Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын  

21-декабрындагы 50\7 токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 6-майында 73-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №14/2 Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин жаңы редакциясы тууралуутоктом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу Эрежелерине төмөнкү толуктоолор киргизилсин

5-пунктка

- 5.3.3-пунктчанын төртүнчү абзацындагы “Улуттук банктан лицензия алышкандеген сөздөрдөн кийин “, КСФКнын капиталына инвестицияларды эске албагандадеген сөздөр менен толукталсын

- төмөнкү мазмундагы 5.3.4-пунктча менен толукталсын

«5.3.4. Кредиттик союздун же өз ара байланыштуу кредиттик союздардын КСФКнын капиталына инвестицияларынын суммасы, КСФКнын уставдык капиталынын 10 пайызынан ашпоого тийиш

Өз ара байланыштуу кредиттик союздар деп, жалпы тике же кыйыр контролдук алдында турган кредиттик союздарды түшүнүү зарыл.  

Жалпы тике же кыйыр контролдук деп, жеке адамдын же юридикалык жактын, кредиттик союздун үлүштүк капиталына катышуусунан көз карандысыз, кредиттик союздун жетекчилигине же саясатына өз алдынча же башка жактар менен биргелешип таасир эте алуу мүмкүнчүлүгүн түшүнүү зарыл.”. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-июлундагы N30/14 токтому менен бекитилген «Адистештирилген финансы-кредит мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө» жобонун 6-главасы күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен Адистештирилген финансы-кредит мекемеси «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсын, Кредиттик союздар жана кооперативдер улуттук ассоциациясын тааныштырсын.  

4. Юридика башкармалыгы

- бул токтомду Улуттук банктын расмий сайтында жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.  

5. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Асанкожоева З.М.