Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 24-мартындагы 9\12 токтому 

 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 1-апрелинде 44-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 4/1 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит мекемелери тарабынан сунушталуучу банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөр укугун коргоо саясатын жана анын негизги принциптерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  

киргизүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 1-апрелинде 44-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 4/1 токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит мекемелери тарабынан сунушталуучу банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөр укугун коргоо саясатына жана анын негизги принциптерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

3. Юридика башкармалыгы

· токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары" басылмасында жарыяланышын камсыз кылсын

· расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Микрофинансылык уюмдар ассоциациясын, Кыргызстандын кредиттик союздар жана кооперативдер улуттук бирлигин "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсын тааныштырсын

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн

 

Төрага Асанкожоева З.М

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын " 27" мартындагы 9\12 токтомуна карата тиркеме  

 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз  

Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 1-апрелинде 44-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 4/1 токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит мекемелери тарабынан сунушталуучу банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана кызматтардан пайдалануучулар укугун коргоо саясатына жана анын негизги принциптерине 

өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 1-апрелинде 44-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 4/1 токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар ж.б. финансы-кредит мекемелери мекемелери тарабынан сунушталуучу банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана кызматтардан пайдалануучулар укугун коргоо саясатына жана анын негизги принциптерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

1. Аталышындагы "Улуттук банк" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" деген сөздөргө алмаштырылсын.  

2. Бүтүндөй текст боюнча кездешкен "Банк" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "ФКМ" деген сөздөргө алмаштырылсын

3. 1-бөлүктүн 1.1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамы" деген сүйлөм "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө", "Кредиттик союздар жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө" деген сүйлөмдөр менен толукталсын

4. 2-бөлүктүн 2.2-пунктундагы:  

- 4-абзац төмөнкү редакцияда берилсин:"банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаштык - бул, ФКМ ортосунда эркин мелдешүүсү. Мында алардын өз алдынча аракеттенүүсү, банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ишкердикти жүзөгө ашыруунун жалпы шарттарына алардын ар биринин бир тараптуу таасир этүү мүмкүнчүлүгүн чектейт"; 

- 5-абзац төмөнкү редакцияда берилсин

"банктык кызмат көрсөтүү рыногундагы монополиялык ишкердик - бул, ФКМдердин, жактардын тобунун басымдуу абалды ээлөөдөн кыянаттык менен пайдаланышы, монополияга каршы мыйзамдарга карама-каршы аракеттенүүгө макулдашуусу же макулдашып аракеттениши, ФКМдин (жактардын тобунун) атаандаштыкка бөгөт коюуга, чектөөгө же четтетүүгө багытталган аракеттери (аракеттенбей коюулары)"; 

- 9-абзац алынып салынсын.  

- төмөнкү мазмундагы 9-абзац менен толукталсын

"атаандаштыкка каршы макулдашуу (макулдашылган аракеттер) - бир документте же бир нече документтерде чагылдырылган кат жүзүндө макулдашуу, ошондой эле оозеки макулдашып алуу. Банктык кызмат көрсөтүү рыногундагы жагдайдын өзгөрүүсүнө талдап-иликтөөлөр мунун далилинен болушу мүмкүн".  

5. 3-бөлүктө:  

- бөлүктүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин "ФКМдердин басымдуу абалды ээлөөсү"; 

- 3.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

"Кыргыз Республикасынын аймагында ФКМ тарабынан сунушталган банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн кайсыл болбосун түрү боюнча басымдуу абалды ээлөө жагдайын аныктоого болот";  

- 3.3.-пункттун в) пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "Сунушталуучу кызматтарга монополиялык жогорку (төмөн) баалардын белгилениши, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат"

6. 5-бөлүктүн аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

"ФКМдердин банктык кызмат көрсөтүү рыногунда атаандаштыкты чектеген атаандаштыкка каршы макулдашуусу (макулдашып аракеттенүүсү)".  

7. 3-бөлүктүн 6.1.-пунктунда

- 6.1.2-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин

"Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда, анын ичинде ФКМдерде келишимдерди түзүүдө жана макулдашылган аракеттерди көрүүдө, ФКМдерди түзүүдө, кайра өзгөртүүдө (биригүү, кошулуу, өзгөрүп түзүлүү) жана ФКМдердин акцияларын сатып алууда, монополияга каршы мыйзам талаптарынын сакталышына контролдук"; 

- 6.2.1 -пунктчадагы "Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамы менен" деген сүйлөм "Кыргыз Республикасынын мыйзамдары" деген сүйлөмдөргө алмаштырылсын.  

8. "Улуттук банктын монополияга каршы жөнгө салуу механизми" деп аталган 8-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:  

"8.1. Банктык кызмат көрсөтүү рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөр укугун коргоо боюнча көзөмөлдүктү жүргүзүү процессинде Улуттук банк лицензиялоо, сырттан көзөмөлдүктү жүргүзүү жана жеринде барып инспекциялоо иштерин айкалышта караган ыкмаларды колдонот

8.2. Банктык кызмат көрсөтүү рыногунда ФКМдердин басымдуу абалды ээлөөсү Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-мартындагы 16/5 токтому менен бекитилген "Банктык кызмат көрсөтүү рыногунда басымдуу абалды ээлөөнү аныктоо жөнүндө" жобого ылайык аныкталат

8.3. Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүдө Улуттук банк тарабынан банктык кызмат көрсөтүүлөргө баанын белгиленишине, тарифтердин ФКМдердин ички баа түзүү саясатына ылайык иштеп чыгуу жана бекитүү тартибине талдап-иликтөөлөр жүргүзүлүп, тиешелүү маалымат ФКМдерге текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпы отчетто чагылдырылат

8.4. Улуттук банк текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча отчеттордо камтылган, сырттан көзөмөлдүктү жана лицензиялоону жүзөгө ашыруу процессинде аныкталган маалыматтардын негизинде, ФКМдер тарабынан монополияга каршы мыйзам талаптарынын же атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жагындагы башка ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бузууга жол берилиши учурларын, атап айтканда төмөнкү жагдайларды кароого алат

- монополияга каршы мыйзамдарга каршы келген бүтүмдөргө келишүүдө аракеттерди

- баа түзүү тартибин бузууга жол берип, анын ичинде негизсиз жогорулатылган (төмөндөтүлгөн) бааны белгилөө, колдоого алуу учурларын

- атаандаштыкты чектөө максатында келишип алуулар. Банктык рынокто жагдайдын өзгөрүүсүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү мунун далилинен болушу мүмкүн

- банктык кызматтардан пайдалануучулардын мыйзам бузуулардын орун алып жаткандыгын далилдеген документтерди кошо тиркөө менен кат жүзүндө кайрылуусу

8.5. ФКМдер тарабынан монополияга каршы мыйзамдарды бузууга жол бергендик аныкталган учурда, ошондой эле келип түшкөн арыздарды кароодо Улуттук банк, белгиленген тартиптерге ылайык, планда каралбаган (комплекстүү же максаттуу) инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечимин кабыл алышы мүмкүн".