Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 24-апрелиндеги № 13\18 токтому 

 

 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 14-ноябрындагы №42/3-токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобо күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун 21-пунктуна ылайык, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелер микрофинансылык компаниялар жана микрокредиттик компаниялар сыяктуу түрлөрү бекитилсин. 

4. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун 22-пунктуна ылайык, банктар үчүн максималдуу маржа 0,2 % өлчөмүндө бекитилсин. 

5. Юридика башкармалыгы бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын. 

6. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

7. Юридика башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.  

8. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

9. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө

жобо 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1. Бул жободо, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан (мындан ары -Улуттук банк) өз ишин Улуттук банктын лицензиясынын негизинде жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга (мындан ары - Банк/Банктар) кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максаттары үчүн аукциондордун негизинде кредиттик каражаттарды берүү тартиби аныкталат. 

2. Кредиттик аукциондорду Улуттук банк акча-кредит саясатын жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 5, 20 жана 28-беренелерине ылайык өткөрөт. 

3. Кайра каржылоо жана банктын кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүгүн колдоого алуу үчүн Банктарга убактылуу кредиттик ресурстарды сунуштоо, кредиттик аукциондорду өткөрүү максатынан болуп саналат.  

4. Кредиттик ресурстар 1 айдан 6 айга чейинки мөөнөткө берилет. Кредиттик каражаттарды сунуштоо шарттары жана алардын көлөмү Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими менен аныкталат.  

5. Улуттук банк бир тараптан жана ушул жободо жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга жооп берген Банктар экинчи тараптан, кредиттик аукциондордун катышуучуларынан болуп саналышат.  

2. Колдонулган атоолор жана түшүнүктөр 

6. Кредиттик аукцион - бул, Улуттук банктын күрөөлүк камсыздоо алдында улуттук валютада аукцион формасындагы кайра каржылоо операцияларын ишке ашыруу ыкмасы. 

7. Кредиттик ресурстар - Улуттук банк тарабынан Банкка мөөнөтүндө төлөө, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана кайтарымдуулук шарттарында, белгилүү бир мөөнөткө катталган пайыздык чен боюнча күрөөлүк камсыздоо алдында, сом түрүндө сунушталган акча каражаттары.  

8. Кредиттик аукцион жөнүндө Башкы келишим (Башкы келишим) - бул, Улуттук банк менен Банк ортосунда түзүлгөн келишим болуп саналат. Келишимде кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча кайра каржылоого жана ликвиддүүлүктү колдоого Улуттук банк тарабынан кредиттик ресурстарды Банкка берүүнүн жалпы шарттары жана тартиби жана мында келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу тартиби аныкталат. Башкы келишим ушул Жобого карата тиркемелерде көрсөтүлгөн формада түзүлөт. 

9. Кредиттик келишим - бул, Улуттук банк менен Банк ортосунда кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Башкы келишимдин алкагында түзүлгөн келишим. Анын негизинде Улуттук банк Банкка кредит берет. Келишимде кредит берүү жана аны төлөө шарттары жана тартиби аныкталат жана ал Башкы келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

10. Күрөө келишими - бул Улуттук банк менен Банк ортосунда кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Башкы келишимдин алкагында түзүлгөн келишим. Анын негизинде Банктын кредиттик каражаттарды кайтарып берүү боюнча милдеттенмеси күрөө менен камсыз кылынат. Келишимде күрөөлүк камсыздоону сунуштоо шарттары жана тартиби аныкталып, ал Башкы келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

11. Кредиттин мөөнөтү - бул, календардык күндөрдө туюндурулган, кредит берилген күндөн тартып, ал боюнча милдеттенмелер толук аткарылган, кредиттик келишимде көрсөтүлгөн күндү кошо камтыган убакыт аралыгы. 

12. Чектөө чени - билдирмелерди канааттандыруу ага жеткенде аяктаган чен. 

13. Операциялык күн - Улуттук банктын операциялык күнүнүн регламентине ылайык, ар бир жумуш күнү саат 8:30 - 16:30 чейинки убакыт аралыгы. 

3. Кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максаттары үчүн кредиттик ресурстарды сунуштоо шарттары 

14. Улуттук банк тарабынан кайра каржылоо максаттары үчүн берилген кредиттик ресурстар максаттуу багытка ээ жана алар Банк тарабынан Кыргызстандын резиденттери болуп саналышкан юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында өздөштүрүлүп жаткан төмөнкү багыттар үчүн каралган долбоорлорду кредиттөөгө багытталууга тийиш: 

· Өнөр жайды кредиттөө, мында экспортко багытталуучу жана импортту алмаштыруучу продукцияларды чыгарган тармактарга биринчи кезекте көңүл бурулушу зарыл; 

· Айыл-чарбасын, даярдоону жана кайра иштетүүнү кредиттөө

- мал чарбачылык; 

- өсүмдүк өстүрүү

· Транспорт, байланыш жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн кредиттөө

· Сооданы жана коммерцияны кредиттөө (продукцияларды келишимдер, юридикалык жактардын жана жеке адамдардын контрактылары боюнча берүүлөр үчүн төлөөлөр); 

· Курулушту кредиттөө

· Туристтик чөйрөдө иш алып барган компанияларды кредиттөө

15. Улуттук банк тарабынан кайра каржылоо максаттары үчүн кредиттик ресурстар ды берүүнүн максималдуу мөөнөтү 6 ай. 

16. Улуттук банк тарабынан кайра каржылоо максаттары үчүн берилген кредиттик ресурстар үчүн күрөөлүк камсыздоо катары ушул Жобонун 36-пунктунда көрсөтүлгөн активдер колдонулушу мүмкүн.  

17. Банктын ликвиддүүлүгүн колдоого Улуттук банктын кредиттик ресурстарын берүү кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүктү колдоо үчүн жүзөгө ашырылат.  

18. Улуттук банк тарабынан Банктын ликвиддүүлүктү колдоого кредиттик ресурстарды берүүнүн максималдуу мөөнөтү 3 ай.  

19. Мамлекеттик баалуу кагаздар жана/же Улуттук банкта пайызсыз депозиттик эсепте турган акча каражаттарына талап кылуу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасы гана, Улуттук банк тарабынан ликвиддүүлүктү колдоо үчүн берилүүчү кредиттик ресурстардын күрөөлүк камсыздоосунан боло алат.  

20. Банк Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды банктар аралык рынокто, валюта рыногунда жана мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун кошо алганда, баалуу кагаздар рыногунда операцияларды жүргүзүү, ошондой эле өз инсайдерлери же аффилирленген жактары менен операцияларды ишке ашыруу үчүн пайдаланууга укугу жок. Банк, Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды ушул Жобонун 14,17 жана 21-пункттарында көрсөтүлгөн максаттарга гана колдонууга тийиш.  

21. Банк кредиттик аукциондо алынган кредиттик ресурстарды банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерди (БФКМ) кайра каржылоо үчүн пайдаланууга укуктуу. БФКМдердин түрү жана ошол кредиттик ресурстарды алуу укугуна БФКМдер ылайык келүүгө тийиш болгон критерийлер Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилет жана банктарга тааныштырылат.  

22. Эгерде кредиттик ресурстар ушул Жобонун 21-пунктунда белгиленген максаттарга багытталган болсо, анда төмөнкү жоболор сакталууга тийиш:  

· Банктар БФКМдерге кредиттик ресурстар берилген күнү Банк менен БФКМ ортосундагы кредиттик келишимдин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен бул тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого тийиш. 

· БФКМдерге кредиттик ресурстарды берүүдө Банктын маржасы Улуттук Банк Башкармасы тарабынан белгиленген өлчөмдөн ашпоого тийиш жана аны менен Банктар тааныштырылышы зарыл. 

· Банк менен БФКМ ортосундагы кредиттик келишимде төмөнкү пункттар камтылууга тийиш: 

- Банк тарабынан БФКМдерге сунушталуучу кредиттик ресурстар максаттуу багытка ээ болуп жана БФКМдер ал ресурстарды Кыргызстандын резиденттеринен болуп саналышкан юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу, ушул Жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн багыттар боюнча долбоорлорду кредиттөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" мыйзамынын 2-беренесинде көрсөтүлгөн максаттарга пайдаланылууга тийиш; 

- Банк тарабынан БФКМдерге берилүүчү кредиттик ресурстарды пайдалануу боюнча ушул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөр, БФКМдерге да таркатылат; 

- БФКМ банктардан алынган кредиттик ресурстарды кредиттик союздарды, микрофинансылык компанияларды, микрокредиттик компанияларды, микрокредиттик агенттиктерди, башка БФКМдерди, анын ичинде ломбарддарды кошо алганда банктык эмес финансы-кредит мекемелерди кайра каржылоо үчүн пайдаланууга укугу жок.  

· Банктардан кредиттик ресурстарды алышкан БФКМдер кредиттик ресурстардын пайдаланылышы тууралуу отчетту ай сайын Улуттук банкка сунуштап турууга тийиш. 

· Банктар Кредиттик келишимге карата Күрөө жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн күрөөлүк камсыздоону алмаштырууга укуктуу. Мында мамлекеттик баалуу кагаздар жана/же БФКМге - кредиттик ресурстарды алуучуга менчик укугунда таандык болгон, Улуттук банктын пайызсыз депозиттик эсебиндеги акча каражаттарына талап кылуу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасы күрөөлүк камсыздоо катары колдонулушу мүмкүн.  

· Күрөөлүк камсыздоо алмаштырылган жана Банк, мамлекеттик баалуу кагаздар жана/же БФКМге- кредиттик ресурстарды алуучуга менчик укугунда таандык болгон нак эмес чет өлкө валютасын күрөөлүк камсыздоо катары сунуштаган шартта, БФКМ өз мамлекеттик баалуу кагаздарын жана/же Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсебинде турган акча каражаттарына талап кылуу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасын алмаштырууга макулдугун Улуттук банкка берүүгө тийиш.  

23. Контролдукту жүзөгө ашыруу максатында Улуттук банк, зарыл болгон, анын ичинде Банктын жана/же БФКМдин финансылык абалы, кредит боюнча камсыздоонун абалы, кредиттин максаттуу пайдаланылышы ж.б. боюнча тиешелүү маалыматтарды Банктан жана/же БФКМден талап кылып, алууга укуктуу. Улуттук банктын талабы боюнча Банк жана/же БФКМ кредиттик каражаттардын пайдаланылгандыгы тууралуу отчетту жана башка зарыл документтерди Улуттук банкта белгиленген формада жана мөөнөттө берүүгө тийиш.  

24. Банк жана/же БФКМ тарабынан ушул Жобонун 20 жана 22-пункттарынын талабын бузууга жол берилген учурда, Улуттук банк Банктан кредиттик ресурстарды мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү, кредитти пайдаланган айкын убакыт ичинде чегерилген пайыздарды жана Улуттук банкка тиешелүү болгон башка суммаларды төлөп берүүнү талап кылууга, ошондой эле Банкты кредиттик аукциондорго катышуудан 6 айга четтетүүгө укуктуу. 

4. Аукционго билдирмелерди тариздетүү жана берүү тартиби 

25. Улуттук банктын кредиттик аукциондоруна катышуу жана андан кредиттик каражаттарды алуу үчүн Банк төмөнкү талаптарга жооп берүүсү зарыл:  

банктык операцияларды улуттук жана чет өлкө валюталарында жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясынын болушу; 

Улуттук банк тарабынан сунушталган кредиттик ресурстардын күрөөлүк камсыздоосунан болгон мамлекеттик баалуу кагаздарды сактоо жана эсепке алуу үчүн Депозитарийде "депо" эсебинин болушу; 

Улуттук банкта улуттук валютада корреспонденттик эсебинин болушу; 

чет өлкө банкында-корреспондентте чет өлкө валютасындагы корреспонденттик эсепке ээ болушу; 

Улуттук банк менен кредиттик аукцион жөнүндө кол коюлган Башкы келишимдин болушу; 

билдирме берилгент учурга карата Улуттук банк тарабынан белгиленген Банктын капиталынын шайкештиги жана бир карызгерге тобокелдиктин максималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченемдердин аткарылышы, ошондой эле буга чейинки 6 ай аралыгында бузууларга жол бербеши; 

ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга жооп берген жетиштүү күрөөлүк камсыздоонун сунушталышы; 

тике банктык көзөмөлдүк, банк ишин тескөөгө алуу боюнча убактылуу жетекчилик, консервация, санация, реабилитация, банкроттук жана башка негиздер боюнча өз эрки менен жана мажбурлап жоюу режиминде болбошу. Консервация, тике банктык көзөмөлдүк, банк ишин тескөөгө алуу боюнча убактылуу жетекчилик режиминде турган Банк, Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими болгон шартта гана кредиттик аукционго катыша алат; 

алынган кредиттер жана аларга кошуп эсептелинген пайыздар боюнча, анын ичинде Улуттук банктын кайра каржылоо жагындагы башка инструменттери боюнча Улуттук банк алдында мөөнөтүндө төлөнбөгөн акчалай милдеттенмелердин болбошу; 

ушул Жобонун 24-пунктуна ылайык кредиттик аукциондорго катышуу укугунан четтетилбеши; 

банктын атынан кредит алууга билдирмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгалары менен банктын жоопкерчиликтүү адамдарынын тизмесинин Улуттук банкка берилиши; 

Банктын эсептериндеги каражаттарды тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгаларынын үлгүлөрү түшүрүлгөн, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эки карточканын Улуттук банкка берилиши; 

Банктык көчүрмөлөрдү, банктык төлөм тапшырмаларын жана башка документтерди алууга жоопкерчиликтүү жакка Банктын атынан берилген ишеним каттын Улуттук банкка берилиши. 

26. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети кайра каржылоого кредиттик ресурстарды берүү шарттарын, алардын көлөмдөрүн жана мөөнөттөрүн мезгил-мезгили менен аныктап турат.  

27. Улуттук банк кредиттик аукциондорду өткөрүү параметрлерин жана шарттарын өз веб-сайтына жарыялап турат. Аукцион өткөрүлгөнгө чейинки эки күндөн кечиктирбестен Улуттук банк, аукциондун шарттары тууралуу веб-сайтына жарыялайт, анын ичинде: 

аукциондун түрү

аукцион өткөрүлүүчү күн;  

аукциондун коду; 

кредиттик ресурстардын көлөмү;  

төлөмдөрдүн мөөнөтү (пайыздар жана негизги сумма боюнча); 

аукциондогу минималдуу пайыздык чен (Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими менен белгиленген);  

күрөөлүк камсыздоого карата талаптар; 

аукцион тууралуу башка маалыматтар (болгон болсо). 

28. Улуттук банктын кредиттик аукционуна катышуу билдирмеси Банктар тарабынан кредиттик аукцион жөнүндө Башкы келишимге карата 2-тиркемеде көрсөтүлгөн формага ылайык документ түрүндө Улуттук банкка берилет. Билдирме калың конвертке салынып, чапталган түрүндө берилиши зарыл. Банк аукционго бир гана билдирмени бере алат. 

29. Банктын билдирмеси аукцион өткөрүлгөн күнү саат 12.00гө чейин Улуттук банкка берилүүгө тийиш. Банктар Билдирмени кабыл алуу убактысы өтүп кеткенден кийин билдирмелерди бере алышпайт/өзгөртө алышпайт. Мында, берилген билдирмелер кайтарылып алынгыс болуп эсептелет.  

