Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 27-ноябрындагы  № 45\13 токтому 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө” жобону  

бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө” жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы №20/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготкон катары эсептелинсин. 

3. Юридика башкармалыгы бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын. 

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Юридикалык башкармалыгы бул токтомду расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрилигине жөнөтсүн. 

6. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

27-ноябрындагы № 45\13 токтому менен бекитилген 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобо 

 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул жободо, өз ишин Улуттук банктын лицензиясынын негизинде жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга (мындан ары - Банк/Банктар) кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максаттарына Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан (мындан ары - Улуттук банк) аукциондордун негизинде кредиттик каражаттарды берүү тартиби аныкталат. 

2. Кредиттик аукциондорду Улуттук банк акча-кредит саясатын жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 5, 20 жана 28-беренелерине ылайык өткөрөт. 

3. Кайра каржылоо жана банктын кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүгүн колдоого алуу үчүн Банктарга белгилүү бир мөөнөткө кредиттик ресурстарды сунуштоо, кредиттик аукциондорду өткөрүү максатынан болуп саналат.  

4. Кредиттик ресурстар 1 айдан 6 айга чейинки мөөнөткө берилет. Кредиттик каражаттарды сунуштоо шарттары жана алардын көлөмү Улуттук банктын Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими менен аныкталат.  

5. Улуттук банк бир тараптан жана ушул Жободо жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга жооп берген Банктар экинчи тараптан, кредиттик аукциондордун катышуучуларынан болуп саналышат.  

 

2. Колдонулган атоолор жана түшүнүктөр 

6. Кредиттик аукцион жөнүндө Башкы келишим (мындан ары - Башкы келишим) - бул, Улуттук банк менен Банк ортосунда түзүлгөн келишим. Келишимде кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча кайра каржылоого жана ликвиддүүлүктү колдоого Улуттук банк тарабынан кредиттик ресурстардын Банкка берилиши шарттары жана мында келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу тартиби аныкталат. Башкы келишим, ушул Жобого карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн формада жана Банк Жобонун 29-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык келген учурда түзүлөт. 

7. Күрөө келишими - бул Улуттук банк менен Банк ортосунда, кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Башкы келишимдин алкагында түзүлгөн келишим, анын негизинде Банктын кредиттик каражаттарды кайтарып берүү боюнча милдеттенмеси күрөө менен камсыз кылынат. Келишимде күрөөлүк камсыздоону сунуштоо шарттары жана тартиби аныкталып, ал Башкы келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

8. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети (КДКР) -Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коллегиалдуу органы, ликвиддүүлүктү утурумдук негизде тескөөгө алып туруу комитеттин негизги иш максатынан болуп саналат.  

9. Кредиттик аукцион - бул, Улуттук банктын аукциондук механизмди колдонуу менен күрөөлүк камсыздоо алдында улуттук валютада кайра каржылоо операцияларын ишке ашыруу ыкмасы. 

10. Кредиттик ресурстар - Улуттук банк тарабынан Банкка мөөнөтүндө төлөө, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана убагында кайтарып берүү шарттарында, күрөөлүк камсыздоо алдында катталган пайыздык чен боюнча сом түрүндө сунушталган акча каражаттары. 

11. Кредиттик келишим - бул, Улуттук банк менен Банк ортосунда, кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Башкы келишимдин алкагында түзүлгөн келишим, анын негизинде Улуттук банк Банкка кредит берет. Келишимде кредит берүү жана аны төлөө шарттары жана тартиби аныкталат жана ал Башкы келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

12. Номиналдык пайыздык чен - бул, карыз алуучу менен банк ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимде көрсөтүлгөн чен. Ага ылайык, кредиттик каражатты пайдалангандыгы үчүн карыз алуучу банкка төлөп берген пайыздык киреше суммасы эсептелинет. Мында, номиналдык пайыздык ченде бардык комиссиялык төлөмдөр, жыйымдар же башка кошумча төлөмдөр, анын ичинде ушул номиналдык пайыздык чендин нарктык маанисинде жогорулоосуна тике жана/же кыйыр түрдө таасир этиши мүмкүн болгон салыктык жыйымдар да камтылууга тийиш.  

13. Кредиттин мөөнөтү - бул, календардык күндөрдө туюндурулган, кредит берилген күндөн тартып, ал боюнча милдеттенмелер толук аткарылган, кредиттик келишимде көрсөтүлгөн күндү кошо камтыган, убакыт аралыгы. 

14. Чектөө чени - билдирмелерди канааттандыруу ага жеткенде аяктаган чен. 

15. Операциялык күн - Улуттук банктын операциялык күн регламентине ылайык, ар бир жумуш күнү саат 8:30 - 16:30 чейинки убакыт аралыгы. 

 

3. Кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максаттары үчүн кредиттик ресурстарды сунуштоо шарттары 

16. Улуттук банк тарабынан кайра каржылоо максаттарына берилген кредиттик ресурстар максаттуу багыттарды көздөп, банктар тарабынан Кыргызстандын резиденттери болуп саналышкан юридикалык жактар жана жеке адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында өздөштүрүп жаткан төмөнкү багыттарга каралган долбоорлорду кредиттөө үчүн пайдаланылууга тийиш: 

· өнөр жайына, мында экспортко багытталуучу жана импортту алмаштыруучу продукцияларды чыгарган тармактарга биринчи кезекте көңүл бурулушу зарыл; 

· айыл-чарбасына, даярдоо жана кайра иштетүүгө

- мал чарбачылыгына; 

- өсүмдүк өстүрүүгө

· Транспорт, байланыш жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө

· Соода жана коммерцияга (юридикалык жактардын жана жеке адамдардын келишимдери, контрактылары боюнча продукцияларды берүүлөр үчүн төлөөлөр); 

· Курулушка; 

· Туристтик чөйрөгө

17. Банктар кредиттик аукциондордун алкагында алынган кредиттик каражаттарын юридикалык жактарга жана жеке адамдарга ушул жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн багыттар боюнча мурда берилген кредиттерин кайра каржылоо үчүн пайдаланууга укуктуу. Мында, Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген, Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга караат камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө жобого ылайык, реструктуризацияланган, классификацияланган жана байкоо алдындагы кредиттер, ошондой эле Улуттук банктын кредиттик аукциондорунун алкагында алынган кредиттик ресурстардын эсебинен буга чейин берилген кредиттер кайра каржыланбайт.  

18. Улуттук банктын кайра каржылоо максаттарына кредиттик ресурстары сунуштоосунун максималдуу мөөнөтү - 6 ай. 

19. Ушул Жобонун 41-пунктунда көрсөтүлгөн активдер, Улуттук банктын кайра каржылоо максаттарына берилген кредиттик ресурстары үчүн күрөөлүк камсыздоо катары колдонулушу мүмкүн.  

20. Улуттук банктын кредиттик ресурстарынын эсебинен банктарга берилген кредиттер боюнча номиналдык жылдык пайыздык чен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн субсидиялоо боюнча атайын программаларынын алкагында белгиленген пайыздык чендерден ашпоого тийиш. Аукцион өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн субсидиялоо боюнча атайын программалары жок болгон учурда Улуттук банктын кредиттик ресурстарынын эсебинен банк тарабынан берилген кредиттер боюнча номиналдык жылдык пайыздык чен, Банк Улуттук банктан алган кредиттик каражаттар боюнча пайыздык ченден 1000 базистик пункттан көбүрөөккө (10 пайыздык пункт) ашпоого тийиш.  

Мында банк, Улуттук банктын каражаттарынын эсебинен кредит берүүдө, карыз алуучулардын алар менен түзүлгөн келишимдерде көрсөтүлүүгө тийиш болгон кредиттик милдеттенмелерди аткарбай койгондугу үчүн айыптык төлөмдөрдү эске албаганда, белгиленген нарктык түрүндө туюндурулган номиналдык пайыздык чендин, б.а. карыз алуучу банкка төлөп берүүчү сумманын ашып кетишине тике жана/же кыйыр түрдө таасир этиши мүмкүн болгон комиссиялык төлөмдөрдү, жыйымдарды же башка кошумча төлөмдөрдү, анын ичинде салыктык жыйымдарды өз карыз алуучуларына чегерүүгө/алардан кармап калууга укугу жок. Пайыздык чендердин туура эсептелиниши жана колдонулушу үчүн жоопкерчилик, кредиттик каражаттарды берүү келишиминеге ылайык, Банкка жүктөлүүгө тийиш.  

21. Улуттук банк тарабынан Банктын ликвиддүүлүгүн колдоого кредиттик ресурстар кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүктүү колдоо максатында сунушталат.  

22. Улуттук банк тарабынан Банктын ликвиддүүлүгүн колдоого кредиттик ресурстар 3 айлык максималдуу мөөнөткө берилет.  

23. Кредит портфели боюнча талап коюу укугун күрөөгө койгон учурларды эске албаганда, ушул жобонун 41-пунктунда көрсөтүлгөн активдер Улуттук банк тарабынан ликвиддүүлүктү колдоо үчүн берилген кредиттик ресурстардын күрөөлүк камсыздоосунан болуп саналат.  

24. Банк, Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды банктар аралык рынокто, валюта рыногунда жана мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун кошо алганда, баалуу кагаздар рыногунда операцияларды жүргүзүү, ошондой эле өз инсайдерлери же аффилирленген жактары менен операцияларды ишке ашыруу үчүн пайдаланууга укугу жок. Банк Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды ушул Жобонун 16, 21 жана 25-пункттарында көрсөтүлгөн максаттарга гана колдонууга тийиш.  

 

4. Банктык эмес финансы-кредит мекемелерин (БФКМ) кредиттөө 

25. Банк, кредиттик аукциондо алынган кредиттик ресурстарды ушул Жобонун 26-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык микрофинансылык компаниялар жана микрокредиттик компаниялар сыяктуу, банктык эмес финансы-кредит мекемелерин андан ары кредиттөө үчүн пайдаланууга укуктуу.  

26. Эгерде кредиттик ресурстар Банк тарабынан ушул Жобонун 25-пунктунда белгиленген максаттарга багытталган болсо, анда төмөнкү жоболор сакталууга тийиш:  

· Банктар БФКМдерге кредиттик ресурстар берилген күнү Банк менен БФКМ ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдин көчүрмөсүн кошо тиркөө менен бул тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого тийиш. 

· БФКМдерге кредиттик ресурстарды берүү учурундагы Банктын маржасы 0,2% ашпоого тийиш. 

· Банк менен БФКМ ортосундагы кредиттик келишимде төмөнкү пункттар камтылышы зарыл: 

- Банк тарабынан БФКМдерге сунушталуучу кредиттик ресурстар максаттуу багытка ээ болуп, БФКМдер ал ресурстарды Кыргызстандын резиденттеринен болуп саналышкан юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу, ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн багыттар боюнча долбоорлорду кредиттөөгө жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесине ылайык пайдаланууга тийиш; 

- Банк тарабынан БФКМдерге берилүүчү кредиттик ресурстарды пайдалануу боюнча ушул Жобонун 17 жана 24-пункттарында көрсөтүлгөн чектөөлөр, БФКМдерге да таркатылат; 

- Улуттук банктын кредиттик ресурстарынын эсебинен БФКМдерге берилген кредиттер боюнча пайыздык чендер Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген максаттарга жана талаптарга ылайык келүүгө тийиш; 

- БФКМдер банктардан алынган кредиттик ресурстарды кредиттик союздарды, микрофинансылык компанияларды, микрокредиттик компанияларды, микрокредиттик агенттиктерди, башка БФКМдерди, анын ичинде ломбарддарды кошо алганда, банктык эмес финансы-кредит мекемелерин кайра каржылоо үчүн пайдаланууга укугу жок.  

27. Банктардан кредиттик ресурстарды алышкан БФКМдер кредиттик ресурстардын пайдаланылышы жана кредит портфелинин абалы жөнүндө отчетту талап кылынган форматка ылайык ай сайын Улуттук банкка сунуштап турууга тийиш. 

28. Ушул жобонун 45-пунктунда көрсөтүлгөн активдер банк тарабынан БФКМ үчүн берилген кредиттик ресурстардын күрөөлүк камсыздоосунан боло алат. 

 

5. Аукционго билдирмелерди тариздетүү жана берүү тартиби 

29. Улуттук банктын кредиттик аукциондоруна катышуу жана андан кредиттик каражаттарды алуу үчүн Банк:  

банктык операцияларды улуттук жана чет өлкө валюталарында жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензияга ээ болууга тийиш; 

Улуттук банк тарабынан сунушталган кредиттик ресурстардын күрөөлүк камсыздоосунан болгон мамлекеттик баалуу кагаздарды сактоо жана эсепке алуу үчүн Депозитарийде «депо» эсебине ээ болууга тийиш; 

Улуттук банкта улуттук валютадагы корреспонденттик эсеби болууга тийиш; 

чет өлкө валютасындагы депозит эсебин Улуттук банкта ачуу жана тейлөө жөнүндө кол коюлган макулдашууга ээ болууга тийиш; 

Улуттук банк менен Кредиттик аукцион жөнүндө кол коюлган Башкы келишимге ээ болууга тийиш; 

билдирме берилген учурга карата Улуттук банк тарабынан белгиленген Банктын капиталынын шайкештиги жана бир карызгерге тобокелдиктин максималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченемдерди аткарууга, ошондой эле акыркы 6 ай аралыгында системалуу бузууларга жол бербөөгө тийиш; 

ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга жооп берген, талаптагыдай күрөөлүк камсыздоону сунуштоого тийиш; 

банк ишин тескөөгө алуу боюнча убактылуу жетекчилик, консервация, санация, реабилитация, банкроттук жана башка негиздер боюнча өз эрки менен жана мажбурлап жоюу режимине кабылбоого. Консервация, банк ишин тескөөгө алуу боюнча убактылуу жетекчилик режиминде турган Банк, Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими болгон шартта гана мамлекеттик баалуу кагаздарды жана/же Улуттук банктагы пайызсыз депозит эсебинде турган акча каражаттарына талап коюу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасынын күрөөсү алдында ликвиддүүлүктү колдоо үчүн өткөрүлгөн аукциондорго гана катыша алат; 

алынган кредиттер жана аларга кошуп эсептелинген пайыздар боюнча, ошондой эле кредиттик аукциондордун алкагында мурда алынган кредиттерге тиешелүү өздөштүрүлбөгөн кредиттик каражаттардын орун албашы, анын ичинде Улуттук банктын кайра каржылоого тиешелүү башка инструменттери боюнча Улуттук банк алдында мөөнөтүндө төлөнбөгөн акчалай милдеттенмелерге ээ болбого; 

кредиттик аукциондорго катышуу укугунан четтетилбөөгө

Банктын атынан кредиттик ресурстарды алууга билдирмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамга үлгүлөрү түшүрүлгөн Банктын жоопкерчиликтүү адамдарынын тизмесин Улуттук банкка берүүгө тийиш; 

Банктын эсептериндеги каражаттарды тескөөгө ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгаларынын үлгүлөрү түшүрүлгөн, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эки карточканы Улуттук банкка берүүгө тийиш; 

банктык көчүрмөлөрдү, Банктын төлөм тапшырмаларын жана башка документтерди алууга жоопкерчиликтүү жакка Банктын атынан берилген ишеним катты Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

30. Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети кредиттик аукциондун параметрлерин жана аны өткөрүү шарттарын, сунушталуучу кредиттик ресурстардын көлөмүн, мөөнөттөрүн, минималдуу пайыздык ченин, билдирменин минималдуу көлөмүн, күрөөлүк камсыздоого карата жана башка талаптарды кошо алганда мезгил-мезгили менен аныктап турат.  

31. Улуттук банк аукцион өткөрүлгөнгө чейинки эки күндөн кечиктирбестен өз веб-сайтына төмөнкүлөрдү кошо алганда, кредиттик аукциондун параметрлерин жана аны өткөрүү шарттары жарыялап турат: 

аукциондун түрүн; 

аукцион өткөрүлүүчү күндү;  

аукциондун кодун; 

кредиттик ресурстардын көлөмүн;  

аукциондогу минималдуу пайыздык ченин (Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечими менен белгиленген);  

билдирменин минималдуу көлөмүн; 

күрөөлүк камсыздоого карата талаптарды; 

аукцион тууралуу башка маалыматтарды (болгон болсо). 

32. Улуттук банктын кредиттик аукционуна катышууга билдирме Банктар тарабынан Кредиттик аукцион жөнүндө Башкы келишимге карата 2-тиркемеде көрсөтүлгөн формага ылайык документ түрүндө Улуттук банкка берилет. Билдирме калың конвертке салынып, чапталган түрүндө берилиши зарыл. Банк аукционго бир гана билдирмени бере алат. 

33. Банктын билдирмеси аукцион өткөрүлгөн күнү саат 12.00гө чейин Улуттук банкка берилүүгө тийиш. Билдирмени кабыл алуу убактысы өтүп кеткенден кийин Банктар билдирмелерди бере алышпайт/өзгөртө алышпайт. Берилген билдирмелер кайтарылып алынгыс болуп эсептелет.  

34. Билдирменин ар бир бетине кредиттик ресурстарды алууга Банктын атынан билдирмеге кол коюуга ыйгарым укуктуу адамдын кол камгасы коюлуп, Банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Билдирмеде милдеттүү түрдө ал берилген күн, Банктын аталышы, аукцион өткөрүлгөн күн, зарыл болуп жаткан кредиттик каражаттардын көлөмү, сунушталган пайыздык чен, күрөөлүк камсыздоону суммасы жана түрү көрсөтүлүүгө тийиш.  

35. Банктын билдирмесинин минималдуу көлөмү Улуттук банк тарабынан кредиттик аукцион параметрлеринде белгиленген көлөмгө дал келүүгө тийиш. Банктын билдирмесинин максималдуу көлөмү аукционго коюлган кредиттик ресустардын жалпы көлөмүнөн ашпоого тийиш.  

