Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук  

Банк Башкармасынын 

2013-жылдын «27» ноябрындагы 

№ 45\16 токтому 

 

 

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү” жөнүндө 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин:  

- Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде орун алган кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 2-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 7-апрелинде 35-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N5/6 токтом менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттерге карата атайы классификациялоону колдонуунун убактылуу тартиби

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/14 токтому менен бекитилгенАманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда орун алган кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 22-октябрындагы N13/3 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырууга укугу жок микрофинансылык уюмдардын активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарды түзүүсүнүн жалпы принциптери жөнүндө " убактылуу жобо. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Мамлекеттик өнүктүрүү банкын жана микрофинасылык уюмдарды тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л. Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук  

Банк Башкармасынын 

2013-жылдын «27» ноябрындагы 

№ 45\16 токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик 

укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:  

 

1) Жобонун 30-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

Кредиттик адис чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын кредит алууга билдирмесин кароо учурунда бирге жашаган жана/же биргелешип бизнес жүргүзгөн бир үй-бүлө мүчөлөрү мына ушундай топтун катышуучусу эмес экендигине көңүл бурууга тийиш.” 

2) Жобонун 30-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:  

Чогуу жоопкерчиликтүү топтун бир үй-бүлөнүн мүчөсү болуп саналбаган, бирок биргелешкен бизнеске ээ катышуучуларынын саны, мындай топтун катышуучуларынын жалпы санынын 20 пайызынан ашпоого тийиш экендигин эске алуу зарыл. Чогуу жоопкерчиликтүү топтун бир үй-бүлөнүн мүчөсү болуп саналбаган, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн катышуучуларынын үлүшү, топко берилген кредиттин жалпы суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. 

Ушул жобонун талабына ылайык, бир нече ишкер (өнөктөштөр, чогуу ээлик кылуучулар ж.б.) тартылган экономикалык ишкердикти, биргелешип жүргүзгөн бизнес катары түшүнүү зарыл. Мында, алардын иши биргелешип өндүрүп алуудан жана/же товарларды сатуудан, кызматтарды сунуштоодон пайда көрүүгө багытталат. Бул үчүн ишкерлердин мүлкү, материалдык эмес активдери, эмгеги пайдаланылат. Биргелешкен бизнестин катышуучулары бизнес жүргүзүүдөн алынган пайданы өз ара бирдей үлүштө бөлүштүрүп, келип чыгышы мүмкүн болгон жоготуу тобокелдигине бүтүндөй мүлкү же анын бөлүгү менен жооп беришет.”;  

3) Жобонун 41-пунктунун 6- жана 7-абзацтарынын ортосуна төмөнкү мазмундагы абзац кошулсун:  

 

банкка ал тууралуу кредит төлөнө турган күнгө чейин кеминде отуз күн мурда маалымдалган шартта, кардардын кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укугу.” 

 

4) Жобонун 41-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

 

Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын бири кредиттин ага тиешелүү бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда төлөгөн болсо да, топтун курамында алынган кредиттин орду толук жабылганга чейин ал кепилдик келишими боюнча чогуу жоопкерчиликтүү бойдон кала берет. Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын жана банктын макулдугу болгон шартта, ошондой эле топтун курамынын минималдуу саны боюнча шарттар сакталган учурда кредиттин ага тиешелүү бөлүгүн төлөгөн катышуучу чогуу жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүн.” 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы №35/14 токтому менен бекитилгенАманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

1) Жобонун 18-пункту төмөнкү мазмундагы 3-, 4-, 5-абзацтар менен толукталсын:  

 

“3) Бир чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары бир үй-бүлө мүчөсүнөн, чогуу жашагандардан жана/же биргелешип бизнес жүргүзүүчүлөрдөн боло алышпайт

4) Чогуу жоопкерчиликтүү топтун бир үй-бүлө мүчөсү болуп саналбаган, бирок биргелешкен бизнеске ээ катышуучуларынын саны, мындай топтун катышуучуларынын жалпы санынын 20 пайызынан ашпоого тийиш; 

5) Чогуу жоопкерчиликтүү топтун бир үй-бүлө мүчөсү болуп саналбаган, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн катышуучуларынын үлүшү, топко берилген кредиттин жалпы суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. 

