Кайта келүү

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 23-октябрындагы № 39\4 токтому 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук  

актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө  

 

 

 

Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 26-апрелинде кабыл алынган №60 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзамынын 1, 2 жана 3-беренелерине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банктын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилсин:  

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №4/2 токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежесине; 

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 27-июнунда 90-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №16/3 токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндө" жобого; 

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 6-июнунда 73-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №14/2 токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежесине; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/7 токтому менен бекитилген "Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясын, микрофинансылык уюмдарды, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсын, Кыргызстандын кредиттик союздар жана кооперативдер ассоциациясын, Кыргызстандын кредиттик союздар жана кооперативдер улуттук союзун жана кредиттик союздарды тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

«23»-октябрындагы № 39\4 токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

1. Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 19-февралында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2003-жылдын 25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №4/2 токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуунун убактылуу эрежелерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

1) Убактылуу эреженин 1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1.2. Жакырчылыкты жоюуга, иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү, ишкердикти өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын калкын социалдык мобилизациялоого өбөлгө түзүү үчүн калктын микрокаржылоодон пайдалануусуна мүмкүнчүлүк түзүү микрофинансылык компаниялардын иш максаты.  

Мында, микрофинансылык компания уюштуруу документтеринде аныкталган жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбеген башка максаттарда да иш алып барууга укуктуу.»; 

 

2) Убактылуу эреженин 1.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.6. Микрофинансылык компаниялар микрокредиттөө жана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында аманаттарды тартуу боюнча операцияларды, ошондой эле Улуттук банктан кошумча лицензия алган шартта (лицензияда көрсөтүү зарыл) чет өлкө валютасында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка операцияларды жүзөгө ашырат.»; 

 

3) Убактылуу эреженин 1.7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.7. Микрофинансылык компаниялар карыз алуучуларга микрокредиттерди берүүнү мыйзам талаптарына ылайык, анын ичинде адамдар тобунун субсидиардык же чогуу жоопкерчилиги алдында, кредиттик келишимдерди тариздетүү аркылуу берет.»; 

 

4) Убактылуу эреженин 1.9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.9. Микрофинансылык компания Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык эсептеринин тактыгын текшерүү, ички контролдук системасынын шайкештигине жана натыйжалуулугуна баа берүү, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралбаган, микрофинансылык компанияларга гана мүнөздүү болгон айрым тобокелдиктерге алардын дуушарлануусуна баа берүү үчүн ички аудитти жүзөгө ашырат. Микрофинансылык компания бул максатта ички аудит кызматын түзүүгө милдеттүү.»; 

 

5) Убактылуу эреженин 2.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.1. Микрофинансылык компаниялардын төмөнкүлөргө укугу жок: 

1) МФКнын өзү чыгарган баалуу кагаздарды сатып алууга кредиттерди берүүгө, ошондой эле аларды күрөө катары кабыл алууга; 

2) кепилдикти берүүгө

3) микрокредит (лизинг) менен чогуу алганда бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмү ченеминен арткан өлчөмдө гарантияларды берүүгө

4) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамында каралган операциялардан жана бүтүмдөрдөн тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга; 

5) баалуу кагаздар рыногунда кесипкөйлүк ишти жүзөгө ашырууга; 

6) аккредитивдерди берүүгө, баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө жана мүлктү ишеним боюнча тескөөгө алууга.»; 

 

6) Убактылуу эреженин 4.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4.1. Микрофинансылык компаниялардын төмөнкүлөргө укугу жок: 

1) МФКнын өзү чыгарган баалуу кагаздарды сатып алууга кредиттерди берүүгө, ошондой эле аларды күрөө катары кабыл алууга; 

2) кепилдикти берүүгө

3) микрокредит (лизинг) менен чогуу алганда бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмү ченеминен арткан өлчөмдө гарантияларды берүүгө

4) аталган мыйзамда каралган операциялардан жана бүтүмдөрдөн тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга; 

