Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35\16 токтому 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына 

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын таасир этүү чараларын колдонуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин. 

2. Юридика Башкармалыгы

- токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяласын; 

- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.  

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү банкын, “Кредиттик союздардын финансы компаниясы” ААКсын, Микрофинансылык уюмдарды, Кредиттик союздарды тааныштырсын. 

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 25-сентябрындагы 35\16токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу  

 

1. Кыргыз РеспубликасынынУлуттук банк Башкармасы тарабынан 1999-жылдын 15-апрелинде кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 1999-жылдын 23-апрелинде 32 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №31/8 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын органдары тарабынан банктык мыйзамдар чөйрөсүндө административдик укук бузуулары боюнча иштерди кароо жөнүндө» нускоого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин

1) Нускоонун 1.2 -пунктунун а) пунктчасындагы “Тышкы көзөмөл башкармалыгы” деген сөз “Бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган Көзөмөл блогунун түзүмдүк бөлүмдөрү” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

2) Нускоонун: 

1.3 -пункту “Улуттук банктын санкциялары боюнча Комиссияны жетектеген (мындан ары текст боюнча “Укуктуу өкүлү”)” деген сөздөр “Бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдүн ишин түздөн-түз жетектеген (мындан ары тексте “Укуктуу өкүлү”)” деген сөздөр менен толукталсын; 

“Улуттук банктын санкциялары боюнча Комиссияны жетектеген” деген сөздөр алынып салынсын;  

3) 1.5-пунктунун бүтүндөй тексти боюнча “2” деген сан “6” деген санга алмаштырылсын; 

4) 4.3-пунктундагы “Санкциялар боюнча комиссиянын мүчөлөрү жана башкалар” деген сөздөр алынып салынсын; 

5) 7.2-пунктундагы “аныктама” деген сөз “токтом түрүндөгү чечим” деген сөзгө алмаштырылсын; 

6) 7.3-пунктунда: 

биринчи абзацтагы “Токтом чыгарылган күндөн тартып” деген сөздөр “ Токтомдун көчүрмөсүн берген же жаранга административдик төлөм салынгандыгы тууралуу токтом жарыяланган күндөн тартып” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

экинчи абзац “Улуттук банктын” деген сөздөн кийин “ токтом чыгарылган жактын арызы боюнча” деген сөздөр менен толукталсын; 

7) 7.4-пунктундагы “он күндүк” деген сөз “жыйырма күндүк” деген сөзгө алмаштырылсын; 

8) 7.5- пунктунда: 

биринчи абзацтагы “же райондук, шаардык сот” деген сөздөр алынып салынсын; 

төртүнчү абзацтагы “комиссиялар” деген сөздөр алынып салынсын; 

жетинчи абзацтагы “аныктама” деген сөз “токтом” деген сөзгө алмаштырылсын; 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 18-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 29-апрелинен №59-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №5/5 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктардын, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруучу уюмдардын жана алардын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын ортосундагы пикир келишпестиктерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

1) Жобонун 1.1-пункту “чечимге даттануу” деген сөздөн кийин “орун басардын” деген сөз менен толукталсын; 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 28-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 26-июнунда №47-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №22/4 токтому менен бекитилген “Тике банктык көзөмөл жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

1) Жобонун 2.2- пункту төмөнкү мазмунда берилсин: 

«2.2. Көзөмөл боюнча комитет банкка тике банктык көзөмөлдүк милдеттерин аткаруу үчүн Тышкы көзөмөл башкармалыгынан ыйгарым укуктуу кызматкерин/кызматкерлерди жөнөтөт. Эгерде, банкка бир канча ыйгарым укуктуу кызматкерлер ( мындан ары-текшерүүчүлөр тобу) жөнөтүлсө, анда алардын жетекчиси (мындан ары- текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси) дайындалат. Эгерде, банкка бир эле ыйгарым укуктуу кызматкер (мындан ары-текшерүүчү) жөнөтүлсө, анда ал текшерүүчүлөр тобунун жетекчисинин иш-милдетин аткарат (эгерде колдонулса)”.  

