Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43\1 токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-статьяларын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин. 

2. Токтом Улуттук банктын расмий сайтында жарыялансын

3. Юридика Башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы бул токтомду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтсүн. 

5. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

Башкарманын Төрагасы Асанкожоева З.М. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

16.11.12 ш. № 43.1 токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу  

 

1.  Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 34-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 5/7 токтом менен бекитилген, «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин

1) жобонун преамбуласы төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

«Бул жобо, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» мыйзамында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына да таркатылат»; 

2) жобонун 1.17-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» мыйзамынын 24-статьясынын талаптары күчүндө болот.»; 

3) жобонун 14.5 -пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө тиешелүү «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» мыйзамынын 21-статьясынын талаптары күчүндө болот.»; 

4) жобонун 29.1 -пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:  

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын кайра өзгөртүп түзүү жагында «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» мыйзамынын 24-статьясынын талаптары күчүндө болот». 

 

2. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 93-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 18/1 токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

1) жобонун 1.1-пункту «коммерцилык банктар деген сөздөрдөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына да» деген сөздөр менен толукталсын

2) жобонун 6.3 - пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

«Бул ченемдер Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылбайт.»; 

3) жобонун 9.4-пунктундгы «коммерциялык» деген сөз алынып салынсын

 

3. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 21-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 94-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 18/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештүүлүк стандарттарын аныктоо боюнча нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

1) нускоонун 1.1-пунктундагы «(мындан ары текст боюнча «банктар»)» деген сөздөр «жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына да (мындан ары-банктар)» деген сөздөргө алмаштырылсын

2) 8.1- пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын дивиденддери Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» мыйзамында каралган тартипте бөлүштүрүлөт». 

 

4. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 4-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 15-мартында 30-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 2/2 токтому менен бекитилген, “Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндөнускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

1) нускоонун 1.1-пунктундагы «коммерциялык» деген сөз алынып салынсын;  

2) нускоонун 1.3- пунктундагы «коммерциялык» деген сөз алынып салынсын

3) нускоонун 1.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Нускоодо Улуттук банк тарабынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын (мындан ары-банктар) ишине инспектордук текшерүүлөрдүн максаттары жана алардын түрлөрү аныкталат. Мындан тышкары, Нускоодо банктарга карата алардын ишине текшерүүлөрдүн жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу сунушталуучу милдеттүү талаптар белгиленет»; 

4) нускоонун 1.9-пунктунун экини абзацында «Улуттук банктан лицензия алуучу» деген сэздөр «Улуттук банктан лицензия алуучу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» деген сөздөргө алмаштырылсын

5) нускоонун 6.4-пунктундагы «коммерциялык» деген сөз алынып салынсын

 

5. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2000-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2000-жылдын 15-декабрында 201 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 42/1 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин

жобонун преамбуласы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

«Бул жобо, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» мыйзамда каралган, өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылат». 

 

6. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 24-июнунда 78-05 номеринде каттоодон ёткёртългён №16/2 токтому менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана башка айрым финансы-кредит мекемелерге карата колдонулуучу таасир этъъ чаралары жёнъндё жобого тёмёнкъдёй ёзгёртъълёр жана толуктоолор киргизилсин

1) преамбуланын экинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы» ЖЧКсы деген сөздөр «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсы адистештирилген финансы-кредиттик мекеме» деген сөздөргө алмаштырылсын

2) преамбуланын экинчи абзацы төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: «Бул жобо, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» мыйзамда каралган, өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылат». 

 

7. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 18-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 29-апрелинде 59-05 номеринде каттоодон ёткёртългён №5/5 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым бир търлёрън жъзёгё ашырган уюмдар, алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жёнгё салуу жёнъндё жобого тёмёнкъдёй толуктоо киргизилсин: 

преамбулада «банктын сотко чейин даттануу тартибин жөнгө салат» деген сөздөрдөн кийин «, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын деген сөздөр менен толукталсын. 