36. Документ түрүндөгү билдирме Улуттук банктын Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101 дареги боюнча жайгашкан имаратынын 1-кабатындагы «Кредиттик аукциондорго билдирмелер үчүн» деп жазылган ящикке салынууга тийиш. Банк билдирме берилгендиги фактысын, ал берилген күндү жана убактысын көрсөтүү менен билдирмелер катталган журналга чагылдырууга тийиш.  

37. Банктардын Улуттук банк жарыялаган минималдуу пайыздык ченден жогору же ага барабар болгон пайыздык чендеги билдирмелерине кредиттик аукционго катышууга жол берилет.  

38. Банктын ушул жобонун 29-пунктунун талаптарына ылайык келбеши, кредиттин талап кылынган суммасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз боло алат. Улуттук банк, билдирмелери аукционго кирбей калган Банктарга тиешелүү себептерин көрсөтүү менен аукцион өткөрүлгөндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен кат жүзүндө маалымдоого тийиш. 

39. Туура эмес толтурулган же тариздетилген, ошондой эле убактысынан кечиктирилип берилген билдирмелер анык эмес катары таанылып, аукционго киргизилбейт.  

40. Улуттук банк билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш.  

 

 

 

 

 

6. Кредиттин күрөөлүк камсыздоосу 

41. Кредиттик ресурстар Банктарга күрөөлүк камсыздоо болгон шартта гана сунушталат. Төмөнкүлөр кайра каржылоо максаттары үчүн кредиттик ресурстар боюнча Банктардын күрөөлүк камсыздоосунан боло алат: 

1) Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсепте турган акча каражаттарына талап кылуу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасы; 

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баалуу кагаздары жана Улуттук банктын ноталары түрүндө мамлекеттик баалуу кагаздар; 

3) Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2011-жылдын 16-июнундагы №12/2 токтому менен бекитилген, кредит портфелин түзүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдө каралган тартипте белгилүү бир мүнөздөмөлөргө ылайык келген кредиттер портфели боюнча талап кылуу укугу. Мында алар боюнча талап кылуу укугу күрөөгө коюлган кредиттер, кредиттик каражаттарды алууга билдирме берилген учурда классификацияланбаган активдер категориясына чегерилүүгө тийиш (байкоого алынган активдерди эске албаганда) жана реструктуризацияланбаган болушу зарыл.  

42. Кредиттин камсыздоосу катары сунушталган күрөө үчүнчү жакка күрөөгө же кайра күрөөгө коюулууга тийиш эмес. Ушул Жобонун 44-пунктунда көрсөтүлгөн тартипте күрөөгө коюлган мүлктү эске албаганда, күрөөлүк камсыздоо катары сунушталган күрөөлүк мүлк Банкка менчик укугунда таандык болуу менен ага чектөөлөр жана/же башка милдеттенмелер (арест, мурдагы күрөө, описке жаңылыш киргизип коюу ж.б ) жүктөлүүгө тийиш эмес. 

43. Банктар, кредиттик келишимге карата Күрөө келишиминде көрсөтүлгөн күрөөлүк камсыздоону тиешелүү коэффициенттердин колдонулушун эске алуу менен бирдей нарктагы күрөө менен алмаштырууга укуктуу.  

44. Жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда мамлекеттик баалуу кагаздар жана/же Улуттук банктагы пайызсыз депозит эсебинде турган, БФКМдин - кредиттик ресурсту алуучунун менчик укугуна таандык болгон акча каражаттарына талап кылуу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасы күрөөлүк камсыздоодон болушу мүмкүн. 

45. Банк тарабынан мамлекеттик баалуу кагаз жана/же БФКМге - кредиттик ресурсту алуучуга менчик укугунда таандык болгон нак эмес чет өлкө валютасы түрүндөгү күрөөлүк камсыздоо сунушталган жана/же алмаштырылган учурда, банк өзүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын жана/же Улуттук банктагы пайызсыз депозит эсебинде турган акча каражаттарына талап кылуу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасын күрөө катары сунуштоого жана/же алмаштырууга БФКМдин макулдугун Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

46. Күрөөгө коюлган мүлктүн бааланган (күрөөлүк) наркы күрөөнүн ар бир түрү боюнча, талап кылынган кредиттин суммасына жараша Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленген мааниден (пайыздык туюндурулушунда) төмөн болбоого тийиш.  

47. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык каттоодон өткөртүлүүгө тийиш болгон күрөөлүк мүлк, ушул Жобонун 62, 63 жана 64-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде Банк тарабынан ыйгарым укуктуу органда каттоодон өткөртүлүшү зарыл.  

48. Күрөөлүк камсыздоонун жетишсиздиги Банк тарабынан талап кылынган кредиттик ресурстардын суммасын берүүдөн баш тартууга негиз болуп саналат.  

49. Кредиттик ресурстарды берүү макулдашуусуна ылайык Банк, өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбай койгон, аткара албаган учурда, ошондой эле ошол макулдашууда жана Күрөө келишиминде каралган башка учурларда Улуттук банк, күрөөлүк мүлктөн соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүү жана Күрөө келишиминде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарга жана талаптарга ылайык, күрөө предметин соттук эмес тартипте сатуу аркылуу күрөөлүк мүлктүн эсебинен өз талаптарын толук канааттандырып алууга укуктуу. Банк кредит портфели боюнча талап кылуу укугу менен камсыздалган кредиттик ресурстарды алуу макулдашуусуна ылайык өз милдеттенмелерин аткарбай койгон же талаптагыдай аткара албаган учурда, Улуттук банк күрөө кармоочунун күрөө келишими боюнча укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шарттарда жана тартипте бирөөгө өткөрүп берүүсүнө жол берилет.  

50. Банк кредит жана ага чегерилген пайыздар боюнча милдеттенмелерин өз учурунда жана толук аткарган шартта, Улуттук банк күрөөнү он жумуш күнү ичинде бошотуп берүүгө тийиш. 

 

7. Кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби 

51. Аукциондор Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленген жана Улуттук банктын веб-сайтында жарыяланган мезгил аралыгында өткөрүлүп турат. 

52. Улуттук банк кредиттик аукционду өткөрүп, анын жыйынтыгын чыгарат, мында: 

- Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин төрагасынын же аны алмаштырган чечими менен кредиттик ресурстардын көлөмү келип түшкөн билдирменин жалпы көлөмүнө жараша кыскартылышы мүмкүн. Аукционго экиден аз катышуучу катышкан шартта, ал өткөрүлбөгөн катары таанылат;  

- билдирмелер, эң жогорку пайыздык чендеги билдирмелерден тартып сунушталган кредиттик ресурстардын жалпы өлчөмү толук бөлүштүрүлгөнгө чейин кабыл алынат. Аукционго уруксат алган билдирмелер максималдуу чектен тартып, ошол аукционго коюлган кредиттик ресурстар толук бөлүштүрүлгөнгө чейин сунушталган пайыздык чендердин деңгээли боюнча ранжирленет (чектөө ченине чейин). Мында, чектөө чени боюнча бир нече билдирме келип түшкөн болсо, анда кредиттик ресурстарды ошол билдирмелер ортосунда бөлүштүрүү пропорционалдуу негизде ишке ашырылат.  

- Улуттук банктын кредиттик аукционунда банктар тарабынан алынган кредиттик ресурстар билдирмелерде көрсөтүлгөн чендер боюнча сунушталат (Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин чечиминде белгиленген пайыздык ченден төмөн эмес). 

53. Аукционго уруксат алган билдирмелерди Улуттук банкта иштеп чыгуу аукцион өткөрүлгөн күнү саат 13:00дөн 15:00гө чейин ишке ашырылат.  

54. Аукциондун жыйынтыгы боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен төмөнкү формула боюнча эсептелинет: 

мында P - аукциондун жыйынтыгы боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен, pi - канааттандырылган лоттордун пайыздык чени, qi - канааттандырылган лоттордун көлөмү

55. Өткөрүлгөн кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча протокол толтурулуп ал, Акча-кредиттик жөнгө салуу комитетинин төрагасы же аны алмаштырган адам тарабынан бекитилип, кол коюлат. 

56. Аукциондун жыйынтыгы бекитилгенден кийин, аукцион өткөрүлгөн күнү саат 16.00дөн кечиктирбестен, Улуттук банк аукциондун жыйынтыгын катышуучуларга маалымдоого тийиш.  

57. Аукциондорго код белгилөөнүн төмөнкүдөй түзүмү белгиленет.  

** ** ** 

| | |____ кредиттик аукциондун өтүп жаткан жылдагы катар номери 

| |_______ жылы 

|__________ кайра каржылоо кредиттеринин аукционун идентификациялоо  

Мисалы: 

АК 12 22 

| | |____ кредиттик аукциондун катар номери 

| |_______ 2012-жыл 

|__________ кайра каржылоо кредиттеринин аукционун идентификациялоо 

58. Кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча расмий билдирмеде төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:  

аукциондун коду; 

аукцион өткөрүлгөн күн; 

аукциондогу баштапкы пайыздык чен; 

билдирмелердин жалпы көлөмү

канааттандырылган билдирмелердин минималдуу жана максималдуу пайыздык чендери; 

орточо салмактанып алынган пайыздык чен; 

жана башка маалыматтар. 

59. Улуттук банк кредиттик аукциондун расмий жыйынтыгын аукцион өткөрүлгөн күнү саат 17:00гө чейин веб-сайтында жарыялайт.  

 

8. Кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү 

60. Канааттандырылган билдирмелер боюнча улуттук валютадагы акча каражаттарынын суммасын Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсептерине өз учурунда жана толук чегерүү, өткөрүлгөн кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын милдеттенмелеринин талаптагыдай аткарылышы болуп саналат. 

61. Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарын чегерүү, өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгына ылайык Улуттук банк менен Банк ортосундагы тиешелүү кредиттик келишим (Башкы келишимге карата 4-тиркеме) жана Күрөө келишими (Башкы келишимге карата 5-тиркеме) тариздетилип, аларга кол коюлуп, күрөө келишими ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөртүлгөндөн кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. 

62. Эгерде мамлекеттик баалуу кагаздар күрөөлүк камсыздоодон болсо, Улуттук банк менен Банк ортосундагы тиешелүү Кредиттик келишимди жана Күрөө келишимин тариздетип, аларга кол коюу, күрөө келишимин каттоодон өткөртүү кредиттик аукцион өткөрүлгөн күндөн кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.  

63. Эгерде Улуттук банктагы пайызсыз депозит эсебинде турган акча каражаттарына талап коюу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасы күрөөлүк камсыздоодон болсо, Улуттук банк менен Банк ортосундагы тиешелүү Кредиттик келишимди жана Күрөө келишимин тариздөө жана аларга кол коюу кредиттик аукцион өткөрүлгөндөн кийинки 3 жумуш күнү ичинде, ал эми ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөртүү 1 жумуш күнү ичинде ишке ашырылат. Күрөөлүк камсыздоо катарындагы, чет өлкө валютасы боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү шарттары жана мөөнөттөрү Улуттук банктагы күрөөлүк камсыздоо алдындагы чет өлкө валютасындагы депозиттик эсептероди ачуу жана тейлөө жөнүндө келишим менен жөнгө салынат. 

64. Эгерде Банктын кредит портфели боюнча талап кылуу укугу күрөөлүк камсыздоодон болсо, Улуттук банк менен Банк ортосунда тиешелүү кредиттик келишимди, Күрөө келишимин тариздетүү жана кол коюу кредиттик аукцион өткөрүлгөндөн кийинки 10 жумуш күнү ичинде, ал эми ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөртүү 3 жумуш күнү ичинде ишке ашырылат. 

65. Кредиттин суммасына пайыздарды кошуп эсептөө, жыл ичинде 365 күн жана ай ичинде күндөрдүн айкын санына жараша, кредитти анык пайдаланган мезгил үчүн төмөнкү формулада ишке ашырылат:  

P = (C x I x T)/365/100, мында:  

Р - чегерилген пайыздар;  

С - кредиттин суммасы (сом);  

I - чен (жылдык %);  

Т - берилген кредиттин мөөнөтүүндөр менен). 

 

9. Катышуучулардын жоопкерчилиги жана санкциялар 

66. Кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк тарабынан жеңүүчү катары таанылган Банк кредиттик ресурстарды алуудан баш тартса же Башкы келишимдин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык Кредиттик келишимди, Күрөө келишимин өз учурунда алып келбесе, Банктын билдирмеси жокко чыгарылып, ага карата Башкы келишимде каралган айыптык санкциялар колдонулат.  

67. Күрөөлүк камсыздоонун болушу жана өз убагында берилиши, Кредиттик келишимдин жана Күрөө келишиминин тариздетилиши жана берилиши, алардын ушул Жобонун 62, 63 жана 64-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттө каттоодон өткөртүлүшү үчүн Банк жоопкерчиликтүү болуп саналат.  

68. Банк, кредит берилген күндөн кийинки 30 (отуз) календардык күнү ичинде Улуттук банктан алынган акча каражаттарын карыз алуучулар арасында жайгаштырууга милдеттүү. Эгерде, кредиттик ресурстар же алардын бөлүгү ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө толук пайдаланылбай калса же жарым-жартылай пайдаланылса, Улуттук банк көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийинки жумуш күнү кредиттик ресурстардын өздөштүрүлбөй калган бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылышы мүмкүн.  

69. Банк ушул жобонун баардык шарттарынын жана талаптарынын так сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү. Жобонун шарттарын жана талаптарын бузууга жол берген жана/же талаптагыдай аткарбаган учурда Улуттук банк Башкы келишимде каралган санкцияларды колдонууга, анын ичинде берилген кредиттик ресурстардын мөөнөтүнөн мурда кайтарылышын талап кылып, банкты Улуттук банктын кийинки аукциондоруна катышуудан четтетүүгө укуктуу.  

70. Банк кредиттин негизги суммасынын жана ал боюнча чегерилген пайыздардын өз убагында жана толугу менен төлөнүшү, анын ичинде кредиттик ресурстар ушул Жобонун 25-пунктунда белгиленген максаттарга багытталган учурларда да, ал үчүн жооп берет.  

71. Банк, кредиттик аукциондо алган ресурстар боюнча карызын жана кредит боюнча пайыздарды белгиленген мөөнөттөрдө төлөбөгөн шартта, Улуттук банк кошумча маалымдоосуз эле, Банктын корреспонденттик эсебинен тиешелүү каражаттарды акцептсиз тартипте эсептен алып салуу аркылуу өндүрүп алат.  

72. Эгерде кредиттин негизги суммасынын, ага кошуп эсептелинген пайыздардын ордун жабууга багытталган кандай болбосун төлөм, ошондой эле Башкы келишимден, Кредиттик келишимден улам келип чыккан башка төлөмдөр толук көлөмдө жана/же тиешелүү мөөнөт ичинде төлөнбөй калса, мындай карыз мөөнөтүндө төлөнбөгөн катары эсептелинип, Банкка карата Башкы келишимде каралган айыптык санкциялар колдонулат.  

73. Банк кредиттик ресурстардын максаттуу пайдаланылышы үчүн жооп берет. Банк жана/же БФКМ тарабынан 16, 21, 25-пункттардын талабын бузууга жол берсе, Улуттук банк кредиттик ресурстардын мөөнөтүнөн мурда кайтарылышын кредитти айкын пайдаланган мезгил үчүн чегерилген пайыздарды жана Улуттук банкка тиешелүү болгон башка суммаларды төлөөнү банктан талап кылууга жана аны кийинки кредиттик ауциондорго катышуу укугунан 6 айга чейинки мөөнөткө четтетүүгө укуктуу.  

74. Контролдукту жүргүзүү максатында Улуттук банк банктан жана/же БФКМден тиешелүү маалыматтарды, анын ичинде банктын жана/же БФКМдин финансылык абалына, ошол кредит боюнча камсыздоонун абалына, кредиттин максаттуу пайдаланылып жатышына тиешелүү маалыматтарды жана башка маалыматтарды талап кылып, алууга укуктуу. Улуттук банктын талабы боюнча банк жана/же БФКМ кредиттик каражатардын пайдаланылып жатышы жөнүндө отчетту жана башка зарыл документтерди Улуттук банк белгилеген формада жана мөөнөттөрдө сунуштап турууга тийиш.  

 

10. Кредитти пролонгациялоо тартиби 

 

75. Банк ушул Жобонун, Башкы келишимдин талаптарын, ошондой эле Улуттук банктын башка талаптарын аткарып, кредиттик ресурстар боюнча милдеттенмелерин өз учурунда жана толук жапкан шартта, кредиттик аукциондордун алкагында алынган кредиттер боюнча эч кандай мыйзам бузуулар жок болсо, Банктын өтүнүч катынын негизинде Улуттук банк кредиттик ресурстарды 6 айдан ашпаган мөөнөткө пролонгациялоого укуктуу.  

76. Улуттук банк тарабынан кайра каржылоо максаттары үчүн 6 айлык мөөнөткө берилген кредиттик ресурстар гана пролонгацияланууга тийиш. Мында, пролонгациялоо чечими төмөнкү учурларды эске алуу менен кабыл алынат: 

· Улуттук банктын кредиттик ресурстарынын эсебинен банкка берилген кредиттер боюнча пайыздык чендер; 

· Кредиттердин тармактык багыттуулугу. Мында, экономиканын төмөнкү тармактары артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат: 

- өнөр жайы, мында экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу тармактар артыкчылыктуу болуп саналат; 

- айыл чарбасы, мал чарбасын жана өсүмдүк өстүрүүнү кошо алганда, даярдоо жана кайра иштетүү

77. Улуттук банк тарабынан кайра каржылоо максаттары үчүн берилген кредиттик ресурстар баштапкы пайыздык чен боюнча 3 (үч) жолудан көп эмес пролонгацияланышы мүмкүн.  

