Кайта келүү

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10\11 токтому 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютада депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндөжобону бекитүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 26- жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кароого сунуштулган “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютада депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 14-ноябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 10-декабрында №48/1 номеринде каттоодон өткөрүлгөн токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобо ушул токтомдун 6-пунктуна ылайык “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютада депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун нормалары колдонууга киргизилген күндөн тартып күчүн жоготкон катары таанылсын.  

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 

4. Юридика башкармалыгы бул токтом расмий жарыялагандандан кийин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

5. Бул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

6. “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютада депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун нормалары Автоматташтырылган тоорук системасы  өнөр жайлык пайдаланууга киргизилгенден тартып колдонула тургандыгы белгиленсин.  

7. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук Банк Башкармасынын 2013-жылдын «28» мартындагы № 10\11  

токтому менен бекитилген  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютадагы депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 

 

1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) улуттук валютадагы депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо), Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары (мындан ары - Катышуучу) менен улуттук валютадагы депозиттик операцияларын автоматташтырылган тоорук системасы (мындан ары - АТС) аркылуу жүргүзүү тартибин аныктайт.  

2. Улуттук банк улуттук валютадагы депозиттик операцияларды (мындан ары депозиттик операция) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине ылайык жүзөгө ашырат. 

3. Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасынын иши жөнүндөгү жобо (мындан ары АТСтин иши жөнүндө жобо) менен бекитилген шарттар жана эрежелер ушул Жобого таасир этет.  

4. Улуттук банк депозиттик операцияларды аукциондук негизде ишке ашырат, ошондой эле Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими боюнча улуттук валютадагы депозитик операциялар катталган пайыздык чен боюнча ишке ашырылышы мүмкүн.  

5. Депозиттик операциялар банк тутумунан үстөк ликвиддүүлүктү убактылуу алуу максатында ишке ашырылат.  

6. Ушул Жобонун 14-пунктунун талаптарына жооп берген коммерциялык банктар депозиттик операциялардын Катышуучулары болуп саналат, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча депозиттик операцияларга республиканын финансы рыногунун башка катышуучусу да катышуусуна уруксат берилиши мүмкүн.  

7. Катышуучунун Улуттук банк менен депозиттик операциялар боюнча өз ара мамилелери ушул Жобо жана ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык, Улуттук банк менен Катышуучу ортосунда улуттук валютадагы депозиттик операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө тиешелүү эки тараптуу Келишим менен (мындан ары-Келишим) жөнгө салынат.  

2. АНЫКТАМАЛАР ЖАНА АТООЛОР  

Төмөнкүдөй көрсөтүлгөн аныктамалар жана атоолордон бөлөк, АТСтин иши жөнүндө жобо менен аныкталган аныктамалар жана атоолор таасир этет:  

8. Депозиттик операцияны ишке ашыруу күнү депозитик операциялардын натыйжалары кабыл алынган, иштелип чыккан жана жарыяланган, депозиттик операциялардын параметрлери Улуттук банк тарабынан жарыяланган күн.  

9. Депозиттик операциялар аткарылган күнү акча каражаттарынын айкын жылышы жүргөн, депозиттик операциялардын параметрлери Улуттук банк тарабынан жарыяланган күн. 

10. Депозиттик операциянын аяктоо күнү Улуттук банк тарабынан жарыяланган параметрлерде депозиттин негизги суммасын жана кошуп эсептелген пайыздарды Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүү аркылуу депозиттин негизги суммасынын жана кошуп эсептелген пайыздардын кайтарылышы ишке ашкан депозиттик операция күнү.  

11. Депозиттик операция бул, Улуттук банк тарабынан кайтарымдуулук, мөөнөттүүлүк жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында улуттук валютадагы акча каражаттарын убактылуу алып салуу.  

12. Депозиттик операциялар мөөнөтү календардык күндө туюндурулган жана депозиттик операция келишилген күндөн кийинки күндөн тартып депозиттик операция аяктаган күнгө чейинки күн эсептелинген мезгил аралыгы.  

13. Депозиттик операциялар боюча пайыздарды чегерүү мөөнөтү Катышуучунун корреспонденттик эсебинен акча каражаттарынын суммасын эсептеп алып салуу жана Улуттук банктагы тиешелүү эсепке депозитти кайтарып бергенге чейинки күнгө чегерилүүчү күндөн кийинки күндөн тартып эсептелинген, календардык күн боюнча туюндурулган убакыт аралыгы. 

3. ДЕПОЗИТТИК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ЖАЛПЫ ШАРТТАРЫ 

14. Депозиттик операцияларына катышууга мүмкүндүк алыш үчүн, Катышуучу Улуттук банкка кат түрүндө кайрылуу жиберип, төмөнкү талаптарга жооп бериш керек: 

· улуттук валютадагы банктык операцияларды чектөөсүз жүргүзүүгө Улуттук банктын лицензиясы болсо; 

· Улуттук банкта улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинин болушу

· Улуттук банк менен келишилген Келишими болсо;  

· Кыргыз Республикасынын «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө» мыйзамында каралган процесстер жана/же жол-жоболор киргизилбесе (консервациялоо, санациялоо, реабилитациялоо, өз эрки менен жана мажбурлап жоюу, түзүмүн өзгөртүү жана кайра өзгөртүп түзүү). 

Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө чечими менен чет өлкө валютасындагы депозиттик операцияларга катышуу үчүн, Кыргыз Республикасынын «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө» мыйзамында каралган процесстер жана/же жол-жоболор киргизилген Катышуучуларга уруксат берилиши мүмкүн. 

15. Кол коюлган Келишим жана АТС аркылуу операция жүргүзүүгө тиешелүү негизде таризделген билдирме депозиттик операцияга катышууга негиз болуп саналат. 

16. Улуттук банктын Акча-кредит жөнгө салуу комитети тарабынан төмөнкү шарттар аныкталат: 

- депозиттик операциялардын мөөнөттөрү

- депозиттик операциялар боюнча акча каражаттарынын жалпы көлөмү

- максималдуу пайыздык чен; 

- катталган пайыздык чен. 

17. Ушул жобонун 16-пуктунда көрсөтүлгөн депозиттик операцияларды жүзөгө ашыруу шарттары, Улуттук банк тарабынан АТС каражаттары жана өз веб-сайтына маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу жарыяланат.  

18. Ишке ашырылган депозиттик операциялар натыйжалары АТСке маалым болуп, ошондой эле веб-сайтына статистикалык маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу Улуттук банк тарабынан кулактандырылат

19. Билдирмелер Улуттук банк тарабынан жарыяланган депозиттик операцияларынын шарттарын канааттандырууга тийиш. 

20. Улуттук банк тарабынан жарыяланган депозиттик операциялардын шарттарына ылайык келбеген билдирмелер, АТСте четке кагылат.  

21. АТСке билдирмелерди кабыл алуу башталган учур менен аяктаган убакыт ортосунда Катышуучу билдирмеге өзгөртүү киргизип же аны кайтарып алууга укуктуу. 

22. Депозиттик операциялар боюнча билдирмелерди АТСке кабыл алуу убактысы аяктаган учурда, Катышуучулар билдирмелерди бере алышпайт/өзгөртө алышпайт. Билдирмелер кайтарылып алынгыс болуп эсептелинет. 

23. Улуттук банк билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылат. 

24. Депозиттик операцияларды мөөнөтүнөн мурда аяктоого жана узартууга жол берилбейт. 

25. Депозиттик операциялары ага экиден аз Катышуучу катышкан шартта, Улуттук банк тарабынан өткөрүлбөгөн катары таанылышы мүмкүн. 

26. Улуттук банкта депозиттик операция боюнча эсепте жайгаштырылган акча каражаттарын талап кылуу укугун үчүнчү тарапка өткөрүп берүүгө уруксат берилбейт. 

27. Депозиттик операцияларын өткөзүү регламенти АТСтин иши жөнүндөгү жобо менен аныкталат. 

28. Депозиттик операциялары боюнча эсеп жүргүзүү тартиби ушул Жобо жана АТСтин иши жөнүндө жобо менен аныкталат. 

4. ДЕПОЗИТТИК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ 

29. Катышуучу ар бир депозиттик мөөнөттүүлүк боюнча 5 (бештен) ашпаган билдирмени бере алат. 5 (бештен) көбүрөөк билдирме берилген учурда Катышуучунун кийинки билдирмелери четке кагылат жана кабыл алынбайт. 

30. Депозиттик операцияга Улуттук банк жарыялаган максималдуу пайыздык ченден төмөн же ага барабар чени менен билдирмелерге жол берилет.  

31. Депозиттик операция учурунда эң аз пайыздык чендерди (Улуттук банк жарыялаган максималдуу пайыздык ченден төмөн) сунуштаган Катышуучулардын билдирмелери биринчи кезекте канааттандырылат. Ошентип, билдирмелерди канааттандыруу эң аз пайыздык ченди сунуштагандар боюнча ишке ашырылып, андан ары Улуттук банктын максималдуу пайыздык ченине чейин өсүү тартибинде жүргүзүлөт. 

32. Катышуучулардын билдирмелеринде сунушталган пайыздык чендер дал келип калган шартта, билдирмелер алардын салыштырма салмагына пропорционалдуу негизде канааттандырылат.  

33. АТС эсептөөлөрдү жүргүзүп, депозиттик операциялар боюнча жыйынтыкты аныктайт.  

34. Катышуучу АТСтеги жумуш ордунда айкын убакыт ыргагында депозиттик операциялары боюнча билдирмелеринин статусуна тиешелүү маалыматтарды ала алат.  

35. Депозиттик операция аткарылган күнү, АТС Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен Катышуучунун канааттандырылган билдирмесинин шарттарына ылайык, акча каражаттарынын суммасын Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерет.  

36. Депозиттик операция аяктаган күнү, АТС Улуттук банктын тиешелүү эсебинен акча каражаттарынын суммасын жана чегерилген пайыздарды Катышуучунун канааттандырылган билдирмесинин шарттарына ылайык, анын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерет.  

5. КАТЫШУУЧУЛАРДЫН УКУКТАРЫ, МИЛДЕТТЕРИ  ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ  

37. Катышуучунун жана Улуттук банктын укуктары менен милдеттери ушул Жобо жана АТСтин иши жөнүндө жобо менен аныкталат. 

38. Катышуучу ушул Жободо көрсөтүлгөн депозиттик операцияларын жүргүзүүнүн шарттарына макул жана келишилген депозиттик операциялар боюнча милдеттенмелерди аткаруудан баш тартпоого милдеттенет.  

39. Депозиттик операциянын баштапкы бөлүгүн аткаруу учурунда, Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде акча каражатарынын суммасы жок болушу Катышуучунун депозиттик операциялары боюнча милдеттенмелерин аткарбай коюсу болуп саналат

40. Эгерде депозиттик операциясынын баштапкы бөлүгүн ишке ашырууда, Катышуучу өз милдеттенмелерин аткара албай калса, Улуттук банктын депозиттик операциялары боюнча эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүнө жооп берген түзүмдүк бөлүмү Катышуучунун Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсебинен депозиттик операциясынын баштапкы бөлүгүнүн тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндөгү бир жолку айыптык төлөмдүн суммасын акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептен алып салат. 

41. Эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен улуттук валютадагы бир жолку айыптык төлөм суммасын эсептен алып салуу мүмкүн эмес болсо, Улуттук банктын депозиттик операциялары боюнча эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшүнө жооп берген түзүмдүк бөлүмү, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен акча каражаттары түшкөн сайын, бир жолку айыптык сумманы алып салууну жүзөгө ашырат.  

42. Эгерде, Улуттук банк депозиттик операция аяктаган күнү өз милдеттенмесин аткара албай калган болсо, Улуттук банк Катышуучуга депозиттик операциясынын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндөгү бир жолку айыптык төлөмдү анын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерүү аркылуу төлөп берет.  

6. КОРУТУНДУ ЖОБО 

43. Улуттук банк тарабынан депозиттик операцияларды ишке ашыруу тартиби ушул Жобо, Келишим жана АТСтин иши жөнүндөгү жобо аркылуу жөнгө салынат. 

44. Депозиттик операцияларды жүргүзүү процессин өркүндөтүү максатында, Улуттук банк тарабынан бул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

улуттук валютадагы депозиттик операцияларын жүргүзүү  

тартиби жөнүндө Жобого карата 1-тиркеме  

2013-жылдын «28» мартындагы № 10\11 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Катышуучунун 

__________________________________________ ортосунда 

(коммерциялык банктын аталышы)  

Кыргыз Республикасынын улуттук валютадагы депозиттик операцияларын  

жүргүзүү тартиби жөнүндө келишим 

 

Бишкек ш. 20__ж. «___» __________№ _______ 

 

 

Мындан ары «Улуттук банк» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан ______________________, _________________________________ негизинде иш алып барган __________________ бир тараптан жана мындан ары Катышуучу деп аталуучу__________________ негизинде иш алып барган ________________________ экинчи тараптан, мындан ары «Тараптар» деп аталуучулар, “Автоматташтырылган тоорук системасы жөнүндө” жобонун (Улуттук банк Башкармасынын 20__ жылдын ____ №_____ токтому менен бекитилген) жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын улуттук валютадагы депозиттик операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө” жобонун негизинде (Улуттук банк Башкармалыгынын 20__ жылдын _________№_____ токтому менен бекитилген) (мындан ары Жобо) төмөнкүлөр боюнча ушул келишимди (мындан ары Келишим) түзүштү

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Улуттук банк менен Катышуучу ортосунда улуттук валютадагы депозиттик операцияларын (мындан ары депозиттик операция) ишке ашырууда келип чыккан укуктук мамилелердин шарттарын жана аларды жөнгө салуу тартибин аныктоо, ушул Келишимдин предмети болуп саналат. 

1.2. Ушул Келишимде колдонулган аныктамалар жана атоолор Жободо аныкталган аныктамаларга жана атоолорго окшош.  

1.3. Депозиттик операциялар боюнча эсептешүүлөр, Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсептери жана Улуттук банктын тиешелүү эсептери боюнча жүзөгө ашырылат.  

2. ДЕПОЗИТТИК ОПЕРАЦИЯЛАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ЖАЛПЫ ШАРТТАРЫ 

2.1. Катышуучу депозиттик операцияларын ишке ашыруу үчүн Жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн, операциялар ишке ашырылган күнгө карата белгиленген талаптарды аткарууга тийиш.  

2.2. Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн, депозиттик операцияларын ишке ашыруучу шарттары, Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аныкталып, Улуттук банктын веб-сайтына маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу АТСке кулактандырылат.  

2.3. Ишке ашырылган депозиттик операцияларынын натыйжалары Улуттук банк тарабынан расмий сайтына статистикалык маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу жана АТСте кулактандырылат. 

2.4. Кол коюлган Келишимдин жана тиешелүү негизде таризделген, АТС аркылуу берилген операцияга катышууга билдирменин болушу, депозиттик операцияга катышуу үчүн негиз болуп саналат.  

2.5. Катышуучунун билдирмеси Улуттук банк тарабынан жарыяланган депозиттик операцияларынын шарттарын канааттандырууга тийиш. 

2.6. Берилген билдирме Улуттук банк жарыялаган шарттарга Катышуучунун макулдугун түшүндүрөт. 

2.7. Улуттук банк жарыялаган шарттарга жооп бербеген билдирмелер АТСте четке кагылат.  

2.8. Катышуучу АТСке билдирмелерди кабыл алуу башталган жана аяктаган мезгил аралыгында билдирмеге өзгөртүү киргизүүгө же аны кайтарып алууга укуктуу.  

2.9. АТСте депозиттик операциялар боюнча билдирмелерди кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин Катышуучулар башка билдирмелерди бере алышпайт/аларды өзгөртө алышпайт. Билдирмелер кайтарылып алынгыс катары эсептелинет. 

2.10. Улуттук банк билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылат. 

2.11. Эгерде, депозиттик операциясын аткаруу күнү Кыргыз Республикасында жумуш эмес күнгө туура келип калса, анда депозиттик операциялары кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. Мында, депозиттик операцияларын аяктоо күнү которулбайт жана депозиттик операцияларынын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасы кайрадан эсептелинбейт.  

2.12. Эгерде, депозиттик операциясын аяктоо күнү Кыргыз Республикасында жумуш күнү эмес деп жарыяланса, анда депозиттик операциялар кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. Мында, депозиттик операциясынын жыйынтыктоочу бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасы кайрадан эсептелинбейт.  

2.13. Улуттук валютадагы акча каражаттарын чегерүү жана эсептен алып салуу Катышуучулардын корреспонденттик эсептери жана Улуттук банктын тиешелүү эсеби боюнча АТС аркылуу ишке ашырылат.  

2.14. Депозиттик операцияларын мөөнөтүнөн мурда аяктоого жана узартууга жол берилбейт. 

2.15. Депозиттик операция аткарылган күнү, АТС Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен Катышуучунун канааттандырылган билдирмесинин шарттарына ылайык, акча каражаттарынын суммасын Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерет.  

2.16. Депозиттик операция аяктаган күнү, АТС акча каражаттарынын суммасын жана чегерилген пайыздарды Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерет.  

3. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

3.1. Тараптар депозиттик операцияларын Жобого жана ушул Келишимге ылайык жүргүзүүгө укуктуу. 

3.2. Тараптар Жободо жана ушул Келишимде баяндалган депозиттик операцияларын жүргүзүү шарттарына макул жана бири-биринин алдындагы өз милдеттенмелерин тааныйт. 

3.3. Тараптар Жободо жана ушул Келишимде белгиленген депозиттик операцияларын жүргүзүү шарттарын так сактоого милдеттенет жана депозиттик операциялар боюнча милдеттенмелерин аткаруудан баш тартышпайт. 

3.4. Катышуучу төмөнкүлөргө милдеттенет:  

3.4.1. Ушул келишим шарттарын так сактап, билдирмелерди берүүдө бардык зарыл аракеттерди өз учурунда көрүү.  

3.4.2. Депозиттик операция аткарылган күнү депозиттик операцияларынын баштапкы бөлүгүн аткаруу үчүн корреспонденттик эсепте акча каражаттарынын тиешелүү суммасына ээ болууга

3.4.3. Эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинде депозиттик операциянын баштапкы бөлүгүн аткаруу үчүн жетиштүү сандагы акча каражаты жок болсо, Улуттук банктын депозиттик операциялары жүргүзүлүшүнө жооп берген түзүмдүк бөлүмү Катышуучунун корреспонденттик эсебинен депозиттик операциянын баштапкы бөлүгүнүн акча каражаттарынын суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү акцептсиз (талашсыз) алып салууга укуктуу.

3.4.4. Эгерде, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен улуттук валютадагы бир жолку айыптык төлөм суммасын эсептен алып салуу мүмкүн эмес болсо, Улуттук банктын депозиттик операциялары боюнча эсептешүүлөрдүн жүргүзүлүшү үчүн жооп берген түзүмдүк бөлүмү, Катышуучунун корреспонденттик эсебинен акча каражаттары түшкөн сайын, бир жолку айыптык сумманы алып салат.  

3.5. Улуттук банк төмөнкүлөргө милдеттенет: 

3.5.1. Эгерде, көрсөтүлгөн милдеттенмелер аткарылбаган учурда, Улуттук банк депозиттик операциянын жыйынтыктоочу бөлүктөрүнүн акча каражаттарынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү Катышуучуга төлөп берет. 

3.6. Айыптык төлөмдү чегерүү жана/же эсептен алып салуу АТС аркылуу ишке ашырылат.  

 

4. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ 

4.1. Тараптар ушул Келишимге ылайык, депозиттик операциялар боюнча өз милдеттенмелери үчүн толук жоопкерчилик тартышат. 

