Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбооруна карата 

МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ 

 

 

1. Максаттары жана милдеттери  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом долбоору төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу боюнча талаптарды күчөтүү максатында жаңы редакцияда иштелип чыккан.  

Жобо долбоорун жаңы редакцияда иштеп чыгуу үчүн негиз болуп, ири төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын биринин ишинде үзгүлтүк орун алышы саналган, андан улам товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөр өз убагында жүргүзүлбөй, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөр, товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар жана ошол уюмдун агенттери алдында финансылык милдеттенмелер келип чыккан. Келип чыккан көйгөйлөр да айрым коммерциялык банктардын электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын, интернет-банкингдин, төлөм терминалдарынын ишине да таасирин тийгизген.  

Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын акча жүгүртүүлөрү 2016-жылдагы 23,8 млрд. сомдон 2018-жылы 29,2 млрд. сомго чейин көбөйгөндүгүн эске алганда, анда алардын төлөм системаларындагы үзгүлтүктөр өлкөнүн финансылык туруктуулугуна, керектөөчүлөрдүн таламын коргоого терс таасирин тийгизиши мүмкүн, анткени контрагенттер ортосунда эсептешүүлөрдүн өз убагында жүргүзүлбөшү, калктын акча каражаттарынын максатсыз колдонулушу же товарларды/кызматтарды сунуштоочуларга жетпей калышы сыяктуу реалдуу тобокелдиктер келип чыгат. Ошол эле учурда, коммерциялык банктын кызмат көрсөтүүнүн бул түрүн жүзөгө ашыруусунда банктын жана анын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жана аларга карата көрүлүүчү таасир этүү чаралары ушундай эле операцияларды жүзөгө ашырышкан төлөм уюмдарына жана төлөм системасынын операторлоруна караганда кыйла жогору.  

Ушуга байланыштуу, мындай алгылыксыз жагдайлардын орун алышына жол бербөө үчүн төлөм уюмдарына жана төлөм системасынын операторлоруна карата талаптарды алардын ишин кыйла натыйжалуу жана ыкчам жөнгө салуу үчүн кайра карап чыгуу зарыл.  

 

2. Түшүндүрмө берүүчү бөлүк 

Жобо долбоорунда төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына жүргүзүүдө төмөнкүдөй негизги талаптар каралат: 

- товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларда орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди камсыздандыруу максатында алдын ала төлөөнү, камсыздандыруу депозиттеринин/ банктык гарантияларды киргизүү

- товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар үчүн арналган акча каражаттарын төлөм уюмунун эсептешүү эсебинде топтоого жол бербөө, ошондой эле төлөм суммасы алдын ала төлөөнүн өлчөмүнөн ашып кеткен учурда кызматты автоматтык түрдө өчүрүү

- керектөөчүлөр кандай болбосун жагдайда кызматты толук көлөмдө пайдалануулары үчүн, төлөм системасынын катышуучулары ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө акча каражаттарын колдонуу механизмин келишимде толук чагылдыруу (алдын ала төлөө боюнча лимиттерди белгилөө, акча каражаттарын кайтарып берүү жол-жобосу, штаттан тышкаркы жагдайларда иштөө тартиби, тараптардын жоопкерчилиги ж.б.); 

- касса операцияларын жүргүзүүдө төлөм уюмдарына карата талаптарды күчөтүү

- эгерде агенттин акча каражаттарын жүгүртүү суммасы 6 (алты) айдан ашык мөөнөт ичинде төлөм уюмдарынын операцияларынын жалпы көлөмүнөн 20% ашып кетсе жана төлөм терминалдарынын саны бардык төлөм уюмдарынын терминалдарынын жалпы санынан 10% ашса, агенттин Улуттук банктан тиешелүү лицензияны алуу зарылдыгы же белгилүү талаптарды аткаруу жагында талаптарды күчөтүү

- төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына төлөө үчүн товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын абоненттеринин өздүк эсептеринен акча каражаттарын төлөм уюмунун дарегине кайтарып берүү боюнча агенттик схеманы колдонууга тыюу салуу; 

- төлөө формалары (алдын ала төлөө, камсыздандыруу депозити, банктык гарантия) жана агенттердин саны, алардын акча жүгүртүүлөрү жана терминалдык тармактары боюнча отчетторду ай сайын сунуштоо; 

- техникалык жабдууларга, маалыматтык жана киберкоопсуздук маселелерине, аппараттык-программалык комплексти аймактарга жайгаштыруу маселелерине карата талаптарды күчөтүү

Жалпысынан мындай чаралар системанын ишиндеги үзгүлтүктөргө байланыштуу жагдайлардын орун алышы тобокелдигин жана анын кесепеттерин азайтууга өбөлгө түзөт, бул нак эмес төлөмдөрдү өнүктүрүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары, маалыматтык жана киберкоопсуздук, аппараттык-программалык комплексти Кыргыз Республикасынын гана аймактарында жайгаштыруу жана аппараттык-программалык комплексти Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары аралыктан тескөө мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу боюнча талаптар өлкө масштабында маалыматтык жана финансылык агымдардын коопсуздугун камсыз кылат.  

 

3. Социалдык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, экономикалык жана коррупциялык натыйжаларга болжолдоолор 

Токтом долбоорун кабыл алуу бүтүндөй өлкө үчүн алгылыктуу социалдык-экономикалык натыйжаларды берет, анткени долбоордун талаптары негизинен, калктын акча каражаттарынын жоголуусуна жана/же алардын максатсыз колдонулушуна жол бербөө максатында төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу жана алардын маалыматтык-техникалык базасын чыңдоо маселесине байланыштуу тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган.  

Бул чаралардын бардыгы биригип келип, нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө, төлөм инфраструктурасын кеңейтүүгө жана керектөөчүлөр үчүн банктык төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттырууга, керектөөчүлөр укугун коргоого жана төлөмдөрдү өткөрүү коопсуздугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт.  

Токтом долбоорунда укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды чектеген ченемдер камтылбайт, анткени токтом долбоорунун ченемдери Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салууга өбөлгө түзөт. 

 

4. Коомдук талкуунун натыйжасы тууралуу маалымат  

Токтом долбоору боюнча материалдар Улуттук банк Башкармасынын маалымат отурумунун жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын интернет-сайтына коомдук талкуу үчүн жайгаштырылат. 

 

5. Долбоордун мыйзамга шайкеш келишине талдап-иликтөө 

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына каршы келбейт.  

 

6. Каржылоо зарылчылыгы тууралуу маалымат 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорунун ченемдерин ишке ашыруу мамлекеттик бюджетке кошумча финансылык оорчулук алып келбейт. 

Кошумча чыгашалар төлөм уюмдарынын жана төлөм системасынын операторлорунун ишин Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкеш келтирүүгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн. 

 

7. Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр тууралуу маалымат (АРВ) 

Токтом долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 «Ишкердик субъектилеринин иши боюнча ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуу таасирине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү методикасын бекитүү жөнүндө» токтомунун талаптарына ылайык жүргүзүлгөн. Мындай талдап-иликтөөнү жүргүзүү үчүн Улуттук банктын  

2019-жылдын 5-мартындагы № 2019-Пр-141/42-О буйругу негиз болгон. 

Токтом долбоорунун жөнгө салуу таасирине талдап-иликтөөгө коммерциялык банктардын, «Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин жана «Байланыш операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин өкүлдөрү жана Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү катышышты.  

Жогоруда белгиленгендерди эске алуу менен Төлөм системалары башкармалыгы токтом долбоорун Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштырууга уруксат берүүнү өтүнөт. 

 

Долбоор 

 

 

 

«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.  

 

2. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын: 

2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 «Төлөм системасы операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 27-декабырындагы № 2017-П-14/54-10-(НПА) «Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»; 

- 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-14/24-5-(ПС) Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы № 19/10 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна толуктоону жана өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө». 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

5. Иштеп турган төлөм системаларынын операторлору ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып өз ишин 6 (айдан) кеч эмес мөөнөт ичинде 56-пунктунун талаптарына ылайык келтирсин. 

 

6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун, «Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Байланыш операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКты жана коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

 

7. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2019-жылдын _______________ 

№__________________________ 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун 

ишин жөнгө салуу жөнүндө  

ЖОБО 

 

 

1-глава. Жалпы жоболор  

 

1. «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» бул жободо (мындан ары Жобо) кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүн сунуштоого Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) лицензиясына ээ төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон талаптар белгиленген:  

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо; 

өз иш натыйжаcы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу кабыл алуу жана жүргүзүү

Төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары бул иш түрлөрүн жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоолору тийиш. 

2. Жобонун талаптары төмөнкүлөргө таркатылбайт: 

- Улуттук банк оператору болуп саналган, төлөм системаларына; 

- өздүк төлөмдөрү үчүн өз системасындагы төлөмдөр жана эсептешүүлөр боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырган коммерциялык банкка; 

өз иш натыйжаcы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырган коммерциялык банкка; 

- жеке төлөмдөрү үчүн өз түзүмүндөгү төлөмдөр жана эсептешүүлөр боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо ишин жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттердин ички системаларына. 

3. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын туруктуу, ишенимдүү жана коопсуз ишин камсыз кылуу үчүн төлөм системаларынын, алардын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салат жана ага көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат. 

4. Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын төлөм кызмат көрсөтүү рыногунда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча ишин монополияга каршы жөнгө салуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, башка финансы-кредиттик уюмдар, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан сунушталуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо саясатынын жана негизги принциптеринин алкагында жүзөгө ашырылат.  

5. Ушул Жобонун талаптарын бузууга жол берилген учурда Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм системаларынын операторлоруна, төлөм уюмдарына жана банктар аралык төлөм системасынын башка катышуучуларына карата тиешелүү чараларды жана санкцияларды колдонууга укуктуу.  

 

 

2-глава. Жободо колдонулган түшүнүктөр  

 

6. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарында каралган аныктамаларга ылайык келген түшүнүктөр жана банктык терминдердин глоссарийи колдонулат. 

Мындан тышкары Жобонун алкагында төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулган:  

Автоматташтырылган система бул анын ишин автоматташтыруу боюнча каражаттардын аппараттык-программалык комплексинен, белгиленген функцияларды аткарууда маалымат технологияларын ишке ашырган ыкмалардан жана иш-чаралардан турган система.  

Агент төлөм уюму менен товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына жеке адамдардын жана юридикалык жактардын төлөмдөрүн кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө агенттик келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер.  

Агенттик келишим агенттик келишимди аткаруу максатында, төлөм уюму менен агент ортосунда ушул Жободо көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө түзүлгөн агенттик келишим. Мында, агенттин товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу алдындагы иш-аракеттери үчүн төлөм уюму жооп берет. 

Маалымат системасы маалыматтарды сактоо, издөө жана иштеп чыгуу үчүн арналган система жана маалымат менен камсыз кылып аны жайылтышкан тиешелүү уюштуруу ресурстары (адам, техникалык, финансылык ж.б). 

Субагент төлөм уюмунун агенти менен жеке адамдардын жана юридикалык жактардын төлөмдөрүн товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу тууралуу субагенттик келишим түзгөн, Кыргыз Республикасынын резиденти (юридикалык жак же жеке ишкер).  

 

 

3-глава. Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишине карата негизги талаптар 

 

§ 1. Төлөм системаларынын операторлорунун ишине карата талаптар 

 

7. Төлөм системасынын оператору Улуттук банк тарабынан бекитилген, «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого ылайык, лицензияда көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн гана жүргүзүп, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштап, анын ишине байланыштуу башка зарыл операцияларды ишке ашыра алат. Төлөм системасынын оператору өз ишин төлөм уюмунун иши менен гана айкалыштыра алат. 

Төлөм системасынын оператору анын негизги ишин алмаштырган операцияларды жүргүзүү үчүн аутсорсинг кызмат көрсөтүүлөрүн колдоно албайт.  

8. Төлөм системасынын операторунун уставдык капиталы «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш жана төлөм системасынын маанилүүлүгүнө жараша болот. 

9. Төлөм системасынын оператору иштелип чыккан эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык төлөм системасынын ишин камсыз кылат. Катышуучулар менен өз ара мамилелер системанын эрежелеринде, төлөм системасынын ишине байланыштуу келишимдерде, ошондой эле катышуучулар менен түзүлгөн келишимдерде белгиленет. 

10. Системанын эрежелери жана жол-жоболору катышуучулар үчүн системага катышуудан улам, алар дуушар болушу мүмкүн болгон финансылык тобокелдиктерге анын таасири тууралуу так түшүнүктү камтып, катышуучу тараптардын юридикалык негизин жана алар аткарган ролду айкын түшүндүрүп, системада орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди тескөө убактысын жана принциптерин камтууга тийиш. Берилген эрежелер жана жол-жоболор Улуттук банктын тобокелдиктерди тескөө боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкеш келүүгө жана улам каралып, зарыл учурларда, бирок 3 (үч) жылда кеминде 1 (бир) жолу жаңыртылып туруусу зарыл. 

11. Төлөм системасынын оператору өз төлөм системасынын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу, төлөмдөрдү өз учурунда иштеп чыгуу, системада маалыматтардын толуктугун, коопсуздугун жана купуялуулугун камсыз кылуу үчүн, анын ичинде финансылык жактан жоопкерчиликтүү болуп саналат. Төлөм системасынын оператору төлөм системасынын катышуучуларына төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштабагандыгы жана сапатсыз сунуштагандыгы, керектөөчүлөрдүн өткөрүлгөн төлөмдөрү тууралуу маалыматты төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоочуларга өз убагында жеткирбегендиги үчүн, ошондой эле төлөм системасынын катышуучулары менен келишимдик мамилелерге ылайык жоопкерчиликтүү болот.  

Төлөм системасынын оператору керектөөчүдөн төлөмдөрдү сунуштоочуга өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүнү толук көлөмдө сунуштоого тийиш.  

12. Төлөм системасынын оператору эгерде, келишим шарттарында башкасы каралбаса, системанын иши үчүнчү жактардын күнөөсү боюнча үзгүлтүккө учурагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт.  

13. Төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- колдонуудагы эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарынын сакталышын жана аларды ушул Жобонун талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына шайкеш келишин контролдоо;  

- төлөм системасынын башка катышуучуларынын төлөмдөрүн өткөрүү үчүн зарыл болгон техникалык жана программалык каражаттарга талаптарды белгилөөгө;  

- төлөм системасынын катышуучуларынын реестрин жүргүзүү;  

- төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берүү жана аларды тескөө;  

- маалымат иштеп чыгуу каражаттарынын коопсуз иштөөсүн камсыз кылуу;  

- жагдайларды жөнгө салуунун бирдиктүү ыкмасын камсыз кылуу жана жагдайлардын реестрин жүргүзүү

- штаттан тышкаркы жагдай орун алган учурда системага кабыл алынган төлөмдөр боюнча маалыматтын товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга келишим шарттарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык өз убагында жеткирилишин камсыз кылуу. 

14. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туунду ишканасы болгон учурда тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен ал тууралуу маалыматты Улуттук банкка милдеттүү түрдө берип турууга тийиш.  

15. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактаган учурда кайра өзгөртүлүп (бириктирүү, кошуу, бөлүү, кайра өзгөртүп түзүү) түзүлүшү мүмкүн. Төлөм системасынын оператору кайра өзгөртүп түзүлгөн шартта, талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн, кайра өзгөртүп түзүү боюнча тиешелүү чечимди кошо тиркөө менен ал чечим кабыл алынган күндөн кийинки 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка билдирүүгө тийиш.  

16. Улуттук банк, эгерде оператор Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо талаптарын бузууга жол берген учурда, төлөм системасынын оператору тарабынан тарифтердин белгиленишине чектөөлөрдү белгилей алат. 

17. Төлөм системасынын оператору лицензия алган учурдан тартып Улуттук банкка бекитилген жана колдонуудагы тарифтер жөнүндө бир жылда бир жолу маалымат берип турушу зарыл. Төлөм системасынын оператору колдонуудагы тарифтерге киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу кеминде 10 (он) жумуш күнү мурда Улуттук банкка маалымдоо зарыл. 

18. Төлөм системасынын операторунун кызмат адамдары төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетектеген, аткаруу органынын мүчөлөрү төмөнкүлөрдү камсыз кылуулары зарыл: 

- уюмдун ишинин жөнгө салынышын контролдоо;  

- контролдук системасынын шайкештигине баа берүү башкаруу түйүндөрүн текшерүү, аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жана башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу;  

- иш натыйжалуулугуна баа берүү уюмдун ар тараптуу иш багытына баа берүү жана аларды өркүндөтүү жагында чечимдерди кабыл алуу;  

Кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык жоопкерчиликтүү болушат. 

19. Төлөм системасынын операторунун АПКнын иштешине жана анын коопсуздугуна жоопкерчиликтүү болгон техникалык персоналы (штаттык кызматтар), башкы бухгалтерге (штаттык кызмат), ошондой эле өзүнүн уюштуруу түзүмүнө ылайык башка персоналы болууга тийиш. Алар төмөнкү милдеттердин аткарылышына жооптуу болушат:  

- маалымат системасын контролдоо системасынын шайкештигине баа берүү башкаруу түйүндөрүнө текшерүү жүргүзүү, аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча негиздүү сунуштарды жана иш натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү аткаруу органына берүү;  

- коопсуздуктун камсыз кылынышына баа берүү - маалымат коопсуздугу деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле кара ниет колдонуучулардын аракеттеринин, авариялык үзгүлтүктөрдүн жана персоналдын каталарынын натыйжасында келип чыккан жоготууларды азайтуу;  

- иш натыйжалуулугуна баа берүү уюмдун ар тараптуу иш багытына эксперттик баа берүү жана аларды өркүндөтүү жагында негиздүү сунуштарды берүү;  

- системанын ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келишин текшерүү;  

- чечим кабыл алууда колдонулган финансылык маалыматтардын ишенимдүүлүгүн, алардын толуктугун жана өз учурунда берилишин, ошондой эле финансылык жана регулятивдик отчетторунун түзүлүшүн камсыз кылуу;  

- тышкы аудиторлорду тандоо боюнча сунуштарды даярдоо, зарыл учурда атайын аудитордук текшерүүнү жүргүзүүнү демилгелөө;  

- финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык бухгалтердик эсептин жүргүзүлүшүн жана финансылык отчеттун түзүлүшүн камсыз кылуу. 

Персонал аткарылуучу функциялардын өткөрүлүп берилишин камсыз кылууга, системанын ишине колдоо көрсөтүүгө жөндөмдүү болгон кайталоочу курамга ээ болууга тийиш.  

Персоналдын иштен бошонуусунда функционалдык милдеттерди жана документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү талаптагыдай таризделүү менен (акт, протокол) камсыз кылынууга тийиш.  

20. Автоматташтырылган системаны администрлөө төлөм системасынын операторунун штаттык техникалык персоналы тарабынан жүзөгө ашырылуусу зарыл. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тараптардын милдеттерин жана жоопкерчиликтерин көрсөтүү менен түзүлгөн келишимдин болушунда штаттан тышкаркы техникалык персоналды кошумча ишке тарта алат.  

21. Төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган системасы менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ персонал төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- ички эрежелер жана жол-жоболор менен жөнгө салынган финансылык маалымат менен иш алып барууда коопсуздукту жана купуялуулукту камсыз кылуу нормалары жана талаптар менен таанышууга;  

- автоматташтырылган системадан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн программалык-техникалык каражаттарын тескөө жана ички документтерге ылайык финансылык маалыматты иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон квалификацияга ээ болууга;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, финансылык маалымат менен иш алып барууда коопсуздукту жана купуялуулукту камсыз кылуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартууга. 

22. Төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган системасы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш.  

- маалыматтарды байланыш каналдары аркылуу процессинг борборуна өткөрүүдө жана маалыматтарды түзүлгөн жерге кайра жөнөтүүдө алардын толуктугун жана аныктыгын;  

- төлөм системасынын операторунун автоматташтырылган система менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ техникалык персоналын идентификациялоону/ авторизациялоону/ аутентификациялоону;  

- маалыматтардын сакталышын, бүтүндүгүн жана купуялуулугун;  

- автоматташтырылган система үзгүлтүккө дуушар болгон учурда, штаттан тышкаркы жагдайларда же маалыматтардан санкциясыз пайдаланууда маалыматтарды жана жабдууларды коргоону;  

- процессинг борборуна туташкан объекттердин, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулардын жана процессинг борборунун персоналын кошо алганда, системанын маалымат ресурстарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү сеанстарынын иштөө жөндөмдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жана контролдоо. 

23. Төлөм системасынын операторунда төмөнкүлөр болууга тийиш:  

- программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм же программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм тарабынан ыйгарым укук берилген уюм менен түзүлгөн келишим;  

- кылдат иштелип чыккан техникалык тапшырмалар жана талаптар;  

- программалык камсыздоонун чыгыш кодуна өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүнө ээ кызматкерлердин тизмеги;  

- системанын администраторлору жана программалык камсыздоодон пайдалануучулар үчүн колдонмо же коштомо документтер;  

- сыноодон өткөрүү программасы жана методикасы;  

- ишке киргизүү актысы жана тажрыйбалык пайдалануу сыноосунан өткөрүүлөрдү каттоо журналы;  

өндүрүштүк пайдаланууга берүү актысы;  

- төлөм системасынын оператору жана программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм же программалык камсыздоону иштеп чыккан уюм тарабынан ыйгарым укук берилген уюм кол койгон кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы. 

 

§ 2. Төлөм системасынын операторунун эрежелерине карата талаптар 

 

24. Системанын иштөө эрежелеринде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- төлөм системасынын архитектурасы жана анын ишин чагылдыруу схемасы;  

- коопсуз жана ишенимдүү байланыш каналдарын берүү;  

- төлөм системасына кирүү жана андан чыгуу жол-жобосу;  

- катышуучуну төлөм системасына туташтыруу тартиби жана катышуучуга карата талаптар;  

- процессингди жүргүзүү тартиби;  

- клирингди жүргүзүү тартиби;  

- процессингди жана клирингди жүргүзүү учурунда коопсуздукту сактоо тартиби жана анын талаптары (эгерде бул кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилген болсо);  

- системанын үзгүлтүксүз иштөөсүнүн критерийлери;  

- төлөм системасынын катышуучуларынын төлөм системасынын операторуна өз иши жөнүндө маалыматтарды берүү тартиби;  

- тобокелдиктерди тескөө боюнча колдонулуп жаткан моделди, иш-чаралар тизмегин жана тобокелдиктерди тескөө ыкмаларын кошо алганда, төлөм системасында орун алган тобокелдиктерди тескөө системасы;  

- маалыматты коргоо талаптары;  

- катышуучулардын жана кардарлардын талаш маселелерин, даттанууларын чечүү тартиби;  

- төлөм системасында штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган учурда катышуучулардын иш алып баруу тартиби;  

- төлөм системасынын катышуучуларына билдирүү тартиби;  

- төлөм системасынын катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги;  

- тарифтик саясат;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптар.  

Зарылчылыкка жараша төлөм системасынын катышуучуларына сандык жана сапаттык критерийлер берилиши мүмкүн. 

25. Карттардын процессингин жүргүзгөн төлөм системасынын операторунун эрежелеринде ушул жобонун 24-пунктунда келтирилген талаптардан тышкары төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- катышуучуну төлөм системасына каттоо жана багыттоо;  

- карт ээсин таанууда (персонализация) коопсуздукту сактоо тартиби жана анын талаптары (эгерде бул кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилген болсо);  

- карттын процессингин жана клирингин жүргүзүүдө коопсуздук тартиби жана анын талаптары (эгерде бул кызмат көрсөтүү системанын катышуучусуна же башка процессинг борборуна берилген болсо);  

- эмитенттин карттын эмиссиясын жүзөгө ашыруу тартиби жана ага карата талаптар;  

- эквайердин карттын эквайрингин жүзөгө ашыруу тартиби жана ага карата талаптар;  

- системада төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби;  

- доо коюлган төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу тартиби;  

- системада банктар аралык комиссиялык төлөмдөр, тейлөө үчүн төлөмдөр жана башка комиссиялык төлөмдөр. 

26. Төлөм системасынын эрежелеринде төмөнкүдөй талаптарды белгилөөгө тыюу салынат:  

- төлөм системасынын катышуучуларына карата башка төлөм системаларына катышпоо жөнүндө (өзгөчө жагдайларда катышуу шарттары);  

- төлөм системасынын катышуучуларына карата кызмат көрсөтүү наркын өз алдынча аныктоого алардын укугун чектөө жөнүндө

 

§ 3. Төлөм уюмунун ишине карата талаптар 

 

27. Төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иш түрлөрүн гана жүзөгө ашырып, консультация/маалымат берүү кызматтарын сунуштай алат, ошондой эле Улуттук банк тарабынан бекитилген, «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун» жобого ылайык анын ишине байланыштуу башка тиешелүү операцияларды жүргүзө алат.  

Төлөм уюму ишин төлөм системасынын операторунун иши менен айкалыштыра алат. 

Төлөм уюму анын негизги ишин алмаштырган, операцияларды жүргүзүү үчүн аутсорсинг кызматтарын колдоно албайт.  

28. Төлөм уюмунун Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча иштелип чыккан жана бекитилген ички эрежелери жана жол-жоболору болууга тийиш.  

29. Төлөм уюму Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү эрежелерин сактоо жана аны ишке ашыруу үчүн жооптуу атайы кызмат адамын дайындоого тийиш. Төлөм уюмунун уюштуруу укуктук формасына жараша ал адам түздөн-түз байкоо органына/директорлор кеңешине же аткаруу органына баш ийүүсү зарыл.  

30. Төлөм уюмунун уставдык капиталы «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун» жобонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш жана төлөм системасынын маанилүүлүгүнө жараша болот.  

31. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн талаптарды сактаган учурларда төлөм уюму кайра өзгөртүлүп (бириктирүү, кошуу, бөлүү, кайра өзгөртүп түзүү) түзүлүшү мүмкүн. Төлөм уюму кайра өзгөртүп түзүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийинки 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбестен, талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн, тастыктоочу бардык документтерди кошо тиркөө менен Улуттук банкка билдирүүсү кажет. 

32. Төлөм уюму кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларды келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерден камсыздандыруу максатында, төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

1) Толугу менен же жарым жартылай мамлекеттин менчигинде турган сунуштоочулар үчүн, коммуналдык ишканалар жана бюджеттик уюмдар үчүн:  

- кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына 100 пайыз алдын ала төлөм салуу; 

- товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү ар бир сунуштоочу боюнча акыркы чейрек ичиндеги орточо күндүк жүгүртүүнүн 30 пайызынан кем болбогон өлчөмдө камсыздандыруу депозитин кошумча жайгаштыруу. 

Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга арналган акча каражаттарын төлөм уюмунун эсептешүү эсебинде топтоого болбойт. Төлөмдөрдүн суммасы алдын ала төлөмдүн суммасынан ашкан учурда сунуштоочунун кызмат көрсөтүүсү автоматтык түрдө өчүүгө тийиш. Алдын ала төлөм суммасынын өлчөмү күн сайын/жума сайын белгиленип/кайра каралып турат.  

2) Келишимдик мамилелерде сунуштоочуга алдын ала төлөө каралбаган сунуштоочулар үчүн төлөм уюму коммерциялык банктагы өзүнчө эсепке камсыздандыруу депозитин салууга же товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун пайдасына кайтарымсыз банктык гарантия сунуштоого тийиш. Камсыздандыруу депозитинин же банктык гарантиянын өлчөмү төлөм уюмунун ар бир товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу боюнча акыркы чейрек ичиндеги орточо күндүк жүгүртүүсүнүн суммасынын 30 пайызынан кем болбоого тийиш.  

3) Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен түзүлгөн келишимде камсыздандыруу депозити максаттуу багыт боюнча жана андай учур орун алган шартта гана колдонулаары, ошондой эле сунуштоочунун акча каражаттарын акцепсиз эсептен алып салуу мүмкүнчүлүгү менен камсыздандыруу депозити жайгаштырылган банктык эсепти контролдоо шарттары каралган.  

33. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм уюму акча каражаттарын кабыл алуу, сактоо, өткөрүп берүү/которуу (инкассациялоо) боюнча талаптарды сактоого тийиш. 

Акча каражаттарын өткөрүп берүү/чегерүү (инкассациялоо) жана акча берүүгө байланыштуу касса операциялары төлөм уюму тарабынан бекитилген, касса операцияларынын тизмегине ылайык төлөм уюму тарабынан максаттуу багыты боюнча жүзөгө ашырылууга тийиш. Касса операцияларынын тизмегинде төлөм уюму тарабынан кассадан берилүүчү акча каражаттарынын суммасына лимит белгиленүүсү зарыл.  

34. Төлөм уюму акча каражаттарынын төлөөчүдөн алуучуга берилишинин бүтүндөй процессинин контролдукка алынышын камсыз кылууга милдеттүү жана акча каражаттарынын өз убагында берилбегендиги үчүн жоопкерчиликтүү болот.  

35. Төлөм уюму анын тескөөсүндө турган жеке маалыматтардын, төлөм боюнча финансылык маалыматтардын жана милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон башка маалыматтардын корголушун жана купуялуулугун камсыз кылууга жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана үчүнчү жактарга берүүгө милдеттүү.  

36. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн төлөм уюмунун автоматташтырылган системасы жана бухгалтердик операцияларды эсепке алуу боюнча автоматташтырылган система (1 С же башка) жайгашкан жай төмөнкүдөй негизги талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- Кыргыз Республикасынын аймагында болуусу; 

- автоматташтырылган ишенимдүү кулпулардын болушу;  

- видео байкоо системаларынын болушу жана видео байкоодон алынган маалыматтарды белгилүү бир убакыт аралыгында сактоо милдеттенмеси; 

өрткө каршы жана коргоо сигнализациясынын болушу же жайдын ичине башка адамдардын кирип кетишине жол бербеген жана жайдын ичинде коргоого алынган ресурстардын толук сакталышын камсыз кылган күнүүнү көзөмөлдөөнүн болушу;  

- персоналдын мындай жайга кирүүсү функционалдык милдеттерге ылайык так жөнгө салынууга тийиш. 

37. Төлөм уюму Улуттук банктан лицензия алган учурдан тартып кайсыл болбосун мезгил ичиндеги кандай болбосун транзакция тууралуу маалыматтын талап келип түшкөндөн кийинки 1 (бир) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө алуу мүмкүнчүлүгү менен сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

38. Төлөм уюму алты айда кеминде бир жолу автоматташтырылган системаны ички эрежелердин жана жол-жоболордун талаптарына ылайык келүүсүнө протокол түзүү менен текшерүү жүргүзүүгө тийиш. Текшерүүнүн жыйынтыктары протокол менен тариздетилиши керек. 

39. Төлөм уюму иштелип чыккан финансылык маалыматтардын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарында төлөм документтерин сактоо үчүн белгиленген мөөнөттөргө ылайык сакталышын жана архивинин жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш.  

40. Төлөм уюму төлөөчүдөн өндүрүлүүчү комиссиялык төлөм өлчөмүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча белгилөө укугуна ээ.  

 

§ 4. Агенттерге коюлган талаптар 

 

41. Төлөм уюму өз ишин уюштуруу үчүн башка жактар менен агенттик келишимдерди түзүүгө укуктуу жана анын төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарын кошо алганда, агенттер боюнча төмөнкү маалыматты камтыган базасы болууга тийиш:  

1) эгер юридикалык жак болсо уюмдун аталышы, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, ишкердик ишти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясынын көчүрмөсү (эгерде иши лицензияланса) уюштуруу документтери, айкын жайгашкан дареги, байланыш телефондору, терминалдар орнотулган даректердин актуалдуу тизмеси;  

2) жеке ишкер болсо ишкердин паспортунун көчүрмөсү, жеке ишкер катары каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгү, колдонуудагы патент, ишкердик ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия (эгер иши лицензияланса), терминалдар орнотулган даректердин тизмеси жана ишин жүзөгө ашырган айкын жери. 

42. Төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу үчүн агенттер субагенттерди ишке тарта алышат. Төлөм уюму да өз ишин уюштуруу үчүн субагенттерди ишке тартып же субагенттик тармактарды түзө алат.  

43. Төлөм уюмунун эсебине алдын ала төлөм сала турган агенттер үчүн акча каражаттарынын суммасына лимит белгиленүүгө жана келишимде көрсөтүлүүгө тийиш. Келишимде агент тарабынан салынган алдын ала төлөмдүн суммасы келишимде белгиленген лимиттин суммасынан ашып кеткен учурда, агентке акча каражатын кайтарып берүү жол-жобосу да камтылууга тийиш.  

44. Төлөм уюуму менен агенттин ортосундагы келишимде кеминде төмөнкүлөр камтылуусу зарыл: 

- келишим шарттары аткарылбаган же карыз түптөлгөн учурда тараптардын өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана жоопкерчилиги. Агент төлөм уюмунун милдеттенмелеринин ордун жабууга жана милдеттенмелер боюнча жооптуу болууга тийиш эмес; 

- агенттин акча каражаттарынын жүгүртүүдөгү суммасы жана агенттин терминалдарынын саны боюнча лимиттер/чектөөлөр; 

- акча каражаттарын, анын ичинде штаттан тышкаркы жагдайдын орун алышында кайтарып берүү тартиби/жол-жобосу; 

- келишим шарттары аткарылбаган же карыз түптөлгөн учурда тараптардын өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартибин жана жоопкерчилигин камтыган, субагент менен түзүлгөн келишимге карата талаптар. 

45. Төлөм уюму менен агенттин ортосундагы келишимде да ошол төлөм уюмунун агенттеринин жана субагенттеринин ушул Жобонун талаптарына шайкеш келишине Улуттук банктын каалаган убакытта тоскоолдуксуз текшерүү жүргүзүүсү тууралуу талап камтылууга тийиш. Улуттук банктын талабы боюнча төлөм системасынын операторунун/ төлөм уюмунун агенттери жана субагенттери, анын ичинде жеринде барып текшерүүлөрдү өткөрүүнүн алкагында, бардык зарыл документтерди берүүгө тийиш.  

46. Эгерде 6 (алты) айдан ашык убакыт ичинде агенттин акча каражаттарынын жүгүртүү суммасы жана терминалдарынын саны боюнча көрсөткүч төлөм уюмунун операцияларынын жалпы көлөмүнүн 20% жана/же бардык төлөм уюмдарынын терминалдарынын жалпы санынын 10% ашса, анда агент Улуттук банктын төлөм уюмдарынын агенттер жана субагенттер боюнча сунушталган маалыматтарынын негизинде агенттин дарегине жөнөткөн билдирүүсүнө ылайык, Улуттук банктан лицензия алууга тийиш. 

47. Төлөм уюму агенттерди алар тарабынан аткарылуучу милдеттердин алкагында системадан пайдалануу принциптерине окутуу үчүн документтерге ээ болууга тийиш. Келишим түзгөн учурда колдо болгон жол-жоболорго ылайык түшүндүрмөлөрдү өткөрүү жана агентти террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө талапты кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары менен тааныштыруу жана көрсөтүлгөн талаптардын сакталышы боюнча агенттерге мониторинг жүргүзүү зарыл. 

48. Төлөм уюму же агенттер төлөмдөрдү кабыл алуу учурунда аларды кабыл алуунун ар бир пунктунда төлөөчүлөргө төмөнкү маалыматтардын сунушталышын камсыз кылууга милдеттүү:  

- төлөм уюмунун аталышы, байланышуу үчүн маалыматтар жана жайгашкан жери;  

- төлөм уюмуна берилген лицензиянын номери жана берилген күнү;  

- төлөөчү тарабынан төлөнүүчү кызмат көрсөтүү наркы;  

- даттануулар менен кайрылуу ыкмалары;  

- call-борборунун, төлөмдөрдү кабыл алуу операторунун телефон номерлери. 

49. Төлөм уюмунун агенттердин же башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын тапшыруусу боюнча үчүнчү жактардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү үчүн сунуштоочулардын абоненттеринин өздүк эсептеринин балансынын эсебинен ишке ашырылуучу төлөмдөрдү же болбосо кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын кардарларынын сунуштоочунун авансы жана/же алдын ала төлөмү жана/же насыясы болуп саналган, кайсы формада болбосун, анын ичинде аванстык төлөмдөрдү төлөө же товарлардан/кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу формасындагы акча каражаттарын өткөрүүгө укугу жок.  

50. Төлөм уюму агент/субагент тарабынан ушул Жобонун талаптарынын сакталышына толук жоопкерчиликтүү болот.  

 

 

4-глава. Тобокелдиктерди тескөө 

 

51. Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын төлөм системасына катышуу келишиминде, орун алышы мүмкүн болгон форс-мажордук жагдайларды (аскердик кагылышуулар, жаратылыш кырсыктары ж.б.) кошо алганда, штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан шартта тобокелдиктерди тескөөгө тиешелүү бөлүк каралууга тийиш.  

52. Төлөм системасынын оператору төлөм системасында орун алган тобокелдиктер үчүн он-лайн мониторингдин жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш. 

53. Төлөм системасынын катышуучуларына өз милдетин аткарууга тоскоолдук жараткан системалуу тобокелдик аныкталган же штаттан тышкаркы жагдай орун алган шартта төлөм системасынын оператору жана төлөм уюмдары төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

- Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө электрондук билдирүү же телефон чалуу аркылуу өз убагында, бирок системалуу тобокелдик аныкталган же штаттан тышкаркы жагдай келип чыккан учурдан кийинки 2 сааттан кечиктирбестен маалымдоого;  

- тобокелдиктерге дуушар болушу ыктымал болгон тарапка же тараптарга, агенттерге/товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга билдирүүгө;  

- товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулар/сунуштоочулар жана төлөм системасынын катышуучулары алдында өз финансылык милдеттенмелерин аткаруу/ аяктоо боюнча чараларды көрүүгө;  

- төлөм системасынын иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жана маалыматтардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;  

- башка катышуучуларга өз милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн сунуштоого. 

Ушул пунктта чагылдырылган бардык аракеттер кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу менен келишимде жана ачык сунуштарда (оферта) чагылдырылууга тийиш. 

54. Төлөм системасынын оператору, төлөм уюмдары лицензияга ээ байланыш операторлору тарабынан сунушталуучу коопсуз жана ишенимдүү байланыш каражаттарын колдонуулары, ошондой эле штаттан тышкаркы жагдай орун алган учурда резервдик байланыш каналдарына ээ болуулары тийиш.  

55. Төлөм системасынын оператору көрүү режиминде гана же штаттан тышкаркы жагдайларда системанын ишин калыбына келтирүү үчүн белгилүү бир убакыт аралыгында системадан аралыктан пайдалануу боюнча чектөөлөрдү белгилөөгө тийиш. Системадан аралыктан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ адамдар буйрук менен бекитилип, алардын аракеттери функционалдык милдеттерине ылайык жөнгө салынууга тийиш жана алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укукка жатпаган аракеттери үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.  

56. Төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси жана анын резервдик борбору Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашуусу зарыл. 

57. Төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси жайгашкан жай төлөм системасынын иши боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого байланыштуу бардык бизнес-процесстердин ишенимдүү ишин камсыздоого жана төмөнкү негизги талаптарга ылайык келүүгө тийиш: 

өзүнчө жайгашууга (имараттын ичинде башка бөлмөлөрүнөн дубал менен өзүнчө бөлүнүүгө жана кирүү мүмкүнчүлүгү өзүнчө болууга);  

- автоматташтырылган ишенимдүү кулпулардын болушу;  

- маалыматтар белгилүү бир убакыт аралыгында сактала турган, видео байкоо системаларынын болушу; 

өрткө каршы жана коргоо сигнализациясынын болушу же жайдын ичине башка адамдардын кирип кетишине жол бербеген жана жайдын ичинде коргоого алынган ресурстардын толук сакталышын камсыз кылган күнүүнү көзөмөлдөөнүн болушу; 

- персоналдын мындай жайга кирүүсү функционалдык милдеттерге ылайык так жөнгө салынууга тийиш. 

58. Эгерде төлөм системасынын оператору аппараттык программалык комплексти колдонуу үчүн ижарага алынган жайды пайдаланса, анда ижара келишиминин мөөнөтү белгиленип, кеминде бир жылды түзүүгө тийиш. 

59. Төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси менен иш алып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ персонал (негизги жана кайталоочу) төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

- финансылык маалыматтар менен иш алып барууда ички эрежелер жана жол-жоболор менен жөнгө салынган, коопсуздукту жана купуялуулукту камсыз кылуу нормалары жана талаптары менен таанышып чыгууга; 

- процессинг борборунун аппараттык-программалык комплекси менен иш алып барууда программалык-техникалык каражаттарды тескөө жана ички документтерге ылайык, финансылык маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн зарыл квалификацияга ээ болууга;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, финансылык маалыматтар менен иштөөдө коопсуздукту жана купуялуулукту камсыз кылуу жагында талаптарды бузууга жол бергендиги үчүн жеке жоопкерчилик тартууга. 

60. Төлөм системасынын оператору аппараттык-программалык комплексти системанын үзгүлтүксүз ишин камсыз кыла турган, альтернативалуу электр энергия булактары менен жабдууга тийиш.  

61. Төлөм системасынын оператору үзгүлтүккө учуроолор орун алган шартта, бул программалык комплекстеги маалыматтардын толук сакталышын камсыз кылуусу зарыл. 

62. Төлөм системасынын оператору операциялык системанын, колдонмо программалык камсыздоонун, программалык камсыздоо системасынын, маалымат базасынын жана башка негизги компоненттердин резервдик көчүрмөлөрүн түзүү жана калыбына келтирүү механизми менен камсыздоого тийиш.  

63. Төлөм системасынын операторунда колдонулуп жаткан аппараттык-программалык комплекстин техникалык камсыздоосун жөнгө салган документтер болуусу зарыл. 

64. Төлөм системасынын оператору колдонгон программалык камсыздоодо, программа боюнча кеңири маалыматтарды, пайдалануучу жана администратор үчүн колдонмону кошо алганда, зарыл коштомо документтердин, ошондой эле пайдалануу учурунда зарыл болушу мүмкүн башка документтер болууга тийиш.  

65. Маалымат коопсуздугун камсыздоо ишинде, маалымат алуу, аларды иштеп чыгуу, сактоо жана сунуштоо боюнча процесстерге тартылган, уюмдун тескөөсүндө турган бардык участкалар камтылууга тийиш.  

66. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө коргоого алынууга тийиш болгон жеке маалыматтардын жана башка маалыматтардын коргоого алынышын камсыздоого тийиш.  

67. Төлөм системасынын оператору алты айда кеминде бир жолу протокол түзүү менен аппараттык-программалык комплекстин төлөм системасынын ички эрежелерине жана жол-жоболоруна, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсүнө текшерүү жүргүзүүсү зарыл. 

Төлөм системасынын оператору киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды сактоого милдеттүү.  

68. Төлөм системасынын оператору төлөмдөрдү ишке ашырууда төлөм системасынын операторунун аппараттык-программалык комплекси аркылуу берилип жаткан маалыматтардын чечмеленишин камсыз кылуусу зарыл.  

69. Төлөм системасынын оператору өз тескөөсүндө турган финансылык маалыматтардын коргоого алынышын жана купуялуулугун камсыз кылууга жана аларды үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана берүүгө тийиш.  

70. Төлөм системасынын оператору системалуу билдирүүлөр (лог) журналынын система жана тиркемелер деңгээлинде бардык операциялар үчүн жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш (пайдалануучунун системага кирүүсү/системадан чыгуусу, маалыматтарды өзгөртүүсү ж.б.).  

71. Төлөм системасынын оператору иштелип чыккан финансылык маалыматтардын Кыргыз Республикасынын төлөм документтерин сактоо үчүн мыйзамдарында жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөргө ылайык сакталышын жана архивинин жүргүзүлүшүн камсыз кылууга тийиш.  

 

 

5-глава. Товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен өз ара иш алып барууда төлөм уюмуна карата талаптар 

 

72. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен кызматтарды керектөөчүлөрдөн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу келишимин түзүүгө тийиш, анын шарттарына ылайык төлөм уюму сунуштоочунун атынан төлөөчүлөрдөн акча каражаттарын кабыл алуу укугуна ээ, ошондой эле ушул Жобонун 32-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, сунуштоочу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү

73. Төлөм уюму товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар боюнча актуалдуу базага ээ болууга тийиш. Төлөм уюму менен сунуштоочунун ортосундагы агенттик келишим тастыктоочу документтерди кошо тиркөө менен кеминде төмөнкү маалыматты камтуусу зарыл:  

- юридикалык жактын аталышы/жеке ишкердин аты-жөнү;  

- юридикалык, айкын дареги жана байланыш маалыматтары;  

- сунуштоочу тарабынан берилген товарлардын аталышы же кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү;  

- кардарга товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган/сунуштабаган шартта тараптардын жоопкерчилиги;  

- Жобонун 32-пунктуна ылайык тараптардын финансылык милдеттенмелерин камсыздоосу, өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөтү, келишимдин аракети токтотулган шартта акчаны кайтарып берүү тартиби; 

- штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган шартта маалымдоо тартиби, штаттан тышкаркы жагдайлар орун алган шартта өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана мөөнөтү

- келишимдин колдонуудагы мөөнөтү;  

- тараптардын банктык реквизиттери;  

- төлөө шарттары (тарифтер, комиссиялык төлөмдөр, сый акылар жана башкалар). 

74. Төлөм уюму төлөмдөрдү кабыл алууда чарба иштерине каралган каражаттарды сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банктагы өзүнчө банктык эсептерди, ошондой эле келишим предметинде ушул талапты милдеттүү түрдө көрсөтүү менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн өзүнчө эсептерди ачууга жана пайдаланууга милдеттүү. Товраларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн арналган акча каражаттарын төлөм уюмунун чарба иштери үчүн каралган эсептешүү эсебинде топтоого болбойт. 

Төлөм уюму банк менен түзүлгөн эсептерди ачуу жана тейлөө жөнүндө келишимде банктын мындай төлөмдөрдү банктык эсептерге туура чегерүүсү үчүн бардык шарттарды чагылдыруусу зарыл.  

75. Кыргыз Республикасынын аймагында акча каражаттарынын маалыматтык жана финансылык агымын контролдоо үчүн төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген формада жана отчеттун № 1-6 формасы боюнча Кыргыз Республикасындагы маалыматтык, финансылык төлөм кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу маалыматтарды сунуштап туруусу зарыл.  

76. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму уставдык капитал өлчөмү, коллегиалдык аткаруу органынын курамы, уюштуруучулар, уюштуруучулардын катышуу үлүшүндөгү өзгөрүүлөр, аффилирленген жана байланыштуу жактар, акча каражаттарынын келип чыгуу булактары, өзгөртүлүшүнө жараша айкын жана юридикалык даректери тууралуу маалыматтарды, өзгөртүүлөр жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде анкеталардын жана тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен сунуштоого милдеттүү

77. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына ылайык финансылык абалы тууралуу отчетту чейрек сайын сунуштап турууга милдеттүү. Отчет төлөм системасынын оператору тарабынан отчеттук чейректен кийинки айдын 25 (жыйырма бешинчи) күнүнөн кечиктирбестен электрондук түрдө (документтин сканерленген версиясы) сунушталып, кийинчерээк кагаз жүзүндөгү версиясы жөнөтүлөт. 

78. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму маалыматтарды отчеттук айдан кийинки айдын 15 (он беши) күнүнөн кечиктирбестен, ушул Жобого карата 1-тиркемеде берилген отчеттун № 1 формасына ылайык ай сайын сунуштап туруулары зарыл. Отчет көрсөтүлгөн мөөнөттө электрондук түрдө (документтин сканерленген версиясы) сунушталып, кийинчерээк кагаз жүзүндөгү версиясы жөнөтүлөт.  

79. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму Улуттук банктын лицензиясын алган айдан кийинки айдын отчеттук айдан тартып отчет бере баштайт.  

80. Эгерде акыркы отчет берүү күнү эс алуу күнүнө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде белгиленген майрам күнүнө туура келсе, отчет берүүнүн акыркы мөөнөтү андан кийинки жумуш күнүнө которулат.  

81. Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар менен жаңыдан түзүлгөн келишим жөнүндө маалыматтарды келишим түзүлгөндөн кийинки 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбеген мөөнөттө, купуя маалыматтарды эске албаганда, келишимдин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка берүүлөрү тийиш. 

Маалымат Улуттук банкка электрондук түрдө (документтин сканерленген версиясы) сунушталып, кийинчерээк кагаз жүзүндөгү версиясы жөнөтүлөт. 

82. Улуттук банк, төлөм системасынын операторлорунан жана төлөм уюмдарынан алардын жана алардын агенттеринин үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча ишине тиешелүү кандай болбосун маалыматтарды кайсыл болбосун убакытта талап кылууга, ошондой эле инспектордук текшерүүлөрдү жеринде барып жүргүзүүгө укуктуу.  

83. Улуттук банк жыл сайын Кыргыз Республикасынын төлөм системасына мониторинг жүргүзүүнүн негизинде Кыргыз Республикасындагы системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларынын, маанилүү кызмат көрсөтүү провайдерлеринин тизмесин аныктайт жана жарыялайт же бул төлөм системасын маанилүү деп таануу жөнүндө же оператор маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдери болуп саналган болсо, төлөм системасынын операторлорунун дарегине тиешелүү кат жөнөтөт.  

84. Системалары системалуу мааниге ээ жана маанилүү катары аныкталган төлөм системасынын жана ошондой эле маанилүү кызмат көрсөтүүлөр провайдерлеринин операторлору милдеттүү түрдө кеминде 2 (эки) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз финансылык аудит жана маалымат системаларына аудит жүргүзүүгө тийиш.  

85. Төлөм системасы маанилүү критерийине туура келбеген төлөм системасынын операторлоруна милдеттүү түрдө кеминде 3 (үч) жылда 1 (бир) жолу көз карандысыз финансылык аудит жана маалымат системаларына аудит жүргүзүлүүгө тийиш.  

86. Көз карандысыз финансылык аудиттин жана маалымат системаларына аудиттин жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчеттун көчүрмөсү ага кол коюлгандан кийинки 1 (бир) айдан кечиктирбестен Улуттук банкка сунушталууга тийиш.  

Төлөм системасынын операторуна аудит эң аз дегенде төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:  

- колдонуудагы саясат жана жол-жоболорго баа берүүлөрдү;  

- төлөм системасынын коопсуздугуна баа берүүлөрдү;  

- тобокелдиктерди тескөө саясатына баа берүүлөрдү

87. Эл аралык төлөм карттарын колдонуу менен эсептешүүлөр боюнча системанын оператору сертификат берүүнүн эл аралык программасы боюнча сертификатка ээ аудиторлорду ишке тартуу менен маалымат системаларына кеминде 2 (эки) жылда 1 (бир) жолу аудит жүргүзүп турууга тийиш. Маалымат системаларына аудиттин жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчеттун көчүрмөсү ага кол коюлган учурдан кийинки 1 (бир) айдан кечиктирилбестен Улуттук банкка сунушталууга тийиш. 

88. Улуттук банкка сунушталуучу бардык отчеттор ушул жобонун 1-тиркемесине ылайык, компаниянын расмий барагына таризделип, жетекчинин жана башкы бухгалтердин кол тамгалары коюлуп, сунушталууга тийиш. 

 

 

7-глава. Төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалына (сash-in) карата талаптар 

 

89. Автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалы:  

- сунуштоочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөнү жүзөгө ашыруу үчүн жабдууларды пайдалануу боюнча кыскача нускоо/малымат менен төлөөчүнү тааныштырууга тийиш;  

- төлөм уюмунун бирдиктүү аппараттык-программалык комплекси менен түздөн-түз туташкан болууга, анын жайгашуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коопсуздук талаптарына жооп берүүсү зарыл;  

- кардар товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөгөнгө чейин төлөмдү өткөрүү үчүн комиссиялар/тарифтер боюнча мааалымат берүүгө тийиш;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылган операцияларды тастыктоо катары чек берүү түзүлүшү менен жабдылуусу зарыл.  

90. Төлөм уюму жана/же анын агенти/субагенти автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалын жайгаштыруу үчүн аны ошол жерге орноштурууга укукту тастыктаган бардык зарыл документтерге ээ болууга тийиш.  

91. Төлөм уюму жана/же анын агенти/субагенти автоматташтырылган өз алдынча тейлөө терминалы боюнча ишти колдоо жана профилактикалык техникалык иштерди жүргүзүү үчүн жооптуу адамды дайындоосу зарыл. 

 

 

8-глава. Процессинг борборуна карата минималдуу талаптар  

 

92. Төлөм системасынын оператору, маалымат алуу, иштеп чыгуу, сактоо жана аны төлөм системасынын катышуучуларына сунуштоо процессине тартылган төлөм системасынын бардык чөйрөсүнүн маалымат коопсуздугун камсыз кылуу жагында чаралар топтомун колдонууга тийиш.  

93. Төлөм системасынын оператору төлөмдөрдү жүзөгө ашырууда автоматташтырылган система аркылуу өткөрүлгөн маалыматтарга шифр белгиленишин камсыз кылуусу зарыл.  

94. Төлөм системасынын оператору жеке маалыматтардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө коргоого алынышын камсыз кылууга тийиш

95. Төлөм системасынын оператору төмөнкүлөрдү ишке ашырат: 

- анын тескөөсүндө турган финансылык маалыматтын сакталышын жана анын купуялуулугун камсыз кылуу жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана үчүнчү жактарга берүү;  

- системанын ишинде орун алышы мүмкүн болгон калпыстыктарды тескөө боюнча программаны иштеп чыгуу жана бүтүндөй системаны зыян келтирүүчү программалык камсыздоолордон сактоо, вируска каршы программалык камсыздоону дайыма жаңыртып туруу;  

- киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;  

- төлөм системасынын коопсуздугун камсыз кылуу иш-чараларын иштеп чыгуу жана колдоо; 

- автоматташтырылган системанын деңгээлинде бардык операциялар үчүн системалуу билдирүүлөрдүн (лог) жана анын тиркемелеринин журналын жүргүзүү (пайдалануучунун системага/дан кириши/чыгышы, маалыматтардын өзгөрүүсү ж.б.); 

- финансылык транзакциялар боюнча иштелип чыккан маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөргө ылайык сактоо жана архивин жүргүзүү;  

- 6 (алты) ай ичинде кеминде 1 (бир) жолу автоматташтырылган системанын коопсуздугунун төлөм системасынын ички эрежелеринин жана жол-жоболорунун талаптарына, ошондой эле Улуттук банктын талаптарына ылайык келиши көз карашында текшерүү жүргүзүү. Текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча протокол түзүлүп, ага текшерүүгө катышуучулар кол коюусу зарыл.  

96. Төлөм системасынын операторунун же болбосо ал ижарага алган тейлөө жайы төмөнкү негизги талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- обочо турушу (имараттын ичинде, курулманын башка бөлүктөрүнөн дубал менен бөлүнгөн, терезеси жок аймакта жайгашуусу);  

- ишенимдүү кулпулардын болушу;  

- коргоо-өрт коопсуздугу боюнча белги берүү каражаттарынын же болбосо чоочун адамдардын жайга санкциясыз киришине жол бербеген жана жайда турган ресурстардын сакталышын камсыз кылган күнүүнү коргоого алуу же байкоо жүргүзүү каражаттарынын болушу;  

- гидроизоляциянын болушу жана сымдардын салаңдап турушуна жол бербөө

- функционалдык милдеттерге ылайык персоналдын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектөө;  

- тейлөө жайына кирүүнү каттоо журналынын же контролдоо системасынын жана кирүү мүмкүнчүлүгүн тескөө системасынын болушу.  

97. Төлөм системасынын оператору Улуттук банктан лицензия алган учурдан тартып кайсыл болбосун мезгил ичиндеги кандай болбосун транзакция тууралуу маалыматты айкын убакыт ыргагында жана/же талап боюнча, талап келип түшкөндөн кийинки 1 (бир) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө алуу мүмкүнчүлүгү менен сакталышын камсыз кылууга тийиш.  

98. Төлөм системасынын оператору Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык алдамчылык операцияларна каршы аракеттерди көрүү иш-чараларын кошо алганда, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (жетекчиликтин деңгээлинде) боюнча ички контролдук эрежелеринин сакталышы жана анын ишке ашырылышы үчүн жооптуу атайы кызмат адамын дайындоого тийиш.  

99. Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөр улуттук валютада жүзөгө ашырылууга тийиш. 

100. Төлөмдөрдүн процессинги жана клиринги Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүзүлүүсү зарыл.  

101. Процессинг борбору ушул Жободо белгиленген минималдуу талаптарга дал келүүгө тийиш.  

102. Төлөм системасынын оператору автоматташтырылган система тарабынан колдонулган иш жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн техникалык регламентке ээ болууга тийиш.  

103. Төлөм системасынын оператору тарабынан колдонулган программалык камсыздоодо программанын мүнөздөмөсүн, пайдалануучу жана администратор үчүн колдонмону кошо алганда, системанын паспорту, ошондой эле төлөм системасын эксплуатациялоо үчүн коштомо документтер камтылат.  

Программалык камсыздоо техникалык колдоо боюнча гарантияга ээ болууга тийиш. Программалык камсыздоону пайдалануу боюнча коштомо документтерде көрсөтүлгөн учурларды эске албаганда, аны Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары колдонууга жол берилбейт.  

104. Төмөнкүлөр боюнча транзакцияларды иштеп чыгууну жүзөгө ашырган төлөм системасынын оператору:  

- эл аралык төлөм карттарын колдонуу боюнча, Payment Card Industry Data Security Standard (PCI DSS) сертификатына, төлөм карттары жагында маалыматты коргоо параметрлерин аныктаган эл аралык стандартка ээ болуп, тышкы аудиторлор тарабынан ага ылайык келиши жыл сайын тастыкталып турууга тийиш;  

- улуттук же локалдык системалардын төлөм карттарын колдонуу боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. 

 

 

 

  

  

«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого карата 

1-тиркеме 

  

Улуттук банктын  

Төлөм системалары  

башкармалыгы  

 

 

Төлөм уюму жана төлөм системасынын оператору тарабынан  

сунушталуучу отчеттун титулдук барагы  

 

Ушул аркылуу, Улуттук банктын № _________ лицензиясынын негизинде иш алып барган ____________________________________ (ЖЧК, ААК, ЖАК д.у.с.)  

(оператордун/төлөм уюмунун аталышы)  

201__-жылдын «__» __________ үчүн төлөм системасы боюнча отчетту сунуштайт.  

  

Тиркемелер:  

Отчеттун № 1 формасынын аталышы  

Отчеттун № 2 формасынын аталышы  

Отчеттун № 3 формасынын аталышы  

Отчеттун № 4 формасынын аталышы  

Отчеттун № 5 формасынын аталышы  

Отчеттун № 6 формасынын аталышы  

 

  

Жетекчи 

(жетекчинин орун басары) 

__________________ 

(жеке кол тамгасы ) 

_____________________ 

(аты-жөнү

  

 

 

Аткаруучу 

__________________ 

(жеке кол тамгасы ) 

_____________________ 

(аты-жөнү

  

Мөөрү  

Телефон номери  

  

 

 

 

Отчеттун № 1 формасы  

Уюмдун аталышы  

_________________________ 

Төлөм уюму жана төлөм системасынын оператор жөнүндө маалымат 

20___-жылдын ______________ чейреги үчүн  

Уюмдун аталышы 

Банктын аталышы (ачылган гарантиялык эсеп жана эсептешүү эсеби) (+ /-) 

Кызмат көрсөтүү түрлөрү (лицензияга ээ) 

Келишимдин негизинде кызмат көрсөтүүлөр түрү 

Терминалдардын саны 

Pos - терминалдардын саны 

Төлөм системасынын катышуучуларынын саны 

Субагенттердин саны 

  

Аткаруучу 

__________________ 

(жеке кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

  

 

 

 

Отчеттун № 2 формасы  

Уюмдун аталышы  

_________________________ 

Төлөм системасында 20_____-жылдын ______________ чейреги ичинде төлөмдөрдүн (которуулардын) саны жана көлөмү жөнүндө отчет 

№ 

Төлөм түрү 

Төлөмдөрдүн саны 

Төлөмдөрдүн көлөмү  

(миң сом) 

Уюлдук байланыш 

 

 

Катталган телефон байланышы 

 

 

Интернет 

 

 

Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр 

 

 

Салык жыйымдары 

 

 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматына айыптык төлөмдөр 

 

 

Мамлекет бюджетине башка төлөмдөр 

 

 

Банктык эсепти толуктоо 

 

 

Финансы-кредит мекемесинен алынган кредит үчүн төлөө 

 

 

10 

Башка банктык кызмат көрсөтүүлөр 

 

 

11 

Электрондук капчыкты толуктоо 

 

 

12 

Интернет-дүкөндөр 

 

 

13 

Социалдык тармактар 

 

 

14 

Интернет оюндар 

 

 

15 

Эсепти башка интернет тиркемелеринен толуктоо 

 

 

16 

Такси кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө 

 

 

17 

Жарнама кызмат көрсөтүүлөрү  

 

 

18 

Кулактандыруу  

 

 

19 

Кайрымдуулук  

 

 

20 

Билим берүү  

 

 

21 

Туристтик кыдыруулар 

 

 

22 

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы  

 

 

23 

Башка төлөмдөр  

 

 

  

Бардыгы болуп ай ичинде: 

Бардыгы болуп ай ичинде 

январь 

февраль 

март 

апрель 

май 

июнь 

июль 

август 

сентябрь 

октябрь 

ноябрь 

декаабрь 

Жыйын тыгында жыл ичинде 

Жалпы саны 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Жалпы көлөмү 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

Отчеттун № 3 формасы  

Уюмдун аталышы  

_________________________ 

  

 

Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун эрежелеринин талаптарын бузууга жол берүүгө байланыштуу аныкталган кемчиликтер жөнүндө маалыматтар 

Кемчиликтердин саны (бирдик)____________________ 

Саптын номери 

Кемчилик аныкталган күн 

Төлөм системасынын катышуучусунун аталышы (агенттер/субагенттер) 

Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму тарабынан берилген төлөм системасынын катышуучуларынын (агенттер/субагенттер) каттоодон өткөн номерлери 

Кемчиликтердин кесепеттери 

Маалымат инфраструктурасынын объекттери 

Кабыл алынган иш-аракеттерди четтетүү боюнча көрүлгөн аракеттер 

Укук коргоо органдарына кайрылуу фактылары 

Кемчиликке жол берилген аймак/жери/кызмат көрсөтүү түрү 

  

Аткаруучу 

__________________ 

(жеке кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

  

 

Отчеттун № 4 формасы  

Уюмдун аталышы  

_________________________ 

Бул отчет келишим түзүлгөн учурда сунушталат. 

Төлөм системаларынын эл аралык операторлору менен түзүлгөн келишимдер жөнүндө маалыматтар 

Оператордун/төлөм уюмунун аталышы 

Процессинг борборунун аталышы (түзүлгөн өлкөсү

Эл аралык процессинг борбору менен түзүлгөн келишимдин номери 

Катышуучулардын саны 

  

Аткаруучу 

__________________ 

(жеке кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

Отчеттун № 5 формасы  

Уюмдун аталышы  

________________________ 

 

Ишке ашырылган төлөөлөр жөнүндө маалыматтар 

 

Күнү  

Уюмдун/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун аталышы  

Төлөө формасы 

Ишке ашырылган төлөөнүн көлөмү (сом) 

 

 

Алдын ала төлөм, сом 

Камсыздандыруу депозити, сом 

Банктык гарантия, сом 

 

 

Жетекчи  

(жетекчиинин орун басары) 

__________________ 

(жеке кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

Аткаруучу 

__________________ 

(жеке кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

 

Мөөрү 

Телефон номери 

 

Отчеттун № 6 формасы  

Уюмдун аталышы  

________________________ 

 

Агенттердин саны жана аталышы, төлөмдөрдүн көлөмү жана саны боюнча  

20___ жылдын _____ айы үчүн маалыматтар  

 

Агенттердин саны жана аталышы 

Төлөм терминалдарынын саны 

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны  

POS терминалдардын саны 

Веб-кассалардын саны 

Төлөмдөрдүн көлөмү, сом 

Төлөмдөрдүн саны 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жетекчи  

(жетекчиинин орун басары) 

__________________ 

(жеке кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

Аткаруучу 

__________________ 

(жеке кол тамгасы) 

_____________________ 

(аты-жөнү

 

Мөөрү 

Телефон номери 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

 

БЕКИТЕМ 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын  

төрагасы Т.С. Абдыгулов  

____________________ 

(кол тамгасы) 

«____» _______________ 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы №19/10 «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор долбоорунун 

ЖӨНГӨ САЛУУ ТААСИРИНЕ ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ 

(кыскача талдап-иликтөө

 

Иштеп чыгуу үчүн негиз: Улуттук банктын 2019-жылдын 5-мартындагы № 2019-Пр-141/42-О жана 2019-жылдын 28-мартындагы № 2019-Пр-141/55-О буйругу  

Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөнү жүргүзүү мөөнөтү:  

 

2019-жылдын март айы (башталышы) 2019-жылдын май айы (аякташы)  

№1 жумушчу топ: 

1. 

Э.В.Лелевкина  

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын начальниги, жумушчу топтун төрагасы 

2. 

М.Ш.Акулуева  

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын Төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги  

3. 

Н.Э.Омуралиева  

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын Төлөм системасына көзөмөлдүк жана контролдоо бөлүмүнүн начальниги  

4. 

А.З. Султаналиев  

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын Санариптик жана финансылык технологиялар боюнча бөлүмдүн начальниги  

5. 

Н.А.Бугубаева  

 

Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин көзөмөлдөө тобунун жетекчиси 

6. 

А.Т.Бакесариева  

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын Төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси  

7. 

А.К. Джакубова  

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын Төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси (№ 1 жумушчу топтун катчысы) 

8. 

А.Исмаилов  

 

Улуттук банктын Юридика башкармалыгынын жетектөөчү юристи  

9. 

У.Кулманбетов  

 

Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын башкы адиси  

10.  

М.Н. Дюшенбиев  

 

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын Төлөм системасына көзөмөлдүк жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси  

11. 

А.С.Куренкеев  

 

Байланыш операторлорунун ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуунун негизинде) 

12. 

Р.К.Алишев  

 

Кыргыз Республикасынын Төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясынын президенти (макулдашуунун негизинде) 

13.  

Р.Измайлов  

 

«Демир Кыргыз интернешнл Банк» ЖАКтын методология жана уюштуруу бөлүмүнүн начальниги (макулдашуунун негизинде) 

 

Жооптуу адамдын байланыш маалыматтары: А.К.Джакубова, Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын Төлөм системасынын методологиясы, анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси (№1 жумушчу топтун катчысы), тел. 66-91-43, e-mail: adjakubova@nbkr.kg

 

 

Көлөмү: ________барак, тиркемелер: _______ барак. 

 

«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» жобонун долбоорунун  

ЖӨНГӨ САЛУУЧУ ТААСИРИНЕ ТАЛДАП-ИЛИКТӨӨ 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 «Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө» токтомунун талабына шайкеш келтирилген 

 

Проблемалар жана мамлекеттик кийлигишүү үчүн негиздер  

Кыргыз Республикасынын төлөм системасы дегенден улам, акча жүгүртүүнү камсыз кылган жол-жоболордун, эрежелердин, төлөм инструменттердин жана акча каражаттарын которуу системасынын өз ара байланыштуу технологиялар системасы түшүнүлөт.  

Кыргыз Республикасында төлөм системасынын катышуучуларынан болуп калкка банктык (төлөм) кызматтарын сунуштаган коммерциялык банктардан, банк эмес финансы-кредит уюмдарынан тышкары, төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча кызматтарды, үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана берүү боюнча кызматтарды төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштаган, ошондой эле банк менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук акчаны таркатуу боюнча кызматтарды сунуштаган төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары саналат.  

Учурда төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүүлүүчү кызматтар кеңейтүүгө карай тенденцияга жана Кыргыз Республикасынын калкынын арасында төлөмдөрдүн 24төн ашык түрлөрүн жүргүзүү ыңгайлуулугунун жана тездигинин эсебинен суроо-талапка ээ. Баарынан мурда, бул турак жай-коммуналдык чарба, байланыш жана интернет үчүн кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө, салыктык жыйымдар, жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптар, банктык эсепти жана электрондук капчыкты толуктоо, ФКУнун кредити үчүн төлөө, бюджетке төлөмдөр жана башка төлөмдөр. Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын жана алардын агенттеринин/субагенттеринин саны, анын ичинде республиканын региондорунда төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары аркылуу өткөрүлгөн транзакциялардын саны жана көлөмү да көбөйүүдө. Жалпысынан, бул нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. 

Мамлекет экономикада нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүн төлөм инфраструктурасын кеңейтүүнүн жана калктын катышуу деңгээли, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары аркылуу калктан төлөмдөрдү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларга үзгүлтүксүз өткөрүүнүн эсебинен көбөйтүүгө кызыкдар.  

Учурда төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары банктык төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун белгилүү бир сегментин ээлөө менен бүтүндөй өлкө боюна иштөөдө. Алардын системасы аркылуу ишке ашырылган акча жүгүртүүлөрдүн санынын жана көлөмүнүн көбөйүү тенденциясы байкалууда. Алсак, 2015-жылы Улуттук банк тарабынан төлөм системасынын операторунун ишин жүргүзүү укугуна 19 лицензия жана төлөм уюмунун ишин жүргүзүү укугуна 19 лицензия берилген, ал эми 2018-жылы лицензияга 22 төлөм системасынын оператору жана 21 төлөм уюму ээ болгон. Мында, 2016-жылы төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары аркылуу ишке ашырылган төлөмдөр көлөмү 23,8 млрд сомду, ал эми 2018-жылы 29,2 млрд сомду түзгөн.  

Акча жүгүртүүлөр көбөйүп жаткандыгын эске алуу менен төлөм системаларынын ишинде келип чыккан үзгүлтүккө учуроолор өлкөнүн финансылык туруктуулугуна жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарына терс таасир тийгизиши мүмкүн, анткени контрагенттердин ортосунда эсептешүүлөрдү өз учурунда жүргүзбөй калуу, төлөм уюмдары тарабынан акча каражаттарын максатсыз пайдалануу же калктын акча каражаттарынын товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуларына чейин жетпей калуу тобокелдиги келип чыгат. 

Ушуга байланыштуу «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун (мындан ары Жобо) талаптарын кайра карап чыгуу үчүнчү жактардын пайдасына калктан товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алууга жана жүргүзүүгө байланыштуу тобокелдиктерди азайтууга мүмкүн кылат

 

1-проблема. Төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишинин бузулушу. 

2019-жылдын январь айында ири төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмунун биринин менчик ээлеринин/уюштуруучуларынын/катышуучуларынын ортосунда ички пикир келишпестиктин, эмгек жамааттын компаниянын жетекчилигинин саясаты, башкаруу методдору жана формалары менен макул эместигинин, ошондой эле келип чыгуучу проблемаларды өз учурунда чечилбей калуунун натыйжасында, компанияны башкара албай калууга, компаниянын негизги кызматкерлеринин массалык иштен бошонуусуна жана аталган төлөм системасынын ишинде келип чыккан үзгүлтүккө учуроолорго алып келген. 

Системада келип чыккан үзгүлтүккө учуроолорду өз учурунда четтетпей коюу «өткөрүлбөй калган» төлөмдөргө жана аталган уюмдун агенттери/кардарлары/контрагенттери менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүн эместигине алып келген. Жыйынтыгында, бул төлөм системасынын аталган операторунун/төлөм уюмунун ишин жүзөгө ашырууга лицензиянын токтотулушуна алып келген.  

Мындан тышкары, төлөм системасынын ишинде келип чыккан проблемалар электрондук акча менен эсептешүүлөр системасынын, интернет-банкингдин, төлөм терминалдарынын жана айрым коммерциялык банктардын иштешине таасир эткен.  

Түптөлгөн жагдай төлөм терминалдары, электрондук капчыктардын агенттери жана субагенттери, ошондой эле алардын алдында финансылык милдеттенмелеринин орду жабылбаган агенттердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сунуштоочулары аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм төлөгөн калктын терс пикирин жараткан.  

Кызмат көрсөтүүнү төлөө менен калк электр менен камсыздоодон, интернет-байланыштан ж.б. өчүрүү проблемасына туш болгон. Төлөм системасынын ушул оператору/төлөм уюму тарабынан карызынын, ошондой эле төлөөчүлөрдөн «өткөрүлбөй калган» төлөмдөрдүн көбөйүшүнөн кооптонуу менен сунуштоочулар бир тараптуу тартипте төлөм системасынан өчүрүшкөн. 

Ошентип, төлөм системасынын ишинде келип чыккан үзгүлтүккө учуроолор өз учурунда эмес өз ара эсептешүүлөргө жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын жана агенттердин алдында финансылык милдеттенмелердин келип чыгышына алып келген, ал эми «кийин төлөө» механизми өз натыйжасыздыгын көрсөттү

Эгерде төлөм системаларынын операторлору кабыл алынуучу төлөмдөрдүн бардык суммасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр сунуштоочуларына 100% алдын ала төлөм түрүндө «коопсуздук жаздыгын» сунуштаса, анда мындай сценарий келип чыккан учурда кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын алдында карыз болмок эмес.  

Ошондой эле товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр сунуштоочусуна каралган акча каражаттарынын аларды максаттуу дайындалышы боюнча эмес пайдаланган төлөм уюмунун эсептешүү эсебинде топтоо тобокелдиги келип чыккан.  

Төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү өткөрүү максатында, өз кезегинде төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата субагенттеринен болуп саналган өзүнүн агенттерине ээ агенттердин чексиз саны менен келишим түзүп жаткандыгы тынчсызданууну жаратат. 

Агенттин жана субагенттик тармактын жетиштүү деңгээлде чоң база болгон шартта, акча каражаттарын топтоо жана товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр сунуштоочулары менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн акча каражаттарынын ликвиддүүлүгү жетишсиздиги менен проблемалар келип чыгышы мүмкүн, бул да терс кесепеттерге алып келет. Ошол эле учурда агенттер жана алардын субагенттери кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн алдында жоопкерчилик тартпайт.  

Маалыматтык коопсуздукту жана финансылык туруктуулукту камсыз кылуу бөлүгүндө өзүнчө проблема болуп Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары маалыматтык жана финансылык агымдарды аппараттык-программалык комплексти аралыктан туруп башкаруу мүмкүнчүлүгү саналат. 

Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын санын өсүүгө ык койгон тенденциясын, ошондой эле алардын системаларындагы бир кыйла акча жүгүртүүлөрдү эске алуу менен мындай мамиле өлкөнүн улуттук жана маалыматтык коопсуздугуна, иштетилип жаткан маалыматтардын купуялуулугунун камсыз кылынышына коркунуч келтирет. 

Демек, төлөм системаларынын операторлорунда жана төлөм уюмдарында ушул сыяктуу жагдайдын келип чыгуу тобокелдиктерин төмөндөтүү үчүн Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына, атап айтканда «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл.  

Андан кийин «проблемалар дарагы» келтирилген, анда алардын чечилишине терс таасир тийгизген негизги проблемалар (чакан проблемалар) чагылдырылган: 

 

 

Эл аралык тажрыйба 

Эл аралык тажрыйбада тез/дароо төлөмдөр дегенден улам, «24/7/365» ыргагында жеткиликтүү жана колдонулуучу төлөм инструментине (эсептен которууга, тике эсептен чыгарууга, төлөм картка же башкага), ошондой эле клиринг жана эсептешүүлөр механизмине карабастан, анын катышуучулары үчүн транзакцияларды дароо же дароого ажкын (секунд ичинде) тастыкталышын камсыз кылган нак эмес төлөмдөрдү жана которууларды жүзөгө ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр түшүнүлөт.  

Улуу Британия. 2008-жылы Англияда Faster Payments (FPS) тез төлөмдөр системасы ишке киргизилген, ал айкын убакыт ыргагында «24/7», мобилдик, интернет жана телефон банкингинин жардамы менен көп учурда анча чоң эмес суммаларда эсептешүү үчүн каралган. 

Системаны башкарууну Faster Payments Scheme LTD (банктардын консорциумуна таандык коммерциялык эмес уюм) жүзөгө ашырууда. Учурда FPS P2P, C2B, B2B, B2C кошо алганда төлөмдөрдүн ар кандай типтерин колдоого алып келет.  

Тез төлөмдөр системасы менен интегрирленген Paym сервиси мобилдик телефон номерин гана колдонуу менен кардарлардын банктык эсептеринин ортосунда акча которууга мүмкүн кылат, ушуга байланыштуу маалыматтардын бирдиктүү базасы (телефон номери, банктык эсептеринин номери жана колдонуучунун аты-жөнү) жүргүзүлөт.  

С2В ыкчам төлөмдөр үчүн Pay-by-Bank сервиси мобилдик банктын тиркемеси аркылуу интернет тармагында (e-Commerce) товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөнү ыңгайлуу инициациялоо үчүн иштелип чыккан. Faster Payments ар бир операция боюнча анын катышуучуларынын ортосунда финансылык маалымат менен дароо алмашуу, банктардын эсептешүү эсептери боюнча каражаттарын системада эсептен алып салуу жана чегерүү ишке ашырылат. Банктардын ортосунда милдеттенмелерин өз ара чегерүү үчүн “мөөнөтү өткөн нетто-эсептешүү” системасы колдонулат. Система нетто-позицияны ар бир катышуучу-банкка, ошондой эле эсептешүүлөрдү күнүнө 3 жолу (дүйшөмбүдөн жумага чейин) жүргүзүү үчүн Англия Банкына жөнөтөт. Жөнөтүүчүнүн таза дебеттик позициясынын максималдуу өлчөмүнө эквиваленттүү сумма Англия Банкынын өзүнчө атайын эсебине тобокелдиктердин ордун толтуруу үчүн жайгаштырылат.  

Учурда Faster Payments системасына Улуу Британиянын күндөлүк клирингге тартылган ири банктары жана курулуш коомдору түздөн-түз туташтырылган. Бирок, системанын катышуучу-банктарынын бири менен келишим түзүү аркылуу финансы рыногунун 400дөн ашык катышуучулары колдонуп келет.  

Швеция. 2012-жылдын ноябрь айында Швецияда была запущена платежная система в режиме реального времени «Payments in Real Time» («BiR») айкын убакыт ыргагында төлөм системасы ишке киргизилген, анын алкагында төлөмдөрдү иштеп чыгуу «24/7/365» ыргагында жүзөгө ашырылат.  

Системаны түзүүдө Riksbank жигердүү катышкан, ал ошондой эле BiR системасын контролдоо үчүн жооп берет. Бул көзөмөлдүктүн алкагында алардын талаптагыдай иштешин камсыздоо жана эл аралык стандарттарга ылайык келиши үчүн системаларга туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлөт. Системада клиринг RTGS RIX системасында Riksbank жайгаштырылган системдүү оператордун атайын эскроу-эсептеринде системанын катышуучулары тарабынан депондоштурулган каражаттардын негизинде BiR системасында оператор тарабынан колдоого алынуучу катышуучулардын атайын төлөм эсептерин пайдалануу менен айкын убакыт ыргагында аткарылууда.  

RIX системасынын ишинин жүрүшүндө катышуучулар эскроу-эсептерди RIX системасында иштеген RTGS эсептеринин каражаттары менен толуктайт. Катышуучулар тарабынан оператордун эскроу-эсебинде топтолгон каражаттар BiR системасында алардын жеке эсептеринде чагылдырылат, анда оператордун эсептик жазуусу RIX жана Riksbank системасы иштебеген учурда транзакцияларды иштеп чыгууда да колдоого алынат.  

Ордун жабуу депозитинин өлчөмү борбордук банк менен жумуш күнү аяктаган күндүн, дем алыш же майрам күндөрүнүн алдында ар бир бир жолку мезгилге макулдашуунун негизинде белгиленет. BiR системасында транзакциялардын суммасы жана саны боюнча лимиттер жок. Учурда системада мобилдик телефон номерин пайдалануу менен мобилдик тиркемеден инициацияланган Swish тиркемесинен чыккан мобилдик төлөмдөр иштелип чыгат. Акча каражаттарын алуучунун эсебине чегерүү жөнөтүүчү тарабынан төлөө демилгенленген учурдан тартып 15 секунд ичинде жүрөт, ички эсептөө 1-2 секунд ичинде жүзөгө ашырылат. Тиркеме швед кронасында гана иштейт. Swish менен иштөө үчүн колдонуучу швед банкында эсеби, BankID (банктар аралык электрондук идентификациялоо системасынын колдонуучусунан болууга), смартфон жана Swish тиркемеси болуусу зарыл. 

Индия. Индияда IMPS (Immediate Payment Service) дароо ишке ашырылуучу төлөмдөр системасы ишке киргизилген, ал Индиянын 296 финансы мекемеси тарабынан колдоого алынууда. IMPS платформасы P2P жана C2B төлөмдөрдү иштетүүгө жөндөмдүү, мында транзакциялар интернет-канал аркылуу мобилдик түзүлүштөн, ошондой эле банкоматтын (ATM) жардамы менен демилгелениши мүмкүн.  

IMPS коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдүн өткөрүлүшүн, акча которууларды кредиттердин ордун жабуу эсебине жүргүзүүнү, банк эсебин толуктоону, коомдук транспортко билет сатып алууну, онлайн-сатып алууларды жүргүзүүнү, билим берүү мекемелеринде окууну төлөөнү колдоого алат. Сервис ошондой эле автоматтык төлөмдү жүзөгө ашырууга мүмкүн кылат: алуучу тууралуу маалыматтар бир жолу киргизилет жана транзакция көрсөтүлгөн убакытта, ырааттамага ылайык кошумча тастыктоосуз жүргүзүлөт. Бул чечим катышуучу-банктардын онлайн-банкингинде, ошондой эле алардын АТМ-тармагында жана USSD сервиси аркылуу интеграцияланган.  

Индияда 2016-жылдын баш жагында UPI (Unified Payments Interface) системасынын пилоттук долбоору ишке киргизилген, ал ар кайсы банктардагы бир нече банктык эсептерди бириктире алат, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жана сервистерди пайдалануу үчүн бирдиктүү инфраструктураны бере алат, ошондой эле эки фактордуу аутентификацияны пайдалануу менен коопсуздуктун кыйла заманбап системасына ээ. 

Индияда 2016-жылдын акырында BHIM (Bharat Interface for Money) мобилдик түзүлүштөр үчүн өзүнчө тиркеме пайда болгон, ал UPI платформасын колдонгон бардык индиялык банктар менен иштеген, электрондук төлөмдөрдү жеңилдетүү үчүн каралган, ошондой эле аларды бир тиркемеге бириктирүүгө мүмкүн кылат. Тиркеме акча каражаттарын которууга; которууга сурап-билүү жөнөтүүгө; QR-кодду Сканерден өткөрүүгө жана төлөөгө; төлөө үчүн QR-код түзүүгө жана төлөөчүгө жөнөтүүгө; транзакциялардын таржымалына кирүү мүмкүнчүлүгүн алууга; банктык эсепти тандоого (эгерде алар бир нече болсо) мүмкүн кылат. Транзакциялардын суммасы боюнча лимиттер банк тиешелүү NPCI жана RIB эрежелеринен алганда жекече белгилейт. 

Дагы бир төлөм чечиминен болуп Aadhaar Enabled Payment System (AEPS) болуп саналат Aadhaar идентификациялоонун улуттук системасына негизденген төлөм сервиси. Бул төлөм сервисинин маңызы төлөө процессинде манжалардын тактарынын сканери же көздүн карегинин сканери менен POS-терминал ишке тартылгандыгынан турат. Төлөөнүн жөнөкөй жана арзан ыкмасы болуп саналгандыгы бул факт. AEPS аркылуу төлөө жөнөкөй болгондуктан, аталган инструмент аны шаарларда гана эмес, айыл жеринде да таркатууга мүмкүн кылат.  

 

Мамлекеттик жөнгө салуу максатынан болуп нак эмес эсептешүүлөрдү көбөйтүү жолу менен көмүскө экономиканын үлүшүн төмөндөтүү саналат. Мындан тышкары, жөнгө салуучу төлөм системаларын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө үчүн жетишээрлик деңгээлде ыйгарым укуктарга, б.а. иш-чаралардын жүргүзүлүшүн жөнгө салуу жана төлөм системалары бөлүгүндө мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу ыйгарым укуктарына ээ болууга тийиш.  

Бул максат Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы №19/10 токтому менен бекитилген «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун талаптарын кайра карап чыгуу аркылуу жетишүүгө мүмкүн. Ушуга байланыштуу төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин кыйла натыйжалуу жана оперативдүү жөнгө салуу үчүн төмөнкү бөлүктө Улуттук банктын талаптарын күчөтүлүүгө тийиш: 

- төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын калктын акча каражаттарын жоготуп алуу тобокелдигин минималдаштыруу жана милдеттенмелердин аткаруунун кепилдиктеринин камсыздоо аркылуу коргоо

«Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого ылайык, төлөм системасынын маанилүүлүгүнө жараша уставдык капиталды көбөйтүү

- агенттик тармакты (эгерде акча каражаттарынын жүгүртүлүшүнүн суммасы же төлөм терминалдарынын саны боюнча көрсөткүчтөр Жободо белгиленген көрсөткүчтөрдөн ашса, агенттер тарабынан Улуттук банктын тиешелүү лицензиясын алуу зарылчылыгы) жана анын субагенттик тармагын кыйыр контролдоо; 

- абоненттердин-кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын өздүк эсептеринен акча каражаттарын үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү төлөө үчүн төлөм уюмунун дарегине агенттик схеманы колдонууга тыюу салуу; 

- техникалык жабдылышын, маалыматтык жана кибер коопсуздукту бекемдөө

- төлөм уюму өзгөртүп түзүлгөн учурда, компанияда катышуу үлүшү өзгөргөндө жана тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен башка өзгөрүүлөрдө Улуттук банктын милдеттүү түрдө маалымдоону киргизүү

- кызмат адамдарына карата талаптарды, ошондой эле персоналдын функцияларын улантуу боюнча талаптарды жогорулатуу;  

- террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү

- жана башка чаралар. 

Максатка жетишүүнүн сапаттуу индикаторлоруна төмөнкүлөр кирет: 

- төлөм системаларынын операторлору менен төлөм уюмдарынын, ошондой эле алардын агенттеринин, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын ортосунда өз ара мамилелеринин кыйла жөнгө салынган механизминин эсебинен төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары аркылуу төлөмдөрдү үзгүлтүксүз өткөрүү

- төлөм инфраструктурасын кеңейтүү жана калктын банктык төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу; 

- калктын жоготуп алуу тобокелдигин минималдаштыруу жана финансылык ортомчулар тарабынан милдеттенмелерди аткаруунун кепилдиктеринин камсыздоо; 

- банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарынын коргоого алынышын камсыздоо; 

- жөнгө салуучу тарабынан төлөм системаларына, ошондой эле төлөм уюмдарынын агенттерине/субагентерине мониторинг жана контролдоо жүргүзүү

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат адамдарынын жоопкерчилиги; 

- чекене төлөмдөр жана эсептешүүлөр рыногунун бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды түзүү

Максатка жетишүүнүн сандык индикаторлоруна төмөнкүлөр кирет: 

- нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү

- көмүскө экономиканын үлүшүнүн төмөндөшү

- төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары аркылуу өткөрүлүүчү төлөмдөрдүн санын жана көлөмүнүн көбөйүшү

- үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алууда төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин байланыштуу тобокелдик-жагдайынын санынын төмөндөшү

- уставдык капиталдын көбөйүшүнүн эсебинен кыйла атаандаштыкка жөндөмдүү жана туруктуу төлөм уюмдарынын санынын өсүшү

- төлөм терминалдарынын саны жол берилген нормадан ашкан агенттердин санынын азайышынын эсебинен төлөм уюмдарынын санынын көбөйүшү

 

Мамлекеттик жөнгө салуу варианттары жана кесепеттерге баа берүү  

1-ВАРИАНТ. «Бардыгын өзгөртүүсүз калтыруу» 

Бул вариантта 2019-жылдын январь айында төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда орун алган мындай жана башка терс жагдайлар келип чыгуу тобокелдиги сакталууда. Жылдан жылга карай байкалып жаткан төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору тарабынан жүргүзүлгөн төлөмдөр көлөмүнүн көбөйүүсү нак эмес төлөмдөрдүн көбөйүүсү жагында оң тенденция болуп саналат, бирок төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлорунун агентти жана субагенттик тармагынын мамлекеттик саясаттын деңгээлинде кийлигишүүсүз рыноктук механизмдерди гана пайдалануунун алкагында үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү өткөрүү учурунда агенттердин жана субагенттердин жоопкерчилигинин жоктугу менен контролдоосуз өсүшү Кыргыз Республикасынын аймагында аталган тобокелдиктердин төмөндөшүнө алып келбейт.  

Мындан тышкары, бул вариантта Нак эмес төлөмгө өтүү боюнча мамлекеттик программаны натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүн болбойт, анткени төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын системаларда ар кандай үзгүлтүккө учуроолордун жана алардын кесепеттеринин натыйжасында, калктын банктык жана төлөм системаларына болгон ишеними жоголуп кетиши жана нак акчаны колдонуу тенденциясы сакталышы мүмкүн.  

Укуктук талдап-иликтөө 

Бул вариант Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбейт. 

 

2-ВАРИАНТ. «Мамлекеттик жөнгө салуу» 

Жөнгө салуу ыкмасы 

Төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдары, ошондой эле алардын агенттерине үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча тартиби жана талаптары Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-мартындагы №19/10 токтому менен бекитилген «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» жободо белгиленген. Бирок, Жобо учурда төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктердин ордун толук көлөмдө жаба албайт жана Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүүнү же жаңы редакциясын иштеп чыгууну талап кылат.  

Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин кыйла натыйжалуу жана оперативдүү жөнгө салуу үчүн төмөнкүдөй талаптар киргизилүүгө тийиш: 

- төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштеши, уюмдун натыйжасыз иш алып баргандыгы (Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузгандыгы жана уюмду лицензия токтотулган/кайтарып алынган же банкрот абалына чейин уюмду жеткирүү), ошондой же персоналдын иш улантуучулугун камсыз кылуу боюнча талаптар үчүн кызмат адамынын жоопкерчилиги; 

- техникалык жабдылышына, маалыматтык жана кибер коопсуздукка, аппараттык-программалык комплексти жана резервдик борборду аймактык жайгаштырууга талаптарды күчөтүү, ошондой эле үчүнчү жактардын аппараттык-программалык комплексинин системасына аралыктан кирүү үчүн чектөөлөрдү коюу; 

- товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун пайдасына кабыл алынган төлөмдөрдүн бүтүндөй суммасына толугу менен же бир бөлүгү мамлекеттин менчигинде турган товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун, мамлекеттик бюджетке төлөмдөрдү ишке ашыруу үчүн коммуналдык жана бюджеттик уюмдардын пайдасына кабыл алынган төлөмдөрдүн бүтүндөй суммасына 100% алдын ала төлөөнү киргизүү жана төлөм уюмунун акыркы чейрек ичинде орточо күндүк жүгүртүүсүнүн 30% кем эмес өлчөмдө камсыздандыруу депозитин товарлар/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын өзүнчө банктык эсебинде жайгаштыруу; 

- коммерциялык банктын өзүнчө эсебинде камсыздандыруу депозитин жайгаштыруу же эгерде келишимдик мамилелерде сунуштоочуга алдын ала төлөм каралбаса, товарлар/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун пайдасына кайтарылгыс банктык кепилдикти акыркы чейрек үчүн төлөм уюмунун орточо күндүк жүгүртүлүшүнүн суммасынан кеминде 30 пайыз өлчөмүндө берүү

- чарба операциялары үчүн төлөм уюмунун эсептешүү эсебинде товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сунуштоочуларына багытталган акча каражаттардын топтолушуна жол бербөө, ошондой эле алдын ала төлөмдүн өлчөмүнөн төлөмдөрдүн суммасы арткан учурда кызмат көрсөтүүнү автоматтык түрдө өчүрүү

- керектөөчүлөр кайсы болбосун жагдайларда кызмат көрсөтүүлөрдү толук көлөмдө алышы үчүн келишимдерде төлөм системасынын катышуучулары ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдө акча каражаттардын колдонуу механизмдерин толук чагылдыруу (алдын ала төлөм боюнча лимиттерди белгилөө, акча каражаттарды кайтаруу жол-жобосу, штаттан тышкаркы жагдайлардагы тартип, тараптардын жоопкерчилиги ж.б.)  

- кассалык операциялар жүзөгө ашырылган учурда төлөм уюмдарына карата талаптарды күчөтүү

- «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого ылайык төлөм системасынын маанилүүлүгүнө жараша уставдык капиталды көбөйтүү зарылчылыгы;  

- эгерде агенттин акча каражаттарынын жүгүртүү суммасы 6 (алты) айдан ашуун төлөм уюмдарынын операцияларынын жалпы көлөмүнөн 20% ашса жана төлөм терминалдарынын саны бардык төлөм уюмдарынын терминалдарынын жалпы санынан 10% ашса, агент тарабынан Улуттук банктын тиешелүү лицензиясын алуу зарылчылыгы жагында талаптарды күчөтүү

- төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына төлөө үчүн төлөм уюмунун дарегине кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын абоненттеринин өздүк эсептеринен акча каражаттарды кайтаруу боюнча агенттик схеманы колдонууга тыюу салуу; 

- төлөө формасы боюнча отчетторду ай сайын (алдын ала төлөө, камсыздандыруу депозити, банктык гарантия) жана агенттердин саны жана алардын акча жүгүртүүлөрү жана терминалдык түйүнү жөнүндө маалыматтарды сунуштоо. 

Жалпысынан мындай чаралар системанын ишиндеги үзгүлтүктөргө жана алардын кесепеттерине байланыштуу жагдайлардын келип чыгуу тобокелдиктерин олуттуу минимизациялап, нак эмес төлөмдөрдүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзө алат. 

 

Жөнгө салуучу таасир  

Өзгөртүүлөрдүн киргизилиши же болбосо «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун жаңы редакциясы төлөм системасынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу маселелерине байланыштуу тобокелдиктерди минималдаштырууга өбөлгө түзөт, бул жыйынтыгында калктын акча каражаттарынын жоготуусун жана/же максатсыз пайдаланылышын жана/же керектөөчү тарабынан товарларларды\кызмат көрсөтүүлөрдү өз убагында алынбашын алдын алууну шарттайт.  

Жөнгө салуунун мындай ыкмасы уюмда кызмат адамдарынын жоопкерчилик деңгээлин, ошондой эле төлөм системаларынын катышуучулары ортосунда өз ара эсептешүүлөрдүн ордун жабуунун гарантияланышы жана келишимдерде талаптардын толук чагылдырылышы маселесине, агенттик түйүн боюнча сандык көрсөткүчтөрдү белгилөөгө, ошондой эле маалымат коопсуздугунун маселелерин күчөтүүгө карата талаптарды күчөтүү аркылуу финансылык жана маалыматтык агымдарга контролдукту жогорулатат. 

 

Ишке ашыруу тобокелдиктери 

Жөнгө салуунун сунушталып жаткан вариантын ишке ашырууда төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун нааразычылык тобокелдиктери келип чыгышы мүмкүн, бул биринчи кезекте, төлөмдөрдү мамлекеттик бюджетке чегерүүдө жана милдеттүү камсыздандыруу депозитин жайгаштырууда; төлөм системасынын маанилүүлүгүнө жараша уставдык капиталды көбөйтүү боюнча; маалыматтык коопсуздукту жана техникалык жабдылышын камсыз кылуу маселелерин күчөтүү боюнча толугу менен же анын бир бөлүгү мамлекеттин жана бюджеттик уюмдардын менчигинде турган товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочусунун пайдасына 100% алдын ала төлөм киргизүү боюнча кошумча финансылык чыгымдар менен байланыштуу болгон.  

Мындан тышкары, нааразычылык терминалдык тармактын саны боюнча көрсөткүчтөрдүн жана ишке ашырылган төлөм көлөмүнүн Жободо белгиленген көрсөткүчтөрдөн ашкан учурда, ошондой эле Улуттук банк тарабынан кайсы болбосун учурда тоскоолдуксуз текшерүүлөрдү жүргүзүүгө төлөм уюмдары менен түзүлүүчү келишимдердин алкагындагы макул болгон учурда, агенттер тарабынан үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү жүргүзүүгө төлөм уюму катары лицензия алуу зарылчылыгы келиши мүмкүн  

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү төлөө үчүн төлөм уюмунун дарегине кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын абоненттердин өздүк эсептеринен акча каражаттарын кайтарып берүү боюнча агенттик схеманы пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө талап, учурда төлөм уюму менен агенттик схема аркылуу абоненттердин өздүк эсептеринен үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аттап өтүү менен жүзөгө ашырылып жаткандыгына карабастан, байланыш операторлорунун нааразычылыктарына алып келет.  

