Кайта келүү

Улуттук банктын алтын-валюта резервдери тарыхый эң жогорку чек  

3,1 млрд АКШ долларына жетти 

Улуттук банк алтын-валюта резервдерин көбөйтүү саясатын жүргүзүүнү улантууда. Мында алтын-валюта резерви өзүнүн тарыхый максималдуу деңгээлине 3,1 млрд АКШ долларына жеткен. Тобокелдиктер орун алган мезгилде мындай саясатты жүргүзүү туура багыт экендиги аныкталган. 

Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Өкмөт үйүндө уюштурулган брифингдин жүрүшүндө билдирди. 

Анын айтымында, Улуттук банк тарабынан кабыл алынган монетардык жана макропруденциалдык чаралардын натыйжасында финансы рыногу туруктуу сакталууда. Коммерциялык банктардын депозиттик базасы жана кредиттик портфели өсүшүн уланткан. Биринчи жарым жылдыкта банктардын депозиттик базасы 9% көбөйгөн, кредиттик портфели ушул жылдын январь-июнь айларында 4,7 пайызга өскөн. 2020-жылдын март-апрель айларында жогорулаган депозиттердин жана кредиттердин долларлашуу деңгээли учурда акырындык менен төмөндөп баратат. 

Мындан тышкары, Улуттук банктын төрагасы Улуттук банк экономиканын реалдуу секторун колдоо, анын ичинде коронавирус инфекциясынын терс экономикалык кесепеттерин азайтуу максатында, кредиттик аукциондорду активдүү өткөргөндүгүн белгиледи. Алсак, 2020-жылдын башынан тартып Улуттук банк кредиттик аукциондор аркылуу 35,0 млрд сом сунуш кылган, мында банктар ушул аукциондордун жыйынтыгы боюнча 3,5 млрд сом алышкан. 

Улуттук банктын берген сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык, финансылык мекемелер жалпы суммасы 80 млрд сомго кредит портфелинин 50 пайыздан ашыгын реструктуризациялашкан. Улуттук банк өз кезегинде финансы уюмдарына туум чегербөөнү жана кредитти өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн айыптык төлөм салбоону сунуштаган. 

Улуттук банк ички жана тышкы чөйрөдөгү экономикалык кырдаалга мониторинг жүргүзүп, туруктуу негизде баа берип турат. Кандайдыр бир тобокелдиктер орун алган учурда, алардын кесепеттерин жеңилдетүү үчүн Улуттук банк жетиштүү инструменттерге ээ.