттук банктан тиешелүү ишти жүзөгө ашыруу укугун алган төлөм системасынын оператору жана/же төлөм уюму.  

Товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу (мындан ары сунуштоочу) сатылган товарлар (аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн кардардан акча каражаттарын алган юридикалык жак же жеке ишкер.  

Юридикалык жак менен байланыштуу жактар:  

1) ошол юридикалык жактын кызмат адамдары же алардын жакын туугандары;  

2) юридикалык жактын капиталында тике же кыйыр түрдө олуттуу катышкан же/жана контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар же жеке адамдар;  

3) ошол юридикалык жак жана анын кызмат адамдары олуттуу катышуучудан болгон же/жана контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар;  

4) ушул терминдин 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн башка юридикалык жактардын аткаруу органынын мүчөлөрү жана алардын жакын туугандары;  

5) жеке адамдар ушул терминдин 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жеке адамдардын жакын туугандары;  

6) аларда ушул терминдин 2-пунктчасында көрсөтүлгөн жактар олуттуу катышуучудан болгон жана/же контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар. 

5. Улуттук банк тарабынан берилүүчү лицензия мөөнөтсүз, ажыратып алынгыс болуп саналат жана аны үчүнчү жакка берүүгө болбойт. 

6. Төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму өз ишин, анын ичинде Улуттук банк тарабынан берилген лицензияда көрсөтүлгөн операцияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат. 

7. Улуттук банк өтүнүч ээсинен/лицензиаттан анын ишине жана алардын уюштуруучуларынын ишине тиешелүү маалыматтарды, кызмат адамдары, аффилирленген жана байланыштуу жактары, агенттери, ошондой эле аффилирленген жана байланыштуу жактардын пайдасына ишке ашырылган операциялар тууралуу маалыматтарды талап кылууга укуктуу. Өтүнүч ээси/лицензиат талап кылынган маалыматты Улуттук банк аныктаган мөөнөттө берүүгө милдеттүү

8. Процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунуштоо жагында ишин башташкан/токтотушкан лицензиаттар, бул ишти анык баштоого же токтотууга чейинки кеминде бир ай мурда, уюмдун аталышын, системанын аталышын көрсөтүп, банк-эмитент менен түзүлгөн тиешелүү келишимдердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен бул тууралуу Улуттук банкка билдиришет. Ишти баштоо тууралуу билдирүүдө алдын ала пландаштырылган иш, электрондук акчаларды пайдалануу менен пландаштырылып жаткан операциялардын масштабы жана мүнөзү тууралуу маалыматтар да көрсөтүлөт. Процессингди жана электрондук акчаны жайылтуу ишин токтотууга ниеттенген лицензиаттар алар ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык банк-эмитентке жана өз кардарларына маалымдоого тийиш. 

9. Лицензиаттар өз агенттери жөнүндө төмөнкү актуалдуу маалыматтарга ээ болууга тийиш: 

а) эгерде агент юридикалык жак болсо анын аталышы, юридикалык дареги (жайгашкан жери), байланышуу маалыматтары (телефон, факс, электрондук почта); 

б) эгерде агент жеке ишкер болсо жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген патентине тиешелүү маалыматтар. 

10. Лицензиаттар бардык өзгөрүүлөр, анын ичинде уставдык капитал өлчөмүнүн, аткаруу органынын, уюштуруучулар курамынын, айкын жайгашкан жеринин жана юридикалык дарегинин өзгөргөндүгү, ошондой эле обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрү жана туунду юридикалык жактары тууралуу маалыматты (ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен) 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү

 

2-глава.  

Өтүнүч ээлерин/лицензиаттарды уюштуруучуларга карата талаптар 

 

11. Жеке адамдар жана/же юридикалык жактар төлөм системасынын операторунун жана/ же төлөм уюмунун уюштуруучусу боло алышат. 

