Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2012-жылдын 31-октябрындагы № 41\11 токтому 

 

Жерине барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7, 30 жана 43-статьяларына, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамынын 39, 39-1, 40 жана 42-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасы тарабынан №2/2 токтому менен бекитилген 2004 жылдын 4 февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 15 мартында № 30-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн Жерине барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоого өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин (кошо тиркелет). 

2. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштырсын; 

- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.  

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды, микрофинансылык компанияларды жана адистештирилген финансы-кредит мекемесин «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага        Асанкожоева З.М. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк 

Башкармалыгынын 2012-жылдын 

«31» октябрындагы № 41\11 токтомуна 

тиркеме 

 

Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоого өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 4-февралындагы N 2/2 токтому менен бекитилген «Жерине барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

1. Документтин бүтүндөй тексти боюнча

«Банктарды инспекциялоо бөлүмү» деген сөздөр «Банктарды инспекциялоо бөлүмү/БФКМдерди инспекциялоо бөлүмү» деген сөздөргө алмаштырылсын

«Тышкы көзөмөл бөлүмү» деген сөздөр «Банктардын ишине тышкы көзөмөл бөлүмү/БФКМдердин ишине тышкы көзөмөл бөлүмү» деген сөздөргө алмаштырылсын

 

2. Нускоонун «I. Киришүү» бөлүгүнүн:  

а) 1.1-пункту «коммерциялык банктар» деген сөздөрдөн кийин «жана башка финансы-кредит мекемелер» деген сөздөр менен толукталсын

б) 1.5-пунктунун төртүнчү жана жетинчи абзацтарындагы «конкреттүү» деген сөздөр алынып салынсын

в) 1.9 -пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«Ушул Нускоонун максаттарында төмөнкүдөй кыскартылган сөздөр колдонулат

- Банктар Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер

- CAMELS Улуттук банк тарабынан колдонулуучу Банктардын ишине баа берүүнүн эл аралык рейтингдик системасы

- ИБ Инспекциялоо башкармалыгы

- БИБ Банктарды инспекциялоо бөлүмү

- БФКМ ИБ Банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин инспекциялоо бөлүмү

- АОЭБ Айрым операцияларды экспертизалоо бөлүмү

- ТКБ Тышкы көзөмөл башкармалыгы

- БТКБ Банктардын ишине тышкы көзөмөл бөлүмү

- БФКМ ТКБ - Банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин ишине тышкы көзөмөл бөлүмү.». 

 

г) 1.10 -пункт алынып салынсын

 

3. Нускоонун «III. Инспектордук текшерүүлөрдүн түрлөрү» бөлүгүндө

а) 3.2- пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«3.2. Инспектордук текшерүүлөрдүн мөөнөтү банк ишин текшерүүгө карата багыттамада (2-тиркеме) көрсөтүлөт жана төмөнкүлөргө жараша белгиленет:  

- текшерүүнүн түрүнө

- банктын активдеринин жана пассивдеринин көлөмүнө

- банк филиалдарынын санына

- банк тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын көлөмүнө жана мүнөзүнө,  

Мында, жерине барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтү 60 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш.». 

 

4. Нускоонун «IV. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү» бөлүгүндө

а) 4.3-пункттун үчүнчү, төртүнчү жана алтынчы абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин

«- банктын депозиттик, кредиттик, төлөм, казыналык ишин кошо алганда, кайсы болбосун иш боюнча, ошондой эле пайдалануучулардын жана кардарлардын автоматташтырылган системадан пайдалануу коддору (паролдор, PIN коддор) жөнүндө маалыматтарды эске албаганда, кайсы болбосун көрсөтүлгөн мезгил ичинде корпоративдик баалуу кагаздар менен иштөө боюнча, автоматташтырылган банк тутумунан алынган толук жана анык маалыматтардын электрондук көчүрмөсүн (банктардын маалымат базалары менен иштөөдө кеңири пайдаланылган форматта резервдик көчүрүү файлдары) сунуштоо; 

- банк-корреспонденттерден текшерүүчүлөр талап кылган күнгө карата корреспонденттик эсептердеги калдыктары тууралуу маалыматтарды тастыктоолорду кошо алганда, банктын СВИФТ системасы жана банк тарабынан колдонулган жана корреспонденттик эсептерге да тиешелүү болгон башка төлөм системалары аркылуу өткөрүлгөн бардык финансылык операциялары жөнүндө толук жана так маалыматтардын электрондук көчүрмөлөрүн сунуштоо; 

... 

