Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 25-сентябрындагы №35\17 токтому 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салган айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына сунушталган толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин

2. Юридика башкармалыгы

- токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяласын; 

- токтом расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.  

- Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

3. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен микрофинансылык уюмдарды тааныштырсын. 

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн

 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

2013-жылдын 25-сентябрындагы №35\17 

токтомуна карата 1-тиркеме 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2002-жылдын 11-сентябрында кабыл алынган №37/2 токтому менен бекитилген «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жөнүндө» жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:  

 

1) Жобонун аталышы "түзүү" деген сөздөн кийин "жана иши" деген сөздөр менен толукталсын

 

2) Жобонун 2.7- пунктунда: 

 

- “Улуттук банк тарабынан жаңыдан түзүлүп жаткан микрокредиттик компаниялар үчүн белгиленген” деген сөздөрдөн кийин “ушул жобонун 2.7-1 пунктунда каралган учурларды эске албаганда деген сөздөр менен толукталсын; 

- Өздүк капиталдын өлчөмүнүн он пайызынан ашпаган” деген сөздөрдөн кийин ушул жобонун 2.7-1 пунктунда каралган учурларды эске албаганда деген сөздөр менен толукталсын

 

3) 2-бөлүк төмөнкү мазмундагы 2.7.-1- пункт менен толукталсын: 

 

2.7.-1. Дүңүнөн кредит берүү менен иш алып барган микрофинансылык уюмдарды эске албаганда, микрокредиттик компания тарабынан бир эле карыз алуучуга ушул Жобонун 2.7-пунктунда аныкталган максималдуу өлчөмүнөн ашыгыраак микрокредитти иштеп жаткан бизнести кеңейтүү/өнүктүрүү максатында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесине ылайык, кредиттөөнүн төмөнкү багыттары боюнча кошумча жумуш орундарын жаратууга берилишине уруксат берилет

- соода; 

- айыл-чарба (анын ичинде, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылык, айыл чарба продукциясын даярдоо жана кайра иштетүү); 

- тейлөө

- транспорт; 

- курулуш; 

- жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзам талаптарына ылайык, микрокаржылооунун максаттарына жана милдеттерине каршы келбеген башка багыттар. 

 

Микрокредиттик компаниялар тарабынан ушул пунктун биринчи абзацында көрсөтүлгөн микрокредиттердин берилишинде төмөнкү шарттар аткарылууга тийиш

1) микрокредиттик компаниянын конкреттүү кредиттик продукттарды аныктоо менен микрокаржылоонун максаттарына жана милдеттерине ылайык иштелип чыккан саясатынын болуусу; 

2) белгиленген шарттар сакталган учурда (уставдык капиталдын 10 пайызынан ашпаган), мындай микрокредиттин суммасы 1 000 000 сомдон (бир миллион) ашпоого тийиш

3) Кредиттик маалымат бюросунан (КИБ) арыз ээсинин кредиттик маалыматынын, анын ичинде буга чейин алынган, мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер боюнча, ошондой эле арыз ээси башка кредиттер боюнча кепил болгондугу тууралуу маалыматардын болушу;  

4) арыз ээсинин төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган зарыл документтердин (арыз ээсинин кирешесин генерирлеген активдерге ээлик кылуу укугу, иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу маалымкат, патент, күбөлүк ж.б.) болушу, ошондой эле арыз ээсинин төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү жүргүзүлүп, ал кредиттик саясатка жана/же микрокредиттик компаниянын башка ички документтерине ылайык жоопкерчиликтүү кредиттик адистин же кызматкердин корутундусу менен тастыкталууга тийиш

5) арыз ээсинин Бизнес-планы тапшырылып, анда тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолору менен микрокредитти пайдалануу максаттары көрсөтүлүүгө тийиш;

6) микрокредиттик компаниянын берилген микрокредиттин максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү тартибин караган ички ченемдик документтеринин болушу; 

7) карыз алуучунун карызын жабуучу коэффициенти анын чогуу алгандагы кирешесинин кредит боюнча бир айлык төлөмгө болгон катышына барабар (негизги сумма жана пайыздар боюнча) 130 % кем болбоого тийиш.”. 

 

 

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган №4/2 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине» төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:  

 

 

1) Эрежелердин 2.1-пункту жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартпагандеген сөздөрдөн кийинушул Убактылуу эрежелердин 2.1.-1 пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары" деген сөздөр менен толукталсын

 

 

2) 2-бөлүк төмөнкү мазмундагы 2.1.-1- пункт менен толукталсын:  

 

“2.1.-1. Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырышкан, дүңүнөн кредит берүү менен иш алып барган микрофинансылык уюмдарды эске албаганда, микрофинансылык компания тарабынан бир эле карыз алуучуга ушул Жобонун 2.7-пунктунда аныкталган максималдуу өлчөмүнөн ашыгыраак микрокредиттин, иштеп жаткан бизнести кеңейтүү/өнүктүрүү максатында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесине ылайык, кредиттөөнүн төмөнкү багыттары боюнча кошумча жумуш орундарын жаратууга берилишине уруксат берилет

 

- соода; 

- айыл-чарба (анын ичинде, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылык, айыл чарба продукциясын даярдоо жана кайра иштетүү); 

- тейлөө

- транспорт; 

- курулуш; 

- жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзам талаптарына ылайык, микрокаржылооунун максаттарына жана милдеттерине каршы келбеген башка багыттар

Микрофинансылык компаниялар тарабынан ушул пунктун биринчи абзацында көрсөтүлгөн микрокредиттердин берилишинде төмөнкү шарттар аткарылууга тийиш

1) микрокредиттик компаниянын конкреттүү кредиттик продукттарды аныктоо менен микрокаржылоонун максаттарына жана милдеттерине ылайык иштелип чыккан саясатынын болуусу; 

2) белгиленген шарттар сакталган учурда (уставдык капиталдын 10 пайызынан ашпаган), мындай микрокредиттин суммасы 3 000 000 (үч миллион) сомдон ашпоого (же чет өлкө валютасына эквиваленттүү болууга) тийиш

3) Кредиттик маалымат бюросунан (КИБ) арыз ээсинин кредиттик маалыматынын, анын ичинде буга чейин алынган, мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер боюнча, ошондой эле арыз ээси башка кредиттер боюнча кепил болгондугу тууралуу маалыматардын болушу;  

4) арыз ээсинин төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган зарыл документтердин (арыз ээсинин кирешесин генерирлеген активдерге ээлик кылуу укугу, иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу маалымкат, патент, күбөлүк ж.б.) болушу, ошондой эле арыз ээсинин төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү жүргүзүлүп, ал кредиттик саясатка жана/же микрокрофинансылык компаниянын башка ички документтерине ылайык жоопкерчиликтүү кредиттик адистин же кызматкердин корутундусу менен тастыкталууга тийиш

5) арыз ээсинин Бизнес-планы тапшырылып, анда тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолору менен микрокредитти пайдалануу максаттары көрсөтүлүүгө тийиш;

6) микрокрофинансылык компаниянын берилген микрокредиттин максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү тартибин караган ички ченемдик документтеринин болушу; 

7) карыз алуучунун карызын жабуучу коэффициенти анын чогуу алгандагы кирешесинин кредит боюнча бир айлык төлөмгө болгон катышына барабар (негизги сумма жана пайыздар боюнча) 130 % кем болбоого тийиш.”.