12. Төмөнкү жактар төлөм системасынын операторунун жана/же төлөм уюмунун уюуштуруучусу боло алышпайт:  

1) тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда жашаган жана/же каттоодон өткөн же болбосо оффшордук аймактарда каттоодон өткөн аффилирленген жактар алардын катышуучусунан болгон жеке адамдар жана юридикалык жактар; 

2) өз иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды жана бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берген кандай болбосун башка маалыматтарды жана документтерди сунуштабаган, же болбосо бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды сунуштаган, ошондой эле өзүнүн кынтыксыз ишкердик аброюн тастыктай албаган жеке адамдар жана юридикалык жактар. 

 

3-глава.  

Өтүнүч ээлеринин/лицензиаттардын кызмат адамдарына карата талаптар 

 

13. Лицензиаттын ишин талаптагыдай уюштуруу максатында, анын штатында төраганын (жетекчинин), техникалык директордун, башкы бухгалтердин кызмат орду каралууга жана алар башкаруунун аткаруу органынын курамына кирүүгө тийиш. Төраганын жана техникалык директордун кызматтарын айкалыштырууга жол берилет. 

14. Аткаруу органынын төрагасы төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку билимдүү

- акыркы 5 (беш) жыл ичинде экономикалык жана/же юридикалык жана/же техникалык чөйрөдө иш алып барган компаниянын жетекчиси кызматында кеминде 1 (бир) жылдык иш тажрыйбасына ээ; 

- терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча курстан өткөндүгү жөнүндө күбөлүгү болууга жана ал күбөлүктүн көчүрмөсү берилүүгө тийиш; 

- сот жообуна тартылбаган. 

15. Техникалык директор төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку техникалык билимдүү

- маалымат технологиялары жана ушул сыяктуу чөйрөдө кеминде 3 (үч) жылдык, анын ичинде жетекчи кызмат ордунда кеминде 1 (бир) жылдык иш тажрыйбасына ээ; 

- сот жообуна тартылбаган. 

16. Башкы бухгалтер төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку же болбосо орто-кесиптик билимдүү

-  бухгалтер кызматында кеминде 1 (бир) жылдык иш тажрыйбасына ээ; 

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксатына/лицензиясына ээ билим берүү мекемелеринен алган бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча билимин тастыктаган сертификаты болууга жана ал сертификаттын көчүрмөсү берилүүгө тийиш; 

- сот жообуна тартылбаган. 

17.  Ушул жобонун 13-пунктунда белгиленген кызмат орундары боюнча кызмат адамдары жок учурда алардын милдетин аткаруу, лицензиаттын штаттык кызматкеринен болгон жана тиешелүү милдетти аткаруу үчүн кесиптик көндүмдөргө жана билимге ээ адамга жүктөөгө жол берилет.  

 

4-глава.  

Документтерди кароо тартиби 

 

18. Лицензия алуу үчүн документтер Улуттук банкка, анын областтык башкармалыктарына жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө (өтүнүч ээси катталган жер боюнча) берилиши мүмкүн. 

19. Улуттук банкка ушул Жобого ылайык сунушталуучу жана бирден көп барактан турган бардык документтердин ар бир барагына номер жана жетекчинин кол тамгасы коюлуп, өтүнүч кат ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада берилиши мүмкүн. 

20. Улуттук банк тарабынан документтерди кароо мөөнөтү 30 (отуз) календардык күндү түзөт. 

21. Лицензия алууга тапшырылган документтер топтомун кароодо Улуттук банк документтер тапшырылган күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде өтүнүч ээсин алдын ала текшерүүгө укуктуу.  

22. Алдын ала текшерүүдө, автоматташтырылган системалардын иш жөндөмдүүлүгүн жана сунушталган документтердин ушул жобонун 26-пунктунун талаптарына ылайык келүүсү текшерилет. 