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 24-июнунда №78-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №16/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндөжобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1) Жобонун 1.4-пунктундагы “Инспектирлөө башкармалыгы/Тышкы көзөмөл башкармалыгы/Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы деген сөздөр “Улуттук банктын көзөмөл блогунун бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрү” деген сөздөргө алмаштырылсын,”; 

2) Жобонун 5.1.2 жана 5.1.4- пунктарындагы “Тышкы көзөмөл башкармалыгы” деген сөз “Улуттук банктын көзөмөл блогунун бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрү” деген сөздөргө алмаштырылсын,”; 

3) 6.7.1- пунктундагы “Тышкы көзөмөл башкармалыгы жана/же Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы” деген сөздөр “Улуттук банктын көзөмөл блогунун бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрү” деген сөздөргө алмаштырылсын,”; 

4) Жобонун 6.8.5-пункту төмөнкү мазмунда берилсин: 

«6.8.5. Көзөмөл боюнча комитет тике банктык көзөмөл жүргүзүү максатында Тышкы көзөмөл башкармалыгынан ыйгарым укуктуу кызматкерин/кызматкерлерин дайындай алат (мындан ары-текшерүүчүнү/текшерүүчүлөр тобун). Эгерде банкка текшерүүчүлөр тобу жөнөтүлсө, анда алардын жетекчиси дайындалат (мындан ары- текшерүүчүлөр тобунун жетекчиси).; 

5) Жобонун 6.8.6-пунктундагы “Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерин” деген сөздөр “Текшерүүчү/текшерүүчүлөр тобунун жетекчисин” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

6) Жобонун 6.8.7- пунктундагы “Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерине” деген сөздөр “Текшерүүчү/текшерүүчүлөр тобунун жетекчисине” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

7) Жобонун 6.9.2-пунктундагы “Инспектирлөө башкармалыгы жана/же Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы жана/же Тышкы көзөмөл башкармалыгы” деген сөздөр “Улуттук банктын көзөмөл блогунун бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрү” деген сөздөргө алмаштырылсын,”; 

8) Жобонун 6.8.7-пунктундагы “Инспектирлөө башкармалыгы жана/же Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы жана/же Тышкы көзөмөл башкармалыгы” деген сөздөр “Улуттук банктын көзөмөл блогунун бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрү” деген сөздөргө алмаштырылсын,”; 

9) Жобонун 7.4-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын; 

«7.4.Айып, банк тарабынан, ага айып салынгандыгы тууралуу токтом берилген күндөн кийинки бир айдан кечиктирилбестен, ал эми токтомго даттануу учурунда, даттануу калтырылгандыгы же канааттандырылбагандыгы тууралуу билдирилген күндөн кийинки он беш күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш. 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 27-июнунда №90-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №16/3 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

1) Жобонун 31- пункту төмөнкү мазмунда берилсин: 

«3.1. МКА жана МККга карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар Көзөмөл блогунун мыйзам бузууларга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмүнүн башчысынын, Улуттук банктын областык башкармалыгынын начальнигинин, Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун (мындан ары- ыйгарым укуктуу жак) колу коюлган эскертүү жана/же буйруу жана Көзөмөл боюнча комитеттин чечими менен таризделет.»; 

2) Жобонун 3.2-пункту төмөнкү мазмунда берилсин: 

«3.2. Төмөнкүдөй эскертүү чараларын жана санкцияларын колдонуу боюнча чечимдерди кабыл алуу, Көзөмөл боюнча комитеттин компетенциясына кирет: 

- айрым операцияларды токтотуу же чектөө

- МКК/МКАлардын бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштыруу тууралуу талап кылуу; 

- лицензиянын же күбөлүктүн аркетин убактылуу токтотуу; 

- айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны кайтарып алуу; 

- эсептик каттоо күбөлүгүн кайтарып алуу.»; 

3) Жобонун 3.3-пункту төмөнкү мазмунда берилсин: 

«3.3. Төмөнкүдөй эскертүү чараларын жана санкцияларын колдонуу боюнча чечимдерди кабыл алуу, ыйгарым укуктуу ажктын компетенциясына кирет:  

- эскертүү

- буйруу.»; 

4) Жобонун 3-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 3.3-1. пункт менен толукталсын: 