4.2. Депозиттик операциялар боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурда, бир Тарап экинчи Тарапка депозиттик операцияларынын тиешелүү суммасынан 0,5% өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөмдү төлөйт.  

4.3. Катышуучу жана Улуттук банк АТСке төмөнкүлөрдөн акча каражаттарын которууга укук берет: 

· депозиттик операция аткарылган күнү Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен акча каражаттарынын суммасын Улуттук банктын тиешелүү эсебине чегерет;  

· депозиттик операция аяктаган күнү Улуттук банктын тиешелүү эсебинен акча каражаттарынын суммасын Катышуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерет.  

4.4. Улуттук банк Катышуучу тарабынан ушул Келишим жана Жобонун талаптарын бузууга жол берүүнүн кесепетинен ага келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт.  

4.5. Улуттук банк жана Катышуучу ушул Келишим жана Жобонун талаптарына ылайык, депозиттик операцияларынын ишке ашырылышына байланыштуу, алардын жоопкерчиликтүү адамдары жана кызматкерлери тарабынан аткарылган иштердин тууралыгы өз учурунда ишке ашырылгандыгы жана купуялуулугунун сакталышы үчүн толук жоопкерчилик тартат.  

4.6. Улуттук банк АТСте техникалык үзгүлтүктөр келип чыккан шартта, депозиттик операцияларды токтотууга/алып салууга укуктуу. Эгерде, техникалык үзгүлтүк кыска мөөнөттүк мүнөзгө ээ болсо, Улуттук банк депозиттик операцияларын жүргүзүү убакыт аралыгын өзгөртүүгө жана жыйынтыгын жарыялоого укуктуу.  

5. ФОРС-МАЖОР 

5.1. Эгерде, ушул келишим боюнча милдеттенмелер күтүүсүз жагдайлардан улам, мисалы: табигый жана техногендик кырсыктардан, бөөдө кырсыктардан, аскердик жаңжалдардан, элдик толкундоолордон, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдары тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардан жана ушул милдеттенмелердин аткарылышына бөгөт койгон башка жагдайлардан улам, толук же жарым жартылай аткарылбай калгандыгы үчүн тараптар жоопкерчиликтен бошотулушат. Албетте, жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар күтүүсүз, болжолдоого жана алдын алууга болбогон мүнөзгө ээ болуп, ушул келишим түзүлгөндөн кийин тараптардын эркинен көз карандысыз келип чыккан шартта.  

5.2. Тараптар болжолдоого болбогон жагдайлар келип чыккан шартта, 2 (эки) жумуш күнү ичинде бул тууралуу бири-бирине кат жүзүндө маалымдоого тийиш. Анда түптөлгөн жагдайдын мүнөзү жана анын ушул келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууга таасирине мүмкүн болушунча берилген баа жана милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрү камтылууга тийиш.  

5.3. Форс-мажордук жагдайлар келип чыккан шартта, ушул Келишим боюнча тараптардын милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү ошол жагдайларга шайкеш убакытка жылдырылышы мүмкүн, анын ичинде ушундай эле жагдайлар жана натыйжалар ишке ашырылат. 

5.4. Эгерде, форс-мажордук жагдай жана анын кесепеттери 7 (жети) календардык күндөн көбүрөөк убакытка узарып кетсе, тараптар ушул келишимди аткаруунун жана тиешелүү макулдашууга жетишүүнүн алгылыктуу ыкмаларын аныктоо максатында, кыска мөөнөт ичинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. 

5.5. Форс-мажордук жагдайлардын келип чыгышы тараптардын ошол жагдайлар келип чыккан учурга карата ишке ашырылган жана ишке ашырылып жаткан депозиттик операциялар боюнча милдеттенмелерден бошотпойт.  