23. Эгерде документтер ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп бербесе жана/же болбосо документтер топтому толук сунушталбаса жана/же болбосо өтүнүч катты жана документтерди кароо мезгили ичинде кошумча документтер сунушталса, анда өтүнүч катты жана документтерди кароо мөөнөтү ушул Жобонун талаптарын канааттандырган кошумча документтер алынган күндөн тартып кайрадан эсептеле баштайт. 

24. Ушул Жобонун 23-пунктунда көрсөтүлгөн кошумча документтер Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдалгандан кийинки 15 (он беш) жумуш күнү ичинде сунушталууга тийиш. Эгерде документтер Жобонун талаптарына жооп бербесе же эки же андан көп жолу толук эмес көлөмдө же болбосо көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч сунушталса, Улуттук банк аларды кароодон баш тартат. Лицензия алуу үчүн документтер топтомун кайрадан тапшырууга Улуттук банк документтерди кароодон баш тарткан күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин гана жол берилиши мүмкүн.  

25. Лицензияны алууга берилген өтүнүч кат жана документтер кайтарылып алынган шартта, же болбосо лицензияны берүүдөн баш тарткан учурда же ушул жобонун чегинде мурда берилген лицензия кайтарылып алынган учурда Улуттук банкка сунушталган документтер жана анын көчүрмөлөрү өтүнүч ээлерине кайтарылып берилбейт. 

 

5-глава.  

Лицензиялоо тартиби 

 

§ 1. Лицензия алуу үчүн зарыл документтер 

 

26. Ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн өтүнүч ээси Улуттук банкка төмөнкү документтерди мамлекеттик же расмий тилдерде бир нускада сунуштайт: 

1) ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген форма боюнча түзүлгөн, өтүнүч ээсинин жетекчисинин кол тамгасы коюлган лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат; 

2) уюштуруучу документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү: ошол юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн устав, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, юридикалык жакты түзүү тууралуу, уставдык капиталдын өлчөмү жөнүндө, аткаруу органын тандоо жөнүндө чечим; 

3) уюштуруучулар юридикалык жактардын төмөнкү документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү: ошол юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтери, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө жана акыркы отчеттук күнгө карата түзүлгөн, салык органына тапшырылган финансылык отчет; 

4) документтерди тапшыруу учурунда салык органдарынан салыктык карызынын жок экендигин тастыктаган маалымкат; 

5) кеминде төмөнкүлөр камтылган бизнес-план: 

- операцияларды ишке ашырууда алдыга коюлган максаттарды аныктоо; 

- мындай операцияларды ишке ашыруудан күтүлгөн экономикалык натыйжалардын болжолдуу эсептери; 

6) чарбалык иш каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөлөрү

7) төлөм уюмдары үчүн сунуштоочулардын пайдасына кызмат көрсөтүүлөр үчүн калктан жана өз агенттеринен түшкөн акча каражаттарын сактоо жана пайдалануу максатында коммерциялык банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү

8) сунуштоочуга акча каражаттардын өткөрүлүп берилишин же алардын сатып алуучуга кайтарылып берилишин гарантиялаган, коммерциялык банк менен түзүлгөн төмөнкү келишимдердин биринин көчүрмөсү

- келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер жана жоготуулар үчүн каралган камды сактоо боюнча мөөнөттүү банктык аманат (депозит) эсебин ачуу жөнүндө келишим; 

- алдын ала төлөө формасында сунуштоочуну тейлөө каралган келишим; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктердин жана жоготуулардын ордун жабууну камсыз кылган банктык гарантия же башка келишимдер. 

9) коммерциялык банктагы эсепке уставдык капиталдын 100 пайызы салынгандыгын тастыктаган документ: 

- төлөм системасынын оператору үчүн кеминде 1 000 000 (бир миллион) сом; 

- төлөм уюму үчүн кеминде 2 000 000 (эки миллион) сом; 

Өтүнүч ээси эки лицензия алууга документтерди тапшырган учурда, уставдык капитал кеминде 3 000 000 (үч миллион) сомду түзүүгө тийиш.  