 

8.  Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 28-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 26-июнунда 47-08 номеринде каттоодон ёткёртългён №22/4 токтому менен бекитилген, “Тике банктык кёзёмёл жёнъндё жобого тёмёнкъдёй ёзгёртъълөр киргизилсин

1) жобонун 1.1-пункту «Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктарга» деген сөздөрдөн кийин, «, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына да» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

2) жобонун 1.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:  

«Жобо, «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсы адистештирилген финансы-кредиттик мекемесине (мындан ары-Финансы компаниясы) жана катышуучулардан депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан жана/же Финансы компаниясынын алдында карызы бар кредиттик союздарга (мындан ары-банк/тар) бул мекемелердин ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга каршы келбеген бөлүгүндө, Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө мыйзамына ылайык, алардын өзгөчүлүгүн эске алуу менен таркатылат». 

 

9.  Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 1998-жылдын 14-декабрындагы №34/9 токтом менен бекитилген, Коммерциялык банктын ишеним боюнча тескөө жагында операцияларын жөнгө салуу эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

1) 1-главанын экинчи абзацы «коммерциялык банкты» деген сөздөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын (мындан ары банк)» деген сөз менен толукталсын

2) 1-главанын үчүнчү абзацындагы «коммерциялык банктарды (мындан ары текст боюнча "банк")» деген сөздөр «банктарды» деген сөзгө алмаштырылсын

3) эрежелердин бүтүндөй тексти боюнча «коммерциялык банк» деген сөз «банк» деген сөзгө тиешелүү сандык жана жөндөмө мүчөлөрүндө алмаштырылсын

 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/3 токтому менен бекитилген, Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин

 

жобонун 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«4. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет төмөнкү юридикалык жактардын бири тарабынан түзүлөт жана сунушталат

1) банктык топтун башында турган жана Улуттук банктан лицензия алган банк тарабынан

2) банктык холдингдик компания Кыргыз Республикасынын резиденти тарабынан

3) Улуттук банкка макулдашуу аркылуу, ыйгарым укук чегерилген юридикалык жак тарабынан (банк жана/же финансылык иш менен алектенген)

Жобо, эгерде ал банктык топтун катышуучусу болуп саналган болсо, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына да таркатылат

Ушул жобонун алкагында жогоруда көрсөтүлгөн юридикалык жактар мындан ары текст боюнча башкы компания деп аталышат.». 

 

11. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 30-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 3-ноябрында 131-08 номеринде каттоодон ёткёртългён №36/5 токтом менен бекитилген, Банктардын ишин тескёё боюнча убактылуу жетекчилик жёнъндё жобого тёмёнкъдёй ёзгёртъълёр киргизилсин

жобонун 1.1-пунктунда «Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы» ЖЧКсы деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсы адистештирилген финансы-кредиттик мекеме” деген сөздөргө алмаштырылсын.  

 

12. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 10-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 5-янвраында 2-04 номеринде каттоодон ёткёртългён №34/10 токтом менен бекитилген, Банктардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

нускоонун преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:  

«Нускоо банктардын, анын ичинде ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан банктардын, ислам терезесине ээ банктардын, Улуттук банк тарабынан лицензия алган «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсы адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларды жүзөгө ашыруусунда алардын ишине карата талаптарды белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.».  

 

13. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы №28/7 токтому менен бекитилген, Улуттук банктан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин Күрөөлүк мүлк менен иштөө тартибине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

тартиптин 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жана башка финансы-кредиттик мекемелер (мындан ары-банктар/ФКМдер) тарабынан кредиттик тартипти бекемдөө жана берилген кредиттердин реалдуу кайтарылып берилишин камсыз кылуу үчүн минималдуу талаптардын аткарылышы - ушул Тартиптин максаты болуп саналат». 

