Кайта келүү

Коммерциялык банктардын капиталынын буфери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

Өзгөртүүлөрдү киргизүү долбооруна  

 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы банк тутумунун каржылык туруктуулугун жана стабильдүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле банктардын ишин тобокелдиктерди аныктоого багытталган көзөмөлүнүн инструменттерин жакшыртуу максатында, банктардын «капитал буфери» индексин белгилөө боюнча «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» долбоорун иштеп чыкты (мындан ары-Долбоор). 

Долбоорго ылайык, бардык коммерциялык банктар үчүн «капитал буфери» индексинин маанисин белгилөө боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын көзөмөл боюнча комитетинин ыйгарым укугу белгиленген. 

Ошентип, долбоор төмөнкү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүлөрду жана толуктоолорду камтыйт: 

- 2004-жылдын 21-июлундагы №18/2 Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоого;  

- 2004-жылдын 21- июлундагы №18/1 Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жобого. 

 

 

 

 

Долбоор 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-ж.___ _______________  

№________________________ 

токтомуна тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым 

ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр  

 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча» Нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын адекваттуулугунун (шайкештигинин) стандартын аныктоо боюнча нускоонун: 

- 2.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.4. Банктын финансылык туруктуулугун жана ишинин туруктуулугун сактоо максатында, дивиденддерди төлөө үчүн «банк капиталынын кошумча запасын» («капитал буфери» индекси) колдоо жөнүндө талап белгиленет. «Капитал буфери» индекси суммардык капиталдын жетиштүүлүгүн (шайкештиги) коэффициентин эсептөө сыяктуу эле аныкталат. «Капитал буферинин» индексинин мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет.». 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/1 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык нормативдер жана талаптар жөнүндө” жобонун: 

- 13.1-1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын.