Кайта келүү

500 сом номиналындагы банкноттор 

Номинал 

(сом) 

Жүгүртүүгө чыгарылган жылы 

өлчөмү 

(мм) 

өңү 

 500   

 01.12.2010  

 144 х 68   

 Күлгүн  

 500   

 01.11.2005   

 160 х 76    

 Күлгүн- кызгылтым  

 500   

 28.08.2000   

 160 х 76    

 Күлгүн- кызгылтым  


 

2010-жылы чыгарылган 500 сом наркындагы банкнот 144 х 68 мм. өлчөмүндөгү ак кагазда даярдалган. Банкнотто күлгүн кызгылтым түс басымдуулук кылат. Банкноттун кагазында түзсүз була камтылган, УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган кызыл түстөгү булалар көрүнөт. Кагаз, банкноттун алдыңкы бетинде чагылдырылган портретти кайталап туруучу  суу белгисине, ошондой эле номинал түрүндөгү суу белгисине  ээ. Анда "500 СОМ" деген майда сөздөрдүн  катар тыгыз  берилишинен  турган  көзөнөкчө түрүндөгү  коргоо тилкеси түшүрүлгөн. Банкноттун четтери ак купондук тилкеден турат. Банкноттун алдыңкы бетиндеги портрет, "КЫРГЫЗ БАНКЫ", "БЕШ ЖүЗ СОМ" деген жазуулар,  "500" деген сан, Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы релңефтик басма ыкмасында түшүрүлгөн.  

Банкнот өзгөчө дизайнга жана  өркүндөтүлгөн коргоо элементтерине ээ

 

Банкноттун алдынкы бетинин жогору жагында илбирстин майда сүрөттөлүшүнөн турган "500" деген сан, Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы, "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу, банкноттун кызыл түстө берилген сериялык номери жайгаштырылган. Банкноттун сол жагында кыргыздын залкар манасчысы Саякбай Каралаевдын элеси, жана "САЯКБАЙ КАРАЛАЕВ (1894-1971)- деген жазуу берилген. Чоңойтуп кароодо портрет "Саякбай Каралаев" деген жазуунун кайталанган жыштыгынан турган майда тамгалардан турат. Портреттин сол жагында Саякбай Каралаевдин элеси, "500" деген сан жана шумкардын сүрөтүнүн чагылдырылышынын баары түстүү чагылдырылган голографиялык тилкеде жайгашкан. Банкнотту жантайыңкы алып кароодо шумкардын учуу багыты оңдон солго карай өзгөрөт. Портреттин оң жагында жайгашкан тилкеде чоңойтуп кароодо "Кыргыз Банкы" деген кайталанып турган жазуу көрүнөт. Портреттин алдында "БЕШ ЖүЗ СОМ" деген текст жазылган

Портреттин оң тарабындагы ак купондо кара боекто аткарылган банкноттун сериялык номери, жогорудан төмөн карай тигинен жайгаштырылган

Коргоо тилкенин оң жагында банкнотто түшүрүлгөн ачык-күрөң түстөгү айлананын фонунда Манастын скулңптурасынын сүрөттөлүшү релңефтүү берилген. 

Суу белгисинин ак тилкесинде жайгашкан, бир-бирине дал келген сүрөттөлүш, жарыкка салып кароодо "сом" деген сөздү чагылдырат

Банкноттун төмөнкү жагынын оң тарабында улуттук оюм-чийимдин релңефин камтыган тик бурчтук берилген. Эгерде, аны ар кайсы бурчтан жарыкка салып караса көмүскөдө берилген "500" деген цифралык номинал даана көрүнөт. Банкноттун төмөнкү ички оң бурчтарында "500" деген сан түшүрүлгөн

  

Банкноттун арткы бетинде Кыргызстандын көк тиреген бийик тоолорунун алкагында Манастын күмбөсүнүн сүрөттөлүшү берилген. Банкноттун жогорку жагында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген жазуу жана "500" сом деген сан түшүрүлгөн

Банкноттун чок ортосунда седеп түстүү боек менен аткарылган тилке “500”  деген сан, “БЕШ ЖүЗ СОМжазуу жүзүндө иридесценттик элемент берилген. Банкноттун төмөн жагында “500” деген сан, жазуу жүзүндөБЕШ ЖүЗ СОМ”  жана банкноттун “2010” деген чыгарылган жылы түшүрүлгөн

 

2000-жылдагы чыгарылган 500 сом 2000-жылдагы чыгарылган 500 сом номиналындагы банкноттор 160х76 мм өлчөмүндөгү ак кагаздан даярдалган. Банкнотто күлгүн түс басымдуурак кылат. Кагазга кызыл, жашыл жана көк түстөгү булалар, ошондой эле УК жарыкка салып кароодо люминесцияланган түссүз тилкелер киргизилген. Кагаз локалдуу суу белгисине, банкноттун алдынкы бетинде чагылдырылган кайталануучу элеске жана банкноттун номиналы түрүндөгү суу белгисине ээ. Банкнот көзөнөкчө түрүндө жайгаштырылган "500" деген микротексттүү коргоо тилкесине жана оюм-чийимге ээ. Тилкелүү код банкноттун чет жактары боюнча оң жана сол тараптарында берилген.   