«3.3-1. Улуттук банк төмөнкү учурларда МКК/МКАлардын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын токтотууну талап кылууга укуктуу: 

- бузууга жол берген же алгылыксыз банктык тажрыйба катары мүнөздөлгөн ишке тартылышында (1-тиркеме); 

- Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келбесе; 

- маалымат берип турбаса же так эмес жана толук эмес маалымат берген болсо; 

-МКК/МКАлардын финансылык туруктуулугуна коркунуч келтирген аракеттерди демилгелөөдө

-Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда; 

Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети жазма буйрук чыгарат, анда МКК/МКАнын кызмат адамдарын ээлеген кызматынан бошотуу же убактылуу четтетүү тууралуу талапты жана/же ал жактын мындан ары МКК/МКАнын кандайдыр-бир ишине катышууга тыюу салуу камтылат.»; 

5) Жобонун 3.8-пункту төмөнкү мазмунда берилсин: 

«3.8. МКА жана МККлардын эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктөрү төмөнкү учурларда кайтарылып алынат: 

-Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалуу түрдө (эки же андан коп жолу) бузууга жол берүүлөр аныкталса; 

- МКА/МККлар тарабынан Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрү, эскертүүлөрү, нускоолору же башка талаптары системалуу түрдө (эки же андан көп жолу) сакталбаса; 

- системалу түрдө (эки же андан көп жолу) маалымат берилбей же толук эмес маалымат берилген учурда; 

- микрокредиттерди берүү жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операциялар жүзөгө ашырылбаса

- микрофинансылык уюмдардын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2Микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамында аныкталган иш максаттарын бузууга жол берилсе; 

-монополияга каршы мыйзам талаптарын бузууга жол берилсе

- керектөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамында белгиленген укуктары бузулса; 

- алгылыксыз банктык тажрыйба катары мүнөздөлгөн, ишке тартылган учурда (1-тиркеме); 

- Кыргыгыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген, башка учурларда; 

Күбөлүктү кайтарып алуу жөнүндө чечим башка эскертүү чараларысыз жана санкцияларсыз кабыл алынышы мүмкүн

МКА жана МККлардын эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүн кайтарып алуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык алардын жоюлушуна алып келет.»; 

 

6) жобонун 4.1-пунктундагы «көзөмөл органынын начальнигинин» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу өкүлүнүн» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 

7) жобонун 4.5-пунктундагы «көзөмөл органынын начальниги» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу өкүл» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 

8) жобонун 4.7-пунктундагы «көзөмөл органынын” деген сөздөр “Улуттук банктын көзөмөл блогунун” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

9) жобонун 4.9 жана 4.12-пунктарындагы «көзөмөл органы» деген сөздөр “Улуттук банктын көзөмөл блогунун түзүмдүк бөлүмдөрү” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 

10) 4.15-пунктундагы «эгерде, көзөмөл органы тарабынан сунушталган маалымат, Комитетти бузууга жол берүүлөр бар экендигине ишендире алса” деген сөздөр алынып салынсын; 

 

11) жобонун 5.1-пунктундагы «көзөмөл органынын начальниги» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу өкүл» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 

12) жобонун 5.2-пунктундагы сан жана “15 жумуш күнү” деген сөздөр “10 күн” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

13) жобонун 5.2- пунктундагы: 

- сан жана “15 жумуш күнү” деген сөздөр “10 күн” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- «көзөмөл органы» деген сөздөр «Улуттук банктын көзөмөл блоугуг ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

14) жобонун 5.5-пунктундагы «көзөмөл органы» деген сөздөр «Улуттук банктын көзөмөл блоугуг ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармаcы тарабынан 2006-жылдын 23-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 21-апрелинде 45-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 7/5 токтому менен бекитилген “Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” жобого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) жобнун 2.5- пункту төмөнкү мазмунда берилсин: 

«2.5. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин компетенциясына кредиттик союзга карата төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдонуу боюнча чечимдерди кабыл алуу кирет: 