-текшерүүчүлөр тобуна банктан өзүнчө жай бөлүштүрүп берүүгө, анда аудио/видео жазууларды камсыз кылган аудио/видео жабдуулар жок болууга жана текшерүүчүлөр тобуна сунушталган ал жайга үчүнчү жактардын видео/аудио жабдууларды орнотуу аракеттерине жол берилбөөгө жана бул тууралуу текшерүүнүн жетекчисине токтоосуз билдирилүүгө тийиш. Бул талаптар бузулган шартта банк кызматкери, анын ичинде банк жетекчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кылмыш жоопкерчилигин кошо алганда, жоопкерчилик тартышат;»; 

 

б) 4.3-пунктту алтынчы абзацтан кийин төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын

«- банк тарабынан банктын жана Улуттук банктын документтеринин коопсуз сакталышы, ошондой эле текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон жабдуулар жана техника менен камсыз кылынууга;»; 

 

в) Нускоонун 4.4 -пунктунда

- «көзөмөл» деген сөз «көзөмөл блогунун» деген сөзгө алмаштырылсын

- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин

«Банкка жана/же анын кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык айыптык санкциялар же башка чаралар колдонулушу мүмкүн.». 

 

5. Нускоонун «V. Банктын аткаруучу жетекчилиги менен жыйынтыктап жолугушуу» деген бөлүгүндө 

а) 5.1 -пункт төмөнкү редакцияда берилсин

«5.1. Текшерүүнүн акыркы жумасында текшерүүнүн жетекчисинин Банк Башкармасынын Төрагасы (же анын милдетин аткаруучу адам), ошондой эле банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен алдын ала жолугушуусу өткөрүлөт, ал банк жетекчилигине текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымдоо, тыянактарды, милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон талаптарды жана көрсөтмөлөрдүн долбоорлорун талкуулоо үчүн уюштурулат. Бул жолугушуунун алкагында банкка, текшерүүчүлөр тобу тарабынан банк ишинин текшерилген участкалары боюнча берилген тиги же бул маселе боюнча комментарийлерди жана түшүндүрмөлөрдү берүү мүмкүнчүлүгү сунушталат. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кыскача протокол толтурулуп, ага жолугушуу өткөрүлгөн күндөн кийинки 3 жумуш күнү ичинде кол коюлууга тийиш. 

Банк, протоколго кол коюудан баш тарткан учурда ага жолугушууда талкууга алынган негизги маселелерди чагылдырган кат жөнөтүлөт.».  

 

б) Нускоонун 5.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«5.2. Текшерүүнүн жетекчиси тарабынан текшерүүнүн жыйынтыктарын жана тыянактарды талкууга алуу үчүн банк жетекчилиги менен жыйынтыктап жолугушуу уюштурулууга тийиш. Жолугушууга Банктарды инспекциялоо бөлүмүнүн/БФКМдерди инспекциялоо бөлүмүнүн начальниги, Банктардын ишине тышкы көзөмөл бөлүмүнөн/ БФКМдердин ишине тышкы көзөмөл бөлүмүнөн куратору, зарылчылык келип чыккан шартта, Инспекциялоо башкармалыгынын начальниги жана Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары катышуусу абзел.  