78. Кредиттик ресурстарды пролонгациялоо үчүн Банк, жаңы Кредиттик келишимди жана Күрөө келишимин же болбосо кредитти пролонгациялоо боюнча кошумча келишимди түзүү үчүн кредит мөөнөтү бүткөнгө чейинки кеминде 1 ай мурда кредитти пролонгациялоо тууралуу өтүнүч катты Улуттук банкка жөнөтүүгө тийиш.  

 

11. Кредитти төлөө тартиби 

79. Кредиттин негизги суммасынын ордун жабуу кредиттин мөөнөтү бүткөн күнү, операциялык күндүн акырына чейин, өз корреспонденттик эсебинен улуттук валютадагы акча каражаттарынын суммасын Улуттук банктагы тиешелүү эсепке которуу аркылуу ишке ашырылат. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды кошуп эсептөө жана төлөө Банк тарабынан кредиттик келишимге ылайык ай сайын жүзөгө ашырылып турат. 

80. Эгерде кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө күнү майрам күнүнө, иштебеген күнгө же дем алыш күнгө туура келип калса, анда кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. 

81. Кредитти төлөө күнү кредиттин негизги суммасы жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздар толук көлөмдө төлөнүүгө тийиш, бөлүп төлөөгө жол берилбейт. 

82. Банк, Башкы келишимде жана Кредиттик келишимде каралган карыздын негизги суммасын жана ал боюнча пайыздарды пландаштырылып жаткан төлөө күнүнө чейинки үч жумуш күнү аралыгында Улуттук банкка ал тууралуу алдын ала маалымдоо менен мөөнөтүнөн мурда бөлүп төлөөгө же толугу менен төлөөгө укуктуу.  

83. Кредит жана ага чегерилген пайыздар боюнча Банк өз милдеттенмелерин өз убагында жана толук аткарган шартта, күрөөнү бошотуп берүү ушул жобонун 50-пунктуна ылайык ишке ашырылат.  

84. Эгерде кредит мөөнөтүндө төлөнбөсө, төлөмдү кийинкиге калтырууга жол берилбейт. Банктын кредит боюнча жоопкерчилиги Башкы келишимде жана Кредиттик келишимде каралат.  

85. Эгерде ушул жобого ылайык Банкка берилген кредит мөөнөтүндө төлөнбөсө, Улуттук банк:  

- кредитти төлөөнүн эсебине кредиттин негизги суммасына, чегерилген пайыздарга жана айыптык санкцияларга барабар өлчөмдөгү улуттук валютадагы акча каражаттарын Банктын корреспонденттик эсебинен акцептсиз тартипте эсептеп алып салат;  

- кредиттин, ага кошуп эсептелинген пайыздардын, туумдардын жана айыптык төлөмдүн ордун, ушул Жобого, Кредиттик аукциондор жөнүндө Башкы келишимге жана Күрөө келишимине ылайык күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүнүн эсебинен жаба алат. 

 

12. Корутунду жобо 

86. Ушул Жобого карата кредиттик аукциондорду өткөрүүнү өркүндөтүүгө багытталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк Башкармасынын чечими менен киргизилет.  

 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын ”___”________ №___ токтому  

менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын кайра каржылоо жана  

ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик  

аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобого 

карата 1-тиркеме   

 

КРЕДИТТИК АУКЦИОН ЖӨНҮНДӨ БАШКЫ КЕЛИШИМ 

 

Бишкек шаары 20__-жылдын ___________№ _____ 

 

Мындан ары «Улуттук банк» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын жана 20___-жылдын “____”________ №____ буйруктун негизинде иш алып барган ____________________________ бир тараптан жана мындан ары «Банк» деп аталуучу _____________________ атынан, Уставдын негизинде иш алып барган __________________________ экинчи тараптан, мындан ары «Тараптар» деп аталуучулар Улуттук Банк Башкармасынын 20___-жылдын «___»_______ №___ токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобого (мындан ары - Жобо) таянуу менен, төмөнкүлөр боюнча Кредиттик аукцион жөнүндө ушул Башкы келишимди (мындан ары - Башкы келишим) түзүштү:  

 

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк Банкка кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо үчүн кредиттерди берүү жана андан улам келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салуу шарттарын жана тартибин аныктоо, ушул Башкы келишимдин предметинен болуп саналат.  

 

2. КРЕДИТ БЕРҮҮ ШАРТТАРЫ 

2.1. Кредит алуу тартиби жана аны пайдалануу шарттары ушул Жобо жана Башкы келишим аркылуу жөнгө салынат.  

2.2. Башкы келишимге ылайык кайра каржылоого кредит алуу үчүн Банк, Жобого жана Башкы келишимге карата 2-тиркемеге ылайык, Улуттук банкка билдирме берүүгө тийиш.  

2.3. Банктын кредит алууга билдирмеси жана тиешелүү күрөөлүк камсыздоону сунуштоого макулдугу Банктын тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарынын чечими менен тастыкталууга тийиш.  

2.4. Банк кредит алуу үчүн Жобонун 29-пунктунун талаптарына жооп берүүгө жана ошол адамдардын аты-жөнү кол тамга үлгүлөрүнүн карточкасында көрсөтүлбөсө, кредит алууда Банктын атынан документтерге кол коюуга ыйгарым укуктуу жоопкерчиликтүү адамдардын (ушул Башкы келишимге карата 1-тиркеме) тизмесин берүүсү, ошондой эле камсыздоо катары сунуштоо үчүн жетиштүү сандагы күрөөлүк камсыздоосунун болуусу зарыл  

2.5. Банкка кредит кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатына, кредиттик келишимде көрсөтүлгөн төлөө мөөнөттөрү менен улуттук валютада берилет. 

2.6. Банк Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун кошо алганда, банктар аралык рынокто, валюта рыногунда жана баалуу кагаздар рыногунда операцияларды жүргүзүү, ошондой эле өз инсайдерлери же аффилирленген жактары менен операцияларды ишке ашыруу үчүн пайдаланууга укугу жок. Банк Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды Жобонун 16, 17, 21 жана 26-пункттарында көрсөтүлгөн максаттарга гана пайдаланууга тийиш.  

2.7. Улуттук банктын кредиттик ресурстарынын эсебинен банктарга берилген кредиттер боюнча номиналдык жылдык пайыздык чен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн субсидиялоо боюнча атайын программаларынын алкагында белгиленген пайыздык чендерден ашпоого тийиш. Аукцион өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн субсидиялоо боюнча атайын программалары жок болгон учурда Улуттук банктын кредиттик ресурстарынын эсебинен банк тарабынан берилген кредиттер боюнча номиналдык жылдык пайыздык чен, Банк Улуттук банктан алган кредиттик каражаттар боюнча пайыздык ченден 1000 базистик пункттан көбүрөөккө (10 пайыздык пункт) ашпоого тийиш. 

Мында банк, Улуттук банктын каражаттарынын эсебинен кредит берүүдө, карыз алуучулардын алар менен түзүлгөн келишимдерде көрсөтүлүүгө тийиш болгон кредиттик милдеттенмелерди аткарбай койгондугу үчүн айыптык төлөмдөрдү эске албаганда, белгиленген нарктык түрүндө туюндурулган номиналдык пайыздык чендин, б.а. карыз алуучу банкка төлөп берүүчү сумманын ашып кетишине тике жана/же кыйыр түрдө таасир этиши мүмкүн болгон комиссиялык төлөмдөрдү, жыйымдарды же башка кошумча төлөмдөрдү, анын ичинде салыктык жыйымдарды өз карыз алуучуларына чегерүүгө/алардан кармап калууга укугу жок. Пайыздык чендердин туура эсептелиниши жана колдонулушу үчүн жоопкерчилик, кредиттик каражаттарды берүү келишимине ылайык, Банкка жүктөлүүгө тийиш.  

2.8. Банктар кредиттик аукциондордун алкагында алынган кредитик каражаттарын юридикалык жактарга жана жеке адамдарга ушул жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн багыттар боюнча мурда берилген кредиттерин кайра каржылоо үчүн пайдаланууга укуктуу. Мында кайра каржылоо жол-жобосу акча каражаттарын банктын карыз алуучуларынын эсебине чегерүү аркылуу кредиттик каражаттарды айкын берүүнү болжолдойт, карыз алуучулар андан ары мурда алынган кредиттеринин ордун жабууга, же Жобого ылайык келген, кайра каралган шарттарды (пайыздык чендерди, кредиттин суммасын жана мөөнөтүн ж.б.) милдеттүү түрдө көрсөтүү менен Кредиттик келишимге карата Кошумча келишимди түзүүлөрү тийиш.  

2.9. Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген, Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга караат камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө жобого ылайык, реструктуризацияланган, классификацияланган жана байкоо алдындагы кредиттер, ошондой эле Улуттук банктын кредиттик аукциондорунун алкагында алынган кредиттик ресурстардын эсебинен буга чейин берилген кредиттер кайра каржыланбайт.  

2.10. Банк, кредиттик аукциондо алынган кредиттик ресурстарды Жобонун 26-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык, микрофинансылык компаниялар жана микрокредиттик компаниялар сыяктуу банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерди андан-ары кредиттөө үчүн пайдаланууга укуктуу.  

2.11. Эгерде, кредиттик ресурстар ушул Башкы келишимдин 2.10-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарга багыттала турган болсо, Банктар кредиттик ресурстарды берүү күнү ал тууралуу кат жүзүндө Улуттук банкка маалымдап, Банк менен БФКМ ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимдин көчүрмөсүн ага сунуштоого тийиш.  

2.12. БФКМдерге кредиттик ресурстарды берүү учурундагы Банктын маржасы 0,2% ашпоого тийиш. 

2.13. Контролдукка алуу максатында Улуттук банк, кандай болбосун зарыл маалыматтарды, анын ичинде кредиттин максатка ылайык пайдаланылышына тиешелүү маалыматтарды Банктан талап кылууга жана алууга укуктуу. Банк кредиттик каражаттардын пайдаланылышы тууралуу отчетту жана башка зарыл документтерди Улуттук банк тарабынан белгилеген формада жана мөөнөттө анын талабы боюнча берүүгө тийиш.  

2.14. Кредит, кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча, күрөөлүк камсыздоо алдында, катталган пайыздык чен боюнча берилет. Мында, коммерциялык банктар өз кардарларына кредиттерди катталган пайыздык чен боюнча бериши зарыл.  

2.15. Кредиттик аукциондун жыйынтыктары Башкы келишимге карата 3-тиркемеге ылайык Банкка маалымдалат. 

2.16. Кредит Банкка тиешелүү Кредиттик келишимди тариздөө менен берилет, анда кредит берүүнүн төмөнкүдөй айкын шарттары чагылдырылат: кредиттин өлчөмү (суммасы), мөөнөтү, пайыздык чени, кредиттин негизги суммасы жана ал боюнча пайыздарды төлөө шарттары ж.б. Көрсөтүлгөн Кредиттик келишимде ушул Башкы келишимге карата шилтеме камтылууга тийиш. Аукционго катышуучунун ыйгарым укуктуу адамынын колу коюлган Кредиттик келишим Жобонун 62, 63 жана 64-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө Улуттук банкка берилүүгө тийиш.  

2.17. Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине акча каражаттарын чегерүү, өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгына ылайык Улуттук банк менен Банк ортосунда тиешелүү Кредиттик келишимге жана Күрөө келишимине кол коюлуп, тариздетилгенден жана Күрөө келишими ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөртүлгөндөн кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. 

2.18. Тараптар Жобонун жана ушул Башкы келишимдин бардык талаптарынын аткарылышына кепилдик беришет. 

 

3. КРЕДИТТИН КАМСЫЗДООСУ 

3.1. Кредиттик ресурстардын түрүнө жараша, ушул Жобонун 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн күрөөлүк камсыздоо Башкы келишим жана Кредиттик келишим боюнча кредиттин негизги суммасын, ага кошуп эсептелинген пайыздарды кайтарып берүү, туумдарды жана айыптык санкцияларды төлөө боюнча Банктын өзүнө алган милдеттенмелерин аткаруусунун камсыздоосунан болуп саналат. Ушул Башкы келишим жана Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелердин камсыздоосунан болуп саналган күрөөлүк камсыздоолордун айкын тизмеги, Банк менен Улуттук банктын ортосунда түзүлгөн Күрөө келишиминде көрсөтүлөт.  

3.2. Банк, Жобонун 62, 63 жана 64-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө күрөөлүк камсыздоону каттоодөн өткөртүүгө милдеттенет.  

3.3. Банк Тараптардын өз ара макулдугу боюнча Кредиттик келишимге карата Күрөө келишиминде көрсөтүлгөн күрөөлүк камсыздоону ошондой эле баадагы күрөө менен алмаштырууга укуктуу. 

3.4. Мамлекеттик баалуу кагаздар жана/же БФКМге-кредиттик ресурстарды алуучуга менчик укугунда таандык болгон, Улуттук банктагы пайызсыз депозит эсебинде турган акча каражаттарына талап кылуу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасы да Банк тарабынан БФКМге берилүүчү кредиттердин камсыздоосунан боло алат.  

3.5. Күрөөлүк камсыздоо сунушталып жана/же алмаштырылган учурда, мамлекеттик баалуу кагаздар жана/же БФКМге-кредиттик ресурстарды алуучуга менчик укугунда таандык болгон нак эмес чет өлкө валютасы Банк тарабынан күрөөлүк камсыздоо катары сунушталган жана/же алмаштырылган учурда Банк, мамлекеттик баалуу кагаздарын жана/же Улуттук банктагы пайызсыз депозит эсебинде турган акча каражаттарына талап кылуу укугу түрүндөгү нак эмес чет өлкө валютасын күрөөгө коюуга жана/же кайра күрөөгө коюу укугуна БФКМдин макулдугун Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

 

4. КРЕДИТТИ ТӨЛӨӨ ШАРТТАРЫ 

4.1. Кредиттин негизги суммасынын ордун жабуу кредиттин мөөнөтү бүткөн күнү, операциялык күндүн акырына чейин, өз корреспонденттик эсебинен улуттук валютадагы акча каражаттарынын суммасын Улуттук банктагы тиешелүү эсепке которуу аркылуу ишке ашырылат. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды кошуп эсептөө жана төлөө Банк тарабынан кредиттик келишимге ылайык ай сайын жүзөгө ашырылып турат. 

4.2. Эгерде кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө күнү майрам күнүнө, иштебеген күнгө же дем алыш күнгө туура келип калса, анда кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. 

4.3. Кредитти төлөө күнү кредиттин негизги суммасы жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздар толук көлөмдө төлөнүүгө тийиш, ал эми Кредитти бөлүп төлөөгө жол берилбейт. 

4.4. Банк, Башкы келишимде жана Кредиттик келишимде каралган карыздын негизги суммасын жана ал боюнча пайыздарды пландаштырылып жаткан төлөө күнүнө чейинки үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен, Улуттук банкка ал тууралуу алдын ала билдирүү менен мөөнөтүнөн мурда бөлүп төлөөгө же толук жабууга укуктуу. 

4.5. Кредит жана ага чегерилген пайыздар боюнча Банк өз милдеттенмелерин өз убагында жана толук аткарган шартта, Улуттук банк күрөөлүк камсыздоону 10 жумуш күнү ичинде бошотуп берет. 

4.6. Келишимдин 4.5-пункту сакталган учурда, Улуттук банкта пайызсыз депозиттик эсебинде турган акча каражаттарына талап кылуу укугу түрүндө нак эмес чет өлкө валютасы формасындагы Банктын күрөөлүк каражаттары бошотулган шартта, Банк SWIFT эл аралык стандарттарына ылайык, SWIFT системасы боюнча (МТ 202 форматында) төлөм нускоосун төлөмдүн негизин жана багытын тоук жана так көрсөтүү менен Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү. Мында, Улуттук банкка саат 12-00го чейин келип түшкөн төлөм нускоолору, ошол күнкү валюталоо күнүндө, ал эми саат 12-00дон кийин келип түшкөн төлөм нускоолору кийинки валюталоо күнүнөн кечиктирбестен аткарылат. Ошону менен бирге эле, валюталоо күнү Кыргыз Республикасында же Улуттук банктын корреспондентинин өлкөсүндөдем алыш күн болуп саналса, анда күрөөлүк каражаттарды бошотуу кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.  

4.7. Банк тарабынан кредиттин негизги суммасы жана ага кошуп эсептелинген пайыздар боюнча тиешелүү милдеттенмелер Кредиттик келишимде белгиленген мөөнөттө аткарылбай калган шартта, Банк милдеттенмелер аткарылбай калган учурдан тартып, өзүнүн Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинен кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздардын, туумдардын жана айыптык төлөмдөрдүн ордун жабуу үчүн жетиштүү суммадагы каражаттарды акцептсиз тартипте эсептен алып салууга Улуттук банкка укук берет.  

4.8. Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебиндеги каражаттардын жетишсиздигинен улам, кредиттин негизги суммасынын жана/же ага кошуп эсептелинген пайыздардын, туумдардын жана айыптык төлөмдөрдүн ордун жабуу боюнча милдеттенмелер аткарылбай калган шартта, Банк кредиттин камсыздоосу катары сунушталган күрөө предметинен соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзүү жолу менен, кредит боюнча Банктын аткарылбай калган милдеттенмелеринин ордун жабууга Улуттук банкка токтоосуз түрдө макулдугун берет. Бул учурда Улуттук банк, кредит боюнча милдеттенмелер белгиленген мөөнөттө аткарылбай калгандыгын жана күрөө предметинен соттук эмес тартипте өндүрүүнү жүргүзгөндүгү жол-жобосу жөнүндө Банкка кат жүзүндө маалымдайт.  

