Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/8 токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы 

N 51/6 " Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы N51/6 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин

2. Улуттук Банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы N51/6 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун таасири алгачкы долбоордун алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруусу учурунда «ЭкоИсламикБанк» ЖАКка да таркатылаары белгиленсин.  

3. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындага N51/6 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомунун 2-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын. 

4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Юридика башкармалыгы

- бул токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.  

6. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2013- жылдын “ 23 ” октябрындагы  

39\8 токтому менен бекитилген 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы 

N 51/6 " Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө" токтомуна 

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү 

жөнүндө 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы N51/6 токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө” жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин 

 

1. Жобонун 1-пунктундагы “ислам банктары жана “ислам терезесине” ээ банктарга” деген сөздөр ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш жүргүзгөн банктар, депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компаниялар” дегенге алмаштырылсын. 

2. Жобонун 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“2. Жөнгө салуу жана көзөмөлдүккө алуу максатында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган/кабыл алынган активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди (мындан ары активдерди) классификациялоо, ошондой эле потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга тиешелүү камдарды түзүү (мындан ары текст боюнча РППУ) боюнча минималдуу талаптарды белгилөө - ушул Жобонун максаты болуп саналат.  

3. Жобонун 5-пунктундагы “кардары” деген сөз өнөктөшү/берүүчү (мындан ары кардар) деген сөздөр менен толукталсын. 

4. Жобонун 16-пунктундагы Бир же чогуу алгандагы деген сөздөр “Чогуу алгандагы” дегенге алмаштырылсын. 

5. Жобонун 3-главасы төмөнкү мазмундагы 171 жана 172пункттар менен толукталсын: 

«171. Банктык топтун бир эле кардарга же байланыштуу кардарлар тобуна сунушталган активдерин классификациялоодо, ошол активдерге банктык топтун ар бир катышуучусу жүргүзгөн классификацияны эске алуу менен банктык топтун ар бир катышуучусу ошол активдер боюнча жүргүзгөн классификациялоо категорияларынын эң алгылыксызы боюнча ал активдерди классификациялоо зарыл.  

172. Эгерде кардардын башка финансы-кредит мекемеси алдында орду жабылбаган карызы болсо, анда банк активдерди классификациялоо учурунда өзүндө кредиттик тобокелдикти/кредитти камтыган кайсы болбосун башка актив боюнча келишим шарттарынын кардар тарабынан сакталышын эске алууга тийиш. Ушуга байланыштуу, келип түшкөн билдирмени кароодо кредиттик-маалыматтык бюро же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде башка ыкмалар аркылуу алынган маалыматтарды пайдалануу менен кардардын башка финансы-кредит мекемелеринен алынган, өзүндө кредиттик тобокелдикти/кредитти камтыган активдеринин бардыгына көз салып туруу зарыл. Андан ары, активге мониторинг жүргүзүү процессинде башка финансы-кредит мекемелеринен алынган, өзүндө кредиттик тобокелдикти/кредитти камтыган активдер тууралуу кардардан алынган маалыматтарды, ошондой эле ошол активдер боюнча келишим шарттарынын ал тарабынан сакталышына тиешелүү маалыматтарды эске алуу зарыл. Каржылоо келишиминде/кредиттик келишимде келишим колдонулган мезгил ичинде тиешелүү маалыматтарды жарым жылда кеминде бир жолу кардардын берип турууга милдеттүү экендиги да каралууга тийиш. Мында бардык финансы-кредит мекемелери кардар кредиттик тобокелдикти/кредитти камтыган активдерди алгандыгы жана келишим шарттарын так сактап жаткандыгы тууралуу маалыматты башка финансы-кредит мекемесине берүүсү үчүн кардардын талабы боюнча 3 (үч) жумуш күнү ичинде ага берүүгө милдеттүү.”. 

6. Жобонун 23-пункту төмөнкү мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:  

«- актив биринчи жолу реструктуризацияланган болсо». 

7. Жобонун 24-пункту төмөнкү мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар менен толукталсын

«-кардар-жеке адам, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик максаттуу программалары боюнча каржылоого алынган активдерди эске албаганда, ошол банктан жана/же башка финансы-кредит мекемесинен алган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган кайсы болбосун башка актив боюнча келишим шарттарын 30 күндөн ашуун убакыт аткарбай койсо; 

-кардар-жеке адамдын, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкердин өмүрлүк жары, ата-энеси жана балдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик максаттуу программалары боюнча каржыланган активдерди эске албаганда, ошол банктан жана/же башка финансы-кредит мекемесинен алган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган жана бир гана төлөө булагына ээ болгон активдер боюнча келишим шарттарын 30 күндөн ашуун убакыт аткарбай койсо. Бул жерде кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин бир эле төлөө булагы дегенден улам, финансы-кредит мекемеси активдерди берүү чечимин кабыл алууда эске алган, ишкердиктен түшкөн кирешени кошо алганда, жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын чогуу алгандагы кирешесин түшүнүү зарыл. 

Эскертүү: Ушул пункттун онунчу жана он биринчи абзацтарында көрсөтүлгөн белгилер, эмгек акы долбоорунун алкагында берилген овердрафтка таркатылбайт.”. 

8. Жобонун 5-главасынын аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«5. Классификациялоонун айрым учурлары». 

9. Жобонун 5-главасы төмөнкү мазмундагы 271пункт менен толукталсын:  

«271. Кардар-жеке адам, анын ичинде юридикалык жакты түзүүсүз иш алып барган жеке ишкерден болгондор банкта кредиттик тобокелдикти камтыган бир нече активдерге ээ болсо, анда анын бардык активдерине карата эң эл алгылыксыз болуп саналган, анын эң чоң карыздуу активи боюнча ыйгарылган классификация колдонулат”. 

10. Жобонун 33-пунктундагы «Реструктуризацияланган» деген сөз «Кайталап реструктуризацияланган» дегенге алмаштырылсын

11. Жобонун 33-пунктундагы «карыз алуучунун» деген сөз «кардардын» деген сөзгө алмаштырылсын

12. Жобо төмөнкү мазмундагы 101 глава менен толукталсын

«101. Чегара аркылуу өтүүчү активдерди жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан күрөө менен камсыздалган активдерди классификациялоо 

«431. Чегара аркылуу өтүүчү активдер жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган күрөө менен камсыздалган активдер, аларды берүү учурунда байкоого алынган активдер катары классификацияланат.  

432. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан күрөө алар боюнча бирден бир камсыздоодон болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин өлчөмүнө карата анын катышын кошо алганда, күрөөсүнүн сапаты жана наркы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү талаптарын жана банктардын ички саясаттарын канааттандырбаган активдер да байкоого алынган активдер катары классификацияланат.”. 

13. Жобонун 50-пунктунун төртүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Текшерүүлөр банктын ички ресурсунун эсебинен сыяктуу эле, сырттан тартылган эксперттердин жардамы менен ишке ашырылышы мүмкүн.”.