Өз иш натыйжасынан болуп саналбаган товарлар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактар-резидент эместердин пайдасына кабыл алуу жана жүргүзүү кызматтарын сунуштоо ишин жүзөгө ашырууда төлөм уюмунун уставдык капиталы кеминде 5 000 000 (беш миллион) сом өлчөмүндө болууга тийиш.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Бирдиктүү казына эсебине чегерилүүгө тийиш болгон төлөөчүлөрдүн салыктарын төлөө, топтоо жана алардын төлөмдөрү боюнча акча каражаттарын кабыл алууда төлөм уюму төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- кеминде 10 000 000 (он миллион) сом өлчөмүндө уставдык капиталга ээ болууга; 

- бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен тиешелүү келишимдик мамилелерде ушул талапты белгилөө жана тобокелдиктерди контролдоо жана жөнгө салуу боюнча зарыл механизмдерди жүзөгө ашыруу менен Кыргыз Республикасынын бюджет системасына кабыл алынган төлөмдөрдүн бүтүндөй суммасына 100% алдын ала төлөмдү сунуштоо зарыл.  

Уставдык капиталды топтоо максатында салынган акча каражаттарын, лицензия берүү/берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин пайдаланууга тыюу салынат. Уставдык капитал өтүнүч ээсинин/лицензиаттын милдеттенмелерин камсыздоо катары кызмат кылат жана ал уюштуруучулардын/катышуучулардын/акционерлердин акча каражаттарынын эсебинен улуттук валютада гана топтолууга тийиш. Уставдык капиталды негизги каражаттардын, материалдык эмес активдердин жана карызга алынган каражаттардын эсебинен топтоого тыюу салынат. 

10) тастыктоочу тиешелүү документтерди кошо тиркөө менен уюштуруучулардын уставдык капиталды түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого өбөлгө түзгөн маалыматтар; 

11) төлөм системасында жүзөгө ашырылуучу операциялардын финансылык мониторингин жүргүзүү тартибин жөнгө салуучу ички документтердин кеминде төмөнкүлөр камтылган көчүрмөсү

- финансылык мониторинг жүргүзүү максаты жана милдеттери; 

- финансылык мониторинг жүргүзүү принциптери; 

- мониторинг жүргүзүү системасын түзүүчү элементтер комплекси. 

12) төлөм уюму үчүн акча каражаттарын инкассациялоо жана сактоо тартибин жөнгө салган ички документтердин көчүрмөлөрү

13) төлөм системасынын оператору үчүн жетекчи тарабынан кол коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн төлөм системасынын иштөө эрежелери, алар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- системанын архитектурасын жана анын иштөө схемасын; 

- системага кирүү жана чыгуу жол-жоболору; 

- катышуучуну системага кошуу тартиби; 

- процессинг жүргүзүү тартиби; 

- төлөм системасынын катышуучуларынын өз иши тууралуу маалыматтарды төлөм системасынын операторуна берүү тартиби; 

- тобокелдиктерди тескөөдө колдонулуучу моделди, тобокелдиктерди тескөө иш-чараларынын тизмесин жана ыкмаларын кошо алганда, төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө системасы; 

- маалыматтарды коргоого карата талаптар; 

- талаш маселелерди чечүү тартиби; 

- системада штаттан тышкаркы жагдай келип чыккан шартта, катышуучулардын аракеттенүү тартиби; 

- катышуучулардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 

- системада кардарларды террористтик жана экстремисттик ишке же массалык жок кылуу куралдарын жайылтууга катышкан адамдардын эл аралык жана улуттук тизмеги боюнча текшерүү жагында жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалыматтарын тескөө боюнча механизмдердин бар экендиги жөнүндө баяндама; 

Төлөм системасынын эрежеси бирдиктүү документ түрүндө түзүлүүсү зарыл. Төлөм уюмдары үчүн кошумча финансылык агымдардын жана ар бир пункт боюнча түшүндүрмөлөрү менен акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча толук схемалар берилүүгө тийиш. 