4.9. Банктын кредит боюнча аткарылбаган милдеттенмелеринин ордун жабуунун эсебине ага карата менчик укугу Улуттук банкка өткөн күрөө, Улуттук банктын балансына  Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарты жана Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  Эсепке алуу саясатына ылайык адилет нарк боюнча кабыл алынат. 

4.10. Өндүрүлүп алынган күрөө эсебинен Банктын кредиттин негизги суммасы боюнча Улуттук банк алдындагы карызынын, ага кошуп эсептелинген пайыздардын, туумдардын жана айыптык төлөмдөрдүн орду жабылууга тийиш. 

4.11. Улуттук банктын Банкка карата утурлама талаптарын чегеришүү аркылуу алынган сумма жетишсиз болуп калган шартта, Улуттук банк Банктын кандай болбосун башка мүлкүнөн жана талап коюу укугунан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жетпеген сумманы алууга укуктуу.  

4.12. Улуттук банктын бардык талаптарын канааттандыруудан кийинки калган сумма Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерилет.  

 

5. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИГИ 

5.1. Банк Жобого, Башкы келишимге жана Кредиттик келишимге ылайык, кредит боюнча өз милдеттенмелери үчүн толук жоопкерчилик тартат. 

5.2. Улуттук банк тарабынан жеңүүчү катары таанылган Банк кредиттик каражаттарды алуудан баш тарткан шартта, ал кийинки кредиттик аукциондорго катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт жана канааттандырылган билдирмеден бир пайыз өлчөмүндө айыптык төлөмдү аукцион боюнча эсептешүү жүргүзүлгөн күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен төлөөгө тийиш.  

5.3. Банк күрөөлүк камсыздоонун болушу жана өз убагында сунушталышы, ошондой эле күрөө келишиминин ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөртүлүшү үчүн жоопкерчиликтүү

5.4. Банк, кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк менен кредиттик келишимге, Күрөө келишимине өз убагында кол коюлушу үчүн жоопкерчиликтүү. Эгерде Банк, кол коюлган жана талаптагыдай тариздетилген Кредиттик келишимди, Күрөө келишимин жана кредит алууга Банктын тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарынын чечимин белгиленген мөөнөттөрдө сунуштабаса, Банктын билдирмеси жокко чыгарылат. Бул учурда Банк аукцион боюнча эсептешүүлөр жүргүзүлгөн күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен, канааттандырылган билдирмеден бир пайыз (1%) өлчөмүндө бир жолку айыптык төлөм төлөп берет жана ага карата кийинки аукциондорго катышуу боюнча чектөөлөр белгиленет.  

5.5. Банк, кредит берилген күндөн кийинки 30 (отуз) календардык күнү ичинде Улуттук банктан алынган акча каражаттарын карыз алуучулар, анын ичинде БФКМдер арасында жайгаштырууга милдеттүү. Эгерде, кредиттик ресурстар же алардын бөлүгү ушул пунктта көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө толук пайдаланылбай калса же жарым-жартылай пайдаланылса, Улуттук банк көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийинки жумуш күнү кредиттик ресурстардын өздөштүрүлбөй калган бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүнү талап кылышы мүмкүн.  

Ушул Башкы келишимдин 5.5-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө алынган акча каражаттары толук эмес жана/же өз учурунда жайгаштырылбаса, алынган каражаттар толук жайгаштырылганга же кредиттик каражаттардын өздөштүрүлбөгөн бөлүгү Улуттук банкка кайтарылып берилгенге чейинки ар бир күн үчүн банк Улуттук банкка кредиттик ресурстардын өздөштүрүлбөгөн бөлүгүнөн 0,1 пайыз өлчөмүндөгү туум түрүндөгү айыптык төлөмдү төлөөгө тийиш.  

5.6. Банк Жобонун жана Башкы келишимдин бардык шарттарынын жана талаптарынын так сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү. Эгерде, ушул Жобонун жана Башкы келишимдин талаптарын бузууга жол берип жана/же талаптагыдай аткарбаса Улуттук банк кемчиликтерге жол берүүнүн мүнөзүнө жараша, төмөнкүлөргө укуктуу: 

5.6.1. Орун алган кемчиликтерди четтетүү тууралуу жазма буйрукту жөнөтүүгө

5.6.2. Берилген кредиттик ресурстардын мөөнөтүнөн мурда кайтарылышын талап кылуу; 

5.6.3. Улуттук банктын талабына ылайык, акча каражаттары толук эмес жана/же өз учурунда кайтарылбаса, Улуттук банк банктын корреспонденттик эсебинен акча каражаттарын акцептсиз тартипте эсептеп алып коюуга жана мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз суммасынан ар бир күн үчүн 0,1 пайыз өлчөмүндө туум чегерүүгө

5.6.4. Банкты Улуттук банктын кийинки кредиттик аукциондоруна катышуудан 6 айга чейинки мөөнөткө четтетүүгө.  

5.6.5. Кредиттик аукциондор тууралуу Башкы келишимди бузууга.  

5.7. Эгерде, Башкы келишимден жана Кредиттик келишимден улам кредиттин негизги суммасынын жана/же ага чегерилген пайыздардын ордун жабууга багытталган кандай болбосун төлөм толук эмес төлөнүп жана белгиленген мөөнөттө ишке ашырылбаса, мындай карыз мөөнөтүндө төлөнбөгөн катары каралып, ага мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын суммасынан 0,1% өлчөмүндө туум чегерилет. Туум мөөнөтүндө төлөнбөгөн ар бир күн үчүн, төлөнбөгөн карыз келип чыккан күндөн тартып орду жабылбаган сумманын бөлүгү толугу менен төлөнгөнгө чейин чегерилип турат.  

5.8. Улуттук банк Жобого жана Башкы келишимге ылайык кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Банктардын Улуттук банктагы корреспонденттик эсептерине канааттандырылган билдирмелер боюнча акча каражаттарынын суммасын өз убагында жана толугу менен чегерилишине, ошондой эле Банк кредит жана ал боюнча чегерилген пайыздар жагында өз милдеттенмелерин учурунда жана толугу менен аткарган шартта, күрөөлүк камсыздоонун өз учурунда бошотулуп берилиши үчүн жоопкерчиликтүү. Эгерде, Банктын корреспонденттик эсебине улуттук валютадагы кредиттик каражаттар өз учурунда жана/же толугу менен чегерилбесе, Улуттук банк Банкка мөөнөтүндө төлөнбөгөн милдеттенменин суммасынан 0,1% өлчөмүндө туум төлөп берүүгө тийиш.  

5.9. Улуттук банк, Жобонун, Башкы келишимдин жана Кредиттик келишимдин шарттарын бузууга жол берилишинен улам, Банктын чыгым тартышы үчүн жоопкерчиликтүү эмес.  

5.10. Контролдоо максатында Улуттук банк, кредиттик аукциондордун алкагында берилген кредиттик ресурстардын максаттуу пайдаланылып жатышына текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле күрөө жайгашкан жерге түздөн-түз баруу менен күрөөлүк камсыздоого мониторинг жүргүзүүгө укуктуу. Мындан тышкары, банктын жана/же БФКМдин финансылык абалына, ошол кредит боюнча камсыздоонун абалына, кредиттин максаттуу пайдаланылып жатышына тиешелүү маалыматтарды жана башка маалыматтарды талап кылып, алууга укуктуу. Улуттук банктын талабы боюнча банк жана/же БФКМ кредиттик каражаттардын пайдаланылып жатышы жөнүндө отчетту жана башка зарыл документтерди Улуттук банк белгилеген формада жана мөөнөттөрдө сунуштап турууга тийиш. 

5.11. Тараптар, Жобого жана Башкы келишимге ылайык, кредит алуу жана анын ордун жабуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу алардын кызматкерлеринин иш-аракеттеринин тактыгы, өз убагында аткарылгандыгы жана купуялуулуктун сакталышы үчүн толук жоопкерчиликтүү.  

 

6. КРЕДИТТИ ПРОЛОНГАЦИЯЛОО ТАРТИБИ 

6.1. Банк ушул Жобонун, Башкы келишимдин талаптарын, ошондой эле Улуттук банктын башка талаптарын аткарып, кредиттик ресурстар боюнча милдеттенмелерин өз учурунда жана толук жапкан шартта, кредиттик аукциондордун алкагында алынган кредиттер боюнча эч кандай мыйзам бузуулар жок болсо, Банктын өтүнүч катынын негизинде Улуттук банк кредиттик ресурстарды 6 айдан ашпаган мөөнөткө пролонгациялоого укуктуу.  

6.2. Улуттук банк тарабынан кайра каржылоо максаттары үчүн 6 айлык мөөнөткө берилген кредиттик ресурстар гана пролонгацияланууга тийиш.  

6.3. Улуттук банк тарабынан кайра каржылоо максаттары үчүн берилген кредиттик ресурстар баштапкы пайыздык чен боюнча 3 (үч) жолудан көп эмес пролонгацияланышы мүмкүн.  

6.4. Кредиттик ресурстарды пролонгациялоо үчүн Банк, жаңы Кредиттик келишимди жана Күрөө келишимин же болбосо кредитти пролонгациялоо боюнча кошумча келишимди түзүү үчүн кредит мөөнөтү бүткөнгө чейинки кеминде 1 ай мурда кредитти пролонгациялоо тууралуу өтүнүч катты Улуттук банкка жөнөтүүгө тийиш.  

 

7. ӨЗГӨЧӨ ШАРТТАР 

7.1. Жер титирөөнү жана ар кандай жаратылышы кырсыктарын, мамлекеттик органдардын аракеттерин жана чечимдерин, согуш аракеттерин жана массалык баш аламандыкты кошо алганда, Башкы келишимде тараптар болгондор контролдугуна ала албаган жана алардын ушул Башкы келишим жана Кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруусуна тоскоолдук кылган кырдаалдардын тике же кыйыр түрдө таасир этишинен улам форс-мажордук жагдайлар келип чыккан шартта милдеттенмелерди аткаруу мөөнөттөрү, ошол күтүүсүз жагдайлар орун алып турган убакытка шайкеш, бирок ушул Башкы келишимдин жана Кредиттик келишимдин же көрсөтүлгөн форс-мажордук жагдайлар келип чыккандан кийин аткарылуучу бөлүгүн аткаруу мөөнөтүнө олуттуу таасир тийгизген өлчөмдө гана кийинкиге жылдырылат.  

7.2. Ушул Башкы келишимдин эки Тарабы тең тез арада, Башкы келишим жана Кредиттик келишим боюнча өз милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган форс-мажордук жагдайлардын орун алып жатышы жөнүндө бири-бирине оозеки жана кат жүзүндө 2 (эки) жумуш күнү ичинде маалымдоосу зарыл.  

7.3. Тараптардын бири форс-мажордук жагдайлардан улам, ушул Башкы келишим жана Кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмесин аткара албай калса, бирок ал ошол жагдайлардын кесепеттерин четтетүү үчүн бардык зарыл чараларды өз учурунда көргөн болсо, Башкы келишимдин жана Кредиттик келишимдин шарттарын бузууга жол бергендик катары каралбайт.  

 

8. ТАЛАШ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ 

8.1. Ушул Башкы келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан талаш маселелер жана пикир келишпестиктер, өз ара алгылыктуу чечимди кабыл алуу максатында, тараптардын сүйлөшүүлөрү аркылуу жөнгө салынууга тийиш. 

8.2. Чечилбеген талаш маселелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте чечилет.  

 

9. БАШКА ШАРТТАР 

9.1. Башкы келишимдин шарттары Тараптардын макулдугу боюнча толукталышы жана өзгөртүлүшү мүмкүн. 

9.2. Башкы келишимге карата бардык толуктоолор жана өзгөртүүлөр кат жүзүндө даярдалып, Тараптар ага кол койгон шартта анык болуп саналат.  

9.3. Башкы келишим бирдей бири юридикалык күчкө ээ 3 нускада орус тилинде түзүлгөн. Алардын экөөсү Улуттук банкта калат, бир нускасы өтүнүч менен Банкка берилет.  

9.4. Башкы келишимге карата 1, 2, 3, 4 жана 5-тиркемелер анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

 

10. КЕЛИШИМДИН АРАКЕТТЕНҮҮ МӨӨНӨТҮ ЖАНА АНЫ ТОКТОТУУ ТАРТИБИ 

 

10.1. Башкы келишим, ага эки тарап тең кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана бир жыл аралыгында колдонулат. Башкы келишимдин токтотулушу Банктын алынган кредиттерди кайтарып берүү жана Башкы келишимде каралган күрөө шарттарынын сакталышын, ошондой эле Башкы келишимде жана Жободо каралган тартипте күрөөнү бошотуп берүү боюнча Улуттук банктын милдеттенмесин токтотпойт. 

10.2. Башкы келишим, анын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейинки бир календардык ай мурда Тараптардын бири аны токтотуу ниетин билдирүү менен кат жүзүндө кайрылбаса, ар бир кийинки календардык жылга узартылган катары эсептелинет.  

10.3. Улуттук банк төмөнкү учурларда Банкка алдын ала билдирүүсүз эле, Башкы келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу:  

- Банк Жобонун жана Башкы келишимдин шарттарын бузууга жол берген болсо; 

- Улуттук банк тарабынан берилген банктык операцияны жүргүзүү укугуна лицензия кайтарылып алынса; 

- Юридикалык жак катары Банктын иши, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык токтотулса; 

- Банк банкрот деп жарыяланса. 

 

11. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ ЖАНА РЕКВИЗИТТЕРИ  

 

Улуттук банк: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101. 

 

 

 

 

Кызматы__________________ 

 

(кол тамгасы)______________М.О. 

Банк: 

«Коммерциялык банк» ААКсы/ЖАК 

Бишкек шаары, ____________ көчөсү

Улуттук банктагы корэсеби №1010126_______  

Улуттук банктын БИК №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

Мамлекеттик салык инспекциясынын коду: _____ 

Кызматы_________________ 

 

(кол тамгасы)__________________М.О. 

 

 

 

 

 

 

 

20__-жылдын «___»______№___  

Кредиттик аукцион жөнүндө 

Башкы келишимге карата 

№1-тиркеме 

 

 

Кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча кредит алууга Банктын өтүнүчүнө кол коюу жана Улуттук банктан кредит алуу үчүн күрөөлүк камсыздоону берүү укугуна ээ  

БАНКТЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ АДАМДАРЫНЫН ТИЗМЕСИ 

 

20____-жылдын «___» ____________ Бишкек шаары  

Ушул аркылуу _____________________________________________________,  

(банктын аталышы) 

____________________________________________________________ атынан 

(аты-жөнү, кызматы) 

___________________________________________ негизинде иш алып барган ___________________________________________ төмөнкү адамдарга кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча кредит алууга Банктын өтүнүчүнө кол коюга укук чегерет. 

1. Банктын жоопкерчиликтүү адамынын аты-жөнү ________________________________ 

2. Банктын жоопкерчиликтүү адамынын электрондук почтасынын дареги______________  

3. Банктын жоопкерчиликтүү адамынын жумуштагы телефон номери_________________ 

Кандайдыр бир өзгөртүүлөр сунушталган шартта Банк тез арада, кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Банктын кредит алууга өтүнүчүнө кол коюуга укуктуу жоопкерчиликтүү адамдарынын жаңыртылган тизмесин Улуттук банкка сунуштайт. 

Банктын кредит алуу билдирмесине кол коюу укугуна ээ банктын жоопкерчиликтүү адамдарынын жаңыртылган тизмеси, кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча кредит алууга Банктын билдирмесине кол коюуга укуктуу жоопкерчиликтүү адамдары алмашкан учурда да жаңыртылган тизме сунушталат.  

 

 

Кызматы 

 

Аты-жөнү_____________________ Кол тамгасы__________ М.О.___________  

 

 

 

 

 

 

 

 

20___-жылдын «__»_______№______ 

Кредиттик аукцион жөнүндө 

Башкы келишимге карата №2-тиркеме 

 

 

КРЕДИТТИК АУКЦИОНГО КАТЫШУУ ҮЧҮН  

20___-жылдын «____»_______ №______ БИЛДИРМЕ 

Карызгер___________________________________________________________  

(Банк-карызгердин аталышы)  

1. Ушул аркылуу Банк ___________ сом суммасындагы (суммасы сан менен жана жазуу түрүндө) кредит алуу үчүн кредиттик аукционго катышууга билдирме жөнөтөт.  

2. Мында Банк кредиттик каражаттар боюнча төмөнкү ченди сунуш кылат:  

Кредит боюнча чен жылдык ________ %. 

3. Банк алган кредиттик сумманы төмөнкү максаттарда жумшайт: 

 

Кредиттин суммасы  

Кредиттин мөөнөтү 

Максаттуу багытталышы (ликвиддүүлүк/кайра каржылоо) 

Өздүк билдирме 

 

 

 

 

БФКМ билдирмеси 

 

 

 

 

Бардыгы: 

 

 

 

4. Кредитти камсыздоо катары ____________ сом суммасындагы (суммасы сан менен жана жазуу жүзүндө) мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндө күрөө сунушталат, анын ичинде:  

катар№ 

Каттоо номери 

Чыгарылган күнү 

Төлөө күнү 

Саны  

МБКнын номиналы, сом менен 

Номиналдык наркы, сом менен 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чет өлкө валютасы: 

Валюта түрү 

Суммасы  

 

 

 

 

 

Кредит портфели: 

Кредит портфелинин жалпы номиналдык наркы _____________________________ 

Күрөөгө сунушталган кредиттердин саны __________________________________ 

 

5. Милдеттенмелер Жободо жана Кредиттик келишимде каралган тартипте аткарылбаган шартта Банк, кредит боюнча карыз суммасынын корреспонденттик эсептен акцептсиз тартипте эсептеп алынышына макулдук берет. Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебинде каражаттар жетишсиз болсо, Банк Улуттук банкка Жобого жана Кредиттик аукцион жөнүндө Башкы келишимге ылайык, ушул билдирменин 4-пунктунда чагылдырылган күрөө предметинен соттук эмес тартипте тез арада өндүрүүнү жүргүзүүгө укук берет.  