Бул жолугушуу банк жетекчилигине көзөмөл органынын кооптонууларын жараткан маселелер боюнча жагдайды түшүндүрүүгө, орун алган көйгөйлөрдү аныктоого жана тактоого, ошондой эле банк ишине текшерүүлөрдү жүргүзүп жаткан инспекторлорго суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт

Жыйынтыктап жолугушууга чейин банк, текшерүүчүлөр тобуна жана алардын жетекчисине банк ишинин текшерилген участкалары боюнча текшерүүчүлөр тобу тарабынан белгиленген тиги же бул маселелер боюнча комментарийлерди жана түшүндүрмөлөрдү жазуу жүзүндө берүүгө укугу бар, мында бул комментарийлер/түшүндүрмөлөр текшерүүнүн натыйжасы боюнча отчет жазуу учурунда эске алынышы мүмкүн

Зарылчылык келип чыккан шартта мындай комментарийлер/түшүндүрмөлөр тастыктоочу документтери менен кошо, алдын ала жолугушуу учурунда Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөттө берилүүгө тийиш. »; 

 

в) Нускоонун 5.6 -пункту алынып салынсын. 

 

6. Нускоонун «VI. Текшерүү жөнүндө отчет» бөлүгүнүн:  

а) 6.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчет түзүлөт, анда банктын Директорлор кеңеши жана Банк башкармасы үчүн текшерүүнүн натыйжалары жазуу жүзүндө чагылдырылат. Текшерүү жөнүндө отчетто бардык олуттуу проблемаларды жана кабыл алынышы зарыл болгон чараларды кошо алганда, Банктын Директорлор кеңешине жана Банк Башкармасына текшерүүнүн негизги тыянактары жана корутундулары жөнүндө маалымдалат, ошондой эле анда, милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон талаптар жана банк тарабынан жагдайды оңдоо жана/же жакшыртуу үчүн кабыл алынган милдеттенмелер камтылат. 

Текшерүү жөнүндө отчеттун негизинде көрсөтмөлөр түзүлүп, отчет менен кошо банктын Директорлор кеңешине жана Банк Башкармасына жөнөтүлөт. Көрсөтмө жетекчиликтин көңүлүн көзөмөл блогунун өзгөчө кооптонууларын чакырган айрым бир негизги маселелерге бурат.»; 

 

б) Нускоонун 6.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«6.2. Көрсөтмө банкка отчет менен кошо жөнөтүлөт. Көрсөтмө банк тарабынан Улуттук банктын ченемдик талаптарынын аткарылбагандыгы, же банк мыйзамдарын бузууга жол берилгендиги, банктын алгылыксыз банктык тажрыйбанын жүзөгө ашырылышы катталган фактыларды жана банк ишинде орун алган башка кемчиликтерди четтетүү максатында, банк тарабынан көрүлүүчү конкреттүү чараларды аныктайт жана инспектордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча банкка көрүлүүчү биринчи кадам (таасир этүү чарасы) болуп саналат. Көрсөтмө белгиленген мөөнөт ичинде аткарылууга тийиш.». 

 

7. Нускоонун «VIII. Текшерүү жөнүндө отчет менен таанышуу» бөлүгүнүн

а) 8.1-пунктундагы «текшерүүнүн натыйжаларын банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен жыйынтыктап талкуулоодон» деген сөздөр «текшерүүнү аяктоодон» деген сөздөргө алмаштырылсын.  

 

8. Нускоонун «X. Банктын Директорлор кеңеши менен жолугушуу» бөлүгүнүн

а) 10.4-пунктту үчүнчү абзацтан кийин төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын

«- банк менен текшерүүнүн натыйжаларын талкуулоо боюнча алдын-ала жана жыйынтыктоочу жолугушуулардын натыйжасы;». 

 

9. Нускоонун «XI. Даттануу тартиби» бөлүгү «XI. Көрсөтмөгө даттануу тартиби» бөлүгүнө алмаштырылсын жана төмөнкү редакцияда берилсин: 

«XI. Көрсөтмөгө даттануу тартиби» 

11.1 Текшерүү жөнүндө отчетко даттанууга болбойт

11.2 Текшерүү жөнүндө отчеттун негизинде даярдалган көрсөтмөгө жана/же бир нече көрсөтмөлөргө даттанууга болот, мында төмөнкү тартип сакталууга тийиш.  