14) ушул Жобого карата 2-тиркемеге ылайык, башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү жана уюштуруучулар тарабынан толтурулган жана кол тамгалары коюлган анкета, төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен: 

- инсандыгын тастыктаган документтердин; 

- башкаруунун аткаруу органынын мүчө-жактарынын тиешелүү кызматтарга дайындалгандыгын тастыктаган документтердин; 

- ушул Жобонун 3-главасында көрсөтүлгөн талаптарга шайкештигин тастыктаган документтердин; 

15) компаниянын аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалыматтар (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, тастыктоочу документтер, уюштуруу документтери ж.б.);  

16) аппараттык-программалык комплексин (мындан ары АПК) орнотуу жана колдонууга киргизүү актысы;  

17) жайды ижарага алуу келишиминин көчүрмөсү же өтүнүч ээсинин/лицензиаттын ээлеген жайга менчик укугун тастыктаган документ;  

18) эгерде төлөм системасынын оператору ижарага алынган жайды АПК жайгаштыруу үчүн колдонсо, техникалык жактан чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп берүүгө тийиш болгон, жайдын техникалык чыңдалышы тууралуу түшүндүрмө берилген ижара келишимин сунуштоо зарыл. Ижара келишимин колдонуу мөөнөтү кеминде бир жылды түзүүгө тийиш; 

19) электрондук акчанын эсебин жүргүзүү боюнча эсептешүү эсебин ачуу тууралуу коммерциялык банк менен алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунушташкан өтүнүч ээлери үчүн); 

20) электрондук акча эмитенти менен аларды чыгарууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунушташкан өтүнүч ээси үчүн); 

21) өтүнүч ээсинин атынан анын өкүлү ишеним каттын негизинде иш алып барган учурда, лицензияны алууга анын өкүлүнө берилген, жетекчисинин же болбосо уюштуруучу документтерге ылайык ыйгарым укуктуу башка адамдын кол тамгасы жана ошол уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн ишеним кат. 

22) операциялык жактан дал келүүнү жана системалар аралык өз ара иш алып барууну камсыз кылуу үчүн Улуттук банк тарабынан аныкталган бирдиктүү эсептешүү борбору менен интеграциялоо мүмкүнчүлүгүн/болушун жана АРI тарабынан ачылган лицензияланган уюмдун программалык камсыздалышынын колдоого алынышын тастыктоочу документтин көчүрмөсү

23) техникалык платформалардын интеграциясынын жана чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча өз ара эсенптешүүлөрдү жүзөгө ашыруу жагында коммерциялык банк менен алдын ала түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (өз ишинин жыйынтыгынан болуп саналбаган, үчүнчү жактардын резидент эместердин пайдасына товарлар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызматтарды сунуштаган өтүнүч ээси үчүн); 

24) арызды кароо жана лицензия үчүн лицензиялык жыйымды төлөгөндүгүн ырастаган документ. 

 

§ 2. Лицензия берүү 

 

27. Лицензия ушул жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн иштин ар бир түрүнө өз-өзүнчө берилет (лицензиянын формалары ушул жобого карата 3 жана 4-тиркемелерде келтирилген). 

28. Лицензия берүү чечими Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан кабыл алынат. Лицензияга төраганын орун басары/Башкарманын мүчөсү Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин төрагасы тарабынан кол коюлат. 

29. Лицензия эки нускада таризделет. Биринчи нускасы өтүнүч кат ээсине тапшырылат, ал эми экинчи нускасы Улуттук банкта сакталат. Лицензияны берүүдө аны алууга ишеним көрсөтүлгөн адам лицензия берүү журналында лицензияны алгандыгын тастыктаган кол тамгасын коёт. 