 

(Банк-карызгердин аталышы)  

 

Кызматы 

 

Аты-жөнү_______________ Кол тамгасы____________ М.О.___________  

20___-жылдын «___»______№____ 

Кредиттик аукцион жөнүндө 

Башкы келишимге карата 

№3-тиркеме 

 

 

 

БИЛДИРМЕ 

  

Ушул аркылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, 20____-жылдын «___»_____ болуп өткөн кредиттик аукциондун жыйынтыгы боюнча Сиздин билдирмеңиз төмөнкү көлөмдө канааттандырылгандыгын маалымдайт:  

Аукциондун коду 

Банктын билдирмеси  

Суммасы (сом) 

% чен 

  

  

  

   

_______________ ______________ _____________  

Кызматы (кол тамгасы) (Аты-жөнү)   

  

  

Аткаруучу: Аты-жөнү 

Тел:_____________  

 

 

 

 

 

 

Кредиттик аукцион жөнүндө 

Башкы келишимге карата 

№4-тиркеме 

 

 

20____жылдын “___”_______№___ Кредиттик аукцион жөнүндө Башкы келишимге карата №____ кредиттик келишим 

 

Бишкек шаары ____-жылдын «___»________  

 

Мындан ары “Улуттук банк” деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын жана 20__-жылдын «___»______№__ буйруктун негизинде иш алып баруучу ___________________ бир тараптан, жана 

мындан ары «Банк» деп аталуучу _________________________ атынан Уставдын негизинде иш алып барган ____________________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди (мындан ары - «Келишим») түзүштү

 

1. КРЕДИТТИК КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Улуттук банк, 20___жылдын «___»_______ № ______ Кредиттик аукцондун жыйынтыгы боюнча 20___жылдын «___»_______ № ______ Кредиттик аукцион жөнүндө Башкы келишимдин (мындан ары - Башкы келишим) жана жана ушул Кредиттик келишимдин негизинде, Кредиттик келишимде, Башкы келишимде жана Улуттук Банк Башкармасынын 2013-жылдын «___»_______ №___ токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жободо (мындан ары - Жобо) каралган шарттарда ___________ сом суммасында (суммасы жазуу менен) Банкка кредит сунуштайт.  

 

2. КРЕДИТ БЕРҮҮ ШАРТТАРЫ 

2.1. Кредит 20___жылдын «____»______тартып «____»_____чейинки мезгилге _____ мөөнөткө берилет. 

2.2 Кредит берилген күн катары, кредит боюнча акча каражаттар Банктын Улуттук банктагы корреспонденттик эсебине чегерилген күн саналат. 

2.3. Улуттук банк кредит боюнча акча каражаттарды, ушул Келишимге кол коюлгандан кийинки жана Кредиттик келишимге ылайык Банк тарабынан Улуттук банктан талап кылынган кредит боюнча күрөөнү, күрөө келишимдерин каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарда катталгандан кийинки жумуш күнү чегерет. 

2.4. Ушул Кредиттик келишимдин алкагында Улуттук банк тарабынан Банкка берилген кредит кайра каржылоо/ликвиддүүлүктү колдоого багытталат (тиешелүүсү көрсөтүлсүн).  

2.5. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык чен Кредиттик келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүндөй мөөнөткө жылдык ____ (жазуу жүзүндө) өлчөмүндө белгиленет. Кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды чегерүү жана төлөө, Банк тарабынан ушул Кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган карызды төлөө графигине ылайык (ушул Кредиттик келишимге карата 1-тиркеме) ай сайын ишке ашырылып турат. Пайыздарды чегерүү Жобого ылайык жүргүзүлөт.  

2.6. Пайыздар кредит берилген күндөн тартып (ошол күндү кошо алуу менен) кредит төлөнгөн күнгө чейин (ошол күндү кошпогондо) кредит боюнча карыздын айкын калдыгына, жыл ичиндеги 365 күн эсебинде жана ай ичиндеги күндөрдүн санына жараша чегерилет. 

2.7. Кредит боюнча карыздын негизги суммасын жана кредитти пайдалангандыгы үчүн чегерилген пайыздарды төлөө ушул Кредиттик келишимге жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган карызды төлөө графигине (Кредиттик келишимге карата 1-тиркеме) ылайык ишке ашырылат.  

2.8. Эгерде кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө күнү майрам күнүнө, иштебеген күнгө же дем алыш күнгө туура келип калса, анда кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө кийинки жумуш күнү ишке ашырылат. 

2.9. Кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө үчүн Банк тиешелүү суммаларды Улуттук банктагы эсепке которот (негизги карыз боюнча суммаларды №____ жеке эсепке, пайыздык төлөмдөр боюнча суммаларды №____ жеке эсепке). 

 

3. КРЕДИТТИ ПАЙДАЛАНУУ ШАРТТАРЫ 

3.1. Банк, Улуттук банк тарабынан берилген кредитти банктар аралык рынокто, валюта рыногунда жана баалуу кагаздар рыногунда операцияларды, ошондой эле башка операцияларды, анын ичинде өз инсайдерлери же аффилирленген жактары менен операцияларды жүргүзүү үчүн пайдаланууга укугу жок.  

3.2. Кредит берилген күндөн кийинки 30 (отуз) жумуш күнү ичинде Банк, Улуттук банктан алган акча каражаттарын өз карыз алуучулары арасында, анын ичинде БФКМде жайгаштырууга милдеттүү.  

3.3. Кредиттик каражаттарды жайгаштыруу мөөнөтү бүткөндөн кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде Банк, аталышын/аты-жөнүн жана кредиттөө шарттарын (кредиттөө багыты, тармагы жана мөөнөтү, пайыздык чен, негизги сумманы жана пайыздарды төлөө аралыгы) жана тиешелүү кредиттик келишимдин жана күрөө келишиминин реквизиттерин (номерин жана кол коюлган күнүн) кошо алганда, ар бир түпкү карыз алуучуну көрсөтүү менен каражаттар жайгаштырылгандыгы жөнүндөгү отчетту Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.  

3.4. Банк тарабынан ушул Кредиттик келишимдин 3.2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө кредит берүү жөнүндө кредиттик келишимдин негизинде алынган кредиттик каражаттар толугу менен же анын бөлүгү өздөштүрүлбөй калган учурда, Улуттук банк кредит боюнча өздөштүрүлбөй калган акча каражаттарынын бүтүндөй суммасын ушул кредиттик келишимдин 3.2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийинки жумуш күнү кайтарылып берилишин талап кылууга укуктуу. 

3.5. Банк акча каражаттарын толук эмес жана/же өз учурунда жайгаштыра албай калса, ал кредиттин өздөштүрүлбөй калган бөлүгүнөн 0,1 пайыз өлчөмүндө туум түрүндөгү айыптык төлөмдү алынган каражаттар толук жайгаштырылганга чейинки же кредиттик каражаттардын өздөштүрүлбөгөн бөлүгү кайтарылганга чейинки ар бир күн үчүн Улуттук банкка төлөйт.  

3.6. Ушул келишимдин 3.2-3.5-пункттарынын аракети 2.4-пунктка ылайык кайра каржылоого багытталган кредиттерге жайылтылат. 

 

4. КҮРӨӨЛҮК КАМСЫЗДОО 

4.1. Банк тарабынан ушул Кредиттик келишимдин негизинде алган кредити боюнча карызынын негизги суммасын, ал боюнча чегерилген пайыздарды, айыптык төлөм түрүндө кошумча төлөмдү, туумду жана Банктын ушул Кредиттик келишим, Башкы келишим боюнча башка төлөөлөрдү кайтаруу боюнча өзүнө алган милдеттенмелеринин аткарылышынын камсыздоосу катары, Банкка таандык _________ (күрөөнүн түрү көрсөтүлсүн) же кредитти кайра кредиттөө учурунда БФКМге таандык __________ (күрөөнүн түрү көрсөтүлсүн) саналат. Банк тарабынан Улуттук банкка ушул Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча өз милдеттенмелеринин Банкка же кредитти кайра кредиттөө учурунда БФКМге таандык камсыздоосу катары күрөөгө өткөрүлүп берилген күрөөлүк камсыздоонун так тизмеги Банк менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн тиешелүү күрөө келишиминде көрсөтүлөт.  

 

5. БАШКА ШАРТТАР 

5.1. Ушул Кредиттик келишимде каралбаган башка шарттар, Тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери ушул Жобо жана Башкы келишим аркылуу жөнгө салынат. 

5.2. Кредиттик келишимге карата бардык толуктоолор жана өзгөртүүлөр кат жүзүндө даярдалып, кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошумча келишим аркылуу кабыл алынат. 

5.3. Ушул Кредиттик келишим, анын ичинде билдирмени жана Жобого карата №3 жана №5 тиркемелер формасында күрөө келишимин кошо алганда, Улуттук банк менен Банк ортосунда түзүлгөн Кредиттик аукцион жөнүндө 20___жылдын «__»______ түзүлгөн №_____ Башкы келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ал тараптардын ар бири үчүн бирден, бирдей юридикалык күчкө ээ 3 анык нускада түзүлгөн. Нусканын бири күрөөнү каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу органга берилет.  

 

6. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

 

Улуттук банк:  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Бишкек ш., Үмөталиев атындагы көчө, 101. 

 

 

Кызматы__________________ 

(кол тамгасы)______________М.О 

Банк: 

«Коммерциялык банк» ААКсы/ЖАК 

Бишкек, ш. ____________ көчөсү 

Улуттук банктан корэсеп №1010126_______  

Улуттук банктын БИК №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

Мамлекеттик салык инспекциясынын коду: _____ 

Кызматы_________________ 

(кол тамгасы)__________________М.О. 

 

 

 

 

 

 

 

 

20___-жылдын «___»______№___  

Кредиттик келишимге карата  

№1-тиркеме 

 

Кредитти төлөө графиги 

 

Кредиттин суммасы: _______________сом 

Пайыздык чен (жылдык):_____% 

Пайыздарды төлөө: ай сайын 

Эсептөө жылы: 365 күн 

Кредиттин мөөнөтү:_____күн 

Кредит берүү күнү: 20__ж. «__»______ 

Кредиттин ордун жабуу күнү: 20__ж. «__»______ 

 

 

Айлар 

Ордун жабуу күнү  

Пайыздарды төлөө

Негизги сумманы төлөө 

Бардыгы болуп, ордун жабууга карата 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында  

 

 

 

 

* пайыздарды эсептөөдө кредитти пайдалануунун айкын күндөрү эсепке алынат. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

 

Кызматы __________________ 

 

(кол тамгасы)______________ М.О. 

Банк: 

ААК/ЖАК «Коммерциялык банк» 

 

Кызматы _________________ 

 

(кол тамгасы)__________________ М.О. 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кредиттик аукцион жөнүндө 

Башкы келишимге карата 

№5-тиркеме 

 

20____-жылдын «___»_______№_____ Кредиттик келишимге карата 

 

КҮРӨӨ КЕЛИШИМИ 

 

Бишкек ш. №______________ 20__-жылдын «___» ______№ ____  

Мындан ары “Улуттук банк” же «Күрөө кармоочу» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын жана 20____ «___» _______№___ буйруктун негизинде иш алып барган ___________________ бир тараптан, 

жана мындан ары «Банк» же «Күрөө коюучу» деп аталуучу ________________ атынан Уставдын негизинде иш алып барган ____________________ экинчи тараптан, мындан ары «Тараптар» деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ушул Келишимди (мындан ары - «Келишим») түзүштү

 

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Күрөө кармоочу Күрөө коюучуга _________ сом өлчөмүндө (суммасы жазуу менен) кредит берет. Кредитти жана ага кошуп эсептелген пайыздарды төөлөнүн акыркы мөөнөтү, 20__жылдын «____»_______№____Башкы келишимдин алкагында (Кредиттик аукцион жөнүндө башкы келишимдин) 20___жылдын «___»_______ № __ Кредит берүү жөнүндө Кредиттик келишимге ылайык (мындан ары - Кредиттик келишим) 20___-жылдын “__”______ келип жетет. 

1.2. Күрөө коюучу Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн Күрөө кармоочуга ______ (суммасы жазуу түрүндө) сом өлчөмүндөгү жалпы номиналдык нарктагы төмөнкү чыгарылыштагы жана көлөмдөрдөгү ________________ (МБК) күрөө катары өткөрүп берет: 

 

№№ п/п 

Каттоо номери 

МБКлар чыгарылган күн 

МКБлардын орду жабылган күн  

МБКлардын 

саны 

(даана) 

1 МБКнын номиналдык баасы (сом) 

МБКнын номиналдык наркы 

(сом) 

1.  

 

 

 

 

 

 

2.  

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында: 

 

 

 

 

 

1.3. Бул Келишим Күрөө коюучунун, аны бүтүндөй колдонуу мөөнөтү ичинде Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча милдеттенмелеринин аткарылышынын камсыздоосу катары кызмат кылат.  

1.4. Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун алдында, кредиттин негизги суммасын жана ага кошуп эсептелген пайыздарды, айыптык санкцияларды жана туумдарды кошо алганда, Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча өз милдеттенмелерин толук көлөмдө аткаруу; Кредиттик келишим жана Башкы келишимге ылайык негизги милдеттенмелерди аткарбай коюунун же кечиктирип аткаруунун же болбосо башка кемчиликтердин кесепетинен күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүдөн улам келип чыккан чыгымдар жана башка чыгашалар үчүн (соттук чыгашаларды кошо алганда) ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөөгө коюлган мүлкү менен жооп берет.  

1.5. Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун алдында өз милдеттенмелерин толук же бөлүгүн төлөбөй койгон учурда, ушул Келишимде, Башкы келишимде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларында белгиленген тартипте, күрөөгө коюлган мамлекеттик баалуу кагаздарга карата менчик укук Күрөө кармоочуга өтөт.  

1.6. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн күрөөгө коюлган мамлекеттик баалуу кагаздар, башка жерде күрөөгө коюлбагандыгына, талаш-тартышта эместигин жана ага тыюу салынбагандыгына, ошондой эле Күрөө коюучунун башка милдеттерин камсыздоо предмети эместигине кепилдик берет.  

 

2. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

2.1. Күрөө коюучу төмөнкүлөргө милдеттүү

2.1.1. Күрөөгө коюлган мамлеттик баалуу кагаздарды Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугусуз кимдир-бирөөгө акысыз бербөөгө, башка күрөөгө койбоого, алмаштырбоого (ушул Келишимде каралган учурларды эске албаганда), ошондой эле кандайдыр бир негиздер боюнча аны пайдаланбоого.  

2.1.2. Жайгашкан жеринин өзгөргөндүгү жана ушул Келишим, Кредиттик келишим жана Башкы келишим боюнча Күрөө кармоочу алдында милдеттерин аткаруусуна таасир этиши мүмкүн болгон ишиндеги башка өзгөрүүлөр тууралуу, алар күчүнө кирген күн келип жеткенге /башталганга чейин алдын ала маалымдоого; 

2.1.3. Күрөө коючу Кредиттик келишим, Башкы келишим жана ушул Келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткара албай калган же талаптагыдай аткарбаган учурда, ушул Келишимдин жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык, мамлекеттик баалуу кагаздардан токтоосуз түрдө (талашсыз), соттук эмес тартипте өндүрүүнүн жүргүзүлүшүн толугу менен гарантиялайт жана макулдугун берет; 

2.1.4. Ушул келишимдин каттоодон өткөртүлүшү жана күчүнө киргизилиши үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган бардык иш чараларды өз учурунда жана талаптагыдай ишке ашырууга.  

2.2. Күрөө коюучу күрөөдөгү мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча купондук төлөөлөрдү алуу укугуна ээ.  

2.3. Ушул Келишим боюнча күрөө предметинен болуп саналган мамлекеттик баалуу кагаздарды кайра күрөөгө коюуга жол берилбейт. 

2.4. Күрөө кармоочу төмөнкүлөргө укуктуу: 

2.4.1. Күрөө коюучудан ушул Келишимде көрсөтүлгөн милдеттердин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга, эгерде анын талабы канааттандырылбаса - төмөнкү учурларда мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен өндүрүүнү жүргүзүүгө

1) Күрөө коюучу Кредиттик келишимдин жана Башкы келишимдин талаптарын жана жоболорун бузган шартта; 

2) Күрөө коюучу кийинки күрөөгө коюу эрежелерин, мамлекеттик баалуу кагаздарга карата үчүнчү жактардын укугу жөнүндө Күрөө кармоочуга эскертүү милдеттенмесин бузган учурда; 

3) Күрөө коюучу ушул Келишимде же Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган башка талаптарды жана жоболорду аткарбаса.  

2.4.2. Эгерде, Күрөө коюучу же үчүнчү жак мамлекеттик баалуу кагаздардын Күрөө кармоочунун ээлигине өткөрүлүп берилишине тоскоолдук кылса, Күрөө коюучудан же үчүнчү тараптан мүлктү алуу үчүн зарыл болгон бардык мыйзамдуу аракеттерди көрүүгө.  

2.4.3. Ушул Келишим боюнча өз укуктарын үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө

2.4.4. Мамлекеттик баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана ушул Келишимдин шарттарына ылайык, соттук эмес тартипте ишке ашырууга.  