- кыйла олуттуу экономикалык ченемдерди киргизүү

- Улуттук банк тарабынан тике көзөмөлдүктү киргизүү

- кредиттик союздардын ишин башкаруу боюнча убактылуу жетекчиликти киргизүү

- айрым операцияларды жүргүзүүнү убактылуу токтотуу же чектөөлөрдү киргизүү

- кызмат адамдардын баарын же айрымдарын алмаштыруу жөнүндө талап коюу; 

- лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу; 

- лицензияны кайтарып алуу»; 

2) жобонун 2.6- пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«2.6. Көзөмөл болугунун бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдүн начальниги, кредиттик союзга карата төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдоно алат

- жазма буйрук жөнөтүү

 

3) жобонун 2.7-пунктунун үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготкон катары таанылсын

 

4) жобонун 2.8-пунктундагы «Тышкы көзөмөл башкармалыгынын /Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги» деген сөздөр “Улуттук банктын көзөмөл бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдүн начальниги/Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги/Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

5) жобонун 3.1-пунктундагы пунктунун «Тышкы көзөмөл башкармалыгынын /Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору” деген сөздөр “ыйгарым укуктуу жак” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 

6) жобонун 3.4- пунктундагы «Тышкы көзөмөл башкармалыгынын /Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги” деген сөздөр “ыйгарым укуктуу жак” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 

7) жобонун 3.5-пунктундагы «Тышкы көзөмөл башкармалыгынын /Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору” деген сөздөр “Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 

8) жобонун 3.7-пунктундагы «Тышкы көзөмөл башкармалыгынын /Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директору” деген сөздөр “Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 

9) жобонун 3.8-пунктунун 9-абзацындагы “лицензия алгандан кийинки” 1 жылдан ашык” деген сөздөр “жана/же иштөө мезгили ичинде” сөздөргө алмаштырылсын; 

 

10) жобонун 4.2-пунктундагы: 

- «Тышкы көзөмөл башкармалыгынын /Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальнигинин жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн директорунун” деген сөздөр “ыйгарым укуктуу жактын” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- «иш» деген сөз алынып салынсын; 

- бүтүндөй текст боюнча «Тышкы көзөмөл башкармалыгынын ишин тескөөгө алган» деген сөздөр «көзөмөл блогунун ишин тескөөгө алган» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

7. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 21-апрелинде № 55-05-номеринде каттоодон өткөртүлгөн № 6/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети тууралуу жобого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин: 

1) жобонун 1.1-пункту: 

- «лицензияланган» деген сөздөн кийин «жана тескөөгө алынган» деген сөздөр менен толукталсын; 

- «( мындан ары банктар жана ФКМ)» деген сөздөр «(мындан ары- банктар жана башка ФКМдер)» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 

2) Жобонун бүтүндөй текстинде «банктар жана ФКМдер» деген сөздөр «Банктар жана башка ФКМдер» деген сөздөргө, тиешелүү жөндөмө мүчөлөрүндө алмаштырылсын; 

 

3) жобонун 2.1-пунктунун: 

- м) пунктучасы «банктык» деген сөздөн кийин «жана монополияга каршы» деген сөздөр менен толукталсын; 

- төмөнкүдөй мазмундагы у), ф) жана х) абзацтары менен толукталсын; 

«у) МФУнун айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясын кайтарып алуу

ф) кредиттик союздун/МФКнын лицензиясынын же МКК/МКАлардын эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу көбөлүгүнүн аракетин убактылуу токтотуу/чектүү

х) МКК/МКАлардын эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу көбөлүгүн кайтарып алуу»; 

4) жобонун 2.2- пунктунун: 

- н) пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин

« н) консерватор тарабынан консервация режиминде турган банктын алдыдагы алты айга карата иш планын кароо»; 

- пункт төмөнкүдөй мазмундагы о) жана п) пунктчалары менен толукталсын: 

«о) монополияга каршы ишин жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана банктык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоо (баа түзүү тартибинин бузулушу, анын ичинде, монополиялык жогорку (төмөн) баалардын белгилениши, колдоого алынышы; банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда үстөмдүк кылуучу абалдан кыянаттык менен пайдалануу маселелерин кошо алганда) боюнча маселелерди кароо»

п) Улуттук Банк Башкармасы тарабынан Комитетке өткөрүлүп берилген башка маселелер.”.