30. Лицензияланып жаткан уюмдун лицензия берүү үчүн ыйгарым укуктуу адамынын инсандыгын тастыктаган документтер көрсөтүлгөндөн кийин гана ага лицензия берилет. 

31. Лицензия берүү, кайра тариздөө, дубликатын берүү, токтотуу, кайтарып алуу жөнүндө маалыматтар Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүндө жүргүзүлгөн реестрге киргизилет. 

 

§ 3. Лицензия берүүдөн баш тартуу 

 

32. Лицензия берүүдөн баш тартууга негиз катары төмөнкүлөр саналат: 

1) лицензия алуу үчүн берилген документтер ушул жобонун же Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбесе; 

2) берилген документтер ушул жобонун талаптарына ылайык иш түрлөрүнө туура келбесе; 

3) Улуттук банкка лицензия алуу үчүн такталбаган жана/же толук эмес маалыматтар берилсе; 

4) өтүнүч кат ээсине иштин ушул түрү менен иш алып барууга тыюу салынган соттун чечими болсо; 

5) өтүнүч ээсинин иши ушул жобонун талаптарына ылайык келбей тургандыгын тастыктаган алдын ала текшерүү жыйынтыктары. 

6) лицензияны кароо жана берүү үчүн лицензиялык жыйымдын төлөнбөшү

33. Лицензия берүүдөн баш тартуу чечими Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан кабыл алынат. 

 

6-глава.  

Лицензияны кайра тариздөө 

 

34. Төмөнкүлөр лицензияны кайра тариздөө үчүн негиз болуп саналат: 

- юридикалык жактын кайра өзгөртүп түзүлүшү

- юридикалык жактын аталышынын өзгөрүшү

- юридикалык жактын жайгашкан жерин өзгөртүү (бир областтан башкага же болбосо областтан Бишкек (Ош) жана тескеринче), ошондой эле төлөм системасынын оператору жана/же төлөм уюму жайгашкан калктуу пункттун аталышынын өзгөрүшү

35. Калк отурукташкан пункттун ичинде жайгашкан төлөм уюмунун ордунун өзгөрүшү анын лицензиясын кайра тариздөөнү талап кылбайт. 

36. Лицензияны кайра тариздөө үчүн негиздер келип чыккан шартта, лицензиат Улуттук банкка өтүнүч кат менен кайрылууга милдеттүү

37. Тиешелүү өзгөрүүлөрдү тастыктаган документтерди кошо тиркөө менен кайра тариздөөгө негиздерди жана жаңы маалыматтарды көрсөтүү менен лицензияны кайра тариздөө жөнүндө өтүнүч кат лицензиат тарабынан кайра тариздөө негиздери келип чыккан күндөн кийинки 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен лицензиарга берилет. 

38. Лицензияны кайра тариздөө лицензиар тиешелүү өтүнүч кат алгандан кийинки 10 (он) жумуш күн ичинде жүзөгө ашырылат. Лицензиар лицензияны кайра тариздөөдө тиешелүү өзгөрүүлөрдү реестрге киргизет. 

39. Лицензияны кайра тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген, лицензия берүүдө каралган өлчөмгө дал келүүчү өлчөмдө акы алынат. 

 

7-глава.  

Лицензиянын дубликатын берүү 

 

40. Лицензиянын түп нускасы жоголгон же бузулган шартта, лицензиат документтин бузулгандыгын же жоголгондугун тастыктаган документтерди кошо тиркөө менен жоголгондугу же бузулгандыгы аныкталган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен дубликат берүү жөнүндө өтүнүч кат менен Улуттук банкка кайрылат. Лицензия бузулган шартта, өтүнүч катка лицензиянын бузулган бланкы да кошо тиркелет. 

41. Лицензиянын жоголгон же бузулган бланктары лицензиат өтүнүч кат берген күндөн тартып анык эмес деп таанылат. 