I. а) Отчет менен коштомо катты алгандан кийинки 15 жумуш күнү ичинде көрсөтмөгө жана/же бир нече көрсөтмөлөргө макул эместиги тууралуу Инспекциялоо башкармалыгынын начальнигинин атына кат жөнөтүү аркылуу; 

б) Инспекциялоо башкармалыгынын начальниги кат-кайрылууну карап көрүп, катты алган күндөн тартып 5 жумуш күнү ичинде банкка жооп жөнөтөт.  

II. а) Инспекциялоо башкармалыгынын жообу канааттандырбаган шартта, жооп алынган күндөн кийинки 7 жумуш күнү ичинде банк, Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарына расмий кат жөнөтөт; 

б) Улуттук банктын Төрагасынын орун басары банктын кайрылуусун аны алгандан кийинки 7 жумуш күн ичинде карайт. 

III. а) Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын чечимине да каршы болгон банк, жооп алган күндөн кийинки 5 жумуш күнү ичинде Улуттук банктын Төрагасына кайрылууга укуктуу.  

б) Улуттук банк Башкармасынын Төрагасы кайрылууну 10 жумуш күнү ичинде карап чыгат. Ал эми зарылчылык келип чыккан шартта, Улуттук банк Башкармасынын Төрагасы бул маселени Банк Башкармасынын кароосуна сунуштоо жөнүндө чечим кабыла ала алат.  

11.3. Кайрылуу катында бардык учурда тиешелүү түрдө тариздетилген тастыктама документтерди кошо тиркөө менен каршы болуунун далилденген негизи камтылууга тийиш. 

11.4. Улуттук банк бардык учурларда жооп кат жөнөтүп турат, ал эми зарылчылык келип чыккан шартта, көрсөтмөгө жана/же бир нече көрсөтмөлөргө даттануу жазган банктын Башкармасынын Төрагасы жана Директорлор кеңешинин Төрагасы менен жолугушуу уюштурулат.  

11.5. Жогоруда көрсөтүлгөн көрсөтмөгө жана/же бир нече көрсөтмөлөргө даттануунун сотко чейинки тартиби милдеттүү түрдө сакталууга тийиш.  

11.6. Даттануунун мөөнөтү аяктаган жана/же даттануу тартиби сакталбаган учурда банктын Улуттук банкка кайрылуулары кароого алынбайт. ».  

 

10. «Ишин текшерүүгө багыттама» деп аталган 2-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин

 

«Жеринде барып инспектордук 

текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоого 2-тиркеме 

 

БАГЫТТАМА 

__________________________________________ 

(ФКМдин толук аталышы) 

_________________________________________ишин текшерүү үчүн 

 

Төмөнкү кызматкерлер

1. ___________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы

2. ___________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

3. ___________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

4. ___________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

5. ___________________________________ 

(Аты-жөнү жана кызматы) 

…… 

20____жылдын «______» тартып ______жумуш күнү мөөнөтү менен ____________________________ _____________________________________ ишин текшерүүгө жөнөтүлүшөт. Текшерүү учурунда орун алган жагдайларга жараша, текшерүү мөөнөтү «Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоонун 3.2-пунктунда белгиленген мөөнөттүн чегинде узартылышы мүмкүн. 

 

Текшерүү программасында төмөнкү багыттар жана маселелер камтылат: ________________________________________________________________ ___________________________________________________________________ 

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, текшерүүчүлөр тобунун банк ишин инспекциялоого байланыштуу ыйгарым укуктары банк менен кызыкчылыктары байланыштуу болгон (инсайдерлер жана аффилирленген жактар) кайсы болбосун компанияга карата жүзөгө ашырылат.  

 

Төраганын орун басары».