Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармалыгынын 

2013- жылдын 20 декабрындагы № 51/9 токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 19 жана 43-статьяларынын талабына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Эсептик чен өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын өзүнчө чечимдери менен аныкталып, жана Улуттук банктын расмий веб-сайтына жарыялана тургандыгы белгиленсин. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 30-сентябрындагы №36/20 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени жана "овернайт" кредити боюнча пайыздык чен жөнүндө" токтомунун 1, 2 жана 3-пункттары күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Ушул долбоор 2014-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет. 

4. Юридика башкармалыгы токтомду Улуттук банктын расмий веб-сайтына жайгаштырсын. 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын катчылыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Документ менен иштөө жана коммуникация башкармалыгы Улуттук банктын эсептик ченин аныктоо механизминин өзгөргөндүгү тууралуу маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштырсын. 

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Асанкожоева З.М.