Бул чаралар негизинен, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн/сунуштоочулардын акча каражаттарын максатсыз пайдалануу менен байланыштуу тобокелдиктерди минималдаштырууга мүмкүн кылат.  

Мындан тышкары, бул төлөм уюмдарына жана төлөм системаларынын операторлоруна товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эң эле ишенимдүү сунуштоочулары жана агенттери менен келишим түзүүгө өбөлгө түзөт, ал эми жаңы продукттар жөнүндө маалымдоо продукттардын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына дал келбеген учурда, ойлонбой сарпталган чыгымдарга жол бербөөгө мүмкүн кылат. 

Агенттердин санын жана алар тарабынан жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмүн, финансылык камсыздоону ж.б. аныктоо үчүн отчеттуулуктун кошумча формалары да Улуттук банк тарабынан киргизилет.  

Укуктук талдап-иликтөө 

Бул вариантта Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл:  

- «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо; 

- «Төлөм системасында келип чыгышы ыктымал болгон өзгөчө кырдаалдар жөнүндө” жобо; 

- «Төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо; 

- Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоо; 

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөл (оверсайт) боюнча саясат; 

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүзөгө ашыруу боюнча эрежелер; 

- «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобо; 

- «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөөгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобо; 

- «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм системасы боюнча комитет жөнүндө» жобо. 

 

Экономикалык талдап-иликтөө 

Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын чыгымдарын эсептөө  

2-вариантты ишке ашырууда толугу менен же бир бөлүгү мамлекеттин менчигинде турган товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун, коммуналдык жана бюджеттик уюмдардын тарабына 100% алдын ала төлөөгө, камсыздандыруу депозиттерин жайгаштырууга, төлөм системасынын маанилүүлүгүнө жараша уставдык капиталдын көбөйүшүнө, ошондой эле резервдик АПКнын түзүлүшүнө жана негизги АПКнын Кыргыз Республикасынын аймагында жайгаштырууга байланыштуу кошумча чыгымдар талап кылынат.  

Коммерциялык банктардын чыгымдарын эсептөө  

Коммерциялык банктар тарабынан чыгымдар күтүлбөйт. 

Мамлекеттик органдын чыгымдарын эсептөө  

Мамлекеттик органдын тике чыгымдары: мамлекеттик органдардын чыгымдары мамлекеттик органдын иши үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттардан ашпайт. 

Мамлекеттик органдын кыйыр чыгымдары:  

Мамлекеттик органдар тарабынан чыгымдар каралган эмес. 

Атаандаштыкка тийгизген таасирине талдап-иликтөө  

Жогорку технологиялык маалыматтык системалар электрондук маалымат менен тез алмашууну гана камсыз кылбастан, кыска убакыт ичинде аймактарда кеңири инфраструктураны түзүүгө жана калктын тез төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр менен камтууга өбөлгө түзөт. Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү жана процессинг боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо банктар, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары өз ара атаандашып иш алып барат. Ошол эле учурда коммерциялык банк тарабынан кызмат көрсөтүүнүн ушул түрүн жүзөгө ашырууда банктын жана анын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жана аларга карата таасир этүү чаралары ушул эле операцияны ишке ашырган төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына караганда бир топ жогору.  

Бирок, ишке ашырылган акча жүгүртүүнүн көлөмдөрү боюнча агенттердин санын чектөө жана агент тарабынан Улуттук банктын лицензиясын алуу зарылчылыгы сыяктуу талаптарды киргизүү рынокто жаңы төлөм уюмдарынын пайда болуусу менен монополисттердин келип чыгышына тоскоолдук жаратып, ачык атаандаштыкты шарттайт. 

Төлөм уюмуна карата уставдык капиталды көбөйтүү зарылчылыгы жөнүндө талап кыйла атаандашууга жөндөмдүү жана туруктуу төлөм уюмдарынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. 

Жөнгө салуучу катары Улуттук банк үчүн финансы рыногун экономикада нак эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр үлүшүн көбөйтүү жана калктын төлөм инфраструктурасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу аркылуу өнүктүрүү, төлөм инфраструктурасын кеңейтүүгө жана сапаттуу жана коопсуз банктык төлөм кызматтарынын сунуштоого шарт түзүү маанилүү

 

3-ВАРИАНТ. «Жөнгө салууга либералдуу мамиле»  

Өз алдынча жөнгө салуу принцибине негизденген, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын жөнгө салууга либералдуу мамиле төмөнкүлөрдүн жок болуп чыгышына алып келет: 

· төлөм системаларынын жана төлөм уюмдарынын операторлорунун агенттик жана субагенттик тармагына карата укуктук жөнгө салуунун; 

· өз учурунда эмес өз ара эсептешүүлөргө жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын/агенттердин финансылык милдеттенмелеринин келип чыгышына; 

· төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарынын төмөн коргоого алынышына; 

· төлөм уюмдарынын агенттеринин жана субагенттеринин контролдоосуз өсүшү, калктын акча каражаттарын максатсыз пайдаланган учурда алардын жоопкерчилигинин жоктугу, өз учурунда эмес өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө.  

Жөнгө салуу ыкмасы. 

Улуттук банк өз тарабынан төлөм системаларынын иштөөсү үчүн төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын аткаруу органына, агенттик жана субагенттик тармактарына кошумча кийлигишүүсүз жана контролдукту/мониторингди жүргүзүүсүз жалпы эрежелерди белгилей баштайт.  

 

Күтүлүп жаткан натыйжалар: 

Бул ыкма ишке ашырылган төлөмдөрдүн натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыз кылбайт. Төлөм уюмдарынын агенттеринин жана субагенттеринин контролдукка алынбаган өсүшү жана укуктук жөнгө салуу деңгээлинин төмөн болушу алардын жоопкерчиликсиз болуусуна алып келип, калктын акча каражаттарынын максатсыз пайдаланылышы, өз ара эсептешүүлөрдүн убагында жүргүзүлбөшү, алдамчылык операцияларынын көбөйүү тобокелдигин арттырат, ошондой эле акча каражаттарын мыйзамсыз которуулар ж.б. боюнча тобокелдиктер көбөйөт.  

Укуктук талдап-иликтөө 

Бул вариантта Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү талап кылынат.  

Коомдук талкуулардын натыйжалары 

Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөр коомдук талкуудан өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жайгаштырылат. 

Ошону менен бирге эле, жумушчу топтун алкагында төлөм уюмдары жана төлөм системасынын оператору Жобонун сунушталган редакциясынан толугу менен же жарым жартылай мамлекеттин жана бюджеттик уюмдардын менчигинде турган товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун пайдасына 100% алдын ала төлөө белгилөө боюнча 32-пунктунун 1-пунктчасынын талабын жокко чыгаруу тууралуу пикирин билдиришип, аны алар өз ишин камсыз кылууда өтө көп сарптоолорду жумшай тургандыгын, ошол эле учурда төлөмдөрдү өткөрүү кызматтарынын рентабелдүүлүгү жагында да маселе бар экендигин жана аларды жайылтууда, айрыкча өлкө региондорунда тоскоолдуктар кездешээрин аргумент кылышкан. Мында толугу менен же жарым жартылай мамлекеттин жана бюджеттик уюмдардын менчигинде турган товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун пайдасына төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн талап кылынган гарантиялардын масштабы региондордогу төлөмдөрдүн көлөмүнө жана санына дал келбей калышы мүмкүн.  

Мындан тышкары, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын көпчүлүгүнүн билингдик системаларында алдын ала төлөө формасында эсепке алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгү каралган эмес, бул да белгилүү бир деңгээлде тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Бул норманын социалдык жактан маанилүү кызмат көрсөтүүлөргө карата гана колдонулушу да көңүл бурууну талап кылат.  

- Турак жай коммуналдык кызматтарды сунуштоочулардан алынган комиссиялык сый акынын өлчөмү өтө эле аз, ал тургай дээрлик алынбайт десек да болот, бул алдын ала төлөө үчүн кошумча ресурстарды тартууга мүмкүнчүлүк бербейт. 100% алдын ала төлөө талабы кирешелери ресурстардын наркынан жана киреше бөлүгүнөн төмөн болгон мындай сунуштоочулар менен түзүлгөн бир катар келишимди токтотууга алып келиши мүмкүн. 

- кардардан өндүрүлүүчү комиссияны көбөйтүү калктын нааразычылыгын жаратышы ыктымал. Мындан тышкары, комиссиянын жогорку чегин белгилөө боюнча чектөөлөр да бар.  

Демек, төлөм уюмдарына Турак жай коммуналдык чарба кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоочулар менен алдын ала төлөө шартында иштөө экономикалык жактан пайдасыз.  

Ушуга байланыштуу төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлору тарабынан колдонуудагы Жобонун 32-1 жана 33-пункттарын калтыруу жана камсыздандыруу депозитинин өлчөмүн толугу менен же жарым жартылай мамлекеттин жана бюджеттик уюмдардын менчигинде турган товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасын 20%дан 30% га чейин көбөйтүү сунушталууда.  

Мындан тышкары, Жобонун сунушталган редакциясынын 32-пунктунун 2-пунктчасына ылайык, төлөм уюму камсыздандыруу депозитин коммерциялык банктын өзүнчө эсебине жайгаштырууга же болбосо келишим шарттарында сунуштоочуга алдын ала төлөө каралбаган, товарларды/кызматтарды сунуштоочунун пайдасына төлөм уюмунун акыркы чейректеги орточо күндүк жүгүртүү суммасынын 30% өлчөмүндө кайтарымсыз банктык гарантия сунуштоого тийиш.  

Төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору мындай депозиттерди жайгаштыруу мамлекеттик эмес сунуштоочулар үчүн кооптуу экендигин билдиришкен, анткени алардын кайтарылып берилишине кепилдик жок, буга чейин эле рынокто мындай жагдай болгон.  

Административдик көз караш менен караганда, жүздөгөн сунуштоочу менен келишим түзгөн уюм үчүн алардын ар бирине өзүнчө ушундай депозиттерди жайгаштыруу оңой эмес. Ал тургай сунуштоочулар менен түзүлгөн келишимде мындай талап каралган учурда да, төлөм уюмунун акча каражаттарынын кайтарылбай калуу тобокелдигине дуушарлануусун жокко чыгарбайт.  

Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын агенттеринин өздүк эсептеринен төлөм уюмдарынын дарегине үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү төлөө үчүн кайтарып берүү боюнча агенттик схеманы колдонууга тыюу салуу боюнча коммерциялык банктардын позициясын эске алуу менен Жобо долбоорунун 49-пункту төмөнкү редакцияда берилгендигин белгилей кетүү зарыл: «Төлөм уюмунун агенттердин же башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын тапшыруусу боюнча үчүнчү жактардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү үчүн сунуштоочулардын абоненттеринин өздүк эсептеринин балансынын эсебинен ишке ашырылуучу төлөмдөрдү же болбосо кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын кардарларынын сунуштоочунун авансы жана/же алдын ала төлөмү жана/же насыясы болуп саналган, кайсы формада болбосун, анын ичинде аванстык төлөмдөрдү төлөө же товарлардан/кызмат көрсөтүүлөрдөн баш тартуу формасындагы акча каражаттарын өткөрүүгө укугу жок».  

 

Сунушталган жөнгө салуу ыкмасы 

Жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөөлөрдүн жыйынтыгында төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот: 

«Бардыгын өзгөртүүсүз калтыруу» деп аталган 1-вариантында уюмдагы ички келишпестиктер сыяктуу эле, башка факторлорго да (маалыматтык жана финансылык агымдарды коргоо деңгээлинин жетишсиздиги, агенттик жана субагенттик тармактын контролдукка алынбаган өсүшү, төлөм системасынын операторлору менен төлөм уюмдарынын жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөр/агенттер/товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдө толугу менен кепилдиктин жоктугу) байланыштуу системада үзгүлтүктүн орун алуу тобокелдиги сакталып калат. Бул жагдайда мамлекеттик саясат деңгээлинде кийлигишүүсүз рынок механизмдерин гана колдонуу алар аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр жана эсептешүүлөр үчүнчү жактардын пайдасына өткөрүлө турган төлөм системаларынын коопсуз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылбайт. Натыйжада калайык-калк банк тутумуна карата ишенимин жоготуп, нак акчаларды колдонуу тенденциясы сакталып калмакчы.  

«Мамлекеттик жөнгө салуу» деп аталган 2-вариантта Төлөм уюмдары жана төлөм системаларынын операторлору аркылуу төлөм системаларынын иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу маселелерине байланыштуу тобокелдиктер калктын акча каражаттарын жоготуу жана/же аларды максатсыз пайдалануу минималдаштырылат.  

Бирок жөнгө салуунун бул вариантын ишке ашырууда төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун жана алардын агенттеринин жана субагенттеринин нааразы болуу тобокелдиги келип чыгышы мүмкүн, бул негизинен, товарларды сунуштоочулардын пайдасына алдын ала төлөө жана камсыздандыруу депозиттери/банктык гарантияларды жайгаштыруу, уставдык капиталды төлөм системасынын маанилүүлүгүнө жараша көбөйтүү, маалымат коопсуздугу жана техникалык жабдуу маселелерин күчөтүү боюнча кошумча сарптоолорго байланыштуу болот.  

«Жөнгө салууга либералдык ыкма» деген 3-вариантын ишке ашыруу агенттик жана субагенттик тармактын контролдукка алынбаган өсүшкө, төлөм системаларынын катышуучуларынын ортосунда келишимдик мамилелердин начар жөнгө салынышына алып келет, бул төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөр үчүн тобокелдикти шартташы мүмкүн.  

Кыргыз Республикасынын натыйжалуу, ишенимдүү жана коопсуз төлөм системасын камсыз кылуу максатында жөнгө салуу таасирине жүргүзүлгөн талдап-иликтөөлөрдүн натыйжасы боюнча «Мамлекеттик жөнгө салуу» деп аталган 2-вариант максатка ылайык келип, колдонууга ыңгайлуу болуп саналат.