42. Лицензиар өтүнүч катты сунуштагандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде жогорку оң бурчуна «Дубликат» деп жазылган лицензиянын дубликатын берет же лицензиянын дубликатын берүүдөн баш тартуу чечиминин себебине негиздеме берүү менен жөнөтөт. 

43. Лицензиянын дубликатын берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген, лицензия берүүдө каралган өлчөмгө туура келүүчү өлчөмдө акы алынат. 

 

8-глава. 

Лицензиянын аракетин токтотуу 

 

44. Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын аракети төмөнкү учурларда токтотулат:  

- юридикалык жак жоюлган шартта;  

- лицензиаттын лицензиясы кайтарылып алынган учурда;  

- лицензияланган иш түрлөрүн жүргүзүү өз каалоосу боюнча токтотулса;  

- соттун лицензияны жокко чыгаруу чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;  

- айрым иш түрлөрүн лизенциялануучу иш түрлөрүнүн тизмесинен алып салуу. 

45. Жоюу/өз каалоосу боюнча ишти токтотуу чечими кабыл алынган учурда, лицензиат чечим кабыл алынган учурдан тартып 15 жумуш күнү ичинде анда себептерин көрсөтүп, башкармалыктын ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечимин кошо тиркөө менен Улуттук банкка ишти токтотуу жөнүндө өтүнүч катты жана лицензияны сунуштоого тийиш. 

46. Лицензиат тиешелүү лицензияны Улуттук банкка тапшырууга чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, төлөм системасынын катышуучулары жана кызматтарды сунуштоочулар менен түзүлгөн келишим шарттарын аткарууга жана лицензияланган ишти токтотууга тийиш. 

47. Лизенцияны кайтарып алуу «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык ишке ашырылат. 

 

9-глава.  

Улуттук банктын чечимдерине даттануу тартиби 

 

48. Ушул жобонун чегинде Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдерге «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, айрым банктык операция түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык даттанууга жол берилет. 

 

 

1-тиркеме 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Төлөм системалары башкармалыгы 

ӨТҮНҮЧ КАТ 

(_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________) 

(толук аталышы,юридикалык дареги, анык дареги, телефон номери) 

төмөнкү иштерди жүзөгө ашыруу үчүн лицензия берүүнү өтүнөм: 

а) өз иш натыйжасынан болуп саналбаган, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо;  

(кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги көрсөтүлөт) 

б) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо. 

(кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги көрсөтүлөт) 

Ушул өтүнүч катты толтуруу менен мен, өтүнүч кат ээсинин жетекчиси катары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системалары боюнча ченемдик укуктук актылары менен таанышкандыгымды тастыктайм жана жогоруда белгиленген иш түрлөрү үчүн талап кылынган бардык маалыматтарды жана документтерди, тактап айтканда төмөнкүлөрдү сунуштаймын: 

1. Уюштуруучулар тууралуу маалыматтар: 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

Аткаруу органынын курамы (Төраганын, техникалык директордун, башкы бухгалтердин аты-жөнү): 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

2. Документтер: 

2.1. Аткаруучу органдын төрагасынын анкетасы 

2.2. Техникалык директордун анкетасы 

2.3. Башкы бухгалтердин анкетасы 

 

 

Төраганын кол тамгасы жана уюмдун мөөрү 

  

  

20__-жылдын «__» _____________ 

2-тиркеме 

 

АНКЕТА 

үрөт үчүн) 

  

(Кызматы) _____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы) 

Аты-жөнү _____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

Туулган күнү жана жери _____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

Паспортунун сериясы ______ № ______ ким тарабынан берилген ________________________________________________ 

Берилген күнү _____________________________________________________________________________ 

Жарандыгы _____________________________________________________________________________ 

________________________________________________________________ 

Анкетаны толтуруу учурунда айкын жашаган жеринин дареги, телефон номери ____________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