2.5. Күрөө кармоочу күрөө менен камсыздалган талаптын өлчөмүнөн ашкан сумманын айырмасын Күрөө коюучуга кайтарып берүүгө милдеттенет. Күрөө кармоочунун мамлекеттик баалуу кагаздардын наркынан канааттандырылуучу талаптарында төмөнкүлөр камтылат: кредиттин негизги суммасын кайтарып берүү, кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөө, Кредиттик келишимге жана Башкы келишимге ылайык негизги милдеттенмелерин аткарбай коюудан, мөөнөтүн өткөрүп жиберүүдөн же талаптагыдай аткарбай коюудан улам келип чыккан чыгымдарды жана үстөк айыптарды (айыптык төлөм, туум) төлөө, өндүрүүнү жүргүзүүдөн келип чыккан мүмкүн болуучу чыгымдарды жана башка чыгашаларды (соттук чыгымдарды кошо алганда) төлөө

 

3. КҮРӨӨ ШАРТТАРЫ 

3.1. Тараптар ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган мамлекеттик баалуу кагаздар, Күрөө коюучунун Улуттук банктын мамлекеттик баалуу кагаздарынын Башкы депозитарийиндеги Депо-эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебинде жайгаштырууга макулдашышты.  

Ушул Келишимге кол коюлгандан кийин Күрөө коюучу Келишим шарттарына ылайык мамлекеттик баалуу кагаздарды Күрөө коюучунун Башкы депозитарийиндеги Депо-эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебине Жободо көрсөтүлгөн шарттарга ылайык которуу жөнүндө Башкы депозитарийге тапшырма жөнөтүүгө милдеттенет.  

3.2. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган мамлекеттик баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же Улуттук банк эмитенти катары иш алып барган башка мамлекеттик баалуу кагаздарга же ушул Башкы келишимде көрсөтүлгөн, Күрөө коюучуга тиешелүү болгон ушундай эле баадагы башка күрөөгө алмаштырылшы мүмкүн. Мында, Күрөө кармоочу менен Күрөө коючунун ортосунда Тараптардын макулдугу боюнча жаңы Күрөө келишими тариздетилип, алар каттоо учурундагы төлөмдү төлөө менен тиешелүү мамлекеттик органдарда каттатылууга тийиш. Каттоодон өткөртүүгө чыгымдарды Күрөө коюучу төлөйт.  

3.3. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 3.1.-пунктунда жана башка пункттарында каралган талаптарды аткарбай койгон шартта жана ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган, Күрөө коюучунун Улуттук банктын мамлекеттик баалуу кагаздарынын Башкы депозитарийиндеги Депо-эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебинде турган мамлекеттик баалуу кагаздарды төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда, Тараптар Башкы депозитарийге ошол мамлекеттик баалуу кагаздардын номиналдык наркын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналыктын эсебинен Күрөө кармоочунун эсебине которууга ыйгарым укук чегеришкен. 

3.4. Кредиттик келишимге жана Башкы келишимге ылайык күрөө менен камсыздалган милдеттенмелер аткарылбай калган учурда, Күрөө кармоочу ушул Келишимге ылайык күрөөгө коюлган мамлекеттик баалуу кагаздарды Улуттук банктын мамлекеттик баалуу кагаздарынын Башкы депозитарийиндеги Депо-эсебинин камдык (күрөөлүк) субэсебинен Күрөө кармоочунун эсебине которулушун аткарууга укуктуу.  

3.5. Тараптар, ушул Келишимдин Улуттук банктын мамлекеттик баалуу кагаздарынын Башкы депозитарийинде каттоодон өткөртүлүшү үчүн төлөмдүн Күрөө коюучу тарабынан төлөнүшүнө макулдашышты. 

 

4. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ 

4.1. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган шартта, Тараптар бири-бирине келтирилген чыгымдарды Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык төлөп берүүгө тийиш.  

4.2. Келтирилген чыгымдардын ордун толтуру жана туумдарды төлөө күнөөлүү тараптарды ушул Келишимде, Кредиттик Келишимде жана Башкы келишимде каралган милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.  

 

 

5. КҮРӨӨ ПРЕДМЕТИНЕН ӨНДҮРҮҮНҮ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ 

5.1. Ушул Келишимдин жоболоруна ылайык мамлекеттик баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүү зарылчылыгы келип чыккан шартта Тараптар, мамлекеттик баалуу кагаздардан өндүрүүнү жүргүзүү ушул Келишимдин, Башкы келишимдин жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларынын шарттарына ылайык, соттук эмес тартипте дароо ишке ашырыла тургандыгына келишишти.  

 

6. БАШКА ШАРТТАР 

6.1. Келишим белгиленген тартипте каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет жана Күрөө коюучу Күрөө кармоочу алдындагы өз милдеттенмесин, анын ичинде кредит боюнча негизги карыздын суммасын, ал боюнча кошуп эсептелген пайыздарды, айыптык төлөмдөрдү/туумдарды төлөө жана Күрөө коюучунун Кредиттик келишим, Башкы келишим жана ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай коюусунан же талаптагыдай аткарбашынан улам келип чыккан башка чыгымдардын/чыгашалардын ордун жабуу боюнча милдеттенмелерин толук аткарганга чейин колдонулат.  

6.2. Ушул Келишим шарттары Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. 

6.3. Келишимди тариздетүү жана каттоодон өткөртүү боюнча сарптоолор Күрөө коюучунун эсебинен жүзөгө ашырылат. Келишимди Күрөө коюучу каттоодөн өткөртүүгө тийиш.  

6.4. Келишим Улуттук банктагы мамлекеттик баалуу кагаздардын Башкы депозитарийинде катталууга тийиш. 

6.5. Келишим, ушул Келишимдин 6.4-пунктуна ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет. 

6.6. Келишим орус тилинде 3 (үч) анык нускада түзүлгөн, 1 (бир) нускасы - сактоо үчүн Күрөө коюучуга, дагы 1 (бир) нускасы каттоо үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга, 1 (бир) нускасы сактоо үчүн Улуттук банкка берилет.  

 

7. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

 

КҮРӨӨ КАРМООЧУ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Бишкек ш., Үмөталиев атындагы көчө, 101. 

 

 

Кызматы __________________ 

 

(кол тамгасы)______________М.О 

КҮРӨӨ КОЮУЧУ 

Банк: 

«Коммерциялык банк» ААКсы/ЖАК 

Бишкек шаары,____________көчөсү 

Улуттук банктагы корэсеп №1010126_______  

БИК НБКР №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

Мамлекеттик салык инспекциясынын коду: _____ 

Кызматы_________________ 

(кол тамгасы)__________________М.О. 

20___ -жылдын «__»________  

Улуттук банкта каттоодон өткөртүлгөн № ___________ 

_____________________/____________________________________________ 

(кол тамгасы) (кызматы, аты-жөнү

 

 

 

 

Кредиттик аукцион жөнүндө 

Башкы келишимге карата 

№5-тиркеме 

 

20___-жылдын «___»______№___ Кредиттик келишимге карата 

КҮРӨӨ КЕЛИШИМИ 

 

 

Бишкек ш. №__________________ 20__-жылдын «___» ______№ ___  

 

Мындан ары “Улуттук банк” же ”Күрөө кармоочу” деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын жана 20____ «___» _______№___ буйруктун негизинде иш алып барган ___________________ бир тараптан, 

жана мындан ары «Банк» же «Күрөө коюучу» деп аталуучу ________________ атынан Уставдын негизинде иш алып барган ____________________ экинчи тараптан, мындан ары «Тараптар» деп аталуучулар төмөнкүлөргө тиешелүү банктык аманат келишими боюнча талап коюу укугунун мына ушул Күрөө келишимин (мындан ары - «Келишим») түзүштү

 

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Күрөө кармоочу Күрөө коюучуга _________ сом өлчөмүндө (суммасы жазуу менен) кредит берет. Кредитти жана ага кошуп эсептелген пайыздарды төөлөнүн акыркы мөөнөтү, 20__жылдын «____»_______№____Башкы келишимдин алкагында (Кредиттик аукцион жөнүндө башкы келишимдин) 20___жылдын «___»_______ № __ Кредит берүү жөнүндө Кредиттик келишимге ылайык (мындан ары - Кредиттик келишим) 20___-жылдын “__”______ келип жетет. 

1.2. Күрөө коюучунун Кредиттик келишим боюнча милдеттеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн Күрөө коюучу _____ жылдын “___” __________ Күрөө кармоочуга Күрөө коюучу менен Улуттук банктын ортосунда түзүлгөн №_____ Банктык аманат келишими (Банктын чет өлкө валютасындагы депозит эсебин Улуттук банкта ачуу жана тейлөө жөнүндө макулдашуу) боюнча (мындан ары - “Күрөө предмети” же “Банктык аманат келишими”) акча каражаттарын талап кылуу укугун толугу менен Күрөө кармоочуга өткөрүп берет.  

1.3. Банктык аманат боюнча акча каражаттары Улуттук банкта Күрөө коюучунун атына ачылган ____________ эсепке жайгаштырылган жана алардын өлчөмү _________(суммасы жазуу жүзүндө) АКШ долларын/еврону түзөт. Банктык (депозиттик) аманатты кайтаруу мөөнөтү Кредиттик келишим аяктагандан кийин келип жетет.  

1.4. Тараптар тарабынан макулдашылган Күрөө предметинин ушул Келишимге кол коюлган учурга карата жалпы наркы____(суммасы жазуу жүзүндө) АКШ доллары/еврону түзөт.  

1.5. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө предметин Күрөө кармоочунун макулдугусуз кайра күрөөгө коюуну, каражаттарды эсептен алып салууну/чегерүүнү кошо алганда, аларды тескөө укугуна ээ эмес.  

1.6. Күрөө коюучу Күрөө предмети башка жерде күрөөгө коюлбагандыгын, карыздардан жана үчүнчү жактардын укугунан эркин экендигине кепилдик берет.  

 

2. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

2.1. Күрөө кармоочунун укуктары жана милдеттери: 

2.1.1. Күрөө коюучудан банктык аманат (депозит) жайгаштырылган валютанын расмий курсунун төмөндөшүнүн натыйжасында анын наркы төмөндөгөн учурда, күрөө предметин алмаштырууну же кошумча камсыздоону талап кылууга.  

2.1.2. Күрөө коюучудан ушул Келишимдин 1.2-пункттарындагы жана Кредиттик келишимдеги милдеттенмелердин мөөнөтүнөн мурда аткарылышын талап кылууга, эгерде анын талабы канааттандырылбаса, анда төмөнкү учурларда күрөө предметинен өндүрүү ишке ашырылат:  

1) Күрөө коюучу кредиттик келишимдин шарттарын, талаптарын жана жоболорун бузган учурда; 

2) Күрөө коюучу кредиттин негизги суммасы боюнча карызын жана ага чегерилген пайыздарды, үстөк акыларды (айыптар жана туумдар) жана башка төлөмдөрдү кошо алганда, карызын төлөбөгөн же кредиттик келишим боюнча аны төлөө мөөнөтүн сактабаган учурда;  

3) Күрөө коюучу ушул Келишимдин талаптарын жана жоболорун бузган учурда; 

4) Күрөө коюучу “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө” жобонун жана Кредиттик аукцион жөнүндөгү башкы келишимдин шарттарын бузган учурда; 

5) Ушул жободо же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.  

2.1.3. Күрөө предметин сатуудан алынган сумма Күрөө кармоочунун талабын толук канааттандырууга жетишсиз болгон учурда, жетпей жаткан сумма Күрөө коюучунун башка мүлкүнөн алынат, андан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүү жүргүзүлүшү мүмкүн.  

2.1.4. Эгерде, Күрөө коюучу же үчүнчү бир тарап Күрөө кармоочуга күрөө предметин өткөрүп берүүгө тоскоолдук жаратса, Күрөө коюучудан же үчүнчү тараптан мүлктү алууга зарыл болгон мыйзамдуу аракеттерди көрүү;  

2.1.5. Ушул Келишим боюнча өз укуктарын (кайтарымдуу же кайтарымсыз) үчүнчү жактарга өткөрүп берүү.  

2.1.6. Ушул Келишимде каралган башка укуктарга ээ.  

2.1.7. Күрөө кармоочу ушул Келишимдин аткарылышына контролдук жүргүзүүгө жана контролдук функцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды талап кылууга, Күрөө предметинин болушун жана абалын текшерүүгө укуктуу.  

 

2.2. Күрөө коюучунун укуктары жана милдеттери: 

2.2.1. Келишим боюнча банктык аманаттын акча каражаттарын өткөрүп бербөөгө, күрөөгө койбоого, ошондой эле Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугусуз кандай болбосун башка жолдор менен банктык аманат келишими боюнча акча каражаттарын тескөөгө албоого;  

2.2.2. Күрөө кармоочунун макулдугусуз күрөө предметин азайтууга, түрүн өзгөртүүгө, токтотууга, жоготууга алып келүүчү иш-аракеттерге жол бербөөгө;  

2.2.3. Күрөө предметинин өзгөрүүлөрү, үчүнчү жактар тарабынан бузууга жол берилиши ыктымалдуулугу же бул укуктарга үчүнчү тараптардын тартылышы жөнүндө маалымат алган учурдан тартып, үч күндүк мөөнөт ичинде Күрөө кармоочуга ал тууралуу билдирүү

2.2.4. Күрөө кармоочунун талабы боюнча, үч күндүк мөөнөт ичинде, ага күрөө предметине тиешелүү бардык документтерди жана зарыл болгон башка бардык маалыматты берүүгө;  

2.2.5. Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугусуз, Банктык аманат Келишимине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбөөгө;  

2.2.6. Ушул Келишимде каралган башка милдеттенмелерге ээ; 

2.2.7. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү ушул Келишимдин шарттарына ылайык, соттук эмес тартипте ишке ашырылат. Күрөө коюучу күрөө предметинен соттук эмес тартипте өндүрүүнүн жүргүзүлүшүнө жана кредит берүү жөнүндө Кредиттик келишим жана ушул келишим боюнча алынган милдеттенмелер аткарылбай калса же талаптагыдай аткарылбаса, алардын мүнөздөмөлөрүнө жана курамдык түзүмүнө көз карандысыз, күрөө предметин соттук эмес тартипте сатып өткөрүүгө өз макулдугун берет жана аны гарантиялайт.  

2.2.8. Күрөө коюучу күрөө предметин ушул Келишимге ылайык сатууга чейинки кайсы гана убакта болбосун, бул күрөө аркылуу камсыз болгон милдеттенмени же анын аткаруу мөөнөтү өтүп кеткен бөлүгүн аткарууга укуктуу. 

 

3. КҮРӨӨ ШАРТТАРЫ 

3.1. Тараптар, Банктык аманат Келишими боюнча Күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган №__________эсебинде жайгаштырылган, Улуттук банктын кайра баа берүү күнүнө карата расмий курсу боюнча сом эквивалентиндеги АКШ долларында/евродо (сомго кайра эсептөөдө) акча каражаттарынын күндөлүк калдыгы, Күрөө кармоочу тарабынан колдонулган тиешелүү ордун жабуу коэффициентин (күрөөлүк коэффициентин) эске алуу менен кредит берүү жөнүндө Макулдашууга ылайык, Күрөө коюучунун алынган кредиттик каражаттар боюнча Күрөө кармоочу алдындагы карызынын күндөлүк калдыгынан төмөн болбоого тийиш экендигине макул болушту.  

Күрөө кармоочу Күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган №__________эсебинде жайгаштырылган акча каражаттарынын күндөлүк калдыгынын ушул пункттун биринчи абзацында каралган жоболорго ылайык келүүсүнө мезгил-мезгили менен кайра баа берүүнү жүргүзүп турат жана Күрөө коюучуга кошумча күрөө берүү же кредит берүү жөнүндө Макулдашуу боюнча алынган кредиттик каражаттар боюнча тиешелүү бөлүгүн төлөө зарылчылыгы жөнүндө талап-билдирүүлөрдү жөнөтөт.  

Эгерде, ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү ичинде Күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган №___________ эсебинде сом эквивалентинде жайгаштырылган акча каражаттарынын күндөлүк калдыгынын төмөндөшү, ушул пункттун биринчи абзацына ылайык эсептелинген суммадан 5 (беш) пайызынан ашыгыраакка төмөн болсо, анда Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун тиешелүү талап-билдирмеси келип түшкөндөн кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде Күрөө коюучунун Улуттук банкта ачылган №_____ эсебинде АКШ долларында/евродо жайгаштырылган акча каражаттарынын суммасын, Күрөө кармоочунун талап-билдирмелеринде көрсөтүлгөн талап кылынган суммага чейин жеткирүүгө же болбосо Кредит берүү жөнүндө Кредиттик келишимге ылайык, Күрөө кармоочудан Күрөө коюучу алган кредиттин тиешелүү бөлүгүн кайра баа берүү күнүнө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча сом эквивалентиндеги АКШ доллары/евродогу күрөөнүн суммасынын тиешелүү күрөө коэффициентин эске алуу менен Кредит берүү жөнүндө Кредиттик келишим боюнча Күрөө коюучунун Күрөө кармоочу алдындагы учурдагы карыз калдыгынын ордун жабууга тийиш.  

Мында, Улуттук банк белгилеген АКШ долларынын/евронун расмий курсунун жогорулоосу шартында карыз суммасынын кандайдыр-бир бөлүгү бошотулбайт жана Күрөө коюучуга кайтарылып берилбейт.  

3.2. Күрөө коюучу ушул Келишимге кол коюлгандан кийинки 1 (бир) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка кол коюлган келишимди сунуштоого, анын ичинде Күрөө коюучунун банктык аманат Келишими боюнча Улуттук банкта ачылган №______________ эсебинде жайгаштырылган акча каражаттары, күрөө предмети болуп саналган талап кылуу укугу Күрөө коюучунун Улуттук банктагы эсебинен, Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугусуз төлөнбөй тургандыгы (алып салуу/чегерүү) жөнүндө маалымдама жиберүүгө милдеттенет.  

3.3. Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугу менен ушул Келишимдин 3.1-пунктунда каралган шарттар сакталган учурда, кредит берүү жөнүндө Кредиттик келишимге ылайык, Күрөө коюучу Күрөө кармоочудан алган кредити боюнча өз милдеттенмелерин толук же анын бир бөлүгүн аткарган шартта, Күрөө коючунун Улуттук банкта ачылган №______________эсебиндеги акча каражаттарын Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү макулдугу менен гана толук же бөлүп алууга укуктуу. 