5.6. Катышуучунун контрагенттери тарабынан милдеттердин бузулушу, Катышуучуда зарыл акча каражаттарынын жоктугу форс-мажордук жагдайларга кирбейт

5.7. Өзгөчө таасири этүүчү жагдайлардын  орун алгандыгы тууралуу билдирбөө же өз учурунда билдирбей коюу, мындай жагдайларга таянуу укугун жоготууга алып келет

6. ТАЛАШ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ 

6.1. Ушул Келишимдин Талаптарын аткаруу процессинде келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимдерди кабыл алуу максатында, тараптар ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу жөнгө салынууга тийиш.  

6.2. Эгерде, Тараптар сүйлөшүүлөр жолу менен макулдашууга жетишпесе, Тараптар ортосундагы талаш маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. 

7. ЖАНА БАШКА ШАРТТАР 

7.1. Ушул Келишимге Тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 

7.2. Ушул Келишимге карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө ишке ашырылып, эки Тарап тең кол койгон шартта анык болуп саналат.  

7.3. Тараптар кайра өзгөртүп түзүлгөн шартта, алардын ушул Келишим боюнча бардык укуктары жана милдеттери Тараптардын укугу өткөндөргө өтөт. 

7.4. Келишим 4 (төрт) анык нускада: 2 (эки) нускасы кыргыз тилинде жана 2 (эки) нускасы орус тилинде, Тараптардын ар бири үчүн экиден нускада түзүлгөн, бирдей юридикалык күчкө ээ. Келишимдин кыргыз жана орус тилдериндеги эки нускасы Улуттук банкта сакталат, ал эми башка 2 (эки) нускасы Катышуучуга берилет. 

8. КЕЛИШИМДИ КОЛДОНУУ МӨӨНӨТҮ ЖАНА ТОКТОТУУ ТАРТИБИ 

8.1. Келишим эки Тарап тең ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет. Ушул Келишимдин шарттары ал күчүнө кирген учурдан тартып келишилген депозиттик операцияларга гана таркатылат.  

8.2. Ушул келишим күчүнө киргенге чейин Улуттук банк менен келишилген бардык депозиттик операциялар, алар түзүлгөн учурда колдонулуп жаткан шарттарда ишке ашырылат.  

8.3. Келишим 1 (бир) календардык жыл аралыгында колдонулат жана Тараптардын бири келишимдин аракеттенүү мөөнөтү бүткөнгө чейин 7 (жети) календардык күн мурда аны токтотуу жөнүндө кат жүзүндө билдирбесе, ар бир кийинки календардык жылга узартылган катары эсептелинет. 

8.4. Тараптар бул келишимди 7 (жети) календардык күн мурда, бирок депозиттик операциялары боюнча эсептешүүлөр аяктаганга чейин экинчи тарапка алдын ала маалымдоо менен бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу.  

8.5. Улуттук банк Катышуучуга алдын ала маалымдоосуз эле төмөнкү учурларда бул келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу: 

§ Катышуучу ушул Келишимдин жана/же Жобонун шарттарын бузууга жол берсе; 

§ Катышуучуга карата Кыргыз Республикасынын «Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо» мыйзамында каралган процесстер жана жол-жоболор колдонулган болсо; банкка Улуттук банк тарабынан дайындалган убактылуу жетекчилик киргизилсе; 

§ Банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Улуттук банк тарабынан берилген лицензия Катышуучудан кайтарылып алынса; 

§ Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан Катышуучу банкрот деп жарыяланса; 

§ Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, юридикалык жак катары Катышуучунун иши токтотулса; 

§ ушул Келишимдин шарттарын кайра карап чыгуу үчүн негиз болуп саналган, депозиттик операцияларын жүргүзүү тартибин аныктаган ченемдик укуктук документтерге белгиленген тартипте өзгөртүүлөр киргизилген учурда

 

9. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ ЖАНА РЕКВИЗИТТЕРИ 

 

Кыргыз Республикасынын Катышуучунун аталышы 

Улуттук банкы  

___________________________________ 

(почта индекси, дареги) 

___________________________________ 

(кызматы) 

___________________________________ 

(Аты-жөнү

___________________________________  

(кол тамгасы) 

___________________________________ 

(почта индекси, дареги) 

___________________________________ 

(кызматы) 

___________________________________ 

(Аты-жөнү

___________________________________  

(кол тамгасы)