5) баалуу кагаздар рыногунда кесипкөйлүк ишти жүзөгө ашырууга; 

6) аккредитивдерди берүүгө, баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө жана мүлктү ишеним боюнча тескөөгө алууга.»; 

 

7) Убактылуу эреже төмөнкү мазмундагы 4.2.-2.-пункт менен толукталсын: 

«4.2.-2. Микрофинансылык компаниялар жеке адамдардан жана юридикалык жактардан кеминде 30 күндүк мөөнөткө мөөнөттүү аманаттарды гана тартууга укуктуу.»; 

 

8) Убактылуу эреженин 5.9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.9. Мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын өлчөмү

МФКлардын мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестицияларынын жалпы өлчөмү анын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш.»; 

 

9) Тиркемедеги «Улуттук банктан лицензия алышкан МФК үчүн экономикалык ченемдерди аткаруу боюнча форма» таблицасындагы «Башка мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн жана Борбордук банктарынын баалуу кагаздарына инвестициялардын өлчөмү» сабы алынып салынсын. 

 

2. Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 27-июнунда 90-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №16/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан микрофинансылык уюмдарга карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар жөнүндө» жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

 

1) Жобонун 1.2.-пунктундагы «(мындан ары текст боюнча «лицензия»)» деген сөздөр «жана МФУнун кызмат адамдарына карата» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

2) Жобонун 1.4.-пунктундагы «МФУ» деген сөздөр «жана алардын кызмат адамдарына карата» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

3) Жобонун 2.1.-пунктунун биринчи абзацындагы «МКА жана МККларга» деген сөздөр «жана алардын кызмат адамдарына карата» деген сөздөр менен толукталсын; 

 

4) Жобонун 2.4-пунктундагы «МФУлардын ишине» деген сөздөр «МФУлардын Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында каралган керектөөчүлөрдүн укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузууга жол бериши» деген сөздөр менен толукталсын»; 

 

5) Жобонун 3.7.-пунктунун экинчи абзацындагы «жана/же финансылык лизинг» деген сөздөр алынып салынсын;  

 

6) Жобонун 4.16-пунктунун акыркы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын банкроттук, анын ичинде банктарды банкроттукка чыгаруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык, банкроттук жол-жобосун колдонуу.»; 

 

7) Жобонун 4.18-пунктунун:  

акыркы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«МФКнын лицензиясынын кайтарылып алынышы анын жоюлушуна алып келет, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.»; 

акырында төмөнкү мазмундагы абзац кошулсун: 

«Мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугуна ээ МФКларды жоюу Кыргыз Республикасынын Банктарды жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.». 

 

3. Улуттук Банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 4-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 6-июнунда 73-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №14/2 токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы кредиттик союздардын ишин жөнгө салуу эрежесине төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

Эреже төмөнкү мазмундагы 1.3.-1.-1.3.-2-пункттар менен толукталсын: 

«1.3.-1. Улуттук банктан кредиттик союздардын катышуучулары менен чет өлкө валютасында операцияларды жүзөгө ашырууга лицензия алган шартта, депозиттерди тартууга лицензиясы бар кредиттик союздар үчүн лимиттер белгиленет: 

- ар бир чет өлкө валютасы боюнча таза валюта позициясына; 

- суммардык валюта позицияга. 

Валюта позициясынын лимиттерин эсептөө тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

1.3.-2. Кредиттик союздар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы болгон шартта жеке адамдар жана юридикалык жактар менен чет өлкө валютасын алмаштырып берүү боюнча операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыра алат. Мында, чет өлкө валютасын алмаштырып берүү операциялары (бүтүмдөрү) терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык ишке ашырылууга тийиш.». 

 

4. Улуттук Банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/7  токтому менен бекитилген «Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 

Жобонун 3.2-пунктунун 3.2.1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«- кредиттин валютасы;».