 

4. КҮРӨӨ ПРЕДМЕТИНЕН ӨНДҮРҮҮНҮ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ 

4.1. Кредит берүү келишимине ылайык, күрөө менен камсыздалган милдеттенмелер аткарылбай калса, ошондой эле ушул Келишимдин 2.1.2-пунктунда каралган жагдайлар келип чыкса жана күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү башталган болсо, Күрөө коюучу банктык аманат Келишими боюнча Улуттук банкта ачылган №___________өз эсебинен акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептеп алып коюуга жана аларды Күрөө кармоочунун эсебине которууга Улуттук банкка укук ыйгарат.  

4.2. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) тартипте эсептен алып салуу/алуу учурунда алынган/эсептен алып салынган акча каражаттарын, Күрөө кармоочу тарабынан Күрөө коюучуга берилген кредиттин валютасына конвертирлөө, Улуттук банктын эсептен алып салуу/алуу күнүнө карата белгиленген расмий курска ылайык жүргүзүлөт.  

4.3. Ошондой эле күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүүдө, Күрөө коюучу ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн жана Күрөө предмети болуп саналган банктык аманат Келишими боюнча талап кылуу укугун өткөрүп берүүгө милдеттенет.  

4.4. Банктык аманат Келишими боюнча, Күрөө предмети болуп саналган, банктык аманат Келишими боюнча талап кылуу укугун өткөрүп берүү жагында Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 173-беренесине жана 18-главасына ылайык, бул Келишим кийинкиге калтыруу шарты менен түзүлгөн. Көрсөтүлгөн банктык аманат Келишими боюнча талап кылуу укуктары Күрөө кармоочуга, ушул Келишимдин 1.2- пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү башталгандан кийинки күнү өтөт.  

 

5. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ 

5.1. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда, Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бири-бирине келтирилген зыяндардын ордун жаап берүүгө тийиш.  

5.2. Ушул Келишимдин 3.1-пунктунда каралган милдеттенмелер аткарылбаган шартта, Күрөө коюучу Күрөө кармоочуга ушул Келишимдин 1.4-пунктуна ылайык, өз милдеттенмелерин аткарбаган ар бир күн үчүн Күрөө предметинин жалпы наркынан 0,05 пайыз өлчөмүндө туум төлөп берет.  

5.3. Чыгымдардын ордун жабуу жана туум төлөп берүү күнөөлүү тарапты ушул Келишимде жана кредит берүү жөнүндө кредиттик келишимде каралган милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт.  

 

6. БАШКА ШАРТТАР 

6.1. Ушул Келишим боюнча Күрөө кармоочунун укуктарын ыйгарып берүүсү, Күрөө коюучунун макулдугусуз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.  

6.2. Ушул Келишим боюнча Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун макулдугусуз үчүнчү жактарга өз укуктарын жана милдеттерин өткөрүп берүүгө укугу жок.  

6.3. Ушул Келишимге байланыштуу келип чыккан талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чечилүүгө тийиш.  

6.4. Ушул Келишимдин шарттары эки Тараптын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн.  

6.5. Келишимди тариздөө жана каттоо боюнча сарптоолор Күрөө коюучунун эсебинен жүргүзүлөт. 

6.6. Келишим Кыргыз Республикасынын Күрөөлөрдү каттоо конторасында катталууга тийиш.  

6.7. Келишим, ушул Келишимдин 6.6-пунктуна ылайык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарда катталган убактан тартып күчүнө кирет.  

6.8. Келишим, Күрөө коюучу кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарганга чейин колдонулат.  

6.9. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ 3 (үч) анык нускада түзүлгөн, 1 (бир) нускасы - сактоо үчүн Күрөө коюучуга, дагы 1 (бир) нускасы каттоо үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга, 1 (бир) нускасы сактоо үчүн Улуттук банкка берилет.  

 

7 ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

 

КҮРӨӨ КАРМООЧУ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Бишкек ш., Үмөталиев атындагы көчө, 101. 

 

 

Кызматы __________________ 

 

(кол тамгасы)______________М.О 

КҮРӨӨ КОЮУЧУ 

Банк: 

«Коммерциялык банк» ААКсы/ЖАК 

Бишкек шаары,____________көчөсү 

Улуттук банктагы корэсеп №1010126_______  

БИК НБКР №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

Мамлекеттик салык инспекциясынын коду: _____ 

Кызматы_________________ 

(кол тамгасы)__________________М.О. 

 

 

 

 

 

 

Кредиттик аукцион жөнүндө 

Башкы келишимге карата 

№5-тиркеме 

 

20____-жылдын «___»_______№_____ Кредиттик келишимге карата 

КҮРӨӨ КЕЛИШИМИ 

Бишкек ш. №________________ 20____ «___» _______№ _______  

Мындан ары “Улуттук банк” же «Күрөө кармоочу» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 20____ «___» _______№___ буйруктун негизинде иш алып барган ___________________ бир тараптан жана  

мындан ары «Банк» же «Күрөө коюучу» деп аталуучу _____________________ атынан Уставдын негизинде иш алып барган ____________________ экинчи тараптан, мындан ары «Тараптар» деп аталуучулар, төмөнкүлөргө тиешелүү кредиттик келишимдер боюнча талап коюу укугунун мына ушул Күрөө келишимин (мындан ары - «Келишим») түзүштү:  

 

1. КЕЛИШИМ ПРЕДМЕТИ 

1.1. Күрөө кармоочу Күрөө коюучуга _________ (жазуу менен) сом өлчөмүндө кредит берет. Кредитти жана ага кошуп эсептелген пайыздарды төөлөнүн акыркы мөөнөтү Кредиттик аукцион жөнүндө 20__жылдын «____»_______№____Башкы келишимдин алкагында (мындан ары-Башкы келишим) 20___жылдын «___»_______ № __ Кредит берүү жөнүндө Кредиттик келишимге ылайык, _______жылдын “__”______ келип жетет. 

1.2. Күрөө коюучу Кредиттик келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн, Күрөө кармоочуга Күрөө коюучу жана анын кардарлары-карызгерлеринин ортосунда (мындан ары - “Күрөө предметтери” же “Кредиттик келишимдер”) түзүлгөн кредиттик келишимдер боюнча талап кылуу укугун өткөрүп берет. Кредиттик келишимдердин так тизмеси, алар боюнча күрөөгө сунушталган талап кылуу укугу ушул келишимге карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн. 

1.3. Тараптар тарабынан өз ара макулдашылган Күрөө предметинин жалпы наркы ушул келишимге кол коюу учуруна ________ (суммасы жазуу менен) сомду түзөт.  

1.4. Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун макулдугусуз ушул келишимдин 1.2.-пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө предметтерин тескөөгө, анын ичинде кийинки күрөөгө коюуга укугу жок.  

 

2. КЕЛИШИМ ШАРТТАРЫ 

2.1. Күрөө коюучу Күрөө кармоочуга ушул Келишимди түзүү учурунда Күрөө предметтери төмөнкү талаптарга жооп бере тургандыгын тастыктайт:  

1) Кредиттик келишимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен түзүлгөн жана көрсөтүлгөн Кредиттик келишимдерге колдонулган укук болуп кыргыз укугу саналат; 

2) көрсөтүлгөн Кредиттик келишимдер боюнча Күрөө коюучу алдындагы милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын резидентинде келип чыгат; 

3) Кредиттик келишимдер, ошондой эле көрсөтүлгөн Кредиттик келишимдерге ылайык келишилген күрөө келишимдери, кредитордун/күрөө кармоочунун талап кылуу укуктарын үчүнчү жакка өткөрүп берүү боюнча чектөөлөрдү камтыбайт;  

4) мүлккө карата укук (талап кылуу укугу) Кредиттик келишимдерге жараша, Күрөө коюучуга тиешелүү жана Күрөө коюучунун башка милдеттенмелери жүктөлгөн эмес, аларга карата талаштар жана белгиленген тартипте коюлган талаптар жок жана укугунан ажыратуу үчүн үчүнчү жактын макулдугу же уруксаты талап кылынбайт

5) ушул Келишим боюнча талап кылуу укугу күрөө предмети болуп саналган кредиттер, Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген, “Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга карата камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө” жобого ылайык, классификацияланбаган активдердин категориясына чегерилген жана реструктуризацияланган эмес. 

6) ушул Келишим боюнча талап кылуу укугу күрөө предметтери болуп саналган кредиттер, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2011-жылдын 16-июнундагы №12/2 токтому менен бекитилген, Белгилүү бир мүнөздөмөлөргө ылайык кредиттер портфелин түзүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдө каралган мүнөздөмөлөргө ылайык келет.  

2.2. Күрөө коюучу Күрөө кармоочуга ушул Келишимди түзүү учурунда Кредиттик келишимдер боюнча Күрөө коюучунун карызгери болуп саналган уюм/жеке адам төмөнкү талаптарга жооп берээрин тастыктайт: 

1) уюм же жеке адам Күрөө коюучунун 10 пайыздан ашпаган акцияларына ээ (эгерде болгон шартта) жана Күрөө коюучу уюмдун уставдык капиталында анын уставдык капиталынын 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө үлүшкө ээ же уюмдун акцияларынын 10 пайызынан ашпаган үлүшүнө ээ (эгерде болгон шартта); жеке адам инсайдер болуп же Күрөө коюучунун аффилирленген жагы болуп эсептелбейт;  

2) Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналат. 

2.3. Күрөө предметтери кредиттик келишимде каралган бардык милдеттенмелер аткарылганга чейин буйрук берүү укугусуз Күрөө коюучунун менчигинде калат.  

2.4. Кредиттик келишимдер боюнча чет өлкө валютасында туюндурулган талап кылуу укуктарынын рыноктук наркы Улуттук банк тарабынан аларга баа берилген күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча аныкталат.  

 

3.ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

3.1. Күрөө кармоочунун укуктары жана милдеттери: 

3.1.1. Кредиттик келишимдер боюнча Күрөө коюучунун талап кылуу укуктарынын документалдык жактан жана айкын бар болушун, көлөмүн жана абалын текшерүү.  

3.1.2. Күрөө коюучудан күрөө предметине кандай гана болбосун аларды жоготуу же наркын төмөндөтүү коркунучун туудурган кол салууларды токтотууну талап кылуу. 

3.1.3. Күрөө коюучудан күрөө предметин калыбына келтирүү же алмаштыруу же болбосо аларды жоготуу же наркын төмөндөтүү учурунда кошумча камсыздоону сунуштоону талап кылуу. 

3.1.4. Күрөө коюучудан, эгерде күрөө предметтери жоготууга учураса, ушул күрөө предметтери аркылуу камсыз кылынган милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда аткарууну, ошондой эле Тараптар тарабынан күрөө предметтерин калыбына келтирүү же алмаштыруу жөнүндө макулдашууга жетишилбеген шартта кошумча камсыз кылууну талап кылуу. 

3.1.5. Күрөө коюучудан ушул келишимдин 1.1. жана 1.2- пункттарында берилген милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда аткарууну талап кылуу, эгерде анын талабы канааттандырылбаса, төмөнкү учурларда күрөө предметтеринен өндүрүү жүргүзүлөт:  

1) Күрөө коюучу тарабынан Кредиттик келишимдин шарттарын, талаптарын жана жоболорун бузууга жол берилген учурда;  

2) Кредиттин негизги суммасы боюнча карызын жана ага чегерилген пайыздарды, үстөк айыптарды (айыптар жана туумдар) жана башка төлөмдөрдү кошо алганда, Күрөө коюучу Кредиттик келишим боюнча карызды төлөбөгөн же төлөө мөөнөтүн сактабаган учурда;  

3) Күрөө коюучу тарабынан ушул Келишимдин талаптарын же жоболорун бузууга жол берилген учурда;  

4) Күрөө коюучу тарабынан Күрөө предметтерин сактоо, алмаштыруу же калыбына келтирүү эрежелери бузулган учурда; 

5) Күрөө коюучу жооп бербеген жагдайларды кошо алганда Күрөө предметтерин жоготкон, ошондой эле эгерде, Күрөө коюучу күрөө предметтерин алмаштырбаган же калыбына келтирбеген же ушул Келишимге ылайык кошумча камсыздоону сунуштабаган шартта, күрөө предметинин наркы төмөндөгөн учурда; 

6) Күрөө коюучу тарабынан кийинкиде күрөөгө коюу жөнүндө эрежелер, күрөө предметтеринин сакталышы боюнча милдеттер, Күрөө коюучуга күрөө предметине үчүнчү жактардын укуктары жөнүндө эскертүү боюнча милдеттер бузууга жол берилген шартта;  

7) Күрөө коюучу тарабынан “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө” жобонун жана кредиттик аукцион жөнүндө Башкы келишимдин талаптарын бузууга жол берилген шартта;  

8) Ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда;  

3.1.6. Эгерде, күрөө предметин сатып өткөрүүдөн алынган сумма Күрөө кармоочунун талаптарын толук канааттандырууга жетишсиз болсо, жетпеген сумманы Күрөө коюучунун башка мүлкүнөн алууга укуктуу, андан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүү жүргүзүлүшү мүмкүн.  

3.1.7. Эгерде, Күрөө коюучу же үчүнчү жак Күрөө кармоочуга Күрөө предметин өткөрүп берүүгө тоскоолдук жаратса, Күрөө коюучудан же үчүнчү жактан мүлк алуу үчүн зарыл болгон мыйзам ченемдүү аракеттерди көрүү.  

3.1.8. Ушул Келишим боюнча өз укуктарын үчүнчү жактарга өткөрүп берүү (кайтарымдуу же кайтарымсыз). 

3.1.9. Ушул келишимдин аткарылышына контролдук жүргүзүүгө жана ага контролдук функцияларды ишке ашырууга зарыл болгон маалыматтарды сурап-билүүгө, Күрөө предметинин болушун жана абалын текшерүүгө.  

3.1.10. Ушул Келишимде каралган башка укуктарга ээ. 

3.2. Күрөө коюучунун укуктары жана милдеттери: 

3.2.1. Күрөө предметин жоготуу коркунучу келип чыккандыгы жана наркынын төмөндөшү тууралуу Күрөө кармоочуга дароо билдирүү.  

3.2.2. Күрөө предметтеринин аныктыгы жана мыйзамдуулугу үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди ишке ашыруу. 

3.2.3. Күрөө кармоочунун макулдугусуз, Күрөө предметинин азаюусуна, түрүнүн өзгөрүшүнө, токтотулушуна, жоголушуна алып келген аракеттерди аткарбоо. 

3.2.4. Күрөө коюучуга Күрөө предмети менен болгон өзгөрүүлөр, үчүнчү жактар тарабынан жол берилген бузуулар же алардын бул укуктарга (Күрөө предметине) кийлигишүүсү тууралуу маалым болгон учурдан кийинки үч күндүк мөөнөт ичинде Күрөө кармоочуга маалымдоо.  

3.2.5. Күрөө кармоочунун талап кылуусу боюнча, үч күндүк мөөнөттө Күрөө предметине тиешелүү кайсы болбосун документ менен таанышууга ага мүмкүнчүлүк берүү жана Күрөө предмети жөнүндө Күрөө кармоочуга зарыл болгон кайсы болбосун маалыматтарды сунуштоо. 

3.2.6. Күрөө предметин жоготуу же анын наркынын төмөндөшү тобокелдигин алып жүрүү жана Күрөө предмети жоголуп кеткен же анын нарксызданышына, өзгөрүшүнө, жоголушуна алып келген башка жагдайлар орун алган, же болбосо Күрөө предмети ушул Келишим талаптарына ылайык келбеген шартта, Күрөө кармоочунун макулдугу менен анын наркына эквиваленттүү нарктагы башка камсыздоону ушул Келишимдин 4.2-пунктунда каралган мөөнөттөрдө сунуштоого милдеттенет.  

3.2.7. Күрөө кармоочунун өкүлдөрүнө талап кылуу укугу (Күрөө предметтери) жайгашкан жерге, ошондой эле Кредиттик келишимдердин күрөөлүк камсыздоолорунун жайгашкан жерине кирүү мүмкүнчүлүгүн алардын бар экендигине, абалына жана аларды күтүү шарттарына мониторинг жүргүзүү максатында камсыз кылуу. 

3.2.8. Күрөө кармоочуга өзүнүн жайгашкан ордунун, укуктук статусунун өзгөргөндүгү, Банк акционерлеринин жана жетекчилигинин курамы жөнүндө жана башка өзгөрүүлөр жөнүндө өзгөрүүлөр жүргөн күндөн тартып билдирүү

3.2.9. Күрөө коюучунун Күрөө предметин толугу менен же жарым-жартылай ээликтен ажыратууга, кандайдыр бир милдеттерди жүктөөгө, же болбосо аны башкача негизде пайдаланууга укугу жок. 

3.2.10. Эгерде ушул Келишимдин аракеттенүү мөөнөтү ичинде Күрөө предмети ушул Келишимдин 2.1 жана 2.3-пункттарынын талаптарына, ошондой эле Күрөө кармоочунун башка талаптарына жооп бербей калса, Күрөө коючу ушул келишимдин 3.2.6-пунктчаларында каралган аракеттерди жүзөгө ашырат. 

3.2.11. Күрөө кармоочуга Күрөө коюучунун карызгерлери тарабынан ушул Келишим боюнча Күрөө предмети болуп саналган Кредиттик келишимдердин шарттары аткарылгандыгы тууралуу жана алар боюнча камсыздоонун абалы тууралуу ар бир айдын 5-күнүнө чейин маалымдоо жана ушул Келишимге карата 2-тиркемеде көрсөтүлгөн отчетту сунуштоо. 