Ушул жобонун талабына ылайык, бир нече ишкер (өнөктөштөр, чогуу ээлик кылуучулар ж.б.) тартылган экономикалык ишкердикти биргелешип жүргүзгөн бизнес катары түшүнүү зарыл. Мында, алардын иши биргелешип өндүрүп алуудан жана/же товарларды сатуудан, кызматтарды сунуштоодон пайда көрүүгө багытталат. Бул үчүн ишкерлердин мүлкү, материалдык эмес активдери, эмгеги пайдаланылат. Биргелешкен бизнестин катышуучулары бизнес жүргүзүүдөн алынган пайданы өз ара бирдей үлүштө бөлүштүрүп, келип чыгышы мүмкүн болгон жоготуу тобокелдигине бүтүндөй мүлкү же анын бөлүгү менен жооп беришет.”  

2) Жобонун 29-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

“МФУ менен кардар ортосунда түзүлгөн кредиттик келишим, ага тиркелген тиркемелер, башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик же расмий тилде (кардарга тил тандоо укугун сунуштоо менен) түзүлөт. Кредит боюнча келишимдердин анык нускаларынын саны, келишим тараптарынын санына жараша түзүлүүгө тийиш. Чогуу жоопкерчиликтүү топ тараптардын бири катары катышкан топко бириккендерди кредиттөөдө, чогуу жоопкерчиликтүү топ үчүн кредиттик келишимдин анык нускасынын саны, топтун катышуучуларынын санынан аз болбоого тийиш. МФУ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кредиттик келишимге карата бардык документтердин түп нускасынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.” 

 

3) Жобонун 35-пункту төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:  

 

«5) Кредитти кайтарууга ниеттенген күнгө чейин кеминде отуз күн мурда ал тууралуу МФУга маалымдалган шартта, чогуу жоопкерчиликтүү топтун ар бир катышуучусунун кредиттин ага тиешелүү бөлүгүн эч кандай айыптык санкцияларсыз мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укугу. 

Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын бири кредиттин ага тиешелүү бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда төлөгөн болсо да, топтун курамында алынган кредиттин орду толук жабылганга чейин ал кепилдик келишими боюнча чогуу жоопкерчиликтүү бойдон кала берет. Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын жана МФУнун макулдугу болгон шартта, ошондой эле топтун курамынын минималдуу саны боюнча шарттар сакталган учурда топтун кредиттин ага тиешелүү бөлүгүн төлөгөн катышуучу чогуу жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүн.” 

 

4) Жобонун 38-пунктундагы «ошол карыз алуучунун башка кредити” деген сөздөр “ошол карыз алуучуга берилген башка кредиттик продукт” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

 

5) Жобонун 41-пунктундагы “кепилдик (гарантия)” деген сөздөр “чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын биргелешип тарткан жоопкерчилиги” деген сөздөр менен толукталсын:  

 

6) Жобонун 1-тиркемесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына төмөнкү мазмундагы сүйлөм кошулсун:  

 

Ал эми чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларын кредиттөөдө - кийинчирээк документтин түп нускасын берүү менен алардын жубайларынын факсимиль, электрондук почта жана байланыштын башка түрлөрү аркылуу алынган макулдугун тастыктаган документ .”. 

 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы N5/6 токтому менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайы классификациясын колдонуунун убактылуу тартибине төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 

 

1) Документтин 1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

“Бул документте банктар/ФКМдер тиешелүү минималдуу шарттарды жана талаптарды сактаган шартта алар кредиттерди атайын классификациялоону колдонуп, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын (мындан ары РППУ) ордун жабуу үчүн камга тиешелүү чегерүүлөрдү ишке ашырат.”; 

 

2) 2-бөлүктүн 2-1-пункту төмөнкү мазмундагы 2-1.5-пунктча менен толукталсын: 

”2-1.5. Биргелешип бизнес жүргүзүшкөн чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларына берилген кредиттер, эгерде алар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз жок болсо “байкоого алынган активдер” катары классификацияланууга тийиш. 

Биргелешип бизнес жүргүзүшкөн чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары тарабынан ошол банктан/ФКМден алынган кредиттердин негизги суммасы жана/же пайыздары боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орун алган шартта, ушул документке ылайык, аларга карата мөөнөттө төлөнбөгөн күндөрдүн санына жараша классификация колдонулушу зарыл.  

 

Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын биринин кредитинин негизги суммасы жана/же пайыздары боюнча 30 күндөн ашкан, мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орун алса, анда ушул документке ылайык, чогуу жоопкерчиликтүү топтун ошол катышуучусунун кредитине ыйгарылган классификациялоо категориясы, топтун катышуучуларына берилген бардык кредиттерге карата колдонулууга тийиш.” 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 22-октябрындагы №31/3 токтому менен бекитилген “Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды тартууга укугу жок Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдары тарабынан активдерди классификациялоонун жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө” убактылуу жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.  

 

1) Убактылуу жобонун 3.6 пунктунан 5-абзац алынып салынсын.