 

14. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 1-апрелинде 44-05 номеринде каттоодон ёткёртългён №4/1 токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан сунушталуучу, Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо саясатына жана анын негизги принциптерине төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин

1) 1.2-пункт «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген сөздөн кийин «жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» деген сөздөр менен толукталсын

2) 1.3-пункт «Улуттук банктан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган» деген сөздөрдөн кийин «ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы тарабынан» деген сөздөр менен толукталсын

 

15. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 14-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 12-августунда 02-05 номеринде каттоодон ёткёртългён №22/2 токтом менен бекитилген,Улуттук банктан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит мекемелердин тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө”жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

 

жобонун преамбуласы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Жобо, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", «Аудитордук иш жөнүндө», «Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана анда банктардын, анын ичинде ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан банктардын, Улуттук банк тарабынан лицензия алган башка финансы-кредиттик мекемелердин («Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсы адистештирилген финансы-кредит мекемесинин) аудити үчүн минималдуу талаптар (критерийлер) белгиленген

Жобо, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» мыйзамына каршы келбесе, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылат.». 

 

 

16. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 25-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон ёткёртългён №26/5 токтом менен бекитилген,Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

жобонун 1.2 пунктунда «жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары-Улуттук банк) лицензия алышкан башка финансы-кредиттик мекемелерге (мындан ары-текст боюнча банктар)» деген сөздөр «жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары-Улуттук банк) лицензия алышкан башка финансы-кредиттик мекемелерге жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары-текст боюнча банктар)» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

17. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 28-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 26-апрелинде 46-07 номеринде каттоодон ёткёртългён №16/5 токтом менен бекитилген, Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук кылып турган абалды аныктоо жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин

жобонун 1.2-пункту «Улуттук банктан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган» деген сөздөрдөн кийин «,жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” деген сөздөр менен толукталсын.». 

 

18. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 27-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 29-сентябрында 119-08 номеринде каттоодон ёткёртългён №33/4 токтом менен бекитилген, Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сый акынын өлчөмү жөнүндө маалыматты жайылтууда эффективдүү пайыздык ченди эсептөө жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин

жобонун 1.2-пункту «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген сөздөн кийин «, жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы тарабынан» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

19. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 29-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 1-февралында 16-05 номеринде каттоодон ёткёртългён №36/13 токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктардын ачык валюта позиция лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

1) преамбуланын биринчи абзацындагы «коммерциялык» деген сөз алынып салынсын

2) преамбуланын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: «ачык валюта позиция лимиттерин сактоонун ушул тартиби чет өлкө валютасындагы операцияларды жүргүзүүгө лицензиясы бар бардык коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары-банктар) таркатылат.». 

 

20. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана финансы-кредит мекемелерде кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

1) жобонун 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Бул ченемдик акт Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" жана “Микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан. Жобо мөөнөттүү депоизттерди тартуу менен иш алып барышкан бардык коммерциялык банктарга, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына, «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсы адистештирилген финансы-кредит мекемесине жана микрофинансылык уюмдарга (мындан ары-банктар) таркатылат.»;  

2) жобонун 20-пунктундагы «коммерциялык» деген сөздөр алынып салынсын

3) жобонун 24-пунктундагы «коммерциялык» деген сөз алынып салынсын

21. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 23-сентябрындагы №38/3 токтому менен бекитилген, “Депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан коммерциялык банктарды жана микрофинансылык компанияларды консервациялоо жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жобонун 1.1-пункту «коммерциялык банктарда консервация чарасын жүзөгө ашыруу» деген сөздөн кийин « Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкында» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

22. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2010-жылдын 12-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчётторунун түзүлүшүнө карата талаптар жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

 

жобонун 1-пунктунун 1-абзацында «Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы, Банктарды кайра каржылоонун атайын фонду» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, “Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсы адистештирилген финансы-кредиттик мекеме” деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

23. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 23-октябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 19-ноябрында 133-04 номеринде каттоодон ёткёртългён №26/2 токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин эсептик саясатына карата талаптар жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) преамбулада «Финансы компаниясы» деген сөз «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсы адистештирилген финансы-кредиттик мекеме» деген сөздөргө алмаштырылсын

2) жобонун 3.5-1-пунктунун 2-пунктчасынын төртүнчү абзацындагы «коммерциялык» дегн сөз алынып салынсын

3) жобонун 3.5-1-пунктунун 2-пунктчасынын бешинчи абзацындагы «коммерциялык» дегн сөз алынып салынсын»; 

4) жобонун 4.1 пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Банктардын, «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсынын жана микрофинансылык уюмдардын эсептик саясаты ФКМдин Директорлор кеңеши (Байкоо органы) тарабынан бекитилүүгө тийиш.»;  

5) Бүтүндөй текст боюнча «Финансы компаниясы» деген сөз «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсы деген сөзгө алмаштырылсын

24. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 15-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 7-октябрында 109-04 номеринде каттоодон ёткёртългён №24/4 токтом менен бекитилген, Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

1) нускоонун 1.1-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Нускоо бардык коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары-банктар) таркатылат»; 

2) нускоонун 2.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: «Банк менен байланыштуу жактарды кредиттөөнүн чектери жана тартиби Улуттук Банк Башкармасынын 2003-жылдын 10-декабрындагы №34/10 токтому менен бекитилген «Инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларга карата талаптар жөнүндө» нускоого ылайык аныкталат.».  

 

25. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 28-апрелинде кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2004-жылдын 10-июнунда 70-04 номеринде каттоодон ёткёртългён №311/2 токтом менен бекитилген, Пайыздык кирешени чегербөө статусун ыйгаруу Тартибине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

тартиптин 1.1 пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Тартип коммерциялык банктарда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкында жана ломбарддарды жана алмашуу бюролорун (мындан ары-кредиттик мекемелер) кошпогондо, иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынган башка финансы-кредиттик мекемелерде өзүнө кредиттик тобокелдикти алып жүргөн кредиттер жана активдер боюнча пайыздык кирешени чегербөө статусун ыйгаруу тартибин аныктайт.». 

 

26. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы №28/10 токтому менен бекитилген, коммерциялык банктарда видеобайкоону уюштуруу тартибине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

1) тартиптин 1-пункту «коммерциялык банктын объектилеринде» деген сөздөрдөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкында деген сөздөр менен толукталсын.»; 

2) тартиптин 24 пунктунда «7.2» саны «26» деген санга алмаштырылсын

 

27. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2009-жылдын 10-июнунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 14-июлунда 74-09 номеринде каттоодон ёткёртългён №26/3 токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же караштуу компанияларды түзүү жана/же сатып алуу эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

эреженин 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: «Бул эрежелер Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары-Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана бардык коммерциялык банктарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары-банк) таркатылат.».  

 

28. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 16-апрелинде кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 22-апрелинде 37-03 номеринде каттоодон ёткёртългён №13/2 Субъектилерди жана оффшордук аймактардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө жөнүндө токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

токтомдун 5-пункту төмөнкүдөй реадкцияда берилсин:  

«Бул ченемдик укуктук актынын талаптары Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүшкөн банктарга, жана башка финансы-кредиттик мекемелердин ишине таркатылат жана Улуттук банктын расмий басылмаларында жарыяланган дан кийинки 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.». 

 

29. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 26-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 22-апрелинде 25-08 номеринде каттоодон ёткёртългён №13/4 токтом менен бекитилген,Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жамааттык башкаруу жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) жобонун 1.1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: «Жобо, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” мыйзамында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик банкына да таркатылат»; 

2) жобонун 1.1-пунктунун 2-абзацындагы «коммерциялык» деген сөз алынып салынсын. 

30. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2004-жылдын 29-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 4-февралында 18-05 номеринде каттоодон ёткёртългён №36/10 токтом менен бекитилген,Кыргыз Республикасынын банктарында орун алган тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) жобонун 1.1-пункту «коммерциялык банктардын» деген сөздөрдөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын» деген сөздөр менен толукталсын»; 

2) жобонун 1.3-пунктунун экинчи абзацы «Кыргыз Республикасы» деген сөздөрдөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» деген сөздөр менен толукталсын; 

3) жобонун 7.6-пунктунун 7.6.3-пунктчасында «тресс-тестирлөө» деген сөз «стресс-тестирлөө» деген сөз менен алмаштырылсын

4) жобонун бүтүндөй тексти боюнча «коммерциялык банк» деген сөз «банк» деген сөзгө тиешелүү сандык жана жөндөмө мүчөлөрүндө алмаштырылсын

31. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 15-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 4-февралында 18-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 37/5 токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

1) жобонун 1.1.-пунктунда сөздөр «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» (мындан ары текст боюнча Жобо)» деген сөздөр алынып салынсын

2) жобонун 1.2-пунктунда ««Эсептешүү-сактык компания» ААКсы жана «Кыргыз айыл-чарба финансы корпорациясы» ЖАК деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» деген сөздөргө алмаштырылсын.  

32. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 28-июнунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 4-августунда 85-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 19/2 токтом менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелерде рынок тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

жобонун 1.1-пунктунда «Эсептешүү-сактык компания» ААКсы жана «Кыргыз айыл-чарба финансы корпорациясы» ЖАК (мындан ары-текст боюнча-банктар) деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» деген сөздөргө алмаштырылсын.  

33. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 28-июнунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 4-августунда 85-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 19/3 токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелерде өлкө тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

 

1) жобонун 1.2-пункту «коммерциялык банктарда» деген сөздөрдөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» деген сөздөр менен толукталсын; 

2) жобонун 3.2-пунктундагы «коммерциялык» деген сөз алынып салынсын

34. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2010-жылдын 17-февралындагы №2/3 токтому менен бекитилген, Консолидацияланган көзөмөлдүк жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

1) жобонун 2-пунктунун экинчи абзацы «(мындан ары-Улуттук банк) деген сөздөн кийин» «же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» деген сөздөр менен толукталсын

2) жобонун 2-пунктунун сегизинчи абзацындагы «Улуттук банктан лицензия алышкан» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн» деген сөзгө алмаштырылсын;  

3) жобонун 2-пунктунун тогузунчу абзацында «Улуттук банк тарабынан лицензияланчу» деген сөз «Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн» деген сөзгө алмаштырылсын

4) жобонун 4-пунктунун экинчи абзацында «Улуттук банк тарабынан лицензияланчу» деген сөз «Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн» деген сөзгө алмаштырылсын

5) жобонун 4-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтарындагы «Улуттук банк тарабынан лицензияланчу» деген сөз «Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн» деген сөзгө алмаштырылсын. 

35.  Улуттук Банк Башкармасынын 2010-жылдын 29-декабрындагы №96/2 токтому менен бекитилген, “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттерди көрүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдуктун уюштурулушуна карата минималдуу талаптар жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин

жобонун 2-пункту «ислам терезесине ээ» деген сөздөрдөн кийин «, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкында» деген сөздөр менен толукталсын. 

36.  Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 20112-жылдын 14-сентябрындагы №52/4 токтому менен бекитилген, банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1) жобонун 1-пунктунун биринчи абзацы «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары» «, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» деген сөздөр менен толукталсын; 

2) жобонун 28-пунктундагы «коммерциялык» деген сөз алынып салынсын

3) жобонун 38-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«Эмитенттер - Кыргыз Республикасынын резидент эместери тарабынан чыгарылган кайсы болбосун баалуу кагаздар жана эмитенттер Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан чыгарылган мамлекеттик эмес баалуу кагаздар менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга чейин, банктар Тышкы көзөмөл башкармалыгына төмөнкү маалыматтарды берүүлөрү тийиш:»

37. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы №36/2 токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана микрофинансылык компанияларынын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин

1) жобонун 2-пункту «коммерциялык банктарга» деген сөздөрдөн кийин «, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына» деген сөздөр менен толукталсын

2) жобонун 2-пунктунда «(мындан ары-банктар)» деген сөздөн кийин « , » белгиси коюлсун. 

38. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы №52/4 токтому менен бекитилген,Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

1) жобонун 1-пункту «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары» деген сөздөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы үчүн» деген сөздөр менен толукталсын

2) жобонун 3-пункту «төлөм операцияларын» деген сөздөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына” деген сөздөр менен толукталсын». 

39.  Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2011-жылдын 26-октябрындагы №60/7 токтому менен бекитилген, Убактылуу жетекчилик, консервациялоо жана банкроттук жол-жоболору киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан айрым банктык жана төлөм операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизисин

1) жобонун 2-пункту «коммерциялык банкка» деген сөздөрдөн кийин «же Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына» деген сөздөр менен толукталсын

2) жобонун 3-пункту «Улуттук банк тарабынан лицензияланган коммерциялык банктарга» деген сөздөрдөн кийин «жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына» (мындан ары-банктар) деген сөздөр менен толукталсын»; 

3) 6-пунктагы “акыркы эсептешүү” деген түшүндүрмөдө “коммерциялык” деген сөз алынып салынсын

4) 6-пунктагы “төлөм системасынын катышуучусу” деген түшүндүрмөдө “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алган коммерциялык банк” деген сөз “банк” деген сөзгө алмаштырылсын

5) 6-пунктагы “соода системасынын катышуучус” деген түшүндүрмөдө “коммерциялык” деген сөз алынып салынсын. 

40. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2007-жылдын 20-декабрындагы №54/9 токтому менен бекитилген, “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарындагы жана башка финансы-кредиттик мекемелериндеги Бухгалтердик эсепке алуу эсептеринин планына карата талаптар жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

1) жобонун 1.1 пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Жободо банктардын алар тарабынан бекитилген Эсептер планына өткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» жана «Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкында жана башка финансы-кредиттик мекемелеринде Бухгалтердик эсепке алуу эсептеринин планына карата талаптар белгиленет»; 

2) жобонун 2.1- пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эсептер планына карата талаптар Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып абыршкан банктарга таркатылат». 

41. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/3 токтому менен бекитилген, Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга карата камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөжобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1) жобонун 1.1 пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жобо, депозиттерди тартуу менен иш алып барууга укугу бар бардык коммерциялык банктарга, микрофинансылык компанияларга, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына жана “Кредиттик союздардын финансы компаниясы” ААКсы адистештирилген финансы-кредиттик мекемесине (мындан ары-банктар) таркатылат»

2) жобонун 13.4-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы РППУну «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» мыйзамына ылайык түзөт жана чегерет.  

42.  Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-майындагы №34/1 токтому менен бекитилген, Милдеттүү камдар жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

1) жобонун 1.1- пунктундагы «коммерциялык» деген сөз алынып салынсын; 

2) жобонун 1.1-пункту «коммерциялык банктардын » деген сөздөрдөн кийин «, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын» деген сөздөр менен толукталсын

3) жобонун бүтүндөй тексти боюнча «коммерциялык банктар» деген сөздөр «банктар» деген сөзгө тиешелүү сандык жана жөндөмө мүчөлөрүндө алмаштырылсын

43. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 20-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 29-декабрында 32-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 32/07 токтом менен бекитилген, Аудит боюнча комитетке карата негизги талаптарга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

жобонун 1.1-пунктундагы «(мындан ары текст боюнча-банк)» деген сөздөр «, жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы (мындан ары-банк)» деген сөздөргө алмаштырылсын.