3.2.12. Ушул Келишим боюнча Күрөө предмети болуп саналган Кредиттик келишимдерге жана Кредиттик келишимдердин аткарылышын камсыз кылган күрөө келишимдерине Күрөө кармоочунун кат жүзүндөгү уруксатысыз өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбөө.  

3.2.13. Күрөө кармоочунун талап кылуусу боюнча, Күрөө коюучу ушул талап келип түшкөндөн кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде Күрөө предмети боюнча Кредиттик келишимдердин түп нускаларын жана көрсөтүлгөн Кредиттик келишимдер боюнча күрөө келишимдеринин түп нускаларын аларга кошо тиркелген бардык зарыл документтери менен кошо Күрөө кармоочуга берүүгө милдеттенет.  

3.2.14. Күрөө коюучу Күрөө кармоочу тарабынан күрөөлүк камсыздоо боюнча коюлган талаптарды аткарууга жана алардан четтеген учурда ушул келишимдин 4.2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө кошумча күрөө сунуштоого милдеттүү

3.2.15. Ушул келишимде каралган башка милдеттенмелер жүктөлөт. 

3.3. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү ушул Келишимдин шарттарына ылайык соттон тышкаркы тартипте жүргүзүлөт. Күрөө коюучу ушул Келишим жана Кредит берүү жөнүндө Кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган шартта, Күрөө предметинен соттон тышкаркы тартипте өндүрүүнү жүргүзүүнү жана анын мүнөздөмөсүнөн жана курамынан көз карандысыз, соттон тышкаркы тартипте сатып өткөрүүнү гарантиялайт жана ага толук макулдугун берет. 

3.4. Күрөө коюучу ушул Келишимге ылайык жүзөгө ашырууга мүмкүн болгон Күрөө предметин сатып өткөрүү мезгилине чейинки кайсы болбосун убакытта ушул күрөө менен камсыздалган милдеттенмелерди аткарууга же анын мөөнөтүндө аткарылбаган башка бөлүгүн аткарууга укуктуу. 

 

4. КҮРӨӨ ПРЕДМЕТТЕРИН АЛМАШТЫРУУ ТАРТИБИ 

4.1. Ушул Келишимдин аракеттенүү мөөнөтү ичинде, Келишимдин 1.3-пунктунда көрсөтүлгөн Күрөө предметтеринин жалпы наркы төмөнкү учурларда төмөндөтүлүшү мүмкүн: 

- Күрөө коюучунун карызгерлеринин өз милдеттерин аткаруу мөөнөттөрү, ушул Келишим боюнча Күрөө предмети болуп саналган талап кылуу укугу аяктаганда; 

- Кредиттик келишим боюнча карыздардын ордун жабуу графигине ылайык, анын ичинде мөөнөтүнөн мурда төлөө боюнча өз милдеттенмелери Күрөө коюучунун карызгерлери тарабынан аткарылганда; 

- Күрөө предметтери ушул Келишимдин талаптарына ылайык келбесе; 

- ушул Кредиттик келишим боюнча Күрөө предмети болуп саналган Кредиттик келишим боюнча камсыздоо жоготулган учурда жана башка учурларда. 

4.2. Ушул Келишим аракеттенген мөөнөт ичинде Күрөө кармоочу мезгил-мезгили менен Кредиттик келишим боюнча талап кылуу укугунун жалпы наркына (Күрөө кармоочу тарабынан колдонулган тиешелүү күрөөлүк коэффициенттерди эске алуу менен) жана Кредит сунуштоо жөнүндө келишимге кирген Күрөө келишимине ылайык Күрөө предметинен болуп саналган күрөөнүн башка түрлөрүнө (эгерде болгон болсо) кайра баалоону жүргүзөт.  

Эгерде, жүргүзүлгөн кайра баалоонун жыйынтыгы боюнча Күрөө предмети болуп саналган Кредиттик келишим боюнча талап кылуу укугунун жалпы наркы (Күрөө кармоочу тарабынан колдонулган тиешелүү күрөөлүк коэффициенттерди эске алуу менен) Кредит берүү келишимине ылайык алынган кредит боюнча Күрөө коюучунун Күрөө кармоочу алдында карызынын күндөлүк калдык суммасынын 80 (сексен) пайыздан азыраагын түзсө, Күрөө кармоочу Күрөө коюучуга кошумча күрөөлүк камсыздоону сунуштоо зарыл экендиги тууралуу тиешелүү талап кылуу-билдирмесин жөнөтөт.  

Күрөө коюучу ага кошумча күрөөлүк камсыздоону сунуштоо зарыл экендиги тууралуу тиешелүү талап кылуу-билдирмеси келип түшкөндөн кийинки 15 (он беш) жумуш күнү ичинде, Күрөө кармоочуга анын талап кылуу-билдирмесинде көрсөтүлгөн талап кылынган суммадан төмөн болбогон суммага чейин кредиттер боюнча талаптардын укуктары түрүндө кошумча күрөөлүк камсыздоону сунуштоого же болбосо Кредит берүү келишимине ылайык Күрөө коюучу тарабынан Күрөө кармоочудан алынган кредиттин тиешелүү бөлүгүнүн ордун жабууга милдеттенет. 

Эгерде күрөөнүн башка түрү орун алса, Күрөө кармоочу кошумча күрөөлүк камсыздоо катары сунуштоого карата зарыл сумманы күрөөнүн башка түрлөрүнүн жалпы наркын эске алуу менен эсептөөгө укуктуу (тиешелүү күрөөлүк коэффициенттерди колдонуу менен). Күрөө кармоочу ушул пункттун үчүнчү абзацына ылайык, эгерде Кредит берүү келишимине ылайык алынган кредиттик каражаттар боюнча Күрөө коючунун Күрөө кармоочу алдында күрөөнүн башка түрлөрү карыздын күндөлүк калдыгын жапса, кошумча күрөөлүк камсыздоону Күрөө кармоочудан талап кылбоого укуктуу. 

 

5. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ 

5.1. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелер аткарылбаган же талаптагыдай аткарылбаган учурда, Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бири-бирине келтирилген чыгымдардын ордун толтурушат.  

5.2. Күрөө коюучу тарабынан ушул Келишимдин 4.2-пунктунда каралган милдеттенмелер аткарылбаган шартта, ал ушул Келишимдин 1.3-пунктуна ылайык, милдеттенмелер аткарылбаган ар бир күн үчүн Күрөө кармоочуга Күрөө предметинин жалпы наркынын 0,05 өлчөмүндө туум төлөйт.  

5.3. Чыгымдардын ордун толтуруу жана туумдарды төлөө, күнөөлүү тарапты ушул Келишимде жана Кредит берүү тууралуу келишимде каралган милдеттенмелерди аткаруудан бошотпойт. 

 

6. КҮРӨӨ ПРЕДМЕТИНЕН ӨНДҮРҮҮНҮ ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ 

6.1. Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү зарылчылыгы келип чыккан шартта, ушул Келишимдин жана Кредит берүү тууралуу келишимдин жоболоруна ылайык, Тараптар Күрөө предметинен өндүрүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык соттон тышкаркы тартипте жүзөгө ашырыла тургандыгы жөнүндө макулдашууга жетишишти.  

6.2. Күрөө предметинен өндүрүү жүргүзүлгөн учурда, Тараптар ушул Келишимдин 1.2-пунктунда жана ушул Келишимге карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн Кредиттик келишим боюнча талап кылуу укугун Күрөө коюучу Күрөө кармоочуга өткөрүп берди деген макулдашууга жетишишти.  

6.3. Ушул Келишим шарттарына ылайык, Күрөө предметинен өндүрүү жүргүзүүдө Күрөө кармоочу Күрөө предеметинен өндүрүүнү жүргүзүү укугуна (Күрөө коюучу тарабынан Кредиттик келишим боюнча күрөөгө коюлган талап кылуу укугунан улам келип чыккан, ушул Келишим боюнча Күрөө предмети болуп саналган акчалай талаптарды алууга) ээ болот жана Күрөө предмети болуп саналган күрөөгө коюлган мүлктүк укуктарды сатып өткөрө алат жана алардын эсебинен Кредит берүү тууралуу келишим боюнча өзүнүн акчалай талаптарын толук көлөмдө канааттандыра алат. Мында, Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун ушул Келишимдин 1.2-пунктунда жана ушул Келишимге карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн Кредиттик келишимдерди камсыз кылуу үчүн түзүлгөн келишимдер боюнча укугун ыйгарып өткөрүп берген катары саналат. 

6.4. Күрөө предмети болуп саналган Кредиттик келишим боюнча талап кылуу укугун, ошондой эле күрөө кармоочунун көрсөтүлгөн кредиттик келишимдер камсыз болгон күрөө келишими боюнча укугун ыйгарып өткөрүп берүү боюнча, бул Келишим Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 173-беренесине жана 18-главасына ылайык кийинкиге калтыруу шарты менен түзүлгөн. Көрсөтүлгөн Кредиттик келишимдер боюнча талап кылуу укугу, ошондой эле ошол Кредиттик келишимдер боюнча күрөө предметин сатып өткөрүү укугу, ушул Келишимдин 1.2-пунктунда жана ушул Келишимге карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү башталгандан кийинки күнү Күрөө кармоочуга өтөт.  

6.5. Күрөө коюучу ушул Келишимдин 1.2-пунктунда жана ушул Келишимге карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн Кредиттик келишим боюнча өз карызгерлеринин кепилдиги (гаранты) болооруна милдеттенет жана гарантиялайт, ошондой эле Күрөө кармоочу алдында өз карыз алуучулары тарабынан Кредиттик келишимде көрсөтүлгөн милдеттенмелердин толугу менен аткарылышы үчүн өз карызгерлери менен жооп берээрине милдеттенет. Ушул Келишимдин 1.2-пунктунда жана ушул Келишимге карата 1-тиркемде көрсөтүлгөн, Кредиттик келишим боюнча өз карызгерлеринин гаранты болуу менен Күрөө коюучунун карызгерлеринин милдеттенмелерди аткарбагандыгынан же тиешелүү деңгээлде аткарылбагандыгынан улам келип чыккан пайыздарды төлөөнү, карызды өндүрүү боюнча соттук чыгымдардын жана Күрөө кармоочунун башка чыгымдарынын ордун толтурууну кошо алганда, Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун алдында өз карызгерлери сыяктуу эле жооп берет.  

6.6. Эгерде, Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү жана ушул Келишимдин 1.2-пунктунда жана ушул Келишимге карата 1-тиркемеде белгиленген Кредиттик келишим боюнча талап кылуу укугу Күрөө кармоочуга өткөрүлсө, Күрөө коюучу Күрөө кармоочунун макулдугу менен анын агенти катары иш алып барууга жана бул учурда ушул Келишимдин 1.2-пунктунда жана ушул Келишимге карата 1-тиркемеде белгиленген Кредиттик келишим боюнча төлөөгө каралган акча каражаттарды Күрөө коючунун карызгерлеринен кабыл алууга жана көрсөтүлгөн акча каражаттарды ушул Келишимде белгиленген Күрөө кармоочунун эсебине чегерүүгө милдеттенет. 

Мында Банк, Күрөө кармоочунун эсебине айдын 15ине чейин кабыл алган акча каражаттар - айдын 15инен кечиктирбестен чегерүүгө милдеттүү, ал эми 15инен кийин кабыл алган каражаттар - ушул Келишимдин 1.2-пунктунда жана ушул Келишимге карата 1-тиркемеде белгиленген Кредиттик келишим боюнча карызгерлер тарабынан акча каражаттардын орду жабылган айдын 30нан кечиктирилбестен чегерилүүгө тийиш.  

6.6.1. Ушул Келишимдин 1.2-пунктунда жана ушул Келишимге карата 1-тиркемеде белгиленген Кредиттик келишим боюнча акча каражаттар чегерилгенден кийин Күрөө кармоочуга Күрөө коюучунун Кредит берүү келишими боюнча колдо болгон карызы чегерилген акча каражаттар суммасында төлөнгөн катары эсептелинет. Күрөө коюучунун карыз алуучуларында ушул Келишимдин 1.2-пунктунда жана ушул Келишимге карата 1-тиркемеде белгиленген Кредиттик келишим боюнча карыздын ордун жабууга акча каражаттары болбосо, Күрөө кармоочу күрөөнүн тиешелүү шарттарына ылайык өндүрүүнү жүргүзүүгө жана күрөө предметтерин сатууга укуктуу.  

6.6.2 Келишимдин 6.6-пунктуна ылайык, Күрөө кармоочунун агентинин милдеттерин аткаргандыгы үчүн Күрөө коюучуга акы төлөнбөйт.  

 

7. БАШКА ШАРТТАР 

7.1. Эгерде, Кыргыз Республикасынын кайсыл болбосун мамлекеттик/соттук органдары тарабынан Күрөө кармоочунун Күрөө предметине ээлик кылуу жана/же тескөө жана/же андан пайдалануу боюнча анын укуктарына чек коюу сыяктуу ушул Келишим аркылуу белгиленген катары, же болбосо Күрөө кармоочуга кандайдыр-бир келишим түзүүгө же мындай чектөөлөрдү өзүнө алуу максатында, кандайдыр-бир иш-аракеттерди көрүүгө түрткү берген чектөөлөр боюнча чечимдер же акттар кабыл алынса, Күрөө кармоочу ушул Келишимди Күрөө коюучуга кат жүзүндөгү билдирүү жөнөтүү аркылуу бир тараптуу тартипте бузууга укуктуу.  

7.2. Бул Келишим боюнча Күрөө кармоочунун укугун ыйгарып өткөрүп берүү Күрөө коюучунун макулдугусуз, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.  

7.3. Күрөө коюучу ушул Келишим боюнча өз укуктарын жана милдеттерин Күрөө кармоочунун макулдугусуз үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө укугу жок.  

7.4. Ушул Келишимге байланыштуу талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте чечилүүгө тийиш.  

7.5. Ушул Келишим шарттары Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча гана өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн.  

7.6. Ушул Келишимди тариздөө жана каттоодон өткөрүү боюнча чыгашалар Күрөө кармоочунун эсебинен ишке ашырылат.  

7.7. Тараптар кайра түзүлгөн учурда же жоюлган шартта, тараптардын ушул келишим боюнча бардык укуктары жана милдеттери алардын укугу өткөндөргө өткөрүлүп берилет.  

7.8. Ушул келишим Кыргыз Республикасынын Күрөөлүк каттоо конторасында катталууга тийиш. 

7.9. Келишим, ушул Келишимдин 7.8-пунктуна ылайык, тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарда катталган учурдан тартып күчүнө кирет.  

7.10. Келишим Күрөө коюучу тарабынан Кредит берүү келишими боюнча өз милдеттенмелерин толугу менен аткарганга чейин колдонулат.  

7.11. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ 3 (үч) анык нускада түзүлгөн, 1 (бир) нускасы - сактоо үчүн Күрөө коюучуга, дагы 1 (бир) нускасы каттоо үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга, 1 (бир) нускасы сактоо үчүн Улуттук банкка берилет.  

 

8. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ 

Улуттук банк: 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

Бишкек ш., Үмөталиев көчөсү, 101. 

 

 

 

 

Кызматы __________________ 

 

(кол тамгасы)______________М.О. 

Банк: 

«Коммерциялык банк» ААКсы/ЖАК 

Бишкек ш., _____ көчөсү 

Улуттук банктагы корэсеби №1010126_______  

Улуттук банктын БИК №_____ 

ИНН №_____________ 

ОКПО №___________ 

Мамлекеттик салык инспекциясынын коду: _____ 

Кызматы _________________ 

(кол тамгасы)_______________.М.О.  

 

 

 

 

20____-жылдын «___»_______№_____  

Кредиттик келишимдер боюнча талап кылуу  

укугун күрөөгө коюу келишимине карата  

1-тиркеме 

Бул тизмеде төмөнкүлөрдү кошо алганда, кредит портфели жөнүндө толук маалыматтар камтылышы зарыл: 

1. Кардардын аты-жөнү;  

2. Кредиттик келишимдин номери; 

3. _______карата абал боюнча карыз калдыгы; 

4. Пайыздык чен; 

5. Төлөө күнү

6. Долбоорду каржылоого алган тармак; 

7. Күрөөнүн аталышы; 

8. Күрөөнүн бааланган наркы; 

9. Башка зарыл маалыматтар. 

*Тиркеменин форматы Улуттук банк тарабынан Күрөө келишимине кол коюлган учурда сунушталууга тийиш. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

20____-жылдын «___»_______№_____ Кредиттик келишимдер боюнча талап кылуу укугун күрөөгө коюу келишимине карата 2-тиркеме. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ар бир айдын 5-күнүно чейин 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3-форма. Күрөөлүк камсыздоого мониторинг - кредит/кредит портфели боюнча талап кылуу укугуна тиешелүү отчет (ошол күнгө карата) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

күнү 

ай 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

банк  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Сом түрүндө 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Банктын карыз алуучусу-кардары 

Кредиттик келишим 

Күрөөлүк келишим 

Кредит берүү күнү  

Кредит төлөө күнү 

Кредиттин валютасы  

Сомдук эквивалентте айдын башына карата орду жабылбаган кредиттин калдыгы 

Сомдук эквивалентте отчеттук мезгил ичиндеги негизги сумма боюнча төлөөлөр  

Сомдук эквивалентте отчеттук мезгил аягына карата кредит боюнча калдыктын суммасы  

Күрөөлүк камсыздоо  

Отчеттук ай ичинде кредитке ыйгарылган классификация категориясы 

Күнү  

№ 

Күнү  

№ 

Түрү 

Бааланган наркы (сом) 

10 

11 

12 

13 

14 

15 

  

  

  

  

  

  

  

KGS 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

KGS 

  

  

  

  

  

  

  

Бардыгы сом түрүндө 

  

  

  

KGS 

  

  

  

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Банктын жетекчисинин аты-жөнү 

 

 

 

 

Кол тамга 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

мөөр