Үй-бүлөлүк абалы _____________________________________________________________________________ 

Билими _____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

(жогорку) 

дипломунун № _____________________________________________________________________________ 

берилген күнү _____________________________________________________________________________ 

ким тарабынан берилген _____________________________________________________________________________ 

Окуу жайынын аталышы жана ал жайгашкан жер 

Факультет же бөлүм 

Тапшырган жылы 

Аяктаган жыл 

Алган дипломго ылайык адистиги 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Курстарда окуу 

Семинардын же курстун темасы 

Семинарды уюштуруучу 

Өткөрүлгөн жери 

Өткөрүлгөн күнү 

Сертификаттын болушу 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Эмгек жолу башталгандан тартып аткарылган иштер: 

Жалпы эмгек стажы: 

Жумушка кабыл алынган күн 

Жумуштан бошогон күн 

Ээлеген кызматы 

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери 

Жумуштан кетүү себеби 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Сиз кызматкери же мүчөсү болуп саналган бардык башка уюмдарды, ассоциацияларды, юридикалык жактын мекемелерин көрсөтүңүз. 

Уюмдун аталышы 

Уюм жайгашкан жер 

Ээлеген кызмат орду 

  

  

  

  

  

  

Төлөм системасынын оператору же төлөм уюмунун кызматкерлери менен туугандык мамилеңизди, төлөм системасынын операторун же төлөм уюмун контролдукка алган жактар же компаниялар менен байланышыңызды, бардык өз ара милдеттенмелерди жана келишимдерди ж.б. көрсөтүңүз. 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

Акырына чыгарылбаган сот иши же сизге иштин кайсыл бир түрү менен иш алып барууга тыюу салган соттун чечими барбы? 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

Сизге Улуттук банк тарабынан эскертүү чаралары жана санкциялары колдонулганбы? 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

Мен, _____________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү

жогоруда берилген маалыматтардын аныктыгын жана толук берилгендигин тастыктайм жана бардык өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды мындан ары Улуттук банкка сунуштап турууга милдеттенем. Мен тараптан бурмалоолорго жана калпыстыктарга жол берилген учурда, мага, төлөм системасынын операторуна жана төлөм уюмуна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, санкциялар колдонула тургандыгын түшүнөм. 

20__-жылдын «__» _________ ____________________________ (кол тамгасы) 

  

 

3-тиркеме 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

№ ____ЛИЦЕНЗИЯ  

Бул лицензия  

_____________________________________________________________________________ 

өлөм уюмунун юридикалык дарек боюнча катталган толук аталышы) 

_____________________________________________________________________________ 

_____________________________________________________________________________ 

(жайгашкан жери) 

_____________________________________________________________________________ берилди 

жана ал төлөм уюму катары иш алып барууга, ошондой эле операциялардын төмөнкү түрлөрүн ишке ашырууга укук берет: 

Маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алууга жана өткөрүүгө байланыштуу, өз иш натыйжасынан болуп саналбаган кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого. 

Лицензия берилген күн: 20__-жылдын «__» ____________ 

 

Төраганын орун басары 

  

(кол тамгасы жана мөөрү

  

 

4-тиркеме 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

№ ____ ЛИЦЕНЗИЯ  

Бул лицензия 

_____________________________________________________________________________ 

(жайгашкан жери) 

_____________________________________________________________________________  

юридикалык дареги боюнча катталган, 

_____________________________________________________________________________  

 

____________________________________________________________________________ өлөм системасынын юридикалык дарек боюнча катталган толук аталышы) 

берилди 

жана ал төлөм системасынын оператору катары иш алып барууга, ошондой эле операциялардын төмөнкү түрлөрүн ишке ашырууга укук берет: 

Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү кызматтарын сунуштоого. 

Лицензия берилген күн: 20__-жылдын «__» ______________ 

 

Төраганын орун басары 

  

(кол тамгасы жана мөөрү