Банкноттун алдыңкы бетинин жогору тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана Улуттук банктын Төрагасынын кол тамгасы; көзү начар көргөн адамдар үчүн кыйгачынан жайгаштырылган төрт штрихтик белги жана "500" деген үзгүлтүксүз микрошрифтти камтыган "500" деген цифра жогорулатылган релңефтик ыкмада; ошондой эле кызыл боекто басылган банкноттун сериясы жана номери берилген. Анын жанында бүркүттүн сүрөттөлүшү түрүндөгү жана "500" деген цифралык номиналдагы голограмма орун алган. Голограмманын сюжети - улуттук оюм-чийим, "500" деген цифралык номинал жана кыргыз валютасынын эл аралык коду (KGS). Чок ортосунда, оюм-чийимдин ичинде чегилип аткарылган "500" номиналынын чагылышы; оюм-чийим формасындагы өтмө регистр; кыргыздын залкар манасчысы Саякбай Каралаевдын элеси (анын айтуусу боюнча "Манас", "Семетей", "Сейтек" трилогиясынын толук варианттары жазылып алынган), жана "САЯКБАЙ КАРАЛАЕВ (1894-1971)- деген текст жайгаштырылган. Ак купондук тилкеде көзү начар көргөн адамдар үчүн жогорку релңефте аткарылган шарттуу белги берилген. Төмөнкү тарабында "500" деген үзгүлтүксүз сандардан турган "500" деген цифра; "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген микрошрифттин тилкеси менен баса көрсөтүлгөн "БЕШ ЖүЗ СОМ" деген текст камтылган. Оң тарабында кара боекто аткарылган банкноттун сериялык номери (цифралардын өлчөмү жогорудан төмөн карай өсөт), ошондой эле тигинен жайгаштырылган оюм-чийим тилкеси орун алган. Төмөнкү жагынын оң тарабында улуттук оюм-чийимдин релңефтик сүрөттөлүшүн камтыган тик бурчтук берилген. Эгерде, аны ар кайсы бурчтан жарыкка салып караса көмүскөдө берилген "500" деген цифралык номинал даана көрүнөт.  

Банкноттун арткы бетинин жогорку тарабында "КЫРГЫЗ БАНКЫ" деген текст жана номиналды билдирген "500" деген цифралык микрошрифтти камтыган "500" деген цифра жайгаштырылган. Чок ортосунда манасчынын айкели жана "Манас" эпосунан сүрөттөлүштөр берилген. Оң тарабында үч бурчтук түрүндөгү өтмө регистр орун алган. Сүрөттөлүштүк сетканы түзгөн оюм-чийменин оң тарабында банкноттун номиналын көрсөткөн "БЕШ ЖүЗ СОМ" деген микрошрифт камтылган. Төмөнкү тарабында "500" деген цифралык номинал жана банкноттун чыгарылган жылы "2000" берилген. Банкноттун сол жак бөлүгүндө улуттук оюм-чийим жана иридесценттик боек менен аткарылган "500" деген цифралык номинал орун алган.   

   

2005-жылы чыгарылган 500 сом банкнотунун айырмалануучу белгилери  

2005-жылы чыгарылган 500 сом наркындагы банкноттор банкноттун узак мөөнөткө колдонулушуна өбөлгө түзгөн бир кыйла өркүндөтүлгөн техникалык мүнөзгө ээ:  

банкноттук негиз катары кагаздын бат кирдеп калбай турган сапатын жогорулатуу үчүн тез эскирип калбоо жана атайын коргоо касиети боюнча мыкты сапаттагы пахтадан жасалган банкноттук кагаз пайдаланылат.  

банкноттун бышык болуучу касиетин жогорулатуу үчүн банкноттордун бурчу атайын иштелип чыккан Cornеrstone элементтеринин жардамы менен күчөтүлгөн;  

голограммалардын тышкы таасирлерге карата туруктуулугун жакшыртуу үчүн чаралар кабыл алынган;  

банкноттун арткы бетинде 2005-жылы чыгарылгандыгы көрсөтүлгөн.