30. Билдирменин ар бир бети кредиттик ресурстарды алууга Банктын атынан билдирмеге кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдын кол камгасы коюлуп, Банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Билдирмеде милдеттүү түрдө ал берилген күн, Банктын аталышы, аукцион өткөрүлгөн күн, зарыл болуп жаткан кредиттик каражаттардын көлөмү, сунушталган пайыздык чен, күрөөлүк камсыздоо катары сунушталган күрөөнүн суммасы жана анын түрү, Кредиттик аукцион жөнүндө Башкы келишимге карата 2-тиркемедеги формага ылайык, күрөө түрүнүн кылдат чечмеленип берилиши камтылууга тийиш. Мында Банктын билдирмесинин көлөмү, аукционго коюлган кредиттик ресурстардын жалпы көлөмүнөн ашпоого тийиш. 

31. Документ түрүндөгү билдирме Улуттук банктын Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 1-кабатында жайгашкан "Кредиттик аукциондорго билдирмелер үчүн" деп жазылган ящикке салынууга тийиш. Банк билдирме берилгендиги фактысын ал берилген күндү жана убактысын көрсөтүү менен билдирмелер катталган журналга чагылдырылууга тийиш.  

32. Банктардын пайыздык чендери Улуттук банк жарыялаган минималдуу пайыздык ченден жогору же ага барабар болгон билдирмелерине кредиттик аукционго катышууга жол берилет.  

33. Банктын ушул жобонун 25-пунктунун талаптарына ылайык келбеши, кредиттин талап кылынган суммасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз боло алат. Улуттук банк, билдирмелери аукционго кирбей калган Банктарга тиешелүү себептерин көрсөтүү менен аукцион өткөрүлгөндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирилбеген мөөнөттө кат жүзүндө маалымдоого тийиш. 

34. Туура эмес толтурулган же тариздетилген, ошондой эле убактысынан кечиктирилип берилген билдирмелер анык эмес катары таанылып, аукционго киргизилбейт.  

35. Улуттук банк билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш.  

5. Кредиттин күрөөлүк камсыздоосу 

36. Кредиттик ресурстар күрөөлүк камсыздоо болгон шартта гана Банктарга сунушталат. Төмөнкүлөр кайра каржылоо максаттары үчүн кредиттик ресурстар боюнча Банктардын күрөөлүк камсыздоосу боло алат: 

1) Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсепте турган акча каражаттарына талап кылуу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасы; 

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары; 

3) Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2011-жылдын 16-июнундагы №12/2 токтому менен бекитилген, кредит портфелин түзүү боюнча Сунуш-көрсөтмөлөрдө каралган тартипте белгилүү бир мүнөздөмөлөргө ылайык келген кредиттер портфели боюнча талап кылуу укугу. Мында, алар боюнча талап кылуу укугу күрөөгө коюлган, мурда берилген кредиттер кредиттик каражаттарды алууга билдирме берилген учурда классификацияланбаган активдер (байкоо алдындагы активдерди эске албаганда) категориясына чегерилүүгө, эки же андан көп категориялар боюнча классификацияланбоого жана реструктуризацияланбаган болууга тийиш.  

37. Кредиттин камсыздоосу катары сунушталган күрөө үчүнчү жакка күрөөгө коюлбайт же кайра күрөөгө коюулууга тийиш эмес. Ушул Жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте күрөөгө коюлган мүлктү эске албаганда, күрөөлүк камсыздоо катары сунушталган күрөөлүк мүлк Банкка менчик укугунда таандык болуу менен ага чектөөлөр жана/же башка милдеттенмелер (арест, мурдагы күрөө, описке жаңылыш киргизип коюу ж.б ) жүктөлүүгө тийиш эмес . 

38. Күрөөгө коюлган мүлктүн бааланган (күрөөлүк) наркы күрөөнүн ар бир түрү боюнча Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан талап кылынган кредиттин суммасынан белгиленген мааниден (пайыздык туюндурулушунда) төмөн болбоого тийиш.  

39. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык каттоодон өткөртүлүүгө тийиш болгон күрөөлүк мүлк, ушул Жобонун 53,54 жана 55-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде Банк тарабынан ыйгарым укуктуу органда каттоодон өткөртүлүшү зарыл.  

40. Күрөөлүк камсыздоонун жетишсиздиги, талап кылынган кредиттик ресурстардын суммасын берүүдөн баш тартууга негиз болуп саналат.  

41. Банк, кредиттик ресурстарды сунуштоо тууралуу Келишим боюнча өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбай койгон, аткара албаган учурда, ошондой эле Кредиттик ресурстарды сунуштоо келишиминде каралган башка учурларда Улуттук банк күрөөлүк мүлктөн соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүү жана Күрөө келишиминде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарга, талаптарга ылайык, күрөө предметин соттук эмес тартипте сатуу аркылуу өз талаптарын күрөөлүк мүлктүн эсебинен толук көлөмүндө канааттандырып алууга укуктуу. Банк кредит портфели боюнча талап кылуу укугу менен камсыздалган өз милдеттенмелерин аткарбай койгон же талаптагыдай аткара албаган учурда, Улуттук банкка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарда жана тартипте кредит портфели боюнча талап кылуу укугун ыйгарып берип, эпке көнүүгө баруусуна жол берилет.  

6. Кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби 

42. Аукциондор Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленген мезгил аралыгында өткөрүлүп турат. 

43. Улуттук банк кредиттик аукционду өткөрүп, анын жыйынтыгын чыгарат, мында: 

- Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин төрагасынын чечими менен кредиттик ресурстардын көлөмү келип түшкөн билдирменин жалпы көлөмүнө жараша кыскартылып же аукционго экиден аз катышуучу катышкан шартта, ал өткөрүлбөгөн катары таанылышы мүмкүн;  

- билдирмелер, эң жогорку пайыздык чендеги билдирмелерден тартып сунушталган кредиттик ресурстардын жалпы өлчөмү толук бөлүштүрүлгөнгө чейин кабыл алынат. Аукционго уруксат алган билдирмелер максималдуу чектен тартып, ошол аукционго коюлган кредиттик ресурстар толук бөлүштүрүлгөнгө чейин сунушталган пайыздык чендердин деңгээли боюнча ранжирленет (чектөө ченине чейин). Мында эгерде, чектөө чени боюнча бир нече билдирме келип түшкөн болсо, анда кредиттик ресурстарды ошол билдирмелер ортосунда бөлүштүрүү пропорционалдык негизде ишке ашырылат.  

- Улуттук банктын кредиттик аукционунда банктар тарабынан алынган кредиттик ресурстар билдирмелерде көрсөтүлгөн чендер боюнча сунушталат (Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечиминде белгиленген пайыздык ченден төмөн эмес). 

44. Аукционго уруксат алган билдирмелерди Улуттук банкта иштеп чыгуу аукцион өткөрүлгөн күнү саат 13:00дөн 15:00гө чейин ишке ашырылат.  

45. Аукциондун жыйынтыгы боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен төмөнкү формула боюнча эсептелинет: 

мында P - аукциондун жыйынтыгы боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен, pi - канааттандырылган лоттордун пайыздык чени, qi - канааттандырылган лоттордун көлөмү

46. Өткөрүлгөн кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча протокол толтурулуп ал, Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин төрагасы тарабынан бекитилип, кол коюлат. 

47. Аукциондун жыйынтыгы бекитилгенден кийин, аукцион өткөрүлгөн күнү саат 16.00 кечиктирбестен, Улуттук банк аукциондун жыйынтыгын катышуучуларга маалымдоого тийиш.  

48. Аукциондорго код белгилөө.  

Аукциондорго код белгилөөнүн төмөнкүдөй түзүмү белгиленет.  

** ** ** 

| | |____ кредиттик аукциондун ушул жылдагы катар номери 

| |_______ жылы 

|__________ кайра каржылоо кредиттеринин аукционун идентификациялоо  

Мисалы: 

АК 12 22 

| | |____ кредиттик аукциондун катар номери 

| |_______ 2012 -жыл 

|__________ кайра каржылоо кредиттеринин аукционун идентификациялоо 

49. Кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча расмий билдирмеде төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:  

аукциондун коду; 

аукцион өткөрүлгөн күн; 

төлөмдөрдүн көлөмү жана мөөнөтү

аукциондогу баштапкы пайыздык чен; 

билдирмелердин жалпы көлөмү

канааттандырылган билдирмелердин минималдуу жана максималдуу пайыздык чендери; 

орточо салмактанып алынган пайыздык чен; 

билдирмелердин саны; 

жана башка маалыматтар. 

50. Улуттук банк кредиттик аукциондун расмий жыйынтыгын аукцион өткөрүлгөн күнү саат 17:00гө чейин өз веб-сайтында жарыялайт.  

 

7. Кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү 

51. Канаттандырылган билдирмелер боюнча акча каражаттарынын суммасын Банктын Улуттук банктагы улуттук валютадагы корреспонденттик эсептерине өз учурунда жана толук чегерүү, өткөрүлгөн кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын милдеттенмелеринин талаптагыдай аткарылышы болуп саналат.  

52. Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарын чегерүү өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгына ылайык Улуттук банк менен Банк ортосундагы тиешелүү кредиттик келишим (Башкы келишимге карата №4-тиркеме) жана Күрөө келишими (Башкы келишимге карата №5-тиркеме) тариздетилип, аларга кол коюлуп, күрөө келишими ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөртүлгөндөн кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. 

53. Эгерде мамлекеттик баалуу кагаздар күрөөлүк камсыздоо болсо, Улуттук банк менен Банк ортосундагы тиешелүү Кредиттик келишимди жана Күрөө жөнүндө келишимди тариздетип, аларга кол коюу, күрөө келишимин каттоодон өткөртүү кредиттик аукцион өткөрүлгөн күндөн кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.  

54. Эгерде Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсепте турган акча каражаттарына талап коюу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасы күрөөлүк камсыздоодон болсо, Улуттук банк менен Банк ортосундагы тиешелүү Кредиттик келишимди жана Күрөө жөнүндө келишимди тариздөө жана аларга кол коюу кредиттик аукцион өткөрүлгөндөн кийинки 3 жумуш күнү ичинде, ал эми ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөртүү 1 жумуш күнү ичинде ишке ашырылат. 

55. Эгерде Банктын кредит портфели боюнча талап кылуу укугу күрөөлүк камсыздоодон болсо, Улуттук банк менен Банк ортосунда тиешелүү кредиттик келишимди, Күрөө келишимин тариздетүү жана кол коюу кредиттик аукцион өткөрүлгөндөн кийинки 10 жумуш күнү ичинде, ал эми ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөртүү 5 жумуш күнү ичинде ишке ашырылат. 

56. Кредиттин суммасына пайыздарды кошуп эсептөө жыл ичинде 360 күн эсебинде, кредитти айкын пайдаланган мезгил үчүн төмөнкү формула боюнча ишке ашырылат.  

P = (C x I x T)/360/100, мында:  

Р - чегерилген пайыздар;  

С - кредиттин суммасы (сом);  

I - чен (жылдык %);  

Т - берилген кредиттин мөөнөтүүндөр менен). 

 

8. Катышуучулардын жоопкерчилиги жана санкциялар 

57. Эгерде, кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк тарабынан жеңүүчү катары бекитилген Банк кредиттик ресурстарды алуудан баш тартса же Башкы келишимдин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык Кредиттик келишимди, Күрөө жөнүндө келишимди өз учурунда алып келбесе, Банктын билдирмеси жокко чыгарылып, ага карата Башкы келишимде каралган айыптык санкциялар колдонулат.  

58. Банк, күрөөлүк камсыздоонун болушу жана өз убагында берилиши, Кредиттик келишимдин жана Күрөө келишиминин тариздетилиниши жана берилиши, алардын ушул Жобонун 53, 54 жана 55-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттө каттоодон өткөрүтүлүш үчүн жоопкерчилик тартат.  

59. Банк кредиттин негизги суммасынын жана ал боюнча чегерилген пайыздардын өз убагында жана толугу менен төлөнүшү, анын ичинде кредиттик ресурстар ушул Жобонун 21-пунктунда белгиленген максаттарга багытталган учурларда да, ал үчүн жоопкерчилик тартат.  

60. Банк кредиттик аукциондо алган ресурстар боюнча карызын жана кредит боюнча пайыздарды белгиленген мөөнөттөрдө төлөбөгөн шартта, өндүрүүнү жүргүзүү кошумча маалымдоосуз эле, Улуттук банк Банктын корреспонденттик эсебинен каражаттарды талашсыз тартипте эсептен алып салуу аркылуу өндүрөт.  

61. Эгерде кредиттин негизги суммасынын, ага кошуп эсептелинген пайыздардын ордун жабууга багытталган кандай болбосун төлөм, ошондой эле Башкы келишимден, Кредиттик келишимден улам келип чыккан башка төлөмдөр толук көлөмдө жана/же тиешелүү мөөнөт ичинде төлөнбөй калса, мындай карыз мөөнөтүндө төлөнбөгөн катары эсептелинип, Банкка карата Башкы келишимде каралган айыптык санкциялар колдонулат.  

 

9. Кредитти пролонгациялоо тартиби 

 

62. Банк тарабынан ушул Жобонун талаптары аткарылып жана кредиттик ресурстар боюнча пайыздардын өз учурунда жана толук төлөнүшү шартында, Банктын өтүнүч катынын негизинде Улуттук банк кредиттик ресурстарды 6 айдан ашпаган мөөнөткө бир жолу пролонгациялоого укуктуу.  

63. Улуттук банк тарабынан кайра каржылоо максаттары үчүн 6 айлык мөөнөткө берилген кредиттик ресурстар гана пролонгацияланууга тийиш.  

64. Улуттук банк тарабынан кайра каржылоо максаттары үчүн берилген кредиттик ресурстар алгачкы кредиттик келишимде көрсөтүлгөн же акыркы өткөрүлгөн кредиттик аукциондо белгиленген пайыздык чендердин максималдуусуна барабар пайыздык чен боюнча бир гана жолу пролонгацияланышы мүмкүн. 

65. Кредиттик ресурстарды пролонгациялоо үчүн Банк, жаңы Кредиттик келишим жана Күрөө келишимин түзүү үчүн кредиттин мөөнөтү бүткөнгө чейинки кеминде 1 ай ичинде кредитти пролонгациялоо тууралуу өтүнүч катты Улуттук банкка жөнөтүүгө тийиш.  

 

10. Кредитти төлөө тартиби 

66. Кредиттин негизги суммасынын ордун жабуу кредиттин мөөнөтү бүткөн күнү, операциялык күндүн акырына чейин, улуттук валютадагы өз корреспонденттик эсебинен Улуттук банктагы тиешелүү эсепке акча каражаттарынын суммасын которуу аркылуу ишке ашырылат. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды кошуп эсептөө жана төлөө Банк тарабынан кредиттик келишимге ылайык ай сайын жүзөгө ашырылып турат. 

67. Эгерде кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө күнү майрам күнүнө, иштебеген күнгө же дем алыш күнгө туура келип калса, анда кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. 

68. Кредитти төлөө күнү кредиттин негизги суммасы жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздар толук көлөмдө төлөнүүгө тийиш, жарым-жартылай төлөөгө жол берилбейт. 

69. Банк, Башкы келишимде жана Кредиттик келишимде каралган карыздын негизги суммасын жана ал боюнча пайыздарды пландаштырылып жаткан төлөө күнүнө чейинки үч жумуш күнүнөн кечикпеген мөөнөттө Улуттук банкка ал тууралуу алдын ала билдирүү менен мөөнөтүнөн мурда бөлүп төлөөгө же толугу менен төлөөгө укуктуу.  

70. Кредит жана ага чегерилген пайыздар боюнча Банк өз милдеттенмелерин өз убагында жана толук аткарган шартта, Улуттук банк күрөөнүн түрүнө жараша, 10 жумуш күнү ичинде күрөөнү бошотуп берет.  

71. Эгерде кредит мөөнөтүндө төлөнбөсө, төлөмдөр кийинкиге калтырылбайт. Банктын кредит боюнча жоопкерчилиги Башкы келишимде жана Кредиттик келишимде каралат.  

72. Эгерде ушул жобого ылайык Банкка берилген кредит мөөнөтүндө төлөнбөсө, Улуттук банк:  

- кредитти төлөөнүн эсебине кредиттин негизги суммасына, чегерилген пайыздарга жана айыптык санкцияларга барабар өлчөмдөгү акча каражаттарын Банктын улуттук валютадагы корреспонденттик эсебинен акцептсиз тартипте эсептеп алып коет;  

- кредиттин, ага кошуп эсептелинген пайыздардын, туумдардын жана айыптык төлөмдүн ордун, ушул Жобого, кредиттик аукциондор жөнүндө Башкы келишимге жана Күрөө келишимине ылайык күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүнүн эсебинен жаба алат. 

 

11. Корутунду жобо 

73. Кредиттик аукциондорду өткөрүүнү өркүндөтүүгө багытталган ушул Жобого карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк Башкармасынын чечими менен сунушталат.  

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын "___"________ №___ токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максаттарында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобого карата 1-тиркеме  

 

КРЕДИТТИК АУКЦИОН ЖӨНҮНДӨ БАШКЫ КЕЛИШИМ 

 

Бишкек шаары 20__-жылдын ___________№ _____ 

 

Мындан ары "Улуттук банк" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын негизинде иш алып барган ____________________________атынан, бир тараптан (___________ №____ буйруктун негизинде) жана мындан ары "Банк" деп аталуучу _____________________ атынан Уставдын негизинде иш алып барган __________________________ экинчи тараптан, биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын "Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобого (мындан ары - Жобо) таянуу менен, төмөнкүлөр боюнча Кредиттик аукцион жөнүндө мына ушул Башкы келишимди (мындан ары - Башкы келишим) түзүштү:  

 

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк Банкка кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо үчүн кредиттерди берүү жана андан улам келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу шарттарын жана тартибин аныктоо, ушул Башкы келишимдин предметинен болуп саналат.  

2. КРЕДИТ БЕРҮҮ ШАРТТАРЫ 

2.1. Кредит алуу тартиби жана аны пайдалануу шарттары ушул Жобо жана ушул Башкы келишим аркылуу жөнгө салынат.  

2.2. Ушул Башкы келишимге ылайык кайра каржылоого кредит алуу үчүн Банк, Жобого жана ушул Башкы келишимге карата кошо тиркелген 2-тиркемеге ылайык, Улуттук банкка билдирме берүүгө тийиш.  

2.3. Тараптар, Банктын кредит алууга жана тиешелүү күрөөлүк камсыздоону сунуштоого билдирмеси Банктын ыйгарым укуктуу органдарынын чечими менен тастыкталууга тийиш экендигине макул болушат.  

2.4. Банк кредит алуу үчүн Жобонун 25-пунктунун талаптарына жооп берүүгө жана ошол адамдар кол тамгалар үлгүлөрүнүн карточкасында көрсөтүлбөсө, кредит алууда Банктын атынан документтерге кол коюуга ыйгарым укуктуу жоопкерчиликтүү адамдарынын (ушул Башкы келишимге карата 1-тиркеме) тизмесин берүүгө, ошондой эле камсыздоо катары сунуштоо үчүн жетиштүү сандагы күрөөлүк камсыздоосу болууга тийиш.  

2.5. Кредит Банкка улуттук валютада кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында, кредиттик келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө берилет. 

2.6. Банк Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды банктар аралык рынокто, валюта рыногунда жана мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун кошо алганда, баалуу кагаздар рыногунда операцияларды жүргүзүү, ошондой эле өз инсайдерлери же аффилирленген жактары менен менен операцияларды жүргүзүү үчүн колдонууга укугу жок. Банк Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды Жобонун 14, 17 жана 21-пункттарында көрсөтүлгөн максаттарга гана колдонууга тийиш.  

2.7. Банк кредиттик аукциондо алынган кредиттик ресурстарды банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерди (мындан ары - БФКМ) кайра каржылоо үчүн колдонууга укуктуу. БФКМ түрү жана кредиттик ресурстарды алуу укугуна ээ болууга алар сактоого тийиш болгон критерийлер, Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилет жана Банктарга тааныштырылат.  

2.8. Эгерде, кредиттик ресурстар ушул Башкы келишимдин 2.7-пунктунда белгиленген максаттарга багытталган болсо, анда Банктар БФКМдерге кредиттик ресурстарды сунуштаган күнү Банк менен БФКМдин ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдин көчүрмөсүн сунуштоо менен бул тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө билдирет. 

2.9. Банктын БФКМдерге кредиттик ресурстарды берүүдөгү максималдуу маржасы Улуттук Банк Башкармасы тарабынан белгиленет жана Банктарга тааныштырылат. 

2.10. Контролдук кылуу максатында Улуттук банк зарыл болгон, анын ичинде кредиттин максаттуу пайдаланылышы ж.б. боюнча маалыматтарды Банктан талап кылууга жана алууга укуктуу. Банк кредиттик каражаттардын пайдаланылышы тууралуу отчетту жана башка зарыл документтерди Улуттук банкка белгиленген формада жана мөөнөттө Улуттук банктын талап кылуусуна жараша берет.  

2.11. Кредит белгиленген пайыздык чен боюнча, күрөөлүк камсыздоо алдында, кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча берилет. 

2.12. Кредиттик аукциондун жыйынтыктары ушул Башкы келишимге карата 3-тиркемеге ылайык Банкка маалымдалат. 

2.13. Кредит Банкка тиешелүү Кредиттик келишимди тариздөө менен берилет, анда кредит берүүнүн төмөнкү конкреттүү шарттары берилген: өлчөмү (суммасы), кредиттин мөөнөтү, пайыздык чени, кредиттин негизги суммасы жана ал боюнча пайыздарды төлөө шарттары ж.б. Көрсөтүлгөн Кредиттик келишимде ушул Башкы келишимге карата шилтеме камтылууга тийиш. Аукционго катышуучунун ыйгарым укуктуу адамынын колу коюлган Кредиттик келишим Жобонун 53, 54 жана 55-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө берилүүсү зарыл.  

2.14. Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарын чегерүү, өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгына ылайык Улуттук банк менен Банк ортосундагы тиешелүү Кредиттик келишим жана Күрөө келишими тариздетилип, аларга кол коюлган күндөн кийинки жумуш күнү жана Күрөө келишими ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөртүлгөндөн кийин ишке ашырылат. 

3. КРЕДИТТИН КАМСЫЗДООСУ 

3.1. Банктын, ушул Башкы келишим жана Кредиттик келишим боюнча кредиттин негизги суммасын кайтарып берүү, алар боюнча кошуп эсептелинген пайыздарды, туумдарды жана айыптык санкцияларды кайтарып берүү боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткаруунун камсыздоосунан болуп, кредиттик ресурстардын түрүнө жараша Жобонун 19 же 36-пункттарында көрсөтүлгөн күрөөлүк камсыздоо саналат. Ушул Келишим жана Кредиттик келишим боюнча милдеттердин камсыздоосу болуп саналган күрөөлүк камсыздоолордун айкын тизмеги, Банк менен Улуттук банктын ортосунда түзүлгөн Күрөө келишиминде көрсөтүлөт.  

3.2. Банк, Жобонун 53, 54 жана 55-пункттарда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө күрөөлүк камсыздоону каттоого милдеттенет.  

3.3. Банктар Кредиттик келишимге карата Күрөө келишиминде көрсөтүлгөн күрөөлүк камсыздоону алмаштырууга укуктуу. Мында мамлекеттик баалуу кагаздар (МБК) жана/же БФКМге-кредиттик ресурстарды алуучуга менчик укугунда таандык болгон Улуттук банктын пайызсыз депозиттик эсебиндеги акча каражаттарына талап кылуу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасы, күрөөлүк камсыздоо боло алат.  

3.4. Күрөөлүк камсыздоо алмаштырылган жана Банк МБКларды жана/же БФКМге- кредиттик ресурстарды алуучуга менчик укугунда таандык болгон нак эмес чет өлкө валютасын күрөөлүк камсыздоо катары сунуштаган шартта, БФКМ өз МБКларын жана/же Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсебинде турган акча каражаттарына талап кылуу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасын кайра күрөөгө коюу укугуна макулдугун Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

 

4. КРЕДИТТИ ТӨЛӨӨ ШАРТТАРЫ 

4.1. Кредиттин негизги суммасынын ордун жабуу Банк тарабынан кредиттин мөөнөтү бүткөн күнү, операциялык күндүн акырына чейин, улуттук валютадагы өз корреспонденттик эсебинен Улуттук банктагы тиешелүү эсепке акча каражаттардын суммасын которуу аркылуу ишке ашырылат. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды кошуп эсептөө жана төлөө Банк тарабынан кредиттик келишимге ылайык ай сайын жүзөгө ашырылып турат. 

4.2. Эгерде кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө күнү майрам күнүнө, иштебеген күнгө же дем алыш күнгө туура келип калса, анда кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. 

4.3. Кредитти төлөө күнү кредиттин негизги суммасы жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздар толук көлөмдө төлөнүүгө тийиш, ал эми Кредитти жарым-жартылай төлөөгө жана аны пролонгациялоого жол берилбейт. 

4.4. Банк, Башкы келишимде жана Кредиттик келишимде каралган карыздын негизги суммасын жана ал боюнча пайыздарды пландаштырылып жаткан төлөө күнүнө чейинки үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен, Улуттук банкка ал тууралуу алдын ала билдирүү менен мөөнөтүнөн мурда бөлүп төлөөгө же толугу менен төлөөгө укуктуу. 

4.5. Кредит жана ага чегерилген пайыздар боюнча Банк өз милдеттенмелерин өз убагында жана толук аткарган шартта, Улуттук банк күрөөлүк камсыздоону бошотот. Улуттук Банк күрөөнүн түрүнө жараша 10 жумуш күнү ичинде күрөөнү бошотуп берет. 

4.6. Банк тарабынан кредиттин негизги суммасы жана ага кошуп эсептелинген пайыздар боюнча тиешелүү милдеттенмелер Кредиттик келишимде белгиленген мөөнөттө аткарылбай калган шартта, Банк милдеттенмелер аткарылбай калган учурдан тартып, өзүнүн Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздардын, туумдардын жана айыптык төлөмдөрдүн ордун жабуу үчүн жетиштүү суммадагы каражаттарды акцептсиз тартипте эсептен алып салууга Улуттук банкка укук берет. Бул учурда Улуттук банк, Банктын корреспонденттик эсебинен алынып салынган сумманын чегинде күрөө предметин бошотуп берүүгө милдеттүү.  

4.7. Банктын Улуттук банктагы улуттук валютадагы корреспонденттик эсебиндеги каражаттар кредиттин негизги суммасынын жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздардын, туумдардын жана айыптык төлөмдөрдүн ордун жабуу боюнча милдеттенмени аткаруу үчүн жетишсиз болуп калган шартта, Банк кредиттин камсыздоосу катары сунушталган күрөө предметин соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүүнүн эсебинен кредит боюнча Банктын аткарылбай калган милдетенмелеринин ордун жабууга Улуттук банкка токтоосуз түрдө макулдугун берет. Бул учурда Улуттук банк, кредит боюнча милдеттенмелер белгиленген мөөнөттө аткарылбай калгандыгын жана күрөө предметинен соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзгөндүгү жол-жобосу жөнүндө Банкка кат жүзүндө маалымдайт.  

4.8. Банктын кредит боюнча аткарылбаган милдеттенмелеринин ордун жабуунун эсебине ага карата менчик укугу Улуттук банкка өткөн күрөө, Улуттук банктын балансына Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарты жана Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Эсептик саясатына ылайык адилет нарк боюнча кабыл алынат. 

4.9. Өндүрүлүп алынган күрөө эсебинен Банктын кредиттин негизги суммасы боюнча Улуттук банк алдындагы карызынын, ага кошуп эсептелинген пайыздардын, туумдардын жана айыптык төлөмдөрдүн орду жабылууга тийиш. 

4.10. Улуттук банктын Банкка карата талаптарын чегеришүү аркылуу алынган суммалар жетишсиз болуп калган шартта, Улуттук банк Банктын кандай болбосун башка мүлкүнөн жана талап коюу укугунан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жетпеген сумманы алууга укуктуу.  

4.11. Улуттук банктын бардык талаптарын канааттандыруудан кийинки калган сумма Банктын Улуттук банктагы улуттук валютадагы корреспонденттик эсебине чегерилет.  

5. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ 

5.1. Банк Жобого, Башкы келишимге жана Кредиттик келишимге ылайык, кредит боюнча өз милдеттенмелери үчүн толук жоопкерчилик тартат. 

5.2. Улуттук банк тарабынан жеңүүчү катары таанылган Банк кредиттик каражаттарды алуудан баш тарткан шартта, ал кийинки кредиттик аукциондорго катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт жана канааттандырылган билдирмеден бир пайыз өлчөмүндө айыптык төлөмдү аукцион боюнча эсептешүү жүргүзүлгөн күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен төлөөгө тийиш.  

5.3. Банк күрөөлүк камсыздоонун болушу жана өз убагында сунушталышы үчүн жоопкерчиликтүү

5.4. Банк, кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк менен кредиттик келишимге, Күрөө келишимине өз убагында кол коюлушу үчүн жоопкерчилик тартат. Эгерде Банк, кол коюлган жана тиешелүү деңгээлде тариздетилген Кредиттик келишимди, Күрөө келишимин жана кредит алууга Банктын тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарынын чечимин белгиленген мөөнөттөрдө сунуштабаса, Банктын билдирмеси жокко чыгарылат. Бул учурда Банк аукцион боюнча эсептешүүлөр жүргүзүлгөн күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен, канааттандырылган билдирмеден бир пайыз (1%) өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм төлөп берет жана бул Банкка карата кийинки аукциондорго катышуу боюнча чектөөлөр белгиленет.  

5.5. Эгерде, Башкы келишимден жана Кредиттик келишимден улам кредиттин негизги суммасынын жана/же ага чегерилген пайыздардын ордун жабууга багытталган кандай болбосун төлөм толук эмес төлөнүп жана белгиленген мөөнөттө ишке ашырылбаса, мындай карыз мөөнөтүндө төлөнбөгөн катары каралып, ага мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын суммасынан 0,1% өлчөмүндө туум чегерилет. Туум мөөнөтүндө төлөнбөгөн ар бир күн үчүн, төлөнбөгөн карыз келип чыккан күндөн тартып орду жабылбаган сумманын бөлүгү толугу менен төлөнгөнгө чейин чегерилип турат.  

5.6. Улуттук банк Жобого жана Башкы келишимге ылайык кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Банктардын Улуттук банктагы корреспонденттик эсептерине канааттандырылган билдирмелер боюнча акча каражаттарынын суммасын өз убагында жана толугу менен чегерилишине, ошондой эле Банк кредит жана ал боюнча чегерилген пайыздар жагында өз милдеттенмелерин учурунда жана толугу менен аткарган шартта, күрөөлүк камсыздоонун бошотулуп берилиши үчүн жоопкерчиликтүү. Эгерде, Банктын корреспонденттик эсебине улуттук валютадагы кредиттик каражаттар өз учурунда жана/же толугу менен чегерилбесе, Улуттук банк Банкка мөөнөтүндө төлөнбөгөн милдеттенменин суммасынан 0,1% өлчөмүндө туум төлөп берүүгө тийиш.  

5.7. Улуттук банк, Жобонун, Башкы келишимдин жана Кредиттик келишимдин шарттарынын бузууга жол берилишинен улам, Банктын чыгым тартышы үчүн жоопкерчиликтүү эмес.  

5.8. Тараптар, Жобого жана Башкы келишимге ылайык, кредит алуу жана анын ордун жабуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу алардын кызматкерлеринин иш-аракеттеринин тактыгы, өз убагында аткарылгандыгы жана купуялуулуктун сакталышы үчүн жоопкерчилик тартышат.  

6. ӨЗГӨЧӨ ШАРТТАР 

6.1. Жердин силкиниши жана башка табигый кырсыктар, мамлекеттик органдардын аракеттери жана чечимдери, согуш аракеттери жана массалык баш аламандык сыяктуу, ушул Башкы келишимде тараптар болушкандардын контролдугуна жатпаган жана аларга ушул Башкы келишим жана Кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруусуна тоскоолдук кылган кырдаалдардын тике же кыйыр түрдө таасир этишинен улам форс-мажордук жагдайлар келип чыккан шартта милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрү, ошол күтүүсүз жагдайлар орун алып турган убакытка шайкеш, бирок ушул Башкы келишимдин жана Кредиттик келишимдин же көрсөтүлгөн форс-мажордук жагдайлар келип жеткенден кийин аткарылуучу бөлүгүн аткаруу мөөнөтүнө олуттуу таасир тийгизген өлчөмдө гана кийинкиге жылдырылат.  

6.2. Жободо белгиленген талаптар Банк тарабынан аткарылган шартта жана кредиттик ресурстар боюнча пайыздардын орду өз учурунда жабылган учурда, Банктын өтүнүч катынын негизинде Улуттук банк Банкка кредиттик ресурстун мөөнөтүн 6 айдан ашпаган мөөнөткө бир жолу пролонгациялоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө укуктуу.  

6.3. Улуттук банк тарабынан 6 айга кайра каржылоо максаттарында берилген кредиттик ресурстар гана пролонгацияланат. Улуттук банк тарабынан кайра каржылоо максаттары үчүн берилген кредиттик ресурстар алгачкы кредиттик келишимде көрсөтүлгөн же акыркы өткөрүлгөн кредиттик аукциондо белгиленген пайыздык чендердин максималдуусуна барабар пайыздык чен боюнча бир гана жолу пролонгацияланышы мүмкүн. 

6.4. Кредиттик ресурстарды пролонгациялоо үчүн Банк, жаңы Кредиттик келишим жана Күрөө жөнүндө келишим түзүү үчүн кредиттин мөөнөтү келип жеткенге чейин кеминде 1 ай мурда кредитти пролонгациялоо жөнүндө өтүнүч катын Улуттук банкка жөнөтүүгө милдеттүү.  

6.5. Ушул Башкы келишимдин эки Тарабы тең тез арада, Башкы келишим жана Кредиттик келишим боюнча өз милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган форс-мажордук жагдайлардын башталышы жана кийинчерээк аларды аткаруусу жөнүндө бири-бирине оозеки жана кат жүзүндө 2 (эки) жумуш күнү ичинде маалымдоосу зарыл.  

6.6. Тараптардын бири форс-мажордук жагдайлардан улам, ушул Башкы келишим жана Кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмесин аткара албай калса, бирок ал ошол жагдайлардын кесепеттерин четтетүү үчүн бардык зарыл чараларды өз учурунда көргөн болсо, Башкы келишимдин жана Кредиттик келишимдин шарттарын бузууга жол бергендик катары каралбайт.  

7. ТАЛАШ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ 

7.1. Ушул Башкы келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелер жана пикир келишпестиктер, өз ара алгылыктуу чечимди кабыл алуу максатында тараптардын сүйлөшүүлөрү аркылуу жөнгө салынууга тийиш. 

7.2. Ал эми жөнгө салынбаган талаш маселелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте чечилет.  

8. БАШКА ШАРТТАР 

8.1. Башкы келишимдин шарттары Тараптардын макулдугу боюнча толукталышы жана өзгөртүлүшү мүмкүн. 

8.2. Башкы келишимге карата бардык толуктоолор жана өзгөртүүлөр кат жүзүндө даярдалып, Тараптар ага кол койгон шартта анык болуп саналат.  

8.3. Башкы келишим орус тилинде 3 нускада түзүлгөн, алардын ар бири юридикалык күчкө ээ. Келишимдин 2 нускасы Улуттук банкта сакталат, ал эми бир нускасы өтүнүч менен кайрылган Банкка берилет.  

8.4. Башкы келишимге карата 1, 2, 3, 4 жана 5-тиркемелер анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

9. КЕЛИШИМДИН АРАКЕТТЕНҮҮ МӨӨНӨТҮ ЖАНА АНЫ ТОКТОТУУ ТАРТИБИ 

 

9.1. Башкы келишим, ага эки тарап тең кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана бир жыл аралыгында колдонулат. Башкы келишимдин иш-аракетинин токтотулушу алынган кредиттерди кайтарып берүү жана күрөө шарттарын сактоо боюнча Банктын милдеттенмелерин, ошондой эле Башкы келишимде жана Жободо каралган тартипте күрөөнү бошотуп берүү боюнча Улуттук банктын милдеттенмесин токтотпойт. 

9.2. Башкы келишим анын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейинки бир календардык ай мурда, Тараптардын бири аны токтотуу ниетин билдирүү менен кат жүзүндө кайрылбаса, ар бир кийинки календардык жылга узартылган катары эсептелинет.  

9.3. Улуттук банк төмөнкү учурларда Банкка алдын ала билдирүүсүз эле, бул Башкы келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу:  

- Банк Жобонун жана Башкы келишимдин шарттарын бузууга жол берген болсо; 

- Улуттук банк тарабынан берилген банктык операцияны жүргүзүү укугуна лицензия Банктан кайтарылып алынган болсо; 

- Банктын иши юридикалык жак катары Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык токтотулса; 

- Банк банкрот деп жарыяланса. 

 

10. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ ЖАНА РЕКВИЗИТТЕРИ  

 

Улуттук банк: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

Бишкек шаары, Үмөталиев атындагы көчө, 101. 

 

 

 

 

Кызматы__________________ 

 

(кол тамгасы)______________М.О. 

Банк: 

"Коммерциялык банк" ААКсы/ЖАК 

Бишкек шаары, ____________ көчөсү

Улуттук банктагы корэсеби №1010126_______  

Улуттук банктын БИК №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

Мамлекеттик салык инспекциясынын коду: _____ 

Кызматы_________________ 

 

(кол тамгасы)__________________М.О. 

 

 

 

 

 

Кредиттик аукцион жөнүндө 

Башкы келишимге карата 

№1-тиркеме 

20___-жылдын "____"_______№______  

 

 

Кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча кредит алууга Банктын өтүнүчүнө кол коюуга жана Улуттук банктан кредит алуу үчүн күрөөлүк камсыздоону берүүгө укуктуу  

БАНКТЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ АДАМДАРЫНЫН ТИЗМЕСИ 

 

 

Бишкек шаары 20____-жылдын "___" ____________  

 

Ушул аркылуу _____________________________________________________,  

(банктын аталышы) 

____________________________________________________________ атынан 

(аты-жөнү, кызматы) 

___________________________________________ негизинде иш алып барган ___________________________________________ төмөнкү адамдарга кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча кредит алууга Банктын өтүнүчүнө кол коюга укук чегерет.  

1. Банктын жоопкерчиликтүү адамынын аты-жөнү ________________________________ 

2. Банктын жоопкерчиликтүү адамынын электрондук почтасынын дареги______________  

3. Банктын жоопкерчиликтүү адамынын жумуштагы телефон номери_________________ 

Кандайдыр бир өзгөрүүлөр кирген шартта Банк, кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча кредит алууга банктын өтүнүчүнө кол коюуга укуктуу жоопкерчиликтүү адамдардын жаңыртылган тизмесин Улуттук банкка сунуштайт. 

Банктын кредит алуу билдирмесине кол коюу укугуна ээ банктын жоопкерчиликтүү адамдарынын жаңыртылган тизмеси, кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча кредит алууга Банктын билдирмесине кол коюуга укуктуу жоопкерчиликтүү адамдары алмашкан учурда да жаңыртылган тизме сунушталат.  

 

 

Кызматы 

 

Аты-жөнү_____________________ Кол тамгасы____________ М.О.___________  

 

 

 

Кредиттик аукциондор жөнүндө 

Башкы келишимге карата 

№2-тиркеме 

 

20___-жылдын "____"_______№______ 

 

 

 

КРЕДИТТИК АУКЦИОНГО КАТЫШУУ ҮЧҮН № _________ БИЛДИРМЕ 

 

20____-жылдын "____"_______ 

 

Карызгер___________________________________________________________  

(Банк-карызгердин аталышы)  

 

1. Ушул аркылуу Банк, ___________ суммасындагы (суммасы сан менен жана жазуу түрүндө) кредит алуу үчүн кредиттик аукционго катышууга билдирме жөнөтөт.  

2. Мында, кредиттик каражаттар боюнча төмөнкү ченди сунуш кылабыз:  

Кредит боюнча чен жылдык ________ %  

3. Кредит берүү күнү:___________________ 

Кредиттин ордун жабуу күнү: ______________ 

 

4. Кредиттин камсыздоосу катары:  

 

____________ сом суммасында (суммасы сан менен жана жазуу жүзүндө) мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндө күрөө сунушталат, анын ичинде:  

 

п/п№ 

Каттоо номери 

Чыгарылган күнү 

Төлөө күнү 

Саны  

Мамлекеттик баалуу кагаздардын номиналы, сом менен 

Номиналдык наркы, сом менен 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чет өлкө валютасы: 

Валюта түрү 

Суммасы  

 

 

 

 

 

Кредит портфели: 

 

Кредит портфелинин жалпы номиналдык наркы _____________________________ 

Күрөө катары берилген кредиттердин саны __________________________________ 

 

5. Жободо жана Кредиттик келишимде каралган тартипте милдеттерин аткарбаган шартта Банк, кредит боюнча карыздын суммасын корреспонденттик эсептен акцептсиз тартипте эсептеп алып коюуга макулдук берет. Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде каражаттар жетишсиз болуп калса, ал ушул билдирменин 4-пунктунда чагылдырылган күрөө предметинен, мамлекеттик баалуу кагаз менен камсыздалган милдеттенмелерин Жобого жана Кредиттик аукцион жөнүндө Башкы келишимге ылайык, дароо акцептсиз тартипте өндүрүүнү жүргүзүүгө Улуттук банкка укук берет.  

 

 

(Банк-карызгердин аталышы)  

 

Кызматы 

 

Аты-жөнү_______________ Кол тамгасы____________ М.О.___________  

 

 

 

 

Кредиттик аукцион жөнүндө 

Башкы келишимге карата 

№3-тиркеме 

20____-жылдын "____"_______№______ 

 

 

БИЛДИРМЕ 

 

Ушул аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, 20____-жылдын "___"_____ болуп өткөн кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Сиздин билдирмеңиз төмөнкү көлөмдө канааттандырылгандыгын маалымдайт:  

Аукциондун коду 

Банктын билдирмеси  

Берүү күнү 

Төлөө күнү 

Суммасы (сом) 

% чен 

  

  

  

  

  

 

_______________ ______________ _____________  

Кызматы (кол тамгасы) (Аты-жөнү)  

 

 

Аткаруучу: Аты-жөнү 

Тел:_____________  

 

Кредиттик аукцион жөнүндө 

Башкы келишимге карата 

№4-тиркеме 

 

 

 

Кредиттик аукцион жөнүндө 20____жылдын "___"_______№___Башкы келишимге карата №____ кредиттик келишим 

 

Бишкек шаары ____-жылдын "___"________  

 

Мындан ары "Улуттук банк" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы же "Күрөө кармоочунун" атынан, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын (20____ "___" _______№___ буйруктун) негизинде иш алып баруучу ___________________ бир тараптан жана мындан ары "Банк" же "Күрөө коюучу" деп аталуучунун атынан Уставдын негизинде иш алып барган ____________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди (мындан ары - "Келишим") түзүштү

 

1. Кредиттик келишим предмети 

 

1.1. Улуттук банк, Кредиттик аукцион жөнүндө 20___жылдын "___"_______ № ______ Башкы келишимдин (мындан ары - Башкы келишим) жана 20___жылдын "___"_______ № ______ Кредиттик аукцондун жыйынтыгы жана ушул Кредиттик келишимдин негизинде, Банкка ушул Кредиттик келишимде, Башкы келишимде жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жободо каралган шарттарда ___________ сом суммасында (суммасы жазуу менен) кредит сунуштайт.  

 

2. Кредит берүү шарттары 

 

2.1. Кредит 20___жылдын "____"______тартып "____"_____чейинки мезгилге _____ мөөнөткө берилет. 

2.2 Кредит боюнча акча каражаттарды Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерилген күн, кредит берилген күн болуп саналат. 

2.3. Улуттук банк кредит боюнча акча каражаттарды ушул Келишимге кол коюлгандан кийинки жана ушул Кредиттик келишимге ылайык Банк тарабынан Улуттук банктан суралган кредит боюнча күрөө келишими, күрөөнү каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарда катталгандан кийинки жумуш күнү чегерет.  

8.4. Банкка Улуттук банк тарабынан берилген кредит, ушул Кредиттик келишимдин алкагында кайра каржылоого /ликвиддүүлүктү колдоого багытталган.  

8.5. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык чен жылдык _____% (жазуу жүзүндө) өлчөмүндө ушул Кредиттик келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө белгиленет. 

 

3. Кредитти пайдалануу шарттары 

3.1. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды кошуп эсептөө жана төлөө, Банк тарабынан ай сайын, карызды төлөө боюнча белгиленген графикке ылайык (ушул Кредиттик келишимге карата №1 тиркеме) жүзөгө ашырылат. Ал эми белгиленген график Кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Пайыздарды кошуп эсептөө Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.  

3.2. Кредит боюнча карыздын негизги суммасын жана аны пайдалангандыгы үчүн кошуп эсетелинген пайыздарды төлөө, ушул Кредиттик келишимге жана кредит төлөө графигине ылайык (Кредиттик келишимге карата №1 тиркеме) жүзөгө ашырылат, бул график ушул Кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

3.3. Эгерде, кредиттин негизги суммасын жана/же ага кошуп эсептелген пайыздарды төлөө күнү майрам күндөрүнө жана иштебеген же дем алыш күндөрүнө туура келип калса, анда кредиттин негизги суммасын жана/же ага кошуп эсептелген пайыздарды төлөө кийинки жумуш күнү жүзөгө ашырылат. 

3.4. Кредит боюнча негизги сумманы жана/же ал боюнча кошуп эсептелген пайыздарды төлөө боюнча төлөмдөрдү Банк Улуттук банктагы тиешелүү эсепке чегерет. 

 

4. Күрөөлүк камсыздоо 

4.1. Кредиттик келишимдин негизинде алынган кредит боюнча негизги сумманы, ал боюнча чегерилген пайыздарды, башка айыптык төлөмдөрдү, туумдарды ушул Кредиттик келишимге жана Башкы келишимге ылайык кайтарып берүү боюнча Банктын өзүнө алган милдеттенмелеринин аткарылышын камсыздоо катары, Банкка тиешелүү болгон __________ (күрөөнүн түрү көрсөтүлөт) саналат. Ушул Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча өз милдеттенмелеринин камсыздоосу катары Банктын Улуттук банкка күрөөгө берген Банкка тиешелүү күрөөлүк камсыздоосунун айкын тизмеги, Банк менен Улуттук банк ортосунда келишилген күрөө жөнүндө тиешелүү келишимде көрсөтүлүүгө тийиш. 

 

5. Башка шарттар 

5.1. Ушул Кредиттик келишимде каралбаган башка шарттар, Тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери ушул Жобо жана Башкы келишим аркылуу жөнгө салынат. 

5.2. Кредиттик келишимге карата бардык толуктоолор жана өзгөртүүлөр кат жүзүндө даярдалган, кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошумча келишим түзүү аркылуу киргизилет. 

5.3. Жобого карата №3 жана №5 тиркемелер формасында берилген билдирмени жана күрөө келишимин кошо алганда, ушул Кредиттик келишим, Улуттук банк менен Банк ортосунда түзүлгөн Кредиттик аукцион жөнүндө 20___жылдын "__"______ түзүлгөн №_____ Башкы келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ал тараптардын ар бири үчүн бирден, бирдей юридикалык күчкө ээ 3 анык нускада түзүлгөн. Нусканын бири күрөөнү каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу органдар үчүн каралган.  

 

6. ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА ТАРАПТАРДЫН КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

 

Улуттук банк  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Бишкек ш., Умөталиев атындагы көчө,101. 

 

 

Кызматы__________________ 

 

(кол тамгасы)______________М.О 

Банк: 

"Коммерциялык банк" ААКсы/ЖАК 

Бишкек, ш. ____________ көчөсү 

Улуттук банктан корэсеп №1010126_______  

Улуттук банктын БИК №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

МСИнин коду: _____ 

Кызматы_________________ 

 

(кол тамгасы)__________________М.О. 

 

 

 

 

 

20____-жылдын "___"_______№_____  

Кредиттик келишимге карата  

№1-тиркеме 

 

 

 

Кредит төлөө графиги 

 

Кредиттин суммасы: _______________сом 

Пайыздык чен (жылдык):_____% 

Пайыздарды төлөө: ай сайын 

Эсептөө жылы: 360 күн 

Кредиттин мөөнөтү:_____күн 

Кредит берүү күнү: 20__ж. "__"______ 

Кредитти кайтаруу күнү: 20__ж. "__"______ 

 

 

Айлар 

Төлөө күнү  

Пайыздарды төлөө

Негизги сумманы төлөө 

Бардыгы болуп, ордун жабууга карата 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында  

 

 

 

 

* пайыздарды эсептөөдө кредитти пайдалануунун айкын күндөрү эсепке алынат. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

 

Кызмат орду__________________ 

 

(кол тамгасы)______________ М.О. 

Банк: 

ААК/ЖАК "Коммерциялык банк" 

 

Кызмат орду _________________ 

 

(кол тамгасы)__________________ М.О. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кредиттик аукцион жөнүндө 

Башкы келишимге карата 

№5-тиркеме 

 

20____-жылдын "___"_______№_____ Кредиттик келишимге карата  

 

Күрөө жөнүндө келишим 

 

 

Бишкек ш. №________________ 20____ "___" _______№ _______  

Мындан ары, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын (20__жылдын "___"______ №____ буйруктун) негизинде "Улуттук банк" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан иш алып барган _________________________________ бир тараптан жана мындан ары "Банк" деп аталуучунун атынан Уставдын негизинде иш алып баруучу _____________________________________________ экинчи тараптан, мындан ары "Тараптар" деп аталуучулар биргелешип, төмөнкүлөр тууралуу ушул Келишимди (мындан ары "Келишим") түзүштү

 

 

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Күрөө кармоочу Күрөө коюучуга _________ (суммасы жазуу менен) сом өлчөмүндө кредит сунуштады. Кредитти жана ага кошуп эсептелген пайыздарды төөлөнүн акыркы мөөнөтү, Кредиттик аукцион жөнүндө 20__жылдын "____"_______№____Башкы келишимдин алкагында (мындан ары-Башкы келишим) 20___жылдын "___"_______ № __ Кредит берүү жөнүндө Кредиттик келишимге ылайык, _______жылдын "__"______ келип жетет. 

1.2. Күрөө коюучу Кредиттик келишим боюнча милдеттеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн Күрөө кармоочуга ______ (суммасы жазуу түрүндө) сом өлчөмүндөгү жалпы номиналдык нарктагы төмөнкү чыгарылыштагы жана көлөмдөрдөгү ________________ (МБК) күрөө катары өткөрүп берет: 

 

№№ п/п 

Каттоо номери 

МБКлар чыгарылган күн 

МКБлардын орду жабылган күнү  

МБКлардын 

саны 

(даана) 

1 МБКнын номиналдык баасы (сом) 

МБКнын номиналдык наркы 

(сом) 

1.  

 

 

 

 

 

 

2.  

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында: 

 

 

 

 

 

 

1.3. Ушул Келишим бүтүндөй аракеттенүү мөөнөтү ичинде Күрөө коюучунун Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышынын камсыздоосу катары кызмат кылат.  

1.4. Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун алдында, кредиттин негизги суммасын жана ага кошуп эсептелген пайыздарды, айыптык санкцияларды жана туумдарды, чыгымдардын жана Кредиттик келишимге жана Башкы келишимге ылайык негизги милдеттенмени аткарбай коюудан, мөөнөтүн өткөрүп жиберүүдөн же талаптагыдай аткарбай коюудан улам келип чыккан башка чыгашалардын (соттук чыгашаларды кошо алганда) ордун толтурууну кошо алганда, Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча өз милдеттенмелерин толук көлөмдө, ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөөлүк мүлк аркылуу жооп берет.  

1.5. Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун алдында өз милдеттенмелерин толук же жарым жартылай аткарбай койгон учурда, ушул Келишимде, Башкы келишимде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларында белгиленген тартипте, күрөөгө коюлган мамлекеттик баалуу кагаздарга карата менчик укугу Күрөө кармоочуга өтөт.  

1.6. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн, күрөөгө коюлган Мамлекеттик баалуу кагаздар башка жерде күрөөгө коюлбагандыгын, талаш-тартышта эместигин жана ага тыюу салынбагандыгын, ошондой эле Күрөө коюучунун башка милдеттерин камсыздоо предмети эместигине кепилдик берет.  

 

2. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

 

2.1. Күрөө коюучу төмөнкүлөргө милдеттүү

2.1.1. Күрөөгө коюлган мамлеттик баалуу кагаздарды Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугусуз кимдир-бирөөгө кайтарымсыз бербөөгө, башка күрөөгө койбоого, алмаштырбоого (ушул Келишимде каралган учурларды эске албаганда), ошондой эле кандайдыр бир негиздер боюнча аны пайдаланбоого.  

2.1.2. Жайгашкан жеринин өзгөргөндүгү жана ушул Келишим, Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча Күрөө кармоочу алдында милдеттерин аткаруусуна таасир этиши мүмкүн болгон ишиндеги башка өзгөрүүлөр тууралуу, алар күчүнө кирген күн келип жеткенге /башталганга чейин мүмкүн болушунча алдын ала маалымдоого; 

2.1.3. Күрөөгө коючу Кредиттик келишим, Башкы келишим жана ушул Келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткара албай калган же талаптагыдай аткарбаган учурда, ушул Келишимдин жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык, мамлекеттик баалуу кагаздардан токтоосуз түрдө, соттук эмес тартипте өндүрүүнүн жүргүзүлүшүн толугу менен гарантиялайт жана макулдугун берет; 

2.1.4. Ушул келишимдин каттоодон өткөртүлүшү жана күчүнө киргизилиши үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган бардык иш чараларды өз учурунда жана талаптагыдай ишке ашырууга.  

2.2. Күрөө коюучу пайдалануу укугусуз эле күрөөдөгү мамлекеттик баалуу кагаздарга ээлик кылуу жана пайдалануу укугуна ээ (купондук төлөөлөрдү алууга).  

2.3. Ушул Келишим боюнча күрөө предметинен болуп саналган мамлекеттик баалуу кагаздарды кайра күрөөгө коюуга жол берилбейт. 

2.4. Күрөө кармоочу төмөнкүлөргө укуктуу: 

2.4.1. Күрөө коюучудан ушул Келишимде көрсөтүлгөн милдеттердин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга, эгерде анын талабы канааттандырылбаса - төмөнкү учурларда Мамлекеттик баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүүгө

1) күрөө коюучу тарабынан Кредиттик келишимдин жана Башкы келишимдин талаптарын жана жоболорун бузууга жол берилген шартта; 

2) Күрөө коюучу кийинки күрөөгө коюу эрежелерин, мамлекеттик баалуу кагаздарга карата үчүнчү жактардын укугу жөнүндө Күрөө кармоочуга эскертүү милдеттенмесин бузууга жол берсе; 

3) Күрөө коюучу ушул Келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган башка талаптарды жана жоболорду аткарбаса.  

2.4.2. Эгерде, Күрөө коюучу же үчүнчү жак Мамлекеттик баалуу кагаздардын Күрөө кармоочунун ээлигине өткөрүлүп берилишине тоскоолдук кылса, Күрөө коюучудан же үчүнчү тараптан мүлктү алуу үчүн зарыл болгон бардык мыйзамдуу аракеттерди көрүүгө.  

2.4.3. Ушул Келишим боюнча өз укуктарын үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө

2.4.4. Мамлекеттик баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана ушул Келишимдин шарттарына ылайык, соттук эмес тартипте ишке ашырууга.  

2.5. Күрөө кармоочу күрөө менен камсыздалган талаптын өлчөмүнөн ашкан сумманын айырмасын Күрөө коюучуга кайтарып берүүгө милдеттенет. Күрөө кармоочунун Мамлекеттик баалуу кагаздардын наркынан канааттандырылуучу талаптарында төмөнкүлөр камтылат: кредиттин негизги суммасын кайтарып берүү, кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөө, Кредиттик келишимге жана Башкы келишимге ылайык негизги милдеттенмелерин аткарбай коюудан, мөөнөтүн өткөрүп жиберүүдөн же талаптагыдай аткарбай коюудан улам келип чыккан чыгымдарды жана үстөк айыптарды (айып, туум) төлөө, өндүрүүнү жүргүзүүдөн келип чыккан мүмкүн болуучу башка чыгымдарды (соттук чыгымдарды кошо алганда) төлөө

 

3. КҮРӨӨ ШАРТТАРЫ 

3.1. Тараптар ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган мамлекеттик баалуу кагаздар, Күрөө коюучунун Улуттук банктын мамлекеттик баалуу кагаздарынын Башкы депозитарийиндеги Депо-эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебинде жайгаштырылышына макулдашышты.  

Ушул Келишимге кол коюлгандан кийин Күрөө коюучу, Келишим шарттарына ылайык Мамлекеттик баалуу кагаздарды Күрөө коюучунун Башкы депозитарийиндеги Депо-эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебине Жободо көрсөтүлгөн шарттарга ылайык которуу жөнүндө Башкы депозитарийге тапшырма жөнөтүүгө милдеттенет.  

3.2. Тараптар, ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган Мамлекеттик баалуу кагаздарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же Улуттук банк эмитенти катары иш алып барган Күрөө коюучуга тиешелүү болгон башка баалуу кагаздарга алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө Тараптар макул болгон шартта, Күрөө кармоочу менен Күрөө коючу ортосунда жаңы Күрөө келишимин түзүүгө, Улуттук банктын мамлекеттик баалуу кагаздарынын Башкы депозитарийинде каттоодөн өткөртүүгө, каттоо төлөмүн төлөөгө макул болушту. Мында, каттоого кеткен чыгымдарды Күрөө коюучу төлөйт. 

3.3. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 3.1., 3.2. жана башка пункттарында каралган талаптарды аткарбай койгон шартта жана ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган жана Күрөө коюучунун Башкы депозитарийиндеги Депо-эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебинде турган Мамлекеттик баалуу кагаздарды төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда, Тараптар Башкы депозитарийге ошол Мамлекеттик баалуу кагаздардын номиналдык наркын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналыктын эсебинен Күрөө кармоочунун Улуттук банкта ачылган эсебине которууга ыйгарым укук чегеришкен. 

3.4. Кредиттик келишимге жана Башкы келишимге ылайык күрөө менен камсыздалган милдеттенмелер аткарылбай калган учурда, Күрөө кармоочу ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган Мамлекеттик баалуу кагаздардын Күрөө кармоочунун Башкы депозитарийдеги Депо-эсебине которулушун талап кылууга укуктуу.  

3.5. Тараптар, ушул Келишимдин Башкы депозитарийде каттоодон өткөртүлүшү үчүн төлөмдүн Күрөө коюучу тарабынан төлөнүшүнө макулдашышты. 

 

4. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ 

4.1. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган шартта, алар Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык келтирилген чыгымдардын ордун бири-бирине төлөп берүүгө тийиш.  

4.2. Чыгымдарды төлөп берүү жана туумдарды төлөө менен күнөөлүү тарап ушул Келишимде, Кредиттик Келишимде жана Башкы келишимде каралган милдеттенмелерди аткаруудан бошотулбайт.  

 

5. КҮРӨӨ ПРЕДМЕТИНЕН ӨНДҮРҮҮНҮ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ 

5.1. Ушул Келишимдин жоболоруна ылайык Мамлекеттик баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүү зарылчылыгы келип чыккан шартта Тараптар, Мамлекеттик баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүү ушул Келишимдин, Башкы келишимдин жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларынын шарттарына ылайык соттук эмес тартипте дароо ишке ашырыла тургандыгына келишишти.  

 

6. БАШКА ШАРТТАР 

6.1. Келишим белгиленген тартипте каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет жана Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун алдындагы өз милдеттенмесин, анын ичинде кредит боюнча негизги карыздын суммасын, ал боюнча кошуп эсептелген пайыздарды, айыптык төлөмдөрдү/туумдарды төлөө жана Күрөө коюучунун Кредиттик келишим, Башкы келишим жана ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай коюусунан же талаптагыдай аткарбашынан улам келип чыккан башка чыгымдардын/чыгашалардын ордун жабуу боюнча милдеттенмелерин толук аткарганга чейин колдонулат.  

6.2. Ушул Келишим шарттары Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. 

6.3. Келишимди тариздетүү жана каттоодон өткөрүү боюнча сарптоолор Күрөө коюучунун эсебинен жүзөгө ашырылат. Келишимди каттоодөн өткөртүүнү Күрөө коюучу ишке ашырат.  

6.4. Келишим Мамлекеттик баалуу кагаздардын Башкы депозитарийинде - Улуттук банкта катталууга тийиш. 

6.5. Келишим, ушул Келишимдин 6.4-пунктуна ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет. 

6.6. Келишим орус тилинде 3 (үч) анык нускада түзүлгөн, 1 (бир) нускасы - сактоо үчүн Күрөө коюучуга, дагы 1 (бир) нускасы каттоо үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органга, 1 (бир) нускасы сактоо үчүн Улуттук банкка берилет.  

 

7. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ  

 

КҮРӨӨ КАРМООЧУ КҮРӨӨ КОЮУЧУ 

Улуттук банк: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Бишкек ш, Үмөталиев атындагы көчө, 101. 

 

 

 

 

Кызматы __________________ 

 

(кол тамгасы)______________М.О 

Банк: 

"Коммерциялык банк" ААКсы/ЖАК 

Бишкек шаары,____________көчөсү 

Улуттук банктагы корэсеп №1010126_______  

БИК НБКР №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

МСИнин коду: _____ 

Кызматы_________________ 

 

(кол тамгасы)__________________М.О. 

 

 

Улуттук банктан каттоодон өткөртүлгөн 

20___ -жылдын "__"________ № ___________ 

_____________________/____________________________________________ 

(кол тамгасы) (кызматы, а 

 

 

 

 

 

 

 

Кредиттик аукцион жөнүндө 

Башкы келишимге карата 

№5-тиркеме 

 

20____-жылдын "___"_______№_____ Кредиттик келишимге карата 

 

Күрөө келишими 

 

 

Бишкек ш. 20____ "___" _______№ _______  

 

Мындан ары "Улуттук банк" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы же "Күрөө кармоочунун" атынан, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын (20____ "___" _______№___ буйрук) негизинде иш алып баруучу ___________________ бир тараптан жана мындан ары "Банк" же "Күрөө коюучу" деп аталуучунун атынан Уставдын негизинде иш алып барган ____________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип "Тараптар" деп аталуучулар төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди (мындан ары - "Келишим") түзүштү

 

1. Келишим предмети 

1.1. Күрөө кармоочу Күрөө коюучуга _________ (жазуу менен, 00) сом өлчөмүндө кредит берди. Кредитти жана ага кошуп эсептелген пайыздарды төөлөнүн акыркы мөөнөтү Кредиттик аукцион жөнүндө 20__жылдын "____"_______№____Башкы келишимдин алкагында (мындан ары-Башкы келишим) 20___жылдын "___"_______ № __ Кредит берүү жөнүндө Кредиттик келишимге ылайык, _______жылдын "__"______ келип жетет. 

1.2. Күрөө коюучунун Кредиттик келишим боюнча милдеттеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн Күрөө коюучу ______ жылдын "___" ____Күрөө кармоочуга Күрөө коюучу менен Улуттук банктын ортосунда түзүлгөн №______ Банктык аманат келишими (Банктын чет өлкө валютасындагы депозиттик эсебин Улуттук банкка ачуу жана тейлөө жөнүндө макулдашуу) боюнча (мындан ары - "Күрөө предмети" же "Банктык аманат келишими") акча каражаттарын талап кылуу укугун толугу менен Күрөө кармоочуга өткөрүп берет.  

 

1.3. Банктык аманат боюнча акча каражаттары Улуттук банкта Күрөө коюучунун атына ачылган ____________ эсепке жайгаштырылган жана алардын өлчөмү _________(суммасы жазуу жүзүндө) АКШ долларын түзөт. 

Банктык (депозитти) аманатты кайтаруу мөөнөтү________жылы келип жетет.  

1.4. Тараптар тарабынан макулдашылган Күрөө предметинин ушул Келишимге кол коюлган учурга карата жалпы наркы____(суммасы жазуу жүзүндө) АКШ долларын түзөт.  

1.5. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө предметин Күрөө кармоочунун макулдугусуз кайра күрөөгө коюуну, каражаттарды эсептен алып салууну/чегерүүнү кошо алганда, аларды колдонуу укугуна ээ эмес.  

1.6. Күрөө коюучу Күрөө предмети башка жерде күрөөгө коюлбагандыгын, карыздардан жана үчүнчү жактардын укугунан эркин экендигине кепилдик берет.  

 

2. Тараптардын укуктары жана милдеттери 

 

2.1. Күрөө кармоочунун укуктары жана милдеттери: 

2.1.1. Күрөө коюучудан күрөө предметин алмаштырууну же банктык аманат (депозит) жайгаштырылган валютанын расмий курсунун төмөндөшүнүн натыйжасында анын наркы төмөндөгөн учурда, кошумча камсыздоону талап кылууга.  

2.1.2. Күрөө коюучудан ушул Келишимдин 1.1. жана 1.2- пункттарындагы милдеттенмелердин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга эгерде, анын талабы канааттандырылбаса, анда төмөнкү учурларда күрөө предметинен өндүрүү ишке ашырылат:  

1) кредиттик келишимдин шарттарын, талаптарын жана жоболорун бузган учурда; 

2) Күрөө коюучу кредиттин негизги суммасы боюнча карызын жана ага чегерилген пайыздарды, үстөк айыптарды (айыптар жана туумдар) жана башка төлөмдөрдү кошо алганда, карызын төлөбөгөн же кредиттик келишим боюнча аны төлөө мөөнөтүн сактабаган учурда;  

3) Күрөө коюучу тарабынан ушул Келишимдин талаптары жана жоболору бузулган учурда; 

4) Күрөө коюучу тарабынан "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун жана кредиттик аукцион жөнүндөгү Башкы келишимдин шарттары бузулган учурда; 

5) Ушул жободо же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.  

2.1.3. Күрөө предметин сатуудан алынган сумма Күрөө кармоочунун талабын толук канааттандырууга жетишсиз болгон учурда, жетпей жаткан сумма Күрөө коюучунун башка мүлкүнөн алынат, андан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүү жүргүзүлүшү мүмкүн.  

2.1.4. Эгерде, Күрөө коюучу же үчүнчү бир тарап Күрөө кармоочуга күрөө предметин өткөрүп берүүгө тоскоолдук жаратса, Күрөө коюучудан же үчүнчү тараптан мүлктү алууга зарыл болгон мыйзамдуу аракеттерди көрүү;  

2.1.5. Ушул Келишим боюнча өз укуктарын (кайтарымдуу же кайтарымсыз) үчүнчү жактарга өткөрүп берүү.  

2.1.6. Ушул Келишимде каралган башка укуктарга ээ.  

2.1.7. Күрөө кармоочу ушул Келишимдин аткарылышына контролдук жүргүзүүгө жана контролдук функцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга, Күрөө предметинин болушун жана абалын текшерүүгө укуктуу.  

 

2.2. Күрөө коюучунун укуктары жана милдеттери: 

2.2.1. Келишим боюнча банктык аманаттын акча каражаттарын кайтарымсыз өткөрүп бербөөгө, күрөөгө койбоого, ошондой эле Күрөө кармоочунун кат түрүндөгү макулдугусуз, кандай гана болбосун иштетпөө;  

2.2.2. Күрөө кармоочунун макулдугусуз күрөө предметин азайтууга, түрүн өзгөртүүгө, токтотууга, жоготууга алып келүүчү иш-аракеттерди жүргүзбөө;  

2.2.3. Күрөө предметинин өзгөрүүлөрү, үчүнчү жактар тарабынан бузууга жол берилиши ыктымалдуулугу же бул укуктарга үчүнчү тараптардын тартылышы жөнүндө маалым болгон учурдан тартып, үч күндүк мөөнөт ичинде Күрөө кармоочуга билдирүү

2.2.4. Күрөө кармоочунун талабы боюнча, үч күндүк мөөнөт ичинде, ага күрөө предметине тиешелүү болгон кайсы гана документ болбосун таанышып чыгууга мүмкүндүк берүүгө, Күрөө кармоочуга күрөө предмети жөнүндө кайсы гана болбосун зарыл болгон маалыматты берүүгө;  

2.2.5. Күрөө кармоочунун кат түрүндөгү макулдугусуз Банктык аманат Келишимине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбөө;  

2.2.6. Ушул Келишимге кол коюлгандан тартып, 2 (эки) иш күнү ичинде Күрөө коюучу Күрөө кармоочуга Банктык аманат Келишимин бардык тиешелүү жана кошо тиркелген документтер менен өткөрүп берүүгө милдеттенет.  

2.2.7. Ушул Келишимде каралган башка милдеттенмелерге ээ; 

2.2.8. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү ушул Келишимдин шарттарына ылайык, соттон тышкаркы тартипте ишке ашырылат. Күрөө кармоочу күрөө предметинен соттон тышкаркы тартипте өндүрүүнү жүргүзүүнү гарантиялайт жана ушул Келишим жана кредит берүү жөнүндө Макулдашуу боюнча өз мойнуна алган милдеттенмелерин аткарбаган же тиешелүү деңгээлде аткарбаган учурда, күрөө предметин анын мүнөздөмөсүнө жана курамына карабай сатууга толук макулдугун берет.  

2.2.9. Күрөө коюучу күрөө предметин, ушул Келишимге ылайык сатууга чейинки кайсы гана убакта болбосун, бул күрөө аркылуу камсыз болгон милдеттенмени же анын аткаруу мөөнөтү өтүп кеткен бөлүгүн аткарууга укуктуу. 

 

3. Күрөө шарттары 

 

3.1. Тараптар Банктык аманат Келишими боюнча Күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган №__________эсебинде жайгаштырылган, Улуттук банктын кайра баа берүү күнүнө расмий курсу боюнча АКШ долларында сом эквивалентиндеги (сомго кайра эсептөөдө) акча каражаттарынын күндөлүк калдыгы, Күрөө кармоочу тарабынан колдонулган тиешелүү ородун жабуу коэффициентин (күрөөлүк коэффициентин) эске алуу менен кредит берүү жөнүндө Макулдашууга ылайык, Күрөө коюучунун алынган кредиттик каражаттар боюнча Күрөө кармоочу алдындагы карызынын күндөлүк калдыгынан төмөн болбоого тийиш экендигине макул болушту.  

Күрөө кармоочу Күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган №__________эсебинде жайгаштырылган акча каражаттарынын күндөлүк калдыгынын ушул пункттун биринчи абзацында каралган жоболорго ылайык келүүсүнө мезгил-мезгили менен кайра баа берүү жүргүзүп турат жана Күрөө коюучуга кошумча карыз берүү же кредит берүү жөнүндө Макулдашуу боюнча алынган кредиттик каражаттар боюнча тиешелүү бөлүгүн төлөө зарылдыгы жөнүндө талап-билдирүүлөрдү жөнөтөт. 

Эгерде, ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү ичинде Күрөө кармоочунун Улуттук банкта ачылган №___________ эсебинде сом эквивалентинде жайгашкан акча каражаттарынын күндөлүк калдыгынын төмөндөөсү, ушул пункттун биринчи абзацына ылайык эсептелген суммадан 5 (беш) пайыздан ашыкка төмөн болсо, анда Күрөө коюучу ага Күрөө кармоочудан тиешелүү талап-билдирмелер келип түшкөн күндөн тартып, 5 (беш) жумуш күнү ичинде Күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган эсебинде АКШ долларында жайгаштырылган акча каражаттарынын суммасын, Күрөө кармоочунун талап-билдирмелеринде көрсөтүлгөн суммага жеткирүүгө милдеттенет, же болбосо, Кредит берүү жөнүндө Макулдашууга ылайык, Күрөө коюучунун Күрөө кармоочудан алган кредитинин тиешелүү бөлүгүн, Улуттук банктын кайра баа берүү күнүнө карата расмий курсу боюнча АКШ долларынын сом эквивалентиндеги карызынын суммасы аталган Макулдашуу боюнча Күрөө коючунун Күрөө кармоочунун алдындагы карызынын күндөлүк калдыгын жок дегенде 120,5 пайызга жапкандай төлөөгө милдеттүү.  

Мында, Улуттук банк белгилеген АКШ долларынын курсу жогорулаган шартта, Күрөө коюучу карыздын суммасынын кандайдыр-бир бөлүгүн төлөөдөн бошотулбайт жана кайтарылып берилбейт.  

3.1. Күрөө коюучу ушул Келишимге кол коюлгандан тартып, 1(бир) жумуш күнү ичинде ушул Келишим түзүлгөндүгү тууралуу, анын ичинде Күрөө коюучунун банктык аманат Келишими боюнча Улуттук банкта ачылган №______________эсебинде жайгаштырылган акча каражаттары, күрөө предмети болуп саналган талап кылуу укугу Күрөө коюучунун Улуттук банктагы эсебинен, Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугусуз төлөнбөй тургандыгы (алып салуу/чегерүү) тууралуу Улуттук банкка маалымдоого милдеттенет. Күрөө коюучу Күрөө коюучунун эсебиндеги каражаттардын күрөөгө коюлгандыгын тастыктаган Улуттук банктын кат жүзүндөгү тастыктоосун Күрөө кармоочуга көрсөтүүгө милдеттүү.  

3.3. Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугу менен ушул Келишимдин 3.1-пунктунда каралган шарттарды сактоодо, кредит берүү жөнүндө Макулдашууга ылайык, Күрөө кармоочудан алынган кредит боюнча Күрөө коюучу өз милдеттенмелерин толук же жарым-жартылай аткарган учурда, Улуттук банкта ачылган №______________эсебинде жайгашкан акча каражаттарын толук же бөлүп-бөлүп алууга укуктуу. 

3.4 Кредит берүү жөнүндө Макулдашууга ылайык, күрөө аркылуу камсыз болгон мил деттенмелер аткарылбаган учурда, ошондой эле ушул Келишимдин 2.1.2- пунктунда каралган шарттарды аткаруу учуру жетип келген учурда, Күрөө коюучу Күрөө кармоочуга анын банктык аманат Келишими боюнча Улуттук банкта ачылган №____________эсебинен акча каржаттарын акцептсиз (талашсыз) тартипте алып салуу жана Күрөө кармоочунун Улуттук банкта ачылган эсебине которуу жөнүндө тез аранын ичинде Улуттук банкка билдирүү укугун чегерет.  

3.5 Чет өлкө валютасындагы акча каражаттары акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептен алынып салынган/алынган учурда, алынган/эсептен алынып салынган акча каражаттарын, Күрөө кармоочу тарабынан Күрөө коюучуга берилген кредиттин валютасына конвертирлөө, эсептен алып салынган/алынган күнгө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курска ылайык жүргүзүлөт.  

 

4. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү тартиби 

 

4.1. Банктык аманат Келишими боюнча Күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган №___________эсебинде жайгашкан акча каражаттарына өндүрүүнү жүргүзүү, ал боюнча күрөө предмети болуп саналган талап кылуу укугу зарылчылыгы келип чыккан шартта, ушул Келишимдин жоболоруна ылайык, Тараптар күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана ушул Келишимдин шарттарына ылайык, соттон тышкаркы тартипте жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашууга жетишти.  

4.2. Кредит берүү жөнүндө Макулдашууга ылайык, күрөө аркылуу камсыз болгон милдеттенмелер аткарылбай калган шартта, ошондой эле ушул Келишимдин 2.1.2- пунктунда каралган шарттар келип жеткен учурда жана күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү башталган учурда, Күрөө коюучу Күрөө кармоочуга анын банктык аманат Келишими боюнча Улуттук банкта ачылган №____________эсебинен акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) тартипте алып салуу жана Күрөө кармоочунун Улуттук банкта ачылган эсебине которуу жөнүндө тез аранын ичинде Улуттук банкка билдирүү укугун чегерет.  

4.3. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептен алып салуу/алуу учурунда алынган/эсептен алып салынган акча каражаттарын, Күрөө кармоочу тарабынан Күрөө коюучуга берилген кредиттин валютасына конвертирлөө, эсептен алып салынган/алынган күнгө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курска ылайык жүргүзүлөт.  

4.4. Ошондой эле күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүдө, Күрөө коюучу банктык аманат Келишими боюнча өзүнүн талап кылуу укуктарын, ушул Келишимдин 1.2- пунктунда көрсөтүлгөн жана Күрөө предмети болуп саналганга ыйгарып өткөрүп берүүгө милдеттенет.  

4.5. Банктык аманат Келишими боюнча, Күрөө предмети болуп саналганга укугун ыйгарып өткөрүп берүү жагында, ушул Келишим Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 173-статьясына жана 18- главасына ылайык, кийинкиге калтыруу шарты менен түзүлгөн. Көрсөтүлгөн банктык аманат Келишими боюнча талап кылуу укуктары Күрөө коюучуга, ушул Келишимдин 1.2- пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө предметинен өндүрүү жүргүзүү башталгандан кийинки күнү өтөт.  

4.6. Ошондой эле Тараптар Күрөө кармоочу Күрөө предметин сатып өткөрүүнүн төмөнкү ыкмасын колдонууга укуктуу деген макулдашууга жетишти: 

- Банктык аманат Келишими боюнча Күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган №___________эсебинде акча каражаттары жайгаштырылган чет өлкө валютасын, банктар аралык рынокто Улуттук банктын сатуу күнүнө карата расмий курсу боюнча сатуу жолу менен сатып өткөрүүгө укуктуу.  

 

5. Тараптардын жоопкерчиликтери 

 

5.1. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же тиешелүү эмес деңгээлде аткарылган учурда, Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бири-бирине келтирилген чыгымдардын ордун жабышат.  

5.2. Ушул Келишимдин 3.1- пунктунда каралган милдеттенмелер аткарылбаган шартта, Күрөө коюучу Күрөө кармоочуга ушул Келишимдин 1.5- пунктуна ылайык, өз милдеттенмелерин аткарбаган ар бир күн үчүн Күрөө предметинин жалпы наркынан 0,05 пайыз өлчөмүндө туум төлөп берет.  

5.3. Чыгымдардын ордун жабуу жана туум төлөп берүү күнөөлүү тарапты ушул Келишимде жана кредиттик линияны ачуу жөнүндө Макулдашууда каралган милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.  

 

6. Башка шарттар 

 

6.1. Ушул Келишим боюнча Күрөө кармоочунун укуктарын ыйгарып өткөрүп берүү, Күрөө коюучунун макулдугусуз, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.  

6.2. Ушул Келишим боюнча Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун макулдугусуз үчүнчү жактарга өз укуктарын жана милдеттерин өткөрүп берүүгө укуктуу эмес.  

6.3. Ушул Келишимге байланыштуу келип чыккан талаш маселелер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чечилүүгө тийиш.  

6.4. Ушул Келишимдин шарттары эки Тараптын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн.  

6.5. Ушул Келишимди тариздөө жана каттоо боюнча чыгымдар Күрөө коюучунун эсебинен жүргүзүлөт. 

6.6. Ушул Келишим Кыргыз Республикасынын Күрөөлүк каттоо конторасында катталууга тийиш, ошондой эле ушул Келишимдин 3.2-пунктуна ылайык, аталган Келишимдин түзүлгөндүгү тууралуу Улуттук банкка билдирилүүгө тийиш.  

6.7. Ушул Келишим аталган Келишимдин 6.7- пунктуна ылайык, тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарда катталган убактан тартып күчүнө кирет.  

6.8. Ушул Келишим кредит берүү жөнүндө Макулдашуу боюнча Күрөө коюучу өз милдеттенмелерин аткарганга чейин колдонулат.  

6.9. Бул Келишим орус тилинде, бирдей юридикалык күчкө ээ, 4 нускада, ар бир Тарап үчүн бир даанадан, үчүнчү нускасы каттоо үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга көрсөтүү үчүн түзүлгөн. Келишимдин бир нускасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында сакталат.  

 

7. ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕР, РЕКВИЗИТТЕР ЖАНА ТАРАПТАРДЫН КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

 

КҮРӨӨ КАРМООЧУ: КҮРӨӨ КОЮУЧУ: 

НБКР: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

Бишкек ш., Умөталиев көчөсү, 101. 

 

 

 

 

Кызматы__________________ 

 

(кол тамгасы)______________М.О. 

Банк: 

ОАО/ЗАО "Коммерциялык банк" ЖАК/ААКсы 

Бишкек ш., ул.____________. 

Улуттук банктагы корэсеп Р №1010126_______  

БИК НБКР №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

МСИнин коду: _____ 

Кызматы_________________ 

 

(кол тамгасы)__________________М.О. 

 

 

 

 

 

Кредиттик аукцион жөнүндө 

Башкы келишимге карата 

№5-тиркеме 

 

20____-жылдын "___"_______№_____ Кредиттик келишимге карата  

 

Күрөө келишими 

 

Бишкек ш. №________________ 20____ "___" _______№ _______  

 

Мындан ары "Улуттук банк" деп аталган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы же "Күрөө кармоочунун" атынан, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын (20____ "___" _______№___ буйрук) негизинде иш алып барган ___________________ бир тараптан жана мындан ары "Банк" же "Күрөө коюучу" деп аталуучулардын атынан Уставдын негизинде иш алып барган ____________________ экинчи тараптан, мындан ары "Тараптар" деп аталуучулар, төмөнкүлөр жөнүндө мына ушул келишимди (мындан ары - "Келишим") түзүштү:  

 

1. Келишим предмети 

1.1. Күрөө кармоочу Күрөө коюучуга _________ (жазуу менен, 00) сом өлчөмүндө кредит берди. Кредитти жана ага кошуп эсептелген пайыздарды төөлөнүн акыркы мөөнөтү Кредиттик аукцион жөнүндө 20__жылдын "____"_______№____Башкы келишимдин алкагында (мындан ары-Башкы келишим) 20___жылдын "___"_______ № __ Кредит берүү жөнүндө Кредиттик келишимге ылайык, _______жылдын "__"______ келип жетет. 

1.2. Күрөө коюучу Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн, Күрөө кармоочуга Күрөө коюучу жана анын кардарлары-карызгерлеринин ортосунда (мындан ары - "Күрөө предметтери" же "Кредиттик келишимдер") түзүлгөн кредиттик келишимдер боюнча талап кылуу укугун өткөрүп берет. Талап кылуу укугу күрөөгө берилген Кредиттик келишимдердин так тизмеси ушул келишимге карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн. 

1.3. Тараптар тарабынан макулдашылган Күрөө предметинин жалпы наркы ушул келишимге кол коюу учуруна карата ________(суммасы жазуу менен) сомду түзөт.  

1.4. Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун макулдугусуз ушул келишимдин 1.2. пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө предметтерин колдонууга, аларды кийинки күрөөгө коюуга укуктуу эмес.  

2.Келишимдин шарттары 

 

2.1. Күрөө коюучу Күрөө кармоочуга ушул Келишимди түзүү учурунда Күрөө предметтери төмөнкү талаптарга жооп бере тургандыгын тастыктайт:  

1) Кредиттик келишимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен түзүлгөн жана көрсөтүлгөн Кредиттик келишимдерге колдонулган укук болуп кыргыз укугу саналат; 

2) Көрсөтүлгөн Кредиттик келишимдер боюнча Күрөө коюучунун алдындагы милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын резидентинде келип чыгат; 

3) Кредиттик келишимдер, ошондой эле Кредиттик келишимдерге ылайык келишилген күрөө келишимдери, кредитордун/күрөө кармоочунун талап кылуу укуктарын үчүнчү жакка өткөрүп берүү боюнча чектөөлөрдү камтыбайт;  

5) мүлккө карата укук (талап кылуу укугу) Кредиттик келишимдерге жараша, Күрөө коюучуга тиешелүү жана Күрөө коюучунун башка милдеттенмелери жүктөлбөгөн, аларга карата талаштар жана белгиленген тартипте коюлган талаптар жок жана укугунан ажыратуу үчүн үчүнчү жактын макулдугу же уруксаты талап кылынбайт

6) ушул Келишим боюнча талап кылуу укугу күрөө предметтери болуп саналган кредиттер, Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген, "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга карата камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык, классификацияланбаган активдердин категориясына киргизилген, эки же андан ашык категориялар боюнча классификацияланбайт жана реструктуризацияланган эмес. 

7) ушул Келишим боюнча талап кылуу укугу күрөө предметтери болуп саналган кредиттер, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2011-жылдын 16-июнундагы №12/2 токтому менен бекитилген, белгилүү бир мүнөздөмөлөргө ылайык келген кредиттердин портфелин калыптандыруу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдө каралган мүнөздөмөлөргө ылайык келет.  

2.2. Күрөө коюучу Күрөө кармоочуга ушул Келишимди түзүү учурунда Кредиттик келишимдер боюнча Күрөө коюучунун карызгери болуп саналган уюм/жеке адам төмөнкү талаптарга жооп берет: 

1) уюм же жеке адам Күрөө коюучунун 10 пайыздан ашпаган акцияларына ээ (эгерде болгон шартта) жана Күрөө коюучу уюмдун капиталдык уставында анын капиталдык уставынын 10 пайызынан ашпаган үлүшкө ээ же уюмдук акцияларынын 10 пайыздан ашпаган үлүшүнө ээ (эгерде болгон шартта); жеке адам инсайдер болуп же Күрөө коюучунун аффилирленген жагы болуп эсептелбейт;  

2) Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналат. 

2.3. Күрөө предметтери Күрөө коюучунун менчигинде калат.  

2.4. Кредиттик келишимдер боюнча чет өлкө валютасында туюндурулган талап кылуу укуктарынын рыноктук наркы Улуттук банк тарабынан аларга баа берүү күнүндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча аныкталат.  

 

3.Тараптардын укуктары жана милдеттери. 

3.1. Күрөө кармоочунун укуктары жана милдеттери: 

3.1.1. Кредиттик келишимдер боюнча Күрөө коюучунун талап кылуу укуктарынын документалдык жактан жана айкын бар болушун, көлөмүн жана абалын текшерүү.  

3.1.2. Күрөө коюучудан күрөө предметтерине кандай гана болбосун аларды жоготуу же алардын наркын төмөндөтүү коркунучун туудурган кол салууларды токтотууну талап кылуу. 

3.1.3. Күрөө коюучудан күрөө предметин калыбына келтирүү же алмаштыруу же болбосо аларды жоготуу же наркын төмөндөтүү учурунда кошумча камсыздоону сунуштоону талап кылуу. 

3.1.4. Күрөө коюучудан, эгерде, күрөө предметтери жоготууга учураса, ушул күрөө предметтери аркылуу камсыз кылынган милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда аткарууну, ошондой эле Тараптар күрөө предметтерин калыбына келтирүү же алмаштыруу жөнүндө макулдашууга келишилбеген шартта кошумча камсыз кылууну талап кылуу. 

3.1.5. Күрөө коюучудан ушул келишимдин 1.1. жана 1.2- пункттарында берилген милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда аткарууну талап кылуу, эгерде анын талабы канааттандырылбаса, күрөө предметтеринен төмөнкү учурларда өндүрүү жүргүзүлөт:  

1) Күрөө коюучу тарабынан Кредиттик келишимдин шарттарын, талаптарын жана жоболорун бузууга жол берилген учурда;  

2) Эгерде, Кредит/Транштын негизги суммасы боюнча карызын жана ага чегерилген пайыздарды, үстөк айыптарды (айыптар жана туумдар) жана башка төлөмдөрдү кошо алганда, Күрөө коюучу Кредиттик келишим боюнча карызды төлөбөгөн же төлөө мөөнөтүн сактабаган учурда;  

3) Күрөө коюучу тарабынан ушул келишимдин талаптарын же жоболорун бузууга жол берилген учурда;  

4) Күрөө коюучу тарабынан Күрөө предметтерин сактоо, алмаштыруу же калыбына келтирүү эрежелери бузулган учурда; 

5) Күрөө коюучу жооп бербеген жагдайлар боюнча Күрөө предметтерин жоготкон, ошондой эле эгерде, Күрөө коюучу күрөө предметтерин алмаштырбаган же калыбына келтирбеген же ушул Келишимге ылайык кошумча камсыздоону сунуштабаган шартта, күрөө предметинин наркы төмөндөгөн учурда; 

6) Күрөө коюучу тарабынан кийинкиде күрөөгө коюу жөнүндө эрежелер, күрөө предметтеринин сакталышы боюнча милдеттер, Күрөө коюучуга күрөө предметине үчүнчү жактардын укуктары жөнүндө эскертүү боюнча милдеттер бузууга жол берилген шартта;  

7) Күрөө коюучу тарабынан "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобонун жана кредиттик аукцион жөнүндөБашкы келишимдин талаптарын бузууга жол берилген шартта;  

8) Ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда;  

3.1.6. Эгерде, күрөө предметин сатып өткөрүүдөн алынган сумма Күрөө кармоочунун талаптарын толук канааттандырууга жетишсиз болсо, жетпеген сумманы Күрөө коюучунун башка мүлкүнөн алууга укуктуу, андан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өндүрүү жүргүзүлүшү мүмкүн.  

3.1.7. Эгерде, Күрөө коюучу же үчүнчү жак Күрөө кармоочуга Күрөө предметин өткөрүп берүүгө тоскоолдук жаратса, Күрөө коюучудан же үчүнчү жактан мүлк алуу үчүн зарыл болгон мыйзам ченемдүү аракеттерди көрүү.  

3.1.8. Ушул Келишим боюнча өз укуктарын үчүнчү жактарга өткөрүп берүү (кайтарымдуу же кайтарымсыз). 

3.1.9. Ушул Келишимде каралган башка укуктарга ээ.  

3.1.10. Күрөө кармоочу ушул келишимдин аткарылышына контролдук жүргүзүүгө жана ага контролдук функцияларды ишке ашырууга зарыл болгон маалыматтарды сурап-билүүгө, Күрөө предметинин болушун жана абалын текшерүүгө укуктуу.  

3.2. Күрөө коюучунун укуктары жана милдеттери: 

3.2.1. Күрөө предметин жоготуу коркунучу келип чыккандыгы жана наркынын төмөндөшү тууралуу Күрөө кармоочуга тез арада билдирүү.  

3.2.2. Күрөө предметтеринин аныктыгы жана мыйзамдуулугу үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди ишке ашыруу. 

3.2.3. Күрөө кармоочунун макулдугусуз, Күрөө предметинин азаюусуна, түрүнүн өзгөрүшүнө, токтотулушуна, жоголушуна алып келген аракеттерди аткарбоо. 

3.2.4. Күрөө коюучуга Күрөө предмети менен болгон өзгөрүүлөр, үчүнчү жактар тарабынан жол берилген бузуулар же алардын бул укуктарга кийлигишүүсү тууралуу маалым болгон учурдан кийинки үч күндүк мөөнөт ичинде Күрөө кармоочуга маалымдоо.  

3.2.5. Күрөө кармоочунун талап кылуусу боюнча, үч күндүк мөөнөттө Күрөө предметине тиешелүү кайсы болбосун документ менен таанышууга ага мүмкүнчүлүк берүү жана Күрөө предмети жөнүндө Күрөө кармоочуга зарыл болгон кайсы болбосун маалыматтарды сунуштоо. 

3.2.6. Күрөө предметин жоготуу же анын наркынын төмөндөшү тобокелдигин алып жүрүү жана Күрөө предмети жоголуп кеткен же анын нарксызданышына, өзгөрүшүнө, жоголушуна алып келген башка жагдайлар орун алган, же болбосо Күрөө предмети ушул Келишим талаптарына ылайык келбеген шартта, Күрөө кармоочунун макулдугу менен анын наркына эквиваленттеги нарктагы башка камсыздоону ушул Келишимдин 4.2-пунктунда каралган мөөнөттөрдө сунуштоого милдеттенет.  

3.2.7. Күрөө кармоочунун өкүлдөрүнө талап кылуу укугу жайгашкан жерге, ошондой эле Кредиттик келишимдердин күрөөлүк камсыздоолорунун жайгашкан жерине кирүү мүмкүнчүлүгүн алардын бар экендигине, абалына жана аларды күтүү шарттарына мониторинг жүргүзүү максатында камсыз кылуу. 

3.2.8. Күрөө кармоочуга өзүнүн жайгашкан ордунун, укуктук статусунун өзгөргөндүгү, Банк акционерлеринин жана жетекчилигинин курамы жөнүндө жана башка өзгөрүүлөр жөнүндө өзгөрүүлөр жүргөн күндөн тартып билдирүү

3.2.9. Күрөө коюучунун Күрөө предметин толугу менен же жарым-жартылай ээликтен ажыратууга, кандайдыр бир милдеттерди жүктөөгө, же болбосо аны башкача негизде пайдаланууга укугу жок. 

3.2.10. Эгерде ушул Келишимдин аракеттенүү мөөнөтү ичинде Күрөө предмети ушул Келишимдин 2.1 жана 2.3-пункттарынын талаптарына, ошондой эле Күрөө кармоочунун башка талаптарына жооп бербей калса, Күрөө коючу ушул келишимдин 3.2.6-пунктчаларында каралган аракеттерди жүзөгө ашырат. 

3.2.11. Күрөө кармоочуга Күрөө коюучунун карызгерлери тарабынан ушул Келишим боюнча Күрөө предмети болуп саналган Кредиттик келишимдердин шарттары аткарылгандыгы тууралуу жана алар боюнча камсыздоонун абалы тууралуу ар бир айдын 5-күнүнө чейин маалымдоо жана ушул Келишимге карата 2-тиркемеде көрсөтүлгөн отчетту сунуштоо. 

3.2.12. Ушул Келишим боюнча Күрөө предмети болуп саналган Кредиттик келишимдерге жана Кредиттик келишимдердин аткарылышын камсыз кылган күрөө келишимдерине Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү уруксатысыз өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбөө.  

3.2.13. Күрөө кармоочунун талап кылуусу боюнча, Күрөө кармоочу ушул талап келип түшкөндөн кийинки 10 жумуш күнү ичинде Күрөө предмети боюнча Кредиттик келишимдердин түп нускаларын жана көрсөтүлгөн Кредиттик келишимдер боюнча күрөө келишимдеринин түп нускаларын аларга кошо тиркелген бардык зарыл документтери менен кошо Күрөө кармоочуга берүүгө милдеттенет.  

3.2.14. Күрөө коюучу Күрөө кармоочу тарабынан күрөөлүк камсыздоо боюнча коюлган талаптарды аткарууга жана алардан четтеген учурда ушул келишимдин 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө кошумча күрөө сунуштоого милдеттүү

3.2.15. Ушул келишимде каралган башка милдеттенмелер жүктөлөт. 

3.2.16. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү ушул Келишимдин шарттарына ылайык соттон тышкаркы тартипте жүргүзүлөт. Күрөө коюучу ушул Келишим жана Кредит берүү жөнүндө макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган же тиешелүү эмес деңгээлде аткарган шартта, Күрөө предметинен соттон тышкаркы тартипте өндүрүүнү жүргүзүүнү жана анын мүнөздөмөсүнөн жана курамынан көз карандысыз соттон тышкаркы тартипте сатып өткөрүүнү гарантиялайт жана ага толук макулдугун берет. 

3.2.17. Күрөө коюучу ушул Келишимге ылайык жүзөгө ашырууга мүмкүн болгон Күрөө предметин сатып өткөрүү мезгилине чейинки кайсы болбосун убакытта ушул күрөө менен камсыздалган милдеттенмелерди аткарууга же анын мөөнөтүндө аткарылбаган башка бөлүгүн актарууга укуктуу. 

 

4. Күрөө предметтерин алмаштыруу тартиби 

4.1. Ушул Келишимдин аракеттенүү мөөнөтү ичинде, Келишимдин 1.3-пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө предметтеринин жалпы наркы төмөнкү учурларда төмөндөтүлүшү мүмкүн: 

- Күрөө коюучунун карызгерлеринин өз милдеттерин аткаруу мөөнөттөрү, ушул Келишим боюнча Күрөө предмети болуп саналган талап кылуу укугу аяктаганда; 

- Кредиттик келишим боюнча карыздардын ордун жабуу графигине ылайык, анын ичинде мөөнөтүнөн мурда төлөө боюнча өз милдеттенмелери Күрөө коюучунун карызгерлери тарабынан аткарылганда; 

- Күрөө предметтери ушул Келишимдин талаптарына ылайык келбесе; 

- ушул Кредиттик келишим боюнча Күрөө предмети болуп саналган Кредиттик келишим боюнча камсыздоо жоготулган учурда жана башка учурларда. 

4.2. Ушул Келишим аракеттенген мөөнөт ичинде Күрөө кармоочу мезгил-мезгили менен Кредиттик келишим боюнча талап кылуу укугунун жалпы наркына (Күрөө кармоочу тарабынан колдонулган тиешелүү күрөөлүк коэффициенттерди эске алуу менен) жана Кредит сунуштоо жөнүндө келишимге кирген Күрөө келишимине ылайык Күрөө предметинен болуп саналган күрөөнүн башка түрлөрүнө (эгерде болгон болсо) кайра баалоону жүргүзөт.  

Эгерде, жүргүзүлгөн кайра баалоонун жыйынтыгы боюнча Күрөө предмети болуп саналган Кредиттик келишим боюнча талап кылуу укугунун жалпы наркы (Күрөө кармоочу тарабынан колдонулган тиешелүү күрөөлүк коэффициенттерди эске алуу менен) Кредит берүү келишимине ылайык алынган кредит боюнча Күрөө коюучунун Күрөө кармоочу алдында карызынын күндөлүк калдык суммасынын 80 (сексен) пайыздан азыраагын түзсө, Күрөө кармоочу Күрөө коюучуга кошумча күрөөлүк камсыздоону сунуштоо зарыл экендиги тууралуу тиешелүү талап кылуу-билдирмесин жөнөтөт.  

Күрөө коюучу ага кошумча күрөөлүк камсыздоону сунуштоо зарыл экендиги тууралуу тиешелүү талап кылуу-билдирмеси келип түшкөндөн кийинки 15 (он беш) жумуш күнү ичинде, Күрөө кармоочуга анын талап кылуу-билдирмесинде көрсөтүлгөн талап кылынган суммадан төмөн болбогон суммага чейин кредиттер боюнча талаптардын укуктары түрүндө кошумча күрөөлүк камсыздоону сунуштоого же болбосо Кредит берүү келишимине ылайык Күрөө коюучу тарабынан Күрөө кармоочудан алынган кредиттин тиешелүү бөлүгүнүн ордун жабууга милдеттенет. 

Эгерде күрөөнүн башка түрү орун алса, Күрөө кармоочу кошумча күрөөлүк камсыздоо катары сунуштоого карата зарыл сумманы күрөөнүн башка түрлөрүнүн жалпы наркын эске алуу менен эсептөөгө укуктуу (тиешелүү күрөөлүк коэффициенттерди колдонуу менен). Күрөө кармоочу ушул пункттун үчүнчү абзацына ылайык, эгерде Кредит берүү келишимине ылайык алынган кредиттик каражаттар боюнча Күрөө коючунун Күрөө кармоочу алдында күрөөнүн башка түрлөрү карыздын күндөлүк калдыгын жапса, кошумча күрөөлүк камсыздоону Күрөө кармоочудан талап кылбоого укуктуу. 

 

5. Тараптардын жоопкерчилиги 

5.1. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же тиешелүү эмес деңгээлде аткарылган учурда Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бири-бирине келтирилген чыгымдардын ордун толтурушат.  

5.2. Күрөө коюучу тарабынан ушул Келишимдин 4.2-пунктунда каралган милдеттенмелер аткарылбаган шартта, ал ушул Келишимдин 1.3-пунктуна ылайык, милдеттенмелер аткарылбаган ар бир күн үчүн Күрөө кармоочуга Күрөө предметинин жалпы наркынын 0,05 өлчөмүндө туум төлөйт.  

5.3.Чыгымдардын ордун толтуруу жана туумдарды төлөө, күнөөлүү тарапты ушул Келишимде жана Кредит берүү тууралуу келишимде каралган милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт. 

 

6. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү тартиби 

6.1. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү зарылчылыгы келип чыккан шартта, ушул Келишимдин жана Кредит берүү тууралуу келишимдин жоболоруна ылайык, Тараптар Күрөө предметинен өндүрүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык соттон тышкаркы тартипте жүзөгө ашырыла тургандыгы жөнүндө макулдашууга жетишишти.  

6.2. Күрөө предметинен өндүрүү жүргүзүлгөн учурда, Тараптар ушул Келишимдин 1.2-пунктунда жана ушул Келишимге карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн Кредиттик келишим боюнча талап кылуу укугун Күрөө коюучу Күрөө кармоочуга өткөрүп берди деген макулдашууга жетишишти.  

6.3. Ушул Келишим шарттарына ылайык, Күрөө предметинен өндүрүү жүргүзүүдө Күрөө кармоочу Күрөө предеметинен өндүрүүнү жүргүзүү укугуна (Күрөө коюучу тарабынан Кредиттик келишим боюнча күрөөгө коюлган талап кылуу укугунан улам келип чыккан, ушул Келишим боюнча Күрөө предмети болуп саналган акчалай талаптарды алууга) ээ болот жана Күрөө предмети болуп саналган күрөөгө коюлган мүлктүк укуктарды сатып өткөрө алат жана алардын эсебинен Кредит берүү тууралуу келишим боюнча өзүнүн акчалай талаптарын толук көлөмдө канааттандыра алат. Мында, Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун ушул Келишимдин 1.2.-пунктунда жана ушул Келишимге карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн Кредиттик келишимдерди камсыз кылуу үчүн түзүлгөн келишимдер боюнча укугун ыйгарып өткөрүп берген катары саналат. 

6.4. Күрөө предмети болуп саналган Кредиттик келишим боюнча талап кылуу укугун, ошондой эле күрөө кармоочунун көрсөтүлгөн кредиттик келишимдер камсыз болгон күрөө келишими боюнча укугун ыйгарып өткөрүп берүү боюнча, ушул Келишим Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 173-статьясына жана 18-главасына ылайык кийинкиге калтыруу шарты менен түзүлгөн. Көрсөтүлгөн Кредиттик келишимдер боюнча талап кылуу укугу. Ошондой эле көрсөтүлгөн Кредиттик келишимдер боюнча күрөө предметин сатып өткөрүү укугу, ушул Келишимдин 1.2-пунктунда жана ушул Келишимге карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү башталгандан кийинки күнү Күрөө кармоочуга өтөт.  

6.5. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 1.2-пунктунда жана ушул Келишимге карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн Кредиттик келишим боюнча өз карызгерлеринин кепилдиги (гаранты) болооруна милдеттенет жана гарантиялайт, ошондой эле Күрөө кармоочу алдында өз карыз алуучулары тарабынан Кредиттик келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелердин толугу менен аткарылышы үчүн өз карызгерлери менен жооп берээрине милдеттенет. Ушул Келишимдин 1.2-пунктунда жана ушул Келишимге карата 1-тиркемде көрсөтүлгөн, Кредиттик келишим боюнча өз карызгерлеринин гаранты болуу менен Күрөө коюучунун карызгерлеринин милдеттенмелерди аткарбагандыгынан же тиешелүү эмес деңгээлде аткаргандыгынан улам келип чыккан пайыздарды төлөөнү, карызды өндүрүү боюнча соттук чыгымдардын жана Күрөө кармоочунун башка чыгымдарынын ордун толтурууну кошо алганда, Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун алдында өз карызгерлери сыяктуу эле жооп берет.  

6.6. Эгерде, Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жана ушул Келишимдин 1.2-пунктунда жана ушул Келишимге карата 1-тиркемеде белгиленген Кредиттик келишим боюнча талап кылуу укугу Күрөө кармоочуга өткөрүлсө, Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун макулдугу менен анын агенти катары иш алып барууга жана бул учурда ушул Келишимдин 1.2-пунктунда жана ушул Келишимге карата 1-тиркемеде белгиленген Кредиттик келишим боюнча төлөөгө каралган акча каражаттарды Күрөө коючунун карызгерлеринен кабыл алууга жана көрсөтүлгөн акча каражаттарды ушул Келишимде белгиленген Күрөө кармоочунун эсебине чегерүү милдеттенет. 

Мында Банк, Күрөө кармоочунун эсебине айдын 15ине чейин кабыл алган акча каражаттарын - айдын 15инен кечиктирбестен чегерүүгө милдеттүү, ал эми 15инен кийин кабыл алган каражаттар - ушул Келишимдин 1.2-пунктунда жана ушул Келишимге карата 1-тиркемеде белгиленген Кредиттик келишим боюнча карызгерлер тарабынан акча каражаттардын орду жабылган айдын 30унан кечиктирилбестен чегерилүүгө тийиш.  

6.6.1. Ушул Келишимдин 1.2-пунктунда жана ушул Келишимге карата 1-тиркемеде белгиленген Кредиттик келишим боюнча акча каражаттар чегерилгенден кийин Күрөө кармоочуга Күрөө коюучунун Кредит берүү келишими боюнча колдо болгон карызы чегерилген акча каражаттар суммасында төлөнгөн катары эсептелинет. Күрөө коюучунун карыз алуучуларында ушул Келишимдин 1.2-пунктунда жана ушул Келишимге карата 1-тиркемеде белгиленген Кредиттик келишим боюнча карыздын ордун жабууга акча каражаттары болбосо, Күрөө кармоочу күрөөнүн тиешелүү шарттарына ылайык өндүрүүнү жүргүзүүгө жана күрөө предметтерин сатууга укуктуу.  

6.6.2. Келишимдин 6.6-пунктуна ылайык, Күрөө кармоочунун агентинин милдеттерин аткаргандыгы үчүн Күрөө коюучуга акы төлөнбөйт.  

 

7. Башка шарттар 

7.1. Эгерде, Кыргыз Республикасынын кайсыл болбосун мамлекеттик/соттук органдары тарабынан Күрөө кармоочунун ээлик кылуу, жана/же Күрөө предметин тескөө жана/же андан пайдалануу боюнча анын укуктарына чек коюу сыяктуу ушул Келишим аркылуу белгиленген катары, же болбосо Күрөө кармоочуга кандайдыр-бир келишим түзүүгө же мындай чектөөлөрдү өзүнө алуу максатында, кандайдыр-бир иш-аракеттерди көрүүгө түрткү берген чектөөлөр боюнча чечимдер же акттар кабыл алынса, Күрөө кармоочу ушул Келишимди бир тараптуу тартипте Күрөө коюучуга кат жүзүндөгү билдирме жөнөтүү аркылуу бузууга укуктуу.  

7.2. Бул Келишим боюнча Күрөө коюучунун укугун ыйгарып өткөрүп берүү Күрөө коюучунун макулдугусуз, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.  

7.3. Күрөө коюучу ушул Келишим боюнча өз укуктарын жана милдеттерин Күрөө кармоочунун макулдугусуз үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө укугу жок.  

7.4. Ушул Келишимге байланыштуу талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чечилүүгө тийиш.  

7.5. Ушул Келишим шарттары Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча гана өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн.  

7.6. Ушул Келишимди тариздөө жана каттоодон өткөрүү боюнча чыгашалар Күрөө кармоочунун эсебинен ишке ашырылат.  

7.7. Тараптар кайра түзүлгөн учурда же жоюлган шартта, тараптардын ушул келишим боюнча бардык укуктары жана милдеттери аларды укугу өткөндөргө өткөрүлүп берилет.  

7.8. Ушул келишим Кыргыз Республикасынын Күрөөлүк каттоо конторасында катталууга тийиш. 

7.9. Ушул Келишим аталган келишимдин 7.8-пунктуна ылайык, тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарда катталган учурдан тартып күчүнө кирет.  

7.10. Келишим Күрөө коюучу тарабынан Кредит берүү келишими боюнча өз милдеттенмелерин толугу менен аткарганга чейин колдонулат.  

7.11. Келишим орус тилинде, бирдей юридикалык күчкө ээ 4 нускада, ар бир Тарап үчүн бирден, ал эми үчүнчү нускасы - каттоо үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органга сунуштоо үчүн түзүлөт. Келишимдин бир нускасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында сакталат.  

 

8. Тараптардын юридикалык даректери, реквизиттери жана кол тамгалары 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

Бишкек ш., Үмөталиев көчөсү, 101. 

 

 

 

 

Кызматы __________________ 

 

(кол тамгасы)______________М.О. 

Банк: 

"Коммерциялык банк" ААКсы/ЖАК 

Бишкек ш., ____________ көчөсү 

Улуттук банктагы коррэсеби №1010126_______  

Улуттук банктын БИК №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

Мамлекеттик салык инспекциясынын коду: _____ 

Кызматы _________________ 

 

(кол тамгасы)__________________М.О.